Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ОТУН-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОМПЛЕКСТИ ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2016-жылдын 18-февралы № 1
Электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди колдонуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын электр энергетикалык тармагынын туруктуу өнүгүшүн, туруктуу жана ишенимдүү иштешин камсыз кылуу, ошондой эле электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди белгилөө үчүн эсептөө жол-жобосунун ачыктыгын жогорулатуу максатында
БУЙРУК КЫЛАМЫН:
1. Электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди колдонуу боюнча нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Пресс-катчы ушул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде:
- "Эркин Тоо" гезитине;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин веб-сайтына жарыяласын.
3. Укуктук камсыздоо бөлүмү:
- расмий жарыяланган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоо үчүн жөнөтсүн;
- күчүнө кирген күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин директору |
Т.Нурбашев |