Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин буйругу менен бекитилген 2016-жыл “___” ___________ № _____ |
1.1. Ушул эрежелер топтому шаардык калктуу пункттардын жаңыларын долбоорлоого жана мурункуларын кайра конструкциялоого тиешелүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймактарында пландаштыруу, шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу пункттарды куруу маселелери боюнча коюлуучу негизги талаптарды жана принциптерди жана ирээтти.
1.2. 1994-жылдын 11-январындагы № 1372-XII “Кыргыз Республикасынын шаар куруусу жана архитектурасы жөнүндө”, 1991-жылдын 21-декабрындагы № 689- XII “Кыргыз Республикасындагы жеке турак жай курулушу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле архитектура, шаар куруу жана курулуш чөйрөсүндөгү мыйзам актылары, шаар куруу, курулуш боюнча курулуш ченемдери жана эрежелери, стандарттар, нускамалар, көрсөтмөлөр жана башка шааркуруу чөйрөсүнө тиешелүү кабыл алынуучу актылар ушул эрежелер топтомунун курамдык бөлүктөрү болуп саналат жана аны менен чогуу колдонулат.
1.3. Шаарлардын жана шаар тибиндеги калктуу пункттардын жаңы курулушу жана мурункуларынын кайрадан конструкцияланышы бекитилген белгиленген тартипте башкы пландарга, тетиктеп мерчемдөө долбоорлоруна, куруу долбоорлоруна ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
2.1. Шаар тибиндеги калктуу пункттарды (шаар, жумушчу, курорттук жана башка) ошондой эле эсептиксандагы калкы менен кичине шаарлар үчүн ченемдер боюнча долбоорлоо керек.
2.2. Калктуу пункттар макамына ээ эмес шаардан сырткаркы ишканалардын жана объекттердин калктуу пункттарын ведомстволук ченемдик документтер, ал эми андай ченемдер жок болгон учурларда, ошондой эле эсептик сандагы калкы менен айылдык калктуу конуштар үчүн аныкталган ченемдер боюнча долбоорлоо керек.
Бул документте тиешелүү аныктамалары менен төмөнкү терминдер колдонулат:
архитектуралык документтер (архитектуралык долбоор) – курулуш объектисинин документтерин андан ары иштеп чыгуу үчүн керек боло турган көлөмдө объекке коюлуучу социалдык, экономикалык, функционалдык, инженердик, техникалык, өрткө каршы, санитардык-техникалык, экологиялык, архитектуралык-көркөм жана башка талаптарды комплекстүү түрдө эсепке алган, архитектуралык чечимдерди камтыган долбоордук документтин бөлүгү;
архитектуралык-мерчемдик шарттар (АМШ) – курулуш объектисинин функционалдык дайындалышына, жайгашышына жана негизги параметрлерине, ошондой эле инженердик тарамдарга кошулушуна техникалык, санитардык, өрткө каршы, экологиялык шарттарга коюлуучу архитектуралык шарттар жана талаптарды, шаар куруу документтерине ылайык объектти долбоорлоого чектөөлөрдү камтыган аймактык архитектура жана шаар куруу органдары тарабынан берилүүчү документ;
калктуу пункттардын башкы планы – калктуу пункттардын аймактарынын өнүгүшүн келечектүү шаар курууну мерчемдөө жөнүндө шаар куруу документи;
объекттин башкы планы – объекттин (имараттын, курулманын, комплекстин) курулушунун аймактагы (жер участкасындагы) жайгашышын, транспорттук коммуникациялардын, инженердик тарамдардын тартылышын, комплекстүү абаттоону, жашылдандырууну, чарбалык тейлөөнү уюштурууну жана башка долбоорлонуучу объекттин жайгашуу орду менен байланышкан иш чараларды комплекстүү чечүү маселелерин камтыган долбоордун бөлүгү;
башкы долбоорчу – инвестор же тапшырыкчы менен түзүлгөн келишимдин негизинде долбоордук документтин айрым бөлүмдөрү боюнча субподрядчыларды жана адистерди тартуу менен долбоордук документти иштеп чыгуучу, долбоордук (долбоордук-изилдөөчү) ишмердиктин түрү боюнча уруксаттамага ээ болгон долбоордук уюм;
шаардык агломерация – шаар-борбор менен ургаалдуу өндүрүштүк, маданий-тиричилик жана рекреациялык байланыштары аркылуу бир бүтүнгө бириккен калктуу пункттардын мейкиндиктегичакан тобу;
шаардык, кыштактык чек, калктуу пункттун чеги – шаардын жана башка калктуу пункттун жерлерин жердин башка категорияларынан, жер фондуларынан бөлүп туруучу сырткы чек арасы;
мамлекеттик шаар куруу кадастры – социалдык-укуктук шарттамдарын пайдалануу, имараттардын жана курулмалардын архитектуралык-пландаштыруу параметрлери, инженердик-техникалык жабдуунун деңгээли, ресурстук камсыздоо жана айлана чөйрөнүн абалынын белгилери боюнча шаар курууну жөндөө аймагын мүнөздөөчү картографиялык, статистикалык жана тексттик маалыматты камтыган сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдүн бирдиктүү тутуму;
мамлекеттик ченематтар (мамлекеттик ченематтык документтер) – адамдын жашоо тиричилигин жана жашоо шарттарын жагымдуу, коопсуз камсыз кылууга керектүү болгон ченемдик укуктук актылардын, шаар куруу жана
техникалык регламенттердин, ченемдик-техникалык документтердин тутуму жана башка милдеттүү талаптар, шарттар, чектөөлөр;
меймандык унаа туруктар (паркингдер) – келген меймандардын жеңил автомобилдерин убактылуу токтотууга арналган ачык аянттар;
шаар куруу – коомдук-экономикалык, курулуш-техникалык, архитектуралык-көркөм, санитардык-гигиеналык жана экологиялык татаал комплекстүү көйгөйлөрдү чечүүнү камтыган жана монотондуу типтүү курулуштан качууга, өлкөнүн улуттук өзгөчөлүгүн эске алуу менен мурунку курулуштарды илимий негизде кайра курууга, анын ичинде кооптуу өндүрүш объектилерин, суу тогоондорун жана курулмаларын, почта жана электр байланыштарынын объекттерин, электр чордондорун жана көмөк чордондорду, д.у.с башка түрдөгү имараттарды жана курулмаларды долбоорлоого жана курууга багытталган калктуу пункттарды жана өзүнчө аймактарды мерчемдөө жана куруу чөйрөсүндөгү юридикалык, жеке жактардын ишмердиги;
аймактын шаар куруу сыйымдуулугу – шаардын мерчемделинүүчү түзүмүндөгү аймактын ролуна жана ордуна тиешелүү курулуштун көлөмү;
шаар куруу долбоорлору – аймактарды (калктуу пункттарды) жана түйүндөрдүже алардын бөлүктөрүн комплекстүү аймактык шаар курууну мерчемдөөнү, уюштурууну, өнүктүрүүнү, курууну камтыган долбоорлор;
шаар куруу документтери – муниципалдык түзүлүштөрдүн аймактарындагы шаар курууну өнүктүрүү чөйрөсүндөгү башкаруу чечимдерин кабыл алууга жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын тиешелүү ыйгарым укуктарын ишке ашыруугакеректүү болгон аймактарды өнүктүрүүнү жана курууну шаар куруучулук мерчемдөө боюнча документтердин комплекси жана шаардын, башка калктуу конуштардын башкы планы, шаардын чегинин долбоору, мерчемдөө, чектешүү, куруу долбоорлору жана башка документтер;
аймактарды шаар курууга баалоо – аймакты баалуулугу боюнча баалоо жана чөлкөмдөө жыйынтыгы катары саналган комплекстүү, көп факторлуу талдоо;
шаар куруучулук (укуктук) чөлкөмдөө – аймактык чөлкөмдөрдүн чек араларын жана мындай чөлкөмдөрдүн чегинде капиталдык курулуштун объекттерин, жер участкаларын пайдалануунун шаар куруучулук регламенттеринтактоо максатында калктуу конуштардын аймактарын чөлкөмдөө; шаардын айрым бөлүктөрүн функционалдык пайдаланууга (функционалдык чөлкөмдөө), курууга (курулуштук чөлкөмдөө) жана ландшафты уюштурууга милдеттүү талаптарды, чектөөлөрдү аныктоо;
шаар куруу регламенти – аймактарды жана башка кыймылсыз мүлк объекттерин пайдалануунун шарттамдары, уруксаттамалары, чектөөлөрү (убаракерчилик, тыюу салуу жана сервитуттарды кошкондо), ошондой эле мыйзам чегинде аныкталган алардын абалдарынын мүмкүн болгон өзгөрүүлөрү;
шаар куруу ресурстары – жер, кен байлыктары, суу, аба мейкиндиги, энергетикалык, эмгек, инвестициялык жана башка ресурстар, ошондой эле адам баласынын жашоо, ишмердикти калыптандыруунун ажырагыс компоненттери болгон калктуу пункттардын аймактары жана алардын тутуму;
турак жай, аралаш турак жай курулушунун тобу – турак жайлардын, аралаш турак жайлардын участкалары жана жалпы колдонулууга жаткан
аймактар: квартал же кварталдын бөлүгү катары калыптандырылуучу жашылдандырылган аймактар (скверлер, бульварлар), күнүгө жана мезгилдүү колдонулуучу объекттер, балдар бакчалары, гараждар-унаа туруктар, өтмөлөр, автотуруктар жана башкалар;
турак жай аймактары – заманбап социалдык, гигиеналык жана шаар куруу талаптарына жооп берүүчү, шаар куруу ченемдөө объектилеринин төмөнкү түрлөрүндө калыптануучу:
1) коомдук чөлкөмдөрдүн, турак жай топторунун жана кичи райондордун курамдарындагы турак жай, аралаш турак жай курулушу;
2) коомдук чөлкөмдөрдүн, кичи райондордун, кварталдардын курамындагы же комплекстер жана башка функционалдык дайындалыштагы чөлкөмдөр менен жанаша автономдуу түрдө жайгашкан турак жай, аралаш турак жай курулушу;
3) турак жай райондорунун курамындагы же комплекстер жана башка функционалдык дайындалыштагы чөлкөмдөр менен жанаша автономдуу түрдө жайгашкан кичи райондор;
4) турак жай райондору;
турак жай району – аянты 60 гадан ашкан аймак. Турак жай райондун калкы өзүнүн аймагынын чегинде күнүмдүк жана мезгилдүү тейлөөчү объекттердин комплекси менен камсыз болот;
долбоорлоого тапшырма – пландаштыруучу, архитектуралык, инженердик жана технологиялык чечилиштерге жана шаар куруу объекттеринин касиеттерине, анын негизги параметрлерине, курулушунун наркына жана уюштурулушуна негизделген талаптар камтылуучу жана шаар куруу шарттарына жана чектөөлөрүнө ылайык түзүлүүчү документ;
жашыл сызык – башка чөлкөмдөр (турак жай, өнөр жай), ошондой эле көчөлөр жана жолдордон жалпы пайдалануудагы өсүмдүктөрдү (парктар, бактар, скверлер, баккөчөлөр, жашылдандырылган жээк жолдор) жана атайын дайындалыштагы өсүмдүктөрдү (питомниктер, коргоочу токой тилкелери ж.б.) бөлүп туруучу чек ара;
инженердик-техникалык, унаалык жана социалдык инфраструктура –калктуу пункттардын жана конуш аралык аймактардын туруктуу өнүгүүсүн, жашоо шартын камсыз кылуучу унаанын, байланыштын, энергетиканын, суу чарбасынын, ирригациялык тарамдардын, инженердик жабдуулардын курулмаларынын жана коммуникацияларынын, ошондой эле калкты социалдык жана маданий-тиричилик жагынан тейлөөчү объекттеринин комплекси;
курулуш үчүн инженердик изилдөөлөр - райондун, аянттын, участканын, долбоорлонуучу курулуштун трассасынын, жергиликтүү курулуш материалдарынын жана суу менен камсыздоочу булактардын жаратылыш шарттарын комплекстүү түрдө изилдөө жана айлана чөйрөнү рационалдуу пайдалануу жана коргоону көңүлгө алуу менен объекттерди долбоорлоодо, курууда экономикалык жактан максатка ылайыктуу жана техникалык жактан негизделген чечимдерди иштеп чыгуу үчүнкеректүү жана жетиштүү материалдарды, ошондой эле имараттарды жана курулмаларды куруунун, пайдалануунун таасири алдында жаратылыш чөйрөсүнүн өзгөрүүлөрүнүн болжолун түзүүгө маалыматтарды алуу үчүн аткарылган жумуштар;
аймакты пайдалануунун ургаалдуулугу (курулуштун ургаалдуулугу) – кварталдын (кичи райондун) ченемдик өлчөмү менен туюнтулган курулуштун жыштыгынын, аймактын курулуу пайызы жана көчө-жол тарамынын жыштыгынын көрсөткүчтөрү менен мүнөздөлгөн шаардын, калктуу пункттун башкы планынын курамында иштелип чыккан көчө-жол тарамынын жана жалпы шаардык борборлордун схемаларына ылайык шаардын, калктуу конуштун түзүмүндөгү аймактын көрсөткүчү;
квартал – магистралдык жана турак жай көчөлөрүнүн, жолдордун кызыл сызыктары, ошондой эле шаар курууну жөндөөнүн башка регламенттери, аймактын 10 га аянты менен чектелген шаардын, калктуу пункттун плндаштырылуучу түзүмүнүн негизги элементи;
шаар куруу кадастрынын маалыматтык тутумунун компоненттери – шаар куруу кадастрынын маалыматтык ресурстары жана маалыматтык технологиялары (программалык, техникалык, лингвистикалык, укуктук, уюштуруучулук каражаттары) ;
кызыл сызыктар – пландаштырылуучу түзүмдүн кварталдарынын, кичи райондорунун жана башка элементтеринин аймактарын калктуу пункттардагы көчөлөрдөн, жолдордон жана аянттардан бөлүп туруучу чек аралар;
аймакты комплекстүү абаттоо – тигил же бул аймакты курулуш үчүн жарактуу жана дайындалышы боюнча нормалдуу пайдалануу, калк үчүн таза, ыңгайлуу, коопсуз жана маданий шарттарга келтирүү максатында жүргүзүлө турган курулуучу аймакты инженердик даярдоо жана жолдорду салуу боюнча; суу менен камсыздоонун, суу агындылоонун, энергия жана газ менен камсыздоонун, байланыштын, ирригациялык, нөшөрлүкжана башка коммуникациялык курулмаларды жана тарамдарды өнүктүрүү боюнча; аймакты жыйноо, кургатуу жана жашылдандыруу, санитардык тазалоо боюнча; микроклиматты жакшыртуу, аба мейкиндигин, ачык суу жана кыртыштарды булгануудан коргоо, шуулдактар деңгээлин төмөндөтүү жана башкалар боюнча жүргүзүлүүчү жумуштардын жана иш чаралардын жыйындысы;
курулушту жөндөө сызыктары (курулуштун сызыктары) – имараттарды, курулуштарды жана курулмаларды жайгаштырууда кызыл сызыктардан же жер участкаларынын чек араларынан (же кызыл сызык менен дал келишкен) чегинүү менен аныкталган жана долбоорлонуучу имараттардын, курулуштардын жана курулмалардын сырткы контурларынын жайгашышын көрсөтүп туруучу курулуштун сызыктары, ошондой эле көчөнү бойлото имараттардын жана курулмалардын курулушун чектөөчү сызыктар;
мамлекеттер аралык курулуш ченемдери –КМШга кирген мамлекеттердин курулуш ишмердигиндеги кызматташтыгы боюнча Өкмөттөр аралык кеңеш тарабынан бекитилген, милдеттүү негизде колдонулуучу жана курулуш өндүрүмүнө, ошондой эле аны менен байланышкан процесстергеталаптарды камтыган КМШ мамлекеттеринин долбоорлоо жана курулуш чөйрөсүндөгү регион аралык ченемдик-техникалык документи;
долбоорлоо жана курулуш боюнча мамлекеттер аралык эрежелер топтому – курулуштагы техникалык ченемдөө, стандартташтыруу жана шайкештикти баалоо боюнча Мамлекеттер аралык илимий-техникалык комиссия тарабынан бекитилген жана ыктыярдуу негизде техникалык эрежелерди, ошондой
эле инженердик изилдөөлөрдүн, долбоорлоонун, куруунун же курулуш өндүрүмүн пайдалануунунжол-жоболорун камтыган, техникалык регламенттердин жана мамлекеттер аралык курулуш ченемдердин коюлган милдеттүү талаптарына шайкештикке жеткирүү ыкмаларын аныктаган КМШга кирген өлкөлөрдүн долбоорлоо жана курулуш чөйрөсүндөгү регион аралык ченемдик-техникалык документи;
чектештирүү – чектөө долбоорлорунда жана жер бетинде мурун болуп келген жана жаңыдан түзүлүүчү жер участкаларын, кыймылсыз мүлктү аныктоо, калыбына келтирүү, өзгөртүү жана бекитүү боюнча шаар куруу жана жерге орноштуруу жумуштарынын комплекси;
конуш аралык аймактар – калктуу пункттардын чек араларынан (чектеринен) сырткаркы аймактар;
кичи район – аянты 60 гага чейин, калкынын эсептик саны 50 миң кишиге чейин болгон, ченемдик жеткиликтүүлүк чегинде өз аймагынын ичинде күнүмдүк тейлөө объекттери жана мезгилдүү тейлөөчү объекттер менен камсыздалган аймак;
шаар куруу объекттерине байкоо жүргүзүү – шаар куруу ишмердигинин объектеринин абалына, пайдалануусуна жана өзгөрүлүүлөрүнө жүргүзүлгөн байкоолордун тутуму;
ченемдик-техникалык документ – белгилүү бир ишмердиктин түрлөрүнө эрежелерди, жалпы принциптерди же мүнөздөмөлөрдү аныктаган же алардын жыйынтыктарына тиешеси бар жана керектөөчүлөрдүн кеңири чөйрөсүнө жеткиликтүү документ;
коомдук аймактар – бийликтин органдарынын, өкүлчүлүктөрдүн жана элчиликтердин; илим-изилдөө жана долбоордук-конструктордук уюмдардын; маданий, билим берүү (жогорку жана орто кесипчилик окуу жайлары, мектептер, мектепке чейинки жана мектептен сырткаркы тарбиялоо мекемелери); дин уюмдарынын; соода, тейлөө; спорт, эс алуу; саламаттык сактоо; мейманкана; социалдык кызматтар объекттерин жайгаштырууга дайындалган аймактар;
курулуштун кезектүүлүгү – долбоордук документтер менен аныкталган, пайдаланууга киргизилүүсү дайындалышы боюнча алардын автономдуу түрдө пайдалануусун камсыз кыла турган имараттан же анын бөлүгүнөн, имараттар, курулмалартобунан, инженердик тарамдардан, түзмөктөрдөн турган курулуш объектисинин бөлүгү;
тарых жана маданият эстелигин коргоо чөйрөсү –өтө катаал пайдалануу шарттамындагы жерлери мененкоргоо чөлкөмүнүн долбоорунда аныкталган, тарых жана маданий эстеликтин физикалык сакталышын бузууга, ошондой эле аны кабылдоо шартын жана баалуу шаар куруу айланасынын салттуу параметрлеринбурмалоогоадып келе турган ишмердикке тыюу салган аймак;
шаар куруу объектисинин паспорту – шаар куруу регламенттери жана ошол шаар куруу объектисине карата маалыматтык берилмелерди белгиленген формада камтыган документ;
турак жай курулушунун жыштыгы – участоктун (кварталдын) аянтынын бир бирдигиине туура келген имаратттардын жана курулмалардын жер үстүндөгү курулушунун сырткы дубалдарынын тыш өлчөмдөрү менен алгандагы кабаттардагы суммардык аянты (миң чарчы метр менен);
түпкүлүгү кооптуу объектилер – алдын ала башка объекттердин туруктуу турушуна, техногендик жана экологиялык кооптуулугуна түпкүлүктүү коркунуч туудурган, ошондой эле милдеттүү түрдө экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык, жарылуу жана өрт коопсуздугу боюнча талаптар коюлган, милдеттүү түрдө мамалекеттик экспертизадан өтүүгө жаткан объектилер;
укуктук шаар курууну чөлкөмдөө – калктуу пункттардын жана шаарлардын курулушу жана жер пайдалануу эрежелеринде жазылган, аймактардын шаар курулушун пландаштаруунун өнүктүрүү долбоорунун негизинде же курамында аткарылуучу долбоордук жумуш;
калктуу пункттардын курулушунун жана жер пайдалануусунун эрежелери – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органы тарабынан бекитилүүчү, шаар курууну мерчемдөө жана аймактарды куруу долбоорлорун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан калктуу пунктарды куруу жана абаттоо боюнча эрежелердин топтому;
үй алдындагы аймак – үйгө келүүчү жөө жана машина жолдор, меймандар үчүн автотурук жайлар, жашылдандыруу аймактары, оюн жана эс алуу аянтчалары, чарбалык аянтчалар жайгаша турган, көп кабаттуу үйгө жанаша жайгашкан аймак. Турак жай жана аралаш турак жай курулуштарынын үйгө жанаша жайгашкан аймагында өзүнчө турган турак жай эмес объекттердин, ошондой эле санитардык-гигиеникалык талаптар боюнча турак жай курула турган жерге курулууга мүмкүн болбогон кошо жана жабыштырыла курулуучу турак жай эмес объекттердин жайгашуусуна тыюу салынат;
магистраль жанындагы аймактар – чек аралары тиешелүү шаар куруу документтери менен аныкталуучу жалпы шаардык маанидеги магистралдык көчөлөргө, унаа коридорлоруна, унаа айрылыш жолдоруна жанаша жайгашкан аймак;
долбоор алдындагы документ – долбоордук документти иштеп чыгууга чечимдерди кабыл алуу жана долбоорлорду андан ары ишке ашыруу үчүн керектүү болгон программаларды, отчетторду, курулуштун техникалык-экономикалык негиздемелерин, техникалык-экономикалык эсептөөлөрдү, илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын, технологиялык жана конструктивдик эсептөөлөрдү, эскиздерди, макеттерди, объекттерди ченөө жана текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын, ошондой эле башка алгачкы маалыматтарды камтыган шаар куруу жана архитектуралык-курулуш долбоорлорун иштеп чыгуунун алдындагы документ;
долбоор – шаар куруу, архитектуралык жана курулуш документтери (чиймелер, графикалык жана текст түрүндөгү материалдар, инженердик жана сметалык эсептөөлөр) формасында берилген, адамдын жашоосу жана ишмердигине керектүү болгон шарттарды камсыз кылуу боюнча физикалык жана юридикалык жактардын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын көздөмдөрү;
долбоордук документ – курулушту, кайра конструкциялоону же курулуш объекттеринин жана/же алардын бөлүктөрүнүн башка өзгөрүүлөрүн камсыз кылуу үчүн керектүү, архитектуралык, функционалдык, технологиялык, конструктивдик жана инженердик-техникалык чечимдерди аныктоочу графикалык, долбоордук жана тексттик документтердин жыйындысы;
аймакты жашылдандыруу долбоору – аймакты жашылдандыруу боюнча пландарды (дендрологиялык план, отургузуучу чийме, пландаштыруунун бөлгүч чиймелери, жумуштардын көлөмүн жана сметаны эсептөө менен түшүндүрмө катты) камтыган долбоордук документ;
архитектуранын, шаар куруу искусствосунун чыгармасы – физикалык жактардын кесипчилик ишмердигиндеги чыгармачылык процесстин жыйынтыгы болгон автордун (авторлордун) автордук укугунун жана интеллектуалдык менчигинин объектиси. Алар архитектуралык объектти жаратууга же иш жүзүнө ашырылган долбоордо шаар куруунун, архитектуралык жана техникалык чечимдердин жогорку деңгээли жетишилген, долбоордук документ, айрым чийме, макет же эскиз түрүндө аткарылган автордук көздөмдү камтуу менен шаар куруу мейкиндигин калыптандырууга багытталган;
куруу аянты –сырткы тыш өлчөмдөрү, төшөмө жээктери жана тектирлери менен кошо имарат же курулма мененжер участкасын куруу аянты;
өндүрүш аймактары – өндүрүштүк-ишкердик (тажрыйбалык участоктору жана өндүрүштөрү менен ИИИ, техникалык тейлөө цехтери менен соода ишканалары, басма-типографиялык бөлүмү менен маалыматтык борборлор), өнөр жайлык (тамак-аш жана жеңил өнөр жай, алет куруу, машина куруу, курулуш материалдарын өндүрүү), коммуналдык-кампалык (ЖЭМдин (ТЭЦ) аймактары, тазалоочу курулмалар, отканалар, электр чордондору, газ бөлүштүрүүчү түйүндөр, шаардык инженердик инфратүзүмдүн башка курулмалары, кампалык курулмалар, аймактарды механикалык жыйноо үчүн машиналардын турук жайлары, көрүстөндөр), унаа жана инженердик объекттердин жайгашышына арналган аймактар;
курулуштун эсептик наркы – айрым жумуштун түрлөрүнө же айрым объекттерге ирилештирилген эсептик нарктык көрсөткүчтөр боюнча аныкталган инвестордун же тапшырыкчынын объектини курууга же турган объектини өзгөртүп курууга болжолдуу толук сарптоолорунун наркы;
шаар куруу кадастрында документти каттоо – документти же анын бөлүгүн шаар куруу кадастрынын маалыматтык ресурстарына киргизүүгө жасалган аракет, анда камтылган шаар куруу регламенттери шаар куруу ишмердигинин баардык катышуучулары жана жер участкаларынын, анын үстүндөгү кыймылсыз мүлк объекттеринин ээлери үчүн милдеттүү түрдө аткарылуучу макамга ээ болот;
кайра конструкциялоо – имараттардын, курулмалардын көлөмдүк-пландаштыруучу жана конструктивдик чечилиштерин (бийиктиктери, кабаттардын саны, аянты, тыш өлчөмдөрү, чөйрө чеги), технологиялык жана инженердик жабдууларын, өндүрүштүк кубаттуулуктардын көрсөткүчтөрүн, инженердик-техникалык камсыздоонун сапатын өзгөртүү;
рекреациялык аймактар – парктар, бактар, скверлер жана бак көчөлөр менен бирге селитебдик аймакта жайгашып, шаар токойлорунан, токойлуу парктардан, коргоочу токой чөлкөмдөрүнөн, көлмөлөрдөн, айыл чарба багытындагы жерлерден жана башка жайыктардан турган адамдардын эс алуусу (эмгеги) үчүн ачык мейкиндик тутумун түзгөн аймактар;
санитардык ажырымдар – зыяндуу таасир булагынан (өнөр жай, кампа объектилери, инженердик курулмалар, автомагистралдар, темир жол унаасынын линиялары, магистралдык өткөргүч түтүктөр ж.б.) турак жай курулушунун, ландшафтык-рекреациялык чөлкөмүнүн, эс алуу чөлкөмүнүн, курорттун чек арасына чейинки минималдык аралык менен аныкталуучу ажырымдар;
санитардык коргоочу чөлкөм–атайын дайындалыштагы чөлкөмдөрдү, ошондой эле өнөр жай ишканаларын жана калктуу пункттагы башка өндүрүштүк, коммуналдык, кампалык объекттерди жакынкы селитебдик аймактардан, турак жай-жарандык дайындалыштагы имарат жана курулмалардан, аларга жагымсыз факторлордун таасирин азайтуу максатында бөлүп туруучу аймак;
селитебдик аймак – жайгашуусу жана ишмердиги атайын санитардык коргоочу чөлкөмдү талап кылбаган турак жай, коомдук жана рекреациялык аймактарды, ошондой эле инженердик-техникалык жана унаалык инфратүзүмдүн, башка объекттердин айрым бөлүктөрүн жайгаштырууга арналган калктуу пункттун аймагынын бөлүгү;
жайгаштыруу схемасы – калктуу пункттардын типтерин өз ара жайгаштыруу мүнөзүн жана айыл аралык байланыштарды өнүктүрүү деңгээлин аныктоочу схемалар;
курулуш объектилеринин сейсмикага туруктуулугу – тиешелүү сейсмикалык таасирлерди эске алуу менен курулуш объектилеринин эсептик-техникалык жана курулуштук-конструктивдик коопсуздугун камсыздоо;
жалпы пайдаланылуучу аймактар – адамдардын чектелбеген чөйрөсү тоскоолсуз пайдалануучу аймактар, анын ичинде кварталдардын (кичи райондордун) аймактарынан сырткары жайгашкан – аянттар, көчөлөр, суу жээктери, бак көчөлөр жана кварталдардын (кичи райондордун) аймагында жайгашкан – жолдор жана скверлер;
жаратылыш комплексинин аймактары – турак жай, коомдук, өндүрүштүк курулуштун участкаларынын курамындагы парктар, бактар, скверлер, бак көчөлөр, тигилген өсүмдүктөр түрүндө келтирилген шаар курууну долбоорлоонун объекттери;
аймактык пландаштыруу – мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар, аймактарын өзгөчө шарттарда пайдалануучу чөлкөмдөр үчүн аймактарды өнүктүрүүнү, функционалдык чөлкөмдөөнү, капиталдык курулуштун объекттерин пландуу жайгаштыруу чөлкөмдөрүн аныктоону пландаштыруу;
шаар куруу ишмердигиндеги техникалык жөндөө – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылуучу, техникалык регламенттерди (алар жок болгон учурларда – курулуш ченемдерин жана эрежелерин), стандарттарды иштеп чыгуу жана колдонуу, курулуш өндүрүмдөрүнүн шайкештигин баалоо (тастыктоо), контролдоо жана мамлекеттик көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү мамилелерди укуктук жөндөө;
өрткө каршы ажырым (өрткө каршы аралык) – өрттүн таралышынын алдын алуу үчүн аныкталган имараттар жана (же) курулмалар ортосундагы ченемделүүчү аралык;
көчө-жол тарамы – калктуу пункттун функционалдык-пландаштыруу уюштурулуусу менен өз ара байланышкан, жалпы шаардык бир тутумга бириктирилген көчөлөрдүн, аянттардын жана жөө жол мейкиндиктеринин тарамы;
көчө, аянт – шаардын (калктуу пункттун) көчө-жол тарамынын кызыл сызыктары менен чектелген аймак;
уникалдуу, техникалык жактан татаал жана өзгөчө кооптуу объекттер – бийиктиги 60 метрден ашкан имараттар жана курулмалар, ЖЭМ (ТЭЦ) жана ири ГЭЧдин (ГЭС) башкы корпустары, арыштары 36 метрден ашкан курулмалар, узундугу 60 метрден ашкан тоннелдер, ошондой эле эксперименталдык катары аныкталган же конструкцияларын эсептөөгө атайын эсептөө усулдары колдонулуучу, же атайын эсептөө усулдары иштелип чыгуучу объекттер;
аймактарды туруктуу өнүктүрүү – шаар куруу ишмердигинде адамдын жашоо-тиричилигине жагымдуу шарттарды жана коопсуздукту камсыздоо, чарбалык жана башка ишмердикте айлана чөйрөгө терс таасирди чектөө, ошондой эле азыркы жана кийинки муундар үчүн жаратылыш ресурстарын коргоону жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу;
турак жай, аралаш курулуштун участогу – аянты 1,5 гектарга чейин болгон, ага үй алдындагы участогу менен ар кандай кабаттуулуктагы турак үйлөр жайгашкан аймактар;
функционалдык-пландаштыруучу түзүлүш – аймактын функционалдык дайындалышына жараша ишмердиктин социалдык-кепилденген шарттарынын комплексин камсыздаган, чек арасы, аймактык регламенттери, шаар куруу ченемдери жана эрежелери аныкталган, бүтүндөй бир шаар куруу түзүлүшүн берген шаардын (калктуу пункттун) аймагынын бөлүгү;
функционалдык чөлкөмдөр – аймактык пландаштыруу документтери менен чек аралары жана функционалдык дайындалышы аныкталган чөлкөмдөр;
эскиздик долбоор – долбоордун негизги идеясын туюнткан,эскиз түрүндө (схема, чийме, алгачкы сомо) аткарылган долбоордук чечилиштин жөнөкөйлөтүлгөн түрү.
4. Шаарлардын жана калктуу пункттардын аймактарынын өнүгүү концепциясы жана жалпы уюштурулуусу
4.1. Шаарларды жана калктуу пункттарды илимий техникалык прогресстин комплекстүү программалары, өндүрүш күчтөрүн өнүктүрүү жана жайгаштыруу схемалары, экономикалык жана социалдык өнүктүрүүнүн концепциялары, негизги багыттары жана мамлекеттик программалары менен байланышта, ошондой эле максаттуу комплекстүү программаларды, жаратылышты коргоонун аймактык комплекстүү программаларын, табигый-техногендик кооптуу процесстерден аймактарды жана калктуу пункттарды коргоонун схемаларын эске алуу менен республика жана экономикалык райондор боюнча жайгаштыруу схемасынын, регионалдык шаар куруу программаларынын, райондук пландаштруу схемаларынын жана долбоорлорунун негизинде долбоорлоо керек.
4.2. Шаарларды жана калктуу пункттарды Кыргыз Республикасынын жана ага кирген облустарынын, административдик райондорунун жайгаштыруу, ошондой эле облустар, райондор жана чарбалар аралыкжайгаштыруутутумунун элементтери катары долбоорлоо керек. Бул учурда жайгаштыруу тутумунун калктуу пунктунун – борборунун же борборчосунун таасир чөйрөсүнүн чегинде жайгаштыруу тутуму үчүн социалдык, өндүрүштүк, инженердик-унаалык жана башка бирдиктүү инфратүзүмдөрдү, ошондой эле келечекте өнүгүүчү эмгек, маданий-тиричилик жана рекреациялык байланыштарды эске алуу зарыл.
4.3. Шаарды жана калктуу пункттарды пландаштыруу жана куруунун долбоорлорунда алардын өнүгүшүнүн рационалдуу кезегин Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн концепциясы жана негизги багыттары, илимий-техникалык прогресстин комплекстүү программасы – облустардын, райондордун экономикалык жана социалдык өнүгүүлөрүнүн программалары менен байланышта кароо керек. Ошол эле учурда калктуу пункттардын эсептик мөөнөттөн сырткаркы өнүгүшүнүн келечегин, алардын аймактык өнүгүүсү, функционалдык чөлкөмдөөсү, мерчемдик түзүмү, инженердик-унаалык инфратүзүмү, табигый ресурстарды рационалдуу пайдалануусу жана айлана чөйрөсүн коргоо боюнча принципиалдуу чечимдерди кошуу менен, аныктоо зарыл.
Башкы пландардын эсептик мөөнөтү 25 жыл, ал эми шаар куруунун болжолу 30-40 жылды камтуусу мүмкүн.
4.4. Эсептик мөөнөткө калктын санын анын табигый жана механикалык өсүүсүнүн демографиялык божомолун жана термелме миграцияларын эске алуу менен жайгаштыруу тутумундагы калктуу пункттардын өнүгүүсүнүн келечеги жөнүндө демографиялык маалымдарынын негизинде аныктоо керек.
4.5. Шаардын жана калктуу пункттун өнүгүүсү үчүн аймакты архитектуралык-пландаштыруу чечилиштердин, техникалык-экономикалык, санитардык-гигиеналык көрсөткүчтөрдүн, отун-энергетикалык, суу, аймактык ресурстардын, курчап турган чөйрөнүн абалынын варианттарын салыштыруунун негизинде, жаратылыш жана башка шарттардын келечекте боло турган өзгөрүүлөрүн эске алуу менен, тандоо зарыл. Ошол эле учурда, мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жерди алып коюуга олуттуу негиздемелер болууга тийиш. Өтө баалуу айыл чарба багытындагы жерлерди башка категорияга которуу Кыргыз Республикасынын жер боюнча мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. Жаңы шаарды, калктуу пунктту куруу же мурункуларын кайра куруу үчүн аймак, алардын келечектеги өнүгүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен, курулуш объекттеринин баардык түрлөрүн жайгаштыруу үчүн жетиштүү өлчөмдө, ошондой эле суу менен камсыздоого, суу агындылоого жана сугат уюштурууга ыңгайлуу шарттарга ээ болууга тийиш.
Шаардык калктуу пункттарды пландаштыруу жана куруу шаар куруу документтерине, шаарлардын жана калктуу пункттардын башкы пландарына, өрт коопсуздугунун талаптарын эске алуучу ушул жана башка техникалык регламенттерге ылайык ишке ашырылышы керек.
4.6. Пайдалуу кендер жаткан аянттарды курулуш жер участкаларына берүү геология жана минералдык ресурстар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу жүргүзүлөт.
4.7. Артыкчылыктуу функционалдык пайдаланууну эске алуу менен шаардын аймагы селитебдик, өндүрүштүк жана ландшафтык-рекреациялык деп бөлүнөт.
Селитебдик аймак турак жай фондун, коомдук имараттарды жана курулмаларды, анын ичинде илимий-изилдөө институттарын жана алардын комплекстерин, ошондой эле санитардык коргоо чөлкөмдөрүн курууну талап
кылбаган өзүнчө коммуналдык жана өнөр жай объекттерин; шаар ичиндеги байланыш жолдорун, көчөлөрдү, аянттарды, парктарды, бактарды, бак көчөлөрдү жана башка жалпы пайдаланылуучу жерлерди жайгаштырууга арналган.
Өндүрүштүк аймак өнөр жай ишканаларын жана аны менен байланышкан тажрыйбалык өндүрүштөрдү, коммуналдык-кампалык объекттерди, сырткы унаанын курулмаларын, шаардан сырткаркы жана шаар чети менен байланыштыруучу жолдорду жайгаштыруу үчүн арналган.
Ландшафтык-рекреациялык аймак шаар токойлорун, токой парктарын, коргоочу токой чөлкөмдөрүн, көлмөлөрдү, айыл чарба багытындагы жана башка жерлерди камтып, селитебдик аймакта жайгашуучу парктар, бактар, скверлер жана бульварлар менен бирге ачык мейкиндиктер тутумун калыптандырат.
Жогоруда келтирилген аймактардын чегинде ар кандай функционалдык дайындалыштагы чөлкөмдөрдү айырмалашат: коммуналдык-кампалык, сырткы унаанын, маасалык эс алуу, курорттук (дарылоо ресурстары бар шаарларда жана кыштактарда), корголуучу ландшафтар.
Тарыхый шаарларда тарыхый курулуштар чөлкөмдөрүн өзүнчө бөлүү зарыл.
Ошол эле учурда:
4.7.1. Санитардык-гигиеналык жана башка талаптарды сактоодо ар кандай функционалдык дайындалыштагы объекттерди бирге жайгаштырууга көп функционалдуу чөлкөмдөрдү түзүүгө мүмкүнчүлүк берилет, алар ар кандай функциялары менен мурунку имараттарды эсепке алуу менен караштырылышы керек.
4.7.2. Кооптуу жана кыйратуучу табигый кубулуштарга (жер титирөөлөр, селдер, жер көчкүлөр жана жар кулоолор) дуушар болуучу райондордо калктуу пункттардын аймактарын чөлкөмдөөнү тобокелчиликтин даражасын азайтуу жана туруктуу жашоону камсыз кылууну эске алуу менен ишке ашыруу керек. Жогорку даражадагы тобокелчилик бар чөлкөмдөрдө курулушу жок элементерди – парктарды, бактарды, ачык спорт аянттарын ж.б. жайгаштыруу зарыл.
Сейсмикалык райондордо аймакты функционалдык чөлкөмдөштүрүүнү сейсмикалык шарттар боюнча кичи райондоштуруунун негиизинде караштыруу абзел.
4.7.3. Инженердик-геологиялык шарттары татаал райондордо курулушка инженердик даярдоодо, имараттарды жана курулмаларды курууда жана аларды пайдаланууда эң аз сарптоолорду талап кылган участокторду колдонуу керек.
4.8. Шаарлардын жана калктуу пункттардын пландык түзүмүн функционалдык чөлкөмдөрдү чакан жайгаштырууну жана функционалдык байланыштарды камсыздоону, аймакты рационалдуу райондоштурууну коомдук борборлор тутуму, инженердик-унаалык инфратүзүм менен байланышта, шаар куруу баалуулуктарына жараша аймакты натыйжалуу колдонууну, архитектуралык-шаар куруу салттарын, табигый-климатикалык, ландшафтык, улуттук-тиричилик жана башка жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү, айлана-чөйрөнү, тархый жана маданий эстеликтерди коргоону, аныкталган талаптарга ылайык өрттөн коргоо жумуштарын жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо менен түзүү зарыл.
4.9. Өтө ири жана ири шаарларда шаар унаасынын курулмаларын, соода, тамак-аш жана коммуналдык-тиричилик тейлөө ишканаларын, өзүнчө оюн-тамаша жана спорт курулмаларын, административдик, коомдук, турак жай имараттарын, инженердик жабдуулар тутумунун объекттерин, ар кандай дайындалыштагы өндүрүштүк жана коммуналдык-кампалык объекттерди өз ара байланышта жайгаштыруу үчүн жер алдындагы мейкиндикти комплекстүү колдонууну камсыз кылуу керек.
4.10. Шаарга жакын жайгашкан аймактарда шаарлардын андан кийин дагы өнүгүшү жана аларда чарбалык тейлөө объекттерин жайгаштырууга резерв катарында пайдалануу үчүн шаар айланалык чөлкөмдөрдү, ал эми шаар айланалык чөлкөмдөрдүн курамында – калктын эс алуусун уюштуруу, микроклиматты, атмосфера абасынын жана санитардык-гигиеналык абалын жакшыртуу үчүн арналган жашыл чөлкөмдөрдү караштыруу зарыл.
Шаар айланалык чөлкөмдөрдүн чек араларын аныктоодо шаардык жана айылдык калктуу пункттардын өз ара байланыштуу өнүгүшүн, административдик райондордун, айыл чарба багытындагы жана башка ишканалардын чек араларын эсепке алуу керек. Жайгаштыруунун түзүлүп жаткан топтук тутумуна кирүүчү шаарлар үчүн жалпы шаар айланалык чөлкөмдү караштыруу зарыл.
4.11. Ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин айылдык көмөкчү чарбаларын, ошондой эле жамааттык бактар жана чарбактар үчүн участкаларды жайгаштырууну, эреже катары, шаар айланалык аймактарда караштыруу керек. Айылдык көмөкчү чарбалардын турак жай-жарандык курулуштарынын объекттерин, эреже катары, отурукташкан айылдык калктуу пункттардын аймагында жайгаштыруу каралат.
4.12. Өзүнчө санатордук-курорттук мекемелерди жана эс алуу мекемелерин курууга жалпы курорттун же эс алуу чөлкөмүнүн башкы планын, ошондой эле комплекстердин тетиктеп мерчемдөө долбоорлоруналдын ала иштеп чыгуусуз жол берилбейт.
Курорттордун башкы пландарын иштеп чыгууга тапшырмада минерал суулардын жана дарылоо баткактарынын камдыктарына ылайык, пляж ресурстарын, курулуш үчүн ыңгайлуу аймактын чен-өлчөмдөрүн жана башка факторлорду баалоо менен санатордук-курорттук мекемелердин профили жана долбоордук сыйымдуулугу аныкталат.
4.13. Курорттордун жана эс алуу чөлкөмдөрдүн аймактарында турактуу жана убактылуу калкты тейлөөгө тикелей байланышпаган жаңы өнөр жай ишканаларын жана башка объекттерди курууга жана аракеттегилерин кеңейтүүгө тыюу салынат. Ысык-Көл курорттук чөлкөмүндө жогоруда келтирилген объекттерди, ошондой эле жеке турак жай, мал чарба фермаларынын курулуштарын курууга жээк айланасындагы эки километрдик чөлкөмдө тыюу салынган.
4.14. Айлана чөйрөгө терс таасир этүүнүн булактары болгон курорттордун жана эс алуу чөлкөмүнүн чегинде жайгашкан өнөр жай жана айыл чарба ишканалары курорттордун жана эс алуу чөлкөмдөрүнүн аймактарынын чегинен пландуу түрдө чыгарылат же алардын өндүрүшүнүн профилдери өзгөртүлүүгө жатат.
4.15. Курортторду жана эс алуу чөлкөмдөрүн мерчемдөө жана куруу долбоорлорунда төмөнкү негизги функционалдык чөлкөмдөрдү бөлүп көрсөтүү менен, аймакты пайдалануу түрлөрү боюнча чөлкөмдөө камсыздалышы абзел:
курорттук, ал эми эс алуу чөлкөмдөрүндө – саламаттандыруу – комплекстерди жана өзүнчө санатордук-курорттук мекемелерди, эс алуу мекемелерин, жалпы курорттук борборлорду жана эс алуу борборлорун, жалпы пайдаланылуучу жашыл аянттарды жана пляждарды жайгаштыруу үчүн;
селитебдик – курорттордун жана эс алуу чөлкөмдөрүнүн турактуу калкын жайгаштыруу үчүн;
коммуналдык-кампалык – базаларды жана кампаларды, отканаларды, кир жуучу жайларды, гараждарды, автопарктарды, ошондой эле курортторду жана эс алуу чөлкөмдөрүн тейлөө менен байланышкан өнөнр жай ишканаларын жайгаштыруу үчүн;
курорттордун жана эс алуу чөлкөмдөрүнүн жашыл чөлкөмүн – курорттордун жана эс алуу чөлкөмдөрүнүн керектүү санитардык-гигиеналык шарттамын камсыз кылуу үчүн.
4.16. Балдар санаторийлерин жана эс алуу мекемелерин өз алдынча чөлкөмдөрдө жайгаштыруу керек жана аларды чоңдор үчүн мекемелерден жазылыгы 100 метрден кем эмес жашыл өсүмдүктөр тилкеси менен бөлүү керек.
5.1. Шаарлардын жана калктуу пункттардын селитебдик аймагынын пландык түзүмүн коомдук борборлордун, турак жай курулушунун, көчө-жол тарамдарынын, жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактардын, эмгектенүү жерлеринин чөлкөмдөрүнүн өз ара байланышта жайгашышын эске алуу менен, ошондой эле аймактын чоңдугуна жана жаратылыштык өзгөчөлүгүнө жараша жалпы калктуу пункттун пландык түзүмү менен байланышта түзүү керек.
Селитебдик аймакка муктаждыкты алдын ала аныктоо үчүн 1000 кишиге эсептелген ирилештирилген көрсөткүчтөрдү кабыл алуу абзел: турак жайлардын орточо кабаттуулугу 3 кабатка чейин болгон шаарларда – жер участкалары жок курулуштар үчүн 10 га жана участкалары менен курулуштар үчүн 20 га; 4төн 8 кабатка чейин – 8 га. I A, I B, I Г, II B, II Б климатикалык райончолор үчүн келтирилген көрсөткүчтөрдү кичирейтүүгө жол берилет, бирок 30%дан көп эмес.
Ошол эле учурда шаарлардагы селитебдик аймактарды жазылыгы 100 мден кем эмес магистралдар же жашыл тилкелер менен аянттары 250 гадан ашпаган райондорго бөлүү керек.
5.2. Селитебдик аймактын өлчөмдөрүн аныктоодо ар бир үй-бүлөгө өзүнчө батир же үй берүү зарылдыгын кароо керек. Үй менен эсептик камсыздалгандык үй-бүлө мүчөлөрүнүн орточо саны жөнүндө болжолдун негизинде, берилүүчү турак үйлөрдүн типтерин, турак жай курулушунун пландаштырылуучу көлөмүн эске алуу менен ар бир шаар үчүн жана алардын райондору үчүн өзүнчө аныкталат.
5.3. Жеке курулуштардыншаарларда жайгашышын төмөнкүчө ишке ашыруу зарыл:
шаардын чегинде – негизинен бош аймактарда, мурун курулуш үчүн жараксыз деп табылган аймактарды кошо эсептегенде, ошондой эле кайра курулуучу курулуштардын аймагында (мурунку жеке чарбак курулуш участкаларында, жышташтыруу жана мурун турукташып калган шаар чөйрөсүнүн келбетин сактоо максатында чарбаксыз курулуш райондорунда);
шаар жака бели чөлкөмдөрүнүн аймактарында – шаардык аймакка кирүүчү резервдик аймактарда; шаардан 30-40 минуттук унаалык жетимдүүлүк чегинде жайгашкан жаңы жана өнүгүүчү калктуу конуштарда.
Шаарлардагы жеке чарбактуу курулуш райондорун келечекте көп кабаттуу курулуштун өнүгүү башкы багытына жайгаштыруу туура болбойт.
Жеке курулуштуу райондордо жашылдандыруу, абаттоо жана аймакты инженердик жабдуу, күнүмдүк керектелүүчү тейлөө мекемелерин жана ишканаларын жайгаштырууну караштыруу керек.
5.4. Деңиз леңгээлинен 1000 жана андан да бийик жайгащкан шаарлардагы IA, IB, IГ, IIB, IIБ климатикалык райончолор үчүн 4 кабаттан ашпаган лифтсиз турак жайларды колдонууга жол берилет.
Коомдук борборлор
5.6. Шаарларда, жалпы шаардык борборду, мерчемделинүүчү райондордун, турак жай жана өнөр жай, эс алуу борборлорун, күнүмдүк колдонулуучу соода-тиричилик борборлорун, ошондой эле шаар дака бели чөлкөмүндө жайгаштырса боло бере турган атайлаштырылган (медициналык, окуу, спорт ж.б.) борборлорду камтыганкоомдук борборлор тутумун түзүү керек.
Ошол эле учурда:
5.6.1. Коомдук борбордогу айрым объекттердин санын, курамын жана жайгашуусун шаардын чоңдугун, анын аймакты жайгаштыруу жана функционалдык-пландык уюштуруудагы ролун эске алуу менен кабыл алуу зарыл. Ири жана өтө ири шаарларда, ошондой эле түзүмү ажырымдалган шаарларда жалпы шаардык борбор, эреже катары, шаардык маанидеги борборчолор менен толукталат. Кичине шаарларда жана калктуу пункттарда, эреже катары, турак жай курулушунда күнүмдүк пайдаланылуучу объекттер менен толукталуучу бирдиктүү коомдук борбор түзүлөт.
5.7. Жалпы шаардык борбордо, анын өлчөмүнө жана мерчемдик уюштурулуусуна жараша, жалпы шаардык борбордун ядросун түзө турган өз ара байланышта болгон коомдук мейкиндиктер тутумун (башкы көчөлөрдү, аянттарды, жөө жол чөлкөмдөрүн) калыптандыруу керек.
Тарыхый шаарларда жалпы шаардык борбордун өзөгүн толугу менен же айрымдап калыптанган тарыхый чөйрөнүн бүтүндүгүн камсыз кылуу шарты менен тарыхый курулуштун чөлкөмүндө калыптандырууга жол берилет.
Турак жай курулушу
5.8. Турак жай курулушун долбоорлоодо селитебдик аймактын түзүмдүк уюштурулуусунун эки негизги деңгээлин бөлүп карашат:
кичи район (квартал) – аянты 60 га, магистралдык көчөлөр жана жолдор менен бөлүктөлгөн, чегинде тейлөө радиусу 500 метрден ашпаган (мектеп жана мектепке чейинки балдар мекемелеринен башкалары, булардын тейлөө радиусу ушул эрежелер топтомунун 4-таблицасы боюнча аныкталат) күнүмдүк пайдалануудагы мекемелер жана ишканалар жайгашкан турак жай курулушунун аянтынын түзүмдүк элементи; чек арасы катары магистралдык жана турак жай көчөлөрү, жолдор , жөө жолдор, табигый чектери кызмат кылат;
турак жай району – аянты 80ден 250 гектарга чейин болгон селитебдик аймактын түзүмдүк элементи.Анын чегинде тейлөө радиусу 1500 метрден ашпаган мекемелер жана ишканалар, ошондой эле шаардык маанидеги объекттердин бөлүгү жайгашат; алардын чек аралары болуп өтө татаал өтмө табигый жана жасалма чектер,жалпы шаардык маанидеги магистралдык көчөлөр жана жолдор саналат.
аянты, эреже катары, 80ден 250 гектарга чейин болгон селитебдик аймактын түзүмдүк элементи. Анын чегинде тейлөө радиусу 1500 метрден ашпаган мекемелер жана ишканалар, ошондой эле шаардык маанидеги объекттердин бөлүгү жайгашат; алардын чек аралары болуп, эреже катары, өтө татаал өтмө табигый жана жасалма чектер, жалпы шаардык маанидеги магистралдык көчөлөр жана жолдор саналат.
5.9. Турак жай курулушунун кабаттуулугу архитектуралык-композициялык, социалдык-тиричилик, гигиеналык, демографиялык талаптарды, курулуш базасынын өзгөчөлүктөрүн жана инженердик жабдуунун деңгээлин эске алуу менен техникалык-экономикалык эсептөөлөрдүн негизинде аныкталат.
5.10. Турукташкан капиталдык турак жай курулушу арбын болгон райондорду кайра курууда көчөлөрдүн мерчемдик түзүмүн жана тарамын тартипке салууну, коомдук тейлөө тутумун өркүндөтүүнү, аймакты жашылдандырууну жана абаттоону, турак жана коомдук имараттардын өзүнө тиешелүү архитектуралык кейибин максималдык сактоону, аларды жаңылоону жана капиталдык оңдоону, тарыхый жана маданий эстеликтерди калыбына келтирүүнү, заманбап колдонууга келтирүүнү караштыруу керек.
Сакталууга же бузууга жата турган турак жай фондунун көлөмүн анын экономикалык жана тарыхый баалуулуктарын, техникалык абалын, жашоого жарактуу турак жай фондун жана калыптанган тарыхый турак жай чөйрөнүмаксималдуу сактоону эске алуу менен белгиленген тартипте аныктоо зарыл.
Калыптанган курулушту комплекстүү кайра конструкциялоодо тиешелүү негиздөөлөр менен жергиликтүү архитектура, мамлекеттик санитардык көзөмөлоргандары менен макулдашуу боюнча долбоорлоого тапшырмада ченемдик талаптарды тактоого жол берилет. Ошол эле учурда курулуштун өрт кооптуулугун азайтууну жана калктын жашоосунун санитардык-гигиеналыкшарттарын жакшыртууну камсыз кылуу талап кылынат.
5.11. Кичи райондор жана кварталдардын аймактарына кирме жолдорду, ошондой эле имараттардагы өтмөк жолдорду бири-биринен 300 метрден алыс эмес аралыкта, ал эми периметрдик курулууучу кайра конструкциялана турган райондордо 180 метрден алыс эмес аралыкта караштыруу керек. Жолдордун жөндөлмө кыймылдуу магистралдык көчөлөрдүн жүрмө бөлүктөрүнө кошулушуна жакынкы жол кесилиштеринин токто-сызыгынан 50 метрден кем эмес жана коомдук унаанын аялдамасынан 15 метрден кем эмес аралыкта мүмкүндүк берилет.
Турак имараттардын тобуна, ири тейлөө мекемелерине жана ишканаларына, соода борборлоруна баруу үчүн негизги жолдорду, ал эми өзүнчө турган имараттарга – көмөкчү жолдорду караштыруу зарыл. Бул жолдордун өлчөмдөрүн ушул эрежелер топтомунун 7-таблицасына ылайык кабыл алышат.
Курулуштары 5 жана андан бийик кабаттуу кичи райондор жана кварталдар эки тилкелүү жолдор аркылуу тейленет.
Туюк жолдордун узундугу 150 метрден ашык болбошу жана алар таштанды чыгаргычтар, жыйноочу, өрт өчүрүүчү машиналар үчүн бурулуу аянттары менен камсыз болушу керек.
Жанжолдорду жана велосипед жолдорун жолдордун жүрмө бөлүктөрүнүн деңгээлинен 15 смге көтөрүңкү кылып салуу керек. Жанжолдордун жана велосипед жолдорунун көмөкчү жолдор менен кесилишин, ал эми мектеп жана мектепке чейинки балдар мекемелерине баруучу жолдордогу негизги жолдор менен узундугу тиешелүү түрдө 1,5 жана 3 м болгон рампа куруу менен бир деңгээлде курууну караштыруу керек.
Ошол эле учурда:
5.11.1. Бийиктиги 9 кабаттан ашык эмес болгон турак жай имараттарына, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар каттоочу объекттерге жан жолдор менен бириктирилген жүрмө жолдорду курууга мүмкүндүк берилет, бирок алардын узундугу 150 метрден ашык эмес, жазылыгы 4,2 метрден чоң эмес, ал эми аз кабаттуу (1 – 3 кабат) имараттарга - жазылыгы 3,5 метрден кем эмес болууга тийиш.
Өрт техникасы үчүн жүрмө жолдордун жазылыгы өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү тиешелүү ченематтык жана ченемат-техникалык акттар менен аныкталат.
5.12. Шаарларда жеке турак үйлөргө же бир батирге бөлүнүүчү чарбак алдындагы (батир алдындагы) жер участкаларынын өлчөмүн жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы тарабынан кабыл алынган тартипте аныктоо керек.
Чарбак алдындагы жана батир алдындагы жер участкаларынын өлчөмдөрүн аныктоодо ар кандай чоңдуктагы шаарлардын шаар куруу кырдаалынын өзгөчөлүктөрүн: турак үйлөрдүн типтерин, калыптануучу турак жай курулушунун (чөйрөсүнүн) мүнөзүн, анын шаар түзүмүндөгү жайгашуу шартын, сунуш кылынуучу 3-тиркемесин жетекчиликке алуу менен, көңүлгө алуу абзел.
5.13. Кичи райондун жашылдандырылган аймагынын аянтын 6 м2/киши өлчөмүнөн (мектептердин жана мектепке чейинки балдар мекемелеринин участкаларын көңүлгө албаганда) кем эмес кабыл алуу керек.
5.14. Турак жай имараттарынын, турак жай жана коомдук, ошондой эле өндүрүш имараттарынын ортосундагы аралыктарды ушул эрежелер топтомунун 12-бөлүмүндө келтирилген күн чубактоо ченемдерине, ЭКЧ2.04.05-95те келтирилген жарыктануу ченемдерине, ошондой эле милдеттүү 1-тиркемесинде келтирилген өрткө каршы талаптарына ылайык күн чубактоожана жарыктануу эсептеринин негизинде кабыл алуу зарыл.
Бийиктиги 2-3 кабат болгон турак имараттардын узун тараптарынын ортосундагы аралыкты (тиричилик ажырымы) 15 метрден кем эмес, ал эми бийиктиги 4 кабаттуулардыкын – 20 метрден кем эмес, ошол эле имарттардын узун тараптары менен жашоо бөлмөлөрүнүн терезелери жайгашкан тумшук тараптарынын ортосундагысын – 10 метрден кем эмес кылып кабыл алуу керек. Эгерде жашоо бөлмөлөрү (бөлмөлөр жана ашкана) сырттан караганда көрүнбөй турган болуп, күн чубактоолору жана жарыктануулары боюнча ченемдер сакталса, бул аралыктар кыскартылат.
5.15. Турак жай курулушун долбоорлоодо аянтчаларды караштыруу керек, алардын өлчөмдөрү жана алардан турак жай жана коомдук имараттарга чейинки аралык төмөнкү 2-таблицада келтирилгендерден кем эмес кылып алынышы абзел.
1-таблица
Аянтчалар | Аянтчалардын салыштырмалуу өлчөмдөрү, м2/киши |
Мектепке чейинки балдар жана мектептеги майда жаштагы балдардын оюндары үчүн | 0,7 |
Жетилген курактагы элдин эс алуусу үчүн | 0,1 |
Физмаданият менен шугулдануу үчүн | 2,0 |
Чарбачылык максаттар жана иттерди ойнотуу үчүн | 0,3 |
Автомашинаардын турук жайы үчүн | 0.8 |
Ошол эле учурда:
5.15.1. Физмаданият көнүгүүлөрү үчүн аянтчалар шуулдактардын мүнөздөрүнө жараша бетондолгон же асфальтталган негиздеги чарбалык аянтчаларда орнотулган металлдан капкакчалары менен таштанды топтогучтар үчүн аянтчалардан алыстатылган аралыкта, турак жай имараттарынан 25 м аралыкта жайгаштырылат, ал эми чарбалык максаттагы аянтчалардан турак жай имаратынын эң алыскы кире беришине чейинки аралыкты – 100 метрден көп эмес кылып кабыл алуу зарыл.
5.15.2. Төмөнкү аянтчалардын салыштырмалуу өлчөмдөрүн кичирейтүүгө, бирок 50%дан көп эмес, жол берилет: балдардын оюндары үчүн; IA, IB, IГ климатикалык кичи райондордо чоң кишилердин эс алуусу жана физмаданият менен шугулдануусу үчүн; физмаданият менен шугулдануу үчүн окуучулар жана калкка кичи райондун биргелешкен физмаданияттык-ден соолукту чыңдоо комплексин калыптандырууда.
5.16. Биринчи кабатта батирлери бар турак үйүлөрдү кызыл сызыктан кетенчиктетүү менен, магистралдык көчөлөрдөн 6 метрден кем эмес, жашоочулары менен көчөдөн – 3 метрден кем эмес аралыкта жайгаштыруу зарыл. Чарбак курулуштуу райондордо турак үйлөр, турукташып калган жергиликтүү салтка ылайык, кызыл сызык боюнча жайгашса боло берет . Кызыл сызык боюнча жайгаштырууга биринчи кабаттарына кошо курулган же жабыштыра курулган коомдук дайындалыштагы жайлары менентурак үйлөргө, ошондой эле мурунтан калыптанып калган биринчи кабатында батирлери бар турак үйлөрдү кайра конструкциялоодо жол берилет.
5.17. Турак жай жана коомдук имараттардын терезелеринен төмөнкү аралыктарды сактоо керек: физмаданият аянтчаларына чейин – 25 метрден кем эмес; чарбалык аянтчаларга чейин – 20 метрден кем эмес. Чарбалык аянтчалардын өлчөмдөрүн 1000 жашоочуга төмөнкү чарчы метр өлчөмдөрүндө кабыл алуу зарыл: таштанды чогулткучтар үчүн – 30; эмерек, кийим, килем тазалоо үчүн – 100; кирлерди кургатуу үчүн – 150.
5.18. Шаарларда турак жай курулуштарын долбоорлоодо турак жай районунунун жана кичи райондун аймагындагы калктын жыштыгын, киши/га, ушул эрежелер топтомунда сунуш кылынуучу 4- тиркемени көңүлгө алуу менен кабыл алуу керек.
Өнөр жай чөлкөмү (району)
6.1. Өнөр жай ишканаларын жалпы көмөкчү өндүрүштөрү же инфратүзүм объекттери менен ишканалар тобунун (өнөр жай түйүндөрүнүн) курамында өнөр жай чөлкөмдөрүнүн (райондорунун) аймактарында, ал эми айылдык калктуу пункттарда өндүрүш чөлкөмдөрүнүн курамында жайгаштыруу керек
6.2. Өнөр жай чөлкөмдөрүн (райондорун) жайгаштырууда алардын турак жай райондору менен өз ара рационалдуу байланышында эмгектик которулууларга убакыттын минималдык саптоолорун камсыз кылуу керек.
Өнөр жай чөлкөмдөрүнүн (райондорунун) аймактарын пайдалануунун ургаалдуулук даражасын жана өлчөмдөрүн алардын шаардын түзүмүндө жайгашуу шарттарына жана анын аймагынын ар кандай участкаларынын шаар куруу баалуулуктарына жараша кабыл алуу зарыл.
6.3. Өнөр жай чөлкөмдөрүнүн функционалдык-мерчемдик уюштурулуусун ишканалардын тармактык мүнөздөмөлөрүн, алардын жайгашышына санитардык-гигиеналык жана өрткө каршы талаптарды, жүк жүгүртүүнү жана унаанын түрлөрүн, ошондой эле куруу кезегин эске алуу менен негизги жана көмөкчү өндүрүштөрдү панельдер жана блоктор түрүндө караштыруу керек.
Ошол эле учурда өнөр жай чөлкөмдөрүнө жанаша жайгашкан турак жай райондорунун ишканаларында иштеп жаткандарды жана калкын өз ара байланышкан тейлөө тутумун калыптандыруу зарыл.
6.4. Өнөр жай ишканаларынын жана башка өндүрүш объекттеринин, тейлөө мекемелери жана ишканаларынын аянттары ээлеген аймак өнөр жай чөлкөмүнүн (районунун) баардык аймагынын 60% кем болбоого тийиш.
6.5. Селитебдик аймактын чегинде зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбаган, өрткө жана жарылууга кооптуу эмес өндүрүш процесстери менен, кабыл алынган ченемдерден ашкан шуулдактарды түзбөгөн, темир жол бутактарын курууну талап кылбаган өнөр жай ишканаларын жайгаштырууга жол берилет. Ошол эле учурда өнөр жай участкасынын чек араларынан турак жай имараттарына, мектепке чейинки балдар мекемелеринин, жалпы билим берүү мектептеринин, саламаттык сактоо жана эс алуу мекемелеринин участкаларына чейинки аралыкты 50 м кем эмес кылып кабыл алуу керек.
Турак жай курулушунун чегинде жайгашкан ишкананын айлана чөйрөгө зыяндуу таасирин жокко чыгаруу мүмкүн болбогон учурларда ишкананын кубаттулугун азайтуу, өзүнүн же анын зыяндуу объектисинин профилин өзгөртүү же турак жай курулушунун чегинен сырткары которууну караштыруу зарыл.
6.6. Эгерде зыяндуу чыгындыларды тазалоо жана зыянсыздандыруу жана шуулдактардын деңгээлин азайтуу боюнча баардык техникалык жана технологиялык чараларды көргөндөн кийин селитебдик аймакта зыяндуу заттардын мүмкүн болгон чектик концентрациясы жана шуулдактардын мүмкүн болгон чектик деңгээли камсыз кылынбасасанитардык-коргоочу чөлкөмдөрдү караштыруу керек болот.
Мындай чөлкөмдөрдүн өлчөмдөрүн өнөр жай ишканаларын жайгаштыруунун аракеттеги санитардык ченемдерине жана Ишканалардын чыгындыларында камтылган атмосфера абасындагы зыяндуу заттардын концентрациясын эсептеп чыгаруу усулдугуна, ошондой эле ушул эрежелер топтомунун 12-бөлүгүндө келтирилген шуулдактардан сактоо талаптарына жана башка талаптаргаылайык аныктоо зарыл.
6.7. Санитардык-коргоочу чөлкөмдө турак жай имараттарын, балдардын билим берүү уюмдарын, жалпыга билим берүү мектептерин, саламаттык сактоо жана эс алуу мекемелерин, спорт курулмаларын жайгаштырууга жол берилбейт.
6.8. Санитардык-коргоо чөлкөмдөрүн жашылдандыруунун минималдык аянттарын чөлкөмдүн жазылыгына жараша кабыл алуу керек, % менен:
300 метрге чейин .................................... 60;
300дөн 1000 метрге чейин......................50;
1000ден 3000 метрге чейин.....................40.
Селитебдик аймак жагынан жазылыгы 50 м кем эмес бак-бадал өсүмдүктөрүнөн турган, ал эми чөлкөмдүн жазылыгы 100 м чейин болсо – жазылыгы 20 м кем эмес тилкени караштыруу керек.
6.9. Үйүндүлөрдү, тунма калдыктарды топтогучтарды, калдык сактагычтарды, ишканалардын калдыктарын жана таштандыларын жайгаштырууну аларды жок кылууга мүмкүн болбогонун негиздөө менен гана ишке ашырылышы мүмкүн; бул учурда өнөр жай райондору жана түйүндөрү үчүн борборлоштурулган (топтоштурулган) үйүндүлөрдү караштыруу зарыл. Алар үчүн участкаларды ишканалардын чегинен, жер алдындагы суу булактарынын жана жер алдындагы суулардын өтүүсүнүн санитардык коргоо чөлкөмүнүн III алкагынан сырткары, санитардык ченемдерди жана коопсуздук эрежелерин сактоо менен, жайгаштыруу керек.
Көмүр, сланец, мышьяк, коргошун, ртуть жана башка күйө турган жана уу заттарды камтыган үйүндүлөр турак жай жана коомдук имараттардан эсептөө жолу менен жана “Ишканаларды долбоорлоо, куруу, кайра конструкциялоо жана пайдалануу, калктуу пункттарды пландаштыруу жана куруу” СанЭжЧдин негизинде аныктала турган, бирок иштелип чыккан жана макулдашылган ТЭН негизинде үйүндүлөрдүн эсептик кооптуу жылышуусунан жакын эмес аралыкта жайгашуусу зарыл.
Илимий жана илимий-өндүрүштүк чөлкөм (район)
6.10. Илимий жана илимий-өндүрүштүк чөлкөмдөрдүн аймагында илимий жана илимди тейлеген мекемелерди, тажрыйбалык өндүрүштөрдү жана аны менен байланышкан жогорку, орто окуу жайларын, тейлөө мекемелерин жана ишканаларын, ошондой эле инженердик жана унаалык коммуникацияларды жана курулмаларды жайгаштыруу керек.
6.11. Селитебдик аймактын чегинде жайгашкан илимий-өндүрүштүк чөлкөмдүн жумушчуларынын саны 15 миң кишиден ашпашы шарт.
6.12. Илимий мекемелердин жер участкаларынын өлчөмдөрүн (1000 м2 жалпы аянтка) төмөнкү маанилерден ашык эмес кылып кабыл алуу керек, га:
табигый жана техникалык илимдер ................................... 0,14 – 0,2;
коомдук илимдер.................................................................. 0,1 - 0,12.
Ошол эле учурда:
6.12.1. Келтирилген ченемдерге тажрыйба талаалары, полигондор, резервдик аймактар, санитардык-коргоо чөлкөмдөрү кирбейт.
6.12.2. Көрсөткүчтөрдүн кичине маанилерин өтө ири, ири шаарлар жана кайра конструкциялоо шарттары үчүн кабылдоо керек.
Коммуналдык-кампалык чөлкөм (район)
6.13. Коммуналдык-кампалык чөлкөмдөрдүн (райондордун) аймактарында тамак-аш (тамак-татым, эт жана сүт), өнөр жай ишканаларын, жалпы товардык (азык-түлүк жана азык-түлүк эмес), атайлаштырылган кампалар (муздаткычтар, картофель, жашылча, жемиш сактагычтар), шаардын калкын коммуналдык, унаалык жана тиричилик тейлөө ишканаларын жайгаштыруу зарыл.
Калкты тикелей күнүгө тейлөө менен байланышпаган кампалар комплексинин тутумун өтө ири жана ири шаарлардын сыртына, аларды сырткы унаа түйүндөрүнө, айрыкча темир жол унаасына, жакындатып калыптандыруу керек.
Шаарлардын аймактарынын чегинен жана алардын жашыл чөлкөмдөрүнөн сырткары, санитардык, өрткө каршы жана атайын ченемдерди сактоо менен шаар чети чөлкөмдөрүнүн райондорунда өзгөчөлөнгөн кампаларда мамлекеттик резервдердин кампаларын, мунай жана биринчи топтогу мунай өндүрүмдөрүнүн кампаларын, мунайдын жана мунай өндүрүмдөрүнүн которуштуруп жөнөтүү базаларын, суюлтулган газ кампаларын, жарылуучу материалдар кампаларын жана өтө күчтүү уулуу заттардын базистик кампаларын, азык-түлүктүн, жемдин жана өнөр жай чийки заттарынын базистик кампаларын, жыгач жана курулуш материалдарынын базистик кампаларынын которуштуруп жөнөтүү базаларын чачыранды жайгаштырууну караштыруу керек.
Кичине шаарлар жана калктуу пункттар үчүн калктуу пункттардын тобун тейлеген борборлоштурулган кампаларды караштыруу керек, мындай кампаларды артыкчылыктуу түрдө райондордун борборлорунда же темир жол чордондоруна жакын жайгашкан калктуу пункттарда жайгаштыруу менен.
Аймактык ресурстары жана баалуу айыл чарба жерлери чектелген райондордо объекттерди жайгаштырууга жарактуу иштетилип бүткөн тоо казындылары жана кен участкалары болсо, аларга сырткы таасирлерге туруктуулукту жана ишенимдүү иштөөнү камсыз кылууну талап кылган азык-түлүк жана өнөр жай товарларын сактоочу жайларды, бөлүштүрүүчү муздаткычтарды жана башка объекттерди курууга жол берилет.
6.14. Калктуу пунктту тейлөө үчүн дайындалган кампалардын жер участкаларынын өлчөмдөрүн өтө ири жана ири шаарларда көп кабаттуу кампаларды курууну көңүлгө алуу менен 1 кишиге 2 м2 эсебинде, ал эми калган калктуу пункттарда 2,5 м2 эсебинде кабыл алууга жол берилет.
Курорт-шаарларда дарылануучу жана эс алуучуларды тейлөө үчүн коммуналдык-кампалык чөлкөмдөрдүн өлчөмдөрүн бул чөлкөмдөрдө 8 м2 эсебинде оранжереялык-күнөсканалык чарбаны көңүлгө алуу менен аныктоо зарыл.
Шаарларда айыл чарба өндүрүмдөрүнүн жамааттык сактагычтарынын жалпы аянтын 1 үй-бүлөгө 4 – 5 м2 эсебинде аныкташат. Сактагычтар менен колдонуучу үй-бүлөлөрдүн санын долбоорлоого берилген тапшырмада такташат.
Жашылчаларды, картофель жана жемиштерди, отундарды жана курулуш материалдарын сактоо үчүн жалпы товардык жана атайлаштырылган кампалардын сыйымдуулугун, жер участкаларынын өлчөмдөрүн, аянттарын сунуш кылынган 6-тиркемеге ылайык кабыл алууга жол берилет.
Бул учурда картофель, жашылча жана жемиш сактагычтар үчүн санитардык-коргоочу чөлкөмдөрүнүн өлчөмдөрүн 50 м деп кабыл алууга болот.
7.1. Шаарларда жана калктуу пункттарда жашылдандырылган аймактардын жана башка ачык мейкиндиктердин үзгүлтүксүз тутумун караштыруу керек. Шаарлардын курулуштарынын чегинде ар кандай дайындалыштагы жашылдандырылган аймактардын салыштырмалуу салмагы (курулуштун аймагын жашылдандыруу деңгээли) 40% кем болбоого тийиш.
7.2. Жалпы колдонуудагы жашылдандырылган аймактардын – шаарлардын жана калктуу пункттардын селитебдик аймактарында жайгашкан парктардын, бактардын, скверлердин, бульварлардынаянтын 2-таблица боюнча кабыл алуу керек.
Өтө ири, ири жана чоң шаарларда шаардык токойлордун калыптанган массивдерин шаар токой-парктарына айлантып, 5 м2/киши эсебинен көп эмес кылып кошумча түрдө 2-таблицада көрсөтүлгөн жалпы колдонуудагы жашылдандырылган аймактарга кошууга болот.
2-таблица
Жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактар | Жашылдандырылган аймактардын аянты, м2/киши | ||
өтө ири, ири жана чоң шаарлардын | орто шаарлардын | кичине шаарлардын жана калктуу пункттардын | |
Жалпы шаардык | 10 | 7 | 8 (10) |
Турак жай райондордуку | 6 | 6 | - |
Кашаада калкынын саны 20 миң кишиге чейин болгон кичине шаарлар үчүн өлчөмдөр келтирилген.
Ошол эле учурда:
7.2.1. Курорт-шаарлар үчүн жалпы пайдалануудагы жалпы шаардык жашылдандырылган аймактардын келтирилген ченемдерин көбөйтүү керек, бирок 50% көп эмес кылып.
7.3. Жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактардын түзүмүндө жазылыгы 0,5 км жана андан көп болгон ири парктар жана токой-парктар калктуу пункттун жалпы аянтынын 10% кем болбоого тийиш.
Шаардык парктарга баруу убактысы 20 минуттан, ал эми мерчемделинүүчү райондордун парктарына – 15 минуттан ашык эмес болууга тийиш.
Сейсмикалык райондордо жалпы пайдалануудагы парктарга, бактарга жана башка жашылдандырылган аймактарга, турак жай райондор тарабына тосмо койдурбастан, эркин кирүүнү камсыз кылуу керек.
7.4. Парктардын, токой-парктардын, токойлордун, жашыл чөлкөмдөрдүн аймактарына бир убакта кирүүчүлөрдүн эсептик санын төмөнкү маанилерден, киши/га, ашык эмес кылып кабылдоо керек:
шаардык парктар үчүн ............................................................... .100;
эс алуу чөлкөмдөрүнүн парктары үчүн ................................... 70;
курорттордун парктары үчүн .................................................... 50;
токой-парктар (чабынды-парктар, гидропарктар) үчүн ..........10;
токойлор үчүн ............................................................................. 1 – 3.
Ошол эле убакта, бир убакта кирүүчүлөрдүн саны 10 – 50 киши/га болсо, алардын жүрүүсүн уюштуруу үчүн чыйыр жол – жол тарамын, ал эми талаалардын чеке белдеринде кыртыш коргоочу өсүмдүктөрдү тигүүнү, ошондой эле бир убакта кирүүчүлөрдүн саны 50 киши/га ашык болсо – токой ландшафтын парк ландшафтына кайра түзүүнү караштыруу зарыл.
7.5. Өтө ири, ири жана чоң шаарларда шаардык жана райондук маанидеги парктар менен катар атайлаштырылган – балдар, спорттук, көргөзмөлүк, зоологиялык жана башка парктарды, ботаникалык бактарды, өлчөмдөрүн долбоорлоого берилген тапшырма боюнча кабылдап, караштыруу керек.
Балдар паркынын болжолдуу өлчөмүн 0,5 м2/киши, спорт парктарыныкын 12 м2/киши, аянттардын өзүн жана спорт курулмаларын кошкондо, эсептик ченемдери сунуш кылынган 6-тиркемеде келтирилген, эсебинде кабыл алууга жол берилет.
7.6. Эстетикалык жана өздөштүрүү баалуулуктарына ээ, табигый ландшафтарды сактоосу жогорку деңгээлде болгон аймактарда улуттук жана жаратылыш парктарын түзүү керек. Улуттук жана жаратылыш парктарынын архитектуралык-мейкиндик уюштурулуусу алардын аймактарын илимий, маданий-агартуу жана рекреациялык максаттарда корук, корук-рекреациялык, рекреациялык жана чарбалык чөлкөмдөрүн бөлүү менен, жүргүзүлүшү зарыл.
7.7. Парктарды жана бактарды жайгаштырууда өсүмдүктөрү жана көлмөлөрү бар мурунку участокторду максималдуу түрдө сактоо керек.
Парктардын, бактардын жана скверлердин аймактарынын аянттарын, га, төмөнкүлөрдөн кем кабылдабоо керек: шаардык парктардыкын – 15, пландаштырылуучу райондордун парктарыныкын – 10, турак жай райондорунун бактарыныкын – 3, скверлердикин – 0,5, кайра конструкциялоо шарттары үчүн скверлердин аянттары кичирээк өлчөмдө болушу мүмкүн.
Парктардын жана бактардын аймактарынын жалпы теңдеминде жашылдандырылган аймактардын аянтын 70% кем кабыл албоо керек.
7.8. Суу жээктериндеги аймактарда парктарды курууда ушул эрежелер топтомунун 11-бөлүгүнүн талаптарын сактоо зарыл.
7.9. Бульварларды жана жөө жол аллеяларын жөө жол кыйымылынын массалык агымы багытында караштыруу керек. Бульварды жайгаштырууну, анын узундугун жана жазылыгын, көчөнүн туура кесилиш профилиндеги ордун көчөнүн архитектуралык-мерчемдик чечилишин жана анын курулушун эске алуу менен аныктоо зарыл. Бульварларда жана жөө жол аллеяларында тыныгуу үчүн аянтчаларды караштыруу керек.
Узунунан кеткен бир жөө жол аллеялуу бульварлардын жазылыгын, м менен, жайгашышына жараша төмөнкүлөрдөн кем эмес кылып,:
көчөлөрдүн огу боюнча ........................................ 18,
көчөнүн бир жагында, жүрмө бөлүк
жана курулуштун аралыгында ............................. 10
7.10. Жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактар чакан архитектуралык формалар: оргумалар жана чалкымалар, шатылар, жантык жолдор, тирөөч дубалдар, маек жайлар, шамчырактар ж.б. менен абатталган жана жабдылган болуусу шарт. Шамчырактардын санын аймактын жарыктануу ченемдери боюнча аныктоо зарыл.
7.11. Ландшафтык-рекреациялык аймактардын жол тарамын (жолдор, аллеялар, чыйыр жолдор) мүмкүн болушунча аз жантаймалуу кылып, жөө кишилердин кыймылынын негизги багыттарына ылайык жана аялдама пункттарына, оюн, спорт аянтчаларына чейинки кыска аралыкты аныктоо менен жайгаштыруу керек. Жолдун жазылыгы 0,75 м эселенген (бир киишинин басуу тилкесинин жазылыгы) болуусу шарт.
Ландшафтык-рекреациялык аймактардын чегиндеги аянтчалардын, чыйыр жол- жол тарамынын жабууларын тактачалардан, шагылдан жана башка бекем минерал материалдарынан, айла жок учурларда асфальт жабуусун колдонууга жол берүү менен, салуу каралат.
7.12. Имараттардан, курулмалардан, ошондой эле инженердик абаттоо объектилеринен бактарга жана бадалдарга чейинки аралыкты 3-таблица боюнча кабыл алуу керек.
3-таблица
Имарат, курулма, инженердик абаттоонун объектиси | Имараттан, курулмадан, объекттен - огуна чейинки аралык, м | |
дарактын өзөгүнүн | бадалга | |
Имараттын жана курулманын сырткы дубалы | 5,0 | 1,5 |
Жан жолдун жана бак жолчосунун чети | 0,7 | 0,5 |
Көчөлөрдүн жүрмө бөлүктөрүнүн чети, жолдун четинин бекемделген тилкесинин чети, же арыктын кыры | 2,0 | 1,0 |
Жарыктандыргыч тарамдын мамысы жана таянычы, көпүрөнүн таянычы жана эстакада | 4,0 | - |
Жантайманын, террасанын ж.б. таманы | 1,0 | 0,5 |
Тирөөч дубалчанын таманы жана ички кыры | 3,0 | 1,0 |
Жер алдындагы тарамдар: газ өткөргүч, суу агындылагыч жылуулук тарамы (каналдын, тоннелдин дубалчасы же каналсыз жаткырууда кабыкчасы) суу өткөргүч, сарыктыргыч күчтүк кабель жана байланыш кабели |
1,5 2,0
2,0 2,0 |
- 1,0
- 0,7
|
Ошол эле учурда:
7.12.1. Келтирилген ченемдер сөңгөгүнүн диаметри 5 м ашпаган дарактарга тиешелүү жана бул ченемдер сөңгөгүнүн диаметри андан чоң дарактар үчүн чоңойтулуп кабыл алынышы керек.
7.12.2. Электр өткөргүч аба чубалгыларынан дарактарга чейинки аралыкты электр орнотмолорун тургузуу эрежелери боюнча кабылдаш зарыл.
7.12.3. Имараттардын жанына отургузулган дарактар ушул эрежелер топтомунун 11-бөлүгүндө келтирилген талаптардын чегинде турак жай жана коомдук имараттардын күн чубактоосуна жана жарыктануусуна жолтоо болбошу шарт.
7.13. Шаардын жашыл чөлкөмдөрүндө шаар жана айыл калктуу пункттардын тобун отургузулуучу материалдар менен камсыздоону эске алуу менен бак жана бадал өсүмдүктөрүнүн питомниктерин жана гүл-оранжерея чарбаларын караштыруу керек.
Питомниктердин аянтын калктын жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактар менен камсыздалуу деңгээлине, санитардык-коргоо чөлкөмдөрүнүн өлчөмдөрүнө, бак өстүрүүчүлөр шериктештигинин өнүгүүсүнө, табигый-климатикалык өзгөчөлүктөрүнө жана башка жергиликтүү шарттарга жараша 3 – 5 м2/киши эсебинде кабыл алуу зарыл. Гүл-оранжерея чарбасынын жалпы аянтын 0,4 м2/киши эсебинде кабыл алуу керек.
7.14. Парктардын аймактарында ар бир парктын уюштурулуусуна жана багытталышына функционалдык жактан ылайык келе турган имараттарды жана курулмаларды курууга мүмкүндүк берилет. Бул объекттер катары коомдук тамактануу ишканалары, көргөзмө залдар, галареялар, музейлер, клубдук, театрдык, физмаданияттык-спорттук жана маданий-массалык курулмалар болушат. Ошол эле убакта парктын аймагында жайгаштырылуучу мындай объекттердин курулуш аянттары ошол парктын аянтынын 15% ашпашы шарт.
Эс алуу жана курорттук чөлкөмдөр
7.15. Кыска убакытка массалык эс алуу чөлкөмдөрүн жайгаштырууну бул чөлкөмдөргө коомдук унаада 1,5 сааттан ашык эмес убакытта жетүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен караштыруу зарыл.
Эс алуу чөлкөмдөрүнүн аймактарынын өлчөмдөрүн 1 келүүчүгө 500 – 1000 м2 эсебинде кабыл алуу керек, анын ичинде активдүү эс алуу үчүн ургаалдуу пайдаланылуучу бөлүгү 1 келүүчүгө 100 м2 кем болбоого тийиш. Кыска убакытка массалык эс алуу чөлкөмүнүн участкасынын аянтын 50 га кем эмес кылып кабыл алуу керек.
7.16. Токой-парктарынынчек араларынын, эс алуу жана курорт чөлкөмдөрүнүн жанында жайгаштырылуучу автомобилдердин турук жайларынын өлчөмдөрүн долбоорлоого берилген тапшырмада, ал эми маалыматтар жок болгон учурларда – сунушталуучу 8- тиркеме боюнча аныктоо керек.
7.17. Курорттук чөлкөм табигый дарылык факторлорго, жагымдуу микроклиматтык, ландшафтык жана санитардык-гигиеналык шарттарга ээ аймактарга жайгаштырылышы керек. Анын аймагында дарылануучулардын жана эс алуучулардын, коомдук борборлорду калыптандыруучу, санатордук-курорттук жана ден соолук чыңоочу, эс алуу жана туризм мекемелерин, тейлөө ишканаларын жана мекемелерин, жалпы курорттук борборду, курортук парктарды жана башка жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактарды, пляждарды кошкондо, жайгаштыруу зарыл.
7.18. Курорттук чөлкөмдөрдү долбоорлоодо төмөнкүлөрдү камтуу зарыл:
аймактарында шуулдактардын деңгээли мүмкүн болгон чектеги узак убакытка эс алдыруучу санатордук-курорттук мекемелерди; чоңдор үчүн мекемелерден жазылыгы 100 м кем эмес жашыл тилке менен бөлүнгөн балдар үчүн санатордук-курорттук жана ден соолукту чыңдоо мекемелерин, жайгаштырууну;
дарылануучулар жана эс алуучуларды тейлөө менен байланышпаган өнөр жай жана коммуналдык-кампалык объекттерди, турак жай курулушун жана коомдук имараттарды сыртка чыгарууну;
унаа кыймылын чектөөнү жана транзиттик унаа агымын толук жокко чыгарууну.
7.19. Курорттук чөлкөмдө жайгашуучу бир багыттагы жана профили боюнча жакын санатордук-курорттук, ден соолукту чыңоочу мекемелер медициналык, маданий-тиричилик жана чарбалык жактан тейлөөсүн борборлоштурууну жана бирдиктүү архитектуралык-мейкиндик чечилишин камсыздоо менен комплекстерге бириктирилиши керек.
7.20. Курорттук чөлкөмдөрдүн жалпы пайдаланылуучу аймактарынын өлчөмдөрүн санатордук-курорттук жана ден соолукту чыңоочу мекемелерде, бир орунга - метр эсебинен, аныктоо зарыл: жалпы курорттук борборлордукун – 10, жашылдандырылгандардыкын – 100.
Ошол элеучурда:
7.20.1. Мурун калыптанган курорттордун, ошондой эле тоо курортторунун чөлкөмдөрүндө жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактардын өлчөмдөрүн кичирейтүүгө жол берилет, бирок 50% көп эмес.
7.21. Курорттук чөлкөмдөрдө жана эс алуу чөлкөмдөрүндө жайгашуучу пляждардын аймактарынын өлчөмдөрүн бир келүүчүгө, м2, төмөнкүлөрдөн кем эмес алуу зарыл:
дарыя жана көлдөрдүкүн ........................................ 8,
дарыя жана көлдөрдүкүн (балдар үчүн) ................ 4.
Айыл чарбага пайдаланууга жарактуу жерлерде жайгаштырылуучу дарыя жана көлдөрдүн пляждарынын өлчөмдөрүн бир келүүчүгө эсептегенде 5 м2 эсебинде алуу керек.
Кыймылы чектелген дарылануучулар үчүн атайлаштырылган дарылоочу пляждардын аймактарынын өлчөмдөрүн бир келүүчүгө 8 – 12 м2 эсебинде алууга болот.
Бир келүүчүгө туура келүүчү пляждын жээк тилкесинин минималдык узундугун 0,25 м кем эмес алуу керек.
Пляждардагы бир убакта келүүчүлөрдүн санын алардын бир убакта келүүчүлөрүнүн көмөк чоңдугун эске алуу менен эсептөө зарыл:
санаторийлердикин .......................................................... 0,6 – 0,8,
эс алуу жана туризм мекемелериникин ................. ....... 0,7 – 0,9,
балдар лагерлериникин ........................................... ....... 0,5 – 1,0,
жергиликтүү эл үчүн жалпыга пайлануучулардыкын ... 0,2,
жолдомосу жок эс алуучулардыкын ............................... 0,5.
8. Тейлөө мекемелери жана ишканалары
8.1. Тейлөө мекемелерин жана ишканаларын шаарлардын жана калктуу пункттардын аймактарында, аларды калктын жашаган жерине жана ишине жакындатып, коомдук жүргүнчү унаа тарамдары менен байланышта коомдук борборлорду калыптандыруу менен жайгаштыруу зарыл.
Тейлөө мекемелеринин жана ишканаларынын эсептик санын жана алардын жер участокторунун өлчөмдөрүн болжолдуу эсептеп чыгарууда сунушталып жаткан 6-тиркемеге ылайык жүргүзүү керек.
Бул бөлүмдө жана сунушталып жаткан 6-тиркемеде камтылбаган тейлөө мекемелерин жана ишканаларын жайгаштырууну, алардын сыйымдуулугун жана жер участкаларынын өлчөмдөрүн долбоорлоого берилген тапшырмадан алуу зарыл.
8.2. Жайгаштыруу тутумунун шаар-борборлорунда тейлөө мекемелерин жана ишканаларынын санын, курамын жана сыйымдуулугун аныктоодо чоң, ири жана өтө ири шаар-борборго келүү убактысы 2 сааттан, майда жана орто шаар-борборлорго же борборчолорго келүү убактысы 1 сааттан ашпаган чөлкөмдө жайгашкан башка шаарлардан жана айылдардан келүүчү калкты; тарыхый шаарларда туристтерди кошо кошумча түрдө эсепке алуу талап кылынат.
8.3. Турак жай курулуштарында жайгашкан мекемелер жана ишканалар менен калкты тейлөө радиусун, эреже катары, 4-таблицада келтирилгенден ашык эмес кабылдоо керек.
4-таблица
Тейлөө мекемелери жана ишканалары
| Тейлөө радиусу, м |
Билим берүүчү балдар уюмдары: |
|
шаарларда | 300 |
бир, эки кабат курулуштуу майда шаарларда | 500 |
жалпы билим берүүчү мектептер1 | 750 (500 баштапкы класстар үчүн) |
физмаданияттык-ден соолук чыңоочу сабактар үчүн жайлар | 500 |
турак жай райондорунун физмаданияттык-спорт борборлору | 1500 |
бейтапканалар жана алардын шаарлардагы филиалдары | 1000 |
сүт ашканасынын таратуучу пункттары | 500 |
ошондой эле, бир жана эки кабат курулуштарда | 800 |
шаарлардагы дарыканалар | 500 |

жергиликтүү дайындалыштагы соода, коомдук тамактануу жана тиричилик тейлөө ишканалары: шаарлардагы курулуштарда: көп кабаттуу бир, эки кабаттуу айыл конуштарында |
500 800 2000 |
байланыш бөлүмдөрү жана банктардын филиалдары | 500 |
1Тейлөөнүн көрсөтүлгөн радиусу атайлаштырылган жана ден соолукту чыңоочу билим берүүчү балдар мекемелерине, ошондой эле жалпы типтеги атайын балдар бакчаларына жана жалпы билим берүүчү мектептерге (тил боюнча, математикалык, спортук ж.б.) тиешелүү эмес.
Татаал рельефтеги IA, IГ климатикалык райончолор үчүн 4-таблицада көрсөтүлгөн тейлөө радиустарын 30% азайтуу керек.
Башталгыч класстары менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын келүчү жолдору магистралдык көчөлөрдүн жүрмө бөлүктөрүн бир деңгээлде кесип өтпөөгө тийиш.
8.4. Имараттардан жана тейлөө мекемелеринин жана ишканаларынын жер участокторунун чек араларынан аралыкты 5-таблицада келтирилгенден кем албоо керек.
5-таблица
Тейлөө мекемелеринин жана ишканаларынын имараттары (жер участоктору) | Тейлөө мекмелеринин жана ишканаларынын имараттарынан (участокторунун чек араларынан) аралык, м | ||
Кызыл сызыкка чейин | Турак үйлөрдүн дубалдарына чейин | Жалпы билим берүү мектептеринин, мектепке чейинки балдар жана дарылоочу мекемелердин имараттарына чейин | |
шаарларда | |||
Билим берүүчү балдар уюмдары жана жалпы билим берүүчү мектептер (имараттардын дубалдары) | 25 | Күн чубактоо жана жарыктандыруу ченемдери боюнча | |
Экинчилик чийки заттардын кабыл алуу пункттары | - | 20* | 50 |
Өрт депосу | 10 | - | - |
Мештеринин саны бирден көп болгон крематорийлер
Аянты 20дан 40 га чейин болгон аралаш жана салттуу көрүстөндөр
Аянты 10дон 20 га чейин болгон аралаш жана салттуу көмүү көрүстөнү
Аянты 10 га жана андан аз болгон аралаш жана салттуу көмүүдөгү көрүстөн
Тамак-аш өнүмдөрүн (эт, сүт, кондитер, жашылча, жемиш, суусундук ж.б.), дары-дармек, өнөр жай жана чарбалык товарларын сактоо үчүн кампалар | 6
6
6
6
5 | 1000
500
300
100
50 | 1000
500
300
100
50 |
*эшиктери жана терезелери менен
Мектепке чейинки балдар мекемелеринин жана жаңы жайгаштырылуучу ооруканалардын жер участоктору магистралдык көчөлөргө жанаша жайгашпоосу керек.
Экинчилик чийки заттарды кабыл алуучу пункттарды жашыл өсүмдүктөр тилкеси менен обочолонтуу керек жана автомобиль унаасы үчүн аларга баруучу жолдорду караштыруу зарыл.
Ооруканалардын жер участокторунда чарбалык чөлкөмгө жана корпустарга – инфекциялык, инфекциялык эмес жана паталог-анатомиялык оорулар үчүн дарылоочу, өз-өзүнчө келүүчү жолдорду караштыруу зарыл.
9.1. Шаарларды жана калктуу пункттарды долбоорлоодо пландаштыруучу түзүмү жана ага жанаша жайгашкан аймак менен байланышта, баардык функционалдык чөлкөмдөр, жайгаштыруу тутумунун башка калктуу пункттары, шаар жака бели чөлкөмүндө жайгашкан объекттер, сырткы унаа объекттери жана жалпы унаа тарамынын автомобиль жолдору менен ыңгайлуу, тез жана коопсуз унаалык байланыштарды камсыз кылуучу бирдиктүү унаа тутумун жана көчө-жол тарамын түзүү керек.
9.2. Шаарларда жумушта иштеген калктын 90% үчүн жашаган жеринен жумуш ордуларына чейин (бир жагына) убакыт коротуусу, мин., калкынын саны, миң киши, төмөндө көрсөтүлгөн шаарлар үчүн төмөнкү маанилерден ашпоосу шарт:
1000 ........................ 40,
500 .......................... 37,
250 .......................... 35,
100 жана андан аз ... 30.
Шаар-борборго башка калктуу пункттардан жумушка күнүгө келүүчүлөр үчүн жогоруда келтирилген убакыт сарптоо ченемин 2 эседен ашык эмес көбөйтүүгө болот.
9.3. Көчөлөрдүн, жолдордун жана унаалык кесилиштердин тарамынын өткөрүмдүүлүгүн, автомобилдер токтоочу жайларынын санын эсептик мөөнөткө автомобилдештирүү деңгээлинен, 1000 кишиге туура келген автомобилдердин санынан аныктоо керек: 200-250 жеңил автомобилдер, 25 – 40 жүк ташуучу автомобилдер. 1000 кишиге мотоциклдердин жана мопеддердин санын калкынын саны 100 миң кишиден ашкан шаарлар үчүн 50 – 100 бирдикте, ал эми калкынын саны 100 миң кишиге чейин болгон калган калктуу пункттар үчүн – 100 – 150 бирдикте.
Жайгаштыруу тутумунун башка калктуу пункттарынан шаар-борборго келүүчү жана транзиттик автолордун саны атайын эсептөөлөр менен аныкталат.
Автомобилдештирүүнүн келтирилген деңгээлин жергиликтүү шарттарга жараша азайтып же көбөйтүүгө болот, бирок 20% көп эмес.
Сырткы унаа
9.4. Жүргүнчү бекеттерин (темир жол, автомобиль, суу унаасынын жана учак) шаардын борбору, бекеттер аралык, турак жай жана өнөр жай райондору менен унаа байланышын камсыздагыдай кылып жайгаштыруу керек.
9.5. Жалпы темир жол тарамынын жаңы сорттоочу чордондорун шаарлардын сыртында, ал эми жүргүнчүлүк техникалык чордондорун, кыймылдуу курамдын резервдик паркын, жүк чордондорун жана темир жол, автомобиль унааларынын контейнердик аянтчаларын селитебдик аймактын сыртында жайгаштыруу керек. Селитебдик аймакта жайгашкан көпкө сакталуучу үймө жүктөр үчүн кампаларды жана аянтчаларды коммуналдык-кампалык чөлкөмгө көчүрүү керек.
9.6. Ири жана өтө ири шаарлардын шаар жака бели чөлкөмдөрүндө транзиттик поезддерди өткөрүү үчүн жалпы түйүндүк маанидеги сорттоочу жана жүк чордондорун жайгаштыруу менен айланып өтмө жолдорду караштыруу зарыл. Шаар жака белиндеги жана шаар ичиндеги жүргүнчүлөр кыймылынын ургаалдуулугу саатына 10 пар поездден көп болсо темир жолдун баш участкаларында кошумча жолдорду, ал эми керек учурларда – шаардагы ылдамдыктуу унаалар менен өз ара байланышты камсыздандыруу менен шаарларда терең кирүүчү темир жолдорду же диаметрлерди караштыруу зарыл.
9.7. Темир жол линияларынын ар кандай деңгээлдерде кесилишүүсүн линиялардын категорияларына жараша караштыруу керек: I, II –калктуу пункттардын аймактарынан сырткары; III, IV – селитебдик аймактын чегинен сырткары.
Калктуу пункттардын аймактарынын чегинде темир жолдун көчөлөр жана автомобиль жолдору, ошондой эле коомдук жүргүнчү электр унаасынын линиялары менен бир деңгээлде кесилишүүсүн курулуш тармагында аракеттеги ченемдик-техникалык документтерге ылайык караштыруу керек.
9.8. Турак жай курулушун темир жолдордон четки темир жолдун огунан эсептегенде жазылыгы 100 м келген санитардык-коргоочу чөлкөм менен бөлүү зарыл. Темир жолду ойдуңда жайгаштырууда же шуулдактардан коргоочу атайын иш чараларды көргөндө санитардык-коргоочу чөлкөмдүн жазылыгы кичирейтилет, бирок 50 м көп эмес. Сорттоочу чордондордон турак жай курулушуна чейинки аралык жүк айлантуунун санын, ташылуучу жүктүн өрт-жарылуу коопсуздугун, ошондой эле шуулдактардын жана титирөөлөрдүн мүмкүн болгон деңгээлдерин эске алуу менен кабыл алынат.
Темир жолго тиешелүү тилкеден сырткары санитардык-коргоочу чөлкөмдө автомобиль жолдорун, гараждарды, автомобиль токтоочу жайларды, кампаларды, коммуналдык-тиричилик мекемелерин жайгаштырууга мүмкүндүк берилет. Санитардык-коргоочу чөлкөмдүн 50% кем эмес аянты жашылдандырылууга тийиш. Санитардык-коргоочу чөлкөмдүн бактуу участкалардын чек араларына чейинки жазылыгын 50 м кем эмес алуу керек.
9.9. I, II, III категориядагы жалпы тарамдын автомобиль жолдорун курулуш тармагында аракеттеги ченемдик-техникалык документтерге ылайык калктуу пункттарды айланта долбоорлоо зарыл.
Жалпы тарамдын жолдорун калктуу пункттардын аймактары аркылуу алып өткөндө аларды ушул эрежелер топтомунун талаптарына ылайык долбоорлоо зарыл.
9.10. Шаар жака бел чөлкөмүндөгү шаар магистралдарынын уландысы болгон жана шаар-борбордон сырткаркы массалык эс алуу чөлкөмдөрүнө, аэропортторго жана жайгаштыруу тутумунун башка калктуу пункттарына бирдей өлчөмдөгү эмес унаа агымдарын багыттары боюнча өткөрүүнү камсыз кылуучу автомобиль жолдорун алга-артка кыймылды эсепке алуу менен, негизги жүрмө бөлүктүн жазылыгын эң чоң сааттык автомобиль агымына ылайыктап долбоорлоо керек.
Шаарлардын жака бел чөлкөмдөрүндөгү (жайгаштыруу тумунун) автомобиль жолдорунун категорияларын жана параметрлерин ушул эрежелер топтомунунсунуш кылынуучу 7-тиркемесине ылайык кабыл алуу зарыл.
9.11. Аэродромдорду жана вертодромдорду курулуш тармагында аракеттеги ченемдик-техникалык документтерге ылайык, учуулардын коопсуздугун, авиашуулдактардын жана электр магниттик нурлануулардын мүмкүн болгон деңгээлин камсыздоочу селитебдик аймактан жана калктын массалык эс алуу чөлкөмдөрүнөн селитебдик аймактар үчүн санитардык ченемдер менен аныкталган аралыкта жайгаштыруу керек.
Келтирилген талаптар аракеттеги аэропорттордун райондорунда жаңы селитебдик аймактарды жана массалык эс алуу чөлкөмдөрүн жайгаштырууда дагы сакталышы шарт.
9.12. Аэродромдордун райондорунда аба кемелеринин учуу коопсуздугуна коркунуч жаратышы же аэродромдордун багыттагыч каражаттарынын нормалдуу иштөөсүнө жолтоо болуусу мүмкүн болгон имараттарды, жогорку чыңалуудагы электр өткөрүүчү линияларды, радиотехникалык жана башка курулмаларды жайгаштырууда аэродромдор карамагында турган ишканалар жана уюмдар менен макулдашуу жүргүзүлүшү абзел. Объекттерди жайгаштырууну макулдашуу боюнча талаптар милдеттүү 2-тиркемеде келтирилген.
9.13. Деңиз жана көл портторун селитебдик аймактан сырткары турак жай курулушунан 100 м кем эмес аралыкта жайгаштыруу керек. Ошол эле учурда:
9.13.1. Деңиз портторунун аймактарында сууга түшүүчү жолдорду жана өрт өчүрүүчү машиналар суу алуучу аянтчаларды жайгаштыруу зарыл.
9.13.2. Жүк айлантуусу кичине порттордо жүргүнчү жана жүк райондорун бир эле жүк-жүргүнчү районуна бириктирүүгө жол берилет.
9.13.3. Спорт клубдарына жана жеке жарандарга тиешелүү кичине өлчөмдөгү кемелер үчүн жээктик базаларды жана токтоочу жайларды шаар жака бел чөлкөмдөрүндө, ал эми шаарлардын чегинде – селитебдик аймактан сырткары жайгаштыруу керек.
Көчөлөрдүн жана жолдордун тарамы
9.14. Калктуу пункттардын көчө-жол тарамын көчөлөрдүн жана жолдордун функционалдык дайындалышын, унаа, велосипед жана жөө жол кыймылынын ургаалдуулугун, аймактын архитектуралык-мерчемдик уюштурулушун жана курулуштун мүнөзүн эсепке алуу менен үзгүлтүксүз тутум түрүндө долбоорлоо зарыл. Көчө-жол тарамынын курамында магистралдык жана жергиликтүү көчөлөрдү, жолдорду, ошондой эле башкы көчөлөрдү бөлүп көрсөтүү керек. Шаарлардын көчөлөрүнүн жана жолдорунун категорияларын 6-таблицада келтирилген классификацияга ылайык дайындоо зарыл.
6-таблица
Көчөлөрдүн жана жолдордун категориялары | Жолдордун жана көчөлөрдүн негизги дайындалыштары | |
1 | 2 | |
Магистралдык жолдор: ылдамдыктуу кыймылдагы | Өтө ири жана ири шаарларда алыскы өнөр жай жана пландаштырылуучу райондордун ортосундагы ылдамдыктуу унаа байланышы; сырткы автомобиль жолдоруна, аэропортторго, массалык эс алуу ири чөлкөмдөрүнө жана жайгаштыруу тутумунун калктуу пункттарына чыгуулар. Магистралдык көчөлөр жана жолдор менен кесилишүү ар кандай деңгээлдерде. | |
жөндөлүүчү кыймылдагы | Шаардын райондорунун ортосундагы айрым багыттарда жана участкаларда турак жай курулушунан сырткары өткөрүлүүчү, көбүнчө жүк ташуу кыймылы, унаалык байланыш; сырткы автомобиль жолдоруна чыгуучу жолдор; көчөлөр жана жолдор менен бир деңэгэлде кесилишүү. | |
Магистралдык көчөлөр: жалпы шаардык дайындалыштагы: үзгүлтүксүз кыймылдагы | Өтө ири жана ири шаарлардагы турак жай, өнөр жай райондору менен коомдук борборлор ортосундагы, ошондой эле башка магистралдык көчөлөр, шаардык жана сырткы автомобиль жолдору менен унаалык байланыш. Негизги багыттар боюнча унаанын кыймылын ар кандай деңгээлдерде камсыз кылуу. | |
жөндөлүүчү кыймылдагы | Турак жай, өнөр жай райондору жана шаардын борбору, пландаштырылуучу райондордун борборлору менен унаалык байланыш; магистралдык көчөлөргө, жолдорго жана сырткы автомобиль жолдоруна чыгуулар. Магистралдык көчөлөр жана жолдор менен бир деңгээлдекесилишүү. | |
райондук маанидеги: унаалык-жөө жолдук
| турак жай райондорунун ортосундагы, ошондой эле турак жай жана өнөр жай райондорунун, коомдук борборлордун ортосундагы унаа-жөө жолдук байланыш, башка магистралдык көчөлөргө чыгуулар. | |
жөө жол-унаалык | Пландаштырылуучу райондун чегинде жөө жолдук-унаалык байланыш (көбүнчө коомдук жүргүнчү унаасы). |
|
Жергиликтүү маанидеги көчөлөр жана жолдор: турак жай курулушун-дагы көчөлөр | Турак жай райондорунун (кичи райондордун) аймагындагы унаалык (жүк жана жүргүнчү ташуучу унааны коё бербей) жана жөө жол байланышы, жөндөлүүчү кыймылдагы магистралдык көчөлөргө жана жолдорго чыгуулар. |
|
Илимий-өндүрүштүк, өнөр жай жана коммуналдык-кампа-лык чөлкөмдөрдөгү (район-дордогу) көчөлөр жана жолдор | Чөлкөмдөрдүн (райондордун) чегинде унаалык, көбүнчө жеңил жана жүк ташуучу унаанын, байланыш, магистралдык шаардык жолдорго чыгуулар. Көчөлөр жана жолдор менен кесилишүүлөр бир деңгээлде ишке ашырылат. |
|
жөө жүрүүчү көчөлөр жана жолдор
| Эмгектенген жерлер, тейлөө мекемелери жана ишканалары, алардын ичинде коомдук борборлордун, эс алуучу жана коомдук унаанын аялдама пункттары турган жерлердин чегиндеги жөө жол байланышы. |
|
парк жолдору
| Парктардын жана токой-парктардын аймактарындагы унаалык байланыш көбүнчө жеңил автомобилдер үчүн. |
|
өтмө жолдор
| Райондордун, кичи райондордун, кварталдардын ичиндеги турак жайларга жана коомдук имараттарга, мекемелерге, ишканаларга жана башка шаардык курулуштун объектилерине унаа каражаттарынын баруусу. |
|
велосипед жолчолору | Башка түрдөгү унаа кыймылы трассаларынан бош жолдор боюнча эмгектенүү, эс алуу жерлерине, коомдук борборлорго велосипед менен баруу, ал эми өтө ири жана ири шаарларда – пландаштырылуучу райондордун чегиндеги байланыш. |
|
Ошол эле учурда:
9.14.1. Магистралдык жолдордун негизги жүрмө бөлүгүнүн четинен кызыл сызыкка жана турак жай курулушун жөндөөчү сызыкк а чейин 25 м кем эмес кылып кабыл алуу керек.
9.14.2. Башкы көчөлөр унаа-жөө жолдук, жөө жол-унаалык жана жөө жүрүүчү көчөлөрдүн курамынан бөлүнүп көрсөтүлүп, жалпы шаардык борбордун архитектуралык-пландык түзүлүшүнүн негизи болуп саналат.
9.14.3. Шаарлардын чоңдугуна жана пландаштырылуучу түзүмүнө, кыймылдын көлөмүнө жараша жогоруда келтирилген көчөлөрдүн жана жолдордун негизги категорияларын толуктоого же алардын толук эмес курамын колдонууга мүмкүндүк берилет. Эгерде эмгектик которулууларга убакыттын эсептик сарптоолору ушул ченемдердеги аныкталгандардан ашып кетсе, атайын негиздемелер аркылуу ушул таблицада келтирилген калкынын саны көп болгон шаарлардын тобу үчүн магистралдык көчөлөрдүн жана жолдордун категорияларын колдонууга мүмкүндүк берилет.
9.14.4. Кайра конструкциялоо шарттарында, ошондой эле райондук маанидеги көчөлөр үчүн троллейбус-жөө жолдук же автобус-жөө жолдук кыймылдарды уюштуруу менен коомдук унаа каражаттарын гана өткөрүүгө арналган магистралдарды же алардын участокторун салууга мүмкүндүк берилет.
9.14.5. Тарыхый шаарларда жалпы шаардык борбордун тарыхый өзөгүнүн аймагы аркылуу өтүүчү жер үстүндөгү унаа кыймылынын көлөмүн жокко чыгаруу же кыскартуу керек: айланып өтүүчү магистралдык көчөлөрдү, унаа кыймылы чектелген көчөлөрдү, жөө жүрүүчү көчөлөрдү жана чөлкөмдөрдү; автомобилдер токтоочу жайларды көбүнчө ошол өзөктүн периметри боюнча жайгаштыруу керек.
9.15. Шаарлардын көчөлөрүнүн жана жолдорунун эсептик параметрлерин 7-таблица боюнча кабыл алуу зарыл.
| 7-таблица |
Жолдордун жана көчөлөрдүн категориялары | Кый-мылдын эсептик ылдам-дыгы, км/саат | Кый-мыл тилке-синин жазы-лыгы, м | Кый-мыл тил-кесинин саны | План-дагы эң кичине буру-луу радиусу, м | Эң чоң узата жан-тайма % | Жан жолдун жөө жүрмө бөлүгү-нүн жазы-лыгы, м |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
Магистралдык жолдор: Ылдамдыктуу кыймылдагы Жөндөлүүчү кыймылдагы |
120 80 |
3,00-3,50 3,00 |
4-8 2-6 |
600 400 |
30 50 |
- - |
Магистралдык көчөлөр: жалпы шаардык маанидеги: үзгүлтүксүз кыймылдагы жөндөлүүчү кыймылдагы райондук маанидеги: унаа-жөө жолдук |
100 80
50 |
3,00-3,50 3,00
3,50 |
4-8 4-8
2 |
500 400
125 |
40 50
40 |
4,5 3,0
3,0 |
Жергиликтүү маанидеги көчөлөр жана жолдор: Турак жай курулушундагы көчөлөр илимий-өндүрүштүк райондордун, өнөр жай жана коммуналдык-кампалык райондордун көчөлөрү жана жолдору парктагы жолдор |
40 50 40
40 |
3,00 3,00 3,00
2,80 |
2-3* 2-4 2
2 |
90 90 50
75 |
70 60 70
80 |
1,5 1,5 1,5
- |
Жүрмө жолдор: негизги негизги эмес |
40 30 |
2,80 3,00 |
2 1 |
50 25 |
70 80 |
1,0 0,75 |
Жөө жүрмө көчөлөр: негизги негизги эмес |
- - |
1,0 0,75 | эсептөө боюнча |
- - |
40 60 | долбоор боюнча |
Велосипед жолдору: өзгөчөлөнгөн обочолонгон |
20 30 |
1,50 1,50 |
1-2 2-4 |
30 50 |
40 30 |
- - |
Велосипед жолчолорун жолдун жүрмө бөлүгүнө жайгаштырууга жол берилбейт
*Бир тилкени жеңил автомобилдер унаа туругу үчүн колдонууну эсепке алуу менен.
Ошол эле учурда:
9.15.1. Көчөлөрдүн жана жолдордун жазылыгы унаанын жана жөө кишилердин кыймылынын ургаалдуулугуна, санитардык-гигиеналык талаптарды жана жарандык коргонуунун талаптарын эске алуу менен элементтердин (жүрмө бөлүктөрдүн, жер алдындагы коммуникацияларды жаткыруу үчүн техникалык тилкелердин, жан жолдордун, өсүмдүктөрдүн ж.б.) туура кесилиш профилинде жайгаштырылуучу курамына жараша эсептеп чыгаруу менен аныкталат. Кызыл сызыктардагы көчөлөрдүн жана жолдордун жазылыгы, м, төмөнкүчө кабыл алынат: магистралдык жолдордуку – 40-80; жергиликтүү маанидеги көчөлөрдүкү жана жолдордуку – 15-25. Техникалык тилкенин, ошондой эле бөлүүчү тилкелердин жазылыгы курулуш тармагында аракеттеги ченемдик-техникалык документтерге жана долбоорлоого тапшырмага ылайык аныкталат.
9.15.2. Татаал рельеф же кайра конструкциялоо шарттарында, ошондой эле жогору баалуулуктагы шаар куруу аймактары менен чөлкөмдөрдө пландагы бурулуу радиустарын кичирейтүү жана узата жантаймаларын жогорулатуу менен ылдамдыктуу кыймылдагы жолдор жана үзгүлтүксүз кыймылдагы көчөлөр үчүн эсептик ылдамдыкты 10 км/саатка азайтууга жол берилет.
9.15.3. Чоң, ири жана өтө ири шаарлардагы магистралдык көчөлөрдө жана жолдордо автобустар жана троллейбустардын жүрүүсү үчүн жазылыгы 4 м болгон четки тилкени караштыруу керек; кыймылдын “кызуу маалында”, ургаалдуулугу 40 бирдик/сааттан көп болгондо автобустарды өткөрүү үчүн, ал эми кайра конструкциялоо шарттарында – 20 бирдик/сааттан көп болгондо жазылыгы 8-12 м келген өзүнчө жүрмө бөлүктү салууга жол берилет.
Көбүнчө жүк ташуучу автомобилдер жүргөн магистралдык жолдордо кыймыл тилкесинин жазылыгын 4 м чейин чоңойтууга жол берилет.
9.15.4. I а, I г климатикалык кичи райондордо магистралдык көчөлөрдүн жана жолдордун жүрмө бөлүктөрүнүн узатасынан эң чоң жантаймаларын 10% азайтса болот. Көчөлөрдүн жана жолдордун жүрмө бөлүктөрүнүн чегинде кышы бою 600 м3/м ашык көлөмдөгү кар үйлөөчү жерлерде карды үйүү үчүн жазылыгы 3 м чейин болгон тилкелерди караштыруу керек.
9.15.5. Жан жолдордун жана жолчолордун жөө жүрмө бөлүктөрүнүн жазылыгына күркөлөрдү жана отургучтарды ж.б. жайгаштырууга керектүү аянттар кирбейт.
9.15.6. IA, IГ климатикалык кичи райондорунда 200 м3/м ашык көлөмдөгү кар үйлөөчү жерлерде магистралдык көчөлөрдүн жан жолдорунун жазылыгын 3 м кем эмес кылып алуу зарыл.
9.15.7. Жергиликтүү маанидеги көчөлөрдө кайра конструкциялоо шарттарында, ошондой эле эки багытта эсептик жөө жүрүү кыймылы 50 киши/сааттан аз болгондо жазылыгы 1м болгон жан жолдорду жана жолчолорду салууга жол берилет.
9.15.8. Жан жолдор имараттардын дубалдарына, тирөөч дубалчаларга же тосмолорго тикелей барып такалган учурларда алардын жазылыгын 0,5 м кем эмес кылып чоңойтуу зарыл.
9.15.9. Келечектеги курулуш үчүн аймактарды жана жер алдындагы мейкиндиктерди милдеттүү түрдө резервдөө менен, унаа жана жөө кыймылдарынын таасын өлчөмдөрүн көңүлгө алып, магистралдык көчөлөрдүн жана жолдордун, унаалык кесилиштердин эсептик параметрлерине этап-этап менен жетүүнү караштырууга жол берилет.
9.15.10. Майда, орто жана чоң шаарларда, ошондой эле кайра конструкциялоо шарттарында унаа кыймылын бир багытта уюштурууда жалпы шаардык маанидеги магистралдык көчөлөрдү долбоорлоо үчүн райондук маанидеги магистралдык көчөлөрдүн параметрлерин колдонууга жол берилет.
Көчөлөрдүн, жергиликтүү же каптал өтмөлөрдүн негизги жүрмө бөлүктөрүнүн четтеринен кызыл сызыкка же курулуш сызыгына чейинки аралыкты 25 м ашык албоо керек. Бул көрсөтүлгөн аралыктан ашып кеткен учурларда курулуш сызыгынан 5 м жакын болбогон аралыкта өрт өчүрүүчү машиналар өтүүгө жарактуу болгон жазылыгы 6 м болгон тилкени караштыруу зарыл.
9.16. Туюк көчөлөрдүн жана жолдордун жүрмө бөлүктөрүнүн аягында автомобилдердин кайрылуусу үчүн диаметри 16 м кем болбогон жана коомдук жүргүнчү унаа каражаттарынын акыркы пункттарын уюштурууда алардын кайра кайрылуусу үчүн диаметри 30 м кем болбогон аралчалары менен аянтчаларды куруу керек. Бурулуучу аянтчаларды автомобилдер токтоочу жай катары колдонууга тыюу салынат.
9.17. Жөндөлүүчү кыймылдуу магистралдык көчөлөрдө бөлүүчү тилкелер менен ажырымдалган велосипед жолчолорун караштырууга жол берилет. Калктын массалык эс алуу чөлкөмдөрүндө жана башка жашылдандырылган аймактарда көчөлөрдөн, жолдордон жана жөө кыймылынан обочолонгон велосипед жолчолорун караштыруу керек. Велосипед жолчолору бир же эки багыттуу болуп салынышы мүмкүн, веложолчонун четинен эң кичине коопсуз аралыкта, м: жүрмө бөлүккө, таянычтарга, бактарга чейин – 0,75; жан жолдорго чейин – 0,5; автомобиль турук жайларына жана коомдук унаанын аялдамаларына чейин – 1,5.
Велосипед тилкелерин көчөлөрдүн жана жолдордун жүрмө бөлүктөрүнүн чети менен, аларды кош сызык аркылуу бөлүп белгилөө менен, уюштурууга жол берилет. Тилкенин жазылыгы унаа агымы менен бир багытта болгондо 1,2 м кем эмес, каршы багытта болгондо 1,5 м кем болбоого тийиш. Жан жолду бойлото салынган велосипед тилкесинин жазылыгы 1 м кем болбоосу зарыл.
9.18. Жан жолдордун жана бөлүүчү тилкелердин чекеси боюнча көчөлөрдүн жана жолдордун жүрмө бөлүктөрүнүн бурулуу радиустарын, м, төмөнкүлөрдөн кем эмес кабыл алуу керек: жөндөлүүчү кыймылдуу магистралдык көчөлөр жана жолдор үчүн – 8, жергиликтүү маанидегилер үчүн – 5; унаа аянттарында – 12. Кысталыш шарттарда жана кайра конструкциялоодо магистралдык көчөлөрдүн жана жолдордун жөнгө салуу кыймылынын бурулуу радиустарын кеңейтүүгө жол берилет, бирок 6 м ден кем эмес, унаа аянттарында – 8 м алуу керек.
Жээк таш тосмолору жокто, ошондой эле бурулуштун минималдык радиусун колдонгон учурларда көчөлөрдүн жана жолдордун жүрмө бөлүктөрүнүн жазылыгын капталдардагы бөлүүчү тилкелердин же сырт жагынан кеңейтүүнүнэсебинен кыймылдын ар бир тилкесине 1 м кошуу менен чоңойтуу керек.
Бул учурда коомдук унаа (троллейбус, автобус) үчүн бурулуу радиустары унаанын бул түрүн пайдалануунун техникалык талаптарына ылайык аныкталат.
9.19. Жөндөлбөөчү кесилиштерде жана көчөлөрдүн, жолдордун кошулуштарында, ошондой эле жөө жол өтмөктөрүндө көрүү үч бурчтуктарын караштыруу керек. 40 жана 60 км/саат кыймыл ылдамдыктарында “унаа-унаа” шарттары үчүн тең капталдуу үч бурчтуктун жактарынын өлчөмдөрү тиешелүү түрдө 25 жана 40 м кем болбоого тийиш “Жөө жүргүнчү-унаа” шарттары үчүн көрүү тик бурчтуу үч бурчтугунун өлчөмдөрү, (м), унаанын кыймылынын ылдамдыгы 25 жана 40 км/саат болгондо тиешелүү түрдө 8х40 жана 10х50 болушу шарт.
Көрүү үч бурчтуктарынын чегинде имараттарды, курулмаларды, көчмө предметтерди (күркөлөрдү, фургондорду, жарнамаларды, кичи архитектуралык формаларды ж.б.), бийиктиги 0,5 м ашык бактарды жана бадалдарды жайгаштырууга жол берилбейт.
Турукташып калган капиталдык курулуштар шарттарында, керектүү көрүү үч бурчтуктарын уюштурууга мүмкүндүк бербеген, унаа жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуз кыймылын жөндөө каражаттарынын жана атайын техникалык жабдуулардын жардамы менен камсыздоо зарыл.
9.20. Селитебдик райондордо карылар жана майыптар үчүн үйлөрдө, саламаттык сактоо жана башка калк массалык түрдө каттай турган мекемелерде механикалык майыптар коляскалары өтүүгө боло турган жөө жолдорду салуу зарыл. Ошол эле учурда жолду бойлото жайгашкан вертикалдык тоскоолдуктардын (жээк таштар) бийиктиги 5 см ашпашы керек; кыска тик (100 %о ашык) рампаларга, ошондой эле жан жолдордун жана жөө жолдордун 50 %о ашыкузата жантаймаларына жол берилбейт. 30 – 60 %о узата жантаймалуу жолдордо 100 м ашык эмес аралыкта узундугу 5 м кем болбогон горизонталдык участкаларды салуу зарыл.
9.21. Курулган аймактардын чегинде жөндөлүүчү кыймылдуу магистралдык көчөлөрдө жана жолдордо 200 – 300 м интервалда бир деңгээлде жөө өтмөктөрдү караштыруу керек.
Шатылар жана пандустар менен жабдылган ар кандай деңгээлдеги жөө өтмөктөрдү төмөнкү интервалдарда куруу зарыл:
ылдамдыктуу кыймылдагы жолдордо, ылдамдыктуу трамвай жана темир жол линияларында - 400–800 м;
үзгүлтүксүз кыймылдагы магистралдык көчөлөрдө – 300-400 м.
Ошол эле учурда:
9.21.1. Жөндөлүүчү кыймылдагы магистралдык көчөлөрдө жүрмө бөлүктөр аркылуу өтүүчү жөө жүрүүчүлөрдүн саны 3000 киши/саат ашык болсо, жөө өтмөктөрдү ар кандай деңгээлде куруу мүмкүнчүлүгү берилет.
9.21.2. Административдик жана соода борборлорунун, мейманканалардын, театрлардын, көргөзмөлөрдүн жана базарлардын жанындагы жөө өтмөктөрдү салууну жөө жүрүүчүлөр агымынын жыштыгы “кызуу маалда” 0,3 киши/м2 ашык эмес камсыздоошартынан; заводдордун алдындагы аянттарда, спорт-оюн зоок мекемелеринин, кинотеатрлардын, бекеттердин жанында 0,8 киши/м2 шартынан долбоорлоо керек.
9.22. Коомдук жүргүнчүлөр унаасынын түрүн эсептик жүргүнчүлөр агымдарынын жана жүргүнчүлөрдүн жүрүүлөрүнүн узактыгынын негизинде тандоо зарыл. Унаанын ар кандай түрлөрүнүн ташуу жөндөмдүүлүгү, түзмөктөрдүн жана курулмалардын (платформалар, олтургузуу аянтчалары) параметрлерижер үстүндөгү унаанын кадимки түрлөрү үчүн жүргүнчүлөр салонунун төшөлмөсүнүн ээн аянтын кыймылдуу курамдын эсептик мөөнөткө толтуруусу 4 киши/м2 жана ылдамдыктуу унаа үчүн – 3 киши/м2 ченеминде аныкталат.
9.23. Жер үстүндөгү коомдук жүргүнчү унаа линияларын магистралдык көчөлөрдө жана жолдордо унаа курулмаларына ченемдердин талаптарына ылайык жүрмө бөлүктүн бөлүнгөн тилкесинде же өзгөчөлөнгөн тилкеде, унаа каражаттарынын кыймылын жалпы агымда уюштуруу менен кабыл алуу зарыл.
Ошол эле учурда:
9.23.1. Жалпы шаардык борбордун тарыхый өзөгүндө коомдук жүргүнчү унаанын аялдамаларына жөө жүрүүчүлөрдүн ченемдик жетүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо мүмкүн болбой калган учурда унаанын атайлаштырылган түрүнүн жергиликтүү тутумун (жөө жүрүү, велосипед менен жана башка түрлөрүн) уюштурууга жол берилет.
9.23.2. Аянты 100 га ашык болгон магистралдар аралык аймактар, кайра конструкциялоо шарттарында 50 га ашык, аркылуу жөө жол-унаа көчөлөрү же өзгөчөлөнгөн тилке боюнча коомдук жүргүнчү унаа линияларын салууга жол берилет. Коомдук унаа каражаттар кыймылынын ургаалдуулугу эки багытта 30 бирдик/саат, ал эми эсептик кыймыл ылдамдыгы 40км/саат ашпашы керек.
9.23.3. Курулган аймактардагы жер үстүндөгү коомдук жүргүнчү унаа тарамдарынын линияларынын жыштыгын функционалдык колдонууларга жана жүргүнчү агымдарынын ургаалдуулугуна жараша 1,5-2,5 км/км2 чегинде кабыл алуу зарыл.
Ири жана өтө ири шаарлардын борбордук райондорунда бул тарамдын жыштыгын 4,5 км/км2 чейин чоңойтууга жол берилет.
9.24. Коомдук жүргүнчү унаанын эң жакынкы аялдамаларына чейин жөө басып баруу узактыгын 500 м ашык кылбоо шарт; бул аралыкты IA, IГ климатикалык кичи райондорунда 300 м чейин, IV климатикалык райондордо 400 м чейин азайтуу туура болот.
Жалпы шаардык борбордо коомдук жүргүнчү унаанын эң жакынкы аялдамасына чейин жөө жүрүүчү жолдун узактыгы массалык түрдө баруучу объекттерден 250 м; өндүрүш жана коммуналдык-кампалык чөлкөмдөрдө - ишканалардын кире беришинен400 м; массалык эс алуу жана спорт чөлкөмдөрүндө башкы кире бериштен – 800 м алыс болбоого тийиш.
Татаал рельефтерде, атайын көтөрүүчү жүргүнчү унаа жок болгон учурда, жогоруда келтирилген аралыкты рельефтин ар бир 10 м ашып өтүлүүчү өзгөрүлүүсүнө 50 м азайтууга болот.
9.25. Калктуу пункттардын аймактарынын чегинде коомдук жүргүнчү унаанын линияларындагы аялдама пункттарынын ортосундагы аралыкты төмөнкүчө кабыл алат: автобус жана троллейбустар үчүн 400-600 м; экспресс автобустар үчүн – 800-1200 м; электрлештирилген темир жолдор үчүн – 1500-2000 м.
9.26. Которуп олтургузуучу түйүндөрдө эсептик жүргүнчү агымдарына көз карандысыз эле жүргүнчүлөрдү кайра олтургузууга кеткен которулуулардын убактысы, унааны күтүү убактысын эсепке албаганда, 3 мин ашпашы керек. Кайра олтургузуучу түйүндөрдүн коммуникациялык элементтерин агымдардын кыймылынын эсептик жыштыгын, киши/м2, камсыздоо шартынан төмөнкү маанилерден кем эмес кылып долбоорлоо зарыл: 1,0 – бир багыттагы кыймылда; 0,8 – каршы кыймылда болгондо; 0,5 – кесилишүү жерлеринде бөлүштүрүүчү аянтчаларды курууда; 0,3 – көчөдөн сырткаркы ылдамдыктуу унаанын линияларында борбордук жана аяккы которулуп олтуруу түйүндөрүндө.
9.27. Селитебдик жана аларга жанаша жайгашкан өндүрүштүк аймактарда жеке жеңил автомобилдердин эсептик санынын 90% кем эмесин туруктуу сактоо үчүн,аларга чейинки жөө жүрүү жолу 800 м ашпаган, ал эми кайра конструкциялоо же жагымсыз гидрогеологиялык абалдагы райондордо 1500 м ашпаган, гараждарды куруу каралат.
Жеңил автомобилдерди убактылуу сактоо үчүн гараждарды жеке жеңил автомобилдер паркынын эсептик санынын 70% кем эмес эсебинде куруу каралат, анын ичинде % менен:
турак жай райондорунда ...................................................................... 25;
өнөр жай жана коммуналдык-кампалык чөлкөмдөрдө (райондор) ..25;
жалпы шаардык жана атайлаштырылган борборлордо ..................... 5;
массалык кыска убакытка эс алуу чөлкөмдөрдө ............................... 15.
Ошол эле учурда:
9.27.1. Калктуу пункттун селитебдик аймактарынан сырткары жайгашкан гараждарда жана ачык токтоочу жайларда жеңил автомобилдер паркынын 10-15% сезондук сактоону караштырууга жол берилет.
9.27.2. Сактоо үчүн орундарга жалпы муктаждыкты аныктоодо башка жеке унаа каражаттарын (мотоциклдер, мотороллерлор, мотоколяскалар, мопеддер) да, аларды төмөнкү көмөк чоңдуктарды колдонуу менен бир эсептик түргө (жеңил автомобилге) келтирип, эсепке алуу керек:
коляскалары менен мотоциклдер жана
мотороллерлор, мотоколяскалар ............................................... 0,5;
коляскалары жок мотоциклдер жана мотороллерлор ............. 0,25;
мопеддер жана велосипеддер .................................................... 0,1.
9.27.3. Турак жай райондору жана кичи райондор менен жанаша жайгашкан көчөлөрдүн жана жолдордун чектеринде автомобилдерди убактылуу жана туруктуу сактоо үчүн ачык токтоочу жайларды караштырууга жол берилет.
9.27.4. 9.27.2 жана 9.27.3 пункттарында көрсөтүлгөн, эсептөө жолу менен аныкталган автоашиналарды массалык сактоо орундары калктуу пункттардын тетиктеп пландаштыруу долбоорлорунда караштырылат.
9.27.5. Чоң, ири жана өтө ири шаарлардагы турак жай райондорунун жана кичи райондордун аймактарында автомобилдерди сактоо үчүн орундарды жер алдындагы мейкиндикти эсептик көрсөткүчтүн 50% кем эмесин пайдалануу менен көп катар кабаттуу унаа туруктарда караштыруу зарыл.
9.28. Жеңил автомобилдер токтоочу жайлардын эсептик ченемдерин сунушталуучу 9-тиркемеге ылайык кабыл алууга жол берилет.
9.29. Кабаттуулугуна жараша жеңил автомобилдердин гараждарынын жана токтоочу жайларынын жер участокторунун өлчөмдөрү, 1 машина-орунга, м2:
гараждар үчүн:
бир кабаттуу.......................................... .30;
эки кабаттуу ......................... .................. 20;
үч кабаттуу ........................... .................. 14;
төрт кабаттуу ........................ ................. 12;
беш кабаттуу ......................... ................. 10;
жер үстүндөгү токтоочу жайлар үчүн ...25.
9.30. Гараждарга кирүүчү жана алардан чыгуучу жердеги аралыкты төмөнкүчө кабыл алуу керек: магистралдык көчөлөрдүн кесилишинен – 50 м; жергиликтүү маанидеги көчөлөрдүн кесилишинен – 20 м; коомдук жүргүнчү унаанын аялдама пункттарынан – 30 м.
Жеңил автомобилдердин жер алдындагы гараждарына кирүүчү жана алардан чыгуучу жерлер турак үйлөрдүн терезелеринен жана жалпыга билим берүүчү мектептердин, мектепке чейинки балдар мекемелеринин жана дарылоочу мекемелердин участкаларынан 15 м кем аралыкта болуусу шарт, качан долбоордо санитардык шарттарды жакшыртуу боюнча атайын иш чараларкаралгандан сырткаркыучурларда.
Жер алдындагы гараждардын желдетүүчү шахталары курулуш тармагында аракеттеги ченемдик-техникалык документтерге ылайык каралышы зарыл.
9.31. Атайын дайындалыштагы ведомстволук жана жеңил автомобилдердин, жүк ташуучу автомбилдердин, таксилердин, кире автомобилдеринин гараждарын, автобус жана троллейбус парктарын, ошондой эле автомобилдерди борборлоштуруп техникалык тейлөө базаларын жана автомобилдерди кирелөө пункттарын, алардын жер участокторунун өлчөмдөрүн сунушталуучу 9-тиркемесине ылайык кабылдап, өндүрүш чөлкөмдөрүнө жайгаштыруу керек.
9.32. Жеңил автомобилдерди туруктуу жана убактылуу сактоо үчүн дайындалган жер үстүндөгү жана жер үстү-астындагы гараждардан, техникалык тейлөө чордондорунан турак үйлөргө жана коомдук имараттарга, ошондой эле селитебдик аймактарда жайгашуучу мектептерге, балдар бакчаларына жана стационардык типтеги дарылоочу мекемелерге чейинки аралыкты түзүлгөн таасын шаар куруу кырдаалына карата 8-таблицага ылайык кабылдоо зарыл.
9.33. Автомобилдерди техникалык тейлөө чордондорун 200 жеңил автомобилге 1 пост эсебинде долбоорлоо керек, алардын жер участокторунун өлчөмдөрүн, га, чордондор үчүн:
10 постко ............... 1,0;
15 постко ............... 1,5;
25 постко ............... 2,0;
40 постко ............... 3,5 кылып алуу зарыл.
9.34. Автомай чордондорун (АМЧ) 1200 жеңил автомобилге бир май таратуучу чорго эсебинде, жер участокторунун өлчөмдөрүн, га, төмөнкүчө кабыл алып долбоорлоо керек, чордондор үчүн:
эки чоргого...................... 0,1;
5 чорго үчүн ................... 0,2;
7 чорго үчүн ................... 0,3;
9 чорго үчүн ................... 0,35;
11 чорго үчүн ................. 0,4.
8-таблица
Аларга чейинки ажырым аныкталып жаткан объекттер | Аралык, м | ||||
Сыйымдуулугу төмөнкүдөй болгон ачык автоунаа туруктар жана паркингдер, машина-орун | |||||
10 жана андан аз | 11 -50 | 51 -100 | 101 -300 | 300дөн көп | |
Турак үйлөрдүн бет маңдайлары жана терезелери менен тумшук жактары | 10 | 12
| 25
| 35
| 50 |
Турак үйлөрдүн терезелери жок тумшук жактары | 10 | 10 | 15 | 25 | 35
|
Суу менен камсыздоо жана суу агындылоо
10.1. Сууну тазалоочу чордондор үчүн жер участкаларынын өлчөмдөрүн, алардын өндүрүмдүүлүгүнө жараша, миң м3/сут., долбоор боюнча, бирок төмөнкүлөрдөн кем эмес кылып, га, алуу керек:
0,8 чейин ............................... 1,0;
0,8ден 12 чейин .................... 2,0;
12ден 32 чейин ..................... 3,0;
32ден 80 чейин ..................... 4,0;
80ден 125 чейин ................... 6,0;
125тен 250 чейин ................. 12,0;
250дөн 400 чейин ................. 18,0;
400дөн 800чейин .................. 24,0.
10.2. Суу агындылоонун суу тазалоочу курулмаларынын жер участкаларынын өлчөмдөрүн 9-таблицадагыдан көп эмес кылып алуу зарыл:
9-таблица
Суу агындылоонун тазалоочу курулмаларынын өндүрүмдүүлүгү, м3/сут. | Жер участкаларынын өлчөмдөрү, га | ||
тазалоочу курулмалардын | тундурма аянтчалардын | тереңдикте тазалоочу биологиялык көлмөлөрдүн | |
0,7 чейин | 0,5 | 0,2 | - |
0,7ден 17 чейин | 4,0 | 3,0 | 3,0 |
17ден 40 чейин | 6,0 | 9,0 | 6,0 |
40тан 130 чейин | 12,0 | 25,0 | 20,0 |
130дан 175 чейин | 14,0 | 30,0 | 30,0 |
175тен 280 чейин | 18,0 | 55,0 | - |
10.3. Жергиликтүү суу агындылоо тутумдарынын жана алардын сантардык-коргоочу чөлкөмдөрүнүн жер участкаларынын өлчөмдөрүн кыртыштарынын шарттарына жана агынды суулардын көлөмүнө жараша, бирок 0,25 га ашык эмес алуу керек.
10.4. Суу агындылоонун борборлошкон тутуму жок учурларда сантардык-эпидемиологиялык кызматтын жергиликтүү органдары менен макулдашуу боюнча агызма чордондорду куруу зарыл. Азызма чордондордун жана алардын санитардык-коргоочу чөлкөмдөрүнүн жер участкаларынын өлчөмдөрүн аракеттеги ченемдик документтер боюнча кабыл алуу керек.
Санитардык тазалоо
10.5. Калкынын саны 250 миң кишиден ашкан шаарлар жана республикалык маанидеги курорттор үчүн тиричилик калдыктарды өнөр жайлык кайра иштетүү боюнча ишканаларды жана таштанды кайра иштетүүчү ишканаларды куруу зарыл.
Тиричилик калдыктарынын ченемдерин сунуш кылынуучу 10- тиркемеге ылайык кабыл алууга жол берилет.
10.6. Тиричилик калдыктарын ташуу, зыянсыздандыруужана кайра иштетүү боюнча ишканалардын, курулмалардын жана башка объекттердин, алардын санитардык-коргоочу чөлкөмдөрүнүн жер участкаларынын өлчөмдөрүн төмөнкүчө кабыл алуу керек:
I класс – санитардык-коргоочу чөлкөмү 1000 м:
1) Катуу тиричилик калдыктардын жеткилеңдетилген төгүндүлөрү.
2) Акыр-чикирлерди жок кылуу талаасы жана айдап салуу талаасы.
3) Аңдарга көмүү менен мал өлүкканалары.
4) Малдын өлүктөрүн жана конфискаттарды жок кылуу үчүн кайра иштетүүчү заводдор.
5) Кайра иштетилбеген катуу өнөр жай калдыктары үчүн жеткилеңдетилген төгүндүлөр.
6) Кубаттуулугу жылына 40 миң тоннадан ашык болгон таштанды өрттөгүч жана таштанды кайра иштеткич объекттер.
II класс – санитардык-коргоочу чөлкөмү 500 м.
1) Кубаттуулугу 40 миң тоннага чейин болгон таштанды өрттөгүч жана таштанды кайра иштеткич объекттер.
2) Катуу тиричилик калдыктарын чиритүүчү полигондор жана участкалар.
3) Биологиялык камералары менен мал өлүкканалары.
4) Агызгыч чордондор.
IIIкласс – санитардык-коргоочу чөлкөмү 300 м.
1) Кайра иштетилүүчү чийки заттарды жыйноо боюнча борбордук базалар.
2) Калдыктарды пайдалануу менен демканалар жана күнөсканалар үчүн участкалар.
3) Кыксыз жана заңсыз калдыктарды чиритүү.
IV класс – санитардык-коргоо чөлкөмү 100 м.
Таштанды кайра жүктөөчү чордондор.
Суюк жана газ автоотуну менен жүк ташуучу жана жеңил автоунааны отун камсыздандыруу үчүн автоотункамсыздандыргыч чордондор.
V класс - санитардык-коргоо чөлкөмү 50 м.
Жеңил автомобилдерди тейлөөчү 5 постко чейинки техникалык тейлөө чордондору (майлап-түздөө жумуштарысыз).
Тейлөө объекттери (дүкөндөр, кафелер) менен,бензиндин буусун айландыруучу тутуму менен жабдылган жеңил автомобилдер үчүн автоотункамсыздандыргыч чордондор.
10.6.1. Акыр-чикирлерди жок кылуу, чиритүү талааларынын жана полигондорунун жер участкаларынын эң кичине өлчөмдөрүн гидрологиялык, климатикалык жана кыртыш шарттарын эсепке алуу менен кабыл алуу керек.
Электр, жылуулук, муздак жана газ менен камсыздоо. Байланыш, радиоберүү жана телекөрсөтүү
10.7. Электр энергиясынын чыгымдалышын, жылуулукка, газга болгон муктаждыкты жана электр менен камсыздоочу булактардын кубаттуулугун төмөнкүчө аныктоо керек:
өнөр жай жана айыл чарба ишканалары үчүн – аракеттеги ишканалардын табыштамалары, жаңылардын, кайра конструкциялануучулардын же ошого окшоштордун долбоорлору, ошондой эле жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ирилештирилген көрсөткүчтөр боюнча;
чарбалык-тиричилик жана коммуналдык муктаждыктар үчүн – курулуш тармагында аракеттеги ченемдик-техникалык документтерге ылайык.
Электр пайдалануунун ирирлештирилген көрсөткүчтөрүн сунушталуучу 11-тиркемеге ылайык кабыл алууга жол берилет.
10.8. Чыңалуусу 110 кВ жана андан жогору болгон электр тарамдарын өтө ири жана ири шаарлардын селитебдик аймактарынын чегинде терең кирме учтуу төмөндөтүүчү көмөк чордондорду көздөй тартууну кабелдик линиялар менен ишке ашыруу зарыл.
Жалпы энергетикалык тутумга кирген электр өткөрүүчү чубалгыларды өнөр жай чөлкөмдөрүнүн (райондорунун) аймактарында, ошондой эле айыл чарба ишканаларынын өндүрүш чөлкөмдөрүндө жайгаштырууга тыюу салынат.
10.9. Шаарларды кайра курууда чыңалуусу 35 – 110 кВ жана андан жогору болгон мурун турган электр өткөрүүчү чубалгыларын селитебдик аймактардын сыртына чыгарууну же аба чубалгыларын кабель менен алмаштырууну, ал эми өтө ири шаарларда бошотулуучу аймактарды турак жай жана коомдук имараттар менен куруу муктаждыгы чыккан учурларда – мурун турган терең кирме учтуу төмөндөтүүчүачык көмөк чордондорду жабыктарга алмаштырууну караштыруукерек.
10.10. Шаарлардын жана калктуу пункттардын селитебдик аймактарындагы 4 жана андан бийик кабаттуу курулуш райондорунда кошулуучу 20 кВ чейинки чыңалуудагы электр тарамдарын, ошондой эле курорттук комплекстердин аймактарындагы баардык чыңалуудагы тарамдарды кабелдик линиялар менен тартуу зарыл.
10.11. Кубаттуулугу 16 миң кВ*А жана андан жогору болгон трансформаторлуу төмөндөтүүчү көмөк чордондорду жана селитебдик аймакта жайгаштырылуучу аба линияларынын кабелдик линияларга өтүү пункттарын, ал эми курорттук комплексттердин аймактарында – баардык трансформатордук көмөк чордондорду жана бөлүштүрүүчү түзмөктөрдү жабык түрдө куруу талап кылынат. Көмөк чордондордун жана аба чубалгыларынын кабелдик линияларга өтүү пункттарынын кире бериштеринде кабелдик линиялардын жана аба чубалгыларынын кирме жана чыкма учтары үчүн техникалык тилкелерди караштыруу керек.
10.12. Төмөндөтүүчү жабык көмөк чордондор үчүн, чыңалуусу 110-220 кВ болгон комплекттик жана бөлүштүрүүчү түзмөктөрдү кошкондо, жер участкаларынын өлчөмдөрүн 0,6 га ашык эмес, ал эми аба чубалгыларынын кабелдик линияларга өтүү пункттарыныкын – 0,1 га ашык эмес кылып алуу зарыл.
10.13. Өзүнчө турган бөлүштүрүүчү пункттарды жана ар биринин кубаттуулугу 1000 кВ* А болгон, трансформаторлорунун саны экиден ашык эмес, чыңалуусу 6 – 20 кВ болгон жана шуулдактардан коргоо чаралары көрүлгөн трансформаторлук көмөк чордондорду жайгаштырууда алардан турак үйлөрдүн жана коомдук имараттардын терезелерине чейинки аралыкты 10 м кем эмес кылып, ал эми дарылоо-профилактикалык мекемелерге – 15 м кем эмес кылып алуу керек.
10.14. Калктуу пункттардын жылуулук менен камсыздалуусун жылуулук менен камсыздоо схемасына ылайык ишке ашыруу зарыл.
10.15. Калкынын жыштыгы 40 киши/га жана андан жогорубир, эки кабаттуу турак жай райондорундагы курулуштарда жылуулук менен камсыздоо схемасы жок болсо,ошондой эле борборлоштурулган жылуулук менен камсыздоо тутуму жок айылдык калктуу конуштарда жылытуу тутумдарын коомдук жана турак жай имараттарынын тобунун отканаларынан алууга жол берилет.
IV климатикалык райондо жайгашкан шаарларда, тиешелүү техникалык-экономикалык негиздөөдө, борборлоштурулган муздак менен камсыздоотутумун караштыруу керек.
10.16. Турак жай курулушу райондорунда жайгашкан өзүнчө турган жылытуу отканалары үчүн жер участкаларынын өлчөмдөрүн 10-таблица боюнча кабыл алуу зарыл.
10- таблица
Отканалардын жылуулук өндүрүмдүүлүгү, Гкал/саат (МВт) | Жер участкаларынын өлчөмдөрү, га, төмөнкү отундарда иштөөчү отканаларда | |
катуу отунда | газ-мазут отунунда | |
5 чейин | 0,7 | 0,7 |
5тен 10 чейин (6дан 12 чейин) | 1,0 | 1,0 |
10дон 50 чейин (12ден 58 чейин) | 2,0 | 1,5 |
50дөн 100 чейин (58ден 116 чейин) | 3,0 | 2,5 |
100дөн 200 чейин (116дан 233 чейин) | 3,7 | 3,0 |
200дөн 400 чейин (233дөн 466 чейин) | 4,3 | 3,5 |
Ошол эле учурда:
10.16.1. Керектөөчүлөрдү тикелей суу таратуу аркылуу ысык суу менен камсыздоочу жылытуучу отканалардын, ошондой эле отуну темир жол аркылуу жеткирилүүчү отканалардын жер участкаларынын өлчөмдөрүн 20% көбөйтүү керек.
10.16.2. Майда күл жана кесек күл үйүндүлөрүн селитебдик аймактан сырткары жайгаштыруу зарыл. Майда күл жана кесек күл үйүндүлөрүн жайгаштыруу шарттарын жана алар үчүн аянттардын өлчөмдөрүн аныктоону аракеттеги ченемдик документтер боюнча жүргүзүү керек.
10.16.3. Отканалардан коргоочу санитардык-коргоочу чөлкөмдөрдүн өлчөмдөрү аракеттеги санитардык ченемдерге ылайык аныкталат.
10.17. Газ толтуруучу чордондордун (ГТЧ) жер участкаларынын өлчөмдөрүн алардын өндүрүмдүүлүгүнө жараша долбоор боюнча, келтирилген маанилерден, га, ашык эмес кылып алуу керек, өндүрүмдүүлүгү төмөнкүдөй чордондор үчүн:
10 миң т/жылына .................. 6;
20 миң т/жылына ..................7;
40 миң т/жылына .................. 8.
10.18. Газ толтуруучу чордондордун (ГТЧ) жана баллондордун ортолук кампаларынын (БОК) жер участкаларынын өлчөмдөрүн 0,6 га ашык эмес кылып кабыл алуу зарыл. Алардан ар түрдүү дайындалыштагы имараттар жана курулмаларга чейинки аралыкты аракеттеги ченемдик документтерге ылайык алуу керек.
10.19. Байланыш, радиоберүү жана телекөрсөтүү, өрт өчүрүүчү жана кайтаруучу ишарат белгилөө, инженердик жабдуу тутумун диспетчерлөө ишканаларын, имараттарын жана курулмаларын жайгаштырууну елгиленген тартипте бекитилген ченемдик документтердин талаптарына ылайык ишке ашыруу зарыл.
Инженердик тарамдарды жайгаштыруу
10.20. Инженердик тарамдарды артыкчылыктуу түрдө көчөлөрдүн жана жолдордун туура кесилиш профилдеринин чегинде; жылуулук тарамдарын, каналдарды же тоннелдерди – жан жолдордун (же бөлүүчү тилкелердин) алдында; суу өткөргүчтөрдү, газ өткөргүчтөрдү, чарбалык-тиричилик жана жаан суу агындылоону – бөлүүчү тилкелерде жайгаштыруу керек. Кызыл сызык жана курулуш сызыгынын ортосундагы тилкеде төмөнкү басымдагы газ тарамын жана кабель тарамдарын (күчтүк, ишарат белгилөө жана диспетчерлөө байланышынын) жайгаштыруу зарыл.
Жүрүүчү бөлүктүн жазылыгы 22 м ашык болгондо суу өткөргүч тарамдарын көчөлөрдүн эки жактары боюнча жайгаштырууну караштыруу керек.
10.21. Астында жер алдындагы инженердик тарамдар жайгашкан көчөлөрдүн жана жолдордун жүрүүчү бөлүктөрүнүн капиталдык жол жабуусун салуу менен кайра конструкциялоодо бул тарамдарды бөлүүчү тилкелерге жана жан жолдорго чыгарууну караштыруу зарыл. Тиешелүү негиздөөлөрдүн натыйжасында көчөлөрдүн жүрүүчү бөлүктөрүнүн алдына мурун курулгандарды, ошондой эле каналдарда жана тоннелдерде жаңы курулуучу тарамдарды калтырууга жол берилет. Бөлүүчү тилкелери жок мурун курулган көчөлөрдө тоннелдерде же каналдарда жайгаштыруу шарты менен жүрүүчү бөлүктөрдүн алдына жаңы инженердик тарамдарды жайгаштырууга жол берилет; техникалык муктаждыктарга жараша көчөлөрдүн жүрмө бөлүктөрүнүн алдына газ өткөрүүчүлөрдү жайгаштырууга жол берилет.
10.22. Жер алдындагы инженердик тарамдарды тартууну: керек учурларда бириктирилген - диаметри 500дөн 900 мм чейин жылуулук тарамдарын жана диаметри 500 мм чейин болгон суу өткөргүчтү тоннелдердеги жалпы траншейлерде бирге жайгаштырууну караштырууга болот. Газ, жеңил тутануучужана күйүүчү суюктуктарды өткөрүүчү түтүктөрдү кабелдик линиялар менен бирге тартууга тыюу салынат.
Инженердик тарамдарды түбөлүк тоң кыртыштуу райондордо тартууда, тоң кыртышты тоңгон абалында сактоо менен, жылуулук өткөргүчтөрдү диаметрине карабай каналдарда же тоннелдерде жайгаштыруу керек.
10.23. Жер алдындагы эң жакынкы инженердик тарамдардан горизонталь боюнча (нак аралык) имараттарга жана курулмаларга чейинки аралыкты 11-таблица боюнча кабыл алуу зарыл.
10.24. Жер алдындагы инженердик тарамдар менен жөө өткөөлдөрдүн кесилишкен учурларында өткөргүч түтүктөрдү тоннелдердин алдына, ал эми күчтүк жана байланыш кабелдерин – тоннелдердин үстүнө жайгаштыруу керек.
10.25. Өнөр жай ишканалары жана кампаларын камсыздоо үчүн жеңил тутануучу жана күйүүчү суюктуктары, ошондой эле суюлтулган газы менен өткөргүч түтүктөрдү селитебдик аймактар аркылуу алып өтүүгө жол берилбейт.
Магистралдык өткөргүч түтүктөрдү калктуу пункттардын чегинен сырткары тартуу зарыл.
11-таблица
Инженердик тарамдар | Горизонталь боюнча аралык (накта), м, жер алдындагы тарамдардан төмөнкүлөргө чейин |
| ||||||||||||||||||
имараттар жана курулмалардын пайдубалдарына | ишканалардын, эстакадалардын, тийме тарамдар жана байланыштардын, темир жолдордун тосмолорунун пайдубалдарына |
четки жолдун огуна
| көчөнүн, жолдун жээк ташына (жүрмө бөлүктүн кыры, бекемделген тилкелүү жол четинин) | Кюветтин сырткы кырына же жолдун үймөгү нүн таманына | электр өткөрүүчү аба чубалгыларынын таянычтарынын пайдубалдарына, төмөнкү чыңалуудагы | |||||||||||||||
1520 мм издүү темир жолдун, бирок, үймөктүн түбүнө жана чуңкурдун кырына чейинки траншейдин тереңдигинен кем эмес | 750 мм издүү темир жолдун жана трамвайдын | |||||||||||||||||||
1 кВ чейинки сырткы жарыктандыруу, трамвай-лардын жана троллей-бустардын тийме тарамы | 1ден 35 кВ чейинки | 35тен 110 кВ чейинки жана андан жогору | ||||||||||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
| ||||||||||
Суу өткөргүч жана басымдуу суу агындылагыч | 5 | 3 | 4 | 2,8 | 2 | 1 | 1 | 2 | 3 |
| ||||||||||
Өзү акма суу агындылагыч (тиричилик жана жаан суусун) | 3 | 1,5 | 4 | 2,8 | 1,5 | 1 | 1 | 2 | 3 |
| ||||||||||
Сарыктыргыч | 3 | 1 | 4 | 2,8 | 1,5 | 1 | 1 | 2 | 3 |
| ||||||||||
Коштоочу сарыктыргыч | 0,4 | 0,4 | 0,4 | 0 | 0,4 | - | - | - | - |
| ||||||||||
Газөткөргүчтөрү, МПа, (кгк/см2): төмөнкү, 0,005 (0,05) чейин | 2 | 1 | 3,8 | 2,8 | 1,5 | 1 | 1 | 5 | 10 |
| ||||||||||
орто, 0,005тен (0,05) 0,3 чейин (3) | 4 | 1 | 4,8 | 2,8 | 1,5 | 1 | 1 | 5 | 10 |
|
| |||||||||
жогорку, 0,3төн 0,6 (6) чейин | 7 | 1 | 7,8 | 3,8 | 2,5 | 1 | 1 | 5 | 10 |
|
| |||||||||
жогорку, 0,6дан (6) 1,2 (12) чейин | 10 | 1 | 10,8 | 3,8 | 2,5 | 2 | 1 | 5 | 10 |
|
| |||||||||
Жылуулук тарамдары: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||
Каналдын, тоннелдин сырткы дубалчасынан | 2 (1.3 эскертүүнү кара) | 1,5 | 4 | 2,8 | 1,5 | 1 | 1 | 2 | 3 |
| ||||||||||
Каналсыз тартууда кабыктан | 5 | 1,5 | 4 | 2,8 | 1,5 | 1 | 1 | 2 |
|
| ||||||||||
Баардык багыттагы күчтүк жана байланыш кабелдери | 0,6 | 0,5 | 3,2 | 2,8 | 1,5 | 1 | 0,5* | 5* | 10* |
|
| |||||||||
Каналдар, коммуникациялык тоннелдер | 2 | 1,5 | 4 | 2,8 | 1,5 | 1 | 1 | 2 | 3* |
|
| |||||||||
Сырткы, желдеп таштанды өткөргүчтөр | 2 | 1 | 3,8 | 2,8 | 1,5 | 1 | 1 | 3 | 5 |
|
| |||||||||
| ||||||||||||||||||||
*күчтүк кабелдерден болгон аралыкка тиешелүү
Ошол эле учурда:
IA, IГ климатикалык кичи райондор үчүн жер алдындагы тарамдардан (суу өткөргүчтөрдөн, тиричилик жана жаан суу агындылагычтардан, сарыктыргычтардан, жылуулук тарамдарынан) аралыкты негиздин кыртыштарын тоң абалында сактоо менен курулуш жүргүзүүдө техникалык эсеп боюнча кабыл алуу керек.
Пайдубалдардын чөгүүсүнөн, ошондой эле тарамдар кыйраганда пайдубалдардын бузулуусунан тарамдардын жабыр тартуу мүмкүнчүлүгүн четке кагуучу иш чараларды аткаруу шартында жер алдындагы инженердик тарамдарды өткөргүч түтүктөрдүн, тийме тарамдын таянычтарынын жана эстакадаларынын пайдубалдарынын чегинде жайгаштырууга жол берилет. Куруп суу төмөндөтүүнү колдонуу менен тартылуучу инженердик тарамдарды жайгаштырууда алардан курулмалардын имараттарына чейинки аралыкты негиздердин кыртыштарынын бекемдигинин мүмкүн болгон бузулуу чөлкөмүн эсепке алуу менен аныктоо зарыл.
Каналсыз жайгаштырууда жылуулук тарамдарынан имараттарга жана курулмаларга чейинки аралыкты суу өткөргүчтөрдүкүндөй эле кабыл алуу керек.
Чыңалуусу ПО – 220 кВ болгон күчтүк кабелдерден ишканалардын тосмолорунун, эстакадаларынын, тийме тарамдын таянычтарынын жана байланыш линияларынын пайдубалдарына чейинки аралыкты 1,5 м кылып кабыл алуу зарыл.
Чөкпөй турган кыртыштуу сугат райондорунда жер алдындагы инженердик тарамдардан сугат каналдарына чейинки аралыкты (каналдын кырына чейин), м, төмөнкүчө кабыл алуу керек:
төмөнкү жана орто басымдагы газ өткөргүчтөрдөн, ошондой эле суу өткөргүчтөрдөн, суу агындылагычтардан, суу агызгычтардан жана күйүүчү суюктуктардын өткөргүч түтүктөрүнөн – 1;
0,6 МПа (6 кгк/см2) чейинки жогорку басымдагы газ өткөргүчтөрдөн, жылуулук өткөргүчтөрдөн, чарбалык-тиричилик жана жаан суусун агындылагычтан – 2;
күчтүк кабелдерден жана байланыш кабелдеринен – 1,5;
көчө тарамынын сугат каналдарынан имараттардын жана курулмалардын пайдубалдарына чейинки – 5.
Кысталыш жана трехникалык татаал шарттарда, эгер долбоордо коопсуздукту жана нормалдуу эксплуатацияны камсыз кылуу иш-чаралары каралган болсо, жогоруда көрсөтүлгөн аралыктарды азайтууга жол берилет.
Инженердик тарамдар | Горизонталь боюнча аралык (нак), м, төмөнкүлөргө чейин | ||||||||||||
суу өткөргүчкө | тиричи-лик суу агындылоого | сарык-тыргычка жана жаан суусун агындылоого | басымдуу газ өткөрүүчүлөргө, МПа (кгк/см2) | баардык чыңалуудагы күчтүк кабелдерге | байла-ныш кабел-дерине | жылуулук тарамдарына | тон-нелдин ка-налда-рына | сырткы, жел менен таштанды өткөр-гүчтөр-гө | |||||
төмөнкү, 0,005 (0,05) ке чейин | орто, 0,005 (0,05) тен 0,3 (3) кө чейин | жогорку | канал-дын, тон-нелдин сырткы дубалдарына | каналсыз жайгаштырууда кабыгына | |||||||||
0,3 (3) төн 0,6 (6) чейин | 0,6 (6) дан 1,2 (12) чейин | ||||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
Суу өткөргүч | 1-эскертүүнү кара | 2-эскертүүнү кара | 1,5 | 1 | 1 | 1,5 | 2 | 0,5* | 0,5 | 1,5 | 1,5 | 1,5 | 1 |
Тиричилик суу агындылоо | 2-эскертүүнү кара | 0,4 | 0,4 | 1 | 1,5 | 2 | 5 | 0,5* | 0,5 | 1 | 1 | 1 | 1 |
Жаан суусун агындылоо | 1,5 | 0,4 | 0,4 | 1 | 1,5 | 2 | 5 | 0,5* | 0,5 | 1 | 1 | 1 | 1 |
Басымдуу газ өткөргүчтөр, МПа (кгк/см2): төмөнкү 0,005 (0,05) ке чейин; орто, 0,005 (0,05) тен 0,3 (3) кө чейин; жогорку, 0,6 (6) дан 1,2 (12) чейин |
1
1
1,5 2 |
1
1,5
2 5 |
1
1,5
2 5 |
0,5
0,5
0,5 0,5 |
0,5
0,5
0,5 0,5 |
0,5
0,5
0,5 0,5 |
0,5
0,5
0,5 0,5 |
1
1
1 2 |
1
1
1 1 |
2
2
2 4 |
1
1
1,5 2 |
2
2
2 4 |
1
1,5
2 2 |

Баардык чыңалуудагы күчтүк кабелдер | 0,5* | 0,5* | 0,5* | 1 | 1 | 1 | 2 | 0,1-0,5* | 0,5 | 2 | 2 | 2 | 1,5 |
Байланыш кабелдери | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 1 | 1 | 1 | 1 | 0,5 | - | 1 | 1 | 1 | 1 |
Жылуулук тарамдары: каналдын, тоннелдин сырткы дубалчасынан, каналсыз тартууда, кабыгынан |
1,5
1,5 |
1
1 |
1
1 |
2
1 |
2
1 |
2
1,5 |
4
2 |
2
2
|
1
1 |
-
- |
-
- |
2
2 |
1
1 |
Каналдар, тоннелдер | 1,5 | 1 | 1 | 2 | 2 | 2 | 4 | 2 | 1 | 2 | 2 | - | 1 |
Сырткы, желдеп таштанды өткөргүчтөр | 1 | 1 | 1 | 1 | 1,5 | 2 | 2 | 1,5 | 1 | 1 | 1 | 1 | - |
*Электр орнотмолорун түзүү эрежелеринин (ЭОТЭ) 2-бөлүмүнүн талаптарына ылайык кабыл алынат
Ошол эле учурда:
1.1. Бир нече суу өткөргүч линияларды параллель жаткырууда алардын ортосундагы аралыкты техникалык жана инженердик-геологиялык шарттарга жараша кабыл алуу керек.
1.2. Тиричилик суу агындылоодон чарбалык-ичме суу өткөргүчкө чейинки аралыкты, м, төмөнкүчө кабыл алуу зарыл: диаметри 200 мм чейин болгон чоюн түтүктөрдөн куралган суу өткөргүчкө чейин – 1,5; диаметри 200 мм чоң болгондо – 3; пластмасса түтүктөрдөн куралган суу өткөргүчтөргө чейин – 1,5.
Суу агындылоо тарамдары менен өндүрүштүк суу өткөргүчтөргө чейинки аралык түтүктөрдүн материалдарына жана диаметрлерине жараша, ошондой эле кыртыштардын номенклатурасына жана мүнөздөмөлөрүнө жараша 1,5 м кем болбошу керек.
1.3. Газ өткөргүчтөрдү параллель жаткырууда, бир траншейде 2 же андан көп газ өткөрүүчүлөрдү жанаша жайгаштырууда, диаметрлери 300 мм чейин болгон түтүктөр үчүн алардын ортолорундагы аралыкты (накта) 0,4 м жана диаметрлери 300 мм чоң болгондордукун 0,5 м кылып кабыл алууга жол берилет.
1.4. Магистралдык инженердик тарамдарды имараттын алдында жана ичинде жайгаштырууга айрым сейрек учурларда жол берилет, эгерде өтмө каналды имараттын негизги конструкциялары менен байланыштырбай алып өтсө.
11. Инженердик даярдык жана аймакты коргоо
11.1. Инженердик даярдык боюнча иш чараларды инженердик-геологиялык шарттардын өзгөрүлүүсүнүн божомолдорун, аймакты пайдалануу мүнөзүн жана мерчемдик уюштуруусун эсепке алуу менен аныктоо зарыл.
Шаардык жана айылдык калктуу пункттардын мерчемдик жана курулуштук долбоорлорун иштеп чыгууда, керек учурларда, суунун каптап, кирип кетүүсүнөн, сел агымдарынан, кар,жер көчкүлөрүнөн, жана жер кулоолордон инженердик коргоолорду караштыруу керек.
11.2. Жерди вертикал багытында тегиздөөдө аймактын долбоордук белгилерин табигый рельефти, кыртыштын бетин жана өсүп турган өсүмдүктөрдү максималдык түрдө сактоону, жер үстүндөгү сууларды бурууну жана кыртыштын эрозия болуу мүмкүнүчүлүгүн жокко чыгара турган ылдам агуучу сугат арыктарды чабууну, чыгарылуучу топурактарды курулуш аянтында колдонуу менен жер жумуштарын минималдык көлөмгө жеткирүүнү көңүлгө алуу менен дайындоо шарт.
11.3. Жер үстүндөгү сууларды бурууну баардык бассейндерден (көлмөлөргө агуучу суулар, агынды суулар, чуңкурлар ж.б.) калктуу пункттарда, шаарларда агынды сууларды алдын ала тазалоо менен жабык түрдөгү жаан суусун агындылоону караштырып ишке ашыруу зарыл.
Арыктан сугарууда арыктар аркылуу суу агындылоону көчөлөр, жолдор жана жан жолдор менен кесилиштеринде көпүрөчөлөрдү же түтүктөрдү коюу менен, ишке ашыруу керек.
11.4. Кыртыш суулары бийик жайгашкан, саз баскан участкалуу калктуу пункттардын аймактарында жабык сарыктыргычтарды куруу менен капиталдык курулуш чөлкөмдөрүндө кыртыш сууларынын деңгээлдерин төмөндөтүүнү караштыруу зарыл. Шаарлардын, калктуу пункттардын чарбактык курулуш аймактарында, стадиондордун, парктардын жана башка жалпы пайдаланылуучу аймактарда ачык кургатуучу тарамдарды курууга жол берилет.
Бул иш чаралар төмөнкү аймактарда кыртыш суулардын деңгээлин төмөндөтүүнү камсыз кылуусу абзел: капиталдык курулуштардын - жер бетиндеги долбоордук белгиден 2 м кем эмес; стадиондордун, парктардын, скверлердин жана башка жашылдандырылган – 1 м кем эмес.
11.5. Жээктерге жакын жайгашкан калктуу пункттардын аймактары кирген суулардын каптап кетишинен, шамалдын сууну айдап киришинен жана кыртыш сууларынын басып кетишинен топуракты үймөктөө же кырдоо менен корголушу зарыл. Үймөктөлгөн аймактын кырынын бийиктиги шамалдын толкунду айдап баруусун эсепке алуу менен көтөрүлгөн суунун эсептик горизонтунан 0,5 м кем эмес болуусу шарт. Кырдалган дамбанын жээгинин суунун эсептик деңгээлинен көтөрүлүүсү курулмалардын классына жараша алынат.
Көтөрүлгөн суунун эсептик горизонтун суунун кайталануучу эң бийик деңгээлинин белгиси боюнча кабыл алышат: турак үйлөр менен курулуучу же курулган аймактар үчүн – 100 жылда бир жолу; парктардын жана жалпак спорттук курулмалардын аймактары үчүн – 10 жылда бир жолу.
11.6. Селге кооптуу чөлкөмдөрдө курулгандарды коргоо үчүн токойду максималдык түрдө сактоону, жыгач-бадал өсүмдүктөрүн отургузууну, жантаймаларды терассалоону, сел келүүчү дарыялардын жээктерин бекемдөөнү, сел пайда кылуучу чөлкөмдө тогоондорду жана көлмөлөрдү курууну, селди багыттоочу дамбаларды жана конустук учтарда буруучу каналдарды курууну караштыруу керек.
11.7. Аңдарды пайда кылуучу эрозиялык процесстердин аракет этүү участкаларында жер үстүндөгү агынды сууларды ирээтке келтирүүнү, аңдардын нуктарын бекемдөөнү, жантаймаларды террассалоону жана токойлоону колго алуу зарыл. Айрым учурларда аңдарды, алар аркылуу суу агызуучу жана сарыктыруучу коллекторлорду жаткырып, толук же айрымдаптолтуруу менен жоюуну да караштыруу керек.
Аңдардын аймактары унаа курулмаларын, гараждарды, кампаларды жана коммуналдык объекттерди, ошондой эле парктарды жайгаштыруу үчүн колдонулат.
11.8. Жер көчкү процесстерине дуушарланган аймактарда жайгашкан шаарларда жана калктуу пункттарда жер үстүндөгү агын сууларды ирээтке келтирүүнү, кыртыш суулардын агымдарын бууп салууну, жер көчкү массивинин табигый жаратылышынын бузулушунун алдын алууну, жантаймалардын туруктуулугун механикалык жана физикалык-химиялык каражаттар менен бекемдөөнү, жантаймаларды террассалоону, өсүмдүктөрдү отургузууну колго алуу зарыл. Жер көчкүгө каршы чараларды райондордун геологиялык жана гидрогеологиялык шарттарын комплекстүү изилдөөнүн негизинде жүргүзүү керек.
12. Айлана чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу
12.1. Жаңы курулуучу жана мурун курулган шаарларды, калктуу пункттарды өнүктүрүү үчүн аймактарды Кыргыз Республикасынын жер кодексине ылайык айыл чарба үчүн жараксыз жерлерден караштыруу зарыл.
Курулуштарды сугат жана кургатылган, айдоо жерлерде, көп жылдык жемиш өсүмдүктөрү жана жүзүмзарлар тигилген участкаларда, ошондой эле суу сактоочу коргомо жана I топтогу башка токойлор ээлеген жерлерде жайгаштырууга жер мыйзамдарына ылайык өзгөчө учурларда гана жол берилет, ал эми баалуулугу жогору болгон жерлерде – тыюу салынат.
12.2. Калктуу пункттарды, өнөр жай комплекстерин жана башка объекттерди тиешелүү жергиликтүү геологиялык уюмдардан келечекте курулуучу участоктун астындагы жер казынасында пайдалуу кендердин жоктугу тууралуу маалыматты алганга чейин долбоорлоого жана курууга тыюу салынат.
Пайдалуу кендер жаткан аянттарда курулуш жүргүзүүгө, ошондой эле алар жаткан жарлерге жер алдындагы курулмаларды курууга пайдалуу кендерди алып чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу шарты менен гана геология жана минералдык ресурстар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты аркылуу же курулуштун экономикалык жактан максатка ылайыктуулугу далилденген учурларда жол берилет.
12.3. Имараттарды, курулмаларды жана коммуникацияларды жайгаштырууга төмөнкү учурларда тыюу салынат:
коруктардын, корукчалардын, улуттук жаратылыш парктарынын, ботаникалык бактардын, дендрологиялык парктардын жана суу коргоочу тилкелердин (чөлкөмдөрдүн) жерлеринде;
шаарлардын жашыл чөлкөмдөрүнүнжерлеринде, шаар токойлорунун жерлерин кошкондо, эгерде долбоорлонуучу объекттер эс алуу, спорт же шаар четиндеги токой чарбасын тейлөө үчүн дайындалбаса;
гидрометеорологиялык чордондорду коргоо чөлкөмдөрүндө;
суу менен камсыздоо булактарын жана суу өткөргүч курулмалардын аянттарын санитардык коргоонун биринчи чөлкөмүндө, эгерде долбоорлонуучу объекттер булактарды пайдалануу менен байланышпаса;
курортторду санитардык коргоонун биринчи чөлкөмүндө, эгерде долбоорлонуучу объекттер курорттордун дарылоочу табигый каражаттарын пайдалануу менен байланышпаса.
Курортторду санитардык коргоонун экинчи чөлкөмүндө курортторду пайдалануу, өнүктүрүү жана абаттоо объекттерин, ошондой эле атмосфераны, кыртышты жана сууну булгабай, шуулдактардын деңгээли жана электр-магниттик талаанын чыңалуусу ченемдик көрсөткүчтөрдөн ашпай турган курорттордун калкын тейлөөчү объекттерди жайгаштырууга жол берилет. Курортторду санитардык коргоонун үчүнчү чөлкөмүндө дарылоочу табигый каражаттарга жана курорттун санитардык абалына терс таасирин тийгизбеген объекттерди жайгаштырууга жол берилет.
Ошол эле учурда төмөнкүлөргө жол берилбейт:
12.3.1. Имараттарды жана курулмаларды жайгаштырууга:
санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары тарабынан коюлган мөөнөт өткөнгө чейин органикалык жана радиоактивдүү калдыктар менен булганган жер участкаларында;
көмүр, сланец шахталарынын жана байытуучу фабрикалардын үйүндүлөрүнүн, жер көчкү, сел агымдары жана кар көчкүлөрдүн кооптуу чөлкөмдөрүндө;
тогоондордун же дамбалардын бузулуусунан катастрофикалык суу каптоо чөлкөмдөрүндө (катастрофикалык суу каптоо чөлкөмү деп тереңдиги 1,5 м жана андан да чоң болгон, имараттарды жана курулмаларды кыйратууларга, элди зыянга, ишканалардын жабдууларын иштен чыгарууга алып келген суу баскан аймак эсептелет);
активдүү жаракага жанаша жайгашкан сейсмикалык чөлкөмдөрдө жана райондордо;
магистралдык өткөргүч түтүктөрдүн коргоо чөлкөмдөрүндө.
12.3.2. Коруктардын коргоо чөлкөмдөрүндө айыл чарба ишканаларын, имараттарды жана курулмаларды жайгаштырууга, эгерде келтирилген объекттерди куруу жана аларды пайдалануу коруктардын табигый шарттарын бузбаса жана алардын сакталышына коркунуч туудурбаса, жол берилет. Бул объектттерди жайгаштыруу шарттары ошол корук карамагына кирген ведомстволор менен макулдашылышы абзел.
12.3.3. Унаа курулмаларынын, түзмөктөрүнүн жана башка объекттеринин нормалдуу пайдаланылышын камсыз кылуу максатында аракеттеги мыйзамдар жана унаа жерлери жөнүндөгү эрежелер топтомуна ылайык коргоо чөлкөмдөрү аныкталышы мүмкүн.
12.3.4. Курчап турган жаратылыш чөйрөнүн абалына тикелей же кыйыр түрдө таасир берүүчү объекттерди жайгаштырууда экологиялык коопсуздук жана калктын саламаттыгын сактооталаптары аткарылышы керек, жаратылышты сактоо, табигый ресурстарды рационалдуу пайдалануу жана аларды калыбына келтирүү, курчап турган чөйрөнү жакшыртуу боюнча иш чаралар каралышы абзел.
12.4. I топтогу токойлорго кирүүчү шаарлардын жашыл чөлкөмдөрүнүн токойлору, шаардык жана курорттук токойлор рекреациялык, санитардык-гигиеналык жана ден соолукту чыңоочу максаттарда пайланылышы абзел. Калктуу пункттардын жака бел чөлкөмдөрүнүн аймактарындагы саз баскан жерлерде гидротокоймелиорациялык иш чараларды көрүү керек.
12.5. Шаарлардын жака бел чөлкөмдөрүнүн чектеринде жана токой фондунун жерлеринде жалпы дайындалыштагы жашыл чөлкөмдөрдү түзүүнү караштыруу зарыл.
Шаарлардын жашыл чөлкөмдөрүн аймактык уюштуруу токой-парктык жана токой-чарбалык бөлүктөргө бөлүүнү, токойдун ден соолукту чыңоочу жана жаратылышты коргоочу функцияларын камсыз кылуучу калктын эс алуу жерлерин жана корголуучу аймактарды аныктоону камтышы керек. Жашыл чөлкөмдөрдө алардын экологиялык, санитардык-гигиеналык жана рекреациялык функцияларын аткарууга терс таасирин тийгизүүчү чарбалык ишмердикти жүргүзүүгө тыюу салынат.
12.6. Токойсуз жана аз токойлуу райондордо жайгашкан шаарлардын, калктуу пункттардын айланасына шамалдан коргоочу жана жээк бекемдөөчү токой тилкелерин, дөбөлөрдүн, аңдардын жана кокту-колоттордун капталдарын жашылдандыруу керек.
Коргоочу токой тилкелеринин жазылыгын, м, төмөнкүлөрдөн кем эмес кабыл алуу зарыл: өтө ири жана ири шаарларда – 500; чоң жана орто шаарларда – 100; майда шаарларда жана айылдык калктуу пункттарда – 50.
12.7. Шаарлардын жана алардын жака бел чөлкөмдөрүнүн мерчемдөө жана курулуш долбоорлорунда баалуу жаратылыш ландшафтарды рационалдуу пайдаланууну жана аларды коргоону, ландшафтык-рекреациялык аймактарды аныктоону, өзүнүн туруктуулугуна ылайык ландшафтка болгон рекреациялык жүктөмдөрдү чектөөнү, өзгөчө корголуучу аймактардын – мамлекеттик коруктардын жана корукчалардын, улуттук жаратылыш парктарынын, ботаникалык бактардын жана дендрологиялык парктардын, ошондой эле жаратылыш эстеликтеринин – токой, суу жана геологиялык, шарттамдык талаптарын сактоону караштыруу зарыл.
Атмосфераны, суу объекттерин жана кыртышыты булгануулардан коргоо
12.8. Селитебдик аймактарды атмосфералык абаны булгоочу булактар болгон, ошондой эле жогорку өрт кооптуулугун жаратуучу өндүрүш ишканаларына карата шамал соккон тарапка (көбүрөөк соккон шамал багыты үчүн) жайгаштыруу керек. Өзгөчө таза атмосфералык абаны талап кылган ишканаларды атмосфера абасын булгоочу булактары бар кошуна ишканаларга карата көбүрөөк соккон шамал багыты боюнча андан кийин жайгаштырууга болбойт.
Жаныбарларды, тоокторду жана жырткыч айбанаттарды багуучу ишканаларды, уулуу химикаттарды, биопрепараттарды, жер семирткичтерди жана башка өрткө кооптуу кампаларды жана өндүрүштөрдү, ветеринардык мекемелерди, калдыктарды жок кылуучу объекттерди жана ишканаларды, отканаларды, тазалоочу курулмаларды, ачык типтеги кык сактагычтарды селитебдик аймактарга жана аракеттеги ченемдик документтерге ылайык башка ишканаларга, өндүрүш чөлкөмүнүн объекттерине карата шамалдан ыктоо жагына (көбүрөөк соккон шамал багыты үчүн) жайгаштыруу зарыл.
Ошол эле учурда:
12.8.1. Зыяндуу заттар менен атмосфера абасын булгоочу булактары бар, санитардык ажырымы 500 м чоң келгенишканаларды, ылдамдыгы 1 м/с чейинки, узак мөөнөттүү же тез-тез кайталануучу штилдери, инверсиялары, тумандары (жыл бою 30-40%, кыш бою 50-60% күн) менен көбүрөөк соккон шамалдуу райондордо жайгаштырууга болбойт.
12.8.2. Атмосфера абасынын булгануусун эсептөөнү ушул эрежелер топтомунун 7-бөлүмүнүнүн талаптарына ылайык жүргүзүү керек.
12.8.3. Аэропортторду жайгаштыруудагы атмосфералык абанын булганышы Кыргыз Республикасынын 1- апрель 2016-жылдагы № 201 токтому менен бекитилген “Ишканалардын, курулмалардын жана башка объекттердин санитардык-коргоочу чөлкөмдөрү жана санитардык классификациясы” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдеринде каралган.
12.9. Көлмөлөрдү, агын сууларды жана көл акваторийлерин коргоо боюнча иш чараларды суу мыйзамдарынын талаптарына жана санитардык ченемдерге ылайык, чарбалык-ичме суу менен камсыздоодо, калктын эс алуусунда жана балык чарбалык суу объекттеринде пайдалануу үчүн булгоочу заттардын мүмкүн болгон чектик концентрациясын (МЧК) камсыз кылуу менен жер үсүтүндөгү жана жер алдындагы суулардын булгануусунун алдын алууну камсыздап түзүү зарыл.
12.10. Шаарлардын жана калктуу пункттардын селитебдик аймактарын, курорттук чөлкөмдөрдү жана массалык эс алуучу жерлерди өндүрүштүк жана чарбалык-тиричилик агын суулардын чыкма учтарына карата агын суулардын агымы боюнча жана көлмөлөрдөн жогору жайгаштыруу керек.
12.11. Көлмөлөрдүн жээктериндеги тилкелерде (чөлкөмдөрдө) өнөр жай ишканаларын жайгаштырууга ишкананын аянтчасын тикелей көлмөгө жалгаша жайгашуу муктаждыгы болгондо гана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, сууларды пайдаланууну жөндөө жана коргоо боюнча органдардын макулдашуусу менен жол берилет. Ишканалардын көлмөлөргө жалгашуусунун саны жана узундугу минималдуу болуусу шарт.
Минералдык жер семирткичтердин жана өсүмдүктөрдү коргоочу химиялык каражаттардын кампаларын, мал чарба жана тоок чарба ишканаларын жайгаштырууда алдыда көрсөтүлгөн заттардын, малдын жана тооктун кыктарынын агындыларынын көлмөлөргө түшүүсүн жокко чыгруучу чараларды көрүү зарыл.
Минералдык жер семирткичтердин жана өсүмдүктөрдү коргоочу химиялык каражаттардын кампаларын балык чарба көлмөлөрүнөн 2 км кем эмес аралыкта жайгаштыруу керек. Өзгөчө муктаждыктар жаралган учурларда жогоруда келтирилген кампалардан балык чарба көлмөлөрүнө чейинки аралыкты кыскартууга балык камдыктарын коргоону жүргүзүүчү органдар менен макулдашуу шарттарында гана жол берилет.
12.12. Дарыялардын жээктеги суу коргоо тилкесинин жазылыгы, эки жагынан тең, суунун көп жылдык орточо деңгээлинен аныкталат.
Магистралдык жана чарбалар аралык каналдардын суу коргоо тилкесинин жазылыгы, эки жагынан тең, канал ойдуңда өткөндө жээгинен, канал дөңсөөдө өткөндө - дамбанын түбүнөн, аныкталат.
12.12.1. Дарыялардын суу коргоо чөлкөмүнүн эң кичине жазылыгы, эки жагынан тең, узундугу төмөнкүчө болгон дарыялар үчүн суунун көп жылдык орточо деңгээлинен, аныкталат:
Дарыянын узундугу | Суу коргоочу чөлкөмдүн жазылыгы, м |
1ден 10 км чейин 10дон 50 км чейин 50дөн 100 км чейин 100 км көп | 50 м чейин 75 м чейин 100м чейин 150 м чейин |
12.12.2. Магистралдык жана чарбалар аралык каналдар үчүн суу коргоочу чөлкөмдүн эң кичине жазылыгы төмөнкүчө аныкталат:
Өткөрүү жөндөмдүүлүгү төмөнкүчө болгон каналдар үчүн | Суу коргоочу чөлкөмдүн жазылыгы, м |
5тен 10 м3/сек чейин 10дон 20 м3/сек чейин 20 м3/сек ашык | 50 75 100 |
көлдөр үчүн – жай мезгилиндеги суунун көп жылдык орточо деңгээлинен жана суу сактагычтар үчүн акваториясынын аянты 2 км чейин болгондо нормалдуу басымдагы деңгээлде – 300 м, 2 км ашканда – 500 м.
Суу коргоочу чөлкөмдөрдүн чегинде дарыялардын, көлдөрдүн жана суу сактагычтардын жээктери боюнча чарбалык ишмердиктер катуу чектелген аймактар катары жээкке жалгашкан тилкелерди бөлүп көрсөтүшөт.
12.12.3. Суу объектисине канатташ жайгашкан шаарлардын жана айылдык калктуу пункттардын аймактарында өлчөмдөрү калктуу пункттун башкы планы боюнча пландаштыруунун жана курулуштун таасын шарттарынын негизинде тактала турган жээктик суу коргоо тилкелери гана караштырылат.
Калктуу пункттарды долбоорлоодо дарыялар жана каналдар үчүн жээктеги суу коргоо тилкелеринин минималдуу өлчөмдөрү сууга жакын жайгашкан чарба жерлеринин (айдоо, чөп чабынды, бадалдар ж.б.) мүнөздөмөлөрүнө жана жантаймалардын тиктигинежараша төмөнкү таблица боюнча аныкталат.
Сууга жакын жайгашкан чарба жерлеринин түрү | Жанаша жайгашкан жантаймалардын төмөнкү тиктигиндеги суу коргоо тилкелеринин жазылыгы, м | ||
тескери жана нөлдүк жантайма | 3 градуска чейин | 3 градустан көп | |
Айдоо жерлери | 10-12 | 20-35 | 35-50 |
Жайыттар жана чөп чабындылар | 10-15 | 15-25 | 25-30 |
Токой, бадалдар, бак | 20 | 20-35 | 35-50 |
Максималдык маанидеги өлчөмдөр эң көп бузулган кыртыштарга тиешелүү.
12.12.4. Дарыялардын, көлдөрдүн жана суу сактагычтардын суу коргоо чөлкөмдөрүндө төмөнкүлөргө тыюу салынат:
катуу тиричилик калдыктары жана керекке жарабай калган өнөр жай калдыктары үчүн полигондорду, уу химикаттар, минералдык жер семирткичтер жана майлоочу-күйүүчү материалдардын кампаларын, уулуу химикаттар менен аппаратураларды толтуруу үчүн аянтчаларды, мал чарба комплекстерин жана фермаларды, көмүү жерлерин жайгаштырууга;
жаратылышты коргоо жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары менен макулдашуусуз өндүрүш жана социалдык чөйрөдөгү жаңы курулушту курууга жана аракеттегилерин кеңейтүүгө.
12.12.5. Жээкке канатташ тилкелердин чегинде жогоруда келтирилген чектөөлөргө кошумча катары чатыр шаарчаларын коюуга жана малдын жайкы лагерлерин уюштурууга тыюу салынат.
12.12.6. Чарбалык-ичме жана маданий-тиричилик суу колдонуунун булактары катары пайдаланылуучу же пайдаланууга белгиленген суу сактагычтарды жана алардын бьефтерин колдонууну Суу сактагычтарды долбоорлоонун, куруунун жана пайдалануунун санитардык эрежелерин эсепке алуу менен жүргүзүү зарыл.
12.12.7. Көлмөлөрдүн жана агын суулардын жээктеринде мурун жайгашкан жана долбоорлонуучу эс алуу чөлкөмдөрүндөгү суу коргоочу иш чаралар курулуш тармагында аракеттеги ченемдик-техникалык документтердин талаптарына жооп бериши абзел.
12.13. Жер үстүндөгү суулар (жаан-чачындар) ачык көлмөлөргө агызылаардан мурун “Жер үстүндөгү сууларды коргоо эрежелеринин” талаптарын эске алуу менен тазалоого жатат.
Өнөр жай ишканаларынын аймагынан жер үстүндөгү агынды сууларды суу объектттерине агындылоого, качан алар менен өнөр жайын суу менен камсыздоо техникалык жактан мүмкүн болбогондо же экономикалык жактан максатка ылайыксыз болгондо, жол берилет.
Жер үстүндүндөгү агынды сууларды пляждар үчүн дайындалган суу агып чыкпаган көлмөлөргө, сазга айлануучу туюк колотторго, желип кетме аңдарга, эгерде алардын жарларын бекемдөө иш чаралары каралбаса, тиешелүү макулдашууларысыз балык көлмөлөрүнө агызууга жол берилбейт.
12.14. Калктуу пункттардын аймактарында жайгашкан кооздук көлмөлөрүндө күзгү-жайкы мезгилде суунун мезгилдүү алмаштырылып туруусун караштыруу керек, суу бетинин аянтына жараша:
суу бетинин аянты 3 га чейин болгон кооздук көлмөлөрүндө – 2 жолу, суу бетинин аянты 3 га чоң болгондо – 1 жолу;
киринүү үчүн көлмөлөрдө – тиешелүү түрдө төрт жана үч жолу, ал эми аянты 6 га жана андан чоң болгондо – 2 жолу.
Селитебдик аймактарда жайгашкан көлмөлөрдүн суусунун тереңдиги жаз-жай мезгилдеринде 1,5 м, ал эми жээкке канатташ чөлкөмдө, суудагы өсүмдүктөрдү мезгилдүү түрдө жок кылып туруу шартында, - 1 м кем эмес болууга тийиш.
Көлмөлөрдүн суусунун бетинин жана пляждарынын аянтын ушул эрежелер топтомунун 8.21-пунктуна ылайык кабыл алуу керек.Көлчүктөрдүн жана башка көлмөлөрдүн жээкке канатташ тилкелери абатталган болууга тийиш. Көлмөлөрдү жер үстүндөгү суулардын булгашын жокко чыгаруу чараларын көрүү зарыл.
12.15. Кыртыштарды коргоо боюнча иш чараларды кыртыштарды коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарына, санитардык ченемдерге жана кыртыштагы булгоочу заттардын мүмкүн болгон чектик концентрациясы (МЧК)бекитилген ченемдерден ашык болгон ар кандай жер пайдалануудагы кыртыштарды булгоонун алдын алууну камсыз кылуучу ведомстволордун талаптарына ылайык түзүү керек.
Шуулдактардан, титирөөлөрдөн, электрдик жана магниттик талаалардан, нурлануулардан жана нурдануулардан коргоо
12.16. Турак жай, коомдук имараттар жана аларга канатташ жайгашкан аймактар үчүн шуулдактардын мүмкүн болгон деңгээлин, сырткы шуулдактардын негизги булактарынын шуулдактык мүнөздөмөлөрүн, шуулдактардын күтүлүүчү деңгээлдерин жана эсептик точкалардагы алардын талап кылынуучу төмөндөөсүн, шуулдактарды төмөндөтүүчү архитектуралык-мерчемдик жана курулуштук-акустикалык каражаттардын акустикалык натыйжалуулугун эсептөө усулдамаларын жана аларды долбоорлоо боюнча негизги талаптарды курулуш тармагында аракеттеги ченемдик-техникалык документтерге ылайык кабыл алуу зарыл.
12.17. Турак үйлөрдөгү титирөөнүн мүмкүн болгон деңгээлдери турак үйлөрдөгү титирөөнүнсанитардык ченемдерине ылайык келүүсү абзел. Бул талаптардын аткарылышы үчүн турак үйлөр менен титирөө булактарынын ортосундагы тиешелүү аралыкты, бул булактарга титирөөнү натыйжалуу басуучу материалдарды жана конструкцияларды колдонууну караштыруу керек.
12.18. Электрмагниттик энергияны нурлантуучу радиотехникалык объекттерди (радио чордондорду, радиотелекөрсөтүүнү берүүчү жана радиолокациялык чордондорду), жогорку чыңалуудагы электр өткөргүч аба чубалгыларын жана башка объекттерди жайгаштырууда “Радиотехникалык объекттер жаратуучу электрмагниттик талаалардын таасиринен калкты коргоонун санитардык ченемдери жана эрежелерин”, “Өнөр жай жыштыгындагы өзгөрмөлүү агындын электр өткөргүч аба чубалгылары жаратуучу электр талаасынын таасиринен калкты коргоонун санитардык ченемдери жана эрежелерин”, электр орнотмолорун түзүүнүн эрежелерин жетекчиликке алуу зарыл.
Радиоактивдүү заттарды өндүрүүдө, иштетүүдө, кайра иштетүүдө, колдонууда, сактоодо, ташууда, зыянсыздандырууда, көмүүдө жана иондоштуруучу нурлануулардынбашка булактарынын радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу радиациялык коопсуздук ченемдерине, ошондой эле радиоактивдүү заттар жана иондоштуруучу нурлануулардын башка булактары менен иштөөнүн негизги санитардык эрежелерине ылайык жүргүзүлөт.
Микроклиматты жөнгө салуу
12.19. Турак жай жана коомдук имараттарды (мектепке чейинки балдар мекемелеринен, жалпыга билим берүү мектептеринен, мектеп-интернаттардан башкасы) жайгаштыруу жана багыттоо жашоо бөлмөлөрүн жана аймактардын үзгүлтүксүз күн чубакташынын узактыгын, түндүк кенендик 58 түштүгүрөөк, - 22 марттан 22 сентябрга чейинки мезгилде күнүгө 2,5 сааттан кем эмес камсыз кылуусу шарт.
Ошол эле учурда:
12.19.1. Мектепке чейинки балдар мекемелерин, жалпыга билим берүүчү мектептерди, мектеп-интернаттарды, саламаттык сактоо жана эс алуу мекемелерин жайгаштыруу жана багыттоо “Турак жай жана коомдук имараттардын жана турак жай курулуштарынын аймактарынын күн чубакташын камсыздоонун санитардык ченемдери жана эрежелеринде” каралган бөлмөлөрдүн үзгүлтүксүз үч сааттык узактыктагы күн чубакташын камсыздоосу шарт.
12.19.2. Аймакты 9 кабат жана андан бийик имараттар менен курууда ар бир чөлкөм үчүн тиешелүү түрдө бир күндүн ичинде күн чубакташынын жалпы узактыгынын 0,5 саатка көбөйүү шарты менен күндүн тийишин бир жолу үзгүлтүккө учуратууга жол берилет.
12.19.3. Батирдин баардык бөлмөлөрүнө күн чубактап туруучу меридионалдык типтеги турак үйлөрдө, ошондой эле турак жай курулушун кайра конструкциялоодо же өтө татаал шаар куруу шарттарында (тарыхый баалуу шаар чөйрөсүндө, аймактын өтө кымбат даярдалышында, жалпы шаардык жана райондук борбор чөлкөмүндө) жаңы курулушту жайгаштырууда тиешелүү түрдө ар бир чөлкөм үчүн бөлмөлөргө күндүн чубакташынын узактыгын 0,5 саатка кыскартууга жол берилет.
Тарых жана маданият эстеликтерин коргоо
12.20. Шаарлардын жана калктуу пункттардын пландаштыруу жана куруу долбоорлорунда Кыргыз Республикасынын тарых жана маданият эстеликтерин коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын сактоо зарыл.
12.20.1. Ошол эле учурда: тарых жана маданият эстеликтерин коргоо чөлкөмүнүн, курулушту жөнгө салуу чөлкөмүнүн жана корголуучу жаратылыш ландшафтынын чөлкөмүнүн долбоорун иштеп чыгуу жана алар боюнча чек араларын тактоо керек. Тарых жана маданият эстеликтерин коргоо чөлкөмдөрү айрым имараттар жана курулмалар, алардын ансамблдери жана комплекстери, ошондой эле эстеликтерди коргоо чөлкөмүнүн өзүнчө атайын долбооруна ылайык башка дагы баалуу тарыхый-маданий шаар куруу элементтери үчүн каралат.
12.20.2. Коргоонун жана кайтаруунун атайын шарттамдарынын талаптары, ар бир таасын корук (корук аймагы) жөнүндө долбоорлор жана жоболор менен аныкталган, өзгөчө тарыхый археологиялык жана архитектуралык баага ээ болгон жана белгиленген тартипте мамлекеттик тарыхый-архитектуралык коруктар же тарыхый-маданий корук аймактары (жерлери) катары жарыяланган тарых жана маданият эстеликтеринин ансамблдерине жана комплекстерине, тарыхый борборлорго, кварталдарга, аянттарга, көчөлөргө, эстелик жерлерге, байыркы шаарлардын маданий катмарларына, бак-парк искусствосунун эстеликтерине, табигый жана жасалма ландшафтарга таралышы абзел.
12.21. Шаарларды жана калктуу пункттарды пландаштыруу жана куруу долбоорлору тарых жана маданият эстеликтерин бузууну, которуштурууну же алардын абалын башкача өзгөртүүгө алып келбеши керек. Айрым өзгөчө учурларда эстеликтердин абалын өзгөртүү боюнча сунуштар Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык берилиши абзел.
12.22. Мурун курулган райондордун баалуу тарыхый чөйрөсүн коргоону архитектуралык жана маданий баалуулуктарга ээ имараттарды калыбына келтирүү боюнча жумуштарды бир убакта жүргүзүү, мурун курулган имараттарды кайра конструкциялоо, жаңылоо жана капиталдык куруу, чөйрөнүн мүнөзүн бузбоочу тандамал жаңы курулушту алып баруу, инженердик жабдуулар тутумун жана аймакты абаттоону өнүктүрүү менен комплекстүү кайра конструкциялоо, кайра иштеп чыгуу усулдары аркылуу камсыздоо зарыл.
| 1-тиркеме |
Өрткө каршы талаптар
1. Турак жай, коомдук жана көмөкчү имараттардын, өнөр жай ишканаларынын ортосундагы өрткө каршы аралыкты Кыргыз Республикасынын 11-январь 1994-жылдагы № 1372-XII “Кыргыз Республикасындагы шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын 13-беренесинин 2-пунктуна ылайык кабылалуу керек.
I жана II өрткө туруктуулукдаражасындагы турак жай, коомдук жана көмөкчү имараттардан минималдык аралыкты А.1-таблицасы боюнча кабыл алуу зарыл.
| А.1-таблица
|
Имараттын отко чыдамдуулук даражасы | Имараттын отко чыдамдуулук даражасындагы аралыктар, м | ||
I, II | III | IIIa, IIIб, IV, IVa, V | |
I, II | 6 | 8 | 10 |
III | 8 | 8 | 10 |
IIIa, IIIб, IV, IVa, V | 10 | 10 | 15 |
Ошол эле учурда:
1.1. Отко чыдамдуулук даражасы боюнча классификацияны курулуш тармагында аракеттеги ченемдик-техникалык документтердин талаптарына ылайык кабыл алуу абзел.
1.2. Имараттар жана курулмалар ортосундагы аралык деп сырткы дубалдардын же башка конструкциялардын ортосундагы нак аралыкты эсептешет. Күйүүчү материалдардан даярдалган 1м ашык чыгып турган имараттардын жана курулмалардын конструкциялары болгон учурларда, ошол конструкциялардын ортосундагы аралык кабыл алынат.
1.3. Терезе оюктары жок дубалдуу имараттардын ортосундагы аралыкты, IIIa, IIIб, IV, IVa, жана V даражадагы отко чыдамдуу имараттарды кошпогондо, 20% кыскартууга жол берилет.
1.4. Сейсмикалуулугу 9 балл болгон райондордо турак жай имараттарынын ортосундагы, ошондой эле IVa, V даражадагы отко чыдамдуу турак жай жана коомдук имараттардын ортосундагы аралыкты 20% чоңойтуу керек.
1.5. IA, IB, IГ климатикалык кичи райондордо жайгашкан IV, V даражадагы отко чыдамдуу турак үйлөрдүн ортосундагы аралыкты 50% чоңойтуп алуу абзел.
1.6. Каркастуу жана калкандуу конструкциялуу V даражадагы отко чыдамдуу эки кабаттуу имараттар, ошондой эле күйүүчү материалдар менен жабылган имараттар үчүн өрткө каршы аралыктарды 20% көбөйтүү керек.
1.7. I, II даражадагы отко чыдамдуу имараттардын ортосундагы аралыкты 6 м кемкылып алууга жол берилет, эгерде каршысындагы бийигирээк имараттын дубалы өрткө чыдамдуу болсо.
1.8. Чарбактык жер участогундагы бир, эки батирлүү турак жайлардан жана чарбалык курулуштардан (сарай, гараж, мончо) коңшу жер участокторунда жайгашкан турак үйлөргө жана чарбалык курулуштарга чейинки аралык 8-тиркемени эсепке алуу менен эсептеп чыгаруу боюнча кабыл алынат.
Бир жер участогунун чегиндеги турак үй менен чарбалык курулуштун ортосундагы аралык (курулуштун жалпы аянтынан көз карандысыз) ченемделбейт.
1.9. Турак үйлөрдүн ортосундагы, ошондой эле турак үйлөр менен чарбалык курулуштардын (сарай, гараж, мончо) ортосундагы аралык курулуш тармагында аракеттеги ченемдик-техникалык документтерге ылайык өрткө чыдамдуу дубалдары жок, бир эле даражадагы отко чыдамдуу курулуштун (кабаттын) эң чоң мүмкүн болгон аянтына барабар курулуштун жалпы аянтында, алардын ортосундагы курулбаган аянтты кошкондо, ченемделбейт.
1.10. Чарбактык участкалардын аймактарынан сырткары жайгашкан чарбалык курулуштардын (сарайлар, гараждар, мончолор) ортосундагы аралык ченемделбейт.
1.11. Жүрмө жолдорду жана жөө жолдорду долбоорлоодо турак үйлөргө жана коомдук имараттарга өрт өчүрүүчү машиналардын өтүүсүн, кошо жана жабыштыра курулган жайлары менен имараттарды кошо эсептегенде, жана кайсы гана батир же жай болбосун өрт өчүрүүчүлөрдүн автошатылардан же автокөтөргүчтөрдөн кирүү мүмкүнчүлүгүнкамсыз кылуу шарт, бул учурда ченемделген аралык жана жазылык атайын өрткө каршы талаптар боюнча аныкталат.
1.12. Турак жай жана коомдук имараттардан мунай жана мунай өндүрүмдөрүн сактоо үчүн I топтогу кампаларга чейинки аралык аракеттеги ченемдик документтердин талаптарына ылайык, ал эми турак жай жана коомдук имараттарды тейлөөчү, откана, дизель электр чордондорунун жана башка энергетикалык объекттердин курамында каралуучу II топтогу күйүүчү суюктуктардын кампаларына чейинки аралык А2-таблица боюнча кабыл алынат.
| А.2-таблица |
Кампанын сыйымдуулугу, м3 | Турак жай жана коомдук имараттардын отко чыдамдуулук даражасы | ||

800дөн 10000 чейин | 40 | 45 | 50 |
100дөн 800 чейин | 30 | 35 | 40 |
100гө чейин | 20 | 25 | 30 |
1.13. Дарыяларга жана көлмөлөргө өрт өчүрүүчү машиналар суу алуу үчүн бара турган жолдорду караштыруу керек.
1.14. Шаардык калктуу пункттардын курулуштарынын чегинен токой массивдерине чейинки аралык 50 м кем эмес болууга тийиш. Шаардык калктуу пункттардагы чарбактык участкалары менен бир-эки кабаттуу жеке курулуштуу райондор үчүн чарбактык участкалардан токой массивдерине чейинки аралыкты азайтса болот, бирок 15 м кем эмес кабыл алуу абзел.
1.15. Өрт өчүрүүчү депонун тейлөө радиусу 3 км ашпашы шарт. Калктуу пункттардагы өрт өчүрүүчү депонун саны, курулуштун аянты, ошондой эле өрт өчүрүүчү автомобилдердин саны өрттөн коргоо объекттерин долбоорлоо ченемдери боюнча кабыл алынат.
| 2-тиркеме |
Аба кемелеринин коопсуз учушун камсыз кылуу менен аэродромдордун райондорунда жана башка аймактарда объекттерди жайгаштырууну макулдашууга талаптар
Макулдашуу жүргүзүлүүчү ишканаларды жана уюмдарды аскер округунун Аскер аба күчтөрүнүн (ААК)штабы,курулуш жүргүзүү анын жоопкерчилик чөлкөмүндө болжолдонсо, аныктайт. Долбоордук уюмдун тапшырыкчыларына же долбоордук уюмдарга штабдын дарегин жергиликтүү бийликтин облустук органдары берет. Төмөнкүлөрдү жайгаштырууга макулдашуу талап кылынат:
1) аэродромдорго баруучу аба жолдорунун тилкелеринин чегиндеги баардык объекттерди, ошондой эле бул тилкелердин чектеринен сырткары аэродромдун контролдук точкасынан (АКТ) 10 км радиустагы объекттерди;
2) аэродромдун деңгээлине салыштырмалуу бийиктиги 50 м жана андан жогору болгон АКТдан 30 км радиустагы объекттерди;
жайгашкан жерине көз карандысыз:
3) жердин бетинен 50 м жана андан жогорку бийиктиктеги объекттерди;
4) радиотехникалык каражаттардын нормалдуу иштешине жолтоо боло турган байланыш, электр өткөрүүчүлинияларды, ошондой эле башка дагы электр магниттик нурлануу объекттерин;
5) жарылууга кооптуу объекттерди;
6) чыгарылуучу газдарды авариялык күйгүзүү үчүн шаманалык түзмөктөрдү1;
Шаманалык түзмөктөрдүн бийиктигин аныктоодо жалындын мүмкүн болгон максималдык бийиктиги эсепке алынат.
7) аэродромдордун райондорундагы көрүүнү начарлатууга алып келе турган өнөр жай жана башка ишканалардын жана курулмалардын ишмердиги.
3-7 п.п. келтирилген объекттерди жайгаштырууда, алардын жайгашуу ордуна карабай, курулуучу объекттер аймактарына жана жоопкерчилик чөлкөмүнө кире турган аскер округунун штабы жана ААК штабы менен макулдашууга жатат.
Аэродромдун контролдук точкасынан 15 км жакын аралыкта куштарды чакыруучу жана алардын массалык чогулуусу менен айырмаланган тамак аш калдыктарын таштоочу жерлерди, айбанаттар фермаларын, мал союучу жайларды жана башка объекттерди жайгаштырууга тыюу салынат.
Ошол эле учурда:
1. Эгерде тиешелүү объекттерди куруу үч айдын ичинде башталбаса, жогоруда келтирилген макулдашуулар күчүн жоготот.
2. Аэродромдордун контролдук точкалары алардын геометрикалык борборлоруна жакын жайгашышат:
бир учуучу-конуучу тилкелүүлөрдө (УКТ) – анын борборунда;
эки параллелдүү УКТ – алардын борборлорун туташтыруучу түз сызыктын ортосунда;
эки параллель эмес УКТ – УКТ борборлорунан тургузулган перпендикулярлардын кесилиш чекитинде.
3. Бийик курулмаларды жайгаштырууну макулдашууга берилген документтерде, баардык учурларда, долбоорлонуучу курулмалардын жайгашуу координаттарын көрсөтүү зарыл.
| 3-тиркеме |
Турак үйлөрдүн колдонулуучу типтерине, калыптанып жаткан курулуштун (чөйрөнүн) мүнөзүнө, ар кандай чоңдуктагы шаарлардын түзүмүндө анын жайгашуусуна жараша жеке үйгө же батирге бөлүнүүчү турак үйдүн жанындагы жер участкаларынын өлчөмдөрү төмөнкүчө:
400 – 600 м2 жана андан да көп (курулуш аянттарын кошкондо) – жаңы перифериядагы аймактарда чарбактык типтеги курулуштардагы бир-эки батирлүү бир-эки кабаттуу үйлөрдө же майда шаарлардын мурунку жеке чарбактык курулуштарын кайра конструкциялоодо, айыл чарба райондорундагы кичи жана орто шаарлардын резервдик аймактарында, кандай гана өлчөмдөгү болбосун шаарлардын жака бел чөлкөмдөрүндөгү жаңы же өнүгүп жаткан калктуу пункттарында;
200 – 400 м2 (курулуш аянттарын кошкондо) – майда, орто жана чоң шаарлардын жаңы периферялык аймактарында коттедж тибиндеги курулуштардагы бир-эки же төрт батирлүү бир-эки кабаттуу үйлөрдө, чоң шаарлардын резервдик аймактарында, мурун курулган жеке чарбактык курулуштарды кайра конструкциялоодо жана кандай гана чоңдуктагы болбосун шаарлардын жака бел чөлкөмдөрүндөгү өнүгүп келе жаткан калктуу пункттарында;
60 – 100 м2 (курулуштун аянтын кошпогондо) – майда, орто жана чоң шаарлардын жаңы перифериялык аймактарында блоктоштурулган типтеги курулуштун көп батирлүү бир-эки-үч кабаттуу үйлөрүндө, ири жана өтө ири шаарлардын жака бел чөлкөмдөрүндөгү жаңы жана өнүгүп келе жаткан кыштактарында жана кандай гана чоңдуктагы болбосун шаарлардын жеке чарбактык курулушун кайра конструкциялоо шарттарында;
30 – 60 м2 (курулуш аянтын кошпогондо) – жыш, аз кабаттуу курулушту колдонууда жана кайра конструкциялоо шарттарында кандай гана чоңдуктагы болбосун шаарларда көп батирлүү бир-эки-үч кабаттуу блоктоштурулган үйлөрдө же татаал көлөмдүк-мейкиндик түзүмдөгү эки-үч-төрт (беш) кабаттуу үйлөрдө.
Ошол эле учурда:
Кыргыз Республикасынын жер кодексине ылайык калктуу пункттардын чакан курулушун жүргүзүүдө үйдүн (батирдин) жанында жеке көмөкчү чарбаны алып баруу үчүн жер участкаларын аз өлчөмдө, калган бөлүгүн калктуу пункттардын турак жай чөлкөмүнүн чегинен сырткары бөлүп берүү менен, берилет.
| 4-тиркеме |
Турак жай районунун аймагынын калкынын эсептик жыштыгын, киши/га, Г.1-таблицада келтирилгенден кем эмес кылып кабыл алуу сунушталат, ал эми кичи райондун аймагынынкалкынын жыштыгын – Г.2-таблицада келтирилгенден кем эмес. Аймактын ар кандай даражадагы шаар куруу баалуулуктугундагы чөлкөмдөрүнүн саны жана алардын чек аралары жердин наркын баалоону, инженердик жана унаалык магистралдык тарамдардын жыштыгын, коомдук объекттер менен толгондугун, аймакты инженердик даярдоого капиталдык салымдын өлчөмүн, тарыхый-маданий жана архитектуралык-ландшафтык баалуулуктардын болуусун эсепке алуу менен облустардын башкы архитектору менен макулдашуу боюнча аныкталат.
| Г.1-таблица
|
Аймактын ар кандай шаар куруу баалуулуктугундагы чөлкөмү | Калкынын саны, миң киши, төмөнкүчө болгон шаарлардын тобу үчүн, турак жай районунун аймагынын калкынын жыштыгы, киши/га | ||||||
20 чейин | 20-50 | 50-100 | 100-250 | 250-500 | 500-1000 | 1000 жогору | |
Жогорку | 90 | 110 | 125 | 135 | 145 | 145 | 150 |
Орточо | - | - | - | 120 | 125 | 135 | 145 |
Төмөнкү | 50 | 80 | 110 | 110 | 115 | 120 | 130 |
Ошол эле учурда:
1. Аймакты инженердик даярдоо боюнча татаал иш чараларды талап кылуучу аянчаларда калктын жыштыгын чоңойтсо болот, бирок 20% ашык эмес.
2. Тарыхый шаарлардын борбордук бөлүктөрүндө мурунку курулуштарды кайра конструкциялоо шарттарында, ошондой эле башка бөлүктөрүндө тарыхый-маданий жана архитектуралык-ландшафтык баалуулуктар болгон учурларда калктын жыштыгы долбоорлоого берилүүчү тапшырмада камтылышы керек.
3. Борборлоштурулган инженердик тутумдардын курулуусу белгиленген жеке чарбак курулуштуу райондордо жана калктуу пункттарда калктын жыштыгын азайтууга жол берилет, бирок 40 киши/га кем эмес кабыл алуу абзел.
| Г.2-таблица
| ||||
| Аймактын ар кандай шаар куруу баалуулуктугундагы чөлкөмү | Климатикалык кичи райондор үчүн кичи райондун аймагындагы калктын жыштыгы, киши/га |
| ||
| 580 түндүк жазылыгынан түштүгүрөөк, IA, IГ кичи райондор | 580 түндүк жазылыгынан түштүгүрөөк бул чөлкөмгө кирген IA, IГ кичи райондордун бөлүктөрүнөн башкасы |
| ||
| Жогорку | 290 | 270 |
| |
| Орточо | 240 | 225 |
| |
| Төмөнкү | 135 | 120 |
| |
Ошол эле учурда:
1. Кичи райондун эсептик аймагынын чек араларын магистралдык жана турак жай көчөлөрүнүн кызыл сызыктары боюнча, жүрмө жолдордун же жөө жолдордун октору боюнча, табигый чектер боюнча, алар жок болгон учурларда – курулуш сызыгынан 3 м аралыкта аныктоо керек. Эсептик аймактан райондук жана жалпы шаардык маанидеги объекттердин участкаларынын, тарыхый-маданий жана архитектуралык-ландшафтык баага ээ объекттердин, ченемделүүчү жетүү радиусундагы жанаша жайгашкан кичи райондордун калкын тейлөөгө эсептелген (тейленүүчү калктын санына пропорциялуу) күнүмдүк пайдалануудагы объекттердин аянттары алынып салууга жатат. Эсептик аймакка эсептик калкты тейлөөчү күнүмдүк пайдалануудагы объекттердин, жанаша аймактардажайгашкандардын, анын ичинде жер алдындагы жана жер үстүндөгүлөрдү кошкондо, баардык аянттарын кошуу зарыл. Мурун курулган курулушту кайра конструкциялоо шарттарында кварталдарды бөлүүчү жана кичи райондун ичинде жөө жүрүү же имараттарга жүрүп баруу үчүн сакталуучу көчөлөрдүн туурасынан кесилиш профилдери өзүнчө көрсөтүлөт.
2. Мурунку курулуштарды кайра конструкциялоо шарттарында калктын эсептик жыштыгын көбөйтүүгө жана азайтууга жол берилет, бирок 10% көп эмес.
3. Ири жана өтө ири шаарларда жогорку жыштыктагы 2, 3, 4 (5) кабаттуу турак жай курулушун колдонууда аймактын бир гектарына калктын эсептик жыштыгын шаарлардын жана калктуу пункттардын аймактарынын жогорку шаар куруу баалуулуктарындагы чөлкөмү үчүндөгүдөн кем эмес кылып кабыл алуу керек.
4. Мектеп окуучулары жана калк үчүн кичи райондогу бирдиктүү физмаданияттык-ден соолук чыңоочу комплексти калыптандырууда жана ушул эреже топтомунун 5.15 пунктунда келтирилген физмаданият менен шугулдануу үчүн аянтчалардын салыштырмалуу өлчөмдөрүн кичирейтүүдө тиешелүү түрдө калктын жыштыгын чоңойтуу зарыл.
5. Токойлорго жана токой-парктарга канатташ жайгашкан жана алардын ортосунда жайгашкан аймактарды курууда жашылдандырылган аймактардын кошундуланган аянтын азайтууга жол берилет, бирок 30% көп эмес, тиешелүү түрдө калктын жыштыгын көбөйтүү менен.
6. Жыштыктын көрсөткүчтөрү 18 м2/киши эсептик турак жай менен камсыздоо шартында келтирилген. Башка эсептик турак жай менен камсыздоо шартында эсептик ченемдик жыштыкты Р, киши/га, төмөнкү формула боюнча аныктоо керек:
Р = Р1818/Н,
мында Р18 – 18 м2/киши эсебиндеги жыштыктын көрсөткүчү;
– эсептик турак жай менен камсыздалышы, м2.
| 5-тиркеме |
Д.1-таблицасы – 1 миң кишиге жалпы товардык кампалардын жер участкаларынын аянттары жана өлчөмдөрү
Жалпы товардык кампалар | Кампалардын аянты, м2 | Жер участкаларынын өлчөмдөрү, м2 |
Азык-түлүк товарларынын | 77 | 310*/210 |
Азык-түлүк эмес товарлардын | 217 | 740*/490 |
*Жантык сызыктын үстүндө бир кабаттуу кампалар үчүн, ал эми астында – көп кабаттуу кампалар ( кабаттардын орточо бийиктиги 6 м болгондо) үчүн ченемдер берилген.
Ошол эле учурда:
1. Атайлаштырылган топтун курамындагы жалпы товардык кампаларды жайгаштырууда жер участкаларынын өлчөмдөрүн 30% кыскартууга сунуш кылынат.
2. Товарларды шашылыш ташып келүү чөлкөмдөрүндө жер участкаларынын өлчөмдөрүн 40% чоңойтуу керек.
3. Товар камдыктарын артыкчылыктуу сактоодо айылдагы калктуу пункттардын кампаларынын аянттары жана алардын жер участкаларынын өлчөмдөрү чоңойтулат, бир эле убакта шаарлардагы бул көрсөткүчтөрдү азайтуу менен.
Д.2-таблицасы – 1000 кишиге эсептелген атайлаштырылган кампалардын сыйымдуулугу жана жер участкаларынын өлчөмдөрү
Атайлаштырылган кампалар | Кампалардын сыйымдуулугу, т | Жер участкаларынын өлчөмдөрү, м2 |
Бөлүштүргүч муздаткычтар (этти жана эт өндүрүмдөрүн, балык жана балык өндүрүмдөрүн, май, сүт өндүрүмдөрүн, жумуртка сактоо үчүн) | 27 | 190*/70 |
Жемиш сактагычтар | 17 |
|
Жашылча сактагычтар | 54 | 1300*/610 |
Картофель сактагыч | 57 |
|
*Алымында бир кабаттуу кампалар үчүн, ал эми бөлүмүндө – көп кабаттуу кампалар үчүн.
Ошол эле учурда:
1. Картофель, жашылча, жемиштерди өстүрүүчү жана даярдоочу райондордо кампалардын сыйымдуулугу жана тиешелүү түрдө алардын жер участкаларынын өлчөмдөрү 0,6 көмөк чоңдугу менен кабыл алынат.
2. Шаарлардагы картофель жана жемиштерди сактоочу кампалардын сыйымдуулугун жана алардын жер участкаларын үлүшү бийликтин жергиликтүү органдары тарабынан аныктала турган шаардан сырткаркы сактоону уюштуруунун эсебинен кичирейтсе болот.
Д.3-таблицасы – Вахталык жана экспедициялык кыштактар үчүн кампалардын сыйымдуулугу, 1 кишиге
Кампалар, ченөө бирдиги | Кыштактар үчүн кампалардын сыйымдуулугу | |
вахталык | экспедициялык | |
Кургак өндүрүмдөрдүн, м2 | 0,3 | 3,5 |
Муздаткычтар, т | 0,01 | 1,1 |
Жашылча сактагычтар, картофель сактагычтар, жемиш сактагычтар, т | 0,5 | 0,5 |
Ошол эле учурда: кургак өндүрүмдөр кампаларынын жана муздаткычтардын ченемдери вахталык кыштактар үчүн бир айлык камдыктан жана экспедициялык кыштактар үчүн бир жылдык камдыктардан аныкталган. Жашылча сактагычтардын, картофель сактагычтардын жана жемиш сактагычтардын ченемдери бир жылдык камдыктан аныкталган.
Д.4-таблицасы – Курулуш материалдары жана катуу отун кампаларынын жер участкаларынын өлчөмдөрү, 1 миң кишиге
Кампалар | Жер участкаларынын өлчөмдөрү, м2 |
Курулуш материалдарынын кампалары (керектөөлүк) | 300 |
Артыкчылыктуу колдонуудагы катуу отун кампалары: Таш көмүр Жыгач отун |
300 300 |
Ошол эле учурда: IA, IГ климатикалык кичи райондор үчүн катуу отун кампаларынын жер участкаларынын өлчөмдөрүн 1,5 көмөк чоңдугу менен, ал эми IV климатикалык район үчүн - 0,6 көмөк чоңдугу менен кабыл алуу керек.
| 6-тиркеме |
Мекемелер, ишканалар, курулмалар, ченөө бирдиктери | Кубаттулугу
| Жер участкаларынын өлчөмдөрү, га | Эскертүүлөр |
1 | 2 | 3 | 4 |
Билим берүү мекемелери | |||
Мектепке чейинки балдар мекемелери, орун | Балдардын мектепке чейинки мекемелер менен камсыз болуу эсептик деңгээлин 85% чегинде, анын ичинде жалпы типтегиси – 70%, атайлаштырылгандары – 3%, ден соолук чыңдоочулары – 12% деп кабыл алып, калктуу пункттун демографиялык түзүмүнө жараша аныкталат. Жаңы конуш2 калктуу пункттарында, демографиялык маалыматтар болбогондо, 1 миң кишиге 180 орунга чейин деп кабыл алуу керек; ошол эле учурда турак жай курулушунун аймагында 1 миң кишиге 100 орундан ашык эмес эсебинде кабыл алуу зарыл | Майда балдар бакчасынын-балдар бакчасынын сыйымдуулугунда, м2, 1 орунга: 100 орунга чейин – 40, 100дөн жогору – 35; майда балдар бакчасынын-балдар бакчасынын 500дөн жогору орунга – 30. Жер участкаларынын өлчөмдөрү азайтылат: IA, IГ климатикалык кичи райондордо 30-40%, кайра конструкциялоо шарттарында – 25%; жантаймалуулугу 20% ашык болгон рельефте жайгаштырууда – 15%; жаңы конуштарда (жашылдандыруу аянттарын кыскартуунун эсебинен) – 10% | Майда жаштагы балдар үчүн топтук аянтчанын аянтын 1 орунга 7,5 м2 эсебинде кабыл алуу керек. Мектепке чейинки жаштагы балдар үчүн оюн аянтчаларын жалпы типтеги мектепке чейинки балдар мекемелеринин чегинен сырткары жайгаштырууга жол берилет. |
Мектепке чейинки балдар үчүн жабык бассейндер, объект | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | ||
Жалпы билим берүүчү мектептер, окуучулар* | Бир сменада окутууда балдарды толук эмес орто билим берүү (I – IX класстар) менен 100% жана орто билим берүү (I – XI класстар) менен 75% чейин камтууну көңүлгө алуу менен кабылдоо керек | Жалпыга билим берүү мектебинин сыйымдуулугунда, окуучулар3: 40тан 400 чейин – 1 окуучуга 50 м2; 400дөн 500 чейин – 60 м2; 500дөн 600 чейин – 50 м2; 600дөн 800 чейин – 40 м2; 800дөн 1100 чейин – 33 м2; 1100дөн 1500 чейин – 21 м2; 1500дөн 2000 чейин – 17 м2; 2000ден көп - 16 м2. | Мектептердин жер участкаларынын өлчөмдөрү: IA, IГ климатикалык кичи райондордо 40%, кайра конструкциялоо шарттарында 20% кичирейтилиши, эгерде окуу-тажрыйбалык жумуштарды уюштуруу үчүнатайын участкалар каралбаса айылдагы калктуу пункттарда 30% чоңойтулат. Мектептин спорттук чөлкөмү кичи райондун физмаданияттык-ден соолук чыңоочу комплекси менен бириктирилет. |
Мектеп-интернаттар, окуучулар | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | Жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттын сыйымдуулугунда, окуучулар: 220дөн 300 чейин 1 окуучуга–70 м2, 300дөн 500 окуучуга чейин – 65 м2, 500дөн жогору - 45 м2 | Мектептин жер участ-касында интернаттын имаратын (жашоочу корпусун) жайгашты-рууда жер участкасынын аянтын 0,2 га көбөйтүү керек |
Мектептер аралык окуу-өндүрүштүк комбинаты, орун** | Окуучулардын жалпы санынан 8% | Мектептер аралык окуу-өндүрүштүк комбинаттардын жер участкаларынын өлчөмдөрүн 2га кем эмес, автополигондорду же трактордромдорду курууда 3 га кем эмес кабыл алуу сунуш кылынат | Автотрактордромдорду селитебдик аймактан сырткары жайгаштыруу керек |
Мектептен сырткаркы мекемелер, орун**
Атайын орто жана кесиптик-техникалык окуу жайлары, окуучулар | Окуучулардын жалпы санынын 10%, анын ичинде имараттардын түрү боюнча: окуучулардын сарайы (үйү) – 3,3%; жаш техниктер чордону 0,9%; жаш натуралисттер чордону – 0,4%; жаш туристтер чордону – 0,4%; балдар-жаштар спорт мектеби – 2,3%; балдардын искусство же музыкалык, көркөм, хореографиялык мектеби – 2,7%
Анын таасир чөйрөсүндөгү шаар-борбор жана башка калктуу пункттардын калкын эсепке алуу менен долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | Долбоорлоого тапшырма боюнча
Кесиптик-техникалык училищелердин жана атайын орто окуу жайларынын сыйымдуулугунда, окуучулар: 300 чейин – 1 окуучуга 75 м2; 300дөн 900 чейин – 50-65 м2; 900дөн 1600 чейин – 30-40 м2 |
Жер участкаларынын өлчөмдөрү азайтылат: IA, IГ климатикалык кичи райондордо жана кайра конструкциялоо шарттарында 50%, гуманитардык профилдеги окуу жайлары үчүн 30%; жер участкаларынын өлчөмдөрү 50% көбөйтүлүшү мүмкүн – айылдагы калктуу пункттарда жайгашкан айыл чарба профилиндеги окуу жайларында. Окуу жайларды кооперациялаштырууда окуу борборлорун түзүүдө жер участкаларынын өлчөмдөрүн окуу борборлорунун сыйымдуулугуна, окуучулардын санына жараша азайтуу сунуш кылынат: 1500дөн 2000 чейин – 10%, 2000ден 3000 чейин – 20%, 3000 жогору – 30%. Турак жай чөлкөмүнүн, окуу жана көмөкчү чарбалардын, полигондордун жана автотрактордромдордун өлчөмдөрү жогоруда келтирилген өлчөмдөргө кирбейт. |

Жогорку окуу жайлары, студенттер | Долбоорлоого тапшырма боюнча | Жогорку окуу жайлардын чөлкөмдөрү (окуу чөлкөмдөрү), 1 миң студентке, га: университеттер, техникалык ЖОЖдор – 4-7; айыл чарбалык – 5-7; медициналык, фармацевтикалык – 3-5; экономикалык, педагогикалык, маданият, искусство, архитектуралык – 2-4; адистикти жогорулатуу жана аралыктан окутуу институттары – тиешелүү түрдө алардын профилдерине ылайык көмөк чоңдугу менен – 0,5; атайлаштырылган чөлкөм – долбоорлоого тапшырма боюнча; спорт чөлкөмү – 1-2; студенттик жатаканалар чөлкөмү – 1,5-3. Физикалык маданият ЖОЖдору долбоорлоого тапшырма боюнча долбоорлонот
| ЖОЖдун жер участогунун өлчөмү IA, IГ климатикалык кичи райондордо жана кайра конструкциялоо шарттарында 40% азайтылат. Бир участокто бир нече ЖОЖдордун кооперацияланып жайгашуусунда окуу жайлардын жер участокторунун суммардык аймагын 20% кыскартууга сунуш кылынат |
Саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо мекемелери, спортттук жана физмаданияттык-ден соолук чыңоочу курулмалар | |||
Интернат-үйлөр. Өндүрүштүк бирикмелер (ишканалар) тарабынан уюштурулуучу карылар, согуш жана эмгек ардагерлери үчүн интернат-үйлөр, акы төлөнүүчү пансионаттар, 1 миң кишиге (60 жаштан жогору), орун.
Физикалык кемчилдиктери менен жашы жетилген майыптар үчүн интернат-үйлөр , 1 миңкишиге орун (18 жаштан жогору) |
28
28 | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча
Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | Социалдык камсыздоо мекемелеринин эсептик ченемдерин региондун социалдык-демографиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша тактоо зарыл |
Балдар интернат -үйлөрү, 1 миң кишиге (4 жаштан 17 чейин), орун
Психоневрологиялык интернаттар, 1 миң кишиге (18 жаштан жогору), орун
Согуштун жана эмгектин ардагерлери, жалгыз бой карылар үчүн атайын турак үйлөр жана батирлер топтору, 1 миң кишиге (60 жаштан жогору), киши
Кресло-коляскадагы майыптар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн атайын турак үйлөр жана батирлер топтору, жалпы калктын 1 миң кишисине , киши | 3
3
60
0,5 | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча
Интернаттын сыйымдуулугунда, орундар: 200 чейин – 1 орунга 125 м2, 200дөн 400 чейин – 1 орунга 100 м2, 400дөн 600 чейин - 1 орунга 80 м2
–
– |
|
Саламаттыкты сактоо мекемелери
Жетилген курактагылар үчүн көмөкчү имараттары жана курулмалары менен баардык типтеги стационарлар, керебет
Бейтапканалар, амбулаториялар, стационарсыз диспансерлер, сменада келүүлөр
Медициналык тез жардам чордондору (көмөк чордондору), автомобиль
Медициналык тез жардамдын көчмө пункттары, автомобиль
Фельдшердик же фельдшердик-акушердик пункттар, объект
Төмөнкү топтогу аптекалар: I – II III – V VI – VIII
|
Дарылоочу-алдын алуучу мекемелердин керектүү сыйымдуулугу жана түзүмү саламаттык сактоо органдары тарабынан аныкталып, долбоорлоого берилген тапшырмада көрсөтүлөт
Атайын автомобилде 15 минуттук жетүү мүмкүнчүлүгүндөгү чөлкөмдүн чегинде 10 миң кишиге 1
Атайын автомобилде 30 минуттук жетүү мүмкүнчүлүгүндөгү чөлкөмдүн чегинде айыл калкынын 10 миң кишисине 1
Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча
Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча
|
Стационарлардын кубаттуулугунда, керебет: 50 чейин – 1 керебетке 300 м2; 50дөн 100 чейин – 1 керебетке 300-200 м2; 100дөн 200 чейин – 1 керебетке 200-140 м2; 200дөн 400 чейин – 1 керебетке 140-100 м2; 400дөн 800 чейин – 1 керебетке 100-80 м2; 800дөн 1000 чейин – 1 керебетке 80-60 м2; 1000ден жогору – 1 керебетке 60 м2
1 сменада 100 келүүлөргө 0,1га, бирок 0,3 га кем эмес
сменде 0,1 га 100 келип-кетүүгө, бирок 0,3 га дан кем эмес
1 автомобилге 0,05 га, бирок 0,1 га кем эмес

0,2 га
0,3 га же кошо курулган 0,25 га же кошо курулган 0,2 га же кошо курулган
|
Балдар үчүн 1 керебетке жалпы стационардын ченемин 1,5 көмөк чоңдугу менен кабыл алуу керек. Бир жер участкасында эки же андан ашык стационарды жайгаштырганда анын жалпы аянтын стационарлардын суммалык сыйымдулугунун ченеми боюнча кабыл алуу зарыл. IA, IГ климатикалык кичи райондордо, ошондой эле ири жана өтө ири шаарларда кайра конструкциялоо шарттарында ооруканалардын жер участкаларын 25% азайтууга жол берилет. Шаардын жака бел чөлкөмүндө жайгашуучу ооруканалардын жер участкаларынын өлчөмүн көбөйтүү керек: инфекциялык жана онкологиялыктардыкын – 15%, туберкулездук жана психиатриялыктардыкын – 25%, жашы жетилгендер үчүн калыбына келтирип дарылоочулардыкын – 20%, ошолордукун балдар үчүн – 40%. Төрөт үйлөрүнүн жер участкаларынын аянтын стационарлардын ченемдери боюнча 0,7 көмөк чоңдугу менен кабыл алуу зарыл.
Бир дарылоочу-алдын алуучу мекемеге бириккен стационардын жана бейтапкананын (диспансердин) жер участкаларынын өлчөмдөрү тиешелүү ченемдер боюнча ар бири өз алдынча аныкталып, кийин кошулуп алынат
|
Сүт ашканалары, 1 наристеге (1 жашка чейинки) 1 суткага үлүш
Сүт ашканаларынын таратуучу пункттары, 1 наристеге (1 жашка чейин) жалпы аянттан, м2
| 4
0,3 | 1 суткадагы 1 миң үлүшкө 0,015 га, бирок 0,15 га кем эмес
кошо курулган |
|
Санатордук-курорттук жана ден соолук чыңоочу, эс алуу жана туризм мекемелери
Санаторийлер (туберкулездууларды кошпогондо), орун
Балдары менен ата-энелер үчүн санаторийлер (туберкулездууларды кошпогондо), орун
Санаторийлер-профилакторийлер, орун
Балдардын санатордук лагерлери, орун
Эс алуу үйлөрү (пансионаттар), орун
Балдары менен үй-бүлөлөр үчүн эс алуу үйлөрү (пансионаттар)
Ишканалардын жана уюмдардын эс алуу базалары, жаштардын лагерлери, орун
Курорттук мейманканалар, орун
Балдар лагерлери, орун
Жогорку класстын окуучуларынын ден соолукту чыңоочу лагерлери, орун
Мектепке чейинки балдар мекемелеринин саяжайлары, орун
Туристтик мейманканалар, орун
Туристтик базалар, орун
Балдары менен үй-бүлөлөргө туристтик базалар, орун
Мотелдер, орун
Кемпингдер, орун
Баш калка жайлар, орун | Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча
Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча
Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча
Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча
Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча
Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча
Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча
Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча
Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча
Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча
Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча
Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча
Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча
Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча
Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча
Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча
Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча
Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча |
1 орунга 125-150 м2
1 орунга 145-170 м2
1 орунга 70-100 м2
1 орунга 200 м2
1 орунга 120-130 м2
1 орунга 140-150 м2
1 орунга 140-160 м2
1 орунга 65-75 м2
1 орунга 150-200 м2
1 орунга 175-200 м2
1 орунга 120-140 м2
1 орунга 50-75 м2
1 орунга 65-80 м2
1 орунга 95-120 м2
1 орунга 75-100 м2
1 орунга 130-150 м2
1 орунга 35-50 м2 | Келтирилген чектердеги жер участкаларынын ченемдеринин таасын маанилери жергиликтүү шарттар боюнча кабыл алынат. Жер участкаларынын өлчөмдөрү чарбалык чөлкөмдөрдүн аянттарын, ушул ченемдердин 3.15 пунктуна ылайык кабыл алынуучу, эсепке албай берилген Мурун курулган курорттук райондордо жана курортторду кайра конструкциялоо шарттарында, ошондой эле өтө ири жана ири шаарлардын жака бел чөлкөмдөрүндөгү эс алуу базалары үчүн жер участкаларынын өлчөмдөрүн азайтса болот, бирок 25% көп эмес
Шаар чийиминин чегинде жайгашкан санаторий-профилакторийлерде жер участкаларынын өлчөмдөрүн азайтса болот, бирок 10% көп эмес
Өтө ири жана ири шаарларда, коомдук борборлордо жайгаштырылуучу туристтик мейманканалар үчүн жер участкаларынын өлчөмдөрүн коммуналдык мейманканалар үчүн такталган ченемдер боюнча кабыл алууга жол берилет |
Физмаданияттык-спорттук курулмалар Аймагы
Кичи райондогу физмаданияттык-ден соолук чыңоочу көнүгүүлөр үчүн жайлар, 1 миң кишиге жалпы аянт, м2
Жалпы пайдалануудагы спорт залдары, 1 миң кишиге төшөлмөнүн аянты, м2
Жалпы пайдалануудагы жабык жана ачык чалкымалар, 1 миң кишиге суунун бети, м2
IA, IГ климатикалык кичи райондор үчүн спорт залдар жана жабык чалкымалар, 1 миң кишиге төшөлмөнүн аянтынан, суунун бетинен, м2
|
|
-
70-80
60-80
20-25
10 м2
|
|
1 миң кишиге 0,7-0,9 м2
Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча
| Жалпы пайдалануудагы физмаданияттык-спорттук курулмаларды, эреже катары, билим берүүчү мектептердин жана башка окуу жайларынын, эс алуу жана маданият мекемелеринин спорт объекттери менен бириктирүү, аймакты кыскартуу мүмкүнчүлүгүндө, зарыл. IA климатикалык кичи районунда физмаданияттык-спорттук курулмалар комплексинин жер участкаларынын келтирилген өлчөмдөрүн 50% чейин кыскартууга жол берилет. Майда кыштактар үчүн залдарды жана чалкымаларды эсептөө ченемдерин технологиялык талаптар боюнча объекттердин минималдык сыйымдуулугун эсепке алуу менен кабыл алуу керек. Физмаданияттык-ден соолук чыңоочу аянтчалар комплекстери ар бир кыштакта болушу шарт. Шаардык маанидеги физмаданияттык-спорттук курулмалардын жеткиликтүүлүгү 30 минуттан ашпашы керек. Турак жай районунда жайгашуучу физмаданияттык-спорттук курулмалардын үлүшүн жалпы ченемден % менен кабыл алуу зарыл: Аймактын – 35, спорт залынын – 50, чалкыманын – 45.
Калкынын саны 2 миңден 5 миңге чейин болгон кыштактарда аянты 540 м2 болгон бир спорт залды караштыруу зарыл. |
Калктуу пункттар үчүн, миң киши:
100дөн көп;
50дөн 100 чейин 25тен 50 чейин 12ден 25 чейин 5тен 12 чейин |
| Спорт зал | Чалкыма |
|
|
| ||
120
130 150 175 200 |
50
55 65 80 100 | |||||||
|
|
| ||||||
Маданият жана искусство мекемелери | ||||||||
Калк менен маданий массалык жана саясий-тарбия иштерин жүргүзүү, эс алуу жана кызыкчылык ишмердик жайлары, 1 миң кишиге төшөлмө аянтынан, м2
Бийлөө залдары, 1 миң кишиге, орун
Клубдар, 1 миң кишиге келүүчү орун
Кинотеатрлар, 1 миң кишиге орун
Театрлар, 1 миң кишиге орун
Концерттик залдар, 1 миң кишиге орун
Цирктер, 1 миң кишиге орун
Лекторийлер, 1 миң кишиге орун
Аттракциондор жана оюн автоматтар залдары, 1 миң кишиге төшөлмө аянтынан, м2
Спорттук-оюндук универсалдуу залдар, анын ичинде жасалма музу менен, 1 миң кишиге, орун
| 50-60
6
80
25-35
5-8
3,5-5
3,5-5
2
3
6-9 |
Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча
80
25-35
5-8
3,5-5
3,5-5
2
3
Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча | Маданий-массалык, физмаданияттык-ден соолук чыңоочу жана тарбия иштерин уюштуруу үчүн, 500 м ашпаган жөө жетүү мүмкүнчүлүгүнүн чегинде окуучулар жана калктын (ченемдерди тиешелүү суммалоо менен) колдонуусу үчүн бирдиктүү комплекстерди куруу сунуш кылынат. Райондук маанидеги бийлөө залдарынын, кионтеатрлардын жана клубдардын салыштырмалуу салмагын 40-50% өлчөмүндө алуу сунушталат. Маданият жана искусство мекемелериндеги орундуктардын минималдык санын өтө ири жана ири шаарлар үчүн кабыл алуу зарыл. Планетарийлерди, көргөзмө залдарын жана музейлерди жайгашты-рууну, алардын сыйым-дуулугун жана жер участкаларынын өлчөм-дөрүн долбоорлоого берилген тапшырма боюнча аныкташат. Цирктерди, концерттик залдарды, театр жана планетарийлерди, эреже катары, калкынын саны 250 миң болгон жана андан ашкан шаарларда, ал эми кинотеатрларды – калкынын саны 10 миңден кем эмес калктуу пункттарда караштыруу зарыл. Жасалма муз аянтчасы менен универсалдуу спорт-оюндук залдарды, эреже катары, жайгаш-тыруу тутумундагы калкынын саны100 миңден ашкан шаар-борборлордо караштыруу керек. | |||||
Шаардык массалык китепканалар, 1 миң кишиге тейлөө чөлкөмү, шаардын калкы, миң киши***, төмөнкүчө болгондо: 50 дөн жогору
10дон 50 чейин
Кошумча түрдө шаардык борбордук китепканада 1 миң кишиге шаардын калкы, миң киши, болгондо: 500 жана андан көп 250 100 50 жана андан аз
Жергиликтүү жайгаштыруу тутумунун (административдик район) борбордук китепканасында кошумча түрдө 1 миң кишиге
Клубдар, айылдык калктуу пункттар же алардын тобу үчүн 1 миң келүүчү орунга, миң киши: 0,2ден 1 чейин 1ден 2 чейин 2ден 5 чейин 5тен 10 чейин
|
4/2 (миң сакталуучу бирдик/окуу орду)
4-4,5/2-3(миң сакталуучу бирдик/окуу орду)
0,1/0,1 0,2/0,2 0,3/0,3 0,5/0,3
4,5-5/3-4
500-300 300-230 230-190 190-140
| Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча
Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча |
Клубдардын жана китепканалардын аз сыйымдуулуктарын чоң калктуу пункттар үчүн кабыл алуу абзел.
| |||||
Соода, коомдук тамак-аш жана тиричилик тейлөө ишканалары | ||||
Дүкөндөр, 1 миң кишиге соода аянты****, м2
анын ичинде: азык-түлүк товарлардын, объект азык-түлүк эмес товарлардын
Базар комплекстери, 1 миң кишиге соода аянты, м2
Коомдук тамак-аш ишканалары, 1 миң кишиге орун
Кулинария дүкөндөрү, 1 миң кишиге соода аянты, м2
|
280(100)
100 (70)
180 (30)
24-40*
40 (8)
6 (3)
|
Жергиликтүү маанидеги соода борборлору, тейленүүчү калктын саны, миң киши болгондо: 4төн 6 чейин – объектке 0,4-0,6 га 6дан 10 чейин – 0,6-0,8 10дон 15 чейин – 0,8-1,1 15тен 20 чейин – 1,1-1,3 Майда шаарлардын жана айылдык калктуу пункттардагы соода борборлору, калкынын саны, миң киши: 1ге чейин – 0,1-0,2 га; 1ден 3 чейин – 0,2-0,4 га; 3төн 4 чейин – 0,4-0,6 га; 5тен 6 чейин – 0,6-1,0 га; 7ден 10 чейин – 1,0-2,0 га
Соода ишканалары, соода аянты, м2: 250 чейин – 100 м2 соода аянтына 0,08 га; 250дөн 650 чейин – 0,08- 0,06; 650дөн 1500 чейин – 0,06-0,04; 1500дөн 3500 чейин – 0,04-0,02; 3500дөн жогору – 0,02
Сыйымдуулугуна жараша базар комплексинин 1 м2 соода аянтына 7ден 14 м2 чейин: 14 м2 – соода аянты 600 м2 чейин; 7 м2 – соода аянты 3000 м2 жогору болгондо. 100 орунга орундардын санында, га: 50 чейин – 0,2-0,25; 50дөн 150 чейин – 0,2-0,15; 150дөн жогору – 0,1
| Эсептөө ченемдери, ведомстволук таандыктыгына карабай, соода-тиричилик тейлөө ишканаларынын баардык тарамын камтыйт жана региондордун өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен белгиленген тартипте тактоого жатат. Ишканалардын инженердик тутумдар жана коммуникациялар менен автономдуу түрдө камсыз болгон шарттарында, ошондой эле алардын аймактарында көмөкчү имараттарды жана курулмаларды жайгаштырууда участоктун аянты 50% чейин чоңойтулат.
Шаарлардагы азык-түлүк эмес товарлардын дүкөндөрүн эсептөө ченемдерине 1 миң кишиге 10 м2 эсебиндеги комиссиондук дүкөндөр да кирет. Атайын дайындалыштагы дүкөндөрдү жана калктын айрым категориялары үчүн дүкөндөрдү азык-түлүк товарлардын дүкөндөрүн эсептөөнүн белгиленген ченемдерине кошумча түрдө, болжол менен, 1 миң кишиге 5-10 м2 соода аянты менен долбоорлоого берилген тапшырма боюнча кабыл алуу керек. Бак өстүрүүчүлөр шериктештик кыштагында азык-түлүк дүкөндөрүн 1 миң кишиге 80 м2 соода аянты эсебинде караштыруу керек. Өнөр жай ишканаларында жана башка эмгек майдандарында азык-түлүк тапшырыктарын таратуучу пункттарды 1 миң жумушчуга ченемделүүчү аянтты, м2, эсебинде: 60 – өнөр жай ишканалары селитебдик чөлкөмдөн алыс жайгашканда; 36 – өнөр жай ишканалары селитебдик чөлкөмдүн чек арасынын жанында жайгашканда; 24 – эмгек кылган жер селитебдик аймактын чегинде жайгашканда (дүкөндөрдүн аянтында жана өзүнчө объекттерде)
Базар комплекси үчүн 1 соода орунуна 6 м2 соода аянтын кабыл алуу керек. Шаар-курорттордо жана туризм шаар-борборлорунда коомдук тамак-аш ишканаларынын тарамын эсептөөнү убактылуу жашоочуларды көңүлгө алуу менен жүргүзүү зарыл, 1 миң кишиге: арашан менен дарылоочукурорттордо - 90 орунга чейин; климатикалык курорттордо -120 орунга чейин. Өндүрүш ишканаларында, мекемелерде, уюмдарда жана окуу жайларында коомдук тамактануу ишканаларына болгон муктаждыкты максималдык сменада иштөөчү 1 миң иштөөчүгө (окуучуга) ведомстволук ченемдер боюнча эсептешет. Коомдук тамактануунун даярдоочу ишканаларын 1 миң кишиге суткасына 300 кг ченеминде эсептешет. | |
Тиричиликти тейлөө ишканалары, 1 миң кишиге жумушчу орун
анын ичинде: калкты тикелей тейлөөдө
Тапшырыктарды борборлошкон аткаруудагы өндүрүш ишканалары, объект | 9 (2,0)
5 (2)
4/3 |
10 жумушчу орунга төмөнкү кубаттуулуктагы ишканалар үчүн, жумушчу орун: 0,1–0,2 га – 10-50; 0,05-0,08 га – 50-150; 0,03-0,04 га – 150дөн жогору
0,5-1,2 га | Өндүрүш ишканалары жана башка эмгек майдандары үчүн тиричилик тейлөө ишканаларын эсептөө көрсөткүчүн жалпы ченемдин эсебинен 5-10% өлчөмүнө кабыл алуу керек | |
Коммуналдык тейлөө ишканалары Кир жуугучканалар, 1 миң кишиге сменадагы кир, кг анын ичинде: өзүн өзү тейлөөчү кир жуугучканалар, объект кир жуугуч фабрикалар, объект
Химтазалагычтар, 1 миң кишиге сменада буюмдар, кг анын ичинде: өзүн өзү тейлөөчү химтазалагычтар, объект химтазалагыч фабрикалар, объект Мончолор, 1 миң кишиге орун |
120 (10)
10 (10)
110
11,4 (4,0)
4,0 (4,0)
7,4
5/7 |
объектке 0,1-0,2 га
объектке 0,5-1,0 га
объектке 0,1-0,2 га
объектке 0,5-0,1 га
объектке 0,2-0,4 га |
Фабрикаларды эсептөө көрсөткүчү
Абатталган турак жай фонду менен камсыздалган калктуу пункттарда мончолордун жана мончолук-ден соолук чыңоочу комплекстердин 1 миң кишиге эсептөө ченемдерин 3 орунга чейин азайтууга; IA, IГ климатикалык кичи райондордо жайгаштырылуучу шаарлар үчүн 8, ал эми жаңы конуштарда 10 орунга чейин көбөйтүүгө жол берилет | |
Башкаруу уюмдары жана мекемелери, долбоордук уюмдар, насыялык-финансылык мекемелер жана байланыш ишканалары
|
| |||
Банктардын бөлүмдөрү, операциялык касса
Сактык банктын бөлүмдөрү жана филиалдары, шаарлардагы операциялык орун
Башкаруу уюмдары жана мекемелери, объект
Райондук, облустук жана шаардык соттор, жумушчу орун
Облустук соттор, жумушчу орун Юридикалык консультациялар, жумушчу орун
Нотариалдык контора, жумушчу орун | 10-30 миң кишиге 1 операциялык касса
2-3 миң кишиге 1 операциялык орун (терезе)
Долбоорлоого берилген тапшырма боюнча
30 миң кишиге 1 сот
60 миң кишиге облустук соттун 1 мүчөсү 10 миң кишиге 1 юрист-адвокат
30 миң кишиге 1 нотариус | Объектке га: 0,2 – эки операциялык касса болгондо 0,05 – жети операциялык орунга 0,05 - үч операциялык орунга 0,4 – 20 операциялык орунга
Имараттын кабаттуулугуна жараша, 1 кызматкерге м2: 44-18,5 - 3-5 кабаттуулукта; 13,5-11 – 9-12 кабаттуулукта; 10,5 – 16 жана андан жогору кабаттуулукта
Облустук, шаардык жана райондук бийликтин органдарында, 1 кызматкерге м2: 54-30 – 3-5 кабаттулукта; 13-12 – 9-12 кабаттулукта; 11 – 16 жана андан жогору кабаттулукта; Айыл өкмөттөрүндө, 1 кызматкерге м2 : 60-40 – 2-3 кабаттулукта
1 объектке 0,15 га – 1 сотко; 0,4 га 5 сотко; 0,3 га 10 мүчөсү болгондо; 0,5 га 25 мүчөсү болгондо
|
| |
Турак жай-коммуналдык чарба мекемелери |
| |||
Турак жай-пайдалануу уюмдары, объект: кичи райондун
турак жай районунун
Кайра пайдаланылуучу чийки затты кабыл алуу пункт, объект
Мейманканалар, 1 миң кишиге орун
Коомдук ажатканалар
Өлүктү тейлөө бюросу
Салттуу өлүк көмүү көрүстөнү: а) мусулмандардыкы б) православие дининдегилердики
Өрттөгөндөн кийин урналап көмүү көрүстөнү |
Калкы 20 миң кишиге чейин болгон кичи районго объект Калкы 80 миң кишиге чейин болгон турак жай районуна 1 объект
Калкы 20 миң кишиге чейин болгон кичи районго 1 объект
6
1 миң кишиге 1 алет
0,5-1,0 млн кишиге 1 объект |
объектке 0,3 га
объектке 1 га
объектке 0,01 га
Мейманканалардын орундарынын саны төмөнкүчө болгондо 1 орунга м2: 25тен 100 чейин – 55; 100дөн 500 чейин – 30; 500дөн 1000 чейин – 20; 1000ден 2000 чейин - 15
1 миң кишиге 0,5 га 1 миң кишиге 0,24 га
1 миң кишиге 0,02 га
|
Өлүк көмүү үчүн бөлүнгөн жер участкаларынын өлчөмдөрүн жергиликтүү шарттар боюнча аныкталуучу өлүктү салттуу көмүү көрүстөнүнүн жана өрттөп көмүү көрүстөнүнүн катышына жараша тактоого мүмкүндүк берилет | |
Ошол эле учурда:
Жаңы конуш калктуу пункттарына калкынын саны өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес дайындалыштагы объекттерди курууда катышып жаткан куруучуларды кошо эсептегенде, биринчи комплексти ишке киргизип жаткан мезгилде эки жана андан көп эсе көбөйгөн, мурун курулган жана жаңы курулуп жаткан шаардык пункттар кирет.
*Спорт чөлкөмүнүн аянтын жана мектептин имаратын эсепке алуу менен класстарды 40 окуучу менен толтурууда.
** Шаарларда мектептер аралык окуу-өндүрүштүк комбинаттар жана мектептен сырткаркы мекемелер 30 минуттан ашпаган унаалык жетүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен селитебдик аймакта жайгаштырылат. Айылдагы калктуу пункттарда мектептен сырткаркы мекемелерди жалпыга билим берүүчү мектептердин имараттарында караштыруу сунушталат.
*** Келтирилген ченемдер сыйымдуулугу долбоорлоого берилүүчү тапшырмада аныкталуучу илимий, универсалдуу жана атайлаштырылган китепканаларга таратылбайт.
**** Кашааларда кичи райондордогу жана турак жай райондорундагы тейлөө тутумун уюштурууга ылайык келе турган жергиликтүү маанидеги эсептөө ченемдери келтирилген.
| 7-тиркеме |
Шаардын жака бел чөлкөмдөрүнүн жана жайгаштыруу тутумунун автомобиль жолдорунун категориялары жана параметрлери
Жолдордун категориялары | Кыймылдын эсептик ылдам-дыгы, км/саат | Кый-мыл тилке синин жазы-лыгы, м | Кый- мыл тилке- синин саны | План- дагы эң кичине бурулуу радиусу, м | Эң чоң узата жантайма, % | Жер эн тилке-синин эң чоң жазылыгы, м |
Магистралдык: Ылдамдыктуу кыймылдагы Негизги секторалдык үзгүлтүксүз жана жөнгө салынуучу кыймылдагы Негизги зоналдык үзгүлтүксүз жана жөнгө салынуучу кыймылдагы |
150
120
100 |
3,75
3,75
3,75 |
4-8
4-6
2-4 |
1000
600
400 |
30
50
60 |
65
50
40
|
Жергиликтүү маанидеги: жүк ташуучу парктын |
70 50 |
4,0 3,0 |
9 2 |
250 175 |
70 80 |
20 15 |
Ошол эле учурда:
1. Татаал топографиялык жана жаратылыш шарттарда кыймылдын эсептик ылдамдыгын горизонталдык бурулуштардын жана узата жантаймалардын параметрлерин тиешелүү түрдө корректирлөө менен жолдун кийинки категориясынын чоңдугуна чейин түшүрүүгө жол берилет.
2. Автомобиль агымдарынын кызуу маалындагы жогорку бир калыпта эместигинде багыттар боюнча жеңил автомобилдердин жана автобустардын багыт өзгөрмөлүү кыймылы үчүн өзгөчөлөнгөн борбордук жүрмө бөлүктү жасоого жол берилет.
3. Магистралдык жолдордо жүк ташуучу автомобилдердин артыкчылыктуу кыймылында кыймыл тилкесинин жазылыгын 4 м чейин, ал эми унаа агымында оор жүк ташуучу автомобилдердин үлүшү 20% ашык болсо, 4,5 м чейин чоңойтуу керек.
8-тиркеме
Автомобилдердин унаа туруктарын эсептөө ченемдери
Катар №№ | Баруучу объекттер | Эсептик бирдиктер | Төмөнкү эсептик бирдиктерге 1 машина-орун каралат |
1 | 2 | 3 | 4 |
| |||
1.1 | Мамлекеттик бийлик органдарынын мекемелери | Жалпы аянттын чарчы метри | 200-220 |
1.2 | Административдик-башкаруу мекемелери, коомдук уюмдардын имараттары жана жайлары | Жалпы аянттын чарчы метри | 130-150 |
1.3 | Коммерциялык-ишкердик борборлор, кеңселик имараттар жана жайлар | Жалпы аянттын чарчы метри | 70-80 |
1.4 | Банктар жана банк мекемелери | ||
1.4.1 | -операциялык залдары менен | Жалпы аянттын чарчы метри | 35-40 |
1.4.2 | -операциялык залдары жок | 65-70 | |
| |||
2.1 | Илим изилдөө жана долбоорлоо институттары | Жалпы аянттын чарчы метри | 180-200 |
2.2 | Жогорку окуу жайлары | 1 сменде иштеген окутуучулар, кызматкерлер, окуган студенттер | 3-5 окутуучуга жана кызматкерге, + 20 тудентке 1 машина-орун |
2.3 | Орто окуу жайлары, колледждер, атайын жана жеке мектептер, шаардык маанидеги искусство жана музыка мектептери | 1 сменде иштеген окутуучулар | 3-4 |
2.4 | Окуу, өз алдынча чыгармачылык борборлору, кызыкчылыктар боюнча клубдар | Жалпы аянттын чарчы метри | 30-35 |
| |||
3.1 | Өндүрүштүк имараттар жана коммуналдык-кампалык объекттер | Удаалаш эки сменде иштөө-чүлөр, киши | 10-12 |
4. Соода-тиричилик жана коммуналдык дайындалыштагы объекттер | |||
4.1 | Дүкөндөр-кампалар (майда-дүң жана чекене соодадагы, гипермаркеттер) | Жалпы аянттын чарчы метри | 30-35 |
4.2 | Азык-түлүк жана (же) азык-түлүк эмес топтогу мезгилдүү суроо-талаптуу товарлардын кеңири ассортименти менен соода багытындагы объекттер (соода борборлору, ссода комплекстери, супермаркеттер, универсамдар, универмагдар ж.б.) | Жалпы аянттын чарчы метри | 70-80 |
4.3 | Азык-түлүк эмес топтогу чанда суралуучу товарларды сатуу боюнча атайлаштырылган дүкөндөр (спорт дүкөндөрү, автосалондор, эмерек, тиричилик техникалар, музыкалык аспаптар, зергер буюмдар, китеп дүкөндөрү ж.б.) | Жалпы аянттын чарчы метри | 90-100 |
4.4 | Туруктуу базарлар | ||
4.4.1 | Универсалдуу жана азык-түлүк эмес товарлардын | Жалпы аянттын чарчы метри | 30-40 |
4.4.2 | Азык-түлүк жана айыл чарба товарларынын | 60-70 | |
4.5 | Ресторандар, шаардык маанидеги кафелер | Отуруучу орундар | 6-8 |
4.6 | Коммуналдык-тиричилик тейлөө объекттери | ||
4.6.1 | Мончолор | Бир убакта келүүчүлөр | 7-10 |
4.6.2 | Ательелер, шаардык маанидеги фотосаландор, чач-тарач-салондор, сулуулук салондору, солярийлер, мода салондору, үлпөт салондору | Жалпы аянттын чарчы метри | 20-25 |
4.6.3 | Ритуалдык кызмат салондору | Жалпы аянттын чарчы метри | 25-30 |
4.6.4 | Химтазалоолор, кир жуугучканалар, оңдогуч устаканалар, татаал тиричилик техникаларын тейлөө боюнча атайлаштыылган борборлор ж.б. | Кабыл алуучунун жумушчу оруну | 1-2 |
4.7 | Мейманканалар | ||
4.7.1 | Жогорку категориядагы (4-5*) | номер | 3-4 |
| Башкалар | 6-8 | |
5.Маданият жана эс алуу объекттери | |||
5.1 | Көргөзмө-музей комплекстери, музей-коруктар, галереялар, көргөзмө залдар | Бир убакта келүүчүлөр | 8-10 |
5.2 | Театрлар, концерттик залдар | Көрүү орундары | 25-30 |
5.3 | Кино борборлору жана кино театрлар | Көрүү орундары | 25-35 |
5.4 | Шаардык китепканалар, интернет-кафелер | Отуруучу орундар | 10-12 |
5.5 | Религиялык конфессиялар объекттери (чиркөөлөр, костелдор, мечиттер, синагогдор ж.б.) | Бир убакта келүүчүлөр | 10-12, бирок объектке 10 м/орун кем эмес |
5.6 | Көңүл ачуу борборлору, дискотекалар, оюн автоматтар залдары, түнкү клубдар, казинолор | Бир убакта келүүчүлөр | 8-10 |
5.7 | Бильярддар, кегельбандар | Бир убакта келүүчүлөр | 5-6 |
6. Дарылоочу мекемелер | |||
6.1 | Атайлаштырылган бейтапканалар | 1 сменге келүүчүлөр | 90-110 |
6.2 | Көп профилдүү консультациялык-дарттапма борборлор | 1 сменге келүүчүлөр | 55-65 |
6.3 | Ооруканалар, профилакторийлер | Керебет-орун | 20-25 |
6.4 | Атайлаштырылган клиникалар, сакайтуу борборлору
| Керебет-орун | 10-15 |
1 | 2 | 3 | 4 |
6.5 | Карылар жана майыптар үчүн интернаттар жана пансионаттар | Керебет-орун | Ченемделбейт |
7. Спорттук-ден соолук чыңоочу объекттер | |||
7.1 | Спорт комплекстери жана трибуналары менен стадиондор | Трибуналардагы орундар | 25-30 |
7.2 | Ден соолук чыңоочу комплекстер (фитнесс-клубдар, ФДК, спорттук жана көнүгүү залдары) | Жалпы аянттын чарчы метри | 35-45 |
7.3 | Атайлаштырылган спорт клубдары жана комплекстери (теенис, ат спорту, тоо лыжалык борборлор ж.б.) | Бир убакта келүүчүлөр | 4-6 |
7.4 | Аквапарктар, чалкымалар | Бир убакта келүүчүлөр | 8-10 |
8. Унаа тейлөө объекттери | |||
8.1 | Темир жол бекеттери | Кызуу кыймыл маалындагы алыска баруучу жүргүнчүлөр | 8-10 |
8.2 | Автобекеттер | Кызуукыймыл маалындагы жүргүнчүлөр | 10-15 |
8.3 | Аэробекеттер | Кызуукыймыл маалындагы жүргүнчүлөр | 6-8 |
Ошол эле учурда:
1. Машина-орундардын саны шаардын борборун автоунаадан арылтуу жана шаардын борборуна барууда массалык жүргүнчү унааны колдонууга багыттоо муктаждыгы менен шартталган.
2. Ченемдик көрсөткүчтөр иштегендер жана келүүчүлөр үчүн талап кылынуучумашина-орундарынын санын, объекттин технологиялык муктаждыктарын тейлөөчү автомобилдердин машина-орундарын (объекттин иштешин камсыздоочу жүк жүктөө жана түшүрүү менен байланышкан автомобилдин унаа туругун ж.б.) эсепке албай, ошондой эле туристтик автобустардын машина-орундарынын санын камтыйт.
3. Сакталып калуучу курулуштарда соода объекттеринин жалпы аянтынын өлчөмү 400дөн 800 м2 чейин болгондоэсептөө жолу менен аныкталуучу машина-орундардын санын 2 эсеге кыскартса болот, ал эми жалпы соода аянты 400 м2 аз болгон учурларда, унаа туруктарын караштырбай коюуга жол берилет. Жаңы курулуштарда жеңил автомобилдерди токтотуу үчүн жайларды соода аянтынын кандай гана өлчөмү болбосун караштырып, аларды бөлүнгөн участоктун чегинде жайгаштыруу керек.
4. Объекттин жалпы аянты сырткы дубалдардын ички беттеринин чегинде аныкталган имараттын баардык кабаттарынын аянттарынын суммасына барабар, буга антресолдордун, башка имараттарга өтмөлөрдүн, айнектелген кире бериштердин, галереялардын жана балкондордун, көрүүчү залдардын аянттары дагы кирет. Көп жарыктуу жайлардын аянтары имараттын жалпы аянтына бир кабаттын чегинде гана кошулат.
5. Ар кандай функционалдык дайындалыштагы жайлары менен имараттар үчүн машина-орундардын санын ар бир жайдын түрү үчүн өзүнчө аныктап, андан кийин суммалап коюу зарыл.
6. Религиялык конфессиялардын объекттери үчүн машина-орундарды эсептөөнү келүүчүлөрдүн саны боюнча жуманын максималдуу күнү үчүн жүргүзөт, бирок эсепке негизги (башкы) религиялык майрам күндөрүн кошпоо керек.
7. Шаардык жана шаардын жака белинин парктарына келүүчүлөрдүн автомобилдерин токтотуу үчүн орунду жайгаштырууну ушул эрежелер топтомунун 7-бөлүмүнүн – Ландшафтык-рекреациялык аймагынын, талаптарына ылайык жүргүзүү зарыл.
| 9-тиркеме |
Унаа каражаттарынын жер участкаларынын жана парктарынын ченемдери
Объекттер | Эсептик бирдик | Объекттин сыйымдуулугу | Объектке участканын аянты, га |
Жеңил таксомоторлор жана жеңил автомобилдерди кирелөө базалары үчүн көп кабаттуу гараждар
Жүк ташуучу автомобилдер гараждары
Оңдоо устаканалары жок троллейбус парктары
Ошондой эле, оңдоо устаканалары менен
Автобус парктары (гараждар) | Таксомотор, кире автомобили
Автомобилдер
Машина
Машина
Машина | 100 300 500 800 1000
100 200 300 500
100 200
100
100 200 300 500 | 0,5 1,2 1,6 2,1 2,3
2 3,5 4,5 6
3,5 6,0
5,0
2,5 3,5 4,5 6,5 |
Ошол эле учурда: Кайра конструкциялоо шарттары үчүн жер участкаларынын өлчөмдөрү тиешелүү түрдө негиздөө менен кичирейтилиши мүмкүн, бирок 20% көп эмес.
| 10-тиркеме |
Тиричилик калдыктарынын топтолуу ченемдери
Тиричилик калдыктары | 1 жылда 1 кишиге тиричилик калдыктарынын көлөмү | |
кг | л | |
Катуу: суу өткөргүч, суу агындылагыч, борбордук жылытуу жана газ менен жабдылган турак жай имараттарынан башка турак жай имараттарынан |
190-225
300-450 |
900-1000
1100-1500 |
Шаар боюнча коомдук имараттарды эсепке алганда жалпы көлөмү | 280-300 | 1400-1500 |
Калдык аңдарынан суюк (суу агындылагыч жок болгондо) | - | 2000-3500 |
Көчөлөрдүн, парк аянттарынын 1 м2 катуу жер беттеринен шыпырындылар | 5-15 | 8-20 |
Ошол эле учурда:
1. Калдыктардын топтолуу ченемдеринин чоң маанилерин өтө ири жана ири шаарлар үчүн алуу керек.
2. III жана IV климатикалык райондор үчүн тиричилик калдыктарынын бир жылдык топтолуу ченемдерин10% чоңойтуп алуу абзел.
3. IA, IГ климатикалык райончолордо катуу калдыктардын топтолуу ченемдерин жергиликтүү жылытууда 10%, ал эми күрөң көмүрдү колдонууда – 50% көбөйтүп алуу зарыл.
4. Катуу тиричилик калдыктардын келтирилген маанилеринин курамындагы ири тыш өлчөмдүү тиричилик калдыктарынын топтолуу ченемдерин 5% өлчөмүндө кабыл алуу керек.
| 11-тиркеме |
Электр колдонуунун ирилештирилген көрсөткүчтөрү
Калктуу пункттардын абаттоо даражасы | Электр колдонуу, 1 кишиге кВтсаат/жыл | Электр жүктөмүнүн максимумун колдонуу, киши/жыл |
Стационардык электр плиталары менен жабдылбаган шаарлар: кондиционерлери жок кондиционерлери менен |
1700 2000 |
5200 5700 |
Стационардык электр плиталары менен жабдылган (100%) шаарлар: кондиционерлери жок кондиционерлери менен |
2100 2400 |
5300 5800 |
Кыштактар жана айылдык калктуу пункттар (кондиционерлери жок): стационардык плиталар менен жабдылбаган стационардык плиталар менен жабдылган |
950
1350 |
4100
4400 |
Ошол эле учурда:
1. Электр колдонуунун ирилештирилген көрсөткүчтөрү чоң шаарлар үчүн келтирилет. Аларды шаарлардын топтору үчүн төмөнкү көмөк чоңдуктар менен кабыл алуу зарыл:
өтө ири ...................... 1,2;
ири ............................. 1,1;
орто ............................ 0,9;
майда ......................... .0,8.
Электр колдонуунун келтирилген ирилештирилген көрсөткүчтөрү турак жай жана коомдук имараттар, коммуналдык-тиричилик тейлөө ишканалары, сырткы жарыктандыруу, шаар электр унаасы, суу менен камсыздоо, суу агындылоо жана жылуулук менен камсыздоо тутумдарына тиешелүү.
2. Турак жай курулуштарында стационардык электр плиталарын колдонуу шарттарын, ошондой эле калк тарабынан тиричилик кондиционерлерди колдонуу райондорун курулуш тармагында аракеттеги ченемдик-техникалык документтерге ылайык кабыл алуу керек.
КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 24-мартындагы № 39 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин буйругу менен бекитилген 2016-жыл “___” ___________ № _____ |
Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу пункттарды
пландаштыруу жана куруу жөнүндө
ЭРЕЖЕЛЕР ТОПТОМУ
1. Жалпы жоболор
1.1. Ушул эрежелер топтому шаардык калктуу пункттардын жаңыларын долбоорлоого жана мурункуларын кайра конструкциялоого тиешелүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймактарында пландаштыруу, шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу пункттарды куруу маселелери боюнча коюлуучу негизги талаптарды жана принциптерди жана ирээтти.
1.2. 1994-жылдын 11-январындагы № 1372-XII “Кыргыз Республикасынын шаар куруусу жана архитектурасы жөнүндө”, 1991-жылдын 21-декабрындагы № 689- XII “Кыргыз Республикасындагы жеке турак жай курулушу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле архитектура, шаар куруу жана курулуш чөйрөсүндөгү мыйзам актылары, шаар куруу, курулуш боюнча курулуш ченемдери жана эрежелери, стандарттар, нускамалар, көрсөтмөлөр жана башка шааркуруу чөйрөсүнө тиешелүү кабыл алынуучу актылар ушул эрежелер топтомунун курамдык бөлүктөрү болуп саналат жана аны менен чогуу колдонулат.
1.3. Шаарлардын жана шаар тибиндеги калктуу пункттардын жаңы курулушу жана мурункуларынын кайрадан конструкцияланышы бекитилген белгиленген тартипте башкы пландарга, тетиктеп мерчемдөө долбоорлоруна, куруу долбоорлоруна ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
2. Ушул эрежелер топтомун колдонуу чөйрөсү
2.1. Шаар тибиндеги калктуу пункттарды (шаар, жумушчу, курорттук жана башка) ошондой эле эсептиксандагы калкы менен кичине шаарлар үчүн ченемдер боюнча долбоорлоо керек.
2.2. Калктуу пункттар макамына ээ эмес шаардан сырткаркы ишканалардын жана объекттердин калктуу пункттарын ведомстволук ченемдик документтер, ал эми андай ченемдер жок болгон учурларда, ошондой эле эсептик сандагы калкы менен айылдык калктуу конуштар үчүн аныкталган ченемдер боюнча долбоорлоо керек.
3. Ушул эрежелер топтомунда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

5. Селитебдик аймак
5.1. Шаарлардын жана калктуу пункттардын селитебдик аймагынын пландык түзүмүн коомдук борборлордун, турак жай курулушунун, көчө-жол тарамдарынын, жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактардын, эмгектенүү жерлеринин чөлкөмдөрүнүн өз ара байланышта жайгашышын эске алуу менен, ошондой эле аймактын чоңдугуна жана жаратылыштык өзгөчөлүгүнө жараша жалпы калктуу пункттун пландык түзүмү менен байланышта түзүү керек.
Селитебдик аймакка муктаждыкты алдын ала аныктоо үчүн 1000 кишиге эсептелген ирилештирилген көрсөткүчтөрдү кабыл алуу абзел: турак жайлардын орточо кабаттуулугу 3 кабатка чейин болгон шаарларда – жер участкалары жок курулуштар үчүн 10 га жана участкалары менен курулуштар үчүн 20 га; 4төн 8 кабатка чейин – 8 га. I A, I B, I Г, II B, II Б климатикалык райончолор үчүн келтирилген көрсөткүчтөрдү кичирейтүүгө жол берилет, бирок 30%дан көп эмес.
Ошол эле учурда шаарлардагы селитебдик аймактарды жазылыгы 100 мден кем эмес магистралдар же жашыл тилкелер менен аянттары 250 гадан ашпаган райондорго бөлүү керек.
5.2. Селитебдик аймактын өлчөмдөрүн аныктоодо ар бир үй-бүлөгө өзүнчө батир же үй берүү зарылдыгын кароо керек. Үй менен эсептик камсыздалгандык үй-бүлө мүчөлөрүнүн орточо саны жөнүндө болжолдун негизинде, берилүүчү турак үйлөрдүн типтерин, турак жай курулушунун пландаштырылуучу көлөмүн эске алуу менен ар бир шаар үчүн жана алардын райондору үчүн өзүнчө аныкталат.
5.3. Жеке курулуштардыншаарларда жайгашышын төмөнкүчө ишке ашыруу зарыл:
шаардын чегинде – негизинен бош аймактарда, мурун курулуш үчүн жараксыз деп табылган аймактарды кошо эсептегенде, ошондой эле кайра курулуучу курулуштардын аймагында (мурунку жеке чарбак курулуш участкаларында, жышташтыруу жана мурун турукташып калган шаар чөйрөсүнүн келбетин сактоо максатында чарбаксыз курулуш райондорунда);
шаар жака бели чөлкөмдөрүнүн аймактарында – шаардык аймакка кирүүчү резервдик аймактарда; шаардан 30-40 минуттук унаалык жетимдүүлүк чегинде жайгашкан жаңы жана өнүгүүчү калктуу конуштарда.
Шаарлардагы жеке чарбактуу курулуш райондорун келечекте көп кабаттуу курулуштун өнүгүү башкы багытына жайгаштыруу туура болбойт.
Жеке курулуштуу райондордо жашылдандыруу, абаттоо жана аймакты инженердик жабдуу, күнүмдүк керектелүүчү тейлөө мекемелерин жана ишканаларын жайгаштырууну караштыруу керек.
5.4. Деңиз леңгээлинен 1000 жана андан да бийик жайгащкан шаарлардагы IA, IB, IГ, IIB, IIБ климатикалык райончолор үчүн 4 кабаттан ашпаган лифтсиз турак жайларды колдонууга жол берилет.
Коомдук борборлор
5.6. Шаарларда, жалпы шаардык борборду, мерчемделинүүчү райондордун, турак жай жана өнөр жай, эс алуу борборлорун, күнүмдүк колдонулуучу соода-тиричилик борборлорун, ошондой эле шаар дака бели чөлкөмүндө жайгаштырса боло бере турган атайлаштырылган (медициналык, окуу, спорт ж.б.) борборлорду камтыганкоомдук борборлор тутумун түзүү керек.
Ошол эле учурда:
5.6.1. Коомдук борбордогу айрым объекттердин санын, курамын жана жайгашуусун шаардын чоңдугун, анын аймакты жайгаштыруу жана функционалдык-пландык уюштуруудагы ролун эске алуу менен кабыл алуу зарыл. Ири жана өтө ири шаарларда, ошондой эле түзүмү ажырымдалган шаарларда жалпы шаардык борбор, эреже катары, шаардык маанидеги борборчолор менен толукталат. Кичине шаарларда жана калктуу пункттарда, эреже катары, турак жай курулушунда күнүмдүк пайдаланылуучу объекттер менен толукталуучу бирдиктүү коомдук борбор түзүлөт.
5.7. Жалпы шаардык борбордо, анын өлчөмүнө жана мерчемдик уюштурулуусуна жараша, жалпы шаардык борбордун ядросун түзө турган өз ара байланышта болгон коомдук мейкиндиктер тутумун (башкы көчөлөрдү, аянттарды, жөө жол чөлкөмдөрүн) калыптандыруу керек.
Тарыхый шаарларда жалпы шаардык борбордун өзөгүн толугу менен же айрымдап калыптанган тарыхый чөйрөнүн бүтүндүгүн камсыз кылуу шарты менен тарыхый курулуштун чөлкөмүндө калыптандырууга жол берилет.
Турак жай курулушу
5.8. Турак жай курулушун долбоорлоодо селитебдик аймактын түзүмдүк уюштурулуусунун эки негизги деңгээлин бөлүп карашат:
кичи район (квартал) – аянты 60 га, магистралдык көчөлөр жана жолдор менен бөлүктөлгөн, чегинде тейлөө радиусу 500 метрден ашпаган (мектеп жана мектепке чейинки балдар мекемелеринен башкалары, булардын тейлөө радиусу ушул эрежелер топтомунун 4-таблицасы боюнча аныкталат) күнүмдүк пайдалануудагы мекемелер жана ишканалар жайгашкан турак жай курулушунун аянтынын түзүмдүк элементи; чек арасы катары магистралдык жана турак жай көчөлөрү, жолдор , жөө жолдор, табигый чектери кызмат кылат;
турак жай району – аянты 80ден 250 гектарга чейин болгон селитебдик аймактын түзүмдүк элементи.Анын чегинде тейлөө радиусу 1500 метрден ашпаган мекемелер жана ишканалар, ошондой эле шаардык маанидеги объекттердин бөлүгү жайгашат; алардын чек аралары болуп өтө татаал өтмө табигый жана жасалма чектер,жалпы шаардык маанидеги магистралдык көчөлөр жана жолдор саналат.
аянты, эреже катары, 80ден 250 гектарга чейин болгон селитебдик аймактын түзүмдүк элементи. Анын чегинде тейлөө радиусу 1500 метрден ашпаган мекемелер жана ишканалар, ошондой эле шаардык маанидеги объекттердин бөлүгү жайгашат; алардын чек аралары болуп, эреже катары, өтө татаал өтмө табигый жана жасалма чектер, жалпы шаардык маанидеги магистралдык көчөлөр жана жолдор саналат.
5.9. Турак жай курулушунун кабаттуулугу архитектуралык-композициялык, социалдык-тиричилик, гигиеналык, демографиялык талаптарды, курулуш базасынын өзгөчөлүктөрүн жана инженердик жабдуунун деңгээлин эске алуу менен техникалык-экономикалык эсептөөлөрдүн негизинде аныкталат.
5.10. Турукташкан капиталдык турак жай курулушу арбын болгон райондорду кайра курууда көчөлөрдүн мерчемдик түзүмүн жана тарамын тартипке салууну, коомдук тейлөө тутумун өркүндөтүүнү, аймакты жашылдандырууну жана абаттоону, турак жана коомдук имараттардын өзүнө тиешелүү архитектуралык кейибин максималдык сактоону, аларды жаңылоону жана капиталдык оңдоону, тарыхый жана маданий эстеликтерди калыбына келтирүүнү, заманбап колдонууга келтирүүнү караштыруу керек.
Сакталууга же бузууга жата турган турак жай фондунун көлөмүн анын экономикалык жана тарыхый баалуулуктарын, техникалык абалын, жашоого жарактуу турак жай фондун жана калыптанган тарыхый турак жай чөйрөнүмаксималдуу сактоону эске алуу менен белгиленген тартипте аныктоо зарыл.
Калыптанган курулушту комплекстүү кайра конструкциялоодо тиешелүү негиздөөлөр менен жергиликтүү архитектура, мамлекеттик санитардык көзөмөлоргандары менен макулдашуу боюнча долбоорлоого тапшырмада ченемдик талаптарды тактоого жол берилет. Ошол эле учурда курулуштун өрт кооптуулугун азайтууну жана калктын жашоосунун санитардык-гигиеналыкшарттарын жакшыртууну камсыз кылуу талап кылынат.
5.11. Кичи райондор жана кварталдардын аймактарына кирме жолдорду, ошондой эле имараттардагы өтмөк жолдорду бири-биринен 300 метрден алыс эмес аралыкта, ал эми периметрдик курулууучу кайра конструкциялана турган райондордо 180 метрден алыс эмес аралыкта караштыруу керек. Жолдордун жөндөлмө кыймылдуу магистралдык көчөлөрдүн жүрмө бөлүктөрүнө кошулушуна жакынкы жол кесилиштеринин токто-сызыгынан 50 метрден кем эмес жана коомдук унаанын аялдамасынан 15 метрден кем эмес аралыкта мүмкүндүк берилет.
Турак имараттардын тобуна, ири тейлөө мекемелерине жана ишканаларына, соода борборлоруна баруу үчүн негизги жолдорду, ал эми өзүнчө турган имараттарга – көмөкчү жолдорду караштыруу зарыл. Бул жолдордун өлчөмдөрүн ушул эрежелер топтомунун 7-таблицасына ылайык кабыл алышат.
Курулуштары 5 жана андан бийик кабаттуу кичи райондор жана кварталдар эки тилкелүү жолдор аркылуу тейленет.
Туюк жолдордун узундугу 150 метрден ашык болбошу жана алар таштанды чыгаргычтар, жыйноочу, өрт өчүрүүчү машиналар үчүн бурулуу аянттары менен камсыз болушу керек.
Жанжолдорду жана велосипед жолдорун жолдордун жүрмө бөлүктөрүнүн деңгээлинен 15 смге көтөрүңкү кылып салуу керек. Жанжолдордун жана велосипед жолдорунун көмөкчү жолдор менен кесилишин, ал эми мектеп жана мектепке чейинки балдар мекемелерине баруучу жолдордогу негизги жолдор менен узундугу тиешелүү түрдө 1,5 жана 3 м болгон рампа куруу менен бир деңгээлде курууну караштыруу керек.
Ошол эле учурда:
5.11.1. Бийиктиги 9 кабаттан ашык эмес болгон турак жай имараттарына, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар каттоочу объекттерге жан жолдор менен бириктирилген жүрмө жолдорду курууга мүмкүндүк берилет, бирок алардын узундугу 150 метрден ашык эмес, жазылыгы 4,2 метрден чоң эмес, ал эми аз кабаттуу (1 – 3 кабат) имараттарга - жазылыгы 3,5 метрден кем эмес болууга тийиш.
Өрт техникасы үчүн жүрмө жолдордун жазылыгы өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү тиешелүү ченематтык жана ченемат-техникалык акттар менен аныкталат.
5.12. Шаарларда жеке турак үйлөргө же бир батирге бөлүнүүчү чарбак алдындагы (батир алдындагы) жер участкаларынын өлчөмүн жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы тарабынан кабыл алынган тартипте аныктоо керек.
Чарбак алдындагы жана батир алдындагы жер участкаларынын өлчөмдөрүн аныктоодо ар кандай чоңдуктагы шаарлардын шаар куруу кырдаалынын өзгөчөлүктөрүн: турак үйлөрдүн типтерин, калыптануучу турак жай курулушунун (чөйрөсүнүн) мүнөзүн, анын шаар түзүмүндөгү жайгашуу шартын, сунуш кылынуучу 3-тиркемесин жетекчиликке алуу менен, көңүлгө алуу абзел.
5.13. Кичи райондун жашылдандырылган аймагынын аянтын 6 м2/киши өлчөмүнөн (мектептердин жана мектепке чейинки балдар мекемелеринин участкаларын көңүлгө албаганда) кем эмес кабыл алуу керек.
5.14. Турак жай имараттарынын, турак жай жана коомдук, ошондой эле өндүрүш имараттарынын ортосундагы аралыктарды ушул эрежелер топтомунун 12-бөлүмүндө келтирилген күн чубактоо ченемдерине, ЭКЧ2.04.05-95те келтирилген жарыктануу ченемдерине, ошондой эле милдеттүү 1-тиркемесинде келтирилген өрткө каршы талаптарына ылайык күн чубактоожана жарыктануу эсептеринин негизинде кабыл алуу зарыл.
Бийиктиги 2-3 кабат болгон турак имараттардын узун тараптарынын ортосундагы аралыкты (тиричилик ажырымы) 15 метрден кем эмес, ал эми бийиктиги 4 кабаттуулардыкын – 20 метрден кем эмес, ошол эле имарттардын узун тараптары менен жашоо бөлмөлөрүнүн терезелери жайгашкан тумшук тараптарынын ортосундагысын – 10 метрден кем эмес кылып кабыл алуу керек. Эгерде жашоо бөлмөлөрү (бөлмөлөр жана ашкана) сырттан караганда көрүнбөй турган болуп, күн чубактоолору жана жарыктануулары боюнча ченемдер сакталса, бул аралыктар кыскартылат.
5.15. Турак жай курулушун долбоорлоодо аянтчаларды караштыруу керек, алардын өлчөмдөрү жана алардан турак жай жана коомдук имараттарга чейинки аралык төмөнкү 2-таблицада келтирилгендерден кем эмес кылып алынышы абзел.
1-таблица
Аянтчалар | Аянтчалардын салыштырмалуу өлчөмдөрү, м2/киши |
Мектепке чейинки балдар жана мектептеги майда жаштагы балдардын оюндары үчүн | 0,7 |
Жетилген курактагы элдин эс алуусу үчүн | 0,1 |
Физмаданият менен шугулдануу үчүн | 2,0 |
Чарбачылык максаттар жана иттерди ойнотуу үчүн | 0,3 |
Автомашинаардын турук жайы үчүн | 0.8 |
Ошол эле учурда:
5.15.1. Физмаданият көнүгүүлөрү үчүн аянтчалар шуулдактардын мүнөздөрүнө жараша бетондолгон же асфальтталган негиздеги чарбалык аянтчаларда орнотулган металлдан капкакчалары менен таштанды топтогучтар үчүн аянтчалардан алыстатылган аралыкта, турак жай имараттарынан 25 м аралыкта жайгаштырылат, ал эми чарбалык максаттагы аянтчалардан турак жай имаратынын эң алыскы кире беришине чейинки аралыкты – 100 метрден көп эмес кылып кабыл алуу зарыл.
5.15.2. Төмөнкү аянтчалардын салыштырмалуу өлчөмдөрүн кичирейтүүгө, бирок 50%дан көп эмес, жол берилет: балдардын оюндары үчүн; IA, IB, IГ климатикалык кичи райондордо чоң кишилердин эс алуусу жана физмаданият менен шугулдануусу үчүн; физмаданият менен шугулдануу үчүн окуучулар жана калкка кичи райондун биргелешкен физмаданияттык-ден соолукту чыңдоо комплексин калыптандырууда.
5.16. Биринчи кабатта батирлери бар турак үйүлөрдү кызыл сызыктан кетенчиктетүү менен, магистралдык көчөлөрдөн 6 метрден кем эмес, жашоочулары менен көчөдөн – 3 метрден кем эмес аралыкта жайгаштыруу зарыл. Чарбак курулуштуу райондордо турак үйлөр, турукташып калган жергиликтүү салтка ылайык, кызыл сызык боюнча жайгашса боло берет . Кызыл сызык боюнча жайгаштырууга биринчи кабаттарына кошо курулган же жабыштыра курулган коомдук дайындалыштагы жайлары менентурак үйлөргө, ошондой эле мурунтан калыптанып калган биринчи кабатында батирлери бар турак үйлөрдү кайра конструкциялоодо жол берилет.
5.17. Турак жай жана коомдук имараттардын терезелеринен төмөнкү аралыктарды сактоо керек: физмаданият аянтчаларына чейин – 25 метрден кем эмес; чарбалык аянтчаларга чейин – 20 метрден кем эмес. Чарбалык аянтчалардын өлчөмдөрүн 1000 жашоочуга төмөнкү чарчы метр өлчөмдөрүндө кабыл алуу зарыл: таштанды чогулткучтар үчүн – 30; эмерек, кийим, килем тазалоо үчүн – 100; кирлерди кургатуу үчүн – 150.
5.18. Шаарларда турак жай курулуштарын долбоорлоодо турак жай районунунун жана кичи райондун аймагындагы калктын жыштыгын, киши/га, ушул эрежелер топтомунда сунуш кылынуучу 4- тиркемени көңүлгө алуу менен кабыл алуу керек.
6. Өндүрүш аймагы
Өнөр жай чөлкөмү (району)
6.1. Өнөр жай ишканаларын жалпы көмөкчү өндүрүштөрү же инфратүзүм объекттери менен ишканалар тобунун (өнөр жай түйүндөрүнүн) курамында өнөр жай чөлкөмдөрүнүн (райондорунун) аймактарында, ал эми айылдык калктуу пункттарда өндүрүш чөлкөмдөрүнүн курамында жайгаштыруу керек
6.2. Өнөр жай чөлкөмдөрүн (райондорун) жайгаштырууда алардын турак жай райондору менен өз ара рационалдуу байланышында эмгектик которулууларга убакыттын минималдык саптоолорун камсыз кылуу керек.
Өнөр жай чөлкөмдөрүнүн (райондорунун) аймактарын пайдалануунун ургаалдуулук даражасын жана өлчөмдөрүн алардын шаардын түзүмүндө жайгашуу шарттарына жана анын аймагынын ар кандай участкаларынын шаар куруу баалуулуктарына жараша кабыл алуу зарыл.
6.3. Өнөр жай чөлкөмдөрүнүн функционалдык-мерчемдик уюштурулуусун ишканалардын тармактык мүнөздөмөлөрүн, алардын жайгашышына санитардык-гигиеналык жана өрткө каршы талаптарды, жүк жүгүртүүнү жана унаанын түрлөрүн, ошондой эле куруу кезегин эске алуу менен негизги жана көмөкчү өндүрүштөрдү панельдер жана блоктор түрүндө караштыруу керек.
Ошол эле учурда өнөр жай чөлкөмдөрүнө жанаша жайгашкан турак жай райондорунун ишканаларында иштеп жаткандарды жана калкын өз ара байланышкан тейлөө тутумун калыптандыруу зарыл.
6.4. Өнөр жай ишканаларынын жана башка өндүрүш объекттеринин, тейлөө мекемелери жана ишканаларынын аянттары ээлеген аймак өнөр жай чөлкөмүнүн (районунун) баардык аймагынын 60% кем болбоого тийиш.
6.5. Селитебдик аймактын чегинде зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбаган, өрткө жана жарылууга кооптуу эмес өндүрүш процесстери менен, кабыл алынган ченемдерден ашкан шуулдактарды түзбөгөн, темир жол бутактарын курууну талап кылбаган өнөр жай ишканаларын жайгаштырууга жол берилет. Ошол эле учурда өнөр жай участкасынын чек араларынан турак жай имараттарына, мектепке чейинки балдар мекемелеринин, жалпы билим берүү мектептеринин, саламаттык сактоо жана эс алуу мекемелеринин участкаларына чейинки аралыкты 50 м кем эмес кылып кабыл алуу керек.
Турак жай курулушунун чегинде жайгашкан ишкананын айлана чөйрөгө зыяндуу таасирин жокко чыгаруу мүмкүн болбогон учурларда ишкананын кубаттулугун азайтуу, өзүнүн же анын зыяндуу объектисинин профилин өзгөртүү же турак жай курулушунун чегинен сырткары которууну караштыруу зарыл.
6.6. Эгерде зыяндуу чыгындыларды тазалоо жана зыянсыздандыруу жана шуулдактардын деңгээлин азайтуу боюнча баардык техникалык жана технологиялык чараларды көргөндөн кийин селитебдик аймакта зыяндуу заттардын мүмкүн болгон чектик концентрациясы жана шуулдактардын мүмкүн болгон чектик деңгээли камсыз кылынбасасанитардык-коргоочу чөлкөмдөрдү караштыруу керек болот.
Мындай чөлкөмдөрдүн өлчөмдөрүн өнөр жай ишканаларын жайгаштыруунун аракеттеги санитардык ченемдерине жана Ишканалардын чыгындыларында камтылган атмосфера абасындагы зыяндуу заттардын концентрациясын эсептеп чыгаруу усулдугуна, ошондой эле ушул эрежелер топтомунун 12-бөлүгүндө келтирилген шуулдактардан сактоо талаптарына жана башка талаптаргаылайык аныктоо зарыл.
6.7. Санитардык-коргоочу чөлкөмдө турак жай имараттарын, балдардын билим берүү уюмдарын, жалпыга билим берүү мектептерин, саламаттык сактоо жана эс алуу мекемелерин, спорт курулмаларын жайгаштырууга жол берилбейт.
6.8. Санитардык-коргоо чөлкөмдөрүн жашылдандыруунун минималдык аянттарын чөлкөмдүн жазылыгына жараша кабыл алуу керек, % менен:
300 метрге чейин .................................... 60;
300дөн 1000 метрге чейин......................50;
1000ден 3000 метрге чейин.....................40.
Селитебдик аймак жагынан жазылыгы 50 м кем эмес бак-бадал өсүмдүктөрүнөн турган, ал эми чөлкөмдүн жазылыгы 100 м чейин болсо – жазылыгы 20 м кем эмес тилкени караштыруу керек.
6.9. Үйүндүлөрдү, тунма калдыктарды топтогучтарды, калдык сактагычтарды, ишканалардын калдыктарын жана таштандыларын жайгаштырууну аларды жок кылууга мүмкүн болбогонун негиздөө менен гана ишке ашырылышы мүмкүн; бул учурда өнөр жай райондору жана түйүндөрү үчүн борборлоштурулган (топтоштурулган) үйүндүлөрдү караштыруу зарыл. Алар үчүн участкаларды ишканалардын чегинен, жер алдындагы суу булактарынын жана жер алдындагы суулардын өтүүсүнүн санитардык коргоо чөлкөмүнүн III алкагынан сырткары, санитардык ченемдерди жана коопсуздук эрежелерин сактоо менен, жайгаштыруу керек.
Көмүр, сланец, мышьяк, коргошун, ртуть жана башка күйө турган жана уу заттарды камтыган үйүндүлөр турак жай жана коомдук имараттардан эсептөө жолу менен жана “Ишканаларды долбоорлоо, куруу, кайра конструкциялоо жана пайдалануу, калктуу пункттарды пландаштыруу жана куруу” СанЭжЧдин негизинде аныктала турган, бирок иштелип чыккан жана макулдашылган ТЭН негизинде үйүндүлөрдүн эсептик кооптуу жылышуусунан жакын эмес аралыкта жайгашуусу зарыл.
Илимий жана илимий-өндүрүштүк чөлкөм (район)
6.10. Илимий жана илимий-өндүрүштүк чөлкөмдөрдүн аймагында илимий жана илимди тейлеген мекемелерди, тажрыйбалык өндүрүштөрдү жана аны менен байланышкан жогорку, орто окуу жайларын, тейлөө мекемелерин жана ишканаларын, ошондой эле инженердик жана унаалык коммуникацияларды жана курулмаларды жайгаштыруу керек.
6.11. Селитебдик аймактын чегинде жайгашкан илимий-өндүрүштүк чөлкөмдүн жумушчуларынын саны 15 миң кишиден ашпашы шарт.
6.12. Илимий мекемелердин жер участкаларынын өлчөмдөрүн (1000 м2 жалпы аянтка) төмөнкү маанилерден ашык эмес кылып кабыл алуу керек, га:
табигый жана техникалык илимдер ................................... 0,14 – 0,2;
коомдук илимдер.................................................................. 0,1 - 0,12.
Ошол эле учурда:
6.12.1. Келтирилген ченемдерге тажрыйба талаалары, полигондор, резервдик аймактар, санитардык-коргоо чөлкөмдөрү кирбейт.
6.12.2. Көрсөткүчтөрдүн кичине маанилерин өтө ири, ири шаарлар жана кайра конструкциялоо шарттары үчүн кабылдоо керек.
Коммуналдык-кампалык чөлкөм (район)
6.13. Коммуналдык-кампалык чөлкөмдөрдүн (райондордун) аймактарында тамак-аш (тамак-татым, эт жана сүт), өнөр жай ишканаларын, жалпы товардык (азык-түлүк жана азык-түлүк эмес), атайлаштырылган кампалар (муздаткычтар, картофель, жашылча, жемиш сактагычтар), шаардын калкын коммуналдык, унаалык жана тиричилик тейлөө ишканаларын жайгаштыруу зарыл.
Калкты тикелей күнүгө тейлөө менен байланышпаган кампалар комплексинин тутумун өтө ири жана ири шаарлардын сыртына, аларды сырткы унаа түйүндөрүнө, айрыкча темир жол унаасына, жакындатып калыптандыруу керек.
Шаарлардын аймактарынын чегинен жана алардын жашыл чөлкөмдөрүнөн сырткары, санитардык, өрткө каршы жана атайын ченемдерди сактоо менен шаар чети чөлкөмдөрүнүн райондорунда өзгөчөлөнгөн кампаларда мамлекеттик резервдердин кампаларын, мунай жана биринчи топтогу мунай өндүрүмдөрүнүн кампаларын, мунайдын жана мунай өндүрүмдөрүнүн которуштуруп жөнөтүү базаларын, суюлтулган газ кампаларын, жарылуучу материалдар кампаларын жана өтө күчтүү уулуу заттардын базистик кампаларын, азык-түлүктүн, жемдин жана өнөр жай чийки заттарынын базистик кампаларын, жыгач жана курулуш материалдарынын базистик кампаларынын которуштуруп жөнөтүү базаларын чачыранды жайгаштырууну караштыруу керек.
Кичине шаарлар жана калктуу пункттар үчүн калктуу пункттардын тобун тейлеген борборлоштурулган кампаларды караштыруу керек, мындай кампаларды артыкчылыктуу түрдө райондордун борборлорунда же темир жол чордондоруна жакын жайгашкан калктуу пункттарда жайгаштыруу менен.
Аймактык ресурстары жана баалуу айыл чарба жерлери чектелген райондордо объекттерди жайгаштырууга жарактуу иштетилип бүткөн тоо казындылары жана кен участкалары болсо, аларга сырткы таасирлерге туруктуулукту жана ишенимдүү иштөөнү камсыз кылууну талап кылган азык-түлүк жана өнөр жай товарларын сактоочу жайларды, бөлүштүрүүчү муздаткычтарды жана башка объекттерди курууга жол берилет.
6.14. Калктуу пунктту тейлөө үчүн дайындалган кампалардын жер участкаларынын өлчөмдөрүн өтө ири жана ири шаарларда көп кабаттуу кампаларды курууну көңүлгө алуу менен 1 кишиге 2 м2 эсебинде, ал эми калган калктуу пункттарда 2,5 м2 эсебинде кабыл алууга жол берилет.
Курорт-шаарларда дарылануучу жана эс алуучуларды тейлөө үчүн коммуналдык-кампалык чөлкөмдөрдүн өлчөмдөрүн бул чөлкөмдөрдө 8 м2 эсебинде оранжереялык-күнөсканалык чарбаны көңүлгө алуу менен аныктоо зарыл.
Шаарларда айыл чарба өндүрүмдөрүнүн жамааттык сактагычтарынын жалпы аянтын 1 үй-бүлөгө 4 – 5 м2 эсебинде аныкташат. Сактагычтар менен колдонуучу үй-бүлөлөрдүн санын долбоорлоого берилген тапшырмада такташат.
Жашылчаларды, картофель жана жемиштерди, отундарды жана курулуш материалдарын сактоо үчүн жалпы товардык жана атайлаштырылган кампалардын сыйымдуулугун, жер участкаларынын өлчөмдөрүн, аянттарын сунуш кылынган 6-тиркемеге ылайык кабыл алууга жол берилет.
Бул учурда картофель, жашылча жана жемиш сактагычтар үчүн санитардык-коргоочу чөлкөмдөрүнүн өлчөмдөрүн 50 м деп кабыл алууга болот.
7. Ландшафтык-рекреациялык аймак
7.1. Шаарларда жана калктуу пункттарда жашылдандырылган аймактардын жана башка ачык мейкиндиктердин үзгүлтүксүз тутумун караштыруу керек. Шаарлардын курулуштарынын чегинде ар кандай дайындалыштагы жашылдандырылган аймактардын салыштырмалуу салмагы (курулуштун аймагын жашылдандыруу деңгээли) 40% кем болбоого тийиш.
7.2. Жалпы колдонуудагы жашылдандырылган аймактардын – шаарлардын жана калктуу пункттардын селитебдик аймактарында жайгашкан парктардын, бактардын, скверлердин, бульварлардынаянтын 2-таблица боюнча кабыл алуу керек.
Өтө ири, ири жана чоң шаарларда шаардык токойлордун калыптанган массивдерин шаар токой-парктарына айлантып, 5 м2/киши эсебинен көп эмес кылып кошумча түрдө 2-таблицада көрсөтүлгөн жалпы колдонуудагы жашылдандырылган аймактарга кошууга болот.
2-таблица
Жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактар | Жашылдандырылган аймактардын аянты, м2/киши | ||
өтө ири, ири жана чоң шаарлардын | орто шаарлардын | кичине шаарлардын жана калктуу пункттардын | |
Жалпы шаардык | 10 | 7 | 8 (10) |
Турак жай райондордуку | 6 | 6 | - |
Кашаада калкынын саны 20 миң кишиге чейин болгон кичине шаарлар үчүн өлчөмдөр келтирилген.
Ошол эле учурда:
7.2.1. Курорт-шаарлар үчүн жалпы пайдалануудагы жалпы шаардык жашылдандырылган аймактардын келтирилген ченемдерин көбөйтүү керек, бирок 50% көп эмес кылып.
7.3. Жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактардын түзүмүндө жазылыгы 0,5 км жана андан көп болгон ири парктар жана токой-парктар калктуу пункттун жалпы аянтынын 10% кем болбоого тийиш.
Шаардык парктарга баруу убактысы 20 минуттан, ал эми мерчемделинүүчү райондордун парктарына – 15 минуттан ашык эмес болууга тийиш.
Сейсмикалык райондордо жалпы пайдалануудагы парктарга, бактарга жана башка жашылдандырылган аймактарга, турак жай райондор тарабына тосмо койдурбастан, эркин кирүүнү камсыз кылуу керек.
7.4. Парктардын, токой-парктардын, токойлордун, жашыл чөлкөмдөрдүн аймактарына бир убакта кирүүчүлөрдүн эсептик санын төмөнкү маанилерден, киши/га, ашык эмес кылып кабылдоо керек:
шаардык парктар үчүн ............................................................... .100;
эс алуу чөлкөмдөрүнүн парктары үчүн ................................... 70;
курорттордун парктары үчүн .................................................... 50;
токой-парктар (чабынды-парктар, гидропарктар) үчүн ..........10;
токойлор үчүн ............................................................................. 1 – 3.
Ошол эле убакта, бир убакта кирүүчүлөрдүн саны 10 – 50 киши/га болсо, алардын жүрүүсүн уюштуруу үчүн чыйыр жол – жол тарамын, ал эми талаалардын чеке белдеринде кыртыш коргоочу өсүмдүктөрдү тигүүнү, ошондой эле бир убакта кирүүчүлөрдүн саны 50 киши/га ашык болсо – токой ландшафтын парк ландшафтына кайра түзүүнү караштыруу зарыл.
7.5. Өтө ири, ири жана чоң шаарларда шаардык жана райондук маанидеги парктар менен катар атайлаштырылган – балдар, спорттук, көргөзмөлүк, зоологиялык жана башка парктарды, ботаникалык бактарды, өлчөмдөрүн долбоорлоого берилген тапшырма боюнча кабылдап, караштыруу керек.
Балдар паркынын болжолдуу өлчөмүн 0,5 м2/киши, спорт парктарыныкын 12 м2/киши, аянттардын өзүн жана спорт курулмаларын кошкондо, эсептик ченемдери сунуш кылынган 6-тиркемеде келтирилген, эсебинде кабыл алууга жол берилет.
7.6. Эстетикалык жана өздөштүрүү баалуулуктарына ээ, табигый ландшафтарды сактоосу жогорку деңгээлде болгон аймактарда улуттук жана жаратылыш парктарын түзүү керек. Улуттук жана жаратылыш парктарынын архитектуралык-мейкиндик уюштурулуусу алардын аймактарын илимий, маданий-агартуу жана рекреациялык максаттарда корук, корук-рекреациялык, рекреациялык жана чарбалык чөлкөмдөрүн бөлүү менен, жүргүзүлүшү зарыл.
7.7. Парктарды жана бактарды жайгаштырууда өсүмдүктөрү жана көлмөлөрү бар мурунку участокторду максималдуу түрдө сактоо керек.
Парктардын, бактардын жана скверлердин аймактарынын аянттарын, га, төмөнкүлөрдөн кем кабылдабоо керек: шаардык парктардыкын – 15, пландаштырылуучу райондордун парктарыныкын – 10, турак жай райондорунун бактарыныкын – 3, скверлердикин – 0,5, кайра конструкциялоо шарттары үчүн скверлердин аянттары кичирээк өлчөмдө болушу мүмкүн.
Парктардын жана бактардын аймактарынын жалпы теңдеминде жашылдандырылган аймактардын аянтын 70% кем кабыл албоо керек.
7.8. Суу жээктериндеги аймактарда парктарды курууда ушул эрежелер топтомунун 11-бөлүгүнүн талаптарын сактоо зарыл.
7.9. Бульварларды жана жөө жол аллеяларын жөө жол кыйымылынын массалык агымы багытында караштыруу керек. Бульварды жайгаштырууну, анын узундугун жана жазылыгын, көчөнүн туура кесилиш профилиндеги ордун көчөнүн архитектуралык-мерчемдик чечилишин жана анын курулушун эске алуу менен аныктоо зарыл. Бульварларда жана жөө жол аллеяларында тыныгуу үчүн аянтчаларды караштыруу керек.
Узунунан кеткен бир жөө жол аллеялуу бульварлардын жазылыгын, м менен, жайгашышына жараша төмөнкүлөрдөн кем эмес кылып,:
көчөлөрдүн огу боюнча ........................................ 18,
көчөнүн бир жагында, жүрмө бөлүк
жана курулуштун аралыгында ............................. 10
7.10. Жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактар чакан архитектуралык формалар: оргумалар жана чалкымалар, шатылар, жантык жолдор, тирөөч дубалдар, маек жайлар, шамчырактар ж.б. менен абатталган жана жабдылган болуусу шарт. Шамчырактардын санын аймактын жарыктануу ченемдери боюнча аныктоо зарыл.
7.11. Ландшафтык-рекреациялык аймактардын жол тарамын (жолдор, аллеялар, чыйыр жолдор) мүмкүн болушунча аз жантаймалуу кылып, жөө кишилердин кыймылынын негизги багыттарына ылайык жана аялдама пункттарына, оюн, спорт аянтчаларына чейинки кыска аралыкты аныктоо менен жайгаштыруу керек. Жолдун жазылыгы 0,75 м эселенген (бир киишинин басуу тилкесинин жазылыгы) болуусу шарт.
Ландшафтык-рекреациялык аймактардын чегиндеги аянтчалардын, чыйыр жол- жол тарамынын жабууларын тактачалардан, шагылдан жана башка бекем минерал материалдарынан, айла жок учурларда асфальт жабуусун колдонууга жол берүү менен, салуу каралат.
7.12. Имараттардан, курулмалардан, ошондой эле инженердик абаттоо объектилеринен бактарга жана бадалдарга чейинки аралыкты 3-таблица боюнча кабыл алуу керек.
3-таблица
Имарат, курулма, инженердик абаттоонун объектиси | Имараттан, курулмадан, объекттен - огуна чейинки аралык, м | |
дарактын өзөгүнүн | бадалга | |
Имараттын жана курулманын сырткы дубалы | 5,0 | 1,5 |
Жан жолдун жана бак жолчосунун чети | 0,7 | 0,5 |
Көчөлөрдүн жүрмө бөлүктөрүнүн чети, жолдун четинин бекемделген тилкесинин чети, же арыктын кыры | 2,0 | 1,0 |
Жарыктандыргыч тарамдын мамысы жана таянычы, көпүрөнүн таянычы жана эстакада | 4,0 | - |
Жантайманын, террасанын ж.б. таманы | 1,0 | 0,5 |
Тирөөч дубалчанын таманы жана ички кыры | 3,0 | 1,0 |
Жер алдындагы тарамдар: газ өткөргүч, суу агындылагыч жылуулук тарамы (каналдын, тоннелдин дубалчасы же каналсыз жаткырууда кабыкчасы) суу өткөргүч, сарыктыргыч күчтүк кабель жана байланыш кабели |
1,5 2,0
2,0 2,0 |
- 1,0
- 0,7
|
Ошол эле учурда:
7.12.1. Келтирилген ченемдер сөңгөгүнүн диаметри 5 м ашпаган дарактарга тиешелүү жана бул ченемдер сөңгөгүнүн диаметри андан чоң дарактар үчүн чоңойтулуп кабыл алынышы керек.
7.12.2. Электр өткөргүч аба чубалгыларынан дарактарга чейинки аралыкты электр орнотмолорун тургузуу эрежелери боюнча кабылдаш зарыл.
7.12.3. Имараттардын жанына отургузулган дарактар ушул эрежелер топтомунун 11-бөлүгүндө келтирилген талаптардын чегинде турак жай жана коомдук имараттардын күн чубактоосуна жана жарыктануусуна жолтоо болбошу шарт.
7.13. Шаардын жашыл чөлкөмдөрүндө шаар жана айыл калктуу пункттардын тобун отургузулуучу материалдар менен камсыздоону эске алуу менен бак жана бадал өсүмдүктөрүнүн питомниктерин жана гүл-оранжерея чарбаларын караштыруу керек.
Питомниктердин аянтын калктын жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактар менен камсыздалуу деңгээлине, санитардык-коргоо чөлкөмдөрүнүн өлчөмдөрүнө, бак өстүрүүчүлөр шериктештигинин өнүгүүсүнө, табигый-климатикалык өзгөчөлүктөрүнө жана башка жергиликтүү шарттарга жараша 3 – 5 м2/киши эсебинде кабыл алуу зарыл. Гүл-оранжерея чарбасынын жалпы аянтын 0,4 м2/киши эсебинде кабыл алуу керек.
7.14. Парктардын аймактарында ар бир парктын уюштурулуусуна жана багытталышына функционалдык жактан ылайык келе турган имараттарды жана курулмаларды курууга мүмкүндүк берилет. Бул объекттер катары коомдук тамактануу ишканалары, көргөзмө залдар, галареялар, музейлер, клубдук, театрдык, физмаданияттык-спорттук жана маданий-массалык курулмалар болушат. Ошол эле убакта парктын аймагында жайгаштырылуучу мындай объекттердин курулуш аянттары ошол парктын аянтынын 15% ашпашы шарт.
Эс алуу жана курорттук чөлкөмдөр
7.15. Кыска убакытка массалык эс алуу чөлкөмдөрүн жайгаштырууну бул чөлкөмдөргө коомдук унаада 1,5 сааттан ашык эмес убакытта жетүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен караштыруу зарыл.
Эс алуу чөлкөмдөрүнүн аймактарынын өлчөмдөрүн 1 келүүчүгө 500 – 1000 м2 эсебинде кабыл алуу керек, анын ичинде активдүү эс алуу үчүн ургаалдуу пайдаланылуучу бөлүгү 1 келүүчүгө 100 м2 кем болбоого тийиш. Кыска убакытка массалык эс алуу чөлкөмүнүн участкасынын аянтын 50 га кем эмес кылып кабыл алуу керек.
7.16. Токой-парктарынынчек араларынын, эс алуу жана курорт чөлкөмдөрүнүн жанында жайгаштырылуучу автомобилдердин турук жайларынын өлчөмдөрүн долбоорлоого берилген тапшырмада, ал эми маалыматтар жок болгон учурларда – сунушталуучу 8- тиркеме боюнча аныктоо керек.
7.17. Курорттук чөлкөм табигый дарылык факторлорго, жагымдуу микроклиматтык, ландшафтык жана санитардык-гигиеналык шарттарга ээ аймактарга жайгаштырылышы керек. Анын аймагында дарылануучулардын жана эс алуучулардын, коомдук борборлорду калыптандыруучу, санатордук-курорттук жана ден соолук чыңоочу, эс алуу жана туризм мекемелерин, тейлөө ишканаларын жана мекемелерин, жалпы курорттук борборду, курортук парктарды жана башка жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактарды, пляждарды кошкондо, жайгаштыруу зарыл.
7.18. Курорттук чөлкөмдөрдү долбоорлоодо төмөнкүлөрдү камтуу зарыл:
аймактарында шуулдактардын деңгээли мүмкүн болгон чектеги узак убакытка эс алдыруучу санатордук-курорттук мекемелерди; чоңдор үчүн мекемелерден жазылыгы 100 м кем эмес жашыл тилке менен бөлүнгөн балдар үчүн санатордук-курорттук жана ден соолукту чыңдоо мекемелерин, жайгаштырууну;
дарылануучулар жана эс алуучуларды тейлөө менен байланышпаган өнөр жай жана коммуналдык-кампалык объекттерди, турак жай курулушун жана коомдук имараттарды сыртка чыгарууну;
унаа кыймылын чектөөнү жана транзиттик унаа агымын толук жокко чыгарууну.
7.19. Курорттук чөлкөмдө жайгашуучу бир багыттагы жана профили боюнча жакын санатордук-курорттук, ден соолукту чыңоочу мекемелер медициналык, маданий-тиричилик жана чарбалык жактан тейлөөсүн борборлоштурууну жана бирдиктүү архитектуралык-мейкиндик чечилишин камсыздоо менен комплекстерге бириктирилиши керек.
7.20. Курорттук чөлкөмдөрдүн жалпы пайдаланылуучу аймактарынын өлчөмдөрүн санатордук-курорттук жана ден соолукту чыңоочу мекемелерде, бир орунга - метр эсебинен, аныктоо зарыл: жалпы курорттук борборлордукун – 10, жашылдандырылгандардыкын – 100.
Ошол элеучурда:
7.20.1. Мурун калыптанган курорттордун, ошондой эле тоо курортторунун чөлкөмдөрүндө жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактардын өлчөмдөрүн кичирейтүүгө жол берилет, бирок 50% көп эмес.
7.21. Курорттук чөлкөмдөрдө жана эс алуу чөлкөмдөрүндө жайгашуучу пляждардын аймактарынын өлчөмдөрүн бир келүүчүгө, м2, төмөнкүлөрдөн кем эмес алуу зарыл:
дарыя жана көлдөрдүкүн ........................................ 8,
дарыя жана көлдөрдүкүн (балдар үчүн) ................ 4.
Айыл чарбага пайдаланууга жарактуу жерлерде жайгаштырылуучу дарыя жана көлдөрдүн пляждарынын өлчөмдөрүн бир келүүчүгө эсептегенде 5 м2 эсебинде алуу керек.
Кыймылы чектелген дарылануучулар үчүн атайлаштырылган дарылоочу пляждардын аймактарынын өлчөмдөрүн бир келүүчүгө 8 – 12 м2 эсебинде алууга болот.
Бир келүүчүгө туура келүүчү пляждын жээк тилкесинин минималдык узундугун 0,25 м кем эмес алуу керек.
Пляждардагы бир убакта келүүчүлөрдүн санын алардын бир убакта келүүчүлөрүнүн көмөк чоңдугун эске алуу менен эсептөө зарыл:
санаторийлердикин .......................................................... 0,6 – 0,8,
эс алуу жана туризм мекемелериникин ................. ....... 0,7 – 0,9,
балдар лагерлериникин ........................................... ....... 0,5 – 1,0,
жергиликтүү эл үчүн жалпыга пайлануучулардыкын ... 0,2,
жолдомосу жок эс алуучулардыкын ............................... 0,5.
8. Тейлөө мекемелери жана ишканалары
8.1. Тейлөө мекемелерин жана ишканаларын шаарлардын жана калктуу пункттардын аймактарында, аларды калктын жашаган жерине жана ишине жакындатып, коомдук жүргүнчү унаа тарамдары менен байланышта коомдук борборлорду калыптандыруу менен жайгаштыруу зарыл.
Тейлөө мекемелеринин жана ишканаларынын эсептик санын жана алардын жер участокторунун өлчөмдөрүн болжолдуу эсептеп чыгарууда сунушталып жаткан 6-тиркемеге ылайык жүргүзүү керек.
Бул бөлүмдө жана сунушталып жаткан 6-тиркемеде камтылбаган тейлөө мекемелерин жана ишканаларын жайгаштырууну, алардын сыйымдуулугун жана жер участкаларынын өлчөмдөрүн долбоорлоого берилген тапшырмадан алуу зарыл.
8.2. Жайгаштыруу тутумунун шаар-борборлорунда тейлөө мекемелерин жана ишканаларынын санын, курамын жана сыйымдуулугун аныктоодо чоң, ири жана өтө ири шаар-борборго келүү убактысы 2 сааттан, майда жана орто шаар-борборлорго же борборчолорго келүү убактысы 1 сааттан ашпаган чөлкөмдө жайгашкан башка шаарлардан жана айылдардан келүүчү калкты; тарыхый шаарларда туристтерди кошо кошумча түрдө эсепке алуу талап кылынат.
8.3. Турак жай курулуштарында жайгашкан мекемелер жана ишканалар менен калкты тейлөө радиусун, эреже катары, 4-таблицада келтирилгенден ашык эмес кабылдоо керек.
4-таблица
Тейлөө мекемелери жана ишканалары
| Тейлөө радиусу, м |
Билим берүүчү балдар уюмдары: |
|
шаарларда | 300 |
бир, эки кабат курулуштуу майда шаарларда | 500 |
жалпы билим берүүчү мектептер1 | 750 (500 баштапкы класстар үчүн) |
физмаданияттык-ден соолук чыңоочу сабактар үчүн жайлар | 500 |
турак жай райондорунун физмаданияттык-спорт борборлору | 1500 |
бейтапканалар жана алардын шаарлардагы филиалдары | 1000 |
сүт ашканасынын таратуучу пункттары | 500 |
ошондой эле, бир жана эки кабат курулуштарда | 800 |
шаарлардагы дарыканалар | 500 |
ошондой эле, бир жана эки кабат курулуштарда | 800 |
жергиликтүү дайындалыштагы соода, коомдук тамактануу жана тиричилик тейлөө ишканалары: шаарлардагы курулуштарда: көп кабаттуу бир, эки кабаттуу айыл конуштарында |
500 800 2000 |
байланыш бөлүмдөрү жана банктардын филиалдары | 500 |
1Тейлөөнүн көрсөтүлгөн радиусу атайлаштырылган жана ден соолукту чыңоочу билим берүүчү балдар мекемелерине, ошондой эле жалпы типтеги атайын балдар бакчаларына жана жалпы билим берүүчү мектептерге (тил боюнча, математикалык, спортук ж.б.) тиешелүү эмес.
Татаал рельефтеги IA, IГ климатикалык райончолор үчүн 4-таблицада көрсөтүлгөн тейлөө радиустарын 30% азайтуу керек.
Башталгыч класстары менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын келүчү жолдору магистралдык көчөлөрдүн жүрмө бөлүктөрүн бир деңгээлде кесип өтпөөгө тийиш.
8.4. Имараттардан жана тейлөө мекемелеринин жана ишканаларынын жер участокторунун чек араларынан аралыкты 5-таблицада келтирилгенден кем албоо керек.
5-таблица
Тейлөө мекемелеринин жана ишканаларынын имараттары (жер участоктору) | Тейлөө мекмелеринин жана ишканаларынын имараттарынан (участокторунун чек араларынан) аралык, м | ||
Кызыл сызыкка чейин | Турак үйлөрдүн дубалдарына чейин | Жалпы билим берүү мектептеринин, мектепке чейинки балдар жана дарылоочу мекемелердин имараттарына чейин | |
шаарларда | |||
Билим берүүчү балдар уюмдары жана жалпы билим берүүчү мектептер (имараттардын дубалдары) | 25 | Күн чубактоо жана жарыктандыруу ченемдери боюнча | |
Экинчилик чийки заттардын кабыл алуу пункттары | - | 20* | 50 |
Өрт депосу | 10 | - | - |
Мештеринин саны бирден көп болгон крематорийлер
Аянты 20дан 40 га чейин болгон аралаш жана салттуу көрүстөндөр
Аянты 10дон 20 га чейин болгон аралаш жана салттуу көмүү көрүстөнү
Аянты 10 га жана андан аз болгон аралаш жана салттуу көмүүдөгү көрүстөн
Тамак-аш өнүмдөрүн (эт, сүт, кондитер, жашылча, жемиш, суусундук ж.б.), дары-дармек, өнөр жай жана чарбалык товарларын сактоо үчүн кампалар | 6
6
6
6
5 | 1000
500
300
100
50 | 1000
500
300
100
50 |
*эшиктери жана терезелери менен
Мектепке чейинки балдар мекемелеринин жана жаңы жайгаштырылуучу ооруканалардын жер участоктору магистралдык көчөлөргө жанаша жайгашпоосу керек.
Экинчилик чийки заттарды кабыл алуучу пункттарды жашыл өсүмдүктөр тилкеси менен обочолонтуу керек жана автомобиль унаасы үчүн аларга баруучу жолдорду караштыруу зарыл.
Ооруканалардын жер участокторунда чарбалык чөлкөмгө жана корпустарга – инфекциялык, инфекциялык эмес жана паталог-анатомиялык оорулар үчүн дарылоочу, өз-өзүнчө келүүчү жолдорду караштыруу зарыл.
9. Унаа жана көчө-жол тарамы
9.1. Шаарларды жана калктуу пункттарды долбоорлоодо пландаштыруучу түзүмү жана ага жанаша жайгашкан аймак менен байланышта, баардык функционалдык чөлкөмдөр, жайгаштыруу тутумунун башка калктуу пункттары, шаар жака бели чөлкөмүндө жайгашкан объекттер, сырткы унаа объекттери жана жалпы унаа тарамынын автомобиль жолдору менен ыңгайлуу, тез жана коопсуз унаалык байланыштарды камсыз кылуучу бирдиктүү унаа тутумун жана көчө-жол тарамын түзүү керек.
9.2. Шаарларда жумушта иштеген калктын 90% үчүн жашаган жеринен жумуш ордуларына чейин (бир жагына) убакыт коротуусу, мин., калкынын саны, миң киши, төмөндө көрсөтүлгөн шаарлар үчүн төмөнкү маанилерден ашпоосу шарт:
1000 ........................ 40,
500 .......................... 37,
250 .......................... 35,
100 жана андан аз ... 30.
Шаар-борборго башка калктуу пункттардан жумушка күнүгө келүүчүлөр үчүн жогоруда келтирилген убакыт сарптоо ченемин 2 эседен ашык эмес көбөйтүүгө болот.
9.3. Көчөлөрдүн, жолдордун жана унаалык кесилиштердин тарамынын өткөрүмдүүлүгүн, автомобилдер токтоочу жайларынын санын эсептик мөөнөткө автомобилдештирүү деңгээлинен, 1000 кишиге туура келген автомобилдердин санынан аныктоо керек: 200-250 жеңил автомобилдер, 25 – 40 жүк ташуучу автомобилдер. 1000 кишиге мотоциклдердин жана мопеддердин санын калкынын саны 100 миң кишиден ашкан шаарлар үчүн 50 – 100 бирдикте, ал эми калкынын саны 100 миң кишиге чейин болгон калган калктуу пункттар үчүн – 100 – 150 бирдикте.
Жайгаштыруу тутумунун башка калктуу пункттарынан шаар-борборго келүүчү жана транзиттик автолордун саны атайын эсептөөлөр менен аныкталат.
Автомобилдештирүүнүн келтирилген деңгээлин жергиликтүү шарттарга жараша азайтып же көбөйтүүгө болот, бирок 20% көп эмес.
Сырткы унаа
9.4. Жүргүнчү бекеттерин (темир жол, автомобиль, суу унаасынын жана учак) шаардын борбору, бекеттер аралык, турак жай жана өнөр жай райондору менен унаа байланышын камсыздагыдай кылып жайгаштыруу керек.
9.5. Жалпы темир жол тарамынын жаңы сорттоочу чордондорун шаарлардын сыртында, ал эми жүргүнчүлүк техникалык чордондорун, кыймылдуу курамдын резервдик паркын, жүк чордондорун жана темир жол, автомобиль унааларынын контейнердик аянтчаларын селитебдик аймактын сыртында жайгаштыруу керек. Селитебдик аймакта жайгашкан көпкө сакталуучу үймө жүктөр үчүн кампаларды жана аянтчаларды коммуналдык-кампалык чөлкөмгө көчүрүү керек.
9.6. Ири жана өтө ири шаарлардын шаар жака бели чөлкөмдөрүндө транзиттик поезддерди өткөрүү үчүн жалпы түйүндүк маанидеги сорттоочу жана жүк чордондорун жайгаштыруу менен айланып өтмө жолдорду караштыруу зарыл. Шаар жака белиндеги жана шаар ичиндеги жүргүнчүлөр кыймылынын ургаалдуулугу саатына 10 пар поездден көп болсо темир жолдун баш участкаларында кошумча жолдорду, ал эми керек учурларда – шаардагы ылдамдыктуу унаалар менен өз ара байланышты камсыздандыруу менен шаарларда терең кирүүчү темир жолдорду же диаметрлерди караштыруу зарыл.
9.7. Темир жол линияларынын ар кандай деңгээлдерде кесилишүүсүн линиялардын категорияларына жараша караштыруу керек: I, II –калктуу пункттардын аймактарынан сырткары; III, IV – селитебдик аймактын чегинен сырткары.
Калктуу пункттардын аймактарынын чегинде темир жолдун көчөлөр жана автомобиль жолдору, ошондой эле коомдук жүргүнчү электр унаасынын линиялары менен бир деңгээлде кесилишүүсүн курулуш тармагында аракеттеги ченемдик-техникалык документтерге ылайык караштыруу керек.
9.8. Турак жай курулушун темир жолдордон четки темир жолдун огунан эсептегенде жазылыгы 100 м келген санитардык-коргоочу чөлкөм менен бөлүү зарыл. Темир жолду ойдуңда жайгаштырууда же шуулдактардан коргоочу атайын иш чараларды көргөндө санитардык-коргоочу чөлкөмдүн жазылыгы кичирейтилет, бирок 50 м көп эмес. Сорттоочу чордондордон турак жай курулушуна чейинки аралык жүк айлантуунун санын, ташылуучу жүктүн өрт-жарылуу коопсуздугун, ошондой эле шуулдактардын жана титирөөлөрдүн мүмкүн болгон деңгээлдерин эске алуу менен кабыл алынат.
Темир жолго тиешелүү тилкеден сырткары санитардык-коргоочу чөлкөмдө автомобиль жолдорун, гараждарды, автомобиль токтоочу жайларды, кампаларды, коммуналдык-тиричилик мекемелерин жайгаштырууга мүмкүндүк берилет. Санитардык-коргоочу чөлкөмдүн 50% кем эмес аянты жашылдандырылууга тийиш. Санитардык-коргоочу чөлкөмдүн бактуу участкалардын чек араларына чейинки жазылыгын 50 м кем эмес алуу керек.
9.9. I, II, III категориядагы жалпы тарамдын автомобиль жолдорун курулуш тармагында аракеттеги ченемдик-техникалык документтерге ылайык калктуу пункттарды айланта долбоорлоо зарыл.
Жалпы тарамдын жолдорун калктуу пункттардын аймактары аркылуу алып өткөндө аларды ушул эрежелер топтомунун талаптарына ылайык долбоорлоо зарыл.
9.10. Шаар жака бел чөлкөмүндөгү шаар магистралдарынын уландысы болгон жана шаар-борбордон сырткаркы массалык эс алуу чөлкөмдөрүнө, аэропортторго жана жайгаштыруу тутумунун башка калктуу пункттарына бирдей өлчөмдөгү эмес унаа агымдарын багыттары боюнча өткөрүүнү камсыз кылуучу автомобиль жолдорун алга-артка кыймылды эсепке алуу менен, негизги жүрмө бөлүктүн жазылыгын эң чоң сааттык автомобиль агымына ылайыктап долбоорлоо керек.
Шаарлардын жака бел чөлкөмдөрүндөгү (жайгаштыруу тумунун) автомобиль жолдорунун категорияларын жана параметрлерин ушул эрежелер топтомунунсунуш кылынуучу 7-тиркемесине ылайык кабыл алуу зарыл.
9.11. Аэродромдорду жана вертодромдорду курулуш тармагында аракеттеги ченемдик-техникалык документтерге ылайык, учуулардын коопсуздугун, авиашуулдактардын жана электр магниттик нурлануулардын мүмкүн болгон деңгээлин камсыздоочу селитебдик аймактан жана калктын массалык эс алуу чөлкөмдөрүнөн селитебдик аймактар үчүн санитардык ченемдер менен аныкталган аралыкта жайгаштыруу керек.
Келтирилген талаптар аракеттеги аэропорттордун райондорунда жаңы селитебдик аймактарды жана массалык эс алуу чөлкөмдөрүн жайгаштырууда дагы сакталышы шарт.
9.12. Аэродромдордун райондорунда аба кемелеринин учуу коопсуздугуна коркунуч жаратышы же аэродромдордун багыттагыч каражаттарынын нормалдуу иштөөсүнө жолтоо болуусу мүмкүн болгон имараттарды, жогорку чыңалуудагы электр өткөрүүчү линияларды, радиотехникалык жана башка курулмаларды жайгаштырууда аэродромдор карамагында турган ишканалар жана уюмдар менен макулдашуу жүргүзүлүшү абзел. Объекттерди жайгаштырууну макулдашуу боюнча талаптар милдеттүү 2-тиркемеде келтирилген.
9.13. Деңиз жана көл портторун селитебдик аймактан сырткары турак жай курулушунан 100 м кем эмес аралыкта жайгаштыруу керек. Ошол эле учурда:
9.13.1. Деңиз портторунун аймактарында сууга түшүүчү жолдорду жана өрт өчүрүүчү машиналар суу алуучу аянтчаларды жайгаштыруу зарыл.
9.13.2. Жүк айлантуусу кичине порттордо жүргүнчү жана жүк райондорун бир эле жүк-жүргүнчү районуна бириктирүүгө жол берилет.
9.13.3. Спорт клубдарына жана жеке жарандарга тиешелүү кичине өлчөмдөгү кемелер үчүн жээктик базаларды жана токтоочу жайларды шаар жака бел чөлкөмдөрүндө, ал эми шаарлардын чегинде – селитебдик аймактан сырткары жайгаштыруу керек.
Көчөлөрдүн жана жолдордун тарамы
9.14. Калктуу пункттардын көчө-жол тарамын көчөлөрдүн жана жолдордун функционалдык дайындалышын, унаа, велосипед жана жөө жол кыймылынын ургаалдуулугун, аймактын архитектуралык-мерчемдик уюштурулушун жана курулуштун мүнөзүн эсепке алуу менен үзгүлтүксүз тутум түрүндө долбоорлоо зарыл. Көчө-жол тарамынын курамында магистралдык жана жергиликтүү көчөлөрдү, жолдорду, ошондой эле башкы көчөлөрдү бөлүп көрсөтүү керек. Шаарлардын көчөлөрүнүн жана жолдорунун категорияларын 6-таблицада келтирилген классификацияга ылайык дайындоо зарыл.
6-таблица
Көчөлөрдүн жана жолдордун категориялары | Жолдордун жана көчөлөрдүн негизги дайындалыштары | |
1 | 2 | |
Магистралдык жолдор: ылдамдыктуу кыймылдагы | Өтө ири жана ири шаарларда алыскы өнөр жай жана пландаштырылуучу райондордун ортосундагы ылдамдыктуу унаа байланышы; сырткы автомобиль жолдоруна, аэропортторго, массалык эс алуу ири чөлкөмдөрүнө жана жайгаштыруу тутумунун калктуу пункттарына чыгуулар. Магистралдык көчөлөр жана жолдор менен кесилишүү ар кандай деңгээлдерде. | |
жөндөлүүчү кыймылдагы | Шаардын райондорунун ортосундагы айрым багыттарда жана участкаларда турак жай курулушунан сырткары өткөрүлүүчү, көбүнчө жүк ташуу кыймылы, унаалык байланыш; сырткы автомобиль жолдоруна чыгуучу жолдор; көчөлөр жана жолдор менен бир деңэгэлде кесилишүү. | |
Магистралдык көчөлөр: жалпы шаардык дайындалыштагы: үзгүлтүксүз кыймылдагы | Өтө ири жана ири шаарлардагы турак жай, өнөр жай райондору менен коомдук борборлор ортосундагы, ошондой эле башка магистралдык көчөлөр, шаардык жана сырткы автомобиль жолдору менен унаалык байланыш. Негизги багыттар боюнча унаанын кыймылын ар кандай деңгээлдерде камсыз кылуу. | |
жөндөлүүчү кыймылдагы | Турак жай, өнөр жай райондору жана шаардын борбору, пландаштырылуучу райондордун борборлору менен унаалык байланыш; магистралдык көчөлөргө, жолдорго жана сырткы автомобиль жолдоруна чыгуулар. Магистралдык көчөлөр жана жолдор менен бир деңгээлдекесилишүү. | |
райондук маанидеги: унаалык-жөө жолдук
| турак жай райондорунун ортосундагы, ошондой эле турак жай жана өнөр жай райондорунун, коомдук борборлордун ортосундагы унаа-жөө жолдук байланыш, башка магистралдык көчөлөргө чыгуулар. | |
жөө жол-унаалык | Пландаштырылуучу райондун чегинде жөө жолдук-унаалык байланыш (көбүнчө коомдук жүргүнчү унаасы). |
|
Жергиликтүү маанидеги көчөлөр жана жолдор: турак жай курулушун-дагы көчөлөр | Турак жай райондорунун (кичи райондордун) аймагындагы унаалык (жүк жана жүргүнчү ташуучу унааны коё бербей) жана жөө жол байланышы, жөндөлүүчү кыймылдагы магистралдык көчөлөргө жана жолдорго чыгуулар. |
|
Илимий-өндүрүштүк, өнөр жай жана коммуналдык-кампа-лык чөлкөмдөрдөгү (район-дордогу) көчөлөр жана жолдор | Чөлкөмдөрдүн (райондордун) чегинде унаалык, көбүнчө жеңил жана жүк ташуучу унаанын, байланыш, магистралдык шаардык жолдорго чыгуулар. Көчөлөр жана жолдор менен кесилишүүлөр бир деңгээлде ишке ашырылат. |
|
жөө жүрүүчү көчөлөр жана жолдор
| Эмгектенген жерлер, тейлөө мекемелери жана ишканалары, алардын ичинде коомдук борборлордун, эс алуучу жана коомдук унаанын аялдама пункттары турган жерлердин чегиндеги жөө жол байланышы. |
|
парк жолдору
| Парктардын жана токой-парктардын аймактарындагы унаалык байланыш көбүнчө жеңил автомобилдер үчүн. |
|
өтмө жолдор
| Райондордун, кичи райондордун, кварталдардын ичиндеги турак жайларга жана коомдук имараттарга, мекемелерге, ишканаларга жана башка шаардык курулуштун объектилерине унаа каражаттарынын баруусу. |
|
велосипед жолчолору | Башка түрдөгү унаа кыймылы трассаларынан бош жолдор боюнча эмгектенүү, эс алуу жерлерине, коомдук борборлорго велосипед менен баруу, ал эми өтө ири жана ири шаарларда – пландаштырылуучу райондордун чегиндеги байланыш. |
|
Ошол эле учурда:
9.14.1. Магистралдык жолдордун негизги жүрмө бөлүгүнүн четинен кызыл сызыкка жана турак жай курулушун жөндөөчү сызыкк а чейин 25 м кем эмес кылып кабыл алуу керек.
9.14.2. Башкы көчөлөр унаа-жөө жолдук, жөө жол-унаалык жана жөө жүрүүчү көчөлөрдүн курамынан бөлүнүп көрсөтүлүп, жалпы шаардык борбордун архитектуралык-пландык түзүлүшүнүн негизи болуп саналат.
9.14.3. Шаарлардын чоңдугуна жана пландаштырылуучу түзүмүнө, кыймылдын көлөмүнө жараша жогоруда келтирилген көчөлөрдүн жана жолдордун негизги категорияларын толуктоого же алардын толук эмес курамын колдонууга мүмкүндүк берилет. Эгерде эмгектик которулууларга убакыттын эсептик сарптоолору ушул ченемдердеги аныкталгандардан ашып кетсе, атайын негиздемелер аркылуу ушул таблицада келтирилген калкынын саны көп болгон шаарлардын тобу үчүн магистралдык көчөлөрдүн жана жолдордун категорияларын колдонууга мүмкүндүк берилет.
9.14.4. Кайра конструкциялоо шарттарында, ошондой эле райондук маанидеги көчөлөр үчүн троллейбус-жөө жолдук же автобус-жөө жолдук кыймылдарды уюштуруу менен коомдук унаа каражаттарын гана өткөрүүгө арналган магистралдарды же алардын участокторун салууга мүмкүндүк берилет.
9.14.5. Тарыхый шаарларда жалпы шаардык борбордун тарыхый өзөгүнүн аймагы аркылуу өтүүчү жер үстүндөгү унаа кыймылынын көлөмүн жокко чыгаруу же кыскартуу керек: айланып өтүүчү магистралдык көчөлөрдү, унаа кыймылы чектелген көчөлөрдү, жөө жүрүүчү көчөлөрдү жана чөлкөмдөрдү; автомобилдер токтоочу жайларды көбүнчө ошол өзөктүн периметри боюнча жайгаштыруу керек.
9.15. Шаарлардын көчөлөрүнүн жана жолдорунун эсептик параметрлерин 7-таблица боюнча кабыл алуу зарыл.
| 7-таблица |
Жолдордун жана көчөлөрдүн категориялары | Кый-мылдын эсептик ылдам-дыгы, км/саат | Кый-мыл тилке-синин жазы-лыгы, м | Кый-мыл тил-кесинин саны | План-дагы эң кичине буру-луу радиусу, м | Эң чоң узата жан-тайма % | Жан жолдун жөө жүрмө бөлүгү-нүн жазы-лыгы, м |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
Магистралдык жолдор: Ылдамдыктуу кыймылдагы Жөндөлүүчү кыймылдагы |
120 80 |
3,00-3,50 3,00 |
4-8 2-6 |
600 400 |
30 50 |
- - |
Магистралдык көчөлөр: жалпы шаардык маанидеги: үзгүлтүксүз кыймылдагы жөндөлүүчү кыймылдагы райондук маанидеги: унаа-жөө жолдук |
100 80
50 |
3,00-3,50 3,00
3,50 |
4-8 4-8
2 |
500 400
125 |
40 50
40 |
4,5 3,0
3,0 |
Жергиликтүү маанидеги көчөлөр жана жолдор: Турак жай курулушундагы көчөлөр илимий-өндүрүштүк райондордун, өнөр жай жана коммуналдык-кампалык райондордун көчөлөрү жана жолдору парктагы жолдор |
40 50 40
40 |
3,00 3,00 3,00
2,80 |
2-3* 2-4 2
2 |
90 90 50
75 |
70 60 70
80 |
1,5 1,5 1,5
- |
Жүрмө жолдор: негизги негизги эмес |
40 30 |
2,80 3,00 |
2 1 |
50 25 |
70 80 |
1,0 0,75 |
Жөө жүрмө көчөлөр: негизги негизги эмес |
- - |
1,0 0,75 | эсептөө боюнча |
- - |
40 60 | долбоор боюнча |
Велосипед жолдору: өзгөчөлөнгөн обочолонгон |
20 30 |
1,50 1,50 |
1-2 2-4 |
30 50 |
40 30 |
- - |
Велосипед жолчолорун жолдун жүрмө бөлүгүнө жайгаштырууга жол берилбейт
*Бир тилкени жеңил автомобилдер унаа туругу үчүн колдонууну эсепке алуу менен.
Ошол эле учурда:
9.15.1. Көчөлөрдүн жана жолдордун жазылыгы унаанын жана жөө кишилердин кыймылынын ургаалдуулугуна, санитардык-гигиеналык талаптарды жана жарандык коргонуунун талаптарын эске алуу менен элементтердин (жүрмө бөлүктөрдүн, жер алдындагы коммуникацияларды жаткыруу үчүн техникалык тилкелердин, жан жолдордун, өсүмдүктөрдүн ж.б.) туура кесилиш профилинде жайгаштырылуучу курамына жараша эсептеп чыгаруу менен аныкталат. Кызыл сызыктардагы көчөлөрдүн жана жолдордун жазылыгы, м, төмөнкүчө кабыл алынат: магистралдык жолдордуку – 40-80; жергиликтүү маанидеги көчөлөрдүкү жана жолдордуку – 15-25. Техникалык тилкенин, ошондой эле бөлүүчү тилкелердин жазылыгы курулуш тармагында аракеттеги ченемдик-техникалык документтерге жана долбоорлоого тапшырмага ылайык аныкталат.
9.15.2. Татаал рельеф же кайра конструкциялоо шарттарында, ошондой эле жогору баалуулуктагы шаар куруу аймактары менен чөлкөмдөрдө пландагы бурулуу радиустарын кичирейтүү жана узата жантаймаларын жогорулатуу менен ылдамдыктуу кыймылдагы жолдор жана үзгүлтүксүз кыймылдагы көчөлөр үчүн эсептик ылдамдыкты 10 км/саатка азайтууга жол берилет.
9.15.3. Чоң, ири жана өтө ири шаарлардагы магистралдык көчөлөрдө жана жолдордо автобустар жана троллейбустардын жүрүүсү үчүн жазылыгы 4 м болгон четки тилкени караштыруу керек; кыймылдын “кызуу маалында”, ургаалдуулугу 40 бирдик/сааттан көп болгондо автобустарды өткөрүү үчүн, ал эми кайра конструкциялоо шарттарында – 20 бирдик/сааттан көп болгондо жазылыгы 8-12 м келген өзүнчө жүрмө бөлүктү салууга жол берилет.
Көбүнчө жүк ташуучу автомобилдер жүргөн магистралдык жолдордо кыймыл тилкесинин жазылыгын 4 м чейин чоңойтууга жол берилет.
9.15.4. I а, I г климатикалык кичи райондордо магистралдык көчөлөрдүн жана жолдордун жүрмө бөлүктөрүнүн узатасынан эң чоң жантаймаларын 10% азайтса болот. Көчөлөрдүн жана жолдордун жүрмө бөлүктөрүнүн чегинде кышы бою 600 м3/м ашык көлөмдөгү кар үйлөөчү жерлерде карды үйүү үчүн жазылыгы 3 м чейин болгон тилкелерди караштыруу керек.
9.15.5. Жан жолдордун жана жолчолордун жөө жүрмө бөлүктөрүнүн жазылыгына күркөлөрдү жана отургучтарды ж.б. жайгаштырууга керектүү аянттар кирбейт.
9.15.6. IA, IГ климатикалык кичи райондорунда 200 м3/м ашык көлөмдөгү кар үйлөөчү жерлерде магистралдык көчөлөрдүн жан жолдорунун жазылыгын 3 м кем эмес кылып алуу зарыл.
9.15.7. Жергиликтүү маанидеги көчөлөрдө кайра конструкциялоо шарттарында, ошондой эле эки багытта эсептик жөө жүрүү кыймылы 50 киши/сааттан аз болгондо жазылыгы 1м болгон жан жолдорду жана жолчолорду салууга жол берилет.
9.15.8. Жан жолдор имараттардын дубалдарына, тирөөч дубалчаларга же тосмолорго тикелей барып такалган учурларда алардын жазылыгын 0,5 м кем эмес кылып чоңойтуу зарыл.
9.15.9. Келечектеги курулуш үчүн аймактарды жана жер алдындагы мейкиндиктерди милдеттүү түрдө резервдөө менен, унаа жана жөө кыймылдарынын таасын өлчөмдөрүн көңүлгө алып, магистралдык көчөлөрдүн жана жолдордун, унаалык кесилиштердин эсептик параметрлерине этап-этап менен жетүүнү караштырууга жол берилет.
9.15.10. Майда, орто жана чоң шаарларда, ошондой эле кайра конструкциялоо шарттарында унаа кыймылын бир багытта уюштурууда жалпы шаардык маанидеги магистралдык көчөлөрдү долбоорлоо үчүн райондук маанидеги магистралдык көчөлөрдүн параметрлерин колдонууга жол берилет.
Көчөлөрдүн, жергиликтүү же каптал өтмөлөрдүн негизги жүрмө бөлүктөрүнүн четтеринен кызыл сызыкка же курулуш сызыгына чейинки аралыкты 25 м ашык албоо керек. Бул көрсөтүлгөн аралыктан ашып кеткен учурларда курулуш сызыгынан 5 м жакын болбогон аралыкта өрт өчүрүүчү машиналар өтүүгө жарактуу болгон жазылыгы 6 м болгон тилкени караштыруу зарыл.
9.16. Туюк көчөлөрдүн жана жолдордун жүрмө бөлүктөрүнүн аягында автомобилдердин кайрылуусу үчүн диаметри 16 м кем болбогон жана коомдук жүргүнчү унаа каражаттарынын акыркы пункттарын уюштурууда алардын кайра кайрылуусу үчүн диаметри 30 м кем болбогон аралчалары менен аянтчаларды куруу керек. Бурулуучу аянтчаларды автомобилдер токтоочу жай катары колдонууга тыюу салынат.
9.17. Жөндөлүүчү кыймылдуу магистралдык көчөлөрдө бөлүүчү тилкелер менен ажырымдалган велосипед жолчолорун караштырууга жол берилет. Калктын массалык эс алуу чөлкөмдөрүндө жана башка жашылдандырылган аймактарда көчөлөрдөн, жолдордон жана жөө кыймылынан обочолонгон велосипед жолчолорун караштыруу керек. Велосипед жолчолору бир же эки багыттуу болуп салынышы мүмкүн, веложолчонун четинен эң кичине коопсуз аралыкта, м: жүрмө бөлүккө, таянычтарга, бактарга чейин – 0,75; жан жолдорго чейин – 0,5; автомобиль турук жайларына жана коомдук унаанын аялдамаларына чейин – 1,5.
Велосипед тилкелерин көчөлөрдүн жана жолдордун жүрмө бөлүктөрүнүн чети менен, аларды кош сызык аркылуу бөлүп белгилөө менен, уюштурууга жол берилет. Тилкенин жазылыгы унаа агымы менен бир багытта болгондо 1,2 м кем эмес, каршы багытта болгондо 1,5 м кем болбоого тийиш. Жан жолду бойлото салынган велосипед тилкесинин жазылыгы 1 м кем болбоосу зарыл.
9.18. Жан жолдордун жана бөлүүчү тилкелердин чекеси боюнча көчөлөрдүн жана жолдордун жүрмө бөлүктөрүнүн бурулуу радиустарын, м, төмөнкүлөрдөн кем эмес кабыл алуу керек: жөндөлүүчү кыймылдуу магистралдык көчөлөр жана жолдор үчүн – 8, жергиликтүү маанидегилер үчүн – 5; унаа аянттарында – 12. Кысталыш шарттарда жана кайра конструкциялоодо магистралдык көчөлөрдүн жана жолдордун жөнгө салуу кыймылынын бурулуу радиустарын кеңейтүүгө жол берилет, бирок 6 м ден кем эмес, унаа аянттарында – 8 м алуу керек.
Жээк таш тосмолору жокто, ошондой эле бурулуштун минималдык радиусун колдонгон учурларда көчөлөрдүн жана жолдордун жүрмө бөлүктөрүнүн жазылыгын капталдардагы бөлүүчү тилкелердин же сырт жагынан кеңейтүүнүнэсебинен кыймылдын ар бир тилкесине 1 м кошуу менен чоңойтуу керек.
Бул учурда коомдук унаа (троллейбус, автобус) үчүн бурулуу радиустары унаанын бул түрүн пайдалануунун техникалык талаптарына ылайык аныкталат.
9.19. Жөндөлбөөчү кесилиштерде жана көчөлөрдүн, жолдордун кошулуштарында, ошондой эле жөө жол өтмөктөрүндө көрүү үч бурчтуктарын караштыруу керек. 40 жана 60 км/саат кыймыл ылдамдыктарында “унаа-унаа” шарттары үчүн тең капталдуу үч бурчтуктун жактарынын өлчөмдөрү тиешелүү түрдө 25 жана 40 м кем болбоого тийиш “Жөө жүргүнчү-унаа” шарттары үчүн көрүү тик бурчтуу үч бурчтугунун өлчөмдөрү, (м), унаанын кыймылынын ылдамдыгы 25 жана 40 км/саат болгондо тиешелүү түрдө 8х40 жана 10х50 болушу шарт.
Көрүү үч бурчтуктарынын чегинде имараттарды, курулмаларды, көчмө предметтерди (күркөлөрдү, фургондорду, жарнамаларды, кичи архитектуралык формаларды ж.б.), бийиктиги 0,5 м ашык бактарды жана бадалдарды жайгаштырууга жол берилбейт.
Турукташып калган капиталдык курулуштар шарттарында, керектүү көрүү үч бурчтуктарын уюштурууга мүмкүндүк бербеген, унаа жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуз кыймылын жөндөө каражаттарынын жана атайын техникалык жабдуулардын жардамы менен камсыздоо зарыл.
9.20. Селитебдик райондордо карылар жана майыптар үчүн үйлөрдө, саламаттык сактоо жана башка калк массалык түрдө каттай турган мекемелерде механикалык майыптар коляскалары өтүүгө боло турган жөө жолдорду салуу зарыл. Ошол эле учурда жолду бойлото жайгашкан вертикалдык тоскоолдуктардын (жээк таштар) бийиктиги 5 см ашпашы керек; кыска тик (100 %о ашык) рампаларга, ошондой эле жан жолдордун жана жөө жолдордун 50 %о ашыкузата жантаймаларына жол берилбейт. 30 – 60 %о узата жантаймалуу жолдордо 100 м ашык эмес аралыкта узундугу 5 м кем болбогон горизонталдык участкаларды салуу зарыл.
9.21. Курулган аймактардын чегинде жөндөлүүчү кыймылдуу магистралдык көчөлөрдө жана жолдордо 200 – 300 м интервалда бир деңгээлде жөө өтмөктөрдү караштыруу керек.
Шатылар жана пандустар менен жабдылган ар кандай деңгээлдеги жөө өтмөктөрдү төмөнкү интервалдарда куруу зарыл:
ылдамдыктуу кыймылдагы жолдордо, ылдамдыктуу трамвай жана темир жол линияларында - 400–800 м;
үзгүлтүксүз кыймылдагы магистралдык көчөлөрдө – 300-400 м.
Ошол эле учурда:
9.21.1. Жөндөлүүчү кыймылдагы магистралдык көчөлөрдө жүрмө бөлүктөр аркылуу өтүүчү жөө жүрүүчүлөрдүн саны 3000 киши/саат ашык болсо, жөө өтмөктөрдү ар кандай деңгээлде куруу мүмкүнчүлүгү берилет.
9.21.2. Административдик жана соода борборлорунун, мейманканалардын, театрлардын, көргөзмөлөрдүн жана базарлардын жанындагы жөө өтмөктөрдү салууну жөө жүрүүчүлөр агымынын жыштыгы “кызуу маалда” 0,3 киши/м2 ашык эмес камсыздоошартынан; заводдордун алдындагы аянттарда, спорт-оюн зоок мекемелеринин, кинотеатрлардын, бекеттердин жанында 0,8 киши/м2 шартынан долбоорлоо керек.
Коомдук жүргүнчүлөр унаасынын жана жөө кыймылдарынын тарамы
9.22. Коомдук жүргүнчүлөр унаасынын түрүн эсептик жүргүнчүлөр агымдарынын жана жүргүнчүлөрдүн жүрүүлөрүнүн узактыгынын негизинде тандоо зарыл. Унаанын ар кандай түрлөрүнүн ташуу жөндөмдүүлүгү, түзмөктөрдүн жана курулмалардын (платформалар, олтургузуу аянтчалары) параметрлерижер үстүндөгү унаанын кадимки түрлөрү үчүн жүргүнчүлөр салонунун төшөлмөсүнүн ээн аянтын кыймылдуу курамдын эсептик мөөнөткө толтуруусу 4 киши/м2 жана ылдамдыктуу унаа үчүн – 3 киши/м2 ченеминде аныкталат.
9.23. Жер үстүндөгү коомдук жүргүнчү унаа линияларын магистралдык көчөлөрдө жана жолдордо унаа курулмаларына ченемдердин талаптарына ылайык жүрмө бөлүктүн бөлүнгөн тилкесинде же өзгөчөлөнгөн тилкеде, унаа каражаттарынын кыймылын жалпы агымда уюштуруу менен кабыл алуу зарыл.
Ошол эле учурда:
9.23.1. Жалпы шаардык борбордун тарыхый өзөгүндө коомдук жүргүнчү унаанын аялдамаларына жөө жүрүүчүлөрдүн ченемдик жетүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо мүмкүн болбой калган учурда унаанын атайлаштырылган түрүнүн жергиликтүү тутумун (жөө жүрүү, велосипед менен жана башка түрлөрүн) уюштурууга жол берилет.
9.23.2. Аянты 100 га ашык болгон магистралдар аралык аймактар, кайра конструкциялоо шарттарында 50 га ашык, аркылуу жөө жол-унаа көчөлөрү же өзгөчөлөнгөн тилке боюнча коомдук жүргүнчү унаа линияларын салууга жол берилет. Коомдук унаа каражаттар кыймылынын ургаалдуулугу эки багытта 30 бирдик/саат, ал эми эсептик кыймыл ылдамдыгы 40км/саат ашпашы керек.
9.23.3. Курулган аймактардагы жер үстүндөгү коомдук жүргүнчү унаа тарамдарынын линияларынын жыштыгын функционалдык колдонууларга жана жүргүнчү агымдарынын ургаалдуулугуна жараша 1,5-2,5 км/км2 чегинде кабыл алуу зарыл.
Ири жана өтө ири шаарлардын борбордук райондорунда бул тарамдын жыштыгын 4,5 км/км2 чейин чоңойтууга жол берилет.
9.24. Коомдук жүргүнчү унаанын эң жакынкы аялдамаларына чейин жөө басып баруу узактыгын 500 м ашык кылбоо шарт; бул аралыкты IA, IГ климатикалык кичи райондорунда 300 м чейин, IV климатикалык райондордо 400 м чейин азайтуу туура болот.
Жалпы шаардык борбордо коомдук жүргүнчү унаанын эң жакынкы аялдамасына чейин жөө жүрүүчү жолдун узактыгы массалык түрдө баруучу объекттерден 250 м; өндүрүш жана коммуналдык-кампалык чөлкөмдөрдө - ишканалардын кире беришинен400 м; массалык эс алуу жана спорт чөлкөмдөрүндө башкы кире бериштен – 800 м алыс болбоого тийиш.
Татаал рельефтерде, атайын көтөрүүчү жүргүнчү унаа жок болгон учурда, жогоруда келтирилген аралыкты рельефтин ар бир 10 м ашып өтүлүүчү өзгөрүлүүсүнө 50 м азайтууга болот.
9.25. Калктуу пункттардын аймактарынын чегинде коомдук жүргүнчү унаанын линияларындагы аялдама пункттарынын ортосундагы аралыкты төмөнкүчө кабыл алат: автобус жана троллейбустар үчүн 400-600 м; экспресс автобустар үчүн – 800-1200 м; электрлештирилген темир жолдор үчүн – 1500-2000 м.
9.26. Которуп олтургузуучу түйүндөрдө эсептик жүргүнчү агымдарына көз карандысыз эле жүргүнчүлөрдү кайра олтургузууга кеткен которулуулардын убактысы, унааны күтүү убактысын эсепке албаганда, 3 мин ашпашы керек. Кайра олтургузуучу түйүндөрдүн коммуникациялык элементтерин агымдардын кыймылынын эсептик жыштыгын, киши/м2, камсыздоо шартынан төмөнкү маанилерден кем эмес кылып долбоорлоо зарыл: 1,0 – бир багыттагы кыймылда; 0,8 – каршы кыймылда болгондо; 0,5 – кесилишүү жерлеринде бөлүштүрүүчү аянтчаларды курууда; 0,3 – көчөдөн сырткаркы ылдамдыктуу унаанын линияларында борбордук жана аяккы которулуп олтуруу түйүндөрүндө.
Унаа каражаттарын сактоо, тейлөө үчүн курулмалар жана түзмөктөр
9.27. Селитебдик жана аларга жанаша жайгашкан өндүрүштүк аймактарда жеке жеңил автомобилдердин эсептик санынын 90% кем эмесин туруктуу сактоо үчүн,аларга чейинки жөө жүрүү жолу 800 м ашпаган, ал эми кайра конструкциялоо же жагымсыз гидрогеологиялык абалдагы райондордо 1500 м ашпаган, гараждарды куруу каралат.
Жеңил автомобилдерди убактылуу сактоо үчүн гараждарды жеке жеңил автомобилдер паркынын эсептик санынын 70% кем эмес эсебинде куруу каралат, анын ичинде % менен:
турак жай райондорунда ...................................................................... 25;
өнөр жай жана коммуналдык-кампалык чөлкөмдөрдө (райондор) ..25;
жалпы шаардык жана атайлаштырылган борборлордо ..................... 5;
массалык кыска убакытка эс алуу чөлкөмдөрдө ............................... 15.
Ошол эле учурда:
9.27.1. Калктуу пункттун селитебдик аймактарынан сырткары жайгашкан гараждарда жана ачык токтоочу жайларда жеңил автомобилдер паркынын 10-15% сезондук сактоону караштырууга жол берилет.
9.27.2. Сактоо үчүн орундарга жалпы муктаждыкты аныктоодо башка жеке унаа каражаттарын (мотоциклдер, мотороллерлор, мотоколяскалар, мопеддер) да, аларды төмөнкү көмөк чоңдуктарды колдонуу менен бир эсептик түргө (жеңил автомобилге) келтирип, эсепке алуу керек:
коляскалары менен мотоциклдер жана
мотороллерлор, мотоколяскалар ............................................... 0,5;
коляскалары жок мотоциклдер жана мотороллерлор ............. 0,25;
мопеддер жана велосипеддер .................................................... 0,1.
9.27.3. Турак жай райондору жана кичи райондор менен жанаша жайгашкан көчөлөрдүн жана жолдордун чектеринде автомобилдерди убактылуу жана туруктуу сактоо үчүн ачык токтоочу жайларды караштырууга жол берилет.
9.27.4. 9.27.2 жана 9.27.3 пункттарында көрсөтүлгөн, эсептөө жолу менен аныкталган автоашиналарды массалык сактоо орундары калктуу пункттардын тетиктеп пландаштыруу долбоорлорунда караштырылат.
9.27.5. Чоң, ири жана өтө ири шаарлардагы турак жай райондорунун жана кичи райондордун аймактарында автомобилдерди сактоо үчүн орундарды жер алдындагы мейкиндикти эсептик көрсөткүчтүн 50% кем эмесин пайдалануу менен көп катар кабаттуу унаа туруктарда караштыруу зарыл.
9.28. Жеңил автомобилдер токтоочу жайлардын эсептик ченемдерин сунушталуучу 9-тиркемеге ылайык кабыл алууга жол берилет.
9.29. Кабаттуулугуна жараша жеңил автомобилдердин гараждарынын жана токтоочу жайларынын жер участокторунун өлчөмдөрү, 1 машина-орунга, м2:
гараждар үчүн:
бир кабаттуу.......................................... .30;
эки кабаттуу ......................... .................. 20;
үч кабаттуу ........................... .................. 14;
төрт кабаттуу ........................ ................. 12;
беш кабаттуу ......................... ................. 10;
жер үстүндөгү токтоочу жайлар үчүн ...25.
9.30. Гараждарга кирүүчү жана алардан чыгуучу жердеги аралыкты төмөнкүчө кабыл алуу керек: магистралдык көчөлөрдүн кесилишинен – 50 м; жергиликтүү маанидеги көчөлөрдүн кесилишинен – 20 м; коомдук жүргүнчү унаанын аялдама пункттарынан – 30 м.
Жеңил автомобилдердин жер алдындагы гараждарына кирүүчү жана алардан чыгуучу жерлер турак үйлөрдүн терезелеринен жана жалпыга билим берүүчү мектептердин, мектепке чейинки балдар мекемелеринин жана дарылоочу мекемелердин участкаларынан 15 м кем аралыкта болуусу шарт, качан долбоордо санитардык шарттарды жакшыртуу боюнча атайын иш чараларкаралгандан сырткаркыучурларда.
Жер алдындагы гараждардын желдетүүчү шахталары курулуш тармагында аракеттеги ченемдик-техникалык документтерге ылайык каралышы зарыл.
9.31. Атайын дайындалыштагы ведомстволук жана жеңил автомобилдердин, жүк ташуучу автомбилдердин, таксилердин, кире автомобилдеринин гараждарын, автобус жана троллейбус парктарын, ошондой эле автомобилдерди борборлоштуруп техникалык тейлөө базаларын жана автомобилдерди кирелөө пункттарын, алардын жер участокторунун өлчөмдөрүн сунушталуучу 9-тиркемесине ылайык кабылдап, өндүрүш чөлкөмдөрүнө жайгаштыруу керек.
9.32. Жеңил автомобилдерди туруктуу жана убактылуу сактоо үчүн дайындалган жер үстүндөгү жана жер үстү-астындагы гараждардан, техникалык тейлөө чордондорунан турак үйлөргө жана коомдук имараттарга, ошондой эле селитебдик аймактарда жайгашуучу мектептерге, балдар бакчаларына жана стационардык типтеги дарылоочу мекемелерге чейинки аралыкты түзүлгөн таасын шаар куруу кырдаалына карата 8-таблицага ылайык кабылдоо зарыл.
9.33. Автомобилдерди техникалык тейлөө чордондорун 200 жеңил автомобилге 1 пост эсебинде долбоорлоо керек, алардын жер участокторунун өлчөмдөрүн, га, чордондор үчүн:
10 постко ............... 1,0;
15 постко ............... 1,5;
25 постко ............... 2,0;
40 постко ............... 3,5 кылып алуу зарыл.
9.34. Автомай чордондорун (АМЧ) 1200 жеңил автомобилге бир май таратуучу чорго эсебинде, жер участокторунун өлчөмдөрүн, га, төмөнкүчө кабыл алып долбоорлоо керек, чордондор үчүн:
эки чоргого...................... 0,1;
5 чорго үчүн ................... 0,2;
7 чорго үчүн ................... 0,3;
9 чорго үчүн ................... 0,35;
11 чорго үчүн ................. 0,4.
8-таблица
Аларга чейинки ажырым аныкталып жаткан объекттер | Аралык, м | ||||
Сыйымдуулугу төмөнкүдөй болгон ачык автоунаа туруктар жана паркингдер, машина-орун | |||||
10 жана андан аз | 11 -50 | 51 -100 | 101 -300 | 300дөн көп | |
Турак үйлөрдүн бет маңдайлары жана терезелери менен тумшук жактары | 10 | 12
| 25
| 35
| 50 |
Турак үйлөрдүн терезелери жок тумшук жактары | 10 | 10 | 15 | 25 | 35
|
10. Инженердик жабдуулар
Суу менен камсыздоо жана суу агындылоо
10.1. Сууну тазалоочу чордондор үчүн жер участкаларынын өлчөмдөрүн, алардын өндүрүмдүүлүгүнө жараша, миң м3/сут., долбоор боюнча, бирок төмөнкүлөрдөн кем эмес кылып, га, алуу керек:
0,8 чейин ............................... 1,0;
0,8ден 12 чейин .................... 2,0;
12ден 32 чейин ..................... 3,0;
32ден 80 чейин ..................... 4,0;
80ден 125 чейин ................... 6,0;
125тен 250 чейин ................. 12,0;
250дөн 400 чейин ................. 18,0;
400дөн 800чейин .................. 24,0.
10.2. Суу агындылоонун суу тазалоочу курулмаларынын жер участкаларынын өлчөмдөрүн 9-таблицадагыдан көп эмес кылып алуу зарыл:
9-таблица
Суу агындылоонун тазалоочу курулмаларынын өндүрүмдүүлүгү, м3/сут. | Жер участкаларынын өлчөмдөрү, га | ||
тазалоочу курулмалардын | тундурма аянтчалардын | тереңдикте тазалоочу биологиялык көлмөлөрдүн | |
0,7 чейин | 0,5 | 0,2 | - |
0,7ден 17 чейин | 4,0 | 3,0 | 3,0 |
17ден 40 чейин | 6,0 | 9,0 | 6,0 |
40тан 130 чейин | 12,0 | 25,0 | 20,0 |
130дан 175 чейин | 14,0 | 30,0 | 30,0 |
175тен 280 чейин | 18,0 | 55,0 | - |
10.3. Жергиликтүү суу агындылоо тутумдарынын жана алардын сантардык-коргоочу чөлкөмдөрүнүн жер участкаларынын өлчөмдөрүн кыртыштарынын шарттарына жана агынды суулардын көлөмүнө жараша, бирок 0,25 га ашык эмес алуу керек.
10.4. Суу агындылоонун борборлошкон тутуму жок учурларда сантардык-эпидемиологиялык кызматтын жергиликтүү органдары менен макулдашуу боюнча агызма чордондорду куруу зарыл. Азызма чордондордун жана алардын санитардык-коргоочу чөлкөмдөрүнүн жер участкаларынын өлчөмдөрүн аракеттеги ченемдик документтер боюнча кабыл алуу керек.
Санитардык тазалоо
10.5. Калкынын саны 250 миң кишиден ашкан шаарлар жана республикалык маанидеги курорттор үчүн тиричилик калдыктарды өнөр жайлык кайра иштетүү боюнча ишканаларды жана таштанды кайра иштетүүчү ишканаларды куруу зарыл.
Тиричилик калдыктарынын ченемдерин сунуш кылынуучу 10- тиркемеге ылайык кабыл алууга жол берилет.
10.6. Тиричилик калдыктарын ташуу, зыянсыздандыруужана кайра иштетүү боюнча ишканалардын, курулмалардын жана башка объекттердин, алардын санитардык-коргоочу чөлкөмдөрүнүн жер участкаларынын өлчөмдөрүн төмөнкүчө кабыл алуу керек:
I класс – санитардык-коргоочу чөлкөмү 1000 м:
1) Катуу тиричилик калдыктардын жеткилеңдетилген төгүндүлөрү.
2) Акыр-чикирлерди жок кылуу талаасы жана айдап салуу талаасы.
3) Аңдарга көмүү менен мал өлүкканалары.
4) Малдын өлүктөрүн жана конфискаттарды жок кылуу үчүн кайра иштетүүчү заводдор.
5) Кайра иштетилбеген катуу өнөр жай калдыктары үчүн жеткилеңдетилген төгүндүлөр.
6) Кубаттуулугу жылына 40 миң тоннадан ашык болгон таштанды өрттөгүч жана таштанды кайра иштеткич объекттер.
II класс – санитардык-коргоочу чөлкөмү 500 м.
1) Кубаттуулугу 40 миң тоннага чейин болгон таштанды өрттөгүч жана таштанды кайра иштеткич объекттер.
2) Катуу тиричилик калдыктарын чиритүүчү полигондор жана участкалар.
3) Биологиялык камералары менен мал өлүкканалары.
4) Агызгыч чордондор.
IIIкласс – санитардык-коргоочу чөлкөмү 300 м.
1) Кайра иштетилүүчү чийки заттарды жыйноо боюнча борбордук базалар.
2) Калдыктарды пайдалануу менен демканалар жана күнөсканалар үчүн участкалар.
3) Кыксыз жана заңсыз калдыктарды чиритүү.
IV класс – санитардык-коргоо чөлкөмү 100 м.
Таштанды кайра жүктөөчү чордондор.
Суюк жана газ автоотуну менен жүк ташуучу жана жеңил автоунааны отун камсыздандыруу үчүн автоотункамсыздандыргыч чордондор.
V класс - санитардык-коргоо чөлкөмү 50 м.
Жеңил автомобилдерди тейлөөчү 5 постко чейинки техникалык тейлөө чордондору (майлап-түздөө жумуштарысыз).
Тейлөө объекттери (дүкөндөр, кафелер) менен,бензиндин буусун айландыруучу тутуму менен жабдылган жеңил автомобилдер үчүн автоотункамсыздандыргыч чордондор.
10.6.1. Акыр-чикирлерди жок кылуу, чиритүү талааларынын жана полигондорунун жер участкаларынын эң кичине өлчөмдөрүн гидрологиялык, климатикалык жана кыртыш шарттарын эсепке алуу менен кабыл алуу керек.
Электр, жылуулук, муздак жана газ менен камсыздоо. Байланыш, радиоберүү жана телекөрсөтүү
10.7. Электр энергиясынын чыгымдалышын, жылуулукка, газга болгон муктаждыкты жана электр менен камсыздоочу булактардын кубаттуулугун төмөнкүчө аныктоо керек:
өнөр жай жана айыл чарба ишканалары үчүн – аракеттеги ишканалардын табыштамалары, жаңылардын, кайра конструкциялануучулардын же ошого окшоштордун долбоорлору, ошондой эле жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ирилештирилген көрсөткүчтөр боюнча;
чарбалык-тиричилик жана коммуналдык муктаждыктар үчүн – курулуш тармагында аракеттеги ченемдик-техникалык документтерге ылайык.
Электр пайдалануунун ирирлештирилген көрсөткүчтөрүн сунушталуучу 11-тиркемеге ылайык кабыл алууга жол берилет.
10.8. Чыңалуусу 110 кВ жана андан жогору болгон электр тарамдарын өтө ири жана ири шаарлардын селитебдик аймактарынын чегинде терең кирме учтуу төмөндөтүүчү көмөк чордондорду көздөй тартууну кабелдик линиялар менен ишке ашыруу зарыл.
Жалпы энергетикалык тутумга кирген электр өткөрүүчү чубалгыларды өнөр жай чөлкөмдөрүнүн (райондорунун) аймактарында, ошондой эле айыл чарба ишканаларынын өндүрүш чөлкөмдөрүндө жайгаштырууга тыюу салынат.
10.9. Шаарларды кайра курууда чыңалуусу 35 – 110 кВ жана андан жогору болгон мурун турган электр өткөрүүчү чубалгыларын селитебдик аймактардын сыртына чыгарууну же аба чубалгыларын кабель менен алмаштырууну, ал эми өтө ири шаарларда бошотулуучу аймактарды турак жай жана коомдук имараттар менен куруу муктаждыгы чыккан учурларда – мурун турган терең кирме учтуу төмөндөтүүчүачык көмөк чордондорду жабыктарга алмаштырууну караштыруукерек.
10.10. Шаарлардын жана калктуу пункттардын селитебдик аймактарындагы 4 жана андан бийик кабаттуу курулуш райондорунда кошулуучу 20 кВ чейинки чыңалуудагы электр тарамдарын, ошондой эле курорттук комплекстердин аймактарындагы баардык чыңалуудагы тарамдарды кабелдик линиялар менен тартуу зарыл.
10.11. Кубаттуулугу 16 миң кВ*А жана андан жогору болгон трансформаторлуу төмөндөтүүчү көмөк чордондорду жана селитебдик аймакта жайгаштырылуучу аба линияларынын кабелдик линияларга өтүү пункттарын, ал эми курорттук комплексттердин аймактарында – баардык трансформатордук көмөк чордондорду жана бөлүштүрүүчү түзмөктөрдү жабык түрдө куруу талап кылынат. Көмөк чордондордун жана аба чубалгыларынын кабелдик линияларга өтүү пункттарынын кире бериштеринде кабелдик линиялардын жана аба чубалгыларынын кирме жана чыкма учтары үчүн техникалык тилкелерди караштыруу керек.
10.12. Төмөндөтүүчү жабык көмөк чордондор үчүн, чыңалуусу 110-220 кВ болгон комплекттик жана бөлүштүрүүчү түзмөктөрдү кошкондо, жер участкаларынын өлчөмдөрүн 0,6 га ашык эмес, ал эми аба чубалгыларынын кабелдик линияларга өтүү пункттарыныкын – 0,1 га ашык эмес кылып алуу зарыл.
10.13. Өзүнчө турган бөлүштүрүүчү пункттарды жана ар биринин кубаттуулугу 1000 кВ* А болгон, трансформаторлорунун саны экиден ашык эмес, чыңалуусу 6 – 20 кВ болгон жана шуулдактардан коргоо чаралары көрүлгөн трансформаторлук көмөк чордондорду жайгаштырууда алардан турак үйлөрдүн жана коомдук имараттардын терезелерине чейинки аралыкты 10 м кем эмес кылып, ал эми дарылоо-профилактикалык мекемелерге – 15 м кем эмес кылып алуу керек.
10.14. Калктуу пункттардын жылуулук менен камсыздалуусун жылуулук менен камсыздоо схемасына ылайык ишке ашыруу зарыл.
10.15. Калкынын жыштыгы 40 киши/га жана андан жогорубир, эки кабаттуу турак жай райондорундагы курулуштарда жылуулук менен камсыздоо схемасы жок болсо,ошондой эле борборлоштурулган жылуулук менен камсыздоо тутуму жок айылдык калктуу конуштарда жылытуу тутумдарын коомдук жана турак жай имараттарынын тобунун отканаларынан алууга жол берилет.
IV климатикалык райондо жайгашкан шаарларда, тиешелүү техникалык-экономикалык негиздөөдө, борборлоштурулган муздак менен камсыздоотутумун караштыруу керек.
10.16. Турак жай курулушу райондорунда жайгашкан өзүнчө турган жылытуу отканалары үчүн жер участкаларынын өлчөмдөрүн 10-таблица боюнча кабыл алуу зарыл.
10- таблица
Отканалардын жылуулук өндүрүмдүүлүгү, Гкал/саат (МВт) | Жер участкаларынын өлчөмдөрү, га, төмөнкү отундарда иштөөчү отканаларда | |
катуу отунда | газ-мазут отунунда | |
5 чейин | 0,7 | 0,7 |
5тен 10 чейин (6дан 12 чейин) | 1,0 | 1,0 |
10дон 50 чейин (12ден 58 чейин) | 2,0 | 1,5 |
50дөн 100 чейин (58ден 116 чейин) | 3,0 | 2,5 |
100дөн 200 чейин (116дан 233 чейин) | 3,7 | 3,0 |
200дөн 400 чейин (233дөн 466 чейин) | 4,3 | 3,5 |
Ошол эле учурда:
10.16.1. Керектөөчүлөрдү тикелей суу таратуу аркылуу ысык суу менен камсыздоочу жылытуучу отканалардын, ошондой эле отуну темир жол аркылуу жеткирилүүчү отканалардын жер участкаларынын өлчөмдөрүн 20% көбөйтүү керек.
10.16.2. Майда күл жана кесек күл үйүндүлөрүн селитебдик аймактан сырткары жайгаштыруу зарыл. Майда күл жана кесек күл үйүндүлөрүн жайгаштыруу шарттарын жана алар үчүн аянттардын өлчөмдөрүн аныктоону аракеттеги ченемдик документтер боюнча жүргүзүү керек.
10.16.3. Отканалардан коргоочу санитардык-коргоочу чөлкөмдөрдүн өлчөмдөрү аракеттеги санитардык ченемдерге ылайык аныкталат.
10.17. Газ толтуруучу чордондордун (ГТЧ) жер участкаларынын өлчөмдөрүн алардын өндүрүмдүүлүгүнө жараша долбоор боюнча, келтирилген маанилерден, га, ашык эмес кылып алуу керек, өндүрүмдүүлүгү төмөнкүдөй чордондор үчүн:
10 миң т/жылына .................. 6;
20 миң т/жылына ..................7;
40 миң т/жылына .................. 8.
10.18. Газ толтуруучу чордондордун (ГТЧ) жана баллондордун ортолук кампаларынын (БОК) жер участкаларынын өлчөмдөрүн 0,6 га ашык эмес кылып кабыл алуу зарыл. Алардан ар түрдүү дайындалыштагы имараттар жана курулмаларга чейинки аралыкты аракеттеги ченемдик документтерге ылайык алуу керек.
10.19. Байланыш, радиоберүү жана телекөрсөтүү, өрт өчүрүүчү жана кайтаруучу ишарат белгилөө, инженердик жабдуу тутумун диспетчерлөө ишканаларын, имараттарын жана курулмаларын жайгаштырууну елгиленген тартипте бекитилген ченемдик документтердин талаптарына ылайык ишке ашыруу зарыл.
Инженердик тарамдарды жайгаштыруу
10.20. Инженердик тарамдарды артыкчылыктуу түрдө көчөлөрдүн жана жолдордун туура кесилиш профилдеринин чегинде; жылуулук тарамдарын, каналдарды же тоннелдерди – жан жолдордун (же бөлүүчү тилкелердин) алдында; суу өткөргүчтөрдү, газ өткөргүчтөрдү, чарбалык-тиричилик жана жаан суу агындылоону – бөлүүчү тилкелерде жайгаштыруу керек. Кызыл сызык жана курулуш сызыгынын ортосундагы тилкеде төмөнкү басымдагы газ тарамын жана кабель тарамдарын (күчтүк, ишарат белгилөө жана диспетчерлөө байланышынын) жайгаштыруу зарыл.
Жүрүүчү бөлүктүн жазылыгы 22 м ашык болгондо суу өткөргүч тарамдарын көчөлөрдүн эки жактары боюнча жайгаштырууну караштыруу керек.
10.21. Астында жер алдындагы инженердик тарамдар жайгашкан көчөлөрдүн жана жолдордун жүрүүчү бөлүктөрүнүн капиталдык жол жабуусун салуу менен кайра конструкциялоодо бул тарамдарды бөлүүчү тилкелерге жана жан жолдорго чыгарууну караштыруу зарыл. Тиешелүү негиздөөлөрдүн натыйжасында көчөлөрдүн жүрүүчү бөлүктөрүнүн алдына мурун курулгандарды, ошондой эле каналдарда жана тоннелдерде жаңы курулуучу тарамдарды калтырууга жол берилет. Бөлүүчү тилкелери жок мурун курулган көчөлөрдө тоннелдерде же каналдарда жайгаштыруу шарты менен жүрүүчү бөлүктөрдүн алдына жаңы инженердик тарамдарды жайгаштырууга жол берилет; техникалык муктаждыктарга жараша көчөлөрдүн жүрмө бөлүктөрүнүн алдына газ өткөрүүчүлөрдү жайгаштырууга жол берилет.
10.22. Жер алдындагы инженердик тарамдарды тартууну: керек учурларда бириктирилген - диаметри 500дөн 900 мм чейин жылуулук тарамдарын жана диаметри 500 мм чейин болгон суу өткөргүчтү тоннелдердеги жалпы траншейлерде бирге жайгаштырууну караштырууга болот. Газ, жеңил тутануучужана күйүүчү суюктуктарды өткөрүүчү түтүктөрдү кабелдик линиялар менен бирге тартууга тыюу салынат.
Инженердик тарамдарды түбөлүк тоң кыртыштуу райондордо тартууда, тоң кыртышты тоңгон абалында сактоо менен, жылуулук өткөргүчтөрдү диаметрине карабай каналдарда же тоннелдерде жайгаштыруу керек.
10.23. Жер алдындагы эң жакынкы инженердик тарамдардан горизонталь боюнча (нак аралык) имараттарга жана курулмаларга чейинки аралыкты 11-таблица боюнча кабыл алуу зарыл.
10.24. Жер алдындагы инженердик тарамдар менен жөө өткөөлдөрдүн кесилишкен учурларында өткөргүч түтүктөрдү тоннелдердин алдына, ал эми күчтүк жана байланыш кабелдерин – тоннелдердин үстүнө жайгаштыруу керек.
10.25. Өнөр жай ишканалары жана кампаларын камсыздоо үчүн жеңил тутануучу жана күйүүчү суюктуктары, ошондой эле суюлтулган газы менен өткөргүч түтүктөрдү селитебдик аймактар аркылуу алып өтүүгө жол берилбейт.
Магистралдык өткөргүч түтүктөрдү калктуу пункттардын чегинен сырткары тартуу зарыл.
11-таблица
Инженердик тарамдар | Горизонталь боюнча аралык (накта), м, жер алдындагы тарамдардан төмөнкүлөргө чейин |
| ||||||||||||||||||
имараттар жана курулмалардын пайдубалдарына | ишканалардын, эстакадалардын, тийме тарамдар жана байланыштардын, темир жолдордун тосмолорунун пайдубалдарына |
четки жолдун огуна
| көчөнүн, жолдун жээк ташына (жүрмө бөлүктүн кыры, бекемделген тилкелүү жол четинин) | Кюветтин сырткы кырына же жолдун үймөгү нүн таманына | электр өткөрүүчү аба чубалгыларынын таянычтарынын пайдубалдарына, төмөнкү чыңалуудагы | |||||||||||||||
1520 мм издүү темир жолдун, бирок, үймөктүн түбүнө жана чуңкурдун кырына чейинки траншейдин тереңдигинен кем эмес | 750 мм издүү темир жолдун жана трамвайдын | |||||||||||||||||||
1 кВ чейинки сырткы жарыктандыруу, трамвай-лардын жана троллей-бустардын тийме тарамы | 1ден 35 кВ чейинки | 35тен 110 кВ чейинки жана андан жогору | ||||||||||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
| ||||||||||
Суу өткөргүч жана басымдуу суу агындылагыч | 5 | 3 | 4 | 2,8 | 2 | 1 | 1 | 2 | 3 |
| ||||||||||
Өзү акма суу агындылагыч (тиричилик жана жаан суусун) | 3 | 1,5 | 4 | 2,8 | 1,5 | 1 | 1 | 2 | 3 |
| ||||||||||
Сарыктыргыч | 3 | 1 | 4 | 2,8 | 1,5 | 1 | 1 | 2 | 3 |
| ||||||||||
Коштоочу сарыктыргыч | 0,4 | 0,4 | 0,4 | 0 | 0,4 | - | - | - | - |
| ||||||||||
Газөткөргүчтөрү, МПа, (кгк/см2): төмөнкү, 0,005 (0,05) чейин | 2 | 1 | 3,8 | 2,8 | 1,5 | 1 | 1 | 5 | 10 |
| ||||||||||
орто, 0,005тен (0,05) 0,3 чейин (3) | 4 | 1 | 4,8 | 2,8 | 1,5 | 1 | 1 | 5 | 10 |
|
| |||||||||
жогорку, 0,3төн 0,6 (6) чейин | 7 | 1 | 7,8 | 3,8 | 2,5 | 1 | 1 | 5 | 10 |
|
| |||||||||
жогорку, 0,6дан (6) 1,2 (12) чейин | 10 | 1 | 10,8 | 3,8 | 2,5 | 2 | 1 | 5 | 10 |
|
| |||||||||
Жылуулук тарамдары: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||
Каналдын, тоннелдин сырткы дубалчасынан | 2 (1.3 эскертүүнү кара) | 1,5 | 4 | 2,8 | 1,5 | 1 | 1 | 2 | 3 |
| ||||||||||
Каналсыз тартууда кабыктан | 5 | 1,5 | 4 | 2,8 | 1,5 | 1 | 1 | 2 |
|
| ||||||||||
Баардык багыттагы күчтүк жана байланыш кабелдери | 0,6 | 0,5 | 3,2 | 2,8 | 1,5 | 1 | 0,5* | 5* | 10* |
|
| |||||||||
Каналдар, коммуникациялык тоннелдер | 2 | 1,5 | 4 | 2,8 | 1,5 | 1 | 1 | 2 | 3* |
|
| |||||||||
Сырткы, желдеп таштанды өткөргүчтөр | 2 | 1 | 3,8 | 2,8 | 1,5 | 1 | 1 | 3 | 5 |
|
| |||||||||
| ||||||||||||||||||||
*күчтүк кабелдерден болгон аралыкка тиешелүү
Ошол эле учурда:
IA, IГ климатикалык кичи райондор үчүн жер алдындагы тарамдардан (суу өткөргүчтөрдөн, тиричилик жана жаан суу агындылагычтардан, сарыктыргычтардан, жылуулук тарамдарынан) аралыкты негиздин кыртыштарын тоң абалында сактоо менен курулуш жүргүзүүдө техникалык эсеп боюнча кабыл алуу керек.
Пайдубалдардын чөгүүсүнөн, ошондой эле тарамдар кыйраганда пайдубалдардын бузулуусунан тарамдардын жабыр тартуу мүмкүнчүлүгүн четке кагуучу иш чараларды аткаруу шартында жер алдындагы инженердик тарамдарды өткөргүч түтүктөрдүн, тийме тарамдын таянычтарынын жана эстакадаларынын пайдубалдарынын чегинде жайгаштырууга жол берилет. Куруп суу төмөндөтүүнү колдонуу менен тартылуучу инженердик тарамдарды жайгаштырууда алардан курулмалардын имараттарына чейинки аралыкты негиздердин кыртыштарынын бекемдигинин мүмкүн болгон бузулуу чөлкөмүн эсепке алуу менен аныктоо зарыл.
Каналсыз жайгаштырууда жылуулук тарамдарынан имараттарга жана курулмаларга чейинки аралыкты суу өткөргүчтөрдүкүндөй эле кабыл алуу керек.
Чыңалуусу ПО – 220 кВ болгон күчтүк кабелдерден ишканалардын тосмолорунун, эстакадаларынын, тийме тарамдын таянычтарынын жана байланыш линияларынын пайдубалдарына чейинки аралыкты 1,5 м кылып кабыл алуу зарыл.
Чөкпөй турган кыртыштуу сугат райондорунда жер алдындагы инженердик тарамдардан сугат каналдарына чейинки аралыкты (каналдын кырына чейин), м, төмөнкүчө кабыл алуу керек:
төмөнкү жана орто басымдагы газ өткөргүчтөрдөн, ошондой эле суу өткөргүчтөрдөн, суу агындылагычтардан, суу агызгычтардан жана күйүүчү суюктуктардын өткөргүч түтүктөрүнөн – 1;
0,6 МПа (6 кгк/см2) чейинки жогорку басымдагы газ өткөргүчтөрдөн, жылуулук өткөргүчтөрдөн, чарбалык-тиричилик жана жаан суусун агындылагычтан – 2;
күчтүк кабелдерден жана байланыш кабелдеринен – 1,5;
көчө тарамынын сугат каналдарынан имараттардын жана курулмалардын пайдубалдарына чейинки – 5.
Кысталыш жана трехникалык татаал шарттарда, эгер долбоордо коопсуздукту жана нормалдуу эксплуатацияны камсыз кылуу иш-чаралары каралган болсо, жогоруда көрсөтүлгөн аралыктарды азайтууга жол берилет.
Инженердик тарамдар | Горизонталь боюнча аралык (нак), м, төмөнкүлөргө чейин | ||||||||||||
суу өткөргүчкө | тиричи-лик суу агындылоого | сарык-тыргычка жана жаан суусун агындылоого | басымдуу газ өткөрүүчүлөргө, МПа (кгк/см2) | баардык чыңалуудагы күчтүк кабелдерге | байла-ныш кабел-дерине | жылуулук тарамдарына | тон-нелдин ка-налда-рына | сырткы, жел менен таштанды өткөр-гүчтөр-гө | |||||
төмөнкү, 0,005 (0,05) ке чейин | орто, 0,005 (0,05) тен 0,3 (3) кө чейин | жогорку | канал-дын, тон-нелдин сырткы дубалдарына | каналсыз жайгаштырууда кабыгына | |||||||||
0,3 (3) төн 0,6 (6) чейин | 0,6 (6) дан 1,2 (12) чейин | ||||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
Суу өткөргүч | 1-эскертүүнү кара | 2-эскертүүнү кара | 1,5 | 1 | 1 | 1,5 | 2 | 0,5* | 0,5 | 1,5 | 1,5 | 1,5 | 1 |
Тиричилик суу агындылоо | 2-эскертүүнү кара | 0,4 | 0,4 | 1 | 1,5 | 2 | 5 | 0,5* | 0,5 | 1 | 1 | 1 | 1 |
Жаан суусун агындылоо | 1,5 | 0,4 | 0,4 | 1 | 1,5 | 2 | 5 | 0,5* | 0,5 | 1 | 1 | 1 | 1 |
Басымдуу газ өткөргүчтөр, МПа (кгк/см2): төмөнкү 0,005 (0,05) ке чейин; орто, 0,005 (0,05) тен 0,3 (3) кө чейин; жогорку, 0,6 (6) дан 1,2 (12) чейин |
1
1
1,5 2 |
1
1,5
2 5 |
1
1,5
2 5 |
0,5
0,5
0,5 0,5 |
0,5
0,5
0,5 0,5 |
0,5
0,5
0,5 0,5 |
0,5
0,5
0,5 0,5 |
1
1
1 2 |
1
1
1 1 |
2
2
2 4 |
1
1
1,5 2 |
2
2
2 4 |
1
1,5
2 2 |
Басымдуу газ өткөргүчтөр, МПа (кгк/см2): төмөнкү 0,005 (0,05) ке чейин; орто, 0,005 (0,05) тен 0,3 (3) кө чейин; жогорку, 0,6 (6) дан 1,2 (12) чейин |
1
1
1,5 2 |
1
1,5
2 5 |
1
1,5
2 5 |
0,5
0,5
0,5 0,5 |
0,5
0,5
0,5 0,5 |
0,5
0,5
0,5 0,5 |
0,5
0,5
0,5 0,5 |
1
1
1 2 |
1
1
1 1 |
2
2
2 4 |
1
1
1,5 2 |
2
2
2 4 |
1
1,5
2 2 |
Баардык чыңалуудагы күчтүк кабелдер | 0,5* | 0,5* | 0,5* | 1 | 1 | 1 | 2 | 0,1-0,5* | 0,5 | 2 | 2 | 2 | 1,5 |
Байланыш кабелдери | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 1 | 1 | 1 | 1 | 0,5 | - | 1 | 1 | 1 | 1 |
Жылуулук тарамдары: каналдын, тоннелдин сырткы дубалчасынан, каналсыз тартууда, кабыгынан |
1,5
1,5 |
1
1 |
1
1 |
2
1 |
2
1 |
2
1,5 |
4
2 |
2
2
|
1
1 |
-
- |
-
- |
2
2 |
1
1 |
Каналдар, тоннелдер | 1,5 | 1 | 1 | 2 | 2 | 2 | 4 | 2 | 1 | 2 | 2 | - | 1 |
Сырткы, желдеп таштанды өткөргүчтөр | 1 | 1 | 1 | 1 | 1,5 | 2 | 2 | 1,5 | 1 | 1 | 1 | 1 | - |
*Электр орнотмолорун түзүү эрежелеринин (ЭОТЭ) 2-бөлүмүнүн талаптарына ылайык кабыл алынат
Ошол эле учурда:
1.1. Бир нече суу өткөргүч линияларды параллель жаткырууда алардын ортосундагы аралыкты техникалык жана инженердик-геологиялык шарттарга жараша кабыл алуу керек.
1.2. Тиричилик суу агындылоодон чарбалык-ичме суу өткөргүчкө чейинки аралыкты, м, төмөнкүчө кабыл алуу зарыл: диаметри 200 мм чейин болгон чоюн түтүктөрдөн куралган суу өткөргүчкө чейин – 1,5; диаметри 200 мм чоң болгондо – 3; пластмасса түтүктөрдөн куралган суу өткөргүчтөргө чейин – 1,5.
Суу агындылоо тарамдары менен өндүрүштүк суу өткөргүчтөргө чейинки аралык түтүктөрдүн материалдарына жана диаметрлерине жараша, ошондой эле кыртыштардын номенклатурасына жана мүнөздөмөлөрүнө жараша 1,5 м кем болбошу керек.
1.3. Газ өткөргүчтөрдү параллель жаткырууда, бир траншейде 2 же андан көп газ өткөрүүчүлөрдү жанаша жайгаштырууда, диаметрлери 300 мм чейин болгон түтүктөр үчүн алардын ортолорундагы аралыкты (накта) 0,4 м жана диаметрлери 300 мм чоң болгондордукун 0,5 м кылып кабыл алууга жол берилет.
1.4. Магистралдык инженердик тарамдарды имараттын алдында жана ичинде жайгаштырууга айрым сейрек учурларда жол берилет, эгерде өтмө каналды имараттын негизги конструкциялары менен байланыштырбай алып өтсө.
11. Инженердик даярдык жана аймакты коргоо
11.1. Инженердик даярдык боюнча иш чараларды инженердик-геологиялык шарттардын өзгөрүлүүсүнүн божомолдорун, аймакты пайдалануу мүнөзүн жана мерчемдик уюштуруусун эсепке алуу менен аныктоо зарыл.
Шаардык жана айылдык калктуу пункттардын мерчемдик жана курулуштук долбоорлорун иштеп чыгууда, керек учурларда, суунун каптап, кирип кетүүсүнөн, сел агымдарынан, кар,жер көчкүлөрүнөн, жана жер кулоолордон инженердик коргоолорду караштыруу керек.
11.2. Жерди вертикал багытында тегиздөөдө аймактын долбоордук белгилерин табигый рельефти, кыртыштын бетин жана өсүп турган өсүмдүктөрдү максималдык түрдө сактоону, жер үстүндөгү сууларды бурууну жана кыртыштын эрозия болуу мүмкүнүчүлүгүн жокко чыгара турган ылдам агуучу сугат арыктарды чабууну, чыгарылуучу топурактарды курулуш аянтында колдонуу менен жер жумуштарын минималдык көлөмгө жеткирүүнү көңүлгө алуу менен дайындоо шарт.
11.3. Жер үстүндөгү сууларды бурууну баардык бассейндерден (көлмөлөргө агуучу суулар, агынды суулар, чуңкурлар ж.б.) калктуу пункттарда, шаарларда агынды сууларды алдын ала тазалоо менен жабык түрдөгү жаан суусун агындылоону караштырып ишке ашыруу зарыл.
Арыктан сугарууда арыктар аркылуу суу агындылоону көчөлөр, жолдор жана жан жолдор менен кесилиштеринде көпүрөчөлөрдү же түтүктөрдү коюу менен, ишке ашыруу керек.
11.4. Кыртыш суулары бийик жайгашкан, саз баскан участкалуу калктуу пункттардын аймактарында жабык сарыктыргычтарды куруу менен капиталдык курулуш чөлкөмдөрүндө кыртыш сууларынын деңгээлдерин төмөндөтүүнү караштыруу зарыл. Шаарлардын, калктуу пункттардын чарбактык курулуш аймактарында, стадиондордун, парктардын жана башка жалпы пайдаланылуучу аймактарда ачык кургатуучу тарамдарды курууга жол берилет.
Бул иш чаралар төмөнкү аймактарда кыртыш суулардын деңгээлин төмөндөтүүнү камсыз кылуусу абзел: капиталдык курулуштардын - жер бетиндеги долбоордук белгиден 2 м кем эмес; стадиондордун, парктардын, скверлердин жана башка жашылдандырылган – 1 м кем эмес.
11.5. Жээктерге жакын жайгашкан калктуу пункттардын аймактары кирген суулардын каптап кетишинен, шамалдын сууну айдап киришинен жана кыртыш сууларынын басып кетишинен топуракты үймөктөө же кырдоо менен корголушу зарыл. Үймөктөлгөн аймактын кырынын бийиктиги шамалдын толкунду айдап баруусун эсепке алуу менен көтөрүлгөн суунун эсептик горизонтунан 0,5 м кем эмес болуусу шарт. Кырдалган дамбанын жээгинин суунун эсептик деңгээлинен көтөрүлүүсү курулмалардын классына жараша алынат.
Көтөрүлгөн суунун эсептик горизонтун суунун кайталануучу эң бийик деңгээлинин белгиси боюнча кабыл алышат: турак үйлөр менен курулуучу же курулган аймактар үчүн – 100 жылда бир жолу; парктардын жана жалпак спорттук курулмалардын аймактары үчүн – 10 жылда бир жолу.
11.6. Селге кооптуу чөлкөмдөрдө курулгандарды коргоо үчүн токойду максималдык түрдө сактоону, жыгач-бадал өсүмдүктөрүн отургузууну, жантаймаларды терассалоону, сел келүүчү дарыялардын жээктерин бекемдөөнү, сел пайда кылуучу чөлкөмдө тогоондорду жана көлмөлөрдү курууну, селди багыттоочу дамбаларды жана конустук учтарда буруучу каналдарды курууну караштыруу керек.
11.7. Аңдарды пайда кылуучу эрозиялык процесстердин аракет этүү участкаларында жер үстүндөгү агынды сууларды ирээтке келтирүүнү, аңдардын нуктарын бекемдөөнү, жантаймаларды террассалоону жана токойлоону колго алуу зарыл. Айрым учурларда аңдарды, алар аркылуу суу агызуучу жана сарыктыруучу коллекторлорду жаткырып, толук же айрымдаптолтуруу менен жоюуну да караштыруу керек.
Аңдардын аймактары унаа курулмаларын, гараждарды, кампаларды жана коммуналдык объекттерди, ошондой эле парктарды жайгаштыруу үчүн колдонулат.
11.8. Жер көчкү процесстерине дуушарланган аймактарда жайгашкан шаарларда жана калктуу пункттарда жер үстүндөгү агын сууларды ирээтке келтирүүнү, кыртыш суулардын агымдарын бууп салууну, жер көчкү массивинин табигый жаратылышынын бузулушунун алдын алууну, жантаймалардын туруктуулугун механикалык жана физикалык-химиялык каражаттар менен бекемдөөнү, жантаймаларды террассалоону, өсүмдүктөрдү отургузууну колго алуу зарыл. Жер көчкүгө каршы чараларды райондордун геологиялык жана гидрогеологиялык шарттарын комплекстүү изилдөөнүн негизинде жүргүзүү керек.
12. Айлана чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу
12.1. Жаңы курулуучу жана мурун курулган шаарларды, калктуу пункттарды өнүктүрүү үчүн аймактарды Кыргыз Республикасынын жер кодексине ылайык айыл чарба үчүн жараксыз жерлерден караштыруу зарыл.
Курулуштарды сугат жана кургатылган, айдоо жерлерде, көп жылдык жемиш өсүмдүктөрү жана жүзүмзарлар тигилген участкаларда, ошондой эле суу сактоочу коргомо жана I топтогу башка токойлор ээлеген жерлерде жайгаштырууга жер мыйзамдарына ылайык өзгөчө учурларда гана жол берилет, ал эми баалуулугу жогору болгон жерлерде – тыюу салынат.
12.2. Калктуу пункттарды, өнөр жай комплекстерин жана башка объекттерди тиешелүү жергиликтүү геологиялык уюмдардан келечекте курулуучу участоктун астындагы жер казынасында пайдалуу кендердин жоктугу тууралуу маалыматты алганга чейин долбоорлоого жана курууга тыюу салынат.
Пайдалуу кендер жаткан аянттарда курулуш жүргүзүүгө, ошондой эле алар жаткан жарлерге жер алдындагы курулмаларды курууга пайдалуу кендерди алып чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу шарты менен гана геология жана минералдык ресурстар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты аркылуу же курулуштун экономикалык жактан максатка ылайыктуулугу далилденген учурларда жол берилет.
12.3. Имараттарды, курулмаларды жана коммуникацияларды жайгаштырууга төмөнкү учурларда тыюу салынат:
коруктардын, корукчалардын, улуттук жаратылыш парктарынын, ботаникалык бактардын, дендрологиялык парктардын жана суу коргоочу тилкелердин (чөлкөмдөрдүн) жерлеринде;
шаарлардын жашыл чөлкөмдөрүнүнжерлеринде, шаар токойлорунун жерлерин кошкондо, эгерде долбоорлонуучу объекттер эс алуу, спорт же шаар четиндеги токой чарбасын тейлөө үчүн дайындалбаса;
гидрометеорологиялык чордондорду коргоо чөлкөмдөрүндө;
суу менен камсыздоо булактарын жана суу өткөргүч курулмалардын аянттарын санитардык коргоонун биринчи чөлкөмүндө, эгерде долбоорлонуучу объекттер булактарды пайдалануу менен байланышпаса;
курортторду санитардык коргоонун биринчи чөлкөмүндө, эгерде долбоорлонуучу объекттер курорттордун дарылоочу табигый каражаттарын пайдалануу менен байланышпаса.
Курортторду санитардык коргоонун экинчи чөлкөмүндө курортторду пайдалануу, өнүктүрүү жана абаттоо объекттерин, ошондой эле атмосфераны, кыртышты жана сууну булгабай, шуулдактардын деңгээли жана электр-магниттик талаанын чыңалуусу ченемдик көрсөткүчтөрдөн ашпай турган курорттордун калкын тейлөөчү объекттерди жайгаштырууга жол берилет. Курортторду санитардык коргоонун үчүнчү чөлкөмүндө дарылоочу табигый каражаттарга жана курорттун санитардык абалына терс таасирин тийгизбеген объекттерди жайгаштырууга жол берилет.
Ошол эле учурда төмөнкүлөргө жол берилбейт:
12.3.1. Имараттарды жана курулмаларды жайгаштырууга:
санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары тарабынан коюлган мөөнөт өткөнгө чейин органикалык жана радиоактивдүү калдыктар менен булганган жер участкаларында;
көмүр, сланец шахталарынын жана байытуучу фабрикалардын үйүндүлөрүнүн, жер көчкү, сел агымдары жана кар көчкүлөрдүн кооптуу чөлкөмдөрүндө;
тогоондордун же дамбалардын бузулуусунан катастрофикалык суу каптоо чөлкөмдөрүндө (катастрофикалык суу каптоо чөлкөмү деп тереңдиги 1,5 м жана андан да чоң болгон, имараттарды жана курулмаларды кыйратууларга, элди зыянга, ишканалардын жабдууларын иштен чыгарууга алып келген суу баскан аймак эсептелет);
активдүү жаракага жанаша жайгашкан сейсмикалык чөлкөмдөрдө жана райондордо;
магистралдык өткөргүч түтүктөрдүн коргоо чөлкөмдөрүндө.
12.3.2. Коруктардын коргоо чөлкөмдөрүндө айыл чарба ишканаларын, имараттарды жана курулмаларды жайгаштырууга, эгерде келтирилген объекттерди куруу жана аларды пайдалануу коруктардын табигый шарттарын бузбаса жана алардын сакталышына коркунуч туудурбаса, жол берилет. Бул объектттерди жайгаштыруу шарттары ошол корук карамагына кирген ведомстволор менен макулдашылышы абзел.
12.3.3. Унаа курулмаларынын, түзмөктөрүнүн жана башка объекттеринин нормалдуу пайдаланылышын камсыз кылуу максатында аракеттеги мыйзамдар жана унаа жерлери жөнүндөгү эрежелер топтомуна ылайык коргоо чөлкөмдөрү аныкталышы мүмкүн.
12.3.4. Курчап турган жаратылыш чөйрөнүн абалына тикелей же кыйыр түрдө таасир берүүчү объекттерди жайгаштырууда экологиялык коопсуздук жана калктын саламаттыгын сактооталаптары аткарылышы керек, жаратылышты сактоо, табигый ресурстарды рационалдуу пайдалануу жана аларды калыбына келтирүү, курчап турган чөйрөнү жакшыртуу боюнча иш чаралар каралышы абзел.
12.4. I топтогу токойлорго кирүүчү шаарлардын жашыл чөлкөмдөрүнүн токойлору, шаардык жана курорттук токойлор рекреациялык, санитардык-гигиеналык жана ден соолукту чыңоочу максаттарда пайланылышы абзел. Калктуу пункттардын жака бел чөлкөмдөрүнүн аймактарындагы саз баскан жерлерде гидротокоймелиорациялык иш чараларды көрүү керек.
12.5. Шаарлардын жака бел чөлкөмдөрүнүн чектеринде жана токой фондунун жерлеринде жалпы дайындалыштагы жашыл чөлкөмдөрдү түзүүнү караштыруу зарыл.
Шаарлардын жашыл чөлкөмдөрүн аймактык уюштуруу токой-парктык жана токой-чарбалык бөлүктөргө бөлүүнү, токойдун ден соолукту чыңоочу жана жаратылышты коргоочу функцияларын камсыз кылуучу калктын эс алуу жерлерин жана корголуучу аймактарды аныктоону камтышы керек. Жашыл чөлкөмдөрдө алардын экологиялык, санитардык-гигиеналык жана рекреациялык функцияларын аткарууга терс таасирин тийгизүүчү чарбалык ишмердикти жүргүзүүгө тыюу салынат.
12.6. Токойсуз жана аз токойлуу райондордо жайгашкан шаарлардын, калктуу пункттардын айланасына шамалдан коргоочу жана жээк бекемдөөчү токой тилкелерин, дөбөлөрдүн, аңдардын жана кокту-колоттордун капталдарын жашылдандыруу керек.
Коргоочу токой тилкелеринин жазылыгын, м, төмөнкүлөрдөн кем эмес кабыл алуу зарыл: өтө ири жана ири шаарларда – 500; чоң жана орто шаарларда – 100; майда шаарларда жана айылдык калктуу пункттарда – 50.
12.7. Шаарлардын жана алардын жака бел чөлкөмдөрүнүн мерчемдөө жана курулуш долбоорлорунда баалуу жаратылыш ландшафтарды рационалдуу пайдаланууну жана аларды коргоону, ландшафтык-рекреациялык аймактарды аныктоону, өзүнүн туруктуулугуна ылайык ландшафтка болгон рекреациялык жүктөмдөрдү чектөөнү, өзгөчө корголуучу аймактардын – мамлекеттик коруктардын жана корукчалардын, улуттук жаратылыш парктарынын, ботаникалык бактардын жана дендрологиялык парктардын, ошондой эле жаратылыш эстеликтеринин – токой, суу жана геологиялык, шарттамдык талаптарын сактоону караштыруу зарыл.
Атмосфераны, суу объекттерин жана кыртышыты булгануулардан коргоо
12.8. Селитебдик аймактарды атмосфералык абаны булгоочу булактар болгон, ошондой эле жогорку өрт кооптуулугун жаратуучу өндүрүш ишканаларына карата шамал соккон тарапка (көбүрөөк соккон шамал багыты үчүн) жайгаштыруу керек. Өзгөчө таза атмосфералык абаны талап кылган ишканаларды атмосфера абасын булгоочу булактары бар кошуна ишканаларга карата көбүрөөк соккон шамал багыты боюнча андан кийин жайгаштырууга болбойт.
Жаныбарларды, тоокторду жана жырткыч айбанаттарды багуучу ишканаларды, уулуу химикаттарды, биопрепараттарды, жер семирткичтерди жана башка өрткө кооптуу кампаларды жана өндүрүштөрдү, ветеринардык мекемелерди, калдыктарды жок кылуучу объекттерди жана ишканаларды, отканаларды, тазалоочу курулмаларды, ачык типтеги кык сактагычтарды селитебдик аймактарга жана аракеттеги ченемдик документтерге ылайык башка ишканаларга, өндүрүш чөлкөмүнүн объекттерине карата шамалдан ыктоо жагына (көбүрөөк соккон шамал багыты үчүн) жайгаштыруу зарыл.
Ошол эле учурда:
12.8.1. Зыяндуу заттар менен атмосфера абасын булгоочу булактары бар, санитардык ажырымы 500 м чоң келгенишканаларды, ылдамдыгы 1 м/с чейинки, узак мөөнөттүү же тез-тез кайталануучу штилдери, инверсиялары, тумандары (жыл бою 30-40%, кыш бою 50-60% күн) менен көбүрөөк соккон шамалдуу райондордо жайгаштырууга болбойт.
12.8.2. Атмосфера абасынын булгануусун эсептөөнү ушул эрежелер топтомунун 7-бөлүмүнүнүн талаптарына ылайык жүргүзүү керек.
12.8.3. Аэропортторду жайгаштыруудагы атмосфералык абанын булганышы Кыргыз Республикасынын 1- апрель 2016-жылдагы № 201 токтому менен бекитилген “Ишканалардын, курулмалардын жана башка объекттердин санитардык-коргоочу чөлкөмдөрү жана санитардык классификациясы” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдеринде каралган.
12.9. Көлмөлөрдү, агын сууларды жана көл акваторийлерин коргоо боюнча иш чараларды суу мыйзамдарынын талаптарына жана санитардык ченемдерге ылайык, чарбалык-ичме суу менен камсыздоодо, калктын эс алуусунда жана балык чарбалык суу объекттеринде пайдалануу үчүн булгоочу заттардын мүмкүн болгон чектик концентрациясын (МЧК) камсыз кылуу менен жер үсүтүндөгү жана жер алдындагы суулардын булгануусунун алдын алууну камсыздап түзүү зарыл.
12.10. Шаарлардын жана калктуу пункттардын селитебдик аймактарын, курорттук чөлкөмдөрдү жана массалык эс алуучу жерлерди өндүрүштүк жана чарбалык-тиричилик агын суулардын чыкма учтарына карата агын суулардын агымы боюнча жана көлмөлөрдөн жогору жайгаштыруу керек.
12.11. Көлмөлөрдүн жээктериндеги тилкелерде (чөлкөмдөрдө) өнөр жай ишканаларын жайгаштырууга ишкананын аянтчасын тикелей көлмөгө жалгаша жайгашуу муктаждыгы болгондо гана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, сууларды пайдаланууну жөндөө жана коргоо боюнча органдардын макулдашуусу менен жол берилет. Ишканалардын көлмөлөргө жалгашуусунун саны жана узундугу минималдуу болуусу шарт.
Минералдык жер семирткичтердин жана өсүмдүктөрдү коргоочу химиялык каражаттардын кампаларын, мал чарба жана тоок чарба ишканаларын жайгаштырууда алдыда көрсөтүлгөн заттардын, малдын жана тооктун кыктарынын агындыларынын көлмөлөргө түшүүсүн жокко чыгруучу чараларды көрүү зарыл.
Минералдык жер семирткичтердин жана өсүмдүктөрдү коргоочу химиялык каражаттардын кампаларын балык чарба көлмөлөрүнөн 2 км кем эмес аралыкта жайгаштыруу керек. Өзгөчө муктаждыктар жаралган учурларда жогоруда келтирилген кампалардан балык чарба көлмөлөрүнө чейинки аралыкты кыскартууга балык камдыктарын коргоону жүргүзүүчү органдар менен макулдашуу шарттарында гана жол берилет.
12.12. Дарыялардын жээктеги суу коргоо тилкесинин жазылыгы, эки жагынан тең, суунун көп жылдык орточо деңгээлинен аныкталат.
Магистралдык жана чарбалар аралык каналдардын суу коргоо тилкесинин жазылыгы, эки жагынан тең, канал ойдуңда өткөндө жээгинен, канал дөңсөөдө өткөндө - дамбанын түбүнөн, аныкталат.
12.12.1. Дарыялардын суу коргоо чөлкөмүнүн эң кичине жазылыгы, эки жагынан тең, узундугу төмөнкүчө болгон дарыялар үчүн суунун көп жылдык орточо деңгээлинен, аныкталат:
Дарыянын узундугу | Суу коргоочу чөлкөмдүн жазылыгы, м |
1ден 10 км чейин 10дон 50 км чейин 50дөн 100 км чейин 100 км көп | 50 м чейин 75 м чейин 100м чейин 150 м чейин |
12.12.2. Магистралдык жана чарбалар аралык каналдар үчүн суу коргоочу чөлкөмдүн эң кичине жазылыгы төмөнкүчө аныкталат:
Өткөрүү жөндөмдүүлүгү төмөнкүчө болгон каналдар үчүн | Суу коргоочу чөлкөмдүн жазылыгы, м |
5тен 10 м3/сек чейин 10дон 20 м3/сек чейин 20 м3/сек ашык | 50 75 100 |
көлдөр үчүн – жай мезгилиндеги суунун көп жылдык орточо деңгээлинен жана суу сактагычтар үчүн акваториясынын аянты 2 км чейин болгондо нормалдуу басымдагы деңгээлде – 300 м, 2 км ашканда – 500 м.
Суу коргоочу чөлкөмдөрдүн чегинде дарыялардын, көлдөрдүн жана суу сактагычтардын жээктери боюнча чарбалык ишмердиктер катуу чектелген аймактар катары жээкке жалгашкан тилкелерди бөлүп көрсөтүшөт.
12.12.3. Суу объектисине канатташ жайгашкан шаарлардын жана айылдык калктуу пункттардын аймактарында өлчөмдөрү калктуу пункттун башкы планы боюнча пландаштыруунун жана курулуштун таасын шарттарынын негизинде тактала турган жээктик суу коргоо тилкелери гана караштырылат.
Калктуу пункттарды долбоорлоодо дарыялар жана каналдар үчүн жээктеги суу коргоо тилкелеринин минималдуу өлчөмдөрү сууга жакын жайгашкан чарба жерлеринин (айдоо, чөп чабынды, бадалдар ж.б.) мүнөздөмөлөрүнө жана жантаймалардын тиктигинежараша төмөнкү таблица боюнча аныкталат.
Сууга жакын жайгашкан чарба жерлеринин түрү | Жанаша жайгашкан жантаймалардын төмөнкү тиктигиндеги суу коргоо тилкелеринин жазылыгы, м | ||
тескери жана нөлдүк жантайма | 3 градуска чейин | 3 градустан көп | |
Айдоо жерлери | 10-12 | 20-35 | 35-50 |
Жайыттар жана чөп чабындылар | 10-15 | 15-25 | 25-30 |
Токой, бадалдар, бак | 20 | 20-35 | 35-50 |
Максималдык маанидеги өлчөмдөр эң көп бузулган кыртыштарга тиешелүү.
12.12.4. Дарыялардын, көлдөрдүн жана суу сактагычтардын суу коргоо чөлкөмдөрүндө төмөнкүлөргө тыюу салынат:
катуу тиричилик калдыктары жана керекке жарабай калган өнөр жай калдыктары үчүн полигондорду, уу химикаттар, минералдык жер семирткичтер жана майлоочу-күйүүчү материалдардын кампаларын, уулуу химикаттар менен аппаратураларды толтуруу үчүн аянтчаларды, мал чарба комплекстерин жана фермаларды, көмүү жерлерин жайгаштырууга;
жаратылышты коргоо жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары менен макулдашуусуз өндүрүш жана социалдык чөйрөдөгү жаңы курулушту курууга жана аракеттегилерин кеңейтүүгө.
12.12.5. Жээкке канатташ тилкелердин чегинде жогоруда келтирилген чектөөлөргө кошумча катары чатыр шаарчаларын коюуга жана малдын жайкы лагерлерин уюштурууга тыюу салынат.
12.12.6. Чарбалык-ичме жана маданий-тиричилик суу колдонуунун булактары катары пайдаланылуучу же пайдаланууга белгиленген суу сактагычтарды жана алардын бьефтерин колдонууну Суу сактагычтарды долбоорлоонун, куруунун жана пайдалануунун санитардык эрежелерин эсепке алуу менен жүргүзүү зарыл.
12.12.7. Көлмөлөрдүн жана агын суулардын жээктеринде мурун жайгашкан жана долбоорлонуучу эс алуу чөлкөмдөрүндөгү суу коргоочу иш чаралар курулуш тармагында аракеттеги ченемдик-техникалык документтердин талаптарына жооп бериши абзел.
12.13. Жер үстүндөгү суулар (жаан-чачындар) ачык көлмөлөргө агызылаардан мурун “Жер үстүндөгү сууларды коргоо эрежелеринин” талаптарын эске алуу менен тазалоого жатат.
Өнөр жай ишканаларынын аймагынан жер үстүндөгү агынды сууларды суу объектттерине агындылоого, качан алар менен өнөр жайын суу менен камсыздоо техникалык жактан мүмкүн болбогондо же экономикалык жактан максатка ылайыксыз болгондо, жол берилет.
Жер үстүндүндөгү агынды сууларды пляждар үчүн дайындалган суу агып чыкпаган көлмөлөргө, сазга айлануучу туюк колотторго, желип кетме аңдарга, эгерде алардын жарларын бекемдөө иш чаралары каралбаса, тиешелүү макулдашууларысыз балык көлмөлөрүнө агызууга жол берилбейт.
12.14. Калктуу пункттардын аймактарында жайгашкан кооздук көлмөлөрүндө күзгү-жайкы мезгилде суунун мезгилдүү алмаштырылып туруусун караштыруу керек, суу бетинин аянтына жараша:
суу бетинин аянты 3 га чейин болгон кооздук көлмөлөрүндө – 2 жолу, суу бетинин аянты 3 га чоң болгондо – 1 жолу;
киринүү үчүн көлмөлөрдө – тиешелүү түрдө төрт жана үч жолу, ал эми аянты 6 га жана андан чоң болгондо – 2 жолу.
Селитебдик аймактарда жайгашкан көлмөлөрдүн суусунун тереңдиги жаз-жай мезгилдеринде 1,5 м, ал эми жээкке канатташ чөлкөмдө, суудагы өсүмдүктөрдү мезгилдүү түрдө жок кылып туруу шартында, - 1 м кем эмес болууга тийиш.
Көлмөлөрдүн суусунун бетинин жана пляждарынын аянтын ушул эрежелер топтомунун 8.21-пунктуна ылайык кабыл алуу керек.Көлчүктөрдүн жана башка көлмөлөрдүн жээкке канатташ тилкелери абатталган болууга тийиш. Көлмөлөрдү жер үстүндөгү суулардын булгашын жокко чыгаруу чараларын көрүү зарыл.
12.15. Кыртыштарды коргоо боюнча иш чараларды кыртыштарды коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарына, санитардык ченемдерге жана кыртыштагы булгоочу заттардын мүмкүн болгон чектик концентрациясы (МЧК)бекитилген ченемдерден ашык болгон ар кандай жер пайдалануудагы кыртыштарды булгоонун алдын алууну камсыз кылуучу ведомстволордун талаптарына ылайык түзүү керек.
Шуулдактардан, титирөөлөрдөн, электрдик жана магниттик талаалардан, нурлануулардан жана нурдануулардан коргоо
12.16. Турак жай, коомдук имараттар жана аларга канатташ жайгашкан аймактар үчүн шуулдактардын мүмкүн болгон деңгээлин, сырткы шуулдактардын негизги булактарынын шуулдактык мүнөздөмөлөрүн, шуулдактардын күтүлүүчү деңгээлдерин жана эсептик точкалардагы алардын талап кылынуучу төмөндөөсүн, шуулдактарды төмөндөтүүчү архитектуралык-мерчемдик жана курулуштук-акустикалык каражаттардын акустикалык натыйжалуулугун эсептөө усулдамаларын жана аларды долбоорлоо боюнча негизги талаптарды курулуш тармагында аракеттеги ченемдик-техникалык документтерге ылайык кабыл алуу зарыл.
12.17. Турак үйлөрдөгү титирөөнүн мүмкүн болгон деңгээлдери турак үйлөрдөгү титирөөнүнсанитардык ченемдерине ылайык келүүсү абзел. Бул талаптардын аткарылышы үчүн турак үйлөр менен титирөө булактарынын ортосундагы тиешелүү аралыкты, бул булактарга титирөөнү натыйжалуу басуучу материалдарды жана конструкцияларды колдонууну караштыруу керек.
12.18. Электрмагниттик энергияны нурлантуучу радиотехникалык объекттерди (радио чордондорду, радиотелекөрсөтүүнү берүүчү жана радиолокациялык чордондорду), жогорку чыңалуудагы электр өткөргүч аба чубалгыларын жана башка объекттерди жайгаштырууда “Радиотехникалык объекттер жаратуучу электрмагниттик талаалардын таасиринен калкты коргоонун санитардык ченемдери жана эрежелерин”, “Өнөр жай жыштыгындагы өзгөрмөлүү агындын электр өткөргүч аба чубалгылары жаратуучу электр талаасынын таасиринен калкты коргоонун санитардык ченемдери жана эрежелерин”, электр орнотмолорун түзүүнүн эрежелерин жетекчиликке алуу зарыл.
Радиоактивдүү заттарды өндүрүүдө, иштетүүдө, кайра иштетүүдө, колдонууда, сактоодо, ташууда, зыянсыздандырууда, көмүүдө жана иондоштуруучу нурлануулардынбашка булактарынын радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу радиациялык коопсуздук ченемдерине, ошондой эле радиоактивдүү заттар жана иондоштуруучу нурлануулардын башка булактары менен иштөөнүн негизги санитардык эрежелерине ылайык жүргүзүлөт.
Микроклиматты жөнгө салуу
12.19. Турак жай жана коомдук имараттарды (мектепке чейинки балдар мекемелеринен, жалпыга билим берүү мектептеринен, мектеп-интернаттардан башкасы) жайгаштыруу жана багыттоо жашоо бөлмөлөрүн жана аймактардын үзгүлтүксүз күн чубакташынын узактыгын, түндүк кенендик 58 түштүгүрөөк, - 22 марттан 22 сентябрга чейинки мезгилде күнүгө 2,5 сааттан кем эмес камсыз кылуусу шарт.
Ошол эле учурда:
12.19.1. Мектепке чейинки балдар мекемелерин, жалпыга билим берүүчү мектептерди, мектеп-интернаттарды, саламаттык сактоо жана эс алуу мекемелерин жайгаштыруу жана багыттоо “Турак жай жана коомдук имараттардын жана турак жай курулуштарынын аймактарынын күн чубакташын камсыздоонун санитардык ченемдери жана эрежелеринде” каралган бөлмөлөрдүн үзгүлтүксүз үч сааттык узактыктагы күн чубакташын камсыздоосу шарт.
12.19.2. Аймакты 9 кабат жана андан бийик имараттар менен курууда ар бир чөлкөм үчүн тиешелүү түрдө бир күндүн ичинде күн чубакташынын жалпы узактыгынын 0,5 саатка көбөйүү шарты менен күндүн тийишин бир жолу үзгүлтүккө учуратууга жол берилет.
12.19.3. Батирдин баардык бөлмөлөрүнө күн чубактап туруучу меридионалдык типтеги турак үйлөрдө, ошондой эле турак жай курулушун кайра конструкциялоодо же өтө татаал шаар куруу шарттарында (тарыхый баалуу шаар чөйрөсүндө, аймактын өтө кымбат даярдалышында, жалпы шаардык жана райондук борбор чөлкөмүндө) жаңы курулушту жайгаштырууда тиешелүү түрдө ар бир чөлкөм үчүн бөлмөлөргө күндүн чубакташынын узактыгын 0,5 саатка кыскартууга жол берилет.
Тарых жана маданият эстеликтерин коргоо
12.20. Шаарлардын жана калктуу пункттардын пландаштыруу жана куруу долбоорлорунда Кыргыз Республикасынын тарых жана маданият эстеликтерин коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын сактоо зарыл.
12.20.1. Ошол эле учурда: тарых жана маданият эстеликтерин коргоо чөлкөмүнүн, курулушту жөнгө салуу чөлкөмүнүн жана корголуучу жаратылыш ландшафтынын чөлкөмүнүн долбоорун иштеп чыгуу жана алар боюнча чек араларын тактоо керек. Тарых жана маданият эстеликтерин коргоо чөлкөмдөрү айрым имараттар жана курулмалар, алардын ансамблдери жана комплекстери, ошондой эле эстеликтерди коргоо чөлкөмүнүн өзүнчө атайын долбооруна ылайык башка дагы баалуу тарыхый-маданий шаар куруу элементтери үчүн каралат.
12.20.2. Коргоонун жана кайтаруунун атайын шарттамдарынын талаптары, ар бир таасын корук (корук аймагы) жөнүндө долбоорлор жана жоболор менен аныкталган, өзгөчө тарыхый археологиялык жана архитектуралык баага ээ болгон жана белгиленген тартипте мамлекеттик тарыхый-архитектуралык коруктар же тарыхый-маданий корук аймактары (жерлери) катары жарыяланган тарых жана маданият эстеликтеринин ансамблдерине жана комплекстерине, тарыхый борборлорго, кварталдарга, аянттарга, көчөлөргө, эстелик жерлерге, байыркы шаарлардын маданий катмарларына, бак-парк искусствосунун эстеликтерине, табигый жана жасалма ландшафтарга таралышы абзел.
12.21. Шаарларды жана калктуу пункттарды пландаштыруу жана куруу долбоорлору тарых жана маданият эстеликтерин бузууну, которуштурууну же алардын абалын башкача өзгөртүүгө алып келбеши керек. Айрым өзгөчө учурларда эстеликтердин абалын өзгөртүү боюнча сунуштар Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык берилиши абзел.
12.22. Мурун курулган райондордун баалуу тарыхый чөйрөсүн коргоону архитектуралык жана маданий баалуулуктарга ээ имараттарды калыбына келтирүү боюнча жумуштарды бир убакта жүргүзүү, мурун курулган имараттарды кайра конструкциялоо, жаңылоо жана капиталдык куруу, чөйрөнүн мүнөзүн бузбоочу тандамал жаңы курулушту алып баруу, инженердик жабдуулар тутумун жана аймакты абаттоону өнүктүрүү менен комплекстүү кайра конструкциялоо, кайра иштеп чыгуу усулдары аркылуу камсыздоо зарыл.
| 1-тиркеме |
Өрткө каршы талаптар
1. Турак жай, коомдук жана көмөкчү имараттардын, өнөр жай ишканаларынын ортосундагы өрткө каршы аралыкты Кыргыз Республикасынын 11-январь 1994-жылдагы № 1372-XII “Кыргыз Республикасындагы шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын 13-беренесинин 2-пунктуна ылайык кабылалуу керек.
I жана II өрткө туруктуулукдаражасындагы турак жай, коомдук жана көмөкчү имараттардан минималдык аралыкты А.1-таблицасы боюнча кабыл алуу зарыл.
| А.1-таблица
|
Имараттын отко чыдамдуулук даражасы | Имараттын отко чыдамдуулук даражасындагы аралыктар, м | ||
I, II | III | IIIa, IIIб, IV, IVa, V | |
I, II | 6 | 8 | 10 |
III | 8 | 8 | 10 |
IIIa, IIIб, IV, IVa, V | 10 | 10 | 15 |
Ошол эле учурда:
1.1. Отко чыдамдуулук даражасы боюнча классификацияны курулуш тармагында аракеттеги ченемдик-техникалык документтердин талаптарына ылайык кабыл алуу абзел.
1.2. Имараттар жана курулмалар ортосундагы аралык деп сырткы дубалдардын же башка конструкциялардын ортосундагы нак аралыкты эсептешет. Күйүүчү материалдардан даярдалган 1м ашык чыгып турган имараттардын жана курулмалардын конструкциялары болгон учурларда, ошол конструкциялардын ортосундагы аралык кабыл алынат.
1.3. Терезе оюктары жок дубалдуу имараттардын ортосундагы аралыкты, IIIa, IIIб, IV, IVa, жана V даражадагы отко чыдамдуу имараттарды кошпогондо, 20% кыскартууга жол берилет.
1.4. Сейсмикалуулугу 9 балл болгон райондордо турак жай имараттарынын ортосундагы, ошондой эле IVa, V даражадагы отко чыдамдуу турак жай жана коомдук имараттардын ортосундагы аралыкты 20% чоңойтуу керек.
1.5. IA, IB, IГ климатикалык кичи райондордо жайгашкан IV, V даражадагы отко чыдамдуу турак үйлөрдүн ортосундагы аралыкты 50% чоңойтуп алуу абзел.
1.6. Каркастуу жана калкандуу конструкциялуу V даражадагы отко чыдамдуу эки кабаттуу имараттар, ошондой эле күйүүчү материалдар менен жабылган имараттар үчүн өрткө каршы аралыктарды 20% көбөйтүү керек.
1.7. I, II даражадагы отко чыдамдуу имараттардын ортосундагы аралыкты 6 м кемкылып алууга жол берилет, эгерде каршысындагы бийигирээк имараттын дубалы өрткө чыдамдуу болсо.
1.8. Чарбактык жер участогундагы бир, эки батирлүү турак жайлардан жана чарбалык курулуштардан (сарай, гараж, мончо) коңшу жер участокторунда жайгашкан турак үйлөргө жана чарбалык курулуштарга чейинки аралык 8-тиркемени эсепке алуу менен эсептеп чыгаруу боюнча кабыл алынат.
Бир жер участогунун чегиндеги турак үй менен чарбалык курулуштун ортосундагы аралык (курулуштун жалпы аянтынан көз карандысыз) ченемделбейт.
1.9. Турак үйлөрдүн ортосундагы, ошондой эле турак үйлөр менен чарбалык курулуштардын (сарай, гараж, мончо) ортосундагы аралык курулуш тармагында аракеттеги ченемдик-техникалык документтерге ылайык өрткө чыдамдуу дубалдары жок, бир эле даражадагы отко чыдамдуу курулуштун (кабаттын) эң чоң мүмкүн болгон аянтына барабар курулуштун жалпы аянтында, алардын ортосундагы курулбаган аянтты кошкондо, ченемделбейт.
1.10. Чарбактык участкалардын аймактарынан сырткары жайгашкан чарбалык курулуштардын (сарайлар, гараждар, мончолор) ортосундагы аралык ченемделбейт.
1.11. Жүрмө жолдорду жана жөө жолдорду долбоорлоодо турак үйлөргө жана коомдук имараттарга өрт өчүрүүчү машиналардын өтүүсүн, кошо жана жабыштыра курулган жайлары менен имараттарды кошо эсептегенде, жана кайсы гана батир же жай болбосун өрт өчүрүүчүлөрдүн автошатылардан же автокөтөргүчтөрдөн кирүү мүмкүнчүлүгүнкамсыз кылуу шарт, бул учурда ченемделген аралык жана жазылык атайын өрткө каршы талаптар боюнча аныкталат.
1.12. Турак жай жана коомдук имараттардан мунай жана мунай өндүрүмдөрүн сактоо үчүн I топтогу кампаларга чейинки аралык аракеттеги ченемдик документтердин талаптарына ылайык, ал эми турак жай жана коомдук имараттарды тейлөөчү, откана, дизель электр чордондорунун жана башка энергетикалык объекттердин курамында каралуучу II топтогу күйүүчү суюктуктардын кампаларына чейинки аралык А2-таблица боюнча кабыл алынат.
| А.2-таблица |
Кампанын сыйымдуулугу, м3 | Турак жай жана коомдук имараттардын отко чыдамдуулук даражасы | ||
I, II | III | IIIa, IIIб, IV, IVa, V | |
800дөн 10000 чейин | 40 | 45 | 50 |
100дөн 800 чейин | 30 | 35 | 40 |
100гө чейин | 20 | 25 | 30 |
1.13. Дарыяларга жана көлмөлөргө өрт өчүрүүчү машиналар суу алуу үчүн бара турган жолдорду караштыруу керек.
1.14. Шаардык калктуу пункттардын курулуштарынын чегинен токой массивдерине чейинки аралык 50 м кем эмес болууга тийиш. Шаардык калктуу пункттардагы чарбактык участкалары менен бир-эки кабаттуу жеке курулуштуу райондор үчүн чарбактык участкалардан токой массивдерине чейинки аралыкты азайтса болот, бирок 15 м кем эмес кабыл алуу абзел.
1.15. Өрт өчүрүүчү депонун тейлөө радиусу 3 км ашпашы шарт. Калктуу пункттардагы өрт өчүрүүчү депонун саны, курулуштун аянты, ошондой эле өрт өчүрүүчү автомобилдердин саны өрттөн коргоо объекттерин долбоорлоо ченемдери боюнча кабыл алынат.
| 2-тиркеме |
Аба кемелеринин коопсуз учушун камсыз кылуу менен аэродромдордун райондорунда жана башка аймактарда объекттерди жайгаштырууну макулдашууга талаптар
Макулдашуу жүргүзүлүүчү ишканаларды жана уюмдарды аскер округунун Аскер аба күчтөрүнүн (ААК)штабы,курулуш жүргүзүү анын жоопкерчилик чөлкөмүндө болжолдонсо, аныктайт. Долбоордук уюмдун тапшырыкчыларына же долбоордук уюмдарга штабдын дарегин жергиликтүү бийликтин облустук органдары берет. Төмөнкүлөрдү жайгаштырууга макулдашуу талап кылынат:
1) аэродромдорго баруучу аба жолдорунун тилкелеринин чегиндеги баардык объекттерди, ошондой эле бул тилкелердин чектеринен сырткары аэродромдун контролдук точкасынан (АКТ) 10 км радиустагы объекттерди;
2) аэродромдун деңгээлине салыштырмалуу бийиктиги 50 м жана андан жогору болгон АКТдан 30 км радиустагы объекттерди;
жайгашкан жерине көз карандысыз:
3) жердин бетинен 50 м жана андан жогорку бийиктиктеги объекттерди;
4) радиотехникалык каражаттардын нормалдуу иштешине жолтоо боло турган байланыш, электр өткөрүүчүлинияларды, ошондой эле башка дагы электр магниттик нурлануу объекттерин;
5) жарылууга кооптуу объекттерди;
6) чыгарылуучу газдарды авариялык күйгүзүү үчүн шаманалык түзмөктөрдү1;
Шаманалык түзмөктөрдүн бийиктигин аныктоодо жалындын мүмкүн болгон максималдык бийиктиги эсепке алынат.
7) аэродромдордун райондорундагы көрүүнү начарлатууга алып келе турган өнөр жай жана башка ишканалардын жана курулмалардын ишмердиги.
3-7 п.п. келтирилген объекттерди жайгаштырууда, алардын жайгашуу ордуна карабай, курулуучу объекттер аймактарына жана жоопкерчилик чөлкөмүнө кире турган аскер округунун штабы жана ААК штабы менен макулдашууга жатат.
Аэродромдун контролдук точкасынан 15 км жакын аралыкта куштарды чакыруучу жана алардын массалык чогулуусу менен айырмаланган тамак аш калдыктарын таштоочу жерлерди, айбанаттар фермаларын, мал союучу жайларды жана башка объекттерди жайгаштырууга тыюу салынат.
Ошол эле учурда:
1. Эгерде тиешелүү объекттерди куруу үч айдын ичинде башталбаса, жогоруда келтирилген макулдашуулар күчүн жоготот.
2. Аэродромдордун контролдук точкалары алардын геометрикалык борборлоруна жакын жайгашышат:
бир учуучу-конуучу тилкелүүлөрдө (УКТ) – анын борборунда;
эки параллелдүү УКТ – алардын борборлорун туташтыруучу түз сызыктын ортосунда;
эки параллель эмес УКТ – УКТ борборлорунан тургузулган перпендикулярлардын кесилиш чекитинде.
3. Бийик курулмаларды жайгаштырууну макулдашууга берилген документтерде, баардык учурларда, долбоорлонуучу курулмалардын жайгашуу координаттарын көрсөтүү зарыл.
| 3-тиркеме |
Чарбак алдындагы жана батирлер алдындагы жер участкаларынын өлчөмдөрү
Турак үйлөрдүн колдонулуучу типтерине, калыптанып жаткан курулуштун (чөйрөнүн) мүнөзүнө, ар кандай чоңдуктагы шаарлардын түзүмүндө анын жайгашуусуна жараша жеке үйгө же батирге бөлүнүүчү турак үйдүн жанындагы жер участкаларынын өлчөмдөрү төмөнкүчө:
400 – 600 м2 жана андан да көп (курулуш аянттарын кошкондо) – жаңы перифериядагы аймактарда чарбактык типтеги курулуштардагы бир-эки батирлүү бир-эки кабаттуу үйлөрдө же майда шаарлардын мурунку жеке чарбактык курулуштарын кайра конструкциялоодо, айыл чарба райондорундагы кичи жана орто шаарлардын резервдик аймактарында, кандай гана өлчөмдөгү болбосун шаарлардын жака бел чөлкөмдөрүндөгү жаңы же өнүгүп жаткан калктуу пункттарында;
200 – 400 м2 (курулуш аянттарын кошкондо) – майда, орто жана чоң шаарлардын жаңы периферялык аймактарында коттедж тибиндеги курулуштардагы бир-эки же төрт батирлүү бир-эки кабаттуу үйлөрдө, чоң шаарлардын резервдик аймактарында, мурун курулган жеке чарбактык курулуштарды кайра конструкциялоодо жана кандай гана чоңдуктагы болбосун шаарлардын жака бел чөлкөмдөрүндөгү өнүгүп келе жаткан калктуу пункттарында;
60 – 100 м2 (курулуштун аянтын кошпогондо) – майда, орто жана чоң шаарлардын жаңы перифериялык аймактарында блоктоштурулган типтеги курулуштун көп батирлүү бир-эки-үч кабаттуу үйлөрүндө, ири жана өтө ири шаарлардын жака бел чөлкөмдөрүндөгү жаңы жана өнүгүп келе жаткан кыштактарында жана кандай гана чоңдуктагы болбосун шаарлардын жеке чарбактык курулушун кайра конструкциялоо шарттарында;
30 – 60 м2 (курулуш аянтын кошпогондо) – жыш, аз кабаттуу курулушту колдонууда жана кайра конструкциялоо шарттарында кандай гана чоңдуктагы болбосун шаарларда көп батирлүү бир-эки-үч кабаттуу блоктоштурулган үйлөрдө же татаал көлөмдүк-мейкиндик түзүмдөгү эки-үч-төрт (беш) кабаттуу үйлөрдө.
Ошол эле учурда:
Кыргыз Республикасынын жер кодексине ылайык калктуу пункттардын чакан курулушун жүргүзүүдө үйдүн (батирдин) жанында жеке көмөкчү чарбаны алып баруу үчүн жер участкаларын аз өлчөмдө, калган бөлүгүн калктуу пункттардын турак жай чөлкөмүнүн чегинен сырткары бөлүп берүү менен, берилет.
| 4-тиркеме |
Турак жай районунун жана кичи районунун аймагындагы калктын эсептик жыштыгы
Турак жай районунун аймагынын калкынын эсептик жыштыгын, киши/га, Г.1-таблицада келтирилгенден кем эмес кылып кабыл алуу сунушталат, ал эми кичи райондун аймагынынкалкынын жыштыгын – Г.2-таблицада келтирилгенден кем эмес. Аймактын ар кандай даражадагы шаар куруу баалуулуктугундагы чөлкөмдөрүнүн саны жана алардын чек аралары жердин наркын баалоону, инженердик жана унаалык магистралдык тарамдардын жыштыгын, коомдук объекттер менен толгондугун, аймакты инженердик даярдоого капиталдык салымдын өлчөмүн, тарыхый-маданий жана архитектуралык-ландшафтык баалуулуктардын болуусун эсепке алуу менен облустардын башкы архитектору менен макулдашуу боюнча аныкталат.
| Г.1-таблица
|
Аймактын ар кандай шаар куруу баалуулуктугундагы чөлкөмү | Калкынын саны, миң киши, төмөнкүчө болгон шаарлардын тобу үчүн, турак жай районунун аймагынын калкынын жыштыгы, киши/га | ||||||
20 чейин | 20-50 | 50-100 | 100-250 | 250-500 | 500-1000 | 1000 жогору | |
Жогорку | 90 | 110 | 125 | 135 | 145 | 145 | 150 |
Орточо | - | - | - | 120 | 125 | 135 | 145 |
Төмөнкү | 50 | 80 | 110 | 110 | 115 | 120 | 130 |
Ошол эле учурда:
1. Аймакты инженердик даярдоо боюнча татаал иш чараларды талап кылуучу аянчаларда калктын жыштыгын чоңойтсо болот, бирок 20% ашык эмес.
2. Тарыхый шаарлардын борбордук бөлүктөрүндө мурунку курулуштарды кайра конструкциялоо шарттарында, ошондой эле башка бөлүктөрүндө тарыхый-маданий жана архитектуралык-ландшафтык баалуулуктар болгон учурларда калктын жыштыгы долбоорлоого берилүүчү тапшырмада камтылышы керек.
3. Борборлоштурулган инженердик тутумдардын курулуусу белгиленген жеке чарбак курулуштуу райондордо жана калктуу пункттарда калктын жыштыгын азайтууга жол берилет, бирок 40 киши/га кем эмес кабыл алуу абзел.
| Г.2-таблица
| ||||
| Аймактын ар кандай шаар куруу баалуулуктугундагы чөлкөмү | Климатикалык кичи райондор үчүн кичи райондун аймагындагы калктын жыштыгы, киши/га |
| ||
| 580 түндүк жазылыгынан түштүгүрөөк, IA, IГ кичи райондор | 580 түндүк жазылыгынан түштүгүрөөк бул чөлкөмгө кирген IA, IГ кичи райондордун бөлүктөрүнөн башкасы |
| ||
| Жогорку | 290 | 270 |
| |
| Орточо | 240 | 225 |
| |
| Төмөнкү | 135 | 120 |
| |
Ошол эле учурда:
1. Кичи райондун эсептик аймагынын чек араларын магистралдык жана турак жай көчөлөрүнүн кызыл сызыктары боюнча, жүрмө жолдордун же жөө жолдордун октору боюнча, табигый чектер боюнча, алар жок болгон учурларда – курулуш сызыгынан 3 м аралыкта аныктоо керек. Эсептик аймактан райондук жана жалпы шаардык маанидеги объекттердин участкаларынын, тарыхый-маданий жана архитектуралык-ландшафтык баага ээ объекттердин, ченемделүүчү жетүү радиусундагы жанаша жайгашкан кичи райондордун калкын тейлөөгө эсептелген (тейленүүчү калктын санына пропорциялуу) күнүмдүк пайдалануудагы объекттердин аянттары алынып салууга жатат. Эсептик аймакка эсептик калкты тейлөөчү күнүмдүк пайдалануудагы объекттердин, жанаша аймактардажайгашкандардын, анын ичинде жер алдындагы жана жер үстүндөгүлөрдү кошкондо, баардык аянттарын кошуу зарыл. Мурун курулган курулушту кайра конструкциялоо шарттарында кварталдарды бөлүүчү жана кичи райондун ичинде жөө жүрүү же имараттарга жүрүп баруу үчүн сакталуучу көчөлөрдүн туурасынан кесилиш профилдери өзүнчө көрсөтүлөт.
2. Мурунку курулуштарды кайра конструкциялоо шарттарында калктын эсептик жыштыгын көбөйтүүгө жана азайтууга жол берилет, бирок 10% көп эмес.
3. Ири жана өтө ири шаарларда жогорку жыштыктагы 2, 3, 4 (5) кабаттуу турак жай курулушун колдонууда аймактын бир гектарына калктын эсептик жыштыгын шаарлардын жана калктуу пункттардын аймактарынын жогорку шаар куруу баалуулуктарындагы чөлкөмү үчүндөгүдөн кем эмес кылып кабыл алуу керек.
4. Мектеп окуучулары жана калк үчүн кичи райондогу бирдиктүү физмаданияттык-ден соолук чыңоочу комплексти калыптандырууда жана ушул эреже топтомунун 5.15 пунктунда келтирилген физмаданият менен шугулдануу үчүн аянтчалардын салыштырмалуу өлчөмдөрүн кичирейтүүдө тиешелүү түрдө калктын жыштыгын чоңойтуу зарыл.
5. Токойлорго жана токой-парктарга канатташ жайгашкан жана алардын ортосунда жайгашкан аймактарды курууда жашылдандырылган аймактардын кошундуланган аянтын азайтууга жол берилет, бирок 30% көп эмес, тиешелүү түрдө калктын жыштыгын көбөйтүү менен.
6. Жыштыктын көрсөткүчтөрү 18 м2/киши эсептик турак жай менен камсыздоо шартында келтирилген. Башка эсептик турак жай менен камсыздоо шартында эсептик ченемдик жыштыкты Р, киши/га, төмөнкү формула боюнча аныктоо керек:
Р = Р1818/Н,
мында Р18 – 18 м2/киши эсебиндеги жыштыктын көрсөткүчү;
– эсептик турак жай менен камсыздалышы, м2.
| 5-тиркеме |
Кампалардын жер участкаларынын аянттары жана өлчөмдөрү
Д.1-таблицасы – 1 миң кишиге жалпы товардык кампалардын жер участкаларынын аянттары жана өлчөмдөрү
Жалпы товардык кампалар | Кампалардын аянты, м2 | Жер участкаларынын өлчөмдөрү, м2 |
Азык-түлүк товарларынын | 77 | 310*/210 |
Азык-түлүк эмес товарлардын | 217 | 740*/490 |
*Жантык сызыктын үстүндө бир кабаттуу кампалар үчүн, ал эми астында – көп кабаттуу кампалар ( кабаттардын орточо бийиктиги 6 м болгондо) үчүн ченемдер берилген.
Ошол эле учурда:
1. Атайлаштырылган топтун курамындагы жалпы товардык кампаларды жайгаштырууда жер участкаларынын өлчөмдөрүн 30% кыскартууга сунуш кылынат.
2. Товарларды шашылыш ташып келүү чөлкөмдөрүндө жер участкаларынын өлчөмдөрүн 40% чоңойтуу керек.
3. Товар камдыктарын артыкчылыктуу сактоодо айылдагы калктуу пункттардын кампаларынын аянттары жана алардын жер участкаларынын өлчөмдөрү чоңойтулат, бир эле убакта шаарлардагы бул көрсөткүчтөрдү азайтуу менен.
Д.2-таблицасы – 1000 кишиге эсептелген атайлаштырылган кампалардын сыйымдуулугу жана жер участкаларынын өлчөмдөрү
Атайлаштырылган кампалар | Кампалардын сыйымдуулугу, т | Жер участкаларынын өлчөмдөрү, м2 |
Бөлүштүргүч муздаткычтар (этти жана эт өндүрүмдөрүн, балык жана балык өндүрүмдөрүн, май, сүт өндүрүмдөрүн, жумуртка сактоо үчүн) | 27 | 190*/70 |
Жемиш сактагычтар | 17 |
|
Жашылча сактагычтар | 54 | 1300*/610 |
Картофель сактагыч | 57 |
|
*Алымында бир кабаттуу кампалар үчүн, ал эми бөлүмүндө – көп кабаттуу кампалар үчүн.
Ошол эле учурда:
1. Картофель, жашылча, жемиштерди өстүрүүчү жана даярдоочу райондордо кампалардын сыйымдуулугу жана тиешелүү түрдө алардын жер участкаларынын өлчөмдөрү 0,6 көмөк чоңдугу менен кабыл алынат.
2. Шаарлардагы картофель жана жемиштерди сактоочу кампалардын сыйымдуулугун жана алардын жер участкаларын үлүшү бийликтин жергиликтүү органдары тарабынан аныктала турган шаардан сырткаркы сактоону уюштуруунун эсебинен кичирейтсе болот.
Д.3-таблицасы – Вахталык жана экспедициялык кыштактар үчүн кампалардын сыйымдуулугу, 1 кишиге
Кампалар, ченөө бирдиги | Кыштактар үчүн кампалардын сыйымдуулугу | |
вахталык | экспедициялык | |
Кургак өндүрүмдөрдүн, м2 | 0,3 | 3,5 |
Муздаткычтар, т | 0,01 | 1,1 |
Жашылча сактагычтар, картофель сактагычтар, жемиш сактагычтар, т | 0,5 | 0,5 |
Ошол эле учурда: кургак өндүрүмдөр кампаларынын жана муздаткычтардын ченемдери вахталык кыштактар үчүн бир айлык камдыктан жана экспедициялык кыштактар үчүн бир жылдык камдыктардан аныкталган. Жашылча сактагычтардын, картофель сактагычтардын жана жемиш сактагычтардын ченемдери бир жылдык камдыктан аныкталган.
Д.4-таблицасы – Курулуш материалдары жана катуу отун кампаларынын жер участкаларынын өлчөмдөрү, 1 миң кишиге
Кампалар | Жер участкаларынын өлчөмдөрү, м2 |
Курулуш материалдарынын кампалары (керектөөлүк) | 300 |
Артыкчылыктуу колдонуудагы катуу отун кампалары: Таш көмүр Жыгач отун |
300 300 |
Ошол эле учурда: IA, IГ климатикалык кичи райондор үчүн катуу отун кампаларынын жер участкаларынын өлчөмдөрүн 1,5 көмөк чоңдугу менен, ал эми IV климатикалык район үчүн - 0,6 көмөк чоңдугу менен кабыл алуу керек.
| 6-тиркеме |
Тейлөө мекемелерин жана ишканаларын эсептөө ченемдери жана алардын жер участкаларынын өлчөмдөрү