Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2016-жылдын 20-сентябры № 7-нпа
Кыргыз Республикасында айылдык калктуу конуштардын аймактарын пландаштыруу жана куруу боюнча Эрежелер топтомун бекитүү жөнүндө
Айылдардагы калктуу конуштарга толук жарамдуу ыңгайлуу жашоо чөйрөнү жана жашоо-тиричиликти түзүү, ошондой эле архитектуралык-шаар куруу ишин жөнгө салуу аркылуу, Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын жана айыл аралык аймактарын туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
Тиркелген Кыргыз Республикасында айылдык калктуу конуштардын аймактарын пландаштыруу жана куруу жөнүндө Эрежелер топтому бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (Мамкурулуш) баардык ведомство карамагындагы жана аймактардагы бөлүнүштөрүнүн жетекчилери, Бишкекбашкыархитектурасы бул Эрежелер топтомун жетекчиликке алсын.
Мамкурулуштун басма сөз катчысы Мамкурулуштун Мамлекеттик шааркурулушу жана архитектура долбоорлоо институту менен биргеликте расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде төмөнкүлөр боюнча чара көрсүн:
буйруктун “Эркин-Тоо” газетасына расмий жарыяланышы боюнча;
Өкмөттүн расмий веб-сайтына жана Мамкурулуштун веб-сайтына буйрукту жайгаштыруу боюнча.
Мамкурулуштун алдындагы Мамлекеттик шааркурулушу жана архитектура долбоорлоо институтуна:
- расмий жарыяланган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдеринде, бул ченемдик укуктук акттын жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине мамлекеттик каттоого жөнөтсүн;
- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары А.А. Абдыкаровго жүктөлсүн.
Директор |
Т. Мамбетов |