Загрузка документа…
УТРАТИЛ СИЛУ в соответствии с приказом Минфина КР от 21 декабря 2017 года № 161-П
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2016-жылдын 8-декабры № 198-П
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын колдонуу боюнча Көрсөтмөлөрүн бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2016-жылдын 2-мартындагы № 32 буйругуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык алымдардан түшүүлөрдү так эсепке алуу, контролдоо максатында, Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө Келишимге карата № 8 тиркемеге үчүнчү өлкөлөргө карата атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу жөнүндө Протоколдун 9-тиркемесин аткарууга алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы № 307 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын колдонуу боюнча Көрсөтмөлөрүн бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2016-жылдын 2-мартындагы № 32 буйругуна төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген 1-тиркеме:
1152-топчонун 11524-беренесинин элементтеринен кийин "Үчүнчү өлкөлөргө карата атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу жөнүндө Макулдашууга ылайык төлөнгөн атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар" төмөндөгү мазмундагы берене менен толукталсын:
"11525 Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүү суммаларын которуу боюнча мүчө-мамлекеттердин милдеттенмелеринин өз учурунда аткарбай калууларынан түшкөн пайыздар:
11525100 Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча Казакстан Республикасынын милдеттенмелеринин өз учурунда аткарбай калууларынан түшкөн пайыздар;
11525200 Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча Беларусь Республикасынын милдеттенмелеринин өз учурунда аткарбай калууларынан түшкөн пайыздар;
11525300 Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча Россия Федерациясынын милдеттенмелеринин өз учурунда аткарбай калууларынан түшкөн пайыздар;
11525400 Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүүдөн суммаларда которуу боюнча Армения Республикасынын милдеттенмелеринин өз учурунда аткарбай калууларынан түшкөн пайыздар.
11526 Чет өлкөлүк валютада эсептерге которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүү токтотулду:
11526100 Казакстан Республикасынын чет өлкөлүк валютада эсептерге которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүү токтотулду;
11526200 Беларусь Республикасынын чет өлкөлүк валютада эсептерге которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүү токтотулду;
11526300 Россия Федерациясынын чет өлкөлүк валютада эсептерге которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүү токтотулду;
11526400 Армения Республикасынын чет өлкөлүк валютада эсептерге которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүү токтотулду";
1415 топчонун аталышын "жана ресурстарды иштеп чыгуу жана пайдалануу үчүн төлөө" сөзү менен толукталсын;
14152200 элементинин аталышы "Жайыттарды ижарага алуу үчүн төлөө" сөзүн "Жайыт жерлерин пайдалангандык үчүн төлөө" сөзү менен алмаштырылсын;
14152300, 14152400, 14152500 элементтери алынып салынсын;
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген 2-тиркемедеги:
"Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу" 221 тобун төмөндөгү мазмундагы беренелер менен толукталсын:
2219 "Жогорку кесиптик билим берүү системасында бирдиктүү беренеде билдирилген чыгымдар";
22191 "Жогорку кесиптик билим берүү системасында бирдиктүү беренеде билдирилген чыгымдар";
22191100 "Жогорку кесиптик билим берүү системасында бирдиктүү беренеде билдирилген чыгымдар";
223-топ. "Товарларды жана кызматтарды пайдалануу", 2235-беренесине "Башка коммуналдык кызматтарга төлөм" төмөндөгү мазмунда элементтер менен толукталсын:
22351900 "Башка коммуналдык кызматтарга төлөм".";
271-топ. "Социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пул" 2711-берене Социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пул, 27115-чакан берене "Медициналык камсыздандыруу" төмөндөгү мазмундагы элементтер менен толукталсын:
27115400 "Студенттерди медициналык камсыздандыруу";
27115500 "Жумушсуздарды медициналык камсыздандыруу";
27115600 "Аскер кызматчыларын медициналык камсыздандыруу".";
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген 6-тиркемедеги:
11524-беренесинин элементинен кийин "Үчүнчү өлкөлөргө карата атайын коргоочу демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу жөнүндө Макулдашууга ылайык төлөнгөн атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар" 1152 топчосун төмөндөгү мазмундагы беренелер менен толукталсын:
"11525 Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча мүчө-мамлекеттердин милдеттенмелерин өз учурунда аткарбагандык үчүн түшкөн пайыздар;
11525100 Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча Казакстан Республикасынын милдеттенмелеринин өз учурунда аткарбай калууларынан түшкөн пайыздар;
11525200 Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча Беларусь Республикасынын милдеттенмелеринин өз учурунда аткарбай калууларынан түшкөн пайыздар;
11525300 Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча Россия Федерациясынын милдеттенмелеринин өз учурунда аткарбай калууларынан түшкөн пайыздар;
11525400 Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча Армения Республикасынын милдеттенмелеринин өз учурунда аткарбай калууларынан түшкөн пайыздар;
11526 Чет өлкөлүк валютада эсептерге которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүү токтотулду:
11526100 Казакстан Республикасынын чет өлкөлүк валютада эсептерге которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүү токтотулду;
11526200 Беларусь Республикасынын чет өлкөлүк валютада эсептерге которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүү токтотулду;
11526300 Россия Федерациясынын чет өлкөлүк валютада эсептерге которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүү токтотулду;
11526400 Армения Республикасынын чет өлкөлүк валютада эсептерге которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүү токтотулду";
1415 топчонун аталышы "жана ресурстарды иштеп чыгуу жана пайдалануу үчүн төлөө" сөзү менен толукталсын;
14152200 элементинин баяндалышын "Жайыттарды ижарасы үчүн төлөө" аталышын ''Жайыт жерлерин пайдалангандык үчүн төлөө" сөзү менен алмаштырылсын;
14152300, 14152400, 14152500 элементтеринин баяндалышы алынып салынсын.
2218 "Тамак-аш продукттарын сатып алуу" беренесинин элементтерин баяндагандан кийин 2219-беренеси боюнча төмөндөгү мазмунда толукталсын:
2219 "Жогорку кесиптик билим берүү системасында бирдиктүү беренеде билдирилген чыгымдар";
22191 "Жогорку кесиптик билим берүү системасында бирдиктүү беренеде билдирилген чыгымдар";
22191100 "Жогорку кесиптик билим берүү системасында бирдиктүү беренеде билдирилген чыгымдар" мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмү негизинде республикалык бюджет каражаттарынын чыгымдары эске алынат.
"Башка коммуналдык кызматтар үчүн төлөм" 2235-беренесинин элементтерин баяндагандан кийин төмөндөгү мазмундагы элемент боюнча көрсөтмөлөр менен толукталсын:
22351900 "Башка коммуналдык кызматтар үчүн төлөм" 2231, 2235-беренелеринде классификацияланбаган коммуналдык кызматтар боюнча чыгымдар тийиштүү, анын ичинде имараттарды жана курулмаларды күтүү боюнча эксплуатациялык чыгымдар:
27115400 "Студенттерди медициналык камсыздандыруу";
27115500 "Жумушсуздарды медициналык камсыздандыруу";
27115600 "Аскер кызматчыларын медициналык камсыздандыруу".";
"Башка ички дебитордук карыздар" 3217-беренесиндеги баяндоодон кийин "Жогоруда классификацияланбаган бардык ички финансылык активдер бул беренеде эске алынат", "анын ичинде, бюджеттик мекемелердин атайын эсептеринде эске алынуучу жыл ичинде пайдаланылбаган каражаттар" сөзү менен толукталсын.
2. Мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгына:
- бул буйрукту, ал расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- бул буйрукту, ал күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтсүн.
3. Коомчулук менен байланышуу сектору:
- бул буйруюгу, ал катталган күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде "Эркин-Тоо" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяласын;
- ушул буйрук каттоодон өткөн күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына расмий жарыялоону камсыздасын.
4. Бюджеттик саясат башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы эсепти жана отчеттуулукту ушул буйрукка ылайык келтирсин.
5. Иш кагаздарын жүргүзүү жана электрондук документ жүгүртүү бөлүмү ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түзүмдүк бөлүктөрүнө билдирсин.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону министрдин орун басары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору А.К.Бакетаевге жана Бюджеттик саясат башкармалыгынын начальниги. К.К.Асангуловго жүктөлсүн.
Министр | А.Касымалиев |