Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК
ЧЕК АРА КЫЗМАТА
БУЙРУК
2019-жылдын 16-январы №1
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек ара көзөмөлдөө органдарынын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кесип өтүп жаткан адамдардын документтерин текшерүү боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Токтомуна ылайык жана Мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө жарандардын документтерин текшерүүнүн укуктук негиздерин жөнгө салуучу ченемдик базаны жакшыртуу, жарандардын маалымат алууга мүмкүндүк берген конституциялык укугун камсыздоо максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек ара көзөмөлдөө органдарынын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кесип өтүп жаткан адамдардын документтерин текшерүү боюнча нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланышуу бөлүмү ушул буйрук катталгандан кийин 3 күндүн ичинде жарыяласын:
- “Эркин Тоо” газетасына;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын веб-сайтына.
3. Укуктук камсыздоо башкармалыгы:
- расмий жарыяланган күндөн тарта бир жумуш күн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн мамлекетттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- буйрук күчүнө кирген күндөн тарта бир жумуш күн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат берсин.
4. Ушул буйрук расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын биринчи орун басары - Башкы штабдын башчысына жүктөлсүн.
6. Буйрук тийиштүүлүгүнө жараша жеткирилсин.
Төрага полковник | У.Шаршеев |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек ара көзөмөлдөө органдарынын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кесип өтүп жаткан адамдардын документтерин текшерүү боюнча
НУСКАМА
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек ара көзөмөлдөө органдарынын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кесип өтүп жаткан адамдардын документтерин текшерүү боюнча нускама (мындан ары – Нускама) “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чек ара көзөмөлдөө органдары тарабынан документтердин текшерилишин уюштуруу боюнча негизги жоболорду аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын (мындан ары – Мамлекеттик чек ара) кесип өтүп жаткан адамдардын документтерин текшерүү – Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, чек ара көзөмөл жүргүзүлүүчү башка эл аралык катташтарды ишке ашыруучу жерлерде чек ара көзөмөлүн ишке ашыруунун негизги ыкмасы болуп саналат.
3. Нускамада пайдаланылган негизги түшүнүктөр жана аныктамалар:
чек ара контролу – Кыргыз Республикасына кирүүчү адамдардын Мамлекеттик чек арадан өтүүсү үчүн мыйзамдык негиздерди таануу боюнча аракеттердин комплексин жүргүзүүдөн, же болбосо Кыргыз Республикасынан чыга турган адамдарга мамлекеттик чек арадан өтүүгө уруксат берүүдөн, ошондой эле Мамлекеттик чек ара бузуучуларын табуу жана кармоо боюнча аракеттерди жүзөгө ашыруудан турган, ал эми мыйзамдарда белгиленген учурларда, Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгууга мыйзамдар менен тыюу салынган жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды табуу жана кармоо боюнча Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы мамлекеттик контролдоонун түрү;
Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункту - эл аралык катташтар (эл аралык учуулар) үчүн ачык темир жол бекетинин (чордонунун), аэропорттун, аэродромдун чегиндеги аймак, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүчү жарандарга, унаа каражаттарына, алынып өтүүчү жүктөргө, товарларга жана жаныбарларга мамлекеттик көзөмөлдөөнү жана өткөрүүнү жүзөгө ашырылуучу Мамлекеттик чек арага түздөн-түз жакын атайын жабдылган жер;
өткөрүү пункттарындагы режим - адамдардын, унаа каражаттарынын өткөрүү пункттарына келүүсүнүн (кирүүсүнүн), анда болуусунун, жер которуусунун жана чыгуусунун, жүктөрдүн, товарлардын жана жаныбарлардын болуусунун жана чыгуусунун (чыгаруунун), жүктөрдүн, товарлардын жана жаныбарлардын болуусунун, алып кетүүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартиби;
чек ара көзөмөлдөө органдары – чек ара көзөмөлүн уюштуруу, ишке ашыруу жана эл аралык катнаш жолдорунда Мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктөрдү, товарларды, жаныбарларды өткөрүү тапшырмаларын аткаруучу Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Борбордук аппаратынын, аймактык башкармалыктарынын жана чек ара көзөмөлдөөө бөлүкчөлөрүнүн башкаруу органдары;
чек ара көзөмөлдөө бөлүкчөсү - Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чек ара көзөмөлүн ишке ашыруу жана өткөрүү пункттунда Мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктөрдү, товарларды, жаныбарларды өткөрүү тапшырмаларын аткаруучу бөлүкчө;
документтерди атайын текшерүү – өткөрүу пункттарындагы атайын бөлүнгөн кызматтык бөлмөсүндө, атайын техникалык каражаттарын колдонуу менен комиссия тарабынан документтердин жарактуулугун (жараксыздыгын) аныктоо максатында жүргүзүлгөн изилдөө;
жараксыз документ – мөөнөтү аяктаган же соттун чечиминин негизинде жараксыз деп таанылган, документтин ээсинин жарандыгы токтотулган, же документтин мазмуну бекитилген үлгүгө шайкеш келбеген, ошондой эле документ ээсинин ким экендигин идентификациялоого мүмкүн болбогон документ.
2. Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууга укук берүүчү документтер
4. Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагына Мамлекеттик чек арадагы эл аралык катнаштар үчүн ачылган өткөрүү пункттары аркылуу Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган Мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууларда башка документтер каралбаса, анык документтери жана визалар менен киришет.
4.1. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууга укук берүүчү документтери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- дипломатиялык, кызматтык (атайын), жарандын жана чет өлкөлүк мамлекет тарабынан берилген паспорту;
- чет өлкөлүк жарандардын улуттук (ички) паспорттору;
- жарандыгы жок адамдын өздүк ырастамасы;
- моряктын паспорту (китепчеси, ырастамасы);
- өзү жарандык алган өлкөгө кайтуу үчүн жолдо жүрүү документтери (күбөлүк, ырастама);
- БУУ кызматкеринин паспорттору;
- генералдык декларациясы (маршрут барагы) бар шартта аба мейкиндигиндеги (темир жол) өткөрүү жайында жарандык авиациянын аба кемелеринин экипаждарынын, чек ара өткөрүп берүү поезддеринин мүчөлөрүнүн өздүк ырастамасы;
- качкындын жолдо жүрүү документи;
- чет өлкөлүк жаранга жана жарандыгы жок адамга качкын статусун берүү жөнүндө өтүнүчтү каттоо жөнүндө күбөлүк (Кыргыз Республикасына алгачкы жолу киргенде);
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык чет өлкөлүк мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген башка документтер.
4.2. Нускаманын 4.1-пунктунда көрсөтүлгөн документтер боюнча чет өлкөлүк жаранга Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү уруксаты визасы бар же визасы жок тартипте чагылдырылышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби, категориялары жана тиби боюнча визалардын түрлөрү, канча жолу сапар болушу, ошондой эле визанын колдонуучулардын санына жараша түрлөрү аныкталат [1].
Бир тараптуу тартипте Кыргыз Республикасы киргизген визасыз режим Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алуу менен ишке ашырылат.
4.3. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык өздүгүн ырастоочу документтери болгондо чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга визасыз кирүүгө – чыгууга же транзиттик түрдө барып келүүгө укук берүүчү документтер:
- деңиз кемелеринин экипажынын кеме ролунун (тизмесинин) көчүрмөсү, жарандык авиациянын аба кемелеринин экипаждарынын мүчөлөрү үчүн эл аралык катнаштарга генералдык декларация (учууга тапшырма), чек ара өткөрүп берүү поезддеринин тейлөө кызматкерлери үчүн маршрут барагы;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери менен каралган, барып келүүнүн максатын аныктаган документтер (чакырылыгандыгы тууралуу күбөлүк, иш сапар буйругу);
- транзит менен өтүп бара жаткан жүргүнчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын аймагынан 24 саат ичинде чыгып кетүүсүн тастыктаган жолдо жүрүү билети;
- Кыргыз Республикасында убактылуу жана туруктуу жашап туруу укугу.
4.4. Чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу болуу мезгилинде Кыргыз Республикасынын аймагына кирген документтерин жоготсо, аларды Мамлекеттик чек арадан өткөрүү чет өлкөлүк мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык же консулдук мекемеси тарабынан берилген өздүгүн тастыктаган анык документтери (Кыргыз Республикасынын визасы бар болсо, эгерде ал Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралса) аркылуу ишке ашырылат.
4.5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу үчүнчү өлкөгө өтүп жаткан чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын документтерин текшерүүдө чек ара көзөмөлдөө органдары Кыргыз Республикасы эл аралык келишимдеринде башка тартип каралбаса, бара жаткан өлкөнүн визасынын жана башка уруксат кагаздарынын бары-жогун текшербейт.
4.6. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык улуттук паспорт менен кирүүгө уруксат берилген чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасына кирүүсүн жана бул жерде болуусун көзөмөлдөөнү уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын тышкы миграция жана калкты каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат;
5. Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде анык документтери же аларды алмаштыруу документтери менен Мамлекеттик чек арадагы эл аралык катнаш үчүн ачылган өткөрүү пункттары аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгышат жана Кыргыз Республикасынын аймагына киришет.
5.1. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны Кыргыз Республикасынан чыгууга жана Кыргыз Республикасына кирүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынан чыгуу укугунан ажыратылбайт. Кыргыз Республикасынан чыгуу укугу Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык убактылуу чектелиши мүмкүн[2].
5.2. “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык Кыргыз Республикасынан чыгууга жана Кыргыз Республикасына кирүүгө укук берүүчү жана Кыргыз Республикасынын жаранын, ал чет өлкөдө жүргөндө тастыктаган документ катары төмөнкүлөр саналат[3]:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту;
- дипломатиялык паспорт;
- кызматтык паспорт;
- Кыргыз Республикасына кайтууга күбөлүк;
- моряктын паспорту (китеби, ырастамасы);
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-card);
- кошо коюлган электрондук чиби бар идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк (Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын ырастаган кошумча барагы менен);
5.3. Кыргыз Республикасынын 18 жашка жете элек жарандары мыйзамдуу өкүлдөрүнүн нотариат тастыктаган өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынан чыга алышат. Мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүчү болбогон учурда бойго жете электер соттун чечими менен чыгышы мүмкүн.
5.4. 14төн 18 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандарынын чет өлкөгө туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынан чыгышы, алардын жазуу жүзүндө билдирилген жана нотариатта тастыкталган макулдугу бар болгондо гана ишке ашырылышы мүмкүн.
3. Чек ара көзөмөлүн жүргүзүүдө документтерди текшерүүнүн тартиби, мөөнөтү жана жыйынтыктары
6. Мамлекеттик чек араны кесип өтүп жаткан адамдарын документтерин текшерүү паспорт көзөмөлдөө кабиналарында («E-Gate» чек ара көзөмөлүнүн автоматташтырылган тутумунда), ошондой эле токтоп турган же жүрүп бара жаткан транспорт каражаттарынын ичинде, же өткөрүү пунктундагы чек ара көзөмөлдөө техникалык каражаттары менен жабдылган кызматтык бөлмөлөрүндө жүргүзүлөт.
7. Паспорт көзөмөлдөө кабиналарында документ текшерүүдө Мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан адамдар кезеги менен чек ара көзөмөлдөө бөлүкчөсүнүн кызмат адамына Мамлекеттик чек арадан өтүүгө укук берүүчү документин беришет.
Башка учурларда Мамлекеттик чек арадан өтүүгө укук берүүчү документ чек ара көзөмөлдөө бөлүкчөсүнүн кызмат адамы Мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан адамга кайрылганда берилет.
Автоматташтырылган чек ара көзөмөлдөө тутумунда документтерди текшерүүнү ишке ашыруу учурунда Кыргыз Республикасына кирип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары өз алдынча жана кезек тартиби менен «E-Gate» тутумун колдонуу боюнча нускамасына ылайык электрондук эсептөөчү түзүлүштө текшерүү үчүн кошо коюлган электрондук чиби бар идентификациялык картасын - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-картасын) же башка кошо коюлган электрондук чиби бар документин киргизишет.
8. Чек ара көзөмөлүн жүргүзүүдө документтерди текшерип баштоонун негизи болуп чек ара көзөмөлдөө бөлүкчөсүнүн кызмат адамына төмөнкү документтерди сунуштоо саналат:
- Кыргыз Республикасынын жарандары – Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары аймактарда Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүгүн ырастаган анык документти же Кыргыз Республикасынын чет өлкө менен түзгөн макулдашуусу менен аныкталган Кыргыз Республикасынын жарынынын өздүгүн тастыктаган башка анык документтерди;
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар – Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдары же эл аралык келишимдери менен каралбаса, анык документтерди жана визаны;
- Кыргыз Республикасында жашап туруу укугун алган чет өлкөлүк жарандар – өздүгүн ырастаган жана Кыргыз Республикасы тарабынан жашап туруу укугу катары таанылган анык документтерди;
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында качкын деп таанылган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар – качкындын жолдо жүрүү документтерин;
- Кыргыз Республикасы тарабынан чет мамлекетке өткөрүлүп берилип жаткан же чет мамлекеттен Кыргыз Республикасына өткөрүлүп алынып жаткан чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар – Кыргыз Республикасы менен түзүлгөн реадмиссия жөнүндө эл аралык келишимдерге ылайык өздүгүн ырастоочу документ же Кыргыз Республикасынын реадмиссия жөнүндө эл аралык келишимдеринде каралган башка документтер.
9. Документтерди текшерүүнүн жүрүшүндө аткарылган иш-аракеттер:
9.1. Чек ара көзөмөлдөө органынын кызмат адамына түздөн-түз документ көрсөтүлгөндө:
- документти көрсөткөн адамды анын документтеги фотокарточкага окшоштуруу;
- автоматташтырылган тутумдун жардамы менен (тийиштүү техникалык каражаттардын бардыгында) документти көрсөтүүчү адамды сүрөткө тартуу;
- документтин аныктыгын текшерүү;
- Кыргыз Республикасынан чыгуу же Кыргыз Республикасына кирүү укугуна негиздерин текшерүү;
- Кыргыз Республикасына кирүүгө же Кыргыз Республикасынан чыгууга уруксат берилбеген, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен белгиленген башка чектөө чаралары бар адамдарды каттоо маалымат тутумун пайдалануу менен текшерүү;
- документти көрсөткөн адамды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кесип өткөндөр тууралуу электрондук маалымат базасына киргизүү;
- барып келүүсүнүн максатын, документтин жарактуулугун жана анын документти көрсөткөн адамга таандыгын аныктоо максатында документти көрсөткөн адамдан сурамжылоо жүргүзүү;
- өздүгүн ырастаган документке же белги коюу каралган башка документке зарыл болгон белгини коюу.
Документтерди текшерүүнүн жүрүшүндө чек ара көзөмөлдөө органдарынын кызмат адамдарынын иш-аракеттеринин ырааттуулугу өткөрүү пунктунун өзгөчөлүгүнө жараша өзгөрүшү мүмкүн.
9.2. «E-Gate» тутумун колдонуу боюнча нускамасына ылайык («E-Gate») автоматтык чек ара көзөмөлдөө тутумун колдонуу менен Кыргыз Республикасына кирип бара жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары өз алдынча көрсөтмө берүүчү маалыматтарын каттоодо:
- индентификациялык картаны коюу – электрондук эсептөөчү түзүлүштө текшерүү үчүн электрондук чиби бар Кыргыз Республикасынын жарандыгын ырастоочу Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-картасын) же башка кошо коюлган электрондук чиби бар документин киргизүү;
- документтин жарактуулугун аныктоочу процедурадан өтүү;
- «E-Gate» тутумунун каражаттары менен адамды сүрөткө тартуу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүп жаткан адамдын фото сүрөттөлүшү менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүгө укук берилген документтин сүрөтүн верификациялоо процедурасынан өткөрүү;
- Кыргыз Республикасына кирүүгө же Кыргыз Республикасынан чыгууга уруксат берилбеген адамдарды каттоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен белгиленген башка чектөө чаралары бар адамдарга карата автоматтык текшерүү процедурасынан өтүү,
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өткөндүгү тууралуу электрондук маалымат базасына маалыматтарды киргизүү процессин аяктоо.
Операциялардын ырааттуулугу «E-Gate» чек ара көзөмөлүнүн автоматташтырылган тутумун экплуатациялоо боюнча нускамасына ылайык өзгөрүшү мүмкүн.
Автоматташтырылган чек ара көзөмөлдөө тутумун колдонуу менен («E-Gate») Кыргыз Республикасына кирүүгө жарандарды өз алдынча каттоодо жана чек ара көзөмөлдөө органынын кызмат адамына түздөн-түз документ көрсөтүлгөндө Кыргыз Республикасынын жарандарын чек ара көзөмөлүнөн өткөрүүнү ишке ашыруу тартиби Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталат.
10. Мамлекеттик чек араны кесип өтүп жаткан адамдын документтерин текшерүү убыктысы чек ара көзөмөлдөө органынын кызматтык адамына тийиштүү документтер текшерүүгө берилгенден тарта эки мүнөттөн ашпашы керек.
Жалпы текшерүүнүн жүрүшүндө документтин жараксыз же жасалма белгилери табылган учурда, документтер атайын текшерүүдөн өткөрүлөт.
Документтерди атайын текшерүү мөөнөтү 3 сааттан ашпаган мөөнөттө, бирок транспорт каражатынын токтоо узактыгынан ашпаган убакыт аралыгында жүргүзүлүшү керек. Көрсөтүлгөн учурда адамдарды кармоо өткөрүү пунктунда режимди бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн алкагында административдик кармоо протоколунун негизинде ишке ашырылат[4].
Документтерди атайын жана жалпы текшерүүнүн технологиясы өткөрүү пунктунун өзгөчөлүгүнө, ошондой эле тийиштүү эсептердин формаларына көз каранды, Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу жетекчисинин чечими менен аныкталат жана тийиштүү буйрук менен таризделет.
11. Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө же Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууга укук берүүчү анык документтердин болушу – адамдарды Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүгө негиз болот.
12. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө уруксат берилбеген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууга чектөө киргизилген адамдар Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлбөйт.
13. Чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууга Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларда убактылуу баш тартылышы (чектөө киргизилиши) мүмкүн.
14. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүдөн баш тартууга негиз болот:
- Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларды аныктоо;
- адамдар тарабынан Кыргыз Республикасына кирүүгө жана Кыргыз Республикасынан чыгууга укук берүүчү жараксыз жана жасалма документтер берилгенде;
- Кыргыз Республикасынын тышкы митграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык адамдар тарабынан чек араны кесип өтүү үчүн зарыл документтердин толук эмес көрсөтүлүшү.
15. Мамлекеттик чек араны кесип өтүп жаткан адамдын документтерин текшерүүнүн жыйынтыгы жана анын аткарылышын аныктоо (фиксациялоо) ыкмасы болуп эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн – кызматтык адамдын Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөндө өздүгүн ырастоочу анык документине тийиштүү белги коюшу жана/же кызматтык адамдын бажы көзөмөлүн же көзөмөлдүн башка түрлөрүн жүргүзүүчү жерге өтүүсүнө уруксат бериши (Кыргыз Республикасына кирүүдө) же, кызматтык адамдын өткөрүү пунктун таштап кетүүгө уруксат бериши (Кыргыз Республикасынан чыгууда);
- чет өлкөлүк жарандар үчүн – кызматтык адамдын өздүгүн ырастоочу жана Кыргыз Республикасында таанылуучу анык документке тийиштүү белги коюушу жана/же кызматтык адамдын бажы көзөмөлүн же көзөмөлдүн
башка түрлөрүн жүргүзүүчү жерге өтүүсүнө уруксат бериши (Кыргыз Республикасына кирүүдө) же, кызматтык адамдын өткөрүү пунктун таштап
кетүүгө уруксат бериши (Кыргыз Республикасынан чыгууда);
- визасы бар чет өлкөлүк жаранды жана жарандыгы жок адамды киргизүүдөн баш тартуу - компетенттүү мамлекеттик органдын өтүнгөн кызмат адамына тез аранын ичинде баш тартуунун негизин көрсөтүү менен баш тартуу жөнүндө чечимин кат жүзүндө сунуштайт. Киргизүүдөн баш тартылганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте даттанууга жол берилет;
- Кыргыз Республикасына кирип келе жаткан жана автоматташтырылган чек ара көзөмөлдөө тутумун («E-Gate») колдонуу менен белгиленген маалыматтарды каттоодон өз алдынча өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн – чек ара көзөмөлү ийгиликтүү аяктагандыгы жөнүндө «E-Gate» тутумуна маалыматтык кабар берүү.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдардын документтерин алып коюу тартиби
16. Чек ара көзөмөлдөө органдарынын кызмат адамдары тарабынан Мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүчү адамдар көрсөткөн документтерди төмөнкү учурларда убактылуу алып коюушу мүмкүн:
- документ документти көрсөткөн адамга таандык болбосо;
- документ жасоого ыйгарым укугу жок орган же ойлонуп табылган мамлекет тарабынан жасалган документти көрсөтсө;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтери жараксыз деп табылса, ошонун ичинде ошол документти берген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жараксыз деп табылган документтери аныкталса;
- чет өлкөлүк жарандын, жарандыгы жок адамдын же Кыргыз Республикасынын жаранынын административдик тартипте кармалышы –териштирүү иштери аяктаганга чейин.
17. Документ алынып коюлган ар бир кырдаал боюнча административдик укук бузуу жөнүндө протокол толтурулуп, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: протоколдун датасы, толтурулган жери, протоколду толтурган адамдын кызмат орду, кызматтык ырастамасынын номери, аты-жөнү; бузуучу тууралуу маалымат (эгер бузуучу ким экени аныкталган болсо), административдик укук бузуунун маңызы, жери, убактысы, алып коюлган товарлар, транспорт каражаттары жана башка предметтер жөнүндө маалымат, ушул укук бузууну жөнгө салуучу ченемдик акт, түшүнүк берген күбөлөрдүн жана жабырлануучулардын аты-жөнү, дареги, бузуучулар, ишти чечүү үчүн зарыл болгон башка маалыматтар[5].
18. Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын мотивдештирилген чечими менен алынып коюлган документтери алып коюуга чечим чыгарган органга кайтарылат.
19. Документи алынган адамга белгиленген формадагы (2-тиркеме) маалым кат берилет.
5. Чек ара көзөмөлдөө органдарынын кызматтык адамдарынын документ текшерүүдөгү укуктары жана милдеттери
20. Мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан адамдардын документтерин текшерүү чек ара көзөмөлдөө бөлүкчөлөрүнүн кызматтык адамдары тарабынан Мамлекеттик чек араны область боюнча кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкармалыгынын жетекчисинин тийиштүү буйругуна ылайык берилген документтерди текшерүү укугунун негизинде ишке ашырылат.
21. Чек ара көзөмөлдөөнүн жүрүшүндө документтерди текшерүүдө чек ара көзөмөлдөө бөлүкчөлөрүнүн кызматтык адамдары өз компетенциясынын чегинде төмөнкү укуктарга ээ:
- Мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууга уруксат берүүчү документтерин текшерип, аларга тийиштүү белгилерди коюуга, ошондой эле жараксыз документтерди алып коюуга;
- Нускаманын 14-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер аныкталган шартта чет өлкөлүк жарандарды, жарандыгы жок адамдарды жана Кыргыз Республикасынын жарандарын Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүдөн баш тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу аныкталган шартта административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүү, административдик кармоо жана адамдарды жеке тинтип текшерүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык буюмдарын кароого;
- белгиленген режимдерди бузуу жагдайлары жөнүндө кабардар
болгон маалыматтарды алуу максатында адамдарды Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бөлүкчөлөрүнө чакырууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген маалымат тутумдарын пайдалануу менен Мамлекеттик чек ара аркылуу өтүп жаткан адамдарды каттоо, ошондой эле документти текшерүүдө мамлекеттик чек араны кесип өтүп жаткан жарандарды видео жана фотодокументтештирүү.
22. Чек ара көзөмөлдөө органдарынын кызматтык адамдары документ текшерүүдө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын милдеттүү түрдө аткарылуучу талаптарын бузуунун алдын алуу, аныктоо, жоюу боюнча укуктарын өз убагында жана толук көлөмдө аткарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, чек ара көзөмөлүнөн өтүп жаткан адамдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоого;
- документти текшерүүнүн жүрүшүндө маалым болгон Мамлекеттик чек араны кесип өтүп жаткан адамдар тууралуу маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган учурлардан башка шартта жайылтпоого;
- Мамлекеттик чек араны кесип өтүп жаткан адамдар менен сүйлөшүүдө сылык, сабырдуу болууга;
- документтерди Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча коюлган буйруктун негизинде өз кызматтык милдеттерин аткаруу убагында гана текшерүүгө;
- чек ара көзөмөлүн жүргүзүүдө эң биринчи кезекте мамлекет, өкмөт башчыларынын, министрлердин, эл аралык уюмдардын жетекчилеринин, өкмөттүк, парламенттик, коомдук делегациялардын мүчөлөрүнүн, көрүнүктүү коомдук ишмерлердин, ошондой эле алар менен бирге жүргөн үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана коштоочу адамдардын документтерин текшерүүгө;
Кыргыз Республикасына кирип жаткан чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын бир эле адамга берилген эки жалпы жарандык паспорту же аны алмаштыруучу документи бар болсо, Мамлекеттик чек арадан кыргыз визасы коюлган документи аркылуу өткөрүүгө;
- жарандарга же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө документтерди текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган Мамлекеттик чек арадан өткөрүүдөн баш тартуу себептери тууралуу маалымат берүүгө;
-чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүдөн жана Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгаруудан баш тартуу боюнча ар бир кырдаалга “Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүдөн баш тартуу актысын” 2 нускада түзүүгө (1-тиркеме); Бул учурда актынын бир нускасы чектеш мамлекеттин чек ара көзөмөлдөө органдарынын өкүлдөрүнө (чет мамлекеттин чек ара көзөмөлдөө органдарына жеткирип берүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып жаткан транспорт каражаттарынын персоналына тапшырылат) же Кыргыз Республикасынын өткөрүлбөй калган жаранына берилип, ал эми экинчи нускасы чек ара көзөмөлдөө бөлүкчөсүндө калат;
- адамдар же уюмдар даттанган учурда өзүнүн иш-аракеттеринин негиздүүлүгүн “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген тартипте далилдөөгө;
- документтерди ушул Нускамада белгиленген мөөнөттү сактоо менен текшерүүгө;
- адамдардан Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана ушул Нускамада каралбаган документтерди жана башка маалыматтарды талап кылууга;
- Кыргыз Республикасынын аймагына жүргүнчүлөрдү ташуучу ушул транспорттук уюм менен келген чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасына киргизүүдөн баш тартылгандыгы тууралуу транспорт уюмдарынын өкүлдөрүнө өз убагында билдирүүгө;
- тийиштүү кызматтык күбөлүккө жана ээ аты-жөнү жазылган төш белги болууга.
6. Чек ара көзөмөлдөөнүн жүрүшүндө документи текшерилип жаткан адамдардын укуктары жана милдеттери
23. Документтери текшерилип жаткан адамдар төмөндөгүлөргө укуктуу:
- чек ара көзөмөлдөөгө тийиштүү суроолорго жооп берүүгө;
- кызматтык адамдардан чек ара көзөмөлдөөгө байланышкан жана “Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен каралган маалымдоого уруксат берилген маалыматтарды алууга[6];
- чек ара көзөмөлдөөнүн жыйынтыгы менен таанышууга, Мамлекеттик чек арадан өткөрүүдөн баш тартуу маселеси боюнча жазуу түрүндө түшүндүрмө алууга, актынын жыйынтыгы менен таанышкандыгы, анын жыйынтыгына, ошондой эле кызматтык адамдардын айрым иш-аракеттерине макул же каршы экендиги тууралуу белгилөөгө;
- чек ара көзөмөлүн жүргүзүүдө кызматтык адамдардын алардын укугун бузууга алып келген аракеттерине (аракетсиздигине) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген тартипте даттанууга.
24. Документтери текшерилип жаткан адамдар төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- өткөрүү пунктунун режиминин белгиленген эрежелерин сактоого, чек ара жана бажы органдарынын уруксаты менен гана транспорт каражаттарына отурууга же транспорт каражаттарынан түшүүгө;
- чек ара көзөмөлдөө органдарынын кызматтык адамдарына кезеги менен чек араны кесип өтүүгө укук берүүчү документин сырты жок, ичине башка нерселерди салбастан берүүгө;
- чек ара көзөмөлүн жүргүзгөн адамдын жана чек ара көзөмөлдөө органдарынын башка кызматтык адамдарынын мыйзам чегинде талаптарын аткарууга.
7. Кыргыз Республикасынын аймагына баш калкалоочу жай издеп келген чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын документтерин текшерүүнүн өзгөчөлүктөрү
25. Баш калкалоочу жай издеп келген адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүү тартиби “Качкындар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
26. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүдө инсандыгын ырастоочу анык документтери, документтери жок же жасалма документтер менен Кыргыз Республикасынын аймагына баш калкалоочу жай издеп келген чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдарды аныктоодо чек ара көзөмөлдөө органдарынын кызматтык адамдары:
- өздүгүн ырастоочу документтеринин жок болуу же жасалма документтерди пайдалануу себептерин аныктоо, ошондой эле качкын статусун берүү жөнүндө өтүнүч негизделген жагдай боюнча кошумча текшерүү иш-чараларын жүргүзөт;
- чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө тыюу салынган адамдарды, ошондой эле эл аралык издөөдө жүргөн жарандарды каттоо тизмесинен текшерет;
- миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу органга же анын аймактык башкармалыгына, улуттук коопсуздук органына маалымдайт жана качкын статусун берүү жөнүндө өтүнүч бланкын (бекитилген үлгүдөгү) толтуруу үчүн берет;
- качкын катары таанууну өтүнгөн адамдарды өткөрүү пунктунун убактылуу кармоо жайында кармайт. Бул учурда убактылуу кармоо жайында туруу мөөнөтү 48 сааттан ашпашы керек[7];
Арыз жазуучунун өздүгүн ырастоочу документтеринин жоктугу өтүнүчтү каттоодон баш тартууга негиз боло албайт.
27. Чек ара көзөмөлдөө органдарына өтүнүч менен кайрылган адамдын өтүнүчү документтердин көчүрмөлөрү менен биргеликте келип түшкөн күнүнөн 10 жумуш күн өткөнгө чейин миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же анын жакын жайгашкан аймактык бөлүкчөсүнө качкын статусун берүүнү кароо үчүн өткөрүлүп берилет. Чек ара көзөмөлдөө органдарынын кызматтык адамдары арыз жазуучуга өтүнүч жөнөтүлгөн миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүкчөсүнүн дареги жана өтүнүч жөнөтүлгөн дата тууралуу кабарлоого милдеттүү.
8. Мамлекеттик чек арадан адамдарды өткөрүү боюнча Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматтык адамдарынын укуктары
28. Нускаманын 14-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер аныкталган шартта чек ара көзөмөлдөө бөлүкчөсүнүн кызматтык адамы ал тууралуу өзүнүн түздөн-түз башчысына билдирет жана ага сунушталган Мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө укук берүүчү документтерди берет.
29. Түздөн-түз башчы Мамлекеттик чек арадан өтүүгө укук берүүчү документин көрсөткөн адамды өткөрүү пунктундагы чек ара көзөмөлдөө
бөлүкчөсүнө чакырып, Мамлекеттик чек арадан өтүүгө укук берүүчү документтерди, ошондой эле Нускаманын 14-пунктунда көрсөтүлгөн негиздердин бары-жогун кайрадан текшерет жана зарыл болсо сурамжылоо жүргүзүп, ал адамдан түшүндүрмөлөрдү алат.
30. Нускаманын 14-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер тастыкталса, түздөн-түз башчы тарабынан Мамлекеттик чек арадан өткөрүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынат, бул тууралуу Мамлекеттик чек арадан өтүүгө укук берүүчү документти берген адамга, баш тартуунун негизин, баш тартуу чечимин чыгарган мамлекеттик органды көрсөтүү менен маалымат берилет.
31.Эгерде Нускаманын 14-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер тастыкталбаса, түздөн-түз башчы бул тууралуу Мамлекеттик чек арадан өтүүгө укук берүүчү документин сунуштаган адамга билдирет жана документти тийиштүү белги коюу үчүн чек ара көзөмөлдөө бөлүкчөсүнүн кызматтык адамына берет.
32. Чек ара көзөмөлдөө органдарынын кызматтык адамдары Мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан адамдардын документтерин текшерүүдө келип чыккан маселелерди чечүүдө адамдарды Мамлекеттик чек арадан өткөрүү чечимин “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген укуктарынын чегинде кабыл алышат.
33. Компетенттүү органдардын күнөөсү боюнча жол берилген техникалык мүнөздөгү каталар табылган, Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү үчүн кыргыз визасында же кыргыз визаларында көрсөтүлгөн мөөнөттөн эрте келген, жарактуу документтери бар чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды улуттук коопсуздуктуктун аймактык органдары жана виза берген органдар менен макулдашуу боюнча өткөрүү тууралуу чечимин Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын областтык башкармалыгынын башчысы кабыл алат.
34. Мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө укук берүүчү документтери жараксыз, мөөнөтү өткөн документтери менен Кыргыз Республикасынын аймагынан кирүү үчүн келген же чет өлкөлүк мамлекеттен депортацияланган Кыргыз Республикасынын жарандарын Мамлекеттик чек арадан өткөрүү жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын областтык башкармалыгынын башчысы, алардын өздүгү жана Кыргыз Республикасынын жарандыгы тастыкталгандан кийин жана улуттук коопсуздук органдары менен макулдашуу боюнча кабыл алат. Ошону менен бирге жарандардын бул категориясын чек арадан өткөрүү тууралуу чечимин кабыл алуу, анын ичинде макулдашууга кеткен убактысы 48 сааттан ашпашы керек.
35. Эгерде чыгуудагы кечигүү аларга байланышпаган себептер, документ менен ырасталган жагдайлар (унаа каражаттарынын жүрүшүн кечеңдеткен табигый кырсыктар; метеошарттар, оору ж.б.у.с.) боюнча болгон учурда, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды мөөнөтү өтүп кеткен паспорттор (аларды алмаштыруучу документтер) жана Кыргыз Республикасынын жарактуу визалары менен Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү тууралуу чечимин Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын областтык башкармалыгынын башчысы кабыл алат. Бул жобо Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга тиешелүү эмес.
36. Үчүнчү өлкөнүн жарандарын эки тараптуу катнаш үчүн ачылган өткөрүү пункттарында Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынан тышкары адамдарды өткөрүү жөнүндө чечимди Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси, же болбосо анын чек ара көзөмөлдөө органдарын кураторлугу боюнча орун басары кабыл алат.
Ошону менен бирге, адамдарды Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынан тышкары өткөрүү Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык өткөрүлөт жана чектеш тараптын чек ара ведомстволору менен макулдашылат.
9. Чек ара көзөмөлдөө органдарынын кызматтык адамдарынын документтерди текшерүүгө көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жана формасы
38. Чек ара көзөмөлдөө органдарынын документтерди текшерүүчү кызматтык адамдары жол-жоболордун аткарылышы жана Нускама менен бекитилген мөөнөттүн сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
39. Бул Нускама менен аныкталган иш-аракеттердин ырааттуулугун өткөрүү пункттарында күнүмдүк сактоого көзөмөл жүргүзүү Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын областтар боюнча башкармалыктарынын кызматтык адамдары тарабынан туруктуу түрдө ишке ашырылат.
40. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын областтар боюнча башкармалыктарынын участокторундагы көзөмөл өткөрүү пункттарында чек ара көзөмөлүн уюштурууну көзөмөлдөө Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чек ара көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан ишке ашырылат.
41. Ушул Нускама менен аныкталган мөөнөттөр, мазмуну, ырааттуулуктар бузулганда, ушул иштерди уюштурууга жооптуу адамдар бузууларды жоюу боюнча шашылыш чараларды көрүшөт.
Жол берилген бардык бузуулар тууралуу кызматтык адамдар Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Мамлекеттик чек ара кызматынын областтар боюнча башкармалыктарынын жана бөлүкчөлөрүнүн башчыларына маалымат беришет.
42. Чек ара көзөмөлдөө органдарынын кызматтык адамдарынын иш-аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу тартиби «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен регламенттештирилет.
КР МЧК төрагасынын 2018-ж. «___» __________
№ __ буйругуна 1-тиркеме
Из пункта пропуска Кыргызской Республики Country___________________
«_____________________________________» Государство
From the checkpoint of the Kyrgyz Republic Пункт пропуска «__________________»
«_____________________________________» Checkpoint of «_____________________»
E-mail: _________________________ To_______________________
Tel: __________________________________ Кому
АКТ ОБ ОТКАЗЕ В ПРОПУСКЕ ЧЕРЕЗ ГОСУДАРСТВЕННУЮ ГРАНИЦУ
ACT OF THE REFUSAL IN THE PASSING THROUGH THE STATE BORDER
Attached herewith is a photocopy of passport / passport /identity card
Настоящим прилагаем фотокопию паспорта /паспорта / удостоверения личности
The above-named Document was used by a person claiming to by:
Вышеупомянутый документ использовался лицом, заявившим, что он (она):
Full name ___________________________________________________
ФИО
Date of birth___________________Citizen of ______________________
Дата рождения Гражданство
Place of residence ____________________________________________
Место жительства
Who was refused to enter or exit the territory of the Kyrgyz Republic due to:
Которому было отказано во въезде/выезде на/из территорию(и) Кыргызской Республики по причине:
Visa absent Falsified passport Not permitted to enter/exit
Отсутствие визы Поддельный паспорт Не разрешен въезд/выезд
Visa is not valid/falsified Document is absent Another’s document
Виза недействительна/поддельная Без документа Чужой документ
Passport is not valid Without the consent of the legal representatives
Паспорт недействителен Без согласия законных представителей
______________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
and the airline/ carrier was instructed to take the individual from the territory of the Kyrgyz Republic
и авиалинию/перевозчику, доставившему его/ee, было поручено отправить пассажира с территории Кыргызской Республики.
Information of Arrival/Enter: Information of Departure/Exit/Deportation:
Информация о прилете/въезде: Информация о вылете/выезде/депортации:
Number and Type of Passport/Document_____________________________________________________
Номер и Тип Паспорта/Документа________________________________________________________
From ________________________________ To ___________________________________
Откуда Куда
Date _________________________________ Date __________________________________
Дата Дата
According to statement of Amendment №9 to the Convention about the international civil aviation, last state, where the passenger has been before and from where he has arrived recently is recommended to accept him for another check after he was forbidden to enter or exit the foreign country.
В соответствии с положениями Приложения №9 к Конвенции о международной гражданской авиации последнему государству, в котором ранее находился пассажир и откуда он недавно прибыл, предлагается принять его для повторной проверки после того, как ему был запрещен въезд в другую страну.
Stamp Duty officer of State Border Service of the Kyrgyz Republic: ___________________ Представитель Государственной пограничной службы КР
МП
Representative of Airline/Border Service_______________________________ Представитель Авиакомпании/Пограничной службы_____________________
КР МЧК төрагасынын 2018-ж. «___» __________
№ __ буйругуна 2-тиркемеси
от « » _________ 2016 г.
МААЛЫМ КАТ
Бул маалым кат ________________________________________________________,
(жарандыгы, фамилиясы, аты, атасынын аты , туулган жери, датасы )
анткени ушул маалымат катты көрсөтүүчү адамдан ______________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________
(аталышы, документтин сериясы, жана номери , ким берген, берген күнү, жарактуу мөөнөтү)
жараксыздыгына байланыштуу, алардын жарактуулугу жөнүндө маселени кароо (тийиштүү жердин астын сызуу).
үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пунктунда чек ара көзөмөлдөө органдары тарабынан убактылуу “________________________________________” алынгандыгы үчүн берилет
(аталышы)
Чек ара көзөмөлдөө бөлүкчөсүнүн жетекчиси
_______________________________________
(кол тамгасы, фамилиясы)
[1] Кыргыз Республикасынын Окмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы №155 “Кыргыз Республикасынын визаларын жол-жоболоштуруу жана берүү тартиби жөнүндө Нускаманы бекитиүү тууралуу” Токтомунун 4.2.- пунктун караңыз
[2] Эскертүү «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2000-жыллын 2017-жылдын 17-июнундагы Мыйзамынын 5.2.-пунктун караңыз (в ред. Законов КР от 21.11. 2002 г. № 153, 6.08. 2005 г. № 125, 23. 05.2008 г. № 98, 25.02. 2009 г. № 68, 12.10. 2009 г. № 262, 26.07. 2011г. № 127, 17.03 2012 г. № 19, 24.07. 2013 г. № 160, 9.12. 2013 г. № 214, 27.01. 2015 г. № 27, 19.03. 2015 г. № 59, 24.10. 2016 г. № 171).
[3]Эскертүү «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июнундагы №61 Мыйзамынын 5.3.-пунктун, КР Окмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги «196 Токтомун караңыз
[4] «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы №114 Кодексинин 10-пунктун, КР Окмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №80 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу автомобилдик жана темир жол өткөрүү пункттарында режимди сактоо эрежелерди бекитүү жөнүндө» Токтомун караңыз
[5] Эскертүү “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы №114 Кодексинин 17-пунктун караңыз
[6] Эскертүү - “Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 1997- .ж. 5-декабрындагы №89 Мыйзамынын 23- пунктун караңыз.
[7] Эскертүү «Качкындар жөнүндө» КР нын 2002-ж 25.03. №44 Мыйзамынын 26-пунктун караңыз