Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРИЛИГИ
БУЙРУК
2017-жылдын 08-ноябры № 4
КРАЭ-20. «Абада жүк ташуунун эрежелери» «Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигини 2016 – жылдын 27-январындагы №1 буйругуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»
Евразия интеграциясынын шарттарында чет өлкөлөрдө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктук жана социалдык-экономикалык абалдарын жакшыртуу максатында 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем чыгаруу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өкүлдөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Жарандык авиациянын Эл аралык уюмунун (ИКАО) сунуш кылынган Практикасына жана Стандарттарына ылайык келтирүүнү камсыздоо максатында, ошондой эле, авиажүк ташуучунун жүргүнчүлөрдү тейлөөдө жана аба кемелеринин бортунда коопсуз ташууларды камсыздоодо авиажүк ташуучулардын чараларды өз учурунда кабыл алуусун камсыздоо максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. «КРАЭ-20. Абада жүк ташуунун эрежелери» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016 – жылдын 27-январындагы №1 буйругуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2.7-пункту төмөнкү үчүнчү абзац менен толукталсын:
«2 жаштан 12 жашка чейинки балдар (бир чоң жүргүнчү үчүн бекитилген аэропорттук жана административдик жыйымдардын тиешелүү тарифинин 50%);
- 4.1. пункту төмөнкү пунктчалар менен тоолукталсын
«4.1.4. Бир чоң жүргүнчү (эрезеге жеткен) өзү менен 2 жашка чейинки бир баланы алып өтсө болот (өзүнчө орун берилбейт). Жүргүнчү 2 жашка чейинки наристе үчүн өзүнчө орун брондосо болот, - мындай учурда билет 12 жашка чейинки балага жазылгандай таризделет. Ал эми экинчи, үчүнчү жана кийинки 2 жашка чейинки улуу бир адам менен бараткан балдарга авиабилеттер 12 жашка чейинки балдарга жазылгандай таризделет. 2 жашка чейинки балага Аба кеменин бортунда тамак-аш берилбейт. Эки баланы бир отургучта отургузууга жол берилбейт;
Ымыркайлар жана 2 жашка чейинки балдар учуунун бардык мөөнөтүндө аларды коштоп жүргөн адамдардын колдорунда болот. Сервистик тележкалардан кандайдыр бир буюмдардын түшүп кетип баланын башына жаракат келтирүүсүн болтурбоо үчүн ымыркайлардын башын иллюминаторду каратып кармоо керек;
«4.1.5 Балдарга кайсы жашта болсо да авариялык чыгуучу эшиктердин жанындагы орундуктарга отургузууга тыюу салынат»;
- 4.2.-пунктун 4.2.1.- пунктчасы төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
«4.2.1. Коштоп жүрүүчүсү жок балдар (жашы авиа жүк ташуучу тарабынан аныкталат) авиажүк ташуучунун көзөмөлүндө баланы коштоп жүрүүчүсү жок ташууга ата-энеси, багып алгандар, асыроочулар жана кам көрүүчүлөр тарабынан авиажүк ташуунун эрежелерине ылайык жазуу жүзүндө жазылган арызын каттоого алгандан кийин гана ташылат. Ата-энесинин, багып алуучулардын, асыроочулардын жана кам көрүүчүлөрдүн өтүнүчү боюнча авиажүк ташуучунун көзөмөлүндө учуу он алтыга чейинки жаштагы балдарга берилет;
Коштоочусу жок балдарды ташуу авиакомпаниянын түз үзгүлтүксүз учкан рейстеринде гана жүргүзүлөт (конуунун биринчи пунктуна чейин).
Бир рейсте коштоочусу жок алты баланы ташууга уруксат берилет. Рейсте мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөр бар болсо, коштоочусу жок ташылган балдардын саны авиажүк ташуучу тарабынан кыскартылат;
Коштоочусу жок баланын жашы жөнөтүүчү аэропортто жөнөтүү күнүн аныкталат. Коштоочусу жок бала авиакомпаниянын тастыкталган брондолгон билети жана ташуу үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды көрсөтүү менен таризделген Арыздын негизинде гана ташууга кабыл алынат.
Коштоочусу жок баланы тейлөө үчүн жыйымдар жөнөтүү/дайындоону тейлөөчү уюмдун пунктунда орнотулат. Жүк ташуучунун каалоосу боюнча баланы ташуу стандарттык отургучта классына карабастан, авиакомпания тарабынан орнотулган тиешелүү тарифти төлөө менен ишке ашырылат.
Коштоочусу жок балдарды ички рейстерде ташуу.
Коштоочусу жок баланы ташуу төмөнкүлөр болсо ташууга кабыл алынат:
-авиабилети;
-өздүгүн тастыктаган документтери;
-коштоочу адам жок баланы ташуу жөнүндө арыз (кепилдик милдеттенме);
-баланын ден соолугу жөнүндө медициналык маалымдама (зарыл болгондо).
Коштоочусу жок балдарды эл аралык рейстерде ташуу: Коштоочусу жок бала төмөндөгү документтери болгондо ташууга кабыл алынат:
- авиабилети;
- өздүгүн тастыктаган документтери, (туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, чет өлкөлүк паспорту жана /же визасы, эгер андайды кирген өлкөнүн эрежелери талап кыла турган болсо);
- коштоочусу жок баланы ташуу жөнүндө арыз (кепилдик милдеттенме);
- ата-энесинин бирөөнүн, багып алгандар, асыроочулар жана кам көрүүчүлөрдүн жашы жетелек Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсү жана кайсы өлкөгө, канча мөөнөткө бара тургандыгы көрсөтүлгөн нотариалдык таризделген макулдашуусу аркылуу жүргүзүлөт. Эгер ата-энесинин бирөө, багып алгандар, асыроочулар жана кам көрүүчүлөр Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүнө макул болбосо, баланын чыгып кетүүсүнүн маселеси соттук тартипте чечилет.
- баланын саламаттыгы жөнүндө медициналык маалымдама (зарыл болгондо);
Авиажүк ташуучу Кыргыз Республикасынын ушул Авиациялык эрежелеринде жана учуунун, дайындоонун же транзиттин тиешелүү мамлекеттик органдары аныктаган башка эрежелерде каралган талаптарды сактабаган учурда Эл аралык каттамдарда жашы жетелек балдарды ташуудан баш тартуу укугуна ээ;
- 4.3.- пунктагы «Майыптарды жана оорулуу жүргүнчүлөрдү ташуу» деген сөздү «Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана оорулуу жүргүнчүлөрдү ташуу» деген сөзгө алмаштырылсын жана андан ары КРАЭ-20 эрежесинен «майып» деген сөздү «Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген» деген сөз менен алмаштылсын;
- 4.3.-пунктун 4.3.6.-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
«4.3.6. Ооруп калган жүргүнчүлөр жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн медициналык препараттар, атайын креслолор/коляскалар авиажүк ташуучунун уруксаты менен аба кемесинин салонунда ташылат. Оорукчан жүргүнчүлөр жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар авариялык чыгуу эшиктерине жакын орундарды берүүгө тыюу салынат;
- 4.4.1. жана 4.4.2.-пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин:
«4.4.1. Кош бойлуу аялдарды ташуу бир бала боюнда болгондо төрөтүнө 4 (төрт) жума калган убакытка чейин жана эгиз балдар боюнда бар аялдарга төрөтүнө 8 (сегиз) жума калган мөөнөткө чейинки шартта жана боюнан түшүү коркунучу болбогон учурда учууга уруксат берилет.
Кош бойлуу аялдар:
- 28 жумалык кош бойлуу аялдар канааттандыраарлык саламаттыгы жөнүндө маалымдамасы жана учууга уруксаты бар болсо учууга болот;
- 28 жумадан 36 жумага чейинки мөөнөттө кош бойлуу аялдын канааттандыраарлык саламаттыгы жөнүндө тастыкталган медициналык бүтүмү, алмашуу картасы жана маалымдамасы бар болсо ташууга кабыл алынат;
- 32 жумага чейинки мөөнөттө эгиз же андан көп бала боюнда бар аялдар канааттандыраарлык саламаттыгы жөнүндө тастыкталган медициналык бүтүмү, алмашуу картасы жана маалымдамасы бар болсо ташууга кабыл алынат»;
«4.4.2. Кош бойлуу аялды ташуу, авиажүк ташуучу жүргүнчүнүн алдында анын саламаттыгы үчүн эч кандай жоопкерчилик тартпай турган шартта аткарылат, ал анын кепилдик милдеттенмеси менен тастыкталат, ошондой эле, эгер авиакомпаниянын өкүлүнүн канча айлык боюнда бар болсо да кош бойлуу аялдын коопсуз учуусунун мүмкүнчүлүгүнө күмөнү пайда болсо, авиакомпания жүргүнчүнү ташуудан баш тартуу укугуна ээ»;
- 4.4.- пункту төмөндөгү пунктчалар менен толукталсын:
«4.4.2.1 Авиакомпания эгер аялдын төрөт мезгили жакынкы 7 календарлык күнгө туш келип калса, медициналык бүтүмү бар болсо да учууга кабыл албайт;
«4.4.2.2 Төрөгөн аялды жана жаңы төрөлгөн ымыркайларды төрөттөн кийинки 7 календарлык күндүн ичинде ташууга жатпайт;
«4.4.2.3 Авиакомпания кош бойлуу аялды ташуудан баш тартууга укугу бар, эгер бул дайындалган пункттагы мамлекеттин иммиграциялык мыйзамдарынын талаптарында жөнгө салынган болсо;
«4.4.3 Кош бойлуу аялдарга авариялык чыгуу эшиктерине жакын орундарды берүүгө тыюу салынат»;
- 6.12.-пунктан кийин 6.13.-пункт менен төмөндөгү мазмунда толукталсын:
«6.13 «Жүк -200» ташуу;
«Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө каза болгон жарандарынын (жүк-200) Кыргыз Республикасына алып келүү жана приоритеттүү тартипте тейлөө менчик формасына карабастан авиакомпаниялар, жер бетиндеги аэропорттук кызматтар жана жүк ташуучу терминалдар тарабынан акысыз негизде аткарылышы керек» андан ары текст боюнча тизмелик номерлерин өзгөртүү менен;
- 9.3.-пунктун 9.3.1-пунктчасынын 3 абзацынан кийин төмөндөгү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«Рейс 2 сааттан кем эмес кечиккенде авиажүк ташуучу жөнөтүүчү жана аралык пункттардагы жүргүнчүлөр үчүн төмөндөгү кызматтарды уюштурууга милдеттүү:
- жүргүнчүнүн кол жүгүн сактоону уюштурууга;
- жети жашка чейинки баласы бар жүргүнчү үчүн эне жана баланын бөлмөсүн берүүгө;
- жүргүнчүгө кечигүүнүн себептери жөнүндө маалымат берүүгө.
Рейс 2 сааттан кем эмес кечиккенде авиажүк ташуучу ташуучу жөнөтүүчү жана аралык пункттардагы жүргүнчүлөр үчүн төмөндөгү кызматтарды уюштурууга милдеттүү:
- эки телефондук чалуу (акысыз) жана электрондук почта боюнча эки билдирүү жиберүүгө;
- жетишээрлик санда муздак суусундуктар жана ысык чай/кофе менен камсыздоого;
- жүргүнчүгө кечигүүнүн себептери жөнүндө маалымат берүүгө;
жүргүнчүнүн кол жүгүн сактоону уюштурууга;
Рейс 4 сааттан кем эмес кечиккенде авиажүк ташуучу, ташуучу жөнөтүүчү жана аралык пункттардагы жүргүнчүлөр үчүн төмөндөгү кызматтарды уюштурууга милдеттүү:
- ысык тамак менен камсыздоого жана андан ары күндүзү ар бир алты саатта жана түнкүсүн ар бир 8 саатта ысык тамак берүүгө;
- жүргүнчүгө кечигүүнүн себептери жөнүндө маалымат берүүгө;
- жүргүнчүнүн кол жүгүн сактоону уюштурууга;».
2. Бул буйрук расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттиги бул буйрукту аткарууга кабыл алсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Г.К.Абдралиевага жүктөлсүн.
Министрдин орун басары | А.И.Жусубалиев |