Загрузка документа…
| 2017-жылдын “16”-мартындагы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана 2017-жылдын “27”-мартындагы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо - талаптарын аткаруу боюнча
өз ара аракеттердин Регламенти
Жалпы жоболор
Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин (мындан ары-ТИМ), ошондой эле, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин (мындан ары-чет өлкөлөрдөгү мекемелери) жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын (мындан ары-БП) ортосундагы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо - талаптарын аткарууда өз ара аракеттердин шарттарын жана механизмдерин аныктайт.
ТИМ жана БП өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жетекчиликке алат.
Өз ара аракеттенүү Регламентинин максаты
БПнын жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо- талаптарын, БПнын жазык жоопкерчилигине жана соттун өкүмүн аткарууга тартуу үчүн өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талаптарын, БПнын соттолгон адамды андан ары жазасын өтөө үчүн которууга суроо-талаптарын, БПнын жарандардын кайрылууларын жана арыздарын карап чыгуу боюнча укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо- талаптарын (мындан ары-тийиштүү талап) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык тариздөө.
Ушул бөлүмдүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн тийиштүү суроо-талапты дипломатиялык каналдар боюнча чет мамлекеттин компетенттүү органынын дарегине өз убагында жөнөтүүнү көзөмөлгө алуу жана анын ушул компетенттүү орган тарабынан аткарылышын кароо.
КРнын ТИМнин жана КРнын БПнын ортосундагы
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо - талаптарын аткаруу боюнча өз ара аракеттердин тартиби
БП ТИМдин Консулдук кызмат департаментине (мындан ары-ТИМдин ККДсы) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерине ылайык таризделген тийиштүү талапты жөнөтөт (жөнөтүлүп жаткан чет мамлекеттин тилине расмий которууну жана жөнөтүлүп жаткан мамлекетине жараша консулдук легалдаштыруунун же апостиль коюу жол-жобосун эске алуу менен, көрсөтүлгөн иш-тартиптер Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан өз алдынча жүргүзүлөт).
Эгерде тийиштүү талап өз ара принциптин негизинде жөнөтүлсө, анда Кыргыз Республикасынын компетенттүү органы чет мамлекетке окшош укуктук жардам көрсөтүүнү тастыктаган жазуу түрүндө милдеттенмесин берет.
Эгерде тийиштүү талап Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдердин тартибине жараша таризделбесе, анда ТИМдин ККДсы 5 жумушчу күндүн ичинде БПга кемчиликтерди жоюу үчүн кайтарып берет.
ТИМдин ККДсы тийиштүү талапты чет мамлекеттин аймагында аккредиттелген Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемесине жөнөтөт жана бул тийиштүү талапты чет мамлекеттин компетенттүү органынын дарегине дипломатиялык жолдор аркылуу өз убагында жөнөтүүнү көзөмөлгө алат (дипломатиялык почтаны жөнөтүүнүн графигин эске алуу менен).
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемеси тийиштүү талап түшкөн күндөн тарта 5 жумушчу күндүн ичинде аны дипломатиялык жолдор аркылуу жөнөтүп, чет мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан аны аткаруусун байкоо жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемеси 5 жумушчу күндүн ичинде ТИМдин ККДга тийиштүү талапты чет мамлекеттин компетенттүү органынын дарегине дипломатиялык жолдор аркылуу жөнөткөндүгү боюнча маалымат жолдойт.
ТИМдин ККДсы тийиштүү талапты жөнөткөндүгү боюнча Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемесинен маалымат түшкөн күндөн тарта 5 жумушчу күндүн ичинде БПга маалымдайт.
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемеси ыкчам түрдө чет мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан тийиштүү талапты аткаруудагы иш кагаздарды жана маалыматты ТИМдин ККДга жолдойт (иш кагаздардын түп нускалары дипломатиялык почтанын графигине жараша жөнөтүлөт).
Маалыматтардын жана иш кагаздардын келгенине жараша ТИМдин ККДсы ыкчам түрдө БПга чет мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан тийиштүү талаптын аткаруу жыйынтыктары боюнча маалымат жолдойт.
Зарыл болгон учурда, ошондой эле, чет мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан тийиштүү талапты аткаруусу узак убакытка созулуп кеткен учурларда (жөнөткөн убакыттан тартып 2 ай өтсө) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемеси зарыл болгон маалыматты алуу жана бул талапты аткаруусун ылдамдатуу үчүн тийиштүү иш жүргүзөт.
Тараптардын укуктары жана милдеттери
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген өзүлөрүнүн компетенттүүлүгүнүн жана ыйгарым укуктардын чегинде, ТИМ жана БП бири-бири менен бул Регламентте көрсөтүлгөн маселелер боюнча тыгыз кызматташууга жана анда каралган мөөнөттөрдү жана талаптарды бузууга жол-бербөөгө милдеттүү.
Өз ара ыкчам аракеттенүүнүн тартиби, КРнын ТИМнин жана КРнын БПнын кызматкерлеринин тартиптик жана башка жоопкерчилиги
Тийиштүү суроо-талапты аткарууда биргелешкен тапшырмаларды өз ара ыкчам жана натыйжалуу чечүү максатында, Тараптар макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 404 2013-жылдын 9-июлундагы токтому менен бекитилген Типтүү регламентке ылайык ведомстволор аралык жумушчу топторду түзө алышат.
Эгерде ТИМдин жана БПнын кызматкерлери мыйзамсыз иш аракеттерди аткарса (аракетсиздик) жана кызматтык тартипти бузса же аларга жүктөлгөн милдеттерди туура эмес аткарса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, административдик жана жазык жоопкерчиликке тартылат.
Тараптардын реквизиттери жана кол тамгалары
Бишкек шаары, бульвар Эркиндик 57 Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э. Абдылдаев | Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү 139 Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору И. Джолдубаева |
2017-жылдын «09»-марты |
2017-жылдын «27»-марты |