Редакцияот 21.10.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 21-октябры № 385

2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эл аралык байкоочулар катарында:

- Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча Бюронун (БДИПЧ/ОБСЕ) (№ 1 тиркеме);

- АКШ Эл аралык катнаштар Улуттук Демократиялык Институнун (УДИ) (№ 2 тиркеме) өкүлдөрү катталсын.

2. Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жиберилсин.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Ж.Баялиновго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов