Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 22-августундагы № 112-б буйругу менен бекитилди |
Бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурсту жүргүзүүнүн ТАРТИБИ
1. Бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурсту өткөрүүнүн тартиби (мындан ары - Тартип) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык иштелип чыккан жана бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурс өткөрүү тартибин аныктайт.
2. Мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы (мындан ары - Портал) аркылуу реалдуу убакыт режиминде товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн бааларды төмөндөтүү усулу аркылуу конкурсту өткөрүү үчүн колдонулат.
3. Бааны төмөндөтүү усулу аркылуу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга конкурсту өткөрүү жөнүндө жарыя.
1) Сатып алуучу уюм Порталда бааны төмөндөтүү усулу аркылуу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга конкурс жөнүндө жарыяны, иштелип чыккан жана бекитилген конкурстук документтерди, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимдин долбоорун жарыялайт.
2) Бааны төмөндөтүү усулу аркылуу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга конкурсту өткөрүү жөнүндө жарыя Порталга сатып алуучу уюм тарабынан конкурска катышууга табыштама берүү аяктаган датага чейин 7 календардык күндөн кечиктирилбестен жайгаштырылат.
3) Сатып алуучу уюм бааны төмөндөтүү усулу аркылуу өтө турган конкурска берилген жарыядан бир жумадан кем эмес болгон конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтүн белгилейт.
4) Алдыдагы торуктар жөнүндө жарыяда сатып алуучу уюм товар же кызмат көрсөтүү үчүн төлөөгө даяр болгон баштапкы бааны белгилейт.
5. Берүүчүлөрдүн конкурстук табыштамаларды берүүсү.
1) Конкурска катышуу үчүн ар бир берүүчү сөзсүз түрдө төмөнкү маалыматтарды камтыган конкурстук табыштаманы берет:
а) аталышы, СИН, юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги (юридикалык жактар үчүн), аты-жөнү, СИН, жашаган жери (жеке ишкер үчүн);
б) берүүчүнүн банктык реквизиттери;
в) товардын жана кызмат көрсөтүүнүн мүнөзү, саны (көлөмү) боюнча товарга жана кызмат көрсөтүүгө, ошондой эле товар жана кызмат көрсөтүү мөөнөтү жана жеткире турган жери боюнча сатып алуучу уюмдун талаптарынын шарттарына карата жазуу жүзүндөгү макулдук.
2) Конкурстук табыштамада камтылган товардын жана кызмат көрсөтүүнүн берүү шарттары, сатып алуучу уюм тарабынан жарыяланган бааны төмөндөтүү усулу аркылуу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуу жөнүндө жарыяда камтылган шарттарга каршы келбөөгө тийиш.
3) Берүүчүнүн конкурстук табыштамасындагы баалары сатып алынуучу товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркынан башка транспорттук чыгымдар жана камсыздандыруу, бажы алымын жана салык төлөө боюнча чыгымдардын камтылуусу керек.
4) Конкурстук табыштама берүүчү тарабынан сатып алуучу уюмдун конкурстук документтеринде көрсөтүлгөн конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин Портал электрондук форматта берилет.
5) Берүүчүлөр конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин берилген конкурстук табыштамаларды кайра артка кайтарып алууга укуктуу.
6) Конкурстук табыштама ийгиликтүү берилген учурда берүүчүгө анын электрондук дарегине Портал аркылуу электрондук формада билдирүү автоматтык түрдө жиберилет.
7) Берүүчүлөр тарабынан берилген конкурстук табыштамалар жөнүндө маалыматтар баа сунуштарын каттоо боюнча электрондук журналына автоматтык түрдө киргизилет.
8) Эгерде бааны төмөндөтүү усулу аркылуу өткөрүлүүчү конкурска катышууга конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктагандан кийин үчтөн кем конкурстук табыштама берилсе же бир дагы конкурстук табыштама берилбесе мындай конкурс ишке ашкан жок деп табылат.
Ошондой эле бааны төмөндөтүү усулу конкурсу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинде каралган учурларга туура келсе ишке ашкан жок деп табылат.
6. Бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурсту өткөрүү жол-жобосу төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
Бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурс Порталда реалдуу убакыт ыргагында өткөрүлөт, анда сатып алуучу уюм товар же кызмат көрсөтүү үчүн төлөөгө даяр баштапкы бааны белгилейт, ал эми берүүчүлөр баанын деңгээлин улам азайтуу менен өзүнүн баа сунуштарын беришет. Берүүчү тарабынан берилген бааны азайтуу катышынын минималдуу пайызы лоттун баштапкы пландалган суммасынан 0,1%ды (пайыз) түзөт. Бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурс үч раундда өткөрүлөт. Ар бир раунд туура 10 (он) мүнөткө созулат.
Бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурсунун баштапкы стадиясында раунддун номерин, анын аяктоо убактысын, жарыя номерин, сатып алуунун аталыштарын жана баалардын таблицаларын камтыган электрондук форма ачылат.
Раунддун башында берүүчүлөрдүн бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурсуна катышууга конкурстук табыштаманы берүү убагында көрсөтүлгөн баалары чагылдырылат.
Берүүчүлөрдүн уюмдарынын аталышы, катышуучулардын саны жана баштапкы баалары жөнүндө маалымат бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурстун катышуучуларына көрүнбөйт.
Баштапкы берилген бааны өзгөртүү үчүн өзгөртүү пайызын киргизүү керек, андан кийин "бааны төмөндөтүү" кнопкасын басуу зарыл. Система айырманы жана берүүчүнүн жаңы баасын автоматтык түрдө эсептейт. Баштапкы берилген бааны төмөндөтүп гана өзгөртүүгө болот. Раунд аяктагандан кийин кийинки раунд башталат, анда мурунку раундда лоттун пландалган суммасы жана акыркы эң аз берилген баа, жана мурунку раунддагы берүүчүнүн өзүнүн берген баасы көрсөтүлөт.
Экинчи жана үчүнчү раунддарда эң төмөн бааны сунуштаган берүүчүгө бааны кайра карап чыгууга мүмкүнчүлүк берген кошумча убакыт - бонустук раунд берилет.
Ар бир бонустук раунддун узактыгы 3 (үч) мүнөттү түзөт.
Бонустук раунд учурунда минималдуу бааны берген берүүчү гана бааны кайрадан төмөндөтө алат, калган бардык берүүчүлөр бонустук раунддун аякташын күтүүсү зарыл экендиги жөнүндө тийиштүү билдирүүнү алышат.
Эгерде бонустук раундда мурда эң төмөн бааны сунуштаган берүүчү аны төмөндөтпөсө, анда үчүнчү раунддун башталышында ошол эле баа чагылдырылат.
Эгерде бонустук раундда мурда эң төмөн бааны сунуштаган берүүчү, бааны кайра төмөндөтсө, анда үчүнчү раунддун башталышында баалардын таблицасында акыркы өзгөртүлгөн баа көрсөтүлөт.
7. Конкурстук табыштамаларды баалоо жана бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурсунун жыйынтыгын чыгаруу.
1) Бардык раунддар бүткөндөн кийин конкурстук комиссия "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрындагы № 175-б буйругу менен бекитилген Конкурстук табыштамаларды баалоо тууралуу методикалык нускамага ылайык берүүчүлөрдүн конкурстук табыштамаларын баалоону жүргүзөт.
2) Эгерде эң төмөнкү конкурстук табыштама бир нече берүүчүлөр тарабынан берилген болсо, конкурстук табыштаманы башка берүүчүлөргө караганда мурдараак берген берүүчү жеңүүчү деп таанылат. Конкурстук табыштамалар Портал аркылуу автоматтык түрдө салыштырылат.
3) Бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурсунун жыйынтыгы Порталга автоматтык түрдө жарыяланат жана ошол эле учурда конкурстун жеңүүчүсү деп аныкталган берүүчүгө билдирме жөнөтүлөт, ал адам билдирүүнү алгандан баштап келишим түзүү жөнүндө өзүнүн ниетин бир жумушчу күндөн кечиктирбестен тастыкташы керек.
4) Сатып алуулардын жол-жобосунун протоколунда төмөнкү маалыматтар камтылышы керек:
а) сатып алуучу уюмдун толук аталашы, юридикалык дареги;
б) сатып алынуучу товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы;
в) конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин конкурстук табыштамаларды берген берүүчүлөрдүн толук аталышы, алар тарабынан товарга жана кызмат көрсөтүүгө көрсөтүлгөн баа;
г) бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө жана жеңүүчү сунуштаган баадан кийинки бааны сунуштаган берүүчүлөр жөнүндө маалымат.
5) Бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча сатып алуучу уюм конкурстун жеңүүчүсү менен "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүнө ылайык, конкурстук табыштамалардын иштөө мезгилинде келишимди үч нускада түзөт.
6) Эгерде жеңүүчү конкурстук документациялардын талаптарына ылайык сатып алуучу уюмдун шарттарында келишимге кол коюудан баш тартса, анда "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык жеңүүчү конкурстук табыштаманы кепилдик камсыздоону кайтарып берүү укугунан айрылат.
Мындай учурда "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык конкурстун жеңүүчүлөрүнүн рейтингинде экинчи орун алган берүүчү менен келишим түзүлөт.
7. Бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурстун жеңүүчүсү болуп аныкталган берүүчү конкурстун жыйынтыгы Порталга жарыяланган күндөн баштап эки жумушчу күндөн кеч эмес жана мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимге кол коюлганга чейин бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурска катышуу үчүн берилген конкурстук табыштамага электрондук көчүрмө түрүндө тиркелген берүүчүнүн квалификациялык талаптарга шайкеш келүүсүн тастыктоочу документтердин түп нускасын же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жана бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурска катышуу үчүн табыштамага кол коюу укугуна ишеним каттын түп нускасын, ошондой эле келишимди аткарууну камсыздоо кепилдигин сатып алуучу уюмга берет.
8. Сатып алуучу уюм конкурстук документациянын талаптарына ылайык түзүлгөн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимдин долбоорунун үч нускасын берүүчүгө жөнөтөт.
9. Берүүчү өзүнүн келишим боюнча милдеттенмелерин толук жана тийиштүү түрдө аткарган учурдан баштап, сатып алуучу уюм үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү келишимди аткарууга төлөнгөн кепилдик төгүмдү берүүчүгө кайтарып берет.
10. Эгерде берүүчү тарабынан келишимдин милдеттенмелери аткарылбагандыгынан улам мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишим бузулган болсо, сатып алуучу уюм келишимди аткаруунун кепилдигин камсыздоону кайтарып бербейт.
11. Сатып алуучу уюм жана берүүчү тарабынан аталган келишим боюнча кабыл алынган милдеттенмелер толук аткарылган шартта мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишим аткарылган болуп эсептелет.