Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Архитектура, курулуш жана
турак жай-коммуналдык чарба
мамлекеттик агенттигинин
2017 жылдын 15-декабрындагы №11-нпа
буйругу менен бекитилген
Курулуш чөйрөсүндөгү заказчы-курдуруучу
(бирдиктүү заказчы, курулуп жаткан ишкананын
дирекциясы) жөнүндө жобо
Мазмуну:
1. Жалпы жоболор
2. Негизги терминдер
3. Заказчынын- курдуруучунун уюштуруу-укуктук түзүмү
4. Заказчынын (курдуруучунун) негизги милдеттери
5. Негизги функциялары
6. Заказчынын укуктары
7. Заказчынын жоопкерчилиги
8. Заказчынын (курдуруучунун) аппаратын камсыздоого каражаттар
1.1 Курулуш чөйрөсүндөгү заказчы - курдуруучу (бирдиктүү заказчы, курулуп жаткан ишкананын дирекциясы) жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) курулушка техникалык көзөмөл кызматы бар, ошондой эле мындай кызматы жок, менчиктин каалаган формасындагы жеке жана юридикалык жактардын жаңы курулушту жүргүзүү же имаратты жана курулмаларды реконструкциялоо мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн, ошондой эле жарандардын, коомдун жана мамлекеттин укуктарын жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын коргоо максаттарында киргизилет.
1.2 Ушул Жобо жаңы объекттерди куруу жана (же) колдонуудагы объекттерди (имараттарды, курулмаларды жана алардын комплекстерин, коммуникацияларды) өзгөртүү (кеңейтүү, модернизациялоо, техникалык кайра жабдуу, реконструкциялоо, реставрациялоо, капиталдык оңдоо), ошондой эле куруу, куроо, атайын жана башка иштерди аткаруу менен байланыштуу инвестициялык программаларды пландоодо жана ишке ашырууда заказчынын-курдуруучунун, бирдиктүү заказчынын, курулуп жаткан ишканынын дирекциясынын (мындан ары – заказчы-курдуруучунун) негизги укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.
Курулуш иштерин аткарууда заказчы-курдуруучунун конкреттүү милдеттенмелери курулуш подряды келишимин түзүүдө тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.
1.3 Ушул Жобо заказчынын (курдуруучунун) курулуш ишинин башка катышуучулары менен мамилелерин жөнгө салат жана инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгууда жана ишке ашырууда заказчылардын (курдуруучулардын) колдонуусу үчүн арналган жана инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышкан капиталдык салым формасында жүргүзүлгөн (инженердик изилдөөнү аткаруучу жана/же долбоордук документтерди даярдоону ишке ашыруучу жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле курулуш боюнча подрядчылар), менчик формасынан көз карандысыз бардык инвестициялык ишмердик субъекттери (инвесторлор, эл аралык уюмдар, донорлор) үчүн милдеттүү.
1.4 Өзүнүн ишинде заказчы-курдуруучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ушул Жобону, архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик-техникалык документтерин жана методикалык көрсөтмөлөрүн, курулуш подряды келишимин, ошондой эле уюмдаштыруу документтерин жетекчиликке алат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген терминдер жана аныктамалар Ушул Жободо колдонулат.
3.1 Мамлекеттик заказчы подряддык курулуш иштерин аткарууга келишим түзүүдө, төмөндөгүлөр жөнүндө чечимдерди өз алдынча кабыл алуу укугунан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Жобо менен белгиленген укуктарга ээ болот жана милдеттерди аткарат:
- инвестицияларды бөлүүнүн көлөмү жана аларды пайдалануу багыттары жөнүндө;
- объектти курууну консервациялоо же токтотуу жөнүндө.
Мамлекеттик заказчы төмөндө көрсөтүлгөн маселелер боюнча чечимди кабыл алат:
- инвестициялардын эсебинен каржылануучу объекттер боюнча, - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу боюнча;
- республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу объекттер боюнча, - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча;
- жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылануучу объекттер боюнча, - жергиликтүү аткаруучу жана тескөөчү органдары менен макулдашуу боюнча.
3.2 Заказчынын-курдуруучунун уюштуруу-укуктук түзүмү инвестицияларды ишке ашыруунун көлөмү жана багыттары, курулуп жаткан объекттердин мүнөзү, башка жагдайлар менен аныкталат жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык бирдиктүү заказчынын, курулуп жаткан ишкананын дирекциясынын (мындан ары дирекция) кызматы түрүн ишке ашырылышы мүмкүн.
Ишкана, уюм, мекеме (мындан ары ишкана) заказчынын (курдуруучунун) милдетин аткаруу менен өздүк муктаждыктары үчүн объекттерди курууну өз алдынча жүргүзүп, же инженердик уюмга, инженердик-консультациялык компанияга, инженерге (мындан ары – көз карандысыз техкөзөмөлгө) бере алат.
3.3 Мамлекеттик заказчы кызматы (капиталдык курулуш башкармалыгы) облустарда жана шаарларда түзүлөт, юридикалык жак болуп саналат жана тиешелүү жергиликтүү аткаруучу жана тескөөчү органдардын түзүмүнө кириши мүмкүн. Ал тиешелүү облустун, шаардын, райондун аймагында турак үйлөрдү, социалдык-маданий чөйрөнүн жана коммуналдык чарба объекттерин, ошондой эле башка объекттерди курууда заказчы болуп саналат.
Мамлекеттик заказчы кызматы шаарлардын башкы пландарын жана комплекстүү экономикалык жана социалдык өнүктүрүү, аймактык жана функционалдык зоналоо схемаларын, шаарлардын жана айылдардын деталдуу пландарынын долбоорлорун, өзүнчө объекттерди жана инженердик инфраструктураны план ченемдүү ишке ашыруу милдеттерин, ошондой эле калкты тейлөөнү жакшыртуу максаттарында турак райондорду, коомдук борборлорду, кичирайондорду жана аларга кирген шаар куруу комплекстерин комплекстүү куруу милдеттерин чечет.
Мамлекеттик заказчы кызматы республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден түшкөн каражаттардын, бюджеттен тышкаркы каражаттардын, курулушка үлүштөш катышуу тартибинде инвестиция салган юридикалык жана жеке жактардан түшкөн каражаттардын эсебинен инвестициялык программаларды ишке ашырат.
Мамлекеттик заказчы кызматтарынын уюштуруу-укуктук түзүмү, алардын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери менен аныкталат.
3.4 Дирекция өнөр жай ишканаларын, башка өндүрүштүк багыттагы объекттерди, ошондой эле заказчынын милдеттери бирдиктүү заказчынын кызматына берилиши мүмкүн болбогон, жекече долбоор боюнча курулуучу өндүрүштүк эмес багыттагы ири объекттерди курууну камсыздоо зарылчылыгында түзүлөт.
Республикалык бюджеттик каражаттарынын эсебинен каржылануучу объекттер боюнча дирекцияны түзүү жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу орган тарабынан, курулушту жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоодо – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ал эми башка учурларда тиешелүү чарба жүргүзүү субъекттери тарабынан кабыл алынат.
Дирекция объектти курууну каржылоо жөнүндө чечимди кабыл алуу менен бир убакта түзүлөт, юридикалык жак болуп саналат жана белгиленген тартипте бекитилген уставдын же жобонун негизинде иштейт.
3.4.1 Аймактык жайгашуусу курулушту бирдиктүү жетектөөнү ишке ашырууну шарттаган, ишканалар тобун, ошондой эле ишканалар тобу үчүн жалпы болгон көмөкчү өндүрүш объекттерин (инженердик курулмаларды, коммуникацияларды ж.б.) курууда бириккен дирекция түзүлүшү мүмкүн.
3.4.2 Дирекция аны түзгөн орган тарабынан, объектти пайдаланууга тапшыруу жөнүндө актыны бекиткенден кийин жоюлат. Ишканалар жана өндүрүштүк багыттагы башка объекттер эки же андан көп кезек менен курулган учурда дирекция биринчи кезек пайдаланууга киргизилгенден кийин жоюлат. Заказчынын милдеттерин кайрадан түзүлгөн (иштеп жаткан) ишкананын башкаруу органы улантат.
Өндүрүштүк эмес багыттагы объекттердин тобун курууда дирекция жалпысынан бул объекттерди пайдаланууга тапшыргандан кийин жоюлат.
Бириккен дирекция бардык курулуп жаткан ишканаларды (объекттерди) пайдаланууга тапшыргандан кийин өзүнүн ишин токтотот.
3.5 Ишкана зарыл болгондо курулуш жана башка атайын куроо иштерин аткаруу менен, белгилүү объектти куруу боюнча, иштеп жаткан өндүрүштү реконструкциялоо, кеңейтүү, реставрациялоо, техникалык кайра жабдуу, капиталдык оңдоо боюнча, ошондой эле турак үйлөрдү жана башка өздүк муктаждык үчүн өндүрүштүк эмес багыттагы объекттерди курууда заказчынын (курдуруучунун) милдеттерин өз алдынча аткара алат. Курулуштун мындай ыкмасында ишкана атайын түзүмдүк бөлүнүш (бөлүм, башкармалык жана башка түзүм) түзөт, ал түздөн-түз заказчынын (курдуруучунун) милдеттерин аткарат. Түзүмдүк бөлүмдөр туруктуу иштеген же тиешелүү объектти куруу мезгилине гана түзүлгөн убактылуу болушу мүмкүн.
Конкреттүү жагдайларга жараша (курулуштун көлөмүнө, мөөнөтүнө, курулуп жаткан объекттин мүнөзүнө) заказчынын милдеттери ишкананын жетекчисинин буйругу менен ушул ишкананын бир же бир нече жумушчусуна жүктөлүшү мүмкүн. Бул учурда жумушчулардын кызматтык нускамалары заказчынын милдеттерин аткаруу боюнча алардын ыйгарым укуктарын камтышы керек.
Бөлүм жобонун негизинде иштейт, юридикалык жак болуп саналбайт жана тиешелүү ишкананын башкармалыгынын аппаратынын курамына кирет. Бөлүмдүн жетекчиси ага ишкананын жетекчиси тарабынан берилген укуктардын чегинде иштейт.
3.6 Заказчы же ишкана турукту техникалык көзөмөл (курулуш контролу) жүргүзүүгө, ошондой эле заказчынын (курдуруучунун) жана техкөзөмөлдүн милдеттерин аткаруу үчүн келишимдик негиздерде көз карандысыз инженердик уюмду жана техникалык аудитти тартууга укуктуу. Бул учурда ишкана көз карандысыз инженердик уюм же техникалык аудит менен заказчынын (курдуруучунун) жана техникалык көзөмөлдүн милдеттерин аткаруу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзөт, анда көз карандысыз подрядчы үчүн тиешелүү инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча анын иш-аракеттеринин кесепеттери менен байланыштуу техкөзөмөлдүн, техникалык аудиттин функциялары аныкталат. Көз карандысыз инженердик уюм берүүчү заказчынын (курдуруучунун) милдеттеринин тизмеги объектте курулуш иштерин аткаруучу подрядчыга билдирилет.
Мындай келишимди түзүүдө заказчы төмөндөгү функцияларды көз карандысыз инженердик уюмга бере албайт:
- объектти куруу, иштерди аткаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
- долбоорлоого техникалык тапшырмаларды бекитүү;
- долбоордук-сметалык документтерди бекитүү жана аны подрядчыга берүү;
- подряддык тооруктарды өткөрүү жөнүндө маселени чечүү жана алардын жыйынтыктарын бекитүү;
- курулуш иштерин аткарууда ыйгарым укуктуу органдардан уруксат алуу;
- курулуш подряды келишимин түзүү;
- подрядчыга курулуш аянтчаларын берүү;
- кабыл алуу комиссиясынын курамын жана подрядчыдан объектти кабыл алуу актысын бекитүү.
Көрсөтүлгөн функциялар заказчынын (курдуруучунун) өзү тарабынан аткарылат.
3.7 Заказчы (курдуруучу) башкармалыктын уюштуруучулук түзүмү жана аппараттын саны маселелерин өз алдынча чечет. Заказчынын (курдуруучунун) аппараты конкреттүү инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун керектөөлөрүнө салыштырмалуу калыптанат. Заказчынын (курдуруучунун) башкаруу аппаратынын түзүмү, штаты жана алардын эмгек маянасынын шарттары анын уставы (жобосу) менен белгиленген тартипте бекитилет.
4.1 Заказчынын негизги милдеттери:
4.1.1 Иштеп чыгуунун инвестициялык долбоорун даярдоо баскычында:
- бизнес-планды иштеп чыгуу;
- курулуш аянтчасын тандоо;
- бардык керектүү уруксаттарды жана макулдашууларды алуу;
- долбоорлоочуларды, подрядчыларды, жабдууну даярдоочуларды жана жеткирүүчүлөрдү алдын ала тандоо.
4.1.2 Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу баскычында:
- курулуш аянтчасын даярдоо;
- долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу жана бекитүү;
- товарларды жеткирүүгө, иштерди аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө аткаруучуларды, эреже болгондой, конкурстук негизде, тандоо, курулушта кызматтарды көрсөтүү жана келишимдерди түзүү;
- подряд келишими менен каралган материалдык жана башка ресурстарды жеткирүү;
- иштин, колдонулуучу курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын сапатын контролдоо;
- аткарылган иштерди кабыл алуу;
- иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө өз убагында төлөө;
- объекттерди пайдаланууга тапшыруу;
- объекттерди менчик ээлерине же пайдалануучу уюмдарга берүү;
- кепилденген пайдалануу мезгилинде иштин сапатын контролдоо.
5.1 Заказчынын (курдуруучунун) курулуш боюнча инвестициялык программаларды ишке ашыруу процессиндеги функциялары төмөндөгүлөрдөн турат:
5.1.1 Жер участокторун тандоо жана курулуш аянтчаларын өздөштүрүү чөйрөсүндө:
- кызыкдар жактар менен курулуш объектинин жайгашуу ордун, жер участогунун өлчөмүн жана аны бөлүү шарттарын макулдашуу;
- объектти, жетпеген кыртышты казып алуу үчүн карьерлерди куруу үчүн, ошондой эле ашыкча кыртышты, курулуш таштандыларын жыйноо, жерлерди рекультивациялоо боюнча иштерди аткаруу үчүн жер участогун бөлүү жөнүндө уруксатты алуу;
- жер участокторун пайдалануу шарттарын жана мөөнөтүн, бул участокту накта түрүндө бөлүү жана тиешелүү документтерди тариздөө менен курулманын тактарын (окторун) нактага көчүрүү жөнүндө көрсөтүү менен аны пайдалануу укугуна документти алуу;
- объектти долбоорлоого жана курууга тиешелүү жергиликтүү аткаруучу жана тескөөчү органдын уруксатын алуу;
- төмөнкүлөргө тиешелүү уюмдардын уруксаттарын алуу:
курулуш аянтчасында жайгашкан электр берүү аба чубалгыларынын же байланыш чубалгыларынын зонасында, темир жолдорду бөлүү тилкесинде, жер астындагы коммуникациялар өткөн жерлерде (кабелдик, газ өткөрүүчү, канализациялык жана башка) ишти жүргүзүү;
шаарларда жана башка калктуу пункттарда куруу мезгилинде заказчыда курулушка карата өздүк газ-, суу-, буу- жана энергия менен камсыздоо объекттери жок болгон учурда, курулушту уюштуруу долбооруна ылайык колдонуудагы булактардан электр энергиясын, газды, сууну, бууну пайдалануу;
бактарды кыюу жана кайра отургузуу;
- белгиленген тартипте башкы подрядчыга аны менен макулдашылган мөөнөттө жер участокторун бөлүү жөнүндө документтерди жана тиешелүү эксплуатациялык органдардан алынган уруксаттарды берүү;
- курулуш аянтчасында жайгашкан имараттарды, курулуштарды, жашыл көчөттөрдү бузуу жана бузууга, жылдырууга же реконструкциялоого жаткан үйлөрдө жашаган жарандарды көчүрүү;
- колдонуудагы мыйзамдарда каралган учурларда жарандарга алынуучу мөмө-жемиш көчөттөрүнүн жана айдоолордун, ошондой эле аларга жеке менчик укугунда таандык болгон, бузууга жаткан турак үйлөрдүн жана курулмалардын баасынын ордун толтуруу;
- юридикалык жана жеке жактарга таандык болгон бузулуучу имараттардын жана курулмалардын калдык рыноктук баасын эсептөөнү, аны курулушка карата сметалык документтерди киргизүүнүн укук ченемдүүлүгүн текшерүү;
- бузулуучу имараттарды жана курулмаларды бузуудагы кайра кайтарылуучу материалдарды, ошондой эле казып алууда алынган материалдарды сатууну камсыздоо.
5.1.2 Долбоордук документтерди камсыздоо жана курулушту уюштуруу чөйрөсүндө:
- долбоордук, иликтөө иштерин, ал эми зарыл болгондо илимий-изилдөө иштерин аткарууга долбоордук уюмду белгиленген тартипте тандоо;
- долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууга техникалык тапшырманы даярдоо жана бекитүү;
- долбоордук, иликтөө, ал эми зарыл болгондо илимий-изилдөө иштерин аткарууга келишимдерди түзүү, аларды аткарууга контроль жүргүзүү;
- долбоорлоочудан макулдашылган жана мамлекеттик экспертизадан өткөн долбоордук-сметалык документтерди кабыл алуу жана аны бекитүү;
- техникалык көзөмөл жана курулуштук контролду, техникалык аудитти ж.б. жүргүзүүгө подрядчыны, көз карандысыз инженердик уюмду тандоого конкурсту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу жана өткөрүү;
- конкурс өткөрүү зарылчылыгы жок болгондо – курулуш иштерин аткаруу үчүн подрядчыны тандоону өз алдынча жүргүзүү;
- подрядчы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, курулуш подряды келишимин иштеп чыгуу жана аны менен макулдашуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны түзүү;
- объектти курууну аткарууга уруксат алуу;
- долбоорлоочу менен автордук көзөмөлдү жүргүзүүгө келишим түзүү;
- подрядчыга иштелип чыккан жана бекитилген долбоордук-сметалык документтерди берүү;
- иштерди аткаруу графиктерин бекитүү жана контролдоо;
- курулуштун катышуучулары менен курулуш подряды келишимин түзүүнүн жана аткаруунун жүрүшүндө пайда болуучу пикир келишпестиктерди жөнгө салуу;
- башкы куроо жана иштетүү-жөндөө иштерин аткарууга келишимдерди түзүү жана уюштуруу;
- курулушка, иштин көлөмүнүн, баасынын жана сапатынын долбоорлорго, сметалык эсептерге жана келишимдик бааларга, курулуш ченемдерине жана бул иштерди өндүрүүгө жана кабыл алууга карата эрежелерге өзүнүн күчү менен көз карандысыз техкөзөмөл менен келишим түзүү аркылуу курулуш контролун жана техникалык көзөмөлдү жүргүзүү;
- курулушту жүргүзүүнүн коопсуз методдору, иштин жана колдонулган курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын сапаты жаатында подрядчынын мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын жана автордук көзөмөлдүн эскертүүлөрүн, башкы куроо уюмдарынын талаптарын аткаруусуна контроль жүргүзүү;
- подряд келишиминин шарттарына ылайык подрядчыдан бүткөрүлгөн иштерди кабыл алуу;
- инвестор менен макулдашуу боюнча курулушту убактылуу токтотуу жана объектти консервациялоо жөнүндө чечим кабыл алат, консервациялоо боюнча иштерди аткарууга сметаны бекитет жана аларды сапаттуу аткарууну контролдойт;
- подрядчыдан консерваланган объекттерди кабыл алуу жана материалдык баалуулуктарды коргоону уюштуруу;
- бүткөрүлгөн курулуш объектин кабыл алууну жана пайдаланууга киргизүүнү уюштуруу;
- инвесторго (пайдалануучуга) объектти жана керектүү документтерди, анын ичинде кепилдик милдеттенмелерин, ошондой эле техникалык документтерди берүү.
5.1.3 Каржылоо, эсепке алуу жана отчеттуулук чөйрөсүндө:
- каржылоонун өз убагында ачуу жана объектти долбоорлоо жана куруу боюнча иштерге жана келишимдер менен каралган башка төлөмдөрдү төлөөдө анын үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо;
- курулуш подряды келишиминде белгиленген мөөнөттөрдө бүткөрүлгөн курулуш объекттери боюнча акыркы эсептешүүнү жүргүзүү;
- подрядчы жана инвестор менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте ишти каржылоонун үзгүлтүксүздүгүн бузууда жана башка жагдайлар болгондо объектти куруу мөөнөттөрүн өзгөртүү жөнүндө сунуштарды киргизүү;
- курулуш объекти менен байланыштуу бухгалтердик, оперативдик жана статистикалык эсепти уюштуруу жана жүргүзүү, белгиленген тартипте отчеттуулукту түзүү жана берүү;
- бир нече булактын жана (же) инвестордун эсебинен объектти курууну каржылоодо ар бир инвестордон үлүштүк төгүмдөрдү алууну жана аларга тиешелүү отчетторду берүүнү уюштурат;
- объекттерди өз убагында жана мөөнөтүнөн мурда киргизүүдө подрядчыга берилүүчү сыйлоо каражаттарынын суммасын аныктоо, эгер бул курулуш подряды келишими менен каралса;
- башкы подрядчы аткарган иштердин кемчиликтерин жана шайкеш эместиктерин жоюунун кепилдик мөөнөтүн эске алуу менен, курулуш подряды келишими менен орнотулган мөөнөттө бүткөрүлгөн курулуш объекттери боюнча акыркы эсептешүүнү жүргүзүү;
- ар бир курулуш объекти боюнча же календардык жылга карата, инвестор менен келишим боюнча заказчынын кызматы аткарган заказчынын функцияларын жана башка иштерди аткарууга чыгымдардын сметаларын түзүү жана инвестордо (инвесторлордо) бекитүү;
- мамлекеттик контролдоочу органдарга техникалык жана финансылык маселелер боюнча түшүндүрмө берүү;
- зарыл болгондо келишимдик милдеттенмелерди аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу үчүн подрядчыга, жеткирүүчүгө, продукцияны даярдоочуга, долбоорлоочуга бышмана (айып, туум) төлөө жөнүндө дооматтарды жана доолорду коюу, ага карата коюлган доолордун негиздүүлүгүн текшерүү.
5.1.4 Материалдык-техникалык камсыздоо чөйрөсүндө:
- эгер керектүү жабдууларды жана материалдарды жеткирүү курулуш подряды келишимине ылайык заказчыга жүктөлсө, аларды жеткирүүгө келишим түзүү жана курулуш объекттерин бул жабдуулар жана материалдар менен комплектациялоо;
- зарыл болгондо жабдууларды жана материалдарды кампада кабыл алууну, эсепке алууну жана талаптагыдай сактоону ишке ашыруу;
- жабдууларга куроо алдында ревизия жүргүзүү жана графикке ылайык куроого жаткан жабдууларды, жабдууга карата техникалык документтерди – техникалык паспортторду, пайдалануу жана тейлөө боюнча нускамаларды подрядчыга өз убагында берүү.
5.1.5 Бүткөрүлгөн курулуш объекттерин кабыл алуу чөйрөсүндө:
- бүткөрүлгөн курулуш объекттери же аткарылган курулуш иштери боюнча кабыл алуу комиссиясынын ишин калыптандыруу жана жетектөө;
- тургузулган объекттин аткарылган курулуш иштерин кабыл алууга катышуу үчүн ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрүн чакыруу;
- кабыл алуу комиссиясына ченемдик-техникалык документтер менен каралган материалдарды берүү;
- объектти өз убагында пайдаланууга киргизүүнү камсыздоочу иш-чараларды жүргүзүү;
- подрядчыдан тургузулган объекттин аткарылган курулуш иштерин өз убагында кабыл алууну камсыздоо;
- подрядчыдан тургузулган объекттин аткарылган курулуш иштерин кабыл алуу актын тариздөө жана бекитүү;
- сыноо жана кабыл алуу мезгилинде объектти пайдалануу режимин аныктоо;
- подрядчыдан акт боюнча консервациялоого жаткан объекттерди кабыл алуу жана аткарылган иштердин жыйынтыктарынын сакталышы боюнча чараларды жүргүзүү;
- подрядчы жана эксплуатациялык уюм менен биргеликте пайдалануунун кепилдик мөөнөтүндө объектти текшерүүгө катышуу;
- жабдууларды комплекстүү сыноону камсыздоо.
5.2 Заказчынын функцияларынын тизмеги ар бир конкреттүү учурда заказчынын, инвестордун жана подрядчынын ортосундагы келишимдер менен, ал эми комплекстүү типтеги уюмдарда – бул уюмдун жетекчилигинин тескөө документтери менен такталат. Мында иштерди аткаруу жана аларды контролдоо функцияларын бир кызмат адамынын же бөлүмдүн айкалыштыруусуна жол берилбейт.
6.1 Заказчы объектти куруу боюнча ага жүктөлгөн милдеттерди ишке ашырууда, эгер инвестициялык процесстин катышуучуларынын ортосунда келишимдер менен башкача белгиленбесе, төмөндөгү укуктарга ээ:
-мамлекеттик органдарда, контролдоо жана көзөмөлдөө кызматтарында, коммерциялык уюмдарда конкреттүү инвестициялык долбоорду ишке ашыруу маселелерин кароодо инвестордун атынан чыгуу.
-келишимдик же башка шарттарда, консультант – эксперттер жана аткаруу инвестор тарабынан заказчынын кызматына жүктөлгөн милдеттерди аткаруучулар катары юридикалык жана жеке жактарды тартуу.
-инвестор менен келишим боюнча мамлекеттик муктаждыктар жана коммерциялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн объекттерди курууга заказды кабыл алуу.
-эгер колдонуудагы мыйзамга ылайык конкурс өткөрүү милдеттүү болуп саналбаса, долбоорлоочуну, подрядчыны тандоону жүргүзүү.
-инвестор тарабынан объектти курууга бөлүнгөн финансылык жана башка ресурстарга, мүлккө жана материалдык баалуулуктарга максаттуу багыты боюнча ээлик кылуу жана тескөө.
-ишти өндүрүүгө карата жумушчу документтерди, бюджеттик объекттер үчүн сметалык лимиттин чегинде сметаларды бекитүү.
-курулуп жаткан объектке баруу, керектүү аткаруу документтери менен таанышуу.
-ишти долбоордук-сметалык жана ченемдик-техникалык документтердин талаптарынан, ошондой эле түзүлгөн курулуш подряды келишиминин шарттарынан четтөө менен жүргүзүүдө ишти өндүрүүнү токтотуу.
-жумушчу жана аткаруу документтерин талаптагыдай тариздөө менен, иштерди аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө курулушта пайдаланылуучу курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын сапатына, аларды жеткирүү жана иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу мөөнөттөрүнө контроль жүргүзүү.
-объектти кабыл алуу жана пайдаланууга киргизүү.
-сынамдык пайдалануу, иштетүү мезгилинде жана пайдалануунун кепилдик мөөнөтүндө объектти пайдалануу режимин аныктоо.
-макулдашуу боюнча объектти курууну консервациялоо же токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу.
-иштетүү мезгилинде жана пайдалануунун кепилдик мөөнөтүндө объекттин иштөөсүнө көзөмөл жүргүзүү.
-инвестор жана подрядчы өздөрүнүн келишимдик милдеттенмелерин бир нече жолу бузганда алар менен келишимдик милдеттенмелерди аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу.
-подрядчынын күнөөсү менен курулуш подряды келишимин өзгөртүү же бузуу менен келтирилген чыгашалардын ордун толтурууну талап кылуу.
-подрядчынын макулдугу менен ага өзүнүн функцияларынын бир бөлүгүн белгиленген тартипте берүү, мисалы, “ачкычка чейин” курууда подрядчы курулуш жана аны камсыздоо боюнча бардык милдеттерди өзүнө алат жана келишим шарттарына ылайык заказчыга пайдаланууга даяр объектти тапшырышы керек.
6.2 Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүргүзүү.
7.1 Заказчы 4 жана 5-бөлүмдөргө ылайык өзүнүн милдеттерин жана функцияларын жана курулуш подряды келишими боюнча милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартат.
7.2 Заказчынын жоопкерчилигинин түрлөрү жана өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана курулуш подряды келишими менен белгиленет.
Заказчынын (курдуруучунун) аппаратын камсыздоого каражаттар, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык аныкталат.