Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2016-жылдын 28-марты № 2-нпа
«Курулуш, оңдоо-курулуш, монтаждоо, ишке киргизүү жумуштарына бирдиктүү баалардын улуттук жыйнактарын, долбоорлоо иштерине баалардын жыйнактарын, курулуш материалдарына баалардын жыйнактарын, авто машина менен ташууга баалардын жыйнактарын, курулуш машиналарын эксплуатациялоого баалардын жыйнактарын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун негизинде, курулуштун сметалык наркын аныктоого бирдиктүү методологиялык мамиле кылууну сактоо, базар экономикасынын жаңы талаптарына ылайык сметалык ченемдердин тутумун камсыз кылуу максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1 .Сунушталуучу курулуш, оңдоо-курулуш, монтаждоо, ишке киргизүү жумуштарына бирдиктүү баалардын улуттук жыйнактары, долбоорлоо иштерине баалардын жыйнактары, курулуш материалдарына баалардын жыйнактары, авто машина менен ташууга баалардын жыйнактары, курулуш машиналарын эксплуатациялоого баалардын жыйнактары бекитилсин.
2. Талдоо, баа түзүү жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн начальниги Г.Э.Асановага:
ушул буйрук катталган күнүнөн тартып үч күн ичинде төмөнкүлөр боюнча чаралар кабыл алынсын:
- "Эркин-Тоо" гезитинде буйрукту расмий жарыялоо;
- буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин веб-сайтында жайгаштыруу;
расмий жарыяланган күнүнөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде аталган ченемдик укуктук актыны жарыялаган булакты белгилөө менен, мамлекеттик жана расмий тилде, кагаз жүзүндө жана электрондук алып жүрүүдө буйруктун көчүрмөсү эки нускада мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберүү;
буйрук күчүнө кирген күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберүү.
3. Ушул буйрук расмий жарыяланган күнүнөн тартып күчүнө кирет.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары А.А.Абдыкаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору |
| Т.Мамбетов |