Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-октябры № 388
2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого шайлоо бюллетендерин кошумча даярдоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 30-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Мыйзамынын 7-беренесинин 2, 15-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Учкун" ЛАКнын басмаканасында кошумча 130 миң санында шайлоо бюллетени даярдалсын.
2. Шайлоо бюллетендерди даярдагандан, жараксыздыка чыгаргандан жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына өткөрүп бергенден кийин ашыкча жана жараксыз шайлоо бюллетендерин жок кылынсын.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага
| Т.Абдраимов |