Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАДАНИЯТ, МААЛЫМАТ ЖАНА ТУРИЗМ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2015-жылдын 10-августу № 380
Юбилейлик мааракени өткөрүү жөнүндө
СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдык мааракесин 2016-жылы Жалпы улуттук мааниде белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” № 530 токтомунун 10-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги төмөнкүдөй
БУЙРУК КЫЛАТ:
1. Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары – Уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2.Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө мааракелик иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Мааракелик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджеттеринин чегинде, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Б.Секимовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри |
А.А. Максутов |
Тиркеме
Ниязалиева Дамира Абаскановна | - | Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрайымы (макулдашуу боюнча); |
Максутов Алтынбек Аскарович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрайымынын орун басары; |
Исаев Канатбек Кедейканович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, уюштуруу комитетинин төрайымынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Сариева Эльвира Кубанычбековна | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри; |
Касымалиев Адылбек Алешович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министри; |
Рыскулова Айгүл Маратбековна | - | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча) |
Эркебаев Абдыганы | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти; |
Бектеналиев Мукталы Абдиевич | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин директору; |
Норузбаева Бактыгүл Шабдановна | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директору; |
Осмонов Кыргызбай Арапбаевич | - | Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын директору; |
Осмонов Болот Салбарович | - | А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын директору; |
Чотонов Мамашарип Мамытович | - | Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору; |
Джолдошбекова Саралкан Апиевна | - | Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин илимий бөлүмүнүн проректору; |
Жумашев Самирдин Сариевич | - | Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким; |
Карыпбеков Илим ьМайрамбекович | - | Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Айтиева Максуда Жаныбековна | - | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ”ЭЛТР” телерадиоберүү компаниясынын директору; |
Балбаков Эрнис Тиленбекович | - | “Кыргыз Туусу” басма үйүнүн директору-башкы редактор; |
Слащева Тамара Михайловна | -
| “Слово Кыргызстана” басма үйүнүн башкы редактору-директор; |
Чокоева Рейна Нурманбетовна | - | Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча); |
Нуртазин Акан Аманович | - | Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча); |
Бегалиев Мирлан Каниметович | - | “Манас” Эл аралык аэропортунун алдындагы Бишкек филиалынын башчысы (макулдашуу боюнча); |
Бейшеналиев Эрмек ьАхматович | - | Б.Бейшеналиеванын баласы (макулдашуу боюнча). |