Редакцияот 07.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН ЖАНА

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛДОР МИНИСТРЛИГИНИН БИРГЕЛЕШКЕН

БУЙРУК

2017-жылдын 7-июлу № 142-п

2017-жылдын 6-июлу № 227

КР ТИМ жана КР ТЖМ ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча Регламентин бекитүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-июлундагы №404 токтому менен бекитилген, «Аткаруу бийлигинин органдарынын чектеш функцияларды ишке ашыруу боюнча эриш-аркак иштешүүсүнүн» Типтүү регламентин аткаруунун алкагында:

БУЙРУК КЫЛАБЫЗ:

Тиркелген Автомобиль транспорту менен Кытай Эл Республикасына эл аралык жүк ташуучу каттамдарды жүргүзүп жаткан айдоочулар – Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн ноталык колдоо көргөзүүнү жоболоштуруу, жөнөтүү жана берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин өз ара аракеттенүү Регламенти (мындан ары – Регламент) бекитилсин.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги Регламентке карап иш алып барышсын.

Регламенттин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министринин көзөмөлдөөчү орун басарларына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри

Э.Абдылдаев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын   Транспорт жана жол министри

Ж.Калилов