ПриказКүчүндө

КР транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2015-жылдын 29-октябрындагы № 311 «Кыргыз Республикасынын темир жолунун техникалык иштетүү Эрежелерин бекитүү жөнүндө» буйругу

Редакция29.10.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИ

БУЙРУК

2015-жылдын 29-октябры № 311

«Кыргыз Республикасынын темир жолунун техникалык иштетүү Эрежелерин бекитүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17 беренелеринин, Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым мыйзам чыгаруу укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 9-июлундагы Темир жол транспорту тууралуу” №90 Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында, жана ошондой эле укуктук базанын  жана Кыргыз Республикасында темир жол транспортун коопсуз эксплуатациялоо максатында

БУЙРУК КЫЛАМЫН:

1. Кыргыз Республикасынын темир жолунун техникалык иштетүү Эрежелери бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине  караштуу Кыргыз темир жолу Мамлекеттик ишканасы  бул буйрукту аткарсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министринин тиешелүү орун басарына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Транспорт жана коммуникация министри

 

А. Малабаев