Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 22-апрелиндеги № 108 буйругу менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын чек арага жанаша аймагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүдө байланыш линияларын куруунун, эксплуатациялоонун жана тейлөөнүн, анын ичинде кабелди төшөөнүн жана линиялык-кабелдик курулмаларды куруунун, байланыштын линиялык-кабелдик курулмаларында курулуш жана авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын чек арага жанаша аймагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүдө байланыш линияларын куруунун, долбоорлоонун, эксплуатациялоонун жана тейлөөнүн, анын ичинде кабелди төшөөнүн жана линиялык-кабелдик курулмаларды куруунун, байланыштын линиялык-кабелдик курулмаларында курулуш жана авариялык-калыбына келтирүү иштерин (мындан ары - иштерин (жумуштарын)) жүзөгө ашыруунун тартибин аныктайт.
2. Жумуштарды аткаруу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын "Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектурасы" мыйзамдары, мыйзамда бекитилген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын мүчө болгон эл аралык келишимдердин Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле ушул Жобо (мындан ары - аныкталган режим) менен регламенттелет.
2. Байланыш линияларын куруу, эксплуатациялоо жана тейлөө боюнча жумуштарды аткаруу тартиби
3. Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш аймактарында жана чек ара тилкелеринде, Мамлекеттик чек арада жана/же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларын кесип өтүүдө жумуштарды аткаруу, ошондой эле адамдардын, транспорт каражаттарынын жана механизмдеринин кирүүсү (өтүүсү), убактылуу келүүсү жана жүрүүсү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында бекитилген тартипте ишке ашырылат.
4. Мамлекеттик чек араны кесип өтүп жумуштарды аткарууда электр байланыш оператору Мамлекеттик чек араны коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга чектеш мамлекеттин электр байланыш оператору өз мамлекетинин аймагында жумуш аткарууга уруксат бергендиги жөнүндө расмий бланкадагы кат жүзүндөгү тастыктаманы жана жумуш аткарыла турган жер жөнүңдө маалымат берет.
5. Жумуштар Кыргыз Республикасынын аймагында жарактуу болгон стандарттар, ченемдер жана эрежелердин, ошондой эле мыйзамда бекитилген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы мүчө болгон байланыш линиялары, тармактары жана курулмаларына тиешелүү эл аралык келишимдердин талаптарын сактоо менен аткарылат.
6. Төмөнкүлөрдө жумуштарды аткаруу каралган:
- кургактыктагы байланыш линияларында, муну менен бирге радио жыштык спектрин колдонуу, кабелди жана/же өткөргүч зымдарды таянычтарга илүү, траншеяларга, канализацияга, ошону менен бирге горизонталдык-жантаюу бургулоо ыкмасы менен төшөө, жана башка орнотмолорго;
- суу алдындагы байланыш линияларында (суу алдында жүрүүчү объектилердин түбүнө кабель төшөө).
7. Жумуштар аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын электр байланыш оператору жана чектеш мамлекеттин электр байланыш операторунун ортосунда байланыш объектиси эксплуатациялоого берилгендиги жөнүндө актыга кол коюлат (кирүүчү кубаттуулугу көрсөтүлүп).
8. Байланыш линиясын чектеш мамлекеттин электр байланыш оператору менен пайдаланган электр байланыш операторунун жоопкерчилик алган аймагы, аныкталган Мамлекеттик чек арадан электр байланыш операторуна тиешелүү тармагына толук бойдон таркатылат.
Мамлекеттик чек араны кесип өткөн байланыш линиялары/курулмалары (оптикалык же жез кабелдер, түтүк өткөргүчтөр, кабелдик канализациялар), ошондой эле бириктиргич элементтер (муфталар, кросстор, кабелдик кудуктар) инженердик инфраструктураны түзөт жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы туруктуу ишкана болуп саналбайт.
9. Авария болушу мүмкүн экендигин күбөлөндүргөн белгилер пайда болгондо, же авария болгондо электр байланыш оператору түзүлгөн авариялык кырдаал жөнүндө жана аны жоюу боюнча пландалып жаткан иш-чаралар тууралуу, Мамлекеттик чек араны коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын авариялык-калыбына келтирүү (профилактикалык) жумуштар аткарыла турган же пландалып жаткан тилкеге жооптуу бөлүмүнө токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.
10. Чек ара тилкелеринде жана Мамлекеттик чек арада аткарыла турган авариялык-калыбына келтирүүчү жумуштар Мамлекеттик чек араны коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрүнүн катышуусу менен күнү-түнү кайсы убакыт болбосун аткарылууга тийиш.
11. Байланыш линияларын/орнотмолорун жок кылуу жана алып салуу менчик ээси - электр байланыш операторунун күчү жана каражаты менен ишке ашырылат.