Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨНӨР ЖАЙ,
ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ЖЕР КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНУУ
БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИНИН
БУЙРУК
2018-жылдын 24-апрели №01-7/203
Пайдалуу кендерди ачык ыкма менен казуунун өндүрүштүк процесстеринин коопсуздугу жөнүндө Эрежелерди бекитүү тууралуу
(11-январындагы 2025-жылдын № 01-01/3, 2025-жылдын 7-июлундагы № 01-01/192 , 2025-жылдын 26-декабрындагы № 01-01/412 буйруктарынын редакциясына ылайык)
Адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүн, мамлекеттин же муниципалдык мүлктүн коопсуздугун камсыздоо жана коргоо, ачык ыкма менен пайдалуу кендерди казуунун өндүрүштүк процесстерининен келип чыккан кооптуу жана зыяндуу факторлордон коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” № 530 токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Тиркемеге ылайык Пайдалуу кендерди ачык ыкма менен казуунун өндүрүштүк процесстеринин коопсуздугу жөнүндө Эрежелер бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин Өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул буйрукту мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин жана аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул буйруктун көчүрмөсү, күчүнө киргенден кийин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
Төрага | У.Д.Рыскулов |
(Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 01-01/412 буйругунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын «Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө» мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана пайдалуу кендерди ачык ыкма менен казууда өндүрүш процесстерине карата талаптарды белгилейт
2. Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендерди ачык ыкма менен казууну ишке ашырышкан тоо-кен ишканаларына анын ичинде төмөнкүлөргө тиешелүү болуп саналат:
- пайдалуу кендерди, металл рудаларын, ошондой эле башка пайдалуу кендерди казууга жана иштетүүгө
3. Ушул Эрежелер тиешелүү болгон объекттер төмөнкүлөр болуп саналат:
а) пайдалуу кендерди ачык ыкма менен казууга байланыштуу:
- карьерлер;
- разрездер;
- тузпромыслдар;
- приисктер;
- драг жана жер снаряддар полигону;
- отвалдар;
- техногендик кендер
- траншеялар;
б) өзүнө пайдалуу кендерди ачык жана жер алдында казуу аркылуу ырааттуу жана биргелешкен иштетүүнү камтыган пайдалуу кендерди айкалышкан казуу;
4. Ушул эрежелер тиешелүү болгон өндүрүш процесстери болуп төмөнкүлөр саналат:
а) төмөнкү атайын тоо-кен жабдыктарынын комплекси менен ишке ашырган процесстер:
- бургулоочу орнотмолор менен;
- экскаваторлор менен;
- жүктөгүчтөр менен;
- өзү төгүүчү автоунаалар менен;
- жүктөп жеткирүүчү машиналар менен;
- комбайндар менен;
- драгалар менен;
- жер снаряддар менен;
- баро машиналар менен;
- майдалагычтар менен;
б) объекттердин жашоосун камсыздоо процессин камтыган, пайдалуу кендерди ачык ыкма менен казуу:
- энергия менен камсыздоо;
- энерго орнотмолорду эксплуатациялоо;
- чийки заттарды жана материалдарды транспорттоо.
5. Ушул Эрежелердин жоболору пайдалуу кендерди ачык ыкма менен казуу учурунда долбоорлоодо, курууда, эксплуатациялоодо, кеңейтүүдө, реконструкциялоодо, техникалык кайра жабдууда милдеттүү түрдө аткарылышы керек.
6. Антипирогендер - көмүрлөрдүн, рудалардын жана башкалардын от алып күйүүсүнө жолтоо болуучу заттар (суу, натрий силикатынын аралашмасы, кычкылдануу ингибаторлору).
Тоо-кен иштеринде эмгек коопсуздугу – тоо ишканаларында эмгектенүүчүлөрдүн өмүрлөрүнө же ден-соолуктарына зыян келтирүү менен байланышкан тобокелдиктерге жол берилбеген учурдагы эмгек шарттарынын абалы.
Жарылуу коопсуздугу – жарылуу мүмкүндүгү болбогон же жарылуу болгон учурда анын кесепетинен коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун адамдардын ден-соолугуна зыян келтирүүсүн болтурбоочу жана материалдык баалуулуктар сакталган шарттагы өндүрүш процессинин абалы
Ачуу (ачылган породалар) – пайдалуу кендерди жаап турган, ачык түрдөгү тоо-кен иштерин жүргүзүүдө алынууга жана орду которулууга жаткан тоо породалары.
Ачуу иштери- пайдалуу кендерди алуу үчүн аларды жаап турган бош породаларды алуу жана ордун которуу боюнча ачык түрдөгү тоо-кен иштери
Казылган боштуктар – пайдалуу кендерди жана ачылган породаларды алуунун натыйжасында карьердин контурунда пайда болгон боштук.
Тоо казылмасы – жер бетинде же анын астында тоо-кен иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында пайда болгон, массидеги көңдөй түрүндөгү курулма.
Тоо басымы – тоо-кен иштерин жүргүзүү менен шартталган порода массивиндеги, мурда тийилбеген массивдин катмарына кошумча күч келүүлөр (чыңалуулар).
Тоо-капиталдык иштер – капиталдык ачык тоо казууларын жүргүзүү боюнча иштер
Тоо-кен иштери – тоо казууларын жүргүзүү, бекемдөө жана колдоо боюнча жана пайдалуу кендерди алуу боюнча иштердин (процесстердин) комплекси.
Казып алуу иштери – пайдалуу кендерди жердин үстүнө алып чыгуу боюнча өндүрүш процесстеринин комплекси.
Жол берилүүчү тобокелдик – ошол учурдагы коомдук баалуулуктарда алгылыктуу деп эсептелген тобокелдик
Майдалоо – тышкы механикалык күчтөрдүн аракети алдында атайын машиналарда майдалоо, бөлүү, уруу, кесүү же ошолорду чогуу жасоо жолу менен минералдык сырьелордун же продукттардын бөлүктөрүнүн өлчөмүн кичирейтүү процесси. Майдалоонун төмөнкү түрлөрү бар: кесек, орточо жана майда.
Забой – жумуш кашаттарындагы мейкиндикте ордун которуп жүрүүчү, массивдеги же бузуудагы тоо породаларын алып чыгуу объектиси болуп саналган жер бети. Төмөнкүдөй түрлөрү бар: торец же каптал, фронталдык же узунан.
Коргоо чарасы (тууралоочу аракеттер) – тобокелдикти азайтуу үчүн колдонулуучу чара (аракет).
Капиталдык тоо казуулар – кенди же анын бир бөлүгүн ачууга арналган, пайдалуу кенди иштетүү үчүн ал жайгашкан жерге жеткиликтүүлүк түзгөн, ошондой эле тоо жабдыктарын жана машиналарды жайгаштыруу үчүн арналган казылмалар.
Консервациялоо - тоо-кен же кайра иштетүүчү ишкананы убактылуу токтотуу, ал үчүн долбоордо анын курулушуна тиешелүү иш-чаралар иштелип чыгат жана финансылык ресурстар түптөлөт.
Казуунун опурталдуу тереңдиги – жердин үстүңкү катмарынан баштап тоо-кен иштерин жүргүзүүдө тоо урунуулары же башка геодинамикалык кубулуштар пайда болушу мүмкүн болгон же инженердик-геологиялык жана гидрогеологиялык изилдөө иштеринин натыйжасында “Коркунучтуу” категориясы белгиленген тереңдик.
Ликвидациялоо – тоо казуучу же кайра иштетүүчү ишкана объектисинин ишмердигин токтотуу, ал үчүн долбоордо анын курулушуна тиешелүү иш-чаралар жана финансылык ресурстар каралат.
Тоо породаларынын кулашы – породалардын катмарларды бузуу менен жана массивден өзүнчө бөлүктөрдү жана чалмаларды бөлүү менен жылышы.
Отвал жасоо – ачылган породаларды отвалга жайгаштыруу процесси, ал карьерлерде ачуу иштеринин жүрүүсүнүн аяктоочу бөлүгү болуп саналат.
Ачык тоо казылмасы – карьердик талаанын чегинде түзүлгөн, белгиленген өлчөмдөргө ээ болгон жана пландуу ачык тоо-кен иштерин жүргүзүү мүмкүндүгүн берген чуңкур.
Ачык тоо-кен иштери – ачык тоо казылмаларында жер бетинде жүрүзүлүүчү тоо-кен иштери.
Иш өндүрүшүнүн паспорту – тоо-кен иштеринин түрлөрү жана аларды жүргүзүүнүн түрлөрү жөнүндөгү бардык маалыматтарды камтыган техникалык документ.
Бузулуу призмасы – кашаттын жантаймаларынын жумуш жана туруктуу бурчтарынын ортосунда түзүлгөн кашаттын жантайма тарабындагы массивдин туруксуз бөлүгү
Рудниктерди (карьерлерди) желдетүү – аракеттеги бардык тоо казылмаларында курамы боюнча талаптагыдай тазалыктагы атмосфераны жана тиешелүү жылуулук комфортту туруктуу сактап туруу. Табигый жана жасалма түрлөрү бар.
Өндүрүш процесси – конкреттүү материалдык байгерликти (руда, көмүр казуу) түзүүгө багытталган жана эмгектин негизги предметинин туруктуулугу менен мүнөздөлүүчү канайдыр бир уюштуруучулук жана технологиялык мазмундагы эмгек процесси.
Суунун, туз эритиндилеринин жарып чыгуусу – породалык целикти же перемычкаларды суунун, туз эритиндилеринин басымынын бузуусу жана тоо казылмаларын каптап калуусу
Өз алдынча күйүү – сырттан жылуулуктун агып келүүсүнөн көз карандысыз түрдө аба кислороду менен токтобостон өсүп отурган кычкылдануу реакцияларынын натыйжасында күйүүчү материалдын (көмүр, сульфид рудалары ж.б.) от алып күйүүсү.
Өз алдынча ысуу – кычкылдануунун натыйжасында сульфиддик рудалардын, көмүрдүн температурасынын табигый жогорулоосу. Өз алдынча ысуу опурталдуу температурага жеткенде өз алдынча күйүү келип чыгат.
Чаңдын санитардык ченеми – рудалык атмосферадагы чаңдын болуусуна жол берилген чек.
Тоо породаларынын жылуусу – тоо-кен иштеринин, породалардын физикалык-механикалык өзгөрүүлөрдүн жана башка себептердин таасири алдында породалардын тең салмактуулугунун бузулуусунун натыйжасында алардын жылуусу жана деформацияланышы.
Кенди ачык ыкма менен иштетүү системасы – кенди коопсуз, план ченемдүү жана экономдуу иштетүүнү камсыз кылуучу, ачуу жана казуу иштерин жүргүзүүнүн тартиби жана ырааттуулугу.
Авариялык материалдар склады – авариялык кырдаалдарды (өрт, суунун, газдын, суулуу чополордун жарып чыгуусу) жоюу үчүн арналган материалдык-техникалык ресурстар склады
Агып чыкма суулар – адамдын турмуштук жана өндүрүштүк ишмердигинде пайдаланылгандан кийин бөлүнгөн, аларды андан ары колдонууну эске алуу менен тазаланышы керек болгон суу
Технологиялык карта – татаал иштерди аткаруунун аныкталган тартиби жана ырааттуулугу, ал керектүү инструменттерди жана жарактарды көрсөтүү менен татаал иштерди жүргүзүүнүн коопсуздугун камсыздайт. Жабдыктарды техникалык тейлөө жана оңдоо даярдап чыгарган заводдун колдонмосунун (нускамасынын) негизинде ишке ашырылат. Тоо, транспорт машиналарын жана жабдыктарын (эксковаторлор, бургулоочу станоктор) жеткирүү жана аларды транспорт каражаттарында ташуу жогорку коркунучтагы ишке уруксат берүү-наряддарын толтуруу менен уюмдун технкалык жетекчиси тарабынан бекитилген техникалык карталарга ылайык жүргүзүлөт.
Технологиялык регламент – оптималдык технологиялык режимди, технологиялык процесстин операцияларын жүргүзүүнүн тартибин аныктоочу, талап кылынган сапаттагы продукцияны чыгарууну, эксплуатациялоонун коопсуз шарттарын, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо боюнча талаптарды камсыз кылуучу документ.
Тоо массасын транспорттоо – ачылып алынган породаларды жана пайдалуу кендерди казылуучу жерлерден тиешелүү түрдө отвалдарга жана керектөөчүлөрдүн кабыл алуу пункттарына (байытуучу фабрикалар, электр станциялары) же кампаларга ташуу процесси.
Ыйгарым укуктуу орган – өз ишмердигин энергетика жана кен байлыктарды пайдалануу жаатында ишке ашырган мамлекеттик орган.
Контролдоочу ыйгарым укуктуу орган – контролдоочу жана көзөмөлдөөчү функцияларына ээ болгон жана өндүрүш коопсуздук жаатында мамлекеттик көзөмөл жүрүзүүчү аткаруу бийлигинин органы
Тоо породаларынын туруктуулугу – породаларды алууда алардын тең салмактуулугун сактоо мүмкүндүгү.
§ 3. Пайдалуу кендерди ачык ыкма менен казуунун өндүрүштүк процесстеринин коопсуздугу боюнча жалпы талаптар.
7. Ушул берене пайдалуу кендерди ачык ыкма мнен казуунун өндүрүштүк процесстеринин коопсуздугу боюнча жалпы талаптарды белгилейт.
8. Пайдалуу кендерди ачык ыкма менен казып алууга байланыштуу объекттер Кыргыз Республикасынын «Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө» мыйзамына ылайык коркунучтуу объекттердин катарына кирет.
9. Пайдалуу кендерди ачык ыкма менен казып алуу процесстери тоо-кен ишканаларынын иштеринин толук цикли болуп саналат жана өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: долбоорлоо иштерин, пайдалуу кендерди ачык ыкма менен казып алуу менен байланышкан технологиялык процесстерди, тоо-кен иштерин механизациялаштырууну, технологиялык транспорттун иштөөсүн, желдетүүнү, суу агызууну, энергия менен камсыз кылууну, өрттөн жана радиациядан коргоону, жер казынасын жана айлана-чөйрөнү коргоону, ишканаларды консервациялоону жана жоюуну.
10. Пайдалуу кендерди ачык ыкма менен казып алууну ишке ашырышкан уюмдар ушул Эрежелер тарабынан каралган өндүрүш процесстеринин өнөр жайлык, радиациялык жана өрт коопсуздугунун талаптарын аткаруулары керек.
11. Тоо-кен иштери техникалык долбоорго жана мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган жана белгиленген геологиялык-маркшейдердик документация тарабынан макулдашылган тоо-кен иштерин өнүктүрүүнүн жылдык планына ылайык жүргүзүлүшү керек.
Катуу пайдалуу кендерди же анын бир бөлүгүн тажрыйбалык-өндүрүштүк иштетүүдө мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан макулдашылган жана уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилген тоо-кен иштерин өнүктүрүү планына жана долбооруна ылайык ишке ашырууга жол берилет.
12. Тоо бөлүндүлөрүнүн аймагына имараттарды жана курулмаларды куруу, тоо-кен иштеринин объекттеринде курулуш монтаждоо жана атайын курулуш иштерин атайын коопсуздук эрежелерин эске алуу менен жүргүзүү керек.
13. Тоо-кен иштеринин объекттеринин өндүрүштүк аянтынын айланасында санитардык коргоо аймагы белгиленет, анын өлчөмү долбоор тарабынан санитардык коопсуздук жаатындагы талаптарга ылайык аныкталат.
14. Пайдалуу кендерди ачык ыкма менен казып алууга байланыштуу объектти жоюу жер казынасын колдонууда бузулган жер участокторун андан ары пайдаланууга жарактуу абалга келтирүү менен коштолуусу керек.
15. Катуу пайдалуу кендерди казып алуу боюнча жардыруу иштери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы бекитилген №521 “Жардыруу иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелери” токтомунун талаптарын сактоо менен жүргүзүлөт.
16. Тоо-кен ишканаларын куруу жана эксплуатациялоо боюнча иштерди жүргүзүшкөн ишканалар өзүнүн курамында маркшейдердик (геодезиялык) жана геологиялык кызматы болушу керек же адистештирилген уюмдарды тартуусу керек.
17. Тоо-кен иштеринин объекттеринде геологиялык-маркшейдердик иштер геологиялык-маркшейдердик иштер өндүрүшү жана жер казынасын коргоо жаатында ченемдик-укуктук актылардын талаптарын эске алуу менен жүргүзүлүшү керек.
18. Тоо-кен ишканаларында гидрогеологиялык байкоолор жана изилдөөлөр өндүрүштүк коопсуздукту камсыздоочу төмөнкү негизги иш-чараларды аткаруу максатында өзүнө кенди иштетүүнүн гидрогеологиялык шарттарын иликтөөнү жана баалоону камтышы керек:
- сууга чөгөрүлгөн участоктордон же суу көп болгон породалардан жана казылган жерлер менен кесилишкен тектоникалык аймактардан суунун жарып чыгуу мүмкүндүгүнүн алдын алуу;
- казылган жерлерди коргоо жана жылышкан же бузулган аймактар аркылуу суу агымынын күчөшүнөн улам кыйроолордун болушунун алдын алуу;
- суу көп болгон жерлердеги тектердин туруктуулугун алдын ала божомолдоо;
- иштелген жерлерди кургатуу боюнча, ошондой эле сууну оптималдуу агызып чыгаруу системасын тандоо боюнча, жер казынасын коргоону жана рудникалык сууларды рационалдуу колдонууну эске алуу менен аракеттеги системаларды реконструкциялоо боюнча сунуштарды түзүү.
19. Маркшейдердик жана геодезиялык кызматтар төмөнкүлөрдү камсыздоого милдеттүү:
- тоо-кен иштерин коркунучтуу жүргүзүүнүн чектерин натурага алып чыгуу;
- тоо породаларынын жана жер кыртышынын жылуу процесстерине, казылган жерлердин деформациясына, ошондой эле жер бетиндеги имараттарга жана курулмаларга инструменталдык байкоо жүргүзүү;
- тоо-кен иштерин жүргүзүүнүн коопсуздугун, айлана-чөйрөнү, имараттарды жана курулмаларды ошол иштердин жагымсыз таасиринен коргоону камсыздоочу иш-чараларды өз учурунда жана натыйжалуу аткаруу боюнча долбоордун талаптарынын аткарылышын контролдоо, ошондой эле маркшейдердик жана геодезиялык кызматтардын ишмердигине тиешелүү болгон башка иш-чараларды аткаруу.
20. Пайдалуу кендерди ачык ыкма менен казып алууну ишке ашырышкан уюмдардын (бөлүмчөлөрдүн) жетекчилери жана адистери тиешелүү билимге ээ болуулары керек жана өдүрүштүк коопсуздук жаатында аттестациядан өтүп туруулары керек (үч жылда бир жолу). Ишканалардын жана бөлүмчөлөрдүн жетекчилерин аттестациялоо ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын өндүрүштүк коопсуздук боюнча аттестациялык комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт. Калган инженердик-техникалык кызматкерлерди аттестациялоо алар иштеген ишкананын өндүрүштүк коопсуздук боюнча аттестациялык комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт.
Пайдалуу кендерди ачык ыкма менен казып алуу боюнча өндүрүш процессинде иштеген кызматкерлер алар аткарган иштерге ылайык кесиптик билимге ээ болуулары керек, аткарылуучу иштердин коопсуздугу боюнча нускамадан өтүүлөрү жана эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча адистер тарабынан кесиптери боюнча нускоодон өтүп, билим деңгээлдери текшерилип турушу керек.
Тоо-кен иштеринде иштеген жумушчулар авариялык билдирүүлөрдүн сигналын, авария болгон учурда өзүн алып жүрүү эрежелерин, сактоочу каражаттардын жайгашкан ордун жана аларды колдонууну билүүлөрү керек. Технологиялык процесстерди коопсуз жүргүзүү, машиналарды жана механизмдерди коопсуз тейлөө жана эксплуатациялоо боюнча нускамалар оңой жетүүчү жерлерде болушу керек. Жумушчулар алты айда бир жолудан аз эмес эмгек коопсуздугу боюнча кайрадан нускамадан өтүп туруулары жана бир жылда бир жолудан аз эмес эмгек коопсуздугун билүү жагынан текшерүүдөн өтүп туруулары керек. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы нускоо журналына же жумушчунун жеке карточкасына жазуу менен протокол аркылуу таризделет.
Кесиптерди айкалыштыруу менен аткарышкан жумушчуларга эмгек коопсуздугу окутулуп, алар айкалыштырып аткарган иштердин бардык түрү боюнча инструкциядан өтүүлөрү керек.
21. Жумушка алынган бардык адамдар милдеттүү түрдө эмгек коопсуздугу боюнча нускамадан өтүп, иштерди аткаруунун коопсуз усулдарын жана ыкмаларын, жабыр тарткандарга алгачкы жардам көрсөтүүнү үйрөнүүлөрү керек.
22. Пайдалуу кендерди ачык ыкма менен казып алуу объектилеринде тоо-кен жана жардыруу иштеринин техникалык жетектөөгө тоо техникалык жогорку же орто билимге ээ, өндүрүш коопсуздугу боюнча тиешелүү аттестациядан өткөндөн кийин көрсөтүлгөн иштерди аткарууну уюштуруу боюнча буйрук менен жол берилген адамдарга уруксат берилет.
23. Тоо-кен жардыруу иштеринин объектилеринин ар бир иш ордунда өндүрүш процесстеринин коопсуздугу камсыз болушу керек. Тоо-кен жардыруу иштеринин объектилеринин ар бир иш орду желдетүү, жарыктандыруу, авария жөнүндө билдирүү каражаттары менен камсыз болушу керек.
24. Пайдалуу кендерди ачык ыкма менен казып алууга байланыштуу коркунучтуу өндүрүш объектилерин эксплуатациялоону ишке ашырышкан уюмдар өнөр жай коопсуздугунун талаптарынын аткарылышына өндүрүштүк контрол уюштурууга жана жүзөгө ашырууга милдеттүү. Уюмдар өндүрүш коопсуздугун камсыздоого, бүтүндөй объектте жана ар бир иш ордунда (иш орундарын аттестациялоо) коркунучту баалоонун негизинде коргоо иш-чараларын уюштурууга жана иштеп чыгууга милдеттүү.
25. Иштерди аткаруу жазуу түрүндөгү наряд-тапшырма боюнча ишке ашырылат. Коопсуздуктун жогорулатылган талаптар коюлган иштерди аткаруу жазуу түрүндөгү уруксат-наряды боюнча ишке ашырылат.
Наряд-тапшырманы же уруксат-нарядын берүү тартиби уюмдун жетекчиси тарабынан аныкталат.
26. Пайдалуу кендерди ачык ыкма менен казып алууга байланыштуу ар бир объектте жашоо камсыздоо объектине, кызматтык имараттарга, орун жайларга жана курулмаларга чоочун адамдардын кирүүсүнө жол бербөө максатында күзөт системасы болушу керек.
Мындай объекттердин тизмеси ишкананын жетекчиси тарабынан аныкталат.
27. Пайдалуу кендерди ачык ыкма менен казып алууга байланыштуу коркунучтуу өндүрүш объектилерин эксплуатациялоону ишке ашырышкан уюмдарда адамдарга жана өндүрүш объектилерине коркунуч жараткан кооптуу жагдайлар пайда болгон учурда жумушчулардын жана кызмат адамдарынын жасай турган аракеттеринин тартиби аныкталуу болушу керек.
Адамдарга жана өндүрүш объектилерине коркунуч жараткан кооптуу жагдайды байкаган ар бир жумушчу ал тууралуу сменанын техникалык жетекчисине кабарлашы керек, ошондой эле коркунучка кептелген адамдарга эскертүүсү керек.
28. Катуу пайдалуу кендерди казып алуу үчүн арналган технологиялык жабдууларды өндүрүүчүлөр өдүрүшкө жеткиликтүүлүккө, эксплуатациялоого киргизүүгө жана Бажы союзунун 010/2011 “Машиналардын жана жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине ылайык жабдууларды катуу пайдалуу кендерди казып алуу өндүрүш процесстерине колдонууга жеткиликтүүлүккө ээ болушу керек.
29. Ар бир уюмда катуу пайдалуу кендерди казып алууну жүргүзүүдө ишканадагы өндүрүш нускамасынын алкагында коопсуздукту камсыздоо үчүн ар бир жумушчунун жоопкерчилиги регламенттелиши керек.
30. Коркунучтуу объектте болгон бардык кырсыктар, авариялар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте катталууга, иликтенүүгө жана эсепке алынууга жатат.
§ 4. Ишканаларды жайгаштырууга, өндүрүштүк аянттарга, тоо массасын жыйноого жана аймакты кармоого карата коопсуздук талаптары
31. Карьердин аянтчалары, имараттарды жана өндүрүштүк, санитардык-турмуштук курулмаларды жайгаштыруу жергиликтүү климатты, рельефти, жаратылыш желдетүүнү жана өндүрүштөн чыккан булганычтардын атмосферада таркап кетүү шарттарын эске алуу менен аракеттеги жер, суу, токой, шаар куруу жана башка мыйзамдарга ылайык долбоорлоо алдындагы стадияда тандалат. Негиздеринде альтернативдүү иштеп чыгуулар, эсептөөлөр, анын ичинде куруу, тоо кен объектисин реконструкциялоонун жана эксплуатациялоонун натыйжасында санитардык-гигиеналык кесепеттерди эсептөөлөр аткарылышы керек.
32. Пайдалуу кендерди ачык ыкма менен казып алуу ишканаларын куруунун (реконструкциялоонун) долбоордук материалдары өндүрүштөрдүн жана бүтүндөй ишкананын аймагын, өндүрүш объекттеринин жана курулмалардын санитардык классын, чаң-газ чыгуулары жана агынды сууларды тазалоо боюнча курулмалардын мүнөздөмөсүн, суу айлануу системасын жана өндүрүш таштандыларын негиздөө боюнча бөлүмдү камтуусу керек.
Тоо-кен өндүрүшүнүн өнөр жай объекттери үчүн санитардык коопсуздук жаатындагы ченемдик-укуктук актылардын талаптарына ылайык санитардык-коргоо аймактары белгиленет.
33. Карьердин администрациялык-чарбалык жана санитардык-турмуштук имараттары өндүрүш имараттарына (аба булгай турган булактары бар болсо), жүктөө-түшүрүү иштерин жүргүзүү үчүн ачык аянттарга, котельныйларга карата шамал соккон жагында жайгаштырылышы керек. Административдик-турмуштук имараттар ачык тоо-кен казууларынан 300 метрден кем эмес алыс жайгаштырылышы керек.
34. Катуу пайдалуу кендерди, бош породаларды жана таштандыларды жыйноо үчүн атайын аянттар каралышы керек, алар жакшы желдетилген, жарыктандырылган, жетишерлик сыйымдуу, ошондой эле жүктөө-түшүрүү операцияларын толук механизациялаштыруу жана алардын коопсуз болушун шарттаган көтөрүүчү-транспорттук каражаттар менен камсыз болушу керек. Тоо массасын жүктөө жана түшүрүү үчүн колдонулуучу жабдууларда чаңды натыйжалуу басаңдата турган каражаттары болушу керек.
35. Тоо массасын төгүү үчүн участокторду жер кыртышын, жер алдындагы сууларды жана ачык көлмөлөрдү булгоо мүмкүндүгүн болтурбай турган техникалык чечимдерди жана иш-чараларды ишке ашырууга жол берген бош, чөкпөй турган жерлерде жайгаштыруу керек. Отвалдар жана калдык сактоочу жайлар чөгүп кетүүчү жана көөп чыгуучу кыртыштуу участоктордо, ошондой эле жер алдындагы суулуу катмарлардын горизонттору тосуп калуучу породалардан начар коргологон шарттарда жайгаштырылбашы керек.
36. Транспорт жүрүүчү жолдорду, жөө адамдар жүрө турган жолчолорду жана аянтчаларды аракеттеги ченемдик документтердин талаптарына ылайык куруу керек. Карьерлерди калктуу конуштардын чектериндеги байытуу фабрикалары жана породалык отвалдар менен байланыштырган жолдор, ошондой эле фабрикаларга жана калктуу конуштарга эки километрден кем эмес бойлой жакын жайгашкан жолдор катуу кыртыш менен жабылышы керек. Карьерлер байытуучу фабрикалардан өтө алыс болгон учурда калктуу конуштан тышкары жерлерде жолдорду шагыл жана кум менен жабууга жол берилет. Жылдын жылуу, кургак мезгилинде жолду таза суу же туздуу суу аралашмасы менен нымдап туруу керек.
37. Пайдалуу кендерди иштетүүдө суу ресурстары аракеттеги ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык колдонулушу керек.
Суу колдонуучу ишканалар жер үстүндөгү сууларды коргоого карата аракеттеги гигиеналык талаптарга ылайык жер үстүндөгү сууларды санитардык коргоону камсыз кылышат.
38. Өндүрүштүк объекттерди суу менен камсыз кылуу схемасында айландыруу циклдери, агындыларды локалдык тазалоо, агынды суулардан өндүрүштүн баалуу таштандыларын алып чыгуу каралышы керек.
39. Жер үстүндөгү сууларга агынды сууларды кошуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2016-жылдын 14-мартындагы №128 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жер үсүндөгү сууларды коргоо эрежелерине” ылайык ишке ашырылат.
40. Бийик тоолуу аймактарда (3000 метрден жогорку чектерде) жайгашкан тоо-кен ишканаларындагы тазалоочу курулмаларда жабык типтеги отстойниктер болушу керек. Бул талап сезон учурунда, б.а. жылдын жылуу мезгилинде иштөөчү тазалоочу курулмаларга жайылтылбайт.
41. Порода отвалдарын жана иштетилген шлам сакталуучу желерди ачуу иштеринин аймактары өндүрүштүк жана экологиялык коопсуздук экспертизадан өткөн долбоордук чечимдерге ылайык техникалык жана биологиялык ркультивациялоодон өтүүсү керек.
42. Бош породалардын отвалдарынын үстүнө эрозияга каршы бекемдөөлөрдү колдонуу керек. Отвалдарды жайгаштыруу аракеттеги ченемдик документтердин талаптарын эске алуу менен жүргүзүлөт.
43. Ишкананын аймагын санитардык тазалоо өндүрүштүк таштандылардын коркунучтуулугунун классына жана сапаттык курамына жараша аларды өз учурунда жыйноону, четтетүүнү жана утилизациялоону камсыз кылышы керек.
44. Өндүрүш объекттеринин аймагынан чыккан агынды сууларды жана жер тамандын жуундуларын көлмөлөргө кошоордун алдында локалдык тазалоодон өтүшү керек же жалпы тазалоочу курулмаларга жөнөтүлүшү керек.
45. Пайдалуу кендерди казып алуулардын айлана-чөйрөнүн башка компоненттерине таасир этүүүсүн минималдаштыруу максатында тоо-кен иштерин ачык ыкма менен жүргүзүүдө амортизациялык мөөнөтү жасаган завод тарабынан белгиленген мөөнөттөн өткөн тоо-транспорт жабдууларын колдонууга жол берилбейт. Ишканаларда тоо-транспорт жабдууларынын эксплуатациялык мөөнөтүн котролдоону тоо-транспорт жабдууларын коопсуз эксплуатациялдоо үчүн жооптуу адам ишке ашырат.
46. Пайдалуу кендерди иштетүүгө долбоордуук документацияларында камтылган иш-чаралар көрсөтүлүшү керек:
- атмосфералык аба, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн коргоосу боюнча;
- сууну коргоочу зоналарын камсыздоо;
- кыртыштык-өсүмдүк катмарын алуу жана аны атайын бөлүнгөн жерлерде сактоо;
- ызы-чуу жана дирилдөө таасирин азайтуу;
- курчап турган чөйрөнүн мониторингин жүргүзүү.
2-бап.
Пайдалуу катуу кендерди ачык ыкма менен казып алууда коопсуздук талаптары.
47. Пайдалуу катуу кендерди ачык ыкма менен казып алуу кенин иштеткен уюмдар төмөнкүлөрдү камсыздоого милдеттүү:
- тоо-кен иштерин өнүктүрүүнүн пландарынын (программаларынын), долбоорлорунун техникалык талаптарын сактоо, ченемден жогорку жоготууларды болтурбоо жана пайдалуу катуу кендерди тандап иштетүү;
- кенди колдонуу процессинде геолоиялык, маркшейдердик жана башка документацияларды жүргүзүү жана аны сактоо;
- чалгынданган, алынган жана кенде калтырылган пайдалуу катуу кендердин кору, андагы камтылган компоненттер тууралуу чындык маалыматтарды геологиялык маалыматтардын мамлекеттик фондуна жана мамлекеттик статистика органдарына берүү;
- кенди, атмосфералык абаны, жерлерди, токойлорду, сууну, ошондой эле имараттарды жана курулмаларды кенди пайдалануу менен байланышкан иштердин таасир этишинен сактоо;
- кенди пайдаланууда бузулган жер участокторун аларды андан ары пайдаланууга жарактуу абалга алып келүү;
- чалгындоочу тоо казууларын жана кендерди иштетүүдө жана (же) башка чарбалык максаттарда колдонулушу мүмкүн болгон бургулоо скважиналарын сактоо;
- пайдаланууга жатпаган тоо казууларын жана бургулоо скважиналарын белгиленген тартипте жок кылуу;
- лицензиялык шарттарды аткаруу.
48. Траншеяларды жүргүзүү, уступтарды, драг полигондорун иштетүү, отвалдарды көмүү инженердик-гелогиялык шарттарды жана уюмдун техникалык жеткечиси тарабынан бекитилген өндүрүш иштеринин локалдык долбооруна (пасаортуна) ылайык колдонулуучу жабдууларды эске алуу менен жүргүзүлүшү керек.
Паспортто иш аянтчаларынын, бермдин, жантайыңкы бурчтардын, кашаттын, бузулуу призмаларынын, тоо-кен жана транспорт жабдууларынан кашаттын кырында же отвалга чейинки аралыктын жол бериле турган өлчөмү көрсөтүлөт.
Паспорттун аракеттенүү мөөнөтү тоо-кен иштерин жүргүзүү шарттарынан көз каранды. Тоо-геологиялык шарттар өзгөрүүлгөн учурда паспорт кайра каралып чыкканга чейин тоо-кен иштерин жүргүзүү токтолуа турууга тийиш.
Техникалык көзөмөлдөөчү адамдар, паспорт тарабынан белгиленген иштерди жүргүзүүчү жана алар үчүн паспорттун талаптары милдетүү болуп саналган адистер жана жумушчулар паспорт менен кол коюу аркылуу таанышуулары керек.
Бекитилген паспортсуз жана андан четтөө менен тоо-кен иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
49. Иштетүүнүн колдонулуучу усулдары иш жүргүзүлгөн жана адамдар өтүүчү жерлердеги борттордун, кашаттардын жана бермдердин туруктуулугун камыздоолору керек. Кашаттын иштөө аянтын колдонуу зарыл болгон учурда анын туурасы жана бийиктиги аянтчаны тазалоо, бортторду, кашаттарды жана бермдерди даярдай турган жабдуунун тибине, ошондой эле аянтта иштей турган адамдардын жана жүрө турган транспорт каражаттарынын коопсуздугун камсыздоо шарттарына ылайык келгидей болушу керек.
Адамдар үчүн коркунуч жараткан кыртыш катмары андай участокто башка иштерди жүргүзүүгө же жүрүүгө наряд берилгенге чейин алынышы керек же бекемделиши керек.
50. Порода суу, суунун чачырандысы же башка суюктук менен жуулуп иштетилген карьерлерди кашаттын башына кашаттын эки эселенген бийиктигине барабар аралыктан жакын келүүгө тыюу салынат. Суу чачыратуучу механизмдер токтогон учурда мурда тыюу салынган зонага барууга болбойт, эгерде зона компетенттүү адам тарабынан текшерилип, коопсуз деп жарыяланбаган болсо. Суу бүркүү иштери улантылганга чейин бардык жумушчулар зонага келтирилбеши керек.
51. Кашаттарды жабууда, аларды чекке жеткен абалга коюуда борттордун долбоор тарабынан бекитилген жалпы жантаюу бурчтарын сактоо керек
Коргоочу бермдердин туурасынан коюлгн профилдери горизонталдуу болушу керек же ачык тоо-кен иштеринин объектисинин (карьердин) борту тарабына жантайып турушу керек. Жумушчулар системалуу түрдө өтүп туруучу бермаларга тосмолор коюлуп, маал-маалы менен шагылдардан жана породалардын урандыларынан тазаланып турушу керек.
52. Ачык тоо-кен иштеринин объектилеринде алардын бортторунун, траншеялардын, кашаттардын, жандаймалардын жана отвалдардын абалына үзгүлтүксүз контрол жүргүзүлүп турушу керек. Породалардын жылышуулары аныкталган учурда иштер токтотулуп, алардын туруктуулугун камсыздоо боюнча чаралар колдонулушу керек. жетекчи тарабынан бекитилген Коопсуздуктун керектүү чараларын караган, иштерди уюштуруунун техникалык долбоору боюнча анын чечими менен иштер улантылышы мүмкүн.
53. Тазалоо иштери жүргүзүлүп жаткан зонада коопсуздукту камсыздоо үчүн кашаттарды навистерден, козыректордон тазаланып, заколдор алынып турушу керек
54. Жер алдындагы казындылардын же карстардын кесепетинен уроолор же түшүп кетүүлөр орун алуусу мүмкүн болгон зоналарда иштөөдө жумуштун коопсуздугун камсыз кылуучу атайын чаралар (алдыңкы чалгындоо бургулоо, жардыруу учурунда кулоолор орун алышы мүмкүн болгон зонага жакын забойлордон тоо-кен машиналарын алыстатуу ж.б.) колдонулушу керек. Ошону менен бирге борттордун жана аянтчалардын абалына мракшейдердик тыкыр байкоолорду жүргүзүп туруу зарыл. Породалардын жылышуусу байкалган учурда иштер токтотулушу керек жана уюмдун техникалык жетекчиси тарабынан бекитиген жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан макулдашылган, коопсуздуктун кошумча чараларын камтыган, иштерди уюштуруунун атайын долбоору боюнча гана кайра улантылышы мүмкүн.
55. Өз алдынча күйүүсү мүмкүн болгон катуу пайдалуу кендерди иштетүүдө ачуу жана алууга даярдык ошол коркунучту эске алуу менен жүргүзүлүшү керек.
Аларга өз алдынча күйүүсү мүмкүн болгон породаларды жайгаштыруу менен породалык отвалдарды түзүүнү уюмдун техникалык жетекчиси тарабынан бекитилген профилактикалык иш-чараларды ишке ашыруу менен жүргүзүлүшү керек.
56. Көчкү жана сел жүрүү коркунучу орун алган жерлерде иштерди жүргүзүүдө кар көчкүсүнөн жана селден коргоо боюнча чараларды жүргүзүү зарыл.
57. Эски жана суу толгон казындылар жана жер үстүндөгү көлмөлөр тоо-кен иштеринин планында көрсөтүлүшү керек.
58. Суу толгон казындыларга жана көлмөлөргө жакын жерде тоо-кен иштери суунун жарып чыгуусунун алдын алуу максатында долбоор тарабынан каралган атайын целиктерди калтыруу менен жүргүзүлүшү керек.
59. Жумушчуларга жана жабдыктарга коркунуч жараткан жерлерде (көлмөлөр, суу толтурулган казындылар ж.б.) алдын ала эскертүүчү белгилер орнотулушу керек.
60. Ачык тоо-кен иштеринин объектилеринин өндүрүш аянтчаларынын айланасында санитардык-коргоо зонасы белгилениши керек, анын өлчөмү экологиялык коопсуздук боюнча экспертизадан өткөн долбоор тарабынан аныкталат.
61. Кашаттын бийиктиги тоо породаларын жана пайдалуу кенди физикалык-математикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын, ошондой эле алардын орун алган шарттарынын тоо-геологиялык шарттарын жана жабдыктардын параметрлерин эске алуу менен долбоор тарабынан аныкталат.
Бийиктиги 30 метрге чейин жеткен кашаттарды катмарлап иштетүүгө жол берилет, мында забойдун бийиктиги эксковатордун сузуусунун максималдык бийиктигинен ашпашы керек. Кашаттарды катмарлап иштетүүдө кашаттын кырынан тоо массасынын кесектеринин кулоосуна (жантайыңкы бугулоо, контурдук жардыруу, кашат кырынын уроосу ж.б.) жол бербей турган коопсуздук чаралары ишке ашырылышы керек.
Гидравликалык экскаваторлор жана жүктөгүчтөр колдонулган учурда забойдун коопсуз бийиктиги эксковатордун (жүктөгүчтүн) сузгучунун кыймылын эске алуу менен аныкталат.
Канаттык экскаваторду колдонууда забойдун бийиктиги төмөнкүлөрдөн ашпоосу керек:
- экскаватордун челүүсүнүн максималдуу бийиктигинен;
- драглайндын, көп сузгучтуу чынжырлуу жана ротордук экскаваторлордун бийиктигинен;
- жумшак жана эшилме породаларды иштетүүдө – 3м., жумшак бирок туруктуу, ошондой эле катуу монолит тыгыз породаларды иштетүүдө – 6м.
Бургулоо-жардыруу иштерин колдонуу менен породаларды иштетүүдө развал бийиктиги боюнча тектирчелерге бөлүнгөн шартта же навистердин жана козыректордун коопсуз кулоосу боюнча атайын иш-чаралар иштелип чыккан шартта кашатты экскаватордун челүүсүнүн бир жарым бийиктигине чейин көбөйтүүгө жол берилет.
Көмүр пласттарын механикалык күрөктөр менен бир кашаттын бийиктиги 30 метрге чейин кылып иштетүүгө жол берилет, кээ бир учурларда (өнөр жай коопсуздук жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча) кашаттарды 65 градус жантайыңкы бургуланган скважиналар менен жардырган жана кашат навистерден үзгүлтүксүз тазаланып турган шартта 40 метрге чейин бийиктикке жол берилет.
62. Жумушчу кашаттардын жантаймаларынын бурчтары тоо породаларынын физикалык-механикалык сапаттарын эске алуу менен аныкталат жана төмөнкүлөрдөн ашпоосу керек:
- мехинакалык күрөк тибиндеги экскаваторлордун, драглайндардын жана ротордук экскаваторлордун иштөөсүндө - 80°тан;
- Көп сузгучтуу ылдай жактан сузуучу, чынжырлуу экскаваторлордун иштөөсүндө жана жумшак, эшилме породаларды кол менен иштетүүдө – ошол пордалардын өзүнүн жантаймасынан.
63. Ачык тоо-кен иштеринин объектилеринин (карьердин) бортторунун жантаймасынын бурчтары, борттун убактылуу консервацияланган участоктору жана бүтүндөй борттор (туруктуулук бурчтары) долбоор тарабынан белгиленет жана борттордун жана карьердин жантаймасын баалоо боюнча оң жыйынтык чыгарган болсо, илимий изилдөөлөрдүн маалыматтары боюнча эксплуатациялоо процессинде оңдолушу мүмкүн.
64. Ачык тоо-кен иштеринин объектисинин жумуш аянтчаларынын туурасы алардын багытын, ошондой эле аларда тоо-кен жана транспорттук жабдыктардын, таранспорттук коммуникациялардын, электр жабдуу жана байланыш линияларынын жайгашуусун эске алуу менен долбоор тарабынан аныкталат.
65. Карьерде тоо породаларын бургулоону, тоо массасын алып чыгууну, жүктөөнү жана жеткирүүнү, отвал уюштурууну кошо алгандагы тоо-кен иштеринин өндүрүш процесстери катуу пайдалуу кендерди иштетүүнүн натыйжалуулугун жана коопсуздугун камсыздоосу керек.
66. Бургулоо иштерин жүргүзүү үчүн жумуш орду төмөнкүлөр менен камсыз болушу керек:
- иштердин даярдоо фронту менен;
- оң абалдагы бургулоочу интсрумент менен;
- бургулоого паспорт, техникалык карта менен.
Бургулоо башталганга чейин жарылбай калган заряддарды, детонация берүүчү кендирдин тытылбай калган бөлүгү жана башка коркунуч булактары жок экендигин ырастоо үчүн участок тоо мастери жана жардыруучу мастер тарабынан каралып чыгуусу керек.
Бургулагандан кийин скважинанын устьеси (диаметри 150мм же андан ашык болсо) тыгын менен жабылышы керек.
67. Бургулоо орнотмосу тегиз бетте эксплуатацияланышы керек. Кашатта иштөөдө орнотмону кашаттын жогорку кырынын 3 метрден кем эмес аралыкта жайгаштыруу керек, кырга өзгөчө жакын скважинаны бургулоодо, мындай учурда орнотмонун машинистинин арка жагы кашаттын жогорку кырына багытталышы керек.
68. Перфораторлор жана электр тешкичтери менен бургулоодо жумуш бермасынын туурасы 4 метрден кем болбошу керек.
69. Бургулоочу жана казуучу машиналардын кабиналары оператор аянтчанын машинага жакын бөлүгүн ар дайым көрүп тургандай болуп жабдылышы керек.
70. Бургулоочу жана казуучу машиналар иштеген участоктор байланыш каражаттары жана машинанын оператору менен камсыздалышы керек.
Экскаваторлордун, бугулоосу станоктордун жана башка эксплуатациялануучу механизмдердин кабиналары жылууланып, коопсуз жылытуучу приборлор менен жабдылышы керек.
71. Кабинанын айнектери сынбай турган айнектерден же ошого окшош материалдардан жасалышы керек.
72. Экскаваторлор тегиз жана бекем кыртышта турушу керек. Жумуш аянтчасынын торцадан, отвалдан же транспорттук каражаттан экскаватордун тең салмактагычынын чейинки аралык 1 метрден кем болбошу керек, ал эми машинисттин кабинасы иштөө учурунда машинистке келтирилүүчү коркунучтарды минимумга түшүргүдөй өңүттө болушу керек.
73. Автоунааларды жүктөөдө автоунаанын айдоочулары экскаватордун машинистинин сигналдарына баш ийүүлөрү керек.
74. Жүктөлүп жаткан аянтчадан ылдам чыгып кетүү үчүн эркин өтмөк ар дайым болушу керек.
75. Коркунучтуу кырдаал жаралган жана аныкталган учурда өзгөчө забойдун аскаларынын уроолору мүмкүн болгондо же жумуш аянтчасында жарылбай калган заряддар табылганда экскаватордун иши токтотулушу керек, ал эми экскаватор коркунучсуз жайга токтоосуз түрдө жөнөтүлүшү керек.
76. Жантаюусу 35°тан ашкана кашаттарда канаттык скреперлерди пайдаланууга тыюу салынат.
77. Алдын ала эскертүүчү сигнал бербей туруп күч орнотмосун иштетүүгө тыюу салынат; скрепер иштеп жаткан маалда оңдоо жана жөндөө иштерин жүргүзүүгө, канаттын жанында турууга же канатты кол менен багыттоого тыюу салынат;
Кашатта өзү жүрүүчү же тарактор менен жылдырылуучу скрепер менен иштөөдө кашаттын жумуш аянтчасынын жогорку кырына 2 метрден жакын барууга тыюу салынат;
78. Трактор менен тартылуучу дөңгөлөктүү скреперди колдонууда жүктөлгөн багыттагы жүрүүнүн жантаюусу 15°тан ашпоосу керек, бош багытта 25°тан ашпоосу керек.
79. Кашаттын жумуш аянтчасында же пластта булдьозер пайдалануу керек болсо, бульдозер иштей турган ар бир участоктордун шарттарына тиешелүү болгон жана булдозердин кесип өтүүсүнө тыюу салынган кромкалардан аралыкты так аныктоочу жазуу түрүндөгү нускама даярдоо зарыл.
25°тан ашык жантайыңкы жерлерде бульдозер иштетүүгө тыюу салынат
80. Жүктөө иштерин аткарууда төмөнкү коопсуздук чараларын сактоо керек:
- жүк ташуучу унаалардын айдоочулары кабинага кирбеши же андан чыкпашы керек;
- экскаватордун же жүктөгүчтүн сузгучу жүктөө учурунда түк ташуучу автоунаанын же башка транспорт каражаттарынын кабиналарынын үстүнөн өтпөшү керек;
- жүктөө учурунда жүктөөчү машинанын жана алынып жаткан жердин ортосунда болууга, ошондой эле жүктөөчү сузгуч өтүүчү жерлерде жүрүүгө тыюу салынат;
- тоо массасынын коопсуз жүктөө үчүн өтө чоңдук кылган бөлүктөрүн жүтөөнүн алдында аларды талкалоо керек;
- транспорт каражаттары ташып бара жатканда чуурбагыдай болуп жүктөлүшү керек.
81. Түшүрүүдө коопсуздуктун төмөнкү чаралары колдонулушу керек:
- эгерде түшүрүү орду транспорт каражатынын салмагын көтөрө албоосу мүмкүн болсо, жүк отвалдын чекесине 5 метр жетпей түшүрүлүш керек;
- артына ишенимтүү тирөөч орнотпостон же түшүрүү үчүн коопсуз жерге машинаны багыттоо үчүн керектүү жабдыуулар менен жабдылган, коопсуз аралыкта жайгашкан жердеги адамдын катышуусусуз транспорт каражатын отвалга же бункерге бошотууга тыюу салынат.
82. Алардын жайгашуу орду, саны, түзүү тартиби, параметрлерин долбоор тарабынан аныкталат.
Ички жана тышкы отвалдарды, ажыратуу үймөгүн жайгаштыруу жана эксплуатациялоо үчүн участокторду тандоодон мурда инженердик-геологиялык жана гидрогелогиялык изилдөлөр жүргүзүлүшү керек.
Учурдагы жер алдындагы казылмалардын үстүндөгү отвалдарды түзүү жана эксплуатациялоо, ошондой эле чөгүүлөрдү жана ачык тоо-кен объекттеринин иштелген участокторун көмүү тартиби атайын долбоор тарабынан аныкталышы керек.
Кендердин ачык түрдө иштетилүүгө жаткан аянтчаларына жана инженердик-геологиялык изилдөөлөр жүргүзүлбөгөн участокторго отвалдарды жайгаштырууга тыюу салынат.
83. Карьердин аймагындагы кайра жүктөөчү пункттардын жайгашкан ордулары тоо-кен иштерин өнүктүрүү пландарына ылайык аныкталат.
84. Отвалдарды жантайыңкы тоолордо жайгаштырууда отвалдардын жылмышуусуна тоскоол болуучу атайын чараларды кароо зарыл. Жер алдындагы, сел жана жаан сууларын буруу каралышы керек.
85. Отвалдарды саздуу жана дренаждалбаган жерлерге төгүү мүмкүнчүлүгү отвалдык жумуштардын зарыл болгон коопсуздук чаралары каралган атайын долбоор тарабынан аныкталат.
86. Порода отвалдарына карды, музду жана жумшак, мореналанган катмарларды төгүүгө тыюу салынат. Муз өзүнчө отвалдарга төгүлүшү керек.
87. Жер көчүү кубулушу пайда болгон учурда коопсуздуктун атайын чаралары ишелип чыгып, бекитилгенге чейин отвал уюштуруу иштери токтотулушу керек. Тиешелүү изилдөө иштеринин натыйжасында ар бир отвал үчүн корутунду тарабынан аныкталган отвалдардын деформациялануусу опурталдуу ылдамдыктан ашкан учурда иштер токтотулат. Деформациялануу ылдамдыгы контролдук ченөөдөн өткөндөн кийин, карьердин жетекчисинин чечими менен отвалдагы иштер жаңыртылат.
88. Автоунаалар жана башка транспорт каражаттар жүктөрүн отвалдын паспортто каралган жеринде породанын бузулуу призмасынан (көчүү) тышкары жерде түшүрүшөт. Ал призманын өлчөмдөрү макшейдердик кызматтын кызматкерлери тарабынан бекитилет жана отвалда иштеген адамдарга үзгүлтүксүз түрдө кабарланып турат.
89. Отвалдарда автоунаа кыймылынын схемасы белгилениши керек. Жүк түшүрүү аймагы багытты көрсөтүү менен эки тарабынан тең кузову көтөрүлүп турган өзү төгүүчү автоунаанын сүрөтү тартылган белгилер менен белгилениши керек.
90. Отвалдардын бульдозердик аянттары жана кайра жүктөө пункттары жүк түшүрүүнүн бардык фронту боюнча иштеп аткан автоунаалардын узундугунда жантайманын кырынан отвалдын тереңдигине көздөй 3 градустан кем эмес тууралжын эңкейиши жана автунаалардын, автопоезддердин, бульдозерлердин маневр операцияларын жасоолору үчүн керектүү фронту бар болушу керек.
Жүк түшүүү аймагы эки тарабынан тең белгилер менен чектелиши керек. Жүк түшүрүү аймагынын бардык фронту боюнча паспортко ылайык породаны бөлүп төгүүлөр (эскертүүчү төгүү) түзүлүшү керек. Эскертүү төгүү айдоочулар үчүн багыт берүүчү болуп саналат.
Жүк түшүрүүдө эскертүүчү валды тебелөөгө тыюу салынат. Мындай вал жок болсо жана анын бийиктиги паспортто көрсөтүлгөндөгүдөн жапыз болсо, отвалдын кырына 5 метрден жакын барууга же паспортто көрсөтүлгөн аралыктан жакын барууга тыюу салынат. Отвалда жана кайра жүктөөчү пунктта иштегендердин бардыгы бул паспорт менен таанышышы керек.
Кабыл алуу бункеринин жүктөө көзөнөгүнүн бийиктиги жүк түшүрүү паспорту тарабынан аныкталышы керек. Жүк көтөрүмдүүлүгү ар кандай болгон автоунаалар пайдаланылган учурда кабыл алуу бункерине келүүчү жер тиешелүү жүк көтөрүмдүүлүктөгү автоунаалар үчүн жүктөө көзөнөгүнүн тосмосунун бийиктигиндеги секторлорго бөлүнүшү керек.
Автоунаа жүк түшүрүүчү жерге арты менен келиши керек, ал эми бульдозердин иштөөсү аянттын жогорку кырына перпеникулдярдуу жүргүзүлөт. Ошону менен бирге бульдозердин кыймылы кайра жүктөө пунктуна ылайык бульдозер алдында эскертүүчү валды түзүү менен түртүүчү бөлүгү алды жакка келүү менен жүргүзүлөт.
Жантайманын кабаты экскаватор менен иштетилген учурда уроо призмасынын чегине өзү төгүүчү автоунаалардын жүк түшүрүүсүнө тыюу салынат.
91. Бир сектордо бир эл учурда бульдозер жана экскаватор менен автоунаалардын чогуу иштөөсүнө тыюу салынат.
Жүк түшүрүүчү жерде турган жана жүрүп жаткан транспорт каржаттарынын ортосундагы аралык 5 метрден кем болбошу керек.
92. Тоо массасын (породаларын) төгүү аймагында, жүк түшүрүү аянттарында, кайра жүктөө пункттарында (кампаларда) башка адамдардын, жүк түшүрүү-жүктөө иштерин жүргүзүү технологиясына тиешеси жок автоунаанын жана башка техниканын болуусуна тыюу салынат. Бардык учурларда адамдар механизмден 5 метрден кем эмес алыстыкта болуулары керек.
93. Уюмдун геологиялык-маркшейдердик кызматы тарабынан отвалдагы породалардын туруктуулугуна системалык түрдө контрол жүргүзүү, ал эми жантайыңкы тоолордогу отвалдар жылышкан учурда – отвалдын бардык аянтынын деформациясына инструменталдык байкоо уюштурулушу керек. Байкоолордун жыштыгы, профилдик тилкелердин саны жана алардын узундугу, грунттук реперлердин тиби жана алардын профилдик тилкелердеги аралыктары байкоо станцияларынын долбоору тарабынан аныкталат.
94. Отвалдагы жумуш аянттары түн кирген убактарда жарыктандырылып турушу керек.
95. Тоо-кен, транспорттук, куруучулук-жол машиналарын, технологиялык жабдууларды (мындан ары технологиялык жабдуулар) монтаждоодон жана капиталдык оңдоодон кийин эксплуатациялоого кабыл алуу негизги компоненттеринин кемчиликтерин аныктоо менен ишкананын комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт.
96. Өзүнүн ресурсун иштеп бүткөн технологиялык жабдуулар ишкананын комиссиясы тарабынан текшерилип, жабдууларды оңдоо, модернизациялоо же эксплуатациядан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу, текшерүүлөрдүн жана сыноолордун натыйжалары боюнча акт түзүлүүнүн негизинде болуш керек .
97. Эксплуатациядагы тоо-кен, транспорттук, куруучулук-жол машиналары оң абалда, атайын жабдуулар, тормоз менен жабдылып, иштеп турган механизмдери (муфталар, которуулар, шкивдер ж.б.) жана жумуш аянтчалары тосулуу болуп, ошондой эле өрткө каршы жабдуулар менен камсыз болуулары керек. Анда жарыктандыруу, оң абалдагы инструменттердин жана куралдардын комплектиси көчмө оңдоо кызматтары жок болгон учурда, электр тогунан жабыркоодон сактоочу каражаттар, керектүү контролдук-ченөөчү аппаратуралар, ошондой эле ашыкча жүктөлүүдөн жана ашыкча көтөрүүдөн коргогучтар болуусу керек.
Машинанын оң абалда экендиги жана комплекттүүлүгү нөөмөт сайын машинист тарабынан, күн сайын механик, энергетик тарабынан, ай сайын башык механик, башкы энергетик же башка дайындалган адам тарабынан текшерилип турат. Текшерүүнүн жыйынтыктары нөөмөттү кабыл алуу-өткөрүү журналында чагылдырылышы керек. Оң абалдагы эмес машиналарды эксплуатациялоого тыюу салынат.
98. Техникалык жабдууларды, техникалык түзүлүштөрдү эксплуатациялоо, тейлөө, ошондой эле монтаждоо, демонтаждоо эксплуатациялоо боюнча колдонмого, өндүрүүчү-заводдордун техникалык паспортторуна жана башка ченемдик документтерине ылайык жүргүзүлүшү керек.
Өндүрүүчү-заводдор тарабынан белгиленген техникалык мүнөздөмөлөр жабдуу эксплуатацияланган бардык мөөнөттө сакталышы керек.
99. Жабдуунун жумушчулар үчүн корунучтун булагы болуп саналган кыймылдоо бөлүктөрү тосулуу болушу керек, функционалдык багытына байланыштуу тосууга мүмкүн болбогон бөлүктөрүнөн башка
Иш башталар же машина (механизм) жүрөр алдында машинист бригада мүчөлөрүнүн жана жакын арада жүргөн адамдардын абалы коопсуз экендигине ынануусу керек.
Жүргүзөр алдындагы эскертүүчү сигналдын добушунун узактыгы 6 секунддан кем эмес жана коркунучтуу зона боюнча угулгандай болушу керек.
Механизмдерди жүргүзөр алдында жана машиналарды, автоунааларды, жүктөөчү техникаларды жылдырар алдында ачык тоо-кен объекттеринин ишин эксплуатациялаган уюм тарабынан иштелип чыккан добуштук же жарык сигналдар милдеттүү түрдө берилиши керек, ал сигналдарды бардык жумушчулар билиши керек. Ошону менен бирге машиналар (механизмдер) жүрүүчү зонада ал сигналдар бардык жумушчуларга угулгандай (көрүнгөндөй) болушу керек.
Сигналдардын таблицасы иштөөчү механизмге же ага жакын жерге илинет. Түшүнүксүз берилген же түшүнүксүз сигналдардын бардыгы “Токто” сигналы катары берилет.
100. Техникалык жабдууларды башкарууну кошо алганда жогорку коркунучтагы иштерди аткарышкан жумушчулар (андай кесптердин тизмеги уюмдун жетекчиси тарабынан белгиленет) нөөмөт башталар алдында, ал эми кээ бир учурларда нөөмөт бүткөндөн кийин алкоголдук жана наркотикалык мастыгын текшерүү максатында милдеттүү түрдө медициналык кароодон жана текшерүү жана контролдон өтүп турушат.
Ушул пункттун ченемдери вахта мезгилинде айылдарда туруктуу жашаган, кирүү алдында вахта алдындагы медициналык кароодон, алкоголдук жана баңги заттарга мас болуу боюнча текшерүүдөн өтүүгө тийиш болгон шартта жана алкоголдук жана баңги заттарды алып кирүүгө тыюу салынган стратегиялык объекттердин кызматкерлерине жайылтылбайт чарба жүргүзүүчү субъекттин аймагынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна чыккан технологиялык жабдууларды башкарган жумушчуларды кошпогондо.
101. Кендерди ачык ыкма менен иштетүүдө колдонулуучу, жогорку басым алдында иштөөчү компрессоролорду, жүк көтөрүүч крандарды, буу казандарын орнотуу жана эксплуатациялоо завод-өндүрүүчү тарабынан түзүлгөн, аларды эксплуатациялоо нускамаларынын жана колдонмолорунун талаптарына жооп бериши керек.
102. Иш эмес маалда тоо-кен, транспорттук жана жол-курулуш машиналары забойдон коопсуздук жерге чыгарылышы керек, иштөө органы жерге түшүрүлүп, кабинасы жабылып, азыктандыруучу кабелдеги чыңалуу өчүрүлүшү керек.
103. Тоо-кен, транспорттук жана жол-курулуш машиналары пайдаланылган иштер өндүрүш иштеринин локалдык долбоору (паспорт) боюнча жүргүзүлүшү керек. Паспорттор машиналардын кабинасында болуусу керек.
Тоо-кен иштерин бекитилген паспортусуз, ошондой эле анан четтөө менен жүргүзүүгө тыюу салынат.
104. Тоо-кен, транспорттук жана жол-курулуш машиналарын башка жакка айдап баруу жана аларды транспорт каражаттары менен ташуу уюмдун техникалык жетекчиси тарабынан бекитилген технологиялык карталарга ылайык жүргүзүлүшү керек.
105. Өзү жүрүүчү тоо-кен машиналарын жана жардамчы жабдууларды, комплекттик трансформатордук көмөкчү чордондорду (КТЧ), комплекттик бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдү (КБТ), кошуучу пункттард (КП) жана башкаларды ачык тоо-кен иштеринин объектисинин аймагында транспорттоого эксплуатациялоочу уюм тарабынан иштелип чыккан нускамага ылайык коопсуздукту камсыз кылуучу атайын иштелип чыккан иш-чараларды ишке ашыруу менен, катуу сүйрөгүчтөрдү колдонуу аркылуу ишке ашырылат.
106. Машиналарды жана жабдууларды сүйрөгүчтүн башка түрлөрүн колдонуу жана эки же андан көп сүйрөгүчтөрдү колдонуу менен транспорттоо урукса-наряд тариздөө аркылуу уюмдун техникалык жетекчиси тарабынан бекитилген атайын иштелип чыккан долбоор боюнча ишке ашырылышы керек.
107. Электр энергиясын берүү капысынан токтогон учурда механизмди тейлөөчү персонал токтоосуз түрдө, электр моторлорун ишке киригизүүчү түзүлүштөрүн жана башкаруу рычагдарын “токтотуу” (нөлдүк) абалына келтирүүгө милдеттүү.
108. Экскаватордун жана бургулоо станоктору иштеп жаткан учурда алардын кабинасында жана тышкы аянттарында техникалык нөөмөттүн башчысынан жана уюмдун техникалык жетекчисинин атайын уруксаты жок адамдардын болуусуна тыюу салынат.
109. Машиналарды жана жабдууларды майлоо завод-өндүрүүчүлөрдүн эксплуатациялык документтерине жана нускамаларына ылайык жүргүзүлүшү керек.
Майлоо системасында майдын чачыроосун жана төгүлүүсүн болтурбай турган түзүлүшү болушу керек.
Майлоо системасына кирген бардык түзүлүштөр оң абалда, таза жана тейлөөдө коопсуз болушу керек.
Жабдуулардын жана механизмдердин майлоо системасы орнотулбаган кыймылдоочу бөлүктөрүн иштөө учурунда майлоого тыюу салынат.
110. Каз тамандуу экскаватор горизонталдуу участокто же өрүүдө жылып баратканда жүрүү арабасынын иштеткиси арт жакта болушу керек, ал эми ылдый түшүүдө алды жакта болуусу керек. Сузгуч бош болушу керек жана жерден 1метрден жогору эмес болуусу керек, ал эми жаа экскаватор жүрүп бара жаткан багытка кароосу керек эгерде бул завод-өндүрүүчүнүн сунуштарына карама-каршы келбесе" деген сөздөр менен толукталсын.
Экскаватор өрүүгө же ылдый жакка жүрүп бара жатканда өз алдынча сыйгаланууну болтурбоо боюнча чаралар көрүлүшү керек.
111. Экскаваторду башка жакка айдап жеткирүү уроо призмасынан тышкары жайгашкан, экскаватордун техникалык паспорту боюнча уруксат берилген жантаюудан ашпаган, туурасы маневр жасоо үчүн жетиштүү болгон трасса боюнча ишке ашырылат. Экскаваторду башка жакка айдап жеткирүү машинисттин жардамчысынын же атайын дайындалган адамдын атайын сигналдары боюнча жүргүзүлүшү керек, ошону менен бирге алар экскаватордун машинистине үзгүлтүксүз көрүнүп туруулары керек.
112. Кашатта же отвалда экскаваторду тегизделген, экскаватордун техникалык паспорту тарабынан жол берилген жантаюдан ашпаган жерге жайгаштыруу керек. Кашаттын, отвалдын жантаймасы транспорт каражаты жана экскаватордун контр жүгүнүн ортосундагы аралык тоо-геологиялык шарттардан жана жабдуунун тибине жараша забойдун паспорту менен белгиленет, кандай болгондо дагы 1 метрден кем болбошу керек.
Сузгучунун сыйымдуулугу 5 м3 кем эмес экскаватордун иштөөсүндө анын кабинасы кашаттын жантаймасынын карама-каршы тарабында болушу керек.
113. Жүктөө учурунда автоунаанын айдоочулары экскаватордун машинистинин сигналына баш ийүүгө милдеттүү.
Сигналдардын таблицасы экскаватордун кузовунун көрүнүктүү жеринде илиниши керек, аны экскаватордун машинисти жана транспорт каражаттарынын айдоочулары билүүлөрү керек.
114. Экскаватор иштеп жаткан маалда ал иштеп жаткан зонада адамдардын (тейлөөчү персоналды кошо алганда) болуусуна тыюу салынат.
115. Экскаваторлордо колдонулуучу канаттар паспортко шайкеш келип, завод-өндүрүүчүнүн сертификатына ээ болуусу керек. Жаанын илмегинин канаттары участоктун механиги тарабынан бир жумада бир жолудан аз эмес каралып турууга тийиш. Өрмөнүн бир кадам узундугунда зымдардын жалпы санынын 15%дан ашпаган үзүктөргө жол берилет. Үзүлгөн зымдардын чыгып турган учтары кесилиши керек.
Көтөрүүчү, тартуучу жана кысуучу канаттар ишканада белгиленген мөөнөттөрдө каралып турууга тийиш.
Канаттарды кароонун жыйынтыктары нөөмөттүн кабыл алуу-өткөрүү журналына жазылат, ал эми алардын алмашылгандыгы жөнүндө жазуулар орнотулган датасын жана орнотулган канаттын тибин көрсөтүү менен тоо-кен машинасынын агрегаттык журналына киргизилет.
116.Экскаватор иштеп жаткан учурда кашаттын уроо же көчүү коркунучу жаралганда же жарылуучу материалдардын (ЖМ) жарылбай калган заряддары табылган учурда экскаватордун машинисти ишти токтотуп, экскаваторду коопсуз жерге алып чыгып, нөөмөттүн техникалык жетекчисине билдирүүгө милдеттүү.
Экскаваторду забойдон алып чыгуу үчүн ар дайым эркин өткөөл болушу керек. Тоо массасынын чоң эмес кесектери бир катмар туруктуу жыйналышы керек жана аянтта тоо-кен транспорутунун жүрүүсү үчүн жолтоо болбогудай болушу керек.
117. Экскаватор каз тамандын басымына туруштук бербеген жерде иштеп жатканда анын туруктуу абалын камсыз кылуучу атайын чаралар ишке ашырылып, забойдун паспортунда чагылдырылышы керек.
118. Канаттуу скреперлик орнотмолорду колдонууда кашаттын жантаймасынын бурчу 35 градустан ашпоосу керек.
119. Алдын ала сигнал бербестен туруп канаттуу скреперлик орнотмолорду иштетүүгө, кандайдыр оңдоо иштерин жүргүзүүгө, канат иштеген зонада болууга жана канатты кол менен багыттоого тыюу салынат.
Скрепердик лебедканын иштөө зонасы эскертүүчү белгилер менен тосулуп, караңгы мезгилде жарыктандырылуу болушу керек.
120. Бардык өзү жүрүүчү техникалар алардын негизги техникалык жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн камтыган техникалык паспортко ээ болуулары керек.
Алар төмөнкүлөр менен комплекттениши керек:
- өрт өчүрүү каражаттары;
- авариялык токтоо белгилери;
- медициналык аптечкалар;
- дөңгөлөктүн (дөңгөлөктүү техника үчүн) алдына коюлуучу таянычтар (башмактар);
- артка жүргөн учурда үзгүлтүктүү добуштук сигналдар;
- кабинада орнотулган сары түстөгү жалтырак маяктар;
- арт жакты чагылдыруучу эки күзгү;
- завод-өндүрүүчү тарабынан каралган оңдоо инструменттери.
Транспорт каражаттары кыймылдын, ошондой эле башка иштердин коопсуздугун камсыздоочу, колдонуу технологиялары тарабынан каралган бардык агрегаттары жана түйүндөрү техникалык оң абалда болгон учурда гана линияга чыгарылат.
Транспорт каражаты артты көздөй жылган бадык учурда добуштук сигнал берилиши керек.
121. Кашаттын урап кетүүсү мүмкүн болгон призмасы боюнча өзү жүрүүчү техниканын кыймылына тыюу салынат.
122. Кайра жүктөө пунктунда эскертүүчү жалды түзүү кайра жүктөө паспортуна ылайык жүргүзүлөт, ошону менен бирге бульдозер түртүүчү бычагы жак менен алдыга гана жүрүүсү керек.
123. Трактор сүйрөөчү дөңгөлөктүү скреперлерди колдонууда жүк менен бара жаткан багыттагы түшүүчү жолдун жантайуусу 15 градустан ашпоосу керек, бош келе жаткандагы багытта 25 градустан ашпоосу керек.
124. Өзү жүрүүчү техниканы кыймылдаткычы иштеген, бычагы же сузгучу көтөрүлгөн абалда калтырууга, иштеп жаткан учурда тросту багыттоого, асма рамага, бычакка же сузгучка турууга, ошондой эле техниканын завод-өндүрүүчүнүн нускамасы тарабынан каралбаган кыйгачтыктагы жантаймада иштөөсүнө уруксат берилбейт.
Кыймыл өткөрүүчү коробка кошулуу болгон учурда кыймылдаткычты от алдырууга мүмкүндүк бербей турган тосмологучу же кыймылдаткычты кабинадан от алдыруучу түзүлүшү жок болсо же оң эмес абалда болсо бульдозерди пайдаланууга тыюу салынат.
125. Бульдозерди, скреперди же жүктөгүчтү оңдоо, майлоо жана жөндөө үчүн алар горизонталдык аянтка коюлуп, кыймылдаткычы өчүрүлүп, бычагы же сузгучу жерге же атайын таканчыкка түшүрүлүшү керек.
Өзү жүрүүчү техника ылдыйыш жерде авариялык токтогон учурда ал ылдыйышты көздөй өз алдынча жүрүп кетпөөсү үчүн чаралар көрүлүшү керек.
126. Өзү жүрүүчү техниканын бычагынын же сузгучунун алдына турууга тыюу салынат.
Бычакты же сузгучту карап чыгуу үчүн аны ишенимдүү тээктин үстүнө түшүрүп, кыймылдаткычты өчүрүү керек.
127. Бульдозердин каз таманынан же жүктөгүчтүн алдыңкы огунан баштап жантайманын кырына чейинки аралык тоо-геологиялык шарттарды эске алуу менен аныкталат жана забойдо (отвалда) же кайра жүктөөчү пунктта иштерди жүрүзүү паспортуна киргизилиши керек.
128. Насосторду, гидромониторлорду, гидравликалык тармактарды, гидроотвалдарды жана суу сактагычтарды коопсуз эксплуатациялоо жана тейлөө тартиби уюмдун техникалык жетекчиси тарабынан бекитилген нускама тарабынан аныкталат.
Гидротехникалык курулмалар (дамбалар, нук агызуучу жана тоо аңдары, плотиналар) сел жана нөшөр сууларын кое берүүгө өз учурунда даярдалышы керек. Даярдык сел жана нөшөр сууларын кое берүү боюнча уюмдун техникалык жетекчиси тарабынан бекитилген иш-чараларга ылайык жүргүзүлөт.
129. Гидромонитордук суу жемесиндеги кашаттын бийиктигин породалардын физикалык-механикалык сапаттарына, гидромониторлордун кострукциясына жана суу жеменин уюштурулушуна жараша кабыл алуу керек. Ал 30 метрден ашпоосу керек.
130. Бардык гидромониторлордо найдын капыстан бурулуусунун чектегичтери болушу керек. Өндүрүш приборлорунда кум жууганда колдонулуучу гидромониторлордо иштөөдө аралыктан башкаруу талап кылынбайт.
131. Гидромеханизациялаштырылган ыкма менен иштетүүдө гидромонитордук орнотмо менен забой жабдууларынан (скреперлер, бульдозерлер) забойго чейинки аралык кашаттын бийиктигинин 0,8ден аз эмес болушу керек. Чоң кесектерге бөлүнүүсү мүмкүн болгон ылай, тыгыз жана лессо түрүндөгү породалар үчүн бул аралык кашаттын бийиктигинин 1,2ден аз эмес болушу керек. Каптал забойу тарабынан суу жеме монитордон забойго чейинки аралык кашаттын бийиктигинин 0,4төн аз эмес болушу керек.
Аралыктан башкарылуучу гидромониторлорду жана каптал забойунун суу жемесин колдонууда уроо монитор жайгашкан жердин зонасынан тышкары болгондо бул аралыктар ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча кыскартылышы мүмкүн.
Гидромеханизация орнотмосун эксплуатацияга бергенге чейин иштөө басымынан жогору болгон басым менен сыналышы керек: насостор жана топурак сузгучтар үчүн – 50% жогору, түтүктөр үчүн – 30 пайызга жогору.
132. Гидромонитор иштээр алдында анын бүркүүсүнүн таасир берүүчү айланасынан бардык адамдар, ал эми гидромонитор иштеген жерден – анын иштөөсүнө тиешеси жок адамдар чыгарылышы керек.
Гидромонитор бүркүүсүнүн таасир берүүчү аралыгынан 1,5 эсе алыс участоктун аймагы адамдардын бул жерде болуусу коркунучтуу экендигин эскертүүчү белгилер менен тосулат.
Иштеп жаткан гидромониторду кароосуз калтырууга тыюу салынат.
133. Ишке киргизүү учурунда гидромонитордун чыгуу тешиги курчап тургандар үчүн коопсуз жакка багытталышы керек.
Гидромонитор караңгы мезгилде иштеген учурда бүркүү таасир берүүчү аймактагы забойлор, жумуш аянтчалары, өткөрмө түтүктөрдөгү жабуучу тээктерге жол жана тээк жарыктандырылышы керек.
134. Ар бир гидромонитордо азыктандыруучу өткөрмө түтүктөрдү өчүрүү үчүн тээк болушу керек. Аралыктан башкарылуучу гидромониторлор жана электр тогу менен башкарылуучу тээк колдонулган учурда гидромонитор жана тээк бир пульттан башкарылышы керек.
135. Забойдо көмөк иштерин жүргүзүүгө (жабдуулардын ордун которуу) забой кылдат каралып чыгып, козыректор жана навистер жок кылынгандан кийин гана жол берилет. Чагылган учурунда гидромонитордун иштөөсүнө тыюу салынат.
136. Топурак сузгучтардын жана гидроэлеваторлордун зумпфтары аларга адамдардын түшүп кетүүсүн болтурбоо максатында жабылуу болушу керек.
137. Иштетилген разрездердин кашаттарынын жантаймаларынын бурчатры тектердин бурчтарынын табигый бурчтарынан ашпоосу керек.
138. Гидромониторлор бири-бирине карама-каршы иштеп жаткан болсо, күчтүүрөөк гидромонитордун бүркүүсүнүн максималдуу аралыгынан 1,5 эсе алыстыкка жакындашкан учурда алардын бирөөсүнүн ишин токтотуу керек.
Бир эле учурда чогуу иштеп жаткан мониторлордун ортосундагы аралык алардык кайсынысынын болбосун бүркүүсүнүн максималдуу алыстыгынан чоң болушу керек.
139. Жогорку чыңалуудагы электр чубалгысынан гидромонитор бүркүүнүн алыстыгана эки эседен кем эмес алыстыкта жайгашуусу керек. Кээ бир учурларда өнөр жай коопсуздук жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган, иштердин коопсуздугун камсыз кылуучу атайын иш чаралар иштелип чыккан жана ишке ашырылган шартта гидромонитордун жогорку чыңалуудагы электр чубалгысына жакыныраак болуусуна жол берилет.
140. Пульпопроводдорду жана водоводдорду аба чубалгыларынан жана байланыш линияларына 25 метрден жакын жайгаштырууга тыюу салынат. Коммуникациялардын ээлери жана алардын коопсуз эксплуатацияоосуна контрол жүргүзүүчү уюмдар менен макулдашуу боюнча гана ал аралыктан жакындоого болот.
141. Эстакадаларга өткөргүч түтүктөрдү жана суу өткөрүч лотокторду тейлөөдө лотокторду бойлой 1,2 метр бийиктиктеги перилалар менен тосулган жана алдынан 200мм калыңдыктагы тактайлар менен капталган, туурасы 0,5 метрден кем эмес көпүрөчөлөр курулушу керек.
142. Өткөрүүчү түтүкөр тегизделген жерде төшөлмөлөрдүн үстүнө жаткырылат. Өткөрүүчү түтүктөр кашаттын жантаймасы же разрездин борту боюнча жаткырылганда бийиктиги боюнча ар бир 30 метрден кем эмес аралыкта анкерлер менен бекитилиши керек. Эстакадаларда пульпопроводдорду жаткырууда анкерлерди ар бир 500 метр аралыкта коюу керек. Өткөргүч түтүктөрдүн түз тилкелүү участокторунда 500 метр аралыкта компенсатор коюу зарыл. Өткөрүүчү түтүкөр траншеяларга, аңдарга жаткырылган учурда алардын дубалдары жакшылап бекитилиши керек.
143. Насостук жана жер сузуучу орнотмолордун орун жайы гидромониторлор орнотулган жер менен телефон же радио байланыштары болушу керек жана авариялык сигнализация менен жабдылышы керек.
144. Кайра курулган орун жайларда насостук жана жер сузуучу орнотмолордун ортосунда жана оруна жайлардын дубалдарынын ортосунда 1 метрден кем эмес кенендиктеги өмөктөр каралышы керек. Насостук жана жер сузуучу станциялардын орун жайларында өткөргүч түтүкөрдүн схемалары илинип, аларда тээктер жана вентилдер орнотулган жерлер көрсөтүлүшү керек, ал эми түтүктөр аркылуу өтүүлөр үчүн атайын көпүрөлөр жасалышы керек.
145. Жер казуучу орнотмолордо пульпопроводдор жана водводдор кайтаруучу клапан менен жабдылышы керек.
146. Гидроотвалдврдын бардык суу чыгаруучу жана суу чогултуучу курулмалары куйманын максималдуу өлчөмүнө эсептелип жасалышы керек. Гидромеханизация каражаттарын колдонуу менен иштер аяктагандан кийин бардык суу агызуучу курулмалар каралып чыгып, алардын абалы жөнүндө документтер түзүлүшү керек.
147. Карьердин ичиндеги жолдордун туурасы жана узунан кеткен жантаймлар автоунаалардын өлчөмүнө жараша долбоор тарабынан белгиленет.
Траншеяларга убактылуу кирүүчү жерлер транспорт аларды бойлой жүрүп келе жатканда эки тарабынан 1,5 метрден кем эмес аралык калгандай жасалышы керек.
148. Узакка созулган жантаймалардагы жолдордо (60 промиллден ашык) ар бир 600 метр жерге жантаюусу 20 промиллге чейин, узундугу 50 метр болгон аянтчалар жасалышы керек. Чет өлкөдөн чыгарылган автоунаалар пайдаланылган учурда узакка созулган жантаймалардын узундугу автунааларды чыгарган заводдун техникалык жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүнө шайкеш келүүсү керек.
149. Карьердин контурундагы жолдордун жүрүү бөлүгү мүкүнчүлүктүү уроо призмасынан тектик жалдар менен же коргоочу дубалдар менен тосулушу керек. Породалык валдын бийиктиги карьерде пайдаланылуучу эң чоң жүк көтөрүмдүү автоунаанын дөңгөлөгүнүн диаметринин жарымынан кем эмес болушу керек. Породалык валдын чокусу аркылуу жүргүзүлгөн вертикалдык ок уроо призмасынан тышкары жайгашуусу керек.
Породалык валдын (коргоочу дубалдын) ички кырыган жүрүүчү бөлүккө чейинки аралык карьерде (разрезде) пайдаланылуучу эң чоң жүк көтөрүмдүү автоунаанын дөңгөлөгүнүн диаметринин жарымынан кем эмес болушу керек.
150. Ар бир автоунаанын анын техникалык жана эксплуатациялык мүнөздөмөсүн камтыган техникалык паспорту болушу керек. Эксплуатациядагы карьералык автоунаалар төмөнкүлөр менен себилдениши керек:
- өрт өчүрүү каражаттары;
- авариялык токтоо белгилери;
- медициналык аптечкалар;
- дөңгөлөктүн (дөңгөлөктүү техника үчүн) алдына коюлуучу таянычтар (башмактар);
- артка жүргөн учурда үзгүлтүктүү добуштук сигналдар;
- жүк көтөрүмдүүлүгү 30 тонна же андан ашык болгон өзү түшүрүүчү автоунаалар үчүн кузов көтөрүүнү тосмолоочу түзүлүш;
- арт жакты чагылдыруучу эки күзгү;
- байланыш каражаттары
Колдонуу технологиялар тарабынан каралган, жүрүү коопсуздугун, ошондой эле башка иштердин коопсуздугун камсыздоочу агрегаттары жана түйүндөрү оң абалда болуп, ал тиешелүү кызмат адамы тарабынан тастыкталган шартта гана автоунаалар линияга чыгарылат. Они должны также иметь необходимый запас горючего и комплект инструмента, предусмотренный заводом-изготовителем. Аларда күйүүчү майдын керектүү өлчөмдөгү кору жана завод-өндүрүүчү тарабынан каралган инструменттердин топтому болушу керек көчмө күйүүчү май ташуучу автоцистерналар жана оңдоо кызматтары жок болгон учурларда
Ачык тоо-кен иштеринин объектилери абанын температурасы төмөн болгон мезгилде стационардык же көчмө жылытуу жана кыймылдаткычтарды ишке киргизүү пункттары менен камсыз болушу керек .
151. Капиталдык оңдоолор жүргүзүлгөндө жана андан ары эксплуатациялоо процессинде оор жүк ташуучу өзү төгүүчү автоунаалардын жүрүү коопсуздугуна таасир этүүчү түйүндөрүнө, деталдарына жана агрегаттарына завод-өндүрүүчү тарабынан белгиленген мөөнөттө дефектоскопия жүргүзүлүп турушу керек.
152. Технологиялык жолдордогу кыймыл жол кыймылынын аракеттеги эрежелери тарабынан каралган жол белгилери менен жөнгө салынышы керек.
Автоунаалардын жана өзү жүрүүчү технологиялык жабдуулардын айдоочулары иштеген мезгилде аларга жолдомо кагаздар берилиши керек, алар аткарылган иштердин наряды болуп саналат. Ички чарбалык иштерди чарбакер субъекттин аймагынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна чыгарбастан аткарган учурда жолдомо кагаздары берилбейт.
Карьердин (разрездин) жолдорунда транспорт каражаттарынын, ошондой эле автомобиль жана трактордук поезддердин кыймылынын ылдамдыгы жана жүрүү тартиби жергиликтуу шарттарды эске алуу менен ишкананын администрациясы тарабынан белгиленет
153. Автоунаалар экскаватор менен жүктөлүп жаткан учурда төмөнкү шарттар каралышы керек:
- жүктөлүүнү күтүп жаткан автоунаа экскаватордун айлануу радиусунан тышкары жайгашып, жүктөөгө экскаватордун машинистинин уруксат берүүчү сигналынан кийин гана турушу керек.;
- жүктөөдө турган автунаа экскаватордун машинистине көрүнгүдөй болушу керек;
- жүктөөдө турган автунаа тормоздолуу болушу керек;
- автунаанын кузовуна жүктөө артынан же капталынан жүргүзүлүшү керек, экскаватордун сузгучун автунаанын кабинасынын үстүнөн алып өтүүгө тыюу салынат;
- жүктүн кузовго түшүү бийиктиги мүмкүн болушунча минималдуу болушу керек жана 3 метрден ашпоосу керек;
- жүктөлүп бүткөн автоунаа жүк түшүрүү пунктуна экскаватордун машинистинин уруксат берүүчү сигналынан кийин гана жөнөшү керек.
Бир тараптуу же өтө чоң жүктөөгө, ошондой эле автоунаанын белгиленген жүк көтөрүмдүүлүгүнөн ашык жүктөөгө тыюу салынат.
154. Ачык тоо-кен иштеринин объектисинде иштөө үчүн арналган өзү түшүрүүчү автоунаанын кабинасы жүктөө учурунда айдоочунун коопсуздугун камсыз кылуучу атайын коргоочу калканч менен жабылуу болушу керек.
Коргоочу калканч жок болсо, автоунаанын айдоочусу жүктөлүп жаткан маалда автунаадан чыгып, экскаватордун (жүктөгүчтүн) сузгучунун иштөө радиусунан тышкары жерде болуп турушу керек.
155. Линияда иштеп жатканда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- автоунааны кузовун көтөргөн калыбында айдоого;
- электр берүү чубалгыларынын алдында оңдоого жана жүк түшүрүүгө
- жүктөө пункттарында 30 метрден ашык арты менен айдоого (траншея жүргүзүү боюнча иштерден башка);
- жерге төшөлгөн жана атайын алдын ала коргоочу түзүлүш жок кабелдерди тебелетип айдоого;
- администрациянын уруксатысыз кабинада чоочун адамдарды ташууга;
- кузов толук көтөрүлгөнгө же түшүрүлгөнгө чейин кабинадан чыгууга;
- автунааны эңкейиш же өйдөш жерге токтотууга;
- темир жолдун жээгин бойлой айдап бара жатканда жакынкы рельстен 5 метр аралыкты сактоого;
- кыймылдаткычты от алдыруу түзүлүшү бузук автунааны эксплуатациялоого.
Техникалык бузулуулардын себебинен автоунаа эңкейиш жерге токтоп калган учурда айдоочу автунаанын өз алдынча жүрүп кетүүсүн болтурбай турган чараларды көрүүгө милдеттүү.
Автоунаа артты көздөй багыт менен жылган бардык учурларда добуштук сигнал берилиши керек.
156. Жабык шарттардагы конвейерлерде отко чыдамдуу аткарылыштагы ленталар колдонулушу керек.
Жердин үсүндө жайгашкан жана муздак абалда күйбөй турган материалдарды транспорттоого арналган конвейердик галереяларда жана эстакадалардагы ленталык конвейерлерге отко чыдамдуу эмес ленталардын орнотулушуна жол берилет.
Галереялардын жана эстакадалардын курулуш конструкциялары күйбөй турган материалдардан жасалышы керек. Ошону менен бирге кыймылга келтирүүчү станцияларда жана кайра жүктөөчү пункттарда, ошондой эле галереяда жайгашкан конвейердин узундугу боюнча автоматтык түрдө өрт өчүрүүчү каражаттар жана автоматтык өрт сигнализациялары орнотулушу керек. Ал каражаттардын иштегендиги жөнүндө сигнал диспетчердик пунктка келип түшүүсү керек.
Лентанын күйүүсүн эскертүү үчүн конвейерлердин кыймылга келтирүүчү станциялар жылуулук кулпулары менен жабдылышы керек.
157. Үзгүлтүксүз транспорт орнотмолордо төмөнкүлөр болуусу керек:
- авариялык токтоодон мурда жабдууну токтотуучу тосмолоо түзүлүштөрү;
- конвейердин узундугу боюнча аны авариялык токтотуу түзүлүшү;
- жабдуунун иштеп баштагандыгы жөнүндө сигнализация;
- конвейердин коргоосу иштегенден кийин аралыктан иштетүүнү болтурбай турган тосмолоочу түзүлүш;
- кыймылдаткыч иштеп турган маалда лента токтогон учурда (жылбай калганда) конвейерди өчүрүүчү түзүлүш;
- лентанын капталга чыгып кетүүсүнө тоскоол болуучу түзүлүш жана лента барабандардан жана таяныч роликтерден чыгып кеткен учурда конвейерди өчүрүүчү, лентанын капталга чыгуусун эскертүүчү датчиктер;
- борборлоштурулган башкаруу пультунан жабдыктын ишке кирүүсүн болтурбоочу тосмолоо;
- конвейерлер 6 градустан жогору бурч менен орнотулган болсо – кыймылдаткычты өчүргөн учурда иштөөчү автоматтык тормоз түзүлүшү, ал лентанын жүктөлгөн иармагы артты көздөй кетүүсүнө тоскооло болот.
- лентаны керип туруучу түзүлүш;
- конвейердик став 10 градустан ашык бурч менен жантайганда – жүктөлгөн тармагы үзүлгөн учурда аны тосуучу түзүлүш;
- ленталарды жана барабандарды жабышкак материалдардан механикалык тазалоочу түзүлүш;
- жүк түшүрүүчү куйгучтар жана кобулдар толуп калганда кыймылдаткычты өчүрүүчү түзүлүш.
158. Жылып жүрүүчү конвейерлердеги жүк түшүрүүчү арабалар үчүн соңку өчүрүүчүлөр, ал эми рельстик жолдордо – атайын түркүктөрдүн болуусу зарыл.
Арабаларды жана жылып жүрүүчү (челноктук) конвейерлерди автоматтык түрө токтотуучу электр кыймылдаткычтарына азыктандыруунун алынып келиниши асылып турган шлангдык кабелдер менен болушу керек. Арабаларды жана жылып жүрүүчү (челноктук) конвейерлерди автоматтык түрө токтотуучу электр кыймылдаткычтарына азыктандыруу жерден жана жумуш аянтчасынан 3,5 метрден кем эмес бийиктикте жайгашкан байланыштыргыч өткөргүчтөр аркылуу алынып келинишине жол берилет.
Жүк түшүрүүчү арабалар өз алдынча жүрүп кетүүсүн болтурбоочу түзүлүштөр менен жабдылышы керек.
159. Ленталык ковейерлердин алдындагы түшүп калган материалдарды алуу мехнизацияланышы керек. Башкы, аяккы жана четтөөчү барабандардын алдындагы материалдарды алуу кол менен алууга кыймылдаткычынын электр схемасы чачылган, конвейер токтогондо гана уруксат берилет, ал эми ишке киргизүүчү түзүлүштөрдө: “Иштетпегиле! Адамдар иштеп жатат!” деген жазуу илиниши керек.
Ленталык конвейерлердин кыймылдатуучу, керилүүчү, четтөөчү жана соңку станциялары конвейер иштеп жаткан учурда барабандардын жанында түшүп калган материалды кол менен алууга мүмкүн болбогондой тосмолорго ээ болушу керек. Тосмолор конвейердин кыймылдаткычы менен тосмолор алынганда анын иштөөсүн же ишке киргизүү мүмкүндүгүн болтурбай тургандай болуп туташтырылышы керек.
Адамдар өтүүчү негизги өтмөк тараптан конвейердин узундугунда лентанын жумушчу жана бош тармактары конвейердин кыймыл бергичи менен токтотулбоочу тосмолор менен тосулушу керек. Негизги эмес өтмөк тараптан лентанын жумушчу жана бош тармактары тосулбаса болот, бирок ал зонага кирүүчү жерлер конвейер иштеп жаткан маалда адамдардын ал зонага кирүүсүн болтурбай тургандай болуп, конвейердин кыймылдаткычына тосмолонгон эшиктер менен жабдылуусу шарт.
160. Конвейер иштеп жаткан маалда лентанын кыймылын, ошондой эле борттун бекемдөөсүн кол менен оңдоого тыюу салынат.
161. Конвейердин лентасынын жылбай калуусун барабандарды жана лентаны тазалап, лентаны тиешелүү түрдө керилгенден кийин оңдоого болот. Кыймылдагы жана айланган бөлүгү (лента, барабандар, роликтер) ташылуучу материал менен басылган конвейерди ишке киргизүүгө жана эксплуатациялоого тыюу салынат.
162. Кыймыл берүүчү, кердирүүчү жана четтетүүчү барабандардын, конвейерлердин кыймыл берүүчү станцияларынын огу жерден 1,5 метр бийиктикте жайгашкан учурда кыймыл бергичтерди тейлөө үчүн тейлөө аянттары жасалышы керек. Алар конвейер менен ташылуучу материалга чейин төшөмдүн деңгэээлинен бийиктиги 1 метрден кем эмес тепкичтер жана перилалар менен, 0,15 метрден кем эмес баштан аяк каптама менен жана аянттын эң чоң чыгып турган конструкциясынан 0,3 метрден кем эмес каптама менен жабдылат.
Аянчалардагы жерден эң бийик чыгып турган курулуш конструкцияларына (коммуникациялык системаларына) чейинки вертикал боюнча аралык 1,8 метрден кем эмес болушу керек.
Аянтчаларга торчо түрүндөгү же баштан аяк сыйгалак эмес төшөлмө төшөлүшү керек.
163. Галереялардын жана эстакадалардын бийиктиги жерден конструкциянын төмөн жагына чейинки бийиктиги 2 метрден кем эмес болушу керек. Галереялардын жана эстакадалардын туурасы төмөнкүлөрдүн өтүүсүн камсыз кылуу шарттарына шайкеш келиши керек:
- конвейердин бир тарабынан 800 мм ден кем эмес (адамдардын өтүүсү үчүн), башка жагынан лентанын туурасы 1400 мм ге чейин болсо 700мм ден кем эмес жана лентанын туурасы 1400 мм ден жогору болсо эки тарабынан тең 800 мм ден кем эмес;
- эки же андан көп параллель конвейердин ортолорунда – 1000 мм ден аз эмес, ал эми галереянын дубалы жана конвейердин станинасынын ортосунда лентанын туурасы 1400 мм ге чейин болсо 700мм ден кем эмес жана лентанын туурасы 1400 мм ден жогору болсо эки 800 мм ден кем эмес;
164. Галереяларда жана эсткадаларда рельстин үстү менен жүрүүчү ленталык конвейерлерди орнотууда завод-өндүрүүчүнүн нускамасынын талаптары сакталышы керек:
- конвейерлер (чыгып турган тыш өлчөмдөрү менен) жана имараттын дубалдарынын ортосундагы өтмөктөр 1 метрден кем болбошу керек;
- конвейерлер орнотулган орун (алардын аракеттенүү зоналары) бардык периметр боюнча жерден 1 метрден кем эмес бийиктиктеги тосмо менен тосулушу керек;
- тосулган участокко өтүүчү жерлер лентанын кыймыл бергичтерге жана конвейерлердин жүрүү механизмдерине тосмолонгон эшиктер менен жабдылышы керек. Эшиктер ар бир ачылган сайын кыймыл бергичтер өчүп турат;
- конвейердин трассасын бойлой тосмолордун алдында ар 30 метр сайын авариялык тростор же “Стоп” баскычтары орнотулушу керек.
165. Пластина түрүндөгү конвейерлерди жана азыктандыруучуларды орнотуу аларды эки жактан тейлөөнү карашы керек. Конвейерлердин ортолорундагы өтмөктөрдүн туурасы 1,2 метрден кем эмес, ал эми имараттын дубалдарынын жана конвейерлердин ортосу 1 метрден кем эмес болушу керек.
166. Ачык тоо-кен иштеринин объектисинин жер алдындагы камераларында, кайра жүктөөчү пункттарда жана имараттарда жакын жайгашкан жабдуулардын ортосундагы жана дубалдардан жабдууларга чейинки минималдык аралык жабдуунун машиналары жана түйүндөрү оңдолгондо же алмаштырылганда аларды траспорттоону камсыз кылуу керектигин эске алуу менен аныкталат, бирок төмөнкүлөрдөн кем болбошу керек:
- 1,5 м - негизги өтмөктөрдө;
- 1 м - машиналар ортосундагы жумуш аянттарында;
- 0,7 м - дубал жана машинанын ортосундагы жумуш өтмөктөрүндө.
167. Ачык аткаруудагы конвейердик тилкелерди жайгаштырууда конвейердик тилкенин негизги түйүндөрүнө жана жакын жайгашкан жабдууларга унаалардын келүү жолу камсыз болушу керек.
168. Жантайыңкы абалда орнотулган пластиналык жана кыргыч конвейерлер полотно үзүлгөн учурда анын жүгүрүп кетүүсүн болтурбай турган танспорттук звенолорду тоскуч менен жабдылышы керек
169. Шнектерди жана кыргыч конвейерлерди орнотууда туурасы 0,8 метрден кем эмес эркин өтмөктөрү менен аларды бир тараптуу тейлөөгө жол берилет.
Шнектердин каптоочторун жана кыргыч конвейерлердин капкактарын (атайын көрүү терезелеринен жана люкчалардан башка) шнектердин жана кыргычы контейнерлердин айлануучу жана кыймылдоочу бөлүктөрү иштеп жаткан учурда аларга жетүүгө мүмкүндүк бербей турган тосмологуч менен жабдуу керек.
170. Канаттык транспорттордун жүк түшүрүүчү куйгучунун жанындагы жумуш ордуларынын канаттардын станциядан чыгуу зонасында тосмолору болушу керек. Ал тосмолор тартуучу канаттан вагонеткалар өз алдынча ажырап кеткен учурда иштин коопсуздугун камсыз кылат.
Канаттык транспорт жолдор, имараттар жана курулмалар менен кесилишкен жерлерде алдын ала коргочу асылма торлор орнотулушу керек.
171. Жүк түшүрүүчү куйгучтун жанындагы жумуш аянттары жана канаттык жолдун станциялары түз телефондук байланыш жана сигнализация менен камсыз болуп, ошондой эле канаттык жолдун кыймыл бергичин авариялык токтотуу, машинистке сигнал берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек.
Канат жолу күтүүсүз токтоп калганда эмнеге токтогондугунун себептери аныкталып, бузулган жерлер оңдолгонго чейин аны жүргүзүүгө тыюу салынат.
172. Ленталык конвейерде барабандык ыргытуучу араба же жылып жүрүүчү азыктандыргыч орнотууда конвейерлердин эки тарабынан тең өтмөктөр каралышы керек.
173. Жер алды-үстүндө иштөөчү конвейердик галереялар жердин үстүнө чыкканда аларда тыштан кирүү каралышы жана конвейер аркылуу өтмөктөр орнотулушу керек.
174. Конвейердик лентанын ылдамдыгы кол менен руда ылгоодо 0,5 м/с. ашпоосу керек. Руда ылгоочу жерлерде лентаны тосуу керек.
175. Ленталык конвейерлер менен кургак жана чаңдоочу материалдарды, ысыктыгы жогорку температурадагы жана буу бөлүп чыгаруучу материалдарды ташууда жүктөө жана түшүрүү орундарын жабуу керек, ошондой эле ал бөлүп чыгаруулар менен күрөшүү боюнча кошумча иш-чараларды: абадагы зыяндуу кошулмаларды конценрациянын нормасын жол берилген чекте болуусун камсыз кылуучу аспирация, сугаруу түзүлүштөрү.
Кургак порошок түрүндөгү чаңдоочу материалдарды транспорттоодо алар жылган зона жылчыксызданышы керек.
Конвейердик ленталардын имараттарга жакындаган жерлерине өзү жабылуучу эшиктери бар тосмолор орнотулушу керек.
176. Кургак чаңдоочу материалдарды ташуучу элеваторлор, кыргыч конвейерлер жана шнектер бардык узундугу боюнча бекем жабылуучу каптоочтор менен жабуу керек; жүктөө жана түшүрүү ордулары дагы бекем жабуулар менен жабдылышы керек. Иштөөчү механизмдерди мезгил-мезгили менен контролдоп туруу үчүн, каптоочторго бекем жабылуучу эшиктери бар, көрүп байкап туруу мүмкүндүгүн берген терезелер (люктар) орнотушат.
177. Ным продуктуларды транспорттоочу элеваторлор пульпанын чачыроосун болтурбоо максатында бардык узундугу боюнча коргоочу калканчтар же каптоочтор менен жабылышы керек. Элеваторлордун жүк түшүрүү жана жүктөө ордуларында авариялык өчүргүчтөр болушу керек.
178. Материалдарды ырааттуу транспорттоочу, технологиялык секциянын (чынжырдын) башка жабдуусу менен бир нече конвейерлер бир эле учурда иштегенде өзүнчө аппараттардын жана машиналардын электр кыймыл берүүчүлөрү тосмолонуу болушу керек. Ошону менен бирге төмөнкүлөр каралышы керек:
- аппраттарды жана технологияларды чынжырдын схемасына ылайык ырааттуулукта жүргүзүү жана токтотуу;
- схема боюнча алдыдагы кандайдыр бир жабдуу же конвейер күтүүсүздөн токтоп калган учурда конвейерлерди жана орнотмолорду автоматтык түрдө өчүрүү;
- конвейерди же машинаны башкаруу пульту аркылуу аралыктан жүргүзүүнү болтурбоочу жергиликтүү тосмолоо түзүлүшү.
179. Бардык элеваторлор шакектик чынжыр үзүлгөн учурда анын артка кетүүсүн жана тоскучатар менен жылуусун болтурбай турган тормоздук түзүлүштөр менен жабдылышы керек.
180. Өзү түшүрүүчү арабалардын жана өзү жүрүүчү конвейерлердин дөңгөлөктөрү тосулуу болушу керек. Тосмо менен рельстин башынын ортосундагы аралык 10мм ден ашпоосу керек.
181. Ковейерлердин жана канат жолдорунун керүүчү жүктөрү, ошондой эле керүүчу барабандар тосулуу болушу керек жана алар үзүлүп кеткен учурда жүк же барабан адамдарга же жабдууга түшпөгөндөй жайгашышы керек.
Жүк алдындагы орундар бийиктиги 2 метрден кем эмес тосмо менен тосулушу керек, ал эми жүктүн кудуктары төшөлмөлөр менен жабдылышы керек.
Керүүчү жүк станциялары жүктөрдүн үзүлүп калуу учурларын эске алуу менен конвейердин кыймыл бергичи менен тосмолонушу керек.
182. Бункерден адамдарга тепкич менен түшүүгө бункерге жүктөөчү жана түшүрүүчү конвейерлер жана азыктандыргычтар токтогондон кийин уруксат берилет.
Бункерге түшүүчү адамдар нускамадан өтүп, бункердин үстүңкү бөлүгүнө бекитилген алдын ала коргоочу курлар жана канаттар менен жабдылышы керек.
Бункерге түшүү жана анда иштөө жүктөөчү жана түшүрүүчү конвейерлердин жана азыктандыргычтардын электр кыймыл берүүчүлөрүнүн схемасы чечилгенден кийин техникалык көзөмөл адамынын байкоосу алдында уруксат-наряд боюнча жүргүзүлөт.
Бункерлерде материалдардын асылып калышын жоюу үчүн материалдар атайын түзүлүш менен жабдылышы керек.
Бункерди жарыктандыруу үчүн жарык бергичтерди жарылуу коопсуздугун сактоо менен колдонуу керек
183. Бункерлер толуу деңгээли автоматтык түрдө контролдоочу система менен жабдылышы керек.
184. Бункерлердин тешиктери иштебөөчү жагынан бийиктиги 1 метрден кем эмес перилалар менен тосулуп алды жагынан бийиктиги 0,15 м тилке менен толук капталышы керек.
Өзү түшүрүүчү автоунаалар үчүн жүк түшүрүү аянтчаларынын адамдар өтүүчү жерлери бийиктиги 1 метрден кем эмес перилалар менен тосулушу керек.
185. Кабыл алуучу жана жүк түшүрүүчү түзүлүштөрдүн жана бункерлердин жумуш аянтчалары өзү түшүрүүчү автоунаанын келгендиги жөнүндө тейлөөчү персоналга билдирүү үчүн арналган добуштук сигнализация менен жабдылышы керек. Сигналдар транспорт каражаттарынын келүү учуруна чейин 1,5 - 2 мүнөт мурда берилет.
Кабыл алуучу бункерлерде автоунаанын жүк түшүрүү үчүн кирүүсүнө уруксат берүүчү же тыюу салуучу светофор орнотулушу керек.
186. Чачылып калган материалдарды гидравликалык жыйноодо конвейердин стволу шлам чогулткуч менен жабдылышы керек. Камера жантайма стволго туурасы 2,5 метрден кем эмес жана бийиктиги 2,2 метр болгон чыгуусу болушу керек. Шлам чогулткучтун эксплуатциянын ар бир этабындагы орду долбоор тарабынан аныкталат. Шлам чогулткучтун идиштери эки сааттык агып келүүгө эсептелет жана грейфердик кран менен шламдан тазаланып турушу керек. Шлам конвейер менен транспорттолуучу тоо массасынын үстүнө гана төгүлөт.
187. Пульпо суу чогултуучу орнотмолор бир суткада бир жолудан аз эмес каралып турушу керек. Кароонун жыйынтыктары суу төгүүчү орнотмолорду кароо журналына катталат.
188. Адамдар жана тейлөөчү персонал өтүүчү көпүрөлөр бири-биринен төмөнкүдөй аралыктарда жайгашуулары керек:
- имараттарда жана жер алдындагы камераларда 50 метрден ашык эмес;
- калган учурларда 100 метрден ашык эмес.
Көпүрөлөр төмөнкүчө болуулары керек:
- бийиктиги боюнча төшөлмөдөн баштап куруу конструкцияларынын (коммуникациялык системалардын) эң көп чыгып турган жерине чейинки аралык 1,8 метрден кем эмес. Куруу конструкцияларынын ылдый жагынан баштап конвейер менен транспорттолуучу материалга чейин 0,3 метрден кем эмес;
- бийиктиги 1,0 метрден кем эмес тосмолор менен тосулуп, төшөлмөнүн деңгээлинен баштап 0,15 метрден кем эмес баштан аяк капталуу болушу керек. Төшөлмө туташ, тайгалак эмес же торчо түрүндө, туурасы 0,8 метрден кем эмес болушу керек.
189. Галереяларда, имараттарда жана башка жер үстүндө курулган курулмаларда жайгашкан конвейердин конструкциясы боюнча, ошондой эле жер алдындагы казылмаларда кабелдерди жаткырууга тыюу салынат, коргоочу калканчтын ичинде же конвейердин конструкциясы боюнча түтүктөрдө жайгаштырылган тосмолоо, коргоо, сигнализация жана башкаруу кабелдеринен башка.
190. Конвейердик линиялар ачык абада жайгашкан учурда 35 кВ чейинки чыңалуудагы кабелдерди конвейердин капкагына жаткырууга жол берилет, мында кабелдер механикалык жабыркоолордон корголуу болушу керек.
191. Бардык жантайыңкы конвейердик стволдор алардын чыга беришинде жана концентрациялык горизонтто орнотулган негизги желдеткичтин жардамы аркылуу желдетилип турушу керек. Бардык учурларда абанын негизги бөлүктөрүн жана зыяндуу аралашмаларды бир калыпта кармоо боюнча тиешелүү түрдө белгиленген ченемдерге ылайык желдетүүчү аба дубалын камсыздоо керек.
Төмөнкү шарттар аткарылган убакта желдетүүчү орнотмонун машинист жок иштөөсүнө уруксат берилет:
- желдеткич анын өндүрүмдүүлүгүн, ага түзүлгөн депрессияны үзгүлтүксүз жазып туруучу приборлор менен, ошондой эле аралыктан башкаруучу пультка орнотмонун иштөөсү берилген параметрлерден (өндүрүмдүүлүк, депрессия, электр кыймылдаткычтарынын жана желдеткичтин подшипниктеринин температурасы) четтегендиги тууралуу билдирип туруучу түзүлүштөр менен жабдылган учурда
- желдеткичтин электр кыймылдаткычын аралыктан иштеткич жана токтоткуч менен жабдылышы;
- желдетүүчү агымды аралыктан реверстөө;
- желдетүүчү орнотмону аралыктан башкаруу жана контролдоо пульту диспетчердик пунктта болсо, ал эми диспетчердик пункт жок болсо, эң жок дегенде телефондук байланышы бар, сигнал берүүчү аппаратураны үзгүлтүксүз байкоо жана бардык келип түшкөн сигналдарды журналга каттап туруу мүмкүндүгү камсыз болгон, кареьердин үстүндөгү стационардык орнотмолорду үзгүлтүксүз тейлөөчү орун жайлардын биринде болсо;
- желдетүүчү орнотмону аралыктан башкаруу жана контролдоо аппаратурасы өндүрүштүк текшерүүдөн 720 сааттын ичинде өткөн болсо. Ал текшерүүнү жыйынтыктары акт менен таризделип, уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилген болсо.
Башкаруучу пультта желдеткич орнотмонун бардык өзгөрүүлөрүн аралыктан тейлөө камсыз болгон шартта өзү жазуучу приборлору жок орнотмолордон башка автоматташтырылган желдетүүчү орнотмолордун иштөөсүнө жол берилет.
192. Сөңгөктүн чыга беришинде муз тоңуусун жана шахта үстүндөгү имаратка булганган абанын келүүсүн болтурбоо үчүн жантайма стволдун шахта үстүндөгү имаратка чыккан жерине сөңгөктүн оозун жабуучу түзүлүш болушу керек.
193. Технологиялык жабдууларды оңдоо жабдууну тейлөө жана оңдоо графигине ылайык жүргүзүлүшү керек. Оңдоонун жылдык жана айлык графиги – урксат-нарядынын негизинде түзүлөт.
194. Экскаваторлорду жана бургулоочу станокторду оңдоону кашаттардын аянттарында жүргүзүүгө жол берилет, мында көрсөтүлгөн механизмдерди мүмкүн болуучу уроолордун зонасынан тышкары жайгаштыруу керек. Аянтчалар пландаштырылып, аларга келе турган жолдун болуусу керек.
195. Негизги технологиялык жабдууларды ишкананын аракеттеги жоболоруна ылайык оңдоолордун бардык түрлөрүнө нускамалар (технологиялык карталар, колднмолор, иштерди уюштуруунун долбоорлору) иштелип чыгышы керек. Аларда керектүү жарактар жана инструменттер көрсөтүлүп, оңдоолорду коопсуз өткөрүүнү камсыз кылуучу иштердин ырааттуулугу аныкталат. Ошону менен бирге жабдууларды техникалык тейлөө жана оңдоо тартиби аларды колдонуунун жергиликтүү шарттарын эске алуу менен завод-өндүрүүчүнүн эксплуатациялоо боюнча колдонмосунун (нускамасынын) негизинде белгиленет. Оңдоо иштерин жүргүзүшкөн жумушчулар ал нускамлар, технологиялык карталар жана иштерди уюштуруунун долбоорлору менен кол коюу аркылуу танышып чыгуулары керек.
Иштер башталар алдында аларды жүргүзүү үчүн жооптуу адам дайындалышы керек.
Оңдоо иштери подрядчы уюм тарабынан аткарылган учурда тапшырыкчынын жана подрядчынын жооптуу өкүлдөрү иштер жүргүзүлүүчү бардык мезгил үчүн уруксат-наряд тариздешип, оңдоо иштерин коопсуз жүргүзүүгө багытталган конкреттүү уюштуруучулук-техникалык иш-чараларды иштеп чыгып, жүзөгө ашыруулары керек.
196. Оңдоо иштерин механикалык орнотмолордун кыймылдоочу ачык бөлүктөрүнө жакын жерде, ошондой эле электр өткөргүчтөрүнүн жана чыңалуу алдындагы ток алып жүрүүчү бөлүктөргө жакын жерде жүргүзүүгө тыюу салынат эгерде алар талаптагыдай тосулбаган болсо.
197. Машина толук токтогондон кийин, гидравликалык жана пневматикалык системаларда басым алынгандан кийин, оңдоло турган механизмдерге кыймыл берүүчү аппаратуралар тосмолонгондон кийин гана мехнизмдердин бөлүктөрүн оңдоого жана алмаштырууга жол берилет. Оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткан учурда иштерди уюштуруунун атайын долбоору боюнча электр энергиясын берүүгө жол берилет.
(Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2025-жылдын 11-январындагы № 01-01/3 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
198. От менен жүргүзүлүүчү иштер (газ ширетүүсү, газ менен кесүүчү жана электр ширетүүчү) өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо менен аткарылышы керек.
199. Өзгөрүлмө ток аркылуу ширетүүчү орнотмолордун кур жүрүмдү автоматтык түрдө өчүрүүчү же аны 0,5 секунддан ашпаган убакыт кармоо менен 12В чейин чектөөчү түзүлүштөрү болушу керек.
200. Негизги технологиялык жабдуунун көтөрүүчү металлоконструкцияны өзгөртүү менен байланышкан оңдоолор аткарылган иштер жөнүндө акт түзүү менен завод-өндүрүүчү менен макулдашылган план боюнча жүргүзүлүшү керек.
Көтөрүүчү металлоконструкцияны калыбына келтирүү боюнча оңдоолор уюмдун техникалык директору тарабынан бекитилген документациялар боюнча жүргүзүлүшү керек.
201. Механизациялаштырылган инструментти колдоднуу менен оңдоолор ишкана-даярдоочунун нускамаларына ылайык жүргүзүлүшү керек.
202. Тоо казылмаларынын жана отвалдардын жантаймларынын туруктуулугун камсыз кылуу, катуу пайдалуу кен байлыктардын жана ачылма породалардын нымдуулугун азайтуу, тоо-кен иштеринин жана транспорттук жабдуунун коопсуз шарттарын түзүү үчүн долбоордо иш өндүрүшүнүн аймактарын кургатуу жана жер үстүндөгү суулардан жана атмосфералык жаан-чачындардан коргоо боюнча иш-чаралар каралышы керек, алар төмөнкү техникалык чечимдерди камтыйт:
- жер алдындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүү боюнча (зарыл болсо)
- сууну дренаждык системанын таасир берүүчү зоналарынан тышкары агызуу үчүн курулмаларды куруу;
- курулмаларды, тоо казылмаларын жана отвалдарды жер үстүндөгү суулардан жана атмосфералык жаан-чачындардан коргоп тосуу.
203. Жер үстүндөгү жана кыртыштагы суулардын агып кетүүсү үчүн табигый шарттары жок ачык тоо-кен иштеринин ар бир объектиси суу агызгыч менен камсыз болушу керек.
Дренаждык шахталардын, штолендердин, шурфтардын, бургулоочу скважиналардын жана башка казылмалардын чыга бериштери алар аркылуу тоо казылмаларына жер үстүндөгү суулардын кирүүсүнөн ишенимдүү корголушу керек.
Ачык тоо иштер объектисинин аймактарында жер көчкүлөр бар болгон учурда жер көчкү массивинин үстү тоо аңдары же алдын ала коргоочу жалдар менен тосулуу болушу керек, алар массивге жер үстүндөгү, жана эриген суулардын, кардын, ылай агындылардын киришинен коргойт.
204. Дренаждык шахталарды курууда суу жарып чыккан учурда адамдарды коопсуз алып чыгып кетүүнү жана жабдууну сактоону камсыз кылуучу түзүлүштөр каралышы керек.
205. Негизги суу агызуучу орнотмодо суу чогулткуч болушу керек. Дренаждык шахталарда суу чогулткуч эки бөлүккө ээ болушу керек. Ачык суу агызгыч болгон учурда суу чогулткучтун сыймыдуулугу үч сааттан кем эмес агып келүүгө, ал эми дренаждык шахталардын суу чогулткучтары эки сааттык агып келүүгө эсептелиши керек.
206. Негизги суу агызгычтын насостук камерасы шахтанын өзөгү менен ылдый көздөй баруу менен биригиши керек, ал бир жүрүштөн кем эмес өзөккө жакын короо менен насостук станциянын жер таманынын деңгээлинен 7 метрден кем эмес бийиктикте чыгарылып, жылчыксыз жабылышы керек.
207. Ачык тоо-кен иштеринин объектисинин аймагынан чыгарылуучу суу “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы №28 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежелеринин” талаптарына ылайык анын жаракалар, чөгүүлөр же суу өткөрүүчү породалар аркылуу казылмага кайра кирип, тиешелүү аймактарды сазга айландыруусун болтурбай турган жерге агызылышы керек.
Кен чыгуучу жерлерди кургатуунун натыйжасында алынган сууларды агызуу алар жарыктандырылгандан кийин гана, ал эми кээ бир учурларда зыяндуу кошулмалардан тазалангандан кийин жүргүзлөт. Бул сууларды агызуучу орундар белгиленген тартипте макулдашылат.
208. Ачык тоо-кен иштеринин объектилеринин атмосферасынын курамы санитардык коопсуздук жаатында ченемдик-укуктук актылардын талаптарына жооп бериши керек
Жумуш зонасыныны абасы көлөмү боюнча 20% (табигый курчап турган чөйрөнүн чоңдугунда) кислородду жана 0,5%дан ашык эмес көмүр кычкыл газын камтышы керек; башка зыяндуу газдарды камтуу белгиленген сантитардык коопсуздук талаптарынан жогору болбошу керек.
Сынмдарды алуу орду жана алардын мезгилүүлүгү уюмдун техникалык жетекчиси тарабынан белгиленген графикке ылайык белгиленет, бирок бир кварталда бир жолудан аз эмес жана иштөө технологиясы өзгөргөн сайын жүргүзүлөт.
209. Массалык жардыруулар жүргүзүлгөндөн кийин жардыруунун жетекчиси тарабынан жардыруунун абадагы уулуу продуктулардын концентрациясы санитардык нормага чейин ылдыйлагандыгы тууралуу кабар алынгандан соң, жардыруудан кийин 30 мүнөттөн эрте эмес чаңдар тарап, бардыгы көзгө көрүнгөндөй болгондон кийин, ошондой эле жардыруучу адам жардыруу жүргүзүү үчүн жооптуу адам менен чогуу жардырылган жерлерди (жерди) карап чыккандан кийин гана жумушчулардын жана адистердин иш орундарына баруусуна уруксат берилет.
210. Ачык тоо-кен иштеринин объектисинде уулуу газдардын камтылуусу жана абанын чаңдуулугу белгиленген чектерден жогору болгон бардык учурларда эмгектин коопсуз жана туура шарттарын камсыздоо боюнча чаралар кабыл алынышы керек.
Ачык тоо-кен иштеринин объектилериндеги начар желдетилүүчү жана солгун зоналарында табигый аба алмашууну ылдамдатуу үчүн уюмдун техникалык жетекчиси тарабынан бекитилген иш-чараларга ылайык желдетүүчү орнотмолордун же башка каражаттардын жардамы аркылуу жасалма жол менен желдетүү уюштурулушу керек.
211. Ачык тоо-кен иштеринин объектилеринде өзгөчө оор чаң-газ режими болсо, чаң желдетүүчү кызмат уюштурулушу керек. Мындай объектилер ар дайым атайын кесипкөй авариялык-сактоо түзүмү тарабынан тейленип турушу керек.
212. Газдар жана чаң бөлүнүп чыккан жерлерде чаңдар жана газдар менен күрөшүү боюнча иш-чаралар каралышы керек. Колдонулган каражаттар зыяндуу аралашмалардын төмөндөөсүн талаптагыдай төмөндөтө албаса, экскаваторлордун, бургулоочу станоктордун, автоунаалардын жана башка жабдуулардын кабиналары аба өтпөгөндөй жылчыксыз болуп, ашыкча басым түзүү менен аларга тазаланган аба берилип турушу керек. Чаңдын концентрациясы жол берилүүчү белгиленген чектен жогору болгон жумуш ордуларында тейлөөчү персонал дем алуу органдарын коргоочу жеке каражаттар менен камсыз болуусу керек.
213. Жылуу мезгилде тоо массасын экскаватор менен казуудан келип чыгуучу чаңды азайтуу үчүн жардырылган тоо массасын системалык түрдө сугарып туруу керек.
Аба-ырайы ысык кезде автоунаалар жүрүүчү жолдун чаңдашын азайтуу үчүн жолдорго суу чачылып турушу керек, зарыл учурда байланыштыруучу кошумчалары менен.
Ачык тоо-кен иштеринин объектилерин аймактарынан чаңды интенсивдүү үйлөтүүдө чаңдын чыгуусун болтурбай турган чараларды ишке ашыруу керек. (байланыштыруучу аралашмалар, жашылдандыруу).
214. Таш кесүүчү машиналарды, бургулоочу станокторду, перфераторлорду жана электрдик тешкичтерди чаң тосуучу же чаң басаңдатуучу каражаттары жок иштетүүгө тыюу салынат.
215. Эгерде автоунаалардын, бульдозерлердин, тракторлордун жана башка ичтен күйүүчү кыймылдаткычтары бар автомашиналардын иштөөлөрү иштөө зонасында жол берилүүчү концентрациянын чегинен (ЖКЧ) ашык уулуу аралашмалардын концентрациясынын жана иштелген газдардын пайда болуусу менен коштолсо, анда иштелген газдарды каталитикалык нейтралдоо колдонулушу керек.
Уюм уулуу аралашмалардын жана иштелип чыккан газдарды системалык түрдө контролдоп туруусу керек.
216. Күйүүчү катуу пайдалуу кендер жана отвалга төгүлгөн тоо массасы күйгөн учурда атмосферанын булгануусун болтурбоо үчүн уюмдун техникалык жетекчиси тарабынан бекитилген өртк каршы иш-чараларды иштеп чыгуу керек, ал эми өрт келип чыккан учурда аларды жоюу боюнча ыкчам чаралар көрүлүшү керек.
Өрт келип чыккан учурда күйгөн продуктулар менен атмосферасы булганган карьердин бардык участокторунда бардык иштер токтотулушу керек, өрттү өчүрүү менен байланыштуу болгон иштерден башкасы.
217. Ачык тоо-кен иштеринин объектисинин аймагында дренерленүүчү суулардан уулуу газдар бөлүнүп чыккан учурда, сууларды объектинин кашаттарынын жанатаймалары аркылуу фильтрациялоо иштерин кыскартуучу же толук токтотуучу иш-чаралар ишке ашырылуусу керек.
218. Өндүрүштүк агып чыгуучу сууларды сордуруу боюнча насостук станциялардын кароочу кудуктары жана скважиналары жакшылап жабылган болушу керек.
219. Оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн жумушчуларды кудукка түшүрүүгө суу агызылып, абдан желдетилип, техникалык көзөмөлдөөчү адамдын катышуусунда зыяндуу газдардын курамы өлчөнгөндөн кийин гана уруксат берилет.
Кудуктарда жана скважиналарда уулуу газдар бар экендиги аныкталганда же кислороддун жетиштүү өлчөмү жок болгон учурда мындай кудуктардын жана скважиналардын ичиндеги бардык иштерди ийкем түтүгү бар противогаздарды кийип алып аткаруу керек.
220. Жумуш ордулардында жол берилген чоңдуктан жогору болгон зыяндуу газдар аныкталган учурда, ишти токтотуп, элдерди коопсуз жайга алып чыгуу керек.
221. Ачык тоо-кен иштеринин объектисинде радиациялык-коркунучтуу факторлор бар болсо, калктын радиациялык коопсуздугунун талаптаны камсыз кылуучу уюштуруучу-техникалык иш-чаралар ишке ашырылышы керек.
222. Радиациялык фону жогору болгон пайдалуу кендерди иштетүүчү уюмдар радиациялык контрол жүргүзүп турууга милдеттүү. Ачык тоо-кен иштеринин объектисин жумуш ордуларында жана аймактарында радиациялык фонду текшерүүнү радиациялык коопсуздук талаптарына ылайык жүргүзүү керек. Радиациялык фонду ченөөнүн жыйынтыктары атайын журналга катталат.
223. Персоналдын жана калктын нурлануу дозаларын каттоо нурлануунун дозаларын мамлекеттик контролдоо жана эсепке алуу системасына ылайык жүргүзүлөт.
224. Радиациялык коопсуздукка өндүрүштүк контроль жүргүзүү тартиби радиациялык коопсуздук жаатындагы мамлекеттик орган менен макулдашылат.
225. Карьердин кээ бир зоналарында ЖКЧдан ашкан радиоактивдик кошулмалар чогулганда мындай зоналарды радиациялык коопсуздук талаптарына ылайык жасалма жол менен желдетүүнү ишке ашыруу керек.
226. Ачык тоо-кен иштеринин объектилерин жасалма жол менен желдетүү абадагы радиоактивдүү кошулмалардын курамын концентрациянын жол берилген деңгээлине чейин (ЖК) төмөндөшүн камсыз кылышы керек. Желдетүү үчүн аба берүүч желдеткич орнотмолор таза абалуу зоналарга жайгаштырылышы керек.
Желдетүүчү абанын ылдамдыгы зыяндуу кошулмаларды булганган зонанын аймагынан чыгаруу үчүн жетиштүү болушу керек жана кирүүчү агым үчүн секундасына 0,6 метрден кем эмес, горизонталдык агым үчүн секундасына 0,25 метрден кем болбошу керек.
227. Радиациялык абал канааттандырарлык эмес болгон учурда дем алуу органдарын чаңдан жана радиоактивдүү аэрозолдордон коргоо үчүн кабиналарда жана ачык абада иштегендерди респираторолор менен камсыз кылуу керек.
228. Тоо-кен жабдуулары оңдоого жөнөтүлөр алдында дозиметрикалык контролдон өтүшү керек. Радиоактивдик булганган болсо, ага дезактивация жүргүзүү керек. Жабдуу металлоломго тапшырылар алдында милдеттүү түрдө дезактивацияланышы керек.
Оңдоого жөнөтүлүп жаткан жабдуунун тышкы гамма нурлануусу жана үстүндөгү булгануусу радиациялык коопсуздук ченемине (РКЧ) ылайык болушу керек.
Оңдоого жөнөтүлүп жана металлоломго тапшырылып жаткан жабдуунун үстүндөгү гамма нурлануунун экспозициялык дозасы 50 мкР/сааттан жогору болбошу керек.
Ачык тоо-кен иштеринин объектисинин технологиялык жабдуусун дезактивациялоо катуу кыртыштуу, суулары атайын идишке куюлуучу атайын аянтта жүргүзүлүшү керек. Жуулган сууларды жердин үстүнө агызууга тыюу салынат.
Жол берилүүчү чекке чейин тазаланбай турган жабдуулар радиациялык таштандылар катары каралышы керек.
229. Радиациялык фону жогору болгон тоо породаларын жана катуу пайдалуу кендерди ташууну атайын транспорт менен жүргүзүү керек, аларды башка максаттарда пайдаланууга тыюу салынат. Ачык тоо-кен иштеринин объектилеринде мындай казылып алынгандар менен болгон операциялар атайын чаң басуучу каражаттарды колдонуу менен жүргүзүлөт.
230. Жогорку радиоактивдүү булганган рудалар ылгануучу жана жыйналуучу өндүрүш зоналары бардык тарабынан тосулуу болушу керек. Андай орундарга кирүүчү жерлер кайтарууга алынып, эскертүүчү белгилер орнотулушу керек (радиациялык коркунуч белгилери жана “Кирүүгө тыюу салынат” деген жазуу.
231. Радиациялык фону жогору болгон пайдалуу кенди казуу менен алектенген персонал санитардык-турмуштук тейлөөдө өзүнчө агымга бөлүнүп, терилери радиометрикалык контролдоодон өтүшү керек.
232. Сайроондук кашаттын үстүнөн чаңдар пайда болуп, радиоактивдүү аэрозолдордун таркашын болтурбоо үчүн гидроотвалды эксплуатациялоодо аны калыңдыгы 0,5 м. болгон таза катмар менен жабуу керек.
233. Жер алдындагы суулардын радиоактивдүүлүгүнүн деңгээлин контролдоо үчүн гидроотвалдын периметри боюнча жана жер алдындагы суулардын агымынын багыты боюнча сынам алуучу (байкоочу) скважиналар каралышы керек. Сважиналардын жайгашкан орду жана саны алардын аралыктары 300 метрден кем болбогондой болуп, гидрогеологиялык шарттарга жараша аныкталат. Ошону менен бирге бир-эки скважина санитардык-коргоо зонадан тышкары болушу керек.
234. Ачык тоо-кен иштеринин объектисинде чаңдар менен күрөшүү боюнча иш-чаралардын жүргүзүлүшүнө, атмосферанын курамы боюнча белгиленген ченемдерди сакталышына, радиациялык коопсуздукка контролдь жүргүзүү эксплуатация жүргүзгөн уюмдун жетекчилигине жүктөлөт.
235. Ачык тоо-кен иштеринде электр энергиясын колдонуунун коопсуздугун камсыздоо уюштуруу иш-чаралар комплексинин жана техникалык чечимдердин эсебинен чечилиши керек.
236. Ар бир ачык тоо-кен иштеринин обьектисинде белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган төмөнкүлөр болушу керек:
- техникалык жетекчи тарабынан бекитилген тоо-кен иштерин жүргүзүү планына белгиленген электр менен камсыздоо схемасы болушу керек. Схемага күч жана электр тартуучу тармактар, электр орнотомолору (трансформаторлор, бөлүштүрүүчү түзүлүштөр) жайгашкан жерлер көрсөтүлөт;
- күч тармактарын, электр орнотомолорун (трансформатордук подстанциялар, бөлүштүрүүчү түзүлүштөр ж.б.), ток түрүн, өткөрмөлөрдүн жана кабелдердин кесилишкен жерлерин, алардын узундугун, маркасын, ар бир түзүлүштүн чыңалуусун жана кубаттуулугун, бардык жердетүү орундарын, коргоочу жана коммутациялык аппаратуранын жайгашуусун, максималдуу реленин ток уставкаларын жана сактагычтардын эриме коймолорунун номиналдуу токторун, ток уставкаларын жана жерге бир фазалуу ток уруудан коргонуунун иштеп кетүү убактысын, корголгон линиянын эң эле алыскы түйүнүндө кыска туташуу тогун көрсөтүү менен принципиалдуу бир линиялык схема;
- сезондуу электр орнотмолору үчүн аларды ишке киргизүү алдында электр менен камсыздоонун өзүнчө схемасы;
- Электр менен камсыздоо схемасындагы өзгөрүүлөр жумуш аяктаганда көрсөтүлүшү керек.
237. Стационардык электр подстанцияларынын жана бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн орун-жайларында баштапкы жана экинчилик коммутациянын, аба жана кабелдик тармактардын схемалары, тейлөөчү персонал үчүн нускамалар, электр тогунан жабыркаган адамдарга алгачкы жардам көрсөтүү эрежелери милдеттүү түрдө илинет, эскертүүчү белгилер жана плакаттары бар стенддер орнотулат.
238. Ачык тоо-кен иштеринде электр орнотмолорун коопсуз эксплуатациялоону камсыздоо үчүн төмөнкүлөр болушу керек:
- тоо-кен иштеринин планына байлоо менен электрорнотмолоруна техникалык документтердин болушу, аларды эксплуатациялоо процессинде ага бардык өзгөртүүлөр киргизилиши керек;
- тейлөөчү персоналды электрден коргоочу каражаттар жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо;
- электр тармактарынын жана трансформаторлордун түрүнө жараша коргоочу жердетүүнү уюштуруу;
- электр орнотмолорун электр коргоосу менен камсыздоо;
- жардыруу учурунда кооптуу зоналардын чегинде аба жана кабелдик электр өткөрүү линияларын өчүрүү жана табылган бузулууларды карап чыгып, четтеткенден кийин кайрадан күйгүзүү;
- көчмө машиналарды кубаттандырган ийкемдүү кабелдерди алардын бузулуусун, тоңуп калуусун, порода менен басып калуусун, аларды транспорттук каражаттар жана механизмдер кагып кетпөөсү үчүн таянычтарда, кургак породанын же атайын барабандын үстүнө төшөө. Чыңалууда болгон экскаватордук кабелди жылдырууда тейлөөчү персонал төмөнкү коргоочу түзүлүштөрдү колдонушу керек;
- жумуш орундарын аракеттеги ченемдерге ылайык камсыздоо;
- жарык берүү төмөн болгон шарттарда жана түнкү убакта жумушка жөнөтүлгөн жумушчуларды жеке жылдыруучу шам чырактар менен камсыздоо;
- тоо-кен жумуштарынын обьектин технолгиялык процесстер жана жумуштардын коопсуздугун контролдоону жана башкарууну камсыздаган техникалык каражаттар комплекси, радио байланыш, уюмдун коммутатору же АТС, диспетчери менен байланыштырган кош өткөрмөлүү телефон байланышы менен жабдуу;
- электр подстанцияларын электр менен камсыздаган уюмдун энергодиспетчери же карьердин коммутатору менен байланышуусү үчүн телефон же радиобайланыш менен жабдуу;
- Байланыш жана сигнализация түзүлүштөрүнүн кубаттандыруусун жарык берүүчү тармактан, аккумулятордук батареялардан же түзөтүүчү түзүлүштөрдөн 220 В ашпаган линиялык чыңалуу менен камсыздоо. 24 В ашпаган чыңалуу менен кубатталган сигналдык түзүлүштөр үчүн линияларды бош өткөрмөлөр менен аткарууга жол берилет. Контакттык тармактын, чагылган разряддарын жана эркин турган токтордун линияларынын жогорку чыңалуусунун таасиринен байланыш орнотмолорун сактоо.
239. Электр орнотмолорун жана тармактарды коопсуз тейлөөнү уюштуруу үчүн уюмдун жетекчилигинин тескемеси менен тейлөө чеги аныкталып жана жол-жоболоштурулуп, уюм жана түзүмдүк бөлүмчөлөр боюнча жооптуу адамдар дайындалышы керек.
240. Электр коопсуздугу боюнча квалификациялык топко ээ персоналга электр түзүлүштөрү, электрифицирленген инструмент же жумуш мүнөзү боюнча машиналардын жана механизмдердин электр иштеткичи менен иш алып барган жумушту аткарууга уруксат берилет.
Уюмдун бардык кызматкерлери электр тогунун таасиринен жабыркаган адамдарды андан бошотуу ыкмаларын, электр тогунан жана башка мертинтүүчү факторлордон жабыркаган адамга алгачкы жардам көрсөтүүнү билиши керек.
241. Электр орнотмолорун тейлөөдө электр коргоочу каражаттары жана жеке коргонуу каражаттары колдонулушу керек.
242. Көчмө машиналарды кубаттандыруучу карьердик линияларга туташтыруу көчмө кошмо пункттары (көчмө себилдүү трансформатордук подстанциялар) аркылуу жүргүзүлүшү керек.
243. Көчмө жана өздөрү жүрүүчү электр орнотмолорун кубаттандыруу үчүн чыңалуусу 35 кВ жогору болбогон нейтраль менен изоляцияланган трансформаторлор же жердетилген жогорку омдуу резисторлор, же болбосо тармакты стабилизациялоочу трансформаторлор колдонулушу керек.
244. Ачык тоо-кен иштери жүргүзүлгөн жерлердин чегинен алыс жайгашкан, ошондой эле жарык берүүнү орнотмолорунун өзүн трансформаторлорунан, стационардык жүк ташуучу пункттардан жана урандылардан, кирүүчү (чыгуучу) траншеялардан, атайын жарык берүүчү орнотмолордон жана сигнализация, борборлоштуруу жана тосмолоо тармактарынан (СБТ) кубаттанган стационардык керектөөчүлөр үчүн туюк жердетилген нейтраль менен чыңалуусу 1 кВ болгон тармактарды колдонууга болот. Ошону менен бирге бул орнотмолордун жердетүүчү түзүлүшү изоляцияланган нейтраль менен гальваникалык байланышы болбошу керек.
245. Сактагычтардын эриме коймолору завод-өндүрүүчү же электртехникалык лаборатория тарабынан клеймого коймонун номиналдуу тогун көрсөтүү менен калибрлениши керек. Калибрленбеген эриме коймолорун жана патрон-сактагычы жок эриме коймолорду колдонууга тыюу салынат. Аларды алмаштыруу чыңалуу чыгарылганда жана чагылган болбогон учурда жүргүзүлөт.
246. Изоляцияланган нейтралы бар трансформаторлордон кубаттанган 1000 В чейинки бардык көчмө электр орнотмолору электро тогуна урунуу коркунучу жаралган учурда электр орнотмолорун автоматтык түрдө өчүрүү менен жерге (корпуска) токтун чыгуусунан тез коргогон коргоочуга ээ болушу керек. Ошону менен бирге жалпы өчүрүү убактысы 0,2 с ашпашы керек.
Токтун чыгуу релесинин аракетинин (иштеп кетүү) бузулбагандыгы ар бир сменада жумуш башталар алдында текшерилиши керек. Автомат менен комплектте токтун чыгуу релесин алардын иштеп кетүү учурунда текшерүү электр чарбасы үчүн жооптуу адам тарабынан белгиленген мөөнөттө, бирок алты айда бир жолудан кем эмес, ошондой эле аны машинага башында орноткон учурда же машинаны машинага ордун которууда жүргүзүлүшү керек.
Иштеп кетүү учурунда автомат менен комплектте токтун чыгуу релесин текшерүү жыйынтыктары атайын журналга жазылышы керек.
247. Жердетилген нейтралы бар электр орнотмолору коргоочу өчүрүү түзүлүшүнө ээ болушу керек.
248. Бардык экскаваторлор, бургулоочу станоктор, уранды түзүүчүлөр, конвейерлер, насостор кубаттануу чыңалуусун берүүдөн кийин механизмдердин өз алдынча ишеп кетүүсүн болтурбаган электр тосмолоосу менен жабдылышы керек.
249. Кокусунан бир нерсе тийип кеткен учурда жеткиликтүү болгон электр түзүлүштөрүнүн бош бөлүктөрү, бош өткөрмө жана шиналар, рубильниктердин жана сактагычтардын контакттары, электр машиналарынын жана аппараттарынын бекиткичтери ишенимдүү тосмо менен корголушу керек.
250. Адамдардын электр тогуна урунуусунан коргоо үчүн коргоочу жердетүү колдонулушу керек. Чыңалууда нормалдуу болбогон, бирок изоляциясы бузулган учурда, анын үстүндө төмөнкү учурларда анын алдында болуп калышы мүмкүн болгон электр орнотмолорунун металл бөлүктөрү жердетилиши керек:
- электр экскаваторлорунун, бургулоочу станоктордун, насостордун, конвейерлердин жана башка машиналардын корпустары, электр машиналарынын станина жана каптоочтору, өчүрүүчүлөр ж.б.у.с.;
- электр аппаратурасынын иштеткичтери;
- электр орнотмолорунун түзүлүшүнүн аракеттеги эрежелери менен каралган учурларды албаганда, жарык берүүчү трансформаторлордун экинчилик оролмосу;
- башкаруу щиттеринин жана бөлүштүрүүчү щиттердин каркастары;
- стационардык жана көчмө трансформатордук подстанциялардын, бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн жана кошуучу пункттардын (КП) металл жана темир бетон конструкциялары жана каптоочтору;
- кабелдүү муфталардын металл корпустары, кабелдердин жана өткөрмөлөрдүн металл кабыкчалары, электр өткөрмөлөрүнүн болот түтүктөрү;
- металл жана темир бетон таянычтары жана электр берүү линияяларынын конструкциялары;
- прожекторлордун жана жарык берүүчү аппаратурасынын корпустары;
- чыңалуу алдында болгон барьерлер, металлдан жасалган тор жана тегиз тосмо бөлүктөр жана чыңалууда болуп калышы мүмкүн болгон башка металл бөлүктөр.
251. 1000 В чейин жана андан ашык болгон стационардык жана көчмө электр орнотмолорунун жердетүүсү жердетүүчү жалпы тармак менен аткарылат. Жердетүүнүн жалпы тармагы жердетүүчү өткөрмөлөрдүн жана ийкемдүү кабелдердин жердетүүчү тамырларынын ортосунда үзгүлтүксүз электр туташтыруусу менен аткарылышы керек.
Ачык тоо-кен иштеринин обьектисинин жалпы жердеткен түзүлүш борбордук жердетүүдөн, өткөрмөлөрдү жердеткен жердетүү магистарлдарынан же жергиликтүү жердетүүчүлөрдөн турушу керек. Жалпы жердетүүчү түзүлүштүн каршылыгы 4 (төрт) Омдон ашпашы керек.
Башкы жердетүүчүлөр катары 35/10-6 кВ же КРП 6-10 кВ чыңалууда болгон подстанциялардын жердетүүлөрү жана табигый жердетүүлөр колдонулушу керек.
252. Бардык жердетүүчү тармакты сыртынан карап чыгуу электр техникалык персонал тарабынан айына бир жолудан көп эмес же жердетүүчү түзүлүштөр бузулушу мүмкүн болгон аймакта жардыруу иштеринен кийин өткөрүлүшү керек.
Көчмө электр орнотмолорунун жалпы жердетүүчү каршылыгын өлчөө айына бир жолудан көп эмес, ошондой эле жердетүүчү түзүлүштөрдү монтаждап, реконструкциялап (кайра орноуп) жана оңдогондон кийин жүргүзүлүшү керек.
Көчмө жана стационардык түзүлүштөрдү кароо жана өлчөө жыйынтыктары атайын журналга киргизилиши керек.
253. Электрифицирленген транспорттун контакттык тармактары менен забойлордо тоо массасын жүктөөдө иштеген экскаваторлорду жердетүү төмөнкүлөрдө жүзөгө ашырылышы керек:
- забойдук контакттык тармакты экскаватор сузгучун контакттык өткөрмөгө, жалпы жердетүүчү түзүлүшкө тийгизген учурда контакттык тармактын чыңалуусун өчүргөн коргоо менен жабдууда;
- Сузгучтун контакттык өткөрмөгө, металл жактан жердетүүнүн жалпы тармагы менен байланышпаган жергиликтүү жердетүүчүгө тийүүгө реакция берген коргоо жок болгон учурда.
Бардык учурларда кабелдин жердетүүчү тамырларынын бүтүндүгүнө контролду камсыздоо керек.
254. Экскаваторлордун, жүк ташыгычтардын, бургулоочу станоктордун ж.б.у.с. чыңалууда болгон аба линияларына жакын жерде иштөөсүнө көтөрүүчү же жылуучу бөлүктөн аба боюнча аралыгы анын кайсы болбосун абалында, анын ичинде көтөрүүдө же капталдагы учууда уруксат берилген конструкция менен чыңалууда болгон жакынкы өткөрмөгө чейин 20 кВ болгондо 20 м. аз болбогон, 35 кВ – 4 м аз болбогон иштөөгө болот.
Аба линиясынын автомобиль жолдору менен кесилишкен (жакындаган) учурда линиянын төмөнкү фазалык өткөрмөсүнөн машинанын же жүктүн жогорку чекитине чейинки аралыгы 20 кВ чейинки чыңалууда 2 м кем эмес жана 35 кВ чейинки чыңалууда 2,5 м ашык болбошу керек.
255. Чыңалуусу 35 кВ чейинки убактылуу технологиялык аба линиялары үчүн көчмө таянычтарды колдонууга уруксат берилет. Өткөрмөлөрдү кош бекитүү аба линияларынын контакттык тармак, аба линясынын аба линиясы, аба линиясынын туруктуу технологиялык жолдор менен кесилишкенде, ал эми бир жолу гана бекитүү – аба линиясы кашаттар жана урандылар боюнча салынган автомобиль жолдору менен кесилишкенде аткарылышы керек.
256. Электр өткөрмөлөрүнүн бардык аба жана кабелдик линиялары жардыруу учурунда кооптуу аймактардын чегинде өчүрүлүшү керек.
257. Ачык тоо-кен иштеринин обьекттериндеги жарык берүүчү тармактар үчүн, ошондой эле көчмө машиналардагы, механизмдердеги, агрегаттардагы стационардык жарык берүүчү түйүндөрдө линиялык чыңалуусу 220 В ашык болбогон учурда изоляцияланган нейтралы бар электр системасы колдонулушу керек.
Жарык берүүнүн атайын түрлөрүн колдонууда 220 В ашпаган чыңалууну колдонсо болот.
Кол менен жылдыруучу лампаларды кубаттандыруу үчүн өзгөрүлмө токтун 36В жогору болбого жана туруктуу токтун 50В чейинки чыңалуусу колдонулушу керек. Тепловоздук тартууда бул максат үчүн чыңалуусу 75 В чейинки чыңалууну колдонсо болот.
258. Башка трансформатордук подстанциылардан кубаттанган учурда разрезде (карьерде) болбогон урандыларга жана автожолдорго жарык берүү үчүн жердетилген нейтралы бар тармакта 380/220 В болгон чыңалууну колдонууга уруксат берилет.
259. Чыңалуусу 1650 В чейин болгон туруктуу токтун байланыш тармагындагы стационардык жана көчмө таянычтарга таянычтын карама-каршы жагына контакттык өткөрмөдөн жогору орнотулган электр жарык берүүсүн жана шам чырактардын өткөрмөлөрүн илүүгө болот. Контакттык өткөрмөдөн жарык берүү өткөрмөлөрүнө чейинки аралык капталдан илүүдө 1 м кем болбошу керек.
Жыгач таяныятарда жарык берүүчү өткөрмөлөрдөн ылдый жайгашкан лампаларды жана шам чырактарды алмаштыруу контакттык өткөрмөдөн чыңалуу алынган учурда жүргүзүлүшү керек.
Жарык берүүчү тармакты оңдоодо контакттык жана жарык берүүчү тармактан чыңалуу алынган учурда жүргүзүлүшү керек.
260. Жарык берүү төмөн болгон шарттарда жана түнкү убакта жумушка жөнөтүлгөн кызматкерлерде жеке жылдыруучу шам чырактар болушу керек.
261. Ачык тоо-кен иштеринин обьектиси иштин технологиялык процессин жана коопсуздугун контролдоону жана башкарууну камсыздаган техникалык каражаттардын комплекси, анын ичинде коммутатор же уюмдун АТС, диспетчери менен байланышуу үчүн телефон (радиобайланыш менен камсыздалышы керек) .
Атайын транспорттук түзүлштөрдү албаганда, байланыш жана сигнализация түзүлүшүн кубаттандыруу жарык берүүчү тармактан, аккумулятордук батареялардан же түзөтүүчү орнотмолордон 220 В ашпаган линиялык чыңалуу менен жүргүзүлүшү керек. Электр подстанцияларында энергодиспетчер (энергия менен камсыздаган уюмдун ыкчам персоналы менен) же карьердин коммутатору менен байланышуу үчүн телефон же радиобайланыш болушу керек .
262. Бардык телефон линиялары эки өткөрмөлдөн аз болбошу керек. Байланышты орнотуу контакттык тармактын жогорку чыңалуу линияларынын таасиринен, чагылган разряддарынан жана эркин турган токтун таасиринен корголушу керек.
263. Катуу пайдалуу кен байлыктарды ачык ыкма менен казууну жүзөгө ашырган ишканалардын өрткө каршы коргонуусу өрттүн келип чыгуусун болтурбагандай кылып аткарылышы керек, ал кайсы болбосун технологиялык процесс же оңдоо иштеринин жүрүшүндө, тоо-шахталык жабдууну жана карьердик автоунааны эксплуатациялоодо келип чыккан учурда өрт чыгуу мүмкүндүгүн болтурбагандай кылып, анын баштапкы стадиясында натыйжалуу локалдаштыруу жана өчүрүү камсыздалышы керек.
264. Өз алдынча күйүп кетиши мүмкүн болгон катуу пайдалуу кен байлыктардын чыккан жерлерин иштетүүдө алып чыгуу үчүн ачуу жана даярдоо иштери бул коркунучту эске алуу менен жүргүзүлүшү керек.
265. Аракеттеги разрездерде өрттү алдын алуу жана өчүрүү боюнча ишкана жетекчиси бекиткен иш-чаралар аткарылышы керек.
266. Ар бир разрезде (1-категориядагы разрезди албаганда) ишкананын техникалык жетекчиси бекиткен өрттү алдын алуу жана өчүрүү планы түзүлүшү керек.
267. Өз алдынча күйүп кетиши мүмкүн болгон көмүр иштеткен резрездерде ишкананын техникалык жетекчиси бекиткен көмүрдүн өз алдынча күйүү очокторун өз учурунда табуу боюнча иш-чаралар жүзөгө ашырылышы керек.
268. Көмүрдүн өз алдынча ысуу белгилери табылган учурда разрезде эндогендүү өрттү алдын алуу жана өчүрүү планы менен каралган чаралар кабыл алынышы керек.
269. Кампаларда көмүрдү сактоо өрттүн келип чыгуу шарттарын четтетүү боюнча иш-чараларга ылайык жүзөгө ашырылышы керек.
270. Разрезде технологиялык мүнөзгө ээ өрткө каршы чаралардын натыйжалуулугу жок болгон учурда ишкананын техникалык жетекчиси бекиткен нускама боюнча антипирогендер жана изоляциялоочу материалдар колдонулушу керек.
271. Өрттү өчүрүү техникалык көзөмөлдүн жетекчилигинин алдында конкреттүү коопсуздук чараларын көрсөтүү менен нускоодон өткөн жумушчулар тарабынан жүзөгө ашырылат.
272. Эксплуатацияда болгон тоо-кен, транспорттук жана жол куруу-курулуш машиналары жана жабдуулар өрткө каршы каражаттар жана өрт өчүрүүнүн автоматтык каражаттары менен камсыздалышы керек, алардын номенклатурасы жана саны белгиленген тартипте макулдашылышы керек.
273. От, ширетүү, газ жалындуу жана жардыруу иштерин өткөрүү өрткө каршы коопсуздук чаралары боюнча эрежелердин талаптарын сактоо менен жана зарыл болгон өрткө каршы иш-чараларды аткаруу менен жүзөгө ашырылышы керек.
274. Майлоочу майлар жана жалбырт этип күйүп кетме суюктуктар сакталган жерге жакын жерде күйүп турган отту колдонууга болбойт.
275. Технологиялык жабдуудагы майлоочу жана сүрүүчү материалдар сменалык муктаждыктан ашпаган өлчөмдө жабык идиштерде сакталышы керек.
276. Майлоочу май суюктуктары авариялык агууда же алар төгүлгөн учурда аларды тазалоо жана төгүлгөн жерди өрттөн коопсуз болгон абалга алып келүү үчүн чаралар көрүлүшү керек.
277. Өрткө каршы материалдарды, жабдууларды жана куралдарды карьердин (разрездин) өндүрүштүк аянтчасында сактоо үчүн өрт өчүрүүгө зарыл болгон материалдар жана каражаттар менен себилденген кампа уюштурулушу керек.
278. Ишканада жакынкы калктуу конуштун өрт өчүрүүчүлөрү менен байланышуу үчүн телефон же радиобайланыш болушу керек.
279. Катуу пайдалуу кен байлыктарды драга (жер снаряды) менен иштетүү уюмдун техникалык жетекчиси бекиткен забой паспортуна ылайык жүргүзүлүшү керек.
Драгалык разрезде суу үстүндө чектелген бийиктиктен, ошондой эле долбоор менен каралган понтондун түбү жана резрездин топурагынын ортосундагы аралыктан четке чыгуу менен драганы же жер снарядын эксплуатациялоого тыюу салынат.
280. Кыш мезгилинде үчүн гидротехникалык курулмалар (плотина, дамба, водосливдер) өз учурунда даярдалышы керек. Жаз мезгилинде драгалар жана жер снаряддары тундурулган жерлерде кирген суулардын агымын камсыздоо аткарылышы керек.
Ар бир полигондо аварияга каршы жабдуунун, материалдардын, мүлк-шаймандын жана инструменттин зарыл болгон запасы түзүлүшү керек.
281. Ачык люктар же тешиктер, понтондогу жаракалар менен драганын (жер снарядынын) иштөөсүнө тыюу салынат.
282. Драганын (жер снарядынын) палуба, траптары, көпүрөчөлөрү, өтмөлөрү жана шатылары бети бодураланган жеринден же эритилген тилкелүү темирден түзүлүп, тосмолорго ээ болуа, тазалыкта сакталышы керек.
283. Драгада (жер снарядында) колдонулган канаттар драганын (жер снарядынын) паспортуна шайкеш келиши керек. Сузгу алкагынын чалка менен бекитилген канатын, ошондой эле жиби үзүлгөн канаттарды эксплуатациялоого болбойт.
284. Ар бир драгада (жер санядында) отсектерди көрсөтүү менен понтон чиймеси, палубада бардык люктар жайгашуусу менен суу өтпөгөн тосмолор болушу керек.
285. Драгалар (жер снаряддары) драгер орун-жайы (рубка) жана механизмдер ортосунда эки жактуу сигнализация менен жабдылышы керек. Драгер (багермейстер) механизмдерди (аз литраждуу драгалардан башка) тейлеген жумушчулар менен байланышуу үчүн үн сигнализациясынан башка, сүйлөшүү байланышынын болушу милдеттүү.
286. Ширенди люгуна адамдарды сузгу чынжырын токтотуп, үстүңкү сузгу барабанында сузгулардын жайгашуусун алдын ала карагандан кийин түшүрүүгө болот. Сактагыч курсуз адамдарды ширенди люгуна түшүрүүгө тыюу салынат.
287. Иштеп жаткан драгалардын (жер снаряддарынын) полигондорундагы жол жана жалгыз аяк жолдор жабылып, жумушчу канаттардын кооптуу зонасынын контурлары боюнча эскертүүсү белгилер илишини керек.
Жумушчу канаттар аркылуу өтүү же башка орунга баруу сменде турган драгер (багермейстер) тарабынан коопсуздуктун тиешелүү чаралар кабыл алынгандан кийин уруксаты менен гана жол берилет.
288. Драганын (жер снарядынын) көрүнүктүү жана жеткиликтүү жерлеринде понтондунборттору боюнча жана палуба үсүндөгү курулманын сыртында палубанын ар бир 20 м. эки себилден аз болбогон куткаруучу буюмдар (тегеректер, шарлар, куткаруучу чыптамалар) жайгаштырылышы керек. Куткаруучу тегеректер 30 м аз болбогон узундуктагы линиялар менен камсыздалышы керек. Куткаруучу каражаттарга чыгуу жолдоруна баруу үчүн белгилер коюлушу керек.
289. Ар бир драгада (жер снарядында) суу үстүндөгү бөлүктө понтондун тегерегине созулган трос болушу керек. Ал бортко кулаган адам кармап калуу үчүн ылайыкталган бийиктикте жайгаштырылышы керек. Сууда калагы бар экиден аз болбогон кайык, анын ичиеде бирөөсү понтондо болушу керек. Понтондо адамдар кайыкка өтүү жолдорунда үстү ачылма кичинекей көпүрө – тосмосу бар тепкич тактай жана чынжыр менен тосмолонгон тешиктер болушу керек.
290. Разрездин бортуна кум дана эфелдерди ташуу үчүн пульт өткөргүчү менен жаблылган драгалар (жер снаряддары) менен иштөөдө төмөнкү талаптар сакталышы керек:
- калкып жүрмө пульт өткөргүчүн ойлой милдеттүү түрдө бийиктиги 1 м аз болбогон тосмосу бар кичинекей көпүрө сөзсүз орнотулат;
- Караңгыда калкып жүрмө пульт өткөргүч жарык менен камсыз болушу керек.
Драгада (жер снарядында) сууну сордуруу үчүн автоматтык түрдө иштеген авариялык насосторду орнотуу керек.
291. Понтондо башкаруу пультуна сигнал жиберүү менен суунун болушу жөнүндө сигнализация орнотулушу керек. Суунун келип түшүүсү тууралуу сигнализация иштеген учурда агууну табуу жана четтетүү боюнча дароо чаралар кабыл алынышы керек.
292. Сузгу алкагын тейлөө жана сузгулардан сынамдарды тандоо бекем тосмолонгон аянтчалары бар коопсуз орундан жүргүзүлүшү керек.
Сузгу алкагындагы оңдоо жана башка иштер драганы токтотуу менен сактагыч курларды колдонуу аркылуу гана жүргүзүүгө уруксат берилет. Сактагыч курларды сузгу алкагын бойлой бекитүү үчүн трос тартылышы керек. Драга иштеп жаткан учурда сузгу алкагында болууга, понтондогу тешик аркылуу өтүүгө, сузгу алдындагы роликтердин дөңгөлөктөрүн майлоого, сузгулардан дүмүр, бадал жанабашка предметтерди алууга, ошондой эле тешиктеги понтон борту жана сузгу алкагынын ортосуна чоочун буюмдар такалган учурда сузга алкагын көтөрүү жана түшүрүүгө болбойт.
293. Дааналык ташты жана ири блокторду казуу ар бир кашатты төмөндөн ылдый кезеги менен иштеп чыгуу аркылуу тепкичтер аркылуу жүзөгө ашырылышы керек. Кашаттар кашатчаларга бөлүнүшү мүмкүн.
294. Кашаттын бийиктиги тоо-кен геологиялык шарттарга (жаракалуулугуна) жараша аныкталышы керек, б.а., таарылган блоктун бийиктигиндей (таарылып кесилген тешиктин калыңдыгын эске алуу менен) болуп, төмөнкүлөрдөн жогору болбошу керек :
- ташты механикалык чогултуусу бар таш кескен машиналар менен иштөөдө – 3 м жана колдонулуучу таш кескен жабдууга шайкеш келиши керек;
- кол менен чогултууда – 2,35 м.;
- гранит тибиндеги катуу породаларды кол менен иштетүүдө жана кичи механизация каражаттарын колдонууда – 6 м.
Өтө бийикте болгон кашаттар менен иштөө тиешелүү жабдууну, жумушту коопсуз жүргүзүү механизмдерин жана чаралары колдонууну алдын алган атайын долбоор боюнча жүргүзүлүшү керек.
Башка учурларда горизонталдык кирип баруулар менен иштеген учурда тепкичтин эсептикке каршы жогорулоосуна, бирок бир таарылган блоктун бийиктигинен ашпаган учурда уруксат берилет. Ошону менен бирге эң жогорку блок же плита тепкичтин үстүндө болгон жумушчулар тарабынан тазаланышы керек.
295. Монолиттерди жана блокторду массивден уруп ажыраткан учурда алардын параметрлери колдонулган технологиялык жабдууну жана иш өндүрүшүнүн коопсуз шарттарын эске алуу менен долбоор аркылуу негизделет.
Блокторду жана монолиттерди кесүү менен, толугу менен тешик чыгарып бургулоо же уюмдун техникалык жетекчиси бекиткен долбоорго ылайык аларды уруп ажыратуу менен контур боюнча бургулоо аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Шынаа иштерин колдонуу аркылуу ташты казууда:
- кашаттагы ташты чукуу жогорудан төмөндү көздөй жүргүзүлүшү керек;
- иш фронту ар бир жумушчу забойго 10 м, таш бузгучтар ортосундагы аралык 4 м кем болбошу керек.
296. Блокту (монолитти) массивден уруп ажыратууда уруп ажыратууну же кесүүлөрдү аткаруу кезеги анын өз алдынча кулап калуусун жокко чыгаруу керек. Эң акырында бойлото вертикалдуу кесүү же уруп ажыратуу аткарылышы керек.
297. Кашаттын (кашатчанын) жумушчу аянтчасынын кеңдиги эсептөө менен аныкталат жана анда жабдууну, бөлүнгөн блокторду, зарыл болгон материалдардын запасын жана кеңдиги 1 м аз болбогон эркин өтмөлөрдүн болушун камсыздашы керек, ошону менен бирге жумушчу аянттын минималдуу кеңдиги 3 м аз болбошу керек.
298. Кашаттарды өчүрүүдө сактоочу бермаларды калтыруу керек, алардын кеңдиги долбоор менен белгиленген бортту өчүрүүнүн жалпы бурчуна жараша кабыл алынышы керек.
299. Кашаттардын (кашатчалардын) жантайма бурчтарын 90° чейин түшүрүлөт.
300. Кен чыккан жерди траншеясыз ачкан учурда тепкичтер менен жабдылган жумуштарды жүргүзүү обьектисинен эки жактан чыгуу сөзсүз болушу керек.
301. Машина биринчи киргенден кийин пайда болгон шынаа формасындагы таштарды кол менен уруп түшүрүүдө жумушчу иштеп жаткан машинадан 4 м ашпаган аралыкта болушу керек.
302. Кашаттын жантаймасында кол менен жумуш аткаруу зарылдыгы болгон учурда төшөлмөнүн туурасы 1 м аз болбогон бекем тактайдан жасалган секиче аянттар орнотулушу керек же болбосо жумуш адамдарды көтөрүүгө арналган көтөргүчтөрдү жана лебедканы колдонуу менен жүргүзүлүшү керек.
303. Тейлөөчү персоналга же башка адамдарга иштеп жаткан таш кескич машинанын кыймыл багытынын алдында 10 м аз болгон аралыкта болууга тыюу салынат. Таш кескич машина же канаттык сүйрөгүч менен таш блокторун жылдырууда адамдар тартылган канаттардан алыс болушу керек.
304. Канаттык кесүүчү органы бар ар бир таш кескич машина төмөнкүлөр менен жабдылышы керек:
- алдын ала агытуучу үн сигнализациясы менен;
- кесүүчү канаттын кыймылын ишке киргизүүнүн автоматтык системасы менен;
- канатты акырындатууда же үзүүдө машинаны токтото турган канаттын созулуу чоңдугун контролдоо жана жөнгө салуунун автоматтык системасы менен;
- канат үзүлгөн учурда анын ыргып кетүүсүн болтурбоо үчүн коргоочу каптооч менен.
305. Канаттык таш кескич машинаны эксплуатациялоодо төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- бир учурда кол созмосун бир учурда пайдалануу жана канатты кыймылга келтиргичти күйгүзүү аркылуу термелтүү усулу менен канаттын кыймылын иштеткичин күйгүзүү менен ишке киргизүү, ошондой эле каршы күйгүзүү (контрток) усулу менен жумушчу канатты токтотуу;
- иштеткич же багыттоочу шкивдер тоңуусунун жыйынтыгында иштеткичтин жогорулатылган вибрациясы менен иштөө;
- кесүүчү канат үчүн четтетүүчү роликтердин ордуна башка предметтерди колдонуу;
- иштеткич шкивди толук токтотконго чейин жана канаттан созууну чыгарганга чейин канатты алмаштыруу.
306. Жумушчу канатты үзгүлтүксүз жипке туташтырууда бул үчүн атайын даярдалган бүтүн же ажыратылуучу металл бириктирүүчү тыгындарды колдонуу менен пресстөө усулу менен гана жүргүзүлөт. Геликоидалдуу канатты туташтыруу ширетүү же 3-6 м. жип өрүмү менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Иштөө учурунда канатты созуу чоңдугу 250 м. ашпашы керек.
307. Таш кескич машина калтырган бардык таарылбай салаңдап калган таштар же алардын бөлүктөрүн дароо жок кылуу (алып салуу) керек.
308. Забойдогу жана таш иштетүүчү уюмдардын чийки зат кампаларында кондицияланбаган тоо массасынын блокторун жылдыруу боюнча иштерди механизацияланган ыкма менен жүзөгө ашыруу керек.
Кичи даанада болгон жүктү көтөрүү жана жылдыруу бул үчүн атайын белгиленген идиште жүргүзүлүшү керек, ошону менен бирге жүктүн айрым бөлүктөрүнүн түшүп калуу мүмкүнчүлүгүн болтурбоо керек.
309. Таш кескич машина менен забойдо кесилген дубал ташын алууну (тандоо) үстүңкү катардан баштап жүргүзүү керек.
Кашат бийиктиги 1,5 м ашпаган учурда ташты механикалык ыкма менен гана чогултууга уруксат берилет.
Забойдон ири дубал блокторун алуу ишенимдүү кармоочу куралдардын жана механизмдердин жардамы менен жүргүзүлүшү керек.
310. Таш кескич машиналарды ашууда төмөнкү негизги талаптарды сактоо керек:
- машина менен салазкаларды (трайлерлер) менен ташуу ыламдыгы төмөнкүдөн ашпашы керек: горизонталык участоктордо саатына 5 км. жана жантык участоктордо саатына 0,5-1 км.;
- кесүүчү органдар төмөн абалга түшүрүлүп, катталышы керек;
- аралык техникалык көзөмөл адамынын жетекчилигинин алдында гана жүзөгө ашырылышы керек.
311. Таш штабелинин бийиктиги 1,8 м., ал эми ири блоктордуку -2,5 м. ашпашы керек. Штабелди төшөө ыкмасы анын туруктуулугун камсыздашы керек.
312. Таш кескич машиналардын багытточу жолдору нивелир боюнча горизонталдуу же берилген жантык бурч алдында жыгач төшөлмө же бул максаттар үчүн атайын дайындалган түпкүчтөрдү колдонуу менен пландалган негизге орнотулушу керек. Тааруу ташын түпкүч катары колдонууга болбойт.
Таш кескич машиналардын рельстик жолдору бир типтеги рельстерден туруп, жергиликтүү жердетүүлөргө туташтырылып, рельстер ашташкан жерлерде электр байланышы болушу керек.
313. Бир рельстик жолдо бир же андан ашык таш кескич машиналар ортосундагы аралыгы 15 м аз болгон аралыкта бир учурда иштөөгө уруксат берилбейт. Ошону менен бирге таш кескич машиналар ишенимдүү буферлер менен жабдылышы керек.
314. Ташты иштетүүнүн технологиялык схемалары айрым технологиялык процесстердин аткарылышынын коопсуздугун камсыздап, чийки заттын, чала фабрикаттын жана даяр продукциянын утурлама жүк агымын болтурбашы керек.
315. Бар жана канаттык таш кескич машиналарды колдонууну алдын алган блоктук ташты казуунун комбинирленген схемаларында төмөнкү ырааттуулук сакталышы керек: вертикалдуу технологиялык скважинаны бургулоо, бар машинасын горизонталдуу кесүү, канаттык таш кескич машинаны туурасынан андан кийин узатасынан вертикалдуу кесүү.
316. Геликоидалдуу канаты бар таш кескич машиналарды пайдаланган учурда канаттын бөлүгү ЭӨЛ корголгон зоналарынын чегинен, жумушчу эмес кашаттарда жана жүк көтөрүүчү механизмдердин аракеттенүү зоналарынан тышкары жайгаштырылышы керек.
317. Термогаз агым боюнча кесүү иштерин аткарууда жана блоктук ташты иштетүүдө майлоочу суюктуктар үчүн идиштер жумуш ордунан 3 м жана кычкылтек баллондорунан 5 м болгон аралыкта жайгашышы керек.
Майлоочу суюктуктар үчүн идиштерди эксплуатациялоо басым алдында иштеген идиштерди эксплуатациялоонун коопсуздук талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
318. Иштетүү системасынын параметрлери: көлдө туз пластын иштетүүдө кашаттын бийиктиги 8 м ашпашы керек, иштетилип жаткан кашаттын жантайма бурчу 75° төмөн болбошу керек.
Бийиктиги 3 м болгон кашат менен туз пластын иштетүүдө кашаттын жантайма бурчу 90° болуусуна жол берилет.
319. Көлдө каршылаш забойлор жана трактор жардамы менен маневр жумуштарында туз пластынын участогун иштеп чыгууда целиктин забойлор (сындырып чыгуу) ортосундагы кеңдик 17 м аз болбошу керек.
320. Бассейнден жана көлдөн аш тузун казууда жумушчу зоналардын иштетилген мейкиндигине байытуу таштандыларын ыргытууга тыюу салынат.
321. Тереңдиги 3 м тузду алып чыгууну жүргүзгөн туз комбайндары креномерлер жана эңкейиш бурчунун чегине жеткендигин кабарландырган автоматтык сигнализация менен жабдылышы керек. Ошону менен бирге машинист туз казууну токтотуп, туз комбайнын кооптуу зонадан чыгарып, бул тууралуу сменанын техникалык жетекчисине кабарлашы керек.
322. Бир жумушчу жолдо эки туз комбайны иштеген учурда ар бир туз комбайнынын иштөө чек арасы белгилениши керек. Туз комбайндарынын иштөө чек арасы жумушчу жана жүктөөчү жолдордун колеяларынын ортосунда орнотулган, диаметри 200 м болгон кызыл түстүү дисктин жардамы менен белгиленет.
323. Туз блок казуучу агрегаттардын арааларын алмаштыруу жана орнотуу боюнча иштерди жүргүзгөн учурда алар зарыл болгон коопсуздук чараларын камтыган жана уюмдун техникалык жетекчиси тарабынан бекитилген технологиялык картага ылайык жүргүзүлүшү керек.
324. Туз дөңүнүн үстүңкү аянтчасы 5-10° ашпаган көтөрүү жана эңкейиштерге ээ болушу керек.
325. Туз чогултуучу комбайн менен иштөөдө төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- комбайндын алдында алдыңкы бычак жээгинде 10 м жакын болгон жерде турууга;
- комбайнда чоочун адамдардын болуусу.
326. Анын төмөндөөсүн жокко чыгарган чаралары жүзөгө ашырбастан туз чогултуучу комбайн алдында жөнгө салуучу жана башка иштерди аткарууга тыюу салынат.
327. Туз чогултуучу комбайндын бардык электр өткөрмөрү металл түтүктөргө салынып, же коррозияга каршы жабуу менен атайын кабель аркылуу аткарылышы керек.
328. Бассейндер аймагында күч жана жарык берүүчү өткөрмөлөр кабелдер менен аткарылышы керек.
329. Кабелдерди туз көлдөрүндө бассейн түбүнө же туз пластына түздөн-түз төшөөгө тыюу салынат. Кабелдер атайын таяныч же тирөөчтөрдө салынышы керек.
330. Тузду казуу жана иштеп чыгууга байланышкан адамдар кварталына бир жолу кайталанма медициналык кароодон өтүп туруулары керек.
331. Тузду казуу, жүктөө, жүктөп түшүрүү, ташуу жана иштеп чыгуу жерлеринде коргоочу арматурасыз электр лампаларын колдонууга тыюу салынат.
332. Катуу пайдалуу кен байлыктарды ачык ыкма менен казууда обьектилер жоюлган же консервацияланган учурда төмөнкү жумуштар аткарылат:
- адамдардын жана жаныбарлардын карьерлерге (разрездерге) кулап кетүүсүн болтурбоо үчүн тосмолор же каптап көмүүлөр – карьердин (разрездин) үстүңкү кашаты урап калуусунун мүмкүн болуучу призмасынын артында 5 м аралыкта бийиктиги 2,5 м аз болбогон жер валдары орнотулат;
- Адамдардын жана жаныбарлардын кырсыкка учуроосун болтурбаган кашаттардын бортторун тегиздөөсыяктуу башка иш-чаралар жүзөгө ашырылат. Шилендилердеги кашат бортторун тегиздөө милдеттүү түрдө аткарылат. Ошондой эле карьерлердин (разрезлердин) суу каптап кетүүсүн эске алуу менен алардын бортторунун туруктуулугун баалоо жүргүзүлөт.
333. Жер алдында тоо-кен иштери жүргүзүлүп турган карьерлерди жоюу же консервациялоо долбоор боюнча жер алдындагы тоо-кен иштеринде, ошондой эле породалардын урап калуусунан суу, газдын тешип чыгуу мүмкүндүгүн эске алуу менен жүргүзүлөт.
334. Драгалар иштеринин полигондорун жоюу долбоор менен чачылууну иштетүү долбоору каралат, мында суу жээгин чогулуп калуу жана суу каптап кетүүдөн тазалоо камтылат.
3-бап. Катуу пайдалуу кен байлыктарды казууда өндүрүштүк процесстерди, жумуш орундарын, жумуш чөйрөсүнүн зыяндуу факторлорун нормадаштырууну уюштурууга карата өнөр жай санитариясынын талаптары.
335. Бардык аракетте болгон иштетүүлөр жана курулмалар багыты боюнча пайдаланылып, чоочун предметтерден эркин болуп, белгиленген графикке ылайык чаңдан тазаланып турушу керек. Алардын абалы жана жабдуу жумуш ордунда кошумча зыяндуу өндүрүштүк факторлордун пайда болуусуна алып келбеши керек.
336. Өзү жүрүүчү машиналар жана жаблуулар үчүн гараждарды орнотуу жана күтүү, ошондой эле алардын техникалык абалы өнөр жай, экология, санитардык жана курулуш коопсуздук жаатындагы укуктук-ченемдик актылардын талаптарына жооп бериши керек.
337. Көмүр, күкүртү, күкүрт камтыган жана башка кендерди казган ишканаларда суутектин, күкүрт суутегинин жана башка газдардын бөлүп чыгаруулары менен күрөшүү үчүн кен чыккан жердин өзгөчөлүгү жана газ чыгуу боюнча ишкананын категориясына ылайык алар менен күрөшүү чаралары өткөрүлүшү керек. Жумушчу зонанын абасына зыяндуу газдардын болушуна системалуу түрдө контроль жүргүзүп, ошондой эле жумушчулардын былжыр кабыкчаларына же тери үстүнө щелочтуу жана кислоталуу суулардын таасирин болтурбоо боюнча иш чаралар жүргүзүлүшү керек.
338. Стволовойлордун, транспорттук конвейерлердин, майдалагычтардын жана көңтөрө салмалардын жумуш ордуларында, ошондой эле кабина ичинен тышкары өндүрүштүк операцияларды аткарган карьер жумушчуларына атайын камералар же жагымсыз өндүрүштүк жана климаттык факторлордон коргоо үчүн чатыр же калканч түрүндө курулмалар орнотулушу керек.
339. Кен короолоруна жакын карьерлерде жана тоо-кен иштеринин негизги участокторунда стационардык жана көчмө сантүйүндөрдү орнотуп, аларды үстүнөн күн сайын дезинфекциялоо менен тазалоо жана иштеп чыгуу керек.
340. Аба температурасы +16°С төмөн болгон учурда тоо жумушчуларын жылуулук жана нымдуулуктан коргоочу касиеттерге ээ атайые кийим жана бут кийимдер менен камсыздашы керек. Аракеттги жаныбызда орун алган забойлордо жылынуу үчү норун-жайларды же жумушчулардын күн тийүү абалын мезгили менен микроклиматты жөнгө салган камералар орнотулушу керек (жумуш ордунда үзгүлтүксүз болуу режимин жана ысып кетүүнү көрсөтүү менен).
341. Жагымсыз микроклиматта иштеген шарттарда тоо жумушчулары атайын жеке таңгактагы эртең мененки тамак, ысык чай же муздатылган суу (12-15°С) менен камсыздалышы керек. Жумушчуларга суусундуктарды (чай, квас, витаминдүү тундурма) берүү кара жумуштун оордугун эске алуу менен жүргүзүлүшү керек.
342. Жумуш орундарын (зоналарды) уюштурууда жогорку деңгээлдеги жумушка жөндөмдүүлүктү, тейлөө, жабдууну оңдоо, инструменттерди жана куралдарды коопсуз пайдалануу учурунда эмгек операцияларын эркин жана коопсуз аткарууну, ошондой эле байкоо зонасынын көрүнүүсүн, иш фронтунун мыкты көрүнүшүн, жумуш ордунан кыймылда болгон мханизмдерди камсыздашы керек.
343. Эмгек процесстерин уюштурууда, технологиялык процесстердин өзгөчөлүгү жана көп түрдүүлүгү менен мүнөздөлгөн катуу кен байлыктарды казууда жана иштеп чыгууда физикалык күч келтирүүлөр оптималдуу чоңдуктарга дал келип, эмгектенүү учурунда организмдин чыңалуусунун аракеттеги физиологиялык ченемдеринен ашпашы керек.
Жумуш орундары ишти туруп же отуруп аткарууда аракетте болгон эрогономикалык талаптарды эске алуу менен коопсуздук талаптарына жооп бериши керек.
344. Негизги жумушчу орундардын орун алуусун жана тоо техникасынын жайгашуусун забойлорду максималдуу түрдө табигый шамалдатуу менен камсыздоо жана жардыруу иштерин жүргүзүүдө чаң газ аралаш булуттун таасирин азайтуу максатында аэродинамикалык аба агымын эске алуу менен пландоо керек.
345. Бургулоо жана чыгаруу иштерин аларды жүргүзүү паспортуна ылайык чаң чыгууну, шумду генерациялоону жана вибрациясын төмөндөтүүнү камсыздаган каражаттарды, тоо массивин бузуу процесстерин максималдуу түрдө механизациялоону жана автоматташтырууну кароо менен жүзөгө ашыруу керек. Шпурларды жана скважиналарды бургулоо, көмүрдү жана башка чийки затты уруксат берилген чоңдуктарга чейин абанын чаңдоосун төмөндөтүүнү камыздаган чаңды кармоо жана басуу каражаттарын колдонбостон жүргүзүүгө болбойт.
346. Вибрация, шум, чаң жана башка жагымсыз факторлорду генерациялаган жабдуу туруктуу (жылына 2 жолудан аз эмес), анын ичинде оңдоо иштеринен кийин сөзсүз гигиеналык ченемдерге дал келүүсүнө текшерилиши керек.
347. Жардыруу иштери жүргүзүүдө уулуу газдардын аз санын ганан түзгөн жардыруучу заттарды, ошондой эле чаң жана газ менен күрөшүү боюнча иш-чараларды колдонуу керек.
348. Тоо жумушчуларынын терисине жана былжыр кабыкчаларыга шпурларды дүрмөттөө учурунда тийип зыяндуу заттардын калбоосун алдын алуу үчүн патрондуу жардыруучу заттарды, ошондой эле скважиналарды дүрмөттөөдө – туюк каптарга таңгакталган гранул түрүндөгү жардыруучу заттар колдонулат.
349. Скважиналарды жардыруучу заттарды дүрмөттөө жана тыгыздөө, ошондой эле жардыруучу заттарды дүрмөт машиналарына жүктөө механизацияланышы кере. Дүрмөттөөчү машиналардын иштөөсүндө чаң менен күрөшүү үчүн натыйжалуу каражаттарды колдонуу керек. Жумушчулар жеке коргонуу каражаттарын колдонбостон шпурларды жана жардыруучу заттардын скважиналарын дүрмөттөөгө болбойт.
350. Карьерде катуу пайдалуу кен байлыктарды чыгаруу жана жүктөөдө, аларды майдалоо-ылгоо жана иштеп чыгуу процесстеринде жумушчу зонанын абасынын өндүрүштүк чаң, газ менен чаңдоосун, шумдун жана башка жагымсыз факторлордун жакын жерде иштеп жаткан тоо-кен машиналарына жана орнотмолорго таасирин болтурбоо керек.
351. Жылдын жылуу мезгилинде зоока породаларын экскавациялоодо чаңдын пайда болушун алдын алуу үчүн тоо массасын мезгил-мезгили менен суу аркылуу нымдатып туруу керек. Шамалданган, эшилме же күйүп кеткен породаларды экскавациялоодо гидромониторлор же башка түзүлүштөрдөн үзгүлтүксүз сугаруу керек.
352. Урандыларды орнотуу иштеринде чаң чыгууну азайтуу тоо массасын аны тоо-кен транспорттук жабдуунун кузовунда экскавациялоо жана сугарууда, тегиздикти жана урандылардын жантаймаларын байланыштыруучу эритмелердин жардамы менен, ошондой эле урандылардын (аларды бөлүп салгандан кийин) тегиздикти рекультивациялоо аркылуу оптималдуу нымдоо үчүн аткарылат.
353. Тоо массасын жеткирүү бобнча транспорт түрүн тандоодо техника-экономикалык шарттар менен бирге экологиялык жактан жагымдуу деп каралган электр иштеткичи бар машиналарга артыкчылык берилет.
Өндүрүштүк процесстерди уюштурууда материалдын тракттарын жылдыруу числосу жана аны жүктөө саны жабдууну рационалдуу компоновкалоо эсебинде максималдуу түрдө кыскартылышы керек.
354. Транспорттук иштеп чыгууларда жолдун полотносу тегиз, туруктуу породалардан түзүлүп, машиналардын түртүлүү жана солкулдатуусунан камсыздашы керек. Транспорттук иштеп чыгуулардын топурагы жана жолдор чаңдын пайда болуусун алдын алуу максатында нымдалып же куруштуруучу материалдар менен иштелип чыгышы керек. Жолдорду кымдоо мезгилдүүлүгү жана даражасы, иштелип чыгуусу ишкана тарабынан жылдын сезонуна жана тоо-геологиялык шарттарга жараша белгиленет.
355. Тоо массаларын жана байытуучу фабрикалардын калдыктарын ташуу үчүн автомобиль жолдору турак жай курулушунун аймагынан сырткары өтүшү керек.
356. Бош породаны тышкы урандыларга чыгаруу керек. Бош породанын урандылары байытуучу фабрикалардын калдык сактагыч жайларынан өзүнчө жайгаштырылышы керек.
Ишканалар урандыларда жана катуу пайдалуу кен байлыктарды кампага киргизүү жерлеринде породалардын абалына жана туруктуулугуна системалуу түрдө контролдоо ишин жүргүзүп туруучу милдеттүү.
4-бап. Шайкеш келүү баалоосу.
357. Баалоо төмөнкү формаларда жүргүзүлөт:
- мамлекеттик көзөмөл;
- өнөр жай коопсуздугунун экспертизасы;
- экологиялык коопсуздук экспертизасы.
358. Мамлекеттик органдын ушул Эрежелердин талаптарын сактоосуна мамлекеттик көзөмөл ыйгарым укуктуу контролдоочу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
359. Ушул Эрежелердин талаптарын сактоо үчүн мамлекеттик көзөмөлдүн обьектилери ушул Эрежелердин § 1 параграфындагы 4-5 пункттарда көрсөтүлгөн обьекттер жана процесстер болуп саналат.
360. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу негиздери жөнүндө” мыйзамдын жоболорунун жана ушул Эрежелердин талаптарынын негизинде мамлекеттик көзөмөл органдарына төмөнкү укуктар берилген:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте ушул Эрежелердин талаптарын сактоо үчүн мамлекеттик көзөмөл боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
- бузуу мүнөзүнө ылайык белгиленген мөөнөттө ушул Эрежелердин талаптарын бузууну четтетүү тууралуу көрсөтмөнү (кабарландырууну) аткаруу үчүн берүү;
- эгер ушул Эрежелердин талаптарын бузууну башка ыкмалар менен четтетүү мүмкүн болбосо, пайдалуу кен байлыктарды ачык ыкма менен казууда ишти толугу менен же жарым-жартылай токтото туруу жөнүндө мотивацияланган чечим кабыл алуу;
- зыян келтирүүнү болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган башкачараларды кабыл алуу.
361. Өнөр жай жана экологиялык коопсуздуктун экспертизасы ушул Эрежелерге шайкеш келүүнү баалоо максатында жүргүзүлөт.
362. Өнөр жай жана экологиялык коопсуздуктун экспертизасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте өткөрүлөт.