Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨНӨР ЖАЙ, ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ЖЕР КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНУУ МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИ
БУЙРУК
2017-жылдын 20-сентябры № 399
“Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү боюнча техникалык долбоорлорго жер казынасын коргоо бөлүгүндө жана корутунду тариздөө жагында экспертиза жүргүзүү эрежелерин” бекитүү жөнүндө
Экспертизаны жүргүзүүнүн, ошондой эле тариздөөнүн жалпы талабын, тартибин жана мөөнөттөрүн белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” № 530 токтомуна ылайык,
БУЙРУЙМ:
№1 тиркемеге ылайык, пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү боюнча техникалык долбоорлорго жер казынсын коргоо бөлүгүндө жана корутунду тариздөө жагында экспертиза жүргүзүү эрежелери бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин жер казынасын пайдалануу боюнча саясат башкармалыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ушул буйрукту мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин жана расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн.
Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары А.А.Сапаралиевге жүктөлсүн.
Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ушул буйрук күчүнө киргенден кийин, көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
Төрага | У.Д.Рыскулов |