Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨНӨР ЖАЙ, ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ЖЕР КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНУУ МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИНИН
БУЙРУК
2017-жылдын 24-августу № 352
Пайдалуу кендердин запастарын мамлекеттик баланска коюу жана аларды мамлекеттик баланстан чыгаруу эрежелерин бекитүү жөнүндө
Пайдалуу кендердин запастарын мамлекеттик баланска коюу жана аларды мамлекеттик баланстан чыгаруу тартибин жана шарттарын аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу укуктарын бир катар мамлекеттик аткаруу бийлик органдарына берүү жөнүндө" токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМЫН:
Пайдалуу кендердин запастарын мамлекеттик баланска коюу жана аларды мамлекеттик баланстан чыгаруу эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Жер казынасын пайдалануу боюнча саясаты башкармалыгы ушул буйруктун күчүнө кирүүсүн камсыз кылсын.
Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары У.Д.Рыскуловго жүктөлсүн.
Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекттик комитетинин төраганын м.а. | Д.Зилалиев |