Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-октябры № 401
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Жумабек Кемелович Токтогазиевди каттоону алып салуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткорүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлике катталган Жумабек Кемелович Токтогазиевден 2011-жылдын 26-октябрында келип түшкөн арызын карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутапарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин 9-бөлүгүн, ""Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктун, 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 24-сентябрындагы № 300 токтому менен катталган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Жумабек Кемелович Токтогазиевди каттоо алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Жумабек Кемелович Токтогазиевге 2011-жылдын 24-сентябрында берилген № 19 күбөлүк жараксыз деп таанылсын.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн
Төрага | Т.Абдраимов |