Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРИЛИГИ
БУЙРУК
2018-жылдын 31-июлу № 3
«Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин 2017-жылдын 2-майындагы №162 «Кыргыз Республикасындагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оӊдоо жана тейлөө боюнча иштерди пландаштыруу жана аткаруу тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү жѳнүндѳ» буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Автомобиль жолдорун тейлөө жана оӊдоо, ошондой эле жол-оӊдоо жумуштарын уюштуруу менен мерчемдөөнү майнаптуу жүзөгө ашыруу, жол-оӊдоо жумуштарын аткарууда эмгектик жана материалдык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча жумуштардын түрлөрү менен курамын аныктоо максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 токтомунун негизинде бекитилген, Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин 2017-жылдын 2-майындагы №162 «Кыргыз Республикасындагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оӊдоо жана тейлөө боюнча иштерди пландаштыруу жана аткаруу тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү жѳнүндѳ» буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
төмѳнкүдөй мазмундагы 1-1 пункт менен толукталсын:
«1-1. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун реконструкциялоодо, капиталдык, орто, учурдагы оӊдоодо жана тейлөөдө аткарылуучу жумуштардын түрлөрүнүн классификациясы бекитилсин. ».;
жогорудагы буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оӊдоо жана тейлөө боюнча иштерди пландаштыруу жана аткаруу тартиби жөнүндөгү Жободо:
- 9-пункту «автомобиль жолдоруна (мындан ары-автомобиль жолдору) деген сөздөрдөн кийин”, ушул Жобонун тиркемесине ылайык» деген сөздөр менен толукталсын;
- 14-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«Эгерде жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оӊдоо жана тейлөө үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар талап кылынгандан төмөн болсо, жол чарбасын башкаруу мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган иш түрлөрүнүн алгылыктуулугун аныктайт.».
2. Автомобиль жолдор башкармалыгына:
- ушул буйрук бекитилген күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде аны "Эркин Тоо" гезитине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайттарына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяласын;
- ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде аны мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберсин.
3. Басма-сөз катчысы К.Р. Досумбетовго катоодон өткөн күндөн кийин, үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин веб-сайтына жарыялоосун камсыздасын.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары А.И. Жусубалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Ж.К. Калилов |