Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-октябры № 399
2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл аралык байкоочулар катарында төмөндө көрсөтүлгөн уюмдардын өкүлдөрү аккредитациялансын:
- Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик Ассамблеясы (№1 тиркеме);
- Азия жана Африка элдеринин тилектештигинин жана кызматташтыгынын россиялык коому (№ 2 тиркеме);
- Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңеши (№ 3 тиркеме);
- Ислам кызматташтык уюму (№ 4 тиркеме);
- Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңеши (КМШ ПАК) (№ 5 тиркеме);
- Социалдык-стратегиялык изилдөөлөрдүн эл аралык "Маrmara Grubu" фондусу (№ 6 тиркеме);
- Иран Ислам Республикасынын Омбудсмени (№ 7 тиркеме);
- Монголиянын Омбудсмени (№ 8 тиркеме);
- Тажикистан Омбудсмени (№ 9 тиркеме);
- Австралия Омбудсмени (№ 10 тиркеме);
- Оман Омбудсмени (№ 11 тиркеме);
- Казакстан Республикасынын адам укуктары боюнча Улуттук Борбору (№ 12 тиркеме);
- Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинен байкоочулардын Миссиясы (№ 13 тиркеме);
- Кыргыз Республикасындагы Иран Ислам Республикасынын Элчилиги (№ 14 тиркеме);
- Казакстан Республикасындагы Белгия Королчулугунун Элчилиги (№ 15 тиркеме);
- Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча Бюро (БДИПЧ/ОБСЕ) (№ 16 тиркеме);
- Түркия Республикасы (№ 17 тиркеме).
2. Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жиберилсин.
4. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Ж.Баялиновго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |