Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЭРЕЖЕЛЕРИ
Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму
ИМАРАТТАРДЫН ЖАНА КУРУЛМАЛАРДЫН ӨРТ КООПСУЗДУГУ
ПОЖАРНАЯ БЕЗОПАСНОСТЬ ЗДАНИЙ И СООРУЖЕНИЙ
Fire safety of buildings and structures
Киргизүү датасы 2018 ж.12 декабры
1 Колдонуу чөйрөсү
1.1 Ушул ченемдер жайлардын, имараттардын жана башка курулуш имараттарынын (мындан ары - имараттар) тургузулушунун жана эксплуатациялоосунун бардык этаптарында өрткө каршы коргонуунун талаптарын, ошондой эле имараттардын, алардын эелементтеринин жана бөлүктөрүнүн, бөлмөлөрүнүн, курулуш конструкцияларынын жана материалдарынын өрт-техникалык классификациясын аныктайт.
1.2 6-, 7-жана 8-бөлүмдөрдүн атайын милдеттеги (жарылуучу заттарды жана жардыруучу каражаттардыөндүрүүчү, аскер арналышындагы, метрополитендердин жер алдындагы курулмаларына, тоо өндүрүштөрүнө) имараттарга тиешеси жок.
1.3 Имараттарга, курулуш конструкцияларына, буюмдарына жана материалдарына ченемдик жана техникалык документтер ушул ченемдер менен жөнгө салынган өрт-техникалык мүнөздөмөлөрдү камтууга тийиш.
1.4 Курулуштагы ченемдик документтердин тутумунун өрткө каршы ченемдери жана талаптары ушул ченемдердин талаптарына негизделиши керек.
Ушул ченемдер менен катар башка да аныкталган тартипте бекитилген ченемдик документтердеги өрткө каршы талаптар аткарылууга тийиш. Бул ченемдик документтер ушул ченемдердин жоболоруна айрым имараттардын, жайлардын жана инженердик тутумдардын түрлөрүнүн өрткө каршы коргонуу бөтөнчөлүгүн жана функционалдык милдетинин өзгөчөлүгүн эске алган, кошумча, тактоолорду жана өзгөртүүлөрдү камтыйт.
1.5. Имараттардын бийиктиги 75 м* чоң болгон Ф1.3 функциялык өрт кооптуулук классындагы, башка функциялык өрт кооптуулук классындагы бийиктиги 50 м көп жана жер алдындагы кабаттардын саны бирден көп болгон, ошондой эле өтө татаал көп функциялуу имараттар үчүн ушул ченемдердин талаптарын тутуудан тышкары, алардын өрткө каршы коргонуусунун бөтөнчөлүгүн чагылдырган, алардын ичинде инженердик-техникалык жана уюштуруу иш-чараларынын кошумча топтому кирген техникалык шарттар өрттү алдын алуу, өчүрүү жана авариялык-куткаруучу иштерди жүргүзүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгышы керек. Аталган техникалык шарттар жергиликтүү өрттү алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсундөгу ыйгарым укуктуу мамлеккттик органдын жана КР Мамкурулушунун башкаруу органы менен макудашылып, тапшырык берүүчү менен бекитилүүгө тийиш.
Конкреттүү объекттер боюнча курулуш ченемдеринин өрткө каршы талаптарынан четке чыгууга уруксатты архтектура-курулуш чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган негизделген учурда бере алат. Андай учурда бул четке чыгууларды компенсациялоочу иш-чаралар өрттү алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсундөгу ыйгарым укуктуу мамлеккттик органдын макулдугу менен болууга тийиш.
1.5 Турган имараттардын же алардагы айрым бөлмөлөрүнүн функциялык арналышын, ошондой эле көлөмдүү-мерчемдүү жана конструкциялык чечимдерди өзгөрткөн учурда, ушул имараттардын жана бөлмөлөрдүн жаңы милдетине ылайык иштеп жаткан ченемдик документтер колдонулушу керек.
* Ушул жерде жана мындан ары, атайын айтылган учурлардан тышкары, имараттын бийиктиги жогорку кабаттын жайгашуу бийиктиги менен аныкталат, жогорку техникалык кабат саналбайт, ал эми кабаттын жайгашуу бийиктиги өрт өчүрүүчү машиналар үчүн өткөөлдөрдүнбетиндеги белгилер менен тышкы дубалдагы ачылуучу тешиктин (терезенин) төмөн чегинин айрымасы менен аныкталат.
2 Ченемдик шилтемелер
Ушул курулуш ченемдеринде төмөндөгү документтерге ченемдик шилтемелер пайдаланылды:
ЭАКЧ 2.04-05-95 «Табигый жана жасалма жарык берүү»;
КЧ КР 31-12:2018 «Автомобиль токтотуучу жайлар»;
КР КЧ 31-09:2018 «Бир батирлүү турак имараттар»;
КР КЧ 31-04:2018 «Коомдук имараттар жана курулмалар»;
МАСТ 12.1.044-89 ССБТ “Заттардын жана материалдардын өрт-жарылуу коркунучу”
МАСТ 25772-83 “Тепкичтердин, балкондордун жана чатырлардын болот тосмолору. Жалпы техникалык шарттар”;
МАСТ 30244-94 “Курулуш материалдары. Күйүүгө сыноолорду өткөрүү методдору”;
МАСТ 30247.0-94 “Курулушконструкциялары. Отко чыдамдуулукка сыноолорду өткөрүү методдору. Жалпы талаптар”;
МАСТ 30247.1-94 “Курулушконструкциялары. Отко чыдамдуулукка сыноолорду өткөрүү методдору. Көтөрүп туруучу жана тосмо конструкциялар.”;
МАСТ 30247.3-2002 “Курулушконструкциялары. Отко чыдамдуулукка сыноолорду өткөрүү методдору. Лифт шахталарынын эшиктери”;
МАСТ 30402-96 “Курулуш материалдары. Тез тутангычтыкка сыноолорду өткөрүү методдору”;
МАСТ 30403-96 “Курулушконструкциялары.Өрт кооптуулугун аныктоо методу” ;
МАСТ 30444-97 “Курулуш материалдары. Жалындын таралышына сыноолорду өткөрүү методу”;
МАСТ 12.1.044-89 Өрт жарылуу коркунучу заттар жана материалдар;
ӨКЧ 233-96 Имараттар жана имараттардын фрагменттери.
3 Терминдер жана аныктамалар
Ушул курулуш ченемдеринде терминдер тиешелүү аныктамалары менен пайдаланылды.
3.1 авариялык чыгуучу жер : Эвакуация жолуна түздөн-түз сыртка же коопсуз зонага алып баруучу чыгуучу жер (эшик, люк, терезе) жана ал адамдарды куткаруу үчүн кошумча чыгуучу жер катары колдонулат, бирок өрт болгондо адамдарды коопсуз эвакуациялоо шарттарына зарыл сандагы жана өлчөмдөгү эвакуация жолдорунун жана чыгуучу жерлердин ылайыктуулугун баалоодо эсепке алынбайт;
3.2 жарылуу: Чөйрөгө энергиянын бөлүнүп чыгышы жана кысылган газдардын пайда болушу менен коштолгон химиялык тез айлануу;
3.3 коргоо объекти: Аларга карата өрт коопсуздугунун талаптары белгиленген же белгиленүүгө тийиш болгон жеке жана юридикалык жактардын мүлкү, мамлекеттик же муниципалдык мүлк (аймакты, имараттарды, курулмаларды, транспорт каражаттарын, технологиялык түзүлүштөрдү, жабдууларды, агрегаттарды, буюмдарды жана башка мүлктөрдү кошкондо);
3.4 өрттүн коркунучтуу факторлору: Алардын таасири адамдын жаракат алышына, ууланышына же өлүмүнө жана (же) материалдык зыянга алып келиши мүмкүн болгон өрт факторлору;
3.5 өрт отсеги: Өрткө каршы дубал жана өрткө каршы калканч же өрткө туруктуулук чеги бар жабуу менен бөлүнгөн, өрттүн узактыгынын ичинде өрттүн анын чегинен тышкары таралып кетпешин камсыз кылуучу имараттын (курулманын) бөлүгү;
3.6 заттар менен материалдардын өрт-жарылуу коркунучу: Заттар менен материалдардын алардын физикалык-химиялык касиеттери жана (же) өрт шартындагы аракеттери менен мүнөздөлгөн, күйүүчү (өрттөнүү коркунучу же жарылуу коркунучу бар) чөйрөнү пайда кылуу жөндөмдүүлүгү;
3.7 конструкциянын отко туруктуулук чеги: Өрт таасири башталгандан тартып ал конструкция үчүн отко туруктуулугу боюнча четки абалдар үчүн ченемделгендин ичинен бири болгонго чейинки убакыт;
3.8 эвакуация: Өрттүн коркунучтуу факторлорунун аларга таасир тийгизүүсүнүн мүмкүнчүлүгү болгон жайлардан адамдарды тышка же коопсуз зонага уюштурулган өз алдынча (өз алдынча эмес) кыймылынын (орун которуусунун) процесси;
3.9 эвакуациялык чыгуучу жер: Эвакуациянын түздөн түз тышка же коопсуз зонага алып баруучу жолуна чыгуучу жер;
4 Негизги жоболор
4.1. Имараттарда өрт болуп калган учурда төмөндөгүлөрдү камсыздаган конструкциялык, көлөмдүү-мерчемдүү жана инженердик-техникалык чечимдер каралууга тийиш:
- өрттүн кооптуу факторлорунан улам, адамдарды алардын курагына жана физикалык абалына карабастан, алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч пайда болгонго чейин тышка имаратка чектеш аймакка (мындан ары- тышка) алып чыгуу мүмкүнчүлүгү;
- адамдарды сактап калуу мүмкүнчүлүгү;
- өрт өчүрүүчү бөлүмдөрдүн жеке курамынын өрткө жеткиликтүүлүгү жана өрт очогуна өрт өчүрүүчү каражаттарды жеткирүү мүмкүнчүлүгү, ошондой эле адамдарды жана материалдык баалуулуктарды сактап калуу боюнча иш-чаралар;
- өрт сакчыларына жана аны техникалык жактан жабдууга, өрткө каршы иш-чараларга сарпталган чыгымдардын жана зыян келтирүүнүн чоңдугунун ара катышы экономикалык жактан негизделген учурда, тике жана кыйыр материалдык чыгымдарды чектөө, анын ичинде имараттын ичиндегилери жана имараттын өзү;
- өрттүн жанында жайгашкан имараттарга жайылып кетүүсүн болтурбоо, алардын ичинде күйүп жаткан имарат ураганда.
4.2. Курулуш процессинде төмөндөгүлөрдү камсыздоо зарыл:
- аныкталган тартипте бекитилген жана иштеп жаткан ченемдерге ылайык иштелип чыккан долбоордо каралган өрткө каршы иш-чараларды артыкчылыктуу аткаруу;
- курулуш жана монтаждоо иштерин өрткө коопсуз жүргүзүү, курулуп жаткан жана көмөкчү объекттерди өрттөн коргоо жана улуттук ченемдик документтерде каралган өрткө каршы эрежелерди тутуу;
- өрткөкаршы күрөшүү каражаттарынын оң абалда жана бар болушу;
- адамдарды коопсуз эвакуациялоо жана сактап калуу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле курулуп жаткан объектте жана курулуш аянтында материалдык баалуулуктарды сактап калуумүмкүнчүлүгү;
4.3. Эксплуатация учурунда төмөндөгүлөрдү тутуу керек:
- имараттын ичиндегилерин жана анын өрткө каршы каражаттарын долбоорлоо жана техникалык документтерине ылайык ишке жарамдуулугун камсыздоо;
- аныкталган тартипте бекитилген өрт коопсуздугу боюнча эрежелерди аткарууну камсыздоо;
- аныкталган тартипте бекитилген иштеп жаткан ченемдерге ылайык иштелип чыккан долбоордун конструкциялык, көлөмдүү-мерчемдүү жана инженердик-техникалык чечимдерисиз өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол бербөө;
- ремонттоо иштери жүрүп жаткан учурда иштеп жаткан ченемдердин талаптарына жооп бербеген конструкцияларды жана материалдарды колдонууга жол бербөө.
Эгерде имаратты курууга уруксат имаратта же анын кайсы бөлүгүндө болбосунжайгашкан адамдардын саны же өрт жүктөмү чектелүү болот деген шарт менен алынса, анда имараттын ичинде көрүнө жерлерде ушул чектөөлөр туурасында билдирүүлөр болууга тийиш, ал эми имараттын администрациясы өрттү болтурбоо жана адамдарды эвакуациялоо боюнча атайын уюштуруу иш-чараларын иштеп чыгышы керек.
4.4. Имараттарды өрттөн сактоо боюнча иш-чаралары өрт өчүрүүчү бөлүмдөрдүн жайгашуусун жана техникалык жабдылуусун эске алып каралат.
4.5. Имараттардын өрткө кооптуулугун анализдөөдө адамдарды эвакуациялоого жана өрткө каршы күрөшүүгө, өрттүн өнүгүшүнүн жана анын кооптуу факторлорунун жайылышынын убакыттык параметрлеринин ара катышына негизделген эсептик сценарийлер колдонулат.
5. Өрткө каршы техникалык классификация
5.1. Жалпы жоболор
5.1.1 Курулуш материалдарын, конструкцияларды, жайларды, имараттарды, имараттардын элементтеринин жана бөлүктөрүнүн өрткө каршы-техникалык классификациясы өрттүн кооптуу факторлорунун пайда болушуна жана анын тарашына себеп болгон – өрткө кооптулук сапаттары боюнча, өрттүн таасирине жана анын кооптуу факторлоруна каршы туруу – отко чыдамдуулуксапаттары боюнча бөлүнүүгө негизделет.
5.1.2 Өрткө каршы-техникалык классификацияконструкцияларды, жайларды, имараттарды, имараттардын элементтеринин жана бөлүктөрүнүн алардын отко чыдамдуулугуна жана (же) өрт коркунучуна жараша өрткө каршы коргоо боюнча зарыл болгон талаптарды аныктоо үчүн арналат.
5.2. Курулуш материалдары
5.2.1.Курулуш материалдары өрт коркунучу боюнча гана мүнөздөлөт.
Курулуш материалдарынын өрт коркунучу төмөндөгү өрткө каршы-техникалыкмүнөздөмөлөр менен аныкталат: күйгүчтүгү, тез тутангычтыгы, жалындын нерсенин бетинде жайылышы, түтүн пайда кылуучулугу жана ууландыруусу.
5.2.2. Күйгүчтүгү боюнча курулуш материалдары: “Күйбөс” жана “Күйүүчү” болуп бөлүнөт. Күйүүчүкурулуш материалдары төрт топко бөлүнөт:
Күйүүчү 1 (начар күйүүчү);
Күйүүчү 2 (орто күйүүчү);
Күйүүчү З (кадыресе күйүүчү);
Күйүүчү 4 (катуу күйүүчү).
Күйүүчү жана курулуш материалдарынын күйгүчтүгү боюнча топтору ГОСТ 30244 боюнча аныкталат.
Күйбөс курулуш материалдары үчүн өрт кооптуулугунун башка көрсөткүчтөрү аныкталбайт жана ченемделбейт.
5.2.3. Тутангычтыгыбоюнча күйүүчү курулуш материалдары үч топко бөлүнөт:
В1 (оор тутануучу);
В2 (тутануусу орто);
ВЗ (тез тутануучу).
Курулуш материалдарынын тутангычтыгыбоюнча топтору ГОСТ 30402 боюнча аныкталат.
5.2.4. Жалындын нерсенин бетинде жайылышы боюнча күйүүчү курулуш материалдары төрт топко бөлүнөт:
РП1 (жайылбас);
РП2 (начар жайылуучу);
РПЗ (орто жайылуучу);
РП4 (тез жайылуучу).
Жалындын нерсенин бетинде жайылышы боюнча күйүүчү курулуш материалдарынын топтору тинекенин жана полдордун бет катмарлары үчүн, алардын ичинде килем жабуулары үчүн ГОСТ 30444 боюнча аныкталат.
Башка курулуш материалдары үчүн жалындын нерсенин бетинде жайылышы боюнчатоптору аныкталбайт жана ченемделбейт.
5.2.5.Түтүн пайда кылуучу күйүүчү курулуш материалдары үч топко бөлүнөт:
Д1 (түтүн пайда кылуусу аз);
Д2 (түтүн пайда кылуусу орто);
ДЗ (түтүн пайда кылуусу жогору).
Түтүн пайда кылуучу күйүүчү курулуш материалдарынын топтору ГОСТ 12.1.044 2.14.2 жана 4.18 п. боюнча аныкталат.
5.2.6. Күйүүдө ууландыруучу заттарды бөлүп чыгаруу боюнча курулуш материалдары төрт топко бөлүнөт:
Т1 (кооптуулугу аз);
Т2 (орто кооптуу);
ТЗ (кооптуулугу жогору);
Т4 (өтө кооптуу).
Күйүүдө ууландыруучу заттарды бөлүп чыгаруу боюнча курулуш материалдарынын топтору МАСТ 12.1.0442.16.2 жана 4.20 п. боюнча аныкталат.
Курулуш материалдарынын өрт коркунуч классы 1-таблицага ылайык келүүгө тийиш.
1-таблица
Курулуш материалдарынын өрт коркунуч сапаттары
| Топторуна жараша курулуш материалдарынын өрт коркунуч классы | |||||
КМ0 | КМ1 | КМ2 | КМ3 | КМ4 | КМ5 | |
Күйүүчүлүгү | НГ | Г1 | Г1 | Г2 | Г3 | Г4 |
Тутангычтыгы | - | В1 | В2 | В2 | В2 | В3 |
Түтүн пайда кылуу жөндөмү | - | Д2 | Д2 | Д3 | Д3 | Д3 |
Токсикалуулугу (уулуулугу) | - | Т2 | Т2 | Т2 | Т3 | Т4 |
Оттун таралышы | - | РП1 | РП1 | РП2 | РП2 | РП4 |
5.2.7. Өндүрүш жана кампа милдетиндеги имараттар, курулмалар жана жайлар, алардын функциялык милдетине карабастан, өрт жана жарылуу коркунучтугу боюнча төмөндөгү категорияларга бөлүнөт:
1) «А» - жарылуу-өрт коркунучужогору;
2) «Б» - жарылуу-өрткө коркунучтуу;
3) «В1 - «В4» - өрткө коркунучтуу;
4) «Г» - өрт коркунучу орточо;
5) «Д» - өрт коркунучу төмөн.
5.2.8. Имараттардын жана курулмалардын өрт жана жарылуу коркунучу боюнча категориясы ушул имараттагы же курулмадагы бөлмөлөрдүн суммалык жана үлүштүкаянтынан алынып аныкталат.
Өндүрүш жана кампа милдетиндеги имараттардын, бөлмөлөрдүн жана курулмалардын өрт жана жарылуу коркунучу боюнча категориясы капиталдык курулуш жана реконструкциялоо объектилерине долбоорлоо документтеринде көрсөтүлөт.
5.2.9. Имараттардын, бөлмөлөрдүн жана курулмалардын өрт жана жарылуу кооптуулугу боюнча категориясы аныкталган тарипте бекитилген курулуш ченемдери жана эрежелери менен аппараттардагы жана жайлардагы күйүүчү заттардын жана материалдардын түрүнө, алардын санына жана өрткө кооптуу сапаттарына, ошондой эле бөлмөлөрдүн көлөмдүү-мерчемдүү чечимдерине жана аларда жүргүзүлүүчү технологиялык процесстердин мүнөздөлүшүнө жараша аныкталат.
5.2.10. Имараттардын, курулмалардын жана жайлардын категорияларын алардын «А» эң кооптуу категориядан «Д» эң коопсуз категориясына карай ырааттуу текшерүү аркылуу тиешелүүлүгүн аныктоо жүргүзүлөт.
Имараттардын, курулмалардын жана жайлардын «В1», «В2», «ВЗ» же «В4» категорияларына тиешелүүлүгү, алардагы өрт жүктөмдүн санына жана алардын жайгашуу ыкмасына, ошондой эле аны түзгөн материалдардын жана заттардын өрт коркунучун туудурган сапаттарына жараша ишке ашат.
5.3 Курулуш конструкциялары
5.3.1 Курулуш конструкциялары отко чыдамдуулук жана өрт коркунучу боюнча мүнөздөлүнөт.
Отко чыдамдуулуктун көрсөткүчү болуп отко чыдамдуулуктун чеги эсептелет, ал эми конструкциянын өрт коркунучун, анын өрт кооптулугунун классы мүнөзөдөйт.
5.3.2 Курулуш конструкцияларынын отко чыдамдуулугунун чеги ушул конструкция үчүн ченемделген чекке жеткен абалдын белгилери убакыт боюнча (минутта) бирөөнүндө же ырааты менен бир нечесинде болуусу менен аныкталат:,
R- көтөрүп туруучу жөндөмүн жоготуу;
Е –бүтүндүүлүгүн жоготуу;
I –жылуулукту обочолоочу жөндөмүн жоготуу.
Курулуш конструкцияларынын отко чыдамдуулугунун чегин жана алардын шарттуу белгилерин ГОСТ 30247 боюнча аныктайт. Мында терезелердин отко чыдамдуулугунун чеги бүтүндүгүн жоготкон учурдан (Е) баштап аныкталат.
5.3.3 Курулуш конструкциялары өрт коркунучу класска бөлүнөт:
КО (өрт коркунучу жок);
К1 (өрт коркунучу аз);
К2 (өрт коркунучу орто);
КЗ (өрт коркунучу жогору).
Курулуш конструкцияларынынөрт коркунучу классы ГОСТ 30403 боюнча аныкталат.
5.4 Өрткө каршы бөгөттөр
5.4.1 Өрткө каршы бөгөттөр өрттүн жана күйүү өндүмдөрүнүн жайлардан же өрттун очогу болгон өрт отсектен башка жайларга таралып кетишин болтурбоо үчүн арналат.
Өрткө каршы бөгөттөргөөрткө каршы дубалдар, тосмолор жана перекрытиелер кирет.
5.4.2 Өрткө каршы бөгөттөротко чыдамдуулук жана өрт коркунучу боюнча мүнөздөлөт.
Өрткө каршы бөгөттөрдүнотко чыдамдуулугу анын элементтеринин отко чыдамдуулугу менен аныкталат:
тосмо бөлүгүнүн;
бөгөттүн туруктуулугун камсыздаган конструкциянын;
бөгөт таянып турган конструкциялардын;
алардын ортосун бекитүүчү түйүндөрдүн.
Бөгөттүн туруктуулугун камсыздаган, бөгөт таянып турган конструкциялардын жанаалардын ортосун бекитүүчү түйүндөрдүнR белгиси боюнча отко чыдамдуулуктун чеги өрткө каршы бөгөттүн тосмо бөлүгүнө талап кылынган отко чыдамдуулуктун чегинен кем болбошу керек.
Өрткө каршы бөгөттүн өрт коркунучу аны тосуп турган бөлүгү мененалардын ортосун бекитүүчү түйүндөрдүн, өрткө каршы бөгөттүн туруктуулугун камсыздаган конструкциялардын өрт коркунучу боюнча аныкталат.
5.4.3 Өрткө каршы бөгөттөр аларды тосуп туруучу бөлүктөрдүн отко чыдамдуулугуна жараша 2-таблицага ылайыктиптерге бөлүнөт, өрткө каршы бөгөттөрдөгү тешиктерди толтуруу (өрткө каршы эшиктер, дарбазалар, люктар, клапандар, терезелер, көшөгөлөр) – 3-таблицага ылайык, өрткө каршы бөгөттөрдөгү тешиктерде каралган тамбур-шлюздар – 4-таблицага ылайыкбөлүнөт.
Тамбур-шлюздардын тосмолору жана перекрытиелери өрткө каршы болууга тийиш.
Өрткө каршы бөгөттөр КО классында болушу керек. Атайын айтылган учурларда К1классындагы 2-4- типтегиөрткө каршы бөгөттөрдү колдонууга жол берилет.
2-таблица
| Өрткө каршы бөгөттөр | Өрткө каршы бөгөттөрдүн тиби
| Өрткө каршы бөгөттөрдүн отко чыдамдуулугунун чеги, кем эмес | Тешиктерди толтуруу тиби, төмөн эмес |
Тамбур- шлюздун тиби, төмөн эмес | |
|
| Дубалдар | 1 | REI150 | 1 | 1 |
|
| 2 | REI 45 | 2 | 2 | |
| Тосмолор | 1 | EI 45 | 2 | 1 | |
|
| 2 | EI 15 | 3 | 2 | |
| Перекрытиелер | 1 | REI 150 | 1 | 1 | |
|
| 2 | REI 60 | 2 | 1 | |
|
| 3 | REI45 | 2 | 1 | |
|
| 4 | REI 15 | 3 | 2 | |
3-таблица
Өрткө каршы бөгөттөрдө тешиктерди толтуруу
| Өрткө каршы бөгөттөрдө тешиктерди толтуруунун тиби
| Отко чыдамдуулуктун чеги, төмөн эмес |
|
|
|
|
|
|
Эшиктер, дарбазалар, люктар, клапандар, | 1 | EI 60 |
| 2 | EI30* |
| 3 | EI 15 |
Терезелер | 1 | EI 60 |
| 2 | EI 30 |
| 3 | EI 15 |
Көшөгөлөр | 1 | EI 60 |
* Лифт шахталарынын эшигинин отко чыдамдуулук чегин ЕI 30 кем эмес кабыл алууга жол берилет.
4-таблица
| Тамбур-шлюздун элементтеринин тиби, кем эмес | ||
Тамбур-шлюздун тиби | Тосмолор | Перекрытиелер | Тешиктерди толтуруу
|
1 | 1 | 3 | 2 |
2 | 2 | 4 | 3 |
5.5 Текпичтер жана тепкич бөлүктөрү
Эвакуацияга арналган текпичтер жана тепкич бөлүктөрү төмөндөгү типтеги тепкичтерге бөлүнөт:
1-ТИП – тепкич бөлүктөрүндө жайгашкан, ички;
2-ТИП – ачык ички;
3- ТИП – ачык тышкы.
5.5.1 Төмөндөгү типтеги кадимки тепкич бөлүктөрү:
Л1 –ар бир кабатта айнектелген же ачык тешиктери бар тышкы дубалдарда;
Л2 –жабуудагы ачык же айнектелген тешиктерден табигый жарык берүүсү менен.
5.5.2 Төмөндөгү типтеги түтөбөс тепкич бөлүктөрү:
Н1 –ачык өткөөлдөр боюнча тышкы аба зонасы аркылуукабаттан тепкич бөлүктөрүнө кирүүсү менен, мында аба зонасы аркылууөткөөлдөрдүн түтөбөстүгү камсыздалышы керек;
Н2 –өрт болгон учурда тепкич бөлүктөрүнө аба тирөөчү менен;
НЗ - аба тирөөчү менен (ар дайым же өрт учурунда) тамбур-шлюз аркылуу кабаттан тепкич бөлүктөрүнө кирүүсү менен.
5.5.3Өрттү өчүрүү жана куткаруу иштерин камсыздоо үчүн төмөндөгү типтеги өрт тепкичтери каралат:
П1 –тик (вертикалдуу);
П2 –жантайышы 6:1 жогору болбогон тепкичмарштары.
5.6 Имараттар, өрт отсектери, жайлар
5.6.1 Имараттар, ошондой эле өрткө каршы дубалдар менен бөлүнгөн имараттардын бөлүктөрү – өрт отсектери (мындан ары- имарат) отко чыдамдуулук даражасы боюнча, конструкциялык жана функциялык өрт кооптуулугу классы боюнча бөлүнүшөт. Өрт отсектерин бөлүү үчүн 1-типтеги өрткө каршы дубладар колдонулат.
Имараттын отко чыдамдуулук даражасы анын курулуш конструкцияларынын отко чыдамдуулугу менен аныкталат.
Өрт кооптуулугунун конструкциялык классы курулуш конструкцияларынын өрттүн өрчүшүнө жана өрттүн кооптуу факторлорунун пайда болуусуна катышуу деңгээлине жараша аныкталат.
Имараттынжана анын бөлүктөрүнүн өрт кооптуулугунун конструкциялык классы алардын милдети жана аларда жайгашкан технологиялык процесстердин өзгөчөлүктөрү менен аныкталат.
5.6.2 Имараттаржана өрт отсектери, отко чыдамдуулук даражасы боюнча 5-таблицага ылайык бөлүнөт.
5-таблица
Имараттардын отко чыдамдуулук даражасы | Курулуш конструкцияларынын отко чыдамдуулугунун чеги, кем эмес | ||||||
Имараттын көтөрүп туруучу элементтери | Тышкы көтөрүп туруучу дубалдары | Кабаттар аралык перекрытиелер(алардын ичинде чатыр жана жер төлөнүн үстүндөгү)
| Чатыры жок жабуулардын элементтери
| Тепкич бөлүктөрү | |||
Төшөлмөлөр (алардын ичинде жылытуучусу менен) | 5 устундуу фермалар аралыгы | Ички дубалдар | Тепкич марштары жана аянттары | ||||
I | R 120 | Е 30 | REI 60 | RE30 | R 30 | REI120 | R60 |
II | R 90 | Е 15 | REI45 | RE 15 | R 15 | REI 90 | R 60 |
III | R45 | Е 15 | REI45 | RE 15 | R 15 | REI 60 | R 45 |
IV | R 15 | Е 15 | REI15 | RE 15 | R 15 | REI45 | R 15 |
V | Ченемделбейт | ||||||
Эгерде төмөндө аталгандар өрт учурунда имараттын туруктуулугун жана геометриялык бузулбастыгын камсыздоодо катышса, эреже катары, көтөрүп туруучу дубалдар жана колонналар, байланыштар, катуулук диафрагмалары, перекрытиелердин элементтери (устундар, ригелдер же плиталар) имараттын көтөрүп туруучу элементтерине кирет. Ушул конструкциялардын тизмесин долбоорлоо уюму өрткө байланыштуу эсептик кырдаалды эсепке алып, имараттын эсептик конструкциялык схемасын талдоонун негизинде аныктап, имараттын техникалык документтерине киргизет.
Тешиктерди толтуруунун отко чыдамдуулук чеги (эшиктердин, дарбазалардын, люктардын, терезеледин, ошондой эле чырактардын, анын ичинде зенит ж.б. жабуунун төшөлмөсүнүн жарыкка тунук тилкелери), өрткө каршы бөгөттөрдө тешиктерди толтуруудан жана атайын айтылгандардан тышкары, ченемделбейт.
Конструкциялардын минималдуу талап кылынган отко чыдамдуулук чеги R15 (RE15, REI15) деп көрсөтүлгөн учурларда, чындыгындагы отко чыдамдуулук чегине көз карандысыз, корголбогон болот конструкцияларын, сыноонун жыйынтыктары боюнча R8ден төмөндү көрсөткөн имараттын көтөрүп туруучу элементтеринен тышкары, пайдаланууга жол берилет.
Н1тибиндеги түтөбөс тепкич бөлүктөрүндө R15 отко чыдамдуулук чегиндеги КО өрт кооптуулук классындагы тепкич бөлүктөрүн жана марштарын караштырууга жол берилет.
5.6.3 Конструкциялык өрт кооптуулугу боюнча имараттар жана өрт отсектери класстарга 6-таблицага ылайык бөлүнөт.
6-таблица
Имараттын конструкциялык өрт кооптуулук классы
| Курулуш конструкцияларынын өрт кооптуулук классы, төмөн эмес | ||||
Көтөрүп туруучу негизги (стержендүү) элементтер (колонналар, ригелдер, фермалар жана б.) | Тышкы тараптагы тышкы дубалдар | Дубалдар, тосмолор, перекрытиелер жаначатырсыз перекрытиелер | Тепкич бөлүктөрү жана өрткө каршы тосмолор
| Тепкич бөлүктөрүнүн марштары жанааянттары | |
СО | КО | КО | КО | КО | КО |
С1 | К1 | К2 | К1 | КО | КО |
С2 | КЗ | КЗ | К2 | К1 | К1 |
СЗ | ченемделбейт |
| К1 | КЗ | |
Имараттардын тосмо конструкцияларынын тешиктерин (эшиктерди, дарбазаларды, терезелерди жана люктарды) толтуруудагы өрт кооптуулугу, атайын айтылган учурлардан тышкары, ченемделбейт.
5.6.4 Отко чыдамдуулук чеги аныкталбай турган же эсептик жол менен же стандарттуу от сыноолорунун негизинде белгилүү бир өрт кооптуулук классына киргизилбей турган курулуш конструкцияларын же конструкциялык тутумдарды практикага киргизүүдө КЧЭ 233 талаптарын эске алып, имараттын натуралык фрагменттерин от сыноолорунан өткөрүү керек.
5.6.5 Имараттар жана имараттардын бөлүктөрү – өз ара функциялык жактан,функциялык өрт коркунучу боюнча байланыштуу болгон жайлар же жайлардын тобу аларды пайдалануу ыкмасына жана өрт пайда болгон учурда адамдардын кооптуулугуна канчалык деңгээлде коркунуч туулагандыгынажараша, алардын курагы, физикалык абалы, уктоо абалында болуусу, негизги функциялык контингенттин түрү жана саны эске алынып, класстарга бөлүнөт.
Ф1 Адамдардын ар дайым жана убактылуу (анын ичинде күнү-түнү) болуусу үчүн (мындай имараттарда бөлмөлөр , адатта, күнү-түнү пайдаланылат, адамдардын контингенти ар түрдүү физикалык абалда жана куракта болушу мүмкүн, мындай имараттарга уктоочу бөлмөлөрдүн болушу мүнөздүү):
Ф1.1 Мектепке чейинки балдар мекемелери, кары-картаңдар жана майыптар үчүн адистештирилген үйлөр (батирлүү эмес), ооруканалар, мектеп-интернаттардын уктоо корпустары жана балдар мекемелери;
Ф1.2 Мейманканалар, жатаканалар, санаторийлердин жана жалпы типтеги эс алуу үйлөрүнүн, кемпингдердин, мотелдердин жана пансионаттардынуктоо корпустары;
Ф1.3 Көп батирлүү турак үйлөр;
Ф1.4 Бир батирлүү, алардын ичинде блоктолгон турак үйлөр.
Ф2 Оюн-зоок жана маданий-агартуу мекемелери (бул имараттардагы негизги бөлмөлөр жылдын белгилүү мезгилдеринде массалык келүүчүлөрдүн келиши менен мүнөздөлөт):
Ф2.1 Театрлар, кинотеатрлар, концерт залдары, клубдар, цирктер, трибуналары бар спорт курулмалары, китепканалар ж.б. жабык жайлардагы келүүчүлөр үчүн орундуктардын эсептик саны менен ушул сыяктуу мекемелер;
Ф2.2 Музейлер, көргөзмөлөр, бий залдары ж.б жабык жайлардагы ушул сыяктуу мекемелер;
Ф2.3 Ф2.1 көрсөтүлгөн ачык абада жайгашкан мекемелер;
Ф2.4 Ф2.2 көрсөтүлгөн ачык абада жайгашкан мекемелер.
Ф3Калкты тейлөө боюнча ишканалар(бул ишканалардын жайларына тейлөөчү персоналга караганда кардарлардын көптүгү мүнөздүү ):
Ф3.1 Соода-сатык ишканалары;
ФЗ .2 Коомдук тамактануу ишканалары;
ФЗ.З Вокзалдар;
Ф3.4 Бейтапканалар жана амбулаториялар;
Ф3.5 Тиричилик жана коммуналдык тейлөө (почта, сактык кассалары, транспорт агенттиктери, юридикалык кеп-кеңеш берүү, нотариалдык конторалар, кир жуучу жайлар, кийим жана бут кийим тигип-оңдоочу, химиялык тазалоо, чач-тарач ательелери ж.б ушул сыяктуу, анын ичинде ритуалдык жана табынуу мекемелери) келүүчүлөр үчүн орундуткардын саны эсептелбеген жайлар;
Ф3.6 Дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстери жана көрүүчүлөр үчүн трибуналары жок спорт-машыгуучу мекемелер, тиричилик бөлмөлөрү жана мончолор.
Ф4 Окуу имараттары, илимий жана долбоорлоо уюмдары, башкаруу мекемелери (бул имараттагы бөлмөлөр сутканын ичинде кайсы бир убакыт пайдаланылат, аларда, адатта, ушул жердин шарттарына көнүп калган, белгилүү курактагы жана физикалык абалдагы адамдардын туруктуу контингенти болот):
Ф4.1 Мектептер, мектептен тышкары окуу жайлар, атайын орто окуу жайлар, кесиптик-техникалык окуу жайлар;
Ф4.2 Жогорку окуу жайлар, кесипкөйлүүлүктү жогорулатуу мекемелери;
Ф4.3 Башкаруу органдарынын мекемелери, долбоорлоо-конструктордук уюмдар, маалымат жана редакциялык-басма уюмдар, илим-изилдөө уюмдары, банкттар, конторалар, кеңселер;
Ф4.4 Өрткө каршы депо.
Ф5 Өндүрүш жана кампа имараттары, курулмалары жана жайлары (ушул класстагы жайларга туруктуу жумушчулар контингентинин, алардын ичинде күнү-түнү иштегендердин болушу мүнөздүү):
Ф5.1 Өндүрүшимараттары, курулмалары,өндүрүш жайлары жана лабораториялары, өнөрканалар;
Ф5.2 Кампа имараттарыжана курулмалары, техникалык тейлөөсүз жана ремонттоосуз автомобиль токтотуучу жайлары, китеп сактоочу жайлар, архивдер, кампа жайлары;
Ф5.3 Айыл чарба имараттары.
Өндүрүш жана кампа имараттары, курулмалары жана жайлары өрт-жарылуу жана өрт коркунучу боюнча аларда болгон (айланууда болгон) заттардын жана материалдардын санына жана өрт-жарылуу сапаттарына жараша, аларда жайгаштырылган өндүрүштүн технологиялык процесстеринин өзгөчөлүктөрүн эске алып, улуттук ченемдик документтерге ылайык категорияларга бөлүнөт.
Өндүрүш жана кампа жайлары, алардын ичинде Ф1, Ф2, ФЗ жана Ф4 классындагы имараттардагы лабораториялар жана өнөрканалар Ф5 классына кирет.
5.6.6 Турак жана коомдук арналыштагы объекттерге жалпы талаптар.
5.6.6.1 Турак жана коомдук арналыштагы коргоообъекттеринде имараттын бөлүгүн, жайлардын тобун же ар кандай иш-милдеттеги өзүнчө жайларды, ушул жыйнактын функциялык өрт кооптуулугунун тийиштүү классындагы коргоо объекттерине карата талаптарын эске алып, жайгаштырууга жол берилет.
5.6.6.2 Коомдук жана турак имараттарында жайгашкан өндүрүш, кампа жана техникалык арналыштагы жайлар (өнөрканалар, лабораториялар, кампа жана техникалык бөлмөлөр, автоунаа коюу жайлары, казан ж.б.у.с.) өрт жана өрт-жарылуу коркунучу боюнча категорияларга бөлүнүүгө тийиш.
5.6.6.3 Коомдук жана турак имараттарында жайгаштырууга уруксат берилбейт:
- А жана Б категориясындагы өндүрүш жана кампа жайларын;
күйүүчү газдарды (КГ), жалбырт этип күйүп кетме суюктуктарды (ЖКС), ЖКС, КГсы бар тиричилик химияны жана курулуш материалдарын (5.6.9.3 жана 5.6.9.4 пункттарында көрсөтүлгөн майда таңгактагы товарлардан тышкары), ошондой эле суу, аба кычкылтеги же бири бири менен аралашууда жарылып же жалбырт этип күйүүгө жөндөмдүү материалдарды жана заттарды сатуу боюнча адистештирилген объекттерди.
5.6.6.4 Коомдук имараттардын жер төлө кабаттарында жайгаштырууга уруксат берилбейт:
- соода аянты 400м ашык болгон азык-түлүк эмес дүкөндөрдү, ошондой эле ЖКС, КГсы бар тиричилик химияны жана курулуш материалдарын, өрт коопсуздугунун 2-3 даражасындагы аэрозоль продукцияларын, ошондой эле пиротехникалык буюмдарды саткан дүкөндөрдү;
- ЖКС, КГсы бар тиричилик химияны жана курулуш материалдарын, өрт коопсуздугунун 2-3 даражасындагы аэрозоль продукцияларын, ошондой эле пиротехникалык буюмдарды сактаган кампа жана кампа жайларын.
5.6.6.5 Турак жана коомдук арналыштагы жайлардын жана курулмалардын ичине жана улай курулган : казан, трансформатордук, генератордук ж.б энергиялык объекттерди жайгаштырууга өрткө каршы талаптар тиешелүү отун менен иштеген казандарга карата талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
Генератордук курулмалардын, жайлардын жана имараттардын жайгашуусуна өрткө каршы талаптар тиешелүү отун менен иштеген казандарга карата талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
5.6.7 Ф1 функциялык өрт коркунуч классындагы объекттерге талаптар.
5.6.7.1 Ушул бөлүмчө адамдардын ар дайым жана убактылуу болуусуна арналган (алардын ичинде күнү-түнү) Ф1 функциялык өрт коркунуч классындагы объекттерге талаптарды камтыйт:
- Ф1.1 мектепке чейинки балдар үчүн билим берүү мекемелеринин, кары-картаңдардын жана майыптардын адистештирилген үйлөрүнүн (батирлүү эмес), ооруканалардын, билим берүүчү интернат тибиндеги жана балдар мекемелеринин имараттары;
- Ф1.2 батир тибиндеги эмес мейманканалар жана жатаканалар, санаторийлердин, жалпы типтеги эс алуу үйлөрүнүн, кемпингдердин, мотелдердин жана пансионаттардын уктоо корпустары;
- Ф1.3 көп батирлүү турак үйлөр, батир тибиндеги жатаканалар жана мейманканалар, алардын ичинде аппартаменттери менен;
- Ф1.4 бир батирлүү турак үйлөр, алардын ичинде блоктолгон.
Ушул имараттагы жайларды, адатта, белгилүү курактагы жана физикалык абалдагы адамдардын туруктуу контингенти күнү-түнүпайдаланат. Ушул имараттарга уктоо бөлмөлөрүнүн болушу мүнөздүү.
5.6.7.2 Ф1 функциялык өрт коркунуч классындагы коргоо объекттери өзүнчө турган имараттарда же башка функциялык өрт коркунуч классындагы коомдук жана турак имарттарында жайгашууда өз алдынча өрт отсектерине бөлүнүп жайгаштырылышы керек. Мектепке чейинки балдар үчүн билим берүү мекемелерининжайларын Ф1.3 классындагы имараттын биринчи кабатында жайгаштырган учурда, аталган жайларды өзүнчө өрт отсектерине бөлүү талап кылынбайт.
5.6.7.3 Мектепке чейинки үй-бүлөлүк ж.б. аз сыйымдуулуктагы мектепке чейинки балдардын тобуна арналган турак үйлөрдө жайгашкан жайларды өрткө каршы жабдыктар менен камсыздоону эске алып, турак үйлөргө карата талаптардай эле өрт талаптары коюлат.
5.6.7.4 Ф1.1 классындагы объекттердеги уктоо бөлмөлөрү бар жайларды (уктоо бөлмөлөрү бар топ ячейкалары, жашоо үчүн бөлмөлөр, оорукана палаталары ж.б.) имараттын башка милдеттеги (администрациялык-чарбалык, тиричилик, техникалык ж.б.) бөлүктөрүнөн 2-типтен төмөн эмес өрткө каршы дубладар менен жана 3-типтен төмөн эмес перекрытиелер менен (1-отко чыдамдуулук даражасындагы имараттарда- 2-типтеги жабуулар менен) бөлүп, башка блокторунда же бөлүктөрүндө жайгаштыруу керек.
Уктоо бөлмөлөрүнүн, салтантаттуу жыйындар залынын астында, ошондой эле жер төлө кабаттарда В1 - ВЗ категориясындагы бөлмөлөрдү жайгаштырууга уруксат берилбейт.
5.6.7.5 Ф1.2 функциялык өрт коркунуч классындагы коргоо объекттеринде имараттын турак бөлүгү имараттын башка милдеттеги бөлүгүнөн (алардын ичинде администрациялык-чарбалык, тиричилик, техникалык ж.б.) 2-типтен төмөн эмес өрткө каршы дубладар менен жана 3-типтен төмөн эмес перекрытиелер менен (1-отко чыдамдуулук даражасындагы имараттарда- 2-типтеги перекрытиелер менен) бөлүнүп турушу керек.
5.6.7.6 Ф1.1 жана Ф1.2 классындагы объекттердин курамында каралган тамак-аш блоктору, ошондой эле имараттын бөлүктөрү, жайлардын тобу, же өндүрүш, кампа жана техникалык милдеттеги айрым жайлар (кир жуучу жайлар, үтүктөөчү жайлар, өнөрканалар, кампалар, электр калкан жайлары ж.б.), В4 жана Д категориясындагылардан тышкары, 2-типтен төмөн эмес өрткө каршы дубладар менен(тосмолору 1-типтеги) жана 3-типтен төмөн эмес перекрытиелер менен (1-отко чыдамдуулук даражасындагы имараттарда- 2-типтеги перекрытиелер менен) бөлүнүп турушу керек.
5.6.7.7 Ф1.3 классындагы имараттардагы ичине курулган жана ичине кошуп курулган жайларды көп батирлүү турак имараттын жер төлө, жерпай (цоколь), биринчи ж.б. жогорку кабаттарында жайгаштырууга жол берилет. Мында турак бөлүгүнүн жайларын коомдук жайлардан 1-типтеги өрткө каршы тосмолордон төмөн эмес, 3- типтегиден төмөн эмес перекрытиелер менен (1-отко чыдамдуулук даражасындагы имараттарда- 2-типтеги перекрытиелер менен) тешиктерсиз бөлүү керек.
5.6.7.8 Ф 1.3 классындагы турак имараттарда жайгаштырууга жол берилбейт:
- күйүүчү газдарды (КГ), жалбырт этип күйүп кетме суюктуктарды (ЖКС), ЖКС, КГсы бар тиричилик химияны жана курулуш материалдарын (5.6.9.3 жана 5.6.9.4 пункттарында майда таңгактагы товарлардан тышкары) ошондой эле суу, аба кычкылтеги же бири бири менен аралашууда жарылып же жалбырт этип күйүүгө жөндөмдүү материалдарды жана заттарды сатуу боюнча адистештирилген объекттерди.
- ошондой эле пиротехникалык буюмдарды, суу, аба кычкылтеги же бири бири менен аралашууда жарылып же жалбырт этип күйүүгө жөндөмдүү материалдарды жана заттарды сатуу боюнча адистештирилген объекттерди;
- синтетика килем буюмдарын сатуучу дүкөндөрдү (синтетика килем буюмдарын сатуучу дүкөндөрдү отко чыдамдуулук чеги REI150 болгон дубалдардын туюк тилкелерине жайгаштырууга жол берилет);
- кампа жана кладовка милдетиндеги объекттерди, алардын ичинде дүң (же чекене) соода кампаларын;
- ЖКС, КГсы бар тиричилик химияны жана курулуш материалдарын, өрт коопсуздугунун 2-3 даражасындагы аэрозоль продукцияларын, ошондой эле пиротехникалык буюмдарды сактаган кампа жана кампа жайларын.
- жалбырт этип күймө заттар (жалпы аянты 300 м чейин болгон чач-тарачтардан, сулуулук салондорунан жана саат оңдоочу жайлардан тышкары) колдонулган тиричилик тейлөө ишканалары;
- кир жуучу жана химиялык тазалоо (өндүрүмдүүлүгү сменасында 75 кг чейин болгон, өзүн өзү тейлөөчү кабыл алуу жана кир жуучу жайлардан тышкары);
- мончолор жана сауналар (батирлердеги жеке сауналардан тышкары);
- өндүрүш жайлар (В жана Д категориясындагы кары-картаңдар жана майыптар үчүн эмгек бөлмөлөрүнөн тышкары, алардын ичинде үйгө жумуш берүү пункту, чогултуу жана жасалгалоо иштери үчүн өнөрканалар).
Аталгандарга кошуп, турак үйлөрдүн жер төлөлөрүндө төмөндөгүлөрдү жайгаштырууга уруксат берилбейт:
соода аянты 400 м ашык болгон азык-түлүк эмес товарларды сатуучу дүкөндөрдү, ошондой эле КГсы, ЖКСы, КСызы бар тиричилик химияны жана курулуш материалдарын, өрт коопсуздугунун 2-3 даражасындагы аэрозоль продукцияларын, ошондой эле пиротехникалык буюмдардысатуучу дүкөндөр.
Отко чыдамдуулуктун I жана II даражасындагы имараттардын 2-кабатынан бийик эмес жайгашкан эки тараптуу ориентациясы бар батирлерде жалпы сыйымдуулугу 50 кишиден ашпаган, бир топто 10 кишиден ашпаган үй-бүлөлүк бала бакча үчүн жайларды караштырууга жол берилет.
5.6.7.9 Ф1.3 классындагы отко чыдамдуулуктун I, II жана III даражасындагы имараттарда секцияларга бөлүштүрүү үчүн өрткө каршы 2-типтеги дубалдарды же 1-типтен төмөн эмес тосмолорду, ал эми батирлерден тышкаркы коридорлорду башка батирлерден бөлүп турган дубалдар жана тосмолор EI45 кем эмес отко чыдамдуулук чегине ээ болушу керек. Батирлердин ортосундагы көтөрүп туруучу дубалдар жана тосмолор EI30 отко чыдамдуулук чегинежана КО өрт коркунучу классына ээ болушу керек.
Отко чыдамдуулуктун IV даражасындагы имараттарда секциялар ортосундагы дубалдар же тосмолор, ошондой эле батирлерден тышкаркы коридорлорду башка батирлерден бөлүп турган дубалдар жана тосмолор EI15 кем эмес отко чыдамдуулук чегине ээ болушу керек, батирлердин ортосундагы көтөрүп туруучу дубалдар жана тосмолор EI15 төмөн эмес отко чыдамдуулук чегинежана К1 төмөн эмес өрт коркунучу классына ээ болушу керек.
Секциялык турак үйлөрдүн аянтынын 500 м2 ашык эмес бөлүгүндө техникалык, жер төлө кабаттарды жана чатырды 1-типтеги өрткө каршы тосмо менен бөлүү керек, ал эми секциялык үйлөрдө – секция боюнча. Д категориясындагы жайларды бөлүп туруучу өрткө каршы тосмолордун эшиктеринин отко чыдамдуулугу ченемделбейт.
5.6.7.10 Меш менен жылытылуучу турак үйлөрдө жерпай же биринчи кабатта катуу отунду сактоо үчүн кладоваяларды жайгаштыруу үчүн аларды башка бөлмөлөрдөн 1-типтен төмөн эмес өрткө каршы туюк тосмолор менен жана 3-типтен төмөн эмес перекрытиелер менен бөлүү керек. Ушул чыгдандардан чыгуу тике тышка болушу керек.
5.6.7.11 Ф1.3 имараттарындагы таштанды чогултуучу камеранын өз алдынча чыгуусу болуп, имаратка кирүүдөн туюк тосмо конструкциялар менен обочолонуп, отко чыдамдуулук чеги REI60 кем эмес жана КО өрт коркунучу классындагы тосмо, перекрытиелер менен бөлүнүп турушу керек. Ф1.4 классындагы блоктолгон имараттарда чектеш турак блоктордуокто чыдамдуулук чеги REI45 кем эмес жана өрт коркунучу классы К1төмөн эмес туюк өрткө каршы дубалдар менен бөлүү керек.
5.6.8 Ф2 функциялык өрт коркунучу классындагы объекттерге талаптар.
5.6.9
5.6.9.1 Ушул бөлүмчөнүн талаптары Ф2 функциялык өрт коркунучу классындагы объекттерге жайылтылат, алардын негизги жайлары жылдын белгилүү мезгилдеринде келүүчүлөрдүн массалык түрдө болушу менен мүнөздөлөт. Аларга төмөндөгүлөр кирет:
- келүүчүлөр үчүн эсептик орундары бар (Ф2.1) жабык жайлардагы жана (Ф2.3) ачык абадагы театрлар, кинотеатрлар, концерт залдары, клубдар, цирктер, трибуналары бар спорт курулмалары, китепканалар ж.б.;
- келүүчүлөр үчүн эсептик орундары жок (Ф2.2) жабык жайлардагы жана (Ф2.4) ачык абадагы музейлер, көргөзмөлөр, бий залдары ж.б.у.с. мекемелер.
5.6.9.2 Маданий-оюн зоок арналышындагы объекттердин чегинде жайгашкан өндүрүш жана техникалык арналыштагы жайлар (демонстрациялык комплекстин технологиялык тейлөө жайлары, өнөрканалар, реставрациялоо жайлары, ашканалар, электр калкандары ж.б.), кампа жайлары (күйүүчү товарлар жана күйүүчү таңгактагы товарлар, китеп сактоочу жайлар, ж.б.), Д категориясындагылардан жана атайын айтылган учурлардан тышкары, 1-типтен төмөн эмес өрткө каршы тосмолор менен жана 3-типтен төмөн эмес перекрытиелер менен бөлүнүп турат.
Көрүүчү залдын чен өлчөмүнүн чегинде жайгашкан сахнаны жаркытандыруу үчүн жайлар (дубалды тосуунун чен өлчөмүнүн чегинде жайгашкан сахнаны жарыктандыруучу жайлардан тышкары) 1-типтеги өрткө каршы тосмолорго ээ болушу керек.
5.6.9.3 IV жана V отко чыдамдуулук даражасындагы имараттарда чыңалуу лампалары бар кинопроекторлор менен жабдылууга эсептелген проекциялык жайларды дубалдары, тосмолору жана жабуулары НГ жана Г1 топтогу отко чыдамдуулук чеги REI45 кем эмес материалдардан жасалган кошуп курулган жайларда жайгаштырууга жол берилет.
5.6.9.4 Оркестр отурган чуңкур 2-типтеги өрткө каршы тосмолор менен жана 3-типтеги перекрытие менен бөлүнүп турууга тийиш.
Оркестр отурган чуңкурдун полунун төшөлмөсүн жасалгалоо үчүн колдонулган жыгач,зал жайларындагы полдорду жабууга талап кылынган иштеп жаткан ченемдик документтердин талаптарына ылайык, өрткө каршы иштелип чыгууга тийиш.
5.6.9.5 Көрүүчү зал менен тереңдеги колосник сахнанын ортосунда 1-типтеги өрткө каршы дубал каралышы керек.
Сыйдыргычтыгы 800 жана андан көп орундуу залдары бар сахнанын курулуш порталынын тешиги отко чыдамдуулук чеги EI60 кем эмес болгон өрткө каршы көшөгө менен корголушу керек.
Көшөгөнүн жылуулукту обочолонткучу НГ материалдарынан болуп, маал-маалы менен өрттөн коргоочу иштеп чыгууга алынып турушу керек. Өрткө каршы көшөгөнүн полотносу курулуш порталынын тешигин каптал жагынан 0,4 м кем эмес, жогору жагынан 0,2 м жаап, газ өткөрбөс болууга тийиш.
Трюм жана планшеттин деңгээлиндеги өрткө каршы дубалдын эшик тешиктерин, ошондой эле колосник тепкичтерден трюмга жана сахнага чыгууларды (өрткө каршы көшөгөлөр бар болгон учурда) 1-типтеги өрт учурунда аба тирегичи бар тамбур-шлюздар менен коргоо керек.
Сахна жана чөнтөк тараптагы декорация кампаларынын тешиктеринде 1-типтеги өрткө каршы эшиктерди, колосник тепкичтеринде – 2-типтеги эшиктерди караштыруу керек.
5.6.9.6 Көрүүчү залдын жана сахнанын планшетинин астында өндүрүш жана кампа жайларын (кладоваяларды, өнөрканаларды, станок жана көлөмдүү декорацияларды монтаждоо үчүн жайларды, чаңды кетирүүчү камераларды, өрткө каршы көшөгөнүн лебедкалары үчүн жайларды, аккумулятор жайларын, трансформатордук чордондорду), түрүлгөн декорациялар сейфинен, өрткө каршы көшөгөнүн лебедкаларынан жана түтүн люктарынан, май толтурулуучу жабдыгы жок көтөрүп-түшүрүүчү түзүлүштөрдөн тышкары, жайгаштырууга жол берилбейт.
Түрүлгөн декорациялар сейфинин тешиги отко чыдамдуулук чеги EI30 кем эмес калкан менен корголушу зарыл.
5.6.9.7 Проекциялык жайлардан сахнага же арьерсахнага чыккан, кинопроекциялык, аппараттык жана жарык проекциялык жайлардан көрүүчүлөр залына чыккан терезелер жана тешиктер, эгерде аларда кинопроекторлор орнотулса, отко чыдамдуулук чеги EI15 кем эмес көшөгөлөр же жапкычтар менен корголушу керек.
Жарык проекциялык жайлардын динамикалык проекция үчүн жабдылган, ошондой эле кинопроекциялыкжайлардын жалаң гана санариптик проекторлор менен (тасма колдонулбаган) жабдылган терезелер жана тешиктер чыңалган айнектер менен корголушу керек.
5.6.9.8 Жер төлө же жерпай кабаттарында, ошондой эле спорт курулмаларынын трибуналарынын астында жайгашкан тирлердин от зоналарынын жана аткыч галереяларынын дубалдарынын жана шыптарынын каптап жабылуусун КО өрт коркунучу классындагы материалдардан жасоо керек.
Ок менен атуучу тирлерди трибуналардын астында жайгаштырууда, ок-дарылардын кампасы трибуналардын астынан тышкары чыгарылышы керек.
Курал, ок-дары кампасы жана курал өнөрканасы башка бөлмөлөрдөн өрткө каршы 2-типтеги дубалдар менен 3-типтеги перекрытиелер менен бөлүнүп турууга тийиш.
5.6.9.9 Китепканалардын сактагычтары жана китеп сактагычтары аянты 600 м2көп эмессекцияларга өрткө каршы 1-типтеги тосмолор менен бөлүнүп турушу керек.
5.6.9.10 Көрүүчү залдын балкондорунун, амфитетарынын жана партеринин күйбөс көтөрүп туруучу конструкцияларынын үстүндө курулган бөлүгүнүн жантайышты же тепкичтүү полду пайда кылуу үчүн курулманын каркасы, НГ материалдарынан жасалууга тийиш.
Үстүгө курулган бөлүктүн астындагы боштуктарды аянты 100м көп эмес секцияларга диафрагмалар менен бөлүү керек. Боштуктардын бийктиги 1,2 м көп болгон учурда боштуктарды карап чыгуу үчүн кирүүлөр каралууга тийиш.
5.6.9.11 Сахнанын планшетинин көтөрүп туруучу элементтери НГ материалдарынан жасалууга тийиш.
Ушул элементтердин үстүнө төшөө үчүн, колосник төшөлмөлөр үчүн жана жумушчу галереяга төшөө үчүн жыгачты колдонууда, жыгач зал бөлмөлөрүндө пол жабууларына карата иштеп жаткан ченемдик документтердин талаптарына ылайык өрткө каршы иштелип чыгышы керек.
5.6.9.12 Декоративдүү-жасалгалоочу, беттелүүчү материалдардын жана зал бөлмөлөрүндөгү пол жабууларынын өрт коркунуч көрсөткүчтөрү ченемдик документтердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
Оюн-зоок жана спорт-оюн-зоок залдардын эстрадаларынын жыгач полдору зал бөлмөлөрүндө пол жабууларына карата иштеп жаткан ченемдик документтердин талаптарына ылайык өрткө каршы иштелип чыгышы керек.Жалаң гана мелдештерди өткөрүүгө арналган спорт жана бий залдарда, полдордун жабууларын өрт коркунуч классы КМ4 кем эмес материалдардан жасоого жол берилет.
5.6.9.13 Сыйдыргычтыгы кандай болбосун, спорт курулмаларынын орундуктары үчүн күйүүчү, жалбырт этип күймө жана күйүүдөн бөлүнүп чыккан заттардын ууландыруучу касиети Т4 тобуна кирген материалдарды колдонууга жол берилбейт.
Оюн-зоок объекттеринин зал бөлмөлөрүндөгү орундуктар үчүн жалбырт этип күймө материалдардыколдонууга жол берилбейт, каптоочу, толтуруучу жана төшөлүүчү материалдар күйүүдө бөлүнүп чыккан заттардын ууландыруучу касиети Т4 тобуна кирбеши керек.
5.6.9.14 Спорттун техникалык түрү боюнча мелдештерди өткөрүүчү объекттерде күйүүчү отун\майды куюу үчүн атайын бөлүнгөн катуу жабуусу менен жана НГ материалдардан тосмо борттору бар аянттар каралууга тийиш. Аталган аянттарды спорт курулмасынан 25м кем эмес аралыкта жайгаштыруу керек.
Транспорттук каражаттарды стартка даярдоо, майда ремонттоо жана техникалык тейлөө үчүн аянттар жана бөлмөлөрдүн негиздери катуу жабууга ээ болуп, трибуналар тараптан эңкейиш болууга тийиш. Аталган аянттар жана бөлмөлөр көрүүчүлөр отурган трибуналардын астында, алардын ичинде спорт курулмаларынын трибуналарына жайгаштырылбашы керек тийиш.
5.6.10 ФЗ функциялык өрт коркунучу классындагы имараттарга талаптар.
5.6.9.1 Ушул бөлүмчө ФЗфункциялык өрт коркунучу классындагы объекттергеталаптарды камтыйт. Алар тейлөөчү персоналдан келүүчүлөрдүн санынын көптүгү менен мүнөздөлөт:
- (Ф3.1) соода жана (Ф3.2) коомдук тамактануу объекттери;
- (Ф3.4)стационарсыз бейтапканалар жана амбулаториялар;
- (Ф3.5) калкты тиричилик жана коммуналдык тейлөө уюмдары;
- (Ф3.6) көрүүчүлөр үчүн трибуналары жок физкультуралык- ден соолукту чыңдоо жана спорт мекемелери, мончолор ж.б.
5.6.9.2 Ф3.1 жана Ф3.2 классындагы объекттерде жайгашкан өндүрүш, кампа жана техникалык арналыштагы жайлар (ашканалар, навайканалар, жеткире бышыруучу жайлар, иштетүүчү жайлар, күйүүчү жана таңгагы күйүүчү товарлардын кладоваясы ж.б.), В4 жана Д категориясындагы жайлардан тышкары, 1-типтен төмөн эмес өрткө каршы тосмолор менен жана 3-типтен төмөн эмес перекрытиелер менен бөлүнүп турат, жана аянты 250м жана андан көп болгон келүүчүлөр үчүн залдан 1-типтен төмөн эмес өрткө каршы тосмолор менен бөлүнөт. Келүүчүлөр үчүн залдан кир идиштерди алуу үчүн жана тамакты берүү үчүн тешиктерди толтуруу ченемделбейт.
5.6.9.3 КГсы, ЖКСы, КСызы бар тиричилик химияны, курулуш материалдарын жана КГ, ЖКС, КС саткан адистештирилген объекттер жер үстүндөгү гана өзүнчө турган имараттарда жана курулмаларда жайгаштырылат. Ушул объекттерди 1-типтеги өрткө каршы перекрытие жана дубал менен бөлгөн шартта, башка товарларды саткан, ошондой эле тиричилик жана коммуналдык тейлөөобъекттеринин ичине жана кошо курууга жол берилет. Аталган объекттеги полдор НГ материалдарынан жасалууга тийиш.
Адистештирилбеген соода объекттеринде КГсы, ЖКСыбар товарларды майда расфасовкада гана сатууга жол берилет. Майда расфасовка үчүн керектөөчү таранын максималдуу сыйымдуулугу төмөндөгүдөй болот:
- КГ - 0,12 л чейин, КГсы бар аэрозоль таңгагыүчүн - 0,82 л чейин;
- Жабык тиглде жарылуу температурасы +23 °С чейин ЖКСыүчүн: айнек жана полимер таңгакта 0,5 л көп эмес, металл таңгакта 1л көп эмес;
- Жабык тиглде жарылуу температурасы +21 °С ден 61 °С чейин ЖКСыүчүн: 5 л көп эмес.
Соода залдарында мындай товарларды бири биринен алыс, аянттары 10м көп эмес тилкелерде жана стеллаж жана витриналарда 1,8 м жогору эмес бийиктикте коюштуруу керек.
5.6.9.4 КГ, ЖКС саткан адистештирилген дүкөндөрдөн тышкары, соода объекттеринде өрт коркунучунун 2-3 даражасындагы аэрозоль продукцияларынын жалпы саны төмөндөгүлөрдөн ашпоого тийиш (ушул жерде жана мындан ары продукциялардын саны деп баллончолордун ичиндеги заттын массасы берилет):
- имараттын жерпай кабаттарында жайгашкан соода залдарында - 1100 кг;
- биринчиден жогору кабаттарда - 450 кг.
Өрт коркунучунун 2-3 даражасындагы аэрозоль продукцияларын жер төлө кабаттарында жайгашкан дүкөндөрдө сактоого уруксат берилбейт.
Соода залдарындагы аэрозоль продукциясын транспорт тарасынан чыгарып, продуктка берилген документтерде көрсөтүлгөндөн жогору температурага чейин ысып кетүүдөн корголгон жерлерде (жылытуучу жана жылуулук алеттеринен, күн нурунан ж.б. алыс) жайгаштырылышы керек.
Өрт коркунучунун 1-даражасындагы аэрозоль продукцияларын жайгаштыруу жана сактоо боюнча өрт коопсуздугу боюнча талаптар күйүүчү товарларга карата талаптардай болушу керек.
5.6.9.5 Даяр дары формаларын саткан дарыканалар ж.б. ишканалар (өндүрбөгөн) Ф 3.1. соода объекттерине кирет.
5.6.9.6 Ф 3.4 классындагы объекттердеги нитроцеллюлозанын (целлулоиддин) негизиндеги рентген пленкаларынын архив сактагычын 300кг чейинки сыйдыргычтыгында өрткө каршы 1-типтеги перекрытиелер жана дубалдар менен тосулган жайларда жайгаштыруу керек. 300кг жогору сыйдыргычтагы аталган архив сактагычтары өзүнчө турган имараттарда жайгашуусу керек, мында коңшу имараттарга чейинки аралык 15 м кем эмес болушу керек. Архив сактагычынын өрткө каршы бир отсегинде 500 кг көп эмес пленканы сактоого жол берилет.
5.6.9.7Ф3.4, Ф3.5, Ф3.6 объекттеринин чегинде жайгашкан өндүрүш милдетиндеги жайлар (лабораториялар, дарыларды даярдоочу бөлмөлөр, өнөрканалар ж.б.), ошондой эле кампа жайлары (дарылардын жана дары материалдарынын кладоваясы, инвентардын, күйүүчү жана күйүүчү таңгактагы товарлардын кладоваясы), техникалык жайлар, В4 жана Д категориясындагы жайлардан тышкары, 1-типтегиден төмөн эмес өрткө каршы тосмолор менен бөлүнүп турушу керек.
5.6.9.8 Ичине курулган мончо (сауна) (Ф3.6 классындагы) жайларынын комплексин Ф2 объектисинин трибуналарынын астында, функциялык өрт коркунучу Ф1.1 классындагы объекттердин уктоочу корпустарында, 100 кишиге эсептелген башка функциялык арналыштагы жайлар менен чектеш, жер төлөдө жайгаштырууга жол берилбейт. Ичине курулган мончо (сауна) (Ф3.6 классындагы) жайларынын комплекси төмөнкүлөр менен бөлүнүп турушу керек:
- конструкциялык өрт коркунучу СО жана С1 классындагы отко чыдамдуулуктун I, II, III даражасындагы имараттарда өрткө каршы 1-типтен төмөн эмес тосмолор менен жана 3-типтеги перекрытиелер менен;
- конструкциялык өрт коркунучу СО-С3классындагы отко чыдамдуулуктун IV даражасындагы имараттарда REI60 төмөн эмес өрткө каршы тосмолор жана перекрытиелер менен.
5.6.11 Ф4 функциялык өрт коркунучу классындагы объекттерге талаптар.
5.6.10.1 Ушул бөлүмчөнүн талаптарыфункциялык өрт коркунучу Ф4классындагы, адатта, белгилүү бир курактагы жана физикалык абалдагы адамдардын туруктуу контингенти болуп туруучу,суткасына бир аз убакыт иштеген жайлар колдонулган объекттерге жайылтылат:
жалпы билим берүүчү мекемелердин, балдарга кошумча билим берүү мекемелеринин, башталгыч кесиптик жана кесиптик жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин имараттары (Ф4.1);
- жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринин жана адистерге кошумча кесиптик билим берүү (кесипкөйлүүлүктү жогорулатуу) мекемелеринин имараттары (Ф4.2);
- башкаруу ограндарынын, долбоорлоо-конструкциялык уюмдардын, маалымат жана редакциялык-басма уюмдардын, илимий уюмдардын, мекемелердин, банк, конторалардын, кеңселердин имараттары(Ф4.3).
5.6.10.2 Функциялык өрт коркунучу Ф4.1 классындагы объекттер өзүнчө турган имараттарда жайгаштырылышы керек, же функциялык өрт коркунуч классы башка турак жана коомдук имараттарда өз алдынча өрт отсектерине бөлүнүшү керек. Жалпы билим берүүчү мекемелердин, балдарга кошумча билим берүү мекемелеринин, башталгыч кесиптик жана кесиптик жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин жайларын Ф1.3 классындагы имараттардын биринчи кабатына жайгаштырган учурда, аларды өзүнчө өрт отсектерине бөлүү талап кылынбайт.
5.6.10.3 Интернат тибиндеги функциялык өрт коркунучу Ф4.1 классындагы объекттердеги уктоочу орундары бар жайлар (номерлер, палаталар, бөлмөлөр ж.б.) өзүнчө блоктордо, корпустарда же имараттын бөлүктөрүндө, 5.1.2 бөлүмчөнүн Ф1.1. классындагы объекттер үчүн талаптарына ылайык жайгаштырылат.В1 - ВЗ категорияларындагы жайларды салтанаттуу жыйындар залдардын астында, жер төлө кабаттарында жайгаштырууга жол берилбейт.
5.6.10.4 Ф4.1, Ф 4.2, Ф4.3 объекттердин курамында болуусу караштырылган тамак-аш блогу 2-типтен төмөн эмес өрткө каршы перекрытиелер жана дубалдар менен бөлүнөт. Өндүрүш жана кампа арналышындагы жайлар, техникалык (лабораториялар, эмгек сабактары боюнча кабинеттер, өнөрканалар, күйүүчү жана күйүүчү таңгактагы материалдар, китепканалардын китеп сактагычтары, сервердик жайлар, электр калкандары ж.б.у.с.) жайлар, В4 жана Д категориясындагы жайлардан тышкары, 1-типтен төмөн эмес тосмолор менен жана 3-типтен төмөн эмес перекрытиелер менен бөлүнүп турууга тийиш.
5.6.10.5 Эгерде кинопроекция жайынын терезелери жана тешиктери конференц-залда болуусу каралса, 5.2.2 бөлүмчөдө келтирилген талаптарга ылайык корголушу керек.
6. Адамдардын коопсуздугун камсыздоо
6.1 Жалпы талаптар
6.1.1 Ушул бөлүмдүн талаптары төмөндөгүлөргө багытталган:
- адамдарды өз убагында жана тоскоолдуксуз эвакуациялоого;
- өрттун кооптуу факторлоруна дуушар болушу мүмкүн болгон адамдарды куткаруу;
- адамдардыэвакуация жолунда өрттун кооптуу факторлорунан куткаруу.
6.1.2 Адамдарга өрттун кооптуу факторлорунун таасири тийиши мүмкүн болгон жайлардан тышка адамдардын өз алдынча чыгуусунун уюштурулган процесси эвакуация деп аталат. Эвакуация деп, ошондой эле калктын аз кыймылдуу тобуна кирген адамдардын өз алдынча эмес, персоналдардын жардамы аркылуу чыгуусу да саналат. Эвакуация эвакуация жолдору боюнча эвакуация чыгуулары аркылуу ишке ашат.
6.1.3 Адамдарга өрттүн кооптуу факторлорунун таасири тийген учурда же ушул таасирдин коркунучу болгон учурда адамдардын тышка аргасыз чыгуусу куткаруу деп аталат. Куткаруу өз алдынча, өрт бөлүктөрүнүн же атайын окутулган персоналдын жардамы менен ишке ашат, алардын ичине куткаруу каражаттарын эвакуация жана авария чыгуулары аркылуу пайдалануу кирет.
6.1.4 Эвакуация жолдору менен адамдарды коргоо көлөмдүү-мерчемдүү, эргономикалык, конструкциялык, инженердик-техникалык жана уюштуруу иш-чаралардын топтому менен камсыздалат.
Жайдын чегиндеги эвакуациялык жолдор ушул жайдан, андагы колдонулуп жүргөн өрт өчүрүүчү жана түтүнгө каршы коргонуу каражаттарын эсепке албай, эвакуациялык чыгуулар аркылуу адамдарды коопсуз эвакуациялоону камсыздоого тийиш. Жайлардын чегинен тышкары эвакуация жолдорунун корголушун, эвакуациялык жолго чыгуучужайлардын функциялык өрт коркунучун, эвакуацияланып жаткандардын санын, имараттын отко чыдамдуулук жана конструкциялык өрт коркунуч классын, кабаттан жана жалпы эле имараттан чыгуучу эвакуациялык чыгуулардын санын эске алып, адамдардын коопсуз эвакуациясын камсыздоо шарттарын караштыруу керек.
Жайлардын чегинен тышкары эвакуация жолдорунда жана бөлмөлөрдөгү курулуш материалдарынын конструкцияларынын (жасалгалоо жана беттелүү) үстүнкү катмарларынын өрт кооптуулугу, эвакуация жолдорун коргоо боюнча башка иш-чараларды эске алып, имараттын жана жайдын функциялык өрт коркунучуна жараша чектелиши керек.
6.1.5 Адамдарды куткарууга арналган иш-чаралар жана каражаттар, ошондой эле 6.2.1 ылайык келбеген чыгуулар, имараттан жана бардык жайлардан эвакуация процессин уюштурууда жана долбоорлоодо эсепке алынбайт.
6.1.6 А жана Б категориясынын Ф5 классындагы жайларды бир учурда 50 адамдын болуусуна ылайыкталган жайлардын алдында, жер төлө жана жерпай кабаттарында жайгаштырууга жол берилбейт.
Жер төлө жана жерпай кабаттарында Ф1.1, Ф1.2 жана Ф1.3.классындагыжайлардыжайгаштырууга жол берилбейт.
6.1.7 Имараттарды түтүндөн коргоо абаны жылытуу, желдетүү жана кондициондоштуруу боюнча мамлекеттик ченемдик документтерге ылайык аткарылышы керек.
Өрт жөнүндө ишараттоочу тутум мамлекеттик ченемдик документтерге ылайык аткарылышы керек.
6.1.8 Өрт учурунда адамдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугу эсеп жолу менен бааланат.
6.2 Эвакуациялык жана авариялык чыгуулар
6.2.1 Эгерде чыгуулар төмөндөгү жактарга алпарса, анда алар эвакуациялык болуп эсептелинет:
а) биринчи кабаттагы жайлардан тышка:
- түз тышка;
- коридор аркылуу;
- далис (фойе) аркылуу;
- тепкич бөлүк аркылуу;
- коридор жана далис (фойе) аркылуу;
- б) биринчиден тышкары, кайсы кабаттын болбосун жайларынан:
- түз тепкич бөлүгүнө же 3-типтеги тепкичке;
- түз тепкич бөлүгүнө же 3-типтеги тепкичке алпарганкоридорго;
- түз тепкич бөлүгүнө же 3-типтеги тепкичке алпарган холлго (фойе);
- в) ажана бда көрсөтүлгөн чыгуулар менен камсыз болгон ошол эле катардагы коңшу бөлмөгө (А же Б категориясынын Ф5классындагыжайлардан тышкары); *А же Б категориясындагы жайлардын чыгуулары, эгерде А же Б категориясындагы жайларды тейлөөгө арналган туруктуу жумушчу орундары жок техникалык жайларга алпарса, анда эвакуациялык деп эсептөөгө жол берилет.
Эвакуациялык болуп эсептелген жер төлө жана жерпай кабаттарынан чыгуулар, эреже катары, түз тышка, жалпы тепкич бөлүктөрүнөн бөлүнүп каралууга тийиш.
Төмөндөгүлөргө жол берилет:
- тепкич бөлүгүнүн калган жагынан 1-типтеги туюк өрткө каршы тосмо менен бөлүнгөн, жер төлөлөрдөн чыккан эвакуациялык чыгуулар тышка жалпы тепкич бөлүктөрү аркылуу бөлүнүпчыгышы каралышы керек;
- В, Г жана Дкатегориялардагы жайлары бар жер төлө жана жерпай кабаттарынан эвакуациялык чыгуулар Ф5 классындагы имараттардын биринчи кабатында жайгашкан далиске жана В4, Г, Д категориясындагы жайларга чыгуусу каралууга тийиш, анда 7.23 талаптары сакталууга тийиш;
- Ф2, ФЗ жана Ф4классындагы имараттардын жер төлө жана жерпай кабаттарында жайгашкан фойе, гардеробдордон, тамеки чегүүчү жана санитардык түйүндөрдөн чыгуучуэвакуациялыкчыгууларды 2-типтеги өзүнчө тепкич боюнча биринчи кабаттын далисине караштыруу керек;
- жайлардан эвакуациялык чыгууларды түз 2-типтеги тепкичке караштыруу керек; ушундай тепкичке алпарган коридорго же холлго (фойе, далис), ченемдик документтерде айтылган учурда;
- имараттан, жер төлө жана жерпайкабаттарынан түз тышка чыгууларды тамбур менен, анын ичинде кош тамбур менен жабдуу керек.
6.2.2 Эгерде чыгуунун тешиктеринде эки жакка жыйылма жана көтөрүп-түшүрүүчү эшиктер жана дарбазалар, темир жол жылып турма составы үчүн эшиктер, айланма эшиктер жана турникеттер орнотулса, анда чыгуу эвакуациялык болуп эсептелбейт.
Аталган эшиктердеги кең ачылуучу калиткалар эвакуациялык болуп эсептелинет.
6.2.3 Имараттын өрткө каршы тосмолор менен бөлүнгөн ар кандай функциялык өрт коркунучундагы бөлүктөрү өз алдынча эвакуациялык чыгуулар менен камсыздалышы керек.
6.2.4Батирлердин эшиктеринен тепкич бөлүгүнө же тышка чыгууга чейинки эң көп аралыктарды 7-таблица боюнча кабыл алуу керек.
Турак имараттын секциясында батирден торецинде 1,2 м2кем эмес тешиги жок коридорго (холлго) чыкканда, эң алыс жайгашкан батирдин эшигинен түтөбөгөн тепкич бөлүгүнүн аба зонасына алпарган түз тепкич бөлүгүнө же тамбурга чыгуугачейинки аралык 12 м ашпоого тийиш, эгерде терезе тешиги же коридордо же холлдо түтүн чыгаруучу тешик бар болсо, анда бул аралык 7-таблица боюнча туюк коридорлого кабыл алынгандай болот.
7-таблица
Имараттын отко чыдамдуулук даражасы
| Имараттынконструкциялык өрт коркунучунун классы
| Батирлердин эшиктеринен чыгууга чейинки эң чоң аралык, м | |
Тепкич бөлүктөрүнүн же тышкы чыгуулардын ортосунда жайгашкан учурда
| Туюк коридорлорго же галереяга чыккан учурда
| ||
I, II | СО | 40 | 25 |
II | С1 | 30 | 20 |
III | СО | 30 | 20 |
| С1 | 25 | 15 |
IV | СО | 25 | 15 |
| С1,С2 | 20 | 10 |
V | Ченемделбейт | 20 | 10 |
6.2.5 Автомобиль токтотуучу жайлар (ушул ченемдердин талаптарын эске алып) жердин деңгээлинен төмөн же\жана жогору жайгаша алат, жер алдындагы жана жер үстүндөгү бөлүктөрдөн тура алат (жер алдындагы жана жер үстүндөгү кабаттардан, алардын ичинде ушул имараттардын тунукесин пайдаланып), башка арналыштагы имараттарга улай курула алат, же имараттардын ичинде курулушу мүмкүн, алардын ичинде, ушул имараттардын алдында жер алдындагы, жер төлө, жерпай же жер үстүндөгү төмөнкү кабаттарда, ошондой эле атайын жабдылган жер деңгээлиндеги ачык аянттарда жайгаша алат.
Автомобиль токтотуучу жайлардын жер алдындагы кабаттарына жайдын полунун белгиси жердин мерчемделген белгисинен жайлардын бийиктигинин жарымынан көп төмөн болгондор кирет.
Жер алдындагы автомобиль токтотуучу жайларды курулуш салынбаган аймакта(өткөөлдөрдүн, көчөлөрдүн, аянттардын, скверлердин, газондордун ж.б. алдына) жайгаштырууга жол берилет.
6.2.6 Автомобилдерди сактоо үчүн жайлардын жана имараттардын өрт-жарылуу жана өрт коркунучу боюнча категорияларын КР КЧ31-12сынын өрткө каршы коопсуздук талаптарына ылайык аныктоо керек.
Жеңил автомобилдерди сактоо үчүн жайларды В категориясына киргизүүгө жол берилет, ошондой эле жеңил автоунааларды сактоо үчүн имараттарды - В категориясына киргизүүгө жол берилет (кыймылдаткычы кысылган же суюлтулган газда иштеген автоунаалардан тышкары).
6.2.7.Автомобиль токтотуучу жайлардын ар бир өрт отсек кабатынан (механизацияланган автоунаа коюу жайларынан) түз тышка, тепкич бөлүктөрүнө чыккан экиден кем эмес бөлүнүп жайгашкан эвакуация чыгуулары каралууга тийиш. Эвакуация чыгууларынын бирин обочолонгон рампага караштырууга жол берилет. Пандустардагы тротуралар боюнча тепкич бөлүктөрүнө жарым кабатка өткөөлдөрдү эвакуациялык деп эсептөөгө жол берилет.
Жайлардан эвакуациялык чыгууларды автомобилдерди сактоо үчүн жайлар аркылуу караштырууга жол берилет. Кардарлардын багаждары үчүн кладоваяларды автомобиль токтотуучу жайлардын биринчи (коно турган) кабатына гана жайгаштырууга жол берилет.
Сактоочу жердин эң алыс жеринен жакынкы эвакуациялык чыгууга чейинки жол берилген аралыкты 8-таблицага ылайык кабыл алуу керек.
Рампа бир эле учурда эвакуациялык жолдун милдетин аткарган автомобильтоктотуучу жайлардын имараттарында, рампалардын бир тарабында туурасы 0,8 м кем эмес тротуар жасалышы керек.
Эвакуациялык жол катары пайдаланылган тепкичтердин туурасы 1м кем эмес болууга тийиш.
8-таблица–Эвакуация жолунун узундугу
Автомобиль токтотуучу жайлардын тиби | Жакынкы эвакуациялык чыгууга чейинкиаралык, м, сактоочу жердин төмөндөгүдөй жайгашуусунда | |
Эвакуациялык чыгуулардын ортосунда | Жайдын туюк бөлүгүндө
| |
Жер алдындагы | 40 | 20 |
Жер үстүндөгү | 60 | 25 |
Э с к е р т ү ү - Эвакуация жолунун узундугун өлчөө өткөөлдөрдүн жана унаа өткөөлдөрүнүн ортодогу линиясы боюнча, автоунааларды жайгаштырууну эске алып жүргүзүлөт. | ||
6.2.8 Жайлардан, кабаттардан жана имараттардан чыгуучу эвакуациялык чыгуулардын саны жана туурасы алар аркылуу эвакуацияланган адамдардын максималдуу мүмкүн болгон санына жана адамдардын болушу мүмкүн болгон эң алыс жерден (жумушчу орундан) жакынкы эвакуациялык чыгууга чейинки чегине жеткен жол берилген аралыкка жараша.
6.2.9 Ар кандай көлөмдөгү көрүүчүлөр үчүн орундуктары жок залдардын кайсы чекитинен болбосун эвакуациялык чыгууга чейинки эң көп аралыкты 10 -таблицага ылайык кабыл алуу керек. Негизги эвакуациялык өткөөлдөрдү бир жалпы өткөөлгө бириктиргенде, анын туурасы бириктирилип жаткан өткөөлдөрдүн суммардык туурасынан кем болбошу керек.
Имараттын эң алыс жайгашкан жайларынын эшиктеринен эвакуация жолдору боюнча аралык (дааратканалардан, жуунучу жайлардан, тамеки чегүүчү, чайкануучу жайлардан ж.б. тейлөөчү жайлардан тышкары), ал эми мектепке чейинки балдар мекемелеринде – топ ячейлеринин чыгуусунан тышка чыгууга чейин же тепкич бөлүгүнө чейин 10 -таблицада көрсөтүлгөндөн кем эмес болушу керек. Туюк коридорго же холлго чыгуучу жайлардын сыйдыргычтыгы 80 кишиден көп болбошу керек.
Жайлардан, кабаттардан жана имараттардан чыгуучу эвакуациялык чыгуулардын саны жана кеңдиги алар аркылуу эвакуацияланган адамдардын максималдуу мүмкүн болгон санына жана адамдар болгон эң алыс жайгашкан жерден (жумушчу орундан) жакынкы эвакуациялык чыгууга чейинки чегине жеткен жол берилген аралыкка жараша аныкталат.
9 -таблица
Залдардын милдети(арналышы) | Имараттын отко чыдамдуулугунун даражасы
| Көлөмү миң м3залдардагы аралык, м, | ||
5ке чейин | 5тен ашуун 10го чейин | 10дон ашуун | ||
1 Келгендер үчүн күтүү, кассалык, көргөзмө, бий, эс алуу ж.б. | I, II | 30 | 45 | 55 |
залдар | III, Шб, IV | 20 | 30 | — |
| Ilia, IVa, V | 15 | — | — |
|
|
|
|
|
2 Түштөнүүчү, окуу залдары, ар бир негизги өткөөлдүн аянты ал боюнча эвакуацияланып жаткан ар бир адамга0,2 м2 | I, II | 65 | — | — |
кем эмес эсеп боюнча | III, Шб, IV | 45 | — | — |
| Ша, IVa, V | 30 | — | — |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
9-таблицанын аягы
3 Негизги эвакуациялык өткөөлдөрдүн аянтындагы соода залдары, |
|
|
|
| |
| I, II | 50 | 65 | 80 | |
залдын аянтынын %: | III, Шб, IV | 35 | 45 | — | |
25тен кем эмес | Ша, IVa, V | 25 |
|
| |
25тен кем | I, II | 25 | 30 | 35 | |
| III, Шб, IV | 15 | 20 | — | |
| Ша, IVa, V | 10 | — | — | |
10-таблицада келтирилген аралыктарды төмөндөгү имараттар үчүн кабыл алуу керек: мектепке чейинки балдар мекемелерине–6-топ боюнча; мектептерге, кесиптик-техникалык, орто атайын жана жогорку окуу жайларга–3-топ боюнча; дарылоочу стационар мекемелерге - 5-топ боюнча; мейманканаларга -4-топ боюнча. Калган коомдук имараттар үчүн коридордогу адамдардын агымынын тыгыздыгы долбоор боюнча аныкталат.
10-таблица
Имараттын отко чыдамдуулук даражасы | Эвакуация учурунда адамдардын агымынын тыгыздыгы (*) адам/ м2болгондогуаралык , м, | ||||
2ге чейин | 2ден ашуун 3кө чейин | 3төн ашуун 4кө чейин | 4төн ашуун5ке чейин | 5тен ашуун | |
А. Тепкич бөлүктөрүнүн же тышка чыгуулардын ортосунда жайгашкан бөлмөлөрдөн | |||||
I-III | 60 | 50 | 40 | 35 | 20 |
Шб, IV | 40 | 35 | 30 | 25 | 15 |
Ша, IVa, V | 30 | 25 | 20 | 15 | 10 |
Б. Чыгуулары туюк коридорлорго же холлго чыккан бөлмөлөрдөн
| |||||
I-III | 30 | 25 | 20 | 15 | 10 |
Шб, IV | 20 | 15 | 15 | 10 | 7 |
Ша, IVa, V | 15 | 10 | 10 | 5 | 5 |
(*) бөлмөлөрдөн эвакуацияланып жаткандардын санынын эвакуация жолунун аянтына карата ара катышы | |||||
6.2.10 Экиден кем эмес эвакуациялык чыгууга ээ болушу керек:
1) бир убакытта 10 кишиден көп адамдын болуусуна арналган Ф1.1классындагы жайларда;
2) бир убакытта 15 кишиден көп адамдын болуусуна арналган жер төлө же жерпай кабаттарынын жайларында; бир убакытта 6дан 15 кишиге чейин адамдын болуусуна арналган жер төлө же жерпай кабаттарынын жайларында, эки чыгуунун бирин 6.20 талаптарына ылайык караштырууга жол берилет;
3) бир убакытта 50 кишиден көп адамдын болуусуна арналган жайларда;
4) жумушчулардын саны эң көп сандуу сменада 5тен көп адам иштеген Ф5классындагыА жана Б категориясындагы жайларда, 25тен көп же аянты 1000 м2көп В категориясындагы жайларда;
5) жабдыктарды тейлөөгө арналган ачык этажеркаларда жана Ф5классындагы аянтчаларда, ярустун полунун аянты 100 м көп болгон учурда - А жана Б категориясындагы жайларда, жана 400 м көп болгон учурда -башка категориялардагы жайлар үчүн.
Эки кабатта (деңгээлде) жайгашкан Ф1.3 классындагы жайлар (батирлер), жогорку кабат 18 метрден бийик жайгашкан учурда,ар бир кабаттан эвакуациялык чыгуулар болууга тийиш.
6.2.11 Төмөндөгү класстагы имараттар экиден кем эмес эвакуациялык чыгууга ээ болушу керек:
Ф1.1; Ф1.2; Ф2.1; Ф2.2; ФЗ; Ф4;
Ф1.3 «кабатта батирлердин, ал эми секциялык типтеги имараттарда – секциянын кабатында жалпы аянт 500м көп болгон учурда, экиден кем эмес тепкич бөлүктөрүнө (кадимки же түтөбөгөн) эвакуация болушу керек.
Секциянын кабатындагы (балкон эске алынбаган коридордук, галерея үйлөрүнүн кабатында) батирлердин жалпы аянты 500дөн 550 м2чейин болгон турак имараттарында батирлерден бир эвакуациялык чыгууну орнотууга жол берилет:
жогорку кабат 28 метрден бийик жайгашкан учурда – батирлердин оозгу бөлмөсүн даректүү өрт ишараттоочу датчик менен жабдыган шартта, кадимки тепкич бөлүгүнө;
жогорку кабат 28 метрден бийик жайгашкан учурда – бардык бөлмөлөр (сантүйүндөрдөн, ванналардан, чайкануучу жайлардан жана кир жуучу жерлерден тышкары) даректүү өрт ишараттоочу датчик менен же автоматтуу өрт өчүргүч менен жабдылган шартта, бир түтөбөгөн тепкич бөлүгүнө;
А жана Б категориясынынФ5 - жумушчулардын саны эң көп сандуу сменада 5тен көп адам иштеген учурда, В категориясынан –25 адам.
Жер төлө жана жерпай кабаттары аянты 300 м2көп болгон учурда же бир убакытта 15 адамдан көп болушуна арналган жайларда эки эвакуациялык чыгуудан кем эмес болушу керек.
Бийиктиги 15 м жогору эмес имараттарда кабаттан (же кабаттын башка бөлүктөрүнөн же кабаттын бөлүгүнөн өрткө каршы тосмолор менен бөлүнгөн) аянты 300 м, адамдын саны 20дан ашпаган, тепкич бөлүгүнө чыгуусу 2-типтеги эшик менен жабдылган, функциялык өрт коркунучу Ф1.2, ФЗ, Ф4.3 классындагы бир эвакуациялык чыгууну караштырууга жол берилет (3-таблица боюнча).
6.2.12 Эгерде кабатта экиден кем эмес эвакуациялык чыгууга ээ болушу керек болгон жай жайгашса, анда кабаттан эвакуациялык чыгуулардын саны экиден кем эмес болушу керек.
Имараттан эвакуациялык чыгуулардын саны имараттын кайсы болбосун кабатындагы эвакуациялык чыгуулардын санынан кем эмес болууга тийиш.
6.2.13 Эки же андан көп эвакуациялык чыгуу болгон учурда, алар ар башка жайгаштырылышы керек (коридорлордон түтөбөгөн тепкич бөлүктөрүнө чыгуулардан тышкары). Бири биринен эң алыс жайгашкан эвакуациялык чыгуулардын ортосундагы минималдуу аралыкты L, м, төмөндөгү формулалар боюнча аныктоо керек:
жайдан
коридордон
Мында Р –жайдын периметри, м;
п - эвакуациялык чыгуулардын саны;
D - коридордун узундугу, м.
Эвакуациялык чыгуулар эки же андан көп болгон учурда, арасынан бирөөсүнөн башка, калгандардын баарынын жалпы өткөрүү жөндөмдүүлүгүимаратта, кабатта же жайда болгон бардык адамдардын коопсуз эвакуацияланышын камсыздоого тийиш.
6.2.14 Жарыктагы эвакуациялык чыгуулардын бийиктиги 1,9 м кем эмес, туурасы төмөндөгүдөн кем эмес болууга тийиш:
1,2 м –эвакуацияланып жаткандардын саны 15тен көп болгон учурда, Ф1.1 классындагы жайлардан, башка функциялык өрт коркунуч классындагы имараттардан жана жайлардан, Ф1.3 классындагыдан тышкары, - 50 адамдан ашык;
0,8 м –бардык башка учурларда.
Тепкич бөлүктөрүнүн тышкы эшиктеринин туурасы жана тепкич бөлүктөрүнөн далиске чыккан эшиктердин туурасы 6.4.1 аныкталган эсептиктен же тепкич маршынын туурасынан кем эмес болууга тийиш.
Бардык кырдаалдарда эвакуациялык чыгуунун туурасы эвакуациялык жолдун тешик же эшик аркылуу геометриясын эске алып, адам жаткан замбилди тоскоолдуксуз көтөрүп өтүүгө боло турган болушу керек.
6.2.15 Эвакуациялык жолдогу эвакуациялык чыгуунун эшиктери жана башка эшиктер имараттан сыртка ачылышы керек.
Эшиктин ачылыш багыты төмөндөгүлөргө ченемделбейт:
а) Ф 1.3 жана Ф 1.4 классындагы жайлардыкы;
б) А жана Б категориясындагы жайлардан тышкары, бир убакытта 15тен ашуун адам болгон жайлардыкы;
в) туруктуу жумушчу орундары жок, аянты 200 м көп эмес кампалардыкы;
г) санитардык түйүндөрдүкү;
д) 3-типтеги тепкичтердин аянтына чыгуулардыкы;
е) түндүк курулуш климаттык зонада жайгашкан имараттардын тышкы эшиктеринки.
6.2.16 Кабат боюнча коридорлордун, холлдордун, фойелердин, далистердин жана тепкич бөлүктөрүнүн эвакуациялык чыгууларынын эшиктеринде, аларды ичинен ачкычы жок, эркин ачууга тоскоол болбогон, кулпу болбошу керек. 15 м бийик болгон имараттарда аталган эшиктер, батирлердикинен тышкары, туюк же армирленген айнектен болушу керек.
Тепкич бөлүктөрү, эреже катары, өзү жабылуучу алеттери жана жабылуу жерлеринде тыгыздоосу бар эшиктерге ээ болушу керек.
Тепкич бөлүктөрдө батирлерге алпарган, ошондой эле түз тышка чыккан эшиктерде өзү жабылуучу алеттерди жана жабылуу жерлеринде тыгыздоону караштырбай коюуга жол берилет.
Түтүнгө каршы аргасыз коргоосу бар жайлардан,алардын ичинде коридорлордон чыгуучу эвакуациялык чыгуулардын эшиктери өзү жабылуучу алеттери жана жабылуу жерлеринде тыгыздоосу менен жабдылууга тийиш. Ушул жайлардын ачык эксплуатациялана турган эшиктери, өрт учурунда автоматтуу түрдө жабыла турган түзүлүш менен жабдылууга тийиш.
6.2.17 Эвакуациялык чыгууларга коюлган талаптарга жооп бербеген чыгуулар, авариялык катары карала берсе болот жана өрт учурунда адамдардын коопсуздугун жогорулатууга караштылышы мүмкүн. Авариялык чыгуулар өрт болгон учурда эвакуациялоодо эсепке алынбайт.
6.2.18 Авариялык чыгууларга ошондой эле төмөндөгүлөр кирет:
а) балкондун (лоджиянын) торецинен эки терезенин ортосундагы туюк дубалдан терезе (айнектелген эшиктин) тешигине чейин туурасы 1,2 м кем эмес же туурасы 1,6 м кем эмес айнектелген тешиктерден балконго же лоджияга чыккан балконго же лоджияга чыгуу;
б) Ф1.3 классындагы имараттын чектеш секциясына же чектеш өрт отсегине алпарган,ачык туурасы 0,6 м кем эмес өткөөлгө чыгуу;
в) балкондорду жана лоджияларды кабат боюнча бириктирген тышкы тепкичи менен жабдылган балконго же лоджияга чыгуу;
г) таза полдун белгиси - 4,5 м төмөн болбогон жана +5,0 м жогору болбогон жайлардан, өлчөмдөрү 0,75x1,5 м кем эместерезе же эшик аркылуу, ошондой эле өлчөмү 0,6x0,8 м болгон люк аркылуу түз тышка чыгуу; мында приямка аркылуу чыгуу приямкадагы тепкич менен жабдылууга тийиш, ал эми люк аркылуу чыгуу – жайдагы тепкич менен жабдылууга тийиш; ушул тепкичтердин эңкейиши ченемделбейт;
д) I, II жана III отко чыдамдуулук даражасынын СО жана С1 классындагы имараттардын тунукесине терезе, эшик, люк аркылуу чыгуу «г»да берилген өлчөмбоюнча.
6.2.19 Техникалык кабаттарда бийиктиги 1,8 м кем эмес эвакуациялык чыгууларды караштырууга жол берилет.
Инженердик тарамдарды төшөө үчүн техникалык кабаттардан эвакуациялык чыгууларды түзбөй, авариялык чыгууларды өлчөмү 0,75x1,5 м кем эмес эшиктер аркылуу, ошондой эле өлчөмү 0,6x0,8 м болгон люктар аркылуу караштырууга жол берилет.
Техникалык кабаттардын аянты 300 м2чейин болгон учурда бир чыгууну, ал эми ар бир кийинки аянттын толук жана толук эмес 2000 м2 дагы бир чыгуудан кем эмес чыгууну караштырууга жол берилет.
Үйдүн техникалык астындагы (түбүндөгү) бул чыгуулар имараттан чыккан чыгуулардан бөлүнүп, түз тышка алпарышы керек.
6.3 Эвакуациялык жолдор
6.3.1 Эвакуациялык жолдоргоЭАКЧынын2.04-05 талаптарына ылайык жарык берилиши керек.
6.3.2 Жайдын эң алыс жайгашкан чекитинен жакынкы эвакуациялык чыгууга чейинки, ал эми Ф5 классындагы имараттар үчүн – эң алыс жайгашкан жумушчу орундан жакынкы эвакуациялык чыгууга чейинки, эвакуациялык жолдун огу боюнча өлчөнгөн чегине жеткен жол берилген аралык, жайдын жана имараттын функциялык өрт коркунучу классына жана жарылуу-өрт коркунуч категориясына, эвакуацияланып жаткандардын санына, жайлардын жана эвакуациялык жолдордун геометриялык параметрлерине, имараттын конструкциялык өрт кооптуулук классына жана отко чыдамдуулук даражасына жараша чектелүүгө тийиш.
2-типтеги тепкич боюнча эвакуация жолунун узундугунанын үч эсе көбөйтүлгөн бийиктигине барабар кабыл алуу керек.
6.3.3 Эвакуация жолдорун 6.2.1 эске алып, караштыруу керек; алар лифттерди жана эскалаторлорду, ошондой эле төмөндө көрсөтүлгөн жактарга алпраган тилкелердикиргизбеши керек:
- лифт шахталарынан чыгуулары бар коридорлор аркылуу, эгерде лифттердин шахталарынын тосмо конструкциялары өрткө каршы тосмолорго карата талаптарга жооп бербесе, лифттердин маңдайындагы тамбурлар жана лифт холлдор аркылуу;
- тепкич бөлүгүнүн аянты коридордун бир бөлүгү болгон учурда, “өткөрмө” тепкич бөлүктөрү аркылуу, ошондой эле 2-типтеги, эвакуациялык эмес тепкич жайгашкан жай аркылуу;
- имараттын тунукеси боюнча, эксплуатацияланып жаткан тунукеден же тунукенин атайын жабдылган тилкесинен тышкары;
- эки кабаттан (ярустан) көп кабатты бириктирген 2-типтеги тепкичтер боюнча, ошондой эле жер төлөлөрдөн жана жерпай кабаттарынан чыккан, 6.2.1. көрсөтүлгөн учурлардан тышкары.
6.3.4 Бардык отко чыдамдуулук даражасындагы жана конструкциялык өрт кооптуулук классындагы имараттарда, V даражадагыдан жана СЗ класындагыдан тышкары, эвакуация жолдорунда төмөндөгүлөрдөн жогору өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт:
- дубал, шыптарды жасалгалоо үчүн жана далистеги, тепкич бөлүктөрүндө, лифт холлдордо асма шыптарды толтуруу үчүн – Г1, В1, Д2, Т2;
- дубал, шыптарды жасалгалоо үчүн жана жалпы коридорлордо, холлдордо жана фойелерде асма шыптарды толтуруу үчүн –Г2, В2, ДЗ, ТЗ же Г2, ВЗ, Д2, Т2;
- далистерде, тепкич бөлүктөрүндө, лифт холлдордо полдорду жабуу үчүн – Г2, РП2, Д2, Т2;
- жалпы коридорлордо, холлдордо жана фойелердеполдорду жабуу үчүн –В2, РП2, ДЗ, Т2.
А, Б жана В1 категориясынын Ф5классындагы, жалбырт этип күймө суюктуктар өндүрүлгөн, колдонулган же сакталган жайларда полдорду күйбөс материалдардан же күйүүсү Г1 тобундагы материалдар менен жасоо керек.
Жайлардагы жана эвакуация жолундагы асма шыптардын каркастары күйбөс материалдардан жасалууга тийиш.
6.3.5 6.2.1 п. көрсөтүлгөн коридорлордо, ченемдерде атайын айтылган учурлардан тышкары, дубалдын бетинен 2 м кем эмес бийиктикте чыгып турган жабдыктарды, газ өткөрмөлөрүн жана күйүүчү суюктугу бар өткөрмө түтүктөрдү, ошондой эле коммуникация жана өрткө каршы крандардан тышкары, ичине курулган шкафтарды жайгаштырууга жол берилбейт.
Узундугу 60 мкөп болгон коридорлорду тилкелерге 2-типтеги тосмолор менен бөлүү керек. Ал тилкелердин узундугу мамлекеттик ченемдик документтерге ылайык аныкталат, бирок 60м ашпоого тийиш.
Жайлардан эшиктер коридорго ачылган учурда, коридор боюнча эвакуациялык жолдун туурасын, коридордун туурасы төмөндөгүлөргө азайтылганын кабыл алуу керек:
эшик полотносунун туурасынын жарымына- эшиктер бир тарапта жайгашкан учуруда;
эшик полотносунун туурасына - эшиктер эки тараптуу жайгашса; ушул талап Ф1.3 классындагы имараттардагы секцияларда батирдин чыгуусу менен тепкич бөлүгүнө чыгуунун ортосунда жайгашкан кабат сайын коридорлорго (холлдорго) жайылтылбайт.
6.3.6 Эвакуация жолдорунун горизонталдуу тилкелеринин бийиктиги 2м кем эмес болууга тийиш, горизонталдуу тилкелердин жана пандустардын туурасы төмөндөгүлөрдөн кем эмес болууга тийиш:
Ф1 классындагы жайлардан 15 адамдан көп эвакуацияланышы мүмкүн болгон жалпы коридорлор үчүн - 1,2м, башка функциялык өрт коркунучу классындагы жайлардан - 50 адамдан көп;
жалгыз жумушчу орундарга өткөөлдөр үчүн - 0,7 м;
бардык башка учурларда – 1,0 м.
Кандай кырдаал болбосун, эвакуациялык жолдордун туурасы, алардын геометриясын эске алып, алардан замбилде жаткан адамды тоскоолдуксуз алып өтүүгө мүмкүн болгондой болушу керек.
6.3.7 Эвакуациялык жолдордун полундагы бийиктиктин айырмасы жана чыгып туруучу жерлери, эшик тешиктериндеги босоголордон тышкары, 45 см кем болушуна жол берилбейт. Бийиктиктин айырмасы болгон жерлерде тепкичтер каралышы керек. Алардагы баскычтардын саны үчтөн кем болбошу керек же эңкейиши 1:6 болгон пандус каралышы керек.
Тепкичтин бийиктиги 45 см көп болгон учурда, перилалары бар тосмо каралышы керек.
Эвакуация жолдорунда бурамалуу тепкичтерди, толугу менен же мерчемде толук эмес ийри сызыктуу тепкичтерди, ошондой эле жарыш (забежный) жана ийри сызыктуу баскычтарды, тепкич маршынын жана тепкич бөлүгүнүн чегинде (проступтун) туурасы жана бийиктиги ар түрдүү баскычтарды орнотууга жол берилбейт.
6.4 Тепкич жана тепкич бөлүгү боюнча эвакуациялоо
6.4.1 Адамдарды эвакуациялоого арналган тепкич маршынын туурасы, алардын ичинде, тепкич бөлүгүндө жайгашканында, эсептиктен кем эмес же ага чыккан кайсы болбосун эвакуациялык чыгуунун (эшиктин) туурасынан кем эмес болушу керек, адатта, төмөндөгүдөн кем эмес:
а) Ф1.1классындагы имараттар үчүн - 1,3 5 м;
б) биринчиден башка, кайсы болбосун кабатта жүргөн адамдардын саны 200дөн көп болгон имарат үчүн - 1,2 м;
в) жалгыз жумушчу орундарга алпарган тепкичтер үчүн - 0,7 м;
г) бардык башка учурлар үчүн - 0,9 м.
6.4.2 Эвакуация жолдорундагы тепкичтердин эңкейиши, адатта, Л:1ден көп болбошу керек; проступтун туурасы, адатта, 25 см кем эмес, баскычтын бийиктиги - 22 см көп эмес.
Жалгыз жумушчу орундарга алпарган ачык тепкичтердин эңкейишин 2:1 чейин көбөйтүүгө жол берилет.
Ийри сызыктуу парад тепкичтеринин проступтарынын туурасын кууш жерлеринде 22 см чейин, жумушчу орундун жалпы саны 15 адамдан көп эмес жайларга гана (А жана Бкатегориясынын Ф5 классындагы жайлардан тышкары) алпарган тепкичтердин простубунун туурасын - 12 см чейиназайтууга жол берилет.
3-типтеги тепкичтерди күйбөс материалдардан жасоо керек жана, адатта, отко чыдамдуулуктун жеткен чеги REI30 төмөн эмес, К1 классынан төмөн эмес туюк (жарык тешиктерисиз) дубалдардын бөлүгүндө жайгаштыруу керек.
Бул тепкичтер эвакуациялык чыгуулардын деңгээлиндеги аянттарга, бийиктиги 1,2 м тосмолорго ээ болуп, терезе тешиктеринен 1 м кем эмес аралыкта жайгашуусу керек.
2-типтеги тепкичтер тепкич бөлүктөрүндөгү марштар жана аянтчалар үчүн аныкталган талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
6.4.3 Тепкичаянтчалардын туурасы марштын туурасынан кем болбошу керек. Лифттердин маңдайындагы аянтчалардын туурасы замбилдеги оорулууну ташуу үчүн лифтти колдонууга мүмкүн болгондой болушу керек жана метр менен алганда төмөндөгүдөн кем болбошу керек:
1.5 м –кабинанын туурасы 2100 мм, жүк көтөрүмдүүлүгү 630 кг болгон лифттердин маңдайында;
2,1 м - кабинанын туурасы 2100 мм, жүк көтөрүмдүүлүгү 630 кг болгон лифттердин маңдайында.
Лифттер эки катар жайгашкан учурда, лифт холлунун туурасы, метр менен алганда, төмөндөгүдөн кем болбошу керек:
1,8 м - кабинанын туурасы 2100 мм кем болгон лифттерди жайгаштырууда;
2.5 м - кабинанын туурасы 2100 мм жана андан көп болгон лифттерди жайгаштырууда.
Тепкичтин түз маршындагы аралык аянтчалардын узундугу 1 м кем эмес болушу керек.
Тепкич бөлүгүнө чыккан эшиктер ачык абалында тепкич аянтчаларынын жана марштардын эсептик туурасын азайтпашы керек.
6.4.4 Тепкич бөлүгүндө күйүүчү газы жана суюктугу бар өткөрмө түтүктөрдү, ичине курулган шкафтарды, коммуникация жана өрткө каршы крандардан тышкары, коридорлорго жана тепкич бөлүктөрүнө жарык берүү үчүн ачык төшөлгөн электр кабелдерин жана сымдарды (токту аз талап кылган түзүлүштөрдүн электр өткөрмөлөрүнөн тышкары) жайгаштырууга, жүк ташуучу лифттерден жана жүк көтөргүчтөрдөн чыгууларды караштырууга, ошондой эле проступтардын жана тепкич аянтчаларынын үстүнөн 2,2 м чейин бийиктикте дубалдын бетинен чыгып турган жабдыктарды жайгаштыруугажол берилбейт.
Бийиктиги 28 м чейин болгон имараттарда кадимки тепкич бөлүгүндө таштанды өткөрмө жана жайларга жарык берүү үчүн электр өткөрмөнү караштырууга жол берилет.
Тепкич бөлүгүнүн көлөмүндө ичине, сакчылардын бөлмөсүнөн тышкары, кандай арналышта болбосун бөлмөлөрдү курууга жол берилбейт.
Биринчи, жерпай жана жер төлө кабаттарынын марштарынын алдында жылуулуктубашкаруу, суу өлчөөчү түйүндөрүн жана электр кириш-бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдү жайгаштырууга жол берилет.
Түтөбөс тепкич бөлүктөрүндө жылуулук алеттерин гана караштырууга жол берилет.
6.4.5 Тепкич бөлүгүнүн көлөмүндө, түтөбөс тепкич бөлүктөрүнөн тышкары, биринчи кабаттан төмөн түшпөгөн, лифт шахтасынын тосмо конструкциялары отко чыдамдуулугу ченемделбеген чектеги күйбөс материалдардан болгон экиден көп эмес жүргүнчүлөр лифтин жайгаштырууга жол берилет.
Имараттардын жана курулмалардын жерпай жана жер төлө кабаттарында лифтке кирүү өрт учурунда аба тирөөчүсү бар 1-типтеги тамбур-шлюз аркылуу ишке ашырылышы керек.
Имараттардан тышкары жайгашкан лифт шахтасын отко чыдамдуулугу ченемделбеген чектеги күйбөс тосмо конструкциялар менен тосууга жол берилет.
6.4.6 Тепкич бөлүктөрүнүн чектеш имараттын аймагына тышка чыгуулары, чектеш коридорлордон эшиги бар тосмолор менен бөлүнгөн далис аркылуу же түз далистен болушу керек. Жалпы далис аркылуу эки тепкич бөлүгүнөн эвакуациялык чыгууларды орнотууда, далиске чыканынан башкасы, түз тышка чыга турган болушу керек.
Н1 тибиндеги тепкич бөлүктөрүнүн түз тышка гана чыгуусу болушу керек.
6.4.7 Л2 тибиндеги тепкич бөлүктөрүнөн тышкары тепкич бөлүктөрү, эреже катары, ар бир кабатта тышкы дубалдардагы аянты 1,2 м2кем эмес болгон жарык тешиктерине ээ болушу керек.
Имараттардын эвакуацияга арналган ички тепкич бөлүктөрүнүн 50% көп эмесин жарык тешиги жок караштырууга төмөнкү учурларда жол берилет:
- өрт учурунда аба тирөөчүсү бар Н2 же НЗ тибиндеги - Ф2, ФЗ жана Ф4 класста;
- өрт учурунда аба тирөөчүсү бар НЗ тибиндеги - бийиктиги 28 м чейин В категориясындагы Ф5 классында, өрт учурунда аба тирөөчүсү бар НЗ тибиндеги -Г жана Д категориясындагы имараттын бийиктигине карабастан.
Л2 тибиндеги тепкич бөлүктөрүнжабууда марштардын ортосундагы ачык жердин туурасы 0,7 м кем эмес, аянты 4 м2кем эмес болгон жарык тешиктерине же горизонталдуу кесилишинин аянты 2 м2кем эмес болгонтепкич бөлүгүнүн бүт бийиктиги боюнча жарык шахтасына ээ болушу керек.
Лестничные клетки типа Л2 должны иметь в покрытии световые проемы площадью не менее с просветом между маршами шириной не менее 0,7 м или световую шахту на всю высоту лестничной клетки с площадью горизонтального сечения не менее.
6.4.8 Н2 жана НЗ тибиндеги тепкич бөлүктөрүнүн түтүнгө каршы коргоосу мамлекеттик ченемдик документтерге ылайык каралууга тийиш. Н2 тибиндеги тепкич бөлүктөрү зарыл болгон учурда бийиктиги боюнча тепкич бөлүктөрүнүн көлөмүнөн тышкары отсектердин отросунда өтмөсү бар 1-типтеги туюк өрткө каршы тосмолор менен отсектерге болүнүшү керек.
Н2 тибиндеги тепкич бөлүктөрүндөгү терезелер ачылбай турган болушу керек.
6.4.9 Н1 тибиндеги тепкич бөлүктөрүнө алпаруучу тышкы аба зонасы аркылуу өтмөктөрдүн түтөбөстүгү алардын конструкциялык жана көлөмдүү-мерчемдүү чечимдери менен камсыздалышы керек.
Бул өтмөктөр ачык болуп, адатта, имараттын ички бурчтарында жайгашпоого тийиш.
Имараттын тышкы дубалынын бир бөлүгү экинчисине 135° градустан кем бурчта чектеш болгон учурда, тышкы аба зонасынын жакынкы эшик тешигинен тышкы дубалдын ички бурчунун чокусуна чейинки аралык горизонтал боюнча 4 м кем эмес болушу зарыл; бул аралык тышкы дубалдын чыгып турган жеринин чоңдугуна чейин азайтылса болот; ушул талап 135° градус жана андан көп градустагы ички бурчтарда жайгашкан өтмөктөргө, ошондой эле дубалдын чыгып турган жеринин чоңдугу 1,2 м көп болбосо, жайылтылбайт.
Аба зонасынын эшик тешиктери менен жайдын жакынкы терезесинин ортосундагы аралыктын туурасы 2 м кем эмес болууга тийиш.
Өтмөктөрдүн туурасы тосмонун бийиктиги менен 1,2 м кем эмес кеңдикте болууга тийиш, тышкы аба зонасындагы эшик тешиктеринин ортосундагы аралык 1,2 м кем эмес болушу керек.
6.4.10 Л1 тибиндеги тепкич бөлүктөрүн бардык функциялык өрт коркунуч классындагыбийиктиги 28 м чейин болгон имараттарда караштырууга болот; мында А жана Б категориясынын Ф5 классындагы имараттарында А жана Бкатегориясындагы жайлардан кабат боюнча коридорго чыгуулар туруктуу аба тирөөчүсү бар тамбур-шлюз аркылуу караштырылышы керек.
6.4.11 Л2 тибиндеги тепкич бөлүктөрүн I, II жана III отко чыдамдуулук даражасындагы СО жана С1 өрткө кооптуу конструкциялык классындагы жана Ф1, Ф2, ФЗ жана Ф4 функциялык өрт коркунучундагы бийиктиги, эреже катары, 9 м ашпаган имараттарда караштырууга жол берилет. Өрт учурунда жогорку жарык тешиги автоматтуу түрдө ачылган учурда жана Ф1.3 классындагы имараттарда автоматтык өрт ишараттоочуну же автономдуу өрт билдирүүчүлөрдү орноштурган учурда, имараттын бийиктигин 12 м чейин көбөйтүүгө жол берилет. Мында:
- Ф2, ФЗ жана Ф4 классындагы имараттарда мындай тепкичтер 50%дан көп болбошу керек, калгандары ар бир кабатта тышкы дубалдарында жарык тешиктерге ээ болушу керек;
- секциялык типтеги Ф1.3 классындагы 4 м жогору жайгашкан имараттарда 6.20 боюнча авариялык чыгуулар каралышы керек.
6.4.12 28 м бийик, ошондой эле А жана Бкатегориясынын Ф5 классындагы имараттарда, эреже катары, Н1 тибиндеги түтөбөс тепкичтерди караштыруу керек.
Төмөндөгүлөргө жол берилет:
- коридордук типтеги Ф1.3 классындагы имараттарда Н2 типтеги тепкич бөлүктөрүн 50%дан көп эмес караштыруу керек;
- Ф1.1, Ф1.2, Ф2, ФЗ жана Ф4 классындагыимараттарда Н2 жана Н3 типтеги өрт учурунда аба тирөөчүсү бар тепкич бөлүктөрүн 50%дан көп эмес караштыруу керек;
- А жана Б категориясынын Ф5 классындагы имараттарында Н2 жана Н3 типтеги, табигый жарык берүүсү жана туруктуу аба тирөөчүсү бар тепкич бөлүктөрүн караштыруу керек;
- В категориясынын Ф5 классындагы имараттарында Н2 жана Н3 типтеги өрт учурунда аба тирөөчүсү бар тепкич бөлүктөрүнкараштыруу керек;
- Г жана Д категориясынын Ф5 классындагы имараттарында Н2 жана Н3 типтеги өрт учурунда аба тирөөчүсү бар тепкич бөлүктөрүн, ошондой эле Л1 типтеги тепкич бөлүктөрү каралышы керек, алар ар бир 20 м сайын өрткө каршы туюк тосмо менен бөлүнүп, тепкич бөлүктөрүнүн көлөмүнөн тышкары, бир тепкич бөлүгүнөн башка бөлүккө өтмөгү бар болууга тийиш.
6.4.13 Түтөбөс тепкич бөлүктөрү бар имараттарда жалпы коридорлорду, далистерди, холлдорду жана фойелерди коргоо үчүн түтүнгө каршы коргоо караштырылышы керек.
6.4.14 I жана II отко чыдамдуулук даражасындагы СО өрткө кооптуу конструкциялык классындагы имараттарда далистен экинчи кабатка чейин 7.24. талаптарды эске алып, 2-типтеги тепкичтерди караштырууга жол берилет.
6.4.15 28 м бийик эмес Ф1.2, Ф2, ФЗ жана Ф4 функциялык өрт коркунуч классындагы жана I жана II отко чыдамдуулук даражасындагы СО өрткө кооптуу конструкциялык классындагы имараттарда ченемдер талап кылынган эвакуациялык тепкич бөлүктөрү бар болгондо жана 7.25. талаптары тутулган учурда, эки кабаттан көп кабаттарды бириктирген2-типтеги тепкичтерди караштырууга жол берилет. 2-типтеги тепкичтер үчүн аныкталган талаптарга ылайык эскалаторду караштыруу керек.
7 Өрттүн таралышын болтурбоо
7.1 Өрттүн таралышын болтурбоокүйүүнүн аянтын, интенсивдүүлүгүн жана узактыгын чектеген иш-чаралар аркылуу ишке ашат. Аларга төмөндөгүлөр кирет:
- жайдын ичинде, бөлмөлөрдүн ортосунда, ар башка функциялык өрт коркунучундагы жайлардын топторунун ортосундагы, кабат жана секциялардын, өрт отсектеринин, ошондой эле имараттардын ортосундагы өрттүн кооптуу факторлорунун таралышына бөгөт кылган конструкциялык жана көлөмдүү-мерчемдөө чечимдери;
- имараттын конструкцияларынын, анын ичинде, тунукенин, фасаддардын, бөлмөлөрдүн жана эвакуация жолдорунунсырткы катмарларындаколдонулуучу жасалгалоочу жана беттөөчү курулуш материалдарынын өрт коркунучун чектөө;
- имараттардын жана курулмалардын технологиялык жарылуу-өрт жана өрт коркунучун төмөндөтүү;
- алгачкы, алардын ичинде автоматтык жана алынып келинген өрт өчүрүү каражаттарынын бар болушу;
- өрт жөнүндө ишараттоо жана билдирүү.
7.2 Имараттын өрттү өчүрүүгө кыйын болгон бөлүктөрү (техникалык жайлар жана кабаттар, жер төлө жана жерпай кабаттары, имараттын ж.б.бөлүктөрү), күйүүнүн аянтын, интенсивдүүлүгүн жана узактыгын чектөөгө багытталган кошумча каражаттар менен жабдылууга тийиш.
7.3 Өрттүн таралышын болтурбоого багытталган иш-чаралардын натыйжалуулугун 4-бөлүмдүн өрттөн кыйыр жана түз зыян чегүүнү чектөө боюнча талаптарына негизделген техникалык-экономикалык эсептөөлөр менен баалоого жол берилет.
7.4 Ар башка функциялык өрт коркунуч классындагы имараттардын жана жайлардын бөлүктөрү отко чыдамдуулуктун ченемделген чектериндеги тосмо конструкциялары менен өз ара бөлүнүп турушу керек. Мында мындай тосмо конструкцияларга жана ушул типтеги тосмолорго талаптар жайлардын функциялык өрт коркунуч классын, өрт жүктөмүнүн чоңдугун, имараттардын отко чыдамдуулук жана конструкциялык өрт коооптуулук классын эске алып, аныкталат.
7.5. Имаратта өрткө каршы тосмолор менен бөлүнгөн ар башка функциялык өрт коркунуч классындагы бөлүктөр болгон учурда, ушундай бөлүктөрдүн ар бири тиешелүү функциялык өрт коркунуч классындагы имараттарга карата өрткө каршы талаптарга ылайык келиши керек.
Имараттын өрткө каршы коргоо тутумун тандоодо, анын бөлүктөрү ар башка функциялык өрт коркунуч классында болгондо, имараттын функциялык өрт коркунучу жалпысынан ушул бөлүктөрдүн кайсынысынан болбосун жогору болушуна жол берилгендигин эске алуу керек.
7.6. Ф5 классындагы имараттарда А жана Б категориясындагы жайларды, эгерде технологиялык талаптарда жол берилсе, тышкы дубалдардын жанында, көп кабаттуу имараттарда – жогорку кабаттарда жайгаштыруу керек.
7.7. А жана Б категориясындагы жер төлө жана жерпай кабаттарында күйүүчү газдарды жана суюктуктарды, ошондой эле жалбырт этип күймө материалдарды, айтылган учурлардан тышкары, колдонгон же алар сакталган жайларды жайгаштырууга жол берилбейт.
7.8. Курулуш конструкциялары өрттүн ачык таралышына көмөктөш болбошу керек.
7.9. Курулуш конструкцияларынын бекемдөө түйүндөрүнүн отко чыдамдуулугу конструкциянын өзүнүн отко чыдамдуулугу талабынан төмөн болбошу керек.
7.10. Зал жайларындагы полдорду эңкейтип турган конструкциялар, кабаттар ортосундагы перекрытиелер үчүн 5-жана 6- таблицаларда аныкталган талаптарга ылайык болууга тийиш.
7.11. Ченемделген отко чыдамдуулуктагы жана өрт коркунучундагы тосмо конструкциялардын кабелдер жана өтмө түтүктөр менен кесилишкен түйүндөрү конструкциялардын талап кылынган өрт-техникалык көрсөткүчтөрүн төмөндөтпөшү керек.
7.12 .Конструкциялардын ачык бөлүктөрүнө шыбалган атайын оттон коргоочу жабуулар жана сиңдирмелер конструкцияларды жасалгалоого коюлган талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
Техникалык документтерде ушул жабууларга жана сиңдирмелерге аларды алмаштырып туруу боюнча же эксплуатация шарттарына жараша калыбына келтирүү боюнча мезгили көрсөтүлүшү керек.
Алмаштырып же калыбына келтирип турууну жокко чыгарган жерлерде, отко чыдамдуулуктун чегин көбөйтүү үчүн же өрт коркунучунун классын төмөндөтүү үчүн атайын оттон коргоочу жабууларды жана сиңдирмелерди колдонууга жол берилбейт.
7.13. Материалдардын өрт коркунучун төмөндөтүү үчүн колдонулган оттон коргоочу каражаттардын натыйжалуулугу 5-бөлүктө аныкталган, курулуш материалдарынын өрт коркунуч тобун аныктоо үчүн сыноолор аркылуу бааланышы керек.
Конструкциялардын отко чыдамдуулугун жогорулатуу үчүн колдонулган оттон коргоочу каражаттардын натыйжалуулугу 5-бөлүктө аныкталган, курулуш конструкцияларынын отко чыдмадуулук чегин аныктоо үчүн сыноолор аркылуу бааланышы керек.
Металл конструкцияларынын көтөрүү жөндөмдүүлүгүн аныктоодо эске алынбаган оттон коргоочу каражаттардын натыйжалуулугу статикалык жүктөмүсүз, кичирейтилген бийиктиги 1,7 м кем эмес колонналардын моделдерин же устундун пролету2,8 м кем эмес моделин салыштырмалуу сыноодон өткөрүү жолу менен баалоого жол берилет.
7.14. Перекрытиелердин жана жабуулардын отко чыдамдуулугунун чегин жогорулатуу үчүн колдонулган асма шыптар өрт коркунучу боюнча ушул перекрытиелерге жана жабууларга карата талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
Асма шыптары бар жайлардагы өрткө каршы тосмолор алардын үстүндөгү мейкинди бөлүп турууга тийиш.
Асма шыптардын артындагы мейкинде күйүүчү газдарды, чаң-аба аралашмаларын, суюктуктарды жана материалдарды ташуучу каналдарын жана өтмө түтүктөрдү караштырууга жол берилбейт.
Асма шыптарды А жана Бкатегориясындагы жайларга караштырууга жол берилбейт.
7.15 Имараттын тосмо конструкциялары менен өрткө каршы тосмолордун чектешкен жерлеринде, алардын ичинде имараттын конфигурациясы өзгөрүлгөн жерлерде, ушул тоскоолдуктардан өтүп, өрттүн таралышын болтурбоочу иш-чараларды караштыруу керек.
7.16 Имаратты өрт отсектерине бөлгөн өрткө каршы дубалдар имараттын бүтүндөй бийиктигине көтөрүлүшү керек жана өрттүн очогу тараптан имараттын конструкциясы ураган учурда, чектеш отсекке өрттүн таралбашын камыздоосу керек.
7.17 Өрт учурунда өрткө каршы тосмолордо тешиктер, эреже боюнча, жабык болууга тийиш.
Өрткө каршы тосмолордогу терезелер ачылбаган болушу керек, ал эми эшиктер, дарбазалар, люктар жана клапандар өзү жабылуучу түзүлүшкө жана жабылуу жерлеринде тыгыздоолорго ээ болушу керек. Ачык абалда эксплуатациялануучу эшиктер, дарбазалар, люктар жана клапандар өрт учурунда алардын автоматтуу түрдө жабылышын камсыздаган түзүлүштөр менен жабдылууга тийиш.
7.18 Өрткө каршы тешиктердин жалпы аянты, лифт шахталарынын тосмолорунан тышкары, алардын аянтынын 25% ашпоого тийиш.
Өрткө каршы тосмолордогу тешиктерди толтуруу 5.4.3 талаптарына жана ушул бөлүмдүн талаптарына жооп бериши керек.
А жана Б категориясындагы жайларды башка категориялардагы жайлардан, коридорлордон, тепкич бөлүктөрүнөн жана лифт холлдорунан бөлүп турган өрткө каршы тосмолордо мамлекеттик ченемдик документтерге ылайык туруктуу аба тирөөчүсү менен тамбур-шлюзду караштыруу керек. Аталган категориядагы эки же андан көп жайларга жалпы тамбур-шлюзду караштырууга жол берилбейт.
7.19 А жана Б категориясындагы жайларды башка категориялардагы жайлардан, же эшиктерден, дарбазалардан, люктардан жана клапандардан - В категориясындагы жайларды башка категориялардагы жайлардан бөлүп турган өрткө каршы тосмолордо тамбур-шлюздарды орнотууга мүмкүн болбогон учурда,өрттүн тарап кетүүсүн болтурбоочу, күйүүчү газдардын, жалбырт этип күймө суюктуктардын бууларынын, жарылууга кооптуу концентрациядагы чаңдардын, булалардын кабаттарга жана коңшу жайларга таралышын болтурбоочу иш-чаралардын топтомун караштыруу керек. Бул иш-чаралардын натыйжалуулугу негизделген болушу керек. Өрткө каршы эшиктер менен же дарбазалар менен жабыла турган өрткө каршы тосмолордун тешиктеринде чектеш В, Г жана Д категориясындагы жайлардын ортосунда байланышуу болушу үчүн ачык тамубрларды караштырууга жол берилет. Алар автоматтуу өрт өчүрүүчү түзүлүштөр менен жабдылууга тийиш. Ушул тамбурлардын тосмо конструкциялары өрткө каршы болушу керек.
7.20 Өрткө каршы тосмолордун тешиктерин толтуруу, эреже катары, күйбөс материалдардан болушу керек.
Эшиктерди, дарбазаларды, люктарды жана клапандарды күйүгүчтүк тобу ГЗ төмөн эмес, калыңдыгы 40мм кем эмес материалдарды колдонуп жасоого жол берилет.
Өрткө каршы тосмолорду күйүүчү газдар, суюктуктар жана материалдар сакталбаган, ошондой эле процесстери күйүүчү чаңдардын пайда болушу менен байланышпаган жайлар тарапта турган тамбур-шлюздардын эшиктерин, дарбазаларды, люктарды жана клапандарды күйүгүчтүк тобу ГЗ болгон, калыңдыгы 40мм кем эмес, боштуктары жок жасоого жол берилет.
7.21 1-типтеги өрткө каршы дубалдарды жана перекрытиелерди күйүүчү газдарды, чаң-аба аралашмаларды, суюктуктарды, заттарды жана материалдарды траспортировкалоочу каналдар жана өтмө түтүктөр менен кесип өтүүгө жол берилбейт.
Ушундай өрткө каршы тосмолордо жогоруда аталгандардан айырмаланган чөйрөлөрдү транспортировкалоо үчүн каналдар жана шахталар кесип өткөн жерлерде, күйүү продукттарынын каналдар, шахталар жана өтмө түтүктөр боюнча таралышын болтурбоочу автоматтуу түзүлүштөрдү караштыруу керек.
7.22 Лифт шахталарынын (6.4.5 көрсөтүлгөндөрдөн тышкары) жана лифттердин машина бөлүмдөрүнүн жайлары (тунукеде жайгашкандарынан тышкары), ошондой эле коммуникацияларды төшөө үчүн каналдардын жана шахталардын, нишалардын тосуп туруучу конструкциялары 1-типтеги өрткө каршы тосмолорго жана 3-типтеги перекрытиелерге каратакоюлган талаптарга ылайык болууга тийиш. Лифт шахтасы менен лифттин машина бөлүмүнүн ортосундагы тосуп туруучу конструкциянын отко чыдамдуулугунун чеги ченемделбейт.
Жогоруда айтылган лифт шахталарындагы тосмолордо өрткө каршы эшиктерди орнотууга мүмкүн болбогон учурда, 1-типтеги өрткө каршы тосмолору жана 3-типтеги перекрытиелери бар тамбурларды же холлдорду караштыруу керек, же өрт учурунда лифт шахталарынын эшик тешиктерин автоматтуу түрдө жаап койгон экрандар каралууга тийиш. Мындай экрандар күйбөс материалдардан болуп, алардын отко чыдамдуулугунун чеги EI45 төмөн эмес болушу керек.
Түтөбөс тепкич бөлүктөрү бар имараттарда лифт шахталарынын түтүнгө каршы автоматтык коргоочусу каралышы керек. Алардын чыгуусунда өрт учурунда аба тирөөчүсү бар тамбур-шлюз болбошу керек.
Таштандылар үчүн өтмөлөрдүн түркүгү күйбөс материалдардан болушу керек.
7.23 Ф1.3 тышкары, фнукциялык өрт коркунучу классындагы бардык имараттарда технологиянын шарттары боюнча жер төлө жана жерпай же биринчи кабаттарынын ортосунда байланыш үчүн өзүнчө тепкич караштырууга жол берилет. 6.2.1. айтылгандардан тышкары, алар эвакуация учурунда эске алынбайт.
Бул тепкичтер 1-типтеги өрт учурунда аба тирөөчүсү бар тамбур-шлюздуу өрткө каршы тосмо менен тосулууга тийиш.
Жогоруда айтылган тепкичтерге тосмону, эгерде В4, Г жана Дкатегориясындагы жайлары бар жер төлө же жерпай кабаттарынан ушул эле категориядагы биринчи кабаттагы жайларга алпарган учурда, Ф5 классындагы имараттарда караштырбай койсо болот.
7.24 Далистен экинчи кабатка чейин алпарган 2-типтеги тепкичти орнотууда, далис коридорлордон жана чектеш жайлардан 1-типтеги өрткө каршы тосмолор менен бөлүнүшү керек.
7.25 6.4.16 каралган 2-типтеги тепкич жайгашкан жай, ага чектеш коридорлордон жана башка жайлардан 1-типтеги өрткө каршы тосмо менен бөлүнүшү керек. 2-типтеги тепкич жайгашкан жайды өрткө каршы тосмо менен төмөнкү учурларда бөлбөй коюуга жол берилет:
- бүтүндөй имаратта автоматтык өрт өчүрүүчү орнотулган учурда;
- 9 м бийик эмес, кабаттын аянты 300 м көп эмес имараттарда.
7.26 Жер төлө жана жерпай кабаттарда лифттердин маңдайында 1-типтеги өрт учурунда аба тирөөчү бар тамбур-шлюздарды карашытруу керек.
7.27 Имараттын жана өрт отсектеринин өлчөмдөрүн, ошондой эле имараттардын ортосундагы аралыкты тандооалардын отко чыдамдуулук даражасына, функциялык жана конструкциялык өрт коркунучунун классына, өрт жүктөмүнүн чоңдугуна жараша, ошондой эле колдонулуучу өрткө каршы каражаттардын натыйжалуулугун, өрт кызматтарынын канчалык алыста экенин жана бар болушун, алардын жабдылганын, өрттүн мүмкүн болгон экономикалык жана экологиялык кесепеттерин эске алып жүргүзүү зарыл.
7.28 Эксплуатация процесинде өрткө каршы коргонуунун бардык инженердик каражаттарынын ишке жөндөмдүүлүгү камсыздалышы керек.
7.29 Автоматтык өрт өчүрүүнү жана өрт ишараттоосун мамлекеттик ченемдик документтерге ылайык караштыруу керек.
8 Өрттү өчүрүү жана куткаруу иштери
8.1 Болушу мүмкүн болгон өрттү өчүрүү жана куткаруу иштерин жүргүзүү конструкциялык, көлөмдүү-мерчемдүү, инженердик-техникалык жана уюштуруучу иш-чаралар менен камсыздалат.
Аларга төмөндөгүлөр кирет:
- функциялуу өткөөлдөр жана келүүчү же атайын өткөөлдөр менен айкалышкан өрт техникасы үчүн өрт өткөөлдөрүн жана келүүчү жолдорду орнотуу;
- тышкы өрт тепкичтерин орнотуу жана өрткө каршы бөлүмдөрдүн персоналын жана өрткө каршы техниканын кабаттарга, имараттын тунукесине жетүүсү үчүн башка ыкмаларды камсыздоо, алардын ичинде, “өрткө каршы бөлүмдөрдү” ташуу режимине ээ лифттерди орнотуу;
- өрткө каршы суу түтүктөрүн, алардын ичинде чарба же атайын түтүктөр менен айкалышкан, зарыл болгон учурда, кургак түтүк жана өрт ёмкостторун (резервуарларын) орнотуу;
- өрткө каршы бөлүмдөрдүн имараттын ичиндеги жолдорун түтүндөн коргоо;
- зарыл болгон учурда, имаратты жеке жана жамааттык куткаруу каражаттары менен жабдуу;
- конуштун же объекттин аймагында жеке курамдын зарыл болгон саны жана өрткө каршы техника менен жабдылган, алардын иш-аракеттери радиусундагы объекттерде өрттү өчүрүүгө тийиштүү шарттары бар өрткө каршы бөлүмдөрдүн жайгашуусу.
Ушул иш-чараларды тандоо имараттын отко чыдамдуулук даражасына, конструкциялык жана функциялык өрт коркунучу классына жараша болот.
8.2 Негизги жана атайын өрткө каршы машиналар үчүн өткөөлдөрдү мамлекеттик жана ченемдик документтердин талаптарына ылайык караштыруу керек.
8.3 Бийиктиги 10 м жана андан бийик болгон имараттар үчүн тунукенин карнизине чейин же тышкы дубалдын (парапеттин) жогору жагына чейин тунукеге чыгууну түз тепкич бөлүктөрүнөн же жылуу чатырдан тышкары, чатыр аркылуу, 3-типтеги тепкичтер боюнча же тышкы өрткө каршы тепкичтер боюнча караштыруу керек.
Тунукеге чыгуулардын саны жана алардын жайгашуусу имараттын функциялык өрт коркунучу классына жана өлчөмүнө жараша, бирок бир чыгуудан кем эмес болушу караштырылышы керек:
- чатыр жабуусу бар имараттын узундугунун ар бир толук жана толук эмес 100 м жана Ф1, Ф2, ФЗ жана Ф4 классындагы чатыр жабуусуз имараттын тунукесинин аянтынын ар бир толук жана толук эмес 1000 м бирден кем эмес чыгуу;
- Ф5 классындагы имараттын периметри боюнча 200 м сайын өрткө каршы тепкичтер боюнча.
Караштырбай коюуга жол берилет:
- эгерде имараттын туурасы 150 м ашпаса, ал эми башкы фасадга каршы тарапта өрткө каршы суу түтүгүнүн линиясы бар болсо, имараттын башкы фасадында өрткө каршы тепкичтерди;
- аянты 100 м2 көп эмес жабуусу бар бир кабаттуу имараттын тунукесине чыгууну.
8.4 Ф1.4 классындагы имараттардан тышкары, имараттардын чатырларында стационардуу тепкичтер менен жабдылган, эшик, люк же 0,6x0,8 м кем эмес терезе аркылуу тунукеге чыгууларды караштыруу керек.
Тунукеге же чатырга тепкич бөлүктөрүнөн чыгууларды чыгуунун маңдайындагы аянтчалары бар тепкич маршары боюнча, 2-типтеги, өлчөмү 0,75x1,5 м кем эмес өрткө каршы эшиктер аркылуу караштыруу керек. Аталган марштар жана аянтчалар болоттон болушу мүмкүн, эңкейиши 2:1 ашпаган жана туурасы 0,9 м кем эмес болушу керек.
Ф1, Ф2, ФЗ жана Ф4 классындагы бийиктиги 15 м чейин болгон имараттарда 2-типтеги өрткө каршы, өлчөмү 0,6x0,8 м,болот шатылар менен бекитилген люктар аркылуу тепкич бөлүктөрүнөн тунукеге же чатырга чыгууларды орнотууга жол берилет.
8.5 Техникалык кабаттарда, алардын ичинде техникалык подпольелерде жана техникалык чатырларда, жарыктагы өткөөлдүн бийиктиги 1,8 м кем эмес болууга тийиш; имаратты бойлото чатырларда - 1,6 м кем эмес. Ушул өткөөлдөрдүн туурасы 1,2 м кем эмес болууга тийиш. Айрым, узундугу 2 м көп эмес болгон тилкелердебийиктикти 1,2м чейин, туурасын - 0,9 м чейин азайтууга жол берилет.
8.6 Мансардасы бар имараттарда чатырлардын көңдөйүнүн тосмо конструкцияларында люктарды караштыруу керек.
8.7 Тунукенин бийиктигинин айырмасы 1 м көп болгон жерлерде (алардын ичинде жарык аэрация чырактарын көтөрүп чыгуу үчүн), эреже катары, өрткө каршы тепкичтерди караштыруу керек.
Эгерде тунукенин аянтынын ар бир 100 м2 тилкеси 8.3 талаптарына жооп берген тунукеге жеке чыгууга ээ болсо, же тунукенин 8.3 боюнча аныкталган төмөнкү тилексинин бийиктиги 10 м ашпаса, тунукенин бийиктигинин айырмасы 10м көп болгон жерлеринде өрткө каршы тепкичтер каралбайт.
8.8 Тунукенин бийиктигинин айырмасы 1 м 20 м чейин болгон жерлерде жана 10 м 20 м чейин бийиктикке көтөрүлүү үчүн П1 тибиндеги өрткө каршы тепкичтер колдонулушу керек, 20 м ашык бийиктикке чыгуу үчүн жана бийиктиктин айырмасы 20 м көп болгон жерлерде - П2 тибиндеги өрткө каршы тепкичтер колдонулушу керек.
Өрткө каршы тепкичтер күйбөс материалдардан болуп, терезелерден 1 м жакын эмес жайгашуусу керек жана аларды өрт бөлүктөрү пайдалана турган болушу керек.
8.9 Тепкичтин марштарынын ортосунда жана тепкич марштарынын тосмолорунун кармагычтарынын ортосунда жарыкта мерчемде туурасы 75 мм болгон жылчык каралууга тийиш.
8.10 5 м бийик болгон Ф1.1 классындагы имараттардын ар бир өрт отсектеринде, бийиктиги 28 м көп болгон функциялык өрт коркунучунун бардык классындагы имараттарда өрт бөлүмдөрүн ташуу үчүн өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берген лифттер каралууга тийиш.
8.11 Тунукенин эңкейиши 12% чейин болгон имараттарда, карнизге чейинки бийиктик же тышкы дубалдын жогорку жагы (парапет) 10 м көп болгон, ошондой эле тунукенин эңкейиши 12% жогору жана карнизинин бийиктиги 7 м көп болгон имараттарда 25772 МАСТка ылайык тунукеде тосмолорду караштыруу керек.
Имараттын бийиктигине карабастан, ушул стандарттын талаптарына ылайык келген тосмолор эксплуатацияланып жаткан жалпак тунукелер, балкондор, лоджиялар, тышкы галереялар, ачык тышкы тепкичтер, тепкич марштары жана аянтчалар үчүн каралууга тийиш.
8.12 Мамлекеттик ченемдик документтерге ылайык өрткө каршы деполорду аймакта жайгаштыруу керек.
8.13 Өрткө каршы суу түтүктөрүн ж.б. өрт өчүрүүчү стационардык каражаттарды орнотуу зарылдыгы имараттын отко чыдамдуулук даражасына, конструкциялык жана функциялык өрт коркунучу классына, убактылуу өрт жүктөмүнүн өрт жана жарылуу коркунучуна жана чоңдугуна жараша караштырылат.
8.14 Имараттарды өрткө каршы суу менен камсыздоо тутумуна өрткө каршы бөлүмдөрдүн жана алардын жабдыктарынын жеткиликтүүлүгү үзгүлтүксүз камсыздалууга тийиш.