Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2018-жылдын 09-августу № 4
“КРАЭ-20. Абада жүк ташуунун эрежелери” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 27-январындагы №1 буйругуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын жарандарынын социалдык-экономикалык жана укуктук абалын жакшыртуу максатында, 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем чыгаруу укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өкүлдөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, ошондой эле авиажүк ташуучулардын жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлөөсүнө карата өз убагында чараларды көрүүнү камсыздоо жана аба кемелеринин бортунда коопсуз жүк ташууну камсыздоо максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. “КРАЭ-20. “Абада жүк ташуунун эрежелери” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 27-январындагы №1 буйругуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) Жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген “КРАЭ-20. Абада жүк ташуулардын эрежелери” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежесинин 2.7.1. пункту төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
«2.7.1. Кыргыз Республикасынын аэропортторунан эл аралык рейстер аркылуу учкан ар бир жүргүнчүдөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аэропорттук жана административдик жыйымдар алынат:
1) аэропорттук жыйымдарды төлөөдөн бошотулат:
- 2 жашка чейинки балдар;
- 2 жаштан 12 жашка чейинки балдар (бир чоң жүргүнчү үчүн бекитилген тиешелүү жыйымдардын 50%);
2) «код HL» административдик жыйымдарды төлөөдөн бошотулат:
- транзиттик/трансфердик жүргүнчүлөр, транзиттик зонадан 24 сааттан ашык эмес мөөнөткө чыгып кетүүгө укугу барлар, 72 сааттан ашык эмес убакытка учууну күтүү максатында аралык аэропортто токтоп турууга мажбур болгондор;
- 2 жашка чейинки балдар.
- 2.8.2. - пунктун үчүнчү абзацындагы “жөнөтүү, дайындоо же ташуу маршруту боюнча ыңгайсыз аба ырайы шарттары, ошондой эле башка көрүнүштөр” деген сөздөр алып салынсын;
- 2.11-пунктунун 2.11.9, 2.11.10 – пунктчаларындагы “авиажүк ташуучунун күнөөсү боюнча” деген сөздөрдөн кийин төмөндөгүдөй сөздөр менен толукталсын:
«анын ичинде ыңгайсыз метеорологиялык шарттар, техникалык жана башка себептер боюнча»;
- 2.11.11.- пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
«Авиажүк ташуучу жүргүнчүлөргө акысыз тамак-аш, мейманканада орун, транспорт менен 2.11.9, 2.11.10-пунктчаларынын талаптарын сактаган шарттарда кечигүүнүн узактыгына карабастан камсыздап бериши керек»;
- 2.13.2.-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
«жүргүнчүлөрдү аэропорттон учуусуна текшерүү, каттоо, контролдоо, тариздөөнүн жана башка түрлөрү боюнча процедура эреже катары аяктайт:
- эгерде авиажүк ташуучу тарабынан башкача орнотпогон болсо, эл аралык рейске учууга 60 мүнөт убакыт калганга чейин;
- эгерде авиажүк ташуучу тарабынан башкача орнотпогон болсо, ички рейстерге учууга 40 мүнөт убакыт калганга чейин»;
- 4.7.- пунктан кийин төмөндөгү мазмундагы 4.8.- пункт менен толукталсын:
«4.8. Жүргүнчүнүн салмагы
4.8.1. Коммерциялык жүктөөнүн салмагын эсептөө үчүн, ал аба кемесинин учуу массасына кирет, чоң жүргүнчүнүн орточо салмагы:
- ырааттаманын кышкы убактысына өтүүдө чоң жүргүнчүнүн салмагын 80 (сексен) килограммга барабар деп эсептөө керек;
- жайкы ырааттамага өтүүдө чоң жүргүнчүнүн салмагын 75 (жетимиш беш) килограммга барабар деп эсептөө керек;
Балдардын салмагы, жылдын сезонуна карабастан, төмөндөгүдөй болот:
- эки жашка чейин 15 (он беш) килограмм;
- эки жаштан он эки жашка чейин 30 (отуз) килограмм.
- 9.3.1.- пунктун төртүнчү жана сегизинчи абзацтары “рейсти кечиктирген учурда” деген сөздөрдөн кийин “ыңгайсыз метеорологиялык шарттар, техникалык жана башка себептерден улам” деген сөздөр менен толукталсын, андан ары текст боюнча;
- Жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген “КРАЭ-20. Абада жүк ташуулардын эрежелери” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эреженин 1-чи тиркемесинин 1-чи таблицасында “Туристтик” деген сөз “Экономикалык” сөз менен алмаштырылсын.
2. Бул буйрук расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кире тургандыгы бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги бул буйрукту аткарууга кабыл алсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Ж.А. Ногойбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Калилов |