Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-октябры № 405
Кыргыз Республикасынын Президентин 2011 - жылдын 30 - октябрында шайлоодо кошумча шайлоо бюллетендерин даярдоо жонүндө
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 15 -беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан арыздарда көрсөтүлгөн маалыматтар текшерилип, шайлоочулардын тизмесинин акыркы варианты түзүлгөн,ушуга байланыштуу, шайлоочулардын тизмесин тактоо процессинде шайлоочулардын тизмесинин азайып калгандыгынан айрым аймактык шайлоо комиссияларында ашыкча шайлоо бюллетендери чыккан, ал эми кээ бир аймактык шайлоо участкаларында шайлоочулардын тизмеси көбөйгөндүгүнөн шайлоо бюллетендеринин жетишсиздиги ачылган, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 «Учкун»ААКнын басмаканасында жетпеген сандагы 51 000 даана шайлоо бюллетендери аймактык шайлоо комиссияларына жеткирүү үчүн №1 тиркемеге ылайык даярдалсын
2 Ашык шайлоо бюллетендери чыккан аймактык шайлоо комиссиялары, ашык шайлоо бюллетендерин талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын. комерциялык эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусунда жок кылсын.
3 Ушул гоктом "'Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жаиа Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсү
Төрага | Т.Абдраимов |