Загрузка документа…
КР Финансы министрлигинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 97-Б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2016-жылдын 15-апрелиндеги № 54 буйругу менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин кассасында накталай акча каражаттарын сактоо боюнча мөөнөттөрдү белгилөө жөнүндө НУСКАМА
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускама Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2012-жылдын 14-майындагы № 289/5/1 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2012-2017-жылдарга мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө" токтомунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 531 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" токтомунун, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 224 токтому менен бекитилген Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча Жобого ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин кассасында накталай акча каражаттарын сактоо мөөнөттөрүн белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөттүн иш башкармалыктары, Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясы МУ № 1, Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясы МУ № 2 тышкары, бюджеттик каражаттардын алуучулар, анын ичинде мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору боюнча каржыланган уюмдар (Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү (ДИБ)) кассада акча каражаттарын сактоодо ушул Нускаманы жетекчиликке алат.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин кассасында бюджеттик жана/же атайын эсептерден алынган жана мекеменин кассасына кириштелген накталай акча каражаттарын сактоонун мөөнөттөрү
3. Чыгымдар беренелери боюнча чыгышталган накталай акчалар: транспорттук кызматтар (2214); медициналык багыттагы медикаменттерди жана буюмдарды сатып алуулар (2217); тамак продукттарын сатып алуу (2218); машиналар жана жабдуулар (3112); имараттар жана курулмалар (3111) мекеменин жеке эсептеринде накталай акчаларды алган күндү кошкондо мекеменин кассасында 5 (беш) жумушчу күн сакталат. Көрсөтүлгөн мөөнөт аягына чыккандан кийин кассада пайдаланылбаган накталай акча каражаттар ушул главанын 4-пунктунда каралган чыгымдар беренелери боюнча өздүк эсептен алынган накталай акча каражаттары бюджеттик мекемелердин тиешелүү өздүк эсептерине тапшырылууга тийиш, өзгөчө кырдаалдарды байкоо үчүн Кыргыз(*)
4. Чыгымдар беренелери боюнча накталай акча каражаттардын жеке эсептеринен алуу күнүнөн баштап: эмгек акы (2111); социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпулдар (2711); калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдар (2721); стипендиялар (2821); кызматтык иш сапарларга чыгымдар (2211); башка товарларды жана кызматтарды алуу (2215); учурдагы чарба максаттары үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу (2222) деген чыгымдар беренелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелер накталай акча каражаттарын өздүк эсептерден чыгарган күндөн тарта накталай акча каражаттарын кассада 10 (он) жумуш күн бою сактоого уруксат берилет. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин кассада колдонулбай калган накталай акча каражаттары бюджеттик мекемелердин тиешелүү өздүк эсептерине тапшырылууга тийиш. Республикасынын өзгөчө кырдаалдарды байкоо жана ыкчам-иликтөө ишин ишке ашыруу үчүн багытталган накталай акчалардан башкасы.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелерге жалпы мамлекеттик маанидеги социалдык-маданий иш-чараларды уюштурууга жана жүргүзүүгө накталай акча каражаттарды чыгымдоо шартында көрсөтүлгөн максаттарга багытталган накталай акчалар 15 жумушчу күн аралыгында кассада сактоого уруксат берилет.
5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган 30 километрден жогору аралыктагы банктык мекемелерден алыс мекемелер мекемелердин тийиштүү жеке эсептеринде акча алган күндү эсепке албаганда накталай акчалар 7 (жети) жумушчу күн аралыгында кассада сактоого уруксат берилет.
6. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин бюджеттик жылдын акыркы айында учурдагы жылдын ноябры үчүн бюджеттик жана атайын эсептерден алынган накталай акча каражаттар суммасынын 1/5 бөлүгү өлчөмүндө кассада накталай акчаларды сактоого жол берилет.
Пайдаланылбаган кассадагы накталай акчалар кийинки отчеттук жыл үчүн кийинки бюджеттик жылдын биринчи 5 (беш) жумушчу күн аралыгында пайдаланылышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганы боюнча пайдаланылбаган накталай акчалар тийиштүү бюджеттин кирешелерине чегерилүүгө тийиш.
7. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин кассасына отчеттук суммаларды кайтаруу шартында чыгымдар беренелерине карабастан ушул главанын 3 жана 4-пункттарына ылайык сактоо мөөнөтү белгиленет.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин кассасына накталай түрдөгү түшкөн кирешелерди сактоонун мөөнөтү
8. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин кассасына накталай түрдөгү түшүүчү атайын каражаттар боюнча бардык кирешелер бюджеттик мекемелердин тийиштүү эсептерине чегерилүүгө тийиш.
9. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин кассасына накталай формада келип түшкөн атайын каражаттарды жана депозиттик суммаларды чыгымдоого мекемелердин тийиштүү өздүк эсебине аларды чегергенге чейин чыгымдоого тыюу салынат.
10. Мекеме кассасына 1 (бир) жумушчу күн ичинде 20000 (жыйырма миң) сом суммасынан ашык болгон накталай акча каражаттары мекеменин кассасына келип түшкөн учурда бул каражаттар кассага түшкөн күндөн кийинки жумушчу күнү бюджеттик мекемелердин тиешелүү өздүк эсептерине чегерилүүгө тийиш. Мекеме кассасына 20000 (жыйырма миң) сом суммасынан аз накталай акча каражаттары түшкөн учурда каражаттар 3 (үч) жумушчу күн ичинде тиешелүү өздүк эсептерге чегерилүүгө тийиш.
11. Банктык мекеме жок калктуу пунктта жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөтү) кассасына накталай формада түшкөн кирешелер 30 километрден жогору аралыктагы банктык мекемелерден алыскы мекемелер 10 (он) жумушчу күн ичинде алардын тиешелүү өздүк эсептерине чегерилүү үчүн банкка милдеттүү өткөрүлүүгө тийиш.
12. Бюджеттик жылдын акыркы күнү кассага түшкөн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин өздүк эсептерине чегерилбеген накталай түрдөгү кирешелер отчеттук жылдын аягына чейин отчеттук жылдан кийинки айдын биринчи жумушчу күнүндө бюджеттик мекемелердин тиешелүү өздүк эсептерине киргизилүүгө тийиш жана тиешелүү бюджеттин киреше бөлүгүнө эсепке алынат.
4. Кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
12. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык бюджеттик жана атайын каражаттары боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин кассасына накталай акча каражаттарын сактоо үчүн жоопкерчилик тиешелүү өздүк эсептерге өз учурунда чегерүүнү ишке ашыруу үчүн бюджеттик мекеменин жетекчиси жооптуу болот.
(*) "Токтом" МБ эскертүүсү: Текст түп нускага ылайык берилди