Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-октябры №391
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.И.Асанбековдун ишенимдүү адамдарынын ыйгарымдарын токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.И.Асанбековдон 2011-жылдын 21-октябрында келип түшкөн кабар катын карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 7-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 29-сентябрындагы № 312 токтому менен катталган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.И.Асанбековдун төмөнкү ишенимдүү адамдарынын ыйгарымдары токтотулсун:
- Кочкоров Турдубайдын, 2011-жылдын 29-октябрындагы № 75 күбөлүгү;
- Кочкоров Туратбек Турдубаевичтин, 2011-жылдын 29-октябрындагы № 76 күбөлүгү;
- Кулбаева Жылдызкан Бердикуловнанын, 2011-жылдын 29-октябрындагы № 77 күбөлүгү;
- Кочкорова Гулиза Турдубаевнанын, 2011-жылдын 29-октябрындагы № 78 күбөлүгү.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.И.Асанбековдун ишенимдүү адамдары Т.Кочкоровго, Т.Т.Кочкоровго, Ж.Б.Кулбаевага, Г.Т.Кочкоровага 2011-жылдын 29-сентябрында берилген № 75, 76, 77, 78 каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов
|