Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура,
курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин
2023-жылдын 1-декабрындагы № 64-нпа
буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
+ _КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ_ Курулуштагы ченемдик документтер тутуму
КАЛКЫНЫН САНЫ 3000 ГЕ ЧЕЙИНКИ КИЧИ КОНУШТАРДЫ ТЫШКЫ СУУ МЕНЕН ЖАБДУУ ТУТУМДАРЫ
ДОЛБООРЛОО ЖАНА КУРУУ ЧЕНЕМДЕРИ
СИСТЕМЫ НАРУЖНОГО ВОДОСНАБЖЕНИЯ МАЛЫХ НАСЕЛЕННЫХ ПУНКТОВ С ЧИСЛЕННОСТЬЮ ДО 3000 ЖИТЕЛЕЙ НОРМЫ ПРОЕКТИРОВАНИЯ И СТРОИТЕЛЬСТВА
Outdoor Water Supply Systems For Small Settlements With A Population of up To 3,000 Inhabitants Norms on the Design And Construction
|
|
Киргизүү датасы 2018-12-31
|
|
1.1 Бул курулуш ченемдери калкынын саны 3000 чейинки кичи конуштардын жана күнүнө 200м3дан ашпаган көлөмдө ичүүчү сууну керектеген бөлөк жайгашкан социалдык объектилердин (санаториялык-курорттук мекемелер, балдардын саламаттыкты чыңдоо борборлору, жаза аткаруу мекемелери жана саламаттыкты сактоо мекемелери) тышкы суу менен жабдуу тутумдарын долборлоодо коюлуучу талаптарды аныктайт. Ченемдер эсептелген чыгымдарды, булактарды, ичүүчү суу менен камсыздоонун схемаларын жана тутумдарын, алардын тармактарын жана курулмаларын аныктоого карата талаптарды белгилейт.
1.2 Ичүүчү суу менен камсыздоо объектилерин долбоорлоодо жана курууда "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, «Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, "Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, “"Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, “Ичүүчү суу менен камсыздоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомун жетекчиликке алуу зарыл.
1.3 Ушул ченемдердин өрткө каршы талаптары өрткө кооптуу, жарылгыч заттарды өндүрүүчү, колдонуучу же сактоочу ишканалардын, күйүүчү жана жеңил тутануучу материалдардын кампаларынын, мунай-газ өндүрүү жана мунайды кайра иштетүү өнөр жайынын суу өткөргүчтөрүнө таркалбайт, өрт өчүрүүгө карата талаптар “Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
2.1 Калкынын саны 3000ге чейинки жашоочусу бар конуштарда ичүүчү суу менен жабдуу тутумдарын долбоорлоодо алардын кайсы ведомствого таандык экенине карабастан тутумдар менен объектилердин кооперациялашууларынын максатка ылайыктуулугун кароо зарыл.
2.2 Суу менен жабдуу объектисинин ээсинин тиешелүү түрдө таризделген макулдугу бар болгондо айыл чарбалык, өндүрүштүк жана коммерциялык муктаждыктар үчүн сууну чыгымдоолор суу өткөргүчтүн бөлүштүрүүчү эсептөөлөрүнө эске алынууга тийиш.
Мында объектилерди суу менен жабдуу долбоорлорун канализация тутумдарын жакшыртуу долбоорлору менен бир мезгилде жана суу колдонуунун жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелер менен ченемдерди сактап кир сууларды агызуунун теңдемин милдеттүү талдоо менен иштеп чыгуу зарыл.
2.3 Суу, электр жана жылуулук энергиясы менен катар эле, энергетикалык өнүм болуп саналат, буга байланыштуу аны колдонуунун экономикалык майнаптуулугуна карата тиешелүү талаптарды эске алуу зарыл.
2.4 Чарбалык-ичүү муктаждыктарына берилүүчү суунун коопсуздугу ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө техникалык регламенттин талаптарына шайкеш болууга тийиш.
Суу колдонуу көлөмү же тейленүүчү калктын сана боюнча ушул Ченемдерге шайкеш келген объектилер үчүн, ичүү максатында 1-таблицада келтирилген көрсөткүчтөргө ылайык кээ бир элементтерди камтуусу боюнча параметрлери бар сууну колдонууга уруксат кылынат.
1- т а б л и ц а
Параметрлер | Өлчөө бирдиги | Көрсөткүч |
Аммоний | мг/л | 2,0 |
Бор | мг/л | 0,1 |
Хлориддер | мг/л | 250 |
Марганец | мг/л | 0,5 |
Темир | мг/л | 0,3 |
Сульфаттар | мг/л | 250,0 |
Киргилдиги | мг/л | 1,5 |
Нитраттар | мг/л | 10 |
Бактериялардын жалпы саны | в 1 мл | 100 |
Суутек реакциясы рН | -- | 6-9 |
2.5 Чарбалык-ичүү муктаждыктарына колдонулуучу сууну даярдоодо (тазалоодо), ташууда жана сактоодо, Евразиялык экономикалык биримдиктин бажы чек арасында жана бажы аймагында алардын коопсуздугун техникалык регламенттерге ылайык тастыктоочу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө жатуучу өндүрүмдөрдүн (товарлардын) бирдиктүү тизмесине кирген материалдарды, жабдууларды, реагенттерди, коррозияга каршы ички каптамаларды, чыпкалоочу материалдарды колдонуу керек.
2.6 Өндүрүштүк муктаждыктарга берилүүчү суунун сапаты ушул ченемдерге жана техникалык регламенттерге шайкеш келүүгө тийиш.
2.7 Чарбалык-ичүүчү суу өткөргүчтөрдүн долбоорлорунда чарбалык-ичүүчү арналыштагы суу менен жабдуу булактарын жана суу өткөргүчтөрдү санитардык коргоо чөлкөмдөрүнө карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык суу менен жабдуу булактарын, суу өткөргүч курулмаларын, соргуч станцияларды санитардык коргоо чөлкөмдөрү алдын ала каралышы зарыл.
2.8 Суу менен жабдуу тутумдарында колдонулуучу жабдуулар, материалдар жана башка өндүрүмдөр талап кылынган сапаттагы жана коопсуз сууну үзгүлтүксүз берүүнүн кызмат өтөөсү боюнча ченемдик талаптарды аткаруунун бузулбашын камсыздоого тийиш.
Жалпы арналыштагы өнөр жай өндүрүмүн колдонууда, аны суу менен жабдуу тутумдарында колдонуунун өзгөчөлүктөрү эске алынууга тийиш.
2.9 Суу менен жабдуу тутумдарын жана курулмаларын долбоорлоодо прогрессивдүү техникалык чечимдер, эмгекти талап кылган иштерди механизациялоо, технологиялык процесстерди автоматташтыруу жана курулуш-монтаж иштерин максималдуу индустриализациялоо, ошондой эле тутумдарды курууда жана эксплуатациялоодо экологиялык коопсуздук талаптарын, санитардык-эпидемиологиялык эрежелер менен ченемдерди, адамдардын саламаттыгын камсыздоо алдын ала каралууга тийиш.
2.10 Долбоорлордо кабыл алынуучу негизги техникалык чечимдер жана аларды жүзөгө ашыруунун кезектүүлүгү мүмкүн болгон варианттардын көрсөткүчтөрүн салыштыруу менен негизделүүгө тийиш.
Оптималдуу вариант курулушта да, эксплуатациялоо мезгилинде да материалдык ресурстардын, эмгекти сарптоолордун, электр энергиясын жана күйүүчү майдын чыгымдарын кыскартууну, ошондой эле долбоорлонуп жаткан тутумдар менен объектилердин кызмат кылуу мөөнөтү ичинде айлана-чөйрөгө таасир көрсөтүүсүн эсепке алуу менен аныкталат.
3.1.1 Калктуу конуштардын ичүүчү суу менен жабдуу тутумдарын долбоорлоодо, калктын чарбалык-ичүү муктаждыктарына салыштырмалуу орточо күндүк (бир жылга) суу колдонуусу 2-таблицага ылайык кабыл алынууга тийиш.
Э с к е р т ү ү - Салыштырмалуу суу колдонууну 2-таблицада көрсөтүлгөн чектерде тандоо климаттык шарттарга, суу менен камсыздоо булагынын кубаттуулугуна жана суунун сапатына, жакшылануу даражасына, курулуштун кабаттуулугуна ж.б. жергиликтүү шарттарга (короо-жай тилкесин сугаруунун өз алдынча тутумдарынын барлыгы же аларды түзүү мүмкүнчүлүгү, жай мезгилинде ири мүйүздүү малдын жайытта кармалышы ж.б.у.с.) жараша жүргүзүлүүгө тийиш.
2-т а б л и ц а - Калктын чарбалык-ичүү муктаждыктарына салыштырмалуу орточо суткалык (бир жылда) суу колдонуу
Киши башына бир күнгө литр менен
Турак-жай курулуш райондорунун жакшылануу даражасы
| Бир жашоочуга орточо бир күндүк (жыл ичинде) салыштырмалуу чарбалык-ичүүчү суу колдонуу |
Ички суу өткөргүч жана канализация менен жабдылган имараттар курулган | 50-70 |
Канализациясыз, жеке суу бөлгүч кудуктан суу колдонуучу имараттар курулган райондор. | 20-40 |
Э с к е р т ү ү л ө р 1. Салыштырмалуу суу колдонуу, берилген калктуу конуштун гана калкын эмес, башкаларды да тейлеген объектилер үчүн, технологиялык маалыматтарга ылайык кабыл алынууга тийиш болгон суунун чыгымдарын чыгарып салганда, коомдук имраттардагы чарбалык-ичүүчү жана тиричилик муктаждыктарына суунун чыгымдарын ичине алат. 2 Калкты азык-түлүк менен камсыздоочу жергиликтүү өнөр жайдын муктаждыктарына суунун санына, жана тиешелүү негиздөөдө суунун эске алынбаган чыгымдарына калктуу конуштун чарбалык-ичүүчү мукаждыктарына жыйынды чыгымдардын 3-10 %ы өлчөмүндө кошумча кабыл алууга уруксат берилет. | |
3. Өзгөчө учурларда калктын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары (айыл өкмөтү) тарабынан долбоорлоого тапшырма стадиясында аныкталган жерлерде жайгашкан коомдук кудуктардан суу колдонуусуна уруксат кылынат. Мында калктуу конуштун келечектеги жыйынды суу колдонуусун жана таратуу тармактарынын диаметрлерин эсептөөнү калктын минимум жеке суу бөлгүч кудуктардан суу колдонуусун эске алуу менен аныктоо керек. 4. Салыштырмалуу чарбалык-ичүүчү суу колдонуу ченеминин конкреттүү мааниси калктын турмушунун калыптанган салттуу шарттарын, калктын сугатка, малды жана канаттууларды сугарууга ж.б. жарамдуу суунун колдо бар булактарын колдонуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын (жергиликтүү кеңештердин) чечимдеринин негизинде кабыл алынат. 5. Үч кабаттан ашпаган турак үйлөр курулган калктуу конуштар үчүн суу бөлүштүрүү тармагын эсептөөдө, бир жашоочуга салыштырмалуу жыйынды суу колдонуу күнүнө 1 адамга 80 литрден ашпоого тийиш. | |
3.1.2 Суунун эсептик (орточо жылдык) күндүк чыгымы Qорт.күн., м3/күн, калктуу конуштагы чарбалык-ичүүчү муктаждыктарга төмөнкү формула боюнча аныктоо керек:
Qорт.күн.= ΣqжNж/1000, (1)
Мында, qж - ушул курулуш ченемдеринин 2-таблицасы боюнча кабыл алынуучу салыштырмалуу суу колдонуу;
Nж- жакшылануу даражасы ар кыл турак-жай курулган райондордогу жашоочулардын эсептик саны, тапшырыкчынын техникалык тапшырмасы боюнча кабыл алынат.
Суунун күнүнө эң көп жана эң аз эсептик чыгымдарын Qкүн.max жана Qкүн.min, м3/күн, төмөнкү формула менен аныктоо керек:
Qкүн.max = Ккүн.max * Qорт.күн., (2)
Qкүн.min = Ккүн.min * Qорт.күн., (3)
Калктын жашоо нугун, суу колдонуунун жыл мезгилдери боюнча өзгөрүүлөрүн эске алуучу суу колдонуунун күндүк барабар эместигинин коэффициенттерин Ккүн.max жана Ккүн.min, төмөнкүгө барабар деп кабыл алуу керек: Kкүн.max = 1,1 ÷ 1,3; Kкүн.min = 0,7 ÷ 0,9.
Жеке алганда:
а) республиканын түндүк бөлүгүндө жайгашкан райондор үчүн: Kкүн.max= 1,1 жана Kкүн.min = 0,7;
б) республиканын түштүк бөлүгүндө жайгашкан райондор үчүн: Kкүн.max = 1,3 жана Kкүн.min= 0,9.
Суунун сааттык эсептик чыгымдарын qкүн.max жана qкүн.min, м3/саат, төмөнкү формулалар боюнча аныктоо керек:
Qкүн.max= kсаат.max * Qкүн.max/ 24, (4)
Qкүн.min = kсаат.min * Qкүн.min/ 24, (5)
Суу колдонуунун сааттык барабар эместигин kсаат.max жана kсаат.min төмөнкү берилиштерден аныктоо керек:
kсаат.max = αmax * βmax, (6)
kсаат.min = αmin * βmin, (7)
мында, α – калктуу конуштар үчүн берилген αmax= 1,2 жана αmin = 0,4 ченемдери боюнча кабыл алынуучу, имараттардын жакшылануу даражасын, ишканалардын иштөө шарттамдарын жана башка жергиликтүү шарттарды эске алуучу коэффициент;
β – суу менен жабдуу тутумдарын долбоорлоодо калкынын саны 1000ге чейин адам болгондо βmax = 2 барабар, ал эми калкынын саны 1000ден 3000ге чейин адам болгондо βmах = 1,6 барабар деп кабыл алынуучу, калктуу конуштардын жашоочуларынын санын эске алуучу коэффициент;
3.1.3 Калктуу конуштарда жана өнөр жай ишканаларынын аймагында сугарууга суунун чыгымдары аймактын камтылышына, аны сугаруу ыгына, өсүмдүктөрдүн түрүнө, климаттык жана башка жергиликтүү шарттарына жараша 3-таблица боюнча кабыл алынууга тийиш.
3.1.4 Үй малын, канаттууларды жана жаныбарларды багууга жана сугарууга суунун чыгымдары жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары (жергиликтүү кеңештер) менен макулдашылган ченемдерге ылайык кабыл алынууга тийиш.
3.1.5 Өнөр жай жана айыл чарба ишканаларынын өндүрүштүк муктаждыктарына суунун чыгымдары технологиялык маалыматтардын негизинде аныкталууга тийиш.
3-т а б л и ц а – Калктуу конуштарда жана өнөр жай ишканаларынын аймагында сугарууга суунун чыгымдары
Чыгым 1 м2ка литрде
Суунун арналышы | Өлчөө бирдиги | Суунун чыгымы |
Өткөөлдөр менен аянттардын өркүндөтүлгөн каптамаларын механизацияланган жууш | 1 жууш | 1,2 - 1,5 |
Өткөөлдөр менен аянттардын өркүндөтүлгөн каптамаларын механизизацияланган сугаруу | 1 сугаруу | 0,3 - 0,4 |
Тротуарлар менен өткөөлдөрдүн өркүндөтүлгөн каптамаларын кол менен (шлангдан) сугаруу | 1 сугаруу | 0,4 - 0,5 |
Шаарда тигилген бак-дарактарды сугаруу | 1 сугаруу | 3 - 4 |
Газондорду жана гүлзарларды сугаруу | 1 сугаруу | 4 - 6 |
Кышкы топурак күнөсканалардагы көчөттөрдү сугаруу | 1 сут | 15 |
Кышкы стеллаждык жана жазгы топурак күнөсканалардагы, бардык типтердеги парниктердеги, жылууланган топурактагы көчөттөрдү сугаруу | 1 сут | 6 |
Короо-жай тилкесиндеги жашылча өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн сугаруу | 1 сут | 3 - 15 |
Короо-жай тилкесиндеги мөмө-жемиш дарактарынын көчөттөрүн сугаруу | 1 сут | 10 - 15 |
Э с к е р т ү ү л ө р 1. Жакшылантуунун түрлөрү (мисалы, жашылдандыруучу бак-дарактар, өткөөлдөр) боюнча маалыматтар жок болгондо, суу менен жабдуу булагынын кубаттуулугуна, калктуу конуштардын жакшылануу даражасына, ушул максататрда башка булактарды колдонуу мүмкүнчүлүгүнө жана башка салттуу жана жергиликтүү шарттарга жараша, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары (айыл өкмөтү) менен макулдашуу боюнча, бир жашоочуга эсептегенде бир сугарууга сугат маалы үчүн салыштырмалуу суу колдонууну 50л/күн чейин кабыл алуу керек. 2. Негиздегенде ушул Курулуш ченемдеринин 5.3-пунктунун талаптарына ылайык сугат суусу үчүн өзүнчө суу өткөргүчтү алдын ала караштыруу сунушталат. 3. Максималдуу суу бөлүү менен дал келбеген сааттарда күн ичинде сугатты жүзөгө ашырышкан керектөөчүлөрдүн санын, жашоочулардын жалпы санынын 1/3 көп эмес кабыл алуу керек. | ||
| ||
3.1.6 Калктуу конуштарда, өнөр жай жана айыл чарба ишканаларында чыгымдарды күндүн саттары боюнча бөлүштүрүүнү суу колдонуунун эсептик графиктеринин негизинде кабыл алуу керек.
3.1.7 Эсептик графиктерди түзүүдө, долбоордо кабыл алынган тармактан ар кыл муктаждыктарга сууну максималдуу алуулардын мезгили боюнча дал келүүсүн жокко чыгаруучу техникалык чечимдерден чыгуу керек (ири өнөр жай ишканаларында берилген график боюнча толтурулуучу жөндөөчү идиштерди орнотуу, аймакты сугарууга жана сугаруучу машиналарды толтурууга сууну атайын жөндөөчү идиштерден же эркин басым берилген чекке чейин азайганда суу берүүнү токтотуучу түзүлүш аркылуу берүү).
3.1.8 Жеке чарбадагы малды, канаттууларды жана жаныбарларды кармоого жана сугарууга суунун чыгымдары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары (жергиликтүү кеңештер) менен макулдашылган ченемдерге ылайык кабыл алынат. Мында Кыргыз Республикасында салттуу кабыл алынган жаныбарларды жайытта кармоо шарттарынан чыгып, үй чарбасынын үй малынын күндүк максималдуу суу колдонуусу ар бир мал башына сууну ченемдик колдонуунун 50 %ынан көптү түзбөсүн эске алуу керек.
3.1.9 Өзүнчө турак-жай жана коомдук имараттардагы суунун эсептик чыгымдарын аныктоо үчүн салыштырмалуу суу колдонууну, суунун топтоштурулган чыгымдарынын эсебин алуу зарыл болгондо, ошол өзүнчө турак-жай жана коомдук имараттар иштелип чыккан ченемдерге ылайык кабыл алуу керек.
3.2 Өрт коопсуздугунун талаптарын камсыздоо
3.2.1 Жашоочуларынын саны 500дөн ашуун адам болгон калктуу конуштарда бириктирилген чарбачылык-ичүүчү жана өрткө каршы суу өткөргүчтү алдын ала караштыруу керек.
3.2.2 Жашоочуларынын саны 500гө чейин адам болгон калктуу конуштар үчүн, 2 кабатка чейинки имараттар курулганда, корлорун сугат же ичүүчү суу өткөргүчтөн же ушул максатка жарамдуу колдо бар суу объектилеринен толтуруу менен атайын түзүлгөн куюп коймо көлчөлөрдөн өрт өчүрүүнү алдын ала караштырууга уруксат кылынат.
Мында, өрт өчүрүүчү атайын техниканын ушундай көлчөлөргө өтүүсү камсыздалган болууга тийиш, ал эми атайын түзүлгөн көлчөлөр өрт өчүрүүчү техниканын суу алуусу үчүн түзүлүштөр менен жабдылган болууга тийиш.
3.2.3 Каралып жаткан калган объектилер үчүн тышкы өрт өчүрүүгө суунун чыгымы бир өрттү бир мезгилде өчүрүү эсебинен секундуна 5 литр (л/сек) эсептик чыгымы менен кабыл алынууга тийиш. Мында, курулуш көлөмү 1000 м3дан жогору өзүнчө турган коомдук имараттардын өртүн өчүрүү үчүн суунун чыгымын, имараттын ичиндеги да, тышкы өрт өчүрүү коммуникацияларын да эсептөө үчүн, тиешелүү арналыштагы имараттар үчүн аракеттеги тармактык ченемдер боюнча кабыл алуу керек.
3.2.4 Жеке ишканаларда, фермаларда, кампа жана башка объектилерде өрт өчүрүүгө суунун чыгымдары, ичүүчү суу менен камсыздоо объектисинин ээсинин тиешелүү түрдө таризделген макулдугу бар болгон шартта, суу өткөргүчтүн бөлүштүрүү тармагынын эсептөөлөрүндө эске алынган боло алат. Мында ушундай объектилерде өрт өчүрүүгө чыгымдардын ченемин жана өрттөрдү өчүрүүнү камсыздоочу башка параметрлерди, берилген объектилер үчүн колдонуудагы нормативтер боюнча аныктоо керек.
3.2.5 Өрттү өчүрүүгө суунун чыгымы жалпы эсептик керектөөнү бир күндө максималдуу суу колдонуунун максималдуу сааттык чыгымынын 25 % көлөмүндө жол берилүүчү азайтууда камсыздалган болууга тийиш.
3.2.6 Жашоочуларынын саны 3000ге чейинки калктуу конуштарда өрттөрдү өчүрүүнүн эсептик узактыгы 2 саат деп кабыл алынууга тийиш.
3.2.7 Жашоочуларынын саны 3000ге чейинки калктуу конуштардын өрт өчүрүү запастарын калыбына келтирүүнүн максималдуу мөөнөтү 72 сааттан ашпоого тийиш. Мында калыбына келтирүү мезгилинде калктын чарбалык-ичүү муктаждыктарына суу берүүнү эсептиктин 50 %ы көлөмүнө чейин азайтууга уруксат кылынат.
3.3 Эркин басымдар
3.3.1 Жашоочуларынын саны 3000ге чейинки каралып жаткан калктуу конуштардын суу өткөргүч тармактарында жердин үстүнөн имаратка киргизүүдө максималдуу чарбалык-ичүүчү суу колдонууда минималдуу эркин басым бир кабаттуу курулушта 10 м аз эмес кабыл алынууга тийиш, көп кабаттууда – ар бир кабатка 4 м коушмчалоо керек.
Э с к е р т ү ү л ө р
1. Максималдуу суу колдонуу сааттарында жана өрт өчүрүү убагында, биринчи кабаттагы басымды милдеттүү сактоодо, ар бир кабатка басымды 3 м барабар деп кабыл алууга уруксат кылынат, мында сактоо үчүн идиштерге суу берүү камсыздалууга тийиш.
2. Аз кабаттуу курулуштар бар райондордо же дөңсөө жерлерде жайгашкан өзүнчө көп кабаттуу имараттар же имараттардын тобу үчүн, басымды жогорулатуу үчүн жергиликтүү соргуч орнотмолорду (жогорулатуучу соргучтарды) алдын ала караштырууга уруксат кылынат.
3. Суу бөлгүч кудуктардагы суу өткөргүч тармактагы эркин басым 10 м аз эмес болууга тийиш.
3.3.2 Өндүрүштүк суу өткөргүчтүн тышкы тармагындагы эркин басым технологиялык маалыматтар боюнча кабыл алынууга тийиш. Өндүрүштүк жана айыл чарбалык ишканалардын тармагында басым жетишсиз болгон учурда зарыл басым ишканалардын өзүидүк түзүлүштөрү менен камсыздалат.
3.3.3 Чарбалык-ичүүчү суу өткөргүчтүн тышкы тармагындагы эркин басым керектөөчүлөрдө (имаратка, объектиге киргизүүдө) 60 м ашпоого тийиш.
Э с к е р т ү ү - Өзүнчө имараттар же райондор үчүн тармактагы басымдар 60 м көп болгондо, басымды жөндөгүчтөрдү орнотуу же суу менен жабдуу тутумун чөлкөмдөштүрүү алдын ала каралышы керек.
4.2 Варианттарды салыштыруу менен негизделүүгө тийиш:
а) суу менен жабдуунун булактары жана аларды тигил же бул керектөөчүлөр үчүн колдонуу;
б) тутумдун борбордошуу даражасы жана суу менен жабдуунун локалдык тутумдарын бөлүүнүн максатка ылайыктуулугу;
в) ар кыл арналыштагы курулмаларды, суу жүргүзгүчтөрдү жана тармактарды бириктирүү же бөлүү;
г) суу менен жабдуу тутумун чөлкөмдөштүрүү жана гидравликалык жөндөө, жөндөөчү идиштерди колдонуу, жөндөө станцияларын жана соргуч станцияларды колдонуу;
д) бириктирилген же локалдык айлантма суу менен жабдуу тутумдарын колдонуу;
е) бир ишканалардын (цехтердин, орнотмолордун, технологиялык сызыктардын) иштетилген сууларын башка ишканалардын (цехтердин, орнотмолордун, технологиялык сызыктардын) өндүрүштүк муктаждыктарына, ошондой эле аймакты жана жашыл бак-дарактарды сугарууга колдонуу;
ж) тазаланган өндүрүштүк жана тиричиликтик агынды сууларды, ошондой эле жер үстүндөа чогулган агындыларды өндүрүштүк суу менен жабдуу жана көлчөлөр менен саздарга суу жеткирүү үчүн колдонуу;
з) суу колдонуунун туюк циклдерин же туюк тутумдарын уюштуруунун максатка ылайыктуулугу;
и) коё берүү комплекстери боюнча тутумдун элементтерин куруунун жана ишке киргизүүнүн кезектүүлүгү.
4.3 Жашоочуларынын саны 3000ге чейинки калктуу конуштарды суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутуму жергиликтүү шарттарга жана кабыл алынган суу менен жабдуу схемасына жараша камсыздоого тийиш:
а) турак-жай жана коомдук имараттардагы чарбалык-ичүүчү суу колдонууну, коммуналдык-тиричилик ишканаларынын муктаждыктарын;
б) ишканалардагы чарбалык-ичүүчү суу колдонууну;
в) ичүүчү сапаттагы суу талап кылынган жана алар үчүн өзүнчө суу өткөргүч куруу максатка ылайыксыз болгон өнөр жай жана айыл чарба ишканаларынын өндүрүштүк муктаждыктарын; мында ишкананын сууга болгон керектөөсүн жана ага суу берүү шарттамын эсептөөнү ишкананын менчик ээси аныктайт, ал эми долбоордун техника-экономикалык көрсөткүчтөрүн эсептөөдө суу менен жабдуунун жалпы тутумуна кошулган ар бир ишкананын үлуштүк катышуу көрсөткүчтөрү бөлүнүп берилүүгө тийиш. Мында ишканаларга суу берүү шарттамы ушул Курулуш ченемдеринин 2.2; 3.2.4; 3.3.1-3.3.3-п.п. каршы келбөөгө тийиш;
г) өрттөрдү өчүрүүнү;
д) суу менен жабдуу тутумдарынын өздүк өздүк муктаждыктарын, суу өткөргүчтүк жана канализациялык тармактарды жуушту ж.б.у.с.;
Негизделгенде төмөнкүлөр үчүн өз алдынча суу өткөргүчтү куруу сунушталат:
а) аймактарды (көчөлөрдү, өткөөлдөрдү, аянттарды, жашыл бак-дарактарды) сугаруу жана жуу, фонтандарды иштетүү;
б) күнөсканалардагы, парниктердеги, ачык тилкелердеги жана короо-жай тилкесиндеги көчөттөрдү сугаруу.
4.4 Жашоочуларынын саны 3000ге чейинки конуштардын борборлоштурулган суу менен камсыздоо тутумдары суу менен камсыздоо даражасы эске алынуу менен үчүнчү категорияга киргизилет.
Суу берүүнү чарбалык-ичүүчү муктаждыктарга эсептик чыгымдын 30 %ынан көп эмес жана өндүрүштүк муктаждыктарга ишканалардын ишинин авариялык графигинде аныкталган чекке чейин азайтууга уруксат кылынат; берүүнү азайтуунун узактыгы 15 күндөн ашпоого тийиш. Суу берүүдө тыным кылууга же берүүнү көрсөтүлгөн чектен төмөн азайтууга, аварияны жоюу жана өрткө каршы корду толтуруу үчүн зарыл убакытка, бирок 24 сааттан көп эмес, уруксат кылынат.
Айыл чарбалык топтук суу өткөргүчтөр категориясын жашоочуларынын саны эң көп калктуу конуш боюнча кабыл алуу керек.
Өнөр жай жана айыл чарба ишканаларынын (өндүрүштөрдүн, цехтердин, орнотмолордун) өндүрүштүк муктаждыктарына суу берүүнүн камсыздалгандыгын жогорулатуу зарыл болгондо суу менен жабдуунун локалдык тутумдарын алдын ала караштыруу керек.
Ушундай объектилердин техникалык талаптарын камсыздоочу локалдык тутумдардын долбоорлору, ошол объектилердин долбоорлору менен чогуу каралышы жана бекитилиши зарыл.
Суу менен жабдуу тутумдарынын өзүнчө элементтеринин категориясын алардын суу менен жабдуунун жалпы тутумундагы кызматтык маанисине жараша аныктоо зарыл.
Экинчи категориядагы суу берүү тутумдарынын элементтеринин бузулуусу өрт өчүрүүдө суу берүү тоскоолдуктарын жаратса, анда алар биринчи категорияга кошулушу керек.
4.5 Суу менен жабдуунун схемаларын жана тутумдарын иштеп чыгууда болгон курулмаларга, куурларга жана тармактарга техникалык, экономикалык жана санитардык баа берүү жана алардын ишин кайра куруу жана интенсивдештирүү боюнча сарптоолорду эске алуу менен аларды андан ары колдонуу даражасын негиздөо керек.
4.6 Суу алуу курулмалары, куурлар, суу даярдоо станциялары бир күндө максмалдуу суу колдонуунун орточо сааттык чыгымына эсептелүүгө тийиш.
4.7 Куурлардын, суу өткөргүч тармактарынын, соргуч станциялардын жана жөндөөчү идиштердин бирге иштөөсүн эсептөөлөрдү, эсептик мөөнөткө суу берүү жана бөлуштүрүү тутумдарын негиздөө, аны жүзөгө ашыруунун кезектүүлүгүн аныктоо, соргуч жабдууну тандоо жана жөндөөчү идиштердин талап кылынган көлөмдөрүн аныктоо жана аларды курулуштун ар бир кезеги үчүн жайгаштыруу үчүн зарыл көлөмдө жургүзүү керек.
4.8 Жашоочуларынын саны 3000ге чейинки калктуу конуштардын суу менен жабдуу тутумдары үчүн куурлардын, суу өткөргүч тармактарынын, соргуч станциялардын жана жөндөөчү идиштердин бирге иштөөсүн эсептөөлөрдү суу берүүнүн төмөнкү мүнөздүү шарттамдары үчүн аткаруу керек:
а) бир күндө максималдуу суу колдонуу – максималдуу сааттык чыгым, ошондой эле максималдуу сааттык суунун чыгымы кошуу ушул Курулуш ченемдеринин 3.15-п. Жоболорун эске алуу менен өрттү өчүрүү.
б) бир күндө орточо колдонуу – орточо сааттык чыгым;
в) бир күндө минималдуу суу колдонуу – минималдуу сааттык чыгым.
Суу колдонуунун башка шарттамдары үчүн эсептөөлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле көрсөтүлгөн шарттамдардын бир же бир нечеси үчүн эсептөөлөрду жүргүзүүдөн баш тартууга куурлардын, соргуч станциялардын, жөндөөчү идиштердин жана бөлүштүрүүчү тармактардын суу колдонуунун бардык мүнөздүү шарттамдарында чогуу иштөө шарттарын айкындоо үчүн жүргүзүлгөн эсептөөлөрдүн жетиштүүлүгү негизделгенде уруксат кылынат.
Э с к е р т ү ү - Өрттү өчүрүү мезгилине курулмаларды, куурларды жана тармактарды эсептөөлөрдө куурларды жана айлантма тармактардын сызыктарын, ошондой эле курулмалардын секциялары менен блокторун авариялык токтотуу эске алынбайт.
4.9 Суу менен жабдуу схемаларын иштеп чыгууда параметрлердин тизмеси аныкталууга тийиш, аларды көзөмөлдөө эксплуатациялоочу персоналдын күчү менен суунун фактылык чыгымдарынын жана суу колдонуунун барабар эместик коэффициенттеринин, ошондой эле жабдуулардын, курулмалардын жана түзүлүштөрдүн фактылык мүнөздөмөлөрунүн долбоорго шайкештигин кийинки тутумдуу текшерүү үчүн зарыл. Долбоордун тийиштүү бөлүктөрүндө көзөмөлду жузөгө ашыруу үчүн зарыл аспаптар менен аппаратураны орнотуу алдын ала каралууга тийиш.
5.1 Калкынын саны 3000ге чейинки калктуу конуштар же тутумдарынын кубаттуулугу 200 м3/күн аз өзүнчө турган социалдык-тиричилик арналышындагы объектилер үчүн суу менен жабдуунун булагы катары, бар болгондо жатуу тереңдиги ар кыл корголгон жер алдындагы суулуу катмарларды же топтук суу өткөргүчтөрдү колдонуу зарыл. Корголгон жер алдындагы мейкиндиктерди колдонуу мүмкүн болбосо же анын өздүк наркы жогору болсо, альтернатива катары, санитардык коргоо чөлкөмүн уюштуруу мүмкүндүгү бар жер бетиндеги булактарды же башка мейкиндиктердин жер алдындагы сууларын (нук алдындагы, жер алдындагы жана башка сууларды) караштыруу керек.
Э с к е р т ү ү - Суу менен жабдуу тутумунда ар кыл гидрологиялык жана гидрогеологиялык мүнөздөмөлөру бар бир нече булактарды колдонууга уруксат кылынат.
5.2 Суу менен жабдуунун булагын тандоо буюртмачынын долбоорлоого техникалык тапшырмасында аныкталган топографиялык, гидрологиялык, гидрогеологиялык, гидрохимиялык, гидробиологиялык, гидротермиялык ж.б. изилдөөлөрдүн жана санитардык текшерүүлөрдүн натыйжалары менен негизделүүгө тийиш.
5.3 Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун булагын тандоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы № 68 «Ичүүчү суу менен камсыздоо тармагындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген санитардык эрежелерге жана гигиеналык ченемдерге ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
Өндүрүштүк суу менен жабдуу булагын тандоону керектөөчүлөр суунун сапатына жана коопсуздугуна койгон талаптарды эске алуу менен жүргүзүү керек.
Колдонууга кабыл алынган суу менен жабдуу булактары Кыргыз Республикасынын Суу кодексине жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Мыйзамына ылайык тандоо, техника-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу стадиясында да, жумушчу долбоорду бүтүрүү стадиясында да уруксат алууга жатышат.
5.4 Чарбалык-ичүүчү суу өткөргүчтөр үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы № 68 “Ичүүчү суу менен камсыздоо жагындагы актыларды бекитүү жөнүндө” токтомунда алдын ала каралган Санитардык-гигиеналык талаптарды канааттандыруучу колдо бар жер алдындагы суулардын жаңылануучу ресурстары, булактагы суу корунун табигый толукталуу ылдамдыгын эске алуу менен максималдуу колдонулууга тийиш.
5.5 Ичүүчү сапаттагы жер алдындагы сууларды чарбалык-ичүүчү суу менен жабдууга байланышпаган муктаждыктар үчүн колдонууга уруксат кылынбайт. Зарыл болгон жер бетиндеги суу булактары жок болгон жана ичүүчү сапаттагы жер алдындагы суулардын жетиштүү корлору бар болгон райондордо, жер алдындагы сууларды колдонууну жөндөө жана коргоо боюнча органдардын уруксаты менен ошол сууларды өндүрүштүк жана сугаттык муктаждыктарга колдонууга уруксат кылынат.
5.6 Өндүрүштүк жана чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу үчүн жер алдындагы минералдык сууларды ичүүчү суу менен жабдуунун тапшыруучулары тарабынан сууну тиешелүү иштетүүдөн жана калктын төлөө жөндөдүүлүгүн эске алып, тиешелүү техника-экономикалык негиздөөдө техникалык регламенттерди сактоодон кийин колдонууга уруксат кылынат.
5.7 Суу менен жабдуу максатында суу ресурстарын колдонууну баалоодо эске алуу керек:
а) булак боюнча 15-25 жылга божомол менен чыгымдоо шарттамын жана суу чарбалык теңдемди;
б) техникалык регламенттерге ылайык суунун сапатына карата талаптарды;
в) суунун агрессиялуулугун жана эксплуатация мезгили ичинде анын сапатынын мүмкүн болгон өзгөрүү божомолун көрсөтүу менен булактагы суунун сапаттык мүнөздөмөсүн;
г) жер алдындагы суулардын корлорун жана азыктануу шарттарын, ошондой эле табигый шарттардын өзгөрүүсүнүн, суу сактагычтарды же дренажды куруунун, сууну жасалма сордуруунун натыйжасында алардын мүмкүн болгон бузулуусун;
д) жер алдындагы суулардын сапатын жана температурасын;
е) жер алдындагы суулардын корлорун жасалма толуктоо жана түзүү мүмкүнчүлүгүн;
ё) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын сууларды, санитардык-эпидемиологиялык кызматтарды ж.б. жөндөө жана коргоо боюнча талаптарын;
Э с к е р т ү ү - Булактагы суунун колдо бар корлору жетишсиз болгондо жана аларды толуктоо оор же наркы жогору болгондо, айрым суу колдонуучуларды камсыздоо даражасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча аныкталат.
5.8 Жер алдындагы суулардын ресурстарын баалоону гидрологиялык издөөлөрдүн, чалгындоонун ж.б. изилдөөлөрдүн материалдарынын негизинде жүргүзүү керек.
Калкынын саны 3000ге чейинки калктуу конуштарды жана башка социалдык комплекстерди (лагерлер менен эс алуу үйлөрү, пансионаттар, өзүнчө турган жаза өтөө мекемелери, ден соолукту чыңдоо жайлары) кошо, ичүүчү сууну керектөөсү 200 м3/күн ашпаган көлөмдөрдө болгон, суу менен жабдуу үчүн, жер алдындагы сууларды же топтук суу алуулардын сууларын колдонуу сунушталат.
Жашоочуларынын саны 3000ге чейинки айрым чакан калктуу конуштарды ж.б объектилерди ичүүчү суу менен жабдуу үчүн жер бетиндеги сууларды колдонуу булактын кубаттуулугун, бардык деңгээлдердеги санитардык-коргоо чөлкөмдөрүн уюштуруу мүмкүнчүлуктөрүн, маал арасын жана ыктымалдуу ташкындарды эске алуу менен булактын узак мезгилге суулуулугун эсепке алып булакты тандоо стадиясында негизделген болууга тийиш. Мында техника-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу милдеттүү болуп саналат.
Э с к е р т ү ү л ө р
1. Жер бетиндеги кичи тоо дарыяларынан суу алууну куруу ушуга окшош шарттардагы колдо бар курулуш технологияларына ылайык максималдуу жөнөкөйлөнтүлгөн болууга тийиш.
2. Алар үчүн үзгүлтүксүз жана коопсуз иштөо шарттарын камсыздабай туруп, суу каптоочу аймактарда суу алуу жана ташуу үчүн курулмаларды жайгаштырууга уруксат кылынбайт.
6.1 Жер алдындагы сууларды алуу үчүн курулмалар
Жалпы көрсөтмөлөр
6.1.1 Суу алуучу курулмалардын тибин жана жайгаштыруу схемасын тандоону райондун геологиялык, гидрогеологиялык жана санитардык шарттарынан чыгып жүргүзүү керек.
6.1.2 Жаңы суу алуучу курулмаларды долбоорлоодо жана колдо барларын кеңейтүүдө коңшу тилкелердеги колдо бар суу алуулар менен өз ара аракеттешүү шарттары, ошондой эле алардын курчап турган табияттык чөйрөгө (мисалы, жер бетиндеги агындыларга, өсүмдүктөргө, климатка. географиялык абалга) таасири эске алынууга тийиш.
6.1.3 Жер алдындагы суулардын суу алгычтарында төмөнкү суу кабыл алуучу курулмалар колдонула алат:
а) суу алуучу скважиналар;
б) шахталык кудуктар;
в) горизонталдуу суу алгычтар;
г) айкалыштырылган суу алгычтар;
д) булактардын чогулткучтары;
6.2 Суу алуучу скважиналар
6.2.1 Долбоорлоо уюмдары тарабынан скважиналардын долбоорлорунда, бургулоо ыгы көрсөтулгөн жана скважинанын конструкциясы, анын тереңдиги, түтүктөрдүн айлантма колонналарынын диаметрлери жана тереңдиктери, скважинанын суу кабыл алуучу бөлүгүнүн, суу көтөргүчүнүн, чыпкаларынын, учунун тиби, ошондой эле аларды куроонун жана сыноонун тартиби аныкталган болууга тийиш.
6.2.2 Скважинанын конструкциясында суунун дебитин, деңгээлдерин жана үлгүлөрүн алууну ченөө жүргүзүү, ошондой эле скважиналарды эксплуатациялоодо регенерациянын импульстук, реагенттик жана айкалыштырылган усулдарын колдонууда оңдоо-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн алдын ала караштыруу зарыл.
6.2.3 Скважиналардагы түтүктөрдүн эксплуатациялануучу айлантма колонналарынын диаметрин соргучтарды орнотууда кабыл алуу керек:
а) скважинанын үстүндөгү электр кыймылдаткычы менен – соргучтун номиналдык диаметринен 50 мм ге көп;
б) чөгөрүлгөн электр кыймылдаткычы менен – насостун номиналдык диаметрине барабар.
6.2.4 Жергиликтүү шарттарга жана жабдууга жараша скважинанын оозун жер үстүндөгү павильондо же жер алдындагы камерада жайгаштыруу керек.
6.2.5 Планда павильондун жана жер алдындагы камеранын өлчөмдөрүн, эгер долбоордо бул максаттар үчүн башка атайын бөлмөлөр алдын ала каралбаса, анда электр кыймылдаткычын, электр жабдууларын жана текшерүү-өлчөө аспаптарын (ТӨА) жайгаштыруу шартынан чыгып кабыл алуу керек.
Жер бетиндеги павильондун жана жер алдындагы камеранын бийиктигин (анда электр жабдууларын жана текшерүү-өлчөо аспаптарын жайгаштыруу зарыл болгон учурда) жабдуулардын өлчөмдөрүнө жараша, бирок 2,4 метрден аз эмес кабыл алуу керек.
6.2.6 Түтүктөрдүн эксплуатациялык колоннасынын үстүңкү бөлүгү астананын үстүнөн 0,5 м кем эмес жана аймакты суу каптоонун эсептик деңгээлинен 0,5 м бийик чыгууга тийиш.
6.2.7 Скважинанын учунун конструкциясы түтүктөр арасындагы жана түтүктөрдүн артындагы скважинанын мейкиндиктерине жер үстүндөгү суунун жана ар кандай башка кирлердин кирүүсүн жокко чыгаруучу толук герметизацияны камсыздоого тийиш.
6.2.8 Скважиналык соргучтардын жана суу көтөрүүчү түтүктөрдүн секцияларын монтаждоону жана демонтаждоону скважинанын оозунун үстүндө жайгашкан люктар аркылуу механизация каражаттарын колдонуу менен аткарууну алдын ала караштыруу керек.
6.2.9 Эксплуатациялык скважиналарынын саны 3кө чейинки суу алгычтар үчүн бир резревдик скважинаны кабыл алуу керек. Жумушчу скважиналар көп санда болгондо кошумча резервдик соргучту кампада сактоону алдын ала кароо керек.
Э с к е р т ү ү - Суу берүүнүн камсыздалгандык даражасы боюнча суу алгычтардын категорияларын III деп кабыл алуу керек.
6.2.10 Суу алуучу бөлүктөгү андан ары колдонуу мүмкүн болбогон скважиналар тампонаж жолу менен жок кылууга жатышат.
6.2.11 Скважиналардагы чыпкаларды борпоң, туруксуз таштуу жана жарым таштуу тектерге орнотуу керек.
6.2.12 Чыпканын конструкциясын жана өлчөмдөрүн гидрогеологиялык шарттарга, дебитке жана эксплуатация шарттамына жараша кабыл алуу керек.
6.2.13 Урма бургулоодо айлантма түтүктүн түпкү диаметри чыпканын тышкы диаметринен 50 мм аз эмес чоң, ал эми чыпка шагылга көмүлгөндө – 100 мм аз эмес болууга тийиш.
Капталдары түтүктөр менен бекемделбеген бургулоонун ротордук усулунда скважиналардын түпкү диаметри чыпканын тышкы диаметринен 100 мм аз эмес чоң болууга тийиш.
6.2.14 Кубаттуулугу 10 м ге чейинки басымдуу суулуу катмарлардагы чыпканын иштөөчү бөлүгүнүн узундугун катмардын кубаттуулугуна барабар; басымсыздарда болсо – ушул Курулуш ченемдеринин 6.2.15-п. эске алуу менен скважинадагы суунун деңгээлин эксплуатациялык төмөндөтүүнү кемитип (чыпка көмүлгөн болууга тийиш) катмардын кубаттуулугуна барабар кабыл алуу керек.
Кубаттуулугу 10 м ден көп суулуу катмарларда чыпканын иштөөчү бөлүгүнүн узундугун тектердин суу өткөрүмдүүлүгүн, скважиналардын өндүрүмдүүлүгүн жана чыпканын конструкциясын эске алуу менен аныктоо керек.
6.2.15 Чыпканын иштөөчү бөлүгүн суулуу катмардын жабуусунан жана таманынан 0,5-1 м ден кем эмес аралыкта орнотуу керек.
6.2.16 Бир нече суулуу катмарларды колдонууда чыпкалардын иштөөчү бөлүктөрүн ар бир суулуу катмарга орнотуу жана өз ара туюк түтүктөр менен туташтыруу, түтүк артындагы мейкиндикти сууну алсыз өткөрүүчү катмарлардын тосулуусун камсыздоочу деңгээлде цементтөө керек.
6.2.17 Чыпка үстүндөгү түтүктүн үстүңкү бөлүгү скважинанын тереңдиги 50 м чейин болгондо айлантма колоннанын тирөөчүнөн 3 м аз эмес бийик жана скважинанын тереңдиги 50 м ашык болгондо 5 м аз эмес болууга тийиш; мында айлантма колонна менен чыпка үстүндөгү түтүктүн ортосунда зарылдыгы болгондо сальник орнотулган болууга тийиш.
6.2.18 Тундургучтун узундугун 2 м ашык эмес кабыл алуу керек.
6.2.19 Борпоң кумдуу чөкмөлөрдөн жер алдындагы сууларды алуу үчүн скважиналардын чыпкасыз конструкцияларын, алардын үстүнө туруктуу тектер жаткан шартта кабыл алуу керек.
6.2.20 Скважиналарды бургулоо жана аларды чыпкалар менен жабдуу бүткөн соң суу толук тунганга чейин сордурууну; ал эми чополуу эритме менен ротордук бургулоодо – чоподон арылтууну алдын ала караштыруу зарыл.
6.2.21 Суу алуучу скважиналардын фактылык дебитинин долбоордо кабыл алынганга шайкештигине жетишүү үчүн аларды сордуруулар менен сынап көрүүнү алдын ала кароо зарыл.
6.3 Шахталык кудуктар
6.3.1 Шахталык кудуктарды борпоң тектер менен калыптанган жана 30 м чейин тереңдикте жаткан басымсыз суулуу катмарларда колдонуу керек.
6.3.2 Суулуу катмардын кубаттуулугу 3 м ге чейин болгондо катмардын бүткүл кубаттуулугун ачуу менен өркөндүү типтеги шахталык кудуктарды алдын ала кароо керек; чоң кубаттуулукта катмардын бир бөлүгүн ачуу менен өркөндүү жана өркөнсүз кудуктарга уруксат кылынат.
6.3.3 Суу кабыл алуучу бөлүк кумдуу кыртыштан орун алганда кудуктун түбүнө тескери кум-шагыл чыпкасын же майда тешиктүү бетон чыпкасын; ал эми кудуктун суу кабыл алуучу бөлүгүнүн капталдарына майда тешиктүү бетон же шагыл чыпкаларын алдын ала кароо зарыл.
6.3.4 Тескери чыпканы ар биринин калыңдыгы 0,1-0,15 м болгон, чыпканын ылдыйкы бөлугунө майда, ал эми үстүңкү бөлугүнө ири фракцияларды төшөө менен жалпы калындыгы 0,4-0,6 м болгон кум менен шагылдын бир канча катмарынан кабыл алуу керек.
6.3.5 Чыпканын өзүнчө катмарларынын механикалык курамын жана чыпканын танапташ катмарларынын дандарынын орточо диаметрлеринин ортосундагы карым-катнашын 4-таблицага ылайык кабыл алуу керек.
6.3.6 Шахталык кудуктардын үстү жердин бетинен 0,8 м аз эмес бийик болууга тийиш. Мында кудуктардын айланасына туурасы 1-2 м кудуктан 0,1 жантаюу каптама алдын ала каралууга тийиш. Чарбалык-ичүү муктаждыктарына суу берүүчү кудуктардын айланасына, мындан сырткары, тереңдиги 1,5-2 м жана туурасы 0,5 м чоподон же майлуу чопо-кумайдан сепилче курууну алдын ала кароо керек.
4-т а б л и ц а - Чыпканын өзүнчө катмарларынын механикалык курамы жана чыпканын танапташ катмарларынын дандарынын орточо диаметрлеринин ортосундагы карым-катнаш
Суулуу катмарлардын тектери | Чыпкалардын типтери жана конструкциялары |
Таштуу жана жарым-жартылай таштуу туруксуз тектер; шагылдуу жана бөлүкчөлөрүнүн басымдуу өлчөмү 20-100 мм болгон (салмагы боюнча 50 %дан көбү) майда таштуу чөкмөлөр.
| Өзөктүү, тоголок жана тешик перфорациясы бар түтүктүү, коррозияга каршы каптамасы бар калыңдыгы 4 мм болот тактадан штампталган, спиралдуу-өзөктүү чыпка-керегелер (кошумча чыпкалоочу бетсиз). |
Бөлүкчөлөрүнүн басымдуу өлчөмү 2-5 мм болгон (салмагы боюнча 50% дан көбү) шагыл, шагылдуу кум. | Дат баспаган болот зым оромодон же штампталган тактадан суу кабыл алуучу бети бар өзөктүү жана түтүктүү чыпкалар. Коррозияга каршы каптамасы бар калыңдыгы 4 мм болот тактадан штампталган, спиралдуу-өзөктүү чыпкалар. |
Бөлүкчөлөрүнүн басымдуу өлчөмү 1-2 мм болгон (салмагы боюнча 50 %дан көбү) ири кум | Ошол эле |
Бөлүкчөлөрүнүн басымдуу өлчөмү 0,25-0,5 мм болгон (салмагы боюнча 50 %дан көбү) орто дандуу кум. | Дат баспаган болот зым оромодон, чарчы түйүлгөн торлордон, штампталган тактадан суу кабыл алуучу бети бар, кум-шагылдуу сепмеси бар өзөктүү жана түтуктүү, спиралдуу-өзөктүу чыпкалар. |
Бөлүкчөлөрүнүн басымдуу өлчөмү 0,1-0,25 мм болгон (салмагы боюнча 50 %дан көбү) майда дандуу кум.
| Дат баспаган болот зым оромодон, өрмө түйүлгөн торлордон, штампталган тактадан суу кабыл алуучу бети бар, бир катмарлуу же эки катмарлуу кум-шагылдуу сепмеси бар өзөктүү, түтүктүү, спиралдуу-өзөктүү чыпкалар. |
6.3.7 Соргуч жабдуу орнотулган борборлоштурулган суу менен жабдуу тутумдары үчүн колдонулуучу кудуктарда, жердин бетинен 2 м аз эмес жогору чыгарылган герметизациялык капкакты жана желдетүүчү түтүктү алдын ала кароо зарыл. Желдетүүчү түтүктүн диаметри максималдуу сааттагы суу алуунун көлөмүнө жараша эсептөө менен аныкталууга жана 150 мм ден кем болбоого тийиш.
6.4 Горизонталдык суу алгыч
6.4.1 Горизонталдык суу алгычтар, эреже боюнча басымсыз суулуу катмарларда 8 м ге чейинки тереңдикте, көбүнчө жер үстүндөгү сууларга жакын жерлерге каралышы керек. Алар таш-шагылдуу дрен, түтүктүү дрен, суу чогултуучу галерея же суу чогултуучу штольня түрүндө долбоорлонушу мүмкүн.
6.4.2 Таш-шагылдуу дрен түрүндөгү суу алгычтарды убактылуу суу менен жабдуу тутумдары үчүн кароо сунушталат.
Үчүнчү категориядагы суу алгычтар үчүн 3-8 м тереңдикте түтүктүү дрендер колдонулат.
Штольня түрүндөгү суу алгычтарды тийиштүү орфографиялык шарттарда колдонуу туура болот.
6.4.3 Суулуу катмарлардан тектердин бөлүкчөлөрүнүн чыгып кетүүсүн болтурбоо үчүн горизонталдык суу алгычтардын суу кабыл алуучу бөлүгүн долбоорлоодо эки-үч каттан турган тескери чыпкалар каралышы керек.
6.4.4 Тескери чыпканын өз-өзүнчө катмарларынын механикалык курамы эсептөө менен аныкталат.
Чыпканын өз-өзүнчө катмарларынын калыңдыгы 15 см ден кем болбоого тийиш.
6.4.5 Таш-шагылдуу дрен түрүндөгү суу алгычта тескери чыпка менен кошо траншеянын түбүнө орнотулган 30х30 өлчөмүндөгү шагыл призмасы аркылуу сууну алуу каралышы керек.
Таш-шагылдуу дрен суу чогултуучу кудукту карай 0,01-0,05 жантаюу менен киргизилет.
6.4.6 Түтүкчөлүү дрендерден турган суу алгычтардын суу кабыл алуучу бөлүгү капталдарында тоголок же жылчык калыптагы көзөнөктөрү болгон керамика, хризотилцемент, темирбетон жана пластмасса түтүктөрдөн жасалат. Түтүктүн жогору жагында; түтүктүн төмөн жагы (бийиктиги 1/3 дөн көп эмес) көзөнөк жок болууга тийиш. Түтүктүн минималдуу диаметри 150 мм кабыл алынат.
Э с к е р т ү ү - Перфорацияланган металл түтүктөрүн колдонууга болбойт.
6.4.7 Горизонталдык суу алгычтардын суу түтүктөрүнүн диаметрин жер алдындагы суулардын төмөнкү деңгээлде турган мезгилинде аныктоо керек, мында эсептик толтуруу түтүктүн диаметринин 0,5 алынат.
6.4.8. Суу топтоочу кудукту карай жантаюу төмөндөгүдөн кем болбошу керек:
Диаметри 150 мм болсо - 0,007;
Диаметри 200 мм болсо - 0,005;
Диаметри 250 мм болсо - 0,004;
Диаметри 300 мм болсо - 0,003;
Диаметри 400 мм болсо - 0,002;
Диаметри 500 мм болсо - 0,001.
Түтүктөрдөгү суунун ылдамдыгы 0,7 м/с дан кем эмес болот.
6.4.9 Галереянын темирбетон тогоолорунун астында бири-бирине карата чөгүүлөрүнө бөгөт коё турган негиз каралышы керек. Галереянын капталында, анын суу кабыл алуучу бөлүгүнө чейинки деңгээлде тескери чыпкалоо орнотмосу каралат.
6.4.10 Горизонталдык суу алгычтар жер үстүндөгү суулардын кирип кетүүсүнөн корголушу керек.
6.4.11 Түтүктүү жана галереялык суу алгычтардын иштешин, алардын желдетүүсүн жана ремонтун көзөмөлдөө үчүн кароо кудуктары орнотулушу керек. Алардын ортосундагы аралык 50 м ден ашпаш керек, ал эми түтүктүү суу алгычтар үчүн диаметри 150 дөн 500 мм ге чейин болууга тийиш.
Мындан сырткары кароо кудуктары, планда жана вертикалдуу тегиздикте суу кабыл алуучу бөлүгүнүн багыты өзгөрүп кетүүчү жерлерде каралышы керек.
6.4.12 Көзөмөлдөө кудуктарынын диаметрин 1 м кабыл алуу керек; кудуктун жогору жагы жердин бетинен эң аз 0,2 м көтөрүлүп турушу зарыл; кудуктардын айланасында туурасы эң аз 1 м төшөмө жээги жана чоподон кулпу жасалышы керек; ушул Эрежелердин 6.3.7-п. ылайык кудуктар толук бойдон жабылып, желдеткич түтүктөр менен камсыздалышы керек.
6.4.13 Горизонталдык суу алгычтардын соргуч чордондору, эреже боюнча суу топтоочу кудук менен сыйыштырылышы керек.
6.4.14 Айкалыштырылган горизонталдык суу алгычтарды эки катмарлуу тутумдарда жогору жагы кысымсыз төмөн жагы кысымдуу суулуу катмарлар менен кабыл алуу керек. Суу алгыч, төмөн жана каптал жагынан төмөнкү катмарда орун алган вертикалдык скважина-күчөткүчтөрдүн чыпкалык колонналардын патрубкалары кошулган, жогорку басымсыз катмарды чогултуучу горизонталдык түтүк дрени түрүндө каралыш керек.
6.5 Булактарды чогултуу (каптаж)
6.5.1 Чогултуучу орнотмолорду (суу топтоочу камералар же тайыз түшүрүлгөн кудуктар) булактардан жер алдындагы сууларды чыгаруу үчүн колдонуу зарыл.
6.5.2 Сууну көтөрүлүүчү булактан - чогултуучу камеранын түбү аркылуу, ал эми басаңдоочу булактан - камеранын дубалындагы көзөнөктөр аркылуу чыгаруу керек.
6.5.3 Жаракалуу тектерде булактарды чгултууга кылууда чогултуучу камерада сууну чыпкасыз, ал эми борпоң тектерде чыпка аркылуу алуу керек.
6.5.4 Чогултуучу камералар тышкы булгануудан, тоңуудан жана жер бетиндеги суулардын каптоосунан корголуусу керек.
6.5.5 Чогултуучу камерада клапан-жапкычтын аягына орнотулган, булактын эң жогорку дебитине ылайыкталган куюштуруучу түтүк, ушул Эрежелердин 6.3.7-п. ылайык желдеткич түтүк жана диаметри 100 мм ден кем эмес болгон агызма түтүк каралышы керек.
6.5.6 Булактын суусун жогору көтөрүлүүдөн арылтуу үчүн чогултуучу камераны куюштуруучу дубал менен эки бөлүмгө бөлүү керек: бирөө – чөгүндүлөрдөн арылтуу үчүн тундуруу үчүн, экинчиси – сууну соргуч менен алуу үчүн.
6.5.7 Жакын арада бир канча жеринен суу чыга турган басаңдоочу булак бар болсо, чогултуучу камераны ачылгычтары менен кароо керек.
Жалпы көрсөтмөлөр
7.1 Бул бөлүмдүн талаптары чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу үчүн сууну колдонууга даярдоочу орнотмолор үчүн гана тийиштүү.
Э с к е р т ү ү - жер үстүндөгү сууларды тазалоонун жана даярдоонун усулдары Кыргыз Республикасында учурда колдонулуп жаткан ири калктуу конуштар үчүн иштелип чыккан ченемдердин негизинде ишке ашырылат.
7.2 Сууну тазалоонун методдору, суу даярдоо курулмаларынын курамы жана эсептик параметрлери жана реагенттердин эсептик дозалары суу менен жабдуу булагындагы суунун сапатына, суу түтүктөрүнүн багытына, чордондордун өндүрүмдүүлүгүнө жана технологиялык изилдөөлөрдүн негизинде аныкталуучу жергиликтүү шарттарга жана окшош шарттар алдында курулмаларды эксплуатациялоодогу тажрыйбаларга жараша аныкталышы керек.
Э с к е р т ү ү - Тазалоонун жаңы усулдарын жана технологияларын колдонууда, ал технология жана усулдарды колдонууга мүмкүн боло тургандыгы тууралуу санитардык-эпидемологиялык жана экологиялык көзөмөл кызматтарынан чечим алуу керек.
Мындай уруксаттарды берүүгө жабдуучу тарабынан камсыз кылынган башка өлкөлөрдүн санитардык-эпидемологиялык кызматтары тарабынан ичүүчү суу менен жабдуу багытында колдонуу үчүн макулдашылган технологиялык изилдөөлөр жана корутундулар, ж.о.э. окшош шарттарда мындай курулмаларды эксплуатациялоо боюнча тажрыйбалар негиз боло алат.
7.3 Ичүүгө ылайыктуу сапаттагы суунун даярдоодо Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемологиялык көзөмөл кызматы тарабынан оң гигиеналык корутунду берилген гана усулдар сунушталат.
7.4 Чыпкалардын жуунду сууларын, суу даярдоо чордондорунда суусуздандыруудан жана топтоодон калган чөгүндү сууларды кайрадан колдонуу мүмкүнчүлүгү каралышы керек.
7.5 Суу даярдоо чордондорунун жабдууларын, арматураларын жана өткөрмө түтүктөрүн долбоорлоодо ушул Курулуш ченемдеринин 12- жана 13-бөлүмдөрүнүн талаптары эске алынышы керек.
7.6 Чордонго келип түшүүчү суунун толук чыгымын аныктоо үчүн чордондун өз муктаждыктарына керектелүүчү суунун чыгымдарын эске алуу керек.
Чордондун сууну тундуруу, зыянсыздандыруу, темирсиздендирүү ж.б. өз муктаждыктары үчүн алгачкы суунун чыгымынын орточо күндүк (бир жылга) көлөмүн:
а) жуунду сууларды кайрадан иштетүүдө – керектөөчүлөргө берилүүчү суунун 3 - 4 % көлөмүндө
б) кайра иштетпөөдө - 10 - 14 %
в) жумшартуучу чордондордо 20 - 30 % кабыл алуу керек.
Чордондун өз муктаждыктарына кетүүчү суу чыгымдарын эсептөөлөрдүн жана берилген технологиялык изилдөөлөрдүн негизинде тактоо керек.
7.7 Суу даярдоо чордондору максималдуу суу колдонулуучу күн ичинде бир калыпта иштөөгө ылайык болушу керек, ошол эле мезгилде айрым курулмаларды профилактикалык текшерүү, тазалоо, чордондун бардык жеринде ишти токтотпостон аткарылуучу капиталдык жана учурдагы оңдоо иштерин аткаруу жана керектөөчүлөргө берилүүчү суунун сапатынын төмөндөөсү ж.б. үчүн өчүрүү мүмкүнчүлүктөрү каралышы керек.
Күндүн айрым бөлүктөрүндө иштөө мүмкүнчүлүгү да каралат.
7.8 Суу даярдоо чордондорунун коммуникациялары сууну эсептик көлөмдөн 20 % га көбүрөөк көлөмдө өткөрүүгө ылайыкталышы керек.
7.1 Сууну зыянсыздандыруу
7.1.1 Сууну зыянсыздандырууну төмөнкү усулдар менен ишке ашырууга болот:
- гипохлорит натрийи эритмеси, кургак реагенттер же түздөн-түз электролиз аркылуу;
- хлордун эки окиси (диоксиди) менен:
- ултрафиолеттик нурландыруу менен.
Зыянсыздандыруу усулу курулманын өндүрүмдүүлүгүн, ж.о.э. колдонула турган реагенттердин жабдуу жана сактоо шарттарына жараша тандалууга тийиш.
7.1.2 Зыянсыздандыруунун тандалып алынган методу, суунун таратуу тармагына түшөөрдөн мурун, ж.о.э. тышкы жана ички суу өткөргүч тармактарынын бөлүнүүчү жайларында ичүүчү суунун тийиштүү сапатын камсыз кылышы керек.
7.1.3 Өндүрүмдүүлүгү 200 м3/күн чейинки жер астындагы суу алгычтарда алгач суулардын гигиена ченемдерине жооп бере тургандыгына карабастан сууну зыянсыздандыруу тутумдары (иш-чаралары) каралышы керек.
7.1.4 Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумдарынын технологиялык жана конструкциялык чечимдеринде курулмаларды жана аянт ичи тармактарын дезинфекциялоо мүмкүнчүлүгү каралыш керек.
7.1.5 Жер астындагы булактардын суусун реагенттик усулдар менен зыянсыздандыруу, эреже боюнча реагенттерди резервуарлардын алдына кошуу аркылуу бир баскычтуу схема менен аткарылат.
Э с к е р т ү ү - Ичүүчү сууну биринчи колдонуучуга чейин жеткирүүдө реагент менен керектүү алака камсыз кылынбаган учурларда, аймактык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын макулдугу менен 2- көтөрүлүүдөгү суу алынып келүүчү жерлерге кошуу чекиттерин дайындоого жол берилет.
7.1.6 Жер астындагы булактардын суусун ультрафиолеттик нурландыруу методу менен зыянсыздандыруу эреже боюнча суу бөлүштүрүүчү тармакка берүүнүн алдына зыянсыздандыруучу жабдууну кошуу аркылуу бир баскычтуу схема менен аткарылат.
Э с к е р т ү ү - ультрафиолеттик нурландыруу жолу менен зыянсыздандыруу усулун тандоодо тармактын техникалык абалына жана суу бөлүштүрүү тармагында суунун экинчи ирет булгануу ыктымалдуулугун эске алуу керек.
7.2 Сууну темирден арылтуу
7.2.1 Сууну темирден арылтуунун усулун, эсептик параметрлерди жана реагенттердин дозасын түздөн-түз суу менен жабдуунун булагында жүргүзүлгөн технологиялык изилдөөлөрдүн негизинде кабыл алуу керек.
7.2.2 Жер астындагы сууларды темирден арылтууда сууну алдын ала иштеп чыгуунун төмөнкү жолдорунун бирөө менен айкалышта чыпкалоо каралышы керек: жөнөкөйлөнтүлгөн аэрация, атайын орнотмолордогу аэрация, реагент-кычкылдаткычтарду кошуу.
Э с к е р т ү ү - Негизделген болсо башка методдорду колдонууга болот.
7.2.3 Жөнөкөйлөнтүлгөн аэрация суунун сапатынын төмөндөгү көрсөткүчтөрүндө колдонулат:
а) темирди (жалпысы)10 мг/л ге чейин камтыса;
б) анын ичинен эки валенттүүсү(Fe2+) 70 % кем эмес;
в) рН 6,8 ден кем эмес;
г) шакардуулук (1 + Fe2+/28) мг-экв/л ден көп;
д) күкүрт суутегин 2 мг/л ден аз камтыган болсо.
7.2.4 Жөнөкөйлөнтүлгөн аэрацияны сууну чөнтөкчөгө же ачык чыпкалардын борбордук каналына төгүү менен кароо керек (төгүүнүн бийиктиги суунун деңгээлинен 0,5-0,6 м). Кысымдуу чыпкаларды колдонууда берүүчү өткөрмө түтүктөрүнө абанын киргизилүүсү каралыш керек (абанын чыгымы 1 г кычкылданган темирге 2 л).
Баштапкы суунун курамында эркин көмүр кычкылы 40 мг/л дан ал эми күкүрт суутеги 0,5 мг/л ден жогору болсо, кысымдуу чыпкалардын алдына өткөрмө түтүктөргө аба коё бербестен эркин суу агып кире турган аралык идиш каралыш керек.
Соргуч чордондун машина залынын өлчөмдөрү ушул Курулуш ченемдеринин 15-бөлүмүн эске алуу менен кабыл алынышы керек.
7.2.5 Атайын орнотмолордогу (аэрацияларды) аэраторлордо же болбосо реагент-кычкылдаткычтарды кошууну алынып салуучу темирдин көлөмүн көбөйтүүдө жана суунун рН ын көбөйтүүдө колдонууга болот.
Аэраторлордун конструкциясы жана эсептик параметрлери дегазаторлордуку менен бирдей кабыл алынат.
7.2.6 Реагент-кычкылдаткычтардын дозалары төмөндөгүдөй:
хлордуку Дх, мг/л:
Дх= 0,7(Fe2+); (8)
Калийдин перманганатыныкы Дп, мг/л, КМnО4 м/н эсептегенде:
Дп= (Fe2+). (9)
Реагент-кычкылдаткычтарды берүүчү суу өткөргүчтөрүнө чыпкалардын алдында кошуу керек.
7.2.7 Жердин алдындагы сууларды темирден арылтуу боюнча чыпкалардын конструкциясы сууну тундуруу чыпкаларыныкына окшош кабыл алууга болот. Жөнөкөйлөнтүлгөн аэрацияда чыпкалоочу катмардын мүнөздөмөсүн жана чыпкалоонун ылдамдыгын өндүрүүчүлөрдүн сунуштары менен аэраторлорду колдонууда же болбосо реагент-кычкылдаткычтарды кошууда 5-таблицага ылайык кабыл алуу керек.
5-т а б л и ц а - Жөнөкөйлөнтүлгөн аэрацияда чыпкалоочу катмардын мүнөздөмөсү жана чыпкалоонун ылдамдыгы.
Жөнөкөйлөнтүлгөн аэрациянын сууну темирден арындыруудагы чыпкалоочу катмарынын мүнөздөмөсү | Чыпкалоонун эсептик ылдамдыгы, м/ч | ||||
Дандардын минималдуу диаметри, мм | Дандардын максималдуу диаметри, мм | Дандардын эквиваленттүү диаметри, мм | Бир түрдүүлүк коэффициенти
| Катмардын бийиктиги, мм | |
0,8 | 1,8 | 0,9 - 1,0 | 1,5 - 2,0 | 1000 | 5 – 7 |
1 | 2,0 | 1,2 - 1,3 | 1,5 - 2,0 | 1200 | 7 – 10 |
7.3 Суудан марганецтин, фтордун жана күкүрт суутегинин чыгарылуусу
7.3.1 Сууну тазалоонун усулдарын, курулмалардын эсептик параметрлерин, ж.о.э. реагенттердин түрүн жана дозаларын тандоону түздөн-түз суу менен жабдуу булагында (курамында ашыкча марганец жана күкүрт суутеги болгон суулар) кылынган технологиялык изилдөөлөрдүн негизинде аткаруу керек.
7.3.2 Сууну марганецтен тазалоо реагентсиз усул менен же болбосо реагент колдонуу менен аткарылат.
Эгерде реагентсиз усул тазалоону тийиштүү деңгээлде камсыз кылбаса, анда суунун флокулянт кошуп жана артынан чыпкалоо аркылуу реагент-кычкылдаткычы (Мисалы калийдин перманганаты, озон ) менен иштетилет.
Курамында марганец темир менен кошо кездешкен жердин алдындагы сууларды колдонууда, марганецти түздөн-түз темирден арылтуу процессинде кошумча реагент кошпостон темир менен кошо тазалоо мүмкүнчұлүгүн текшерип көрүү керек.
7.3.3 Сууну фтордон арылтууну контакттык-сорбциялык коагуляция усулу менен же болбосо сорбент – алюминийдин активдүү окисин колдонуу аркылуу аткарууга болот.
Контакттык-сорбциялык коагуляция усулун суудагы фтордун коцентрациясынын 5 мг/л ге чейин болгон болсо; сорбенттин жардамы менен болсо (алюминийдин активдүү окиси) - фтордун коцентрациясынын 10 мг/л ге чейин камтыган учурларда.
Негизделе турган болсо башка усулдар дагы колдонулат.
7.3.4 Сууну күкүрт суутегинен тазалоо үчүн аэрациялык жана химиялык усулдар колдонулат. Аэрациялык усул суунун курамында күкүрт суутегинин 3 мг/л ге чейин, ал эми химиялык - 10 мг/л ге чейин болгон учурларда колдонулат.
Негизделе турган болсо башка методдор жана жаңы технологиялар колдонулат. Ичүү максатында берилүүчү сууну тазалоодо колдонулуучу жаңы усулдар жана технологиялар санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматтары тарабынан мурун сынап көрүлүп, сунушталган болушу керек. Ал эми эсептөөлөрдө, ошол усулдарды жана технологияларды иштеп чыгуучулар тарабынан сунушталган методика жана сунуштарды колдонууга жол берилет.
Эреже боюнча калкынын саны 3000 ге чейинки калктуу конуштарда заводдо куралган жана автоматташкан башкаруу тутуму менен соргучтар колдонулат.
8.1 Соргуч чордондорду сууну берүүнүн камсыздуулугунун деңгээлине жараша ушул Курулуш ченемдеринин 4.4-п. негизинде кабыл алынуучу категорияларга кошууга болот.
Соргуч чордондордун категориялары, алардын жалпы суу менен жабдуу тутумдарындагы кызматтык багытына жараша аныкталат. Сууну бир суу өткөргүч аркылуу же болбосо сугат иштерине берүүчү соргуч чордондорду III категорияга кошуу керек.
Белгиленген категориядагы соргуч чордондор үчүн электр орнотмолорун орнотуунун Эрежелери боюнча ошол категориядагы электр менен камсыздоо ишенимдүүлүгү колдонулушу керек.
8.2 Соргучтардын типтерин жана иштөөчү агрегаттарды тандоону соргучтардын, суу жүргүзгүчтөр, тармактар, жөндөөчү идиштер, суу колдонуунун күндүк жана сааттык графиктеринин, өрт өчүрүүнүн шарттарынын, объекттерди пайдаланууга киргизүү кезектүүлүгүнүн кызматташтыгынын эсептерине жараша аткаруу керек.
Агрегаттардын типтерин тандоодо жөндөөчү идиштерди колдонуу менен обороттордун санын автоматтык жөнгө салуунун, соргучтун санынын жана тибинин өзгөрүүсү, эсептик мөөнөт ичиндеги иштөө шарттарынын өзгөрүүлөрүнүн негизинде иштөөчү дөңгөлөктөрүн кесүү же алмаштыруу иштөөнүн бардык шарттамдарында калыптануучу ашып калган басымдын минималдуу көлөмүн камсыз кылуу керек.
Э с к е р т ү ү л ө р
1 Машина залдарында бирдей сапаттагы сууну колдонуучу ар кандай багыттагы соргучтардын тобун колдонууга жол берилет.
2 Чарбалык-ичүү муктаждыктарына суу берүүчү соргуч чордондордо жыттуу жана уулуу суюктуктарды сордуруп куюштуруучу соргучтарды орнотууга тыюу салынат. Өрт өчүрүү тутумдарына көбүк жаратуучу эритмени жеткирүүчү соргучтар жана реагенттерди суу тазалоо жана дезинфекциялоого берүүчү техникалык соргучтар буларга кирбейт.
3. Авария учурунда суу каптап кетүүсү мүмкүн болгон тереңдетилген соргуч чордондордо герметиктүү моноблок соргучтарынн орнотуу оңтойлуу болот.
8.3 Сууну бир эле тармакка же суу өткөргүчкө берүүчү бир багыттагы соргуч топтордон турган соргуч чордондордо резервдик агрегаттардын саны 1 деп кабыл алынат.
Э с к е р т ү ү л ө р
1 Иштөөчү агрегаттардын катарына өрт өчүрүүчү соргучтар кирет.
2 Өрт өчүрүүчүдөн башка бир группадагы иштөөчү агрегаттардын саны 2 ден кем эмес болууга тийиш. III категориядагы соргуч чордондордо негизделген болсо 1 иштөөчү агрегатты орнотууга жол берилет.
3 Бир соргуч топто ар хандай мүнөздөгү соргучтар орнотула турган болсо, 1 резервдик агрегат ири өндүрүмдүүлүгү бар соргучта колдонулат, ал эми кичирээк өндүрүмдүүлүгү бар соргучту кампада сактоого жол берилет.
8.4 Соргучтун өзөгүнүн белгисин эреже боюнча соргучтардын корпусун булуңдун астына орнотуу шарты менен аныкталат:
- сууну резервуардан алууда – өрт өчүрүүнүн кол тийгис корунун (ӨКК) жогорку деңгээлинен (түбүнөн аныкталган);
- өрт өчүрүүнүн көлөмү жок болгон учурда авариялык көлөмдүн деңгээлинде;
- өрт өчүрүүнүн жана авариялык көлөмдөр жок болгон учурда суунун орточо деңгээлинде;
- суу алгыч скважинада – максималдуу суу алууда жер алдындагы суулардын динамикалык деңгээлинен 1,5-2м.ге төмөн;
Э с к е р т ү ү - III категориядагы соргуч чордондордо соргучтарды булуңдардын астынан башка жерге орнотууга жол берилет, муну менен бирге вакуумдук-соргуч жана вакуум-казан каралышы керек.
8.5 Тереңдетилген соргуч чордондордун машина залдарынын жертаманынын белгисин ушул эрежелердин 8.3-п. ылайык жогору өндүрүмдүүлүктөгү соргучту орнотуу аркылуу аныктоого болот.
III категориядагы соргуч чордондордо соруучу суу өткөргүчтөрдө диаметри 200 мм ге чейинки кабылдоочу клапандарды орнотууга болот.
8.6 Соргуч чордондогу соруучу тилкелердин саны орнотулган соргучтардын, өрт өчүрүү соргучтарын кошкондо санына жана тобуна карабастан 2 ден кем эмес болууга тийиш.
Бир тилке өчүрүлсө калгандары III категориянын эсептик чыгымдоолорунун 70 % коё берүүгө ылайыкталган болушу керек.
Э с к е р т ү ү - Калкы 1000 адамга чейинки калктуу конуштарда жана сезондук жана убактылуу типтеги суунун чыгымдоосу 200 м3/күнгө чейинки башка объекттерде III категориядагы соргуч чордондорго бир соруучу тилкенин орнотулуусуна жол берилет.
8.7 III категориядагы соргуч чордондорго бир басымдуу тилкенин орнотулушуна жол берилет.
8.8 Суу өткөргүчтөрдү байламталоо жана бекитүүчү арматураны соруучу жана басымдуу соргучтарда орнотуу төмөндөгүлөргө мүмкүнчүлүк түзөт:
а) кайсы бир тилке өчкөн болсо сууну каалаган соруучу тилкеден ар бир соргуч аркылуу алынышына;
б) каалаган бир соргучтун, тескери клапандын жана негизги бекитүүчү арматуранын алмашуусуна же оңдолуусуна, ошондой эле ушул Курулуш ченемдеринин 4.4-п. талаптарын бузбастан сууну жабдуунун жеткиликтүүлүгү боюнча соргучтарды текшерүүгө;
8.9 Ар бир соргучтун басымдуу тилкеси бекитүүчү арматура менен, жана эреже катары соргуч менен бекитүүчү арматуранын ортосуна коюлуучу тескери клапан менен жабдууланышы керек.
Соргучту токтоткондо ыктымалдуу гидравликалык сокку пайда болсо тескери клапандарда, алардын ыкчам жабылып кетишине жолтоо боло турган орнотмолор болушу керек.
Монтаждык кыстырмаларды орнотууда аларды бекитүүчү арматура менен тескери клапандын ортосуна жайгаштыруу зарыл.
Ар бир соргучтун соруучу тилкелеринде бекитүүчү арматураны булуңдун алдында жайгашкан же жалпы соруучу коллекторго кошулган соргучтарга орнотуу керек.
8.10 Фасондуу бөлүктөрдүн жана арматуранын түтүктөрүнүн диаметри техника-экономикалык эсептөөлөрдүн негизинде, суунун кыймылынын ылдамдыгына жараша: соруучу тилкелер үчүн 0,6-1 м/сек, басымдуулар үчүн 0,8-2 м/сек кабыл алынат.
8.11 Соргуч чордондун машина залынын өлчөмдөрү ушул ченемдердин 15-бөлүмүн эске алуу менен кабыл алынышы керек.
8.12 Планда чордондун тыш өлчөмдөрүн кичирейтүү үчүн агрегаты тик жайгашкан соргучтар орнотулушу керек.
8.13 Бекиткич арматуралуу соруп алуучу жана кысымдуу коллекторлор соргуч чордондун имаратында жайгашууга тийиш.
8.14 Соргуч чордондордогу өткөрмө түтүктөрү жана машина залынын тышындагы соруп алуучу тилкелерин арматура жана соргучка туташтырууну, эреже боюнча болот түтүктөрдөн фланц кошуу аркылуу ширетип жасоо керек.
Ошону менен бирге, түтүк жана арматуралардын соргучка таянуусун жана соргучтардан жана өткөрмө түтүктөрүнөн титирөөнүн өтүүсүн болтурбай турган алардын бекитмеси каралыш керек.
8.15 Чордондордун кабыл алуучу идиштеринин конструкциясы жана тыш өлчөмдөрү суюктукту сордуруп куюштурууда бурганактап тегеренүүгө (турбуленттүүлүк) шарттарды болтурбоону камсыз кылышы керек. Муну, соруп алуучу келтетүтүктү суюктуктун минималдык деңгээлинен эки диаметрчелик аралыкка, бирок соргучту өндүрүүчүлөр тарабынан аныкталган керектүү кавитациялык запастын көлөмүнөн чоңураак тереңдетүү керек.
Соруп алуучу өткөрмө түтүктөрүнүн диаметри, эреже боюнча соргучтун соруп алуучу келтетүтүнөн чоңураак келип ушул Эрежелердин 8.10-п. ылайык аныкталат.
Горизонталдык жайгаштырылган соруп алуучу өткөрмө түтүктөрүнө өтүүлөр, аларда аба аянтчаларынын пайда болуусунан качуу үчүн жогору жагы түз, эксцентрлүү болушу керек. Соруп алуучу өткөрмө түтүгү соргучту көздөй 0,005 ден кем эмес жантайыңкы жайгашуусу керек.
Соргучтун соруп алуучу келтетүтүгү менен жакын жайгашкан фитингдин (бөлгүчтүн, арматуранын ж.б.у.с.) ортосундагы аралык эң азынан түтүктүн беш диаметринчелик болушу керек.
8.16 Тереңдетилген жана жарым-жартылай тереңдетилген соргуч чордондордо авария учурунда ыктымалдуу агрегаттардын суу каптап кетүүлөрүнө каршы машина залынын айланасында иш-чаралар каралышы керек:
а) соргучтардын электр кыймылдаткычтарын машина залынын жертаманынан 0,5 м ден кем эмес бийиктикте жайгаштыруу;
б) клапан же тээк тагуу аркылуу суунун авариялык көлөмүнүн канализацияга же жердин үстүнө өз бетинче агуусу;
б) кабыл алгычтан сууну автоматтык түрдө соргуч менен сордуруп чыгаруу;
Авариялык соргучтарды орнотуу керек болгон учурларда, алардын өндүрүмдүүлүгү; б.а. катмары 0,5 м жана андан жогору болсо машина залынан сууну 2 сааттын ичинде сордуруп чыгаруусуна жараша аныкталат, жана мындай учурда бир резервдик агрегат каралат.
Э с к е р т ү ү - машиналык залда “кургак” аткаруудагы чөгөрүлгөн (герметикалык) соргуч орнотууда пайдубалдын көтөрүлүү бийиктиги астананын бийиктигинен өйдө болуусу керек эмес.
8.17 Машина залындагы астана жана каналдар чогултуучу аңгекти көздөй жантайынкы кабыл алынышы зарыл.
Соргучтардын астындагы пайдубалда дренаж кылына турган, сальниктерди калыңдатуудан калган суюктук бар болсо сууну агызып чыгаруу үчүн бортчолор, кобулчалар жана түтүкчөлөр каралышы керек.
Аңгектен суунун өзү агып чыгуу мүмкүнчүлүгү жок болсо, дренаждык соргуч колдонуу каралышы керек.
8.18 Заводдо чыгарылбаган соргуч чордондо, анын автоматташуу даражасына карабастан: санитардык жай (унитаз, раковина), эксплуатациялоочу персоналдын (нөөмөттөгү ремонт бригадасынын) кийимдерин сактоо үчүн жай жана шкафча каралышы керек.
Соргуч чордон санитардык-тиричилик жайы бар болгон өндүрүштүк имараттан 30 м ге чейинки аралыкта жайгашкан болсо, санитардык жайдын соргуч чордонго каралбоосуна жол берилет.
Суу алгыч скважиналардын үстүндө орун алган соргуч чордондордо санитардык жайды кароонун кажети жок.
Калктуу конуштун тышында жайгашкан соргуч чордондо аны тейлөөнү уюштуруу шарты менен биотуалет орнотууга уруксат берилет.
8.19 Соргуч чордондордо ушул Эрежелердин 12-бөлүмүндөгү көрсөтмөлөргө ылайык текшерүү-эсептөө аппаратураларын орнотуу каралышы керек.
9.1 Суу жүргүзгүчтөрдүн тилке санын бир деп кабыл алуу керек.
9.2 Суу жүргүзгүчтөр бир тилкеге жаткызылып, суу бериле турган болсо, авариялык учурларда аны жоюу үчүн ушул Курулуш ченемдеринин 9.5-п. ылайык суу берүү үчүн бир булактан керектүү көлөмдө суу берүү каралышы керек.
Бир нече булактан суу берилген учурларда авариялык суунун көлөмү, аварияны жоюу убагында булактардан кепилдүү түрдө агып туруучу суунун көлөмүнө чейин төмөндөтүлүшү керек.
9.3 Калкынын саны 3000 ге чейин болгон калктуу конуштардын же өндүрүмдүүлүгү 200м3/сут. га чейинки суу менен жабдуу тутумдарында аварияны жоюунун эсептик убактысы 24 саат дер кабыл алынат.
Э с к е р т ү ү л ө р
1. Түтүктүн материалына жана диаметрине, суу жүргүзүүчү трассанын өзгөчөлүктөрүнө, түтүк жаткыруунун шарттарына, жолдун, транспорт каражаттарынын жана аварияларды жоюу каражаттарынын бар болуусуна жараша бул убакыт өзгөрүлүшү мүмкүн, бирок 12 сааттан кем болбошу керек.
2. Сууну берүүнүн тыныгууларынын узактыгы жана суу берүүнүн төмөндөтүлүшү ушул Курулуш ченемдеринин 4.4-п. көрсөтүлгөн чектен ашпоого тийиш.
3 Авария жоюлгандан кийин өткөргүч түтүктөрүн дезинфекциялоо үчүн көрсөтүлгөн убакытты 12 саатка узартууга болот.
9.4 Калктуу конуштардын суу өткөргүч тармактары; суу берүүдө үзгүлтүктөргө учуроо тобокелдерин азайтууга жана мүмкүн болушунча калктуу конуштун негизги социалдык-маданий объекттери жайгашкан чөлкөмдөргө өрт өчүрүүчү гидранттарды орнотууга мүмкүнчүлүк түзө турган бир нече тармактык шакекчелер менен бирге каралыщы керек.
Гидранттардын саны ар бир ири объектте өрт өчүрүү үчүн бир техниканын эң аз бир гидрантка кошулуусуна шарт түзө тургандай абалда болуусу зарыл, ал эми объекттеги саны өрт өчүрүү үчүн бир техниканын эң аз бир гидрантка кошулуусуна шарт түзө тургандай болуусу зарыл.
Ушуну менен бирге өрт өчүрүүчү гидранттар суу алгыч тармактарынын шакектик бөлүкчөсүндө суу өткөргүчтө орнотулушу керек.
Гидранттардын саны ар бир ири объектте өрт өчүрүү үчүн бир техниканын эң аз бир гидрантка кошулуусуна шарт түзө тургандай абалда болуусу зарыл, ал эми калктуу конуштагы жалпы гидрант саны 3 төн кем болбоого тийиш. Мунун менен бирге өрт өчүрүү гидранттарын суу ажыратуучу тармактын кудуктук аймагында, диаметри эсептөөлөр менен аныкталган бирок 90 мм ден кем эмес өткөрмө түтүктөрүндө орнотуу керек.
Суу өткөргүчтөрдүн туюк тилкелерин:
а) калкынын саны 3000 ге чейинки калктуу конуштарда;
б) аварияны жоюу убагында суу менен жабдууну токтотууга мүмкүн болгон учурларда өндүрүштүк муктаждыктарга суу берүү үчүн;
в) өрт өчүрүүнүн керектөөлөрүн эсепке албастан, суу менен жабдуучу түтүктөрдүн эсептик диаметри 75 мм ден аз болгон учурларда, сууну чарбалык-ичүү багытына берүү үчүн;
г) тилкелердин узундугу 200 м ге чейинки учурлардагы өрт өчүрүү үчүн керектеле турган суунун көлөмүнө карабастан өрт өчүрүү жана чарбалык өрт өчүрүү муктаждыктарына суу берүүдө, пайдаланууга болот.
Тышкы суу өткөргүч тармактарын ички суу өткөргүч тармактары менен шакекчелөөгө жол берилбейт.
Э с к е р т ү ү - Долбоорлоого уруксат алуу стадиясында өрт өчүрүү боюнча көзөмөл органдарынын макулдугу менен туюк тилкелердин узундугун көбөйтүү менен бирге шакекчелик бөлүктөгү өрт өчүрүү гидранттарынын ортосундагы аралыкты дагы 400 м ге чейин жогорулатууга жол берилет.
9.5 Бир бөлүк өчүрүлсө калган тилкелердеги чарбачылык ичүү муктаждыктарына берилүүчү суунун жалпы көлөмү эсептелген чыгымдоонун 70 %нан кем болбоого, ал эми суу алуунун эң ыңгайсыз аймактарында жайгашкан жерлерде эсептелген чыгымдоонун 25 % нан кем болбоого тийиш, муну менен бирге суунун эркин кысымы 10 м ден кем эмес камсыз кылынышы керек.
9.6 Чарбалык-ичүүчү суу өткөргүч тармактарынын ичүүгө ылайыксыз сапаттагы суу берүүчү тармактар менен бириктирүүгө жол берилбейт.
9.7 Суу алуучу жайларда керектүү учурларда төмөнкүлөрдү орнотууну караштыруу керек:
а) өткөргүч түтүктөр бошоп же толуп калганда желди киргизип же чыгарып туруучу клапандар;
б) желди киргизүүчү жана кыпчып калуучу клапандар;
в) өткөргүч түтүктөрдүн иштөө процессинде желди коё берүүчү вантуздар;
г) компенсаторлор;
д) монтаждык кыстырмалар, коюу каралышы керек.
Суу алгычтарда жана суу өткөргүч тармактарынын тилкелеринде:
а) оңдолуучу тилкелерди бөлүү үчүн бурулма жапкычтар (тээк);
б) оңдолуучу тилкелерди кошуу үчүн автоматтык түрдө иштеген тескери же башка түрдөгү клапандар;
в) басым жөндөгүч;
г) гидравликалык сокку же басым жөндөгүчтөрдүн бузулуусу учурунда басымдын жогорулоосун эскертүүчү аппараттар.
9.8 Суу алгычтарды бир тилкеге төшөөдө, алардын оңдолуучу тилкелеринин узундугун 3 км ден ашык эмес алуу керек. Негизделген болсо суу алгычтардын оңдолуучу тилкелеринин узундугу жогорулатылышы мүмкүн.
Э с к е р т ү ү - Суу өткөргүч тармактарын оңдолуучу тилкелерге бөлүнүүсү, тилкелердин бирөө өчүрүлгөн болсо орнотулган өрт өчүрүүчү гидранттардын 50% ашык эмеси өчүрүлгүдөй болушу керек.
9.9 Өткөргүч түтүктөрдө ошол өткөргүч түтүктүн түрүнө жараша уруксат берилгенден дагы көбүрөөк көлөмдө вакуумдун пайда болушуна бөгөт кылуу жана андагы толуп калган абаны чыгаруу максатында, профилдин жогорку бурулуш чекиттеринде жана суу алгычтардын оңдолуучу тилкелеринин чектик түйүндөрүндө автоматтык түрдө иштеген жел чыгаруучу жана киргизүүчү клапандарды орнотуу каралышы керек.
Суу бөлгүч тармактарында желди чыгаруу жана киргизүү керектөөчүлөрдүн суу бөлгүч чорголору аркылуу аткарылат.
Уруксат берилген көлөмдөн ашпай турган көлөмдөгү ваккумдарга карата кол менен иштетилүүчү клапандарды колдонууга болот.
Желди чыгаруу жана киргизүү үчүн автоматтык түрдө иштөөчү клапандардын ордуна, чыгарылуучу желдин чыгымдалышына жараша кол менен иштетилүүчү же вантуз менен желди киргизүүчү жана кыпчып кармоочу автоматтык түрдө иштөөчү клапандар колдонулушу мүмкүн.
9.10 Вантуздар жел топтогучтарда профилдин жогорку бурулуш чекиттеринде каралыш керек. Жел топтогучтун диаметрин суу түтүгүнүн диаметри менен тең алыныш керек, бийиктиги өткөргүч түтүктүн диаметрине жараша 200 – 500 мм болуш керек.
Негизделе турган болсо башка ченемдеги жел топтогучтарды колдонууга жол берилет.
Вантузду жел топтогучтан ажыратуучу бекиткич арматуранын диаметрин вантуздун туташтыруучу түтүкчөсүнүн диаметри менен бирдей алуу керек.
Вантуздардын талап кылынган өткөрүү жөндөмдүүлүгү эсептөөлөр менен аныкталышы же болбосо ченемдүү атмосфералык басым алдындагы абанын көлөмүн эсептөө менен өткөрмө түтүктөрү аркылуу берилүүчү суунун эсептик максималдуу чыгымдоосунун 4 % на барабар болушу керек.
Эгер суу алуучу жайда профилдин бир канча көтөрүңкү түйүнү бар болсо, анда экинчи жана андан кийинки түйүндөрдө вантуздардын талап кылынган өткөрүү жөндөмдүүлүгүн ал бурулуш түйүнүнүн биринчи түйүндөн төмөн же болбосо андан 20 м ден ашпагыдай жогору жайгашып жана мурдагы түйүндөн алыстыгы 1 км ге чейин болгон учурларда, бериле турган суунун эсептик максималдуу чыгымдоонун 1 % на барабар кабыл алынат.
Э с к е р т ү ү - Өткөрмө түтүгүнүн төмөндөөчү аймагынын эңкейүүсү (профилдин бурулуучу түйүнүнөн кийинки) 0,005 жана андан аз болгон учурларда вантуз каралбайт; профилдин бурулуу түйүндөрүндө эңкейүү 0,005-0,01 болгон учурларда вантуздун ордуна аба топтогучта чорго (вентиль) орнотууга жол берилет.
9.11 Суу алгычтар жана суу өткөргүч тармактары суу чыгуучу жайга эң азынан 0,001 жантаюу менен долбоорлонушу керек; ал эми түз рельефтүү аймактарда жантайууну 0,0005 ге чейин азайтууга болот.
9.12 Суу чыгуучу жайларды ар бир оңдолуучу тилкенин төмөндөтүлгөн чекитинде, ошондой эле өткөргүч түтүктөрдүн жуунду суу чыкчуу жерлеринде орнотууну кароо керек.
Суу чыгуучу жайлардын жана жел киргизүүчү орнотмонун диаметри суу алгыч тилкелерин же тармактарын 2 саат мурун бошотулушун камсыз кылуусу керек.
Суу чыгуучу жайлардын жана өткөргүч түтүктөрүн жуучу орнотмолордун конструкциясы өткөргүч түтүктөрдөгү суунун агымынын ылдамдыгын максималдуу эсептик ылдамдыктын 1,1 нен кем эмес болууга тийиш.
Суу чыгуучу жайларда бекитүүчү арматура катары тескери затворлорду жана задвижкаларды колдонууга болот.
Э с к е р т ү ү - Гидропневматикалык жууп-тазалоодо аралашманын минималдуу ылдамдыгы (басымдын эң жогору болгон жерлеринде) суунун максималдуу ылдамдыгынын 1,2 нен кем болбоого тийиш, суунун чыгымы – аралашма чыгымынын көлөмүнүн 10-25 %.
Бөлүштүрүү тармактарынын оңдолуучу тилкелеринин бошотулуусун оңдолуучу тилкенин төмөн жагында жайгашкан суу алгыч чорголор аркылуу кылууга болот.
Негизделе турган болсо, диаметри 100 мм ден кем эмес болгон пластмассадан жасалган өткөргүч түтүктөрдө бошотуусуз оңдоо жүргүзүүдө (кыстыруу усулдары) өткөргүч түтүктөрдү бошотуу үчүн суу чыгаруу жүргүзбөөгө жол берилет.
9.13 Суу чыгуучу жайдан сууну буруу жакынкы суу аккан кобулда, коодо, жарда каралышы керек. Чыгарылган суунун бардыгын же бир бөлүгүн буруп кетүү мүмкүн болбогон болсо, сууну тундургуч бөлүгү суу түтүгүнөн эң аз 0,5 м төмөн болгудай кылып кудукка төгүүгө жана кайра сордуруп чыгаруу каралышы керек.
9.14 Компенсаторлор төмөндөгүлөрдө каралышы керек:
- тийишме кошулуштары суунун температурасынын, абанын, топурактын алмашышы менен пайда болгон өзөктүк жылышууларды компенсация кыла албаган өткөргүч түтүктөрдө;
- туннелдерде, каналдарда жана эстакадаларда (түркүктөрүндө) төшөлүүчү болот өткөргүч түтүктөрдө;
- кыртыштын чөгүү ыкытмалдуулугу шартында өткөргүч түтүктөрдө.
Компенсаторлор менен кыймылсыз түркүктөрүнүн ортосундагы аралык алардын конструкциясын эске алуу менен чыгарылган эсептер менен аныкталат. Суу жүргүзгүчтөрүн, магистралдарды жана тармак тилкелерин кошулуштары ширетилип жасалган болот түтүктөрүнөн жер алдында төшөлгөн учурларда, компенсаторлор чоюн фланцтык арматуралар орнотулган жерлерге караштыруу керек. Чугун фланцтык арматуралар, кудуктун дубалын болот менен тыкыс каптоо, атайын тирөөчтөрдү орнотуу же болбосо тыгыздатылган топурак менен кыстыруу жолдору менен өзөктүк чоюлгуч күчтөрдөн корголгон учурларда компенсаторлорду орнотпой коюуга жол берилет.
Суу түтүктөрүн жердин алдында төшөөдө компенсаторлор жана кыймылдуу тийишме кошулуштар кудуктарда орун алышы керек.
9.15 Куроо кыстырмаларын фланцтык бекитүүчү, сактагыч жана жөнгө салуучу арматураны ажыратуу, профилактикалык кароо жана оңдоо үчүн колдонуу керек.
9.16 Суу жүргүзгүчтөрдөгү жана суу өткөргүч тармактарынын тилкелериндеги бекиткич арматуралар кол менен же механикалык келтиргилүү болушу керек.
Сүү жүргүзгүчтөрдө электрдик жана гидропневматикалык келтиргилүү бекиткич арматураларды колдонууга дистанциялык жана автоматтык башкарууда колдонууга жол берилет.
9.17 Коомдук суу алгыч кудуктун таасиринин радиусу 100 м ге чейин болушу керек. Суу алгыч кудуктун айланасында туурасы эң аз 1 м кудукту көздөй 0,1 жантаюу менен төшөмө жээги каралышы керек.
9.18 Басымдуу суу жүргүзгүчтөргө жана тармактарга эреже боюнча металл эмес түтүктөр колдонулушу керек. Суу жүргүзгүчтөргө жана суу өткөргүч тармактарына материалды жана түтүктүн бекемдигинин классын тандоодо кыртыштын жана ташыла тургун суунун агрессивдүүлүгүн ж.о.э. суу түтүктөрүнүн иштөө шарттарын жана суунун сапатына болгон талаптарды эске алуу керек.
Металл эмес түтүктөрдү колдонулуусу негизделген болушу керек. Басымдуу чоюн түтүктөр (анын ичинде графиттик шарсыяктуу бышык чоюн түтүктөрү)
менен бирге) калктуу конуштардын аймагында менен өнөр жай жана айыл чарба ишканаларынын аймактарында колдонулат.
Болот түтүктөр төмөнкү учурларда колдонулат:
а) ички эсептик басымы 1,5 МПа (15 кгс/см2) дан көп болгон участкаларда;
б) суу тосмолору жана жарлар аркылуу өтүүчү темир жол жана автомобилдик жолдордун алдындагы өтмөктөрдө;
в) чарбалык-ичүүчү суу өткөргүчтөрдүн канализация тармактары менен кесилишкен жерлеринде; автожолдордогу, шаарлардагы көпүрөлөрдө, эстакадалардын тирөөчтөрүндө жана туннелдерде;
Болот түтүктөр үнөмдүү сортаменттерден дубалынын калыңдыгы өткөргүч түтүгүнүн иштөө шарттарын эске алуу менен (бирок 2 мм ден кем эмес) эсептелип чыгышы керек. Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумдарынын түтүктөрүнүн материалы ушул Курулуш ченемдеринин 2.4-п. жооп берүүгө тийиш.
Ичүүчү суу менен жабдуу тутумдарында колдонулуучу болот түтүктөрүндө ичүүчү суунун химиялык жана бактериялык курамын өзгөртпөстөн ташууну жана коррозиядан сактоону камсыз кыла турган ички жана тышкы коргоочу каптамасы болушу керек.
9.19 Эсептелген ички басымдын чоңдугу, эгер ал басым башка жүктөмдөр менен айкалышып өткөргүч түтүктөргө көбүрөөк таасир эте турган болсо, гидравликалык соккудан улам басымдын көтөрүлүүсүн эске албоо менен же болбосо соккуга каршы арматуранын аракетин эске алуу менен басымды көтөрүү аркылуу, суу түтүктөрүн бойлой ар кайсы участкасында эксплуатация шарттары боюнча мүмкүн болгон эң жогорку өлчөмдө бирдей кабыл алынышы керек.
Статикалык эсептөө белгилүү материалдан жасалган өткөргүч түтүктөр үчүн эң коопттуу болуп саналган комбинацияларда эсептелген ички басымдын, топурактын басымынын, убактылуу жүктөмдөргө, түтүктөрдүн жана ташылуучу суунун массасынын, вакуум пайда болгондогу атмосфералык басымдын жана кыртыштык суулардын тышкы гидростатикалык басымдын таасирлерине жараша жүргүзүлөт.
Өткөргүч түтүктөр же алардын бөлүктөрү жоопкерчилик даражаларына жараша төмөндөгү класстарга бөлүнүшөт:
1-класс: суу тосмолору жана жарлардан өтүүчү чөлкөмдөрдөгү, I жана II категориядагы автомобилдик жана темир жолдордогу өткөргүч түтүктөр; ж.о.э. мүмкүн болгон бузулууларды четтеттүү үчүн жетүү кыйын болгон жерлердеги суу менен камсыздуулуктун III категориясындагы объекттер;
2-класс: Суу менен камсыздуулуктун III категориясындагы объекттер үчүн мыктылаштырылган автомобилдик жолдордун каптоолорунун алдында төшөлүүчү өткөргүч түтүктөрү;
3-класс: Суу менен камсыздуулуктун III категориясындагы объекттер үчүн калган баардык өткөргүч түтүктөрдүн бөлүктөрү.
9.20 Ар кандай сыноо бөлүктөрүндөгү түтүктөрдүн эксплуатациядан өтүүдөн мурун кабыла турган сыноо басымдарын, материалдардын сапаттык көрсөткүчтөрүнө жана ар бир өткөрмө түтүк аймагы үчүн кабыл алынган түтүктөрдүн классына, суунун ички эсептик басымына жана сыноо мезгилинде өткөрмө түтүктөрүнө таасир этүүчү тышкы жүктөмдөрдүн чоңдугуна жараша курулуш уюмунун долбоорлорунда көргөзүү керек.
Сыноо басымынын эсептик чоңдуктары ар кандай типтеги түтүктөр үчүн төмөндөгү чоңдуктардан ашпоого тийиш:
Болот жана пластмасса–1,3 коэффициентиндеги эсептик ички басым.
9.21 Болот жана пластмасса өткөрмө түтүктөрү 9.20-п. ылайык ички басымдын таасирине, атмосфералык басымдын тыштан келүүчү таасирине ж.о.э. түтүктөрдүн кыйгач кесилиштеринин тоголок формасынын чыдамдуулугуна карата ылайыкталышы керек.
Ички коргоочу катмары болбогон болот түтүктөрдүн вертикалдык диаметри 3 % ашпоого тийиш, ал эми ички коргоочу катмары болгон болот жана пластмасса түтүктөрүндө ошол түтүктөрдүн техникалык шарттарына жан стандарттарга жараша кабыл алынышы керек.
Вакуумдун чоңдугун аныктоодо өткөрмө түтүктөрүндө каралган вакуумга каршы орнотмолордун аракетин эске алуу керек.
9.22 Убактылуу жүктөм катары төмөнкүлөрдү кабыл алуу керек:
а) темир жолдорунун астына төшөлүүчү өткөрмө түтүктөрү үчүн – ошол темир жол тилкесинин классына шайкеш келүүчү жүктөмдү;
б) автомобилдик жолдордун астына төшөлүүчү өткөрмө түтүктөрү үчүн –Н-30 автомобилдеринин коллонасына же НК-80 дөңгөлөктүү транспортторуна жараша (өткөрмө түтүктөрүнө боло турган эң чоң таасирлери боюнча);
в) автомобилдик транспорттун өтүүсү мүмкүн болгон жерлердин астына төшөлүүчү өткөрмө түтүктөрү үчүн - Н-18 автомобилдеринин коллонасына же НГ-60 гусеницалуу транспортторго жараша (өткөрмө түтүктөрүнө боло турган эң чоң таасирлери боюнча);
г) автомобилдин кыймылы мүмкүн болбогон жерлердин астына төшөлүүчү өткөрмө түтүктөрү үчүн – бир калыпта тараган 5 кПа (500 кгс/м2) жүктөм.
9.23 Өткөргүч түтүктөрүндө гидравликалык сокку (соккуга каршы арматуранын жана вакуумдун пайда болушун эске алуу менен аныкталган) болгондогу басымдын көтөрүлүүсүн эсептөөдө тышкы жүктү автомобилдик Н-18 колоннасынан ашык эмес кабыл алуу керек.
9.24 Гидравликалык сокку болгондогу басымдын көтөрүлүшүн эсептөө аркылуу аныкталат жана анын негизинде сактоо чаралары көрүлүшү керек.
Гидравликалык соккулардан суу менен жабдуу тутумдарын коргоонун чаралары төмөндөгү учурларда көрүлөт:
а) электр азыктандыруусунун бузулуусунун натыйжасында капыстан бардык соргучтардын же бирдиктүү иштөөчү айрым топ соргучтардын өчүп калуусу;
б) бирдиктүү иштеген бир соргучтун басымдык тилкесиндеги бурулуш жапкычы жабылганга чейин өчүп калса;
в) соргучтун, тескери клапан менен жабдылган бурулуш жапкычы ачык кездеги иштетилиши;
г) суу өткөргүч же анын бир бөлүгү өчүрүлгөндө бурулуш жапкычынын механикалык жол менен жабылышы;
д) ыкчам иштөөчү суу бөлүштүрүүчү арматуранын жабылышы жана ачылышы.
9.25 Капыстан соргучтардын иштетилиши же өчүрүлүшүнөн улам пайда болгон гидравликалык соккуга каршы чара катары:
а) суу өткөргүчтө жел киргизүү жана кыстырып алуу үчүн клапандарды орнотуу;
б) соргучтардын басымдуу тилкелеринде ачылып-жабылуусу жөнгө салынуучу тескери калапандарды орнотуу;
в) суу өткөргүчтү ар биринде өтө чоң эмес статикалык кысымдарга ээ өз-өзүнчө бөлүктөргө ажырата турган клапандарды орнотуу;
г) эгер суу эркин айланып же болбосо толук тизгинделип калса, аны соргучтар аркылуу тескери багытта төгүү;
д) суу өткөргүчтүн башына (соргучтун басымдуу тилкесинде) гидравликалык сокку процессин жеңилдетүүчү жел-суу камерлерин (калпакча) орнотуу;
Э с к е р т ү ү - гидравликалык соккудан сактануу үчүн: өчүргүчтөрдү орнотууга, сууну басымдуу тилкеден соруучуга төгүүгө, суу өткөргүчтөрдөгү суунун агымынын тынымсыздыгында үзгүлтүктөр пайда болуусу мүмкүн болгон жерлерде суунун коё берүүгө, басымдын жол берилгенден жогору көтөрүлүүсүнөн улам кыйроочу туюк диафрагмаларды орнотуу, суу кысымынын колонналарын орнотуу, чоң инерциядагы айлануу массасы бар болгон соргуч агрегаттарды колдонуу.
9.26 Өткөргүч түтүктөрдү тескери жапкычтын (задвижка) жабылуусунан улам басымдын жогорулашынан коргоо үчүн ошол жабылуунун узактыгын көбөйтүү керек. Кабыл алынган типтеги келтиргичи менен жапкычты жабууда убакыт жетишсиз болсо кошумча коргоо чараларыры көрүлүшү зарыл (мисалы, сактагыч клапандарды, жел калпактарын, суу кысымынын колонналарын орнотуу).
9.27 Өткөргүч түтүк тилкелерин эреже катары жер алдындагы төшөө жолу менен кабыл алуу керек. Жылуулук-техникалык жана техника-экономикалык негиздемелер бар болсо жеңил тутануучу жана күйүүчү суюктуктарды жана күйүүчү газдарды ташуучу түтүктөрдөн башка, туннелдердеги төшөөлөр, ж.о.э. туннелдердеги суу өткөргүчтөрдүн башка коммуникациялардын тилкелери менен бирге төшөөлөргө, жер үстүндөгү жана жер бетиндеги төшөөлөргө жол берилет.
Өтүүчү каналда биргелешип төшөөдө чарбалык-ичүүчү суу өткөргүчүн канализациялык түтүктөрдөн өйдө жайгаштыруу керек.
Жер алдындагы төшөөдө жабуучу, жөнгө салуучу жана сактоочу арматуралар кудуктарда (камера) орнотулат.
Бекитүүчү арматураны кудуксуз орнотууда негиздеме керек.
9.28 Түтүктүн таманындагы негиздин тибин кыртыштын көтөрүү кубаттуулугуна жана жүктөмдүн өлөмүнө жараша кабыл алуу зарыл.
Таштак, торфтуу жана чөгүндү кыртыштарынан башка бардык кыртыштын түрлөрүндө, түтүктөрдү тегиздөөнү камсыздоо менен ал эми керектүү учурларда таманын профилдөө аркылуу түзүмү бузулбаган табигый кыртыштарда жаткыруу керек.
Таштак кыртыштар үчүн уркуюп турган жерлердин үстүндө негиздин бетин 10 см калыңдыктагы кум менен тегиздөө каралышы керек. Бул үчүн топурактын скелетинин көлөмдүү салмагына 1,5 т/м3 чейин тыгыздоо шарты менен жергиликтүү топуракты (кумдак топурак жана чопо аралаш топурак) пайдаланууга болот.
Нымдуу байланышкан топурактардын астына өткөрмө түтүктөрүн орнотууда кум даярдоолорун орнотуу муктаждыгы, сууну төмөндөтүү боюнча аткарыла турган иш-чараларга ж.о.э. түтүктөрдүн конструкциясына жана тибине жараша иштин өндүрүштүк долбоорунда белгиленет.
Торфтолгон чөгүндүлөрдө жана башка сууну жай сиңирүүчү кыртыштарда жасалма негиздин бетинде жаткыруу керек.
9.29 Болот түтүктөрдү колдонууда алардын тышкы жана ички беттерин коррозиядан коргоо каралышы керек. Мында ушул Курулуш ченемдеринин 2.4-п. көрсөтүлгөн материалдар пайдаланылышы керек.
9.30 Болот түтүктөрүнүн тышкы бетин коррозиядан коргоонун усулдарын тандоо ошол кыртыштын коррозиялык касиеттери боюнча маалыматтар ж.о.э. адашма агындардын натыйжасында келип чыгуусу мүмкүн боло турган коррозия тууралуу маалыматтарга жараша негизделиши керек.
9.31 Бардык түрдөгү болот, чоюн жана темирбетон түтүктөрүнөн өткөрмө түтүктөрүн долбоорлоодо түтүктөрдүн коррозияга каршы электрохимиялык коргоону орнотуу үчүн үзгүлтүксүз электр өткөрүүлөрүн камсыз кылуучу иш-аракеттер каралышы керек.
Э с к е р т ү ү - Негизделген болсо изоляциалоочу фланцтарды орнотууга жол берилет.
9.32 Болот киндиктүү түтүктөрдүн катоддук поляризациясы, атайын орнотулган текшерүүчү-өлчөөчү пункттарда өлчөнгөн металлдын бетинде пайда болуучу поляризациялык коргоонун дарамети жез-сульфатынын электродуна салыштырмалуу 0,85 В дон жогору жана 1,2 В дон төмөн болууга тийиш.
9.33 Болот өзөктүү түтүктөрдү протекторлордун жардамы менен электрохимиялык коргоодо уюлдашуу дараметинин чоңдугун түтүктүн бетине орнотулган жез-сульфат салыштыруу электродуна карата, ал эми катоддук станциялардын жардамы менен коргоодо – кыртыштан орун алган жез-сульфат салыштыруу электродуна карата аныктоо керек.
9.34 Астына чейин эсептегенде салынган түтүктөрдүн тереңдиги, нолдук температурадагы кыртышка сүңгүп кирүүнүн эсептик тереңдигинен 0,5 м чоң болууга тийиш. Терс температуралар чөлкөмүндө өткөргүч түтүктөрдү салууда түтүктөрдүн жана ашташкан туташтыруулардын элементтеринин материалы аязга туруктуулуктун талаптарын канааттандырууга тийиш.
Э с к е р т ү ү - түтүктү төшөөнүн азыраак тереңдигине: өткөрмө түтүктөрүндө орнотулган арматуранын тоңуп калуусун; түтүктөрдүн ички бөлүгүндө муздардын пайда болуусунан улам өткөрүү жөндөмүнүн төмөндөөсүн; суунун тоңуусунан улам түтүктөрдүн жана кошулган бирикмелеринин жараксыз абалга келүүсүн; түтүктүн дубалдарынын материалында топурактын деформацияланышын жана температуралык чыңалууларды; өткөрмө түтүктөрүнүн бузулушунун натыйжасында сууну берүүнү токтодуудан улам өткөрмө түтүктөрүндө муз тыгындарынын пайда болушун болтурбоочу чараларды көрүү шарты менен жол берилет.
9.35 Кыртыштагы нөлдүк температуранын төмөндөөсүнүн тереңдиги эсептелген суук жана аз кардуу кыш мезгилиндеги тоңдун тереңдөөсүндөгү байкоолордун жана аймактын өзгөрүүсүнө (мисалы, кар кыртышынын алынышы, мыктылаштырылган жол каптамаларын жабдуулоо) байланыштуу мурда байкалган тоңуу тереңдигиндеги ыктымалдуу өзгөрүүлөрдү эске алуу менен көрсөтүлгөн райондогу өткөрмө түтүктөрүн эксплуатациялоодогу тажрыйбалардын негизинде аныкталууга тийиш.
Байкоо жүргүзүүлөрдүн маалыматтары жок болгондо нөлдүк температурадагы кыртышка сүңгүп кирүүнүн тереңдигин жана анын аймакты жакшылантууда болжонуучу өзгөрүүлөргө байланыштуу мүмкүн болуучу өзгөрүүсүнадистештирилген уюмдар тарабынан жүргүзүлгөн жылуулук-техникалык эсептөөлөр же инженердик-геологиялык изилдөөлөрдүн отчеттору боюнча аныктоо керек.
9.36 Жай мезгилинде суунун жылышын болтурбоо үчүн чарбалык-ичүүчү суу өткөргүчтөрүн төшөө тереңдиги түтүктөрдүн эң жогорусунан тартып 0,5 м ден кем эмес болушу керек.
Жылуулук-техникалык шарттар аркылуу негизделген болсо суу жүргүзгүчтөрдү же суу өткөргүч тармактарынын бөлүктөрүн азыраак тереңдикте төшөөгө жол берилет.
9.37 Жер алдына салууда суу жүргүзгүчтөрдүн жана суу өткөргүч тармактарынын тереңдигин аныктоодо ташуудагы тышкы жүктөмдөрдү жана жер алдында жайгашкан башка курулмалар жана байланыштар менен кесилишүүсүнүн шарттарды эске алуу керек.
9.38 Суу жүргүзгүчтөрдүн жана суу өткөргүч тармактарынын түтүктөрүнүн диаметрлери айрым бөлүктөрдөгү авариялык өчүрүүлөр болгондогу иштөөсүнүн шарттарын эске алуу менен эсептелип чыккан техника-экономикалык эсептердин негизинде аныкталат.
Шакектик участкаларда өрт өчүрүүчү суу өткөргүчтөр менен бириктирилген суу өткөргүчтөрдүн диаметри 75мм ден кем болбоого тийиш.
9.39 Тез байкалуучу коррозиялык касиеттери болбогон жана курамында түтүктөрдүн интенсивдүү түрдө чоңоюусуна алып келе турган аралашмалар жок болгон сууну ташууда өткөрмө түтүктөрдөгү жүктөмдүн жоготуусун аныктай турган гидравликалык жантаюунун чоңдугу маалыматтамалык маалыматтардын негизинде кабылдоо керек.
9.40 Жаңы суу менен жабдуу тутумдарын долбоорлоодо жана эскилерин кайра курууда өткөргүч түтүктөрдүн текшерүүчү бөлүктөрүндөгү жана тармактагы гидравликалык каршылыкты тутумдуу түрдө аныктай турган жасалгалар жана орнотмолор каралышы керек.
9.41 Өткөргүч түтүктөрдүн генералдык пландарда жайгашуусу жана пландагы жана кесилиштердеги түтүктүн тышкы каптамасанына курулмаларга жана инженердик тармактарга чейинки аралык Кыргыз Республикасынын колдонуудагы генералдык пландарды иштеп чыгуу боюнча ченемдеринин негизинде кабыл алыныш керек.
9.42 Өткөрмө түтүктөрүнүн I, II жана III категориядагы темир жолдордун, жалпы тармактардын, ошондой эле I, II жана III категориядагы автомобилдик жолдордун алдынан өткөрүүдө футлярлардын ичине жаткырылышы керек, мунун менен бирге, эреже боюнча ишти өндүрүүнүн жабык жолу каралышы керек.
Негиздеме бар болсо туннелдерде өткөрмө түтүктөрүн орнотууга болот.
Башка темир жол жана автомобилдик жолдордун алдында өткөрмө түтүктөрүн футлярсыз өткөрүүгө болот, бирок, эреже боюнча болот түтүктөр жана ишти өндүрүүнүн ачык усулу колдонулуш керек.
Э с к е р т ү ү л ө р
1 Өткөргүч түтүктөрүн темир жол көпүрөлөрүндө, жол өткөргүчтөрдө, жолдун үстүндөгү жөө кишилер жүрүүчү өтмөктөрдө, темир жол, авто жол жана жөө жүрүүчү туннелдерде, ошондой эле суу коё берүүчү түтүктөрдө төшөөгө жол берилбейт.
2 Негиздеме бар болсо футлярларды жана суу өткөргүч тармактарын жогорку бекемдиктеги полимер түтүктөрүнөн тандоого болот.
9.43 Планда футлярдын кесиндисинен; ал эми футлярдын аягына кудук орнотулган болсо – кудуктун дубалынын тышынан тартып кабыл алынышы керек:
а) темир жолдор кесип өтсө – жолдун четинин өзөгүнөн 8 м, үймөктүн таманынан 5 м, чуңкурдун жээгинен жана эң четки суу өткөрүүчү курулмалардан 3 м (кюветтер, тоолуу арыктар, лотоктор жана дренаждар);
б) автомобилдик жолдор кесип өтсө – жердин төшөмөсунүн жээгинен же үймөктүн таманынан, чуңкурдун жээгинен, тоолуу арыктын тышкы жээгинен ж.б. суу бөлүүчү курулмалардан 3 м;
Планда футлярдын тышкы капталынан же тунелден болгон аралыктын узактыгы эң аз:
а) контакттык тармактын тирөөчүнөн 3 м;
б) жебелерден, крестовинадан жана текшерүүчү кабелдин рельске кошулган жеринен 10 м
в) көпүрөлөрдөн, суу коё берүүчү түтүктөрдөн, туннелдерден ж.б. жасалма курулмалардан 30 м, болушу керек.
Э с к е р т ү ү - футлярдын (туннелдин) кесиндисинен болгон узактык жолду бойлото төшөлгөн эл аралык байланыш кабелдеринин, сигнализациянын болушуна жараша такталыш керек.
9.44 Ишти жүргүзүүдө футлярдын ички диаметрин: ачык жол менен – өткөргүч түтүктүн тышкы диаметринен 150-200 мм ге көбүрөөк; жабык жол менен – өтүштүн узундугуна, өткөргүч түтүктүн диаметрине жана төшөөнүн усулуна жараша.
Э с к е р т ү ү - Бир футлярда же туннелде бир канча өткөргүч түтүктөрүн орнотууга, ошондой эле өткөргүч түтүктөр менен комуникациянын (мисалы, электр кабелдери, байланыш кабелдери) бирге төшөлүүсүнө жол берилет.
9.45 I, II жана III категориядагы темир жолдору жана I, II жана III категориядагы автомобиль жолдору аркылуу өтүүчү өтмөктөрдү долбоорлоодо өткөргүч түтүктөр бузулган кезде жолду суу жууп же каптап кетүүсүн болтурбоо боюнча иш-чаралар алдын ала каралышы керек.
Ушуну менен бирге, өткөргүч түтүктө темир жолдун алдынан өтүүчү өтмөктүн эки жагынан тең, эреже боюнча ичине бекитүүчү арматура орнотулган кудуктар каралышы керек.
9.46 Темир жолдору жана автомобиль жолдору аркылуу өтүүнүн долбоору темир жол жана автомобиль транспортун башкаруу боюна тийиштүү органдар менен макулдашуу керек.
9.47 Өткөргүч түтүктөрдү агын суулар аркылуу өткөрүүдө дюкерлер коррозияга каршы күчөтүлгөн изоляциялуу, механикалык жабыркоолордон корголгон болот түтүктөрдү жаткыруу керек.
Суунун алдында жаткырылган өткөргүч түтүгүнүн түтүктүн жогорку жагына чейинки тереңдиги агын суунун түбүнөн 0,5 м ден кем эмес болууга тийиш. Муну менен бирге агын суунун нугунун жуулуп же өзгөрүп кетүү ыктымалдуулугун эске алуу зарыл.
Дюкердин көтөрүлүп турган бөлүгүндөгү жантаюуну горизонттон 20° ашырбоо туура болот.
Дюкердин эки тарабына кудуктарды жана бекитүүчү арматурасы менен өчүргүч механизмин орнотууну караштыруу керек.
Дюкердин кудуктарындагы планировкалоо белгиси 5 % камсыздалган агын суудагы суунун максималдуу деңгээлинен 0,5 м ге жогору кабыл алынышы керек.
Э с к е р т ү ү - Негизделе турган болсо башка материалдардан (пластикалык) жасалган түтүктөрдү колдонууга болот.
9.48 Горизонталдык же вертикалдык тегиздиктеги бурулуштардагы айлампа сымал түтүктөрдөн жасалган же муфталар менен бириккен өткөргүч түтүктөрдө, түтүктөрдөгү кошулган жерлер пайда болгон күч-аракеттерди кабыл ала албаса тирөөчтөр колдонулат.
Ширетилген өткөргүч түтүктөрүндө тирөөчтөр жалгыз бурулуштар кудуктарда орун алган жана бурулуштун вертикалдык тегиздикке карата бурчу 30° же андан көп болгон учурларда каралышы керек.
Э с к е р т ү ү - айлампа сымал түтүктөрдөн жасалган же муфталар менен бириккен басымы 1 МПа (10 кгс/см2), бурулуу бурчу 10° га чейин болгон өткөргүч түтүктөрүндө тирөөчтөрдү карабоого жол берилет.
9.49 Кудуктардын өлчөмдөрү аныкталган болсо кудуктун ички каптамасына чейинки минималдык узактык төмөндөгүдөй аныкталат:
а) түтүктүн диаметри 300 мм - 0,3 м чейин - түтүктүн дубалынан;
б) түтүктүн диаметри 300 мм - 0,3 м чейин – фланцтын тегиздигинен;
в) түтүктүн диаметри 300 мм - 0,4 м чейин – дубалды көздөй каратылган воронка сымал түтүктүн кырынан;
г) түтүктүн диаметри 300 мм - 0,25 м чейин – түтүктүн ылдый жагынан түбүнө чейин;
д) 0,3 м чейин - жылуучу шпиндели бар тээктин штокунун жогору жагынан, 0,5 м чейин - жылбоочу шпиндели бар тээктин маховигинен.
Чоң диаметрлүү өткөргүч түтүктөрдө жогорку өндүрүмдүүлүктөгү тутумдарга тиешелүү ченемдер жетекчиликке алынышы керек.
Кудуктун иштөөчү бөлүгүнүн бийиктиги 1,5 м ден кем болбоого тийиш.
Кудукта өрт өчүрүүчү гидрант орнотула турган болсо гидрантка өрт өчүрүү колонкасын (стендерди) орнотууну кароо керек.
9.50 Суу жүргүзгүчтөрдө кудуктун ичинде орун ала турган жел киргизүү үчүн клапандар орнотула турган болсо, суу жүргүзгүчтөр аркылуу ичүүчү суу коё берилген учурларда чыпка менен камсыз кыла турган желдетүүчү түтүктө орнотмо караштырылышы керек.
9.51 Кудукка түшүү үчүн анын кокосунда жана дубалында бодурланган болоттон же чоюндан скобалар орнотулушу зарыл. Жылдырма темир шатыларды колдонууга болот.
9.52 Кудуктарда керек болгон учурларда (негизделген болсо) экинчи жылуулоочу жабылма тешиктер каралышы керек; мындан сырткары муктаждык болгон болсо бекитүүчү түзмөгү бар жабылма тешиктерди дагы орнотууга болот.
10.1 Жалпы шарттары
10.1.1 Суу менен жабдуу тутумдарындагы резервуарлар жана суу басым мунараларында колдонула турган багытына жараша жөндөөгө, өрт өчүрүүгө, аварияларга жана кошулууга ылайыкталган суунун көлөмү болуш керек.
10.1.2 Суу менен жабдуу объекттеринин аймактарында резервуарларды орнотуунун муктаждыгы, алардын жайгаша турчу бийиктиктери жана көлөмдөрү ушул Курулуш ченемдеринин 10.1.3-п. ылайык жүргүзүлгөн гидравликалык жана оптимизациялык эсептердин негизинде суу менен жабдуунун схемаларын жана тутумдарын иштеп чыгууда аныкталышы керек.
Резервуар катары жер алдындагы жана жер үстүндөгү резервуарлар, суу басым мунараларынын челектери, ошондой эле имараттардын чатырларында жана эки арадагы техникалык кабаттарда тийиштүү суунун басымын камсыз кылууга көмөк көрсөтүүчү рельефи жогору жайгашкан аймактардагы челектер колдонулушу мүмкүн.
Жалгыз гана суунун авариялык учурларга керектелүүчү кору сактала турган резервуарлар (челектер) резервуардагы суу тармактагы суунун ченемдүү эркин басымы авариялык деңгээлге чейин түшкөндө гана резервуардагы суу тармакка куюла тургандай деңгээлде гана белгилерге чейин сакталышы керек. Мындай резервуарлар жана челктер куюштуруучу түзүлүштөр менен жабдууланган болушу керек.
10.1.3 Сууну бир гана суу жүргүзгүч аркылуу берүүдө, төмөнкүлөр каралышы керек:
- аварияны жоюу кылуу учурунда суу жүргүзгүчтө чарбалык-ичүү муктаждыктары үчун керектелүүчү авариялык суунун көлөмү; бул көлөм күнгө эсептелген калктын ичүү жана өндүрүштүк муктаждыктарына керектелүүчү суунун көлөмүнүн болжол мене 20 % түзүшү зарыл.
- максималдуу сууну керектөө саатындагы 3 саат бою бир өрттү өчүрүүгө керектлүүчү эсептелген суунун көлөмүндө өрт өчүрүүгө жана контррезервуарларга куюлуучу кошумча суунун көлөмү;
- суу басым мунаралары үчүн – 15 мүнөт бою өрт өчүрүүдөгү эсептөөлөр аркылуу.
Э с к е р т ү ү л ө р
1 Авариялык суунун көлөмүн калыбына келтирүүгө кетүүчү убакытты 24-48 саат деп алууга болот.
2 Авариялык суунун көлөмүн калыбына келтирүү сууну керектөөнүн көлөмүн азайтуу же резервдик соргуч агрегаттарды колдонуу менен ишке ашырылат.
10.1.4 Бир калыпта иштөөчү соргуч чордондордун алдындагы идиштердеги суунун көлөмү чоң өндүрүмдүүлүктөгү соргучтун 5-10 минуттук өндүрүмдүүлүгүнө карата кабыл алуу керек.
10.1.5 Суунун реагенттер менен алаканын керектүү убактысын камсыз кылуучу суунун алакалык көлөмү технологиялык талаптарга ылайык аныкталат. Алакалык көлөмдү эгер бар болгон болсо, өрт өчүрүүчү жана авариялык суулардын көлөмүнчөлүк азайтууга болот.
10.1.6 Резервуарлар жана алардын жабдуулары суунун тоңуп калуусунан сакталган болушу керек.
10.1.7 Ичүүчү суу үчүн резервуарларда 48 сааттык мөөнөттүн ичинде өрт өчүрүүчү жана авариялык суу көлөмүнүн алмашуусуна шарт түзүлүш керек.
10.2 Резервуарлардын жабдуулары
10.2.1 Суу резервуарлары жана суу басым мунараларынын челектери өз өзүнчө алып келүүчү жана алып кетүүчү өткөрмө түтүктөрү же болбосо бириктирилген алып келүүчү- алып кетүүчү өткөрмө түтүктөрү менен; куюштуруучу орнотмо менен; коё берүүчү өткөрмө түтүгү менен, желдеткич түзүлүш менен; аткы же тепкич менен; адамдарды жана транспорт жабдууларын өткөрүү үчүн чыгуу-люктары менен жабдылууга тийиш.
Колдонуу багытына жараша резервуарларда кошумча:
а) Суунун деңгээлин өлчөөчү, вакуум жана басымды текшерүүчү түзүлүштөр;
б) Диаметри 300 мм болгон түстүү люктар (ичүүгө жараксыз суу резервуарларында);
в) Жууй турган суу өткөргүч (жылдырма же стационардык);
-г) суунун идиштен ташуусун болтурбоочу курулма (автоматтык каражаттар же берүүчү өткөрмө түтүгүндө калкыма бекиткич сарпкапкак орнотуу аркылуу);
-д) резервуарга кирүүчү абаны тазалоочу түзүлүш (ичүүчү сапаттагы суу резервуарларында).
10.2.2 Суу басым мунараларынын резервуарлары жана челектериндеги жеткирүүчү өткөрмө түтүктөрүнүн аягында эң жогорку жагы идиштеги суунун максималдуу деңгээлинен 50-100 мм жогору жайгаша турган горизонталдык жээктүү диффузор же камера каралышы керек.
10.2.3 Өткөрмө түтүгү 200 мм ге чейинки учурларда резервуардагы бөлүп берүүчү өткөрмө түтүгүндө конфузор каралышы керек. Эшик чуңкурчага кабыл алуучу клапан орнотууга жол берилет.
Конфузордун узата жээгинен идиштин түбүнө жана капталына же болбосо эшик чуңкурчасына чейинки аралыктын узундугу суунун конфузорго жакындоосунун эсептик ылдамдыгына жараша бирок өткөрмө түтүгүнүн кире беришиндеги суунун ылдамдыгынан ашпагыдай аныкталат.
Конфузордун резервуардын түбүндө жайгашкан горизонталдык узата жээги ж.о.э. эшик чуңкурчасынын жогору жагы тамандагы таянычтан 50 мм ге жогору жайгашуусу зарыл. Буруучу өткөрмө түтүгүндө же эшик чуңкурчасында панжара каралышы керек. Резервуардын же суу чыгаруучу мунаранын буруучу өткөрмө түтүгүндө автоцистерналар жана өрт өчүргүч машиналар менен суу алууга ылайыкталган түзүлүш болушу зарыл.
10.2.4 Куюштуруучу түзүлүш максималдуу берүү жана минималдуу алуудагы чыгымдардын бир калыптуулугуна жараша ылайыкталышы керек. Куюштуруучу түзүлүштүнжээгинде орун алган суунун катмары 100 мм ди ашпоого керек.
Ичүүчү суу үчүн багытталган резервуарларда жана суу чыгаруучу мунараларда куюштуруучу түзүлүштөрдө гидравликалык бекиткичтер каралышы керек.
10.2.5 Ылдый түшүрүүчү өткөрмө түтүгүнүн диаметрин идиштин көлөмүнө жараша 100 - 150 мм кылып долборлоо керек.
10.2.6 Ылдый түшүрүүчү жана куюштуруучу өткөрмө түтүктөрүн:
а) ичүүчү эмес сапаттагы суулардын резервуарларынан - агымды үзүү менен каалагандай багыттагы канализацияга же ачык арыкка;
б) ичүүчү суулардын резервуарларынан – жамгыр канализациясына же агымды үзүү менен ачык арыкка.
Куюштуруучу өткөрмө түтүктөрүн ачык арыкка туташтырууда өткөрмө түтүктөрүнүн аягына жылчыгы 10 мм болгон панжара каралышы керек.
Сууну төмөн түшүрүүчү өткөрмө түтүктөр аркылуу өз агымы менен төгүү мүмкүн эмес болсо же максатка ылайык келбесе сууну көчүрмө соргучтар аркылуу айдап чыгаруу үчүн кудук каралышы керек.
10.2.7 Идиштеги суунун көлөмү өзгөргөндөгү желди киргизип чыгаруулар, жана резервуарларда өрт өчүрүүчү жана авариялык көлөмдү сактоо үчүн керектүү абанын алмаштырылуусу, 80 мм ден ашык вакуумдун пайда болушуна жол бербей турган желдетүүчү түзүлүштөр аркылуу каралышы керек.
Резервуарларда тактанын төмөнкү капталынан же калканын тегиздигинен тарта жогору карай максималдуу аба мейкиндигин 200 дөн 300 мм ге чейин кабыл алуу керек. Такталардын ригелдерин жана тирөөчтөрүн суу каптап кетиши мүмкүн, андыктан жабуунун бардык бөлүктөрүндө аба алмашуусун камсыз кылуу зарыл.
10.2.8 Чыгуучу жабылма тешиктер буруп келүүчү, буруп кетүүчү жана куюштуруучу өткөрмө түтүктөрдүн аягына жакын жерде жайгашышы керек. Ичүүчү суу резервуарларынын чыгуучу жабылма тешиктердин капкактарында бекитүүчү жана пломба салынуучу орнотмолору болушу керек. Резервуарлардын чыгуучу жабылма тешиктери жабуунун жылуулоосунан 0,2 м ден жогору көтөрүлүп турушу керек.
Ичүүчү суу резервуарларында бардык чыгуучу жабылма тешиктер толук герметизацияланган болушу керек.
10.2.9 Бир түйүндөгү багыты бир резервуарлардын жалпы саны экиден кем эмес болууга тийиш.
Бардык резервуарларда өрт өчүрүүчү, авариялык жана жөнгө салуучу көлөмдөр тийиштүү түрдө бирдей так белгиде орун алышы керек.
Резервуарлардын бирөөсү өчүрүлсө калгандарында өрт өчүрүүчү жана авариялык көлөмдүн эң аз 50 % сакталып калышы керек.
Резервуарлардын жабдуулары ар бир резервуардын көз карандысыз кошулуусун жана бошотулуусун камсыз кылууга тийиш.
Жалгыз резервуарды орнотууга, анда өрт өчүрүүчү жана авариялык көлөмдөр болбогон болсо жол берилет.
10.2.10 Резервуарлардагы жылдыргыч камералардын конструкциялары резервуарлардын конструкциясына тыкыс байланган болбошу керек.
10.2.11 Суу басым мунаралары мунаранын иштөө режимине, челектин көлөмүнө, климаттык шарттарга жана суу менен жабдуунун булагындагы суунун температурасына жараша челектен айланасында чатырча менен же болбосо чатырчасыз долбоорлонот.
Э с к е р т ү ү - Мунарага суу чыгаруу үчүн колдонулуучу соргучтардын иштөөсүн башкаруу үчүн колдонулуучу суунун деңгээлинин датчиктери кышкы мезгилде суунун ташып кетүүсүн болтурбоо үчүн жылыткыч менен жабдылышы керек.
10.2.12 Суу басым мунарасынын өзөгүн чаң, түтүн жана газ бөлүнүп чыгуусуна жол бербей турган, суу менен жабдуу тутумдарынын өндүрүштүк жайларын жайгаштыруу үчүн колдонууга жол берилет.
10.2.13 Түтүктөрдүн тирөөчтөрүндөгү суу басым мунарадагы челектин түбү түтүктөр бекем бүтөлгөн болсо компенсатор каралышы керек.
10.2.14 Башка курулмалардын чагылгандан сактоочу чөлкөмдөрүнө кирбеген суу басым мунарасы өзүнүн жеке чагылгандан коргоочу жабдуусу менен жабдылган болушу керек.
10.2.15 Өрт өчүрүүчү резервуарлар менен көлмөлөр ушул Эрежелерге ылайык суунун эсептелген чыгымдоосун жана өрттү өчүрүүнүн узактыгын эске алуу менен аныкталат.
11.1 Бөлүмдүн көрсөтмөлөрүн жайлардын өлчөмдөрүн аныктоодо, технологиялык жана көтөрүүчү-ташуучу жабдууларды, арматураны орнотууда жана суу менен жабдуу имараттары менен курулмаларында өткөрмө түтүктөрүн жаткырууда эске алуу туура болот.
11.2 Өндүрүштүк жайлардын аянтын аныктоодо өтмөктөрдүн туурасын төмөндөгүдөн кем эмес кабыл алуу керек:
а) соргучтар менен электр кыймылдаткычтардын ортосунда - 1 м;
б) соргучтар же электр кыймылдаткычтар менен тереңирээк жайлардын дубалдарынын ортосунда – 0,7 м; башкаларында – 1 м; ошол эле убакта өтмөктүн электр кыймылдаткыч тарабынан туурасынын узундугу роторду ажыратууга жеткидей болушу керек.
в) компрессорлор менен аба үйлөгүчтөрдүн ортосунда – 1,5 м, алар менен дубалдын ортосунда – 1 м;
г) жабдуунун чыгып турган кыймылсыз бөлүктөрүнүн ортосунда – 0,7 м;
д) электр бөлүштүрмө шитинин алдында - 2 м.
Э с к е р т ү ү л ө р
1 Завод-өндүрүүчү тарабынан регламенттелүүчү жабдуунун айланасындагы өтмөктөр паспорттук маалыматтар боюнча кабыл алынууга тийиш.
2 шыкап толтуруучу келте түтүгүнүн диаметри 100 мм ге чейин болгон агрегаттарда: агрегаттарды дубалда же кронштейндерде орнотууга жол берилет, пайдубалдын үстүнө агрегаттардын чыгып турган бөлүктөрүнүн аралыгын 0,25 м ден кем эмес, айланасында туурасы 0,7 мден кем эмес экилтик өтмөктөрдү камсыз кыла турган эки агрегат орнотууга болот.
11.3 Технологиялык жабдууну, арматураны жана өткөрмө түтүктөрүн эксплуатациялоо үчүн жайларда; жүктүн салмагы 0,3 дөн 5 т га чейин болсо тиш буроолуу кол көтөргү же болбосо асма кран-балка колдонулушу керек.
Э с к е р т ү ү л ө р
1. Инвентардык түзүлүштөр менен орнотомолорду колдонууга жол берилет.
2 0,3 т га чейинки жабдуу жана арматураларды жылдыруу үчүн такелаждык каражаттар колдонулушу мүмкүн.
11.4 Крандык жабдуулар орун алган жайларда монтаждоо аянты каралышы керек.
Жабдуу жана арматураларды монтаждык аянтчага жеткирүүдө такелаждык каражаттар же монорельстүү тиш буроолуу кол көтөргү колдонулуп; ал эми негизделген учурларда унаа каражаттары аркылуу аткарылышы керек.
Дарбаза же эшиктердин өлчөмдөрү жабдуулардын жана жүгү бар унаа каражаттарынын өлчөмдөрүнө жараша аныкталат.
11.5 Эшиктин жылчыктары менен дарбазалардын тышында унаа каражатынын жана жүк көтөргүч жабдуунун бурулуусу үчүн тийиштүү мейкиндик калтырылышы керек.
11.6 Көтөргүч-ташуучу жабдуусу бар жайлардын бийиктиктери такелаждык каражаттардын өлчөмдөрүн, жайгашуучу жабдуулардын бийиктиктерин, жайдын ичиндеги өткөрмө түтүктөрүнүн, бекиткич жана жөндөөчү арматуралардын жайгашуусун эске алуу менен эсептелип чыгат.
Көтөргүч-ташуучу жабдуу жок болсо өндүрүштүк жайдын бийиктиги имарат жана курулмаларды эксплуатациялоонун коопсуздук шарттарынын негизинде, бирок 2,4 м ден кем эмес кабыл алынышы керек.
11.7 Астанадан тартып жабдууну, электр келтиргисин жана задвижкалардын маховиктерин тейлөө жана башкаруу ордуна чейинки бийиктик 1,4 м ден жогору болгон учурларда атайын аянтчалар же көпүрөчө каралышы керек, ошол эле мезгилде, башкаруу жана тейлөө ордунан аянтчага же көпүрөчөгө чейинки бийиктик 1 м ден ашпоого тийиш.
Пайдубалдарды кеңейтүүгө ж.о.э. монтаждоо жана эксплуатациялоодо жабдуунун коопсуздугун камсыз кылуучу инвентардык жасалгаларды пайдаланууга жол берилет.
11.8 Жабдуу жана арматураларды монтаждоочу же жөнгө салуучу аянтчалардын астына орнотууда астанадан (же көпүрөчөдөн) тартып көтөрүлүп турган конструкциянын төмөн жагына чейин 1,8 м ден кем эмес бийиктикке жол берилет. Ошол эле убакытта жабдуу менен арматуранын үстүндө аянтчанын алынып салуучу жабуусу же тешиктер каралышы керек.
11.9 Дистанциялык же автоматтык түрдөгү башкарууда өткөргүч түтүктөрүндөгү каалаган диаметрдеги задвижкалар (бекиткичтер) электр келтиргиси менен болууга тийиш. Негизделе турган болсо пневматикалык, гидравликалык жана электромагниттик келтиргилер да колдонулушу мүмкүн.
Дистанциялык же автоматтык башкаруу жок болсо кол келтиргилүү бекиткич арматура каралышы керек.
11.10 Имараттарда жана курулмаларда өткөрмө түтүктөр эреже боюнча астананын үстүндө (тирөөчтөрдө же кронштейндерде) өткөрмө түтүктөрдүн үстүлөрүндө көпүрөчөлөрдү орнотуу жана жабдуу менен арматурага жакын келип тейлей тургандай өтмөк калтырылып төшөлөт.
Алынып салынуучу такталар менен жабылган каналдарга же жертөлөлөргө өткөрмө түтүктөрүн төшөөгө жол берилет.
Өткөрмө түтүктөрүнүн каналдарынын өлчөмдөрү төмөнкүдөй кабыл алынышы керек:
Туурасы диаметрден 600 мм ге, тереңдиги диаметрден 400 мм ге чоңураак болууга тийиш;
Фланцтык арматуралар орнотулчу жерлерде каналдык кеңейтилиши каралышы керек. Каналдардын таманынан аңгекке көздөй жантаюу 0,005 ден кем эмес болууга тийиш.
12.1 Жалпы көрсөтмөлөр
Ушул бөлүмдү ар бир объект үчүн иштеп чыгуу өнөр жай объектиери үчүн энергия менен жабдуу, технологиялык текшерүү, автоматташтыруу жана башкаруу тутумдары үчүн аракеттеги ченемдер менен эрежелерди эске алуу менен аткарылууга тийиш.
12.1.1 Суу менен жабдуу тутумдарынын курулмаларындагы электр кабылдагычтарды электр менен жабдуунун ишенимдүүлүгү категориясы ушул Курулуш ченемдеринин 4.4-п. ылайык аныкталат.
Соргуч чордонду электр менен жабдуунун ишенимдүүлүгү категориясы, ушул Курулуш ченемдеринин 8.1-п. берилген соргуч чордондун категориясы менен бир болууга тийиш.
12.1.2 Электр кыймылдаткычтарынын чыңалуусу, долбоорлонуучу объекттин келечегин эске алуу менен алардын кубаттуулугуна жана кабыл алынган электразыктануу схемасына жараша; ал эми, электр кыймылдаткычынын аткаруусун болсо, айлана-чөйрөгө жана электр жабдуусу жайгаша турган жайдын мүнөздөмөсүнө жараша тандоо керек.
12.1.3 Реактивдүү кубаттуулуктун компенсациясы энергия менен камсыздоочу уюмдардын талаптарын жана компенсациялоочу түзүлүштөрдүн орнотулуучу жерин тандоонун техникалык-экономикалык негиздемелерин, алардын кубаттуулугун жана чыңалуусун эске алуу менен аткарылышы керек.
12.1.4 Бөлүштүргүч түзүлүшттөр, трансформатордук көмөкчү чордондор жана башкаруу шиттери алардын ыктымалдуу кеңейтилишин жана кубаттуулугунун арттырылуусун эске алуу менен кошо курулган же жанаша курулган жайларда жайгаштырылуулары зарыл. Обочо жайгашкан жабык бөлүштүргүч түзүлүштөрдү жана трансформатордук көмөкчү чордондорун колдонууга жол берилет.
Өндүрүштүк жайларда жана соргуч чордондордо, ичине суунун кирип кетүүсүнө бөгөт коюучу чараларды көрүү менен астанага жабык шиттерди орнотууга жол берилет.
12.1.5 Суу менен жабдуу курулмаларын автоматташтыруу көлөмүн аныктоодо алардын өндүрүмдүүлүгү, иштөө шарттамы, жоопкерчилик даражасы, ишенимдүүлүк үчүн талаптар, тейлөө персоналынын санынын кыскаруу келечеги, жумушчулардын иштөө шарттарынын жакшыруусу, электр энергиясын, сууну жана реагенттерди керектөөнүн төмөндөшү, айлана-чөйрөнү коргоонун талаптары эске алынат.
12.1.6 Суу менен жабдуу курулмаларын автоматташтыруу тутуму төмөндөгүлөрдү камтыйт:
а) берилген режимде жана берилген программанын негизинде негизги технологиялык процесстерди башкаруу;
б) технологиялык жабдуунун иштөө шарттамын жана анын абалын мүнөздөөчү негизги параметрлерди автоматтык түрдө текшерүү;
в) айрым курулмалардын технологиялык иштөө шарттамдарын жана алардын үнөмдүүлүгүн аныктоочу параметрлерди автоматтык түрдө жөндөө.
12.1.7 Көп сандагы башкаруу объекттери болгон же технологиялык операцияларынын саны 25 ден көп болгон курулмаларды автоматташтыруу үчүн реле-контакттык аппаратуранын ордуна микропроцессордук контроллерлерди колдонуу максатка ылайык келет.
12.1.8 Автоматтык башкаруу тутуму обочолонгон түзүлүштөр же курулмалар менен жергиликтүү башкарууга мүмкүнчүлүк түзүшү керек.
12.1.9 Технологиялык текшерүү тутумдарында: автоматтык (үзгүлтүксүз) текшерүүнүн каражаттары жана аспаптары, мезгилдик текшерүүнүн каражаттары (курулмалардын иштөөсүн текшерүү жана жөндөө үчүн).
12.1.10 Суунун сапаттык параметрлерин технологиялык текшерүүнү үзгүлтүккө учуратпастан автоматтык аспаптар жана анализаторлор менен, алар жок болгон учурларда лабораториялык методдор менен жүзөгө ашыруу керек.
12.2 Суу алгыч курулмалары
12.2.1 Эреже катары, долбоорлонуп жана калыбына келтирилип жаткан суу менен жабдуу тутумдары автоматташтырылган шарттамда иштөөлөрү керек (АСУТП – СКАДА тутумдарынын – Supervisory Control And Data Acquisition – маалыматтарды диспетчердик автоматташтарылган башкаруу жана топтоо, өткөрүп берүү жана сактоо – колдо бар иштелмелерин жана даяр программалык өнүмдөрүн колдонуу менен технологиялык процесстериди башкаруунун автоматташтырылган тутумдары). Топтук суу өткөргүчтөрдөн иштөөчү тутумдарда, эгер топтук суу өткөргүчтөрдүн жалпы иштөө тутуму же эксплуатациялоочу уюм талап кылган болсо башкаруунун башка формаларын колдонууга жол берилет.
12.2.2 Суунун деңгээли жол берилгенден дагы төмөндөгөн учурларда, скважиналардагы соргучтун автоматтык түрдө өчүүсү каралыш керек.
12.2.3 Жердин астындагы суулардын суу алгыч курулмаларында, мындан сырткары чыгымдарды, же ар бир скважинадан (шахталык кудуктан) чыгарылган суунун көлөмүн, камералардагы, топтолуучу резервуарлардагы суунун деңгээлин, ж.о.э. соргучтардын оргутуучу келтетүтүгүндөгү басымды өлчөп-ченөө каралыш керек.
12.3 Соргуч чордондор
12.3.1 Бардык багыттагы соргуч чордондор туруктуу тейлөөчү персоналсыз башкарылуучу, заводдо чыгарылган же куралган соргучтарга артыкчылык берүү менен долбоорлонушу керек:
а) автоматтык – технологиялык параметрлерине жараша (идиштердеги суунун деңгээли, тармактагы суунун басымы же чыгымы);
б) дистанттык (телемеханикалык) – башкаруу пунктунан;
в) жергиликтүү – мезгил-мезгили менен келип, тийиштүү ишараттарды башкаруу пунктуна жөнөтүп туруучу персоналы бар, же болбосо, дайыма тейлөөчү персоналы бар болгон пункт.
12.3.2 Кезектешме иштөө режими болгон соргуч чордондордо минималдуу электр энергиясын сарптоону камсыз кыла турган суунун басымын жана чыгымын жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү каралышы керек. Жөнгө салуу, соргуч агрегаттардагы жумушчу санын өзгөртүү аркылуу – баскычтуу; же болбосо соргучтун электркелтиргиси аркылуу жөнгө салуу менен – бир калыпта жүргүзүлүшү ыктымал. Соргуч орнотмонун иш шарттамын жөнгө салуунун жолун тандоо техника-экономикалык эсептөөлөр менен негизделген болуусу зарыл.
12.3.3 Жөнгө салынуучу агрегаттардын санын жана алардын параметрлерин тандоо гидравликалык жана оптимизациялык эсептөөлөргө таянышы керек.
12.3.4 Автоматташкан соргуч чордондордо соргуч агрегаттардын авариялык өчүрүлүшүндө резервдик агрегат автоматтык түрдө кошулууга тийиш.
12.3.5 Соргуч чордонго вакуум-меши орнотулган болсо соргучтарга куюу үчүн мештеги суунун деңгэлине жараша вакуум-соргучтун автоматтык түрдө иштөөсүн камсыз кылуу керек.
12.3.6 Сууну берүү жана бөлүштүрүү тутумуна кирген ар бир соргуч чордондун автоматташтырылган башкаруусу башка соргуч чордондордун тутумдары (анын ичинен жалпы тутумдук жана локалдык чордондор) менен карым-катнаштарын эске алуу менен, ж.о.э. суу жүргүзгүчтөрдө жана тармакта жөнгө салуучу идиштер жана түзүлүштөр менен кошо курулуусу керек. Ошону менен бирге, ар бир соргуч үчүн жол берилген диапазондук чектен ашпай тургандай кылып, жөнгө салынбоочу соргучтар аркылуу сууну берүүдөгү өзгөрүүлөр текшерилип турушу керек.
Автоматташкан ишти башкаруу тутуму, бүтүндүн бирдиги катары, бардык биргелешип иштешкен соргучтар аркылуу минималдуу жыйынды чыгымдар менен суунун талап кылынган күндүк чыгымын берүүнү, тармакта талап кылынгандан төмөн эмес басымды жана суунун агып чыгуусу жана сарамжалсыз колдонуудан улам суунун жоготууларына себеп боло турган ашыкча эркин басымды мүмкүн болгон минимум деңгээлге түшүрүүнү камсыз кылуусу керек.
Тутум, агрегаттардын эч бирине ашыкча жүктөм келишине, төмөнкү пайдалуу аракет коэфициенти (ПАК) чөлкөмдөрүндө иштөөсүнө, помпаж жана кавитация чөлкөмдөрүндө иштөөсүнө жол бербестен, берилген суунун бирдигине карата мүмкүн болушунча минималдуу энергетикалык чыгымдар камсыз кылышы керек.
12.3.7 Соргуч чордондордо резервуарларда сакталуучу; кол тийбес өрт өчүрүүгө арналган жана авариялык суунун көлөмүн башка максаттарга колдонуп кетүүсүнө жол бербөөчү бөгөттөө каралышы керек.
12.3.8 Соргуч чордондордогу сифондуу суу алгычы менен вакуум-соргучтар сифондук тилкеде орнотулган жел капкагындагы суунун деңгээлинде автоматтык түрдө иштөөсү зарыл.
12.3.9 Соргуч чордондордо тышкы канализация тутумдарына же жердин бетине агындылоо жок болсо, дренаждык суулардын аңгекке же санитардык-техникалык тутумдарга автоматтык түрдө агуусу каралышы керек.
12.3.10 Соргуч чордондордо, басымдуу суу жүргүзгүчтөрдөгү басымдын өлчөнүүсүн, дренаждык чуңкурчадагы жана вакуум-мештеги суунун деңгээлинин, агрегаттардын муунак жаздамынын температурасын (зарыл учурларда), суунун авариялык ташкындоо деңгээлинин (машина залында электркелтиргилеринин деңгээлинде суунун пайда болуусу) текшерилишин камсыз кылуу каралышы керек.
12.4 Суу даярдоо чордондору
12.4.1 Өндүрүмдүүлүгү 300м3/күн чейинки тутумдардын суу даярдоо чордондорун заводдо чыгарылган, толук автоматташтырылган башкаруу менен жана маалыматтарды тутумду эксплуатациялоочу диспетчердик пунктка же оператордун офисине билдире тургандарын тандоо керек.
12.4.2 Төмөндөгүлөрдү автоматташтыруу каралыш керек:
а) коагулянттардын ж.б. реагенттердин өлчөмдөөнү;
б) хлор-реагенттер, УФ-нурлантуу менен тазалоо процесстерин;
в) фтордоо жана реагенттик усул менен фторсуздантуу процесстерин;
г) суунун сапатын текшерүүнү.
Өзгөрүлмө суунун чыгымдарында реагенттердин эритмелерин өлчөмдөөнү автоматташтырууну иштетиле турган суу менен реагенттин концентрациясынын катнашына жараша; ал эми негизделген болсо – баштапкы суу жана реагенттердин сапаттык көрсөткүчтөрүнө жараша аткаруу керек.
12.4.3 Иондук алмашуучу чыпкалардын регенерациясы автоматташтырылышы керек:
а) катиониттердики – суунун калдык ийкемсиздиги боюнча;
б) аниониттердики – иштетилген суунун электрөткөрүүчүлүгү боюнча.
12.4.4 Суу даярдоо чордондорунда төмөндөгүлөрдү текшерүү зарыл:
а) суунун чыгымы (баштапкы, иштетилген, жуунду жана кайра колдонулуучу);
б) чыпкалардагы, чабыштыргычтагы, реагент челектериндеги ж.б. идиштердеги деңгээл;
в) тунмалардын деңгээли, суунун чыгымы жана басымдын коромжусу;
г) чыпкаларда (керек болсо) хлор калдыктарынын өлчөмү же озон;
д) баштапкы жана иштетилген суулардын рН өлчөмү;
е) реагент эритмелеринин концентрациясы (алып жүрүүчү аспаптар жана лабораториялык усул менен өлчөөгө жол берилет);
ё) ыкчам текшерүүнү талап кылган жана тийиштүү техникалык каражаттар менен жабдылган башка технологиялык параметрлер.
12.5 Суу жүргүзгүчтөр жана суу өткөргүч тармактары. Суу сактоочу резервуарлар
12.5.1 Суу жүргүзгүчтөрдө авариялык бузулууларды өз убагында табууга жана чектөөгө көмөк көрсөтүүчү түзүлүштөр каралышы керек.
12.5.2 Багытына, курулмаларды башкаруу схемаларына жана курамына, сууну берүү жана бөлүштүрүү тутумуна жараша суу жүргүзгүчтөрдө сууну бөлүштүрүүнү жөндөө, басымды өлчөө аспаптарынын көрсөткүчүнө жараша негизги азыктандыруу чордондору менен локалдык чордондорунун соргучтарынын иштөө шарттамдарын жана тутумдардын берилген текшерилүүчү чекиттердеги берилүүчү чыгымдарды өзгөртүү аркылуу аткарылыш керек.
Жөндөөчү идиштердин бирдиктүү иштөөлөрүндөгү тутумдардагы ченемдүү техникалык абалдагы тармактын кооптуу чекиттеринде жол берилген чекиттен жогорулоосунда же авариялык учурлардагы төмөндөөсүндө берилген толтуруу шарттамдарын камсыз кылышы керек.
12.5.3 Тутумдун иштөөсүн жөнгө салуу, микропроцессорлорду колдонуу жана дистанттык башкаруу сыяктуу тигил же бул операцияларды автоматташтыруунун максатка ылайыктуулугун жете турган натыйжаны, ага кете турган чыгымдар менен салыштыруу аркылуу аныктоо керек.
12.5.4 Бардык резервуарларда жана челектерде автоматика тутумдарында колдонуу жана ишараттарды соргуч чордондорго же башкаруу пунктуна жөнөтүү максатында суунун деңгээлин өлчөө жана текшерүү механизми каралыш керек.
Текшерүүгө жатышат:
а) кол тийгис өрт өчүрүүчү суунун көлөмүнүн деңгээли;
б) авариялык көлөмдүн деңгээли;
в) соргучтардын аварияга чалдыкпастан иштөөлөрүн камсыз кылуучу минималдык деңгээл.
Ажыратылган суу бергичтер жана чыгымдагыч тилкелер менен жабдылган челектерде жана резервуарларда, ар бир берүүчү жана чыгымдоочу тилкеде чыгым өлчөгүч орнотулуш керек.
12.6 Башкаруу тутумдары
12.6.1 Керектөөчүлөрдү талаптагыдай сапатта жана керектүү көлөмдө суу менен камсыз кылуу максатында суу өткөргүч курулмаларын борборлошкон башкаруу тутумдарын кароо керек.
12.6.2 Технологиялык процесстердин башкаруу тутумдарына төмөндөгүлөр кирет:
а) текшерүү каражаттарын колдонуунун, маалыматты жөнөтүү, кайрадан жаратуу жана чагылдыруунун негизинде суу өткөргүч курулмаларынын дайындалган иштөө шартамдарын текшерүүнү жана колдоону камсыз кыла турган диспетчердик бөлүм;
б) үнөмдүүлүккө, иштин сапатына баа берүүчү жана курулмаларды эксплуатациялоонун оптималдуу шарттамдарын эсептей турган эсептөөнүн техникалык каражаттарын колдонуучу диспетчердик башкаруу тутумун өзүнө камтыган автоматташтырылган башкаруу тутуму АСУ ТП (СКАДА боюнча бар болгон программалык иштелмелерди колдонот). Автоматташтыруунун көлөмү жана СКАДА тутуму алардын кайтарымдуулук шарттарына жараша пайдаланылышы керек.
12.6.3 Диспетчердик башкаруунун түзүмүн бир башкаруу пункт менен бир баскычтуу кабыл алуу керек. Ар башка аянчаларда жайгашкан көп сандагы курулмалары бар топтук суу менен жабдуу тутумдарында башкаруунун борбордук жана жергиликтүү пункттары бар диспетчердик башкаруунун эки же андан ашык баскычтан турган түзүмүнө жол берилет. Мындай түзүмдөрдүн керектүүлүгү ар бир учурда негизделиниши керек.
12.6.4 Суу менен жабдуу тутумдарынын диспетчердик башкаруусу калктуу конуштун коммуналдык чарбасын же топтук суу өткөргүчтөрүн диспетчерлөөнүн курамдык бөлүгү болуп калышы керек.
Суу менен жабдуу тутумунун башкаруу пункту топтук суу өткөргүчтөрүнүн, аталган тутумга жана калктуу конуш үчүн жооптуу ишканага ыкчам түрдө баш ийүүсү зарыл.
12.6.5 Суу менен жабдуу тутумунун диспетчердик башкармалыгы, башкаруу пунктунун, текшерүүчү курулмалар, курулмаларды эксплуатациялоочу ар кандай кызматтар, энергодиспетчер, суу өткөргүч чарбасы жана өрт өчүрүү боюнча башкармалыктар менен түз жана уюлдук телефон аркылуу байланышын камсыз кылышы керек.
Башкаруу пункттары жана текшерүүчү курулмалар мобилдик байланыш менен камсыздандырылышы керек.
12.6.6 Диспетчердик башкарууну текшерилүүчү процесстердин жана курулмалардын жабдууларынын толук же жарым-жартылай автоматташтырылуусу менен айкалыштырыш керек. Диспетчердик башкаруунун көлөмдөрү минималдуу, ошол эле убакта технологиялык процесстер, техникалык жабдуулардын абалы жана курулмаларды ыкчам башкаруу боюнча толук маалыматты камсыз кылууга жеткидей көлөмдөрдө болууга тийиш.
12.6.7 Толук бойдон автоматташуу каражаттары менен жабдылбаган жана жергиликтүү башкаруу жана текшерүү үчүн ар дайым нөөмөтчү персоналдын болуусун талап кылган курулмаларда кызматына диспетчердик башкармалык баш ийген операторлук пункттарды орнотууга жол берилет.
Диспетчердик башкаруу тутумун иштеп чыгууда төмөндөгүлөр каралыш керек:
а) ыкчам башкаруу, технологиялык процесстердин жана жабдуулардын иштешин текшерүү;
б) суу менен жабдуу тутумдарынын жана анын өзүнчө курулмаларынын керектүү иштөө шарттамдарын колдоо жана аны оптимизациялоо;
в) аварияларды өз убагында табуу, жайылтпай токтотуу жана четтеттүү, айрым курулмалардагы нөөмөтчү персоналдын санын толук же жарым-жартылай кыскартуу, энергоресурстарды, сууну жана реагенттерди үнөмдөө.
12.6.8 Диспетчердик башкаруунун эки же андан ашык баскычтуу түзүмдөрүндө Борбордук башкаруу пунктунун (ББП) кызматына суу менен жабдуу тутумдарынын жалпысын бирдиктүү комплекс катары башкаруу жана бардык башкаруу пункттарын ыкташтыруу кирет. БПнун кызматтары ага баш ийген технологиялык түйүндөрдүн курулмаларын башкаруу менен чектелет.
12.6.9 Суу менен жабдуу тутумдарын диспетчердик башкаруу, БП менен текшерилүүчү курулмалардын, суу менен жабдуу курулмаларын эксплуатациялоочу кызматтардын (авариялык-оңдоочу, электромагниттик, автоматика жана текшерип-өлчөө аспабы), башчынын, башкы инженердин, башкармалыктын башкы энергетигинин, өнөр жай ишканасынын же шаардын энергетика чарбасынын жогору турган дипетчерлеринин жана суу менен жабдуу тутумдарын электр менен жабдуучу тутумдардын диспетчерлеринин ортосунда түз же мобилдик диспетчердик телефондук байланыш камсыз кылуусу керек.
12.6.10 Башкаруу пункттары жана обочо текшерилүүчү курулмалар, кызматтык маселелерди чечүүдө жана түз байланыш үзгүлтүккө учураган учурларда башка телефондук байланыш куруу максатында ишкананын же шаардын административдик-чарбалык байланышына кошулушу керек.
12.6.11 Диспетчердик башкармалыктын телефондук байланышынын (уюлдук байланыш) көлөмү жана түзүмү жалпы суу менен жабдуу схемасына жараша аныкталат.
12.6.12 Диспетчердик башкаруунун жана текшерүүнүн техникалык каражаттары диспетчерге төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоосу керек:
а) технологиялык агрегаттардын абалын өзгөртүүчү (өчүрүп-күйгүзүү, ачып жабуу), курулмалардын иш шарттамдарын жана автоматтык түзүлүштөрдүн программаларын алмаштыруучу буйрууларды жөнөтүү жолу менен технологиялык процессти түздөн-түз башкаруу;
б) башкаруу пунктуна мнемоникалык схемада, шитте же дисплейде ишараттоо түрүндөгү технологиялык схеманын абалынын чагылдырылышы;
в) башкаруу пунктунда суу менен жабдуу тутумундагы технологиялык параметрлерди жана алардын ченемдерден четтөөсүн көрүнөө жана документтик текшерүү.
12.6.13 Диспетчердик башкаруу жана текшерүү тутумдарында башкаруу ишараттарын жана башка маалыматты берүү үчүн дистанттык ткхникалык каражаттарды колдонуу сунушталат.
12.6.14 Диспетчердик башкаруунун жана текшерүүнүн жолун варианттарды техникалык-экономикалык салыштыруунун негизинде тандоо керек.
12.6.15 СКАДА (АСУ ТП) суу өткөргүч курулмаларын автоматташтыруунун жогорку этабына таандык болуу менен бирге суу менен жабдуунун оптималдуу технологиялык процесстерин жүргүзүүнү камсыз кылууга багытталат. Суу менен жабдууда СКАДАнын диспетчердик башкаруу тутумунан мүнөздүү өзгөчөлүгү, бул – суу өткөргүч курулмаларынын оптималдуу иштөө шарттамын эсептөөчү эсеп техникасынын жана колдонуучу интерфейсинин керектүү параметрлерин күүлөө мүмкүнчүлүгү бар болгон даяр программалык өнүмдү колдонуусу болуп саналат.
12.6.16 Суу менен жабдуу СКАДАсы деп төмөндөгү кичи тутумдардан турган комплекстүү тутумдарды билүү керек:
а) иштин автоматташтырылган башкаруусу жана I көтөрүлүштөгү соргуч чордондорду жана суу даярдоо курулмаларын колдонуудагы сууну көтөрүп чыгаруу жана иштетүү боюнча бардык маалыматтардын дистанттык берилүүсү;
б) сууну берүү жана бөлүштүрүү, анын ичинен резервуарлардагы таза суулар, II жана андан жогорку көтөрүлүүдөгү соргуч чордондор, суу түтүк тармактары.
СКАДА иштеп тургандагы башкаруунун максаты болуп минималдуу чыгашаларда ишеничтүү суу менен жабдуу шартатмдарын оптимизациялоо болуп саналат.
12.6.17 Суу менен жабдуу тутумдарынын иштөөсүн СКАДАнын жардамы менен камсыздоо, экономикалык натыйжалуулукту эсептөө аркылуу техника-экономикалык негиздеменин негизинде кабыл алынат.
12.6.18 Суу менен жабдуу тутумдарыүчүн СКАДАны долбоорлоодо төмөндөгүлөр эске алынат:
а) диспетчердик башкармалыктын уюштуруучулук түзүмү;
б) кызматтык түзүмү; тагыраак айтканда башкаруунун автоматташтырылган кызматынын курамы жана маселени чечүүнүн алгоритми;
в) колдонууда болгон программалык тейлөө, техникалык тейлөө, б.а. СКАДАнын кызматтарды аткаруу үчүн керектүү техникалык каражаттардын комплекси.
СКАДАны колдонууда, жабдууларды жөнөтүүчүлөр тарабынан иштелип чыккан жана аларды жаратууга көп каржылык каражат талап кылынбаган, учурда колдонулган программалык өнүмдөрдү максималдуу түрдө колдонуу керек.
12.6.19 Суу менен жабдуу тутумдарын башкаруу пункттарын суу өткөргүч чарбасын башкаруу имараттарында же башка, максаты жана жайгашкан жери боюнча жарай турган имараттарда жайгаштыруу зарыл.
12.6.20 Диспетчердик башкармалыктын жана объекттин суу менен жабдуу тутумунун өз алдынча курулмалары үчүн СКАДА элементтеринин текшерүүнүн этаптуу иштелип чыгуусуна жол берилет. Мындай учурда келечек үчүн жогору көтөрүүнү, ташууну, суу камдоону, жалпысынан тармак боюнча сууну берүүнү жана бөлүштүрүүнү башкаруунун комплексин түзүү каралыш керек.
Бул бөлүмдүн ар бир объекти үчүн иштелмелери Кыргыз Республикасындагы өнөр жай объектилери үчүн туруктуулукту, узак мезгилдүүлүктү, ишеничтүүлүктү жана коопсуздукту камсыздоо боюнча аракеттеги ченемдер менен эрежелерди эске алып аткарылууга тийиш.
13.1 Генералдык план
13.1.1 Суу өткөргүч курулмаларын куруу үчүн аянттарды тандоо жана аларды планировкалоо жана куруу иштери технологиялык талаптарга ылайык жана санитардык коргоо чөлкөмдөрүн сактоо менен аткарылышы керек.
13.1.2 Көлчөлөрдүн жана агын суулардын жээгиндеги бөлүктөрдө жайгашкан суу өткөргүч курулмаларынын аянтчаларынын пландык белгилери, шамалдын толкунун жана шамалдын толкунунун жээкти көздөй түрүлүүсүнүн бийиктигин эске алуу менен 1% камсыздуулук менен суунун эсептик масималдуу деңгээлинен 0,5 ден жогору болушу керек
13.1.3. Суу өткөргүч курулмаларынын аймагында хлордун чыгымдар кампасы болсо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 токтому менен бекитилген “Санитардык-коргоо зоналары жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди санитардык классификациялоо” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдерине ылайык турак жана коомдук имараттар жана кампанын санитардык коргоо чөлкөмүнүн өлчөмү орнотулат.13.1.4 Суу өткөргүч курулмаларынын айланасы тосулушу керек. Биринчи алкактык санитардык коргоо чөлкөмдөрү болгон суу даярдоо чордондору, соргуч чордондор, резервуарлар жана суу басым мунаралары эреже боюнча мындай чөлкөмдөрдүн бүтүн аянты бийиктиги 2 м болгон туюк тосмо менен тосулушу керек.
Бийиктиги 1,7 м болгон тор панелдеринен турган жана 0,3 м болгон тикенек зымдан жана металл тордон тосмо курууга болот. Ошол эле убакта тосмонун ички тарабындагы кронштейндерде 4-5 аркактан турган тикенек зым каралыш керек.
Өтө турган жана административдик-тиричилик имараттарынан тышкары бир дагы курулуш имаратынын тосмого жанаша жайгашуусуна жол берилбейт.
Ишкананын аймагында жайгашып, тосмосу жана күзөттүк коргоосу бар болгон жер алдынан суу алуу курулмаларынын, биринчи көтөрмөнүн соргуч чордондорунун жана иштетилбеген суунун басым менен чыгаруунун жана чарабалык-ичүүчү суу өткөргүчтөрүнүн аянтчалары үчүн тосмонун тиби жергиликтүү шарттардын негизинде тандалып алынат.
Э с к е р т ү ү - ишкананын аймагында же калктуу конуштарда жайгашкан агымды үзбөстөн иштөөчү соргуч чордондорду (резервуарлар жок болгон учурда) жана туюк өзөктүү суу басым мунараларын, ошондой эле сууну даярдоонун шлам чогултуучу чордондорунда тосмолорду карабоого жол берилет.
13.1.5 Биринчи алкактын санитардык коргоо чөлкөмдөрүнө таандык суу өткөргүч курулмаларынын аянттарында коргоонун төмөнкү каражаттары каралыш керек:
а) 1,2 м бийиктикте тикенек же жылмакай зым менен курчалган, аянттын тосмосунун ички тарабын бойлото туурасы 5 – 10 м тыюу салынган чөлкөм;
б) тыюу салынган чөлкөмдүн чектерин көрсөтүүчү 50 м ден ашык эмес аралыкта жайгаштырылган көрсөткүч мамылар;
в) тосмонун периметри боюнча кароолдук жарыктандыруу, муну менен бирге шамчырактар тосмонун кире бериш жерлерин, тосмонун өзүн жана тыюу салынган чөлкөмдүн кысымын жарыктандырууга ылайыкталып эсептелген болушу керек.
г) диспетчердик пунктка белги бере турган ишараттуу кароол тутумун колдонуу;
д) биринчи алкактагы санитардык коргоо чөлкөмүнө кирген чордондордун аянттарында коргоонун техникалык каражаттарынын толук көлөмү киргизилиш керек - келишимдик негизде объекттерди кароолдук атайын кызматтарга тапшырууга жол берилет;
е) басымдуу чыпкалар менен жабдылган чордондордун аянттарында, резервурларда жана суу басым мунараларына – ушул Курулуш ченемдеринин 13.1.4-п. ылайык тосмолор жана кароолдук жарыктандыруу керек;
ё) жер алдынан суу чыгаруучу курулмалардын аянттары жана биринчи алкактын соргуч чордондорунун, ж.о.э. аймагы тосмо менен курчалып коргоочу кароолу бар болгон ишканаларда орнотулуучу суу даярдоо чордондору, соргуч чордондор, резервуарлардын жана суу чыгаргыч мунаралардын аянттары – ушул Курулуш ченемдеринин 13.1.4-п. окшош шарттар үчүн каралган тосмолор;
13.1.6 Калктуу конуштардын жана ишканалардын тышында жайгашкан имараттарга жана суу өткөргүч курулмаларына, андан сырткары жер алдындагы суулардын суу алгычтарынын биринчи алкактагы санитардык коргоо чөлкөмдөрүндө жеңилдетилген кынтыксыз каптамасы менен кирмелер жана өткөөлдөр каралышы керек.
13.2 Көлөмдүү-пландаштыруу чечимдери
13.2.1 Суу менен жабдуунун имараттарынын жана курулмаларынын көлөмдүү-пландоо жана конструкциялык чечимдери КР колдонуудагы курулуштук ченем жана эрежелерге ылайык курулмалардын иштешинин техникалык параметрлеринин негизинде кабыл алынат.
13.2.2 Суу даярдоо чордондорун долбоорлоодо, эреже катары жалпы технологиялык процесс менен байланышкан идиш курулмалардын жана жайлардын блоктолушу каралыш керек.
13.2.3 Имараттардын жана курулмалардын жоопкерчиликтеринин классы жана өрткө карата туруштуктарынын даражасы 6-таблицага ылайык кабыл алынат.
6-т а б л и ц а - Имараттардын жана курулмалардын жоопкерчиликтеринин классы жана өрткө карата туруштуктарынын даражасы
Курулмалар | Курулмалардын суу менен жабдуунун жетиштүүлүгү боюнча категориясы 4.4-п. | Имараттардын, курулмалардын жана конструкциялардын жоопкерчиликтеринин классы | Өрткө каршы туруктуулугу |
1 Суу алгычтар | III | II | IV |
2 Соргуч чордондор | III | II | II – III |
3 Суу даярдоо чордондору | II | II | II – III |
4 Обочо жайгашкан хлораторлор | I | II | II |
5 Төмөнкү санда суу сактоо үчүн резервуарлар: 2ге чейин же суунун өрткө каршы көлөмү бар болгондо 2ден жогору же суунун өрткө каршы көлөмүсүз |
|
|
|
| I | II | Ченемделбейт |
| II | II | Ошол эле |
6 Суу жүгүрткүчтөр | I - III | I - II | Ченемделбейт |
7 Суу өткөргүч тармактары, кудуктар | III | III | Ченемделбейт |
8 Суу чыгаргыч мунаралар | III | II | Ченемделбейт |
9 Реагенттерди даярдоо бөлүмү, кампалар | II | II | II |
10 Трансформаторлордун Трансформатордук камералардагы электр орнотмолорунун жайлары, РУ, КТП, шиттердин жайгашышы, диспетчердиктер | III | II | II |
Э с к е р т ү ү - Көмөкчү имараттарды жана жайларды жоопкерчиликтин 2 классына, ал эми өрткө туруштуулуктун 2 даражасына кошуу керек. Имарат жана курулманын өрт кооптуулугунун деңгээлине жараша Д категориясынын өндүрүшүнө кошуу керек. | |||
13.2.4. Имараттарды жана жайларды жылытуунун жана желдетүүнүн эсептик маалыматтарын ушул Курулуш ченемдеринин 13.6.1-п. ылайык кабыл алынат.
13.2.5 Идиштик темирбетон курулмалардын планында тик бурчтардын өлчөмдөрүн жана айланалардын диаметрлерин 3 кө бөлчөксүз бөлүнө тургандай, ал эми бийиктигин 0,6 м алуу керек. Тараптардын узундугу же курулмалардын диаметри 9 м ге чейинки болгон учурларда, ж.о.э. имараттарга жанаша курулган идиштик курулмаларда (өлчөмдөрүнө карабастан), тик бурчтуу курулмалардын өлчөмдөрүн 1,5 бөлчөксүз бөлүнө тургандай, ал эми айланаларда 1 кат өлчөмүндө кабыл алынат.
13.2.6 Аймактын пландашылган кыртышынын тышкы бетинен 0,5 м бийиктикте топурак менен көмүлүп жердин алдындагы идиштик курулмаларда аталган үйүндүлөргө транспорт жана механизмдердин кирип кетүүсүнө жол бербей турган тосмолор орнотулушу керек. Эгер жер алдындагы идиштик курулмалардын тышкы калкасы транспорт жана механизмдердин жүктөмдөрүнө туруштук бере ала турган эсептер менен жасалган болсо, тосмолорду орнотуу милдетүү эмес болуп калат.
13.2.7 Ачык идиштик курулмалар, эгер алардын дубалдары жертамандын, аянтчанын жана планировканын белгисинен 0,75 м ге чейин көтөрүлүп турса, тышкы периметр боюнча кошумча тосмо болушу керек, ошол эле убакта тосмонун жогору жагына чейинки жалпы бийиктик 0,75 м ден кем болбоого тийиш. Жогорку жагынын бийиктиги 300 мм ден жогору болгон дубалдарда, жертамандан, аянтчадан жана планировкадан 0,6 м ден кем эмес, тосмосуз болууга тийиш. Жертамандын же планировканын белгиси ачык идиштик курулмалардын капталдарынын жогору жагынан эң аз 0,15 м ге төмөнүрөөк болушу зарыл.
13.2.8 Имараттын тосуучу жана негизги конструкциялары агрессивдүү суюктуктарды сактоого арналбаган кошо орнотулган идиштердин капталдарына таянышы мүмкүн.
13.2.9 Тереңдетилген жайлардан чыгуу үчүн орнотулуучу шатылар: туурасы 0,9 м ден ашык болсо – эңкейиш бурчу 45° га чейин, туурасы 12 м ге чейинки жайларда - 60° га чейин болууга тийиш. Тейлөө аянтчаларын чыгаруу үчүн шатылардын туурасы 0,7 м ден кем эмес, эңкейүү бурчу 60° га чейин боуш керек. Аянтчаларга чыгуунун кысталган шарттарында, 2 м ге чейин көтөрүлүү үчүн кичинекей шаты (стремянка) колдонулушу мүмкүн.
13.2.10 Тереңдиги 10 м ге чейин болгон кудуктарга, аңчаларга жана идиштик курулмаларга ылдый түшүүдө атайын орнотулган скобалар же кичине шатылар колдонулуш керек. Ошол эле мезгилде бийиктиги 4 м ге чейинки кичине шатылардын айланасында коргоочу тосмо каралышы керек. Кудуктардын ичинде коргоочу тосмолорду орнотуу шарт эмес.
13.2.11 Имараттардын ички бетинин жасалгалары, эксплуатация учурунда өрт өчүрүү жана санитардык-гигиеналык коопсуздукту камсыздай турган материалдарды колдонуу менен технология менен интерьердин заманбап талаптарына ылайык киргизилиш керек.
13.3 Конструкциялар жана материалдар
13.3.1 Идиштикк курулмаларды курама же монолиттик темир бетондон долбоорлоо керек.
Эсептик көлөмдөгү идиштик курулмаларды ширетилген болоттон же башка заводдо чыгарылган конструкциялардан орнотууга жол берилет. Муну менен бирге конструкциялардын керектүү бекемдикти жана туруктуулукту, ал эми конструкциянын материалы эксплуатациялоодо тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуулары зарыл. Евразия биримдигинин бажы чек арасында жана бажы аймагында Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө тийиштүү II Бирдиктүү товарлар тизмесине ылайык ичүүчү суу менен камсыздоо тутумунун резервуарларында колдонула турган материалдардын мамлекеттик каттоо тууралу күбөлүгү болушу керек.
Негизделе турган болсо, курулмалардын тийиштүү эксплуатациялык сапаттарын камсыз кыла турган башка материалдарды колдонууга болот.
Диаметри 9 м ден жогору болгон, темирбетондон жасалган цилиндрдик идиштик курулмалардын капталдарын, эреже боюнча топурак менен кыстырылган абалдагы чыңалган бетон конструкцияларынан долборлоого болот.
Суу чыгаргыч мунаралардын жана челектердин өзөктөрү үчүн болот же жергиликтүү күйбөгөн материалдар, ал эми челектер үчүн болот пайдаланылат. Муну менен бирге сууга тийе турган болот конструкция ичүүчү сууларда колдонууга уруксат берилген коррозияга каршы изоляция менен иштелген болуусу керек.
13.3.2 Имараттардын жердин алдындагы бөлүктөрүнүн тосмо конструкцияларынын герметиктүүлүгү, тосмо конструкцияларынын ички бетинин жалпы аянтынын 20 % ашык нымдалуусуна (тамчыланма нымдашуусуз) жол бербегидей болушу керек.
Идиштик курулмалардын тосмо конструкциялары аталган курулмалардын гидравликалык сыноолору учурунда коюлган талаптарды камсыз кылуусу керек.
Ичүүчү суунун резервуарларынын тосмо конструкциялары, мындан сырткары резервуарларга атмосфералык жана кыртыштык суулардын жана чаңдын түшүү мүмкүнчүлүгүн толук бойдон четтете тургандай болуш керек.
13.3.3 Жабык идиштик курулмаларда климаттык шарттарга, келүүчү суунун температурасына жана алардын технологиялык иштөө шарттамдарына жараша капталдарды жана каптамаларды жылуулоо долбоорлонуусу керек.
Жылуулоо, эреже боюнча топурак менен көмүү түрүндө болуп, ошол эле учурда сырткы каптамадагы топурактын калыңдыгы 0,5 м ди ашпоого тийиш. Жасалма материалдардан жылуулагычтарды жасоого жол берилет.
Кышкы мезгилде идиштер бошотулган кезде жана курулуш учурунда идиштердин таманындагы кыртыштын тоңуп калуусуна жол бербей турган иш-чаралар каралышы керек.
13.3.4 Ичүүчү сууну сактоого багытталган резервуарларда бетон жана темирбетон конструкцияларынын сууга тийип туруучу ички беттери техникалык регламенттердин талаптарына жооп бериши керек.
13.3.5 Идиштик курулмалардын темирбетон конструкцияларындагы бетондун маркасы тоңго чыдамдуулугу жана суу өткөрбөгөндүгү боюнча 7-таблицада келтирилген талаптарды канааттандыруусу керек.
13.3.6 Идиштик курулмалардын тосмо конструкцияларындагы жана имараттын жер алдындагы бөлүктөрүндөгү өткөргүч түтүктөрдү бүтөө тосмо конструкциялардын суу өткөрбөгөндүгүн камсыз кылууга тийиш.
Түтүктөрдү өтө тыкыс бүтөөдө алардан чыккан күчтөлүүнүн тосмо конструкцияларына өтүү ыктымалдуулугун эске алуу менен бирге, күчтөлүүлөрдү азайтуу же болтурбоо боюнча чаралар көрүлүшү керек. Сальниктерди колдонууда, тыгыздоочу шыкоолорду текшерүү жана калыбына келтирүү үчүн аларга кирүүгө мүмкүндүк камсыз кылынышы керек.
Өткөрмө түтүктөрүн бүтөөнүн баардык учурларында аларга байланышы болгон баардык жабдууларды жана тосмо конструкцияларын температура жана сейсмикалык таасирлерден, ж.о.э. имараттардын, курулмалардын жана тышкы өткөрмө түтүктөрүнүн ар түрдүү чөгүүлөрүнөн бузулбай сакталышын камсыз кылуучу иш-чаралар каралышы керек.
Э с к е р т ү ү - Таман аркылуу түтүктөрдү өткөрүүдө тамандагы өткөрмө түтүктүн аянтчасын бетондоо аркылуу бүтөлүп болоттон жасалган быдырлуу келметүтүктөрдүн жардамы менен аткарылат.
13.3.7 Идиштик курулмалардын бекемдигинин жана суу өткөрбөстүгүнүн гидравликалык сыноолору капталдарынын тышкы бетиндеги температуранын оң кезинде жүргүзүлүшү керек, ошол эле мезгилде коррозияга каршы каптамасы бар курулмалар тышы капталганга чейин сыналышы керек.
Ичүүчү суу үчүн резервуарлар бардык курчаган конструкциялардын герметиктүүлүгүнө кошумча сыноодон өткөрүлүшү керек.
13.3.8 Кудуктардын жабуусунун үстүнөн тартып үстүңкү катмарга чейинки көмүлгөн чүмбөттүн калыңдыгын вертикалдык планировкалоосун эске алуу менен 0,3 м ден кем эмес киргизүү керек.
Жол кыртышы жок курулуш аянтчаларында жайгашкан кудуктардын жапма тешигинин айланасында туурасы 0,5 келген кудукту көздөй жантайыңкы төшөмө жээктер каралышы керек.
Өркүндөтүлгөн каптамы бар жолдордо жайгашкан люктардын капкактары жолдун өтүүчү жагынын каптамасы менен бир деңгээлде болушу керек. Эч нерсе салынбаган аймактарда жайгашкан кудуктардын люктарынын капкактары жердин бетинен эң аз 0,2 м ге жогорураак орнотулушу керек.
7-т а б л и ц а – Идиштик курулмалардын темирбетон конструкциялары үчүн бетондун маркасынын суукка туруктуулугуна жана суу өткөзбөстүгүнө коюлган талаптар.
Конструкциялар жана аларды эксплуатациялоо шарттары | Бетондун талап кылынган маркасы | ||||
Сырткы абанын эсептик температурасындагы суукка туруктуулугуна жараша | суу өткөзбөстүгүнө жараша | ||||
минус 5 °С же жогору | минус 5°С ден төмөн минус 20 °С га чейин | минус 20 °С дан төмөн минус 40 °С га чейин | минус 40 °С дан төмөн | ||
1 Суунун өзгөрмө көлөмү менен аба чөйрөсүнүн дайыма алмашуусунан улам кезектешип тоңууга кабылып кайра эрип турган конструкциялар. |
|
| |||
а) лоток сымал ичке капталдуу конструкциялар | F 150 | F 200 | F 300 | F 400 |
Басымдын градиенти: 30 га чейин - W4 30 дан 50гө чейин - W6 50 дөн жогору - W8 |
б) ачык курулмалардын башка конструкциялары (жан боорлорду, көлмөлөрдү, суу алгыч курулмаларды беттөө) | F 100 | F 150 | F 200 | F 300 | » |
2 Ошол эле, суунун деңгээли дайыма болгон учурларда (ачык идиштик курулмалардын капталдары) | F 75 | F 100 | F 150 | F 200 | » |
3 Мезгилдик тоңголок чөлкөмүндө жайгашкан кыртышка ылдый тереңдетилген же кыртыш менен көмүлгөн конструкциялар (идиш жана кудуктардын тосмо конструкциялары) | F 50 | F 75 | F 100 | F 150 | » |
4 Дайыма суунун астында жайгашкан (суу кабылдагычтар, идиштик курулмалардын түбү) же тоңголок катмарга чейин тереңдетилген жылытылуучу жайларда жайгашкан конструкциялар (чыпкалар, тундургучтар, реагенттер үчүн челектер), | - | - | F 50 | F 75 | » |
Э с к е р т ү ү л ө р 1 Суукка туруктуулугуна жараша бетондун маркалары жоопкерчиликтин II классынын курулмалар үчүн берилди. Жоопкерчиликтин III классынын курулмалары үчүн бетондун маркасы бир баскыч төмөндөтүлүшү керек, бирок F 50 ден ылдый эмес. 2 Агрессивдүү чөйрө бар болгон болсо бетондун маркасынын суу өткөзбөгөндүгүндө аны да эске алуу керек. 3 Суу менен жабдуунун идиштик курулмаларында бетонго гидротехникалык талаптар тарабайт. 4 Басымдын градиенти деп, гидростатикалык басымдын чоңдугунун конструкциянын калыңдыгына катнашы билиниш керек. | |||||
13.4 Конструкциялардын эсептөөлөрү
13.4.1 Идиштик курулмалардын жана имараттардын жердин алдындагы бөлүктөрүн эсептөөдө жүктөмдөр, таасирлер жана ашык жүктөмдүн коэффициенттери 8-таблицага ылайык киргизилиши керек.
13.4.2. Идиштик курулмалардын эсептөөлөрү 8-таблицада көрсөтүлгөн жүктөмдөрдүн эки башка айкалышындагы ашык жүктөм коэфициенттерин эске алуу менен жүктөмдөргө жана тассирлерге карата аткарылышы керек:
I – топуракка тереңдетилген курулма эң ыңгайсыз түрдө сууга толгон учурлардагы гидравликалык сыноолордо. Көмүлбөгөн курулмалар үчүн бул айкалыш эксплуатациялык болуп саналат;
II –курулманы суу менен толтурулбаган же топурак менен көмүлгөн учурда эксплуатациялоодо. Мындай учурда калкып чыгууга каршы туруктуулугу текшерилиш кекрек.
13.4.3 Суу өткөргүч курулмаларынын аянттарындагы кыртыш сууларынын эсептик деңгээли кабыл алынган камсыздуулуктун пайызына жараша көлмөлөрдөгү жана аккан суулардагы суунун максималдуу деңгээлин эске алуу менен узун мөөнөттүү болжолдордун негизинде белгилениши керек.
Курулуш учурунда аккан суулардын жана көлмөлөрдүн жаймаларында жайгашкан имарат жана курулмалардын бекемдигин жана туруктуулугун суунун эсептик деңгээлин 10 % камсыздуулугунда текшерүү керек.
13.4.3 Идиштик курулмалардагы калкып чыгууга каршы эсептөөлөр ташкындоо учурундагы кыртыш сууларынын убактылуу көтөрүлүүсүн эске албастан кылынат, эгер долбоордо ошол учурларда курулмалардын бошоп калуусуна тоскоолдук кылуучу жана кыртыштык суулардын деңгээлин текшерүүчү иш-чаралар каралган болсо.
Калкып чыгууга каршы туруктуулуктун коэфицциенти 1,1 алынат.
13.4.5 Алдын ала күч салынган темирбетондун цилиндр сымал идиштик курулмалардын капталдарынын бетонго кысылуусунун жүктөмү, аларга суу толтурулгандан кийин көмүү жок болгон кезде жана күч салынган арматурадагы жоготуулардын бардыгын эске алуу менен, төмөндөгүдөн кем болбоого тийиш: төмөнкү жагында бийиктигинин 1/3 барабар – 0,8 МПа (8 кгс/см2), жогорку жагында - 0,5 МПа (5 кгс/см2).
8-т а б л и ц а – Идиштик курулмалардын конструкцияларын эсептөө боюнча көрсөтмөлөр.
Жүктөмдөр жана таасирлер | Ашык жүктөм коэффициенти | Кыртышка тереңдетилген же урап түшкөн курулмалар | Имарат ичиндеги идиштик курулмалар | ||||||
Идиштик курулмалар | Имарат тардын жер алдын дагы бөлүктөрү | ||||||||
Жабык | Ачык | ||||||||
Жүктөмдөрдүн айкалышы | |||||||||
I | II | I | II | I | II | I | II | ||
Туруктуу | |||||||||
Тескери көмүү кыртышынын басымы | 1,15 | - | + | - | + | - | + | - | - |
Көмүү кыртышынын салмагы | 1,15 | - | + | - | - | - | - | - | - |
Конструкциянын өздүк салмагы | 1,1 (0,9) | + | + | + | + | - | + | + | + |
Убактылуу узакка созулган | |||||||||
Технологиялык суюктуктун басымы | 1 | - | 2-эскертмени Кара | - | 2- эскертмени кара | - | - | - | + |
Жер алдындагы суулардын басымы | 1,1 | - | + | - | + | - | + | - | - |
Технологиялык суюктуктардын температуралык таасирлери | 1,2 | - | + | - | + | - | - | - | + |
Кыска мөөнөттүүлөр | |||||||||
Фактылык маалыматтар боюнча урандынын түбүндөгү тескери себүүдөн ураган топурактын призмага күчтөмү; 10 КПа (1000 кгс/м2) ден кем эмес | 1,3 | - | + | - | + | - | + | - | - |
Гидравликалык сыноодогу суунун басымы | 1 | + | - | + | - | - | - | + | - |
Каптамадагы жана уроодогу жүк, бошотууда пайда болгон убактылуу жүктү жана вакуумду кошо, ошондой эле кардагы жүк, 2,5 КПа (250 кгс/м2) көп эмес | 1,2 | - | + | - | - | - | - | - | - |
Фактылык маалымат боюнча жабык идиштердин бошотулуусунан пайда болгон вакуу, бирок 0,1 КПа дан (100 кгс/м2) ашык эмес. | 1,1 | - | + | - | - | - | - | - | - |
Э с к е р т ү ү л ө р 1 «плюс» белгиси берилген айкалышта жүктөмдүн же таасирдин бар болгондугун билдирет. 2 Гидравликалык сыноодогу курчоочу конструкцияга болгон суунун басымы убактылуу кыска мөөнөттүк жүктөм катары кабыл алынат. Эксплуатация учурундагы технологиялык суюктуктун тышкы дубалдарга басымын убактылуу узун мөөнөттүү деп кабыл алуу керек. Ошол эле мезгилде кыртышка тереңдетилген курулмаларда себеленди кыртыштын бир убактагы басымы менен айкалышын эске алуу керек. Идиштик курулмалардын көп секциялуу ички дубалдарына болгон басымды убактылуу кыска мөөнөттүк, ал эми ал курулмаларды эксплуатациялоодо коңшулаш секциялар бошотула турган болсо кыска мөөнөттүк жүктөм катары кабыл алуу керек. 3 Технологиялык суюктуктун басымынан келип чыгуучу идиштик курулмалардын капталрына жана түбүнө келүүчү ченемдик жүктөм, максималдуу долбоордук деңгээлдеги гидростатикалык басым менен тең кабыл алынышы керек. Эсептик жүктөм, суюктуктун деңгээлинин куюштуруучу түзүлүштүн жээгинен 100 мм ге жогору болсо суюктуктун гидростатикалык басымы менен тең, ал эми ал жок болгон болсо капталдын жогорку чегинен алынышы керек. 4 Температуралык таасирлерге температурасы 50 °С ден өйдө же температуранын айырмасы 30 °С дан жогору болгон суюктук менен толтурулган конструкцияларды эсептөө керек. 5 Төмөн тереңдетилген же топурак менен курчалган идиштик курулмалардын тышкы каптамаларын башка убактылуу жүктөмдөрдү эске албастан 0,3 м ден кем эмес топурактын кыртышында жылышып туруучу курулуш механизмдерине болгон кыска мөөнөттөгү жүктөмдөргө карата эсептөө керек. 6 Эксплуатациялоодогу борбордон четтетилген тартылууларга идиштеги технологиялык суюктуктун басымында каптоо элементтеринин эсептөөсү,ашык жүктөм коэффициенти 0,9 жана ички сүрүлүү бурчунун коэффициенти 1,1 болгон кыртыштан капталдарды көздөй басымдарда жана каптоого карата максималдуу мүмкүн боло турган жүктөмдөрдө аткаруу керек. 7 Гидростатикалык басымдарга ылайыкталбаган тосмолор ачык идиштер бошотулган же жабык идиштердин курулуу учурунда шамалдык жүктөмгө каршы текшерүүдөн өтүүгө тийиш. | |||||||||
13.5 Курулуш конструкцияларын коррозияга каршы коргоо
13.5.1 Курулуш конструкцияларын коррозияга каршы коргоо техникалык регламенттердин талаптарына жооп бериши керек.
13.5.2 Каалгып аккан суулардын таасирлүү аймагында жайгашкан жердин алдындагы жана үстүндөгү курулмаларды долбоорлоодо темирбетон конструкцияларын электрохимиялык коррозиядан коргоо чаралары каралышы керек.
13.5.3 Конструкция элементтерине коррозияга каршы каптаманы каптоо жана аны мезгил-мезгили менен жаңыртып туруу мүмкүнчүлүгүн кароо менен бирге курулмалардын бүтүндөй эксплуатация мөөнөтү боюнча коргоону камсыздай турган конструкциялык чечимдерди кабыл алуу керек.
13.5.4 Агрессивдүү суюктуктарды сактай турган идиштерди долбоорлоодо дубалдын тышкы капталын дайыма көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүк түзө тургандай жана түбүнүн герметиктүүлүгүн текшере тургандай каралышы керек.
Төмөндөгүлөргө жол берилбейт:
а) имараттын көтөрүүчү дубалдарынын идиштердин капталдарына жөлөнүүсү;
б) идиштердин капталдарына же түбүнө кабаттар арасы жабуулардын жана колонналардын таянуусу;
в) ар кандай суюктуктарды сактоо үчүн идиштердин ичине бөлгүч тосмолорду орнотуу;
г) бетон тамандардын калың катмарында өткөрмө түтүктөрүн орнотуу;
д) коррозияга каршы каптоолордун бүтүндүгүнүн бузулушу.
Э с к е р т ү ү - Үзгүлтүксүз кароо, коррозияга каршы каптоолордун мезгил-мезгили менен калыбына келтирилип турушуна мүмкүнчүлүк түзүү жана конструкцияларды оңдоо үчүн конструкциялардын элементтерине кирүүгө мүмкүндүк камсыз кылынган учурларда тейлөө аянттарындагы идиштин капталдарына жана тосмо конструкцияларына аталган идиштерден суюктуктарды үйлөп чыгаруучу соргучтарды таяп орнотууга жол берилет.
13.6 Жылытуу жана желдетүү
13.6.1 Өндүрүштүк жайлардагы абанын алмашуусу ачык идиштик курулмалардын, жабдуулардан жана коммуникациялардан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмүнө жараша эсептелинет. Зыяндуу заттардын көлөмү долбоордун технологиялык бөлүгүнүн маалыматтары аркылуу аныкталат.
Маалыматтар жок болгон учурларда аналогдук түрдө иштеген курулмаларды изилдөөнүн жыйынтыктарын колдонууга болот. Аналогу болбогон курулмалар үчүн абанын көлөмүнүн аба алмашууга катнашын 9-таблицага ылайык кабыл алууга болот.
9-т а б л и ц а – Суу менен жабдуу курулмаларынын ар кандай имарат жана жайлары үчүн температуранын мааниси жана аба алмашуунун эселиги.
Курулмалар жана жайлар | Жылуулук тутумдары үчүн абанын температурасы, °С | аба алмашуунун эселиги, ч | Өндүрүш процессинин санитардык мүнөздөмөлөрүнүн тобу | |
агып клүү | Созуу | |||
1 Суу алгыч курулмаларынын машина залдары | 5 | 1 | 1 | I-б |
2 Соргуч чордондордун машина залдары | 5 | Жылуулук бөлүп чыгаруу эсеби боюнча | I-б | |
3 Суу даярдоо чордондору: |
|
|
|
|
а) чыпкалоо залынын бөлүмү | 5 | То же | То же | I-б |
4 реагенттик чарба бөлүмү |
|
|
|
|
а) хлордук темирдики, гипохлориттики | 16 | 6 | 6 | II-в |
5 Реагенттердин кампасы: |
|
|
|
|
а) темир хлорунуку | 5 | 6 | 6 | II-г |
Э с к е р т ү ү л ө р 1 Өндүрүш жайларында дайыма тейлөөчү персонал бар болсо алардагы абанын температурасы 16 °С ден кем болбоого тийиш. 2 Суунун каптамы чоң болгон жайларда абанын температурасын суунун бетинин температурасынан эң аз дегенде 2 °Сге жогору болгудай киргизиш керек долбоорго. | ||||
Бул бөлүмдүн ар бир объект үчүн иштелмеси өзгөчө климаттык жана геологиялык шарттарда өнөр жай объектилери үчүн аракеттеги туруктуулукту, узак мезгилдүүлүктү, ишеничтүүлүктү жана коопсуздукту камсыздоо боюнча ченемдер менен эрежелерди эсепке алуу менен аткарылууга тийиш.
14.1 Сейсмикалык райондор
Жалпы көрсөтмөлөр
14.1.1 Бул бөлүмчөнүн талаптары суу менен жабдуу тутумдарын сейсмикалуулугу 7,8 же 9 балл болгон аймактарда долбоорлоодо аткарылышы керек.
14.1.2 Сейсмикалуулугу 8 жана 9 балл болгон райондордо III категориядагы жана негизделген болсо II категориядагы суу менен жабдуу тутумдарынын, ал эми сейсмикалуулугу 7 балл болгон райондордо бардык категориядагы суу менен жабдуу тутумдарынын бир суу менен жабдуу булагын колдонууга жол берилет.
14.1.3 Бир суу булагын колдонгон (анын ичинен жер үстүнөн бир жаактан суу алууда), өндүрүш кубаттуулугу 200 м3/сут га чейинки суу менен жабдуу тутумдарынын идиштеринде сейсмикалуулугу 8 жана 9 балл болгон райондордо ушул Курулуш ченемдеринин 9.4-п. көрсөтүлгөн көлөмдө өрт өчүрүүгө керектүү суу, ж.о.э. ушул Курулуш ченемдеринин 10.1.3- жана 10.1.4-п.п. ылайык өндүрүштүк муктаждыктар үчүн авариялык графикке ылайык, ал эми чарбалык-ичүү муктаждыктары үчүн эсептик суу чыгымдоолорунун 50% нан кем эмес көлөмдө: сейсмикалуулугу 8 балл болгон райондордо 8 сааттан кем эмес, сейсмикалуулугу 9 балл болгон райондордо 12 сааттан кем эмес авариялык суу каралышы керек.
14.1.4 Суу менен жабдуу тутумдарынын иштөөсүнүн ишенимдүүлүгүн арттыруу үчүн, төмөндөгү мүмкүнчүлүктөр каралышы керек:
а) оргутуучу резервуарлардын бөлүнүп жайгаштырылышы;
б) суу басым мунараларын оргутуучу резервуарлар менен алмаштыруу;
в) санитардык-эпидемологиялык кызматтар менен макулдашуу аркылуу чарбалык-ичүүчү, өндүрүштүк жана өрт өчүрүүгө багытталган суу өткөргүчтөрдү бириктирүүчү туташтыргычтарды орнотуу, ж.о.э. иштетилбеген, зыянсыздалбаган суунун чарбалык-ичүүчү суу өткөргүчтөрүө коё берүү каралышы керек.
14.1.5 Өрт өчүрүү жана чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу соргуч чордондорун өндүрүштүк имараттар жана курулмалар менен тосууга жол берилбейт.
Соргуч чордондор өндүрүштүк имараттар жана курулмалар менен тосулган болсо идиштик курулмалардын герметиктүүлүгү бузулган учурларда машина залдарынын жана электр орнотмо жайларынын суу каптап кетүүсүн болтурбоочу иш-чаралар каралышы керек.
14.1.6 Тереңдетилген соргуч чордондор резервуарлардан жана өткөрмө түтүктөрүнөн 10 м ден кем эмес аралыкта жайгаштырылышы керек.
14.1.7 Суу даярдоо чордондорунда курулмаларды колдонбостон тармакка суу берүүчү айланма тилкелер каралышы керек. Айланма тилкени башка курулма жана комуникациялардан эң аз 5 м алыстыкта жаткыруу керек. Ошол эле убакта тармака берилүүчү ичүүчү сууну зыянсыздандыруучу түзүлүш каралышы керек.
14.1.8 Бир түйүндө бир багыттагы резервуарлардын саны экиден кем болбоого, ошол эле мезгилде ар бир резервуардын берүүчү жана буруп кетүүчү өткөргүч түтүктөр менен бириккен жери коңшу резервуарлардын ортосунда жалпы которуштуруучу камер орнотулбастан, өз алдынча болууга тийиш.
14.1.9 Имараттардын дубалдарындагы жана пайдубалындагы түтүктөр тыкыс бүтөлбөшү керек. Түтүктөр өтүүчү тешиктердин өлчөмү бүт периметр боюнча 10 см ден кем эмес жылчык камсыз кылышы керек; чөгүүчү топурак бар болсо, кыртыштагы жылчыктын бийиктиги 20 см ден кем болбоого тийиш; жылчыктын бүтөлүшү үчүн тыкыс ийилчээк материалдар колдонулушу зарыл.
Түтүктөрдү соргуч чордондордун жана идиштик курулмалардын жер алдындагы дубалдары аркылуу өткөрүүдө, дубалдар менен өткөрмө түтүктөрүнүн ортосундагы өз ара сейсмикалык таасирленүүлөр четтетилиши керек. Эреже боюнча бул максатта сальниктер колдонулат.
14.1.10 Өткөрмө түтүктөрүнүн имараттарга же курулмаларга кирген жана алардан чыккан жерлеринде, өткөрмө түтүктөрүнүн соргучтар менен кошулган чекиттеринде, суу басым мунараларынын түркүктөрүнүн горизонталдык өткөрмө түтүктөрү менен бириккен жерлеринде, ж.о.э. өткөрмө түтүктөрүнүн трассасынын профилинин же багытынын кескин өзгөргөн жерлеринде өткөрмө түтүктөрүнүн учтарын бурчтук жана бойлото жылышуусуна мүмкүнчүлүк түзө турган ийилчээк кошулуштар каралышы керек.
14.2 Суу жүргүзгүчтөр жана тармактар
14.2.1 Сейсмикалык райондордо суу жүгүрткүчтөрдү жана тармактарды долбоорлоодо сейсмикалык жүктөмдөр таасир берген учурларда туруктуу иштөөнү камсыз кылуучу, ушул Курулуш ченемдеринин 9.20-п. көрсөтүлгөн түтүктөрдүн бардык түрлөрүн колдонууга болот. Ушул эле мезгилде түтүктөрдү жаткыруунун тереңдигин ушул Курулуш ченемдеринин 9.40-9.43-п.п. ылайык кабыл алуу керек.
14.2.2 Түтүктөрдүн сапатынын классын тандоодо сейсмикалык таасирлердин убагындагы жүктөмдөрдүн негизги жана өзгөчө айкалыштарын эске алуу керек.
Кошулуштардын компенсациялык жөндөмдөрүн ийилчээк кошулуш бирикмелерин колдонуу аркылуу камсыз кылуу керек.
14.2.3 III категориядагы суу менен жабдуу тутумдарында суу жүргүзгүчтөрдү бир тилкеде жаткырууга жол берилет, муну менен бирге идиштердин көлөмүн ушул Курулуш ченемдеринин 10.1.3-10.1.4-п.п. же 14.1.3-п. көрсөтүлгөн чоң өлчөмдө кабыл алуу керек.
Суу түтүктөрүнүн тармактары эсептик диаметрлер 75 мм ден жогору болгон учурларда шакек түрүндө долбоорлонушу керек.
14.3 Курулуш конструкциялары
14.3.1 Имараттардын жана курулмалардын конструкциялары ушул бөлүмдүн талаптарына ылайык долбоорлонушу керек.
Суу менен жабдуу тутумдарынын имараттарынын жана курулмаларынын эсептик сейсмикалуулугу 10-таблицага ылайык кабыл алынышы керек.
14.3.2 Идиштик курулмалар жана имараттардын жер алдындагы бөлүктөрү конструкциянын өздүк салмагы, идишти толтурган суюктуктун салмагы, урап түшкөн жана кадимки топурак менен мүмкүн болгон эң кооптуу сейсмикалык таасирлердин айкалыштарына жараша эсептелиниши керек.
Э с к е р т ү ү - суу басым мунараларын эсептөөдө ушул пункттун талаптары челектин конструкциясына гана тийиштүү болот.
10-т а б л и ц а
Имараттардын жана курулмалардын жоопкерчилик классы | Курулуш аянтынын сейсмикалуу болгондогу имарат жана курулмалардын эсептик сейсмикалуугу, балл | ||
7 | 8 | 9 | |
III | Сейсмикалык таасирлерди эсепке албаганда | 7 | 8 |
Э с к е р т ү ү - Имарат жана курулмалар эсептик сейсмикалуулукка тийиштүү жүктөмдөргө карата эсептелинет. Иштөөсү жер титирөөлөрдүн таасирин жок кылууга керек болгон, аталган имараттар жана курулмалар үчүн жүктөмдөр 1,2 коэффициентине көбөйтүлөт. | |||
14.4 Жерге чөгүүчү кыртыштар
Жалпы көрсөтмөлөр
14.4.1 Жалпы пландарды иштеп чыгууда жамгыр жана эринди суулардын агып кетүүсүнүн табигый шарттары камсыз кылынышы керек. Идиштик курулмалар эреже боюнча сиңирүү катмары бар чөкмө кыртыштын калыңдыгы минималдуу болгон аймактарда жайгаштырылышы керек.
Э с к е р т ү ү - Курулуш аянты эңкейиште жайгашкан болсо жамгыр жана эринди сууларды агындылоо үчүн тоолук арыкчалар каралышы керек.
14.4.2 Идиштик курулмалардан ар кандай багыттагы имараттарга чейинки аралык кыртыштын төмөнкү шарттарына жараша кабыл алынат:
Жерге чөгүүсү боюнча I типтеги – чөкмө кыртыштын калыңдыгынан эң аз 1,5 каты;
Жерге чөгүүсү боюнча II типтеги; чөкмө кыртыштын калыңдыгынан эң аз 1,5 каты; ал эми дренделбеген алдына төшөлүүчү топурактарда чөкмө кыртыштын калыңдыгынан эң аз 3 каты, бирок 40 м ден көп эмес.
Э с к е р т ү ү л ө р
1 чөкмө кыртыштын калыңдыгынын чоңдугун табигый рельефтин бетинен, ал эми аянтты планировкалоодо кошулган жердин деңгээлинде;
2 жерге чөгүүсү боюнча шарттардын типин жана кыртыштын өз массасынан мүмкүн болгон чөгүүсүнүн чоңдугун планировкалоо учурунда мүмкүн болгон кыртыштын кесилишин жана себеленишин эске алуу менен кабыл алуу керек.
3 Курула турган аянттын аймагында кыртыштын чөгүү касиеттерин толук бойдон жокко чыгаргандан кийин, ж.о.э. идиштик курулмалардын алдына алардын сызылып чыккан сууларды янтчанын тышына агындылоочу суу өткөрбөгөн түптөрдү орнотууда идиштик курулмалардан тартып имаратка чейинки аралыкты кыртыштардын жерге чөгүүсүн эске албастан кабыл алууга жол берилет.
14.4.3 Деформацияланган аймактардын чегинде кыртыштардын жерге чөгө турган касиеттерин толук бойдон же бир бөлүгүн жоюу же түркүктүү пайдубалдар, кыртышка бекитилген түркүктөр аркылуу жерге чөгө турган кыртыштарды кесип тешүү шарты менен дайыма колдонулуучу суу менен жабдуу тутумдарынын булагынан курулуп жаткан имарат жана курулмаларга чейинки аралык ушул Курулуш ченемдеринин 14.5.6-п. көрсөтүлгөн аралыктарга салыштырмалуу 1,5 эсеге азайтууга болот,
14.4.4 Жерге чөгүүчү кыртыштарда курула турган имараттарды, курулмаларды жана өткөрмө түтүктөрүн долбоорлоодо идиштик курулмалардын жана өткөрмө түтүктөрүнүн герметиктелиши, өткөрмө түтүктөрүнөн жана курулмалардан чыккан суулардын топуракка сиңүүсүн болтурбоочу, суунун жоготууларын текшерүүчү, чыгып кетүүсү мүмкүн болгон жерлерде сууну топтоочу жана буруп кетүүчү, ж.о.э. котловандарды, траншеяларды жамгыр жана эриме суулардан коргоочу иш-чаралар каралышы керек.
14.4.5 Суу менен жабдуу имараттарында жана курулмаларында өткөрмө түтүктөр астананын үстү жагында жаткырылышы керек, авариялык сууларды буруп кете ала турган суу өткөрбөөчү каналдарда өткөрмө түтүктөрүн астананын астына жаткырууга болот.
14.4.6 Жерге чөгүүчү топурак бар болсо имараттардын тосмо конструкцияларынын идиштик курулмалардын дубалдарына таяп курууга жол берилбейт.
14.4.7 Суу менен жабдуу курулмаларынын абалын жана иштөөлөрүн текшерип туруу үчүн алардын негизги конструкциялык элементтерине жана жана түйүндөрүнө эркин кирүүгө мүмкүндүк камсыз кылынышы керек.
14.4.8 Имараттардын, курулмалардын жана өткөрмө түтүктөрдүн түтүктөрдүн же тосмо конструкциялардын бузулууларын алып келүүчү киргизүү жерлеринде, өткөрмө түтүктөрүндө жана кудуктарда компенсаторлорду орнотуу каралыш керек.
Түтүктөрдү идиштик курулмалардын жана имараттардын жер алдындагы бөлүктөрүнүн дубалдарына тыкыс бүтөп салууга жол берилбейт, түтүктөрдү дубал аркылуу алып өтүү үчүн сальниктер каралыш керек.
14.4.9 Герметиктүүлүгү талап кылынбаган тосмо конструкцияларында түтүк жана лотокторду өткөрүү үчүн кеңейтилген жылчыктар колдонулушу керек. Түтүк же лотоктун жогору жана төмөн жактарындагы жылчыктарды таман жактагы топурактын чөгүүсүнүн мүмкүн болгон чоңдугунун 1/3 не барабар кабыл алынышы керек. Жиктер тыгыз чоюлчаак материал менен толтурулууга тийиш.
Муну менен бирге эксплуатациялоо процессинде лотоктор менен ноолордун суу агып кирүүчү жээктерин тегиздөө каралышы керек.
14.4.10 Айрым курулмалардын ортосундагы өткөрмө түтүктөрүнүн жана лотоктордун бирине бирине карата шарттуу айландыруу жана аралаштыруу мүмкүнчүлүктөрү каралыш керек.
Түтүк жана лотокторду дубалдарга бүтөөдө алардын ичти көздөй жана тамандагы топурактын мүмкүн болгон чөгүүсүнүн чоңдугунун 1/5 көлөмүндө курулманын тышын көздөй горизонталдык жылышууларын камсыз кылышы керек.
14.4.11 Аймакты даярдоо үчүн себелеп көмүүдө, котловандардын, траншеялардын тескери толтуруулары жергиликтүү чопо аралаш топурак колдонулушу керек.
Топуракты тыгыздоонун керектүү деңгээлин тыгыздалган топуракка келиши мүмкүн боло турган жүктөмдөргө жараша кабыл алуу керек.
Тескери себелөөдө нымдуулугу оптималдуу болгон, ар бир катмары өз өзүнчө 1,6 т/м3га чейин тыгыздаштырылган топурак колдонулушу керек. Катмарлардын калыңдыгын топурак тыгыздоочу механизмдерге жараша кабыл алуу керек.
14.4.12 Суу менен жабдуу курулмаларынын айланасында курулмалардан 0,03 жантаюу менен суу өткөрбөгөн төшөмө жээктер каралышы керек.Төшөмө жээктердин туурасы:
а) топуракка чөгүүсү боюнча I типтеги топурак шартындагы идиштик курулмалар үчүн – 1,5 м; II типтеги топурак шартындагылар үчүн – 2 м;
б) сууу басым мунаралары үчүн – 3 м, болушу керек.
Төшөмө жээктерди алардын астындагы топуракты тыгыздагандан кийин орнотуу керек.
14.5 Суу жүргүзгүчтөр жана тармактары
14.5.1 Топуракка чөгүүсү боюнча I жана II типтеги топурак шартындагы басымдык өткөргүч түтүктөрдүн негизине коюлуучу талаптар 11-таблицада берилди.
14.5.2 Канал жана тоннелдердин поддондору жана түбү текшерүүчү кудуктарды көздөй жантайыңкы абалда болууга тийиш.
14.5.3 Негиздеме бар болсо суу жүгүрткүчтөрдүн жана суу түтүк тармактарынын жер алдындагы жана жер үстүндө жаткырылуусуна жол берилет.
14.5.4 Чөгүү ыктымалдуулугу 20 см ге чейинки I жана II типтеги топурак шарттарындагы бардык суу менен жабдуу тутумдарында ушул Курулуш ченемдеринин 9.20-п. ылайык материалдардан түтүктөр пайдаланылышы керек. Раструбдук жана муфталык түтүктөрдү бүтөөдө ийилчээк материалдарды колдонуу шарт.
Чөгүү ыктымалдуулугу 20 см ге чейинки II типтеги топурак шарттарында III категориядагы суу менен жабдуу тутумдарында пластмасса түтүктөрү колдонулуш керек; чоюн түтүктөрдү желим манжеттин астына колдонууга болот.
11-т а б л и ц а
Жерге чөгүүсү боюнча топурактын тиби | Ушул эрежелердин 5.4-п. ылайык суу берүүнүн камсыздуулугу | Аймактын мүнөзү | Өткөрмө түтүктөрүнүн негизине коюлган талаптар |
I | III | Курулган | Жерге чөгүүсүн эсепке албаганда |
Курула элек | Ошол эле | ||
II (жерге чөгүү чоңдугу 20 см ге чейин) | III | Курулган | Топуракты тыгыздоо |
Курула элек | Жерге чөгүүсүн эсепке албаганда | ||
II (жерге чөгүү чоңдугу 20 см ден ашык) | III | Курулган | Топуракты тыгыздоо жана поддон төшөө |
Курула элек | Топуракты тыгыздоо | ||
Э с к е р т ү ү л ө р 1 Курула элек аймак – 15 жылга чейин калктуу конуштардын же улуттук чарба объектилерин куруу каралбаган аймактар. 2 Топурактын тыгыздалышы – тыгыздалган катмардын төмөнкү чегиндеги кургак топурактын тыгыздыгы 1,65 тс/м3 га чейин негиздеги топурактын 0,3 м тереңдике чейин тапталуусу. 3 Поддон – үстүнө 0,1 м калыңдыктагы дренаждык катмар жаткырылуучу каптал жактарынын бийиктиги 0,1 – 0,15 ге чейинки суу өткөрбөгөн конструкция. 4 Өткөрмө түтүктөрүнүн негизине коюлуучу талаптар өткөрмө түтүктөрүнө жакын жерлерде жайгашкан имараттардын жана курулмалардын жоопкерчиликтеринин классына жараша аныкталыш керек. 5 Өткөрмө түтүктөрүнүн кошулган бирикмелердин астындагы траншеяларды тереңдетүү үчүн топуракты таптоону колдонуу керек. | |||
14.5.6 Поддондордо, каналдарда жана тоннелдерде төшөлүүчү өткөрмө түтүктөрүн эксплуатациялоо учурунда көзөмөлдөө үчүн жергиликтүү шарттарга ылайык аныкталган, бирок 200 м ден ашпаган аралыктарда текшерүүчү кудуктар каралыш керек. Муну менен бирге суунун кудукту айланып өтүп тармакка куюлуусу камсыз кылыныш керек.
Канал жана тоннелдердин таманы жана түптөрү текшерүүчү кудуктарды көздөй жантайып туруулары керек.
Э с к е р т ү ү - Негизделген болсо жер алдындагы жана жер үстүндөгү суу жүгүрткүчтөр жана суу өткөргүч тармактарын кароого жол берилет.
14.5.7 Жерге чөгүү боюнча I типтеги топурак шартында суу өткөргүч тармактарынын траншеялык төшөөдө туурасынан тармактардан тартып имарат жана курулмалардын пайдубалына чейин эң аз 5 м болушу керек, жерге чөгүү боюнча II типтеги топурак шартында 12-таблицага ылайык аныкталат.
12-т а б л и ц а – II типтеги топурак шартындагы тармактардан имарат жана курулмалардын пайдубалына чейинки минималдык аралык.
Жерге чөгүүчү топурактын калыңдыгы, м | II типтеги топурак шартындагы тармактардан имарат жана курулмалардын пайдубалына чейинки минималдык аралык, берилген түтүктүн диаметрине карата, мм
| ||
100гө чейин | 100 - 300 | 300 | |
5ке чейин | Жерге чөгүүнү эсептебегенде | ||
5 ден 12ге чейин | 5 | 7,5 | 10 |
12 | 7,5 | 10 | 15 |
Э с к е р т ү ү л ө р 1 Жерге чөгүү касиеттери толук четтетилген II типтеги топурак шарттарында имарат жана курулмаларды курууда тармактардан имарат жана курулмалардын пайдубалдарына чейинки аралык жерге чөгүүнү эсепке албастан кабыл алынат. 2 0,6 МПа (6 кгс/см2) дан жогору басым менен иштеген суу өткөргүч тилкелерин төшөөдө көрсөтүлгөн аралыктар 30 % жогорулатылат. 3 Таблицада берилген аралыктарды камсыз кылууга мүмкүн эмес болгон учурларда өткөрмө түтүктөрү авариялык сууларды контролдук кудуктарга милдеттүү коё берүүчү түзүлүштөрү бар суу өткөрбөгөн каналдарда, тоннелдерде же поддондордо төшөлүүсү керек. 4 Аталган шарттарды камсыз кылуу мүмкүн эмес болсо, ж.о.э. суу түтүктөрүнүн имараттарга жана курулмаларга кирүүчү жерлеринде өткөрмө түтүктөрү жерге чөгүү боюнча I категориядагы топурак шартында – суу өткөрбөгөн поддондордо; II категорияда болсо каналда жана тоннелдерде төшөлүүсү керек. | |||
14.5.8 Суу жүгүрткүчтөрдө жана суу түтүк тармактарында кудуктарда, каналдарда жана туннелдерде фланцтык арматуранын алдына жылып турма тийишме кошулуштар каралышы керек.
14.5.9 Суу өткөргүч тармактарындагы кудуктарды: чөгүшү боюнча I типтеги топурак шарттарында – негиздеги топуракты 0,3 м тереңдикке тыгыздоо; чөгүшү боюнча II типтеги топурак шарттарында – негиздеги топуракты 1м тереңдикке тыгыздоо жана өткөрмө түтүктөрдүн астына кудуктун суу өткөрбөөчү таманын жана дубалдарын орнотуу аркылуу долбоорлоо керек.
Кудуктардын жапма тешиктеринин айланасындагы жердин бети койнунан 0,3 м аралыкка чейин кудуктан 0,03 жантаюу менен пландалышы керек.
14.5.10 Суу алгыч кудуктар имарат менен курулмалардан 20 м ден кем эмес аралыктагы ылдый жайгашкан аймактарда орнотулушу керек.
14.5.11 Текшерүүчү кудуктардын төмөнкү жактары суу өткөрбөөсү керек.
Текшерүүчү кудуктардан сууну агындылоо ушул Курулуш ченемдеринин 6-бөлүмүнүн сунуштарына ылайык каралышы керек. Сууну агындылоо жок болсо кудуктун төмөн жагынын көлөмү жана тереңдиги анын күнүнө бирден сейрек эмес бошотулуп туруусуна шарт түзө тургандай болушу керек.
Эгер муктаждык болсо текшерүүчү кудуктар суученегич орнотмо менен же болбосо, диспетчердик пунктка белги бере турган суунун деңгээлинин автоматтуу орнотмо менен жабдылуусу керек.
14.6. Курулуш конструкцииялары
14.6.1 Жерге чөгүү боюнча I типтеги топурак шартында идиштик курулмалардын алдындагы негиз төмөндөгүдөй кабыл алынат:
а) эгер чөгүүчү топурактын катмарынын чегиндеги курулмадан σrp жана топурактын өз салмагынан σrg келе турган жалпы басым баштапкы чөгүү басымынан Psl, т.е. σrр + σrg£Psl аз же ага барабар болсо, же болбосо тунманынS жана курулманын пайдубалынын чөгүүсүнүн Sslжалпы көлөмү каралып жаткан курулма үчүн мүмкүн боло турган эң жогорку чектенSmax азыраак же ага барабар болсо, б.а. S + Ssl£Smax,u,табигый;
б) σrp + σrg>Psl жеS+ Ssl>Smax.u. болгондогу топурактын тыгыздалышы.
14.6.2 Жерге чөгүү боюнча I типтеги топуракты тыгыздоодо пайдубалдын тышкы кырларынан бардык тарапты көздөй курулмалардын өлчөмдөрүнөн 2 м ге ашып турган аянттын чегинде 1,5 м ден кем эмес тереңдиктеги салмактуу таптоолор каралыш керек. Тыгыздалган зонанын төмөнкү чегиндеги кургак топурактын тыгыздыгы 1,65 т/м3ден кем болбоого тийиш.
Э с к е р т ү ү - чөгүүчү топурак кыртышын берилген тыгыздык деңгээлине чейин салмактуу таптоолор менен тыгыздоо мүмкүн болбой турган болсо, кургак топурактын тыгыздыгы 1,65 т/м3 ге чейин жеткирилген жергиликтүү топурактан калыңдыгы 1,5 м ге чейинки топурак жаздыгы каралышы керек.
14.6.3 Идиштик курулмалар жайгашкан имараттардын дубалдарынын жана колонналарынын пайдубалдарынын астында, ж.о.э. соргуч чордондордун полдорунун астында, нымдуу технологиялык процесстүү жайларда жана идиштердин алдыларында жерге чөгүү боюнча I типтеги топурактарда пайдубалдын тышкы кырларынан бардык тарапты көздөй курулмалардын өлчөмдөрүнөн 2 м ге ашып турган, аянт чегинде 1,5 м ден кем эмес тереңдиктетопуракты тыгыздоо керек, ал эми II типтеги чөкмө топурактар үчүн тыгыздалган чөлкөмдүн чегиндеги кургак топурактын тыгыздыгы 1,7 т/м3 ден кем эмес болууга тийиш.
14.6.4 Суунун төгүлүүсү мүмкүн болгон жайларда астаналар суу өткөрбөй турган болушу керек жана жабдуунун дубалдарына, колонналарына жана пайдубалдарына такалган жерлеринде периметр боюнча 0,1 м бийиктиктеги кырчалар каралышы керек. Астананын суу топтоочу суу өткөрбөгөн ангекти көздөй жантаюусу 0,01 м ден кем болбоого тийиш.
Тереңдетилген машина залдарындагы тосмо конструкциялардын төмөнкү тарабынын 0,6 м ден кем эмес бөлүгү суу өткөрбөй турган болушу керек.
14.6.5 Жерге чөгүү боюнча II типтеги топурак шартында идиштик курулмалардын астында төмөндөгүлөр каралышы керек:
а) чөгө турган катмардын бүт жерлеринде топурактын чөгүү касиеттерин толук бойдон жок кылуу же чөгө турган кыртышты кесип алуу;
б) топурактын чөгүү касиеттеринин бир бөлүгүн жок кылуу;
Э с к е р т ү ү - бузулууга учураган аймактагы топурактын чөгүү касиеттеринин бир бөлүгүн жок кылууга, тунмалардын жана чөкмөлөрдүн жалпы көлөмдөрү долбоорлонуп жаткан курулмалар үчүн уруксат берилген көлөмдөрдү ашпай турган болсо гана жол берилет.
14.6.6 Чөгүү тереңдиги 20 см ге чейинки жерге чөгүү боюнча II типтеги топурактардын чөгүү касиеттеринин бир бөлүгүн жок кылууда топурактын тышкы катмарын салмактуу таптоо же топурак жаздыктарын орнотуу каралышы керек.
Тыгыздалган катмардын калыңдыгын курулмалардын конструкциялык өзгөчөлүктөрүнө жана чөгө турган топурактын калыңдыгына жараша 2-5 см өлчөмүндө кабыл алуу керек.
14.6.7 Жерге чөгүү боюнча II типтеги топурактардын чөгүү касиеттеринин бир бөлүгүн жок кылууда идиштик курулманын түбүндө дренаждоочу катмары бар чыпкалоого каршы төшөмө жана сууну текшерүүчү кудукка агындылай турган дубалдык дренаж каралыш керек.
14.6.8 Суу басым мунараларынын астында топурактын чөгүүсүнүн шартынын типине карабастан кургак топурак, тыгыздыгы 1,7 т/м3 болгонго чейин тапталууга тийиш.
II типтеги топурак шарттарында суу басым мунарасынын пайдубалы темирбетон такталардан жасалып, андан авариялык сууларды текшерүүчү кудукка агындылоочу орнотмо каралышы керек.
14.6.9 Чөгүү тереңдиги 20 см ден ашык жерге чөгүү боюнча II типтеги топурактарда чөгө турган катмардын бүт жерлеринде топурактын чөгүү касиеттерин толук бойдон жок кылуу же чөгө турган кыртышты кесип алуу каралышы керек.
14.6.10 Бүт бардык чөгүүчү калыңдык боюнча топурактын чөгүү касиеттерин толук жоюуда чөкмө топурактын жогорку катмарын салмактуу таптоо аркылуу тыгыздандыруу менен бирге чөкмө топурактарды алдын ала нымдоо же тереңдиктеги жардыруулар менен нымдаштыруу каралышы керек.
14.6.11 Алдын ала нымдаштыруу мүмкүн болбогон учурларда (мисалы, нымдоо үчүн суунун жоктугу, имарат жана курулмалардын жакын жайгашуусу) топурактын чөгүү касиеттерин толук бойдон жоюу үчүн бүт бардык чөгүүчү калыңдык боюнча тереңдетилген түркүктөр аркылуу топуракты тыгыздоо каралышы керек.
14.6.12 Жемирилме кыртышты кесип алууну:
а) уруу, толтуруу, бургулоо ж.б. жолдор менен орнотулган түркүктөрдөн турган түркүк пайдубалдарын орнотуу аркылуу;
б) химиялык, термикалык ж.б. жолдор менен бекитилген топурак тасмаларын жана тирөөчтөрүн колдонуу аркылуу;
в) пайдубалдарды тереңдетүү аркылуу.
14.6.13 Түркүк пайдубалдары аркылуу жемирилме кыртышты кесүүнү, идиштик курулмалардын алдындагы топурактын жемирилүү касиетин толук бойдон жоюуга мүмкүн болбогон учурларда колдонуу кабыл алуу керек.
14.6.14 II типтеги топурак кыртыштык шарттагы идиштик курулмаларда курулмалардын чөгүүсүн, суунун сызылып чыгуусун жана деформация турукташтырылганга чейинки курулуш жана эксплуатация мезгилиндеги кыртыштык суулардын көзөмөлдөнүүсү каралыш керек.