Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА,
КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК
ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2018-жылдын 10-июлу № 14-нпа
КР КЧ 12-02:2018 «Курулуш өндүрүшүн уюштуруу» бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүү жөнүндө» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнунда № 372 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары Мамкурулуш) жөнүндө жобону жетекчиликке алып, имараттарды жана курулмаларды жаӊы курууда, реконструкциялоодо курулуш өндүрүшүн уюштурууда жалпы талаптарды аныктоо максатында
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Тиркемеде берилген КР КЧ12-02:2018 «Курулуш өндүрүшүн уюштуруу» бекитилсин.
2. Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту (мындан ары-ЖТТКжИДМИ):
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча чараларды көрүшсүн;
- буйрук расмий жарыялангандан кийин үч күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, электрондук жана кагаз түрүндө, буйрукту жарыялаган басылманы көрсөтүп, мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүшсүн;
- буйрук күчүнө кирген күндөн баштап үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
3. КР КЧжЭ 12-02-2004 «Курулуш өндүрүшүн уюштуруу» колдонулуусу токтотулсун.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары М.А. Акматалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Б. Абдиев |
КР 12-02:2018 «Курулуш өндүрүшүн уюштуруу» КЧ бекитүү тууралу Мамкурулуштун буйругунун долбооруна министрликтердин жана ведомстволордун сын пикирлеринин жана сунуштарынын жыйнагы
№ п/п | Министрликтердин жана ведомстволордун аталышы (каттардын № жана келип түшкөн күндүн датасы) | Сын пикирлердин жана сунуштардын (кошумчалардын) кыскача мазмуну | Чечим кабыл алынды\алынбады |
1 | КР Адилет министрлиги. 9.07.2018-ж. № 02-5/20-8603 кат, министр жокто министрдин орун басары М.К. Есеналиев.
| 1.Долбоордун 4-бөлүмүнүн 4.5 пунктуна ылайык тапшырык берүүчү-курдуруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен курулуш чөйрөсүндө «Тапшырык берүүчү-курдуруучу (бирдиктүү тапшырык берүүчү, курулуп жаткан ишкананын дирекциясы) жөнүндө» жобого ылайык же аныкталган тартипте ыйгарым укуктарды берүүнүн алкагында бардык иш-милдеттердин аткарылышын камсыздоого милдеттүү. Ушуга байланыштуу, тапшырык берүүчү жөнүндө жобо да КР Өкмөтүнүн чечими менен ишке ашарын баса белгилей кетүү керек. | 1. Кабыл алынды. 4.5 пункт төмөндөгү редакцияда берилди: «Тапшырык берүүчү-курдуруучу КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2017-ж.15-декабрындагы №11-нпа буйругу менен бекитилген «Тапшырык берүүчү-курдуруучу (бирдиктүү тапшырык берүүчү, курулуп жаткан ишкананын дирекциясы) жөнүндө» жобого ылайык бардык иш-милдеттердин аткарылышын камсыздоого милдеттүү». |
2. Долбоордун 4-бөлүмүнүн 4.7 пункту боюнча ченемдик укуктук акттарга (жалпы мыйзамдарга) шилтеме жасоого жол берилбейт, коррупциялык көрүнүштөргө алып келет деп эсептелинет. | 2. Кабыл алынды. 4.7 пункт төмөндөгү редакцияда берилди: «Курулуш бүткөндөӊ кийин кабыл алуу, ошондой эле техникалык регламенттин, долбоорлоо жана жумушчу документтердин талаптарына ылайык курулуп бүткөн имаратты же курулманы ишке киргизүү жүргүзүлөт». | ||
3. Тексттин ичинде төмөндөгү: «зарыл болгон учурда», «жана башка», «укуктуу» сөз айкаштарын кайра карап чыгуу зарыл, себеби мындай сөз айкаштары тиешелүү субъекттерге тигил же бул кырдаалды өздөрү каалагандай түшүндүрүшүп, сунушталган ченемдерди ыктыярдуу колдонууга укук берип коет. | 3. Кабыл алынды. Төмөндөгү пункттардан төмөндөгү сөздөр алынып ташталды: - п. 9.5 «зарыл болгон учурда»; - п.6.2 «жана башкалар»; - п.п. 6.13 жана п. 6.16 «башка»; - п.9.17 «укуктуу» деген сөз «укукка ээ» деген сөзгө алмаштырылды. | ||
4. Ченемдик укуктук акттагы колдонулган терминдер жана түшүнүктөр түшүнүктүү жана бир мааниде болууга тийиш. Ушуга байланыштуу, «карста кубулуштары», «түбөлүк төӊ» сыяктуу сөз айкаштары кайра каралышы керек. | 4.Кабыл алынды. «Карста кубулуштары», «түбөлүк төӊ» сыяктуу сөз айкаштары 9.5 пунктан алынып ташталды. | ||
5. Долбоордун 9-бөлүмүнүн 9.8 пунктунда мурун аткарылган жашырын иштердин текшерүүдөн өткөндүгү(күбөлөндүрүү) тууралуу акты жок болгон учурда кийинки иштерди жүргүзүүгө бардык учурларда тыюу салынат.
| 5. Кабыл алынды. 9.8 п. төмөндөгү редакцияда берилди: «Жооптуу конструкциялардын тизмеси 6-тиркемеге ылайык долбоорлоо документтеринин тиешелүү бөлүмдөрүндө көрсөтүлүүгө тийиш, курулуш процессинде алардын даяр болгондугуна жараша (автордук көзөмөлдүн катышуусунда) кабыл алынышат жана 7-тиркемеде көрсөтүлгөн таризде ушул конструкцияларды арадагы кабыл алуу акты түзүлөт». | ||
6. «мурун аткарылган өндүрүш контролдун натыйжалуулугун текшерүү максатында курулуштун бардык баскычтарында тандалган инспекциялык контролдоо жүргүзүлүшү керек» деп жазылган 9.11 п. ылайык төмөндөгүлөрдү билдиребиз. Мындай жобо коррупциялык көрүнүштөргө алып келет деп эсептелинет, себеби белгиленген ченемди колдонуп жаткан субъектке курулуш өӊдүрүшүнүн субъекттерине өз ыктыяры боюнча тандап инспекциялык контролдоону жүргүзүүгө укук берип коет.
| 6. Кабыл алынды Пункт төмөндөгү редакцияда берилди: «мурун аткарылган өндүрүш контролдун натыйжалуулугун текшерүү максатында курулуштун бардык баскычтарында аныкталган тартипте инспекциялык контролдоо жүргүзүлүшү керек» . | ||
7. КР 12-02:2018 КЧ буйругунун долбоорун, ошондой эле ага негиздеме-маалым катты жалпысынан КР Өкмөтү 2017-ж. 31-майында №313 токтом менен бекиткен «Кыргыз Республикасынын мыйзамдуу акттарынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускамага» ылайык келтирүү керек.
| 7. Кабыл алынды. КР 12-02:2018 КЧ буйругунун долбоору, ошондой эле ага негиздеме-маалым кат КР Өкмөтү 2017-ж. 31-майында №313 токтом менен бекиткен «Кыргыз Республикасынын мыйзамдуу акттарынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускамага» жана КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-ж.11-июнундагы №13-нпа буйругу менен бекитилген «Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму жөнүндө» жобого ылайык келтирилди. | ||
2 | КР Экономика министрлиги, министр жокто – статс-катчысы А.О.Шаршеев,13.06.2018-ж. келип түшкөн № 061/8255 кат. | Сын пикирлер жана сунуштар жок |
|
3 | КР Финансы министрлиги, министрдин м.а. А.Бакетаев 05.06.2018-ж. келип түшкөн № 18-1-2/6672 кат. | Сын пикирлер жана сунуштар жок |
|
4 | КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, министр С.Жумагулов | Сын пикирлер жана сунуштар жок |
|
5 | КР Транспорт жана жолдор министрлиги, министр Калилов Ж.К. 31.05.2018-ж.келип түшкөн № 09-3/4255 кат. | Сын пикирлер жана сунуштар жок |
|
6 | КР Айыл чарба , тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, министр Н.Мурашов. келип түшкөн № 01-4/2471 кат | Сын пикирлер жана сунуштар жок |
|
7 | КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, министр Т. Исакунова 21.05.2018-ж. келип түшкөн № 05-6/3033кат. | Сын пикирлер жана сунуштар жок |
|
8 | КР Билим берүү жана илим министрлиги, министр Г.К. Кудайбердиева 31.05.2018-ж. келип түшкөн № 11-1/3859 кат. | Сын пикирлер жана сунуштар жок |
|
9 | КРӨзгөчө кырдаалдар министрлиги, министр Н.С.Мирзахмедов 29.05.2018 –ж. келип түшкөн № 02-10/3435 кат. | Сын пикирлер жана сунуштар жок |
|
10 | КР Саламаттыкты сактоо министрлиги, министр К.С.Чолпонбаев № 05-1/4-8257 кат. | Сын пикирлер жана сунуштар жок |
|
11 | КР Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитети, төрагасы Рыскулов У.Д. келген № 05-4/6897кат. | Сын пикирлер жана сунуштар жок |
|
12 | КР Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитети, төрагасы Б.Н.Шаршембиев, 21.05.2018-ж. келген № 02-3/2265 кат. | Сын пикирлер жана сунуштар жок |
|
13 | КР Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, директор К.Муратбеков 22.05. 2018-ж. келип түшкөн № 03/1938 кат. | Сын пикирлер жана сунуштар жок |
|
Директор | Азыгалиев У.Ш. |
КР 12-02:2018 «Курулуш өндүрүшүн уюштуруу» КЧ бекитүү тууралу Мамкурулуштун буйругунун долбооруна уюмдардын сын пикирлеринин жана сунуштарынын жыйнагы
№ п/п | Уюмдардын аталышы(каттардын № жана келип түшкөн күндүн датасы) | Сын пикирлердин жана сунуштардын (кошумчалардын) кыскача мазмуну | Чечим кабыл алынды\алынбады
|
КР Куруучулар биримдиги, төрагасы А.Молдобаев 15.05.2018-ж. келген № КР СС-30 кат. | «Жашырын иштерди карап текшерип чыгуу (күбөлөндүрүү) акттарын түзүү зарыл болгон иштердин түрлөрүнүн тизмеси» №6 тиркемеси менен толукталсын Жашырын иштерди карап текшерип чыгуу (күбөлөндүрүү) акттарын түзүү зарыл болгон иштердин түрлөрүнүн тизмеси 1. Имараттын окторун геодезиялык бөлүү (аткаруу схемасы менен) 2. Пайдубалдардын алдына (түбүнө) траншеяларды жана котловандарды казуу 3. Пайдубалдардын алдына (түбүнө) кумдуу жаздыкты орнотуу 4. Пайдубалдын монолит темир бетон плитасын орнотуу 5. Монолит темир бетон пайдубалдарды орнотуу жана темир бетон пайдубалдарды монтаждоо 6. Жертөлөлөрдүн темир бетон блоктордон жана панелдерден чогултулган дубалдарын монтаждоо 7. Пайдубалдын жогорку монолит темир бетон тилкесин орнотуу 8. Дубалдарды жана грунт сууларын гидро обочолонтууну орнотуу 9. Дренажды орнотуу (пайдубалдыкын долбоорго ылайык) 10. Жертөлөлөрдүн полун орнотуу 11. Жертөлөлөрдүн, биринчи жана кийинки кабаттардын үстүндөгү перекрытиелерди жана төшөлмөлөрдү монтаждоо 12. Жертөлөлөрдүн, биринчи жана кийинки кабаттардын үстүндөгү перекрытиелерди (ар бир кабатка өзүнчө) анкеровка жасоо 13. Биринчи жана кийинки кабаттардын (ар бир кабатка өзүнчө) кыштан, блоктордон жана ири темир бетон панелдерден жасалган дубалдарын жана перегородкаларын орнотуу 14. Кыш дубалдарды армирлөө, ири темир бетон блокторду бекемдөө(ар бир кабатка өзүнчө) 15. Кириш жерлердин үстүнө балкондорду, карниздерди жана козыректорду орнотуу 16. Бууну обочолонтууну орнотуу жана чатыр перекрытиесин жылуулоо (долбоорго ылайык) 17. Перемычкаларды монтаждоо 18. Тепкич аянтчаларын жана марштарын монтаждоо 19. Лифттердин шахталарын орнотуу жана монтаждоо 20. Кирүүчү-тартып чыгаруучу желдетүүчү тутумдарды, блокторду жана аба жүргүзүүчүлөрдү монтаждоо жана сыноо 21. Терезе жана эшик блокторун орнотуу 22. Люстраларга илмектерди бүтөп, аларды сыноо 23. Темир бетон төшөмөлөрдү жана тунуке орнтомолорун монтаждоо 24. Таштандыларды түшүрүүчүлөрдү орнотуу 25. Полдордун алдына негиздерди орнотуу 26. Үндү обочолонтуучуларды орнотуу 27. Санитардык түйүндөрдөгү полдорду орнотуу 28. Ички нөшөр ноолорун монтаждоо жана сыноо 29. Жылытуу, суу менен камсыздоо жана канализация тутумунун трубаларын монтаждоо 30. Электр менен камсыздоо тутумун монтаждоо жана орнотуу
«Автордук көзөмөлдүн өкүлдөрү катышкан арадагы кабыл алынуучу конструкциялардын жана иштердин тизмеси» №7 тиркемеси менен толукталсын Автордук көзөмөлдүн өкүлдөрү катышкан арадагы кабыл алынуучу конструкциялардын жана иштердин тизмеси
2. Монолит жана темир бетон иштери (бетондун бекемдиги, арматура иштери): а) пайдубалдар; б) обвязка тилкелери; в) темир бетон алкактар, колонналардын ригелдери; г) монолит перекрытиелери. 3. Дубалдарды жана перегородкаларды орнотуу (кыш жана панель) 4. Чогултулган темир бетон жана бетон конструкцияларды монтаждоо: а) пайдубалдар; б) колонна, ригель жана дубал; 5. Тунукелерди орнотуу 6. Гидро обочолонтуучу иштер 7. Жылуулукту обочолонтуучу иштер 8. Монтаждоо иштери: а) абаны желдетүүнү жана кондициондоштурууну; б) лифтерди. 9. Табигый таштардан жасалган беттелүүчү плиталарды бекемдөө (гранит, мрамор, сары таш ж.б.) Тизмеде көрсөтүлгөн иштердин түрлөрү секция-блок боюнча же этап боюнча кабыл алынат.
|
|
Директор | Азыгалиев У.Ш. |
курулуш ӨНдүрүшүн уюштуруу
Организация строительного производства
Organization of building
Ишке киргизүү датасы ___________
1 Колдонуу чөйрөсү
Ушул ченемдер жаӊы имараттарды курууда, тургузулган имараттарды жана курулмаларды реконструкциялоодо, демонтаждоодо жана бузууда (мындан ары - курулушта) курулуш өндүрүшүнүн уюштурулушуна жалпы талаптарды аныктайт, аталган талаптарды объектилерди курууга катышкандардын баары аткарууга тийиш.
Ушул ченемдердин өз күчү менен, алардын ичинде жалданма жумушчуларды тартып, өздөрүнө тиешелүү жер тилкелеринде жеке турак жайларды салып жаткан куруучулардын курулуштарына, ошондой эле курулуш индустриясында жана курулуш материалдар өнөр жайларында материалдардын, буюмдардын жана конструкциялардын өндүрүлүшүнө тиешеси жок.
2 Ченемдик шилтемелер
Ушул ченемдерде А-тиркемедеги көрсөтүлгөн ченемдик документтер колдонулган.
3 Терминдер жана аныктамалар
Ушул ченемдерде Б-тиркемеде көрсөтүлгөн терминдер жана аныктамалар колдонулган.
4 Жалпы жоболор
4.2 Объекттин курулушун курулуш-монтаждоо иштеринде технологиялык адистештирүүнү максаттуу түрдө кеӊейтүүнү эске алып, өнөр жай жана жарандык курулуш өндүрүшүнүн рационалдуу айкалышына негизделген башкаруунун бириктирилген уюштуруу формасын колдонуу менен уюштуруу абзел.
4.3 Курулуш өндүрүшүн уюштурууда төмөнкүлөр сакталышы керек:
- эмгектин коопсуздугунун эрежелери;
- курчап турган жаратылыш чөйрөсүн коргоо боюнча талаптар;
- объектти куруп жаткан курулуштун бардык катышуучуларынын макулдашып иштеши жана алардын ишмердүүлүгүнүн генералдык подрядчик тарабынан координацияланышы. Генералдык подрядчиктин бекитилген иш мерчемдерин жана графиктерин аткаруу менен байланышкан суроолор боюнча чыгарылган чечимдери ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан, курулуштун бардык катышуучулары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылуга тийиш;
- имаратка, курулушка, түйүнгө, тилкеге, секцияга, кабатка, яруска, бөлмөгө эсептелген материалдык ресурстарды календардык иш мерчемде жана графикте каралган убакытта комплектүү тапшыруу;
- курулуш-монтаждоо иштерин технологиялык ырааттуулукту жана техникалык негиздүү айкалыштырууну тутуу менен аткаруу.
4.4 Курулуш-монтаждоо иштери жана даярдык көрүү учурундагы иштер аныкталган тартипте иштелип чыккан жана бекитилген документтер болгон учурда гана аткарыла алат.
4.5 Тапшырык берүүчү-курдуруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жагна турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агентиги 2017- жылдын 15-декабрында № 11-уча менен бекиткен «Курулуш чөйрөсүндө тапшырык берүүчү-курдуруучу (бирдиктүү тапшырык берүүчү, курулуп жаткан ишкананын дирекциясы) жөнүндө» жобого ылайык бардык иш-милдеттердин аткарылышын камсыздоого милдеттүү.
4.6 Имараттарды жана курулмаларды куруу боюнча иштерди өндүрүүгө чейин тапшырык берүүчү аныкталган тартипте макулдашылган, экспертизадан өткөн жана тапшырык берүүчү тарабынан бекитилген курулуш-монтаждоо иштерине жана долбоорлоо-сметалык документтерди өндүрүүгө корутундуну подряддык курулуш уюмуна тариздеп, өткөрүп берүүгө милдеттүү.
4.7 Курулуш бүткөндөн кийин аны техникалык регламенттердин, долбоорлоо жана жумушчу документтердин талаптарына ылайык аны кабыл алуу, ошондой эле курулуп бүткөн имараттын жана курулманын эксплуатацияга берилишин камсыз кылуу жүргүзүлөт.
4.8 Курулушту жүргүзүп жаткан подрядчик (генпродрядчик) курулуш жүрүп жаткан учурда төмөндөгүлөрдү камсыздоого милдеттүү:
-иштерди аткарууну, курулуш объектисинин конструкцияларын, инженердик-техникалык камсыздоо тутумун орнотууну долбоорлоо документтерине ылайык жүргүзүү;
-уюштуруучу-технологиялык документтерди иштеп чыгуу жана колдонуу;
-курулуш контролун, анын ичинде пайдаланылып жаткан курулуш материалдардын жана буюмдардын техникалык регламенттердин жана долбоорлоо документтеринин талаптарына ылайык келүүсүн контролдоону ишке ашыруу;
- аткаруу документтерин жүргүзүү;
- курулуш аянтындагы коопсуздукту, курулуш иштеринин курчап турган айланага жана калкка коопсуздугун камсыздоо;
- курулуш аянтын кайтарууну жана тапшырык берүүчү-курдуруучу кабыл алганга чейин объекттин сакталуу болуусун камсыздоо;
- анын компетенциясынын чегинде иштеп жаткан жергиликтүү администрациянын курулуш аянтына чектеш аймактардагы тартипти сактоо боюнча талаптарын аткаруу.
5 Курулуш өндүрүшүн даярдоо
5.1 Уюштуруу-техникалык даярдык өзүнө төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- курулушту долбоорлук-сметалык документтер менен камсыздоо;
- курулуш үчүн чыныгы аянтты (трассаны) бөлүп берүү;
- курулушту каржылоону тариздөө;
- курулушка подряддын жана негизги эмес (субподряддын) подряддын келишимдерин түзүү;
- зарыл болгон учурларда иш өндүрүүгө уруксаттарды жана допусктарды тариздөө;
- бузула турган имараттарда жашаган адамдардын жана уюмдардын көчүрүлүшү жөнүндө маселени чечүү;
- курулушту чоӊ жолго кошулуучу жол тармактары, электр, суу жана жылуулук, байланыш тутуму менен жана курулуш кадрларын тиричилик жактан тейлөөчү бөлмөлөр менен камсыздоо;
- курулушка жабдууларды, конструкцияларды, материалдарды жана даяр буюмдарды алып келүүнү уюштуруу.
5.2 Ар бир объектти курулушка даярдоо инженердик-техникалык персонал тарабынан долбоорлук-сметалык документтерди (алардын ичинде турган имараттын же курулуштун профилин өзгөртүүдө же реконструкциялоодо конструкцияларды техникалык текшерүүдөн өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча документтер) алдын ала изилдеп чыгуудан башталышы керек, курулуш шарттары менен тыкыр таанышып чыгып, тышкы жана ички даярдык көрүү иштерине, имараттарды, курулуштарды жана алардын бөлүктөрүн тургузууга иш өндүрүү долбоорлорунун иштелип чыгуусу зарыл, ошондой эле даярдык көрүү учурундагы иштер жаратылышты коргоо жана эмгек коопсуздугу боюнча талаптарды эске алуу менен аткарылууга тийиш.
5.3. Татаал жана уникалдуу объектти курууга даярдык көрүү өзүнө атайын программалар боюнча режим байкоолорун уюштуруу иштерин (сейсмометрикалык, гидрогеологиялык, гидрологиялык, геохимиялык, геодезиялык, маркшейдердик, метеорологиялык, тензометриялык, глациологиялык, тоӊуу ж.б.), ошондой эле зарыл болгон учурда сыноо полигондорун, метрологиялык пункттарын жана ченеп-өлчөө станцияларын түзүүнү камтыйт.
Изилдөө иштеринин, конструкцияларды жана курулуштун элементтерин сыноодон өткөрүүнүн жана режим байкоолордун программалары буйрутма берүүчү жана генералдык долбоорлоочу уюм тарабынан ишти өндүрүү долбоору жана курулушту уюштуруу долбоору иштелип жаткан учурда бир убакытта иштелип чыгышы керек.
5.4. Курулуш-монтаждоо иштерин өндүрүүгө даярдык көрүүдө курулуш иштеринин муктаждыктары үчүн пайдаланылган туруктуу имараттар жана курулмалар тургузулушу керек же ушул максаттарга турган имараттарды ылайыкташ керек.
Даярдык көрүү мезгилинде аткарылуучу иштерге төмөндөгүлөр кирет:
- курулуш жүрө турган жерге туш келип калган курулмаларды, жашыл бактарды ж.б. кыймылсыз объекттерди бузуу;
- болгон инженердик тармактарды чыгарып, убактылуу тармактарды төшөө;
- убактылуу чарба-тиричилик курулмаларды жайгаштыруу жана тосмолорду орнотуу.
5.5. Курулуш-монтаждоо иштерин өндүрүүгө даярдык көрүүдө иш өндүрүү долбоорлору иштелип чыгып, имараттын (курулманын) бөлүктөрү боюнча жана иштердин түрлөрү боюнча жерлерде бекитилген геодезиялык бөлүштүрүү белгилери өткөрүп берилип, кабыл алынышы керек.
5.6. Подряддын келишиминде аныкталган мөөнөттөрдө курулушту жүргүзүп жаткан подрядчик:
- тапшырык берүүчү-курдуруучудан объекттин бардыгына же анын бөлүгүнө, белгиленген иштердин түрлөрүнө же бир жолку иштин көлөмүнө экспертизалоочу органдын корутундусу менен чогуу долбоорлоо-сметалык документтерди алат;
- курулуш үчүн бөлүнгөн аянтты кабыл алат;
- тапшырык берүүчү-курдуруучу менен субподряддык уюмдардын курамын макулдашып, алар менен ар кандай иштердин түрлөрүн аткарууга келишимдерди түзөт;
- материалдык-техникалык ресурстарды жеткирүүгө келишимдерди түзөт;
- өз күчү менен өткөрө албаган сыноолорду өткөрүү үчүн аккредиттелген лабораториялар менен сыноолордун түрлөрүн өткөрүүгө келишимдерди түзөт;
- иштеп жаткан ишкананын капиталдуу курулуш объектисин реконструкциялоодо мүмкүн болгон иш өндүрүүнүн айкалышытырууларына уруксат-актын түзөт;
- уюштуруучу-технологиялык документтерди: ИӨДдү, технологиялык карталарды, ар бир операцияны контролдоо схемасын ж.б. иштеп чыгат.
6 Курулушту уюштуруу жана иш өндүрүү боюнча документтер
6.1 Ар бир объекттин курулушу бекитилген курулуш иштерин уюштуруу долбоорунун (мындан ары- КУД) жана ишти өндүрүү долбоорунун (мындан ары- ИӨД) негизинде ишке ашырылышы керек.
КУДдун жана ИӨДдүн курамы жана мазмуну курулуштун түрүнө жана объекттин татаалдыгына жараша аныкталат.
6.2 Уникалдуу объекттерди жана татаал техникалык чечимдерге ээ болгон объекттерди тургузууга иш өндүрүү долбоорунун курамында (ИӨД) тиешелүү изилдөөлөрдүн, сыноодон өткөрүүлөрдүн жана режимдүү байкоолордун, алардын ичинде техникалык контролдоону жана станцияларды, полигондорду, ченеп-өлчөө постторун уюштуруунун, курулуш иштерин жана курулуштарды кийин эксплуатациялоону ишенимдүү жүргүзүүнү камсыздаган программалары иштелип чыгышы керек.
Табигый жана геологиялык татаал шарттарда курулуш иштерин жүргүзүүдө, ошондой эле уникалдуу имараттарды жана курулуштарды тургузууда курулушту уюштуруу долбоорунда жана иш өндүрүү долбоорунда тургузулуп жаткан жана бар имараттардын, курулуштардын жана конструкциялардын бекемдигин жана туруктуулугун камсыздаган курулуш процессиндеги атайын чаралар көрүлүүгө тийиш.
6.3 Тапшырык берүүчү үчүн, подряддык уюмдар үчүн, ошондой эле финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыздаган уюмдар үчүн курулушту уюштуруу долбоору(КУД) милдеттүү документ болуп эсептелет.
6.4 КУДда капиталдык салымдардын бөлүштүрүлүшүнүн натыйжалуулугу жана имараттар, курулуштар жана курулуш мезгилдери боюнча курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмү эске алынышы керек; энергетикалык ресурстардын рационалдуу эмес пайдаланылышына жол берилбеши керек; объекттерде жумушчулардын өндүрүш жана санитардык-тиричилик жактан заманбап тейлөө кызматтары каралышы керек.
6.5. КУД :
- ИӨДдү иштеп чыгууга негиз болот;
- тапшырык берүүчү бекитип, курулушту ишке ашыргандарга өткөрүп берген долбоорлоо документинин курамында иштелип чыгат.
6.6. Курулушту уюштуруу долбоорун иштеп чыгуу үчүн баштапкы материалдардан болуп:
имараттардын жана курулмалардын көлөмдүү-мерчемдөө жана конструкциялык чечимдерин, курула турган объекттин негизги өндүрүшүнүн (анын кезегинин) принципиалдуу технологиялык схемасын, аны аракетке келтирүүчү(пусковой) комплексттерге жана түйүндөргө бөлүп аныктаган долбоорлоо документтери;
инженердик изилдөөлөрдүн материалдары (объкеттерди реконструкциялоодо – аларды долбоорго чейинки техникалык текшерүүдөн өткөрүүнүн материалдары) жана табигый жагымсыз кубулуштарга жана геологиялык процесстерге дуушар болгон аймактардагы режим байкоолордун маалыматтары;
курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүнүн жана материалдардын ведомосттору;
материалдарды жана конструкцияларды, курулуш-монтаждоо иштеринин механизация каражаттарын пайдалануу боюнча; курулушту энергетикалык ресурстар, суу, убактылуу инженердик тармактар менен, ошондой эле жергиликтүү курулуш материалдар менен камсыздоо тартиби боюнча чечимдер;
татаал жана уникалдуу объекттерди курууга атайын талаптар;
курулуш аймагын табигый жагымсыз кубулуштардан жана геологиялык процесстерден коргоо боюнча чаралар жана аларды аткаруу этаптары эсептелет.
6.7. Долбоорлоо документтерин иштеп чыгууда объектти куруунун генералдык подрядчиги аныкталган учурларда, КУДду иштеп чыгууга негиз болгон материал болуп подрядчик берген төмөнкү маалыматтар да болушу мүмкүн:
- жеткирип туруучу ишканалардан курулуш конструкцияларды, даяр буюмдарды, материалдарды жана жабдууларды жеткирүүнүн жана ташуунун шарттары жөнүндө маалыматтар;
- реконструкция болуучу объекттерде курулуш-монтаждоо иштерин өндүрүү шарттары жөнүндө маалыматтар;
- куруучу кадрлар менен камсыздоо шарттары жөнүндө маалыматтар;
- курулушту тарнспорт менен камсыздоо шарттары жөнүндө маалыматтар, алардын ичинде куруучуларды жашаган жеринен иштеген жерине чейин жеткирүү үчүн транспорттук шарттар туурасында маалыматтар;
- жалпы курулуш жана адистештирилген уюмдардын кубаттуулугу жана жайгашуусу, ошондой эле алардын базасын которуу шарттары жөнүндө маалыматтар;
- курулуш индустриясынын өндүрүш базасынын бар болгондугу жөнүндө жана аны пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү туурасында маалыматтар;
- куруучуларды тамак, турак жана маданий-тиричилик жайлар менен камсыздоо шарттары туурасында маалымат;
- чет элдик фирмалар менен түзүлгөн контракттарда каралган курулуш шарттары жөнүндө маалымат.
6.8. Эгерде подряддык курулуш уюму сынактын негизинде тандалса, анда КУД 6.7.п. көрсөтүлгөн маалыматтарды жана сынакты утуп алган уюмдун маалыматтарын эске алып, толукталууга тийиш.
6.9. КУДдун курамында төмөндөгүлөр иштелип чыгат:
а) конкреттүү бир дата көрсөтүлбөгөн мөөнөттөр аныкталган жана негизги жана көмөкчү имараттарды жана курулмаларды, технологиялык түйүндөрдү куруунун кезектүүлүгү жана аракетке келтирүүчү (пусковой) же шаар куруучу комплексттердин, имараттар жана курулмалар боюнча капиталдык салымдарды жана курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмдөрүн бөлүштүргөн иштердин этабын жана курулуш мезгилдерин аныктаган курулуштун календардык мерчеми.
Даярдоо мезгилине календардык мерчем өзүнчө түзүлөт (иштин көлөмүн айларга бөлүп);
б) убактылуу жана мобилдүү имараттардын жана курулмалардын (инвентарлардын) орду, туруктуу жана убактылуу темир жана автомобиль жолдордун ж.б. жабдыктарды (алардын ичинде оор салмактуу жана ири көлөмдөгү), конструкцияларды, материалдардарды жана буюмдарды транспортировкалоочу жолдордун орду; чоӊ жүк көтөрүмдүү крандардын жүрүүчү жолдорунун орду; инженердик трамактардын, курулуш аянттарын электр энергиясы, суу, буу менен камсыздоочу булактар көрсөтүлгөн убактылуу инженердик коммуникациялардын (тармактардын) иштеп жаткан тармактарга кошулуу жерлери; кампа аянтчалары; негизги монтаждоо крандардын ж.б. курулуш машиналардын, механизациялашкан орнотуулардын орду; турган жана бузула турган курулмалардын орду; имараттардын жана курулмалардын бөлүштүрүү окторун бекитүүчү белиглердин орду көрсөтүлгөн курулушка даярдык көрүү жана негизги мезгилдери үчүн генералдык курулуш мерчеми;
в) иштердин технологиялык фраатуулугу көрсөтүлгөн имараттарды жана курулмаларды тургузуунун оптималдуу ырааттуулугун аныктаган уюштуруу-технологиялык схемалар;
г) негизги имараттар жана курулмалар, шаар куруу же аракетке келтирүүчү комплексттер жана курулуш мезгилдери боюнча иштерди бөлүп караган долбоорлоо- сметалык документтерде аныкталган курулуш-монтаждоо жана атайын курулуш иштеринин көлөмүнүн ведомосту;
д) курулуш объектисине жалпысынан жана негизги имараттарга жана курулмаларга иштин көлөмүнө жана иштеп жаткан курулуш материалдарын чыгым кылуу ченемдерине жараша түзүлгөн курулуштун календардык мезгилдери боюнча бөлүштүрүлгөн курулуш конструкцияларына, буюмдарына, материалдарына жана жабдыктарына болгон керектөөлөрдүн ведомосту;
е) курулуш боюнча жалпысынан иштердин физикалык көлөмүнүн, жүк ташуунун көлөмүнүн жана курулуш машиналарынын ж.б. транспорт каржаттарынын өндүрүү ченемдеринин негизинде түзүлгөн негизги курулуш машиналарын жана транспорт каражаттарын керектөө графиги;
ж) негизги категориялар боюнча кадрларды керектөө графиги;
з) төмөндөгүлөрдү камтыган түшүндүрмө кат:
- курулуштун шарттарын жана татаалдыгын мүнөздөө;
- өндүрүш методун жана курулуш-монтаждоо жана атайын курулуш иштерин айкалыштыруу мүмкүндүгүн негиздөө, алардын ичинде кышында аткарыла тургандарды, мезгилдүү мүнөзгө ээ иштерди аткаруу мөөнөттөрүн, ошондой эле татаал имараттарды жана курулмаларды тургузуу боюнча техникалык чечимдерди көрсөтүү; зарыл болгон учурда аткаруу мөөнөттөрү, геодезиялык иштердин көлөмү жана аларды аткаруу үчүн материалдык, эмгек ресурстарына керектөөлөр туурасында маалыматтарды ушул пункттун«а»,«в», «е» жана «ж» пунктчаларында каралган документтерде чагылдыруу керек;
-курулмалардын сапатына аспаптык контролдоо жүргүзүүнү ишке ашыруу методдорун көрсөтүү;
- эмгекти коргоо боюнча иш-чаралар;
- курчап турган жаратылыш чөйрөнү коргоо шарттарынын тизмеси;
- негизги курулуш машиналарга, механизмдерге, транспорт каражаттарына, электр энергиясына, сууга, бууга, кислородго, ацетиленге, кысылган абага, ошондой эле мобилдүү(инвентардык) имараттардын жана курулмалардын тизмеги боюнча чечимдер менен убактылуу имараттарга жана курулмаларга керектөөлөрдү негиздөө;
-материалдарды, конструкцияларды жана жабдыктарды кампалап жыюуга аянттарды жабдууну жана алардын өлчөмүн негиздөө, ошондой эле оор салмактагы габариттүү эмес жабдыктарды ташуу боюнча жана курулуш конструкцияларын ирилештирүү боюнча чечимдерди негиздөө;
- атайын көмөкчү курулмалардын, куралдардын, орнотуулардын жана түзүлүштөрдүн, ошондой эле объектти куруу үчүн жумушчу чиймелердин курамында долбоорлоо уюмдары тарабынан иштелип чыгышы керек болгон убактылуу татаал курулмалардын жана тармактардын тизмеси;
- курулушту уюштуруу долбоорунда кабыл алынган жабдыктардын курулуш конструкцияларын тургузуу жана монтаждоо методдоруна байланыштуу жумушчу чиймелерде эске алынышы керек болгон талаптар;
- курулуш кадрларына, турак жайга жана жумушчуларды социалдык-тиричилик жактан тейлөөгө керектөөлөрдү негиздөө.
Курулушту уюштуруу долбоорунда төмөндөгү техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдү көрсөтүү керек:
- курулуштун жалпы узактыгы, анын ичинде даярдык мезгили жана жабдыктарды монтаждоо мезгили;
- жумушчулардын максималдуу саны;
- курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга кеткен эмгек чыгымдары.
6.10. Курулушту уюштуруу долбоорлорунун курамы жана мазмуну долбоорлонуп жаткан оъекттердин татаалдыгын жана бөтөнчөлүгүн эске алып, көлөмдүү-мерчемдөө жана конструкциялык чечимдерге, ушул чечимдердин унификация жана типтештирүү деӊгээлине, атайын көмөкчү курулмаларды, куралдарды, орнотууларды жана түзүлүштөрдү пайдалануу зарылдыгына жараша, ошондой эле курулуш аянттарына материалдарды, конструкцияларды, жабдыктарды жеткирүү шарттарына карап, өзгөрүп туруусу мүмкүн. Объекттин татаалдыгы КУДду иштеп чыгууга чейин долбоорлоого тапшырманы бекиткен инстанция тарабынан аныкталат.
КУДдун курамы жана мазмуну генералдык подряддык уюм берген маалыматтарга жараша да өзгөрүүсү мүмкүн.
6.11. Турак жайлар, социалдык милдеттердеги объекттер жана бир типтүү өӊдүрүш объекттери үчүн, курамында: даярдоо мезгилинде аткарыла турган иштерди көрсөткөн курулуштун календардык мерчеми; курулуштун генералдык мерчеми; курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмү жөнүндө маалымат жана курулуштун негизги материалдарга, конструкцияларга, жабдыктарга жана буюмдарга болгон керектөөлөрү; курулуш машиналарын жана транспорт каражаттарын керектөө графиги; эмгекти коргоо жана эмгек коопсуздугу боюнча иш-чараларды, ошондой эле техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдү камтыган кыскача түшүндүрмө каты болгон КУДдарды кыскартылган көлөмдө иштеп чыгууга уруксат берилет.
6.12. Объектти куруу мөөнөтүнө жана курулуш уюмунун чечими боюнча даярдоо учурундагы иштердин көлөмүнө жараша имараттарды жана курулмаларды куруу иштердин айрым түрлөрүнө: айрым бөлүктөрүн тургузууга(жер үстүндөгү жана жер алдындагы бөлүктөрү, секция, пролет, кабат, катар, ж.б.у.с.), арйым техникалык татаал курулуш-монтаждоо жана атайын иштерди аткарууга, ошондой эле даярдоо мезгилиндеги айрым иштерге ИӨД иштелип чыгат.
6.13. ИӨД, ошондой эле өндүрүш технологиясынын чечимдери камтылган документтер, курулуш иштерин ишке ашырган генподрядчик тарабынан иштелип чыгат, же келишим боюнча ушундай иштерди аткарууга укуктуу долбоорлоо уюмдары менен бирге иштеп чыгат.
6.14. ИӨД:
- шаар аймагындагы кандай курулуш болбосун;
- иштеп жаткан ишкананын аймагындагы кандай курулуш болбосун;
- табигый жана геологиялык татаал шарттарда курууда, ошондой эле техникалык татаал объекттерди курууда – курулушка же курулуш-монтаждоо жана атайын иштерди аткарууга корутунду (уруксат) берүүчү органдын талабы боюнча иштелип чыгат.
6.15. Конструкциялары жана иш өндүрүү методдору татаал имараттарды жана курулмаларды куруу үчүн долбоорлоо уюмдар жумушчу документтердин курамында атайын көмөкчү курулмаларга, куралдарга, орнотмолорго жана түзүлүштөргө кошумча чиймелерди иштеп чыгууга тийиш. Көмөкчү курулмаларга, куралдарга, орнотмолорго жана түзүлүштөргө төмөндөгүлөр кирет:
- уникалдуу жабдыктарды, габариттүү эмес жана оор салмактуу технологиялык, курулуш жана курулуш-технологиялык блокторду транспортировкалоо жана монтаждоо (көтөрүү, жылдырып жабуу, чогултуу) үчүн жабдыктар жана куралдар;
- кыртыш-төбөнүн атайын опалубкасы, чечилип алынбай турган жана өзгөрүлүүчү опалубкалар үчүн;
-грунт сууларын жасалма жол менен төмөндөтүү боюнча, грунттарды жасалма жол менен тоӊдуруу жана аларды бекитүү, анын ичинде цемент менен, топурак менен, силикат менен, чайыр менен жана термикалык жол менен бекитүү иштерин камсыздоо үчүн кураорнотуулар;
-котловандардын жана траншеялардын шпунт тосуулары;
- ири блоктуу монтаждоо жана конструкцияларды ирилештирип чогултуу үчүн түзүлүштөр;
- «грунттагы дубал» ыкмасы менен жер алдындагы курулмаларды тургузуу үчүн, грунтту уруп тешүү методу менен жер алдындагы трубопроводдорду төшөө үчүн, түшүрмө кудуктарды, ошондой эле грунттар отуруп калган (просадочный) учурда свая пайдубалдарын пайдаланып, кыртыш-сваяларда тереӊ салынган курулмаларды тургузуу үчүн атайын түзүлүштөр жана жабдыктар;
- микро тоннелдөө методу менен жер алдындагы коммуникацияларды траншеяларысыз төшөө үчүн, горизонталдуу багыттталган бургулоо үчүн, коммуникацияларды бузуп, ошол эле учурда кайра калыбына келтирүү үчүн ж.б. куралдар, түзүлүштөр жана атайын жабдыктар;
-турган имараттардын жана курулмалардын жанында бургулоо-жардыруу иштерин аткарууда коргоочу-сактоочу түзүлүштөр;
- имараттарды жылдырууда жана алардын үстүнө курууда, аларды өзгөчө чектелген шарттарда курууда, ошондой эле турган имараттарды жана курулмаларды реконструкциялоодо зарлы болгон жардамчы түзүлүштөр;
-объекттерди курууда, ошондой эле сыйынуучу ж.б. маданий-тарыхый баалуулукка ээ имараттарды жана курулмаларды реставрациялоодо колдонулган типтүү эмес жардамчы түзүлүштөр, куралдар, секиче аянт каражаттары(средства подмащивания).
Мындан тышкары, атайын жардамчы куралдарды колдонуп аткарылуучу татаал конструкциялык чечимдерге ээ жана татаал иш өндүрүү шарттардагы имараттарга капиталдык ремонтту жана реконструкцияны жүргүзүүдө, долбоорлоо уюмдары төмөндөгү жумушчу чиймелерди иштеп чыгышат:
- төбөлөрдү, трубаларды ж.б.у.с. ажыратуу үчүн тургузулган шатылардын конструкцияларынын;
- заряддык компенсация методу менен дубалдарды кургатуу үчүн түзүлүштөрдүн;
- тышкы дубалдарды кайра кыноодо жана чектеш имараттарды коргоо үчүн - монтаждык тешиктерди жасоодо конструкцияларды асууга түзүлүштөрдүн;
- эркин турган дубалдардын туруктуулугун камсыздоочу куралдардын;
- татаал, типтүү эмес, убактылуу курулмалардын жана тармактардын (суу, жылуулук менен камсыздоочу, канализациянын, энергия сактоочу, контакттуу же жарыктандыруучу тармактардын убактылуу тирөөчтөрү).
Генералдык долбоорлоо уюму тарабынан аталган документтерди иштеп чыгуу үчүн, адатта, адистештирилген долбоорлоо, долбоорлоо-конструкторлук жана долбоорлоо-технологиялык уюмдар тартылышат.
6.16. Объектти жалпысынан курууга ИӨДдүн минималдуу курамына төмөндөгүлөр кирет:
- тиешелүү иштин түрүнө генералдык курулуш мерчеми;
- иштеп жаткан тиешелүү ченемдик документтерде аныкталган курамда эмгек коопсуздугу боюнча чечимдер;
- иш өндүрүүнүн коопсуздугун камсыздаган документтер.
6.17. Атайын иштердин түрлөрү үчүн ИӨД генподрядчик менен макулдашылып, тиешелүү субподряддык уюм тарабынан иштелип чыгат.
6.18. Эгерде ушул объекттин курулушуна ИӨД иштелип чыкпаса, эмгек коопсуздугу боюнча чечимдер өзүнчө документ (документтер)түрүндө таризделет.
6.19. ИӨДду курулуш-монтаждоо иштерин аткарган уюмдун жетекчиси бекитет, ал эми атайын иштердин түрлөрү үчүн ИӨДду – генералдык подряддык же башка, объектке жооптуу уюмдун жетекчиси менен макулдашуу боюнча тиешелүү адистештирилген уюмдун жетекчиси бекитет.
6.20 Иштеп жаткан ишкананын аймагында иш өндүрүү долбоору ошондой эле аны эксплуатациялап жаткан уюм менен макулдашылат.
6.21. Тоо өткөөл, жардыруу ж.б.у.с. мамлекеттик көзөмөлдөө органдары тарабынан контролго алынган иштер колдонулган иш өндүрүү долбоору ошондой эле Мамэкотехинспекциясынын тиешелүү органы менен макулдашылат.
6.22. ИӨД төмөндөгүлөрдүн курамында иштелип чыгат:
- конкреттүү даталары көрсөтүлгөн объект боюнча иш өндүрүүнүн календардык мерчеми;
- убактылуу суу, жылуулук тармактарын төшөө боюнча, энергия менен камсыздоо жана курулуш аянтын жана жумушчу орундарды жарыктандыруу боюнча чечмидери менен генералдык курулуш мерчеми;
- объектке конструкциялардын, буюмдардын, материалдардын жана жабдыктардын келип түшүүсүнүн графиги;
- жумушчу кадрлардын объект боюнча кыймылынын графиги;
- негизги курулуш машиналардын объект боюнча кыймылынын графиги;
- иштердин түрлөрүн аткарууга технологиялык карталар;
- геодезиялык белгилерди жайгаштыруу схемасы;
- геодезиялык иштерди өндүрүү боюнча чечимдер, ишти уюштуруунун мобилдүү формасын пайдалануу боюнча негиздер жана иш-чаралар, эмгектин жана эс алуунун режимдери; кышкы мезгилди кошуп, иш өндүрүү боюнча чечимдер камтылган; энергия ресурстарды керектөө; куруучулар шаарчасын жана мобилдүү (инвентардуу) имараттарды керектөө жана алардын байлануусу көрсөтүлгөн; курулуш аянтында конструкциялардын, буюмдардын, материалдардын жана жабдыктардын сакталышын камсыздоо боюнча иш-чаралар; жаратылышты коргоо иш-чаралары; эмгекти коргоо жана курулуштагы коопсуздук боюнча иш-чаралар; техника-экономикалык көрсөткүчтөр камтылган түшүндүрмө кат.
6.23. ИӨДдү иштеп чыгуу үчүн баштапкы материлдардан болуп:
- жалпы имаратка (курулмага)же анын бөлүгүнө же иштердин түрлөрүнө ИӨДдү иштеп чыгуу зарыл экенин негиздеген тапшырык берүүчү катары курулуш уюму тарабынан берилген иштеп чыгууга тапшырма;
- ишти уюштуруунун долбоору;
- тиешелүү жумушчу документтер эсептелет.
6.24 ИӨДдө иштелип чыккан материалдардын курамы жана аларды деталдаштыруу деӊгээли аткарылып жаткан иштердин бөтөнчөлүгүнө негизделип, тиешелүү подряддык курулуш-монтаждоо уюм тарабынан аныкталат.
6.25 Ар бир курулуш объектисинде:
- В-тиркемеде көрсөтүлгөн таризде иш өндүрүүнүн жалпы журналы, айрым иштердин түрлөрүнө атайын журналдар жүргүзүлүшү керек, алардын тизмеси субподряддык уюмдар менен макулдашылып, генералдык подряддык уюм тарабынан аныкталат; долбоорлоо уюмдарынын автордук көзөмөл журналы жүргүзүлүшү керек;
- жашырын иштерди күбөлөндүрүү акттары, жооптуу конструкцияларды аралыктагы кабыл алуу акттары, жабдыктарды, тутумдарды, тармактарды жана түзүлүштөрдү сыноодон жана текшерүүлөдөн өткөрүү акттары түзүлүүгө тийиш.
7 Материалдык-техникалык камсыздоо
7.1 Генералдык жана субподряддык келишим боюнча иш алпарып жаткан подряддык уюмдар жана тапшырык берүүчү уюмдар курулуш-монтаждоо иштерин календардык мерчемде жана курулуш графигинде аныкталган мөөнөттө өндүрүүнүн технологиялык ырааттуулугун катуу сактап, курулуш объектилерин материалдык-техникалык ресурстардын бардык түрлөрү менен камсыдап турушу керек.
7.2 Материалдарды, шаймандарды, конструкцияларды жана жабдууларды транспорттоштурууну, кампага жыюуну жана сактоону уюштуруу стандарттардын жана техникалык шарттардын талаптарына жооп бериши керек жана алардын бузулбашын, жараксыз болбошун жана жоголбошун камсыздоо керек.
Объекттер тапшырык берүүчүлөр, генералдык подряддык жана субподряддык уюмдар тарабынан курулган учурда технологиялык, санитардык-техникалык, электр техникалык ж.б. жабдуулардын, курулуш инвентарларынын жана жабдыктардын, ошондой эле курулуш конструкцияларынын, шаймандардын жана материалдардын сакталышы подряддык келишимдин шарттарына ылайык камсыздалууга тийиш.
8 Механизация жана транспорт
8.1 Объектти тургузууда курулуш-монтаждоо иштеринин механизациясы комплекстүү болууга тийиш жана курулуш машинарлардын, жабдуулардын, кичи механизация каражаттарынын, керектүү монтаждык жабдыктардын, инвентарлардын жана куралдардын комплекттери менен ишке ашуусу керек.
Кичи мезанизация каражаттары, анын ичинде бетон, монтаждык, таш, шыбак, санитардык-техникалык, гидро обочолонтуучу, маляр, айнек ж.б. иштерди жүргүзүүгө зарыл болгон курулуш-жасалгалоочу машиналар, жабдуулар, аспаптар, технологиялык жабдыктар аткарып жаткан иштердин технологиясына ылайык ченемкоплекттерге комплектелип чогултулууга тийиш.
8.2 Курулуш материалдарын, конструкцияларды, шаймандарды жана жабдууларды жеткирүүчү транспорттук схемаларды тандоодо, объектти куруу менен технологиялык байланышта болгон транспорттук каражаттардын керектүүлүгүнүн графигин иштеп чыгууда жана негиздөөдө, ошондой эле жүктү которуштуруп жөнөтүүчү базанын, темир жол станцияларынын, аба портторунун жана пристандардын ишмердүүлүгү менен байланышта болгон транспорттун ишин уюштуруу курулушту уюштуруу долбоорунда чечилүүгө тийиш.
9 Курулуш-монтаждоо иштеринин сапатын камсыздоо
9.1 Курулуш уюмдары тарабынан имараттардын жана курулмалардын талап кылынып жаткан сапаты жана бекемдүүлүгү курулуш продукциясын жаратуудагы бардык баскычтарда техникалык, экономикалык жана уюштуруу чаралардын комплексин натыйжалуу контролдоо жолу аркылуу камсыздалышы керек.
9.2 Курулуш-монтаждоо иштеринин сапатын контролдоо курулуш уюмдардын курамына кирген же сырттан тартылган жана контролдоонун зарыл болгон аныктуулугун жана толук кандуулугун камсыздаган техникалык каражаттар менен жабдылган адистер же атайын кызматтар тарабынан жүргүзүлүшү керек.
9.3 Өндүрүш (курулуш)контролу тургузулуп жаткан конструкциялардын жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактардын(имараттарды жана курулмаларды куруунун бардык мезгилдеринде) курулуш-монтаждоо иштеринин долборлоо жана жумушчу документтердин талаптарына ылайык келүүсүн баалоо максатында жүргүзүлөт.
Курулуш-монтаждоо иштеринин сапатын өндүрүш (курулуш)контролу өзүнө долбоорлоо документтеринин, конструкциялардын, буюмдардын, материалдардын, жабдыктардын кирүү контролун; айрым курулуш процесстерин же өндүрүш операцияларын операциялык контролдоону; лабораториялык контролду жана курулуш-монтаждоо иштерин кабыл алуу контролун камтууга тийиш.
9.4 Долборлоо документтеринин кирүү контролунда анын коплектүүлүгү жана андагы иш өндүрүү үчүн техникалык маалыматтардын толук болушу текшерилет.
Конструкциялардын, буюмдардын, материалдардын, жабдыктардын кирүү контролунда алардын стандарттардын же башка ченемдик документтердин жана долбоорлоо документтеринин талаптарына ылайык келүүсүн сыртынан карап текшерүү абзел, ошондой эле паспорттордун, тастыктамалардын ж.б. кошотолуучу документтердин болушу жана алардын мазмуну текшерилет.
Кирүү контролу тарабынан аныкталган талаптарга ылайык эместиги аныкталган буюмдарды, материалдарды, жабдыктарды жарактуулардан бөлүп, маркирлөө керек. Ушул буюмдарды, материалдарды, жабдыктарды колдонууну токтотуу зарыл. Курдуруучу (тапшырык берүүчү) иштердин токтогондугу туурасында жана анын себептери жөнүндө кабарландырылышы керек.
Мыйзамдарга ылайык төмөндөгү үч чечимдин бирөөсү кабыл алынышы мүмкүн:
- жеткирип берүүчү талаптарга ылайык эместиги аныкталган буюмдарды, материалдарды, жабдыктарды алмаштырып берүүгө тийиш;
- талаптарга ылайык эместиги аныкталган буюмдар бүткөрүлөт;
- талаптарга ылайык эместиги аныкталган буюмдар, материалдар, жабдыктар курдуруучу (тапшырык берүүчү), долбоорлоочу, мамлекеттик контроль (көзөмөл) органы менен сөзсүз түрдө макулдашкандан кийин пайдаланыла берет.
9.5. Операциялык контролдоо курулуш процесстери же өндүрүш операциялары жүрүп жатканда жүргүзүлөт жана кемчиликтерди убагында табууну, аларды жоюу жана алдын алуу боюнча чараларды көрүүнү камсыздоого тийиш.
Операциялык контролдоодо курулуш-монтаждоо процесстерин аткаруу технологиясын тутууну; аткарылып жаткан иштердин жумушчу чиймелерге же жумушчу документтерге, курулуш ченемдерине, эрежелерине жана стандарттарга ылайык келүүсүн текшерүү абзел. Чөкмө кыртыштарды, жер көчкү болгон райондордогу, ошондой эле татаал жана уникалдуу объекттердеги курулуштарда атайын иш-чаралардын аткарылышына өзгөчө көӊүл буруу керек. операциялык контролдоонун жыйынтыктары иш журналдарында жазылууга тийиш.
Операциялык контролдо негизги документтерден болуп ушул ченемдердин 6-бөлүмүндөгү ченемдик документтер, сапатты операциялык контролдоонун технологиялык (типтүү технологиялык) карталары жана схемалары эсептелет.
Сапатты операциялык контролдоонун схемасы, адатта, өлчөмдө уруксат берилген четтен чыгуулар көрсөтүлгөн конструкциялардын эскизин, ишти өндүрүүчү (мастер) тарабынан контролго алынган, курулуш лабораториясы, геодезиялык ж.б. атайын кызматтар тарабынан контролго алынган операциялардын же процесстердин тизмесин, контролдоонун курамы, мөөнөтү жана ыкмалары жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
Сапатка операциялык контролдоону жүргүзүү үчүн иш өндүрүү долбоорлорунун жана технологиялык карталардын курамында төмөндөгүлөрдү камтыган документтер иштелип чыгууга тийиш:
- сапаттык көрсөткүчтөрү боюнча текшерилүүгө тийиш болгон операциялардын жана процесстердин тизмеси;
-колдонулуп жаткан материалдар жана өлчөөнүн тактыгын талап кылган, өлчөмдөрүндө четке чыгуулар мүмкүн болуусу көрсөтүлгөн конструкциялардын чиймелери;
- контролдоону жүргүзүү жерлер, алардын канчалык тез өткөрүлүп турушу, методдору, аткаруучулары, өлчөө каражаттары жана жыйынтыктарды жазуу таризи.
9.6.Кабыл алуу контролунда курулуш-монтаждоо иштеринин, жооптуу конструкциялардын сапатын текшерүү зарыл.
9.7. Көмүскө калчу иштер Г-тиркемеде көрсөтүлгөн форма боюнча акт түзүлүп, карап текшерилүүгө тийиш. Көмүскө калчу иштер өз алдынча түзүмдүк бөлүмү тарабынан аткарылып бүткөндөн кийин, бүткөрүлгөн процесске жашырын иштерди карап текшерип чыгуу акты түзүлүшү керек.
Д-тиркемеге ылайык күбөөндүрүлүүчү иштердин тизмеси долбоорлоо документтеринин тиешелүү бөлүмдөрүндө көрсөтүлүүгө тийиш.
Кезектеги иштер токтотуудан кийин башталышы керек болгон учурда, кезектеги иштерди өндүрүүдөн (баштоодон) мурун көмүскө калчу иштерди карап текшерип чыгып, акттарды түзүш керек.
Мурунку көмүскө калчу иштердин бардык учурларына карап текшерип чыгуу акттары жок болсо, кезектеги иштерди баштоого тыюу салынат.
9.8 Жооптуу конструкциялар, тизмеси Е тиркемеге ылайык долбоорлоо документтеринин тиешелүү бөлүмдөрүндө көрсөтүлөт жана алардын даярдыгына жараша курулуш процессинде (автордук көзөмөл өкүлүнүн катышуусу менен) кабыл алынууга тийиш. Анда Ж-тиркемеде көрсөтүлгөн таризде боюнча ушул конструкцияларды арада кабыл алуу акты түзүлөт.
9.9 Татаал жана уникалдуу объекттерди тургузууда жооптуу конструкцияларды кабыл алууда жана жашырын иштерди карап текшерип чыгууда кабыл алуу акттары долбоордун (жумушчу долбоордун) өзгөчө көрсөтмөлөрүн жана техникалык шарттарын эске алуу менен түзүлүшү керек.
9.10 Курулуш-монтаждоо иштеринин сапатын башкаруу курулуш уюмдары тарабынан ишке ашырылышы керек жана курулуш-монтаждоо иштеринин ылайыктуу сапатын камсыздоого жана бүткөн курулуш объекттеринин ченемдик жана долбоорлоо документтеринин талаптарына ылайык келүүсүн камсыздоого багытталган иш-чаралардын, методдордун жана каражаттардын жыйындысын камтышы зарыл.
9.11. Мурун жасалып бүткөн өндүрүш контролунун натыйжалуулугун текшерүү максатында, курулуштун бардык баскычтарында кабыл алынган тартип менен инспекциялык контроль жүргүзүлүшү керек.
9.12 Курулуш-монтаждоо иштеринин сапатын өндүрүш жана инспекциялык контролдоонун жыйынтыктары боюнча табылган кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чаралар иштелип чыгышы керек, ошол эле учурда долбоорлоо уюмдарынын автордук көзөмөлүнүн жана атайын жоболордун негизинде иштеп жаткан мамлекеттик көзөмөл жана контроль органдарынын талаптары эске алынышы керек.
9.13 Курулуш аяктагандан кийин анын мыйзамдарга, техникалык регламенттерге, долбоорлоо доукменттерине, аны кабыл алуу, ошондой эле курулуп бүткөн имараттын жана курулманын эксплуатацияга кригизилиши баалоого алынат.
9.14. Курулуш-монтаждоо иштеринин сапатын контролдоону (мындан ары- КМИ) квалификациялык тастыктамалага ээ адистер же курулуш уюмдардын курамына кирген же аныкталган тартипте аккредиттелген, контролдун зарыл болгон аныктыгын жана толук кандуулугун камсыздоочу тиешелүү техникалык каражаттар жана жабдыктар менен жабдылган сыноо лабраториялардын курамына кирген атайын кызматтар жүргүзүүгө тийиш.
9.15. Курулуш-монтаждоо иштеринин сапатын башкаруу курулуш уюмдары тарабынан жүргүзүлүп, курулуш-монтаждоо иштеринин жана курулуп бүткөн объекттердин сапатынын ченемдик документтердин жана долбоорлоо документтеринин талаптарына ылайык келүүсүн камсыздоого багытталган иш-чаралардын, методдордун жана каражаттардын жыйындысын камтууга тийиш.
9.16 Имараттарды же курулмаларды курууда подрядчик (генподпядчик) өзүнүн лабораториясында же сырттан тартылган, тиешелүү аккредитацияга ээ болгон лабораторияда лабораториялык контролду жүргүзөт. Лабораториялык контроль төмөндөгүлөрдү камтыйт:
- материалдардын, буюмдардын жана коснтрукциялардын сапатын кирүү контролунан өткөрүүдө курулуш материалдарга, буюмдарга жана конструкцияларга тиешелүү өлчөөлөрдү жана сыноолорду өткөрүүнү;
- КМИнин жана конструкциялардын сапатын операцялык контролдон өткөрүүдө тиешелүү өлчөөлөрдү жана сыноолорду өткөрүүнү.
9.17 Подрядчик (генподпядчик) курулуш лабораториясын жашырын иштерди, жооптуу конструкцияларды жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарынын тилкелерин күбөлөндүрүүгө, ошондой эле капиталдык курулуштун курулуп бүткөн этабын же объектисин жыйынтыктоочу текшерүүдө катышууга укуктуу.
9.18 Материалдардын, буюмдардын жана конструкциялардын сапатын кирүү контролунан өткөрүүдөгү лабраториялык өлчөөлөрдүн жана сыноолоордун көлөмү жана методу лабораториялык өлчөөлөргө жана сыноолорго тапшырык берүүчү менен курулуш лабораториясынын ортосундагы келишим менен, тиешелүү ченемдик документтер эске алынып, аныкталат.
9.19 Өлчөөлөрдү жана сыноолорду өткөрүү процедурасы, алардын жыйынтыктарын тариздөө тиешелүү материалдарга буюмдарга жана конструкцияларга өлчөөлөрдү жана сыноолорду өткөрүү боюнча улуттук стандарттардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
9.20. КМИнин жана конструкциялардын сапатын операциялык контролдон өткөрүүдө лабраториялык өлчөөлөрдүн жана сыноолоордун көлөмү жана мазмуну КМИнин жана конструкциялардын сапатын контролдоону регламенттеген ченемдик документтердин талаптарына, ошондой эле ИӨДдүн, технологиялык карталардын жана(же) операциялык контролдун схемаларынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
9.21 Лабраториялык өлчөөлөрдүн жана сыноолоордун жыйынтыктары өлчөөлөрдүн жана сыноолоордун протоколдору менен тастыкталышы керек, лабораторияда сакталган тиешелүү журналдарда жазылып, ошондой эле кирүү контролунун журналында ж.б. атайын ишти эсепке алган, подрядчикте (генподрядчикте) курулуш бүткөнгө чейин сакталган журналда жазылууга тийиш.
9.22 1-3- жоопкерчилик деӊгээлиндеги имараттарды же курулмаларды тургузууда лабораториялык контролдоону сыноо иштерин жүргүзүү үчүн аныкталган тартипте аккредиттелген уюм ишке ашырышы керек.
9.23 Курулуш учурунда имараттарды жана курулмаларды баалоо үчүн Кыргыз Республикасынын «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамдары менен каралган техникалык, автордук жана мамлекеттик көзөмөлдөө тиешелүү тартипте аныкталган башка жоболорго ылайык жүргүзүлөт.
9.24 Татаал жана уникалдуу объекттерди тургузууда жооптуу конструкцияларды кабыл алуу жана жашырын иштерди күбөлөндүрүү акттары долбоордун (жумушчу долбоордун) техникалык шарттарын жана көрсөтмөлөрдү эске алып, түзүлүүгө тийиш.
9.25 Объектти куруп бүткөндөн кийин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен талаптарга ылайык эксплуатацияга бериле турган объектти баалоо жүргүзүлүшү керек.
10 Объекттерди реконструкциялоо шартында курулуш өндүрүшүн уюштурууга коюлган талаптар
10.1 Объекттерди реконструкциялоо шартында курулуш-монтаждоо иштерин өндүрүү реконструкцияланып жаткан имраттын жана курулуштун өндүрүш ишмердүүлүгүнө байланыштуу болууга тийиш. Тапшырык берүүчү жана подрядчик макулдашылган иш-аракеттердин ырааттуулугун аныктап, иштерди оперативдүү башкарууга жооптуу адамды дайындашы керек.
10.2 Объекттерди реконструкциялоодо завод ичиндеги транспорттук коммуникацияны жана инженердик тармактарды, цехтеги жүк көтөрүүчү жабдууларды жана эксплуатациялык персоналды биргелешип пайдаланууну алдын ала карап чыгуу керек.
10.3 Объекттерди реконструкциялоодо конструкциялардын, цех ичиндеги жана аянт ичиндеги транспорт каражаттарынын жана коммуникациялардын, жабдуулардын жана инженердик тармактардын техникалык абалы жөнүндө инженердик текшерип чыгуунун маалыматын, демонтаждоо жана курулуш-монтаждоо иштеринин өндүрүү шарттарын (газдалгандыгын, чаӊдаганын, жарылуу-өрт коопсуздугун, чуулдактын күчтүүлүгүн, чектелүүсүн ж.б.у.с.) милдеттүү түрдө эске алуу зарыл.
10.4 Тапшырык берүүчүгө жана подрядчикке генералдык долбоорлоо уюму менен биргеликте төмөнгүлөрдү кылуу керек:
курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүн, технологиялык ырааттуулугун, аткаруу мөөнөтүн, ошондой эле аларды өндүрүш цехтердин жана реконструкцияланып жаткан имараттын жана курулуштун тилкелеринин иштери менен айкалыштырууну макулдашуу;
авария кырдаалдарында куруучулардын жана иштеп жаткандардын иш-аракеттери менен кошо оперативдүү жетектөөнүн иретин аныктоо;
конструкцияларды ажыратуунун, ошондой эле инженердик тармактарды ажыратуунун же ташуунун ырааттуулугун, суу, электр тармактары менен убактылуу камсыздоо шарттарын жана ордун аныктоо ж.б.;
иш өндүрүү учурунда куруучулар пайдалана ала турган тапшырык берүүчүнүн кызматтарынын жана анын техникалык каражаттарынын тиземсин түзүү;
жабдуулардын жана материалдардын биринчи кезекте жана комплектүү жеткирилишин уюштуруунун; жүктөрдүн ташылып келүүсүн жана кампага жыйылышын уюштурунун, ошондой эле реконструкцияланып жаткан объекттин аймагында курулуш техникасынын жүрүшүнүн, мобилдүү (инвентардык) имараттардын жана курулуштардын жайгашуу шарттарын аныктоо.
11 Имараттарды жана курулуштарды жок кылуу жана бузуу
11.1 Курулуш аянтын жаӊы курулушка же объектти реконструкциялоого даярдоо иретинде имараттарды жана курулмаларды жок кылууну (бузуу) курдуруучу өзү ишке ашырат же ушундай иштерге уруксаты бар лицензияга ээ юридикалык жакты келишим боюнча тартуу аркылуу жүргүзөт.
11.2 Курулуш аянтын жаӊы курулушка же объектти реконтсрукциялоого даярдоо иретинде жок кылынуучу (бузулуучу) имараттардын жана курулмалардын тизмеси долбоорлоо документтеринде аныкталат.
11.3 Имараттарды жана курулмаларды жок кылуу боюнча иштер даярдык көрүү мезгилинде аныкталган тартипте иштелип чыккан жана макулдашылган курулушка долбоорлоо документтеринин курамындагы, өзүнө жок кылуу боюнча тиешелүү чечимдерди камтыган, куруучулардын, калктын, курчап турган жаратылыштын жана инженердик тармактардын, алардын ичинде иштеп жаткан жер алдындагы коммуникациялардын коопсуздугун камсыздаган КУДга ылайык ишке ашат.
Мында, жок кылынуучу имараттардын жана курулмалардын көлөмүнө жараша генералдык курулуш мерчемге ылайык бузуну жана аянтты даярдоону эске алып, КУДда даярдык мезгилинин узактыгын эсептеп чыгуу керек.
11.4 Жок кылынуучу имараттар жана курулмалар аларды эксплуатациядан чыгаргандан жок кылганга (бузганга)чейин коопсуз абалга келтирилет, анда калкка жана курчап турган жаратылышка кокустан зыян келтирүүлөр жокко чыгарылышы керек (коммуникациялар өчүрүлөт, ёмкосттордун баары бошотулат, кооптуу жана зыяндуу заттар тазаланат, туруксуз конструкциялар бекемделет же уратылат). Ушул имараттарга (курулмаларга) адамдардын жана жаныбарлардын санкцияланбаган кирүүсүнө каршы чаралар көрүлөт.
11.5 Курулуш аянтындагы бардыгы, ошондой эле чектеш аймакты иштеткен жеке менчик ээлери имаратты, курулманы бузуунун ыкмасына жараша (жардыруу, өрттөө, ажыратуу же уратуу) иш-чараны аткаруу убактысы жөнүндө кабарландырылышы керек. Зарыл болгон учурда аймак курчоого алынат.
11.6 Имаратты же курулманы жок кылгандык (бузгандык) фактысы туурасында тиешелүү акт түзүлөт жана тиешелүү эсептик органдарга билдирилет. Мында, аймактык геофондду кармоочу органдарга алар аныктаган тартипте жерде калган коммуникациялар, бөлмөлөр, конструкциялар жана курулмалар туурасында билдирүү керек.
А-тиркеме
Пайдаланылган ченемдик укуктук акттардын жана документтердин тизмеси:
КР Жарандык кодекси
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акттары жөнүндө» мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын «Техникалык регламент. Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу жөнүндө» мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-ж.30-майындагы №252 «Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курулушка жана башка өзгөртүүлөргө уруксат берүүчү документтерди берүү жана курулуп бүткөн объекттерди эксплуатацияга берүүгө кабыл алуу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө» токтому.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-ж.10-февралындагы №95 «Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-ж.11-июнундагы №13-нпа буйругу менен бекитилген «Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму жөнүндө» жобо;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2017-ж.15-декабрындагы № 11-нпа буйругу менен бекитилген «Курулуш чөйрөсүндө тапшырык берүүчү-курдуруучу (бирдиктүү тапшырык берүүчү, курулуп жаткан ишкананын дирекциясы) жөнүндө» жобо;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2017-ж.15-декабрындагы № 11-нпа буйругу менен бекитилген «Курулуштагы техникалык көзөмөл, көз карандысыз инженердик уюм, техникалык аудит жөнүндө» жобо;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-ж. ….-июлундагы №….-нпа буйругу менен бекитилген КР 12-01:2018 КЧ «Курулуштагы эмгек коопсуздугу».
КМС 1.5-2017 Кыргыз Республикасынын улуттук стандартташтыруу системасы. Улуттук стандарттар. Баяндоо,тариздөө жана белгилөө эрежеси.
Б-тиркеме
Ушул документте пайдаланылган терминдер жана алардын аныктамалары
Термин | Аныктамасы |
Автордук көзөмөл | Долбоорду иштеп чыккан уюмдар тарабынан курулуш башталгандан бүткөнгө чейин жана курулуп бүткөн объектти эксплуатацияга берүүгө кабыл алып жаткан учурда курулуш-монтаждоо иштеринин долбоордук чечимдерге туура келүүүсүн контролдоо.
|
Генералдык подрядчик (генподрядчик) | Буйрутма берүүчү менен түзүлгөн келишимдин негизинде берилген объект боюнча келишимде каралаган бардык иштерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу үчүн жооптуу уюм, ал зарыл болгон учурда башка уюмдарды да субподрядчик катары ишке тарта алат.
|
Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү | Ведомстволук маселелер жана иштердин түрү боюнча тиешелүү мамлекеттик контролдоо органдары тарабынан стандарттардагы жана ченемдик документтердеги талаптардын аткарылышын камсыздоо жана бузууларды, долбоордон четтөөнү табуу жана жоюу максатында объекттердин курулушуна көзөмөл жүргүзүү. |
Тапшырык берүүчү | Кыймылсыз мүлк объектисин курууга мамлекеттик контракт же подряд келишимин түзгөн жана КР Жарандык кодексине ылайык өз милдеттерин аткарган юридикалык же жеке жак. Курдуруучу же курдуруучунун башка ыйгарым укуктуу өкүлү тапшырык берүүчү боло алат. |
Курулуп бүткөн объект
| Милдети боюнча өз алдынча пайдаланууга мүмкүн болгон курулуш объекти. Анда имараттын (курулуштун) бекемдигин, туруктуулугун, атмосфералык таасирлерден сакталышын, температуралык режимин, колдонуучулардын, калктын жана курчап турган чөйрөнүн коопсуздугун камсыздоочу көтөрүүчү, тосмо конструкциялар жана инженердик тутумдардын жыйындысы кабыл алынган жана жумуш долбоорлоо, ченемдик-техникалык документтердин талаптарына ылайык аткарылган. |
Имарат | Туюк көлөмдү түзгөн, көтөрүүчү, тосмо же айкалыштырылган (көтөрүүчү жана тосмо) конструкциялардан турган курулуш тутуму. Имарат өзүнүн иш-милдеттерине жараша, адамдардын жашоосуна же белгилүү бир ишмердүүлүктү жүргүзүүгө ылайыкталган.
|
Б-тиркеменин уландысы
Термин | Аныктамасы |
Курулуш продукциясынын сапаты (объекттин сапаты) | Кызмат мөөнөтү өткөнгө чейин (эксплуатация, пайдалануу, колдонуу) жеке менчик ээлеринин (колдонуучулардын) жана жалпы коомчулуктун кызыкчылыктарын жана коопсуздугун камсыздоого багытталган талаптарды чагылдырган, керектөөчүгө жеткирилген акыркы курулуш продукциясынын мүнөздөмөлөрүнүн (эстетикалык мүнөздөмөлөрдүн да) жыйындысы. |
Курулуш объектиси | Өзүнө тиешелүү болгон ж.б. жабдыктары бар өзүнчө турган имарат жана курулма. Алардын курулушуна, реконструкциясына, кеӊейтүлүүсүнө өзүнчө долбоор жана смета каралат. |
Подрядчик | Буйрутма берүүчү менен түзүлгөн подряд келишими жана (же) мамлекеттик контракт боюнча Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык иштерди аткарган юридикалык жак же адам. Подрядчик КР мыйзамдарынын талаптарына ылайык лицензиялануучу ишмердүүлүктү аткарууга уруксат берүүчү лицензияга ээ болушу керек. |
Профилин өзгөртүү | Имараттардын же бөлмөлөрдүн иш-милдеттерин өзгөртүү
|
Долбоорлоо | Техникалык-экономикалык негиздөөлөрдү, эсептөөлөрдү, чиймелерди, макеттерди, сметаларды, түшүндүрмө каттарды ж.б. материалдарды камтыган комплекстүү техникалык документтерди иштеп чыгуу. |
Аракетке келтирүүчү комплекс
| Курулуштун же анын кезегинин бөлүгү болгон негизги өндүрүш жана көмөкчү энергетикалык, транспорттук жана кампа чарбалык, байланыш, аянт ичиндеги инженердик коммуникация, жакшылоо ж.б милдетти аткарган объекттердин тобу (же алардын бөлүгү), аларды ишке киргизүү же эксплуатацияга берүү иштеп жаткан ченемдерге ылайык жана долбоордо каралган кызмат көрсөтүүчү персоналга кадыресе жумуш шарттарын түзүүнү, продукцияны чыгарууну же кызмат көрсөтүүнү камсыздайт.
|
Бөлмө | Имараттын ичиндеги белгилүү бир иш-милдеттери бар жана курулуш конструкциялары менен чектелген мейкиндик. |
Б-тиркеменин уландысы
Термин | Аныктамасы |
Жумушчу документтер | Толук чиймелер, ошол чиймелер боюнча объект курулат. |
Имаратты (курулманы) ремонт кылуу | Имараттын негизги техникалык көрсөткүчтөрүн же анын милдетин өзгөртпөгөн, физикалык жана моралдык эскилигин жоюу боюнча курулуш жана уюштуру-техникалык иш-чаралардын комплекси. |
Курулушка корутунду (уруксат) | Кыймылсыз мүлктүн жеке менчик ээси, ижарачысы же пайдалануучусу жер тилкесинде курулуш иштерин жүргүзүүгө, имаратты, курулушту реконструкциялоого, тегерек аймагын жакшылоого укуктуу экендигин тастыктаган документ. |
Реконструкциялоо | Бар объекттердин пайдалануу функциясын өркүндөтүүгө, өндүрүш кубаттуулугун көбөйтүүгө, имарат жана курулуштардын профилин өзгөртүүгө байланышкан кайтадан куруп чыгуу. |
Курулма | Өндүрүш процесстерин жүргүзүү үчүн, материалдык баалуулуктарды жайгаштырып, сактоо үчүн же адамдардын, жүктөрдүн убактылуу жайгашуусу(орун которуусу) үчүн, ошондой эле жабдыктарды же коммуникацияларды (сым, төшөлүүчү нерселерди) жайгаштыруу үчүн табигый же жасалма мейкиндикте чектерге ээ болгон, жасалма жол менен жасалган көлөмдүү, жалпак же линиялуу (жер үстүндөгү\суу үстүндөгү же жер алдындагы \суу алдындагы) объект. |
Курулуш аянты
| Тургузулуп жаткан курулуш объектисин, убактылуу имараттарды жана курулуштарды, техниканы жайгаштыруу үчүн, жараксыз топуракты төгүү, курулуш материалдарды, буюмдарды, жабдууларды чогултуу үчүн жана курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү үчүн пайдаланылган тосулган аймак. |
Атайын жумуштар | Обочолонтууну, жерди бекемдөөнү, технологиялык жабдууларды, трубопроводдорду, контролдоону жана автоматика каражаттарын монтаждоону, электр монтаждоону ж.б. камтыган жумуштар. |
Жашырын жумуштар | Имараттарды жана курулуштарды эксплуатацияга киргизүүгө өткөрүп берүү учурунда көз менен көрүп баалоого мүмкүн болбогон жумуштун айрым түрлөрү (пайдубалдардын түзүлүшү, гидро обочолонтуу, арматураларды жана темир бетон конструкцияларына салынуучу шаймандарды жайгаштыруу ж.б.у.с.). Курулуш уюму кийинки жумуштарды баштабай туруп, жашырын жумуштардын аягына чыга электе көрсөтүп, өткөрүп берет. |
Курулуш продукциясы | Курулуп бүткөн имараттар жана башка курулуш жайлар жана алардын комплекстери. |
Б-тиркеменин аягы
Термин | Аныктамасы |
Курулуш өндүрүшү | Курулуш аянтынын өзүндө жүрүп жаткан өндүрүш процесстеринин жыйындысы, аларга курулуш-монтаждоо жана курулушка даярдык көрүү иштери жана негизги курулуш иштери жүрүп жаткан учурдагы атайын иштер кирет. |
Курулуш-монтаждоо иштери | Имараттарды жана курулуштарды тургузууда жалпы курулуштук, жасалгалоочу, санитардык-техникалык, атайын, ошондой эле монтаждоо иштерин аткарган иштердин комплекси. |
Курулуш | а) материалдык өндүрүү тармагы, анда өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес негизги фонддор түзүлөт; б) имараттарды жана курулуштарды тургузуу процесси, бул процесс өзүнө курулуш иштеринин өзүн, жабдууларды монтаждоо иштерин, көмөкчү, транспорттук ж.б. иштерди, ошондой эле имараттарды жана курулуштарды ремонттоо иштерин камтыйт. |
Курулуш конструкциясы | Имараттын же башка курулуш жайынын белгилүү бир көтөрүп туруучу, тосмо жана \же эстетикалык милдеттерди актарган бөлүгү. |
Курулуш материалы (материал) | Имараттардын жана курулуштардын курулуш коснтрукцияларын түзүүгө жана курулуш буюмдарын жасоого багытталган материал (анын ичинде дааналап жасалганы). |
Техникалык көзөмөл | Тпашырык берүүчү тарабынан курулушка көзөмөл жүргүзүү, ага бүткөрүлгөн курулуш-монтаждоо иштерин кабыл алуу да кирет. |
В-тиркеме
Иштердин жалпы журналы
Түзүлгөн күндүн датасы
ОКПО________________________________ИНН__________________________
Дареги______________________________________________________________
__________________________________________ объектисин куруу боюнча
(ишкана, имарат, курулуш)
Объекттин дареги________________________________________________
Иштердин жалпы журналын жүргүзүүгө жана объекттин курулушун уюштурууга курулуш уюмунун жооптуу адамынын кызматы, аты-жөнү жана колу________________________________________________________________
20 ___-жылдын «_______»_____________ алынган №_________лицензия
Генералдык долбоорлоо уюму, долбоордун башкы инженеринин аты-жөнү жана колу ______________________________________________________
20 ___-жылдын «________»_____________алынган №_________лицензия
Тапшырык берүүчү (уюм), техникалык көзөмөл жетекчисинин (өкүлүнүн) кызматы, аты-жөнү жана колу ________________________________
_______________________________________________________________
Келишим(контракт) боюнча
иштердин башталышы:___________________________________________
Чынында:_ _____________________________________________________
Келишим(контракт) боюнча
иштердин аягы (эксплуатацияга берүү):_____________________________
Чынында: _____________________________________________________
В-тиркеменин уландысы
Курулуш уюмунун журналды берген жетекчисинин кызматы, аты-жөнү, колу _______________________________________________________________
Берген күндүн датасы, уюмдун мөөрү__________________________________________________________________________
_______________________________________________________________
Курулуп жаткан объекттин, ишкананын, имараттын же курулманын негизги көрсөткүчтөрү (кубаттуулугу, өндүрүмдүүлүгү, пайдалуу аянты, ичинин кеӊдиги ж.б.у.с.) жана сметалык наркы_______________________________________________________________
Долбоорду (жумушчу долбоорду) бекитүүчү инстанция жана бекитүү датасы______________________________________________________________
____________________________________________________________________
Долбоорлоо-сметалык документтерди иштеп чыккан уюмдар
_______________________________________________________________
_______________________________________________________________
_______________________________________________________________
_______________________________________________________________
_______________________________________________________________
Титул барагындагы жазуулардын өзгөргөндүгү тууралуу белгилер
_______________________________________________________________
Объектти курууга катышкан инженердик-техникалык персоналдын тизмеси
1-таблица
Аты-жөнү, ээлеген кызматы, иштеген тилкеси
| Курулуш объектисиндеиштердин башталган датасы | Аттестациядан өткөндүгү жөнүндө же иш өндүрүүгө уруксат алгандыгы жөнүндө белги
| Курулуш объектисинде иштердин аяктаган датасы
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
В-тиркеменин уландысы
Жооптуу конструкцияларды арадагы кабыл алуу жана жашырын иштерди карап чыгуу акттарынын тизмеси
№ п/п | (конструкциялардын жана иштердин жайгашкан орду көрсөтүлгөн) Акттардын аталыштары
| Актыга кол коюлган күн, кол койгондордун аты-жөнү жана ээлеген кызматтары
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Курулуш-монтаждоо иштеринин сапатын операциялык жол менен контролдоонун жыйынтыктарынын ведомосту
3-таблица
Дата | Конструкциялык бөлүктөрдүн жана элементтердин аталышы, алардын жайгашкан ордун чиймелерге таянып, көрсөтүү
| Сапатты контролдоонун жыйынтыктары
| Контролдоо жана көзөмөлдөө иретинде иштердин сапатын баалаган адамдардын ээлеген кызматтары жана колдору
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Иштердин атайын журналдарынын тизмеси
4-таблица
Атайын журналдын аталышы жана аны берген күндүн датасы | Журналды жүргүзгөн уюм, жооптуу адамдын аты-жөнү, ээлеген кызматы
| Журналды өткөрүп берүү-кабыл алуу датасы жана кызмат адамдарынын колдору
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Иш өндүрүү жөнүндө маалыматтар
5-таблица
Дата | Иш өндүрүүнүн шарттарын жана жүрүшүн кыскача баяндоо (зарыл болгон учурда субподряддык уюмдар аткарган жумуштарга таяныч кылуу) | Жооптуу адамдын ээлеген кызматы, аты-жөнү жана колу | |
|
|
| |
|
|
| |
|
|
| |
В-тиркеменин уландысы
Контролдогон органдардын жана кызматтардын сын пикирлери
6-таблица
Дата | Контролдогон органдардын сын пикирлери же буйрукка (предписаниеге) таянуу | Сын пикирлерди жоюу боюнча иштерди аткаруу жөнүндө жана алардын аткарылышын текшерүү жөнүндө белгилер |
|
|
|
|
|
|
Ушул журналда______бетке номер коюлуп, боолонгон жана мөөр басылган.
Мөөр орду_____________ __________________ ______________
Ээлеген кызматы колу колдун чечмелениши
…………-жыл «___»_______________________
Иштердин жалпы журналын жүргүзүүгө көрсөтмөлөр
1 Иштердин жалпы журналы технологиялык ырааттуулукту, мөөнөттөрдү, иштин сапатын жана курулуш-монтаждоо иштерди өндүрүү шарттарын камтыган негизги алгачкы өндүрүш документи болуп саналат жана Улуттук статкомитетинин №КС-6 таризи боюнча таризделет.
2 Иштердин жалпы журналы бир курулуш аянтынын чегинде жайгашкан айрым же бир түрдүү, бир убакытта курулуп жаткан имараттардын же курулуштардын тобу курулуп жатканда (реконструкцияланышында) жүргүзүлөт.
3 Иштердин жалпы журналын имараттын же курулманын курулуусуна жооптуу адам (иш өндүрүүчү, ага иш өндүрүүчү) жүргүзөт, ал объектте иш башталган күндөн тартып журналды өз колу менен толтурат же толтурууну сменанын жетекчилерине тапшырат.
Адистештирилген курулуш-монтаждоо уюмдары иштердин атайын журналдарын жүргүзүшөт, бул журналдар ушул иштерди аткарган жооптуу адамдарда болот. Жумуш аяктагандан кийин иштердин атайын журналы генералдык подряддык курулуш уюмуна өткөрүлүп берилет.
4 Титул барагы курулуш башталганга чейин генералдык подряддык курулуш уюму тарабынан долбоорлоо уюмунун жана тапшырык берүүчүнүн катышуусунда толтурулат.
5 Объекттин курулушунда иштеген инженердик-техникалык персоналдын тизмесин генералдык подряддык курулуш уюмунун жетекчиси түзөт (1-таблица).
6 2-таблицада бардык акттардын тизмеси календардык тартипте берилет.
7 3-таблицага имараттардын жана курулмалардын бөлүктөрүндөгү жана элементтериндеги аткарылган, сапаты контролго алынган жана баалоого тийиш болгон бардык иштер киргизилет.
8 4-таблицаны иштердин жалпы журналына жооптуу адам толтурат.
В-тиркеменин аягы
9 5-таблицага киргизилүүчү иштин өдүрүлүшү жөнүндө үзгүлтүксүз маалыматтар (иштин башынан аягына чейин) журналдын негизги бөлүгү болуп саналат.
Журналдын бул бөлүгүндө иштин башталышы жана аягы жөнүндө маалыматтар болуп, иштин аткарылышын чагылдырып турушу керек.
Ишти баяндоо имараттын жана курулманын аткарылган иштеринин конструктивдүү элементтери боюнча окторун, катарларын, белгилерин, кабаттарын, ярустарын, секцияларын жана бөлмөлөрүн көрсөтүп жүргүзүлүшү керек.
Ушул эле жерде иш өндүрүүнүн методдору, колдонулуп жаткан материалдар, даяр буюмдар жана конструкциялар, машиналардын аргасыздан туруп калышы (көрүлгөн чаралар көрсөтүлөт), жабдууларды, тутумдарды, тармактарды жана устройстволорду (куру же нагрузка берип иштетип көрүү, электр энергиясын берүү, бекемдигин жана аба кирип-чыкпасын текшерүү), жумушчу чиймелерден четке чыгуу (себептери көрсөтүлөт) жана аларды макулдашуу, коргоо, сактоо жана белги тосмолордун жайгашуусунун өзгөргөндүгү, транспорттук жана өрт өчүрүүчү өткөөлдөр, убактылуу инженердик тармактарды төшөө, кайра төшөө жана ажыратуу, операциялык жол менен сапатты контролдоо схемасынын бар экендиги жана анын аткарылышы, аткарылган жумуштарды кайра жасоо же оӊдоо (күнөөлүүлөр көсөтүлөт), ошондой эле иш өндүрүүдөгү метеорологиялык ж.б. өзгөчө шарттар туурасында да маалыматтар болууга тийиш.
10 Өндүрүштү жана жумуштун коопсуздугун контролдогон адамдар, ошондой эле долбоорлоо уюмунун же анын автордук көзөмөлүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аларга берилген укукка ылайык 6-таблицага өздөрүнүн сын пикирлерин жазышат.
11 Жалпы журналдын барактарына номерлер коюлуп, боолонуп, титул барагына бардык колдор коюлуп, аны берген курулуш уюмунун мөөрү менен бекитилиши керек.
12 Курулуп бүткөн объектти өткөрүп берүүдө иштин жалпы жана атайын журналдары тапшырык берүүчүгө өткөрүлүп берилет жана объектти эксплуатацияга бергенге чейин анда сакталат. Объектти эксплуатацияга бергенден кийин журналдар эксплуатациялоочу уюмга ар дайым сакталып турууга берилет.
Г-тиркеме
Көмүскө калчу иштерди карап текшерип чыгуу(күбөлөндүрүү)
акты
"____"______________200___-ж.
__________________________________________________ аткарылган
(объекттин орду жана аталышы)
___________________________________________________________
(иштердин аталышы)
Комиссия мүчөлөрү:
курулуш-монтаждоо уюмунун өкүлү ________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызматы)
тапшырык берүүчүнүн техникалык көзөмөл өкүлү ________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызматы)
долбоорлоо уюмунун өкүлү (долбоорлоо уюму автордук көзөмөл жүргүзгөн учурларда) _____________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызматы)
(курулуш-монтаждоо уюмунун аталышы)
________________________________________________________________________________
аткарылган иштерди карап чыгышты жана төмөнкүлөр жөнүндө ушул актты түзүштү:
1 Карап текшерип көрүүгө(күбөлөндүрүүгө) төмөнкү иштер көрсөтүлдү: ________________________________________________________________________________
(жашырын иштердин аталыштары)
2 Иштер долбоорлоо-сметалык документтер боюнча аткарылды
________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
(долбоорлоочу уюмдун аталышы, чиймелердин номерлери жана алар түзүлгөн күндүн датасы)
3 Иштерди аткарууда ______________________________________________
(сапаттарын ырастаган тастыктамаларга ж.б. документтерге шилтемелери
__________________________________________________________________________
менен материалдардын,конструкциялардын, буюмдардын аталыштары)
__________________________________________________ колдонулду.
Г- тиркеменин уландысы
4 Иштерди аткарууда долбоорлоо-сметалык документтерден четке чыгуулар болгон эмес (же болгон) _________________________________________________________________
(четке чыгуулар болгон учурда ким менен макулдашылганы, чийменин номери
_______________________________________________________________________________
жана макулдашылган күндүн датасы коюлат)
5 Иш башталган күндүн датасы: ______________________________________________
Иш аяктаган күндүн датасы: _________________________________________________
Комиссиянын чечими
Иштер долбоорлоо-сметалык документтерге, стандарттарга, курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык аткарылган жана аларды кабыл алуу талаптарына жооп беришет.
Жогоруда айтылгандардын негизинде ____________________________________________________________________
(иштердин жана конструкциялардын аталышы)
жайгаштыруу (монтаждоо) боюнча кийинки иштерди өндүрүүгө уруксат берилет.
Курулуш-монтаждоо уюмунун өкүлү ___________________________________________
(колу)
Тапшырык берүүчүнүн техникалык көзөмөл өкүлү ________________________________________________
(колу)
Долбоорлоо уюмунун өкүлү ____________________________________________________
(колу)
Д-тиркеме
Көмүскө калчу иштерди карап текшерип чыгуу(күбөлөндүрүү) акттарын түзүү зарыл болгон иштердин түрлөрүнүн тизмеси
31. Имараттын окторун геодезиялык бөлүү (аткаруу схемасы менен)
32. Пайдубалдардын алдына (түбүнө) траншеяларды жана котловандарды казуу
33. Пайдубалдардын алдына (түбүнө) кумдуу жаздыкты орнотуу
34. Пайдубалдын монолит темир бетон плитасын орнотуу
35. Монолит темир бетон пайдубалдарды орнотуу жана темир бетон пайдубалдарды монтаждоо
36. Жертөлөлөрдүн темир бетон блоктордон жана панелдерден чогултулган дубалдарын монтаждоо
37. Пайдубалдын жогорку монолит темир бетон тилкесин орнотуу
38. Дубалдарды жана грунт сууларын гидро обочолонтууну орнотуу
39. Дренажды орнотуу (пайдубалдыкын долбоорго ылайык)
40. Жертөлөлөрдүн полун орнотуу
41. Жертөлөлөрдүн, биринчи жана кийинки кабаттардын үстүндөгү перекрытиелерди жана төшөлмөлөрдү монтаждоо
42. Жертөлөлөрдүн, биринчи жана кийинки кабаттардын үстүндөгү перекрытиелерди (ар бир кабатка өзүнчө) анкеровка жасоо
43. Биринчи жана кийинки кабаттардын (ар бир кабатка өзүнчө) кыштан, блоктордон жана ири темир бетон панелдерден жасалган дубалдарын жана перегородкаларын орнотуу
44. Кыш дубалдарды армирлөө, ири темир бетон блокторду бекемдөө(ар бир кабатка өзүнчө)
45. Кириш жерлердин үстүнө балкондорду, карниздерди жана козыректорду орнотуу
46. Бууну обочолонтууну орнотуу жана чатыр перекрытиесин жылуулоо (долбоорго ылайык)
47. Перемычкаларды монтаждоо
48. Тепкич аянтчаларын жана марштарын монтаждоо
49. Лифттердин шахталарын орнотуу жана монтаждоо
50. Кирүүчү-тартып чыгаруучу желдетүүчү тутумдарды, блокторду жана аба жүргүзүүчүлөрдү монтаждоо жана сыноо
51. Терезе жана эшик блокторун орнотуу
52. Люстраларга илмектерди бүтөп, аларды сыноо
53. Темир бетон төшөмөлөрдү жана тунуке орнтомолорун монтаждоо
54. Таштандыларды түшүрүүчүлөрдү орнотуу
55. Полдордун алдына негиздерди орнотуу
56. Үндү обочолонтуучуларды орнотуу
57. Санитардык түйүндөрдөгү полдорду орнотуу
58. Ички нөшөр ноолорун монтаждоо жана сыноо
59. Жылытуу, суу менен камсыздоо жана канализация тутумунун трубаларын монтаждоо
60. Электр менен камсыздоо тутумун монтаждоо жана орнотуу
Е-тиркеме
Автордук көзөмөлдүн өкүлдөрү катышкан арадагы кабыл алынуучу конструкциялардын жана иштердин тизмеси
3. Табигый жана жасалма негиздерди даярдоо
4. Монолит жана темир бетон иштери (бетондун бекемдиги, арматура иштери):
а) пайдубалдар;
б) обвязка тилкелери;
в) темир бетон алкактар, колонналардын ригелдери;
г) монолит перекрытиелери.
3. Дубалдарды жана перегородкаларды орнотуу (кыш жана панель)
4. Чогултулган темир бетон жана бетон конструкцияларды монтаждоо:
а) пайдубалдар;
б) колонна, ригель жана дубал;
5. Тунукелерди орнотуу
6. Гидро обочолонтуучу иштер
7. Жылуулукту обочолонтуучу иштер
8. Монтаждоо иштери:
а) абаны желдетүүнү жана кондициондоштурууну;
б) лифтерди.
9. Табигый таштардан жасалган беттелүүчү плиталарды бекемдөө (гранит, мрамор, сары таш ж.б.)
Тизмеде көрсөтүлгөн иштердин түрлөрү секция-блок боюнча же этап боюнча кабыл алынат.
Ж-тиркеме
Жооптуу конструкцияларды арадагы кабыл алуу акты
"___"________________200__-ж.
(кабыл алуу датасы)
Аткарылган_____________________________________________________
(конструкциялардын аталышы)
__________________________________________________________
(объекттин орду жана аталышы)
Комиссия мүчөлөрү:
курулуш-монтаждоо уюмунун өкүлү ________________________________________________________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызматы)
тапшырык берүүчүнүн техникалык көзөмөл өкүлү ____________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызматы)
долбоорлоо уюмунун өкүлү
___________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызматы)
_______________________________________________________________
(курулуш-монтаждоо уюмунун аталышы)
жасалган конструкцияларды карап чыгып, иштердин сапатын текшерип, төмөнкүлөр жөнүндө ушул актты түзүштү:
1 Кабыл алууга төмөнкү конструкциялар көрсөтүлдү ____________________________________________________________________
(конструкциялардын тизмеси жана кыскача мүнөздөмөсү)
2 Иштер долбоорлоо-сметалык документтер боюнча аткарылды
____________________________________________________________________
(долбоорлоочу уюмдун аталышы, чиймелердин номерлери жана алар түзүлгөн күндүн датасы)
3 Иштерди аткарууда долбоорлоо-сметалык документтерден четке чыгуулар болгон эмес (же болгон) _______________________________________________________
(четке чыгуулар болгон учурда ким менен макулдашылганы, чийменин номери
_______________________________________________________________________________
жана макулдашылган күндүн датасы)
Ж- тиркеменин аягы
4 Иш башталган күндүн датасы: ___________________________________
Иш аяктаган күндүн датасы: _______________________________________
Комиссиянын чечими
Иштер долбоорлоо-сметалык документтерге, стандарттарга, курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык аткарылган жана аларды кабыл алуу талаптарына жооп беришет.
Жогоруда айтылгандардын негизинде ____________________________________________________________________
(иштердин жана конструкциялардын аталышы)
жайгаштыруу (монтаждоо) боюнча кийинки иштерди өндүрүүгө уруксат берилет.
Курулуш-монтаждоо уюмунун өкүлү _________________________________________
(колу)
Тпашырык берүүчүнүн техникалык көзөмөл өкүлү ___________________________
(колу)
Долбоорлоо уюмунун өкүлү ________________________________________________
(колу)