Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ЖАНА
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-апрели № 208/7-4
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын иши жөнүндө маалымат берип турсун.
Тартылган министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Мамлекеттик программанын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө топтомо маалыматты Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берип турушсун.";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия тууралуу жободо:
- 1-пункту төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын уюмдарынын эмгек акыларын жана башка төлөмдөрүн накталай эмес формада төлөөгө которуу боюнча иш-чаралардын аткарылышын контролдоону.";
- 5-пунктунда:
үчүнчү абзацы "коммерциялык банктардан" деген сөздөрдөн кийин "жана юридикалык жактар бирикмеси түрүндөгү тармактык ассоциациялардан" деген сөздөр менен толукталсын;
- төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча иш-чараларды ишке ашырууда кыйла натыйжалуу көмөк көрсөтүү максатында Ведомстволор аралык комиссия жумушчу топторду түзүшү мүмкүн. Жумушчу топторунун курамына тийиштүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, ошондой эле акционердик коомдордун, юридикалык жактар бирикмеси түрүндөгү тармактык ассоциациялардын, коммерциялык банктардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери жана жетекчилери кириши мүмкүн;";
- 12-пунктундагы "3 күн" деген сөз "5 (беш) күн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- IV глава төмөнкүдөй мазмундагы 14-1-пункт менен толукталсын:
"14-1. Ведомстволор аралык комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому менен бекитилет.";
- 15-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги же" деген сөздөр алып салынсын;
жогору аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышына контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы |
С.Исаков |
| Т.Абдыгулов |
Тиркеме
Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын финансы-экономика маселелерин тейлеген вице-премьер-министри, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттигинин директорунун орун басары:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын директорунун орун басары:
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча),
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы башкармалыгынын төлөм системасынын методологиясы, талдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары;
"Банктар аралык процессинг борбору" жабык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстандын ишкерлер союзу" юридикалык жактар бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз Республикасынын рыноктор, соода ишканалар жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз Республикасынын жүргүнчүлөрдү автоташуучулар ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстандын банктар бирлиги" юридикалык жактар бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
"РСК Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
"Айыл Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
"Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
"KG төлөм системалар операторлорунун ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы башкармалыгынын төлөм системасынын методологиясы, талдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкери, Ведомстволор аралык комиссиянын катчысы.