Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын
2025-жылдын 11-январындагы № 8-п
буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын 2018-жылдын 17-декабрындагы № 323-п буйругуна тиркеме |
Аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна квалификациялык экзамен өткөрүү жөнүндө ЖОБО
Жалпы жоболор
Аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна квалификациялык экзамен өткөрүү жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) жеке адамдарды, анын ичинде аудитордун квалификациялык сертификатын алууга талапкер чет өлкөлүк адамдарды квалификациялык экзаменден өткөрүү тартибин регламенттештирет.
Талапкерлердин квалификациясынын деңгээлин обьективдүү жана тунук баалоо максатында аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна квалификациялык экзамен өткөрүлөт.
3. Ушул Жободо пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр:
аудитор - ыйгарым укуктуу орган белгилеген квалификациялык талаптарга жооп берген жана аудитордун квалификациялык сертификатына ээ болгон жеке жак;
аттестациялык комиссия - квалификациялык экзаменди өткөрүү үчүн ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен түзүлгөн комиссия;
апелляциялык комиссия - квалификациялык экзамендин жыйынтыктарына талапкердин (талапкерлердин) апелляциялык арызын (арыздарын) кароо үчүн ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен түзүлгөн комиссия;
квалификациялык экзамен - квалификациялык экзамендин негизинде аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкердин билимдерин текшерүүчү жол-жобо;
квалификациялык сертификат - квалификациялык экзаменден өткөндүгүн ырастоочу ыйгарым укуктуу орган берген документ;
талапкер - квалификациялык экзаменге катышууну каалаган жана аудитордун квалификациялык сертификатын алууга талапкер жеке жак;
квалификациялык экзамендин программасы - аудитордун квалификациялык сертификатын алууга талапкерлердин билимдерин ырастоо үчүн экзамендик суроолордун темаларынын бөлүмдөргө топтоштурулган жыйындысы;
ыйгарым укуктуу орган - аудитордук иш жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзгөн орган;
Аттестацияны уюштуруу жана аны өткөрүүнүн мөөнөттөрү
4. Аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерлерди квалификациялык экзаменден өткөрүү, ыйгарым укуктуу орган бекиткен графикке ылайык, 6 (алты) айда 1 (бир) жолу жүргүзүлөт.
5. Талапкерлерди квалификациялык экзаменден өткөрүүнүн графиги 1-февралга чейин бекитилет жана ыйгарым укуктуу органдын расмий веб-сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
6. Квалификациялык экзамен алынат деп бекитилген күнгө чейинки бир айда талапкерлерден документтер кабыл алына баштайт жана экзамен башталганга чейин 10 (он) жумушчу күн калганда документтерди кабыл алуу токтотулат.
7. Эгерде талапкерлердин жалпы саны 15 (он беш) кишиден ашпаса, анда ыйгарым укуктуу орган квалификациялык экзаменди кийинки мөөнөттөргө жылдырат, бирок ал ыйгарым укуктуу орган бекиткен графикке ылайык кийинки экзамендин мөөнөтүнөн кечиктирилбейт.
Квалификциялык экзаменге киргизүүнүн тартиби
8. Документтерди кабыл алууну жана ушул Жобого алардын ылайык келер-келбесине текшерүүнү ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү түзүмдүк бөлүгү жүргүзөт.
9. Квалификциялык экзаменге катышуу үчүн талапкерлер ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй документтерди берет:
- талапкердин өз колу коюлган, ушул жобонун 1-тиркемесинде белгиленген үлгүдөгү арызды;
- жогорку экономикалык билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсүн же башка жогорку билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсүн, тиркемеси (нотариуста күбөлөндүрүлгөн) менен кошо. Эгерде диплом чет тилде жазылса, анда анын мамлекеттик же расмий тилдеги күбөлөндүрүлгөн котормосун;
- иш стажын бышыктаган эмгек китепченин көчүрмөсүн (иштеген жеринен же нотариустан күбөлөңдүрүлгөн);
- паспорттун көчүрмөсүн;
- соттуулугу жоктугун күбөлөндүргөн документти;
- 3x4 өлчөмүндөгү эки фото сүрөттү.
10. Кыргыз Республикасынын жараны эмес талапкерлер көрсөтүлгөн документтерди мамлекеттик же расмий тилге которулган котормосун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күбөлөндүрүп жана легалдаштырган тартипте берет.
11. Баардык документтер атайын иш кагазына көктөлүшү керек жана анын алгачкы бетине талапкердин фамилиясы, аты-жөнү көрсөтүлүүгө тийиш.
12. Ыйгарым укуктуу органдын кароосуна берилген документтердеги маалыматтардын чындыгына талапкерлер жоопкерчиликтүү болот.
13. Ыйгарым укуктуу орган квалификациялык экзамен өткөрүлө турган күнгө 5 (беш) жумушчу күн калганга чейин квалификациялык экзаменге киргизилгендиги же киргизилбей тургандыгы жөнүндө маалымдаманы талапкерге билдирүүгө тийиш.
14. Квалификациялык экзаменге кире турган талапкерлердин тизмесин, аттестациялык комиссиянын сунушу боюнча, экзамен башталаганга 5 (беш) күн калганга чейин ыйгарым укуктуу орган бекитет.
15. Паспортту же өздөрүнүн ким экендигин күбөлөндүргөн башка документти көрсөткөн учурда гана квалификациялык экзаменди берүүгө талапкерлер киргизилет.
Квалификациялык экзаменге катыштырбай коюу үчүн негиздер
16. Квалификациялык экзаменге катыштырбай коюу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
- талапкер берген документтерден жалган жана чындыкка туура келбеген маалыматтар табылса;
- ушул Жобонун 9-пунктунда аныкталган документтер толук берилбесе;
- жеке кызыкчылыгы үчүн кылмышы, соттуулугу болсо;
- белгилүү бир кызмат орунун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазасы болсо.
Квалификациялык экзаменди уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби
17. Аудитордун квалификациялык сертификатын алууга талапкерлердин билимин текшерүүнүн каражаты квалификациялык экзамен болуп саналат жана ал тапшырмаларды компьютердик тестирлөө түрүндө аткарууну билдирет.
18. Экзамендик тапшырмалар аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугун берүүчү Квалификациялык экзамендин программасынын (мындан ары – программа) бөлүмдөрүнүн негизинде аттестациялык комиссия тарабынан иштелип чыгат жана ал ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
19. Программа ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыгат, ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен бекитилет жана ыйгарым укуктуу органдын расмий веб-сайтына жайгашытырылат. Каржылык отчеттун эл аралык стандарттарынын (КОЭАСтын), Аудиттин эл аралык стандарттарынын (АЭСтын) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын өзгөргөндүгүнө жараша программа кайра каралып турууга тийиш.
20. Квалификациялык экзаменде талапкерлер Программанын төрт бөлүгүнүн ар бири боюнча 25 (жыйырма беш) тесттик тапшырмаларды аткарат.
21. Талапкерлер өздөрүнүн каалоосу боюнча Программанын бир, эки, үч, төрт бөлүмү боюнча экзамендерди бир жолу/бир мезгилде бере алат. Программанын ар бир бөлүмүнүн жыйынтыгы өзүнчө эсепке алынат. Программанын бөлүмдөрү боюнча талапкердин квалификациялык экзаменде алган оңдуу натыйжалары квалификациялык экзамен өткөрүлгөн күндөн тартып 3 (үч) жыл бою күчүндө болот. Көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин талапкер алган Программанын оңдуу натыйжалары жарабай калат.
22. Программанын бардык бөлүмдөрү 3 (үч) жылдын ичинде оңдуу тапшырылган учурда аудиторго квалификациялык сертификат берилет. 25 (жыйырма беш) тесттик тапшырманын 20сына (жыйырмасына) туура жооп берген талапкер Программанын бөлүмдөрү боюнча экзаменди ийгиликтүү тапшырды деп эсептелинет.
23. Талапкерлердин бөлүмдөр боюнча квалификациялык эзаменди 3 (үч) жылдын ичинде берүүсү учурдагы жылда бекитилген программага ылайык жүзөгө ашырылат.
24. Программанын бир бөлүмү боюнча экзамендик тапшырмаларды аткарууга 80 (сексен) мүнөттөн ашпаган убакыт бөлүнгөндүгүнө жараша квалификациялык экзамендин узактыгы ар бир талапкер үчүн жекече эсептелет. Кечигип калган талапкерлер экзаменге киргизилбейт.
25. Квалификациялык экзамен башталардын алдында талапкерлерге квалификациялык экзаменди өткөрүүнүн эхрежеси жөнүндө видео тасма көрсөтүлөт.
26. Талапкерлерге төмөнкүлөр таратылып берилет:
- тесттик тапшырмаларга киргизилген экзамендик тапшырмаларды аткарууда жазууларды жана эсептерди жазууга керектүү таза барактар;
- тетсирлөө тутумуна кирүүнүн шифри (коду);
27. Талапкердин каржылык эсеп-кысаптарды чыгарбаган, үн чыгарбаган калькулятору, көк сыялуу калем сабы болууга тийиш.
28. Экзамендин тесттик тапшырмаларын аткарууга бөлүнгөн убакыт бүткөдөн кийин талапкерлер жазуу барактарын аттестациялык комиссияга берүүгө милдеттүү.
29. Квалификациялык экзамендерди тапшырган учурда талапкерлерге төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- ченемдик-укуктук актыларды, маалыматтык жана атайын адабияттарды, ошондой эле уюлдук байланыш каражаттарын, аудио жана видеого тартуу түзүлүштөрүн пайдаланууга;
- экзамендик тапшырмаларды жана алардын жоопторунун варианттарын көчүрүп жазууга, көчүрмөлөрүн алууга, сүрөткө тартып алууга;
- үн чыгарып окууга, башка талапкерлер менен сүйлөшүүгө.
30. Ушул Жобонун 30-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарды бузган талапкерлер аудиториядан чыгарылат жана квалификациялык экзаменди тапшырган жок деп эсептелинет.
31. Ар бир бөлүмдөгү экзамендик тапшырманы аткарууга бөлүнгөн убакыт бүткөндөн кийин тестирлөөнүн жыйынтыктарын белгилөө үчүн талапкер администраторду чакырууга милдеттүү.
32. Квалификациялык экзаменди өткөрүүнүн жүрүшүндө компьютердик техниканын ишинде техникалык бузулуу болсо, же талапкердин компьютердик тестирлөөнү бүткөрүшүнө жолтоо болгон башка жагдай жаралган учурда экзаменди өткөрүүнүн башка күнүн дайындоого аттестациялык комиссиянын укугу бар, бирок мурда белгиленген күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбей.
33. Алдын ала көрө билүү мүмкүн болбогон жагдай келип чыккан жагдайда (комиссиянын мүчөлөрүнүн ден соолугунун абалы жана үй-бүлөлүк шарттары боюнча, ошондой эле квалифкациялык экзаменди уюштурууга жана өткөрүүгө жолтоо болчу жагдайларда, форс-мажордо) ыйгарым укуктуу орган аттестациялык комиссиянын мүчөлөрү менен биргелешип квалификациялык экзамен өткөрүлө турган башка күндү дайындоо жөнүндо чечимди кабыл алат.
34. Талапкердин үй бүлөлүк же ден соолугунун абалы боюнча алдын ала көрө билүү мүмкүн болбогон жагдай келип чыккан учурда, квалификациялык экзаменге катышуу үчүн ыйгарым укуктуу органга талапкер берген документтер сакталат, соттуулугу жоктугун күбөлөндүргөн документтен жана ушул жобонун 10-пунктунда аныкталган үлгүдөгү белгиленген арыздан башкасы.
35. Үй бүлөлүк же ден соолугунун абалы боюнча алдын ала көрө билүү мүмкүн болбогон жагдайдын кесепетинен квалификациялык экзаменге катыша албай калган талапкер, соттуулугу жоктугун күбөлөндүргөн документти жана ушул жобонун 10-пунктунда аныкталган үлгүдөгү белгиленген арызды берсе, ыйгарым укуктуу орган бекиткен график боюнча кийинки мөөнөттөгү экзаменге квалификациялык экзаменди тапшыруу үчүн киргизилет.
Квалификациялык экзамендин жыйынтыктары
36. Бөлүмдөр боюнча экзамендик тапшырмалар аткарылып бүткөндөн кийин алган упайлардын саны автоматтык түрдө аныкталат жана талапкердин компьютеринин экранында чагылдырылат.
37. Тапшырмаларды аткаруунун жыйынтыктары 2-тиркемеге ылайык бекитилген формага киргизилет, 2 (эки) нускада басылып чыгарылат, ага аттестациялык комиссиянын мүчөлөрү, администратор жана талапкер кол коет.
38. Жыйынтыктардын формасынын биринчи нускасы ыйгарым укуктуу органда сакталат, анын экинчи нускасы талапкерге берилет.
39. Жыйынтыктардын формасы ыйгарым укуктуу органда 3 (үч) жылдын ичинде сакталат, бул мөөнөт өткөндөн кийин ал акт менен жок кылынат.
40. Ошондой эле ыйгарым укуктуу орган 3-тиркемеге ылайык берилген арыздардын жана акыркы 3 жылда ийгиликтүү тапшырган талапкерлердин тизмесин жүргүзөт.
41. Квалификациялык экзамендин жыйынтыктары жөнүндө аттестациялык комиссиянын корутундусуна ылайык ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырган талапкерге аудитордун квалификациялык сертификатын берүү жөнүндө буйрук чыгарат, ошондой эле ийгиликтүү тапшырган жана Программанын баардык бөлүктөрү боюнча 3 (үч) жылдын ичинде экзамен тапшырган талапкерлердин тизмесин бекитет.
42. Программанын баардык бөлүктөрү боюнча 3 (үч) жылдын ичинде экзамен тапшырган талапкерлер аудитордун квалификациясын жалпы негизде алышат.
43. Аудитордун квалификациялык сертификатын берүү жана аудиторлордун реестрине жазууну киргизүү жөнүндо чечим кабыл алынган күндө тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде аудитордун квалификациялык сертификаты берилет.
44. Кавлификациялык экзаменге катышуу үчүн ыйгарым укуктуу органга талапкер берген документтер кайтарылып берилбейт.
45. Туура/туура эмес жооптору бар квалификациялык экзамендин жыйынтыктары тестирлөөгө катышуучуга берилбейт.
Аттестациялык комиссия
46. Талапкерлерди аттестациядан өткөрүү үчүн ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен квалификациялык экзаменге чейинки 2 (эки) айда аттестациялык комиссия түзүлөт жана анын жекече курамы 1 (бир) жылдык мөөнөткө бекитилет. Бир эле адам 2 (эки) мөөнөттөн ашуун аттестациялык комиссиянын мүчөсү боло албайт.
47. Аттестациялык комиссия 7 (жети) мүчөдөн турат, анын ичинде аттестациялык комиссиянын төрагасы менен жооптуу катчысы ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдарынан дайындалат. Аттестациялык комиссиянын калган мүчөлөрү Программанын бөлүмдөрүнүн маселелери боюнча билими жана адистик тажрыйбасы бар адам болууга тийиш.
48. Аттестациялык комиссиянын курамына кеиптик аудитордук бирикменин 3 (үчтөн) кем эмес өкүлдөрү кирүүгө тийиш.
49. 2/3 (үчтүн экисинен) кем эмес мүчө катышкан аттестациялык комиссиянын жыйыны маселелерди чечүүчү ыйгарым укуктарга ээ. Жыйынга катышкан аттестациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алынат. Добуштар тең чыгып калган учурда аттестациялык комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
50. Аттестациялык комиссиянын жыйындарынын жана анда кабыл алынган чечимдердин протоколу түзүлөт, ага катышкан мүчөлөр тарабынан кол коюлат. Аттестациялык комиссиянын жыйынында талкууланган маселелерди жаздырып алуу үчүн жазып алуучу техникалык каражаттары колдонулушу мүмкүн.
51. Аттестациялык комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- Программанын мазмунун өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- экзамендик тапшырмалардын мазмунуна оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүүгө;
52. Аттестациялык комиссия төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кийинчерээк ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин бекитиши үчүн экзамендик тапшырмалардын мазмунун иштеп чыгууга;
53. Экзамендик тапшырмалар ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан экзамендин башталышына 1 (бир) ай калганга чейин бекитилет.
54. Аттестациялык комиссиянын мүчөлөрү квалификациялык экзаменди өткөрүп жатканда ушул Жобонун талаптарынын бузулушу үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчиликтерди тартат.
Апелляциялык комиссия
55. Аттестациялык комиссиянын чечимине макул болбогон учурда, натыйжалар чыгарылган учурдан тартып 5 (беш) календарлык күндүн ичинде талапкер квалификациялык экзамендин натыйжасына даттануу арызын берүүгө укуктуу. Даттануу арызы жүйөөлүү жана негиздүү болууга тийиш.
56. Бир эле адам бир мезгилде аттестациялык жана апелляциялык комиссиянын мүчөсү боло албайт. Апелляциялык комиссия 5тен (бештен) кем эмес мүчөдөн турат, анын ичинде апелляциялык комиссиянын төрагасы ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынан, ал эми жооптуу катчы ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринен дайындалат. Апелляциялык комиссиянын калган мүчөлөрү Программанын бөлүмдөрүнүн маселелери боюнча билими жана тажрыйбасы бар адис болууга тийиш. Апелляциялык комиссиянын курамы ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
57. Апелляциялык комиссиянын жыйындары анын мүчөлөрүнүн 2/3 (үчтүн экисинен) кем эмесинин жана апелляция жөңүндө арыз берген талапкердин катышуусунда өткөрүлөт.
58. Апелляциялык комиссия төмөнкүлөргө милдеттүү:
- апелляциялык даттанууну кабыл алган күндөн тартып 14 (он төрт) жумуш күндүн ичинде апелляция жөнүндө арызды кароого;
- апелляциялык даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алууга.
59. Апелляциялык даттанууну кароону жыйынтыктоодо апелляциялык комиссия апелляция жөнүндө арызды негизсиз деп аныктаса, эгерде арызда көрсөтүлгөн бузуулар ырасталбаса, анда талапкердин талабын канааттандырбай коюуга анын укугу бар.
60. Апелляциялык комиссиянын ар бир мүчөсү добуш берүү учурунда бирден добушка ээ. Жыйынга катышкан мүчөлөрдүн жөнөкөй, ачык, көпчүлүк добушу менен апелляциялык комиссиянын чечими кабыл алынат. Добуштар тең чыгып калган учурда апелляциялык комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
61. Апелляция жөнүндө арыз берген талапкерге, жыйын башталганга чейинки 5 (беш) күндөн кечиктирилбей, апелляциялык комиссиянын жыйыны болуучу күн билдирилет. Апелляциялык комиссиянын жыйыны болуучу күн билдирилген талапкер апелляциялык комиссиянын жыйынына катышпай калган учурда, анын катышуусуз эле чечим кабыл алынышы мүмкүн.
62. Апелляциялык даттанууну кароонун жыйынтыгы 5 (беш) жумуш күндүн ичинде талапкерге билдирилет.
63. Кайталанып берилген апелляциялык даттануу кароого кабыл алынбайт.
64. Апелляциялык комиссиянын чечимине талапкер макул болбогон учурда, кабыл алынган чечимге административдик иштердин жана административдик жол-жоболордун негиздери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга болот.
65. Апелляциялык комиссиянын мүчөлөрү апелляциялык даттанууну карап жатканда ушул Жобонун талаптарынын бузулушу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликтерди тартат.
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасына ________________________
________________________
________________________
АРЫЗ
Аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна ээ болуу үчүн жана квалификациялык экзамендин программасындагы _______________________________ бөлүмдөр боюнча экзамендерди тапшыруу үчүн аттестацияга кирүүгө уруксат берүүңүздү сурайм.
Колу _________________
"___" _________ 201__-ж.
2-тиркеме
Аудитордун квалификациялык сертификатын алууга талапкер берген квалификациялык экзамендин жыйынтыгы
Күнү_________________________
Убактысы_____________________
ФАЖ_________________________
Программанын бөлүктөрү | Алган упайлардын суммасы | Талапкердин койгон колу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Аттестациялык комиссиянын төрагасы _____________________________
Аттестациялык комиссиянын мүчөлөрү _____________________________
_____________________________
_____________________________
_____________________________
_____________________________
_____________________________
_____________________________
_____________________________
Жооптуу катчы _____________________________
3-тиркеме
Акыркы 3 жылда берилген арыздардын жана ийгиликтүү тапшырган талапкерлердин тизмеси | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
Бөлүктөр боюнча арыз бергендердин саны, ушул жарым жылда баардык 4 бөлүктү тапшырууну каалаган талапкерлердин арыздарынан башкасы: |
жылдын ______ жарым |
жылдын ______ жарым |
жылдын ______ жарым |
жылдын ______ жарым |
жылдын ______ жарым |
жылдын ______ жарым |
1-бөлүк боюнча |
|
|
|
|
|
|
2-бөлүк боюнча |
|
|
|
|
|
|
3-бөлүк боюнча |
|
|
|
|
|
|
4-бөлүк боюнча |
|
|
|
|
|
|
Алардын ичинен бөлүктөр боюнча ийгиликтүү тапшыргандардын саны: | ||||||
1-бөлүк боюнча |
|
|
|
|
|
|
2-бөлүк боюнча |
|
|
|
|
|
|
3-бөлүк боюнча |
|
|
|
|
|
|
4-бөлүк боюнча |
|
|
|
|
|
|
Баардык 4 бөлүктү тапшырууну каалаган талапкерлердин арыздарынын саны: | ||||||
Алардын ичинен бөлүктөр боюнча ийгиликтүү тапшыргандардын саны | ||||||
1-бөлүк боюнча, баардык 4 бөлүктү тапшыргандар алынып салынгандан кийин |
|
|
|
|
|
|
2-бөлүк боюнча, баардык 4 бөлүктү тапшыргандар алынып салынгандан кийин |
|
|
|
|
|
|
3-бөлүк боюнча, баардык 4 бөлүктү тапшыргандар алынып салынгандан кийин |
|
|
|
|
|
|
4-бөлүк боюнча, баардык 4 бөлүктү тапшыргандар алынып салынгандан кийин |
|
|
|
|
|
|
Баардык 4 бөлүк боюнча |
|
|
|
|
|
|
Жыйынтыгы: | ||||||
Жарым жылда баардык 4 бөлүктү тапшыргандардын саны |
|
|
|
|
|
|
Бир нече жарым жылда баардык 4 бөлүктү тапшыргандардын саны, анда акыркы экзамен ушул жарым жылда тапшырылган |
|
|
|
|
|
|
Берилген сертификаттардын жалпы саны |
|
|
|
|
|
|
Аттестациялык комиссиянын төрагасы _____________________________
Аттестациялык комиссиянын мүчөлөрү _____________________________
_____________________________
_____________________________
_____________________________
_____________________________
_____________________________
_____________________________
_____________________________
Жооптуу катчы _____________________________