Редакцияот 30.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИ

БУЙРУК

2015-жылдын 30-декабры № 366

«Автомобиль транспортунда отунду жана майлоочу майларды чыгымдоонун линиялык ченемдерин колдонуу жана аларды эсептөө ыкмасынын Эрежелерин бекитүү жана ишке киргизүү жөнүндө»

28 май, 2015-жылдагы № 331 «15 сентябрь, 2014-жылдагы № 530 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым мыйзам чыгаруу укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өкүлдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомдун 5-пунктунун 1-абзацына ылайык ишканалардын отунга жана майлоочу майларга муктаждыктарын жана керектөлүүчү нефтпродуктыларын рационалдуу колдонуу, ошондой эле айдоочулар менен эсеп-кысап жургүзүүнү пландаштыруу максатында,

БУЙРУК КЫЛАМЫН:

1. «Автомобиль транспортунда отунду жана майлоочу майларды чыгымдоонун линиялык ченемдерин колдонуу жана аларды эсептөө ыкмасынын тиркелген Эрежелери бекитилсин.

2. Министрликтин борбордук аппаратынын Басма сөз кызматы бул буйрук катталгандан кийинки үч күндүн ичинде «Эркин-Тоо» газетасында мамлекеттик жана расмий тилде жарыялоону, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин веб-сайтында жарыялоону камсыздасын.

3. Министрликтин борбордук аппаратынын Автомобиль жана темир жол транспортунун башкармалыгы буйрук расмий жарыялангандан эки жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилде 2 нускада, кагаз жана электрондук түрүндө, жарыялоонун булактарын көрсөтүү менен мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин.

4. Ишкердик иш-аракеттерди ишке ашырган ишканаларга жана уюмдарга бул Эрежелерди колдонуу сунуш кылынат.

5. Бул буйрук расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчунө кирет.

6. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары У.К. Уезбаевге жүктөлсүн.

 

Министр

А. Малабаев