Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 12-ноябрындагы № 16-нпа буйругуна |
1.1 Курулуш ченемдери жер үстүндөгү транспорт каражаттарын кабыл алуу, сактоо жана аларга май куюу үчүн арналган автоунааларга май куюучу станцияларды жайгаштырууга, долбоорлоого жана курууга өрт коопсуздугунун талаптарын белгилейт.
Ушул курулуш ченемдери ушул курулуш ченемдери менен кабыл алынган классификация менен чектелген жаңыдан курулуп жаткан жана иштеп жаткан автоунааларга май куюучу станцияларды долбоорлоодо, курууда жана реконструкциялоодо колдонулат.
Мунай жана мунай зат өнүмдөрүнүн кампаларынын май куюучу пунктары катары эксплуатацияланган суюк мотор отунун/майын автоунааларга куюучу станцияларына, газ толтуруучу станциялардын жана кампалардын отун/ май куюучу пунктары катары эксплуатацияланган автомобилдерге газ куюучу станцияларга, ошондой эле мунай жана газ өнөр жай (мунайгаз) ишканаларынын өндүрүштүк май куюучу пунктары катары эксплуатацияланган автомобилдик газ толтуруучу компрессордук жана автоунаа криогендик станцияларга карата талаптарды ушул май куюучу пунктар каралган объекттерге карата өрт коопсуздугунун талаптарын жөнгө салган стандартташтыруу жаатындагы башка ченемдик документтер боюнча аныктоого жол берилет.
Автоунааларга май куюучу станцияларын долбоорлоодо ушул курулуш ченемдеринин жоболору менен катар, анын курулуш талаптарына каршы келбеген бөлүгүндө өрт коопсуздугу боюнча башка ченемдик документтерди жетекчиликке алуу абзел.
Ушул курулуш ченемдеринде төмөнкү стандарттарга ченемдик шилтемелер колдонулган:
МАСТ 17608:2017 Тротуар бетон плиталары.;
МАСТ 19433-88 Кооптуу жүктөр. Классификациялоо жана маркирлөө;
МАСТ 23009-2016 Бетон жана курама темир бетон конструкциялар жана буюмдар;
МАСТ 31565-2012 Кабелдик буюмдар. Өрт коопсуздугунун талаптары;
ГОСТ Р 50913-96 Мунай зат өнүмдөрүн ташуу жана толтуруу үчүн автомобилдик транспорт каражаттары. Типтери, параметрлери жана жалпы техникалык талаптар;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-ж. 11-апрелдеги № 198 токтому менен бекитилген «Кооптуу жүктөрдү автоунаа менен ташуу эрежелери»;
КМС 1.5:2017 Кыргыз Республикасынын Улуттук стандартташтыруу тутуму. Улуттук стандарттар. Куруу, баяндоо, жасалгалоо жана белгилөө эрежелери;
Э с к е р т ү ү - Ушул курулуш ченемдерин колдонууда шилтеме жасалган ченемдик документтердин Кыргыз Республикасынын аймагында иштешин үстүбүздөгү жылда жарык көргөн Стандартташтыруу боюнча улуттук органдын жана Мамкурулуштун тийиштүү маалыматтык указаттелдери боюнча текшерүү максатка ылайык келет. Эгерде шилтеме жасалган документ алмаштырылса (өзгөртүлсө), анда ушул курулуш ченемдерин колдонууда алмаштырылган (өзгөртүлгөн) документтерди жетекчиликке алуу абзел. Эгерде шилтеме жасалган документ алмаштырылбай эле алынып ташталса, анда ага шилтеме берилген тиркеменин ушул шилтемеге тиешеси жок бөлүктөрү гана колдонулат.
Ушул курулуш ченемдеринде төмөндөгү терминдер тиешелүү аныктамалары менен берилген:
3.1 трубопровод боюнча газдын авариялык сарпталуусуж: Технологиялык тутумдун жабдыктарынын герметикалүүлүгү авариялык бузулууда трубопровод боюнча газдын сарпталуусу.
3.2 майдын авариялык төгүлүүсү: АМКСти эксплуатацииялоо талаптары же/жана жабдыктардын герметикалүүлүгү бузулгандыгынын натыйжасында аталган жабдыктан курчап турган чөйрөгө төгүлгөн отун/ май.
3.3 бир дубалдуу резервуарлары бар автоунааларга газ толтуруучу станциялар: Технологиялык тутуму резервуарлардан жана түтүктөрдөн курчап турган чөйрөгө СКСГнын же анын бууларынын кандай гана болбосун мүмкүн болгон чыгуусун коопсуз жаап салуу мүмкүнчүлүгүн камсыздай албаган, буулардын жылына бир миллиондон жогору жыштыктагы жалынды таркатуунун төмөнкү концентрациялык чегинен 20%дан ашык концентрациясы бар газ-буу- аба аралашмасын АМКСтин аймагынан тышкары чыгуусуна жол бербеген автомобилдерге газ толтуруучу станциясы.
3.4 Көп майлуу АМКСтин өз алдынча тилкелери катары аткарылган автоунааларга май куюучу станциясы: Технологиялык тутуму көп майлуу АМКСтин өз алдынча тилкеси катары аткарылган автоунааларга май куюучу станциясына карата талаптарга жооп берген, ушул отундун/майдын бир түрүн колдонгон, бирок аны ушул автоунааларга май куюучу станциясына, алардын ичинде айдоочуларга, жүргүнчүлөргө жана алардын транспорт каражаттары үчүн сервистик тейлөө имараттарын жана курулмаларын жайгаштырууга талаптар көп майлуу АМКСте жайгаштыруу талаптарына окшош болгон отундун/майдын бир түрүн колдонгон АМКС.
3.5 отундун/майдын агып кетүүсүн коопсуз жабуу (коопсуз жерден жабуу): Жалындын таркап кетүүсүнүн төмөнкү концентрациялык чегинен 20%дан ашык концентрациясы бар отун буусу менен газдалган зонада адамдардын болуусун талап кылбаган отундун/майдын агып кетүүсүн жабуу.
3.6 майды сактоо блогу: Майды кабыл алууга жана сактоого арналган, белгиленген заводдук даярдык жана өндүрүштүк технологиялуулук деңгээлдеги АМКСтин технологиялык тутумунун кураштыруучу бирдиги.
3.7 суюк мотор отунун/майын сактоо блогу – суюк мотор: Майын кабыл алууга жана сактоого арналган, жер алдына орнотулган жана бир бүтүн буюм катары өндүрүүчү-заводдо бирдиктүү алкакта монтаждалган блоктуу АМКСтин технологиялык тутумунун кураштыруучу бирдиги.
3.8 газды теӊдөөчү/жөндөөчү тутум: Жалпы деаэрация тутуму менен бириктирилген резервуарлар (камералар) тобунда майдын буу фазасынын басымын теӊдөөнү камсыздаган жабдуу.
3.9 АМКСтин чеги: Жер тилкесинин кырдаалдык мерчеминде көрсөтүлгөн, ушул АМКСти эксплуатациялоонун өрткө каршы режиминин талаптары аткырылыш керек болгон АМКСтин аймагын жана ага жанаша жаткан аймакты бөлгөн сызык.
3.10 эки дубалдуу резервуар: Эки катар идиштен (идиштин ичиндеги идиш) турган, анын ичиндегиси майды сактоо үчүн колдонулган (суюк мотор майы же СКСГ, ал эми тышкысы авариялык резервуардын ролун аткара турган резервуар.
3.11 СЖГ эки кабыкттуу резервуары: Вакуумдук обочолонууну камсыздоо үчүн арналган жана жумушчу (ички) идиштин герметикалуулугу бузулган учурда дубал арасындагы боштукта СЖГ суюк фазасын кармап турууну камсыздаган жана АМКСтин технологиялык тутумунун бөлүп чыгаруу түтүгү (түтүк) аркылуу гана аталган боштуктан атмосферага СЖГ бууларын бөлүп чыгарууну контролдогон термообочолоочу атайын каптооч менен жабдылган СЖГны сактоо үчүн жарым изотермикалык резервуар (идиш).
3.12 жабдууларды тереңдетип жайгаштыруу: Жабдуулар жанаша жаткан аймактын үстүнөн басым алдындагы жабдуу үчүн 0,5 м кем эмес төмөн жана калган жабдуулар үчүн 0,2 м кем эмес жайгашуусун камсыздаган курулмаларда жабдууларды жайгаштыруу (оюктар, кудуктар, лотоктор).
3.13 технологиялык жабдуунун ичинде күйүүчү затты жылдыруунун жабык ыкмасы: Жалындын таркап кетүүсүн болтурбаган түзүлүш аркылуу гана бул заттын атмосфера менен байланышына жол берилген технологиялык жабдуунун ичинде күйүүчү затты айлантуу.
3.14 май куюучу жер: Транспорт каражатына майкуюу үчүн транспорт каражатын токтотуучу технологиялык аянтча.
3.15 АМКСте айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү сервистик тейлөө имараты, курулмасы же жайы: АМКСтин аймагында айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү тейлөөгө арналган имарат, курулма же жай (тиешелүү товарлар дүкөнү, кафе, сан түйүндөр).
3.16 АМКСте транспорт каражаттарын сервистик тейлөө имараты, курулмасы же жайы: АМКСтин аймагында транспорт каражаттарын техникалык тейлөө боюнча иштерди аткарууга каралган имарат, курулма же жайлар (автоунааларды техникалык тейлөө посттору жана автожуучу жайлар).
3.17 суюк мотор отун/майын сактоо контейнери – суюк мотор майын кабыл алууга, сактоого жана берүүгө арналган, жер үстүндө орнотулган жана бир бүтүн буюм катары өндүрүүчү-заводдо бирдиктүү алкакта монтаждалган технологиялык тутум.
3.18 берүү линиясы: Резервуардан май бөлүштүрүүчү колонкасына майды берүүнү камсыздай турган жабдыктар комплекси.
3.19 деаэрация линиясы: Суюк мотор майын сактоочу резервуардын бош мейкиндигинин атмосферасы менен байланышты камсыздаган жабдыктардын комплекси.
3.20 толтуруу линиясы: Резервуардын майменен толтурулушун камсыздаган жабдыктардын комплекси.
3.21 шламдан ажыратуу линиясы: Катуу бөлүкчөлөрдү (шламды) кошуу менен товар алдындагы сууну жок кылууну камсыздаган жабдуулар комплекси.
3.22 рециркуляция линиясы: Куюп-агызуу операцияларында жабык контур боюнча майдын бууларынын (аларды курчап турган чөйрөгө чыгарбастан) айлануусун камсыдаган жабдыктар комплекси.
3.23 адамдар массалык түрдө жүргөн жерлер: Бир эле убакта 100 адамдан ашык адамдын болушу мүмкүн болгон аймак (транспорт аялдамалары, станциялардын чыгыштары, базарлар, жарманкелер, стадиондор).
3.24 көп камералуу резервуар: Ички мейкини/ичи бир нече камераларга герметикалуу тосмолор менен бөлүнгөн резервуар.
3.25 куюштуруу сордургучу: АМКСтин технологиялык тутумунун курамына кирген жана аталган технологиялык тутумдун ичиндеги майды жана/же резервуарга автоцистернадан майды сактоо үчүн сордурууну жана/же тескерисинче тарттырууну камсыздаган сордургуч.
3.26 коопсуз жер/коопсуз аймак: Анда орнотулган отун/майды таркатуучу колонканы жана/же таркатуучу колонканы транспорт каражаттарынын бузуп коюшунан коргоочу курулма.
3.27 автоцистерна үчүн аянтча: АМКСте куюп-агызуу операцияларында автоцистернаны орнотуу үчүн арналган технологиялык аянтча.
3.28 КАГК (КЭГК) куюу үчүн аянтча: Жаратылыш газы менен КАГК (КЭГК) аккумуляторунун идиштерин толтурууда КАГК (КЭГК) орнотуу үчүн арналган технологиялык аянтча.
3.29 тирөөч аянтчасы: Майкуюу үчүн кезегин күткөн транспорт каражаттарын токтотууга арналган жолдун транспорт өтүүчү тилкеси.
3.30 каптоочтогу СЖГ резервуары: Вакуумдук обочолонтууну камсыздоого арналган термо обочолонтуучу каптооч менен жабдылган жана жумушчу (ички) идиштин герметикалуулугу бузулган учурда каптоочто орнотулган атайын арналган түзүлүш аркылуу гана резервуардын түздөн-түз тосмосуна СЖГнын агуусун камсыздаган СЖГны сактоо үчүн жарым изотермикалык резервуар (идиш).
3.31 өзүнөн өзү иштөөчү өрт өчүргүч: Өрттүн жалыны ага таасир эткенде иштеп кетүүчү өрт өчүргүч.
3.32. көп майлуу АМКСтин технологиялык тутумунун өз алдынча тилкеси: Көп майлуу АМКСтин бирдиктүү технологиялык тутумунун бөлүгү катары долбоорлонгон жана даярдалган, мотордук майдын бир түрүн кабыл алуу, сактоо жана берүү үчүн арналган жабдыктар комплекси.
3.33 чыгаруучу түтүк: Жаратылыш газын, СЖГнын бууларын же СКСГнын бууларын атмосферага өрттөөсүз өрткө коопсуз кылып чыгаруу үчүн арналган түзүлүш.
3.34 резервуардын шахтасынын же технологиялык кудуктун бош мейкиндиги: Резервуардын шахтасынын ичиндеги же технологиялык кудуктагы аба мейкиндиги.
3.35 эки дубалдуу (эки кабыктуу) резервуардын герметикалуулугун бириктирилген контролдоо тутуму: Эксплуатациялоо жеринде эки дубалдуу (эки кабыктуу) резервуардын тышкы жана ички дубалдарынын герметикалуулугун туруктуу контролдоого арналган жабдыктар комплекси.
3.36 резервуардын герметикалуулугун мезгилдүү контролдоо тутуму: Эксплуатациялоо жеринде АМКСтин персоналы тарабынан резервуарлардын герметикалуулугун мезгилдүү аныктоосуна арналган жабдыктар комплекси.
3.37 резервуардын (эки кабыктуу же эки дубалдуу резервуардын дубалдар аралык мейкиндигинин) жана /же трубопроводдогу (эки дубалдуу трубопроводдун же кутудагы СЖГ трубопроводунун дубалдар аралык мейкиндигинин) герметикалуулугун туруктуу контролдоо тутуму: Эксплуатациялоо жеринде резервуардын (эки кабыктуу же эки дубалдуу резервуардын дубалдар аралык мейкиндигинин) жана /же трубопроводдогу (эки дубалдуу трубопроводдун же кутудагы СЖГ трубопроводунун дубалдар аралык мейкиндигинин) герметикалуулугунун бузулуусун автоматтык режимде эрте аныктоого арналган жабдыктар комплекси.
3.38 резервуардын ашыкча толуусун болтурбоочу тутум: АМКСтин технологиялык тутумунун документтеринде көрсөтүлгөн толуунун чекке жеткен деӊгээлине жеткен учурда куюп-агызуу операцияларын автоматтык түрдө токтотуу жана толтуруунун номиналдык деңгээли боюнча резервуарды майменен толтурууну токтотуу тууралуу АМКСтин персоналына автоматтуу түрдө белги (сигнал) берүү үчүн жабдыктар комплекси.
3.39 технологиялык бөлмө: Технологиялык жабдыктар жайгаштырылган технологиялык тутумдун тосулган тилкеси.
3.40 АМКСтин технологиялык тутуму: АМКСте майды кабыл алуу, сактоо жана берүү үчүн атайын конструкцияланган, монтаждалган жана кабыл алууга колдонулган жабдыктар комплекси.
3.41 АМКС менен технологиялык жактан байланышкан өндүрүш объекттери: Трубопроводдор аркылуу АМКСке жеткирилген мотор отун/майын өндүрүү жана/же сактоо үчүн арналган жана өрттү болтурбоо жана өрткө каршы коргоо тутумдары АМКС тутумдары менен жалпы мүнөздөлгөн обьекттер.
АМКС – автоунааларга май куюучу станция;
АГТС– автоунааларга газ толтуруучу станция;
АГТКС – автоунаага газ толтуруучу компрессордук станция;
КОМАМКС– көп майлууавтоунааларга май куюучу станция;
АЦ – отун/майды транспорттоо үчүн автоунаа транспорт каражаты (автоцистерна);
КС–күйүүчү суюктук;
АОМККС –автоунааларга май куюучу криогендик станция;
ЖККС – жалбырт этип күйүп кетме суюктук;
ТЖГ– тыгыздалган жаратылыш газы;
КЭГК– көп элементтүү газ контейнери;
ӨТТКЧ – өрттүн таркалуусунун төмөнкү концентрациялык чеги;
КАГК– көчмө автоунааларга газ куюучу;
КГ - күйүүчү газ;
СММ - суюк металл күйүүчү май
АСМОМККС – автоунааларга суюк мотор майын куюучу көчмө станция;
СЖГ– суюлтулган жаратылыш газы;
СКСГ – суюлтулган көмүр суутек газы;
ОМТК – майтаркатуучу колонка.
5.1 Көп майлуу автоунааларга май куюучу станция – аймагында эки жана андан ашык майдын түрү бар, алардын ичинде суюк мотор майын (бензин жана дизель майы), СКСГ (суюлтулган пропан-бутан) жана КЖТны (анын ичинде регазифицирленген) транспорт каражаттарына куюу каралган АМКС.
5.2 Май куюучу пункт – ишкананын аймагында жайгашкан жана бул ишкананын транспорт каражаттары үчүн гана май куюуга арналган АМКС.
5.3 Автоунааларга май куюучу салттуу станция – технологиялык тутуму транспорт каражаттарына суюк мотор отун/майын гана куюуга арналган жана резервуарлары жер алдындагы жайгашып, аларды ОМТК аркылуу таркатуу менен мүнөздөлгөн АМКС;
5.4 Автоунааларга май куюучу блоктук станция – бирдиктүү завод буюму катары аткарылган, резервуарлардын жер алдында жайгашуусу менен жана ОМТКлар отун/майды сактоочу блоктун үстүндө жайгаштырылуусу менен мүнөздөлгөн транспорт каражаттарына суюк мотор отун/майын куюучу технологиялык тутуму бар АМКС.
5.5 Автоунааларга май куюучу модулдук станция – транспорт каражаттарына жалаӊ гана суюк мотор отун/майын куюучу технологиялык тутуму бар жана резервуарлардын жер үстүндө жайгашуусу менен мүнөздөлгөн жана ОМТК отун/майды сактоочу контейнерде жайгашкан бирдиктүү завод буюму катары аткарылган АМКС.
5.6 Автоунааларга май куюучу контейнердик станция – транспорт каражаттарына жалаӊ гана суюк мотор отун/майын куюучу технологиялык тутуму бар жана резервуарлардын жер үстүндө жайгашуусу менен мүнөздөлгөн ОМТК отун/майды сактоочу контейнерде жайгашкан бирдиктүү завод буюму катары аткарылган АМКС
5.7 Автоунааларга суюк мотор отун/майын куюучу көчмө станция (АСМОМККС) – суюк мотор отун/майын гана сатуу үчүн, анын ичинде чекене сатууга да арналган АМКС, анын технологиялык тутуму автоунаанын шассисинде, прицебидне же жарым прицепте орнотулуп, бирдиктүү завод буюму катары аткарылган.
5.8 Автоунааларга газ толтуруучу компрессордук станция (АГТКС) – технологиялык тутуму транспорт каражаттарынын май тутумунун баллондоруна гана, ошондой эле (АСМОМККС) (КЭГК) КЖГ газынын аккумуляторунун идиштерине майкуюуга арналган АМКС.
5.9 Автоунааларга газ куюучу станция (АГКС) - технологиялык тутуму СКСГ менен иштеген транспорт каражаттарынын майтутумунун баллондорун толтуруу үчүн гана арналган АМКС;
5.10 Автоунааларга газ толтуруучу көчмө станция - технологиялык тутуму КЖГ менен иштеген транспорт каражаттарынын майтутумунун баллондорун толтуруу үчүн гана арналган жана бирдиктүү завод буюму катары аткарылган КЖГны ташууга жана сактоого бириктирилген блогу бар болгондугу менен мүнөздөлгөн АМКС.
5.11 Автоунааларга газ куюучу көчмө станция– технологиялык тутуму бирдиктүү завод буюму катары аткарылган СКСГны ташууга жана сактоого бириктирилген блогу бар болгондугу менен мүнөздөлгөн АГККС .
5.12 Автоунааларга май куюучу криогендик станция ( АОМККС) – технологиялык тутуму станциянын аймагында СЖГны регазификациялоо жолу менен алынган КЖГ менен иштеген транспорт каражаттарынын майтутумунун баллондорун толтуруу үчүн гана арналган АМКС.
5.13 Көчмө АОМККС – бирдиктүү завод буюму катары аткарылган, СЖГны регазификациялоочу, сактоочу жана ташуучу бириктирилген блогу бар болгондугу менен мүнөздөлгөн технологиялык тутумга ээ АОМККС.
6.1 АМКСтерди долбоорлоодо техникалык документтери бар, АМКСтердин сериялуу чыгарылган технологиялык тутумдарын колдонууну карап чыгуу абзел.
6.2 АМКСтердин технологиялык тутумдарына техникалык документтер технологиялык жабдыктарга, АМКСтин имараттарына жана курулмаларына, аларды өрткө коопсуз пайдаланууга (анын ичинде регламенттик жана ремонттук иштерди өткөрүүгө, өрткө кооптуу кырдаал жана өрттөр пайда болгон учурда кызматкерлердин иш-аракеттерине) талаптарды, технологиялык тутумдун конструкциясы, технологиялык параметрлери, өндүрүштүк обьекттер менен (бар болсо) технологиялык жактан байланышкан интеграциянын уюштуруу-техникалык шарттары, АМКСтин технологиялык тутумун жеткирүүчүнүн кызматынын жана кепилдик милдеттеринин мөөнөтү тууралуу маалыматты камтышы керек. Талаптар колдонулган технологиялык жабдыктардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен түзүлүшү керек.
6.3. АМКСтерди калк отурукташкан пункттардан тышкары жайгаштырууда минималдуу аралыкты майды сактоочу резервуарлардын (идиштердин) дубалдарынан, май жана/же анын буусу айланган жер алдындагы жана жер үстүндөгү жабдыктардан, ОМТК корпусунан жана СКСГ же КЖГны бөлүштүрүүчү колонкалардан, АЦ үчүн аянттардын чектеринен жана технологиялык кудуктардан, тазалоо курулмаларынын технологиялык жабдыктарынын дубалдарынан, транспорт каражаттарын токтотуу үчүн аянттардын чектеринен жана АМКСтин имараттарынын тышкы дубалдарынан жана конструкцияларынан аныктоо керек. АМКСтин кызматкерлери үчүн, откана, айдоочуларды сервистик тейлөө, АМКСке тиешелүү болбогон объекттерге чейинки жүргүнчүлөр жана алардын транспорт каражаттары үчүн имараттардан (жайлардан) аралык ушул курулуш ченемдеринде жөнгө салынбайт.
АМКСтерди калк отурукташкан пункттардын аймагынан тышкары жайгаштырууда:
балдардын мектепке чейинки мекемелеринин, жалпы билим берүү мектептеринин, мектеп-интернаттардын, стационары бар дарылоо мекемелеринин, бир бөлмөлүү турак имараттардын жер тилкелеринин чектерине чейин, ал эми башка милдеттеги турак жана коомдук имараттар үчүн – имараттардын дубалдарына, терезелерине жана эшиктерине чейин;
жайдын (бир имаратта ар кандай иш-милдеттеги жайлар жайгашкан учурда) жакынкы дубалына (тосмосуна) чейин минималдуу аралыкты аныктоо абзел.
АМКСтен автоунаа жолдоруна, темир жолдоруна жана калк отурукташкан пункттардын көчөлөрүнө чейинки минималдуу аралык алардын категориясына жараша 1-таблицанын 6- п. жана 7- п. ылайык аныкталат:
1-Т а б л и ц а
№ | Аларга чейин аралык аныктала турган объекттердин аталышы | Жер алдында резервуарлары бар АМКСтен аралык | Жер үстүндө резервуарлары бар АМКСтен аралык | |
А тиби | Б тиби | |||
| Өндүрүштүк, кампа жана администрациялык-тиричилик имараттары жана өнөр-жай ишканаларынын курулмалары | 25 | 35 | 30 |
| Калк отурукташкан пункттардын турак жай жана коомдук имараттары | 50 | 50 | 50 |
№ | Аларга чейин аралык аныктала турган объекттердин аталышы | Жер алдында резервуарлары бар АМКСтен аралык | Жер үстүндө резервуарлары бар АМКСтен аралык | |
А тиби | Б тиби | |||
| Адамдар массалык түрдө топтолгон жерлер - коомдук транспорт аялдамалары - базарлар |
50 50 |
50 75 |
50 75 |
| Сыйымдуулугуна жараша автоунаалар үчүн гараждар жана ачык токтотмолор, автоунаалардын саны төмөнкүдөй болгондо: 25 чейин 26дан 100 чейин 100 ашык | 15 25 30 | 20 30 50 |
20 30 50 |
| Соода павильондору жана күркөлөр (киосктор) | 20 | 25 |
|
| Автоунаа жолдору (өткөөл бөлүгүнө чейин): III категория IV-V категория Электрлештирилген шаардык транспорт каттамдары (байланыш тармагына чейин) |
6 9
15 |
9 12
20 |
9 9
20 |
| Жалпы тармактагы темир жол жолдору (кырдалган топурактын таманына же оюктун кашына чейин) станцияларда, жол айрыгында, эки станциянын аралыгында жана платформаларда. |
25 |
30 |
30 |
| АМКСке тиешеси жок тазалоо канализациялык курулмалары жана сордуруучу станциялар | 15 | 30 | 25 |
1-таблицасынын аягы
№ | Аларга чейин аралык аныктала турган объекттердин аталышы | Жер алдында резервуарлары бар АМКСтен аралык | Жер үстүндө резервуарлары бар АМКСтен аралык |
| |||
А тиби | Б тиби |
| |||||
| Кампалар: токой материалдары, чым, булалуу күйүүчү заттар, саман, куурай, ошондой эле чымдын ачык калган тилкелери | 20 | 40
| 30 |
| ||
| Токой массивдери: Ийне жалбырактуу жана аралаш түрлөрү Жалбырактуу түрлөрү |
25 25 |
100 40 |
70 30 |
| ||
| Суу артериялары
| 50 | 100 | 100 |
| ||
|
| ||||||
жалпы шаардык маанидеги магистралдык жолдорго жана магистралдык көчөлөргө чейин I, II жана III категориялардагы жалпы тармактын автоунаа жолдору үчүн сыяктуу;
кыштак жолдоруна, райондук маанидеги магистралдык көчөлөргө, негизги көчөлөргө жана айыл жергесиндеги турак-жай курулмаларындагы негизги көчөлөргө чейин IV жана V категориялардагы жалпы тармактын автоунаа жолдору үчүн сыяктуу;
башка жолдор жана көчөлөр үчүн ченемдештирилбейт;
жалпы тармактагы темир жолуна чейин – станцияларда, жол айрыгында, эки станциянын аралыгында жана платформаларда.
6.4. Жол өткөрмөлөрүндө жана алардын алдында АМКСтерди жайгаштырууга жол берилбейт.
6.5. АМКС жана АОМККСтерди, жол жээгиндеги тейлөө обьектиси катары, АМКСтерди эксплуатациялоодо имараттардын жана курулмалардын өрт коопсуздугунун талаптарына жана КР КЧ ылайык капиталдык конструкцияларда жол бетинен ченемдик алыстыкта кызыл сызыктан тышкары жайгаштырууга жол берилет.
6.6 АМКСте АМКСтин технологиялык тутумун жабдуу үчүн, отканага имараттарды, курулмаларды жана жайларды, ошондой эле АМКСтин кызматкерлери үчүн администрациялык жана тиричилик имараттарды (жайларды): операторлордун бөлмөсүн, администрацияларды, тамак-аш ичүүчү, күзөт, санитардык түйүн кызматтарын, атайын кийимдер, аспаптар, запастык деталдар, шаймандар жана жабдуулар үчүн кампаларды жайгаштырууга болот.
Эки кабыктуу СЖГ резервуарлары же эки дубалдуу АГКС резервуарлары бар көп майлуу АМКС, АГТКС, АОМККСтердин аймагында, ошондой эле суюк мотор отун/майын сактоо үчүн жер алдындагы резервуарлары бар АМКСтин аймагында жүргүнчүлөрдү, айдоочуларды жана алардын транспорт каражаттарын сервистик тейлөө имаратын (жайларын) жайгаштырууга жол берилет.
Жүргүнчүлөрдү жана айдоочуларды сервистик тейлөө үчүн тиешелүү товарлар дүкөнү, кафе жана санитардык түйүндөр; транспорттук каражаттарды сервистик тейлөө үчүн – техникалык тейлөө посттору жана авто жуучу жайлар каралышы мүмкүн.
АМКСтин аймагында АМКСтин технологиялык тутумуна же АМКСтин отканасына тиешеси жок АН, БН, ВН жана ГН категориясындагы тышкы орнотмолорду жайгаштырууга жол берилбейт.
Тышкы орнотмолордун өрт коопсузудугу боюнча категориялары орнотмолордо жайгашкан күйүүчү буюмдардын жана материалдардын өрткө кооптуу сапаттарына, санына жана технологиялык процесстеринин өзгөчөлүктөрүнө жараша аныкталат.
Тышкы орнотмолордун өрткө кооптуулугу боюнча категориялары аныкталган тартипте бекитилген улуттук стандарттар менен аныкталат.
Тышкы орнотмолордун өрткө кооптуулугу боюнча категорияларын аныктоо алардын өтө кооптуу “Ан”ден карай эӊ аз кооптуу “Дн”ге чейин категорияларына тиешелүүлүгүн ырааттуу текшерүү аркылуу ишке ашырылат.
Өрткө кооптуулугу боюнча тышкы орнотмолор төмөндөгүдөй категорияларга бөлүнөт:
жарылууга-өрткө жогорку кооптуулук (Ан);
жарылууга-өрткө кооптуулук (Бн);
өрткө кооптуулук (Вн);
өрткө орточо кооптуулук (Гн);
өрткө төмөн кооптуулук (Дн).
6.7 АМКСтин аймагында А, Б (КЖГсы бар жабдыктарга арналган жайлардан тышкары жана АМКСтин технологиялык тутумуна кирген суюлтулган көмүр суутек жана/же жаратылыш газдарын сордуруп куюштуруу үчүн) жана (отканадан тышкары) Г категорияларындагы жайларды жайгаштырууга жол берилбейт.
Транспорт каражаттарын сервистик тейлөө жайларында күйүүчү газдар, жалбырт этип күйүп кетме суюктуктар, ошондой эле күйүүчү чаң колдонулган технологиялык процесттерди пайдаланууга жол берилбейт.
6.8. Бир имаратта ар түрдүү иш-милдеттеги жайларды (айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү сервистик тейлөө жайлары, АМКСтин кызматкерлери үчүн транспорт каражаттарын же жайларды сервистик тейлөө жайлары) жайгаштырганда минималдуу аралык жакынкы тосмо, дубал жана жайдын дубалындагы өтүүчү тешикке чейин ошол эле иш-милдеттеги имаратка чейинкидей аныкталат. Мында АМКСтин кызматкерлери үчүн, айдоочуларды, жүргүнчүлөрдү жана алардын транспорт каражаттарын сервистик тейлөө үчүн каралган имараттан (жайлардан) АМКСке кирбеген объекттерге чейинки аралык өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук документтерге жана ченемдик документтерге ылайык аныкталат.
6.9. АМКСтин аймагында жайгашкан имараттар жана курулмалар бир кабаттуу, С0 же С1 классындагы ортко туруктуулугу I, II же III даражада же С0 классындагы отко туруктуулугу IV даражада болууга тийиш.
Майжана анын буулары бар трубопроводдорун төшөө үчүн эстакада тирөөчтөрү жана көтөрүп туруучу конструкциялары күйбөй турган материалдардан болуп, R60 кем эмес өрткө туруктуулукка ээ болушу керек. СЖГсы бар трубопроводдорду төшөөдө аталган тирөөчтөр жана конструкциялар аларга криогендик суюктуктар авариялык куюлуп кеткен учурда өздөрүнүн функционалдык сапаттарын сактап калууга тийиш.
6.10. АМКСтин аймагында АМКСтин муктаждыктары үчүн гана откананын болуусуна жол берилет. АМКСтин отканасын долбоорлоодо 80°C жогору болбогон температурага ээ жылуулук алып жүрүүчү автоматташтырылган суу жылытуучу откананы караштыруу керек. Күйүү температурасы 45°C ашык болгон дизель май менен иштөөчү отканаларды (суюк мотор отунун/майын сактоо үчүн жер үстүндөгү резервуарлары бар АМКС, бир дубалдуу резервуары бар АМКС жана каптоочтогу (кожух) СЖГ резервуары бар АОМККСтерден тышкары) же электр отканаларын колдонуу керек.
Көп майлуу АМКС, АГТКС, АОМККС жана АГКСтердин (бир дубалуу резервуарлары барлардан башкарлары) отканаларын долбоорлоодо май катары жаратылыш газын, анын ичинде регазифицирленген газды пайдаланган автоматташтырылган суу ысытуучу отканаларды колдонууга жол берилет.
Атмосферага түтүн газдары, күйбөй турган материалдардан даярдалган, откананын имаратынын дубалынын тышкы тарабынан жайгаштырылган, АМКСтин технологиялык тутумунун жабдуулары жана АЦ үчүн аянтча тарапка карабай тургандай болуп жасалган моордон чыгарылышы керек. Моордун түтүн газдары чыгуучу жеринде жалын өчүрүүчү жабдык орнотулуш керек.
6.11. Дизель отуну/майы менен жагылган отканалар С0, С1 классындагы отко туруктуулугу I же II даражадагы бир кабаттуу өзүнчө турган имаратта жайгаштырылышы керек. Дизель майы менен жагылган отканаларды АМКСтин кызматкерлери же транспорт каражаттарын жууп-тазалоо үчүн арналган С0, С1 классындагы отко туруктуулугу I же II даражадагы өзүнчө турган имараттарга кошо курууга жол берилет.
Дизель майды сактоочу жабдыктар жана аны отканага берүү линиялары ушул курулуш ченемдеринде суюк мотор отун/майын сактоо үчүн резервуарлары жер алдында жайгаштырылган АМКСтердин технологиялык тутумдарына коюлган талаптарына жооп бериши керек. Мында, откана имаратынын тышкы тарабынан отканага майды берүүчү трубопроводуна аталган линиядан сордургучту өчүргөндө жабыла турган кулптоочу арматурасы жана кайтма клапан орнотулат.
6.12. АМКСтин аймагында майды жана/же анын бууларын айлантуу үчүн арналбаган жер алдындагы аба боштуктарын (тоннелдерди, каналдарды), ошондой эле авариялык кырдаалдарда май жана/же анын буулары кирип кете турган жер алдындагы жайларды жана жер алдындагы мейкиндиктерди жайгаштырууга уруксат берилбейт. АМКСтин имараттарынын алдынан жана эвакуациялык чыгуу тарабынан май трубопроводдорду төшөөгө уруксат берилбейт.
6.13. АМКСтин кызматкерлери үчүн жайлар, ага операторлор үчүн бөлмө кошулуп, айдоочуларды, жүргүнчүлөрдү жана алардын транспорт каражаттарын сервистик тейлөө имараттарында жайгаштырууга уруксат берилет.
Мында аталган жайлар негизги имараттын конструкциялык өрт коопсуздугу классына жана өрткө туруктуулуктун тиешелүү даражасындагы конструкциялар менен жасалышы керек, айдоочуларды, жүргүнчүлөрдү же алардын транспорттук каражаттарын сервистик тейлөө жайларынан биринчи типтеги өрткө каршы тосмолору менен жана үчүнчү типтеги жабуулар (перекрытие) менен бөлүнүп турууга тийиш.
Эгерде технологиялык тутумдун электр агрегаттарынын электр азыктандыруучу кабелдери атайын электр калкан бөлмөсүндө жайгашса, технологиялык тутумдун иштешин жана АМКСКтин электр азыктануусун токтон өчүрүүнү башкаруу, ошондой эле АМКСтин технологиялык операцияларына визуалдык контроль жүргүзүү камсыздалса, оператордун жумушчу ордун айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү сервистик тейлөө жайларында жайгаштырууга жол берилет.
6.14. Бир имаратта төмөндөгүлөрдү бириктирүүгө жол берилбейт:
А, Б жана В1 – В2 категориялардагы АМКСтин технологиялык тутумунун жабдыктары үчүн жайлар жана айдоочулардын транспорт каражаттарын жана жүргүнчүлөрдү сервистик тейлөө жайларын;
- транспорт каражаттарын сервистик тейлөө жайлары (суюк мотор отун/майы менен иштеген автоунааларды механизацияланган жууп-тазалоо жайларынан тышкары) айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү сервистик тейлөө жайларын;
- жалбырт этип күйүүчү жана күйүүчү суюктуктарды камтыган товарларды саткан дүкөндү жана коомдук тамактануу жайларын.
Эгерде аталган товарлар айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү сервистик тейлөө жайларынан биринчи типтеги өрткө каршы тосмолор менен тосулган кампа бөлмөсүндө гана жайгашса, дүкөндү коомдук тамактануу жайлары менен чогуу жайгаштырууга жол берилет.
6.15. Транспорт каражаттарын сервистик тейлөө имаратында техникалык тейлөөнүн үчтөн ашпаган постторун караштырууга жол берилет. Функционалдык өрт коопсуздугу ар түрдүү болгон жайлары биринчи типтеги өрткө каршы тосмолор менен бөлүнүшү керек.
Калк отурукташкан пункттарда жайгаштырылуучу АМКСтерди долбоорлоодо жеңил автоунааларды гана техникалык тейлөө постторуна жайларды караштырууга жол берилген.
6.16. АМКСтин имаратында от жана ширетүү иштерин жүргүзүү үчүн жайларды жайгаштырууга тыюу салынат.
6.17. В1 - В3 категориялардагы жайлар, ошондой эле жалбырт этип күйүүчү жана күйүүчү суюктуктарды сактоочу дүкөн кампаларын терезе үчүн тешиктери бар имараттын тышкы дубалдарынын жаныда жайгаштыруу керек.
Майлоочу майлар (иштелип бүткөндөр кошулуп) имараттын тышында жер алдында же биринчи типтеги өрткө каршы тосмолор менен коңшу жайлардан алыстатылган жана имараттан түздөн-түз сыртка өз алдынча чыгып кетүүчү жери бар атайын жайларда жайгаштырылган, 1 м3 ашпаган жалпы сыйымдуулуктагы ёмкосттордо сакталышы керек.
Эгерде майлоочу майларды кабыл алуу, сактоо жана берүү үчүн жабдыктар жана аны жайгаштыруу ушул курулуш ченемдеринде суюк мотор отун/майын сактоо үчүн АМКСтердин технологиялык тутумдарына коюлган талаптарына жооп берсе, аталган ёмкосттордун жалпы сыйымдуулугун көбөйтүүгө жана өз алдынча май куюучу жерлерде транспорт каражаттарына майкуюуга жол берилет.
6.18. Эгерде АМКСтин имараттарынын чыгуусу АЦ аянтчасынан, күйүүчү газдар жана/же суюктуктар айлантылган имараттан тышкары жер алдындагы жана жер үстүндөгү жабдыктар менен жайгаштырылган май куюучу жерлерден, майды сактоо резервуарларынан (идиштерден) 15 м кем эмес аралыкта жайгашса, анда жогоруда көрсөтүлгөн курулмалардан жана жабдыктардан 15 м ашпаган аралыкта же алардын карама-каршы тарабында жайгаштырылган кошумча эвакуациялык чыгуу каралышы керек.
6.19. Серелер күйбөй турган материалдардан жасалышы керек. Жеңил автоунаалар үчүн май куюучу жерлердин үстүнө 4 м кем эмес бийиктиктеги серелердин жабуусуна (убактылуу конструкциялардан тышкары) Г1 - Г2 күйүүчү топтогу материалдарды колдонууга жол берилет. АЦ үчүн аянтчалардын жана СКСГ жана СЖГ суюк мотор отун/майларын сактоо үчүн жер үстүндөгү резервуарлардын үстүнө серелерди орнотууга уруксат берилбейт.
6.20 Технологиялык тутумдар АМКСтин долбоору менен аныкталган аларга боло турган жүктүн таасиринде (транспорт каражаттарын жүргүзүү жана токтотуу учурунда, топуракты жылдырууда, дирилдөөдө) алардын бүтүндүгү жана ишке жөндөмдүүлүгү камсыдала тургандай түрдө даярдалышы жана/же жайгаштырылышы керек.
6.21. АМКСтин аймагында имараттарды, курулмаларды жана технологиялык жабдыктарды жайгаштырууну эске алып, АМКСтин аймагын мерчемдөөдө анын аймагында жана анын аймагынан тышкары аймакка отундун/майдын авариялык агып калуу мүмкүндүгү жокко чыгарылышы керек.
Суюк мотор отун/майын куйган АМКСтин аймагына киргенде жана чыкканда АМКСтин аймагынан тышкары отундун/майдын авариялык агуусун болтурбоочу жана мунай зат өнүмдөрү менен булганган атмосфералык жаан-чачындарды тазалоо курулмаларына буруучу 0,2м кем эмес бийиктиктеги жогорулатылган эӊкейиш тилкелерди же суу сарыктыргыч (дренаждык) лотокторду жасоо керек.
6.22. АМКСти мунай зат өнүмдөрү менен булганган атмосфералык жаан-чачындарды тазалоо үчүн курулмалары менен жабдууда, бул курулмалар төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
- бош мейкиндигине майдын буулары кире турган тазалоо курулмаларынын жабдыктары жер алдына жайгашуусу керек;
- толтургуч ёмкостторду (бар болсо) алар номиналдуу толууда АМКСтин операторуна дабыш жана түс менен белги берүүнү камсыздаган деңгээлдеги датчиктер менен жабдуу керек;
- толтургуч ёмкостторду мунай зат өнүмдөрүнөн бошотуу үчүн жабдыктар бул операцияны жабык ыкма менен аткарууну камсыдашы керек;
- ёмкосттордун деаэрация линиялары ушул курулуш ченемдеринде берилген майрезервуарларын деаэрациялоо линияларына коюлган талаптарга ылайык келиши керек;
- суюктук үчүн трубопроводдорду гидрожапкычтар менен жабдуу керек;
- мунай зат өнүмдөрү менен булганган атмосфералык жаан-чачындардын агымдарында орнотулган кум чыпкалоочу тазалагычтар үчүн люктардын капкактары кум тоскучтарды желдетүүнү камсыздаган торчо түрүндө аткарылышы керек.
6.23. Инженердик курулмалардын кудуктарынын конструкциясы (жаан канализациясынын кудуктарынын кабыл алуу түзүлүштөрүнөн тышкары) май авариялык аккан учурда аларга күйүүчү газдардын жана суюктуктардын, ошондой эле алардын дубалы жана капкагы аркылуу жер алдындагы суулардын кошулуусун болтурбашы керек.
6.24 АМКСтин аймагы же АМКСтеги өзүнчө аянттын (аянтчанын) аймагы тосулган учурда, ал күйбөй турган материалдардан жасалышы керек жана эркин желдөөгө тоскоолдук кылбашы зарыл.
6.25. АМКСтин аймагын гүлдөгөн маалында булалуу заттарды бөлүп чыгаруучу, кебездүү заттарды чыгарган же уругу самсаалаган бадалдар жана бактар менен жашылдандырууга жол берилбейт.
6.26 АМКСти өрт таралуусу мүмкүн болгон айыл чарба өсүмдүктөрүнө жакын жайгаштырган учурда, отургузулган өсүмдүктөр чектешкен чектерди бойлой, АМКСке жер үстүндө жалынды таратпоочу материалдардан жабуу каралыш керек же туурасы 5 м кем эмес казылган жер тилкеси болушу керек.
6.27 АМКСтин аймагында транспорт каражаттарынын кыймылы бир тараптуу болушу керек. АМКСтин аймагына кирүү жана андан чыгуу өзүнчө болушу керек.
6.28 АЦ үчүн өткөөлдөрдүн/жолдордун, май куюучу жерлердин жана аянтчалардын жабуусу МАСТ 17608 жана МАСТ 230009 ылайык мунай зат өнүмдөрүнө чыдамдуу материалдардан долбоорлонушу керек.
6.29 ОМТКлар жана таркатуучу колонкалар, блоктук жана контейнердик АМКСтердеги суюк мотор отун/майын сактоочу блоктор жана контейнерлер, көчмө АМКСтердин технологиялык тутумдары транспорт каражаттарынан жабыркап калуудан атайын каралган жабдыктар жана/же курулмалар менен корголушу керек.
6.30 АМКСте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-ж. 11-апрелдеги № 198 токтому менен бекитилген «Кооптуу жүктөрдү автоунаа менен ташуу эрежелери»; талаптарына жооп бербеген майды ташуу үчүн АЦны колдонууга, ошондой эле ГОСТ Р 50913 жана Бажы Биримдигинин 018/2011, п. 7.1.10 Техникалык регламентинин талаптарына жооп бербеген суюк мотор майын ташуу үчүн АЦны колдонууга уруксат берилбейт.
Мында көрсөтүлгөн СКСГ жана СЖГнын цистернадан куюп-агызуучу коммуникациялар боюнча авариялык чыгуусун автоматтуу түрдө алдын алуучу түзүлүштөр, алардын ичинде ушул коммуникациялардын герметикалуулугу авариялык түрдө бузулганда, аныкталган аталган түзүлүштөрдүн бузулушуна алып келген жалындын таасиринен жана механикалык жабыркоолордон коргоо бөлүгүндөгү талаптарга жооп берүүсү керек.
АМКСте СКСГ жана СЖГны ташуу үчүн транспорттук ёмкосторунун (идиштердин) саны бирден көп болгон АЦларды пайдаланууга жол берилбейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-ж. 6-апрелиндеги №189 “Корголуучу зоналарды аныктоо тартиби” токтомунун 16 п. ылайык темир жол бутагынын тилкесинде АМКСти жайгаштырууга уруксат берилбейт.
6.31 Транспорт каражаттарынын транспорт каражаттары үчүн аянтта жайгашуусу алардын аянттан эркин чыгуусуна тоскоолдук кылбашы керек.
6.32. Аварияга каршы коргоо тутумун электр менен камсыздоо ылайык ишенимдүүлүктүн биринчи категориясына туура келиши керек. Чагылгандан коргоо тутумун, жердетүүнү монтаждоо жана статикалык электр тогунан коргоону АМКСтин технологиялык тутумдарын аракетке келтирүү-оӊдоо сыноолорун баштаганга чейин өткөрүү керек.
6.33 АМКСте электрпередачаларынын аба чубалгыларын орнотууга уруксат берилбейт.
6.34 АМКС телефон же радио байланышы менен, ошондой эле катуу сүйлөөчү байланыш тутуму менен жабдылышы керек.
6.35 Өрттү өчүрүү максатында АМКСте төмөндөгүлөр каралышы керек:
- өрттү өчүрүүнүн баштапкы каражаттары;
- өрттү өчүрүүнүн стационардык орнотмолору (анын ичинде автоматтык);
- тышкы өрткө каршы суу өткөргүчү же көлмөсү (резервуар).
6.36 Өрттү өчүрүүнүн баштапкы каражаттарынын тибин, керектүү санын жана алардын жайгашуусун өрт коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актылары менен белгиленген ылайык тандоо керек.
6.37 АМКСте тышкы өрт өчүрүү экиден кем эмес өрт гидранттарынан же АМКСтен 200 м алыс эмес аралыкта жайгашкан өрткө каршы көлмөсүнөн (резервуар) жүргүзүлүшү керек.
Көп майлуу АМКСтин өз алдынча тилкеси катары жасалган АОМККС үчүн өрткө каршы көлмөсүнүн (резервуарларынын), СЖГ сактоо резервуарларынын жана СЖГ АЦнын транспорт ёмкостторунун (идиштери), ошондой эле суюк мотор майАМКСтин жана АГТКСтин жалпы сыйымдуулугу эсеп менен аныкталышы керек, бирок 100 м3 кем эмес сыйымдуулукту түзүүгө тийиш.
Аталган АМКСтердин тышкы өрт өчүрүүгө сууну сарптоо имараттардын өртүн өчүрүүгө суу чыгымынын максималдуу көрсөткүчүн жана жер үстүндөгү (жердеги) резервуарларды (идиштерди), анын ичинде АЦны муздатууга суунун жалпы чыгымын өзүнө камтыган суунун суммардык чыгымы катары эсеп менен аныкталат. АМКС имараттарынын өртүн өчүрүүгө сууну сарптоо өрт коопсуздугу боюнча башка ченемдик документтерге ылайык аныкталат (айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү сервистик тейлөө имараттары үчүн, ошондой эле коомдук имараттар, өндүрүштүк имараттар үчүн транспорт каражаттарын сервистик тейлөө имараттары үчүн АМКСтин кызматкерлери үчүн имараттар).
Жер алдындагы резервуарларды (идиштерди) муздатууга суунун жалпы сарпталуусун секундасына 15 литрден кем эмес кабыл алуу керек.
6.38 Калк отурукташкан пункттардан тышкары жайгашкан суюк мотор май АГТКСти же АМКСти өрткө каршы тышкы суу менен камсыздоо жалпы сыйымдуулугу 3 м3 кем эмес өрткө каршы көлмөлөрдөн караштырууга (резервуарлардан) төмөнкү учурларда жол берилет:
- эгерде сервистик тейлөө жайлары жок болсо, жер алдындагы отун сактоочу резервуарлары бар суюк мотор майАГТКСте жана АМКСте;
- жалпы сыйымдуулугу 40 м3 ашпаган майды сактоочу жер үстүндөгү эки дубалдуу резервуарлары бар суюк мотор майАМКСте;
Өрткө каршы көлмөлөрү (резервуарлар) АМКСтен 200 м алыс эмес аралыкта жайгашуусу керек.
Мындай АМКСте стационардык же көчмө өрт өчүргүчтөрүн караштыруу керек, алардын тиби жана саны жүк ташуучу транспорт каражаттары үчүн май куюучу жерлер, ошондой эле АМКС аймагынан тышкары жүргүнчүлөрдү түшүрүү аянты (мындай АМКС аймагында жүргүнчүлөрдүн болушуна жол берилбейт) бар АМКСке коюлган талаптарына ылайык аныкталат.
6.39. В4 жана Д категориялардагы жайлардан, АМКСтин кызматкерлери үчүн механизацияланган жуучу жерлерден жана адамдар күнү-түнү болгон жайлардан тышкары, АМКСтин бардык жайлары, автоматтык өрт сигнализация орнотмолору менен менен жабдылышы керек.
Аянты 20 м2 ашпаган өрт коопсуздугу боюнча В1 жана В2 категорияларындагы жайлар (КГ, ЖКС жана КС бар болгондо техникалык тейлөө постторунун жайлары жана кампа жайлары – аянтына карабастан), ошондой эле АМКСтин технологиялык тутумуна кирген СКСГ, КЖГ жана/же СЖГ жабдыктары жайгаштырылган көп майлуу АМКС, АОМККС, АГКС же АГТКС жайлары автоматтык өрт өчүрүүчү орнотмолор менен жабдылышы керек.
Эгерде ушул жайларда жайгашкан жана КЖГ же СЖГ, ошондой эле СКСГа тиешеси жок салыштырмалуу өрт жүгү 180 МДж.м-2 жогору болбосо, газ сыяктуу майайланган жабдыктары бар көрсөтүлгөн жайларды автоматтык өрт өчүрүүчү орнотмолор менен жабдыбай койсо болот.
Эгерде дүкөндөгү өрт жүгүн жайгаштыруу саны жана ыкмасы өрт коопсуздугу боюнча В1 жана В 2 категориясындагы жайларда өрт жүгүн жайгаштыруу санына жана ыкмасына ылайык келе турган болсо, ЖКС жана КС сатуу боюнча дүкөндүн соода залы автоматтык өрт өчүрүүчү орнотмолор менен жабдылышы керек.
6.40 Өрт болгон учурда майдын келүүсүн токтотууну, ашыкча басымды түшүрүүнү жана жабдыкты өчүрүүнү камсыздоочу жабдыктарга кабелдик линиялар жана электр өткөрмөсү алардын функцияларын аткаруу үчүн керек болгон убакыт аралыгында өрт шартында ишке жөндөмдүүлүгүн сактоого тийиш.
Өрт болгон шартта аталган кабелдик линиялардын жана электр өткөргүчтөрүнүн ишке жөндөмдүүлүгү МАСТ 31565 талаптарына ылайык кабелдерди жана өткөрмөлөрдү аткаруу түрүн тандоо менен жана аларды төшөө ыкмаларына ылайык камсыздалат.
АМКСтен имаратка, курулмаларга жана ага тиешеси жок башка объекттерге чейинки минималдуу аралык
7.1 Калк отурукташкан пункттардын аймагынан тышкары жайгаштырылган суюк мотор май куюучу АМКСтен аларга кирбеген объекттерге чейинки минималдуу аралык 2-таблицага ылайык колдонулат.
2 - т а б л и ц а
Аларга чейин аралык аныктала турган объекттердин аталышы м | Жер алдындагы резервуарлар менен АМКСтин аралыгы, м | Жер үстүндөгү резервуарлар менен АМКСтин аралыгы, м | |
Жалпы сыйымдуулугу 20 м3 | Жалпы сыйымдуулугу 20 м3 ашпаган | ||
1 Өндүрүш, кампа жана администрациялык-тиричилик имараттары жана өнөр-жай уюмдарынын курулмалары (10-жана 12-саптарда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары) | 15 | 25 | 25 |
2-таблицасынын уландысы
Аларга чейин аралык аныктала турган объекттердин аталышы м | Жер алдындагы резервуарлар менен АМКСтин аралыгы, м | Жер үстүндөгү резервуарлар менен АМКСтин аралыгы, м | |
Жалпы сыйымдуулугу 20 м3 | Жалпы сыйымдуулугу 20 м3 ашпаган | ||
2 Токой көчөттөрү бар токойчулук (токой парктары): Ийне жалбырактуу жана аралаш түрлөрдөн Жалбырактуу түрлөрү |
25 10 |
40 15 |
30 12 |
3 Функционалдык өрт коопсуздугу Ф1-Ф 4 класстарынын имараттары жана курулмалары(1-сапта көрсөтүлгөндөрдөн тышкары) | 25 | 50 | 40 |
4 Адамдар массалык түрдө топтолгон жерлер | 25 | 50 | 50 |
5 Жеке гараждар жана автоунаалар үчүн ачык токтотмолор | 18 | 30 | 20 |
6 Соода күркөлөрү ( киосктору) | 20 | 25 | 25 |
7 Жалпы тармактагы автоунаа жолдору (өткөөл бөлүгүнүн чети): |
|
|
|
I, II жана III категориядагы | 12 | 20 | 15 |
IV жана V категориядагы | 9 | 12 | 9 |
Электрлештирилген шаардык транспорт каттамдары (байланыш тармагына чейин) | 15 | 20 | 20 |
8 Жалпы тармактагы темир жолдор (кырдалган топурактын таманына же оюктун кашына чейин):) | 25 | 30 | 30 |
9 Тазалоо канализациялык курулмалар жана АМКСке тиешеси жок сордургуч станциялары | 15 | 30 | 25 |
10 АН, БН, ГН категорияларынын технологиялык орнотмолору, МАСТ 12.1.007 боюнча I жана II класстагы кооптуулуктагы радиоактивдүү жана зыяндуу заттары бар имарат жана курулмалар | 100 | 100 | 100 |
2-таблицасынын аягы
Аларга чейин аралык аныктала турган объекттердин аталышы м | Жер алдындагы резервуарлар менен АМКСтин аралыгы, м | Жер үстүндөгү резервуарлар менен АМКСтин аралыгы, м | |
Жалпы сыйымдуулугу 20 м3 | Жалпы сыйымдуулугу 20 м3 ашпаган | ||
11 Электрөткөргүч чубалгылары, электр чордонунун чубалгылары, (анын ичинде трансформатордук чордон) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-ж. 11-апрелде № 198 токтому менен бекитилген «Кооптуу жүктөрдү автоунаа менен ташуу эрежелери» ылайык | ||
12 Жыгач материалдар кампалары (имараттан тышкары), чым, булалуу күйүүчү заттар, саман, куурай, ошондой эле чымдын ачык калган тилкелери | 20 | 40 | 30 |
Э с к е р т ү ү Жер үстүндөгү резервуарлары бар АМКСтен, ошондой эле жер алдындагы резервуарлардан аралыкты ушул курулуш ченемдеринин 1-таблицасында көрсөтүлгөн С0 же С1 классындагы отко чыдамдуулуктун I жана II даражасындагы турак жана коомдук имараттардын дубалына чейин бир дубалдуу жабуулары (перекрытиелери) бар жер үстүндөгү резервуарлардан тарткан аралыктан тышкары 25% ашырбай кыскартууга (терезелерге жана эшиктерге чейинки аралыктан тышкары) жол берилет. Ушул курулуш ченемдеринин 1-таблицасында көрсөтүлгөн технологиялык жабдуулардын ичинде буу аба аралашмасынын тутануусун жана/же күйүүсүн болтурбаган, флегматизация тутуму жана башка тутумдар менен АМКСтин технологиялык тутумун жабдууда аралыкты 25% ашырбай азайтууга жол берилет (3, 4, 10, 11-саптарда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары). АМКСтен токойчулуктун (токойлордун) аралаш породаларынын (ийне жалбырактуу жана жалбырактуу) токой көчөттөрүнүн чектерине чейинки аралыкты эки эсеге азайтууга жол берилет. Мында отургузулган өсүмдүктөр чектешкен чектерди бойлой АМКСке жер үстүндө жалынды таратпоочу материалдардан жабуу каралыш керек же туурасы 5 м кем эмес казылган жер тилкеси болушу керек. | |||
7.2. Жер алдындагы резервуарлары бар суюк мотор майАМКСтин аймагында жайгашкан имараттар жана курулмалар ортосундагы минималдуу аралык 3-таблицага ылайык кабыл алынат.
3 – т а б л и ц а
АМКСтин имараттарынын жана курулмаларынын аталышы | Таблицанын аталышында жазылган иретте берилген тиешелүү имараттар, курулмалар жана жабдуулардын ортосундагы минималдуу аралык, м | |||||||||
1 | 2 | 3 | 4(а) | 4 (б) | 5 (а) | 5 (б) | 6 | 7 | 8 | |
Отун/майды сактоо үчүн жер алдындагы резервуарлар | - | 4 | 4 | - | 3/9 | 9 | 9/15 | 15 | - | 6 |
2 Отун/майды таркатуучу колонкалар | 4 | - | - | - | - | 6/9 | 9 | 12/15 | 15 | 4 |
3 АЦ үчүн аянтча | - | - | - | - | - | 6/9 | 9 | 12/15 | 15 | - |
4 АМКСтин кызматкерлери жана транспорт каражаттарын сервистик тейлөө үчүн имарат: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
а) I, II жана III даражадагы С0же С1классындагы отко чыдамдуу |
3/9 |
6/9 |
6/9 |
6/9 |
6/9 |
6 |
9 |
9 |
9 |
3/9 |
5 Айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү сервистик тейлөө имараты: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
а) I, II жана III даражадагы С0же С1классындагы отко чыдамдуу |
9/15 |
12/15 |
12/15 |
12/15 |
12/15 |
9 |
9 |
6 |
9 |
9/15 |
б) С0 классындагы IV даражадагы отко чыдамдуу | 15 | 15 | 15 | 15 | 15 | 9 | 12 | 9 | 12 | 12/15 |
6 Мунай зат өнүмдөрү менен булганган атмосфералык жаан-чачындар үчүн тазалоо курулмалары | - | 4 | 4 | 4 | 4 | 3/9 | 6/9 | 9/15 | 12/15 | - |
7 Транспорт каражаттарынын токтотмосу үчүн аянт | 6 | 9 | 9 | 9 | 9 | -/9 | 6/9 | -/9 | 6/9 | 6 |
8. Дизель майы менен иштеген откананын имараты | 9 | 9 | 9 | 12 | 12 | 6 | 9 | 9 | 12 | 9 |
Э с к е р т ү ү Аралык: алымда – имараттардын дубалына чейин, бөлүүчүдө– имараттардын дубалдарынан өтүү жерине чейин көрсөтүлгөн. "-" деп белгиленген аралыктар ченемдештирилбейт жана эгерде башкасы ушул курулуш ченемдеринде эскертилбеген болсо, конструкциялык өзгөчөлүктөргө жараша кабыл алынат. Блоктук АМКСти долбоорлоодо майды сактоо үчүн резервуарлар жана ОМТК ортосундагы аралык ченемдештирилбейт. | ||||||||||
3-таблицасынын аягы
3 Долбоордук тапшырмасында АЦ резервуарларды майменен толтуруу учурунда токтобой эксплуатациялануусу каралган АМКСтер үчүн АЦ үчүн аянтчалардан ОМТКларга чейинки аралык 8м кем эмес кабыл алынышы керек, транспорт каражаттары үчүн токтотмо аянтчасына чейинки аралык 18м кем эмес, ал эми АМКСтин имараттарына жана курулмаларына чейинки аралыкты 30%га чейин көбөйтүү керек. 4 Аралык ченемдештирилбейт: а) транспорт каражаттарын сервистик тейлөө имараттарынын ортосундагы аралык, эгерде башка имаратка карап турган кеӊдүүрөөк имараттын дубалы өрткө каршы болуп эсептелсе; б) АМКСтин кызматкерлери үчүн имараттардын ортосундагы аралык, эгерде АМКСтин кызматкерлери үчүн имараттарда айдоочуларды, жүргүнчүлөрдү жана алардын транспорт каражаттарын сервистик тейлөө жайлары жок болсо. 5 Транспорт караажттарын токтотуу үчүн аянттын өлчөмү анда бир убакытта транспорт каражаттарынын 10 бирдигинен көп болбошун камсыздашы керек. 7-сапта жеңил жана мототранспорт токтотмосуна чейинки аралык келтирилген. Башка транспорт каражаттарынын токтотмосун уюштурууда С0 же С1 классындагы I жана II даражадагы отко чыдамдуу имараттардын тешиктери жок дубалдарына чейинки аралык 9 м кем эмес болушу керек, ал эми калган аралыкты 50% га көбөйтүү керек. 6 Трансформатордук чордондон АМКСтин имараттарына жана курулмаларына чейинки аралык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-ж. 11-апрелде № 198 токтому менен бекитилген «Кооптуу жүктөрдү автоунаа менен ташуу эрежелери» ылайык кабыл алынат. 7 Башка милдеттеги имаратка кошо курулган дизель отун/майы менен иштөөчү отканасынан калган имараттарга, ошондой эле АМКСтин курулмаларына жана жабдыктарына чейинки аралык ушул курулуш ченемдеринин аталган откананын өзүнчө турган имаратынан 2-таблица боюнча аныкталат. |
Жер үстүндөгү резервуарлар менен суюк мотор майАМКСтин имараттарынын жана курулмаларынын ортосундагы минималдуу аралык ушул курулуш ченемдеринин 4-таблицасына ылайык кабыл алынат.
Майды сактоочу контейнерлер үчүн пайдубалдар резервуарлардын алдына отундун/майдын топтолушун болтурбашы керек. Пайдубалдын бийиктиги ага жанаша жаткан аянтка карата 0,2 м кем эмес болушу керек, анын мерчемдеги өлчөмү отун/майды сактоочу контейнердин өлчөмүнөн бардык тарапка 0,5 м кем эмес ашып турушу керек, ал эми пайдубалдын жогорку жагы резервуарлардан пайдубалдын четине карай эки градустан кем эмес эңкейип турууга тийиш.
4 – т а б л и ц а
АМКСтин имараттарынын жана курулмаларынын аталышы | Таблицанын аталышында жазылган иретте берилген тиешелүү имараттар, курулмалар жана жабдуулардын ортосундагы минималдуу аралык, м | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |
1 Май сактоочу контейнерлер | - | 8 | - | 9 | - |
2 Май таркатуучу колонкалар | 8 | - | 8 | 9 | 4 |
2-таблицасынын аягы
АМКСтин имараттарынын жана курулмаларынын аталышы | Таблицанын аталышында жазылган иретте берилген тиешелүү имараттар, курулмалар жана жабдуулардын ортосундагы минималдуу аралык, м | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |
3 АЦ үчүн аянтча | - | 8 | - | 9 | - |
4 АМКСтин кызматкерлери үчүн имараттар | 9 | 9 | 9 | - | 9 |
5 Мунай зат өнүмдөрү менен булганган атмосфералык жаан-чачындар үчүн тазалоо курулмалары | - | 4 | - | 9 | - |
Э с к е р т ү ү л ө р 1 «-» деп берилген аралык, ошондой эле ОМТКдан майсактоочу контейнерлерге жана контейнердик АМКСтин АЦ үчүн аянтчасына чейинки аралык ченемдештирилбейт жана ушул курулуш ченемдеринде башкасы каралбаган болсо, конструкциялык өзгөчөлүктөргө жараша кабыл алынат. 2 Технологиялык отсектери бири бирине карама-каршы жайгашкан майсактоочу контейнерлердин ортосундагы аралык 4 м кем эмес кабыл алынышы керек. 3 Айдоочуларды, жүргүнчүлөрдү жана транспорт каражаттарын сервистик тейлөө имараттарына чейинки аралык АМКСке тиешеси жок имараттарга чейинки аралыктай кабыл алынат. | |||||
Майсактоочу контейнерлердин технологиялык отсектерин жана алардын тосуучу конструкцияларын колдонгон учурда бул конструкциялар аянтына текши жайгашкан жылчыкчалары бар желдетилип туруучу тосулуштар түрүндө жасалышы керек керек. Тосмонун толук аянтына жылчыктын аянтынын катышы 50% кем болбошу керек.
Төмөндөгү талаптардын бирин аткаруу шартында тосмонун аянтына жылчыктын аянтынын катышы 50% кем болбогон тосмо конструкцияларды колдонууга уруксат берилет:
а) майсактоочу контейнерлерди авариялык желдетүү менен жабдуу;
б) контейнерлердин тосмо конструкцияларынын чегинен тышкары метроштоктор үчүн патрублкалардын оозун чыгаруу жана алардын трубалар аралык мейкиндигинин герметикалуулугуна үзгүлтүксүз автоматтык контролдоону камсыздоочу эки дубалдуу трубопроводдорду ушул конструкциялар пайда кылган майжана/же алардын буусу үчүн ички мейкиндигинде пайдалануу.
7.6 Ушул курулуш ченемдеринин 7.5. пунктунун «а» пунктчасынын талаптарына ылайык каралган майсактоочу контейнердин авариялык желдетүүсү төмөндөгү талаптарга жооп бериши керек:
кое берүү (запуск) кол режиминде жүргүзүлүшү керек жана майсактоочу контейнердин тосмо конструкциялары пайда кылган ички мейкинде ӨТТКЧден 10%га барабар болгон майдын буусунун концентрациясы жогорулаган учурда автоматтык режимде аткарылышы керек. Аталган мейкиндикте жарылууга кооптуу концентрацияларга чейинки белги берүүчү датчиктерин жайгаштыруу трубопроводдордон жана аларга орнотулган жабдуулардан майдын же анын бууларынын чыгуусун табууну камсыдашы керек;
аба алмашуунун бир санга калдыксыз бөлүнүүчүлүгү (кратность) ӨТТКЧден 20%га барабар болгон майдын бууларынын орто өлчөмдүү концентрациясынын (авариянын эсептик вариантын тандоо өрт коопсуздугу жаатындагы башка ченемдик документтердин талаптарына жана ченемдик укуктук акттарга ылайык жүргүзүлөт) авариялык кырдаалда жогорулабашын камсыздашы керек;
майсактоочу контейнерде өрт болгон учурда желдетүүнүн автоматтык түрдө өчүрүлүшү камсыздалышы керек;
желдетүү тутумун электр менен камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-ж. 11-апрелде № 198 токтому менен бекитилген «Кооптуу жүктөрдү автоунаа менен ташуу эрежелери» ылайык ишенимдүүлүктүн биринчи категориясы боюнча камсыдалышы керек.
Майсактоочу контейнерлердин технологиялык отсектерин резервуарлардан биринчи типтеги өрткө каршы тосмолор менен бөлүү керек. Майсактоочу контейнерлердин күн нурунун түз таасиринен корголбогон сыртынын үстүнкү жагы рефлектордук жабдуулар менен корголушу керек.
Майсактоочу контейнерлердин резервуарларынын же тосуучу конструкцияларынын (алар бар болсо) капталынын үстүнкү бетинде жарыкты кайтаруучу кызыл түстөгү боек менен аткарылган “Өрткө кооптуу” деген жазуусу бар 38 ден 42 см ге чейинки кенендиктеги сары түстөгү сызык, ошондой эле сакталган отундун/майдын (бензин же дизель отуну/ майы) түрүн көрсөткөн жазуу болушу керек.
АМКСте транспорт каражатынын майбагы номиналдык толгон кезде майды берүүнү автоматтык түрдө бөгөттөөнү камсыздаган ОМТК колдонулушу керек.
Отун/майды таркатуучу колонкалар колонкалар жабыркан учурда май куюучу шлангдардан жана ага жеткирген трубопроводдордон отундун/майдын чыгуусун болтурбоочу жабдыктар менен камсыздалышы керек.
7.9. АМКСтин технологиялык тутумуна тиешелүү документтердин талаптарын сактоодо майжана анын буулары үчүн резервуарлар жана трубопроводдор герметикалуулукту 10 жылдан кем эмес мезгилге чейин сакташы керек.
7.10. Майсактоочу резервуарлар алардын герметикалуулугун контролдоо тутуму менен жабдылышы керек.
Аталган тутумдардын үлгүлөрү ушул курулуш ченемдеринин А тиркемесинде келтирилген.
7.11. Майсактоочу жер алдындагы бир дубалдуу резервуарлар мунай зат өнүмдөрүнүн жана курчап турган чөйрөнүн таасирине жана эксплуатациялоо мезгилинин ичинде туруктуулугун сактаган материалдардан жасалган, ошондой эле кабыкчалардын жана резервуарлардын дубалдары пайда кылган ички мейкиндигинен отундун/майдын грунтка агып кетүүсү мүмкүн болгон учурларды жокко чыгарган кабыкчалардын ичинде орнотулушу керек.
Аталган дубалдар ортосундагы бош мейкиндик өзүнө майды сиңирип алууга жөндөмдүү, күйбөй турган материалдан толтурулушу (ныкталышы) керек.
7.12. Майсактоочу эки дубалдуу резервуарды колдонгондо анын дубал арасындагы боштугунда (ички дубалдын герметикалуулугу бузулгандыгын натыйжасында) аба менен отундун/майдын бууларынын жарылууга кооптуу аралашмасынын пайда болуу мүмкүнчүлүгүн болтурбоого багытталган конструкциялык иш-чаралар каралышы керек. Резервуардын дубал арасындагы мейкиндик күйүүчү суюктук менен толуп калган учурда анын жарылуу температурасы 100 °C төмөн болбошу керек.
Эки дубалдуу резервуардын герметикалуулугу бузулгандыгы туурасында АМКСтин кызматкерлерине автоматтык түрдө белги (дабыштык жана жарык менен) берүүнү камсыздаган жана резервуардын толуусун автоматтык түрдө токтоткон резервуардын дубал аралык мейкиндигинин герметикалуулугун бириктирилген же үзгүлтүксүз контролдоо тутуму менен жабдуу керек.
Салттуу АМКСтердин эки дубалдуу резервуарлары үчүн ушул АМКСтин технологиялык тутумуна тиешелүү документтердин талаптарына ылайык алардын герметикалуулугуна мезгилдүү контрол жүргүзүүгө жол берилет.
7.13. Көп камералуу резервуардын ар бир камерасы үчүн ушул курулуш ченемдеринде бир камералуу резервуарларга каралган талаптар аткарылышы керек. Бир резервуардын ар түрдүү камераларында бензинди жана дизель отунду/ майды бир убакта сактоого эки дубалдуу резервуарларда гана жол берилет, анда бензин жана дизель отуну/ майы үчүн камералар эки тосмо менен бөлүнгөн жана эки тосмо аралык мейкиндиктин герметикалуулугуна контроль камсыздалган.
7.14. Майсактоочу резервуарларга трубопроводдорду киргизүү аларды майменен толтуруунун номиналдык деңгээлинен жогору жайгашкан жерлерде гана жүргүзүлөт. Люктарды, штуцерлерди, патрубкаларды ж.б. көрсөтүлгөн деңгээлден төмөн жайгаштырууга жол берилбейт. АМКС иштеп турган учурда резервуарларды майменен толтурганда отундун/майдын чубуруп агуусунун пайда болушун жокко чыгарууну камсыздоо керек.
7.15. Резервуардын деаэрация линиясынын трубопроводдору жылдын ар кандай мезгилинде ишке жөндөмдүүлүгүн сактаган өрткө бөгөт тосмолор менен же өрткө бөгөт тосмолор кошо орнотулган желдетилүүчү клапандар менен жабдылышы керек.
АМКСтин өткөөлдөрүнөн 5 м кем эмес (горизонталы боюнча) аралыкта деаэрация линиясынын трубопроводдорун жайгаштырганда жанаша жаткан аянтка карата анын үстүнкү кесилген жеринин жайгашуу бийиктиги 2,5 м. кем болбошу керек. Эгерде бул аралык (горизонталы боюнча) 5 м кем болсо, анда Нтр, м, транспорт каражаттары үчүн ага өтүүчү жерлерге жанаша жаткан аймактын деңгээлинен аныкталган деаэрация линиясынын трубопроводдорунан отундун/майдын буусунун талап кылынган чыгуу бийиктигин төмөнкү формула боюнча эсептешет:
, (1)
мында - АМКСте майкуюу үчүн жол берилген транспорт каражатынын максималдуу бийиктиги (м), бирок 2 м кем эмес болот;
D –деаэрация линиясынын трубопроводдорунун ички диаметри, м.
Резервуардын деаэрация линиясынын трубопроводдорунда желдетилип туруучу клапандары же өрткө бөгөт тосмолорунун алдында, ошондой эле эксплуатациялоо учурунда анын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн контролдоо жабдыктарынын алдында кулптоочу арматураны орнотуу сунушталат.
7.16. Деаэрация линиясын жабдуу эксплуатациялоо учурунда анын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн контролдоо мүмкүнчүлүгүн камсыздашы керек.
7.17. Резервуарларды (камераларды) деаэрациянын өзүнчө тутумдары менен жабдуу сунушталат. Бул тутумдун трубопроводдорун резервуарларга (камераларга) кошуу түйүндөрүндө өрткө бөгөт тосмолору орнотулган шартта, отундун/майдын бирдей түрү бар резервуарлар (камералар) үчүн газды теңдөөчү жалпы тутумду колдонууга жол берилет.
Бензин жана дизель майбар резервуарлардын (камералар) ортосунда газды жалпы теңдөө тутумун орнотууга жол берилбейт.
7.18. Майсактоочу резервуарлар резервуар 90%га толгон учурда АМКСтин кызматкерлерине автоматттык түрдө (жарык же дабыш менен) белги берип, алардын толуп кетүүсүн болтурбоочу, ал эми 95%га толгондо – резервуарга отундун/майдын куюлушун автоматтык түрдө токтоткон тутум менен жабдылыш керек. Эгерде технологиялык тутумда резервуарды майменен толтурууну токтотуу автоматтык режимде гана каралса, анда резервуар 95%га толтурулганда аталган сигналиациянын ордуна резервуарды толтурууну автоматтык түрдө токтотуу жөнүндө сигнализация каралышына жол берилет.
7.19. Эгерде резервуарлардын толуп кетүүсүн болтурбоочу, резервуарлардын дубалдар аралыгындагы мейкиндиктин жана трубопроводдордун герметикалуулугун үзгүлтүксүз контролдоо, отундун/майдын же анын бууларынын чыгуусун табуу жана берүүнү токтотуу, ошондой эле деаэрация линияларынын же рециркуляциянын өткөрүү мүмкүндүктөрүн контролдоо автоматттык тутумунун иштебей калышы мүмкүндүгү бир жылга миӊге бирден жогору болсо, анда тутумдун функционалдык милдетин камсыздаган, оӊ болушун өзүн өзү контролдогон, ОМТКларды автоматтык түрдө өчүрүүнү камсыздаган жана аталган тутумдар иштебей калган учурда резервуарлардын мүмкүн болгон толтурулушун жокко чыгарган ушул элементтерди кайталоо (дублирование) каралышы керек.
7.20 Технологиялык тутумдун конструкциясында АМКСтин өзүндө майжабдыгынын герметикалуулугуна өрт коопсуздугу боюнча мегилдүү сыноолорду өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралышы керек. Аталган сыноолордун мезгилдүүлүгүнө талаптар АМКСтин технологиялык тутумуна болгон документтерде келтирилиши керек.
7.21. Майжана анын буулары үчүн бир дубалдуу трубопроводдору жер алдындагы лотоктордо же анын чегинен тышкары майдын суюк фазасынын өтүп кетүсүн ( чыгып кетүүлөр мүмкүн болгондо)болтурбаган технологиялык шахтыларда (кудуктарда) тереңдетилип жайгаштыруу керек. Лотокторду күйбөй турган материал менен толтуруу (толуктоо) керек.
7.22. Ички жана тышкы трубопроводдору өзүнчө герметизациялоону камсыздаган кошуучу-ажыратуучу туташтыргычтары (бар болсо) менен эки дубалдуу трубопроводдору (түтүк ичиндеги түтүк) колдонууда лотокту жайгаштырууну караштырбоого жол берилет. Мында 10% көлөмдөн ашпаган кычкылтектин концентрациясына жеткенге чейин азот менен түтүк арасындагы боштуктагы абаны алмаштырууну камсыздоо керек.
7.23. Жер үстүндөгү же резервуарлардын жана технологиялык кудуктардын шахтасындагы бош мейкиндикте жайгашкан майжана анын буулары үчүн бардык трубопроводдор төмөндөгү талаптарды канаттандырышы керек:
- алар металлдан даярдалышы керек;
- фланцларды туташтыруу «шип-паз» принциби боюнча жүргүзүлүшү керек (мында бир элементтин фигуралуу урчугу (тикени) формасы боюнча ага ылайык келген экинчи элементтин тешигине (пазга) киргизилип, деталдар бириктирилет);
- трубопроводдору туташтыруу АМКСтин технологиялык тутумуна тиешелүү документтердеги талаптар менен жөнгө салынган эксплуатациялоо шартында жана убагында алардын ишенимдүүлүгүн камсыздашы керек;
- туташтыруу алардын өз алдынча ажыроосун болтурбоо үчүн жабдыктар менен жабдылышы керек.
7.24. Резервуарларды АЦдан майменен толтуруу жер алдына жайгаштырылган куюу трубопровод аркылуу жана резервуарды толтуруу линиясы боюнча өрттү таркатууга тоскоолдук кылган жабдыкты пайдалануу менен жүргүзүлүшү керек.
7.25. АЦнын сордуруучу-оргутуучу жеӊин бириктирүүчү түзүлүш менен куюу трубопроводунун ортосунда кулптоочу арматура орнотулушу керек.
АЦнын сордуруучу-оргутуучу жеӊи менен туташтырууда өзү жабыла турган жабдыктар колдонгон учурда бул арматураны орнотпоого жол берилет.
Куюу трубопроводунда орнотулган жабдыктарды (туташтыруу жабдыктары, кулптоочу арматура, өрткө бөгөт тосмолору , чыпкалар, чыгым эсептегичтер ж.б.) транспорт каражаттары уруп кетүүнүн натыйжасында бузулуудан сактоо боюнча чараларды камсыздап, АЦ үчүн аянтчанын жанында жайгашкан кудукта же оюкта же аянтчанын өзүндө жайгаштыруу керек.
Оюктун (кудуктун) дубалдары күйбөс материалдардан жасалып, АМКСтин жер үстүндөгү технологиялык жабдыктарынан, ошондой эле жер алдындагы технологиялык шахталардан 2м кем эмес аралыкта жайгаштырылыш керек. Кудуктун бош мейкиндигин күйбөс материалдар менен толтурган шартта кудукту Г1- Г2 күйгүчтүк тобундагы материалдардан даярдоого жол берилет.
7.26. Технологиялык тутумдун конструкциясында отундун/майдын буусунун резевуардан АЦга рециркуляциялоо линиясынын тутуму бар болгон учурда, аталган линия төмөндөгү талаптарды канааттандырышы керек:
- анын АЦга жана резервуарга кошулуучу түйүндөрүнүн алдындагы рециркуляция линияларында өрткө бөгөт тосмолору орнотулуш керек. АЦга кошулуучу түйүндөрүнүн рециркуляция линияларынын конструкциясы ажыроодо ушул линиялардын автоматтык түрдө жабылышын камсыздашы керек;
- рециркуляциялоо линиясы резервуардагы басым АЦдагы отундун/майдын (өзү агып кеткен учурда) жирөө түркүгүнө туура келген учурга жеткеде, же сордургучтун резервуарга АЦдан майды куюу жирөөсүнө жеткенде ачылуучу кайтма клапан менен жабдылууга тийиш. Кайтма клапандар аталган сордургуч токтон өчүрүлгөндө же трубопроводдор тосулганда герметикалуу жабылышы керек;
- эгерде отундун/майдын бууларын рециркуляциялоо резервуарды деаэрациялоо линиясынын трубопроводдору тосулганда жүргүзүлсө, анда технологиялык тутум анын буу мейкиндигиинде басымга автоматтык түрдө үзгүлтүксүз контролдоо тутуму менен жабдылышы керек. Резервуарды деаэрациялоо линиясынын трубопроводунда рециркуляциялоо линиясынын кайтма клапаны иштеп кетүүчү басымы жогору болгон иштеп кетүүчү басымдуу желдетүүчү клапанды пайдаланууда (рециркуляция деаэрация трубопроводун тосуусуз ишке ашат) аталган тутумду контролдоо каралбашына уруксат берилет.
- рециркуляциялоо линиясынын трубопроводун бириктирүү түйүнү менен резервуардын ортосунда кулптоочу арматураны коюу сунушталат, ал эми АЦга бириктирүүчү түйүн менен ушул трубопроводдун ортосуна кулптоочу арматура коюлуш керек;
- технологиялык шахталардын бош мейкиндигинде жайгашкан рециркуляциялоо линиясынын трубопроводдорунун тилкелери технологиялык бөлүп-чогултма туташтыргычтарына ээ болбошу керек.
7.27. Рециркуляциялоо линиясынын технологиялык тутумунун конструкциясында транспорт каражатынын майбагынан резервуарга майбуулары бар болгон учурда аталган линия төмөндөгү талаптарды канаттандырышы керек:
- рециркуляциялоо линиясынын трубопроводдору резервуарларга жана ОМТКларга бириктирлиген жерлерде өрткө бөгөт тосмолору жана кайтма клапандары орнотулуш керек. Эгерде өрткө бөгөт тосмолору жана кайтма клапандары ОМТКлардын конструкциясына кирсе, алардын ОМТКлардын алдында кошумча орнотулбашына жол берилет;
- кайтма клапандары рециркуляциялоо линиясынын трубопроводдорундагы отундун/майдын бууларын чыгаруучу сордургуч пайда кылган буулардын басымы менен ачылышы керек, жана аталган сордургучтун тогу өчүрүлгөндө герметикалуу жабылууга тийиш;
- рециркуляциялоо трубопроводдорунда резервуарда жайгашкан өрткө бөгөт тосмолорунун алдында, ошондой эле ОМТКлардын алдына кулптоочу арматура орнотулуш керек. Эгерде аталган арматура ОМТКлардын конструкциясына кирсе, анда анын кошумча орнотулуусун караштырбай коюга жол берилет;
- технологиялык шахтылардын бош мейкиндигинде жайгашкан рециркуляциялоочу линия трубопроводдорунун тилкелери ажыратып-чогултуучу туташтырмаларга ээ болбошу керек.
7.28. Майды берүү линиясын ушул линиялардын сордургучтары пайда кылган басым же разряжение менен ачылган кайтма клапандар менен жабдуу керек, алар аталган сордургучтар токтон өчүрүлгөндө герметикалуу жабылууга тийиш.
7.29. Технологиялык тутумдардын жабдуулары майды кабыл алуу, сактоо жана берүү боюнча операцияларды жүргүзүүнү, бошотууну жана шламдан ажыратууну (товар алдындагы сууну жок кылуу), ошондой эле жабык ыкма менен гана герметикалуулукка сыноо боюнча операцияларды (транспорт каражаттарынын майбактарын толтуруудан тышкары) ишке ашырууну камсыдоого тийиш.
7.30. Резервуарлардын конструкциясында сакталган отундун/майдын калдыктарынан тазалоону, газсыздандырууну жана аларды ремонттоодо механизацияланган, өрткө, жарылууга коопсуз үйлөтүүнү өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралышы керек.
7.31 Майжабдыгында орнотулган кулптоочу арматура Р 54808 Мамстандарт боюнча Вдан төмөн болбогон герметикалык классы боюнча аткарылышы керек.
7.32. АМКС майжабдыктарында жайгашкан капкактар, тыгындар жана фланцтардын, патрубкалардын, штуцерлердин бириктиргичтери ж.б. у.с. учкун пайда кылбоочу материалдардан жасалган, эксплуатациялоодо мунай зат өнүмдөрүнүн жана курчап турган чөйрөнүн таасирине туруктуу төшөлмөлөр менен камсыдалышы керек жана герметикалуулугу сакталып бириктилилүүгө тийиш.
АМКСтерди эксплуатациялоодо, аларды ачууда аталган капкактар жана тыгындар жалын чыгарбоочу материалдардын жасалышы керек.
7.33. Майжана анын буулары бар, ошондой эле бош мейкиндиги бар жабдыктар жайгаштырылган резервуарлардын жана кудуктардын технологиялык шахтыларынын дубалдары күйбөй турган материалдан жасалышы керек. Калган учурларда Г1- Г2 күйгүчтүк тобундагы материалдарды колдонууга жол берилет. Аталган жабдыктар бар технологиялык шахтылардын же кудуктардын капкактарынын жайгашуусу аларга атмосфералык жаан-чачындын түшүүсүн жана капкакты ачып-жапкан учурда пайда болгон учкундун түшүүсүн жокко чыгрышы керек. Капкактарды бекитүү шахта жана кудук ичинде отундун/майдын буулары өрттөнүп кетүүсү мүмкүн болгон учурда ашыкча басымды чыгарууну камсыдашы керек (капкактын үзүлүп кетүү мүмкүндүгүн болтурбаган капкактын өзүнөн өзү ачылуусу).
Бул шахтылардын жана кудуктардын жердеги бөлүгүнүн бийиктиги 0,2 м. кем болбошу керек.
7.34. Майды сактоочу резервуарлардын конструкциясы курулуш аянтчасында монтаждоодо алардын дубалдарында ширетүү иштерин жүргүзүүгө зарылдыкты жокко чыгарышы керек.
7.35. АЦны жерердетүүнү контролдоо үчүн адистештирилген автоматташтырылган жердетүүчү түзүлүштөрдү колдонуу керек, алар АЦнын жердетүүчү тутуму бузулган учурда сигнал берип, же резервуарды толтурууну атвоматтуу түрдө токтотот.
7.36. АМКСте электр азыктандыруусун борборлоштурулган өчүрүү менен камсыдоо каралышы керек.
Резервуарларды толтуруу сордургуч жабдуулар аркылуу каралган технологиялык тутумдар операторлордун бөлмөсүндө, жана да АЦга бөлүнгөн аянтчаларда же сордургучтардын жанында жайгашкан кол менен өчүрүлө турган выключателдер менен жабдылууга тийиш (сордургучтардын автоматтуу түрдө өчүрүлүшүнө карабастан).
7.37. Технологиялык шахтанын конструкциясы, анын ичинде трубопроводдорду жана кабелдерди киргизүү түйүндөрү шахтанын дубалдары аркылуу майдын авариялык агып өтүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарышы керек.
7.38. Технологиялык шахтада жайгашкан кулптоочу арматуранын приводунун штокторунун башкаруучу бөлүктөрү, өлчөөчү патрубоктун оозу, куралдардын көрсөтүүчү панелдери, ошондой эле технологиялык шахтадагы датчиктердин жана импульстук линиялардагы куралдардын (бар болгон учурда) кулптоочу крандары шахтанын тышынан аларга эркин жетүүнү камсыздаган бийиктикке чыгарылышы керек.
7.39. Бир же бир нече резервуарлардан бензинди же дизель майын берүүчү жалпы трубопроводду бир нече ОМТКлары үчүн колдонууга уруксат ушул трубопроводдордо ар бир ОМТКнын алдында кулптоочу арматура бар болгон шартта берилет.
7.40. Салттуу АМКСтерде резервуарлар бир дубалдуу же эки дубалдуу болуп аткарылышы мүмкүн.
7.41. Блоктук АМКСтерде жогоруда көрсөтүлгөндөр менен катар төмөндөгү талаптарды да эске алуу керек:
- майды сактоо үчүн резервуарлар эки дубалдуу болушу керек;
- эки дубалдуу резервуарга технологиялык шахтанын бириктирүү түйүнүнүн бекитилиши завод шарттарында герметикалуу туташтыруулардын жардамы менен жасалууга тийиш.
- технологиялык шахталардын дубалдары жана капкактары күйбөй турган материалдардын гана жасалышы керек;
- технологиялык шахталарда бош мейкиндик бар болгон учурларда, ошондой эле күүүчү май куюучу жерлердин чегинде жайггашкан майжабдыктары бар технологиялык кудуктарда отундун/майдын буусунун концентрациясына үзгүлтүксүз автоматтык контроль жүргүзүү тутуму каралышы керек.
Аталган тутум шахтанын түбүндө отундун/майдын бууларынын концентрациясы ӨТТКЧтан 20%га барабар болуп жогорулаганда дабыштык жана жарык менен белги берүүнү, ошондой эле берүү линиясынын сордургучтарын электр азыктандыргычтардан өчүрүү жана резервуарларды толтуруу операциясын автоматтык түрдө токтотууну камсыздашы керек.
7.42. Контейнердик жана модулдук АМКСтерде майды сактоочу резервуарлар эки дубалдуу болуп аткарылышы керек. Ички резервуарды жана дубал аралык мейкиндикти герметизациялаган бир дубалдуу жабуусу бар (жогорку дубалы менен) резервуарларды колдонууга жол берилет.
АМКСтерди калк отурукташкан пункттардын аймагынан тышкары жайгаштырганда контейнердик АМКС резервуарларынын жалпы сыйымдуулугу 60 м3, ал эми модулдук АМКСтики- 120 м3 жогору болбошу керек (ушул курулуш ченемдеринде каралган (6-эскертүү, 1-табл.) учурларда, калк отурукташкан пункттардын аймагында жайгашкан контейнердик жана модулдук АМКСти жайгаштырууда жалпы сыйымдуулугу 50% кемитилет).
(камералар ортосундагы эки кабаттуу тосмолору бар көп камералуу реервуарларды колдонууда) калк отурукташкан пункттардын аймагында жайгашкан контейнердик АМКСтин резервуарларынын же камераларынын айрым ёмкосту 10 м3 жогору болбошу керек, ал эми калк отурукташпаган пункттарда - 20 м3.
Калк отурукташкан пункттардын аймагында жайгашкан модулдук АМКСтин резервуарларынын же камераларынын бирдиктүү сыйымдуулугу (камералар ортосунда эки кабаттуу тосмолору бар көп камералуу резервуарларды колдонгондо) 20 м3 жогору болбошу керек, ал эми калк отурукташкан пункттардан тышкары - 40 м3.
7.43. Калк отурукташкан пункттардын жана ишканалардын аймагынан тышкары жайгаштырылган АМКСтерде ушул курулуш ченемдеринин Б тиркемесинде берилген талаптарды аткарууда бир дубалдуу резервуарлары бар технологиялык тутумду колдонууга жол берилет.
7.44. Жер үстүндөгү жана жер алдындагы резервуардын дубалдар аралык мейкиндигин күйүүчү суюктук менен толтурууда резервуардын алдында күйбөс материалдардан жасалган жана резервуардын тышкы дубалынын герметикалуулугу бузулган учурда ушул суюктуктун поддондун чегинен тышкары агып кетүүсүн жокко чыгарган поддон орнотулушу керек.
7.45. Жер үстүндөгү жана жер алдындагы эки дубалдуу резервуарлардын майды сактоочу ички резервуарлары иштөө басымы 130кПадан көп эмес коргоочу мембрана же клапан менен жабдылууга тийиш. Коргоочу мембраналардын же клапандардын түшүрүү кесилишинин (сбросное сечение) талап кылынуучу аянты резервуарлардын көлөмүнө жараша 5-таблицада көрсөтүлгөн.
5 – т а б л и ц а
Резервуардын көлөмү, м3 | 5 | 8 | 10 | 13 | 15 | 20 | 30 | 40 |
Түшүрүү кесилиштеринин аянты, см2 | 25 | 35 | 40 | 48 | 53 | 64 | 84 | 94 |
Көлөмү 5тен 40 м3 чейинки резервуарлардын түшүрүү кесилиштеринин аянттарын аныктоодо линиялуу интерполяцияга жол берилет. Талап кылынган аянтты камсыздоо үчүн бир нече коргоочу мембраналарды же клапандарды колдонууга жол берилет.
7.46. АЦ үчүн аянтчалардан толугу менен жогору же жарым-жартылай жайгашкан майды сактоочу резевуарларды жана/же ушул резервуарларды толтуруучу трубопроводдорду толтуруу АМКСтин технологиялык тутумунун сордургучу аркылуу берүү жолу менен гана жүргүзүлүшү керек. Аталган резервуарларды толуктоо үчүн АЦлардын сордургучун колдонууга жол берилбейт.
Аталган резервуарлардын толтуруу трубопроводдору, технологиялык тутумду токтон өчүргөндө, суюктуктун кайра агуусуна тоскоолдук кылган кайтма клапандар менен жабдылышы керек. Кайтма клапандар толтуруу линиясындагы сордургучтун жумушчу басымы менен ачылууга жөнгө салынышы керек.
7.47. АЦ үчүн аянтчалардан толугу менен же жарым-жартылай жогору жайгашкан майды сактоочу резевуарларды толтуруу трубопроводдору, ошондой эле бул ОМТКдан айрым бөлүгү же толугу менен жогору жайгашкан ОМТКга майды берүүчү трубопроводдор кошумчаланып ушул трубопроводдордун жогорку чекитинде (резервуардын үстүндө) орнотулган, кулптоочу арматура менен жабдылууга тийиш, аларга эркин жетүү камсыздалышы керек.
7.48. Отун/майды сактоочу контейнерлердин технологиялык отсектеринин төмөн жагында поддондор каралышы керек. Отсектин технологиялык жабдыктарынын алдында жалпы поддонду пайдаланууда, акыркысын секцияларга бөлүштүрүү зарыл. Секциялардын ортосундагы жабуулардын (перекрытие) бийиктиги поддондун бийиктигинин жартысына барабар болууга тийиш. Поддондун ёмкосту герметикалуулук бузулган жерден отундун/майдын агуусун агынды токтотуу үчүн керектелген убакыттын ичинде, алардын жабууларынын (перекрытие) ортосундагы жерлерде трубопроводдордо болгон отундун/майдын санын эске алып, толугу менен батырууну камсыздашы керек. Мында борттун бийиктиги 150 мм. кем болбошу шарт.
7.49. Модулдук АМКСтердин технологиялык тутумдарында ОМТКга майды берүүчү трубопроводду майды сактоочу контейнерге берүү трубопроводу менен туташтырылган жер технологиялык отсектин поддонунун үстүндө жайгашуусу керек. ОМТКга майды берүү трубопроводу жер алдында жайгашуусу керек.
7.50. Контейнердик жана модулдук АМКСтин майды берүүчү трубопроводунда кулптоочу арматура орнотулушу керек, ал ага эркин жетүүчү жерлерде, майды сактоочу контейнердин технологиялык отсегинде жайгаштырылышы керек.
7.51. Контейнердик жана модулдук АМКСтерде бир нече ОМТКлар үчүн бензин жана дизель майын берүүчү жалпы трубопроводду майды сактоочу контейнердин бир гана резервуарынан (камерасынан) ар бир ОМТКнын алдында кулптоочу арматура болгон шартта колдонууга уруксат берилет.
7.52. Ишкананын май куюучу пункту катары эксплуатацияланган суюк мотор майАМКСтерге талаптарды ушул курулуш ченемдеринин В тиркемесине ылайык тактоо керек.
7.53. Суюк мотор майкөчмө АМКСтерге талаптарды ушул курулуш ченемдеринин Г тиркемесине ылайык тактоо керек.
8 Газ мотор майы бар АМКСтерге кошумча талаптар
8.1. Газ мотор отун/майы бар көп майлуу АМКСтерге төмөндөгүлөрдү жайгаштырууга жол берилбейт:
- (АГТКСтеги АГККС (КЭГК) газы менен аккумулятордун идиштерин толтуруудан тышкары) же АМКСтердин технологиялык тутуму үчүн каралган (тейлөөнү кошуп) технологиялык процесстерге транспорт каражаттарынын майтутумдарынын бактарын (идиштерин) толтурууга тиешеси жок куюп-агызуу операциялары үчүн (толтуруу жана бошотуу) жабдыктарды;
- башка обьекттерге газды берген, газды бөлүштүрүү тутумунун газды жөнгө салуучу пункту.
8.2. КЖГ жана/же СЖГ кабыл алуу, даярдоо жана сактоо үчүн имараттардын, курулмалардын жана жабдыктардын аянтынын (аянттарынын) аймагы, ошондой эле СКСГ резервуарлары бар кампа аянтчасынын аймагы башка адамдарга жабык экендигин түшүндүргөн, эркин желдөөгө тоскоолдук кылбаган жана күйбөй турган материалдардан жасалган тосмолору бар болушу керек.
8.3. Көп майлуу АМКСтин өз алдынча тилкеси катары жасалган АОМККС жана АГКСтерден, көп майлуу АМКСтен жана АГТКСтен аларга тиешеси жок обьекттерге чейин минималдуу аралык 6-таблицага ылайык кабыл алынат.
6 – т а б л и ц а
Ага чейин аралык аныктала турган объекттин аталышы | АМКСтин технологиялык тутумдарынын имараттарынан, курулмаларынан жана жабдууланынан аралык, м | ||
СКСГсы бар | КЖГсы бар | СЖГсы бар | |
Өнөр жай ишканалардын өндүрүш жана кампа имараттары жана курулмалары (9 - жана 11- саптарда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары), калк отурукташкан пункттардын аймагынан тышкары жайгашкан өнөр жай ишканалардын администрациялык- тиричилик имараттары жана курулмалары | 40 | 25 | 40 |
Токой көчөттөрү бар токойчулук (токой парктары): Ийне жалбырактуу жана аралаш түрлөрдөн Жалбырактуу түрлөрү | 50 25 |
30 15
| 50 25
|
Ф1 - Ф4 функционалдык өрт коопсуздугу класстарынын имараттары жана курулмалары (1-сапта көрсөтүлгөндөрдөн тышкары) | 60 | 35 (калк отурукташкан пункттардын аймагынан тышкары жайгаштырылганда) | 60 |
6-таблицасынын уландысы
Ага чейин аралык аныктала турган объекттин аталышы | АМКСтин технологиялык тутумдарынын имараттарынан, курулмаларынан жана жабдууланынан аралык, м | ||
СКСГсы бар | КЖГсы бар | СЖГсы бар | |
Адамдар массалык түрдө топтолгон жерлер | 60 | 35 | 60 |
Жеке гараждар жана автоунаалар үчүн ачык токтотмолор | 40 | 30 | 40 |
Жалпы тармактагы автоунаа жолдору (өткөөл бөлүгүнүн чети): |
|
|
|
I, II жана III категориялар | 25 | 15 | 25 |
IV жана V категориялар | 20 | 12 | 20 |
Электрлештирилген шаардык транспорт каттамы (байланыш тармагы боюнча) | 25 | 15 | 25 |
Жалпы тармактагы темир жолдор (кырдалган топурактын таманына же оюктун кашына чейин):) | 40 | 30 | 40 |
Тазалоочу канализация курулмалары жана АМКСке тиешеси жок сордуруучу станциялар | 60 | 15 | 40 |
АН, БН, ГН категориясындагы тышкы орнотмолор, 12.1.007 Мамстандарт боюнча кооптуулуктун I жана II класстарындагы радиоактивдүү жана зыяндуу заттары бар имарат жана курулмалар | 100 | 100 | 40 |
9 Электрөткөргүч чубалгылары, электр чордонунун чубалгылары, (анын ичинде трансформатордук чордон) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-ж. 11-апрелде № 198 токтому менен бекитилген «Кооптуу жүктөрдү автоунаа менен ташуу эрежелери»; ылайык |
| |
10 Жыгач материалдар кампалары (имараттан тышкары), чым, булалуу күйүүчү заттар, саман, куурай, ошондой эле чымдын ачык калган тилкелери | 50 | 30 |
|
|
|
|
|
Э с к е р т ү ү Эгерде газ авариялык аккан учурда жана ушул жабдык физикалык жарылууда анын сыныктарынын тосмонун сыртына, корголуп турган объект тарапка горизонталдуу багытта учуусун болтурбоо (жер алдына же жерди тереңдетип жайгаштыруу, ушул курулуш ченемдеринин талаптарына жооп берген коргоо экрандарын орнотуу) ушул курулуш ченемдеринин 8.2.п. ылайык камсыздалса, 1, 3 – 5-жана 11-саптарда көрсөтүлгөн КЖГсы бар технологиялык жабдуулардан аралыкты 50%дан көп эмес кыскартууга уруксат берилет. Эгерде майкуючу жерге тиешелүү колонка менен объектилердин ортосуна ушул курулуш ченемдердин талаптарына жооп берген коргоочу экран коюлса, КЖГнын газ берүүчү колонкаларынан 1-,5-,6- (электрлештирилген шаардык транспорт каттамынан тышкары) жана 11-саптарда, ошондой эле 3-4- саптарда (калктуу пункттарда жайгашкан АМКСтерден тышкары) көрсөтүлгөн объекттерге чейинки аралыкты 50%га чейин кыскартууга уруксат берилет. Көп майлуу АМКСтин технологиялык тутумуна кирген суюк мотор отун/майлары үчүн жабдыктардан көп майлуу АМКСке тиешеси жок объекттерге чейинки аралык суюк мотор майлуу АМКСтин технологиялык тутумунун жабдыктарынан бул АМКСке тиешеси жок объекттерге чейинки аралыкка коюлган талаптарга ылайык кабыл алынат. СКСГнын, СЖГнын жана КЖГнын бууларын чыгарган моордон АМКСке тиешесеи жок объекттерге чейинки минималдуу аралык ушул курулуш ченемдеринин талаптарына ылайык эсеп менен аныкталат. АМКСтин бөлүштүрүү колонкаларынан ушул АМКС менен технологиялык жактан байланышта болгон жер алдындагы резервуарларга чейинки, газ толтуруучу станцияларга же пункттарга чейинки аралыкты кыскартууга жол берилет, бирок 50%дан көп эмес аралыкка. АМКСтен ушул АМКС менен технологиялык жактан байланышта болгон өндүрүш объекттердин жабдыктарына, имараттарга жана курулмаларга чейинки аралык аталган өндүрүш обьекттерине өрт коопсуздугунун талаптарын жөнгө салган стандартташтыруу жаатындагы ченемдик документтерге ылайык аныкталат. |
6-таблицасынын аягы
8.4. Көп майлуу АМКСтин өз алдынча тилкеси катары жасалган АОМККС жана АГКСтердин имараттарынын жана курулмаларынын ортосундагы минималдуу аралыкты ушул курулуш ченемдеринин 7-таблицасы боюнча кабыл алуу керек.
8.5. Токойчулуктун ийне жалбырактуу жана аралаш породалардын көчөттөрү отургузулган жерлерине (токойлоруна) карата 30м кем аралыкта жайгашкан АМКСте КЖГсы бар жабдуулар жер алдында, жерди тереңдетип же тосмо конструкциялары чеги Е45тен кем эмес өрткө туруктуу имараттарда жайгаштырылышы керек.
8.6. АМКСтер май куюучу пункттары катары колдонулган автотранспорт ишканаларынан тышкары (өндүрүш ишканаларынын автотранспорттук тилкелери) ишкананын аймагында көп майлуу АМКСти жайгаштырууга уруксат берилбейт.
Эки дубалдуу резервуарлары бар, көп майлуу АМКС, АГТКС, АОМККС же АГКС курулмаларынан АМКС жайгашкан автотранспорт каражаттарынын имараттарына, курулмаларына жана тышкы орнотмолоруна чейин ( өндүрүш ишканаларынын автотранспорттук тилкелери) минималдуу аралыкты ушул курулуш ченемдеринин Д тиркемесине ылайык кабыл алуу керек.
8.7. Басымда болгон жана АЦ үчүн аянттардан жана жер үстүндө жайгашкан майүчүн жабдыктардан 20м кем эмес аралыкта күйбөгөн газы бар идиштер В4 жана Д категориядагы жайларда орнотулушу керек. Аталган идиштерди күйбөс материалдардан жасалган, аталган жабдыктардан 10м кем эмес аралыкта жайгашкан шкафтарда орнотуу зарыл.
8.8. Майжана/же анын буулары айланган жабдууларга көчмө өрт техникасы үчүн өткөөлдөр/жолдор, көрсөтүлгөн жабдыктан 5тен кем эмес жана 25м ашык эмес аралыкта аны орнотуу мүмкүнчүлүгүн камсыздаган жерлер каралышы керек.
7 – т а б л и ц а
АМКС имараттарынын жана курулмаларынын аталышы | Таблицанын аталышында жазылган иретте берилген тиешелүү имараттар, курулмалар жана жабдуулардын ортосундагы минималдуу аралык, м | |||||||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | |
1 СКСГны сактоочу жер алдындагы резервуарлар | - | - | * | * | 20 | 20 | 20 | - | 10 | 15 | 9 | 35 | 35 | 15 | 20 | 20 |
2 Суюк мотор отунун/майын сактоочу жер алдындагы резервуарлар | - | - | * | * | 10 | 10 | ** | - | 10 | ** | ** | 20 | ** | ** | 10 | 10 |
3 КЖГсы бар жабдууларга ээ имараттар | * | * | * | 10 | 10 | 6 | 10 | 10 | * | - | 9 | 25 | 25 | 10 | 10 | 10 |
7-таблицасынын уландысы
АМКС имараттарынын жана курулмаларынын аталышы | Таблицанын аталышында жазылган иретте берилген тиешелүү имараттар, курулмалар жана жабдуулардын ортосундагы минималдуу аралык, м | |||||||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | |
4 СКСГны сордуруп куюштуруу үчүн жабдуулары бар имараттар | * | * | 10 | * | 20 | 20 | 20 | 6 | 10 | 15 | 9 | 35 | 35 | 6 | 10 | 10 |
5 СКСГны таркатуучу колонка | 20 | 10 | 10 | 20 | 4 | 4 | 4 | 20 | 15 | 4 | 9 | 35 | 35 | 10 | 20 | 15 |
КЖГны таркатуучу колонка | 20 | 10 | 6 | 20 | 4 | 4 | 8 | 20 | 15 | 4 | 9 | 20 | 20 | 10 | 20 | 15 |
7 Суюк мотор май-таркатуучу колонка | 20 | ** | 10 | 20 | 4 | 8 | 4 | 20 | 15 | 4 | ** | 20 | ** | ** | 20 | 15 |
8 СКСГ АЦсы үчүн аянтча жана СКСГны сордуруп куюштуруу үчүн тышкы орнотмолор | - | - | 10 | 6 | 20 | 20 | 20 | - | 15 | 15 | 9 | 35 | 35 | 15 | 20 | 15 |
9 КЖГ сы бар жер үстүндөгү жана жердеги тышкы технологиялык орнотмолор | 10 | 10 | * | 10 | 15 | 15 | 15 | 15 | - | 4 | 9 | 35 | 35 | 15 | 10 | 15 |
10 Мунай зат өнүмдөрү менен булганган атмосфералык жаан-чачындарды тазалоо курулмалары (кабыл алуу лотокторун кошуп) | 15 | ** | - | 15 | 4 | 4 | 4 | 15 | 4 | - | ** | 4 | ** | ** | 10 | 15 |
11 Операторлордун өзүнчө турган имараты | 9 | * | 9 | 9 | 9 | 9 | ** | 9 | 9 | ** | - | 9 | ** | ** | 9 | 9 |
12 СКСГ жана КЖГ менен жүргөн автоунааларды техникалык тейлөө посттору, жуучу жана откана имараттары | 35 | 20 | 25 | 35 | 35 | 20 | 20 | 35 | 35 | 4 | 9 | 20 | 35 | 35 | 35 | 35 |
13 1 - 12, 14 - 16-саптарда көрсөтүлгөн имараттардан жана курулмалардан тышкары
| 35 | ** | 25 | 35 | 35 | 20 | ** | 35 | 35 | ** | ** | 35 | ** | ** | 35 | 35 |
7-таблицасынын уландысы
АМКС имараттарынын жана курулмаларынын аталышы | Таблицанын аталышында жазылган иретте берилген тиешелүү имараттар, курулмалар жана жабдуулардын ортосундагы минималдуу аралык, м | |||||||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | |
14. Суюк мотор майлуу АЦ үчүн аянтча | 15 | ** | 10 | 6 | 10 | 10 | ** | 15 | 15 | ** | ** | 35 | ** | - | 20 | 20 |
15. СЖГ резервуарлары, регазификация блоктору, СЖГ нын жер үстүндөгү жана жер алдындагы трубопроводдору жана СЖГны сордуруп куюштуруучу орнотмолор | 20 | 10 | 10 | 10 | 20 | 20 | 20 | 20 | 10 | 10 | 9 | 35 | 35 | 20 | - | 20 |
16. СЖГ АЦ үчүн аянтча | 20 | 10 | 10 | 10 | 15 | 15 | 15 | 15 | 15 | 15 | 9 | 35 | 35 | 20 | 20 | - |
Э с к е р т ү ү л ө р «-» белгиси менен белгиленген аралык конструкциялык өзгөчөлүктөргө жараша ченемдештирилбейт жана аныкталбайт, «*» белгиси менен белгиленген аралык мындан бийик имараттан (курулмадан) 1,5 бийиктиктен кем эмес болушу керек, ал эми «**» белгиси менен белгиленген аралык ушул курулуш ченемдеринин 2-таблицасы боюнча аныкталат. 2 Эгерде газ авариялык аккан учурда жана ушул жабдык физикалык жарылууда анын сыныктарынын тосмонун сыртына, корголуп турган объект тарапка горизонталдуу багытта учуусун болтурбоо (жер алдына же жерди тереңдетип жайгаштыруу, ушул курулуш ченемдеринин талаптарына жооп берген коргоо экрандарын орнотуу) камсыздалса, 1-9,11-,14-16саптарда көрсөтүлгөн КЖГсы бар технологиялык жабдуулардан аралыкты 50%дан көп эмес кыскартууга уруксат берилет, ал эми 12,13-саптардагылардан 10м кем эмес кабыл алуу керек. Мында имараттарга чейин аралык бийигирээк имараттын бийиктигинен 1,5м бийиктиктен кем эмес болууга тийиш. 3 Алар үчүн коопсуз болгон жалпы суюк мотор майОМТКсы жана КЖГны таратуучу колонкасынын ортосундагы аралык ушул курулуш ченемдеринин талаптарына жооп берген коргоо экрандары менен АМКСтин башка май куюучу жерлеринен бөлүнгөн учурда жана ушул май куюучу жерлеринде бир учурда эки башка түрдөгү отун/майды берүүгө автоматтык бөгөт коюу камсыздалса, ченемдештирилбейт. 4 КЖГны таркатуучу колонкасынан 1 -9, 11, 14-16-саптарда көрсөтүлгөн курулмаларга жана жабдыктарга чейинки аралыкты 50% ашпагандай азайтууга жол берилет (бирок 4 м кем эмес), ал эми 12- жана 13- саптарда көрсөтүлгөн имараттардан, курулмалардан жана жабдыктардан ушул колонка тиешелүү болгон май куюучу жерди ушул курулуш ченемдеринин талаптарына жооп берген коргоо экрандары менен бөлгөн учурда 10м кем эмес аралык кабыл алынышы керек. 5 15- жана 16-саптарда көрсөтүлгөн курулмалардан жана жабдуулардан 12- жана 13-саптарда көрсөтүлгөн имараттарга чейинки (откананын түтүн мооруна чейинки аралыктан тышкары) аралык аталган имараттардын өрткө чыдамдуулук даражасы I же II, С0, С1 класстагы конструкциялык өрт коопсуздугу болсо, ал эми СЖГ резервуарларына жана регазификация блокторуна караган дубал 1-типтеги өрткө каршы дубалдан болсо, 50%дан кем эмес кыскартылышына жол берилет. 6.Электр казанын колдонгон АМКСтин отканасынан аралык АМКСтин өзүнчө турган | ||||||||||||||||
7-таблицасынын аягы
оператордук имаратына чейинки аралык катары аныкталат. Башка милдеттеги имаратка кошо кошулуп курулган отканадан башка имараттарга чейин, ошондой эле АМКСтин имараттарына жана жабдыктарына чейинки аралык ушул курулуш ченемдеринин 6 –таблицасына ылайык өзүнчө турган откана имаратынандагыдай аралыкта каралат. АМКСтин дизель отун/майы менен иштеген отканасынан ушул курулуш ченемдеринин 2 –таблицасында көрсөтүлгөн имараттарга, курулмаларга жана жабдыктарга чейинки аралыкты аталган таблица боюнча аныктоо керек, ал эми башка имараттарга, курулмаларга жана жабдыктарга (откананын түтүн мооруна чейинки аралыктан тышкары) чейинки аралыкты 50%дан көп эмес аралыкка кыскартууга жол берилет. 7 Дизель отун/майы же жаратылыш газы менен иштеген откана менен ашыкча басымдагы күйүүчү майлуу (жаратылыш газы, СЖГ, СКСГ) жабдуулардын ортосундагы аралык кыскарганда, откананын түтүн моору менен аталган жабдууга чейинки минималдуу аралыкты ушул курулуш ченемдеринин талаптарына ылайык эсеп менен аныктоо керек. 8 КЖГны, СЖГнын бууларын, СКСГнын бууларын чыгаруучу түтүктөрдөн АМКСтин имараттарына жана курулмаларына чейинки минималдуу аралык ушул курулуш ченемдеринин талаптарына ылайык эсеп менен аныкталат. 9 Эгерде транспорт ёмкосттору (идиштери) СЖГ эки кабыктуу резервуарларга коюлган талаптарга жооп берген АЦ гана колдонулса, 15-сапта көрсөтүлгөн курулмалардан жана жабдуулардан СЖГ АЦ үчүн аянтка чейинки аралыкты 4 м кем эмес кабыл алууга жол берилет. 10 Эгерде станциянын аймагында тейлөө сервисинин имараттары жана курулмалары жок болсо (АМКС аймагында жүргүнчүлөрдүн болушуна жол берилбейт), СЖГнын бир гана резервуары бар болсо (АОМККС үчүн) жана бир май куюучу жер болсо, май куюучу жерден май куйган транспорт кирип-чыккан тилкелерине ушул курулуш ченемдеринин 3-тиркемесиндеги 8.15, 8.16, 8.36, 8.48п.жана З3 п. талаптарына жооп берген аталган жабдуулардан коргоочу экрандар коюлган болсо, АГТКСте жана АОМККСте КЖТ жабдыктарынан, СЖГ горизонталдык эки кабыктуу резервуардан, регазификациялоо блогунан, СЖГны сордуруп куюштуруучу орнотмолордон, КЖГнын жер үстүндөгү жана жер алдындагы трубопроводдорунан КЖГны таркатуучу колонкасына чейинки аралык ченемдештирилбейт. |
8.9. А категориясындагы жайлардын жеңил алынуучу конструкцияларынын ачылышы имараттардын, курулмалардын жана технологиялык жабдуулардын жабыркалануусуна алып келбеши керек.
8.10. Жаратылыш газы менен иштеген отканалар өзүнчө турган имаратта жайгашуусу керек. Эгерде аларга чектеш жайларда аварияга каршы жана өрткө каршы коргоо тутумдарында колдонулган жабдуулар жок болсо, аталган отканаларды I же II класстагы өрткө чыдамдуулук даражадагы С0, С1 конструкциялык өрт коопсуздугу классындагы өзүнчө турган АМКСтин кызматкерлери үчүн же транспорт каражаттарын жууга арналган имаратка кошо курууга жол берилет.
8.11. КЖГ жана/же СЖГ жабдыктарынын үстүнөн желдетилбеген көлөмдүү (көӊдөй, чөнтөк) серелерди орнотууга уруксат берилбейт. Аларга, автоунааларга бензин, дизель отун/майын, же СКСГдан тышкары КЖГны да куйган, май куюучу жерлердин аянтынын үстүндөгү жалпы серелер да кирет.
8.12. КЖГны, СЖГнын бууларын, СКСГнын бууларын чыгаруучу түтүктөрдүн бийиктиги, диаметри, конструкциясы жана жайгашуусу АМКСке тиешеси жок объекттер жайгашкан зонада, ошондой эле АМКСтин отканасынын түтүн газдары чыккан, АМКСтин технологиялык жабдыктары, имараттары жана курулмалары жайгашкан зонада, транспорт каражаттарынын айдоочулары жана жүргүнчүлөрү болуп калышы мүмкүн болгон жерлерде жарылууга кооптуу аралашмалардын пайда болуусун жокко чыгара тургандай болууга тийиш.
КЖГны, СЖГнын бууларын, СКСГ бууларын чыгаруучу түтүктөр вертикалдуу түрдө, газды (бууларды) жогору чыгара тургандай болуп орнотулуш керек.
Үйлөтүүчү газдарды, ошондой эле жаратылыш газдарын (СЖГ бууларын) же СКСГ бууларын (өрткө кооптуу кырдаалда же өрттүн келип чыгуусунда) технологиялык тутумдун (СКСГ резервуарларынан тышкары) жабдыктарынан жана транспорт каражаттарынын газбаллондук жабдыктарынан атмосферага чыгаруу зарыл болгон учурда, көп майлуу АМКСтин, АГКСтин, АОМККСтин жана АГТКСтин технологиялык тутумнунун конструкциясы буу/газдарды чыгарууну чыгаруучу түтүктөр аркылуу гана жүргүзүү мүмкүн боло тургандай жасалышы керек.
8.13 СЖГны сактоо резервуарынан (анын ичинде анын дубалдар аралык мейкиндигинен) СЖГ бууларын чыгарууну, АМКСтин технологиялык тутумунун чыгаруучу түтүктөрү аркылуу СЖГ бууларын чыгаруу шарттарына коюлган ушул курулуш ченемдеринин талаптары аткарылган шартта, ушул резервуардын үстүнө орнотулган сактагыч капкактары аркылуу чыгарылышын кароого уруксат берилет.
8.14 СКСГнын же ТЖГнын бир май куюучу жеринде бир гана автоунаага бир жолку майкуюу каралыш керек.
СКСГ үчүн бензин жана дизель отуну үчүн май куюучу аянттарды орнотууда жана жабдууда, аянттан аянтка отундун авариялык төгүлүүлөрүнүн агып калышы жокко чыгарылышы керек.
8.15 СКСГнын май куюучу жерлеринин ортосуна, ошондой эле алардын жана отундун башка түрүндөгү май куюучу жерлеринин ортосуна бийиктиги 2 м кем болбогон күйбөөчү материалдан экран орнотуу зарыл. Экрандын туурасы май куюучу аянттын узундугунун эки тарабынан 0,5 м кем эмес ашышы керек.
СКСГ май куюучу жерлер менен жана отундун башка түрлөрүнүн май куюучу жерлеринин ортосундагы аралык 10 м ашса, экрандарды орнотпоого уруксат берилет.
8.16 Ушул курулуш ченемдеринин 8.3 жана 8.4 пункттарына ылайык аралыкты кыскартуу максатында каралган коргоо экраны, жабдуулардын герметикалуулугунун авариялык бузулуусунда жана ушул жабдуунун физикалык бузулуусунда коргоочу объект тарапка горизонталдуу багытта учкан сыныктардын учуусун, жаратылыш газынын агымынын атылуусун болтурбоону камсыз кылуусу керек.
Эгерде аталган жабдыктары бар имараттын (курулманын) корголуучу объектти караган дубалы, коргоо экранга коюлган талаптарга ылайык келсе, анда бул имараттын (курулманын ) сыртынан кошумча коргоочу эрканды коюну караштырбаса болот.
Адамдардын өтүүсү каралган жерде коргоочу экрандарды орнотууда, эвакуация жолдорун 1,2м кем эмес, ал эми калган учурларга – 1м кем эмес (жайгашылган имараттарды, курулмаларды жана транспорт каражаттарынын болуп калышы мүмкүн болгон жерлерин эсепке алып) камсыздоо керек.
Мисал – көрсөтүлгөн талаптарды төмөндөгүдөй аткарууга жол берилет.
Экран 150 мм ден кем эмес калыңдыкта темирбетондон даярдалат.
Экрандын көтөрүп туруучу конструкцияларынын отко туруктуулугунун чеги R45 кем эмес болууга тийиш.
Экрандын тышөлчөмдөрү имараттын, курулманын жана ТЖГ жана/же СЖГ менен жабдуулардын (бул экран карала турган) тышөлчөмдөрүнүн бардык тараптарынан 0,5 м ден кем эмес ашырылат.
Мында май куюучу жер үчүн каралган коргоо экранынын туурасы май куюучу жердин эки жагынын узундугунан 0.5 м ден кем эмес ашырылат, ал эми бийиктиги, АМКСтин долбоорунда каралган май куюлуучу транспорт каражаттарынын бийиктигинен 0.5 м ге ашырылат.
8.17 Көп май куюучу АМКСти долбоорлоодо төмөнкүлөргө жол берилбейт:
- АМКСте бир мезгилде эки же андан көп АЦнын жайгашуусуна;
- СЖГны транспорт ёмкостторунун (идиштеринин) вакуум обочолонтуучусу жок АЦда жеткирүүгө;
- АМКСтин ишин токтотуусуз резервуарларды суюк мотор отун/майлары, СЖГ же СКСГ менен толтурууга (АМКСтин аймагында АМКСтин персоналы эмес жактардын жана АЦнын экипажынын болуусуна жол берилбейт).
8.18 СЖГ жана СКСГ суюк фазасынын АЦнын чегинен сырткары төгүлүүсүн болтурбоону жана АМКСтен тышкары СЖГ менен СКСГ отунун буулануусунан улам жарылууга кооптуу кошундулардын пайда болуусун болтурбоону камсыздоо керек.
Мисал – көрсөтүлгөн талаптарды төмөнкүдөй аткарууга зарыл. СКСГ жана СЖГ АЦсынын жабуу түзүлүшүн ушул курулуш ченемдеринин 6.30-пункту боюнча жалаӊ гана аралыктан (АМКСтин оператордук жайынан) жана автоматтык түрдө (АЦ аянтында агууну тапканда датчик иштеп кеткен учурда) башкарылган түрүн пайдаланууну караштырыш керек.
8.19 Көп май куюучу АМКСтерде жана АГТКСтерде ТЖГ жабдууларынын алдына күйбөөчү материалдардан жасалган оюктарды орнотууга жол берилет. Ошол эле учурда бул курулмалардын дубалдарынын гидрообочолонуусун кароо керек. Күйүүчү материалдарды гидрообочолонтуу үчүн колдонууда бул гидрообочолонтуу курчап турган топурактын кыртышы тарабынан жасалышы керек.
8.20 Тазалоочу курулмалардын, алардын ичинде лотоктордун жана туташтыруучу трубопроводдордун орнотмолору АЦ аянтчаларынан жана ар бир май куюучу жерлерден СЖГнын жана анын бууларынын, ошондой эле СКСГнын бууларынын таралышын жокко чыгарып жасалышы керек.
8.21 Сордургуч же компрессордук жабдыктардын жардамы аркылуу резервуарларды (идиштерди) толтуруу каралган технологиялык тутумдар электр азыктануусунан өчүрүүнү кол менен өчүрүүчү выключателдер менен (автоматтык выключатель болгон учурда деле) жабдылууга тийиш. Ал кол кол менен өчүрүүчү выключателдер операторлор отурган жайда же сордургучтардын (компрессорлордун) жанында болууга тийиш. Ар кандай түрдөгү күйүүчү отун/майлар жайгашкан көп май куюучу АМКСтин технологиялык тутумунун тилкелери, аварияга каршы коргоочу туруктуу иштөөчү тутумдардан тышкары, бул тилкелердин электр жабдыктарынын өчүргүчтөрү менен жабдылышы керек.
8.22 Резервуарлардын бирин күйүүчү май менен толтурууда (ТЖГ идиштеринен тышкары), калган резервуарлардын толуп кетүүсүн болтурбоону, резервуарды толтурууга катышпаган компрессордук жабдыктын жана башка май берүүчү колонкалардын баарын автоматтык режимдеги өчүрүлүшүн камсыз кылууга тийиш.
8.23 Көп май куюучу АМКСтердин тилкелеринин биринде аварияга каршы коргоочу автоматтык тутумдары иштеп кеткенде, авариянын мындан аркы өнүгүшүн болтурбоочу бардык технологиялык тилкелердин (трубопроводдорду тосуу, сордуру куюштуруучу механизмдерин өчүрүү, жаратылыш газынын ашыкча басымын түшүрүү, анын ичинде СЖГ жабдууларынын ичинен СЖГ бууларын чыгаруу, сугат тутумун кошуу, жабдууну токсуз калтыруу) аварияга каршы коргоочу тутумдарынын автоматтык түрдө аракетке келиши каралышы керек.
8.24 Кол менен жана аралыктан иштетүүчү (электромагниттүүнү кошуп) СКСГ, ТЖГ же СЖГ айланган технологиялык жабдыктарда колдонулуучу кулптоочу трубопровод арматурасы кулптоочу түзүлүштөрдүн Р 54808 Мамстандарты боюнча А же В жылчыксыздык класстарына ылайык келиши керек.
СКСГ жана СЖГ резервуарларын бөлүп кетүүчү трубопроводдордон менен патрубкалардан жылчыксыз бүтөөгө арналган кулптоочу арматуранын, ошондой эле аварияга каршы коргоо тутумунун кулптоочу, сактоочу жана жөнгө салуучу арматураларынын ишеничтүүлүгүнө сыноо параметрлеринин паспорттук маанилери төмөнкү маанилерден начар болбош керек:
иштебей калууга чейин иштөөнүн параметрлери (циклдардын саны жана/же иштин сааты) көрсөтүлгөн арматуралардын аны алмаштыруусуна чейинки, АМОКСтин технологиялык тутумунун документтеринин талаптары менен жөнгө салынган циклдардын санынын жана/же иштин саатынын эксплуатациясынын жол берилген санынан кем болбошу керек;
элементтерди алмаштырууга байланышкан техникалык тейлөөнүн мезгилдүүлүгү 5 жылдан кем эмес убакытта жүргүзүлүп турушу керек.
Кулптоочу арматураны колдоно турган толук дайындалган ресурс, анын ичинде мажбурланган аракетке келтирүүчү түзүлүшү менен, анын эсептик чоңдугунан 20%дан кем эмес ашырылышы керек жана АМКСтин технологиялык тутумунун документтеринде көрсөтүлүшү керек.
8.25 Технологиялык тутумдардын конструкциясында КЖГ, СЖГ, СКСГ жана анын буулары айланган жабдыктын ички мейкиининдеги, ошондой эле СКСГ үчүн жабдыктын дубал арасындагы мейкинди күйүүчү отун/майдан жана инерттүү газдын үйлөөсүнөн өрткө жана жарылууга коопсуз бошотууну бул жабдыкты демонтаждабай туруп жүргүзүү мүмкүнчүлүгү каралышы керек.
8.26 Технологиялык тутумдардын конструкциясында аралыктан (АМКСтин операторлору отурган жайдан) жана автоматтуу түрдө (аварияга каршы коргонуу тутуму иштеген учурда) КЖГны чыгаруу, жабдыктарды (анын ичинде өлчөнүүчү ёмкостторду) СЖГдан бошотуу (бууну чырагуу жолу менен) процессин башкаруу, жер үстүндөгү же бөлмөдө жайгашкан эки тарабынан теӊ кесилген трубопроводдорду бошотуу (бууну чырагуу жолу менен) жана АМКСтин технологиялык тутумунун чыагруучу түтүктөрүнө жабдыктарды СЖГдан жана СКСГдан бошотуу каралышы керек.
Аварияны жайылтпоо аркеттери же эксплуатация учурунда эки тарабынан тең жабуу мүмкүн болгон КЖГ, СЖГ, СКСГ жана анын буулары үчүн жабдуулары (анын ичинде трубопроводдору бар) бар АМКСтин технологиялык тутумунун тилкелери АМКСтин технологиялык тутумунуна тиешелүү документтерде каралган басымдан басымдын жогору өсүшүн болтурбоочу түзүлүштөр менен жабдылуусу керек.
8.27. АМКСтин технологиялык тутумунун майжабдыгынын бүтүндөй герметикалуулугуна ушул тутумга тиешелүү документациясы аныктаган колдонуу мөөнөтү аралыгында өӊдүрүүчү завод кепилдик кылбай турган учурда, аталган тутумдун конструкциясы аталган жабдуунун герметикалуулугуна мезгилдүү өрткө коопсуз сыноолорду обьекттин өзүндө өткөрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.
8.28. Ишти, башкарууну жана көп майкуючу АМКСтин технологилык тутумунун ар бир тилкесин авриялык өчүрүүнү контролдоонун автоматтыштырылган тутумунун курал панелинин жайгашуусу АМКСтин оператолор үчүн жаййында каралышы керек.
Аталган тутумдарды кайталап жайгаштырууга имараттын өзүнчө жайында (түздөн-түз сыртка чыгуусу бар) же АМКС технологиялык тутумдарынын жабдыктары жайгашкан курулмалардын тосуучу конструкцияларынын тышында жайгаштырууга жол берилет.
Кирүүчү жана бөлүп кетүүчү майтүтүктөрүнүн кулптоочу арматурасы имараттын (курулманын) сыртында жайгашуусу керек.
8.29. Көп майлуу АМКСте салттуу АМКС технологиялык тутумдарына коюлган талаптарга жооп берген бензинди жана дизель майды кабыл алуу, сактоо жана берүү технологиялык жабдууларын колдонууга жол берилет.
8.30. СКСГ сактоо үчүн резервуарлар 0,5 м. кем эмес топуракка көмүлгөн калыңдыкты камсыздап, жер алдында жайгашуусу керек.
Калк отурукташкан пункттардын чегинде жайгашкан АМКСте СКСГ үчүн резервуарлардын жалпы сыйымдуулугу 20 м3, ал эми бирөө - 10 м3 жогору болбошу керек.
Калк отурукташкан пункттардын аймагынан тышкары жайгашкан АМКСте СКСГ үчүн резервуарлардын жалпы жана бирдик сыйымдуулугун 2 эседен ашык эмес көбөйтүүгө жол берилет.
Жайгашкан жерине карабастан АМКСте СКСГ үчүн резервуарлардын жалпы жана бирдик сыйымдуулугу тышкы өрт өчүрүүгө сууну берүүнү камсыздоодо 2 эседен ашык эмес көбөйтүүгө жана ушул курулуш ченемдери менен талап кылынган бул АМКСте колдонулган эң көп резервуардан (анын ичинде АЦ) СКСГ толук күйүп кетүү убактысы арылыгындагы чыгым менен сугарууга жол берилет.
8.31. СЖГны сактоо үчүн резервуалардын жалпы жана бирдик сыйымдуулугу 25 м3 жогорулабашы керек.
Эки кабыктуу резервуарга коюлган талаптарга жооп бербеген СЖГ АЦ транспорттук ёмкосттун (идишинин) батышы 25 м3 жогору болбошу керек.
Жер алдына жайгашкандарга кирбеген СЖГ эки кабыктуу резервуарларын пайдубалдарда жайгаштыруу керек. Пайдубалдын бийиктиги ага жанаша жаткан аймакка карата 0,2 м кем эмес болушу керек, анын мерчемдеги көлөмдөрү резервуарлардын габаритинен бардык тарапка 0,5 м кем эмес чоӊ болушу керек, ал эми жогорку тарабы резервуардан пайдубалдын четине карата эки градустан кем эмес жантайыңкы болушу керек.
8.32. Технологиялык тутум СЖГ сактоо үчүн резервуарлардан СЖГнын агуусуна, ошондой эле СКСГ сактоо үчүн резервуарлардан СКСГ жана анын бууларынын агуусуна коопсуз бөгөт коюу мүмкүнчүлүгүн жылына бир миллиондон жогорку жыштыктагы ӨТТКЧден 20% ашкан аталган буулардын газ-буу-аба аралашма концентрациясынын АМКСтин аймагынан тышкары чыгуусун болтурбоо мүмкүнчүлүгү менен камсыздашы керек.
Мисалы – аталган талапты төмөнкүдөй аткарууга жол берилет. Ширетилип кошулган СКСГ жана алардын жабдууларын (патрубкалар, штуцерлер, фланцы, тыгындар ж.б.) сактоо үчүн резевуарлар, ошондой эле СКСГ чыгуу жолунун жана резервуарлардан алардын бууларынын чыгуусуна бөгөт камсыздаган биринчи кулптоочу арматурага чейинки бардык кураштырма туташтыргычтар эки дубалдуу болуп даярдалат.
Аталган резервуарлар АМКСтин кызматкерлерине герметикалуулуктун бузулгандыгы туурасында автоматтык сигналды (дабыштык жана жарык менен) камсыздаган жана компрессордук жабдыкты автоматту түрдө өчүргөн, резервуарларды майменен толтуруу операциясын жана көп майлуу АМКСтин бардык технологиялык тутумдарындагы керектөөчүлөрүнө берүүнү токтоткон алардын дубалдар аралык мейкининин герметикалуулугун туруктуу контролдоо тутуму менен жабдылган.
СЖГ сактоо үчүн резервуарлар эки кабыктуу болуп жасалган жана АМКСтин кызматкерлерине герметикалуулуктун бузулгандыгы туурасында автоматтык сигналды (дабыштык жана жарык менен) камсыздайт, компрессордук жабдыкты автоматту түрдө өчүрүп, резервуарларды майменен толтуруу операциясын жана көп майлуу АМКСтин бардык технологиялык тутумдарындагы керектөөчүлөрүнө берүүнү токтоткон алардын дубалдар аралык мейкининин герметикалуулугун туруктуу контролдоо тутуму менен жабдылган.
8.33. Айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн жүрө турган зонасынан өткөн СЖГ жана анын буулары үчүн трубопроводдору жер алдына жайгаштырылышы керек.
Технологиялык тутум СЖГнын жана анын бууларынын аталган трубопроводдордон чыгып кетүүсүнө коопсуз бөгөт коюу мүмкүнчүлүгүн жылына бир миллиондон жогорку жыштыктагы ӨТТКЧден 20% ашкан аталган буулардын газ-буу-аба аралашма концентрациясынын АМКСтин аймагынан тышкары чыгуусун болтурбоо мүмкүнчүлүгү менен камсыздашы керек.
Айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн боло турган зонасында СЖГ трубопроводдорун төшөөгө уруксат берилбейт.
Мисал – аталган талапты төмөнкүдөй аткарууга уруксат берилет.
Долбоордо айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн болуусуна жол берилген АМКСтин аймагынан өткөн СКСГ жана анын буулары үчүн трубопроводдордун бүтүндөй узундугу (чечме туташтыргычтарын кошуп) эки дубалдуу болуп жасалган жана АМКСтин кызматкерлерине герметикалуулуктун бузулгандыгы туурасында автоматтык сигналды (дабыштык жана жарык менен) камсыздаган, компрессордук жабдыкты автоматту түрдө өчүрүп, резервуарларды майменен толтуруу операциясын жана көп майлуу АМКСтин бардык технологиялык тутумдарындагы керектөөчүлөрүнө берүүнү токтоткон алардын дубалдар аралык мейкининин герметикалуулугун туруктуу контролдоо тутуму менен жабдылган.
8.34. Резервуарлардын жана трубопроводдордун герметикалуулугу бузулган учурда резервуарлардын дубалдар аралык мейкиндигинде жана түтүктөрдүн ортосундагы мейкиндикте ички СКСГнын жарылууга кооптуу аба менен аралашмасынын пайда болуусун жокко чыгаруу керек.
Мисал – аталган талап аталган мейкиндиктен абаны азот менен кысып чыгаруунун эсебинен аткарылуусуна жол берилет.
8.35. СКСГ жана СЖГ сактоо үчүн резервуарлар, СЖГны өлчөөчү ёмкосттор алардын толуусунун уруксат берилген деӊгээлинин жеткен чегинен ашып кетүүсүн (СЖГнын резервуарынын геометриялык көлөмүнүн 85% жана СЖГнын резервуары менен СЖГнын өлчөөчү ёмкостунун геометриялык көлөмүнүн 95%) автоматту түрдө болтурбоочу тутум менен жабдылууга тийиш.
8.36. СКСГ жана СЖГны сактоочу резервуарларга (трубопроводдорду, штуцерлерди, патрубкаларды, люктарды киргизүү) оюп орнотуу (врезка) орундарын аларды толтуруунун номиналдык деңгээлинен жогору жайгашкан жерлерде жүргүзүү сунушталат.
СЖГ резервуарларынан 20 м кем эмес аралыкта өткөн СКСГ бир дубалдуу жер алдындагы трубопроводдорунун тилкелери аталган резервуарлардан ушул курулуш ченемдеринин талаптарына жооп берген коргоо экрандары менен бөлүнүп турушу керек.
Мында экрандын туурасы трубопроводдун габариттеринен вертикалы боюнча эки тарапка тең 0,5 м ге чоӊ болушу камсыздалышы керек.
8.37. Авариялык кырдаалда СЖГнын же кайсы бир технологиялык тилкелерде анын бууларынын басымы АМКСтин технологиялык тутумуна тиешелүү документтерде келтирилген уруксат берилген көрсөткүчтөрдөн жогорулап кеитиши мүмкүн болгон техникалык чечимдерди колдонгон учурда, аталган тилкелерде басымды автоматтуу түрдө контролдоочу тутум каралышы керек.
Контролго алынган трубопроводдордун тилкелеринде басым уруксат берилген көрсөткүчтөрдөн жогорулап кеткен учурда, басымды автоматтуу түрдө контролдоочу тутум автоматтык сигналды (дабыштык жана жарык менен), компрессордук жабдыкты автоматту түрдө өчүрүп, резервуарларды майменен толтуруу операциясын жана көп майлуу АМКСтин бардык технологиялык тутумдарындагы керектөөчүлөрүнө берүүнү токтотууну камсыздашы керек.
8.38. СКСГ сактоочу резервуарларды толтуруу АЦдан гана жүргүзүлүшү керек.
СКСГ сактоочу резервуарлар жайгашкан жерде өзгөчө кырдаал жарыяланып калган учурларга АЦ СКСГ сактоочу резервуарларды бошотуп алуучу линиялары менен жабдылууга тийиш.
СКСГ менен технологиялык байланышта болгон газ толтуруучу станциялардын же пункттардын резервуарларынан АМКСтин жалпы пайдаланган таркатуучу колонкаларына СКСГны берүүнү караштырууга уруксат төмөнкү шарттарда берилет:
- АГКСтин аймагында СКСГ резервуарларынын жоктугу;
- газ толтуруучу станциянын же пункттун аймагында жүргүзүлгөн СКСГ берүү трубопроводун аралыктан (АГЗС операторунан) жабууну камсыздоо;
- аталган берүү жүргүзүлүп жаткан резервуарды толтурууда АГКСтин бөлүштүрүүчү колонкасына СКСГ берүүгө бөгөт коюу.
АГКСтин бөлүштүрүүчү колонкасынан берүү жүргүзүлүп жаткан газ толтуруучу станциянын же пункттун имараттарына жана курулмаларына чейинки минималдуу аралыкты ушул курулуш ченемдеринин 6-таблицасына ылайык аныктоо керек.
8.39. СЖГ сактоочу резервуарларды толтуруу АЦдан гана жүргүзүлүшү керек. Транспорт ёмкосттору (идиштери) вакуум обочолонтууну камсыздоого арналган термо обочолонтуучу капкак менен жабдылбаган АЦларды колдонууга тыюу салынат.
СЖГ сактоочу резервуарлары жайгашкан жерде өзгөчө кырдаал жарыяланып калган учурларга АЦ СЖГ сактоочу резервуарларды бошотуп алуучу линиялары менен жабдылууга тийиш.
Ушул курулуш ченемдеринин жана СЖГны аз тонналуу өндүргөн жана керектеген объекттин өрт коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук акттардын жана документтердин шарттары аткарылган учурда СЖГны СЖГ сактоочу резервуарларга аны менен технологиялык байланышта болгон СЖГны аз тонналуу өндүргөн жана керектеген объекттин трубопроводу аркылуу берүүнү кароого уруксат берилет. Мында төмөндөгүлөрдү камсыздоо керек:
АМКСтин операторлору менен аны менен технологиялык жактан байланышкан объекттин туруктуу байланышы;
белгилердин чыккан ордуна карабастан, АМКСтин жана аны менен байланышта болгон объекттин өрткө каршы жана аварияга каршы тутумдарынын сигнал берүү тутумунун иштешин эки обьекттин тең операторлоруна өткөрүп берүү;
АМКС менен технологиялык жактан байланышкан объекттин аймагында аталган трубопроводду бошотуу үчүн да колдонулган бөлүп чыгаруучу түтүгүн жайгаштыруу;
АМКС аймагында (ушул курулуш ченемдеринин 8.2. пунктунда каралган аянтта), ошондой эле бул АМКС технологиялык жактан байланышкан объекттин аймагында аталган трубопроводдун кулптоочу арматурасын орнотуу;
аталган трубопроводдо кулптоочу арматураны кол менен (жайгаштыруу жеринен), аралыктан (АМКСтин операторлору отурган жайдан жана аны менен байланышкан объекттин операторлору отурган жайдан) жана автоматтык түрдө (АМКСтин жана аталган объекттин өрткө каршы жана аварияга каршы коргонуу тутуму иштеген учурда) башкаруу. Иштеп кетүү алгоритми АМКСтин технологиялык тутумуна тиешелүү документтерде жөнгө салынышы керек.
8.40. СКСГ жана СЖГ жабдуулары бар технологиялык кудуктар, СКСГ резервуарларынын шахталары (бош мейкиндиги бар) КЖГ жана/же СЖГ жабдуулары бар оюктар, СКСГ АЦ жана СЖГ АЦ үчүн аянттар, транспорт каражаттары СКСГ менен толтурула турган отун/ май куючу жерлер, ошондой эле тосмонун толук аянты жылчык аянтына карата 50% ашык болгон вертикалдуу тосуучу конструкциялары бар КЖГ, СЖГ жана СКСГ айланган курулмалар, жарылууга чейинки концентрациялары бар сигнал бергичтер менен жабдылышы керек. Бул белги берүүчү түзүлүштөр (сигнализаторлор) күйүүчү газдын концентрациясы ӨТТКЧден 20%га жогору болгон чоӊдукка жеткенде герметикалуулук бузулгандыгы туурасында оператордук жайга сигнал (дабыштык жана жарык менен) берүүнү камсыздоого тийиш.
Белги берүүчү түзүлүштөр (сигнализаторлор) орнотулган жерлерде күйүүчү газ ӨТТКЧден 50%га дал келген жарылууга кооптуу концентрацияга жеткенде, майды сактоочу резервуарларды (идиштерин) жана майбөлүштүрүүчү жабдыктарды толтуруу операциясын автоматтык түрдө токтотуу камсыздалышы керек.
Жарылууга кооптуу концентрациянын датчиктери 50дөн кем эмес, бирок 100 мм алыс эмес аралыкта жайгашуусу керек (долбоордук чечимге жараша):
- СКСГ жана СЖГ бар жабдуулары бар шахталардын жана технологиялык кудуктардын түбүнөн;
- май куюучу аянттын деңгээлинен (СКСГ таркатуучу колонкадан);
- СКСГ АЦ жана СЖГ АЦ үчүн аянттын деңгээлинен (резервуарды толтуруу линиясы менен АЦнын куюучу жеӊинин ажыратып алынуучу туташтырмасынын жанында);
- СКСГ же СЖГ айланган курулманын аянтынын (полунун) үстүнөн;
- КЖГ жана/же СЖГ айланган курулманын (оюктун) жабуусунан (сересинен).
8.41. СКСГ же СЖГ сордуруп куюштуруучу жайда (сордуруучу же компрессордук жайда) орнотулган жарылууга кооптуу концентрациянын белги берүүчү түзүлүштөрү (сигнализаторлор) иштеп кеткен учурда, АЦдан газ отунунун куюлушун автоматту түрдө токтотуу, резервуарларга газды жана ушул отундун/майдын бууларын АЦнын бош мейкинине берүүчү трубопроводдордогу кулптоочу арматурага автоматтык түрдө бөгөт коюу, авариялык желдетүүнү жана газдын чыгып жаткандыгы туурасында сигнализацияны иштетүү операциялары менен бирге, толтуруу линияларынын тилкелери автоматтык түрдө бошотулушу керек жана чыгаруучу түтүк аркылуу аталган бууларды чыгаруу жолу менен АЦга бириктирүүчү штуцерлерге чейин резервуардан кесилген газ отунунун бууларын артка кайтарууну камсыздоо керек.
8.42. СКСГ же СЖГ бууларын чыгаруучу түтүктөрү өрттүн таасиринен, көчмө өрт техникасынын келишине жана иштешине керек болгон убакыт аралыгында анын иштешин камсыздагандай болуп корголушу керек (жылуулук обочолонтуусу, суу менен сугаруу, өрткө чыдамдуу материалдарды колдонуу).
Бөлүп чыгаруучу түтүктүн көтөрүп туруучу конструкцияларынын өрткө чыдамдуулугунун чеги R60 кем болбоого тийиш.
8.43. АМКСтин технологиялык тутумунун буу жана суюк фазадагы СКСГ, КЖГ, СЖГ трубопроводдорунун АЦ жеӊдерине, таркатуучу колонкаларга жана таркатуучу колонкалардын шлангдарына бириктирилген жерлерден алыс эмес жерлерде аталган жеӊдердин жана шлангдардын герметикалуулугу бузулган учурда, ошондой эле транспорт каражаты тебелеп кетип, таркатуучу колонкалар бузулган учурда ушул тутумдун жабдыктарынан газдын атмосферага чыгуусун болтурбоону камсыздоочу атайын түзүлүштөрдү орнотуу каралышы керек.
Эгерде колонка майды куюучу жерден 0,2м кем эмес коопсуз көтөрүӊкү жерде орнотулса, жана майды куюучу жердин четинен 0,5м кем эмес аралыкта жайгашса, таркатуучу колонка жабыркаганда ага алып баруучу түтүктөрдөн газдын келүүсүн болтурбоого арналган жабдыктарды орнотпой коюга болот.
8.44. Ашыкча басым алдында турган жана жер алдына (жерге) орнотулган КЖГ үчүн технологиялык тутумдун идиштери 30 минуттан кем эмес аралыкта өрттүн очогунан жылуулук нурлануусуна таасирин тийгизүүнүн натыйжасында корголгон идиштердин бузулуусун болтурбаган суу сугаруу тутуму же жылуулук чыгарбоо жабдыктары менен камсыздалышы керек. Аталган идиштерден (чыгаруучу түтүк аркылуу) газдын ашыкча басымын чыгаруу убактысы бул учурда 20 минуттан ашпоого тийиш.
Эгерде аталган идиштер терең же жер алдына жайгаштырылса, бул идиштердин дубалдарын жылуулук обочолонтууну же суу менен сугарууну караштырбай коюга жол берилет.
Мында бул идиштерге тиешелүү кулптоочу, сактоочу, жөнгө салуучу жана өлчөөчу арматура жер үстүндө жайгашкан технологиялык аянттын эркин жетүү зонасында жайгашуусу керек.
КЖГ жана СЖГ үчүн технологиялык тутумдун калган жабдыктары аталган таасирдин натыйжасында аны герметикалуулугу бузулганга чейин аталган жабдыктардан жаратылыш газынын ашыкча басымын (СЖГ бууларын) чыгарып таштоону камсыздагандай түрдө өрттүн тышкы очогунун таасиринен сактоону камсыздагандай жайгаштырылуусу, даярдалуусу жана/же корголушу керек.
8.45. Компрессордук орнотмолордо АМКСтин технологиялык тутумуна жаратылыш газын алып келген трубопроводунун туташтырылган түйүнүндө жаратылыш гаызынын басымы АМКСтин технологиялык тутумуна тиешелүү документтерде аныкталган уруксат берилген чектен чыккан учурда автоматтык өчүрүүчү жана эскертүүчү белги берүүчү (сигнализация) тутуму каралышы абзел.
8.46. Майжана /же анын буулары айланган жабдыктын тышкы жылуулук обочолонтуусун орнотууда жана алар орнотулган жайларда күйүүчү материалдарды, ошондой эле майды жана анын бууларын абсорбциялоого жөндөмдүү материалдарды колдонууга жол берилбейт.
8.47. АМКСти эксплуатациялоо процессинде персоналдын жетүүсү камсыздалышы керек болгон технологиялык жабдыктарды контролдоо жана башкаруу түзүлүштөрүн жайгаштыруу (контролдоо-өлчөө куралдарынын жабдык панелдерин, башкаруу кнопкаларын) аларга биринчи типтеги тосмолор менен АМКСтин технологиялык тутумунун калган жабдыктарынан алыскы жайларда (отсектерде) жана тыштагы имараттан же курулмалардан түздөн-түз чыгуучу жери бар же имараттын же курулмалардын тышында жайгашкан башкаруу жана контролдоо щиттеринде каралышы керек.
8.48. АГТКСте төмөнкү шарттарды аткарууда КАГКС (МЭГК) КЖГны куюучу аянттын болуусуна жол берилет:
- АГТКСте айдоочуларды, жүргүнчүлөрдү жана алардын транспорт каражаттарын сервистик тейлөө имараттарынын жана курулмаларынын жоктугу;
- КЖГсы бар жер үстүндөгү жана жер алдындагы тышкы орнотмолор үчүн ушул курулуш ченемдери менен жөнгө салынган аралыкта АГТКСте имараттарга, курулмаларга жана жабдыктарга карата КАГКС (МЭГК) май куюучу аянтты жайгаштыруу;
- ушул курулуш ченемдеринин 8.16-пункту боюнча май куюучу жерлер тарабынан аянттын чеги боюнча коргоо экрандарын жайгаштыруу;
- ушул курулуш ченемдеринин 8.40 пунктунун талаптарын аткарып, жарылууга кооптуу концентрациясына белги берүүчү түзүлүштөрдү серенин жабуусунун алдында (КАГКС (МЭГК) аянтында сере бар болсо) орнотуу;
- АМКСтин технологиялык тутумунун аккумуляторлорун толтургандай, КАГКС (МЭГК) аккумуляторлоруна жаратылыш газын куюуда ушул курулуш ченемдеринин 8.26, 8.43, 8.44 жана 8.46 пунктарын талаптарын камсыздоо.
- АМКСтин операторлор жайынан (видеобайкоо аркылуу кароого жол берилет) жаратылыш газы менен КАГКС (МЭГК) аккумуляторлорун толтуруу процессине визуалдык контролдоону камсыздоо.
8.49. Жайгашкан ордуна карабастан, АМКС (ушул курулуш ченемдеринин 6.37, 6.38- пункттарында келтирилген АМКСтен тышкары жана ушул курулуш ченемдеринин Е жана Ж тиркемелеринде регламенттештирилген жол берүүлөрдү эске алуу менен) тышкы өрткө каршы суу түтүгү менен жабдылышы керек.
Тышкы өрт өчүрүүгө жана аталган АМКСтерди сугарууга суу өткөрүүгө АМКСтен 200 м. ашпаган аралыкта жайгашкан өрткө каршы суулардан же резервуарлардан өрт өчүрүүчү сордуруучу станциялары аркылуу жүргүзүүгө жол берилет. Мында өрткө каршы суулардын же резервуарлардын жалпы сыйымдуулугу эсеп менен аныкталышы керек, бирок 200 м3 кем болбоого тийиш.
Суунун өрткө каршы көлөмүн калыбына келтирүү убактысы 24 сааттан ашпоого тийиш.
8.50. Кампа аянтында СКСГсы бар жер үстүндөгү (жердеги) жабдыктарды, ошондой эле СЖГ сактоо резервуарларын, СКСГ АЦ жана СЖГ АЦ транспорт ёмкостторун (идиштерин) муздатууну камсыздоо үчүн өрт болгон учурда аталган жабдыктын үстүндө сууну берүүнү камсыздаган суу менен сугаруунун стационардык тутумдарынын жабдыктары каралышы керек.
8.51. Суу сугаруунун стационардык тутуму оператордук жайдан аралыктан башкарылган жогорку басымда өрт өчүрүү суу түтүгүнө кошулууга тийиш.
Суу менен сугаруу тутумун жайгаштыруу жана анын конструкциялык аткарылышы өрттүн жылуулук бөлүп чыгаруусуна анын туруктуулугун камсыздашы керек.
8.52. Көп майлууАМКС, АГКС жана АМККСтеги тышкы өрттү өчүрүүгө сууну сарптоо суунун суммалык чыгымы катары эсеп менен аныкталат, ага имараттардын өртүн өчүрүүгө сарпталган жана СКСГ, СЖГ жана КЖГ бар жерде (жер үстүндө) жайгашкан жабдыктардын муздоосуна суунун жалпы чыгымынын маанисинин максималдуусу (СКСГ эки дубалдуу резервуарларынан жана СЖГ эки дубалдуу резервуарларынан тышкары, АЦ транспорттук ёмкостторун кошуп) кирет.
Аталган жабдууну муздатууга сууну жалпы сарптоону аныктоодо АЦ транспорттук ёмкостторун муздатууга суу чыгымы катары АМКСтин аймагында бир жолку болууга долбоор менен жол берилген АЦ гана сугарууга сууну сарптоо маанилеринен максималдуусун эске алуу керек.
Аталган жабдыкты муздатууга суу берүү интенсивдүүлүгү төмөнкүдөй болууга тийиш:
СКСГ жана СЖГсы бар резервуарлардын (идиштердин) үстү үчүн (АЦ кошуп) –корголгон үстүнкү бөлүктүн 1 м2 секундасына 0,1 литрден кем эмес;
функционалдык жабдыктардын, алардын ичинде ёмкостторду, баллондорду, штуцерлерди жана сактоочу клапандарын, өчүрүү арматурасынын түйүндөрүн, трубопроводдорду жана сордуруучу жабдыктарды жайгаштыруу орду үчүн 1 м2 корголуучу үстүнкү бөлүгүнө секундасына 0,5 литр кем эмес.
АЦ, СКСГ жабдыктарынын жана СЖГ резервуарларынын муздатылышына сууну берүүнүн эсептик убактысын 60 минуттан кем эмес кабыл алуу керек.
КЖГ жана СЖГ жабдууларын муздатууга (АЦ транспорт ёмкостторунан жана сактоого резервуарларынан тышкары) суу берүүнүн эсептик убактысын 20%га көбөйтүлгөн АМКСтин технологиялык тутумунун бөлүп чыгаруу түтүктөрүнө газдын ашыкча басымынын көрсөтүлгөн шаймандарынан толук чыгаруу убактысынан кем эмес кароо керек. Муну менен катар жер үстүндөгү резервуарларды муздатууга суунун жалпы чыгымы (идиштер) секундасына 15 литрден кем болбошу керек.
8.53. КЖГ, СЖГ жана СКСГ айланган жайлар автоматтык өрткө каршы белги берүүчү түзүлүш менен жабдылууга тийиш.
8.54. АМКС жайларында өрткө каршы белги берүүчү түзүлүш иштеп калган учурда автоматтык режимде камсыздалууга тийиш:
- АМКСтин кызматкери күнү-түнү болгон оператордук жайына, ошондой эле бул АМКС менен технологиялык байланышкан объекттин кызматкерлери күнү-түнү болгон оператордук жайына өрт тууралуу белгини (сигналды) берүү;
- резервуарларды (идиштерди) майменен толтуруу боюнча операцияны токтотуу;
- СКСГ резервуары менен СКСГ АЦнын транспорттук ёмкостун (идишин) байланыштырган жана СЖГ сактоочу резервуар менен СЖГ АЦнын транспорттук ёмкостун (идишин) байланыштырган трубопроводдордогу, ошондой эле АМКСке майды берүүчү трубопроводдордогу кулптоочу арматураларга бөгөт коюу;
- бардык май куюучу (бөлүштүрүү) колонкаларды жана компрессордук жабдууну өчүрүү.
8.55. СКСГ сактоочу бир дубалдуу резервуарлары бар АГКСке атайын талаптарды ушул курулуш ченемдеринин Е тиркемесине ылайык тактоо керек.
8.56. Каптоочтогу СЖГ резервуарлары бар АОМККСке атайын талаптарды ушул курулуш ченемдеринин Ж тиркемесине ылайык тактоо керек.
8.57. Көчмө автомобилдик АОМККСке, газ топтоочу жана газ куюучу станцияларга атайын талаптарды ушул курулуш ченемдеринин И тиркемесине ылайык тактоо керек.
9.1. Ченемдик укуктук акттардын жоболорунда каралган учурларда АМКС менен коңшу обьекттердин ортосундагы жол берилген минималдуу аралыкты, ошондой эле ушул курулуш ченемдеринин талаптары менен жөнгө салынган АМКСтин обьекттери ортосундагы минималдуу аралыкты АМКСтин чегинен тышкары өрттүн таралышын чектөөнү камсыздаган өрткө каршы тосмолорду колдонууда азайтууга жол берилет.
Мында өрт тобокелдигинин эсептик маанилери төмөнкү жол берилген маанилерден жогору болбошу керек:
АМКСтин кызматкерлеринин санына кирбеген адамдар үчүн АМКСтин аймагында жана имараттарда, курумаларда жеке өрт тобокелдигинин чоӊдугу жылына бир миллиондон ашпоого тийиш;
турак зонада, коомдук-ишкер зонасында же АМКСке жакын рекреациялык милдеттеги зонада жайгашкан адамдар үчүн АМКСтеги өрттүн кооптуу факторлорунун таасиринин натыйжасында жеке өрт тобокелдигинин чоңдугу жылына бир жүз миллиондуктан ашпоого тийиш;
турак зонасында, коомдук-ишкер зонасында же АМКСке жакын рекреациялык милдеттеги зонада жайгашкан адамдар үчүн АМКСтеги өрттүн кооптуу факторлорунун таасиринен социалдык өрт тобокелдигинин чоңдугу жылына бир он миллиондуктан ашпоого тийиш.
Өрткө каршы тосмолор катары АМКС технологиялык тутумуна тиешелүү документтерде негизделген минималдуу жол берилген аралык, өрткө каршы дубалдар, экрандар, суу далдасы (завеса) жана/же башка иш-чаралар, ошондой эле алардын жыйындысы каралышы мүмкүн.
9.2. Уруксат берилген мниималдуу аралыктарды мүмкүн болгон азайтуу үчүн негиз болуп өрт тобокелдигинин эсеби эсептелет. Бул эсеп тутумдардын жана тосмолордун өндүрүүчүлөрү кепилдик берген даярдоо сапатына жараша аныктаган АМКСте колдонулган өрткө каршы тосмолордун технологиялык тутумдарынын жабдыктарынын иштебей калуу жыштыгынын маанилерин жана колдонулган материалдардын курамдары жана конструкциялык өзгөчөлүктөрү эске алынып жүргүзүлөт.
9.3. АМКСтин технологиялык тутумунда колдонулган документтерде камтылган өрт тобокелдигинин эсеби талаптарына ылайык келүүсү керек.
10.1. АМКСтин өрт өчүрүү максаттары үчүн төмөндөгүлөр каралышы керек:
- баштапкы өрт өчүрүүчү каражаттар;
- стационардык өрт өчүрүүчү орнотмолор;
- тышкы өрт өчүрүү суу түтүгү же көлмө.
10.2. Өрт өчүрүүчү баштапкы каражаттардын тибин, керектүү санын жана жайгаштырылуусун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 8- февралындагы № 33 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында ишканалар, уюмдар, мекемелер жана турак фонддору үчүн өрт коопсуздугу эрежелери” талаптарына ылайык тандоо керек.
Бардык АМКСтер баштапкы өрт өчүрүүчү каражаттар менен жабдылууга тийиш (А тиркемеси).
Тышкы өрт өчүрүү эки өрт гидранттарынан кем эмес же АМКСтен 200 м ашпаган аралыкта жайгашкан 100 м3 кем эмес жалпы сыйымдуулуктагы өрткө каршы көлмөдөн (көлмөлөрдөн) жүргүзүлүшү керек.
Тышкы өрт өчүрүүгө суунун чыгымы имараттардын өрт өчүрүүсүнө чыгымдардын максималдуу маанисин жана жер үстүндөгү резевуарлардын муздоосуна суунун жалпы чыгымын камтыган суунун суммардык чыгымы катары эсеп менен аныкталат.
АМКСтин имаратарынын өртүн өчүрүүгө сууну сарптоо тышкы тармактарды суу менен камсыздоо боюнча ченемдик- техникалык документтер боюнча аныкталат (айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү сервистик тейлөө имараттары үчүн, ошондой эле АМКСтин кызматкерлери үчүн имараттар – коомдук имарат үчүн, транспорт каражаттарын сервистик тейлөө имараттары үчүн – өндүрүштүк имараттарга каралгандай). Жер алдындагы резервуарларды муздатууга суунун жалпы чыгымын 15 л/с кем эмес кабыл алуу керек.
10.4. АМКСтин жайлары “Өрттү табуу жана аны өчүрүү автоматтык тутуму тарабынан корголуучу имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмесине” ылайык өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолору жана өрт жөнүндө белги берүүчү түзүлүштөр (сигнализациясы) менен жабдылууга тийиш. АМКСте адамдар үчүн күнү-түнү болгон АМКСтин кызматкерлери үчүн жайларды өрт жөнүндө белги берүүчү түзүлүштөр менен жабдылууну караштырбай коюга жол берилет. ОМТКларды өз алдынча иштөөчү өрт өчүргүчтөр менен жабдуу сунушталат.
Эгерде калк отурукташкан пункттардан тышкары жайгашкан АМКСтерде жер алдындагы резервуарлар колдонулган болсо, жана сервистик тейлөө жайлары жок болсо, бул АМКСтерди тышкы өрткө каршы суу менен жабдууну караштырбай коюга жол берилет.
Мындай АМКСтерде кошумча стационардык же көчмө өрт өчүргүчтөрү каралышы керек. Кошумча өрт өчүргүчтөрдүн тиби жана алардын саны аймактык түзүмдүк бөлүмдөр менен макулдашуу боюнча аныкталат.
А тиркемеси
(милдеттүү)
Май куюучу пункттун технологиялык жабдууларынан жана курулмаларынан ал жайгашкан имаратка, курулмаларга жана тышкы орнотмолорго чейинки минималдуу аралыкты А 1 таблицасына ылайык колдонуу керек.
А1 т а б л и ц а с ы
метр менен
Имараттардын, курулмалардын жана тышкы орнотмолордун аталышы
| Майүчүн жер алдындагы резервуарлар жана тазалоо курулмалары | Майүчүн жер үстүндөгү резервуар-лар | Май куюучу колонка-лар | Аянтча |
|
Өндүрүштүк имараттар жана А, Б, Г категорияларындагы жайлар |
30 |
30 |
30 |
30 |
|
В жана Д категорияларынын өндүрүштүк имарттары: - өрткө чыдамдуулуктун I, II,III даражадагы имараттары (дубалдардын жана жабуулардын тосуучу конструкцияларынын өрттү таркатпоонун нөлдүк чеги менен); - өрткө чыдамдуулуктун III, IIIа даражадагы имараттары; - өрткө чыдамдуулуктун III б, IV, IVa, V даражасындагы имараттары. |
6 9
12 |
12 16
20 |
6 9
12 |
9 12
18 |
|
3 Администрациялык жана тиричилик имараттары | 18 | 25 | 18 | 25 |
|
4 Ишкананын транспорт каражаттарын сактоо серелери жана ачык аянтчалары | 6 | 12 | 6 | 9 |
|
5 Ички темир жол жолдорунун огуна чейин |
10 |
15 |
10 |
15 |
|
А1 таблицасынын аягы
Имараттардын, курулмалардын жана тышкы орнотмолордун аталышы
| Майүчүн жер алдындагы резервуарлар жана тазалоо курулмалары | Майүчүн жер үстүндөгү резервуар-лар | Май куюучу колонка-лар | Аянтча |
6 Ишкананын автоунаа жолдорунун өтүү бөлүгүнүн четине чейин | 5 | 9 | 5 | 9 |
Э с к е р т ү ү эгерде май куюучу пункт тарапты караган имараттын дубалы текшиксиз, өрткө каршы болсо, .3-пункт боюнча аралыкты 50% чейин азайтууга жол берилет. Таблицада май куюучу пунктуна кирген жана ушул ченемдердин талаптарына жооп берген тазалоо курулмаларына чейин аралык келтирилген. Имараттардын тазалоо курулмаларына чейинки аралык алардын категориясына жараша аныкталат. 4-пункт боюнча аралык 10 бирдиктен ашык эмес санда жеңил жана мототранспорт сактоо аянтына чейин келтирилген. Бул санды 50 бирдикке чейин көбөйткөндө аталган аралык 30% чейин көбөйтүлүшү керек, ал эми 50 бирдиктен жогору -60% чейин болот. Башка транспорт каражаттары үчүн токтотмолорду уюштурууда аталган аралыкты 50% чейин көбөйтүү керек. А, Б, Г категорияларына кирген жайларды жана В менен Д категорияларын кирген имараттарды жайгаштырууда бул жайлардын дубалдарына (тосмолоруна) чейинки аралык 3 Ом. кем эмес колдонулушу керек. Эвакуациялык чыгуу жолу: 50 адам жана андан аз адамдын бир убакта болуусу үчүн арналган ишканалардын имараттарынан жана курулмаларынан жакынкы май куюучу пунктуна чейинки аралык АМКС жер үстүндөгү май жайгашкан жабдыктардан жана АЦ үчүн аянттан 12 м кем эмес аралыкта, ал эми 50 адамдан ашык болгон учурда – 15 м кем эмес аралыкта жайгашуусу керек. Май куюучу пункттун операторлор үчүн жайларын АЦ резервуарларынан керектөөчүлөргө майберүү жана аны толтуруу процессине бул жайдан визуалдык контролду камсыздоодо В же Д категорияларындагы башка милдеттеги имаратында жайгаштырууга жол берилет. | ||||
Б тиркемеси
(милдеттүү)
Бир дубалдуу жер үстүндөгү резервуарларды колдонуу каралган суюк мотор май куюучу АМКСтерге бөтөнчө талаптар
Б.1. Ушул курулуш ченемдеринин талаптарын аткарган учурда, ошондой эле төмөндө келтирилген жоболорду эске алуу менен калк отурукташкан пункттардын жана ишканалардын аймагынан тышкары жайгашкан АМКСтерге гана жер үстүндө жайгашкан бир дубалдуу резервуарларды колдонууга жол берилет.
Б.2. Контейнердик АМКСтерди А жана Б типтерине бөлүштүрүү төмөнкү шарттарга жараша аткарылат:
А тиби–АМКСтин резервуарларынын жалпы сыйымдуулугу 20дан 60 м3 чейин; Б тиби – АМКСтин резервуарларынын жалпы сыйымдуулугу 20 м3 ашык эмес.
Модулдук АМКСтин резервуарларынын жалпы сыйымдуулугу төмөнкүнү түзүшү керек: А тиби үчүн – 40 дан 100 м3 чейин, Б тиби үчүн - 40 м3 ашык эмес.
Резервуарлардын бирдиктүү сыйымдуулугу 10 м3 жогору болбойт.
Б.3. Бир дубалдуу жер үстүндөгү резервуарлары бар АМКСтен башка объекттерге чейинки минималдуу аралык Б.1 таблицасына ылайык кабыл алынат.
Б.1 т а б л и ц а с ы
Ага чейинки аралык аныктала турган обьекттин аталышы | АМКСтен аралык, м | |
А тиби | Б тиби | |
Өндүрүш жана кампа имараттары жана курулмалары, администрациялык-тиричилик имараттар жана өндүрүш уюмдарынын курулмалары (10- жана 11-саптарда көрсөтүлгөндөн тышкары) | 30 | 30 |
Токой көчөттөрү менен токойчулук (токойлор): ийне жалбырактуу жана аралаш түрлөр ийне жалбырактуулар |
50
20 |
40
15 |
3 Ф1-Ф4 функционалдык өрт кооптуулугу класстарындагы имараттар жана курулмалар (1-сапта көрсөтүлгөндөрдөн тышкары) | 100 | 50 |
Адамдар массалык түрдө жүргөн жерлер | 100 | 100 |
Б.1 таблицасынын аягы
Ага чейинки аралык аныктала турган обьекттин аталышы | АМКСтен аралык, м | |
А тиби | Б тиби | |
5. Автоунаалар үчүн менчик гараждар жана ачык токтотмолор | 40 | 30 |
6 Соода күркөлөрү | 50 | 50 |
7 Жалпы тармактагы автоунаа жолдору (өткөөл бөлүгүнүн чети): |
|
|
I, II жана III категориялар | 25 | 20 |
IV жана V категориялар | 15 | 12 |
8 Жалпы тармактагы темир жолдор (кырдалган топурактын таманына же оюктун кашына чейин) | 30 | 30 |
9 Тазалоо канализациялык курулмалар жана АМКСке тиешеси жок сордургуч станциялар. | 40 | 30 |
10 АН, БН, ГН категорияларын тышкы орнотмолору, 12.1.007 Мамстандарт боюнча кооптуулуктун I жана II класстарындагы радиоактивдүү жана зыяндуу заттар бар имараттар жана курулмалар | 100 | 100 |
11 Электр өткөрүүчү чубалгылар, электр чордондору (анын ичинде трансформатордук чордондор) | 100 | 100 |
12 Кампалар (имараттан тышкары): токой материалдары, чым, булалуу күйүүчү заттар, саман, куурай, ошондой эле ачык чым жаткан тилкелер. | 50 | 35 |
Э с к е р т ү ү - ушул курулуш ченемдеринин 1-таблицасынын 3-эскертүүсү Б.1 таблицасына тиешелүү. | ||
Б.4. Отун/майды сактоочу контейнерлердин резервуарлары отундун/майдын авариялык агуусун топтоо үчүн ёмкостко орнотулушу керек. Көрсөтүлгөн ёмкосттун сыйымдуулугу майды сактоочу эӊ чоӊ контейнерледрин резервуарларынан кем эмес сыйымдуулукта болууга тийиш.
Б.5.Майдын авариялык агып чыгуусун топтоо үчүн жалпы ёмкостко бир нече резервуарларды орнотууда бул ёмкостту резервуарлар ортосунда жайгашкан тосмолор менен секцияларга бөлүү керек. Тосмолордун бийиктиги аталган ёмкосттун бортунун бийиктигинин жарымынан кем болбошу керек. Тосмолор күйбөй турган материалдардан аткарылууга тийиш. Ёмкосттор менен тосмолорду туташтыруу орундары жылчыксыз болууга тийиш.
Б.6.Майды сактоо контейнерлери өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолору менен жабдылууга тийиш.
В тиркемеси
(милдеттүү )
Суюк мотор май куюучу пунктка бөтөнчө талаптар
В.1 Суюк мотор май куюучу пункттун технологиялык жабдууларынан жана курулмаларынан ал жайгаша турган ишкананын имараттарына, курулмаларына жана тышкы орнотмолоруна чейинки минималдуу аралыкты В.1. таблицасына ылайык колдонуу керек.
В.2. Май куюучу пункттун операторлор жайын АЦ резервуарларынан керектөөчүлөргө майберүү жана аны толтуруу процессине бул жайдан визуалдык контролду камсыздоодо В же Д категорияларындагы башка милдеттеги имаратында жайгаштырууга жол берилет.
В.3. Эвакуациялык чыгуу жолу: 50 адам жана андан аз адамдын бир убакта болуусу үчүн арналган ишканалардын имараттарынан жана курулмаларынан жакынкы май куюучу пунктуна чейинки аралык АМКСтин жер үстүндөгү майжайгашкан жабдыктардан жана АЦ үчүн аянттан 12 м кем эмес аралыкта, ал эми 50 адамдан ашык болгон учурда – 15 м кем эмес аралыкта жайгашуусу керек
В.1 т а б л и ц а с ы
Имараттардын, курулмалардын жана тышкы орнотмолордун аталышы
| Аралык, м | |||
Майжана тазалоо курулмалары үчүн жер алдындагы резервуарлар | Майүчүн жер үстүндөгү резервуарлар
| Майбөлүштүрүүчү колонкалар
| АЦ үчүн аянтча | |
АН, БН, ГН категорияларын тышкы орнотмолору, А, Б, Г категориялардагы өндүрүштүк имараттар жана курулмалар; 2-4,8-класстардагы жана 19433 Мамстандарт боюнча 9.1 классчаларындагы кооптуу жүктөрдү ташуучу траспорт каражаттарын сактоо аянттары | 30 | 30 | 30 | 30 |
В.1 таблицасынын уландысы
Имараттардын, курулмалардын жана тышкы орнотмолордун аталышы
| Аралык, м | |||
Майжана тазалоо курулмалары үчүн жер алдындагы резервуарлар | Майүчүн жер үстүндөгү резервуарлар
| Майбөлүштүрүүчү колонкалар
| АЦ үчүн аянтча | |
В жана Д категорияларындагы өндүрүш имараттары, В1-В4 жана Д категорияларындагы жайлар, ДН категориясындагы тышкы орнотмолор: С0 класснын өрткө чыдамдуулуктун III даражасындагы жана С0 жана С1 класстарынын отко чыдамдуулуктун I, II даражасындагы имараттар
|
|
|
|
|
| 6 | 12 | 6 | 9 |
С0 класснын өрткө чыдамдуулуктун жана С0 класснын отко чыдамдуулуктун IV даражасындагы, отко чыдамдуулуктун IV, V даражасындагы имарат жана ДН категориясындагы тышкы орнотмолор | 9 | 16 | 9 | 12 |
| 12 | 20 | 12 | 18 |
3 Администрациялык жана тиричилик имараттары | 18 | 25 | 18 | 25 |
4 Транспорт каражаттарын сактоо үчүн ачык аянтчалар жана серелер | 6 | 12 | 6 | 9 |
В.1таблицасынын аягы
Имараттардын, курулмалардын жана тышкы орнотмолордун аталышы
| Аралык, м | |||
Майжана тазалоо курулмалары үчүн жер алдындагы резервуарлар | Майүчүн жер үстүндөгү резервуарлар
| Майбөлүштүрүүчү колонкалар
| АЦ үчүн аянтча | |
5 Ишкананын ички темир жол жолдорунун огуна чейин | 10 | 15 | 10 | 15 |
6 Ишкананын автоунаа жолдорунун өткөөл бөлүгүнүн четине чейин | 5 | 9 | 5 | 9 |
7 12.1.007 Мамстандарт боюнча кооптуулуктун I жана II класттарынын радиоактивдүү жана зыяндуу заттары бар имараттар жана курулмалар; 1, 5 -7 класстардагы жана 19433 Мамстандарт боюнча 9.2 классындагы кооптуу жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттарын сактоо аянттары | 100 | 100 | 100 | 100 |
Э с к е р т ү ү л ө р 1 2-сапта көрсөтүлгөн имаратка чейинки аралык ченемдештирилбейт, эгерде май куюучу пункт тарапка караган имараттын дубалы өрткө туруктуу боло турган болсо, жана тешиктери жок болгон болсо, 3-сапта көрсөтүлгөн аралыкты 50% чейин азайтууга жол берилет. 2 Таблицада май куюучу пунктка тиешелүү болгон жана ушул курулуш ченемдеринин талаптарына жооп берген тазалоо курулмаларына чейинки аралык келтирилген. Ишкананын тазалоо курулмаларына чейинки аралык алардын категориясына жараша аныкталат. 4-сапта көрсөтүлгөн аралык 10 бирдиктен ашпаган санда жеңил жана мототранспортту сактоо аянтына чейин келтирилген. Бул санды 50 бирдикке чейин көбөйткөн учурда аталган аралык 30% көбөйтүлүшү керек, ал эми 50 бирдик болгондо – 60% чейин. Башка транспорт каражаттары үчүн токтотмолорду уюштурууда аралыкты 50% чейин көбөйтүү керек. Май куюучу пунктка тиешелүү болбогон В жана Д категорияларындагы имараттарда А, Б, Г категорияларындагы жайларды жайгаштырганда, бул жайлардын дубалдарына (тосмолоруна) чейинки аралык 30 м. кем эмес кабыл алынууга тийиш. | ||||
Г тиркемеси
(милдеттүү)
Автоунааларга суюк мотор май куюучу көчмө станцияларга бөтөнчө талаптар
Г.1. Автоунааларга май куюучу көчмө станциялар (АСМОМККС) талаа шартында, ошондой эле стационардык АМКСтин аймагында, АМКСте ремонт иштери жүрүп жаткан учурда, резервуарларды тазалоодо жана башка себептерде автомобилдерге жана башка техникага майкуюу үчүн колдонулат. АСМОМККСти шаарларда, райондук борборлордо, калк отурукташкан пункттарда жана ишканаларда колдонууга тыюу салынат.
Калк отурукташкан пункттардын чегинде АСМОМККСти жайгаштырууга салттуу АМКСтин аймагында ал жерде өрт иштери менен байланышпаган, ушул АМКСтин жабдыктарын колдонуп майтолтуруп, берүүнү камсыздаган ремонт жана регламенттик иштер жүрүп жаткан мезгилде гана жайгаштырууга уруксат берилет.
Салттуу АМКСтин аймагында АСМОМККС жайгашкан учурда сервистик тейлөө имараттарын колдонууга жол берилбейт.
АМКСтин башка типтери менен жетишсиз камсыздалган райондордо АСМОМККСти ушул максатка атайын жабдылган аянтчаларда орнотуу абзел.
Г.2. Жер үстүндөгү резервуарлары бар АМКСтерге АСМОМККС аянтчаларынын жайгаштырылуучу орду ушул курулуш ченемдерине коюган талаптарга жана төмөнкү кошумча жоболорго ылайык келиши керек:
- салттуу АМКСтердин аймагында АСМОМККСтер өткөөлдөрдүн бириндеги май куюучу жердин жанында карама-каршы өткөөлдөн транспорт каражаттарынын майкуюуга коопсуз өтүүсү мүмкүн болгондой кылып жайгаштырылышы керек. Мында АСМОМККСтердин алдында жана артында убактылуу тосмолорду орнотуу керек;
- АСМОМККСти орнотуу үчүн аянтты АСМОМККСтин узунунан кеткен тарабынан гана транспорт каражаттарынын бир тараптуу өтүү мүмкүнчүлүгүнө жараша тандоо керек;
- АСМОМККСтен жаан канализациясынын кабыл алуу кудуктарына чейинки аралык 10 м кем болбоого тийиш;
- АСМОМККСти орнотуу үчүн аянтча жана ага өтүүчү жолдор грунтка майды өткөрбөгөн катуу жабууга ээ болушу керек;
АСМОМККСти орнотуу үчүн аянттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-ж. 11-апрелде № 198 токтому менен бекитилген «Кооптуу жүктөрдү автоунаа менен ташуу эрежелери» ылайык АСМОМККСтин жердетүүсүн улаштыруучу жабдыктары менен жабдылууга тийиш.
Г.3. Калк отурукташкан пункттардын аймагында колдонуу үчүн арналган АСМОМККСтин резервуарларынын (камераларынын) айрым ёмкосту 10 м3 жогору болбошу керек, ошондой эле калк отурукташкан пункттардан тышкары колдонуу үчүн арналган АСМОМККСтер 20 м3 жогору болбошу керек.
Г.4. Автоунааларга отун\май куюучу станцияларды АСМОМККС катары колдонууга тыюу салынат.
Г.5. АСМОМККСтин технологиялык тутуму резервуарлары жер үстүндө жайгашкан АМКСтин технологиялык тутумуна коюлган талаптарга жооп бериши керек, мында:
- бир дубалдуу жана бир дубалдуу жабуусу бар эки дубалдуу резервуарларды колдонууга жол берилбейт;
- АСМОМККСтин резервуарынын дубал ортосундагы мейкиндигинин герметикалуулугуна үзгүлтүксүз автоматтык контролдоо тутуму АСМОМККС кыймылда болгон учуруда (боло турган вибрацияны эске алуу менен), ошондой эле АСМОМККС токтогондо өзүнүн ишке жөндөмдүүлүгүн сактоону камсыздашы керек;
- АСМОМККСтин резервуарларынын ашыкча толуп кетүүсүн болтурбоо тутумунун элементтерин кайталабай коюга уруксат берилет;
- АСМОМККСтин резервуарларынын коргоочу мембраналары АСМОМККСтин көӊтөрүлүшү мүмкүн болгон учурда чыгаруучу кесилиш аянтын механикалык жабыркоолордон сактоону камсыздашы керек.
АСМОМККСтин резервуарларынын коргоочу мембраналарынын ордуна коргоочу клапандар менен жабдууга жол берилбейт;
- АСМОМККС орнотулган жерде транспорт каражаттары үчүн өткөөлдөрдүн деӊгээлинен аныкталган АСМОМККСтин резервуарынын деаэрация линиясынын трубопроводунун жогорку кесигинин бийиктиги 2,5м кем эмес болууга тийиш;
- дем алуу клапаны аны курчап турган мейкиндикти желдетүүнү камсыздап, АСМОМККСтин резервуарларынын үстүнө орнотулушу керек. Дем алуу клапандарынын конструкциясы ал аркылуу АСМОМККС көӊтөрүлгөн учурда отундун/майдын суюк фазасы чыгып кетүүсүн болтурбоону камсыздашы керек.
Г.6. Ар бир ОМТК алдында жалпы трубопроводдун кулптоочу арматурасы бар болгон шартта, жалпы трубопроводду бир нече ОМТК үчүн АСМОМККС резервуарларынан бензинди же дизель отун/майын куюу үчүн колдонууга жол берилет.
Г.7. АСМОМККСтин ички резервуары АСМОМККС кыймылдган учурда толкунду пайда кылбаган түзүлүштөр менен жабдылыш керек.
Г.8. АСМОМККСтин резервуарларына келген бардык трубопроводдор жогорку ажыратуу менен гана аткарылышы керек. Резервуарга (патрубкаларды бириктирүү, карап чыгуу терезелерди, штуцрлерди) оюп орнотуу орундары резервуарды номиналдык толтурууда отундун/майдын деңгээлинен жогору жайгашуусу керек.
Г.9. АСМОМККСтин конструкциясы АСМОМККСтин резервуары толгондон кийин суюк майтолтуруу трубопроводун толугу менен бошотууга мүмкүндүгүн камсыздоого тийиш. Толтуруу трубопроводунда анын резервуарга улаштырылган жеринде өрткө бөгөт орнотулушу керек. Аталган трубопровод май куюучу муфтанын (эгерде акыркысы бириктирүүнү ажыратууда өзү жабылбаса) жаныда жана цистернанын үстүндө орнотулган кулптоочу арматура менен жабдылышы керек.
Г.10. ОМТКлар АСМОМККСтин резервуарынын арткы торец бөлүгүндө (түбүндө) жайгашкан технологиялык отсекте орнотулушу керек. Технологиялык отсек отундун/май агындысын топтоо үчүн поддон менен жабдылышы керек.
Г.11. ОМТКлардын электр азыктандыруусу же көз карандысыз булактан (отун/майды сактоо үчүн резервуарлары жер алдында жайгаштырылган АМКСтин аймагында АСМОМККСти орнотууда), же электр генераторунан, же АСМОМККСтин аккумуляторлорунан жүргүзүлүүгө тийиш.
Технологиялык отсектен жана дем алуу клапанынан мотор отсегине, базалык автомобилдин чыгаруучу түтүгүнө, электр генераторуна жана аккумуляторуна чейинки аралык 3 м кем болбоого тийиш.
Электр азыктандыргыч кабелдердин жана сигналдык кабелдердин улаштыруучу разъемдору алардын кокусунан ажырап кетүүсүн болтурбаган механикалык бекемдөөгө ээ болушу керек. Берүү линиясынын сордургучтарынын электр азыктандыргычтарын өчүрүү технологиялык отсектен жана АСМОМККСтин айдоочусунун кабинасынан камсыздалышы керек.
Г.12. Берүү линияларында толтуруу трубопроводунун төмөнкү кесилишинен 0,05 м кем эмес жогору болгон аралыкта резервуарга катуу орнотулган жүктөөчү сордургучтардын каралышы сунушталат.
Эгерде майды бөлүп берүү линияларынын сордургучтарын орнотуу АСМОМККСтин технологиялык отсегинде каралган болсо, же жүктөө сордургучтарынын конструкциясы сифон принциби боюнча бул линиядагы трубопровод аркылуу отундун/майдын келүүсүн токтотууну камсыздабаса, аталган трубопроводду кайтма клапан менен жабдуу керек, анда сордургучтарды өчүрүүдө отундун/майдын кайра артка агуусуна тоскоолдук кылышы керек жана ушул трубопроводдо басым же суюлгандык, берүү линиясындагы сордургуч пайда кылган басымга же суюлууга дал келгенде гана ачылыш керек. Кайтма клапан же резервуардын ичинде же майды берүүчү трубопроводдун жогорку чекитинде орнотулушу керек. Резервуар үстүндө (резервуарга берүү линиясынын трубопроводун улаштыруу жеринде) кулптоочу арматурасы орнотулушу керек.
Керектөөчүлөргө отун/майды өз алдынча агын менен берүүгө тыюу салынат.
Г.13. АСМОМККСтин жабдыктарынын аткарылышында АСМОМККСтин технологиялык тутумуна тиешелүү документтердин талаптарына ылайык резервуарды жана трубопроводдорду герметикалуулукка мезгилдүү гидравликалык же пневматикалык (инерттик газ менен) сыноолордон өткөрүү мүмкүнчүлүгү, ошондой эле резервуарларды жабык ыкма менен сакталган отундун/майдын калдыктарынан өрткө, жарылууга коопсуз тазалоо, аларды ремонтко даярдоодо газсыздандыруу жана желдетүү мүмкүнчүлүгү каралышы керек.
Г.14. АСМОМККСтин конструкциялык аткарылышы же аны орнотуу ыкмасы АСМОМККСтин аянтчасынын аймагында ага траснпорт каражаттары урулганда анын жабыркашын болтурбоого тийиш.
Г.15. АСМОМККСтин базалык автомобилинин шассиси ГОСТ Р 50913 талаптарына жооп бериши керек.
Д тиркемеси
(милдеттүү)
Газ мотор отун/майы бар май куюучу пунктуна бөтөнчө талаптар
Д.1. Көп майлуу АМКСтин өз алдынча тилкесинин талаптарына жооп берген көп майлуу АМКС, АГТКС, ошондой эле АОМККС жана АГКС курулмаларынан ал жайгашкан автотранспорттук ишкананын (өндүрүштүк ишкананын автотранспорттук участогу) имараттарына, курулмаларына жана тышкы орнотмолоруна чейинки минималдуу аралык Д.1. таблицасына ылайык колдонулуусу керек.
Д.1 т а б л и ц а с ы
Өндүрүш ишканасынын автотранспорттук тилкесинде же автотранспорт ишканасында имараттардын, курулмалардын жана тышкы орнотмолордун аталышы
| АМКСтин технологиялык тутумунун жабдуулары бар имаратка чейинки м. аралык, төмөндөгү отун\майлар бар болсо | АМКСтин технологиялык тутумунун тышкы орнотмолору бар имаратка чейинки м. аралык төмөндөгү отун\майлар бар болсо | Май куюучу колонкага чейинки аралык, төмөндөгү отун\майлар бар болсо
| СКСГ АЦ жана СЖГ АЦ үчүн аянтка чейинки аралык
| |||
СКСГ | КЖГ | СКСГ жана СЖГ | КЖГ | СКСГ | КЖГ | ||
А, Б жана Г категорияларындагы өндүрүш имараттары жана жайлары. 19433 Мамстандарт боюнча 2, 4, 8-класстардагы жана 9.1.классчасындагы кооптуу жүктөрдү ташууга арналган транспорт каражаттарын сактоо үчүн аянттар АН, БН, ВН, ГН категорияларындагы тышкы орнотмолору | 40 | 30 | 40 | 30 | 40 | 30 | 40 |
Д.1 таблицасынын уландысы
Өндүрүш ишканасынын автотранспорттук тилкесинде же автотранспорт ишканасында имараттардын, курулмалардын жана тышкы орнотмолордун аталышы
| АМКСтин технологиялык тутумунун жабдуулары бар имаратка чейинки м. аралык, төмөндөгү отун\майлар бар болсо | АМКСтин технологиялык тутумунун тышкы орнотмолору бар имаратка чейинки м. аралык төмөндөгү отун\майлар бар болсо | Май куюучу колонкага чейинки аралык, төмөндөгү отун\майлар бар болсо
| СКСГ АЦ жана СЖГ АЦ үчүн аянтка чейинки аралык
| |||
СКСГ | КЖГ | СКСГ жана СЖГ | КЖГ | СКСГ | КЖГ | ||
В жана Д категорияларындагы өндүрүш имараттары, В1 - В4 жана Д категорияларындагы жайлар, ДН категориясындагы тышкы орнотмолору:
С0 жана С1 класстарынын өрткө чыдамдуулуктун I, II даражасындагы жана С0 классындагы өрткө чыдамдуулуктун III даражасындагы имараты
С0 жана С1классындагы өрткө чыдамдуулуктун IV даражасындагы жана III даражасындагы имараттар;
өрткө чыдамдуулуктун IV, V даражасындагы имараттар жана ДН категориясындагы тышкы орнотмолор |
25
30
35 |
10
15
20 |
25
30
35 |
15
20
25 |
25
30
35 |
15
20
25 |
25
30
35 |
3 Администрациялык жана тиричилик имараттары | 35 | 20 | 35 | 25 | 35 | 25 | 35 |
4. Транспорт каражаттарын сактоо үчүн ачык аянтчалар жана серелер | 20 | 10 | 20 | 15 | 20 | 15 | 20 |
5 Ишкананын автоунаа жолдорунун өткөөл бөлүгүнүн четине чейин | 15 | 10 | 20 | 15 | 15 | 10 | 20 |
Д.1 таблицасынын аягы
Өндүрүш ишканасынын автотранспорттук тилкесинде же автотранспорт ишканасында имараттардын, курулмалардын жана тышкы орнотмолордун аталышы
| АМКСтин технологиялык тутумунун жабдуулары бар имаратка чейинки м. аралык, төмөндөгү отун\майлар бар болсо | АМКСтин технологиялык тутумунун тышкы орнотмолору бар имаратка чейинки м. аралык төмөндөгү отун\майлар бар болсо | Май куюучу колонкага чейинки аралык, төмөндөгү отун\майлар бар болсо
| СКСГ АЦ жана СЖГ АЦ үчүн аянтка чейинки аралык
| |||
СКСГ | КЖГ | СКСГ жана СЖГ | КЖГ | СКСГ | КЖГ | ||
6 19433 Мамстандарт боюнча 1,5 – 7 класстардагы жана 9.2-класстагы кооптуу жүктөрдү ташууга арналган транспорт каражаттарын сактоо үчүн аянттар | 100 | 100 | 100 | 100 | 100 | 100 | 100 |
Э с к е р т ү ү 1 Көп майлуу АМКСтин технологиялык тутумуна тиешелүү суюк мотор майы үчүн жабдыктардан имаратка, курулмаларга жана ал жайгашкан автотранспорт ишканасынын тышкы орнотмолоруна (өндүрүштүк ишкананын автотранспорттук тилкеси) чейинки аралыкты ушул курулуш ченемдеринин В.1 таблицасына ылайык кабыл алуу керек. 2 Эгерде авария болгон учурда жаратылыш газынын чыгуусун болтурбоону жана ушул жабдыктын физикалык бузулусунда сыныктардын горизонталдуу багытта корголуучу объект тарапка ушул курулуш ченемдеринин 8.2 п. боюнча (жер алдындагы же жерге тереӊ жайгашкан, ушул курулуш ченемдеринин талаптарына жооп берген коргоочу экрандарды орнотуу) чачырап учуусун болтурбоону камсыздаса, 2,3- жана 5-саптарда көрсөтүлгөн КЖГсы бар технологиялык жабдыктардан 50%га чейин аралыкты кыскартууга жол берилет. 3 Эгерде жол менен ушул май куюучу колонка тиешелүү болгон жердин ортосунда ушул курулуш ченемдеринин талаптарына жооп берген коргоо экраны орнотулса, КЖГнын таркатуучу колонкасынан ишкананын автоунаа жолуна чейинки аралыкты (ток өткөргүчтөрдүн аба чубалгылары бар электрлештирилген транспорт үчүн жолдордон тышкары) 50%дан көп эмес аралыкка кыскартууга жол берилет. 4 СКСГ бууларын, СЖГ жана КЖГ бууларын чыгаруу түтүктөрүнөн ишкананын имаратына жана курулмаларына чейинки минималдуу аралык ушул курулуш ченемдеринин талаптарына ылайык эсеп менен аныкталат. | |||||||
Д.2 Өндүрүштүк ишкананын автотранспорттук тилкесинен май куюучу пункт катары колдонулган көп майлуу АМКС жана АГКС (бир тараптуу резервуарлары бар АГКСтерден тышкары) өз алдынча тилкенин талаптарына жооп берген көп майлуу АМКС, АОМККСтен бул ишкананын аталган автотранспорттук тилкесине тиешеси жок имараттарга, курулмаларга жана тышкы орнотмолорго чейинки аралыкты ушул курулуш ченемдеринин 5-таблицасына ылайык аныктоо керек.
Д.3 Эгерде АГКСтин технологиялык тутумунун конструкциясында аларга алып келген жана алардан буруп кеткен СКСГнын жана анын бууларынын трубопроводдорунда кулптоочу арматуранын биринчи резервуарын аралыктан жабуу, ошондой эле аталган трубопроводдордун жер үстүндөгү тилкелеринен СКСГнын ашыкча бууларынын басымын чыгаруучу түтүктөргө авариялык чыгаруу каралса, жер алдындагы бир дубалдуу резервуарлары бар АГКСтен автотранспорт ишканаларынын имараттарына жана курулмаларына же АГКС май куюучу пункт катары эксплуатацияланган өндүрүш ишканасынын автотранспорт тилкесине чейинки минималдуу аралыкты Д.1 таблицасына ылайык кабыл алууга уруксат берилет.
Бир дубалдуу резервуарлары бар башка АГКСтерден АГКС май куюучу пункт катары эксплуатацияланган автотранспорт ишканасынын (өндүрүш ишканасынын автотранспорттук тилкесинин) имараттарына, курулмаларына жана тышкы орнотмолоруна чейинки минималдуу аралыкты ушул курулуш ченемдеринин Е тиркемесине ылайык кабыл алуу керек.
Д.4. Каптоочтогу СЖГ резервуарлары бар АОМККСтен АОМККС май куюучу пункт катары эксплуатацияланган өндүрүш имараттын автотранспорт тилкесине же автотранспорт ишканасынын имаратына жана курулмаларына чейинки минималдуу аралыкты Д.1 таблицасынын 1-5-саптарында регламенттештирилген Д.1 СЖГ АЦ үчүн аталган резервуарлардан жана аянттан аралыктарды көбөйтүү шартына ылайык 30% га кабыл алуу керек.
Каптоочтогу СЖГ резервуарлары бар АОМККСтен АОМККС май куюучу пункт катары эксплуатацияланган өндүрүш имараттын автотранспорт тилкесинен аталган автотранспорттук ишканага тиешеси жок ушул ишкананын имараттарына, курулмаларына жана тышкы орнотмолоруна чейинки минималдуу аралыкты ушул курулуш ченемдеринин Ж тиркемесине ылайык аныктоо керек.
Е тиркемеси
(милдеттүү)
СКСГ сактоочу бир дубалдуу резервуарлары бар АГКСке бөтөнчө талаптар
Е.1. Бир дубалдуу резервуарлары бар АГКСте соода залысыз тиешелүү товарлар дүкөнүнөн тышкары айдоочуларды, жүргүнчүлөрдү жана алардын транспорттук каражаттарын сервистик тейлөө имаратын жана курулмасын жайгаштырууга жол берилбейт.
АМКСтин аймагындагы май куюучу жерлерде АМКСтин кызматкерлери эмес адамдарга жана транспорт каражаттарынын айдоочуларына жүрүүгө уруксат берилбейт. Жүргүнчүлөрдү түшүрүү жана отургузуу аянтчалары, ошондой эле тирөөч аянтчаларын АМКСтин аймагынан тышкары жайгаштыруу керек.
Е.2. Бир дубалдуу резервуарлары бар АГКСтин имараты С0 же С1 классындагы өрткө чыдамдуулуктун I же II даражасында болушу керек.
Е.3. Бир дубалдуу резервуарлары бар АГКСтен ага тиешеси жок объекттерге, ошондой эле ал май куюучу пункт катары эксплуатацияланган ишкананын имараттарына жана курулмаларына чейинки минималдуу аралык Е.1. таблицасы боюнча кабыл алынат.
Е.1 т а б л и ц а с ы
Ага чейин аралык аныктала турган обьекттин аталышы
| АГКСтин технологиялык тутумунун жабдыктарынан, бул жабдыктары бар имараттардан жана курулмалардан аралык, м. | |
Жер алдындагы СКСГ резервуарлары бар | Жер үстүндөгү СКСГ резервуарлары бар | |
Өндүрүш жана кампа имараттары жана курулмалары, администрациялык-тиричилик имараттар жана өнөр жай уюмдарынын курулмалары (9- жана 11-саптарда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары) | 80 | 100 |
Токойчулук (токойлор) токой көчөттөрү менен: |
|
|
Е.1 таблицасынын аягы
Ага чейин аралык аныктала турган обьекттин аталышы
| АГКСтин технологиялык тутумунун жабдыктарынан, бул жабдыктары бар имараттардан жана курулмалардан аралык, м. | |
Жер алдындагы СКСГ резервуарлары бар | Жер үстүндөгү СКСГ резервуарлары бар | |
Ийне жалбырактуу жана аралаш түрлөр | 60 | 100 |
Жалбырактуу түрлөр | 40 | 60 |
Ф1 - Ф4 функционалдык өрт коопсуздугу классындагы имараттар жана курулмалар (1-сапта көрсөтүлгөндөрдөн тышкары) | 100 | 300 |
Адамдар массалык түрдө жүргөн жерлер | 100 | 300 |
Автоунаалар үчүн жеке гараждар жана ачык токтотмолор | 50 | 100 |
Жалпы тармактагы автоунаа жолдору (өткөөл бөлүгүнүн чети): |
|
|
I, II жана III категориялар | 50 | 100 |
IV жана V категориялар | 30 | 60 |
Электрлештирилген шаардык транспорт каттамдары (байланыш тармагына чейин) | 50 | 100 |
Жалпы тармактагы темир жолдор (кырдалган топурактын таманына же оюктун кашына чейин) | 80 | 100 |
Е.1 таблицасынын аягы
Ага чейин аралык аныктала турган обьекттин аталышы
| АГКСтин технологиялык тутумунун жабдыктарынан, бул жабдыктары бар имараттардан жана курулмалардан аралык, м. | |
Жер алдындагы СКСГ резервуарлары бар | Жер үстүндөгү СКСГ резервуарлары бар | |
8. АМКСке тиешеси жок тазалоочу канализациялык курулмалар жана сордуруучу станциялар | 100 | 100 |
12.1.007 Мамстандарт боюнча кооптуулуктун I жана II класстарындагы радиоактивдүү жана зыяндуу заттары бар АН, БН, ГН категорияларындагы тышкы орнотмолор, имараттар жана курулмалар | 100 | 100 |
Электр өткөрүүчү чубалгылар, электр чордондору (анын ичинде трансформатордук чордондор) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-ж. 11-апрелде № 198 токтому менен бекитилген «Кооптуу жүктөрдү автоунаа менен ташуу эрежелери»; ылайык | |
Токой материалдарынын кампалары (имараттан тышкары), чым, булалуу күйүүчү заттар, саман, куурай, ошондой эле ачык жаткан чым тилкелери | 50 | 100 |
Е.4. Бир дубалдуу жер алдындагы резервуарлары бар АГКСтин имараттары менен курулмаларынын ортосундагы минималдуу аралыкты ушул курулуш ченемдеринин 6-таблицасы боюнча кабыл алуу керек.
СКСГ сактоочу жер үстүндөгү резервуарларга чейинки минималдуу аралыкты ушул курулуш ченемдеринин 6-таблицасында көрсөтүлгөн аралыкка салыштырмалуу 50% көбөйтүү керек.
Мында жер үстүндөгү резевуарлар ортосундагы аралык 20 м кем эмес болууга тийиш.
Е.5. СКСГ сактоочу резевуарларга трубопроводдорду, штуцерлерди жана патрубкаларды киргизүү резервуарларды толтуруунун номиналдуу деңгээлинен жогору жайгашкан жерлерде жүргүзүлүшү керек.
Эгерде аталган киргизүүлөр төмөндөгү:
- аталган трубопроводдордо газ авариялык чыгым болгондо СКСГнын резервуардан чыгуусуна автоматтык бөгөт коюучу түзүлүш;
- трубопроводдордун коопсуз жабылышын камсыздаган түзүлүш;
- аларды иштетпей коюуга жөндөмдүү, механикалык жабыркоодон жана жалындын таасиринен корголгон түзүлүш;
- ушул курулуш ченемдеринин 8.24-пунктунун талаптарына жооп берген түзүлүштөр менен жабдылса, трубопроводдорду киргизүүнү резервуарларды толтуруунун номиналдуу деңгээлинен төмөн жайгаштырууга жол берилет.
Е.6. Айдоочулардын жүрүүсү каралган АГКСтин аймагынан өткөн СКСГ жана анын буулары бар трубопроводдорду мерчемделген аянтчанын деӊгээлинен жогору жайгаштырууга жана бир дубалдуу кылып жасоого аталган трубопроводдорду жылуулук обочолонтуу менен коргоодо, мындай трубопроводдорду желдетүү шарттарын камсыздаган учурда, алардын транспорт каражаттарынан жабыркашын жокко чыгарган шартта жол берилет.
Е.7. Селитебдик аймактын чектеринде жайгашкан АГКСтин резервуарларынын максималдуу сыйымдуулугу 100 м3 жогору болбошу керек, ал эми бир резервуардын сыйымдуулугу - 50 м3 жогору болбоого тийиш. Резервуарларды жер алдында орнотууну караштыруу керек.
Техника-экономикалык максаттуулукта резервуарларды жер үстүнө орнотууга жол берилет. Мында резервуарлардын жалпы сыйымдуулугу 50 м3 жогору болбоого тийиш.
Калк отурукташкан пункттардын аймагынан тышкары жайгашкан АГКСте СКСГны сактоочу жер алдындагы резервуарларынын жалпы жана бирдик сыйымдуулугун 2 эседен ашык эмес көбөйтүүгө жол берилет.
Е.8 АГКСте төмөндөгүлөрдүн каралбашына жол берилет:
- ушул курулуш ченемдеринин 8.18, 8.32 жана 8.33- пункттары боюнча талаптарды аткаруу;
- ушул курулуш ченемдеринин 8.22 пункту боюнча майменен резервуарларды толтуруу мүмкүнчүлүгүн автоматтык түрдө болтурбоо;
- ушул курулуш ченемдеринин 8.26 пункту боюнча СКСГдан эки тарабынан тең кесилген жер үстүндөгү трубопроводдорду аралыктан жана автоматтык түрдө бошотуу;
- ушул курулуш ченемдеринин 8.40 пункту боюнча АЦ үчүн аянтта жана май куюучу жерлерде жарылууга чейинки кооптуу концентрациялардын датчиктери;
- 8.42-пункту боюнча өрттүн таасиринен СКСГ бууларын чыгаруучу түтүктөрүн коргоо;
- ушул курулуш ченемдеринин 8.50 пункту боюнча СКСГсы бар технологиялык жабдуулардын сугаруучу стационардык тутуму;
- жогорку басымдагы өрткө каршы суу түтүгү.
Е.9. Тышкы өрт өчүрүүгө жана муздатууга суу берүүнү ушул курулуш ченемдеринин 8.52. пункту боюнча өчүрүү жана муздатуу интенсивдүүлүгүнө жана убактысына жараша эсеп менен аныкталган, АГКСтен 200м ашык эмес аралыкта жайгашкан өрткө каршы көлмөлөрдөн же резервуарлардан көчмө өрт техникасы менен 200 м3 ашык эмес сыйымдуулукта жүргүзүүгө жол берилет.
Ж тиркемеси
(милдеттүү)
Ж.1- т а б л и ц а сы
Ага чейин аралык аныктала турган объекттин аталышы | СЖГ сактоочу резервуарлардан жана АККСтеги СЖГ АЦ үчүн аянтчадан аралык, м. |
Өндүрүш жана кампа имараттары жана курулмалары, администрациялык-тиричилик имараттар жана өндүрүш ишканалардын курулмалары (9- жана 11-саптарда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары) | 50 |
Токой көчөттөрү менен токойчулук (токойлор): |
|
ийне жалбырактуу жана аралаш түрлөр | 60 |
жалбырактуу түрлөр | 40 |
Ф1 - Ф4 функционалдык өрт коопсуздугу классындагы имараттар жана курулмалар (1-сапта көрсөтүлгөндөрдөн тышкары) | 80 |
Адамдар массалык түрдө жүргөн жерлер | 80 |
Автоунаалар үчүн менчик гараждар жана үстү ачык токтотмолор | 50 |
Жалпы тармактагы автоунаа жолдору (өткөөл бөлүгүнүн чети): |
|
I, II жана III категориялар | 50 |
IV жана V категориялар | 30 |
Электрлештирилген шаардык транспорт каттамдары (байланыш тармагына чейин) | 50 |
7. Жалпы тармактагы темир жолдор (кырдалган топурактын таманына же оюктун кашына чейин) | 50 |
8. АМКСке тиешеси жок тазалоочу канализациялык курулмалар жана сордуруучу станциялар | 80 |
Ж.1- таблицасынын аягы
Ага чейин аралык аныктала турган объекттин аталышы | СЖГ сактоочу резервуарлардан жана АККСтеги СЖГ АЦ үчүн аянтчадан аралык, м. |
9 12.1.007 Мамстандарт боюнча кооптуулуктун I жана II класстарындагы радиоактивдүү жана зыяндуу заттары бар АН, БН, ГН категорияларындагы тышкы орнотмолор, имараттар жана курулмалар | 100 |
10 Электр өткөрүүчү чубалгылар, электр чордондору (анын ичинде трансформатордук чордондор) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-ж. 11-апрелде № 198 токтому менен бекитилген «Кооптуу жүктөрдү автоунаа менен ташуу эрежелери»; ылайык |
11 Токой материалдарынын кампалары (имарттан тышкары), чым, булалуу күйүүчү заттар, саман, куурай, ошондой эле чым ачык жаткан тилкелер | 50 |
Э с к е р т ү ү СЖГнын калган тышкы орнотмолорунан, КЖГ жабдыктарынан жана бөлүштүрүүчү колонкалардан Ж. 1 таблицасынын аталышында көрсөтүлгөн обьекттерге чейинки аралыкты ушул курулуш ченемдеринин 5-таблицасы боюнча кабыл алуу керек. Эки кабаттуу резервуарларга коюлган талаптарга жооп берген транспорттук ёмкосту бар (идиш) СЖГ АЦ үчүн аянтчадан аралык, ушул курулуш ченемдеринин 5-таблицасы боюнча кабыл алуу керек. СЖГ сактоо резервуарларынан аралыкты аларды тоскон жерден аныктоо керек. | |
Ж.4. Каптоочтогу СЖГ резервуарлары бар АОМККСтин имаратары жана курулмалары ортосундагы минималдуу аралыкты ушул курулуш ченемдеринин 6-таблицасы боюнча кабыл алуу керек. Мынды СЖГ сактоочу резервуарларга чейинки минималдуу аралыкты ушул курулуш ченемдеринин 6-таблицасында көрсөтүлгөн аралык менен салыштырмалуу 50% көбөйтүп, аталган резервуарлардын тосмолорунан аныкташ керек.
Каптоочтогу СЖГ резервуарлардын ортосундагы аралык (диаметри) эң чоӊ резервуардан эки диаметрден кем эмес болууга тийиш.
Ж.5. Каптоочтогу ар бир СЖГ резервуары СКСГ сактоочу жер бетиндеги (жер үстүндөгү) резервуарлардын тосмолоруна ченемдик документтердин талаптарына жооп берген жабык тосмодо орнотулушу керек.
Мында төмөндөгүлөр камсыздалышы керек:
- СЖГнын таасири шартында жабык тосмонун функционалдык милдетин сактаган материалдарды колдонуу;
- өз алдынча агуу аркылуу жабык тосмо көлөмүнөн атмосфералык жаан-чачын сарыктыруучу (дренажынын) орнотулушуна жол бербөө;
- бүтөлгөн тосмо ичинде СЖГ резервуарына тиешеси жок жабдууларды орнотпоого;
- резервуардын жабык тосмосунун чегинде жайгашкан кулптоочу арматура аркылуу анын бууларын жана ага алып барган СЖГ трубопроводдорун жана ага алып барган резервуардын биринчи кулптоочу арматурасына аралыктан бөгөт коюуну камсыздоо (оператор отурган же башка коопсуз жерден);
- иштеген учура АМКСтин операторуна сигналды автоматтык түрдө берүүнү жана СЖГ резервуарын толтуруу операциясын автоматтык түрдө токтотууну камсыздаган ушул курулуш ченемдеринин 8.40 пунктунун талаптарына ылайык жарылууга чейинки кооптуу концентрациялардын сигнализаторлорун жабык тосмо ичинде орнотуу;
- оператордук АМКСнан СЖГ резервуарын толтуруу жана сактоо операцияларын жүргүзүүгө визуалдык контролду камсыздоо (видеобайкоо аркылуу жол берилет).
Ж.6. АОМККСтин аймагында айдоочулардын болуусу каралса, ал аймакта СЖГ трубопроводдорун төшөөгө жол берилбейт.
Ж.7. Каптоочтогу СЖГ резервуарлары бар АОМККСте төмөндөгүлөрдү караштырбоого уруксат берилет:
ушул курулуш ченемдеринин 8.32 пункту боюнча талаптарды аткаруу;
ушул курулуш ченемдеринин 8.42 пункту боюнча өрттүн таасиринен СЖГ бууларын чыгаруучу түтүктөрүн коргоо;
ушул курулуш ченемдеринин 8.50 пункту боюнча СЖГнын технологиялык жабдуусунун стационардык сугаруу тутуму (СЖГ сактоочу резервуарлардан тышкары);
жогорку басымдагы өрткө каршы суу түтүгү (СЖГ сактоочу резервуарлары бар АОМККСтен тышкары).
Ж.8. Тышкы өрттү өчүрүүгө жаан муздатууга сууну берүү өрткө каршы көлмөлөрдөн же ушул курулуш ченемдеринин 8.52 пункту боюнча өрттү өчүрүү жана муздатуу убактысынын интенсивдүүлүгүнө жараша эсеп менен аныкталган, бирок 200 м3 кем эмес сыйымдуулуктагы резервуарлардан көчмө өрт өчүрүүчү техника менен өчүрүүгө уруксат берилет.
Өрткө каршы көлмөлөр же резервуарлар АМКСтен 200 м ашпаган аралыкта жайгашуусу керек.
И тиркемеси
(милдеттүү)
Көчмө автоунаа АОМККСтерге, газ топтоочу жана газ толтуруучу станцияларга бөтөнчө талаптар
И.1. Көчмө автоунаа АОМККСтин, газ топтоочу жана газ толтуруучу станциялардын аянттарын жайгаштыруу жана жабдуу стационардык автоунаа АОМККС, компрессордук газ толтуруучу жана газ толтуруучу станцияларды жайгаштырууга жана жабдууга коюлган талаптарга жооп бериши керек.
И.2. Автоунаага газ толтуруучу көчмө станциянын идиштеринен, көчмө автоунаа АОМККСинин резервуарынан же газтоптоочу станциядан таркатуучу колонкаларга чейинки аралык, эгерде анын технологиялык тутуму төмөнкү талаптарга жооп берсе, ченемдештирилбейт:
- газ отунун/майын сактоочу резервуар (идиш) транспорттук каражаттын өрттөнүүсүнөн кооптуу факторлордун таасиринин натыйжасында анын отун тутумунун баллондорунун мүмкүн болгон бүлүнүүсүн эске алып, герметикалуулугу бузулуудан корголушу керек;
- көчмө автоунаа АМККСтин СЖГ резервуары СЖГ эки кабыктуу резервуарынын талаптарына жооп бериши керек;
- автоунаага газ толтуруучу көчмө станциясынын резервуары менен СЖГнын жана анын бууларынын аталган резервуардан чыккан жеринен бөгөт коюучу биринчи кулптоочу арматуранын ортосундагы ажыратуучу бириктирмелердеги тыгыздоолор кайталанма болууга тийиш.
Бул бириктирмелер бири бирин кайталаган тыгыздоолордун ортосундагы мейкиндиктеги герметикалуулукту автоматтык түрдө туруктуу контролдоо тутуму менен жабдылышы керек. Бул тутум герметикалуулук бузулган учурда АМКСтин персоналына автоматтык белги берүүнү, резевуардан кеткен трубопроводдорго бөгөт коюуну, СКСГ сордургучтарын жана таркатуучу колонкаларды өчүрүүнү камсыздашы керек;
- автоунаага газ куюучу көчмө станциясынын же АОМККСтин резервуары андан суюлтулган газдын жана анын бууларынын чыгуусуна буу фазаларын берүүчү жана кайтма трубопроводдор боюнча газдын авариялык чыгымдары болгон учурда, аталган трубопроводдор аркылуу автоматтык түрдө бөгөт коюучу түзүлүштөр менен жабдылууга тийиш;
-көчмө автоунаа АОМККСтин же автоунаага газ куюучу көчмө станциясынын, технологиялык тутуму АЦ базасында жасалган резервуары тягач-автомобилинин кыймылдаткычы аракетке келтирилгенде (күйгүзүлгөндө) суюлтулган газдын резервуардан келүүсүн автоматтык түрдө токтотуучу жана резервуарга кайтаруучу, резервуарга алып келүүчү жана буруп кетүүчү тиешелүү ттрубопроводдорго бөгөт коюучу түзүлүштөр менен жабдылууга тийиш;
-автоунаага газ толтуруучу көчмө станциясынын же көчмө автоунаа АОМККСинин технологиялык тутуму таркатуучу колонкаларды жана сордуруп куюштуруучу сордургучтарды аралыктан (коопсуз жерден) өчүрүүнү, резевуардан кеткен СКСГ, СЖГ жана алардын бууларынын трубопроводдоруна бөгөт коюуну, СЖГ резервуарынан жана технологиялык тутумдун жабдыктарынын КЖГ идиштеринен өчүрүлгөн ашыкча газдын басымын чыгаруучу трубопроводдорго түшүрүүнү камсыздашы керек. Мында көчмө автоунаа АОМККСинин, газ топтоочу жана газ толтуруучу станциялардын контрукциялары же алардын аянтчаларга орнотулушу аталган АМКСтердин технологиялык тутумун транспорт каражаттары тебелеп/уруп кетүүсүн жокко чыгарышы керек.
И.3 СЖГ же СКСГ резервуарларынын жанында коргоочу экрандарды бир тараптан ашырбай орнотууга урукса берилет. Мында көчмө АМКСтин аянтчасынын үстүнөн 50дөн 100 мм чейинки бийиктикте экран менен резервуардын ортосунда жарылууга кооптуу концентрацияларга чейинки датчиктерди орнотуу абзел. Алар (датчиктер) газ отунунун бууларынын концентрациясы ӨТТКЧден 20%га ашкан деӊгээлге жеткен учурда станциянын персоналына автоматтык белги берүүнү, резевуардан кеткен трубопроводдордго бөгөт коюуну, суюлтулган газдын сордургучтарын жана таркатуучу колонкаларды өчүрүүнү камсыдашы керек. Коргоочу экранды шамалдын үстөмдүк кылган багытына (жылдык «шамал розасы»боюнча) параллелдүү жайгаштыруу абзел.
И.4 Көчмө АМКСтин, газ топтоочу жана газ толтуруучу станциялардын майсактоочу блокторунун транспорт каражаттары МАСТ 31565 жана МАСТ 23009 талаптарына жооп бериши керек.
И.5 Көчмө АМКСтин технологиялык тутумунун майсактоочу блокторунун резервуарларын (идиштерин) майменен ушул АМКСтин өзүнүн аймагында толтурууга жол берилбейт.