Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Саламаттык сактоо министрлигинин
15.09.2017-жылдагы №828 буйругу менен
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын адистерин аттестациялоо жана каттоо, ошондой эле чет өлкөлөрдө медициналык же фармацевттик билим алышкан адамдардын, жана чет элдик жарандардын медициналык, фармацевттик ишмердүүлүк кылуусуна уруксат берүү тууралуу Жобо
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын адистерин аттестациялоо жана каттоо, ошондой эле чет өлкөлөрдө медициналык же фармацевттик билим алышкан адамдардын, жана чет элдик жарандардын медициналык, фармацевттик ишмердүүлүк кылуусуна уруксат берүү тууралуу бул Жобо (мындан ары - Жобо) саламаттык сактоо адистерин, жеке медициналык жана/же фармацевттик практика менен шугулданышкан адамдарды, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын жетекчилерин, ошондой эле чет өлкөдө медициналык жана фармацевттик билим алышкан адамдар менен Кыргыз Республикасында медициналык жана фармацевттик ишмердүүлүк жүргүзүп жатышкан чет элдик жарандарды (мындан ары – саламаттык сактоо системасынын кызматкерлери) аттестациялоонун жана каттоонун тартибин, мөөнөтүн жана шарттарын жөнгө салат, жогорку жана орто медициналык, фармацевттик жана биологиялык билимге ээ, ал эми Кыргыз Респбуликасынын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери үчүн – жогорку профессионалдык билим (медициналык, экономикалык жана мамлекеттик башкаруу) кызматкерлергпе квалификациялык категорияларды ыйгаруунун тартибин аныктайт.
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо «Кыргыз Республикасындагы жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө», «Медициналык кызматкердин статусу жөнүндө» Мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасындагы жарандардын ден соолугун коргоо жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларга ылайык иштелип чыкты.
2. Бул Жободо пайдаланылуучу аныктамалар:
Аттестация – саламаттык сактоо системасындагы кызматкерлердин бул Жобого ылайык өткөрүлүүчү тестирлөө менен аңгемелешүүнүн жыйынтыгы тууралуу отчёттуу баалоонун негизинде теоретикалык билимдери менен практикалык таалимдеринин деңгээлин аныктоо боюнча расмий процедура. Кызматкердин профессионалдык ишмердүүлүгү, ошондой эле тиешелүү адистик жана кызмат орду боюнча профессионалдык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл.
Аттестациялануучу – аттестация өтүп жаткан саламаттык сактоо кызматкери (адистер жана жетекчилер).
Тестирлөө – заманбап компъютердик технологияларды пайдалануу менен саламаттык сактоо системасынын кызматкеринин теоретикалык билим деңгээлин аныктоочу тесттик экзамен.
Тест – стардартташтырылган тапшырма же бири-бири менен өзгөчө мүнөздө байланышкан тапшырмалар.
Баарлашуу/экзамен – аттестациялануучунун практикалык билимдери менен профессионалдык тажрыйбаларынын деңгээлин аныктоо.
Регистрация – саламаттык сактоо системасынын аттестациялануучу кызматкерин учётко алуу жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарымдуу мамлекеттик органдын маалымат базасына (регистрине) киргизүү менен идентификациялык код (каттоо номурун) ыйгаруу.
Квалификациялык сертификат – саламаттык сактоо системасынын кызматкеринин аттестациядан өткөндүгүн жана Кыргыз Республикасынын территориясында өз алдынча профессионалдык медициналык, фармацевттик ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн жетиштүү теориялык билимге, практикалык тажрыйба менен таалимдерге жетишкендигин күбөлөндүрүүчү расмий документ.
Аттестациялык сертификат – жекече мүнөздө иш алып баруучу медициналык кызматкердин өз профессионалдык милдеттерин аткаруусу үчүн укуктук жана ченемдик документтерди билүү деңгээлин, профессионалдык даярдыгын аныктоо максатында аттестациядан өткөндүгүн ырастоочу жана медициналык практика менен шугулдануу тартибин регламенттөөчү документ.
3. Аттестациянын жалпы принциптери болуп саналат:
а) объективдүүлүк – аттестациялануучу адам менен анын ишмердүүлүгүнө карата ачык-айрым мамиле;
б) бирдейлүүлүк – бирдиктүү үлгү боюнча бекитилген процедуралар менен баалоочу көрсөткүчтөрдүн тизмеси;
в) ачык-айкындуулук жана ачыктык – аттестациянын жыйынтыгы бардык аттестациядан өтүп жатышкан адамдарга маалымдалат жана аларды кабыл алуунун бардык себептери менен мотивдери түшүндүрүлөт;
г) регулярдуулук – бекитилген мөөнөттө аттестацияларды өткөрүү.
4. Аттестация төмөнкү максаттарда өткөрүлөт:
а) саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин медициналык жана фармацевттик ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга карата мүмкүнчүлүккө ээ кылуу;
б) жеке медициналык кызматкерлерге өз профессионалдык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон мүмкүнчүлүктү берүү;
в) кваликациялык категория берүү же ырастоого;
г) адистин профессионалдык даярдыгынын, таалим жана тажрыйбаларынын талапка ылайык келээрин баалоо.
5. Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин медициналык жана фармацевттик ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруусу үчүн аттестациядан өтүүгө милдеттүү:
- жогорку окуу жайындагы профессионалдык медициналык жана фармацевттик билим берүү (аспирантура, ординатура, интернатура) программалары боюнча окууну аякташкан адамдар;
- чет мамлекеттерде медициналык фармацевттик жана биологиялык билим алышкандар менен бирге жогорку жана орто медициналык, фармацевттик, биологиялык билим алышкан адамдар, менчигинин жана ведомстволук таандыгына карабастан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырууну каалашкан чет элдик жарандар жана жеке медициналык жана фармацевттик ишмердүүлүк менен шугулданууну каалашкан адамдар;
- өз адистигин өзгөртүүнү каалашкан медициналык кызматкерлер – кошумча профессионалдык билим берүү программасы боюнча (квалификацияны жогорулатуу, специализация) окуу аяктагандан кийин.
Эскертүү: Аккредитацияланган билим берүүчү мекемелердин бүтүрүүчүлөрүнүн соңку мамлекеттик аттестациядан өтүү жыйынтыктары медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин аттестациядан өтүүсүнө жана категориясы жок адис деген квалификациянын ыйгарылышына теңделет.
6. Аттестация менчигине жана ведомстволук таандыгына карабастан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырып жатышкан саламаттык сактоо системасынын бардык кызматкерлери, ошондой эле жеке медициналык жана фармацевттик ишмердүүлүктү жүзөгө ашырып жатышкан адамдар, клиникалык кафедралардын окутуучулары үчүн беш жылда 1 жолу өткөрүлөт.
7. жекече иш алып барышкан медициналык кызматкерлер үчүн квалификациялык категория ыйгаруу жана аттестациялык сертификат алуу үчүн мезгил-мезгили менен аттестациядан өтүүгө таандык:
- биологиялык жогорку же орто кесиптик билими бар жана медициналык ишмердүүлүктү жүзөгө ашырып жатышкан адистер (врач-бактериологдор, врач-биологдор, врач-лаборанттар, врач-паразитологдор, санитардык-гигиеналык лаборатордук изилидөөлөр боюнча врачтар, врач-статистиктер, врач-методисттер, маалымат технологиялары боюнча адистер, лаборанттар ж.б.).
- саламаттык сактоонун мамлекеттик, муниципалдык уюмдарынын жетекчилери;
Медициналык кызматкерлер – комиссиянын мүчөлөрү аттестацияны жалпы негизде өткөрүшөт.
8. Чет мамлекетте билим алышкан адамдар жана чет элдик жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каралган учурларды эске албаганда, Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарымдуу мамлекеттик органында дипломдорун бул Жобонунун талаптарына ылайык нострификация процедурасынан өткөрүшкөндөн кийин жалпы негизде аттестациядан жана каттоодон өтүшөт,
9. Көз көрүүсү боюнча майыптык тобуна ээ 65 жаштагы жана андан жогорку курактагы медициналык кызматкерлер (тиешелүү медициналык документтерди көрсөткөн учурларда) Аттестациялык комиссиянын чечими боюнча бланктык тестирлөөдөн жана онлайн режиминде баарлашуудан өтө алышат.
10. Аттестациянын түрлөрү:
а) медициналык жана фармацевттик ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу үчүн адисти аттестациядан өткөрүү жана ага адистик менен адистин сертификатын тапшыруу милдеттүү процедура болуп саналат – жогорку профессионалдык (аспирантура, ординатура, интернатура) жана кошумча билим берүү (квалификацияны жогорулатуу, специализация) негизинде өткөрүлөт, бирок категория тапшырылбайт.
б) Квалификациялык категория ыйгарууга карата аттестация, бул процедура ыктыярдуу болуп саналат – адистин сертификатына ээ жана квалификациялык категорияга алууга талапкер болуп жаткан медициналык кызматкерлер менен саламаттык сактоонун башка адистери үчүн өткөрүлөт.
Төмөнкүлөрдү алуу боюнча талапкер болуп жаткан адис:
- экинчи квалификациялык категория, адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес жалпы эмгек стажга ээ болуусу зарыл, ал эми үй-бүлөлүк медицинанын, медициналык тез жардам кызматынын, саламаттык сактоо уюмдарынын адистери менен маалымат технологиялары боюнча адистер үчүн 3 жылдан кем эмес;
- биринчи квалификациялык категория, адистиги боюнча 7 жылдан кем эмес жалпы эмгек стажга ээ болуусу зарыл, ал эми үй-бүлөлүк медицинанын, медициналык тез жардам кызматынын, саламаттык сактоо уюмдарынын адистери менен маалымат технологиялары боюнча адистер үчүн 5 жылдан кем эмес;
- жогорку квалификациялык категория, адистиги боюнча 10 жылдан кем эмес жалпы эмгек стажга ээ болуусу зарыл, ал эми үй-бүлөлүк медицинанын, медициналык тез жардам кызматынын, саламаттык сактоо уюмдарынын адистери менен маалымат технологиялары боюнча адистер үчүн 7 жылдан кем эмес;
Аттестациянын жыйынтыгы боюнча адиске:
- экинчи квалификациялык категория ыйгарылат;
- биринчи квалификациялык категория ыйгарылат;
- жогорку квалификациялык категория ыйгарылат.
Эскертүү: аттестациялануучуга квалификациялык категория ыйгаруунун милдеттүү шарты болуп ыйгаруунун ырааттуулугун сактоо саналат: экинчи, биринчи жана андан кийин жогорку квалификациялык категория.
в) аттестациялык сертификат алуу үчүн жекече иш алып баруучу медициналык кызматкерди аттестациялоо адистин жеке демилгеси боюнча өткөрүлөт.
г) Ээлеген кызмат ордуна ылайык келээрине карата аттестация – төмөнкү учурларда өткөрүлөт:
- жарандардын арыздары жана дооматтары боюнча;
- саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин кароосуна ылайык;
- мамлекеттик органдын талабы боюнча;
- коомдук бирикмелердин (ассоциациялардын, союздардын ж.б.).
д) Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын жетекчилерин аттестациялоо – «Саламаттык сактоодогу башкаруу» адистиги боюнча квалификациялык категория алууга талапкердигин коюп жаткан адамдын профессионалдык даярдык деңгээлин, квалификациясын, ээлеген кызматына шайкештигин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү деңгээлине объективдүү жана ачык-айкын баалоо жүргүзүү максатында өткөрүлөт.
11. Төмөнкүлөрдү алууга талапкер болуп жаткан саламаттык сактоонун мамлекеттик жана (же) муниципалдык уюмдардынын жетекчиси:
- экинчи квалификациялык категория, саламаттык сактоо системасында 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбага ээ болуусу керек, ошону менен бирге жетекчилик кызматтарда 3 жылдан кем эмес;
- биринчи квалификациялык категория, саламаттык сактоо системасында 7 жылдан кем эмес иш тажрыйбага ээ болуусу керек, ошону менен бирге жетекчилик кызматтарда 5 жылдан кем эмес;
- жогорку квалификациялык категория, саламаттык сактоо системасында 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбага ээ болуусу керек, ошону менен бирге жетекчилик кызматтарда 7 жылдан кем эмес;
Структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин, жетекчинин орун басарларынын жана саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундары жетекчилик кызматтарга кирет.
12. Аттестация бул Жободо бекитилген тартипке жана мөөнөткө ылайык профессионалдык медициналык ассоциациялар (юридикалык жактын макамына ээ коомдук медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин бирикмелери) тарабынан өткөрүлөт.
Аттестацияны өткөрүү менен байланышкан чыгымдар профессионалдык ассоциациялар тарабынан бекитилет жана анда аттестацияны өткөрүүгө кеткен чыгалашардын наркы эске алынып, аттестациядан өтүп жаткан кызматкердин эсебинен жүзөгө ашырылат.
13. Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерин каттоо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарымдуу мамлекеттик орган (мындан ары – Ыйгарымдуу мамлекеттик орган) тарабынан жүзөгө ашырылат. Каттоо иштери аттестациядан өтүшкөн адистердин маалымат базасын (регистрин) калыптандырууга багытталган.
14. Медицина тармагында ккумуштуулук даражасы жана/же наамы бар адамдар үчүн практикалык ишмердүүлүккө уруксат берүүчү квалификациялык сертификат алуу милдеттендирилбейт. Медицина тармагындагы окумуштуулук даража жана/же наам алууда бул Жобого ылайык жогорку категория ыйгарылат. Квалификациялык сертификаттын мөөнөтү аяктагандан кийин өз категориясын жалпы негизде тастыктоо үчүн аталган адам аттестациядан өтөт.
II. Аттестациялык комиссия
15. Ыйгарымдуу мамлкеттик орган аттестация өткөрүү боюнча ыйгарым укуктарды профессионалдык медициналык коомдук уюмдарга, ассоциацияларга же коомдук бирикмелер менен юридикалык жактын макамына ээ саламаттык сактоо адисине өткөрүп берет.
Комиссиянын персоналдык курамы профессионалдык ассоциациялардын башкармалыгынын чечими менен аныкталат жана Ыйгарымдуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
16. Аттестацияны өткөрүүдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функциялары:
- саламаттык сактоо системаларынын адистерине аттестация өткөрүүдөгү контроль жана координация;
- массалык маалымат каражаттары (КР ССМнын веб-сайты) аркылуу республиканын калкын аттестациянын процедураларынын тартиби жана эрежелери тууралуу маалымат жана башка маалыматтар менен камсыздоо;
- саламаттык сактоо системасынын адистерине аттестация даярдоо, уюштуруу жана өткөрүү процессине көмөк көрсөтүү жана жалпы мониторинг;
- аттестациялык комиссиянын курамын, тесттик суроолордун базасын (бланк) жана практикалык маселелердин тизмесин бекитүү;
-аттестациядан өтүшкөн адистердин тизмесин бекитүү;
- аттестациядан өтүшкөн адистерди каттоо.
17. Комиссиянын курамына киргизилет:
- профессионалдык медициналык ассоциациялардын, медициналык жана фармацевттик кызматкерлерди коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү;
- жетекчиликке алынган тармак боюнча ыйгарымдуу мамлекеттик органдын өкүлү;
- билим берүүчү уюмдардын өкүлдөрү;
- Ыйгарымдуу мамлекеттик органдары Коомдук кеңешинин өкүлү;
18. Эгерде тиешелүү критерийлерге жооп берүүчү бир адистик боюнча бир нече ассоциациялар же коомдук бирикмелер бар болсо (1-тиркеме), Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бирдиктүү аттестациялык комиссия түзүлөт жана ага ассоциациялар менен коомдук бирикмелердин макулдашылган сунуштары боюнча аракеттеги ассоциациялар же коомдук бирикмелерден адистер тартылат.
Медайымдык иш адистерин аттестациялоо иштин өзгөчөлүгүнө байланыштуу профилдик ассоциациялар тарабынан жүзөгө ашырылат.
Комиссия мүчөлөрүнүн жалпы саны жетиден кем жана он бир адам көп болбоого тийиш.
19. Аттестациялык комиссиянын функциялары:
- тесттик суроолор менен практикалык тапшырмалардын тизмесин иштеп чыгуу, даярдоо жана тариздөө, ошондой эле аларды ыйгарымдуу мамлекеттик органдын бекитүүсүнө берүү;
- документтерди даярдоо, аттестация өткөрүү үчүн табыштамаларды кабыл алуу;
- аттестациялануучу адамдардын тизмесин түзүү жана бекитүү;
- аттестация процедурасы өткөрүлүүчү жай, күн жана убакыт тууралуу аттестациялануучу адамдарга маалымат берүү;
- адистерди тестирлөө жөнүндө тестирлөө борбору менен келишим түзүү;
- каттоо жана тестирлөө өткөрүү жөнүндө келишим түзүү, аттестациялык комиссиянын мүчөсүн байкоочу катары тестирлөөгө катышууга жөнөтүү;
- аттестациялануучу адистердин аңгемелешүү этабын өткөрүү;
- жыйынтыктарды иштетүү жана ыйгарымдуу мамлекеттик органдын бекитүүсү үчүн аттестация протоколун түзүү;
- адистин квалификациялык сертификатын жана жеке мүнөздө иш алып баруучу медициналык кызматкерлердин аттестациядан өткөндүгү тууралуу аттестациялык сертификатын даярдоо жана берүү;
- Аттестациялык комиссия аттестацияны өткөрүү жана адистерге квалификациялык жана аттестациялык сертификаттарды берүү үчүн мыйзамдарда бекитилген тартипте жоопкерчилик тартат.
20. Аттестациялык комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары:
- Аттестациялык комиссиянын ишмердигине жалпы жетекчилик кылуу;
- Аттестациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн ишине карата контролдук кылуу;
- жок учурларда өз ыйгарым укуктарын төраганын орун басарына өткөрүп берет.
21. Аттестациялык комиссиянын төрагасынын орун басары:
- төрага жокто жана анын тапшырмасы менен Аттестациялык комиссиянын отурумдарында төрагалык кылат жана төраганын милдеттерин аткарат.
- аттестацияны өткөрүү боюнча башка милдеттерди аткарат.
22. Комиссиянын катчысынын иш-милдеттери:
- аттестациялык материалдарды алууну жана иштетүүнү камсыз кылат;
- Аттестациялык комиссиянын отурумдарын уюштуруп даярдоону камсыз кылат;
- комиссиянын мүчөлөрүн жана аттестациядан өтүүчүлөрдү отурумдун жайы, күнү жана убактысы жөнүндө маалымдайт;
- аттестация башталганга 1 ай калганга чейин саламаттык сактоо уюмунда экзамендик суроолорду таркатат;
- саламаттык сактоо тармагындагы кызматкерлерге аттестация өтүү маселелери боюнча консультация берет;
- квалификациялык жана аттестациялык сертификаттарды даярдоону координациялайт;
- адистиги боюнча өткөрүлгөн курстар жана жогорку медициналык окуу жайларынын профессордук-окутуучу курамынан алынган кредит сааттар жөнүндө маалымкаттарды алат;
- ДжМТКД (КАЛ, фарминспекция) тийиштүү түзүмдөрүнүн ооруканаларындагы дарыканалардын фармацевттеринин отчетторуна рецензияларды алат;
- аттестациялана турган адамдын кесиптик деңгээлин аныктоодо онлайн аңгемелешүү өткөрүү үчүн кабинеттердин даярдыгын жана керектүү шаймандар менен жабдылышын контролдойт;
- аттестациялана турган адамдын документтерин кесиптик аттестация архивине өткөрүп берет (ал жерде алар 5 жыл сакталат).
23. Аттестациялык комиссиянын отуруму анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышып отурса укуктуу болуп эсептелет. Комиссиянын убактылуу жок болгон мүчөсүн алмаштырууга жол берилбейт.
24. Аттестациялык комиссиянын чечими отурумда катышып отурган мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Добуштар теңме-тең болуп калганда, Аттестациялык комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
25. Аттестациялык комиссиянын чечими протокол менен таризделет (2-тиркеме), ага отурумда катышкан төрага, катчы жана комиссия мүчөлөрү кол коюшат. Аттестациялык комиссиянын протоколу жана аттестациянын жыйынтыгын бекитүү жөнүндө буйруктун долбоору комиссиянын төрагасы тарабынан аттестация аяктагандан кийин 15 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлөт.
26. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аттестация протоколун жана буйруктун долбоорун алгандан кийин 15 жумуш күндүн ичинде аттестациянын жыйынтыгын бекитүү жөнүндө буйрук чыгарат.
27. Аттестациялык комиссия тарабынан тесттик суроолордун базасы (банкы) жана билим берүү уюмунан (тийиштүү адистик боюнча кафедрада) рецензиядан өткөн практикалык тажрыйбалардын тизмеги түзүлөт, тесттердин суроолору жыл сайын 25%дан кем эмеси жаңыланып турат. Тесттик суроолордун базасын түзүү жана жаңылоо – аттестациянын түрүн жана белгилүү адистикке, кызмат ордуна, категорияга, ишмерлик чөйрөсүнө жана атайы билимине коюла турган талаптарды эске алуу менен жүргүзүлүп турат (500 суроодон кем эмес).
III. Аттестацияны уюштуруу жана өткөрүү тартиби
28. Саламаттык сактоо адистерин аттестациялоо тийиштүү адистикте 5 жыл иштегенден кийин гана жана акыркы аттестациядан өткөндөн кийин 5 жыл өткөн соң өткөрүлөт.
29. Аттестациядан өтүү үчүн аттестациядан өтүүчү аттестациялык комиссияга төмөнкү документтерди берет (өзү же почта аркылуу берет):
- арыз (3-тиркеме);
- билим берүү жөнүндөгү дипломунун көчүрмөсү;
- Кыргыз Республикасынын башка жактан билим алгандар үчүн дипломун нострификациялоо жөнүндөгү документ;
- дарыгерлер үчүн акыркы беш жыл ичинде 250 сааттан кем эмес (мунун ичинен 70% негизги адистиги боюнча), медайымдар үчүн акыркы 3 жылда 150 сааттан кем эмес (мунун ичинен 70% негизги адистиги боюнча) окутуудан өткөнү ырасталган, тандалып алынган адистик боюнча стажировкалар, специализациялар, өркүндөтүүлөр жана квалификацияны жогорулатуунун башка түрлөрү жөнүндөгү документтердин көчүрмөлөрү;
- саламаттык сактоонун уюштуруучулары үчүн (статистика дарыгерлери, методист дарыгерлери), тез жана кечиктирилгис жардам адситери жана инновациялык технологиялар боюнча адистери үчүн акыркы 3 жыл ичинде 150 сааттан кем эмес;
- жеке практикадан өтүүчү медициналык кызматкерлер үчүн акыркы беш жыл ичинде 250 сааттан кем эмес (мунун ичинен 70% негизги адистиги боюнча), медайымдар үчүн акыркы 3 жылда 150 сааттан кем эмес (мунун ичинен 70% негизги адистиги боюнча) окутуудан өткөнү ырасталган, тандалып алынган адистик боюнча стажировкалар, специализациялар, өркүндөтүүлөр жана квалификацияны жогорулатуунун башка түрлөрү жөнүндөгү документтердин көчүрмөлөрү;
- болгон илимий даражасы, илимий наамы (бар болсо) жөнүндөгү дипломунун көчүрмөсү;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
(документтердин бардык көчүрмөлөрү КБда же нотариуста ырасталган болууга тийиш)
- паспортунун көчүрмөсү (паспорт аттестациядан өтүүчү адам тарабынан компьютердик тесттен же аңгемелешүүдөн өтүп жатканда көрсөтүлөт);
- ССУ жетекчиси ырастаган акыркы 3 жылдын отчету;
- адистик боюнча өткөрүлгөн курстар жана жогорку медициналык окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамынан алынган кредит сааттар жөнүндө маалымкаттар;
- саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери үчүн тийиштүү тармактагы саламаттык сактоо координатору, Ош жана Бишкек шаарларынын саламаттык сактоо координатору, министрдин тейлөөчү орун басары тарабынан ырасталган акыркы 3 жылдык отчету.
30. Аттестациялануучулар берилген документтердин аныктыгын камсыздоого милдеттүү. Отчетко кол койгон адамдар анын аныктыгына жооп беришет.
31. Берилген документтер комиссиянын катчысы тарабынан катталат. Берилген документтердин негизинде квалификациялык барак толтурулат (4-тиркеме).
32. Берилген документтер толук болбосо, документтерди тариздөөгө жана толтурууга коюлган талаптар сакталбаса, Аттестациялык комиссия аттестациялык ишти кайтарып берүү жөнүндү кат даярдайт, анда кайтаруунун жүйөлөнгөн себептери көрсөтүлөт жана почта аркылуу жөнөтүлөт же аттестация жол-жобосун өткөрүүгө 1 ай калганга чейин же аларды алгандан кийин аттестациялануучуга кайтарылып берилет.
33. Аттестация эки этапта өткөрүлөт: компьютердик тестирлөө жана онлайн аңгемелешүү/кесиптик компетенцияларынын деңгээлин аныктоо боюнча экзамен: аттестациялануучунун теоретикалык билимдерине жана тажрыйбаларына.
Айрым учурларда гана саламаттык сактоо системасындагы 65 жашка чейинки же андан улуу көрүү боюнча инвалид кызматкерлер (тийиштүү медициналык документтерди көрсөтүү менен), Аттестациялык комиссиянын чечими менен бланкалык тестирлөөдөн жана онлайн режимдеги аңгемелешүүдөн өткөрүлөт.
34. Компьютердик тестирлөө аттестациялоонун курамдык бөлүгү болуп саналат. Компьютердик тестирлөө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган талаптарга жооп берген жана кесиптик медициналык коомдук уюм, саламаттык сактоо системасындагы адистерди аттестациядан өткөрүүчү ассоциация (союз) менен келишим түзгөн Тестирлөө борборлорунда өткөрүлөт, компьютердик тестирлөөдө аттестациялык комиссиянын төрагасы/катчысы жана кесиптик адистик боюнча аттестациялык комиссиянын мүчөсү милдеттүү түрдө катышат.
35. Тестирлөөнү өткөрүүдө аттестациялык комиссиянын мүчөсү болуп эсептелбеген башка жооптуу жактар да байкоочу катары катыша алышат. Алар тестирлөө графигине ылайык белгиленген тестирлөө күнүнө 3 күн калганда катышуусу жөнүндөгү кат жүзүндөгү кабарды берүүгө тийиш.
36. Аттестациялык комиссия тестирлөөнүн катышуучуларынын тизмесин түзөт жана бекитет жана 10 жумуш күндөн кечиктирбестен, тестирлөө борборуна тестирлөө өткөрүүгө билдирме жөнөтөт. Тестирлөө өткөрүүгө билдирмеге аттестациялануучулардын тизмеси жана аттестациялык комиссиянын отурумунун кол коюлган протоколунун көчүрмөсү тиркелет. Аттестациялык комиссия тестирлөөнүн катышуучуларына тестирлөөнүн жайы, күнү жана убактысы жөнүндө кабарлайт.
Тестирлөө башталганга чейин тестирлөө борборунун администратору бардык керектүү материалдарды даярдоого жана текшерүүгө тийиш.
Катышуучуларды каттоо паспорту же колдонуудагы кызматтык күбөлүгү менен жүргүзүлөт.
Тестирлөө башталаар алдында администратор катышуучуларга тестирлөөдөн өтүү боюнча кеңири инструктаж өтөт, компьютердик тестирлөө жол-жобосу боюнча тестирлөөнүн катышуучуларынын суроолоруна жооп берет.
Аттестациялануучунун арызынын негизинде негизделген себептер боюнча тестирлөө Аттестациялык комиссиянын чечими менен башка күнгө жылдырылышы мүмкүн. Негизделген себеп – аттестациялануучуга өз убагында кабардын берилбей калышы, өзүн жаман сезгендиги, ооорусу, кызматтык иш сапар жана башкалар болот.
37. Тестирлөө учурунда тыюу салынат:
- залдан чыгууга;
- тестирлөөнүн башка катышуучулары менен сүйлөшүүгө;
- фото-видео аппаратураны жана мобилдик телефондорду колдонууга;
- китептерди, конспектилерди, шпаргалкаларды ж. б. колдонууга.
Катышуучу тестирлөө эрежелерин бузса, ал тестирлөөдөн чыгарылат, мындай учурда администратор Аттестациялык комиссиянын өкүлү менен биргеликте протокол түзүшөт жана кол коюшат.
Тестти аткарууга бөлүнгөн жалпы убакыт Аттестациялык комиссия тарабынан аныкталат.
а) Адистикти ыйгаруу менен, адисти медициналык жана фармацевттик ишмерликти аткарууга уруксат берүү үчүн тестирлөө үчүн конкреттүү бир адистик жана ишмерлик чөйрөсү боюнча жалпы теоретикалык билимдерин баалоо үчүн суроолор жана тапшырмалар камтылган негизги тесттер колдонулат.
б) Адиске категория берүү жана ээлеген кызмат ордуна шайкеш келүүсүнө адисти тестирлөө үчүн эки түрдөгү тесттер колдонулушу мүмкүн: мамлекеттик жана расмий тилинде түзүлгөн негизги тест жана предметтик тесттер. Негизги тестте адистик боюнча жалпы теоретикалык билимин баалоо үчүн тапшырмалар камтылат. Предметтик тестте атайы багыт боюнча билим деңгээлин текшерүү үчүн тапшырмалар камтылат. Ушул түрдөгү тесттер белгилүү бир кызмат ордуна жана категориясына, ишмерлик чөйрөсүнө жана атайы билимине коюла турган квалификациялык талаптарды эске алуу менен өткөрүлөт.
в) Жетекчилердин категорияларын тестирлөө үчүн профессионалдык жарамдуулугун, логикалык ой жүгүртүүгө жөндөмдүүлүгүн текшерүү үчүн, психологиялык тесттер, менеджмент жана адам ресурстарын башкаруу боюнча тесттер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүсүнө тесттер колдонулушу мүмкүн.
38. Тесттик тапшырма 100 суроодон турат. Ар бир туура жооп 1 балл менен бааланат.
39. Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 70 балл алган аттестациялануучу аттестациянын экинчи этабына аңгемелешүүгө өткөрүлөт. 70 баллдан төмөн алган адис аңгемелешүүгө киргизилбейт жана аттестациядан өткөн жок болуп эсептелет. Тестирлөөнүн жыйынтыктары протоколго жазылат жана үч нускадагы протоколго тестирлөө борборунун жана Аттсестациялык комиссиянын өкүлдөрү тарабынан кол коюлат, Аттестациялык комиссияга, тестирлөө борборуна жана аттестациялануучуга бир нускадан берилет. Тестирлөөнүн жыйынтыктары 3 айдын ичинде анык болуп эсептелет жана тестирлөө борборунда 5 жылга чейин сакталат.
40. Аңгемелешүү процессинде практикалык тажрыйбаларын баалоодо аттестациялык комиссия тарабынан аттестациялануучунун кесипти билүү деңгээли, ой жүгүртүүсү жана кесиптик маселелерди чече ала турган жөндөмдөрү аныкталат. Мында комиссия 10дон ашпаган суроо/тапшырма берүүгө укуктуу. Аңгемелешүү аяктаган соң, комиссия ар бир суроого бир баллдан кошуп туруп, тестирлөөнүн жыйынтыгына 10 балл кошууга укуктуу болот.
Аттестациялануучу аңгемелешүү менен кошкондо тестирлөөнүн төмөн жыйынтыгын алса, максатталган эмес, төмөн квалификациялык категорияны алат.
Ыйгарылган категориядан баш тартуу комиссия тарабынан кабыл алынбайт.
41. Аттестациялык комиссия аңгемелешүүнү жүргүзүүдө аттестациялануучу бир да суроого/тапшырмага жооп бербесе же тестирлөөнүн эрежелерин бузса, ошондой эле жасалма документтерди же жалган маалыматтарды берсе тестирлөөнүн жыйынтыгын жокко чыгарууга укуктуу болот.
Аттестациялык комиссия негизделген себептери болсо, катышуучуну кайрадан тестирлөөгө киргизүүгө укуктуу.
42. Аттестациядан өткөн адамдарга сертификат берүү менен төмөнкүдөй квалификациялык категория берилет:
- жогорку категориядагы адис – тестирлөөнүн жана аңгемелешүүнүн натыйжалары боюнча биригип 95 жана андан көп балл алгандар.
- биринчи категориядагы адис – тестирлөөнүн жана аңгемелешүүнүн натыйжалары боюнча биригип 90 жана андан көп балл алгандар.
- экинчи категориядагы адис – тестирлөөнүн жана аңгемелешүүнүн натыйжалары боюнча биригип 80 жана андан көп балл алгандар.
43. тестирлөөнүн жана аңгемелешүүнүн натыйжалары боюнча биригип 80 же андан көп балл алган жеке мүнөздө иштеген медициналык кызматкерлерге аттестациялык сертификат берилет.
44. Аттестациялануучу адамдар аттестация бүткөндөн кийин аттестациялык комиссиянын чечими менен оозеки таанышышат.
45. Аттестациядан ийгиликтүү өткөн адамдарга саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругунун негизинде тийиштүү адистигин жана категориясын көрсөтүү менен, тейлөөчү министрдин орун басарынын жана аттестациялык комиссиянын төрагасынын колдору коюлган белгиленген үлгүдөгү квалификациялык сертификат берилет (5-тиркеме).
46. Аттестациядан өтпөй калган адамдар категориясы жок адис катары иштегенге жол берилет, кийин адистиги боюнча стажировкадан жана аттестациядан кайталап өтөт. Аттестациядан кайра өтүү мөөнөтү аттестациялык комиссия тарабынан белгиленет.
Аттестациялоо жөнүндөгү сертификат алынып коюлса же жок болсо медициналык жана фармацевтикалык ишмерликтен четтетилет.
Медициналык жана фармацевтикалык ишмерликти аткаруу укугунан, аттестациялоо жөнүндөгү сертификаттан ажыратылган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте бул чечимге даттанууга укуктуу болот.
47. Квалификациялык сертификат, ал эми жеке мүнөздө иштген адистер үчүн аттестациялык сертификат (6-тиркеме) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын квалификациялык категорияны ыйгаруу жөнүндөгү буйругу чыккандан тартып 15 күндөн кечиктирбестен берилет.
48. Аттестацияны өткөрүүдөн чыккан талаштар апелляциялык комиссия тарабынан чечилүүгө жатат. Макулдашылган болбосо, тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сотко кайрылууга укуктуу болушат.
49. Апелляциялык комиссия ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен үч жылда бир жолу төмөнкү курамда түзүлөт:
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү;
- профилдик ассоциациянын өкүлү;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Коомдук байкоочу кеңешинин өкүлү.
Апелляциялык комиссиянын мүчөлөрү Аттестациялык комиссиянын курамына мүчө боло алышпайт.
IV. Квалификациялык сертификат
50. Адистер үчүн квалификациялык сертификаттын төмөнкү категориялары каралган:
- категориясы жок адис;
- экинчи категориядагы адис;
- бирични категориядагы адис;
- жогорку категориядагы адис.
51. Квалификациялык сертификат 5 жылга берилет. Квалификациялык сертификаттын иш-аракет мөөнөтү анда көрсөтүлгөн календарлык датада бүтөт, мында квалификациялык категория алынып салынат.
52. Квалификациялык сертификат жоголуп кетсе, Аттестациялык комиссиянын төрагасынын атына жазылган арыздын негизинде дубликат берилет. Дубликатты берүү чыгымдарын (дубликатты даярдоо чыгымдары гана) саламаттык сактоо системасынын кызматкери (адиси) өзү төлөйт. Сертификаттын оң жак бурчунда “Дубликат” деген белги коюлат.
53. Жеке мүнөздө иштеген адистер үчүн аттестациялык сертификат 5 жылга берилет. Квалификациялык сертификаттын иш-аракет мөөнөтү анда көрсөтүлгөн календарлык датада бүтөт.
54. Аттестациялык сертификат жоголуп кетсе, Аттестациялык комиссиянын төрагасынын атына жазылган арыздын негизинде дубликат берилет. Дубликатты берүү чыгымдарын (дубликатты даярдоо чыгымдары гана) саламаттык сактоо системасынын кызматкери (адиси) өзү төлөйт. Сертификаттын оң жак бурчунда “Дубликат” деген белги коюлат.
V. Каттоо тартиби
53. Каттоо жол-жобосу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат жана аттестациядан өткөн саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин маалымат базасын түзүүгө багытталат.
54. Каттоо номери биринчи жолу каттаганда берилет жана медициналык жана фармацевтикалык кызматкердин кесиптик ишмерлик процессинде өзгөрүлбөстөн калат.
55. Каттоо номери квалификациялык жана аттестациялык сертификатта, каттоо номери берилгендиги жөнүндөгү маалымкатта көрсөтүлөт (жогорку жана орто медициналык билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү үчүн), ошондой эле дарыгердин же фельдшер кызматкеринин өздүк мөөрүндө чагылдырылат.
56. Квалификациялык, аттестациялык сертификаттын бүткөн мөөнөтү медициналык жана фармацевтикалык кызматкердин каттоо номерин өзгөртпөйт.
57. Каттоо номеринин белгилери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт.
58. Адистиги алмашылган учурда адиске жаңы адистиги боюнча жаңы каттоо номери берилет, муну менен эски номери кала берет.
VI. Корутунду жоболор
59. Аттестациянын бардык этабы өткөрүлгөн жайларда аттестацияны жүргүзүүдөгү ачык-айкындуулукту жана объективдүүлүктү камсыздоо максатында онлайн режиминде видеобайкоо жүргүзүлөт. Тестирлөө борборунда компьютердик тестирлөөнү жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистери тарабынан онлайн режиминде маалыматтарды кароого мүмкүнчүлүк бере турган программалык камсыздоо колдонулууга тийиш.
Аңгемелешүү/оозеки экзамен онлайн режиминде өткөрүлөт, мында аттестациялануучулардын практикалык тажрыйбаларына басым жасалат.
60. Аттестациялык комиссия жасалма документтерди же жалган маалыматтарды берген жактарды аттестацияга киргизбей коюуга, ошондой эле аттестация эрежелери бузулган учурларда тестирлөөнүн жана аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарууга укуктуу болот.
61. Аттестация эрежелери бузулган учурда аттестациялануучу аттестация өткөрүлгөндөн кийинки беш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга байкалган эреже бузуулар жөнүндө арыз берүүгө укуктуу болот.
Эгерде эреже бузуулар болсо, Аттестациялык комиссия жана/же тестирлөө борборунун администрациясы мыйзамдарда белгиленген тартипте жооп берет.Мында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз алган күндөн тартып бир айдын ичинде кайрылган адамды кайрадан аттестациядан өткөрүүгө шарттарды камсыздап берет.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, эгерде негизделген себептери болсо, аттестациялануучуну кайрадан аттестациялоого жөнөтүүгө укуктуу болот.
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо
системасындагы адистерди аттестациялоо,
каттоо, чет мамлекеттерде медициналык жана
фармацевтикалык билим алган жактарга жана
чет элдик жарандарга медициналык жана
фармацевтикалык ишмерликке уруксат
берүү жөнүндөгү Жобого
Ассоциациялардын, коомдук уюмдардын аттестацияга
катышуусу үчүн критерийлер
1. Макамы – иштеп жаткан юридикалык жак (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин органдарында каттоо менен ырасталат).
2. Макамы – республикалык (мүмкүн болсо).
3. Каттоо мөөнөтү 3 жылдан кем эмес.
4. Аттестация сыяктуу ишмерлик Уставда (Жободо) жазылган.
5. Мүчөлөрүнүн саны (берилген ассоциациялардын жана коомдук бирикмелердин санынан салыштырмалуу көрсөткүч).
6. Акыркы үч жылдагы активдүүлүк (өткөрүлгөн семинарлар, тегерек столдор жөнүндө отчет, Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын саламаттык сактоо тармагындагы буйруктарын даярдоого, медициналык жардам көрсөтүү стандарттарын, клиникалык протоколдорду иштеп чыгуу, медициналык ишмерликти лицензиялоожана адситерди сертифакциялоо).
7. Активдүү мүчөлөрү катары – билим берүү жана илим уюмдарынын өкүлдөрүнүн болушу (мүмкүн болсо).
8. Аттестация жүргүзүү мүмкүнчүлүгү (региондорго чыгуу, керектүү документтерди басып чыгаруу, аттестациялык комиссиянын мүчөлөрү үчүн суткалык жана башка чыгымдар).
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо
системасындагы адистерди аттестациялоо,
каттоо, чет мамлекеттерде медициналык жана
фармацевтикалык билим алган жактарга жана
чет элдик жарандарга медициналык жана
фармацевтикалык ишмерликке уруксат
берүү жөнүндөгү Жобого
Аттестациялык комиссиянын отурумунун
Протоколу
« »________20___жыл №___
1. Аттестациялануучунун фамилиясы, аты, атасынын аты________________________
2. Адистиги ___________________________________________________
3. Тестирлөө __________________________________ (жыйынтыгы балл менен)
4. Аңгемелешүү _________________________________ (жыйынтыгы балл менен)
5. Жалпы балл _________________________
6. Комиссиянын чечими:
1) ____________________ квалификациялык категорияны берүү менен/бербестен (керектүүсү чийип коюлсун) аттестацияланды
2) Аттестациядан өткөн жок___________________________
7. Добуш берүүнүн жыйынтыктары: ____________ «макул» _____, «каршы» _________
8. Аттестациялык комиссиянын сын-пикирлери жана сунуштары ________________________________________________________________________________
Комиссиянын төрагасы: Ф.А.А. ____________________________ колу_______________
Комиссиянын катчысы: Ф.А.А. ____________________________ колу_______________
Комиссиянын мүчөлөрү: Ф.А.А. ____________________________ колу_______________
____________________________ колу_______________
____________________________ колу_______________
____________________________ колу_______________
____________________________ колу_______________
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо
системасындагы адистерди аттестациялоо,
каттоо, чет мамлекеттерде медициналык жана
фармацевтикалык билим алган жактарга жана
чет элдик жарандарга медициналык жана
фармацевтикалык ишмерликке уруксат
берүү жөнүндөгү Жобого
Аттестациялык комиссиянын төрагасы
__________________________________
_______________________________
АРЫЗ
Сизден мага адистигим боюнча аттестациядан өтүүгө уруксат берүүңүздү суранам
____________________________________________________________
_________________________________________категориясын берүүгө.
Медициналык/фармацевтикалык иш стажы ___________жыл,
Ээлеген кызмат ордун боюнча иш стажы _________ жыл,
а.и. аталган уюмда ___________жыл.
Керектүү документтер тиркелет.
Колу ________________
Күнү____________________
Байл.тел: ________________
4-тиркеме
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо
системасындагы адистерди аттестациялоо,
каттоо, чет мамлекеттерде медициналык жана
фармацевтикалык билим алган жактарга жана
чет элдик жарандарга медициналык жана
фармацевтикалык ишмерликке уруксат
берүү жөнүндөгү Жобого
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
__________________________________________________________________
(аттестациялануучу иштеген саламаттык сактоо уюмунун аталышы)
КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК БАРАКЧА
_____________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты, категориясын көрсөтүү менен кызмат орду, эгерде болсо)
Туулган жылы __________ Жынысы _______
Адистиги _____________________________________________________
Адистиги боюнча иш стажы ____________
Аталган уюмдагы иш стажы ________
Билими жөнүндө маалымат (окуу жайы, бүтүргөн жылы, диплом алган күнү, жодон кийинки жана кошумча билими жөнүндө маалыматтар) ____________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Сыйлыктары, ардактуу наамдары, илимий наамы жана даражасы
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
Кызматкер кайсы категорияга арыз берди______________________________________
Комиссиянын төрагасы: _______________
Комиссиянын катчысы: _______________
Комиссиянын мүчөлөрү: _________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
5-тиркеме
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо
системасындагы адистерди аттестациялоо,
каттоо, чет мамлекеттерде медициналык жана
фармацевтикалык билим алган жактарга жана
чет элдик жарандарга медициналык жана
фармацевтикалык ишмерликке уруксат
берүү жөнүндөгү Жобого
|
|
Квалификациялык сертификат
Бул сертификат берилди ______________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
__________________________________________ адистиги боюнча
________________________________________________________________________
квалификациялык категорияны берүү менен/бербестен
(керектүүсү чийип коюлсун) ________________________
КР ССМ 20___ ж. "___"__________ N________________ буйругу менен
Каттоо номери ________
Берилген күнү 20___ ж. "___" _______________________________
Сертификат 20___ ж. "___" __________________ чейин жарактуу
Аттестациялык комиссиянын төрагасы | Саламаттык сактоо министринин орун басары М.О. |
Иреттик номери. |
|
6-тиркеме
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо
системасындагы адистерди аттестациялоо,
каттоо, чет мамлекеттерде медициналык жана
фармацевтикалык билим алган жактарга жана
чет элдик жарандарга медициналык жана
фармацевтикалык ишмерликке уруксат
берүү жөнүндөгү Жобого
Аттестациялык сертификат
Серия СМР № 1
Ушул сертификат берилди ____________________________________
(жеке жактын Ф. А. А.)
_______________________________________адистиги боюнча
______________________________________ берилген
сериясы _ № __________________________ дипломунун
20____ж. _________________ № _________
дипломдон кийинки адисиги жана квалификациясын жогорулатуусу жөнүндөгү күбөлүгүнүн
жана КР ССМ 20___ж. №______ буйругунун негизинде
төмөнкү медициналык кызматтарды аткаруу укугу берилет
_ ___________________
__________________________________________________________________
Сертификаттын жарактуу мөөнөтү:
20____- жылдан тартып 20_____- жылга чейин.
М.О.
Министрдин орун басары ____________________
(Ф.А.А.) (колу)
Ассоциациянын төрагасы ____________________
(Ф.А.А.) (колу)
7-тиркеме
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо
системасындагы адистерди аттестациялоо,
каттоо, чет мамлекеттерде медициналык жана
фармацевтикалык билим алган жактарга жана
чет элдик жарандарга медициналык жана
фармацевтикалык ишмерликке уруксат
берүү жөнүндөгү Жобого
Маалымкат
Ф.А.А. ________________________________________________________________
Ээлеген кызматы __________________________________________________
Иштеген жери _________________________________________________________
20___ж. «____»___________ аттестация өткөрүлдү.
Аттестациялык комиссиянын чечими:
1)
2)
Аттестациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн сунуштары:
__________________________________________________________________
М.О.
Комиссиянын төрагасы ____________(колу)
Комиссиянын катчысы_______________(колу)
20___ж. «___»___________