Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ЖАШТАР ИШТЕРИ, ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН
БУЙРУК
2017-жылдын 1-июну № 1-н
"Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү окуу жайларынын окуучуларын дене бой жактан даярдоо боюнча типтүү ченемдик талаптар жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу
"2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгына жана "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун 21-пунктунун негизинде,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү окуу жайларынын окуучуларын дене бой жактан даярдоо боюнча типтүү ченемдик талаптар жөнүндө" (мындан ары - Ченемдер) Жобо ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги менен биргеликте Ченемдерди Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү окуу жайларына киргизүү боюнча керектүү чараларды көрүшсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Диретор | К.Аманкулов |