Сравнение редакций…
|
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2017-жылдын 3-ноябрындагы № 241 буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссия жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссиянын ишин уюштуруу тартибин аныктайт (мындан ары - Квалификациялык комиссия).
2. Квалификациялык комиссия өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларга жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Квалификациялык комиссия Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (мындан ары - Юстиция министрлиги) алдында төмөнкү курамдан турган жети адамдан түзүлөт:
1) Юстиция министрлигинин үч өкүлү:
- министрдин орун басары (Квалификациялык комиссиянын төрагасы);
- ээлеген кызмат оруну боюнча адвокатура маселесин көзөмөлдөгөн башкармалыктын жетекчиси;
- адвокатура маселеси боюнча Юстиция министрлигинин түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери (Квалификациялык комиссиянын катчысы).
2) Адвокаттар кеңеши тарабынан сунушталган жана адвокаттык ишинде беш жылдан кем эмес эмгек тажрыйбасына ээ адвокаттардын ичинен төрт өкүл.
4. Квалификациялык комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет.
2. Квалификациялык комиссиянын функциялары менен ыйгарым укуктары
5. Квалификациялык комиссия, адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамендерди кабыл алат.
Квалификациялык экзамен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга квалификациялык экзамен өткөрүү тартибине ылайык өткөрүлөт.
6. Квалификациялык комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
1) квалификациялык экзамен тапшыруусуз адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардын арыздарын карайт;
2) адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат берүү жөнүндө талапкерлерден түшкөн арыздарды карайт;
3) квалификациялык экзамен өткөрүүнүн күнүн жана убактысын белгилейт (анын которулган күнүн);
4) Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилүүчү квалификациялык экзамендин суроолорун макулдашат;
5) адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алат;
6) талапкерлердин талаш маселелер боюнча арыздарын карайт.
Квалификациялык комиссия өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл маалыматты белгиленген тартипте менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жактардан сурап алууга укуктуу.
3. Квалификациялык комиссиянын ишинин тартиби
7. Эгерде отурумда анын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү, анын ичинде Квалификациялык комиссиянын төрагасы катышса, Квалификациялык комиссия чечим кабыл алууга укуктуу болуп саналат.
8. Квалификациялык комиссиянын чечими отурумда катышкан анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда, Квалификациялык комиссиянын төрагасынын чечими чечүүчү болуп саналат.
Квалификациялык комиссиянын чечими менен макул болбогон Квалификациялык комиссиянын мүчөсү өзүнүн өзгөчө (жеке) оюн жазуу жүзүндө баяндап Квалификациялык комиссиянын протоколуна тиркөө үчүн калтырат.
9. Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен алуу боюнча квалификациялык комиссиянын чечими компьютердеги тесттин жыйынтыгынын негизинде кабыл алынат.
Тесттин жыйынтыгы катчы тарабынан жазылып алынат. Квалификациялык экзамен аяктагандан кийин протокол жазылат, ага Квалификациялык комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат
Тесттен өткөндүгү жөнүндө маалыматтар серверде 6 айдан кем эмес мөөнөт сакталат.
10. Квалификациялык комиссиянын протоколу Квалификациялык комиссиянын катчысы тарабынан жазылат: анда отурум өткөрүү убактысы, орду, комиссиянын курамы, фамилиясы, аты, атасынын аты, экзамен тапшырган тесттин шифри менен компьютердик тесттин жыйынтыгында алган баллдардын саны көрсөтүлөт.
11. Квалификациялык комиссиянын протоколунун негизинде Юстиция министрлиги адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия берүү чечимин кабыл алат.
12. Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алуунун тартиби Квалификациялык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан түшүндүрүлөт.
13. Квалификациялык комиссиянын катчысы Квалификациялык комиссиянын отурумун даярдайт жана иш кагаздарын жүргүзөт.
4. Квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат берүү тартиби
14. Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат алуу үчүн Юстиция министрлигине Квалификациялык комиссия карап чыгуусу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруулары зарыл:
1) лицензия алуу үчүн квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат алуу жөнүндө арыз (арыздын формасын Квалификациялык комиссия бекитет) жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылат;
2) талаптагыдай толтурулган жана кол коюлган кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
3) өмүр баян;
4) талапкердин инсандыгын күбөлөндүргөн жана Кыргыз Республикасынын жараны экенин тастыктаган документтер (паспорт);
5) жогорку юридикалык билими жөнүндө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн дипломдун көчүрмөсү;
6) юридикалык адистик боюнча эмгек тажрыйбасын акыркы иштеген жери боюнча тастыкталган же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөсү (эмгек китепчеси);
7) акыркы иштеген жеринен мүнөздөмө;
8) сүрөт (өлчөмү: 4x6, кагазы - түстүү);
9) соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалым кат.
15. Квалификациялык комиссия зарыл болгон учурда талапкерлер тарабынан берилген документтер менен маалыматтардын аныктыгын текшерүүгө, ушул себептен тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, башка уюмдарга сунушталган документтер менен маалыматтардын аныктыгын текшерүү же тастыктоо жөнүндө суроо-талап менен кайрылууга укуктуу.
16. Документтерди текшерип бүткөндөн кийин Квалификациялык комиссия квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксат берүү же уруксат бербөө чечимин кабыл алат. Квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксат бербөө чечими ал кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде административдик тартипте даттанууга мүмкүн.
17. Квалификациялык экзаменди тапшырбаган адамга кайра экзамен тапшырууга алты айдан эрте эмес мөөнөт ичинде уруксат берилет.
18. Квалификациялык комиссиянын отурумунун протоколунан көчүрмө адвокаттын өздүк ишине тиркелет. Адвокаттардын өздүк иштери Юстиция министрлигинин архивинде белгиленген тартипте сакталат.