Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2018-жылдын 10-сентябры № 5
«Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын врачтык-учуу эксперттик комиссиясынын врач-эксперттерин даярдоо жана кайра даярдоо боюнча Типтүү программасын бекитүү жөнүндө»
2014-жылдын 15-сентябрындагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем чыгаруу укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өкүлдөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №530 токтомуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 27-январындагы №1 буйругу менен бекитилген “Авиациялык персоналга күбөлүктөрдү берүү” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери-1 (КРӨА-1) -нин алкагында Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын врачтык-учуу эксперттик комиссиясынын врач-эксперттерин даярдоо жана кайра даярдоо процедураларынын процессин тартипке келтирүү жана орнотуу максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ
1. «Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын врачтык-учуу эксперттик комиссиясынын врач-эксперттерин даярдоо жана кайра даярдоо боюнча Типтүү программасы» тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги бул буйруктуу аткарууга кабыл алсын.
3. Бул буйрук расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кире тургандыгы бекитилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Ж.А.Ногойбаевге жүктөлсүн.
Министр | Ж. Калилов |
| Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2018____ жылдын “_10___” _сентябрындагы_____ №__5___ буйругу менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Жарандык авиациясынын врачтык-учуу эксперттик комиссиясынын врач-эксперттерин даярдоо жана кайра даярдоо боюнча Типтүү программасы
Авиациялык медицина боюнча бул Кыргыз Республикасынын Жарандык авиациясынын врачтык-учуу эксперттик комиссиясынын врач-эксперттерин даярдоо жана кайра даярдоо боюнча Типтүү программасы (КР ЖА ВУЭК) Кыргыз Республикасынын Жарандык авиациясынын врачтык-учуу эксперттик комиссиясынын мүчөлөрүнүн кесиптик даярдыгын жогорулатууга жана Кыргыз Республикасынын Жарандык авиациясынны авиациялык персоналына медициналык күбөлөндүрүүнү жүргүзүүнүн сапатын жакшыртуу, медициналык күбөлөндүрүү боюнча врач-эксперттердин билимин жана ыкмаларын өркүндөтүү максатына багытталган.
Врачтык-учуу эксперттик комиссиясынын мүчөлөрүн даярдоо программасы боюнча курстар авиациялык медицина боюнча жарандык авиация органынын Кыргыз Республикасында, ошондой эле чет өлкөдө бекитилген окуу жайларында уюштурулушу мүмкүн. Окуу курсунан өткөндөн кийин окуу жайы курсту өткөндүгү жөнүндө сертификат берет. Мындай сертификаттын ыйгарым укуктары 5 жылга чейин иштейт. Сертификат алгандан кийин врач-эксперттер жумушчу орундарында стажировкадан өтүүлөрү керек. Типтүү программага врач-эксперттерди даярдоо жана кайра даярдоо боюнча минималдык зарыл талаптар киргизилген, анын негизинде жарандык авиациянын медициналык окуу жайлары даярдоонун өз программаларын иштеп чыгышат.
1. ВУЭК врач-эксперттери үчүн негизги (базалык) даярдык
1). ВУЭК врач-эксперттери үчүн негизги (базалык) окуу курсу 60 саат теоретикалык жана практикалык сабактардан, анын ичинде экзамендерден турат.
Бардык сааттар: 60
Теориялык даярдоо (лекция): 55
Практикалык сабак: 5
Жыйынтыктоочу контроль: экзамен (тестирлөө)
Бир күндөгү сааттардын саны: 8
2). Негизги (базалык) курстун программасынын окуу планы, төмөнкүдөй тартиптерди минимум өзүнө камтышы керек:
№ п/п Темалардын аты, лекциялардын саны, практикалык сабактар
а). Авиациялык медицина, киришүү, адам фактору 3 3 -
б). Аэронавтиканын негиздери 2 2 -
в). Авиациялык физиологиям 10 10 -
г). Офтальмология, анын ичинде иш жүзүндө көрсөтүү жана практикалык сабактар 3 2 1
д). Оториноларингология, анын ичинде иш жүзүндө көрсөтүү жана практикалык сабактар 3 2 1
е). Жүрөк-кан тамыр системасы, анын ичинде иш жүзүндө көрсөтүү жана практикалык сабактар 3 2 1
ё). Жалпы (ички) медицина, анын ичинде иш жүзүндө көрсөтүү жана практикалык сабактар 9 7 2
ж). Неврология 3 3 -
з). Авиациядагы психиатрия 3 3 -
и). Психология 3 3 -
й). Окуялар жана инциденттеры, сактоо жана жашоого умтулуу 2 2 -
к). Дары заттары жана учуу 2 2 -
л). Мыйзам жана ченемдик укуктук жөнгө салуу 4 4 -
м). Негизги аэронавигациялык билимди иш жүзүндө көрсөтүү 8 8 -
н). Жыйынтык сабак. Экзамен 2 2 -
2. ВУЭК врач-эксперттерин даярдоонун тереңдетилген курсу
1). Адистигин жогорулатуу курстары
ВУЭК врач-эксперттеринин адистигин жогорулатуу курстары окуу курсу 60 саат теоретикалык жана практикалык сабактардан, анын ичинде экзамендерден турат.
Бардык сааттар: 60
Теориялык даярдоо (лекция): 46
Практикалык сабак: 14
Жыйынтыктоочу контроль: экзамен
Бир күндөгү сааттардын саны: 8
2). Адистигин жогорулатуу курстары төмөнкүдөй тартиптерди минимум өзүнө камтышы керек:
№ Темалардын атаыштары, лекциялардын саны, практикалык сабактар
а) Учкучтун жумуш чөйрөсү 6 6 -
б) Авиациялык жана космостук физиология 3 3 -
в) Офтальмология, анын ичинде иш жүзүндө көрсөтүү жана практикалык сабактар 4 3 1
г) Оториноларингология, анын ичинде иш жүзүндө көрсөтүү жана практикалык сабактар 4 3 1
д) Стоматология 2 2 -
е) Кардиология, анын ичинде иш жүзүндө көрсөтүү жана практикалык сабактар 3 2 1
ё) Жалпы (ички) медицина, анын ичинде иш жүзүндө көрсөтүү жана практикалык сабактар 5 3 2
ж) Неврология и психиатрия, анын ичинде иш жүзүндө көрсөтүү жана практикалык сабактар 4 3 1
з) Авиациядагы адам фактору, анын ичинде 8 саат иш жүзүндө көрсөтүү жана практикалык сабактар 19 11 8
и) Инциденттер жана окуялар. Сактоо жана жашоого умтулуу 2 2 -
й) Авиациялык гигиена 2 2 -
к) Тропикалык медицина 2 2 -
л) Кабиналык экипаждын иштөө шарттары 2 2 -
м) Жыйынтык сабак. Экзамен 2 2
3. ВУЭК врач-эксперттеринин кесиптик деңгээлин бекемдөө курстары
1) Өздөрүнүн иш учурунда врач-эксперттер кесиптик деңгээлин бекемдөө курстарынан өтүп туруулары керек, авиациялык медицина боюнча курс 20 сааттан турат.
Врач-эксперттердин Кыргыз Республикасында, ошондой эле чет өлкөлөрдө уюштурулган жолугушууларга жана конгресстерге катышуусу кесиптик деңгээлин бекемдөө курстарынан өткөнгө тең келет.
2) Илимий семинарлар аккредиттелген жана Кыргыз Республикасынын авиациялык бийлиги тарабынан жактырылган болуш керек:
- Эл аралык Авиациялык Академияны жана ар жыл сайын авиация жана космостук медицина боюнча Конгресстерге катышуу.
- Авиациялык-космостук медицинанын адистеринин ассоциациясына катышуу. Жыл сайын өтүүчү илимий конференциялар.*
- Өлкөнүн ичинде, ошондой эле чет өлкөлөрдө уюштурулган башка илимий конференциялар жана семинарлар.
3) Учуу палубасын сыноо:
а) артка чалкалай турган отургуч
б) тренажер
в) самолетту учуруу
* Минимум 6с. компетенттүү көзөмөл органдарынын түз жетекчилиги астында болушу керек.