Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫ
БУЙРУК
2016-жылдын 25-январы № 1
Режимдик талаптар коюлган Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жана аларга чектеш аймактарда жүргөн адамдарды, алардын буюмдарын, унаа каражаттарын кароо тартиби жөнүндө Нускаманы бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 54-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 11-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 530 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө Жобонун 12-пунктуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМЫН:
1. Тиркемеге ылайык Режимдик талаптар коюлган Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жана аларга чектеш аймактарда жүргөн адамдарды, алардын буюмдарын, унаа каражаттарын кароо тартиби жөнүндө Нускама бекитилсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо ЖАМКнын төрагасынын биринчи орун басары и/к полковниги О. Энтериевге калтырылсын.
3. Ушул буйрук расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | О. Энтериев |