Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
___________________________________________________________________________________________________________________________________________
Курулуштагы ченемдик документтер тутуму
КҮНӨСКАНАЛАР ЖАНА ПАРНИКТЕР
ТЕПЛИЦЫ И ПАРНИКИ
Greenhouses and hotbeds
Киргизүү датасы 2018-ж. 18- декабры
1 Колдонуу чөйрөсү
Ушул курулуш ченемдери жаңы долбоорлонуп жаткан жана реконструкцияланып жаткан бардык типтеги жана милдеттеги күнөсканаларга жана парниктерге тиешелүү, алардын ичинде: жашылча-жемиштерди жана көчөттөрдү өстүрүүгө арналган, жашылча-жемиштер күнөскана комбинаттарынын (ЖЖТК), көчөт-жашылча-жемиштер күнөскана комбинаттарынын (КЖЖТК), ошондой эле топурагы корголгон башка объекттердин курамына кирген кышкы жана мезгилдүү күнөсканалар жана парниктер.
2 Ченемдик шилтемелер
Ушул курулуш ченемдеринде төмөндөгү документтерге ченемдик шилтемелер пайдаланылды:
Кыргыз Республикасынын 2016-ж. 7-июнундагы № 78 «Өрт коопсуздугун камсыздоо жөнүндө» мыйзамы;
КЧжЭ 2.01.07-85 Жүктөөлөр жана таасирлер;
КЧжЭ 2.03.01-84* Бетон жана темир бетон конструкциялары;
КЧжЭ 2.03.11-85 Курулуш конструкцияларды коррозиядан сактоо;
КЧжЭ 2.03.13-88 Полдор;
КЧжЭ 2.04.01-85* Имараттардын ички суу түтүктөрү жана канализациясы;
КЧжЭ 2.0402-84* Суу менен камсыздоо. Тышкы тармактар жана курулмалар;
МАКЧ 2.04-02-2004 Имараттардын жылуулугун сактоо;
КЧжЭ 2.04.05-91* Жылытуу, желдетүү жана кондициондоштуруу;
КЧжЭ II-23-81 Болот конструкциялары;
КЧжЭ II-25-80 Жыгач конструкциялары;
КЧжЭ II-97-76 Айыл чарба ишканаларынын генералдык мерчемдери;
КР КЧжЭ 23-02-00 Курулуш климатологиясы;
КР КЧ 20-02:2018 Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери;
КР КЧ 31-06:2018 Администрациялык жана тиричилик имараттар;
КР КЧ 35-01:2018 Жашоо-турмуш чөйрөсүн долбоорлоо керектөөлөрүн эсепке алуу менен мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү;
КР КЭ 35-101:2018 Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга имараттардын мерчемдик чечимдерин кабыл алууда жашоо-турмуш чөйрөсүн камсыздоо;
КЭ 35-104-2001 Майыптар үчүн жумуш орундары бар имараттар жана бөлмөлөр;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-ж. 11-апрелдеги № 201 токтому менен бекитилген СанЭжЧ «Ичүүчү суу. Ичүүчү суу менен камсыздоочу борборлоштурулган тутумдардагы суунун сапатына гигиеналык талаптар. Сапатты контролдоо»;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-ж. 11-апрелдеги № 201 токтому менен бекитилген СанЭжЧ «Санитардык-коргоочу зоналар жана ишканалардын, курулмалардын жана башка объекттердин санитардык классификациясы»;
ГОСТ 12.1.003-2014 Эмгек коопсуздугунун стандарттарынын тутуму. Чуулдоо. Коопсуздуктун жалпы талаптары;
ГОСТ 12.3.002-2014 Эмгек коопсуздугунун стандарттарынын тутуму. Өндүрүш процесстери. Коопсуздуктун жалпы талаптары;
ГОСТ 111-2014 Түссүз такта айнек. Техникалык шарттар;
ГОСТ 10354-82 Полиэтилен пленкасы. Техникалык шарттар;
ГОСТ 27751-2014 Курулуш конструкциялардын жана түптөрдүн бекемдиги. Негизги жоболор;
ГОСТ 28984-2011 Курулушта өлчөмдөрдү модулдук координациялоо. Негизги жоболор.
Э с к е р т ү ү - Ушул курулуш ченемдерин колдонууда жогорудагы шилтеме жасалган ченемдик документтердин Кыргыз Республикасынын аймагында иштешин үстүбүздөгү жылда жарык көргөн Стандартташтыруу боюнча улуттук органдын жана архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тийиштүү маалыматтык боюнча текшерүү максатка ылайык келет. Эгерде шилтеме жасалган документ алмаштырылса (өзгөртүлсө), анда ушул курулуш ченемдерин колдонууда алмаштырылган (өзгөртүлгөн) документтерди жетекчиликке алуу абзел. Эгерде шилтеме жасалган документ алмаштырылбай эле алынып ташталса, анда ага шилтеме берилген тиркеменин ушул шилтемеге тиешеси жок бөлүктөрү гана колдонулат.
3 Терминдер жана аныктамалар
Ушул курулуш ченемдеринде төмөндөгү терминдер тиешелүү аныктамалары менен берилген.
3.1 ангар күнөсканалары: Бир пролеттуу корголгон топурагы курулмалары;
3.2 биоотун: Өсүмдүк же айбандар сырьесунан, организмдердин бөлүп чыгаргандарынан же органикалык өнөр жай калдыктарынан (мисалы, кык, торф, самандын аралашмасынан) жасалган, ичинен өзүнөн өзү күйүп, топурак кыртышынын жана күнөскананын (парниктин) температурасын жогорулатууга жөндөмдүү отун.
3.3 блоктуу күнөсканалар: Күнөскананын айрым звенолорунан блоктолуп жасалган көп пролетуу курулмалар;
3.4 мезгилдүү (жазгы) күнөсканалар: Жашылча-жемиштерди жаз-күз пайдалануучу мезгилдүү күнөсканалар.
3.5 гидропон күнөсканалары: Өсүмдүктөрдүн тамыры жайгашуучу катмар катары азык менен камсыздалган жасалма субстраттар колдонулган күнөсканалар;
3.6 бышып жетилүү (дозаривание): Быша элегинде үзүлгөн жемиштердин биологиялык бышыккандыкка жетүүсү;
3.7 кышкы күнөсканалар: Жыл бою иштеген күнөсканалар;
3.8 бышып жетилүү камерасы: Күнөскананын 1000 метрге 2,3метр көлөмүнө эсептелген, томаттарды өстүрүүгө ылайыкталган, температурасы, нымдуулугу жөнгө салынуучу, газдын дозатору(этилен), газ анализатору менен жабдылган газ камерасы.
3.9 кляммерлер: Канылтырдан же алюминден жасалган айнек кысуулар (айнектердин кошулган жерлеринде);
3.10 парник: Жылытылбаган, жарыкка тунук жабуу менен жабылган, жашылча-жемиштерди жана көчөттөрдү өстүрүүгө арналган, өсүмдүктөр курулманын сыртынан багылган культивациялык курулма;
3.11 аргасыз резерв котельнаясы: Катуу аяздар болгон учурда боборлоштурулган жылуулук камсыздоосмунун резервдик котельнясы колдонулат;
3.12 топурактуу күнөсканалар: Өсүмдүктөрдүн тамыры жайгашуучу катмар катары күнөскананын топурактары же топурак аралашмалары колдонулган күнөсканалар;
3.13 көчөт-жашылча-жемиштер күнөскана комбинаттары (КЖЖТК): Көчөттөрдү жана жашылча-жемиштерди ачык топуракта өстүрүүгө арналган өндүрүш, көмөкчү, администрациялык-чарба курулмалардын комплекси;
3.14 күнөскана: Жылытылган, жарыкка тунук жабуу менен жабылган, жашылча-жемиштерди, көчөттөрдү жана гүлдөрдү өстүрүүгө арналган, өсүмдүктөрдү курулманын сыртынан да, ичинен да багууга болгон курулма;
3.15 жашылча-жемиштер күнөскана комбинаттары (ЖЖТК): Жашылча-жемиштерди өстүрүүгө арналган өндүрүш, көмөкчү, администрациялык-чарба курулмалардын комплекси;
3.16 күнөскана эффекти: Күнөскананын жарыкка тунук жабуусу аркылуу өткөн кыска толкундуу күн радиациясы күнөскананын кара түстүү нерселеринин (топурак, өсүмдүктөр, жабдыктар ж.б.) сиңирүүсүнүн эсебинен узун толкундууга өзгөрүп, жабуунун ичинде дээрлик кармалып, күнөскананын сыртына чыкпай калуусунун эсебинен күнөсканаларда жана парниктерде температуранын жогорулашы. Бул, биринчи кезекте, айнекке тиешелүү, себеби пленка узун толкундуу радиацияны аз кармап калат, ачык түндөрү күнөскананы өтө муздатып жибериши мүмкүн жана топуракта «радиациялык тонду» пайда кылат;
3.17 фотосинтетикалык активдүү радиация: Толкуну 380-710 нмдиапазондогу узундуктагы күн радиациясы, ал өсүмдүктөрдө фотосинтез, өсүү жана өнүгүү үчүн пайдаланылат;
3.18 шпалера: Өсүмдүктөргө тирөөч катары кызмат кылган решетка, сым же шпагат;
3.19 шпросы: Күнөсканаларды жана парниктердиайнектер жана башка жарыкка тунук жабуулар менен тосуу үчүн бекитүүчү атайын металл профилдер.
4 Жалпы жоболор
4.1 Күнөсканаларды жана парниктерди долбоорлоодо төмөндөгүлөрдү тутуу керек:
- курулманын жалпысынан жана анын айрым элементтеринин курулуштун жана эксплуатациянын бардык баскычтарында (тургузууда, монтаждоодо) зарыл болгон бекемдигин, катуулугун жана мейкинде өзгөрүлбөстүгүн камсыздаган конструкциялык схемаларды кабыл алуу, ошондой эле аларды инженердик коммуникацияларды (алардын ичинде пайдубалдарда орнотулган элементтерди табигый жердетүүчүлөр катары колдонуу үчүн) монтаждоо үчүн колдонууга мүмкүндүктү камсыздоо;
-бир аянтта жайгашкан курулмаларга курулуш буюмдарын жана материалдарын тандоодо объекттик унификация талаптарын тутуу;
- курулуш конструкцияларынын эсеби жана долбоорлонушу КЧжЭнин 2.01.07, КЧжЭнин2.03.01 жана КЧжЭнин II-25 ж.б. ченемдердин айыл чарба милдетиндеги имараттарды, курулмаларды жана курулуштарды куруунун өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу талаптарына ылайык жүргүзүлүүсү;
- күнөсканалардын конструкциялары аларга түз жана жайылган жарыктын максималдуу киришин, бир калыптагы, чукул өзгөрүүлөрүсүз температураны, жылуулукту минималдуу жоготууну, температуралык-нымдуулук режимди жөнгө салуучу табигый аба алмашууну камсыздашы керек жана өндүрүш процесстеринин максималдуу механизацияланышына мүмкүндүк түзүү.
4.2 Күнөсканалар жана парниктер Д категориясындагы –өрт кооптуулугу төмөн (курулманын көлөмүндө орнотулган газ менен жылытылган күнөсканалардан тышкары) курулмаларга кирет, Vдаржадагы өрткө туруктуу жана ченеми жок чектеги өрткө туруктуу курулуш конструкцияларына, С3 класстагы конструкциялык жана Ф5.3 классындагы функционалдык өрт кооптуулугуна кирет. Конкреттүү бир күнөсканалардын жана парниктердин өрткө туруктуулугунун мындан да жогору даражага жана конструкциялык өрт кооптуулгунун классына тиешелүүлүгү өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укутуу мамлекеттик органдын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн корутундусу менен тастыкталышы керек, анын негизинде – долбоорлого тапшырма берилет.
4.2.1 Күнөсканалардын, парниктердин жана алардын бөлмөлөрүнүн жарылуу-өрттөнүү жана өрт кооптуулугунун категориясын Кыргыз Республикасынын «Өрт коопсуздугун камсыздоо жөнүндө» мыйзамына ылайык кабыл алуу керек. Өрткө туруктуулук даражасын жана өрт кооптуулук классын пайдаланып жаткан курулуш конструкцияларынын өрткө туруктуулугунун чегине жана өрт кооптуулугунун классына жараша аныктоо керек.
4.2.2 Өрт отсегинин аянты Кыргыз Республикасынын «Өрт коопсуздугун камсыздоо жөнүндө» мыйзамынын талаптарына ылайык кабыл алынат.
Жумушчу орундары бар бөлмөлөрдө Кыргыз Республикасынын «Өрт коопсуздугун камсыздоо жөнүндө» мыйзамына ылайык эвакуция жолдору жана чыгыштары каралууга тийиш.
4.3 Күнөсканалардын жалпы аянты күнөскана конструкцияларынан жасалган өндүрүш аянттарынын жана көмөкчү бөлмөлөрдүн суммасы катары аныкталат.
4.4 ЖЖТКнын жана КЖЖТКнын курамына кирген кышкы күнөсканалардын ортосундагы аралык транспорт өткөөлдөрүнүн кеңдиги менен аныкталып, 6м кем эмес болот, мезгилдүү күнөсканалардын аралыгы – 1,5 м. кем эмес болууга тийиш.
4.5 Күнөскана жана парник чарбаларынын жана селитебдик зоналардын ортосундагы санитардык-коргоочу зоналар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-ж. 11-апрелдеги № 201 токтому менен бекитилген СанЭжЧ талаптарына ылайык аныкталат.
4.6 Күнөскана жана парник чарбалары менен мал, куш фермалары жана комплекстеринин ортосундагы зооветеринардык ажырымдар 150 м. кем эмес болууга тийиш.
Күнөскана жана парник чарбалары менен шаардык калктуу пунктардын ж.б. муниципалдык түзүлүштөрдүн ортосундагыветеринардык объекттердин ажырымдары төмөндөгүлөрдөн кем эмес болууга тийиш:
ветеринардыкдарыканалардан –150;
питомниктерден, айбанаттар үчүн мейманканалардан (колдоо көрсөтүүчү баш маана кылуучу жерлерден), грумер салондордон –300;
үй айбанаттардын көрүстөндөрүнөн –400;
шаардык ветстанциялардын ветеринардыкдоктурканаларынан –600.
4.7 Күнөсканалар жана парниктер курулуш конструкцияларынын жана түптөрүнүн бекемдиги боюнча ГОСТ 27751 ылайык КС1 жоопкерчилигиндеги класстагы курулмаларга кирет.
4.8 Күнөсканалар жана парниктер үчүн аянттар КЧжЭнин II-97 талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Курулмалардагы полдун белгиси аларга ыкташ болгон аянттын тилкесинин мерчемделген белгисинен 0,1м кем эмес бийиктикте турушу керек.
4.9 Кыш мезгилинде метрине 200 м3 кар жааган райондордо күнөсканаларды долбоорлоодо КР КЧжЭсине 23-02 ылайык кардан коргоочу жасалма орнотмолор жана иш-чараларкаралышы керек (табигыйлары жок болгон учурда). Жана алардын функциясы шамалдан коргоочу жана аймакты тосуучу функциялар менен айкалыштырылышы зарыл.
4.10 Күнөсканаларды жана парниктерди энергиянын салттуу эмес булактарын: геотермалдык сууларды, ГРЭСтердин төмөн потенциалдуу сброс болгон жылуулугун, газкомпрессор станциялар ж.б. колдонууну эске алып жайгаштыруу сунушталат.
4.11 Күнөсканалардын жана парниктердин көлөмдүү-мерчемдүү жана конструкциялык чечимдери Кыргыз Республикасынын «Өрт коопсуздугун камсыздоо жөнүндө» мыйзамын эске алуу менен аткарылууга тийиш.
4.12 Күнөсканалардагы технологиялык жабдыктарды тейлөө жана ремонттоо үчүн, ошондой эле айнектердин тышкы жана ички жагын тазалаш үчүн атайын механизмдерди, орнотууларды жана куралдарды пайдалануу керек.
4.13 ГОСТ 12.3.002 жана ГОСТ 12.1.003 жетекчиликке алып, долбоорлоо учурунда кооптуу жана зыяндуу өндүрүш факторлору (электр тармагындагы чыңалуунун кооптуу деңгээли, абанын өтө нымдуу болушу жана алмашпай турушу, технологиялык жабдыктардын сырты жогорку температурада болушу, сынган жана түшүп жаткан айнек, жарыктын өтө ачык болушу жана жасалма шоолаландырууда жана өсүмдүктөрдү кошумча жарыктандырууда ультра кызгылт көк радиациянын деңгээли, абада бөлүнүү заттарынын болушу, курулуш конструкцияларында пестициддердин жана агрохимикаттардын болушу, өсүмдүктөрдү көмүр кычкыл газы менен азыктандырган учурда абанын газдалуусу, адамга зыяндуу микроорганизмдердинболушу ж.б.) эске алынышы керек жана алардын адамдарга тийгизген терс таасирин минималдаштыруу зарыл.
4.14 Өсүмдүктөрдү арылар менен чаңдатууда саны эсептөө аркылуу аныкталган жумушчу арылары же жапан арылары бар бал челектерди орнотуу абзел.
4.15 Күнөсканалардын курулуш чечимдеринин наркын салыштыруу үчүн төмөндөгү көрсөткүчтөрдү пайдалануу керек:
күнөсканада өсүүчү өсүмдүктөргө өндүрүш же инвентардык аянт жана алардын ортосундагы жумушчу өткөөлдөр;
өндүрүш жана көмөкчү аянттарынын суммасы катары аныкталган пайдалуу аянт;
көтөрүп туруучу конструкциялар менен күнөскананы көлөкөлөнтүү коэфициенти тосмонун жалпы аянтына көтөрүп туруучу конструкциялардын проекциясынын (тосмонун үстүнө 20°, 45° жана 70° бурч менен тийген учурда) аянттарынын ара катышы менен аныкталат;
тосмонункоэффициенти тышкы тосмолордун аянтынын өндүрүш аянтына ара катышы менен туюнтулат;
табигый жарыктандыруу коэффициенти.
4.16 Күнөсканалар жана парниктер жайгаштырылган аймак 1,6метрден төмөн эмес бийиктиктеги тор тосмо менен тосулууга тийиш.
4.17 Эгерде мумкунчулугу чектелген адамдарга күнөсканалар жана парниктер курулмаларында жана алардын курамына кирген бөлмөлөрдө жумушчу орундар каралса, анда ал жерлерге кирүүнү КР КЭде 35-101 жана КР КЭ 35-101 баяндалган талаптарга ылайык камсыздоо керек.
5 Көлөмдүү-мерчемдүү жана конструкциялык чечимдер
5.1 Конструкциялык аткарылышы боюнча күнөсканалар ангар тибиндеги (бир пролеттуу) жана блоктуу болуп бөлүнүшөт.
5.2 Күнөсканалардын көлөмдүү-мерчемдүү чечимдери ГОСТ 28984, ошондой эле өндүрүш технологиясынын талаптарынажооп бериши керек, агротехникалык регламенттерге жанадолбоорлоо тапшырмасынынпараметрлерине ылайык болууга тийиш.
5.3 Күнөсканаларды бир пролеттуу (ангар) жана көп пролеттуу кылып долбоорлоо абзел.
Парниктерди бир жагына жантайма же эки жагына жантайма жабуусу менен долбоорлоо абзел.
5.4 Корголгон топурагы объекттеринин курамына кирген администрациялык жана тиричилик имараттарды жана бөлмөлөрдү КР КЧ 31-06, КР КЧ 20-02 талаптарына ылайык долбоорлоо абзел.
5.5 Күнөсканалардын жана парниктердин геометриялык параметрлери долбоордун технологиялык чечимдерине ылайык дайындалышы керек. Бир пролеттуу күнөсканалардын пролеттору 21м. чоң эмес, блоктуу күнөсканалардыкын 16м. чоң эмес дайындоо сунушталат. Ушул параметрлердин чоңойтулушу долбоорлоо тапшырмасы боюнча гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Полдун үстүнөн чыгып турган конструкциялардын, асма жабдыктардын, коммуникациялардын төмөн жагына чейинки бийиктик технологиялык жактан каралган машиналардын жана механизмдердинэркин өтүшүнө ылайык дайындалууга тийиш, бирок 2,4м. кем эмес болушу керек. Парниктердики – 1,5м. кем эмес болушу керек.
Топурактын азыктандыруучу катмарынын же күнөскананын полунун үстүнөн узунунан кеткен вертикалдуу тосмолордун бийиктиги: ангар күнөсканаларында – 1,8 м. кем эмес, блоктууларда – 2,4м. кем эмес болуусу абзел.
Температуралык кеңейтүүлөрдү эсепке алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатканда сырттагы абанын эсеп температурасы -45°С ге барабар же андан төмөн болгондо (өтө суук болгон беш күндүк температуранын орточо тепмературасы тиешелүү райондун сырттагы эсеп температурасы катары кабыл алынат)температуралык тигиштердин эң чоң аралыгы күнөскананын узундугу боюнча (пролеттердун туурасынан) - 200м., күнөскананын туурасынан (конектубойлото)-200м. түзүшү керек.
5.6 Күнөсканаларды КЧжЭге II-25, КЧжЭгеII-23 ылайык долбоорлоо сунушталат. Күнөскананын каркасынын, тосмосунун жана жабуусунун материалдары долбоорлоого тапшырмага ылайык кабыл алынат.
КЧжЭ II-25ке, КЧжЭ II-23кө ылайык парниктерди жыгач же темир бетон каркастар менен долбоорлоо сунушталат.
5.7 Кышкы күнөсканалардын жарыкка тунуктосмолорун айнекти же синтетикалык полимер материалдарды, адатта, бир же эки кабаттууларды колдонуп, зарыл болгон учурда трансформация боло турган штораларды же жылуулукту сактоочу экрандарды кошуп долбоорлоо абзел. Мезгилдүү күнөсканаларды кышында чечип сала турган синтетикалык полимер материалдарды колдонуп долбоорлоо сунушталат.
5.8 Күнөсканалардын цоколунун бийиктиги ага аянттын ыкташкан тилкелеринин мерчемделүүчү белгисинен 0,3 м төмөн эмес болууга тийиш. Ачык топуракка отургузула турган көчөттөр өстүрүлө турган күнөсканалардын дубалдарында, эгерде долбоорлоо тапшырмасында башка альтернативалуу чечимдер каралбаса, желдетүүчү тешиктерди калтыруу керек.
5.9 Күнөсканалардын тирөөчтөрүнө (каркастын түркүгүнө) пайдубалдардын үстүнкү белгиси күнөскананын полунан 0,3 м. кем эмес бийиктикте болууга тийиш. Блоктуу күнөсканалар жантайыш аянтта жайгашкан учурларда айрым пайдубалдардын белгисин жердин рельефи боюнча күнөскананын өзгөрүлмө жантайышы менен коюуга уруксат берилет, бирок төмөндөгүлөрдөн жогору болбошу керек:
айнек жана аралаш жабуусу менен (айнек тунуке жана полимер дубалдар) конекторду бойлой (лотокторду)- 2%, конектордун туурасынан – 1,5%;
полимер жабуусу менен эки багытка тең - 3%.
5.10 Күнөсканалардын жабууларынын тик сызыктуу жантаймаларынын эңкейишин 40%дан төмөн кабыл алыш керек, ийри сызыктууларын, кууш сымалдардын эңкейишин -20%дан төмөн кабыл алыш керек.
Блоктуу күнөсканалардын ендоваларын эңкейиши 0,2% дан кем эмес жана туурасы 200 ммден кем эмес лоток түрүндө долбоорлоо керек.
Парниктердин жабуусунун эңкейиши 6%дан кем эмес болушу керек.
5.11 Жарыкка тунук тосмосу айнектен жасалган күнөскананын жарык кирүүчү конструкцияларынын суммардык аянты жалпы аянттын 15%нан көп болбошу керек, ал эми пленкадан болгондо - 10%дан көп болбошу керек.
5.13 Курулуш конструкцияларынын жана буюмдарынын коррозияга каршы корголушун КЧжЭнин 2.03.11талаптарына ылайык дайындоо абзел, мында агрессивдүү таасирдин деңгээлине жараша күнөскананын ичиндеги чөйрөнү болот конструкцияларына аз агрессивдүү, ал эми алюминь жана жыгач конструкцияларына агрессивдүү эмес деп табуу керек.
5.14 Күнөскана жана парниктердин курулуш конструкцияларына болгон жүктү (нагрузканы) КЧжЭнин 2.01.07талаптарына ылайык, төмөндөгү көрсөтмөлөрдү эске алып, кабыл алуу абзел:
а) бир катмарлуу тосмолуу, ортосунда жылуулукту алып жүрүүчү төшөлгөн эки катмарлуу тосмолуу, ошондой эле бир пролеттуу пленкалуу эки катмарлуу тосмолуу кышкы күнөсканаларды долбоорлоодо райондор үчүн жердин горизонталдуу үстүнүн 1чарчы метрине кардын салмагы: I - 100 Па; II - 150 Па; III - 200 Па; IV-VIII - 400 Па; жазгы пленкалуу бир катмарлуу тосмолуу күнөсканаларды долбоорлоодо бардык райондор үчүн – 100 Па болот.
Жердин горизонталдуу үстүндөгү кардын үстүнкү катмарынын тик ылдыйынын күнөскана жабууларынын ченемдик жүктөрүнө өтүү коэффициентин жана кар жүгүн бөлүштүрүү схемаларын А тиркемесине ылайык кабыл алуу керек. Күнөсканалардын жабууларына кардын эсептик жүгү 1,4 жүк боюнча ишенимдүүлүк коэфициенти менен кабыл алынышы керек.
б) шамалдын ылдамдык күчүн (напор) өзгөрүлмө бийиктик боюнча 1коэфициенти менен 10м. бийиктикте жана 0,6 коэфициенти менен 2м. жана андан төмөн бийиктиктерде кабыл алуу абзел; бийиктиктин аралыктагы маанилери үчүн коэфициенттерди сызыктуу интерполяция менен аныкташат; пленка менен тосулган күнөсканалар үчүн көрсөтүлгөн коэфициенттерди 20%га төмөндөтүп туруу сунушталат;
в) күнөсканалардын көтөрүп туруучу конструкцияларына асылган өсүмдүктөрү бар шпалерлердин ченемдик жүгүн150Пага (15кгс\м) барабар деп кабыл алуу абзел жана жүк боюнча 1,3 ишенимдүүлүк коэфициенти менен кыска мөөнөттүүгө тиешелүү деп табуу керек;
г) блоктуу кышкы күнөсканалардын жабууларынын суу буруучу лотокторун (металл жана жыгач) 1000Н ченемдик топтолгон жүккө текшерип туруу зарыл, жазгы пленкалуу күнөсканаларды – жүк боюнча 1,2 ишенимдүүлүк коэфициенти менен эки вертикалдуу, ар бири 1000Н болгон ченемдик топтолгон жүккө текшерип туру керек (алардын ортосундагы аралык 1 м).
д) технологиялык жабдыктардын (электр шоолаландыруу орнотмолорунун, трубопроводдордун ж.б.) жүгүн долбоордун тиешелүү бөлүктөрүнүн маалыматы боюнча кабыл алуу абзел.
5.15 Кыска мөөнөттүү жүктөрдүн эсеп чоңдуктарын же аларга ылайык келген аракеттерди КЧжЭ 2.01.07 боюнча аныктоо абзел.
5.16 Сейсмикалык райондордогу күнөсканаларды сейсмикалык таасирлерди эсепке албай долбоорлоо абзел.
5.17 Күнөсканалардын тосуучу конструкциялары үчүн ийилген болот профилдердин калыңдыгын эсеп боюнча кабыл алуу керек, бирок 1ммден кем эмес, айнекти бекемдөөчү детальдардын жана пленканын калыңдыгы – 0,4ммден кем эмес болууга тийиш.
5.18 Күнөсканалардын каркасынын кысылган болот элементтеринин ийилгичтиги КЧжЭII-23тө көрсөтүлгөн 180 керилген элементтерден жана байланыш-чоңдуктардан ашпоого тийиш.
5.19 Күнөсканалардын болот конструкцияларынын ийилүүсүн КЧжЭ II-23тө көрсөтүлгөндөргө ылайык аныктоо абзел. Мында айнектелген күнөсканалардын элементтеринин вертикалдуу салыштырмалуу ийилүүсү шпростор үчүн -1/150, прогондор үчүн - 1/200, лотоктор үчүн - 1/300, ригелдер үчүн - 1/250, технологиялык жабдыктарды көтөрүп туруучу фермалар үчүн - 1/250 пролеттон ашпоого тийиш.
Пленкалуу күнөсканалардын ийилүүчү элементтеринин салыштырмалуу ийилүүсү 1/75 пролеттон ашпоого тийиш.
5.20 Күнөсканалардын 3мм жанаандан аз эки же андан көп туурасынан кеткен ийүүлөрү бар жана дубалдын бийиктигинин же текченин туурасынын ийүүнүн радиусуна 30дан кем катышта ийилген профилдерден жасалган болот конструкцияларын эсептөөдө болоттун керүүгө, кысууга жана бурууга эсеп каршылыгынын чоңдугун 10%га көбөйтүү сунушталат.
5.21 Күнөсканалардын жыгач конструкцияларын КЧжЭ II-25тин талаптарына ылайык долбоорлоо абзел.
5.22 Күнөсканалардынпленкалуу тосмолорун шамалдын согуу күчүнө (нагрузка) эсептөөдө полиэтилен пленканын керүүгө эсеп каршылыгын (ГОСТ10354) 5 МПа (50 кгс/см2) кабыл алуу абзел, серпилгичтик модулун 75 МПа (750 кгс/см2), кар жүгүнүн таасирине же бир учурда кар жүгүнүн жана шамал күчүнүн таасирине эсептегенде эсеп каршылыгын жана серпилгичтик модулун 1,5 коэфициентке көбөйтүү керек.
5.23 Күнөсканаларда бирдей өлчөмдөгү айнекти колдонуу абзел, айнектин калыңдыгын эсеп боюнча дайындоо керек, бирок капталтосмолору үчүн 3 мм кем эмес, тунукени айнек менен каптоодо 4мм кем эмес болууга тийиш. Урунбас жана атайын айнектер долбоорлоо тапшырмасына ылайык колдонулат. Шпростордун ортосундагы аралык эсептер менен аныкталат.
5.24 Күнөсканалардын айнек тосмо конструкцияларын эсептөөдө төмөндөгүлөрдү эске алуу абзел: айнектин ийилип кетүүсунө эсеп каршылык чоңдугун 12,5 МПа (125 кгс/см2), серпилгичтик модулу 7,3·10МПа (7,3·105 кгс/см2) жана туурасынан кеткен деформация коэфициенти 0,22. Мындаайнектин эсеп каршылыгын жумуш шартынын төмөндөгү коэфициенттерине көбөйтүү абзел: айнекти бүт контур боюнча үзгүлтүксүз бекемдөөдө (профилдик элементтер менен) -1; контурдун айрым жерлеринде бекемдөөдө (кляммерлер ж.б. менен) – 0,8. Вертикалдуу тосмолордун айнектерининэсеп каршылык чоңдугун кошумчалап, 1,2 барабар болгон жумуш шарттарынын коэфициентине көбөйтүү керек.
5.25 Түндүк райондордо, тактап айтканда, түбөлүк тоң болгон райондордо күнөсканалардын көлөмдүү-мерчемдүү жана конструкциялык чечилиштеринин өзгөчөлүгү – полдун желдетилүүчү алды болуп эсептелет. Анын үстүндө цоколь перекрытиеси же зарыл болгон терс температураларды кармап туруучу тоңдурулган негиз орнотулат. Полдун желдетилүүчү алдынын үстүндөгү цоколь перекрытиеси күнөскананын полдорунун талап кылынган температуралык режимин сактоону жана полдун желдетилүүчү алдына жылуу аба агымынын таасирин жокко чыгарууну камсыздашы керек.
Цокольперекрытиесин төмөндөгү элементтерден жасашат:
эсеп жүктөрдү кабыл алган көтөрүп туруучу конструкциялардан;
цокольперекрытиесинин калың катмарына тыштагы абанын кирип кетүүсүнө тоскоол болгон аба обочолонтуучу катмардан;
жылуулукту обочолонтуучу катмардан;
перекрытиенинкатуу эмес же көңдөйлүү элементтерине тартылган стяжкадан;
гидро- жана буу обочолонтуучудан;
астыга салынуучу катмардан;
полдун үстүн жабуудан.
Торец дубалдарды жылуулукту өткөрүүгө жогорку каршылык көсөтүүчү материалдардан жасоо абзел. Жарыкка тунук жабуулар тарнсформациялануучу жылуулукту сактоочу экран орнотулган айнектин эки кабатынан жасалат.
Күнөсканаларды шамалдын кышкы розасы боюнча көп соккон багытын бойлото жайгаштыруу керек.
5.26 Күнөсканаларды айнектөөнү жана жылчыксыз бекитүүнү КЧжЭнин 12-04 талаптарын эске алып жүргүзүү абзел.
5.27 Күнөсканалардагы жолдорду жана байланыштыруучу коридорлорду транспортко тоскоолдук жаратпай тургандай кылып жасоо керек: тепкичтерди, босогону, кууш өткөөлдөрдү, бурулуштарды, уруксат берилгенден жогору болбогонэңкейиштерди.
5.28 Күнөсканаларга шамалдын күчүн (нагрузкасын) КЧжЭге2.01.07ылайык пульсациялык түзүүчүнү эсепке алып аныктоо абзел.
6 Суу менен камсыздоо, ички суу түтүктөрү жана канализация
6.1 Күнөсканалардагы сууну керектөө ченемдери жана режимдери, сугат үчүн суунун сапаты жана температурасы ж.б. технологиялык максаттар үчүн ченемдер жана режимдер «Ичүүчү суу. Ичүүчү суу менен камсыздоочу борборлоштурулган тутумдардагы суунун сапатына гигиеналык талаптар. Сапатты контролдоо» СанЭжЧде көрсөтүлгөн.
6.2 Күнөсканалардын жана парниктердин суу менен камсыздоотутумун долбоорлоодо ушул бөлүмдүн эрежелерин эске алып, КЧжЭ 2.04.01 жана КЧжЭ 2.04.02лердеги көрсөтмөлөрдү жетекчиликке алуу керек.
6.3 Негизделген учурда, күнөсканаларда сугат үчүн ж.б. өндүрүш максаттарында, «Ичүүчү суу. Ичүүчү суу менен камсыздоочу борборлоштурулган тутумдардагы суунун сапатына гигиеналык талаптар. Сапатты контролдоо» СанЭжЧнын талаптарын канааттандырган ичүүчү сууну берүүгө уруксат берилет. Эгерде өндүрүш суу түтүктөрүнүн тармагына семирткичтер же башка заттар берилсе, ал чарба-ичүүчү суу түтүгүнө бактагы суунун максималдуу деңгээлинен же резервуарда суу берүүчү трубопроводдун төмөн жагына чейин агымдын ажырымы 50 ммден кем эмес болуп бириктирилиши керек.
Если в сеть производственного водопровода подаются удобрения или другие вещества, он должен присоединяться к хозяйственно-питьевому водопроводу с разрывом струи не менее 50 мм от максимального уровня воды в баке или в резервуаре до низа подающего трубопровода.
6.4 Күнөсканалардын жана парниктердин ички жана тышкы өртүн өчүрүүнү кароонун кереги жок.
6.5 Күнөсканалардын ички суу түтүктөрү тышкы суутүтүктөрүнө суу менен камсыздоо ишенимдүүлүгү категориясына ылайык бириктирилиши керек.
6.6 Күнөсканалардын ичинде сууну пайдалануу өсүмдүк продукциясын өндүрүү технологиясына ылайык каралат.
Күнөсканалардын ичиндеги суутүтүктөрү долбоорлоо тапшырмасына ылайык өсүмдүктөрдү сугаруу, буулантып муздатуучу жана абаны кошумча нымдатуучу, ошондой эле резервдик сугаруу (полдорду, жабдыктарды жуу үчүн ж.б. технологиялык максаттарга) тутумдары менен жабдылышы керек.
Жашылча-жемиштерди жасалма субстраттар менен өстүрүүгө арналган күнөсканаларда суу түтүктөрү техникалык тапшырмага ылайык жабдылууга тийиш.
Парниктердин суу түтүктөрүндө сугат үчүн крандар болушу керек.
6.7 Суу түтүктөрүндөгү форсункалардын жана тамчылатмалардын жанындагы суунун туруктуу жиреши, алардын таасир этүү зонасы ж.б. долбоорлоо үчүн зарыл болгон мүнөздөмөлөрдү өңдүрүүчү заводдордун маалыматтары боюнча кабыл алуу абзел.
6.8 Резервдик сугат үчүн крандардын саны эсеп менен аныкталат.
6.9 Күнөскананын суу түтүктөрүнүн жана канализациясынын ички тармактары, адатта, металл эмес түтүктөрдөн болот; гребенкалары, фасон бөлүктөрү, алардын байланыштары жана, негизделген учурда, күнөскананын коридорлорунда төшөлгөн магистралдык трубопроводдору – металлдан болот.
6.10 Күнөскананын суу түтүктөрүнүн жана канализациясынын ички тармактарын жердин үстүнөн же жерде алып өтүүгө уруксат берилет.
Эгерде ушул тутумдунтехнологиялык өзгөчөлүктөрү менен башкалар каралбаса, трубопроводдор бошотуучу түзүлүштөргө ээ болушу керек.
6.11 Күнөсканаларга кире турган жерде суу ченегичтерди орнотуу каралышы керек. Күнөсканалардын тобуна же блогуна суу ченегичтерди орнотууга уруксат берилет.
6.12 Күнөсканаларга кире турган жерде жана күнөсканалардын жана парниктердин магистралдык трубопроводдорунан бутакталып кеткен жерине бекиткич арматураны орнотуу зарыл.
6.14 Күнөсканалардын суу менен камсыздоо тутумунун ишенимдүүлүк категориясы КЧжЭ 2.04.02нин классификациясына ылайык IIден төмөн болбошу керек; парниктердики– IIIтөн төмөн болбошу керек.
6.15 Кышкы блоктуу күнөсканаларды жабуудагы лотоктордон атмосфералык жаан-чачындарды агызуу үчүн ички суу агызгычтары менен долбоорлоо керек.
Агындыларды буруп туруу үчүн, эгерде алар коррозиядан корголгон болсо, стояктар катары каркастын колонналарынын ички көңдөйлөрүн пайланса болот. Блоктуу жазгы жана бир пролеттуу жана кышкы күнөсканаларды ички суу агызгычтары жок долбоорлоо керек.
6.16 Күнөсканалардын тунукесиндеги жана ички суу агызгычтардын тармагындагы лотокторду гидравликалык эсептөөдө жаан сууларынын эсептик сарпталышын жеткен чектеги интенсивдүүлүк методу менен аныктоо абзел.
Мында жаандын интенсивдүүлүгүнүн ашып кетүүсүнүн бир жолку мезгилин ички суу агызгычтардын эсебинде, адатта, 0,5 жылга барабар деп кабыл алуу керек.
6.17 Курулуш аянтынын гидрогеологиялык шарттарына жараша кышкы топурагы күнөсканаларында жана жазгы күнөсканалардын көчөт отургузуучу бөлүмдөрүндө жабык дренаж каралууга тийиш.
Дренажды кабыл алуунун зарылдыгын, анын конструкциясын, топурактын долбоордогу белгисинен дренаждын үстүнө чейинки аралыкты ар бир конкреттүү учурда, курулуш аянтынын гидрогеологиялык шарттарын, өстүрүүнүн технологиясын жана ушундай шарттарда иштеген күнөсканалардын тажрыйбасын эске алып, негиздөө керек.
Стеллаждалган гидропон күнөсканалар дагы илме жана тиреме лотоктордун дренаж агындарынын бургучтарын чогултма коллекторлордун системасы боюнчакийин утилизациялоого же кайтадан пайдаланууга кабыл алуучу резервуарларга чогула турган кылып жасоо абзел.
6.18 Дренаж тамыр жайгашкан катмарды оптималдуу аба-нымдуулук режим менен, дренаж агындарын өз убагында чыгарып турууну камсыз кылуусу керек.
6.19 Жумушчулардын коопсуздугун камсыздоо максатында суу түтүк, канализация гидропон курулумаларын жана тармактарды эксплуатациялоо керек.
7 Жылытуу жана желдетүү
7.1 Күнөсканалардын жана парниктердин жылытылышын жана желдетилишин КЧжЭ 2.03.01нин талаптарына жана ушул бөлүмдүн эрежелерине ылайык долбоорлоо абзел.
Күнөсканалар жылуулук менен камсыздалуунун ишенимдүүлүгү боюнча, адатта, экинчи категориядагы керектөөчүлөргө кирет. Күнөсканаларды жылуулук менен камсыздоо жеке же борбордук жылуулук булактарынын эсебинен жүргүзүлөт; техникалык-экономикалык негиздөөдө экинчи энергия ресурстарын пайдаланууну кароого болот. Күнөсканаларды жылытуу үчүн экинчи энергия ресурстарын пайдаланууда пик казандарын колдонгон жылуулук менен камсыздоо схемаларын пайдаланууга уруксат берилет.
Жылуулук энергиясын эсептөөчү коммерциялык түйүн бөлөк бөлмөдө жайгаштырылышы керек.
7.2 Күнөсканалардын жана парниктердин жылытылышы жана желдетилиши башка тутумдар менен бирге микроклиматтын талап кылынган параметрлерин (абанын, топурактын же субстраттын температурасын, абанын салыштырмалуу нымдуулугун жана ички абанын жылышынын ылдамдыгын) камсыздоого тийиш.
Жылытуу күн менен (күнөскана эффектисинин эсебинен), биологиялык (биоотун менен), же техникалык болушу мүмкүн.
Күнөсканалар желдетүүчү тутум менен жабдылууга тийиш.
Күнөсканалардын жана парниктердин жылытуу тутумун орнотуу зарылдыгын, ошондой эле анын кубаттуулугун эсеп менен аныктоо абзел.
7.3 Күнөсканаларды жана парниктерди жылуулук менен камсыздоо геотермалдык суулардын жылуулугунун экинчи энергия ресурстарынын эсебинен жүргүзүлүшү керек, аталган булактар жок болгон учурда – ЖЭС жана ЖЭБдердин же өздүк жылуулук булактарынан (өрт коопсуздугунун талаптарын жана коопсуздук техникасынын ченемдерин тутууну эске алып, башка имараттарда, ошондой эле күнөскана конструкциясынын ичинде жайгашкан казандардан) жүргүзүлүүгө тийиш. Газды колдонууда аны күнөсканада күйгүзүп жылытууга болот.
7.4 Күнөсканаларды жылытуу үчүн экинчи энергия ресурстарын колдонууда пик резерв казанын пайдаланган жылуулукту камсыздоочу тутумду колдонууга уруксат берилет.
7.6 Тышкы абанын эсептик параметрлерин КР КЧжЭсине23-02ылайык кабыл алуу абзел:
а) жылдын суук мезгилдеринде:
- жыл бою иштеген күнөсканалар үчүн- 0,92 камсыздалуусу менен эң суук суткалардын орто температурасын; эң суук айдын орто салыштырмалуу нымдуулугун жана январь айынын шамалынын орто ылдамдыгын;
- жаз-күз мезгилдеринде колдонулган күнөсканалар үчүн -абанын температурасынын максималдуу суткалык амплитудасынын жарымына төмөндөтүлгөн эксплуатациялоо мезгилиндеги эң суук айдын орточо температурасы, ушул айдын орточо нымдуулугу жана шамалдын орточо ылдамдыгы;
б) жылдын күнөскана мезгилиндеги (бардык күнөсканалар үчүн):
- эң ысык айдын орточо температурасы жана салыштырмалуу орточо нымдуулугу, июль айындагы шамалдын орточо ылдамдыгы.
7.7 Күнөсканаларды жана парниктерди жылытууну жана желдетүүнү күн радиациясынан алынган жана күндүзү топурак менен аккумуляцияланган жылуулукту эсепке албай туруп долбоорлоо абзел.
7.8 Кышкы күнөсканаларда суу менен жылытуу же суу менен жылытууну аба менен айкалыштыруу (айкалыштырылган жылытуу) жана топуракты суу менен жылытуу каралышы абзел. Айкалыштырылган жылытуу тутумду пайдалануу негиздүү болуш керек. Айкалыштырылган жылытуу тутумундагы абанын ысышынын жылуулук кубаттуулугун бир пролеттуу күнөсканаларда 35-50%га барабар, болктууларда эсеп мезгилинде жылуулукту жалпы сарптоонун - 20-40%на барабар кабыл алуу абзел.
Мезгилдүү күнөсканаларда калориферлерденжанажылуулук генераторлорунан аба менен жылытуу, негиздеген учурда – регистрлери түтүктөрдөн турган суу менен жылытуу каралышы керек.
7.9 Күнөсканалардын жылытуу тутумдарын долбоорлоодо жылуулукту алып жүрүүчүнүн температурасын 150 °С жогору эмес кабыл алуу абзел.
Жылытуу тутумдары эки түтүктүү жылуулук тармактарына, адатта, көз каранды схема боюнча бириктирилет.
Техникалык-экономикалыкжактан негиздеп, жылуулукту алмаштыруучуларды жана жөнгө салуучуларды ИТП (ЦТП) бөлмөлөрүндө орнотууну талап кылган150 °С чейинки температурадагы жылуулукту алып жүрүүчүнүкөз каранды эмес схема боюнчаколдонууга уруксат берилет.
7.10 Жылытуучу куралдарды күнөсканаларда төмөндөгү жерлерге жайгаштыруу керек:
жогорку зонада–жабуунун алдында (тунуке алдындагы жылытуу), суу агызуучу кобулчалардын алдында (лоток алдындагы жылытуу) жана карнизже фермалардын ылдыйкы тилкелеринде (жогорку жылытуу);
ортончу зонада–тышкы дубалдардын жанында (капталдан жылытуу), каркастын ички түркүктөрүндө, алкактардын затяжкаларында жана өсүмдүктөрдүн катарларынын арасында;
төмөнкү зонада - топуракта, гидропон күнөсканалар үчүн - полдо, өсүмдүктөрдүн катарларынын арасында (төмөнкү жылытуу); тышкы дубалдардын контуру боюнча жана топуракты жылытуу үчүн - топурактын долбоордогу белгисинен жылытуучу түтүктөрдүн үстүнө чейин 0,1 м кем эмес тереңдикте (топурактын алдындагы жылытуу).
Жылытуунун ар бир зонасы агротехнология менен берилген жылытуу тутумунун параметрлерине ээ болуга тийиш. Жылытуунунар бир тутуму контурдун аныкталган температурасын камсыздоо үчүн циркуляциялык кысып соргучу бар өз алдынча аралаштыруучу топко ээ.
Күнөскананын жылытуу тумунун башкаруучу технологиялык түйүндөрдү күнөскананын ичине коюуга уруксат берилет.
7.11 Топуракты жылытуу үчүн трубалар күнөскананын аянтына текши жайгаштырылышы керек, алардын аралыгы жылуулук технологиялык эсеп менен аныкталат.
7.12 Күнөсканаларды суу менен жылытуу үчүн жылытуучу куралдар катары (жылуулукту алып жүрүүчүнүн температурасына жараша) пластмасса, коррозияга каршы тиешелүү түрдө сакталган болот жылмакай трубаларды колдонууга болот.
Топуракты алдынан жылытууга болот трубаларын пайдаланууга уруксат берилбейт.
7.13 Күнөсканалардын ички абасын бир калыпта текши жылытууну камсыздоо үчүн төмөндөгүлөрдү аткаруу абзел: топурактын үстүнөн 1м. бийиктиктеги зонага жылуулуктун жалпы санынан 40%дан аз эмесин берүү керек, анын ичине топуракты жылытуунун жылуугу да кирет; калган зоналарда вертикалдуу тосмолордо жайгашкан жылытуучу куралдардын салыштырмалуу жылуулук берүүсү (тосмолордун 1 м2) эңекейиш тосмолордо(жабууларда) жайгашкан куралдардын жылуулук берүүсүнөн 25%га көп болууга тийиш.
7.14 Кулпулоочу жана жөнгө салуучу арматура өзүнчө жандырууну, (включение) өчүрүүнү(выключение) камсыздашы керек жана күнөскананын жогорку, ортончу жана төмөнкү зоналарында жайгашкан жылытуучу куралдардын жылуулук берүүсүн жөнгө салып туруусу керек.
7.15 Күнөсканалардын желдетилип турушун эсептөөдө жылдын жылуу мезгилинде күн радиациясынан пайда болгон ашыкча жылуулукту алып салууну эске алып, эсеп жүргүзүү абзел.
7.16 Күнөсканаларда, эреже катары, табигый желдетүүнү колдонууну алдын ала кароо керек.
Эгерде ал ички абанын талап кылынган параметрлерин камсыз кыла албаса, аралаш желдетүүнү (табигый жана механикалык жүргүзүлүшү менен) жана буу менен муздатууну колдонууга уруксат берилет.
7.17 Табигый желдетүү үчүн тешиктерди (аба кирип-чыгып турушу үчүн) төмөндөгүдөй жайгаштыруу керек:
жабылган блоктуу күнөсканаларда – абаны чыгаруу үчүн конекторду бойлото, тышкы дубалдарда – аба кириш үчүн;
тунукенин ар кайсы жеринде жайгашкан форточкалуу желдетүүчү тутумга ээ болгон блоктуу күнөсканалардатабигый желдетүү үчүн тышкы дубалдардагы тешиктерди жасабай коюга уруксат берилет;
ангар күнөсканаларда - тышкы дубалдарда – аба кириш үчүн, жабууларда –аба чыгыш үчүн.
Желдетүүчү тешиктердин ачылып-жабылышын механизациялаштырыш керек.
Аба менен жылытылуучу күнөсканаларда жылдын жылуу мезгилинде жылытуучу тутумду желдетүү үчүн желдетмелерди пайдалануу каралууга тийиш.
Парниктер парник алкактарын же пленка жабууларын көтөрүп (ачып)желдетилет.
7.18 Бир пролеттуу күнөсканаларда табигый желдетүү үчүн аба кирүүчү жана чыгуучу тешиктердин аянтын эсеп менен аныктоо абзел.
Жашылча-жемиш өстүрүүгө арналган көп пролеттуу күнөсканаларда табигый желдетүү үчүн тешиктердин жалпы аянтын: т.к. түндүк жак районунда 60° түндүк кеӊдигинде - 10%дан кем эмес, башка райондордо – күнөсканалардын тосмолорунун жалпы аянтынан 20%данкем эмес кабыл алуу абзел.
Көчөт отургузууга арналган (ачык топуракка отургузула турган) көп пролеттуу күнөсканаларда табигый желдетүү үчүн тешиктердин жалпы аянтын технологиянын талаптарына ылайык кабыл алуу абзел.
7.19 Техникалык-экономикалык негиздеме болгон учурда газ менен жылытууну колдонууга уруксат берилет.
7.20 Термалдык суулардын температурасын, анын жердин канчалык тереңинде жатышын, күнөскана чарбасын жылытууга жетишерлигин, туздуулугун жана көлөмүн эске алган техникалык-экономикалык негиздеме болгон учурдатермалдык сууларды күнөсканаларды жылытуу үчүн колдонууга болот.
8 Электр-техникалык түзүлүштөр
8.1 Электр-техникалык түзүлүштөр Электр-техникалык түзүлүштөрдү орнотуу эрежелерине ылайык долбоорлонушу керек.
8.3 Күнөсканалардын транспорт өткөөлдөрүн жана коридорлорун жасалма жарык менен, көбүнчө люминесцент лампалары менен же жарыкдиод шамдары менен жарыктандыруу каралышы абзел; полдун деңгээлиндеги жарыктандыруу 10 лк болууга тийиш.
8.4 Өсүмдүктөрдүшоолаландыруу жарык режимине ылайык жогорку натыйжалуу шоолалантуучу түзүлүштөр менен ишке ашырылышы керек.
Шоолалантуучу түзүлүштөрдүн ортосундагы аралык жана аларды асып турган түзүлүштөрдүн бийиктиги эсеп менен аныкталууга тийиш.
8.5 Күнөсканалардагы бөлүштүрүүчү тармактардын трубадагы кабель жана сым төшөлмөлөрүн ачык лотоктордо же конструкциялар боюнча жасоо сунушталат.
Чагылгандан коргоо/жердетилиш үчүн табигый жердетүүчү катары (эсептер менен тастыкталган учурда) темир бетон пайдубалдарды колдонууга уруксат берилет, ал эми чагылган кабыл алуучу жана чагылган тосуучу катары – күнөсканалардын, парниктердин металл конструкцияларынын өзүн пайдаланса болот, бирок бардык конструкцияларды пайдубалдарга болт же ширетүү жолу менен бекем бириктирип чыккан шартта гана.
Металл прогондор бар болгон учурларда аларды потенциалдарды теңештирүү тутуму катары колдонууга уруксат берилет.
8.6 Жарылуу жана өрт кооптуулугу боюнча А категориясына кирген бышырып жетилтүүчү камералары.