Загрузка документа…
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 13-декабрындагы № 20-нпа буйругуна) |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
Курулуштагы ченемдик документтер тутуму
КООМДУК ИМАРАТТАР ЖАНА КУРУЛМАЛАР
ОБЩЕСТВЕННЫЕ ЗДАНИЯ И СООРУЖЕНИЯ
Киргизүү датасы
2018 ж. 13-декабры
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 10-февралындагы № 88-чуа, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 29-апрели № 163 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
1 Колдонуу чөйрөсү
Ушул курулуш ченемдери жаңы, реконструкциялануучу жана капиталдык оңдоодонɵтүүчү коомдук имараттарды жана курулмаларды долбоорлоого, анын ичинде кыртыш деңгээлинен 15 мден ашпаган тереңдиктеги жер алдындагы кабаттары менен алардын функциялык арналышын ɵзгɵртүүгɵ жайылтылат.
Ушул курулуш ченемдеринин талаптары ошондой эле турак-жай имараттарына курулуучу коомдук арналыштагы жайларга жана коомдук имараттарга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык келүүчү башка объектилерге (мындан ары – коомдукимараттар) жайылтылат. Ушул курулуш ченемдери жайылтылуучу коомдук арналыштагы имараттардын жана жайлардын негизги топторунун тизмеси А тиркемесинде келтирилди.
2 Ченемдик шилтемелер
Ушул курулуш ченемдеринде тɵмɵнкү ченемдик документтерге шилтемелер пайдаланылды:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.04.2016-ж. №201 «Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтому;
КЧжЭ 2.03.11-85 Курулуш конструкцияларын коррозиядан коргоо;
КЧжЭ 2.04.01-85* Ички суу түтүктɵрү жана имараттарды каналдаштыруу;
КЧжЭ 2.04.05-91* Жылытуу, желдетүү жана кондициялаштыруу;
КЧжЭ II-35-76* Казан орнотмолору;
КР КЧ 21-01-2018 Имараттардын жана курулмалардын ɵрт коопсуздугу;
КР КЧ 31-12-2018 Унаа токтотуучу жайлар;
МАКЧ 2.04-02-2004 Имараттардын жылуулугун коргоо;
МАКЧ 2.04-03-2005 Дабыштан коргоо;
МАКЧ 2.04-05-95 Табигый жана жасалма жарык берүү;
КР КЧ 31-09:2018 Бир батирлүү турак имараттары;
МАКЧ 4.03-01-2003Газ бɵлүштүрүү тутумдары;
КР КЧ 31-05:2018 ϴндүрүш имараттары;
КР КЧ 31-06:2018 Администрациялык жана тиричилик имараттары;
КР КЧ 35-01:2018 Жашоо-турмуш чөйрөсүн долбоорлоо керектөөлөрүн эсепке алуу менен мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү;
КР КЧжЭ 41-01:2015 Газ менен жабдуу тутумун долбоорлоо;
КР КЧжЭ 41-02:2015 Газ менен жабдуу тутумун куруу;
КР КЧжЭ 3 -08:2013 Мектеп имараттары. Долбоорлоо ченемдери;
59-бɵлүм Жарандык коргоонун коргоочу курулмалары;
КР КЧжЭ 41-02-2001 Жылуулук тарамдарын куруу;
МАСТ 31401-2005 Турак жайлар жана коомдук имараттар үчүн каминдер. Жалпы техникалык шарттары.
Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу конуштарды курууну пландоо боюнча эрежелердин жыйындысы КР Мамкурулуштун 2016-жылдын 27-майындагы № 6-чуа буйругумененбекитилген;
3 Терминдер жана аныктамалар
Ушул курулушч енемдеринде Б тиркемесинде келтирилген тиешелүү аныктамалары бар терминдер пайдаланылды.
4 Жалпы талаптар
4.1 Курулуш үчүн бɵлүнгɵн тилкеде имараттарды жана курулмаларды жайгаштыруу Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу конуштарды мерчемдөө жана куруу боюнча эрежелердин жыйындысына ылайык келүүгɵ тийиш.
4.2 Коомдук имараттардын жер тилкелеринин өлчөмдөрү, ошондой эле тейлөө мекемелеринин жана ишканаларынын эсеп ченемдери Шаарларды жана шаартибиндеги калктуу конуштарды мерчемдештирүү жана куруу боюнча эрежелердин жыйындысына ылайык кабыл алынат.
4.3 Майыптар жана калктын мүмкүнчүлүгү чектелген башка топтору үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ченемдик укуктук актылары тарабынан майыптардын жана калктын мүмкүнчүлүгү чектелген башка топторунун тоскоолдуксуз жетүүсүн камсыздоо боюнча калкты (келүүчүлөрдү, көрүүчүлөрдү, сатып алуучуларды, окуучуларды ж.б.у.с.) түздөн-түз тейлөөгө арналган имараттарды жана курулмаларды, ошондой эле коомдук арналыштагы мекемелерди, уюмдарды, ишканалардын тилкелерин мерчемдөөгө жана жабдуугаталаптар белгиленген.
4.4 Жалпы, пайдалуу жана эсептик аянттардын, курулуш көлөмүнүн, курулуш аянтынын эсептери жана коомдук имараттардын кабаттарынын сандары В тиркемесинде келтирилди.
4.5 Жаңыдан долбоорлонуп жаткан коомдук имараттардын, анын ичинде санаторийлердин турак жайларынын таза бийиктиги (полдон шыпка чейин) 3 метрден кем эмес, ал эми убактылуу жашоого арналган имараттардын (мейманканалар, ооруканалардын жанындагы пансионаттар ж.б.) турак жайларынын бийиктиги КР КЧ 21-01-2018 ылайык кабыл алынышы керек.
Жаңыдан долбоорлонуп жаткан жалпы билим берүү уюмдарында окуу жайларынын бийиктиги полдон шыпка чейин 3,3 м., ал эми 300 окуучудан ашпаган сыйымдуулуктагы же I климаттык зонада жайгашкан жалпы билим берүү уюмдарынын имараттары үчүн – 3,0 метрден кем эмес болууга тийиш. Асма шыптар менен жабдылган окуу жайларынын коридорлорунун таза бийиктиги 2,6 метрден кем эмес болууга тийиш.
Көп батирлүү турак үйлөргө курулуучу жайлардын бийиктигин: жалпы сыйымдуулугу 40 адамга чейинки коомдук багыттагы объекттерди; соода аянты 250 м2ге чейинки чекене соода ишканаларын; мектепке чейинки билим берүү уюмдарын жана жалпы билим берүү уюмдарын КР КЧжЭ 31-08 ылайык кабыл алууга жол берилет.
Мектепке чейинки билим берүү уюмдары жана жалпы билим берүү уюмдары үчүн капиталдык оңдолуучу жана ыңгайлашкан имараттарда жайлардын бийиктиги турак үйдүн кабатынын бийиктиги боюнча жана андан жогору кабыл алынат.
Жайлардын таза бийиктигин 2,7 метрден кем эмес өлчөмдө төмөнкү учурларда кабыл алуу керек:
- жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарда (IA климаттык райончодо);
- административдик жана кызматтык жайларда;
- жатаканаларда жана интернат-үйлөрдө.
Функциялык процесстер менен аныкталуучу жайлардын бийиктигин тиешелүү технологиялык ченемдер жана талаптар боюнча белгилөө керек.
Функциялык процесстерге карата көмөкчү коридорлордо жана жайларда 2,2 метрге чейинки; келүүчүлөр үчүн холлдо - 2,4 метрден кем эмес бийиктиктерге жол берилет.
(Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 29-апрели № 163 буйругунун редакциясына ылайык)
4.6 Техникалык кабаттын бийиктиги курулуш конструкцияларынын түбүнө чейин 2,1 метрден кем болбоого тийиш. Эвакуациялык жана авариялык чыгуулардын түзүлүштөрүн өрткө каршы талаптар боюнча караштыруу керек.
4.7 Имараттын кире беришиндеги аянттын белгиси кире бериштеги тротуардын белгисинен 0,15 метрден кем эмес бийик болууга тийиш. Жайларды жаан-чачындан сактоо шарттарында аянттын белгисин полдун деңгээлинде кабыл алууга жол берилет.
4.8 Жертөлөлүк жана жерпай (цоколь) кабатты жайгаштырууга жол берилген жайлардын тизмеси Г тиркемесинде келтирилди.
4.9 Жарандык коргонуу курулмаларын жайгаштыруу схемасы боюнча аныкталуучу коомдук имараттарда долбоорлоого тапшырмага ылайык кош арналыштагы жайларды караштыруу керек.
4.10 Долбоорлонуучу объектинин иштөө технологиясын эске алуу менен тик транспорт каражаттары катарындагы коомдук имараттарда лифттерди, эскалаторлорду, майыптар үчүн көтөрүүчү платформаларды жана башка тик транспорт каражаттарын пайдалануу керек. Алар тиешелүү ченемдик документтерде, ошондой эле даярдап чыгаруучу-заводдордун көрсөтмөлөрүндө жана нускамаларында камтылган коопсуздук талаптарын эске алуу менен долбоорлонууга жана куралууга (монтаждалууга) тийиш.
4.11 Жүргүнчүлөрдү ташуучу лифттер төмөнкүлөрдө караштырылат:
жаңы долбоорлонгон имараттарда(эгерде аларга өзгөчө талаптар жайылтылбаса):
- жогорку кабаттын полун 9,9 м деп жана биринчи кабаттын полунун деңгээлинен көбүрөөк белгилөөдө;
- санаторийлерде, профилакторийлерде, мейманканаларда, туристтик базаларда жана «үч жылдыз» категориясындагы мотелдерде жогорку кабаттын полун 6,6 м деп жана биринчи кабаттын полунун деңгээлинен көбүрөөк белгилөөдө;
- медициналык уюмдардын, билим берүүчү уюмдардын имараттарында, ошондой эле мейманканаларда жана «төрт жылдыз» жана «беш жылдыз» категориясындагы мотелдерде эки жана андан көп кабат болгондо;
- имараттын батирлери боюнча жайлаштырылган апартамент-отелдерде лифттерди долбоорлоону КР КЧ 31-09 талаптары боюнча жүргүзүү керек.
4.12 Оорукана лифттерин төмөнкүдөй караштыруу керек:
ооруканалардын, төрөт үйлөрүнүн, хоспистердин, медайымдын багуусундагы үйлөрдүн, реабилитациялык борборлордун, майыптар жана кары-картаңдар үчүн интернат-үйлөрдүн имараттарында, санаторийлерде биринчи кабаттан жогору жайгашкан палаталык, турак жана бейтаптарды арабада ташууга боло турган башка бөлүмдөрдүн (жайлардын) жайгашуусунда.
Имаратта конструкциясы жана тутуму ошондой эле жүргүнчүлүк агымдарды ташуу үчүн ыңгайлаштырылган оорукана лифттери болгон учурда, жүргүнчүлүк лифттерди орнотпоого жол берилет.
Долбоордун технологиялык бөлүгүн негиздөөдө колдонуудагы имараттын үстүнө мансард кабаты курулган учурда лифтти орнотпой коюуга жол берилет.
4.13 Дарылоо-алдын алуу мекемелери үчүн жүргүнчүлөр лифттеринин саны эсептөө менен аныкталат жана экиден кем болбоого тийиш.
Имаратта бирден кем эмес лифт болгондо кабинанын жана эшик коюлуучу тешик орундун өлчөмү замбилде адамды ташууну камсыз кылгандай болууга тийиш.
4.14 Жүргүнчүлөр лифттеринин саны эсептөө менен аныкталат жана экиден кем болбоого тийиш. Экинчи лифтти жүргүнчүлөр үчүн лифт менен алмаштырууга жол берилет, ал лифтте, эгерде тик транспорт эсеби боюнча имаратта бир жүргүнчү лифтти орнотуу жетиштүү болсо, адамдарды ташууга уруксат берилет.
Мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарында, эгерде эсеп боюнча бирден ашык эмес талап кылынса жана лифт токтоп калган учурда майыптарды кресло-коляскаларда ташуу боюнча иш-чара караштырылган болсо, бир лифти же көтөргүч платформаны караштырууга жол берилет. Мектепке чейин билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарында көтөрүүчү түзүлүштөрдүн зарылдыгы мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын тарамын аныктоочу жергиликтүү билим берүү органдары менен макулдашып долбоорлоо тапшырмасы менен белгиленет.
Мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарында, эгерде лифт өчкөн учурда майыптарды куткаруу боюнча иш-чара караштырылган болсо, кресло-коляскаларды пайдаланууга жеткиликтүү болгон бир лифтти караштырууга жол берилет (эгерде эсеп боюнча бирөө жетиштүү болсо).
4.15 Дайыма адамдар келип туруучу кыйла обочолонгон жайдын эшигинен эң жакын жердеги жүргүнчүлөр лифтине чейинки аралык 60 метрден ашыкэмес болууга тийиш.
Жүргүнчүлөр лифтинин лифттик холлунун туурасы төмөнкүдөн аз эмес болууга тийиш: лифттердин бир катарлуу жайгашуусунда - 2,0 м – лифттин кабинасынын тереңдиги 1500 мм болгон учурда;2,5 м – 1500дөн тартып 2000 ммчейин; лифттин кабинасынын тереңдиги 1,3 болгондо - 2000 мм жогору;
лифттердин эки катарлуу жайгашуусунда –кичине өлчөмдөгү кабинанын тереңдиги эки эсеге көбөйтүлөт.
4.16 Окуу процессинин шарттары боюнча ар бир коңшу кабатта студенттердин эсептик саны кабатта 200дөн көп болгон жогорку окуу жайларынын окуу, окуу-лабораториялык жана дарстык-аудиториялык корпустарында кабаттардын ортосундагы тепкичтик марштардын туурасы 1,5 м. кем эмес болууга тийиш.
4.17 Желдеткич камераларды, шахталарды жана лифттердин машина бөлүмдөрүн, соргуч бөлүктөрдү, муздаткыч түзүлүштөрдүн машина бөлүмдөрүн, жылуулук пункттары жана дабыштардын жана дирилдөөнүн булагы болуп саналган жабдуулары бар башка жайларды көрүү жана репетиция кылуучу залдардын, сахналардын, үн аппаратурасы бар жана окуу залдарынын, палаталардын, врачтардын кабинеттеринин, операция жасоочу бөлмөлөрдүн, балдар мекемелеринде балдар келүүчү жайлардын, окуу жайларынын, адамдар дайыма келүүчү жумушчу жайлардын жана кабинеттердин, коомдук имараттарда жайгашкан турак жайлардын астында жана үстүндө чектеш жайгаштырбоо керек.
Чектеш, ошондой эле көрсөтүлгөн жайлардын астында жана үстүндө жайгаштырууга аларда эсептөөлөр менен тастыкталууга тийиш болгон үн басымынын жана дирилдөөнүн ченемдик деңгээлдери камсыз болгон учурда жол берилет.
4.18 Коомдук имараттарда чарбалык-ичүүчү, өрткө каршы жана ысык суу менен жабдууну, каналдаштырууну жана суу агызгыч түтүктөрүн караштыруу керек.
Ысык сууну санитардык-техникалык алеттерге (приборлорго) жана технологиялык жана башка жабдууларга тартып келүү чекиттери санитардык ченемдерге жана жабдууларга карата талаптарга ылайык, ал эми башка учурларда – долбоорлоого тапшырма боюнча караштырылууга тийиш.
4.19 Коомдук имараттарда долбоордун технологиялык бөлүгүнүн талаптарына ылайык келүүчү температураны, нымдуулукту, тазалоону жана абаны жугушсуздандырууну камсыздоочу жылуулук, желдетүү жана кондициялоо тутумдарын караштыруу керек.
4.20 Коомдук имараттарда электр жабдууларын, электр жарыгын, жалпы пайдалануудагы телефондук тарамга чыгуу мүмкүндүгү менен телефондук байланыш тутумун, телекөрсөтүүнү кабыл алуу тарамын, ошондой эле борбордук, жергиликтүү радиоберүүнү жана өрт жана башка табигый кырсыктар жөнүндө билдирүүлөрдү бириктирүүчү комплекстүү аз токтуу тарамды караштыруу керек.
Имараттардын комплексин долбоорлоого тапшырмага ылайык, айрым имараттар же жайлар электрдик сакчы түзүлүштөрү, күзөт ишараттар тутумдары, жергиликтүү (ички) телефондук байланыштар, жергиликтүү телекөрсөтүү орнотмолору, сүйлөөлөрдү удаалаш которуу, убакытты ишараттоо орнотмолору, маалыматташтыруу жана үндөрдү аныктоо тутумдары, имараттын инженердик жабдууларын автоматташтыруу жана диспетчерлештирүү тутумдары, газ каптоолорду (түтүн каптоолорду жана суу каптоолорду) ишараттоо түзүлүштөрү жана башка тутумдар менен жабдылышы мүмкүн.
Өрт жөнүндө адамдарга кабарлоо жана адамдарды эвакуациялоону башкаруу тутумдары Кыргыз Республикасынн 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 “Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык караштырылууга тийиш.
Мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү уюмдарынын, майыптар жана кары-картаңдар үчүн жатак-үйлөрдүн, майып-балдар үчүн үйлөрдүн, дарылоо мекемелеринин имараттары борбордук көзөмөл пультуна маалымат берүү каналы менен жабдылууга тийиш.
4.21 Коомдук имараттарда персоналдык электрдик эсептөө машиналары (ПЭЭМ), видеодисплейдик терминалдар жана башка электрдик техника каражаттары менен жабдылган жайларды долбоорлоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 “Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген 2-тиркеменин талаптарын эске алуу, ошондой эле маалыматтык-телекоммуникациялык тарамга (Интернет) кошуу мүмкүнчүлүгүн караштыруу керек.
4.22 Коомдук имараттардын электр техникалык түзүлүштөрүн, ошондой эле электр менен жабдуунун (зарыл болгон учурларда) резервдик булактарын колдонуудагы ченемдик-техникалык документтерге ылайык долбоорлоо керек.
4.23 Имараттарды чагылгандан коргоо теле көрсөтүү антенналарынын жана телефондук тарамдын түтүк түркүктөрүнүн же өткөргүчтүү берүүлөр тарамынын болуусун эске алуу менен аткарылат.
4.24 Коомдук имараттардын тиричиликтик газ менен жабдуу тутумун 4.03-01-2003 ЭАКЧ ылайык караштыруу керек.
Газ жабдууларын мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү мекемелеринин ашканаларында, медициналык стационарларда курулган тамак-аш блокторунда, театрлардын жана кинотеатрлардын буфеттеринде жана кафелеринде орнотууга жол берилбейт.
Медициналык газ менен жабдууну медициналык уюмдарды долбоорлоонун ченемдери боюнча долбоорлоо керек.
4.25 Жер кыртышынын же биринчи кабаттын деңгээлиндеги имараттардагы жана курулмалардагы өтмө жолдорду (жөө адамдар өтүүчү же өрт өчүрүүчү машиналардын өтүүсү үчүн арналбаган өткөөлдөрдү) тоскоолсуз өтүү же машина айдап өтүү үчүн зарыл болгон тыш өлчөмдөр сакталган учурда кайсы болбосун конфигурацияда жасоого жол берилет.
Имараттарда өрт өчүрүүчү машиналардын өтүүсү үчүн арналган өтмө жолдорду туурасы 3,5 м кем эмес жана бийиктиги 4,5 м кем эмес өлчөмдө кабыл алуу керек.
Имараттын ичинде аянты 250 м2 аз болгон ички короолор өрт өчүрүүчү машиналардын өтүүсү үчүн өткөөлдөрдү талап кылбайт.
4.26 Имараттарда чоң далиске же тепкич бөлүмдөрүнөкелүүчүлөр үчүн бардык сырттан кирүүчү жерлерде кире бериштин деңгээлинде тамбурлар же жылуулук-аба көшөгө түзүлүшүн 2.04.05-91*КЧжЭ боюнча караштыруу керек. Iа, Iб жана Iг климаттык райончолорунда имаратка кирүүчү жерлерде пландаштырылышы жана жайгаштырылышы имаратка түз (өткөөл), ошондой эле капталынан (бурулушу менен) өтүү түзүлүшүнүн мүмкүндүгүн караштырууга тийиш болгон эки катар тамбурлар болууга тийиш.
Тышкы тамбурлар табигый жарыкка ээ болууга тийиш.
Эгерде алардан чыгуучу жерлери долбоордун технологиялык бөлүгүнө ылайык эвакуация үчүн гана арналган болсо, тепкичтик бөлүмдөрүндө тамбур түзүлүшү жок жылууланган эшиктер түзүлүшүнө жол берилет.
4.27 Жантайыңкы чатырлуу имараттар үчүн суу агызгыч түзүлүштү төмөнкү талаптарды эске алуу менен долбоорлоо керек:
эки кабатка чейин, (экинчи кабатты кошкондо) – экинчи кабаттын кире турган жеринин жана балкондорунун үстүндө милдеттүү түрдө калканчы (чатырчасы) болгон учурда уюштурулбаган суу агызгычка жол берилет, мында карнизди алып чыгуу 0,6 м ден кем болбоого тийиш.
беш кабатка чейин (бешинчи кабатты кошкондо) – уюштурулган, анын ичинде сырткы суу агызгыч караштырылууга тийиш;
алты жана андан жогору кабаттарда –ички суу агызгыч караштырылууга тийиш.
Үч жана андан көп жарыктуу жана жалпак чатырлуу бийик үйлөр сууну сырткы жаан канализациясына, ал эми акыркысы жок болгон учурда –абатталган (благоустроенный) жердин үстүнө алып барып куюучу ички суу агызуучу тутум менен жабдылууга тийиш. Мындай учурда кыш мезгилинде тик түтүктөрдүн тоңуп калуусун алдын алуу чаралары кабыл алынууга тийиш.
Тунукенин бийиктигинин айырмасы 1,5 м көп болгон учурда, төмөн жайгашкан деңгээлге уюштурулбаган агызууга жол берилбейт.
4.28 Убактылуу болуп туруу имараттырында турак жайларды долбоорлоодо ошондой эле КР КЧ 31-09 талаптары эске алынууга тийиш.
4.29 Имараттарда мекемелердин ишмердүүлүк технологиясы талап кылган жана алардын курамына кирген өндүрүштүк жана кампалык жайларды караштырууга жол берилет, бул долбоорлоого карата тапшырмада чагылдырылууга тийиш.
4.30 Коомдук имараттарда жана курулмаларда башка арналыштагы жайларды караштырууга, коомдук имараттарга тиешелүү экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык талаптар жана коопсуздук боюнча талаптар сакталган шартта жол берилет.
4.31 Коомдук имараттардын ишмердүүлүк процесси боюнча жертөлө жана жерпай (үйдүн түбү) кабаттарында жайгаштырууга жол берилген жайлардын тизмеси Г тиркемесинде келтирилди.
4.32 Башкы планды иштеп чыгууда имараттардын жана курулмалардын техникалык параметрлерине ылайык көп жылдык көчөттөрдү милдеттүү түрдө отургузуу менен жанаша аймакты көрктөндүрүү долбоорун, ошондой эле долбоордук документтердин бекитилген бөлүгүндө тосмону иштеп чыгуу керек.
(Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 29-апрели № 163 буйругунун редакциясына ылайык)
5 Негизги жайлардын оптималдуу коопсуз параметрлери
5.1 Жайлардын жана алардын аянттарынын курамы коомдук имараттардын тиешелүү типтеринин функциялык процесстеринин технологияларына ылайык жана ушул курулуш ченемдеринде келтирилген эсептик ченемдерге ылайык аныкталат.
5.2 Долбоордо айрым бир жайлар же жайлардын тобу үчүн белгиленген аянттардын ченемдерин төмөндөтүү, реконструкциялоодо жана ылайыкташтырып курууда 10% га чейин, ал эми турак үйлөргө курулган жайлар үчүн - 15% төмөндөтүү кабыл алынат. Көрсөтүлгөн ченем төмөндөтүү бул жайлардагы иш процессин начарлатпоого тийиш.
5.3 Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ар кандай мезгилден берки топторунун топтук бөлүкчөлөрүн бири биринен жана башка жайлардан обочолонтуп жайгаштыруу керек.
Экинчи жана үчүнчү кабаттарда жайгаштырылуучу мектепке чейинки курактагы кийим чечилип коюлуучу топторун биринчи кабатта жайгаштырууну караштырууга болот.
5.4 1А, 1Б жана 1Г климаттык райончолорундагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарында верандалардын желдетилишин камсыздоо менен, бир балага 2 м2 кем эмес эсебинде жылытылган сейилдеп басуучу верандаларды караштыруу сунушталат.
Наристе бакча жана мектепке чейинки курактагы балдар үчүн сейилдөөчү верандалар өз өзүнчө болууга тийиш.
5.5Ар бир топтук бөлүкчөдөн экиден кем эмес бөлүккө бөлүнгөн эвакуациялык чыгуучу жерлер болууга тийиш.
5.6Балдардын 5 сааттан ашык кыска мөөнөттүү келүүчү топтору үчүн жайлардын аянтын 5.1. таблицасы боюнча кабыл алуу керек. Балдардын 5 сааттан кем убакытка келүүсүндө уктоочу жай караштырылбайт.
5.1-таблица
Жайлар | Жайлардын аянттары, 1 балага (1ден аз эмес) м2 | Адистештирилген мектепке чейинки мекемелер | |
Жалпы типтеги мектепке чейинки мекемелер | |||
| наристе бакчлар | бакчалар |
|
Кийим чечилип коюлуучу жай | 0,9 4,3 0,8 0,15 | 0,72 4,0 0,65 0,15 | 1,2 5,7 1,0 0,2 |
Эс алуу зонасы бар топтук жай Даараткана жайы Буфет | |||
Атайын сабактар үчүн бөлмө | - | - | 1,6 |
| |||
Жайлардын курамына ошондой эле дааратканасы менен персоналдын бөлмөсү (кийим чечип кое турган жай) кирүүгө тийиш.
5.7 Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарында бассейндер долбоорлоого тапшырма менен караштырылат. Жалпы типтеги мектепке чейинки билим берүү уюмдарында ванналардын, бассейндердин өлчөмдөрүн туурасын 3-4 м, узундугун 6-7 м. өлчөмдө кабыл алуу керек. Суунун тереңдиги 0,6 дан 0,8 м. чейин болууга тийиш. Сүзүүчү бассейндердин түзүлүшүнө, аларды иштетүүгө, сүзүүчү бассейндердин суусунун сапатына жана сапаттын контролуна карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.04.2016-ж. №201 «Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык сакталууга тийиш.
Башка типтеги билим берүү мекемелеринде (мектепке чейинкиден тышкары), аларда МАСТ 30494 талаптарына жооп берүүчү жайлар болгон учурда, мектепке чейинки курактагы балдар үчүн топтук бөлүкчөлөр үчүн жайларды түзүүгө жол берилет.
5.8 Башталгыч класстар блогу обочлолонуп, башка курактагы топтордун окуучулары өтө албагандай болууга тийиш.
5.9 Жаңы курула турган жалпы билим берүүчү уюмдар, кесиптик билим берүү уюмдары, жогорку билимдин билим берүү уюмдары (мындан ары - жогорку окуу жайлары) КР КЧ 31-08 боюнча кабыл алуу керек, үчүн негизги окуу жайларынын аянттарын 5.2. таблицасы боюнча кабыл алуу керек.
5.2-таблица
Жайлар | Бир окуучуга аянт, м2аз эмес | |||||
Гимназиялардажана лицейлерде 75 орунга чейинки лекциялык аудиториялар | 1,0 | |||||
Жалпы теориялык (жалпы билим берүүчү) профилдеги лабораториялар: |
| |||||
кесиптик орто билим берүү уюмдарында | 2,5 | |||||
жогорку окуу жайларында | 4,0 | |||||
Кесиптик-техникалык жана атайын профилдеги лабораториялар жана кабинеттер: |
| |||||
кесиптик билим берүү уюмдарында | 2,4* | |||||
жогорку окуу жайларында | 6,0 | |||||
Информатика жана эсептөө техникасы кабинети, компьютердик класс | 4,5 | |||||
Лингафон кабинеттери: |
| |||||
бардык билим берүү уюмдарында, жогорку окуу жайларынан тышкары жогорку окуу жайларында | 2,4 | |||||
Чийүү, курстук жана дипломдук долбоорлоо кабинеттери: кесиптик билим берүү уюмдарында жогорку окуу жайларында | 2,4 | |||||
Орундардын саны менен аудиториялар: |
| |||||
12ден 15ке чейин | 2,5 | |||||
25 | 2,2 | |||||
30 | 1,8 | |||||
кесиптик билим берүү уюмдарында: |
| |||||
50 дөн 150гө чейин | 1,2 | |||||
жогорку окуу жайларында жана окуу комбинаттарында: |
| |||||
| 50дөн | до | 75ке чейин |
| 1,5 | |
| 76 » | » | 100 |
| 1,3 | |
| 101 » | » | 150 |
| 1,2 | |
| 151 » | » | 350 |
| 1,1 | |
351 жана андан көп | 1,0 | |||||
Лабораториянын жалпы аянтына кошумча түрдө окутуунун профили боюнча технологиялык жабдууларды жайгаштыруу үчүн аянтты киргизүү зарыл. Э с к е р т ү ү - 5.2 таблицасында келтирилбеген окуу жайларынын аянты долбоорлоого тапшырма менен белгиленет. | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
5.10 Эсептөө техникасы менен жабдылган билим берүү уюмдарынын окуу жайларын долбоорлоодо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 “Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген 2-тиркемени жетекчиликке алуу керек. Имараттын жергиликтүү компьютердик тарамынын Интернет тарамына чыгуусун караштыруу зарыл.
5.11 Мектептердин алдындагы интернаттарда уктоочу бөлмөлөрдү бир окуучуга 4 м2 кем эмес эсептеги аянт менен, ал эми өз алдынча даярдануу үчүн жайлардын аянтын – бир окуучуга 2,5 м2 кем эмес өлчөмдө караштыруу керек.
Узартылган күн тобуна келүүчү мектептердин 1-классынын окуучулары үчүн уктоочу-ойноочу бөлмөлөрдүн аянтын бир окуучуга 2,5 м2 кем эмес өлчөмдө кабыл алуу керек.
5.12 Насыя-финансылык, соттук-юридикалык жана башка мекемелердин имараттарынын адистештирилген жайларынын курамы жана аянттары ведомстволук ченемдерди эске алуу менен долбоорлоого тапшырмаларда аныкталат. 5.13 Келүүчүлөр үчүн күтүү жайларынын аянттары (дарылоо мекемелеринин күтүү жайларынан тышкары) бир адамга эсептөө боюнча кабыл алынат: 10го чейинки сандагы адамдар бир жолу келгенде - 2 м2, 20 адамга чейин - 1,5 м2 жана андан кийинки ар бир келүүчүгө 1,0 м2 . 5.14Билим берүүчү жана администрациялык мекемелердин имараттарында ар кандай арналыштагы лабораториялык жана өндүрүштүк жайларды КЧжЭ 31-05эске алуу менен долбоорлоо керек. Көчүрмөлөө-көбөйтүү техникасынын жайларын долбоорлоодо СЭжЧ 2.2.2.004 жетекчиликке алуу керек. 5.15Дарылоо мекемелеринин палаталарынын сыйдыргычтыгы (чоңдугу) төрт керебеттен ашпоого тийиш. Жаңы төрөлгөндөр, операциядан кийинкилер үчүн палаталардын, жандандыруу жана интенсивдүү терапия палаталарынын чоңдугу 12 керебеттен ашпоого тийиш. Жаңы курулуп жаткан дарылоо уюмдарынын палаталарынын аянттарын медициналык уюмдарды долбоорлоо ченемдери боюнча кабыл алуу керек. 5.16 Рентген кабинеттеринин, иондошкон нурлануу булактары турган нур терапиясы кабинеттеринин жана жайларынын дарылоо бөлмөлөрүн, I жана II класстагы иштер жүргүзүлүүчү радиоизотоптук диагностика лаборатория жайларын кош бойлуулар жана балдар үчүн палаталар менен (туурасынан же тигинен) чектеш жайгаштырууга жол берилбейт. 5.17Көрүү залдарынын аянттарын төмөнкү жайлар үчүн, бир орунга м2 аз эмес аянттын эсептик көрсөткүчү боюнча аныктоо керек: жыл бою иштөөчү кинотеатрлар – 1,0; мезгилдүү иштөөчү кинотеатрлар– 0,9; клубдар– 0,65; театрлар, концерттик жана универсалдуу залдар– 0,7; чакан, камералык театрлар– 0,9. Балкону, ложасы жана катар кабаты (ярусу) бар көрүү залынын аянтын тосуучу конструкциялардын чектеринде кабыл алуу керек: Кинотеатрлар үчун– эстраданы камтуу менен; клубдар, театрлар, концерттик жана универсалдуу залдар үчүн – эстраданын, сахнанын, авансценанын, оркестр чуңкурунун аренасынын же тосмосунун алдыңкы чектерине чейин. Залдардагы көрүүчүлөрдүн орундарынын биринчи катарынын полунун деңгээлинен үстүңкү сахнанын (авансценанын, эстраданын) планшетинин деңгээлинин бийиктиги 1,1 м ашык болбоого тийиш. 5.18Конференц-залдардын аянтын бир орунга/ м2аз эмес аянттын эсептик көрсөткүчү боюнча кабыл алуу керек: 150гө чейинорундуу залдарда: креслонун жаныда пюпитрлер (нота коюучу такта) болгондо – 1,25; пюпитр болбогондо– 1,1; 150 жана андан көп орундуу залдарда: креслонун жаныда пюпитрлер болгондо– 1,1; пюпитр болбогондо– 1,0. 5.19 Салтанаттуу чогулуш өткөрүлүүчү залдын (эстраданы эсепке алуусуз) аянтын бир көрүүчү орунга м2 аз эмес аянттын эсептик көрсөткүчү боюнча кабыл алуу керек: жогорку окуу жайларында – 0,8; 5.20Фойелердин аянтын залдардагы бир көрүүчү орунга м2 аз эмес аянттын эсептик көрсөткүчү боюнча кабыл алуу керек: кесиптик билим берүү уюмдарынын салтанаттуу чогулуш өтүүчү залдарында, конференц-залдарда, спорттук демонстрациялоо залдарында жана коомдук имараттардын кинозалдарында – 0,4; театрларда, клубдарда, концерттик залдарда, жогорку окуу жайларынын салтанаттуу чогулуш өтүүчү залдарында, –0,6; кинотеатрларда– 0,55; универсалдуу оюн-зоок залы же кинозалы бар имараттарда– 0,7; балдар кинотеатрларында – 0,8 5.21Билим берүү уюмдарынын рекреациясын бир окуучуга, м2 аз эмес эсебинен долбоорлошот: кесиптик билим берүү уюмдарында –0,6; жогорку окуу жайларында жана кошумча билим берүү кесиптик уюмдарында– 0,5. Долбоорлоодо мектептерде залдык рекреациялык жайлардын аянтын в соответствии КР КЧжЭ 31 - 08 : 2013. 5.22Маданий оюн-зоок мекемелеринде кино орнотмолор менен жабдууда киноэкрандын жана көрүү залынын параметрлери Д тиркемесинде келтирилди. 5.23Көрүү залдарынын жана аудиторияларынын көлөмүн бир көрүүчү орунга м2 аз эмес кабыл алуу сунушталат: драмалык театрлардын4-5; кинотеатрлардын 4-6; клубдардын4-7; музыкалык-драмалык театрлардын ижанамузыкалыккомедиялуу театрлардын 5-7; операжана балет театрларынын6-8; аудиториялардын4-5; концерттик залдардындолбоорлоого тапшырма боюнча. Э с к е р т ү ү –Залдын көлөмдүк-пландоо чечимине жараша көрсөтүлгөн чоңдуктарды 20%га чоңойтууга же кичирейтүүгө жол берилет, ал эми тиешелүү инженердик чечимдерди колдонууда - 20%дан көп. 5.24 Билим берүү уюмдарынын салтанаттуу чогулуш өтүүчү жана дене тарбия-спорт залдарын, алардын жалпы аянттарын, ошондой эле клуб иштери үчүн жайлардын топтомун жайгаштырууну долбоорлоого тапшырма боюнча белгилөө керек. 5.25 Борборлоштурулган китепкана тутумунун массалык китепканаларында окуу залдарынын аянтын (окуу залын бир же эки орундуу столдор менен жабдууда) бир окуу орунуна 2,4 м2кем эмес кабыл алуу керек. 5.26 Китепкана фонддорун жана архивдик материалдарды кагаз сактагычтарда жабык сактоо жайларынын аянтын стационардык стеллаждары менен сактоонун 1000 бирдигине 2,5 м2 кем эмес жана көчмө стеллаждары менен сактоонун 1000 бирдигине 1,5 м2кем эмес кабыл алуу керек. Окуу залдарынын жана абонементтин ачык жетүү мүмкүндүгүндө фонддордун зонасынын аянты сактоонун 1000 бирдигине 4,5 м2 кем эмес болууга тийиш. 5.27Окуу жайларынын китепканаларынын жалпы аянтын бир окуучуга (студентке) м2аз эмес эсептик көрсөткүч боюнча кабыл алуу керек: кесиптик билим берүү уюмдарында –0,8; жогорку окуу жайларында: техникалыкпрофилде–1,1; гуманитардык жана медициналык профилде–1,3; маданий уюмдарда–2,3. 5.28Түштөнүү залынын (таратып бермесиз) аянтын залдагы бир отургузуучу орунга м2 аз эмес эсептик көрсөткүч боюнча кабыл алуу керек: кесиптик билим берүү уюмдарында –0,8-1,3; жогорку окуу жайларында –1,8; ортопедиялык жана неврологиялык профилдерде калыбына келтирип дарылоо бейтапканаларында, кресло-коляскаларда жүрүүчү майыптар менен социалдык мекемелерде–2,5; дарылоо жана стационары бар социалдык мекемелерде –1,2; ресторандарда –1,8; ошондой эле эстрадасы жана бий аянттары бар ресторандарда –2,0; жалпыга жеткиликтүү ашканаларда –1,8; кафелерде, закускалык жана пиво барларында –1,6; кафе-автоматтарда, тез тейлөөчү ишканаларда жана алкоголсуз барларда, туристтик хижиндерде жана приюттарда –1,4; балдардын ден-соолугун чыңдоо лагерлеринде (жайкы) жана жогорку класстын окуучуларынын ден-соолугун чыңдоо лагерлеринде–1,0; санаториялык балдардын ден-соолугун чыңдоо лагерлеринде–1,4; санаторийлерде, санаторий-профилакторийлерде, эс алуу үйлөрүндө (пансионаттарда), эс алуу базаларда, жаштар лагерлеринде, туристтик базаларда: өзүн өзү тейлөөдө (таратып бермени кошкондо) –1,8; официанттар тейлеген учурда–1,4. Коомдук тамактануунун адистештирилген ишканаларындагы түштөнүү залдарынын аянтын долбоорлоого тапшырма боюнча кабыл алуу керек. 5.29 Жаңы курууда санаторийлерде, санаторий-профилакторийлеринде жана эс алуу мекемелеринде турак бөлмөлөрдүн аянтынын эсептик көрсөткүчүн жаңы курулуп жаткан имараттар үчүн бир орунга 5.4 таблица боюнча кабыл алуу керек
Таблица-5.4
Турак бөлмөнүн аянты 12 м² кем болбоого тийиш. Бир кишини жайгаштыруу үчүн жатакананын турак бөлмөсүнүн аянты 9 м² кем эмес болууга тийиш. 5.30 Мейманканаларды жана убактылуу келүүнүн башка объектилерин, анын ичинде жайлардын курамын жана аянттарын жана алардын жабдууларын долбоорлоону номерлердин категорияларына жараша, долбоорлоого тапшырма боюнча ишке ашыруу керек. 5.31 Кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттери үчүн турак бөлмөлөрдү 1-3 адамга караштыруу керек. Бөлмөлөр өтмө эмес, туурасы 2,2 м ден кем эмес, коридорго түздөн түз же оозгу бөлмө аркылуу чыгуусу бар болууга тийиш. Жогорку билим берүү уюмдарынын студенттерин жана аспиранттарын турак бөлмөлөрүнө жайлаштыруу – эки адамдан ашпоого тийиш. 5.32 Коомдук имараттарда вестибюль бир эсептик келүүчүгө 0,2-0,3 м², гардероб - 0,15 м², бирок суммардык аянтты 18 м²кем эмес болууга тийиш. Имараттын кире беришинде өткөрмө тутуму, маалыматтык-маалымдама кызматтары болгон учурда, алар үчүн аянт кошумча караштырылат. Тосмонун ары жагындагы кийим чечип илүүчү жайдын тереңдиги 6 метрден ашпоого тийиш. Тосмо менен кийим илгичтин ортосунда 1 метрден кем эмес өткөөл караштырылуусу керек. 5.33 Эсеп боюнча бир эле учурда 50 адам келе турган же келүүчүлөрдүн саны тейлөөнүн технологиялык параметрлери боюнча 60 минутадан кем эмес болгон имаратта ажааткана түзүлүшү долбоорлоого тапшырма боюнча караштырылат. Келүүчүлөрдү кабыл алуу жүргүзүлүүчү администрациялык, медициналык жана социалдык мекемелерде келүүчүлөр үчүн ажааткана милдеттүү түрдө болушу керек. Санитардык-тиричилик жайларын эркектер жана аялдар үчүн өз-өзүнчө бөлүп караштыруу керек. Мында тейлөөчү (иштөөчү ж.б.) персонал үчүн жана келүүчүлөр (көрүүчүлөр ж.б.) үчүн технологиялык өзгөчөлүктөрүнө долбоорлоого тапшырмага жараша автономдук, ошондой эле жалпы санитардык-тиричилик жайларды караштыруу керек. Санитардык алеттердин эсебинде эркектердин жана аялдардын катышы, эгерде долбоорлоого имаратта башкасы көрсөтүлбөсө, 1:1эсебинде кабыл алынат. Персоналдын (кызматкерлердин ж.б.) саны 10 адамдан ашпаган жана бир жолу келүүчү адамдардын саны 10 адамдан ашпаган мекемелер үчүн бир объектиге бир жалпы санитардык түйүн түзүлүшүнө жол берилет. 5.34 бир санитардык алетке эсептик жүктөм коомдук имараттын тибине жараша кабыл алынат: эркектер– бир унитаз: 20-30 кызматкерлерге, мектеп окуучуларына, 50-60 келүүчүлөргө; бир писсуар: 15-18 кызматкерлерге, 50-80 келүүчүлөргө; 30 мектеп окуучуларына; төрт унитазга бир, бирок, ажаатканага бирден кем эмес кол жуугуч; Эркектердин ажаатканасында төрт унитазга бир, ал эми аялдардыкында – эки унитазга бир, бирок, ажаатканага бирден кем эмес кол жуугуч; Аялдар ажаатканасында– бир унитаз: 15 кызматкерлерге, 20 мектеп окуучуларына, 25-30 келүүчүлөргө; эки унитазга бир, бирок, ажаатканага бирден кем эмес кол жуугуч. Ажаатканаларда майыптар үчүн универсалдуу кабиналардын үлүштөрү жана алардын тыш өлчөмдөрү КР КЧ 31-05 боюнча кабыл алынат. Э с к е р т ү ү л ө р: 1 Алеттердин конкреттүү саны мекеменин арналышына жараша такталат. 2 Коомдук имаратта эмгекти колдонуу жайлары болгон учурда алардын санитардык мүнөздөмөсүн эске алып,КР Администрациялык жана тиричилик имараттары КЧжЭ 31-06боюнча курулуш ченемдерин эске алуу менен санитардык алеттердин жана алардын өлчөмдөрүнүн эсебин жүргүзүү керек. 3 Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, дарылоо жана социалдык мекемелердин стационарларынын имараттарында, дене тарбия-спорт курулмаларында кошумча санитардык алеттердин топтому жана алардын өткөрүү жөндөмдүүлүгү технологиялык тапшырмалар менен белгиленет. 5.35Азык-түлүк дүкөндөрүндө сатып алуучулар үчүн жабдуулары бар ажаатканалар төмөнкүдөй эсептен караштырылууга тийиш: соода аянтынын ар бир 400 м², ал эми азык-түлүк эмес дүкөндөрдө – ар бир 600 м²бир унитаз, бирок экиден кем эмес унитаз. Соода залынын аянты 300 м² болгон ишканалар үчүн ажаатканалардын зарылдыгы долбоорлоого тапшырма менен белгиленет. Соода-оюн-зоок комплекстеринде, көп функциялуу борборлордо, көргөзмөлөрдө, музейлерде 1000 келүүчүгө (сатып алуучуга) бир орун эсеби менен, баланы ороо столу, душ поддону, унитазы жана кол жуугучу бар эне жана бала бөлмөсүн караштыруу керек. Транспорттук объектилерде эне жана бала бөлмөсүн талаптарга ылайык караштыруу керек. 5.36 Балдар үчун ойноо зоналарын экинчи кабаттан жогору эмес жана эвакуациялык чыгуудан 20 метрден алыс эмес жайгаштыруу керек. 5.37 Кызматкерлер үчүн коомдук имараттардын аялдар үчүн; артистер жана көрүүчү персоналдар же клубдук комплекстер үчүн ажаатканаларында; кесиптик билим берүү уюмдарынын жатаканаларында, интернаттардын уктоочу корпустарында гигиеналык душ (ийкемдүү түтүгү менен), биде же башка гигиеналык жабдуу караштырылат. 5.38 Коомдук имараттарда жана курулмаларда (ачык спорттук курулмалардан тышкары) ажаатканаларды адамдар туруктуу келүүчү жайдан кыйла алысыраак 75 метрден ашпагандай аралыкта жайгаштыруу керек. 5.39 Ачык тегиздиктеги курулмаларда, лыжалык жана кайык базаларында иш өтө турган же көрүүчүлөр үчүн трибуналардан ажаатканаларга чейинки аралык 150 метрден ашпоого тийиш. 5.40 Коомдук имараттарды же ачык курулмаларды мезгилдүү пайдаланууда жана каналдаштырылбаган райондордогу убактылуу курулмаларда биоажаатканаларды орнотуу үчүн атайын орундарды жабдыш керек. 5.41 Дарылоочу жана социалдык мекемелердин стационарларындагы палаталарда кресло-коляскадагы бейтаптар үчүн жеткиликтүү болгон 4 м² кем эмес аянты бар жакындаштырылган санитардык түйүндөрдү караштыруу керек. Санитардык түйүндөрдүн эшиктери палатадагы шлюздарга, ошондой эле түздөн түз палатага ачылышы мүмкүн. 5.42 Имараттарда ысык жана муздак суу менен камсыздоо тутуму менен жабдылган ажааткана инвентарларын сактоо, тазалоо жана кургатуу үчүн, эреже катары ажаатканалар менен чектеш жайларды караштыруу керек. Бул жайлардын аянттарын кабаттын пайдалуу аянтынын ар бир 100 м² 0,8 м² эсебинен кабыл алуу керек. Кабаттын аянты 400 м²аз болгондо, эки чектеш кабатка бир жай караштыруу керек. Медициналык мекемелердин ажаатканалык инвентары үчүн жайлар колдонуудагы санитардык ченемдер боюнча кабыл алынат. 5.43 Батирлик принцип боюнча долбоорлоштурулган апартамент-отелдердин долбоорлорунда ошондой эле КР КЧжЭ 31-09талаптарын сактоо керек.
6 Имараттардын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу
6.1 Имарат келүүчүлөрдүн жана анда иштегендердин имараттын ичинде жана жанында жүрүүдө, имаратка кирип баратканда жана чыгып баратканда, ошондой эле анын кыймылдуу элементтерин жана инженердик жабдууларын колдонууда жаракат алуу мүмкүндүгүн алдын алууга боло тургандай тургузулууга жана жабдылууга тийиш. 6.2 Имараттардын көтөрүп туруучу конструкциялары аларды куруу процессинде жана эксплуатациялоонун эсептик шарттарында төмөнкүлөр мүмкүн болбогондой кылып долбоорлонууга жана тургузулууга тийиш: имараттарды эксплуатациялоону токтотуу зарылчылыгына алып келүүчү биринчи топтун жеткен чегинин абалына жетүүнүн натыйжасында конструкцияларды бузуу; деформациянын (форманын бузулушунун) же жарака кетүүнүн жана экинчи топтогу жеткен чегинин абалына жетүүнүн натыйжасында конструкциялардын же бүтүндөй имараттардын эксплуатациялык касиеттеринин жол берилбеген абалга чейин начарлоосу; алардын эсептик параметрлерин бузучу конструкциялардын бузулуулары. 6.3 Имараттардын инженердик тутумдары тиешелүү ченемдик документтерде камтылган коопсуздук талаптарын, ошондой эле жабдууларды даярдаган заводдордун нускамаларын эске алуу менен долбоорлонууга жана кураштырылууга тийиш. 6.4 Үч жана андан көп тепкич менен көтөрүлгөндөй жана тротуардын деңгээлинен 0,45 метрден ашык бийиктиктеги крыльцонун тосмосунун бийиктиги 0,8 метрден кем эмес болууга тийиш. Башка тосмо түзүлүштөрдү колдонууга жол берилет. 6.5 Имараттын же курулманын бийиктиги төмөндөгөндө тепкичтерди, пандустарды же башка көтөрүүчү түзүлүштөрдү караштыруу керек. Имаратта тик жылып жүрүү үчүн тепкичтер пайдаланылат. Келүүчүлөргө арналган жер үстүндөгү кабаттарда тепкичтердин жүрүшүнүн жантаюусун, эреже катары, 1:2 өлчөмүндө кабыл алуу керек. Лифттери бар имараттарда туруктуу келүүчүлөр пайдаланбаган экинчи тепкич үчүн 1:1 өлчөмүнөн тик эмес жантаюуну колдонууга жол берилет. Жертөлө жана жерпай кабаттарына, чатырга алып баруучу тепкичтердин, ошондой эле келүүчүлөрдүн пайдалануусуна арналбаган жер үстүндөгү кабаттардагы тепкичтердин жүрүштөрүнүн жантаюусун 1:1,5 өлчөмүндө кабыл алууга жол берилет. Келүүчүлөрдүн кыймылдуу жолдорунда (тепкичтердин бийиктиги 0,12 м. кем эмес болгондо) үч тепкичтен аз бийиктиктеги тепкичтерге жол берилбейт. Бийиктиктин төмөн түшүүлөрүндө тайгаланбаган жабуу менен капталган пандусту караштыруу керек. 6.6 Ачык же жабык спорт курулмаларынын көрүүчүлөр үчүн трибуналарынын тепкичтеринин жантаюусу 1:1,6 дан ашпоого, ал эми тепкичтер боюнча эвакуация жолдорун бойлото 0,9 м кем эмес бийиктиктеги трибуналардын кармагычтары (же аларды алмаштыруучу башка түзулүштөр) болгон учурда - 1:1,4 болууга тийиш. Эвакуация жолдорундагы люктарда тепкичтердин же баскычтардын болуусуна жол берилбейт. 6.7 Имараттардагы тепкич жүрүштөрүнүн туурасы, метр менен алганда, кыйла калктуу кабаттагы тепкичтик бөлүмгө чыгуусунун туурасынан аз эмес, бирок, төмөнкүлөрдөн аз эмес болууга тийиш: 1,35 –эки чектеш кыйла калктуу кабаттарда 200 дөн ашуун сандагы адам келүүчү имараттар үчүн, ошондой эле орундарынын санына көз карандысыз оюн-зоок жана дарылоо мекемелеринин имараттары үчүн; 1,2 – калган имараттар үчүн, ошондой эле келүүчүлөрдүн жана көрүүчүлөрдүн келүүсүнө байланышы жокимараттарга алып баруучу оюн-зоок мекемелеринин имараттарында жана бейтаптардын болуусуна жана келүүсүнө арналбаган жайларга алып баруучу дарылоо мекемелеринин имараттарында, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттары үчүн; 0,9 – бир учурда бешке чейинки сандагы адам келүүчү жайга алып баруучу бардык имараттарда. Ар бир коңшу кабатта 200дөн кем эмес студент болуучу жогорку окуу жайларынын окуу, окуу-лабораториялык жана лекциялык-аудиториялык корпустарда кабаттардын ортосундагы тепкичтик жүрүштөрдүн туурасы 1,5 м кем болбоого тийиш. Тепкичтик аянттардын туурасы жүрүштүн туурасынан аз болбоого тийиш. Тепкичтин түз жүрүшүндөгү орто аралык аянттын узундугу 1 м кем болбоого тийиш. Тепкичтик аянттарда кайсы болбосун бийиктиктеги жылуулук радиаторлорун орнотууда өткөөлдүн ченемдик кеңдиги жана бийиктиги камсыздалууга тийиш. 6.8 Аянттардын ортосундагы бир жүрүштө көтөрүлүштөрдүн саны 3төн кем эмес жана 16дан көп эмес (ийри сызыктуу тепкичтерден башкасы) болууга тийиш. Бир жүрүштүү тепкичтерде, ошондой эле бир жүрүштөгү эки жана үч жүрүштүү тепкичтерде биринчи кабаттын чектеринде 18ден ашпаган көтөрүлүштөргө жол берилет. 6.9 Тепкичтин бут менен басыла турган беттеринин өлчөмү 0,3 м (0,28 ден 0,35 м чейин жол берилет), ал эми тепкичтин бут баспай турган тик (бийик) бөлүктөрүнүн өлчөмү - 0,15 м (0,13 төн 0,17 м чейин жол берилет) болууга тийиш. Тепкичтин баскычтары тегиз, урчуктары жок жана бети бодуракай эмес болууга тийиш. Баскычтын капталы 0,05 м ашык эмес радиуста жумуру болууга тийиш. Жүрүштүн чектеринде ар кандай параметрлүү бийиктиктеги жана тереңдиктеги баскычтарды колдонууга жол берилбейт. Өзгөчө учурларда башкы тепкичтин төмөнкү үч баскычынын сүрөтүн өзгөртүүгө жол берилет. Э с к е р т ү ү– көрүүчүлөр үчүн залдарда өткөөлдөрдө жана катарга өтө бериште долбоор менен аныкталуучу, бирок көрүүчүлөрдүн кыймылынын коопсуздугун эске алуу менен баскычтардын башка өлчөмдөрүнө жол берилет. 6.10 Бардык климаттык зоналарда отко чыдамдуулуктун бардык даражаларындагы имараттарда экинчи эвакуациялык чыгуу катары 2:1 ден ашык эмес жантаюудагы сырткы ачык тепкичтерди (3-типтеги тепкичтер) караштырууга жол берилет. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарында экинчи кабаттан эвакуациялоо үчүн пайдаланылуучу 3-типтеги тепкичтерди (мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарынан, денесинин жана акыл эсинин өнүгүүсү бузулган балдар үчүн мектептерден жана мектеп-интернаттардан тышкары), 1:1 ден ашпаган жантаюуда караштыруу керек. 3-типтеги тепкичтер эки жагынан кармагычтарга (тутка), решёткалуу же тешиктүү капталган баскычтарга жана аянттарга ээ болууга тийиш. Баскычтар жана горизонталдуу аянттар жаан-чачынды эркин агызып кетүүсүн камсыздоого тийиш. 3-типтеги тепкичтерди күйбөй турган материалдардан жасоо жана аларды REI (EI) 30дан төмөн эмес отко чыдамдуулук чеги менен К1ден төмөн эмес өрт коркунучундагы класстын дубалдарынын туюк (жарык кирүүчү тешиги жок) бөлүгүнө жайгаштыруу керек. Бул тепкичтер эвакуациялык чыгуу деңгээлиндеги аянттарга, 1,2 м кем эмес бийиктиктеги тосмого ээ болууга жана терезе оюктарынын тегиздигинен 1,0 м кем эмес аралыкта жайгашууга тийиш. 6.11 3-типтеги тепкичтерди орнотууга өрткө каршы талаптарга жана эвакуация жолдоруна ылайык жол берилет. 6.12 Билим берүү уюмунун көп кабаттуу имаратынын же Б тобунун имараттарынын (В тиркемеси) кайсы болбосун кабатынан экинчи эвакуациялык чыгуусу катары, эгерде эвакуация жолдоруна карата өрткө каршы талаптарга эвакуациялануучулардын саны жана кабаттын жайгашуусу ылайык келсе, 3-типтеги тепкичти пайдаланууга жол берилет. 6.13 Бир же чектеш (тосмо менен бөлүнбөгөн) жайларда полдун белгиси 1,0 м ашык төмөндөгөн учурда жогорку деңгээлдеги периметри боюнча жыгылуудан коргоо үчүн 0,9 м кем эмес; балдар бар жайларда - 1,1 м бийиктиктеги тосмону караштыруу зарыл. Полдун белгиси 1,0 м аз төмөндөгөндө адамдардын жыгылуу мүмкүндүгүн жоюучу башка түзүлүштөрдү колдонууга жол берилет. Э с к е р т ү ү – Бул пункттун талабы көрүү залына караган сахнанын планшети тарабына жайылтылбайт. 6.14 Кыймыл жолдорундагы коркунучтуу төмөндөөлөрдүн тосмолорунун бийиктиги 0,9 м кем эмес, ал эми балкондордун, лоджийлердин, сырткы галереялардын, 3-типтеги сырткы тепкичтердин, террастардын ж.б. тосмолорунуку - 1,2 м кем эмес болууга тийиш. Тепкичтик жүрүштөрдүн кармагычтарынын бийиктиги 0,85-0,92 м. чектеринде болууга тийиш. Тосмолор туташ, кармагычтар менен жабдылып, 0,3 кН/м кем эмес жүктү көтөрө алгандай болуусу керек. Мектепке чейинки жаш курактагы балдар болуучу оюн-зоок мекемелеринин имараттарында, соода жана соода-көңүл ачуу, бош убакытты өткөрүү жана спорт уюмдарында жана ишканаларында, ачык тепкичтердин тосмолорундагы тик элементтер 0,1 м ашык эмес жарык тилкеге ээ болууга тийиш (тосмолордо горизонталдуу бөлүктөргө бөлүүгө жол берилбейт). 6.15 Биринчи класстардын, ошондой эле балдар бейтапканаларынын жана стационарларынын, балдар оюн-зоок мекемелеринин имараттары жайгашкан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, мектептердин жана мектеп-интернаттардын окуу корпустарынын имараттарында тосмолор төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: балдар пайдалануучу тепкичтердин тосмолорунун бийиктиги 1,2 м кем эмес, ал эми мектепке чейинки уюмдарда акыл өнүгүүсү бузулган балдар үчүн - 1,8 м же тор менен туташ тосулган учурда 1,5 м болууга тийиш. тепкичтердин 0,9 м бийиктикте, ошондой эле кошумча 0,5 м бийиктикте эки деңгээлде орнотулган эки тараптуу кармагычтары болууга тийиш. Жалпы билим берүү жана мектепке чейинки мекемелердин жер участоктору колдонуудагы ченемдик документтердин талаптарына ылайык бийиктиги 2 метрден кем эмес, бардык периметри боюнча тосмолору (металл) болушу керек жана окуучулардын имараттын кире бериш тарабынан көчөнүн жүрүүчү бөлүгүнө чуркап чыгуусуна тоскоол болуучу коопсуздук түзүлүштөрү болууга тийиш. Тосмону бойлото бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу менен жашыл бак-дарактардын тилкеси каралышы керек. (КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 10-февралындагы № 88-чуа буйругунун редакциясына ылайык) 6.16 Ачык жана жабык спорт курулмаларынын трибуналарында тепкичтердин, өткөөлдөрдүн же люктардын 4 м ашык эсептик кеңдигинде 0,9 м кем эмес бийиктиктеги бөлүштүрүлгөн кармагычтарды караштыруу керек. Люктун же тепкичтин 2,5 м кем эмес эсептик кеңдигинде 2,5 м ашык кеңдиктеги люктар жана тепкичтер үчүн бөлүштүрүлгөн кармагычтар түзүлүшү талап кылынбайт. 6.17 Спорт курулмаларынын трибуналарында чектеш катарлардын полунун белгисинин 0,55 м ашык айырмасында ар бир көрүүчү катардын өткөөлүндө узатасынан көрүүгө тоскоол болбогондой 0,8 м кем эмес бийиктиктеги тосмону орнотуу керек. Спорттук жана көрүү залдарынын балкондорунда жана ярустарында биринчи катардын алдындагы тосмонун бийиктиги 0,8 м кем болбоого тийиш. Тосмолордо нерселердин төмөн түшүп кетүүсүнөн сактоочу түзүлүштөр караштырылууга тийиш. 6.18 Театрлардын имараттарында сахнаны тейлөө жайларынын комплексинде чатырга жана чатырдын астына чыгуучу жерлери бар табигый жарык болуп турган жабык тепкичбөлүктөрдө экиден кем эмес тепкичти жана жумушчу галереялар жана колосниктер менен кошулуучу колосниктик тепкичтерди караштыруу керек. Түтөбөгөн тепкич бөлүктөрдүн табигый жарыгы жок болушу мүмүн. 6.19 Эвакуация жолдорун эсептөөдө кабатта бир убакытта болуучу адамдардын эң көп санын, келүүчүлөр (окуучулар, көрүүчүлөр ж.б.) болушу мүмүкүн болгон ушул кабаттагы бөлмөлөрдүн эсептик сыйымдуулугунан аныкташ керек. Бир убакытта дүкөндүн соода залында жүргөн сатып алуучулардын эвакуация жолун эсептөө үчүн соода аянтынын 3,0-3,5 чарчы метрине бир киши эсебин кабыл алуу керек. Эгерде долбоорлоо тапшырмасы боюнча дүкөндөрдүн соода аянттарынын кийин да чоңойтулушу каралса, анда көбөйтүүнү эвакуация жолдорунун эсебинде эске алуу керек. 6.20 Имараттардагы коммуникация жолдору экстремалдык кырдаал учурунда ушул коммуникация жолдору менен адамдардын коопсуз жана өз убагында эвакуацияланышын камсыздоого тийиш. Залдык жайларды долбоорлоодо эвакуациянын зарыл болгон убактысын (анын өз убагында аткарылышын камсыздоо үчүн) алардын көлөмүн жана залдын кыйла алыскы чекитинен эң жакын эвакуациялык чыгуусуна чейинки аралыкты эске алуу менен 6.1 жана 6.2 таблицалары боюнча кабыл алуу керек.
6.1-таблица
6.2-таблица
6.3-таблицада саналып өткөн залдары бар С0, С1 конструктивдүү өрт коркунучундагы класстардын имаратынан түздөн түз сыртка эвакуациялоонун зарыл болгон убактысын төмөнкүдөй кабыл алуу керек: 5 мин –17 м бийиктиктеги имараттар үчүн; 10 мин –17ден жогору 28 метрге чейинки бийиктиктеги имараттар үчүн. Бул залдардан жана алардын чектеринен көрүүчүлөрдү эвакуациялоонун маршруттарын Е тиркемесинде келтирилген дайындарга ылайык долбоорлоо керек. Түтөбөгөн тепкич бөлүмдөрменен эвакуациялоонун убактысы ченемделбейт. 6.21 Коомдук имараттардын кыйла алыскы жайлардын (ажаатканадан, кол жуучу жайдан, душтардан жана башка тейлөөчү жайлардан тышкары) эшиктеринен баштап эвакуация жолдору боюнча аралык, ал эми мектепке чейинки билим берүү уюмдарында – группалык ячейкадан чыгуучу жерден сыртка, тепкич бөлүмдөрүнө же 3-типтеги тепкичке чыгууга чейинки аралык 6.3 таблицада көрсөтүлгөндөн ашпоого тийиш. Туюк коридорго же холлго чыгуучу жайлардын сыйдыргычтыгы 80 адамдан ашык болбоого тийиш.
6.3-таблица
6.22 Залдык жайдын кайсы болбосун чекитинен эң жакын эвакуациялык чыгууга чейинки эң чоң аралык 6.4-таблицада көрсөтүлгөндөн жогору болбоого тийиш. Негизги эвакуациялык өтмөктөрдү жалпы өтмөккө бириктирүүдө анын туурасы бириктирилген өтмөктөрдүн суммардык туурасынан кем болбоого тийиш.
6.4-таблица
6.23Көрүүчүлөр үчүн орундары жок зал тибиндеги жайдагы эшиктердинжарыктагы туурасын залдагы адамдардын бир жолку эсептик саны боюнча 6.5-таблица боюнча, бирок жайда 50дөн көп адам санында 1,2 м кем эмес аныктоо керек.
6.5-таблица
6.24 Жалпы коммуникациялык жолдордун туурасы, м, төмөнкүдөн кем болбоого тийиш: 1,2 –горизонталдуу өтмөктөрдүн, пандустардын, жабык жана ачык спорт курулмаларынын трибуналарынын тепкичтериники; 1,8 –жабык жана ачык спорт курулмаларынын трибуна чыгууларынын эвакуациялык люктарында. 6.25 Администрациялык имараттардын жана ушуга окшош коридордук мерчемдеги башка мекемелердин коридорлорунун туурасы 10 м узундукта - 1,2 м кем эмес; 10 м жогорку узундукта – 1,5 м кем эмес жана аларды кулуарлар же келүүчүлөр үчүн күтүүчү жайлар катары пайдаланууда – 2,4 м кем эмес болууга тийиш. 6.26 Соода залындагы негизги өтмөктөрдүн туурасы, м, кем эмес болууга тийиш: соода аянты 100 м2 болгондо……………………………………1,4; соода аянты 101 ден 150 м2 чейин болгондо…………………….1,6; соода аянты 151 ден 400 м2 чейин болгондо……………………1,8; соода аянты401 м2 жанаанданкөпболгондо ……………………2,2. Эгерде өткөөл эвакуациялык болуп эсептелсе, анда өрткөкаршы талаптар боюнча параметрлер колдонулат. 6.27 Жайлардан жана коридорлордон тепкич бөлүгүнө эвакуациялык чыгуунун кеңдиги өрткө каршы талаптары боюнча бул чыгуу аркылуу эвакуациялана турган санга жараша (бирок 0,8 м кем эмес) чыгуунун (эшиктин) туурасынын 1,0 метрине эсептөөдөн белгиленүүгө тийиш. Балдар чоңдордун кароосуусуз болуучу негизги жайларда терезе блоктору балдардын терезе блокторун ачуусуунун алдын алуу жана балдардын терезеден кокустан түшүп кетүүсүн алдын алуу үчүн коопсуздук тутумун колдонуу менен долбоорлонууга тийиш. 6.28Коридордон тепкич бөлүгүнөчыгуунун кеңдигин, ошондой эле тепкичтердин жүрүшүнүн кеңдигин, бул чыгуудан өтө турган адамдардын санына жараша, өрт коопсуздугунун класстарынын имараттарындагы чыгуунун кеңдигин 1 метрге эсептөөдөн белгилөө керек: С0 …………………………………………… 165 адамданкөпэмес; С1 ……………………………………… 115 адамданкөпэмес; С2, С3 ………………………………………… 80 адамданкөпэмес. 6.29Спорттук оюн-зоок жана универсалдуу залдарда көрүүчү орундарды адамдар алардан бир люк аркылуу эвакуациялана турган же залдын аренасынан Е тиркемесинин көрсөтмөлөрүнө ылайык чыга тургандай кылып орундардын катарларын блокторго бөлүү керек. Ачык спорттук курулмалардын трибуналарын таштап кетүү үчүн адамдардын эсептик санын 6.6. таблицасы боюнча кабыл алуу керек.
Бир эвакуациялык люкка туура келүүчү көрүүчүлөрдүн жалпы саны төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш: 1500 адам–трибуналарынын алдындагы перекрытиелери отко чыдамдуулук чеги REI 60болгон трибуналарда; 1000 адам– трибуналарынын алдындагы перекрытиелери откочыдамдуулук чегиREI 45болгон трибуналарда; 750 адам–перекрытиелердин отко чыдамдуулугу башка чектерде болгонтрибуналарда. 6.30Жабык спорттук курулмаларда залдык жайдан ар бир чыгуу (люк, эшик) аркылуу өтүүчү көрүүчүлөрдүн эсептик саны 600 адамдан ашпоого тийиш. Спорт аренасында партер орнотулганда эки гана чыгуу болгон учурда, алардын ортосундагы аралык залдын узундугунун жарымынан аз эмес болууга тийиш. 6.31Эшик коюлуучу тешик орундун кеңдиги, жарыкта, андагы адамдардын эсептик саны менен: 15 ке чейин адам болгондо жайлардын функциялык арналышы менен аныкталат.
Көрүү залына кирүүчү эшик коюлуучу тешиктин кеңдиги 1,2 м кем эмес, чогулуштар залдарында - 1,6 м кем эмес, ал эми ложага кирүү үчүн 0,9 м жол берилет. Фойенин, далистин (вестибюлдун) кеңдиги – 2,4 м кем эмес болууга тийиш. 6.32 Көрүү залында креслолор, стулдар же отургучтардын катарларынын ортосундагы жөлөнгүчтөн жөлөнгүчкө чейинки аралык 0,9 м кем эмесболууга тийиш. Катардагы туташ орнотулган орундардын саны катардан бир тараптуу чыгууда 26дан ашпоого, ал эми эки тараптуу чыгууда – 50 дөн ашпоого тийиш. 6.33 Көрүү залдарында (12 орунга чейинки сыйдыргычтыктагы балкондордон жана ложалардан тышкары) стационардык орундарда полго бекитүү үчүн түзүлүштөрболууга тийиш. Көрүүчүлөр үчүн трансформациялануучу орундары бар залдарды долбоорлоодо эксплуатациялоодо алардын көңтөрүлүүсүн же жылып кетүүсүн алдын алуучу түзүлүштөрдү камсыз кылып, көрүүчүлөрдүн (же алардан турган звенолордун) отуруулары үчүн убактылуу орундарды орнотууну караштыруу керек. 6.34 Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, эс алуу үйлөрүнүн жана балалуу ата-энелер үчүн санаторийлердин имараттарында айнектелген эшиктерде полдон 1,2 м кем эмес бийиктиктеги коргоочу решёткалар караштырылууга тийиш. Колдонулуучу айнек үчүн A3 классынын жана андан чоң решёткалар талап кылынбайт. 6.35 Окуу имараттарында рекреация катары пайдаланылуучу коридорлор табигый жарыкка ээ болууга тийиш. 6.36Инженердик тутумдарды эксплуатациялоодо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо зарыл: адамдар үчүн жеткиликтүү тегиздиктерде алеттердин жылытуу бөлүктөрүнүн жана жылуулук берүүчү кубур түтүктөрдүн температурасы 70°С дан ашпоого тийиш. Эгерде аларга адамдардын тийүүсүн алдын алуучу чаралар кабыл алынган болсо, 90°С га, ал эми мектепке чейинки билим берүү уюмдарында 75°С га чейин жол берилет. Башка кубур түтүктөрдүн сырткы бетинин температурасы 40°С дан ашпоого тийиш; аба менен жылытуу алеттеринин чыгаруу тешигинен 0,1 м аралыктагы ысык абасынын температурасы 70°С ашпоого тийиш; ысык суу менен камсыздоо тутумундагы ысык суунун температурасы 60°С ашпоого тийиш; 6.37 Коомдук имараттардагы каминдерди 31401-2005 МАСТталаптарын эске алуу менен долбоорлоо керек. Аларды жайларда жайгаштыруу өрткө каршы талаптарга ылайык келүүгө тийиш. 6.38 Ордунан таюусу сейсмикалык райондордо курулган имараттарда өрткө же жарылууга алып келүүсү мүмкүн болгон агрегаттар жана алеттер ишенимдүү бекитилүүгө тийиш. 6.39 Мектеп жашына чейинки курактагы балдар үзгүлтүксүз келүүчү жайларда жаракат алуу коопсуздугун жана тазалоонун гигиеналуулугун камсыз кылуучу жылуулук алеттерин колдонуу керек. Бардык типтеги мектеп жашына чейинки билим берүү уюмдарынын тайпалык жайларынын терезе алдындагы мейкиндигинде радиаторлордун полдун деңгээлинен алеттин түбүнө чейинки аралыгын 0,05 м өлчөмүндө кабыл алууга жол берилет. 6.40 Жердин деңгээлинен сынык мансарддык чатырдын үстүңкү сыныган жерине чейин 10 метр же андан жогору бийиктикте 0,15 м. бийиктиктеги карды кармап туруучу түзүлүштөрү бар тосмолорду караштыруу керек. Тогуз жана андан көп кабаттуу имараттарда фасаддарды коопсуз оңдоо жана тазалоо үчүн электр кыймылдаткычтуу курулуш люлкаларын бекитүү мүмкүндүгүн караштыруу керек. Кабаттар аз болгон учурда мындай түзүлүштөрдүн зарылдыгы долбоорлоого тапшырма менен белгиленет. 6.41 10 метрден бийик имараттардын чатырында 25772-83МАСТ ылайык тосмону караштыруу керек. 6.42 Коомдук имараттарда криминалдык көрүнүштөрдүн жана алардын кесепеттерин алдын алууга багытталуучу, укукка каршы иш-аракеттер учурунда адамдарга, имаратка жана мүлккө мүмкүн болуучу зыянды азайтууга өбөлгө түзүүчү коопсуздук тутумдары, курулуштардын жана курулмалардын терроризмге каршы корголушун камсыз кылуу ченемдерине ылайык караштырылууга тийиш. Бул иш-чаралар имаратта долбоорлоодо белгиленет жана ченемдик-техникалык документтерге ылайык иштелип чыгат. 6.43 Башка коомдук имараттарда коргоо иш-чараларынын зарылдыгы объектинин тибине ылайык анын маанилүүлүгү жана корголуу даражасы боюнча имаратта имараттардын айрым типтери боюнча документтерди эске алуу менен долбоорлоодо белгиленет. 6.44 Атайын жайларда сакталган баалуулуктарга жана маалыматтарга кол салуудан коргоо максаттарында жана башка максаттарда бул жайлардын күчөтүлгөн тосмо конструкциялары, ошондой эле атайын эшиктер жана тешик орундар караштырылууга тийиш. 6.45 Сүйлөшүүлөрдүн жашырындуулугун коргоо үчүн саны жана арналышы долбоорлоого тапшырма менен аныктала турган башка жайлардын эшиктерин жана кабинеттердин дубалдарын үндү өзүнө сиңирип алуучу материал менен каптоо керек; кош эшиктерди караштыруу керек. 4.46 Билим берүү уюмдарынын жана алардын окуучуларынын комплекстүү коопсуздугун сактоо жана терроризмден коргоо үчүн жайдын биринчи кабатында видеобайкоо, өрт жана күзөт ишараты тутумунун жана аймактык органдарга коркунучтуу кабарларды берүү каналынын орнотмосу бар коргоо үчүн атайын жайды караштыруу керек. Коомдук имараттардын бардык типтеринин коргоо жайларында радиотрансляциялык абоненттик пункттардын болуусун караштыруу керек. 6.47 Аянты 300 метрден жогору болгон же бир учурда 15тен көп адамдын келүүсүнө арналган жертөлөлүк жана жерпайлык кабаттар экиден кем эмес эвакуациялык чыгууга ээ болууга тийиш. 6дан 15 чейин адамдын бир жолку келүүсүнө арналган жертөлөлүк жана жерпайлык жайлардын эки чыгуусунун бирин таза полдон 4,5 метрден кем эмес терезе аркылуу же 0,75х1,5 метрден кем эмес эшик аркылуу, ошондой эле 0,6х0,8 метрден кем эмес өлчөмдөгү люк аркылуу жайдан түздөн түз сыртты көздөй караштырууга жол берилет. Мында түз чыгуулар түз чыгуудагы тепкич менен, ал эми люк аркылуу чыгуу – жайдагы тепкич менен жабдылууга тийиш, бул тепкичтердин жантаюусу ченемделбейт. Эвакуациялык чыгуулар боюнча долбоордук чечимдин варианты “ЖК ИТИ ж ӨК иш-чаралары” долбоордун бөлүмүндө долбоорлоого тапшырма менен белгиленет. 6.48Жалпы типтеги мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарынын отко чыдамдуулук даражасын, конструкциялык өрт коркунуч классын, эң чоң кабаттуулугун имараттагы орундардын эң чоң санына жараша кабыл алуу керек.
6.7-таблица
Компенсациялоочу түрдөгү адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдардын имараттарындагы балдардын келүүсүнө байланышкан жайлар экинчи кабаттан жогору эмес жайгаштырылууга тийиш. Көрүүсү начар балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жайлары биринчи кабатта жайгаштырылууга тийиш. Көрсөтүлгөн имараттар отко чыдамдуулуктун II даражасынан жана конструкциялык өрт коркунучунун C0 классынан төмөн эмес болууга тийиш. 6.49 Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын үч кабаттуу имараттарында наристе (ясли) курагындагы балдар үчүн группалык ячейкаларды биринчи кабатта жайгаштыруу керек. Үчүнчү кабатта төмөнкү жайларды жайгаштырууга жол берилет: улук курактагы топтордун ячейкаларын, музыка жана дене тарбия сабактары үчүн залдарды, сейилдей турган далистерди, кызматтык-тиричилик жайларын. 6.50 Экинчи жана үчүнчү кабаттардагы ар бир топтук ячейкалардан экиден кем эмес бөлүнүп жайгаштырылган эки тепкич бөлүктөрүнө эвакуациялык, анын ичинде коридор аркылуу чыгуулар болууга тийиш. Экинчи кабаттан чыгуулардын бирин 3-типтеги сырткы ачык тепкич боюнча караштырууга жол берилет. Эвакуациялык чыгууларды долбоорлоодо топтук ячейканы бир жай деп эсептөө керек. 6.51 Балдар стационарларынын палаталык бөлүмдөрүн бешинчи кабаттан жогору эмес, коштоп жүрүүчүсү жок жети жашка чейинки балдар үчүн палаталык секцияларды, балдар психиатриалык бөлүмдөрүн (палаталарын), ошондой эле хоспистердин палаталык бөлүмдөрүн жана медайым багуусундагы бөлүмдрдүн, гериатрикалык палаталык бөлүмдөрдүн жана картайган майыптар үчүн интернат топторунун турак жайларын – экинчи кабаттан жогору эмес жайгаштыруу керек. 6.52 Жайкы балдар ден соолугун чыңдоо лагерлеринин, жогорку класстардын окуучуларынын ден соолугун чыңдоо лагерлеринин жана туристтик хижиндердин имараттарын эки кабаттан көп эмес бийиктикте, ал эми күнү-түнү пайдалануудагы балдар ден соолугун чыңдоо лагерлеринин имараттарын – үч кабаттан көп эмес бийиктикте караштыруу керек. Мектеп жашына чейинкилер жана кенже класстагы мектеп окуучулары биринчи кабатта гана жайгаштырылат. 6.53 Балдар ден соолугун чыңдоо лагерлеринде уктоочу жайларды, тепкич бөлүгү бар коридор арклуу өз алдынча чыгуусу бар 40 орунга чейинки жайлардын өзүнчө топторуна бириктирүү керек. Балдар ден соолугун чыңдоо лагерлеринин уктоочу жайларын өзүнчө имараттарда же өрткө карата бөлүнгөн жайларда 160тан ашуун орунга караштыруу керек. 6.54 Стационардык дарылоо-саламаттыкты чыңдоо жана социалдык мекемелердин (бейтапканалардын, төрөт үйлөрүнүн, хоспистердин ж.б.) имараттарында тепкичтер менен кыймылдап жүрүүгө жөндөмсүз, тура албаган адамдар үчүн алар узак мөөнөттүн ичинде эвакуациялана алган же ал жерде куткаруу бөлүмдөрү келгенге чейин тура турган коңшу өрткө каршы отсегин же коопсуз зонасын караштыруу керек. Коопсуздук зоналардын өлчөмдөрү горизонталдуу ташуу каражаттарында (каталка, кроваттар) ташылуучу жатма бейтаптардын эсептик саны менен аныкталат. Имараттагы коопсуздук зонасы түтүн өткөрбөөгө же башка жайлардан түтүн өткөрбөгөн шлюздар менен бөлүнүүгө тийиш. Анда же шлюзда өрт болгон учурда 20дан 40 Па га чейинкиашыкчабасым түзүлүүгө тийиш. Коопсуздук зонасына эвакуациялык тепкич же ушул курулуш ченемдеринин 4.13 пунктунда көрсөтүлгөн мүнөздөмөдөгү лифт кирүүгө тийиш. 6.55 Отко чыдамдуулук даражасы V болгон жайкысын иштей турган эс алуу мекемелеринин имараттарын, ошондой эле отко чыдамдуулук даражасы IV жана V болгон балдардын денсоолугун чыңдоочу лагерлердин жана санаторийлердин имараттарын бир кабаттуу гана долбоорлоо керек. 6.56 Вокзалдардын ичине курулган мейманканалары тепкич бөлүктөрүнө же коридорго алып баруучу, анын ичинде сырткы ачык эстакадага же платформага сыртына түздөн түз чыгуусу бар бириктирилген жүргүнчүлөр залына алып баруучу эвакуациялык өз алдынча жолдорго ээ болууга тийиш. Бириктирилген жүргүнчүлөр залы үчүн 50%дан ашпаган көрсөтүлгөн тепкич бөлүктөрүн же коридорлорду караштырууга жол берилет. 6.57 Коомдук имараттардын бөлүктөрүнүн курамындагы турак жайлардын өрт коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу КР КЧ 21-02 өрткө каршы талаптарын сактоо керек. 6.58 Аудиториялардын, салтанаттуу чогулуш өтүүчү залдардын жана конференц-залдардын, жыйналыш залдарынын имараттарын жана дене тарбия- спорт курулмаларынын залдык жайларын 6.8. таблицасында көрсөтүлгөн кабаттан бийик эмес сыйдыргычтыкка ылайык жайгаштыруу керек.
6.8-таблица
6.59 Спорт, салтанаттуу чогулуш өтүүчү жана көрүүчү залдардын балконунан көрүүчүлөрдүн чыгуусу бул залдар аркылуу болбош керек. 6.60 Трибуналары бар театрлар, кинотеатрлар, концерттик залдар, клубдар, цирктер, спорттук курлмалар, жабык имараттарда келүүчүлөр үчүн отургузуучу орундарынын эсептик саны бар китепканалар жана башка мекемелер үчүн залдардын сыйдыргычтыгын жана алардын жайгашуусунун бийиктигин имараттардын конструкциялык өрт коркунуч классын эске алып, 6.9 таблицасы боюнча кабыл алуу керек.
6.9-таблица
Өрт өчүрүүчү пост-диспетчердик жайын табигый жарык берүү менен долбоорлоо жана сахна планшетинин (эстраданын) деңгээлинде же сырткы чыгууга же тепкичке жакын кабаттан төмөнкү кабатта жайгаштыруу керек. Сордургуч өрт өчүрүүчү жана чарбалык суу түтүк жайы чектеш же алардын ортосунда ыңгайлуу катташуусу бар өрт өчүрүүчү пост-диспетчердик жайынын астында жайгаштырылууга тийиш. 6.62 Сахнадан (эстрададан), жумушчу галереядан жана колосниктик төшөмдөн, трюмдан, оркестрдик чуңкурдан жана тоголоктолгон декорация сейфинен эвакуациялык чыгууларды экиден кем эмес санда караштыруу керек. 6.63 Күнү-түнү иштеген кинотеатрларда, ошондой эле кинопроекциясынан кино көрсөтүү караштырылган клубдарда, залдарда долбоорлоого тапшырма боюнча 50дөн ашык адамдын бир жолку (туруктуу) келүүсүнө эсептелген жай аркылуу көрүү залынан чыгууга алып баруучу жолдорду караштырууга жол берилбейт. Мезгилдүү иштөөчү фойеси жок кинотеатрларда көрүү залынан экиден кем эмес эвакуациялык чыгуулар болууга тийиш. Алардын ичинен бирөөнү көрүү залына кирүү деп эсептөөгө жол берилет. 6.64 Ачык (2-типтеги) театрлардын көрүү жайларынын комплексинде экиден ашык эмес тепкичтерди караштырууга жол берилет, мында калган тепкичтер (экиден кем эмес) жабык тепкич бөлүктөрү болууга тийиш. Көрүү жайларынын комплексинен кийинки кабаттарда жабык тепкич бөлүктөрүнө алып баруучу обочолонгон эвакуациялык өткөөлдөрдү орнотуу керек. 6.65 С1ден төмөн эмес конструкциялык өрт коркунуч классынын жабык спорттук курулмаларынын имараттарын жогорку кабатында көмөкчү жайларды гана жайгаштырууда беш кабатка чейинки бийиктикте караштырууга жол берилет. Көрүүчүлөр үчүн спорттук аренанын жана трибунанын карама-каршы дубалдарындагы эшиктер тыгыз притвор менен өзү жабылууга тийиш. Аларды жыгачтан жасоого жол берилет. 6.66 Китепканалардын жана архивдердин имараттарын тогуз кабаттан ашык эмес бийиктикте долбоорлоо керек. 6.67 Китеп сактоочу жайлар 600 м2 ашык эмес аянттагы өзүнчө бөлүнгөн өрткө каршы тосмолор менен бөлүнүүгө тийиш. 6.68 Соода ишканаларынын имараттары үчүн кабаттуулукту жана кабаттын аянтын конструкциялык өрт коркунуч классын эске алып,6.10-таблица боюнча кабыл алуу керек.
6.10-таблица
6.69 Күйүүчү товарлардын жана күйүүчү таңгактагы товарлардын кампаларын, эреже катары, 250 м2 жана андан көп аянттагы соода залынан 1-типтеги өрткө каршы тосмолор менен бөлүп, сырткы дубалга жайгаштыруу керек. 6.70 150м2 чейинки соода аянты бар– өзүнчө туруучу, улай-ичине курулган, имараттын ичине же ага улай курулган башка арналыштагы бир кабаттуу дүкөндөрдө залдан бир чыгууну караштырууга жол берилет, экинчи чыгууну кампаларды кошпогондо, соодалык эмес жайлардын тобу аркылуу соода залынан караштырууга жол берилет. 6.71 250м2 ка чейин соода аянты бар ишканалардын имараттарында соода залы менен чектеш кампалардан товарларды берүү үчүн залга кошумча чыгууларды караштырууга жол берилет. 6.72 Чекене сатуу ишканаларынын жогорку кабаттарында кампаларды, тиричиликжанатехникалык жайларды жайгаштырууда, эгерде имараттын конструкциялык өрт коркунучунун классы С0 болсо, имараттын бийиктиги бир кабатка көбөйтүлүшү мүмкүн. 6.73 50% тепкич бөлүгүнөн, ошондой эле вокзалдардын имараттарынын коридорунан чыгууларды сыртка түз чыгуусу же сырткы ачык эстакадага же платформага чыгуусу бар бириктирилген жүргүнчүлөр залында караштырууга жол берилет. 6.74 Тиричилик жана коммуналдык тейлөө уюмдарынын имараттары үчүн кабаттын кабаттуулугун жана аянтын (келүүчүлөр үчүн өрткө каршы бөлүнгөн жай) имараттын конструкциялык өрт коркунучунун классына жараша 6.11-таблица боюнча кабыл алуу керек.
6.11-таблица
6.75 Эсептик аянты 200 м2көп болгон тиричиликтик тейлөө ишканаларынын имараттарында тейлөөчү персоналдар үчүн кирүүлөр жана тепкичтер келүүчүлөр үчүн кирүүлөр жана тепкичтерден бөлүнүүгө тийиш. 6.76 Жалпы билим берүү мектептеринин дене тарбия-спорт залдарын,астынан атайын элементтерге бекитилүүчү шыптары жок окуу жайларынын же ашканалардын үстүндө жайгашпаган шартта, экинчи кабаттан жогору эмес жайгаштыруу керек. Дене тарбия сабактары үчүн жайларды, аларда үн басымдарынын жана дирилдөөнүн ченемдик деңгээлдери камсыз кылынган учурда, экинчи кабатта жана андан жогору жайгаштырууга жол берилет. 6.77 Имараттын ичине курулган сауналардагы буукананын сыйдыргычтыгы 10 орундан ашпоого тийиш. 6.78 Имараттын ичине курулган сауналарды жертөлөлөрдө, трибуналардын астында, балдардын денсоолугун чыңдоочу лагерлердин жана мектеп-интернаттардын, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, стационардык бейтапканалардын уктоочу корпустарында, ошондой эле 100 адам турган жайлардын жана аларга чектеш жайлардын астында жайгаштырууга жол берилбейт. 6.7 Жалпы билим берүү уюмдарынын, балдарга кошумча билим берүү уюмдарынын имараттары үчүн, имараттын же өрткө каршы атайын бөлүнгөн жайдын сыйдыргычтыгын жана кабаттуулугун имараттын отко чыдамдуулук даражасын, конструкциялык өрт коркунучунун классын эске алып,6.12-таблица боюнча кабыл алуу керек. Жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарындагы салтанаттуу чогулуш өтүүчү залдарды экинчи кабаттан жогору эмес жайгаштыруу керек. Салтанаттуу чогулуш өтүүчү залдын, лекциялык аудиториянын астындагы перекрытиеREI 60 кем эмес отко чыдамдуулук чегинде болууга тийиш.
6.12-таблица
6.80 Адистештирилген жалпы билим берүү уюмдарынын жана мектеп-интернаттардын (дене жана акыл өнүгүүсү бузулган балдар үчүн) имараттары үч кабаттан бийик эмес болууга тийиш. 6.81 Жалпы билим берүү уюмдарында уктоочу жайлар башка жайлардан өрткө каршы дубалдар же 1-типтегиден төмөн эмес тосмолор менен бөлүнгөн блоктордо же имараттын бөлүктөрүндө жайгаштырылууга тийиш. 6.82 Жалпы билим берүү уюмдарында уктоочу корпустардын имараттарынын сыйдыргычтыгын жана кабаттуулугун имараттын отко чыдамдуулук даражасын, конструкциялык өрт коркунучунун классын (өрткө каршы атайын бөлүнгөн жай) эске алып, 6.13-таблица боюнча кабыл алуу керек.
6.13-таблица
6.83 Сейсмикалуулугу 8 балл болгон курулуш аянтчаларында мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин бийиктиги тиешелүүлүгүнө жараша беш жана төрт кабат менен чектелет. Курулуш аянтчаларында сейсмикалуулугу 9 жана 9 баллдан жогору, мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин бийиктиги тиешелүүлүгүнө жараша үч жана эки кабат менен чектелет. Эгерде функционалдык талаптар боюнча долбоорлонуп жаткан мектептин жана мектепке чейинки мекемелердин имаратынын кабаттуулугун көрсөтүлгөндөн ашыкча жогорулатуу зарылдыгы келип чыкса, сейсмикалык күч келүүлөрдү азайтуу үчүн сейсмикалык коргоонун атайын системаларын (сейсмоизоляция, демпфирлөө ж.б.) колдонуу керек. Эскертүү – Конструкциялардын бекемдигин жана/же алардын пластикалык деформацияга жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш-чараларды гана камтыган атайын техникалык шарттардын болушу мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин долбоорлонуучу имараттарынын чектик бийиктиктерине карата ушул пункттун көрсөтмөлөрүнөн четтөө үчүн жетиштүү негиз болуп саналбайт. (Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 29-апрели № 163 буйругунун редакциясына ылайык) 6.84 Жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарынын жана мектеп-интернаттарынын окуу корпустарынын төртүнчү жана бешинчи кабаттарында биринчи класстар үчүн жайларды жайгаштырууга болбойт. Бул кабаттардагы калган окуу жайларынын санын окуу класстарынын жалпы санынын 25% менен чектөө сунушталат. (Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 29-апрели № 163 буйругунун редакциясына ылайык) 6.85 Реконструкциялоодо жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарынын үстүнө мансарда кабатты куруунусунушталган кабаттуулуктун чектеринде караштыруу керек. 6.86 Жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарында жыгач иштетүү боюнча устакана жана металл жана жыгач иштетүү боюнча айкалыштырылган устакана биринчи кабатта жайгаштырылууга тийиш. Кошумча түрдө класстардан, кабинеттерден жана лабораториялардан чыгуусу жок болгон жылууланган тамбур же коридор аркылуу түздөн түз сыртка өзгөчөлөнгөн чыгууну караштыруу зарыл. 6.87 Жогорку билим берүү уюмдарынын окуу корпустарын тогуз кабаттан жогору эмес караштыруу керек. Кабаттуулугун көбөйтүүнү курулуш ордуна карата шаар куруу талаптарынан келипчыгып, атайын тапшырма боюнча караштыруу керек. 6.88 Кошумча кесиптик билим берүү уюмдарынын имараттары үчүн окуу корпустарынын кабаттуулугу тиешелүү шаар куруу негиздемеси болгон учурда тогуз кабаттан көп болушу мүмкүн. 6.89 (биринчи жолу киргизилди) Функциялуу өрт коопсуздугунун белгилүү бир классындагы имараттарында, функциялуу өрт коопсуздугунун башка класстарындагы имараттарынын бөлүктөрүн (өрткө каршы атайын бөлүнгөн жайларды) жайгаштырууга жол берилет. Мында имарат, эреже катары, көп функциялуу болуп калат. Имараттын 1-типтеги өрткө каршы тосмолор менен бөлүнгөн кабатын өрткө каршы атайын бөлүнгөн жай (отсек) катары кароо керек. Кабатты 1-типтеги өрткө каршы тосмого тиешеси жок болбоду дегенде бир тосмо менен бөлүүдө, кабатка өрт отсегинин курамындагы жайлардын тобу сыяктуу функциялык өрт коопсуздугунун классы ыйгарылууга тийиш. Өрт отсектеринин жол берилген өлчөмүнөн ашпастан, ошондой эле алардын функциялык өрт коопсуздугунун классын өзгөртпөстөн жана өзүнчө өрт отсегине бөлбөстөн, өрт отсегинде имаратты (өрт отсегин) тейлөөчү функциялык өрт коопсуздугунун класстарындагы жайлардын жана кабаттардын топторун жайгаштырууну караштырууга жол берилет: Ф1.2 – мейманканалар; Ф2.1 жана Ф2.2 –оюн-зоок, маданий агартуу жанамаданий эс алуу мекемелери; Ф3 – калкты тейлөө боюнча ишканалар; Ф4.1 – мектептен тышкаркы гана уюмдар; Ф5.1 –тейлөөчү гана имарат устаканалар; Ф5.2 – автоунаа туруучу жайлардын имараттарын гана тейлөөчүлөр (КР КЧжЭ 31-12 талаптарын сактаган учурда, китеп сактоочу жайлар, архивдер, кампа жайлары жана чыгдандар).
7 Санитардык-эпидемиологиялык талаптарды камсыз кылуу
7.1 Коомдук имараттарда табигый жана жасалма жарык берүүнү ЭАКЧ 2.04-05боюнча долбоорлоо керек. 7.2 Табигый жарык берүү, четтөөгө уруксат берүүчү ченемдик документтердин талаптарынан тышкары, туруктуу жумушчу орундары бар бардык жайларда караштырылууга тийиш. ЭАКЧ 2.04.02 талаптары сакталган учурда 0,56 м²°С/Вт ашык көрсөтүлгөн конструкциянын жылуулук берүүнүн келтирилген каршылыгында жарыкка тунук тосмо конструкцияларынын аянтын көбөйтүүгө жол берилет. 7.3 Жарык кайсы тараптан берилсе да (капталынан, үстүнөн же айкалыштырылган) топтук мектепке чейинки мекемелерде, ошондой эле билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги окуу жайларда сол тарабынан жарык бөлүштүрүүнү караштыруу керек. 7.4 Табигый түрдө үстүнөн (үтүнөн-жантайыңкы) жарык кылуугатөмөнкү жайларда жол берилет: топтук ячейкалардын кийим чечүүчү жайларын жана ажаатканаларын, балдардын жана чоңдордун психологиялык жеңилдетүү (“үй бурчу”) бөлмөлөрүн, персоналдын бөлмөсүн, музыкалык жана дене тарбия сабактары үчүн залдарды, бассейн ваннасы бар залды, бассейн болгондо бой жазуу залын, балдар кружокторунун жана секцияларынын жайларын, коммуникациялык-рекреациялык мейкиндиктерди. 7.5 II-IV климаттык райондору үчүн мектепке чейинки мекемелердин топтук жайларында жана топтук ячейкаларынын уктоочу жайларында өтмө же бурчтук, анын ичинде коридор же чектеш жай аркылуу желдетүү караштырылууга тийиш. 7.6 Экинчи жарык менен гана жарык кылууну төмөнкү жайларда караштырууга болот: табигый жарык берүүсүз долбоорлоого жол берилген жайлар (кампалардан, соода залдарынан, дүкөндөрдөн жана китеп сактоочу жайлардан тышкары); II жана III климаттык райондордогу, 1А, 1Б, 1Г климаттык райончолордогу мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын изоляторунун кабылдамасы жана ашкана идиштерин жуучу жай; мончолордун жана мончо-ден соолукту чыңдоо комплекстеринин кийим чечүүчү жана күтүүчү жайлары. 7.7 Табигый жарык кылуусуз караштырууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.04.2016-ж. №201 «Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна кошумча түрдө жол берилген коомдук имарат жайлары: Жертөлө кабаттарында жайгаштырууга жол берилген жайлар; мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын буфеттери, ажаатканалары, кийим чечүүчү жайлары; спорттук-демонстрация жана спорттук-оюн-зоок залдары; муз менен капталган спорт залдары; спорт курулмаларынын инструктордук жана машыктыруучулук курамынын бөлмөлөрү; технологиялык процесстерди уюштуруу караңгылоону талап кылган же табигый жарык кылуу талап кылынбаган дарылоо мекемелеринин жайлары жана башка жайлар; тиричиликтик тейлөө ишканаларынын келүүчүлөрү үчүн салондор (чач тарач, косметикалык кабинеттерден тышкары); тейлөөчү персонал бөлмөлөрү; санитардык өткөрмөлөр; ажаатканалар; кийим чечүүчү жайлар; душтар; мончолордун кургак ысытуу жайлары; солярийлердин (күн ваннасын кабыл алуунун) жайлары жана дарылоо жайлары. Табигый жарык кылуусуз коридорлорду өрт коопсуздугунун талаптарын эске алуу менен долбоорлоо керек. 7.8 Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, кесиптик билим берүү уюмдарынын, саламаттыкты сактоонун жана стационары бар социалдык тейлөө жайларында инсоляция (күндүн нуру менен нурдандыруу) медициналык уюмдарды долбоорлоонун ченемдери боюнча медицина уюмдарынын жайларында КРнын аймагында колдонулуп жаткан аткаруу техникалык документтердин (АТД) талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 7.9 Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, дене тарбия-спорттук зоналардын жана мектептин эс алуу зоналарынын, дарылоо жана социалдык мекемелердин стационарларынын эс алуу зоналарынын группалык аянттарынын аймактарында инсоляциянын узактыгын КРнын аймагында колдонулуп жаткан АТД боюнча кабыл алуу керек. 7.10 Июлдун орточо айлык температурасы 21°С жана андан жогору болгон райондордо куруу үчүн долбоорлонгон имараттарда, адамдар үзгүлтүксүз келе турган жайлар жана технологиялык жана гигиеналык талаптар боюнча күн нурларынын кирүүсүнө же ысып кетүүгө жол берилбеген жайлар, жарык кирүүчү тешиктин багыты 130-315°чектеринде болгондо, ысып кетүүдөн же күндүн нурунун кирүсүнөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.04.2016-ж. №201 «Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтомунун талаптарын эске алуу менен корголууга тийиш. 7.11 Жайлардагы микроклиматтын параметрлерин ушул курулуш ченемдерине ылайык кабыл алуу керек. Мында жылдын суук мезгили үчүн эсептик катары микроклиматтын оптималдуу параметрлерин кабыл алуу керек, жылдын жылуу мезгили үчүн микроклиматтын жол берилген параметрлерин кабыл алууга жол берилет. 7.12 Өндүүштүк-техникалык арналыштагы айрым жайларда (устаканалар, лабораториялар, кампалар, көчүрмөлөө-басып чыгаруу жайлары ж.б.) микроклиматтын параметрлерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.04.2016-ж. №201 «Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтомун эске алуу менен жол берилет деп кабыл алуу керек. 7.13 Тосуучу конструкциялардын жылуулук техникалык мүнөздөмөсүн эсептөө үчүн ички абанын эсептик температурасын температуралык режимдин талап кылынган параметрлерине ылайык кабыл алуу керек, ал эми алар жок болгон учурда - 18°С га барабар же технологиялык талаптар боюнча кабыл алуу керек. Коомдук имараттарды жылытуу тутумдарынын эсеби үчүн жайлардагы ички абанын температурасынын эсептик чоңдугун 30494 МАСТта жана тиешелүү имараттарга же жайларга карата санитардык ченемдерде келтирилген температуралардын жол берилген көрсөткүчтөрүнүн ичинен эң азына барабар кабыл алуу керек. Коомдук имараттардын жайларында жумушчу убактысынын башталышына талап кылынган параметрлер камсыз кылынган шартта жумушчу эмес убакытта микроклиматтын көрсөткүчтөрүн төмөндөтүүгө жол берилет. Жумушчу эмес убакытта температуралык режимдин ченемден төмөн кармалышы мүмкүн, бирок 12°С төмөн эмес. Эгерде техникалык тапшырмада же регламентте башкасы эскертилбеген болсо, жумушчу эмес убакытта температураны төмөндөтүүгө жол берилет. 7.14 Аба жана аба-жылуулук желдеткичтеринтөмөнкү учурларда караштыруу керек: сырткы абанын эсептик температурасы минус 15°С жана андан төмөн (Б параметриндеги) райондордо жайлардын сырткы дубалдарындагы дайыма ачык тешиктерде, ошондой эле тамбурлары жок жана нөөмөт ичинде беш жолудан көп же 40 минутадан кем эмес убакытка ачыла турган дарбазаларда жана сырткы дубалдагы тешиктерде; коомдук имараттардын далистеринин сырткы эшиктеринде – сырткы абанын эсептик температурасына (БЮ параметрлери) жана 1 саат ичинде эшик аркылуу өтүүчү адамдардын санына жараша: минус 15°Сминус 25°С чейин – 400 жана андан көп адам; минус 26°С минус 40°С чейин – 250 жана андан көп адам; минус 40°С төмөн – 100 жана андан көп адам; долбоорлоого тапшырма боюнча кондициялаштыруусу бар жайлардын дарбазаларында, эшиктеринде жана тешик жерлеринде. Мезгилдик иштөөчү аба желдеткичтери берген жылуулук имараттын аба жана жылуулук баланстарында эске алынбашы керек. 7.15 Сырткы тешиктердеги, дарбазалардагы жана эшиктердеги аба жана аба-жылуулук желдеткичтериншамалдын басымын эске алуу менен эсептөө керек. Абаны чыгымдоону сырткы абанын температурасын жана Б параметриндеги шамалдын ылдамдыгын, бирок 5 м/с ашык эмес кабыл алуу менен аныктоо керек. Эгерде Б параметриндеги шамалдын ылдамдыгы А параметриндегиден аз болсо, анда аба жылыткычтарды А параметрине текшерүү керек. Жылчыктардан же аба-жылуулук желдеткичтеринин тешиктеринен аба чыгаруунун ылдамдыгын, м/с, төмөнкүдөн төмөн эмес кабыл алуу керек: 8 – сырткы эшиктерде; 25 – дарбазаларда жана технологиялык тешиктерде. 7.16 Коомдук имараттардын далистери үчүн жайларга сырткы эшиктер, дарбазалар же тешиктер аркылуу келүүчү аба аралашмасынын эсептик температурасын 12°С дан кем эмес кабыл алуу керек. 7.17 Абанын эсептик температурасын жана аба алмашуунун калдыксыздыгын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында КРнын аймагында колдонулуп жаткан ЧТД боюнча кабыл алуу керек. 7.18 Өтмө же бурчтук желдеткичи бар мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын уктоочу жайларынан абаны чыгарууну топтук жайлар аркылуу караштырууга жол берилет. Тамак-аш блокторунан тартып алуучу аба өткөргүчтөр топтук же уктоочу жайлар аркылуу өтпөш керек. 7.19 Мектеп имараттарындагыабанын эсептик температурасын жана бир жолку аба алмашууну 7.1-таблица боюнча кабыл алуу сунушталат. Интернаттардын уктоочу бөлмөлөрүндө эсептик температураны эксплуатациялык режимде кармоонун тактыгы ±1°С болууга тийиш.
7.1-таблица
7.20 Мектептерде жана мектептердин алдындагы интернаттарда аба менен жылытуу тутумунда жумуш убагында кармалып туруучу абанын температурасы 40°С ашпоого тийиш. 7.21 Мектептик ашканалардын аба алмашуусун ашкананын технологиялык жабдууларынан бөлүнүп чыгуучу ашыкча жылуулукту тартып алуусуна эсептөө керек. Тамак-аш блогунун өндүрүштүк жайына келүүчү аба агымы түштөнүү залы аркылуу берилбеш керек. Берилүүчү сырткы абанын көлөмү түштөнүү залындагы бир орунга 20 м3/с аз эмес болууга тийиш. 7.22 Баштапкы кесиптик билим берүү мекемелеринде абанын жана аба алмашуунун эсептик температурасын 7.1-таблица боюнча, ал эми орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринде - 7.2-таблица боюнча кабыл алуу сунушталат.
7.2-таблица
7.23 III жана IV климаттык райондордо жайгашкан жогорку окуу жайлардын имараттарынын 150 жана андан көп орундуусалтанаттуу чогулуш өтүүчү залдарында жана аудиторияларында, техникалык-экономикалык негиздеме болгон учурда, аба чөйрөсүнүн оптималдуу параметрлерин, ал эми калган климаттык райондордо - 2.04.05-91* КЧжЭде караштырылган жол берилүүчү параметрлерди кабыл алуу керек. 7.25 Келүүчүлөр үчүн түштөнүүчү залдын жана башка жайлардын аба алмашуусун коомдук тамактануу ишканаларынын өндүрүштүк жайларынын аба алмашуусунан максималду обочолонтуу керек. 7.26Залдык жайлар үчүн таза аба берүүнүн санитардык ченемдерин камсыздоо менен абанын жарым-жартылай рециркуляциясын колдонуу керек. 7.27 Кинотеатрлардын, клубдардын жана театрлардын көрүү залдарындагы көрүүчүлөрдү жайгаштыруу зоналарында абанын параметрлери 7.3-таблицанын талаптарына ылайык желдетүү же абаны конденциялоо тутуму менен камсыз кылынууга тийиш.
7.3-таблица
7.28 Сакталуучу 200 миң жана андан көп фонду бар китепканалардын сактоочу жайларында, лекция жана окуу залдарында, архивдердин сактоочу жайларында абаны рециркуляциялоону караштыруу керек. Сырткы абанын көлөмүн эсеп менен аныктоо керек. Сактоочу жайларда ал берилүүчү абанын жалпы көлөмүнүн 10% ынан ашпоого тийиш. Окуу жана лекциялык залдарда сырткы абанын агып кирүү көлөмү бир адамга 20 м3/с тан кем эмес болууга тийиш. 7.29 Китепканалардын сактоочу жайлары үчүн санитардык талаптар менен аныкталуучу, жайдын ичиндеги абада чаңдын жана микроорганизмдердин жол берилген концентрациясынын жеткен чегине чейин, сырткы фильтрациялоо жана абаны рециркуляциялоо караштырылууга тийиш. 7.30 Соода аянты 250 м2 чейинки дүкөңдөрдө табигый түрдөгү желдетүүнү караштырууга жол берилет. 7.31 Дүкөңдөрдүн жайларындагы абанын эсептик температурасы технологиялык тапшырма боюнча кабыл алынат. Дүкөндөрдөгү аба алмашуунун калдыксыздыгын 1с.1 ден кем эмес кабыл алуу керек. 7.32 Спорт жана дене тарбия-денсоолукту чыңдоо курулмаларында машыгып жаткандардын зонасындагы абанын кыймылдуулугу, м/с, төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш: бассейн ванналарынын залдарында (анын ичинде денсоолукту чыңдап сүзүү жана сүзгөндү билбегендерди үйрөтүү).....................…0,2 күрөш үчүн спорт залдарында, стол үстүндөгү теннис залдарында, жабык муз тебүүчү жайларда жана кайык бассейн залдарында……………0,3 калган спорт залдарында, бассейндердеги даярдануу сабактары үчүн залдарда жана дене-тарбия-ден соолукту чыңдоо сабактары үчүн жайларда .... 0,5 7.33 Абанын салыштырма нымдуулугун, %, төмөнкүдөй кабыл алуу керек: Көрүүчүлөр үчүн орундары жок спорт залдарында, дене-тарбия-денсоолукту чыңдоо сабактары үчүн жайларда жана бассейндердеги даярдануу сабактары үчүн залдарда....................................………... 30-60 бассейн ванналарынын залдарында (анын ичинде кайык бассейндеринин залдарында)....................................... 50-60 Жылдын муздак мезгили үчүн салыштырма нымдуулуктун төмөнкү чектери 7.4-таблицада көрсөтүлгөн температурада келтирилди. Бассейн ванналарынын залдарынын тосмо конструкцияларын жылуулук техникалык эсептөөдө салыштырма нымдуулукту 67%, ал эми температураны – 27°С кабыл алуу керек. Жыгач курулуш конструкцияларын колдонууда алар жайгашкан зонада күнү-түнү жана жыл бою салыштырма нымдуулук 45% кем эмес, ал эми температура - 35°С жогору болбоосун камсыздоо керек.
7.4-таблица
7.34 Дене тарбия спорт залдарынын жайларында абанын эсептик температурасын жана аба алмашуунун калдыксыздыгын 7.4-таблица боюнча кабыл алуу керек. Желдетүү жана кондициялоо менен туташкан спорт залдарын аба менен жылытуу тутумдарында сырткы абанын ченемдик көлөмдөрүнүн берилиши камсыз кылынган учурда абаны рециркуляциялоону колдонууга жол берилет. Натыйжалуулукту жогорулатуу үчүн сырткы абанын эсптик саны берилген шартта рециркуляциялоону колдонуу керек. 7.35 Муз аренасы бар жана көрүүчүлөр үчүн орундары бар универсалдуу залдарда аба алмашуунун эсебин иштөөнүн төмөнкү эксплуатациялык режимдери үчүн аткаруу керек: көрүүчүлөрү бар муз аянттарындагы мелдеш; музду пайдалануусуз көрүүчүлөрү бар мелдеш же оюн-зоок; көрүүчүлөрү жок муз үстүндө машыгуу. Музу жок спорт залдарында жана көрүүчүлөр үчүн орундары бар бассейн ванналарынын залдарында аба алмашуунун эсебин – көрүүчүлөрү менен жана көрүүчүлөрсүз эки режим үчүн аткаруу керек. 7.36 Табигый желдетүү менен сордургуч желдеткичти эсептик саны 300 адамдан аз кызматкер жана бийиктиги 1-3 кабат администрациялык-кеңсе имараттарынын жайларында караштырууга жол берилет. 7.37 Жыл бою иштөөчү эс алуу жана туризм имараттары жана курулмалары, ошондой эле жайкысын иштөөчү төмөнкү имараттардын жайлары үчүн жылытуу тутумдарын караштыруу керек: IV тышкары бардык климаттык райондордо изоляторлор, медициналык пункттарында; балдардын денсоолуктарын чыңдоо лагерлеринде; I жана II климаттык райондор үчүн долбоорлонгон жайкы эс алуу үйлөрүндө, турбазалардын жана пансионаттардын турак бөлмөлөрүндө жана түштөнүү залдарында долбоорлоого тапшырмага ылайык жылытууну караштырууга жол берилет. 7.38 Климаттык райондун кайсынысында жайгашпасын, жогорку разряддагы (“беш жылдыз”, “төрт жылдыз”) мейманканаларда, түштөнүү залдарында жана жылуулук өтө бөлүнүп чыккан коомдук тамактануу ишканаларынын өндүрүштүк жайларында абаны кондициялоо, ошондой эле калган кызматтык жайларда агып келүү-тартып алуу желдеткичтери караштырылууга тийиш. 7.39 Дарылоо мекемелеринин жайларында абанын температурасына жана анын тазалыгына карата талаптарды медициналык уюмдарды долбоорлоо ченемдери боюнча кабыл алуу керек. Бейтапканалардын имараттарында желдетүү тазалыкка карата талаптары кыйла төмөн болгон жайлардан абанын тазалыгына болгон талаптар кыйла жогору болгон жайларга аба массаларынын ашыкча агып кетүүсүн жоюуга тийиш. Абанын тазалыгына болгон талаптар кыйла жогору болгон операциялык жайларда, интенсивдүү терапия палаталарында, күйүк палаталарында жана ушуга окшогон жайларда таза абаны берүүнүн ченемдик көлөмүнө кошумча абаны рециркуляциялоону пайдаланууга жол берилет. Палаталардагы жана башка дарылоо жана дартты аныктоо жайларында абанын кыймылдуулугу 0,15 м/с ашпоого, абанын агымы бир багытта болгон зоналарда - 0,24 0,30 м/с чейинки чектерде болууга тийиш. 7.40 Калк отурукташкан айылдардагы бейтапкана бөлүмдөрүнүн палаталарында агып келүүчү желдеткич орнотмолордо абаны нымдаштырууну караштырбай коюуга жол берилет. 7.41 Вокзалдардын жана билеттик кассалардын күтүү залдарын желдетүү жана кондициялоо тутумдарын долбоорлоо абанын тазалыгынын, температурасынын жана нымдуулугунун ченемдик параметрлерин камсыз кылууга тийиш. Мында: - рециркуляцияланганабаны жайга берилүүчү абанын 30% ашпаган көлөмдө пайдалануу керек; - абанын салыштырма нымдуулугу 30% - 60% чектеринде болууга тийиш; - механикалык агып келүүчү желдеткич жайга бир адамга сырткы абанын 30 м3/с кем эмеси берилүүгө тийиш. 7.42 Механикалык агып келүүчү желдеткич тутуму менен жабдылбаган жайлар үчүн, сырткы абаны берүү үчүн полдон 2 метрден кем эмес бийиктикте жайгашкан ачылма жөнгө салынма форточкаларды же аба клапандарын караштыруу керек. 7.43 Аба агымын берүүнү абанын санынын 90% көлөмүндө зыяндуу заттар бөлүнүп чыккан жайларга түздөн түз обочолонгон тартып алма тутумдар аркылуу берүүнү, абанын калган санын (10%) – коридорго же холлго караштыруу керек. 7.44 Аянты 35 м2 кем эмес жумушчу жайларынан абаны чыгарууну абаны коридорго чыгаруунун эсебинен караштырууга жол берилет. 7.45Маданий оюн-зоок, мекеме, китепкана, архив имараттарынын жана спорттук курулмалардын ички өрткө каршы суу түтүктөрүнө карата талаптар Л тиркемесинде келтирилди. 7.46 Абага чаң жана аэрозолдор бөлүнүп чыгышы мүмкүн болгон макеттик устаканаларда жана башка жайларда сордуруп алма шкаф аркылуу чыгарылуучу абанын көлөмүн 7.5-таблицага ылайык шкафтын эсептик тешигиндеги абанын кыймылынын ылдамдыгына жараша аныктоо керек. Абага жарылуу коркунучу бар заттардын бөлүнүп чыгышына байланышкан жумуштарда абанын кыймылынын ылдамдыгын сордуруп алма шкафтын эсептик тешигинде 1 м/с өлчөмүн кабыл алуу керек.
7.5-таблица
7.47 Таштанды чыгаруучу түтүктөрдү орнотууда мезгил-мезгили менен жууп туруу, тазалоо, жугушсуздандыруу жана найды спринклеровкалоо үчүн түзүлүштөр менен жабдуу керек. Таштанды түтүгүнүн найы курулуш конструкцияларынан аба өткөрбөй турган жана дабыш өткөрбөй турган болууга тийиш. Ал адамдар үзгүлтүксүз келүүчү кызматтык жайларга тутумдаш болбоого тийиш. Таштанды ыргытыла турган камераны адамдар үзгүлтүксүз келүүчү жайлардын астында же аларга чектеш жайгаштырууга жол берилбейт. 7.48 Медициналык, тамак-аш жана тиричилик калдыктарын чогултуу жана кайра иштетүү тутумун колдонулуп жаткан санитардык ченемдер боюнча долбоорлоо керек. 7.49 Курулушта пайдаланылган гигиеналык баалоого жаткан материалдар жана буюмдар КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилген продукциялардын жана товарлардын түрлөрүнүн тизмесине ылайык, мамлекеттик-эпидемиологиялык кызмат органдары жана мекемелери тарбынан берилген гигиеналык корутундуларга ээ болууга тийиш.
8 Инженердик жабдууларга карата талаптар
8.1 Имаратка жылуулук тарамдарын киргизүүдө жабдылган автоматташтырылган жеке жылуулук пункттарын (ЖЖП) сырткы (күн, шамал) жана ички (жылуулук бөлүп чыгаруу) факторлордун бир типтүү таасири менен мүнөздөлүүчү айрым технологиялык зоналар жана фасаддар боюнча жылытууга жылуулук жиберүүнү жөнгө салуу мүмкүндүгү менен жылытуу мезгилинде 1000 ГДж жана андан көп жылуулукту эсептик чыгымдоочу имараттар үчүн караштыруу керек. Жылытуу, желдетүү тутумдары үчүн жана ысык суу үчүн жылуулук берүүнү жылуулук пунктунан бөлүнгөн кубур түтүктөр боюнча караштыруу керек. 8.2 Алар тейлөөчү имараттардын ичине курулган ЖЖПны (жеке жылуулук пункттарын) КР КЧжЭ 41-02алуу менен долбоорлоо керек. ЖЖПны аба желдетүүчү жана кондициялоочу орнотмолору бар жайлар менен кошууга жол берилет. ЖЖПны жайдан түздөн түз сыртка чыгуусу бар же коридор боюнча сыртка чыгууга чейин 12 м алыс эмес сырткы дубалда жайгаштыруу керек. ЖЖП жайларынын бийиктиги полдон тартып чыгып туруучу конструкциялардын түбүнө чейин 2,2 метрден кем эмес болууга тийиш. Имараттардын инженердик тутумдары абанын температурасын автоматтык же кол менен жөнгө салгычка ээ болууга тийиш. Муздак жана ысык суу, электр энергиясы, газ жана жылуулук менен борбордоштурулган жабдууда жана имаратта ар кандай уюмдарга жана менчик ээлерине таандык болгон бир нече топтордун жайлары болгон учурда, жайлардын ар бир тобу энергияны жана сууну чыгымдоонун автономдуу эсебинин алеттери менен жабдылууга тийиш. Имратты же жайлардын айрым топторун жылуулук менен камсыз кылуу 2.04.05-91*КЧжЭ, II-35-76* КЧжЭгежана өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык борбордоштурулган, автономдуу же жеке жылуулук булактарынан ишке ашырылышы мүмкүн. 8.3 Бул жайлардан тышкары өчүрүүчү түзүлүштөрү бар суу менен жылытуунун айрым тарамдары төмөнкү жайлар үчүн караштырылат: конференц-зал; аларга караштуу өңдүрүштүк жайлары бар ашкананын түштөнүү залы (саны 400гө чейин орундуу конференц-залдарда жана 160ка чейин орундуу ашкананын түштөнүү залдарында,аларды имараттын жалпы көлөмүндө жайгаштырууда айрым тарамдарды караштырбай коюуга жол берилет); көрүү залы, эстраданы камтуу менен; сахна (универсалдуу эстрада); чоң далис, фойе, кулуарлар; бий залы; театрлардын, клубдардын имараттарындагы чакан залдар, сахнаны кошкондо; сакталган фонду 200 миң бирдик жана андан көп болгон китепканалар (окуу, лекциялык залдары жана сактоочу жайлар); чекене соода ишканалары (400 м2 жана андан жогору аянттагы түшүрүүчү жайлар жана соода залдары үчүн); коомдук имараттардын курамындагы турак жайлар. 8.4 Биринчи кабатта жайгашкан жайларда: бардык типтеги мектепке чейинки билим берүү умдарынын имараттарында топтук (ойноочу), музыка жана дене тарбия сабактарынын залдарында, ошондой эле таяныч-кыймыл аппараты бузулган балдар үчүн медициналык жана социалдык уюмдардын уктоочу жана кийим чечүүчү жайларында анын үстүкү бетинде 22°С температураны камсыз кылуучу полдун конструкциясын караштыруу (же аларды жылыткычтарды караштыруу) керек. 8.5 Театрларда жана клубдарда сахнаны жылытуу үчүн жылытуучу алеттер катарында радиаторлорду колдонуу сунушталат. Мында жылытуучу алеттерди сахнанын же арьерсценанын арткы дубалындагы сахна планшетинин деңгээлинен 0,5 метрден жогору эмес жайгаштыруу керек. 8.6 Мектептин окуу жайларынан абаны чыгарууну рекреациялык жайлар жана санитардык түйүндөр аркылуу, ошондой эле 2.04.05-91* КЧжЭ талаптарын эске алуу менен сыртын айнектөө аркылуу эксфильтрациялоонун эсебинен караштыруу керек. Окуу жайларында механикалык максаттагы же борборсуздаштырылган агып келүү желдеткичинде 1 саатта бир жолку жана андан көп эсебинен табигый тартып алма желдеткичти караштыруу керек. Аба менен жылытууда окуу жайларынан тартып (соруп) алма каналдары караштырылбайт. 8.7 Желдеткич менен туташкан мектеп имараттарында аба менен жылытуу үчүн тутумдарды автоматтык башкарууну, анын ичинде жумуш убагында жайларда эсептик температураны жана салыштырма нымдуулукту 40-60% чектеринде кармоону, ошондой эле окуудан тышкары убакта абанын температурасын 15°С төмөн эмес камсыз кылуну караштыруу керек. 8.8 Окуучулардын саны 200гө чейинки желдеткичти уюштурулган механикалык агып келүүсүз орнотууга жол берилет. 8.9 Агып келүү-тартып алуу желдеткич тутумун көрүүчү жана клубдук комплекстердин жайлары, сахнаны (эстраданы) тейлөө жайлары, ошондой эле администрациялык-чарба жайлары, устаканалар жана кампалар үчүн өз-өзүнчө караштыруу керек. Үзгүлтүксүз кино көрсөтүүчү кинотеатрларда, жалпы бош убакыт өткөрүү клубдарында жана жалпы сыйдыргычтыгы 375 адамга чейин болгон клубдарда көрсөтүлгөн бөлүштүрүү тутумун караштырбай коюуга жол берилет. 8.10 Сейрек китептерди жана кол жазмаларды сактоочу жайларда, ошондой эле сактоо фондунун көлөмү 1млн бирдик жана андан көп болгон китепканалардын сактоочу жайларында жана I топтогу архивдердин сактоочу жайларында абаны кондициялоону караштыруу керек. 8.11 Балуу документтерди сактоочу жайларда жана депозитарийлерде сактоо шарттарынын талаптары боюнча 3-класстагы абаны кондициялоону караштыруу керек. 8.12 Сактоо фонду 200 миң бирдик жана андан көп болгон илимий китепканалардын окуу, лекциялык залдарында жана сактоочу жайларында агып кирме желдеткич же абаны кондициялоо тутуму менен кошулган аба менен жылытууну колдонууга жол берилет. 8.13 Сыйымдуулугу 300 миң бирдиктен көп болгон сактоо жайларында, архивдерде, эреже катары, агып кирме желдеткич же абаны кондициялоо тутуму менен кошулган аба менен жылытууну колдонуу керек. Архивдердин имараттарынын башка жайларында суу менен жылытууну караштыруу керек. 8.14 Сактоо фонду 200 миң бирдик жана андан көп болгон китепканалардын имараттарында сактоочу жайлары, окуу, лекциялык залдары үчүн желдетүүнүн өз-өзүнчө агып кирме тутумдарын караштыруу керек. 8.15 Сактоо фонду 50 миң бирдикке чейинки массалык китепканаларда окуу орундар зонасын китеп фонддорунун жана окурмандарды тейлөө зонасы менен бир жайда чогуу жайгаштырууда жана сактоо бирдиги 300 миң сыйымдуулугундагы архивдерде бир жолудан кем эмес аба алмаштыруу эсебинен табигый желдетүү түзүлүшүнө жол берилет. 8.16 Китепканалардын лекциялык залдары, окуу залдары жана сактоочу жайлары үчүн табигый козгоо менен тартып алма желдеткич түзүлүшүнө жол берилет. 8.17 Агып кирме желдеткичинин бирдиктүү тутуму менен конференц-залдардан, коомдук тамактануу ишканаларынын жайларынан, киноаппараттык жана аккумулятордук жайлардан тышкары, бардык жайларды камсыз кылууга жол берилет, алардын ар бири үчүн агып келме желдеткичтин өз алдынча тутумдарын караштыруу зарыл. 8.18 Механикалык агып келме желдеткич тутуму менен жабдылбаган жайлар үчүн, ачыла турган жөнгө салынгыч форточкаларды караштыруу же сырткы абаны мажбурлап берүүнү камсыз кылуучу автономдуу түзүлүштөрдү пайдалануу керек. 8.19 Тартып алма желдеткичтеринин өз алдынча тутумун төмөнкү жайлар үчүн караштыруу керек: сантүйүндөр жана чылым чегүүчү жайлар; коомдук тамактануу ишканаларынын жайлары; өндүрүштүк-техниклык багыттагы жайлар жана кампалар; лабораториялар, анын ичинде 2.04.05-91*КЧжЭнинталаптарына ылайык башка жайлар. Коомдук тамактануу уюмдарынын тартып алма желдеткичтер тутумдарын чыгаруу түзүлүштөрү жана жбдуулары турак имараттарга, ошондой эле башка багыттагы жайларга жана имараттарга адамдардын келүү шарттарынын начарлоосуна таасир этпөөгө тийиш. Мындай учурда желдетүү тутумдары өз-өзүнчө жабдылат. 8.20 Санаторийлердин жана эс алуу мекемелеринин уктоо бөлмөлөрүнөн тартып алма желдеткичтерди табигый козгоо жолу менен караштыруу сунушталат. IV климаттык району үчүн эс алуу мекемелеринин турак бөлмөлөрүндө механикалык козгоосу менен тартып алма желдеткичти караштыруу сунушталат. 8.21 Сантүйүндөрү бар турак бөлмөлөрдөн жана номерлерден абаны чыгарууну сантүйүндөрүнүн жана (же) каалга полотнолорунун төмөнкү бөлүгүндө кайрадан өткөрүүчү тор түзүлүшү бар сантүйүндөр аркылуу караштыруу керек. 8.22 Санитардык-техникалык алеттердеги суунун жол берилген басымы бөлүгүндө ченемдик талаптарды камсыз кылуу, сууну жана энергетикалык ресурстарды рационалдуу пайдалануу үчүн төмөнкүлөрдү краштыруу керек: жөнгө салынуучу кыймылдаткычы бар (кыймылдаткычтын айлануу саны менен) сордургуч (насостук) агрегаттарды; басымды жөнгө салуунун кабаттык орнотмосу бар суу менен камсыз кылуунун бир зоналуу схемасын. 8.23 Чарбалык-ичилүүчү жана чарбалык-өрткө каршы суу түтүк тутумунда гидростатикалык кысым кыйла төмөн жайгашкан санитардык-техникалык алеттин белгисинде 4 атм көп эмес болууга тийиш. Чарбалык-өрткө каршы суу түтүк тутумунда кысууну өрт өчүрүү убактысына кыйла төмөн жайгашкан санитардык-техникалык алеттин белгисинде 6 атм ашырууга жол берилет. 8.24 Өзүнчө бөлүнгөн өрткө каршы суу түтүк тутумунда, ошондой эле транзиттик чарбалык-ичүүчү сууну жогорку кабатка берүү үчүн өрткө каршы таянычтар пайдаланылуучу схемаларда (жогору жагы ажыратылган схемаларда) өрт кранынан кыйла төмөн жайгашкан белгидеги гидростатикалык кысым өрт өчүрүү режиминде 9 атм ашпоого тийиш. 8.25 Маданий оюн-зоок мекемелеринин, китепканалардын, архивдердин жана спорт курулмаларынын имараттарынын ички өрткө каршы суу түтүгүнө карата талаптар Л тиркемесинде келтирилди. 8.28 Өндүрүштүк агызып чыгарууда майларды кармап калуучу орнотмону төмөнкү коомдук тамак-аш ишканаларында караштыруу керек: чала фабрикаттарда иштеген – залдарда 500 жана андан ашык сандагы орун болгон учурда; чийки затта иштеген - залдарда 200 жана андан ашык сандагы орун болгон учурда. Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин тамак-аш блоктору долбоорлоого тапшырма боюнча жабдылат. 8.29 Коомдук имараттарда таштандыдан тазалоо тутумунчаң жыйнагычты, убактылуу таштанды сактагычты (санитардык ченемдердин чектеринде) жана аны алып чыгуу мүмкүнчүлүгүн караштыруу керек. Коомдук имараттарда жана комплекстерде таштанды чыгаруунун пневматикалык тутумдарын орнотууну аларды эксплуатациялоонун техника-экономикалык максатка ылайыктуулугунан келип чыгып, долбоорлоого тапшырма менен аныктоо керек. Имараттан таштандыны чыгаруу каражаттары имарат жайгашкан калктуу конушта кабыл алынган таштанды чыгаруу тутуму менен байланыштырылууга тийиш. 8.30 Таштанды чыгаруучу түтүктөрдү (таштанды чыгаруунун пневматикалык тутуму жок учурда) төмөнкү имараттарда караштыруу керек: жогорку окуу жайларынын 3 жана андан көп кабат имараттарында, 100 жана андан көп орундуу мейманканаларда жана мотелдерде; башка коомдук имараттарда жана курулмаларда таштанды чыгаруучу түтүктөрдү орнотуу зарылдыгы технологиялык талаптарга ылайык жана калктуу конушта кабыл алынган таштанды чыгаруу тутумуна жараша жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча долбоорлоого тапшырма менен белгиленет. Колдонулуп жаткан имараттын үстүнө мансарддык кабатты курууда мурда болгон таштанды чыгаруу тутумун өзгөртүүсүз калтырууга жол берилет. Имараттын таштанды камерасынын эшиктерине таштанды чогултуучу машина токтой турган жай камсыз кылынууга тийиш. Таштанды чогултуучу камерага түздөн түз токтой турган жайды уюштуруу мүмкүн болбогон учурда таштанды чогултуучу контейнерлерди жайгаштыруу үчүн орунду (аянтты) караштыруу зарыл. Таштанды чыгаруу түтүктөрү менен жабдылбаган имараттар үчүн өзүнчө таштанды чогултуу үчүн таштанды чогултуучу камераны же чарба аянтчасын (милдеттүү түрдө катуу жабуусу менен) караштыруу керек. 8.31 Вакуумдук чаң жыйнагычтардын борбордоштурулган же айкалыштырылган тутумун төмөнкү имараттарда караштыруу керек: театрларда, концерттик залдарда, музейлерде; сактоо бирдиги 200 миң жана андан көп китепканалардын окуу, лекциялык залдарында, китеп сакталуучу жайларында; соода аянты 6500 м2 жана андан көп болгон дүкөндөрдө; 500 жана андан көп орундуу мейманканалардын, санаторийлердин, эс алуу жана туризм мекемелеринде, дарылоо мекемелеринин стационарларында; жогорулатылган санитардык-гигиеналык талаптары менен адистештирилген имараттарда (дарылоо мекемелеринде долбоорлоого тапшырма боюнча). Башка имараттарда вакуумдук чаң жыйноонун борбордук же айкалыштырылган тутумдарынын зарылдыгын долбоорлоого тапшырма боюнча белгилөө керек. 8.32 Вакуумдук чаң жыйноонун айкалыштырылган тутуму үчүн бир кабыл алуучу клапан менен тейлөөнүн радиусу 50 м ашпоого тийиш. 8.33 Чаң жыйноонун борбордоштурулган же айкалыштырылган тутумдары жок болгон учурда чаң соргучтардын чыпкаларын тазалоо камераларын орнотуу долбоорлоого тапшырма боюнча аныкталат. 8.34 Имараттын элементтеринин конструкциялык чечимдери (анын ичинде боштуктардын жайгашуусу, конструкция аркылуу кубур түтүктөрдү өткөрүүчү жерлерди жылчыксыздоо ыкмалары, желдетүү тешиктерин орнотуу, жылуулук обочолонтууну жайгаштыруу ж.б.) кемирүүчүлөрдүн кирүүсүнөн коргоону караштырууга тийиш. 8.35 Унаа токтотуучу жайларда электр унаасы үчүн электр заряддарын караштыруу зарыл. Электр заряддарынын жана аларга орнотулуучу электр жабдууларынын орундары техникалык жана өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
9 Узаккасакталуучулукжанаоңдоогожарамдуулук
9.1 Имараттын долбоору көтөрүп туруучу конструкциялардын бекемдигинин жана туруктуулугунун үзгүлтүксүз техникалык тейлөөдө, эксплуатация жана имаратты ремонттоо эрежелерин туткан учурда, долбоорлоо тапшырмасында белгиленген мөөнөт ичинде сакталышын эске алышы керек. 9.2 Конструкциялар, деталдар жана жасалгалоочу материалдар нымдуулуктун, төмөнкү жана жогорку температуралардын, агрессивдүү чөйрөнүн жана башка жагымсыз факторлордун мүмкүн болуучу таасирлерине чыдамдуу материалдардан жасалууга же корголууга тийиш. 9.3 Имаратты жаандын, эриген кардын, жер астындагы суулардын имараттын көтөрүп туруучу жана тосуучу конструкцияларынын калыңдык катмарына өтүп кетүүсүнөн, ошондой эле сырткы тосуучу конструкцияларда конденсациялык нымдуулуктун пайда болуусунан коргоо боюнча же жабык мейкиндиктерди же аба катмарларын желдетүү түзүлүшү боюнча чараларды караштыруу зарыл. Ченемдик документтердин талаптарына ылайык зарыл болгон коргоочу курамдар жана каптамалар колдонулууга тийиш. 9.4 Чогултулуучу элементтердиндал келтирип бириктирүүлөрүжана көп катмарлуу конструкциялар негиздердин бирдей эмес чөгүүсүндө жана башка эксплуатациялык таасирлерде пайда болуучу температуралык деформацияларды жана күч келтирүүлөрдү кабыл алууга эсептелүүгө тийиш. Бириктирүүдө пайдаланылуучу тыгыздоочу жана жылчыксыздандыруучу материалдар терс температуралардын жана суу болуулардын таасиринде серпилгичтик жана чапталышуу касиеттерин сактоого жана ультракызгылткөк нурларга туруктуу болууга тийиш. Жылчыксыздандыруучу материалдаралардын ашталуучу жерлериндеги конструкциялардын коргоочу жана коргоо-жасалга жабуу материалдары менен айкалыштырууга ылайыктуу болууга тийиш. 9.5 Кароо, техникалык тейлөө, оңдоо жана алмаштыруу үчүн, арматурага жана имараттын инженердик тутумдарынын алеттерине, алардын бириккен жерлерине, ошондой эле имараттын жабуусунун чогултулуучу элементтерине жетүү мүмкүндүгү камсыз кылынууга тийиш.
А тиркемеси (маалымдама)
Терминдер жана аныктамалар
Бул курулуш ченемдеринде тиешелүү аныктамалары менен төмөнкү терминдер колдонулду: Салтанаттуу чогулуштар өтүүчү зал: Ар кандай иш-чараларды өткөрүү үчүн горизонталдуу жалпак полу бар жай. Антресоль: Ушу жайга ачылганже ал жайгашкан жайдын аянты 40% аз өлчөмдөгү жогорулатылган бийиктиктеги кабаттын чектеринде жайгашкан эки катар же бетме-бет терезелүү жай көлөмүндөгү жеткиликтүү аянт. Антресоль кабат болуп эсептелбейт. Апартамент-отелдер: Убактылуу жашап турууга (туруктуу каттого укуксуз) арналган турак жайы бар имараттар. Атриум:вертикалдуу бекемделген, имараттын кабаттары боюнча бөлүктөрү менен чектеш көп терезелүү мейкиндик (үч жана андан көп кабат) түрүндөгү имараттын бөлүгү, эреже катары, жогору жагынан жарыктандыруусу бар. Көп терезелүү өткөөл түрүндө (бийиктигинен ашык узундукта) горизонталдуу бекемделген атриум Пассаж деп аталат. Имараттын бийиктиги (өрт-техникалык): Өрт машиналары үчүн өтүүчү жолдун үстүнкү бетинин; жогорку кабаттын сырткы дубалында ачылуучу тешиктин (терезелер) төмөнкү чегинин; ачылбаган терезе (тешик) учурунда жогорку кабаттын полунун жана шыбынын белгилеринин жарым суммасынын; же имараттын эксплуатациялануучу чатырынын тосмосунун жогорку чегинин ортосундагы аралык. Имараттын бийиктиги (архитектуралык): кабаттардын саны менен же жердин долбоордук белгисинен имараттын конструкциялык элементинин эң бийик белгисине чейинки вертикалдуу сызыктык өлчөм менен аныкталуучу имараттын негизги мүнөздөмөлөрүнүн бири:жалпак чатырдын парапети (тосмо), карниз, чатырдын конёгу же фронтону; купол; шпиль; курчап турган чөйрөдө объектинин архитектуралык-композициялык чечиминде бийиктикти аныктоо үчүн орнотулуучу мунара. Э с к е р т ү ү–Чатыр антенналары, чагылганды буруп кетмелер жана башка инженердик түзүлүштөр эске алынбайт. Кысылган имарат: Ченемделгенден төмөнкү аймактагы курулуш же ченемделгенден аз тилке. Капсулдук мейманкана (биринчи жолу киргизилди): номерлерди (жайларды) камтуучу мейманкана же толук кандуу эс алуу үчүн капсулдар, эреже катары, бир нече сааттан 2-3 суткага чейин. Капсула: Бул бир адамга эсептелген узундугу 2,0, туурасы 1,0 жана бийиктиги 1,25 м болгон турак жай. Капсулда уктоого, китеп окууга жана телевизор көрүүгө болот. Ар бир кабатта номерлердин меймандары үчүн эркектер жана аялдар ажаатканалары жана душтар караштырылган. Башка жайлар долбоорлоого тапшырма менен белгиленет. Тепкичтер: Имараттын кабаттарынын ортосунда вертикалдуу байланышты камсыз кылуучу функциялык жана конструкциялык курулуш элементи (эки типке бөлүнөт): ички тепкич–имараттын, курулманын ичиндеги тепкич: тепкичтик бөлүктө жайгаштырылганы–жабык (1-тип); вестибюлдарда, фойеде ж.б. жайгашканы–ачык (2-тип); сырткытепкич–адамдарды эвакуациялоо же техникалык максаттар үчүн имараттын фасадындагы тепкич – 3-тип. Эскертүү–Имараттын кире беришиндеги жана ага жакын жердеги тепкичтер сырткы деп аталат. Тепкичбөлүктөрү:тепкичтерди жайгаштырууга арналган имараттын, курулманын ичиндеги мейкиндик, эки типке бөлүнөт: сырткы тешиктерсиз жабык жана ачык – ар бир кабатта табигый жарык берүү үчүн тешиктери бар (1-тип) жана чатырдагы тешиги бар (2-тип). Тепкич маршы: эреже катары, жогортон үзгүлтүксүз тепкичтердин катары бар коссоурлардан турган ар кандай деңгээлде горизонталдуу аянттарды бириктирүүчү жантайыңкы конструкция. Бир марштан турган тепкич бир марштуу деп аталат. Аз комплектүү мектеп:Мектепте, ар кандай жаш курактагы топторду бир жайга бириктирген класс-комплекттери бар, класста окуучулардын толук эмес контингенти 300гө жетпеген окуучуну батыра турган жалпы билим берүүчү мекеме. Көп жарыктуу мейкиндик, жай: бийиктиги боюнча бир нече кабаттарды ээлеген имараттын ички көлөмү. Жалпы жумушчу жай: Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин жумушчу орунун кошкондо, 6 чейинки жумушчу орунду батырууга боло турган жай. Бийиктиктердинайырмасындагы тосмо: адамды бийиктиктен кулап кетүүдөн жана жаракат алуудан алдын ала коргоо үчүн тепкичтерде, балкондордо, ачык аянттарда, антресолдордо, өткөөлдөрдө ж.б. коюлуучу курулуш конструкциясы. Жер төлө жана жерпай кабаттарынын отсеги: Өрткө каршы тосмолор (дубалдар, тосмолор, жабуу) менен тосулган мейкиндик. Отсектин чектеринде жайлар отко чыдамдуулук чектерине ылайык келүүчү тосмолор менен бөлүнүшү мүмкүн. Дене тарбия сабактары жана машыгуулар үчүн жайлар: машыгуулар, ритмикалык гимнастика, жекеме-жеке таймашуу, хореография ж.б. үчүн арналган аянты 150 м² жана андан жогору жайлар. Туруктуу жумушчу орундары бар жайлар: кызматкер эки сааттан аз эмес убакытка болуучу же жумуш убактысынын 50% аз эмес бөлүгүн үзгүлтүксүз өткөрүүчү жай. Адамдар массалык келүүчү жай: 50 м² жана андан жогору аянтта 1 м² 1ден көп адам санын батырган жай (оюн-зоок мекемелеринин залдары, кеңешме залдары, дарс аудиториялары, түштөнүү залдары, кассалык залдар, күтүү залдары ж.б.). Кармагыч (тутка): тепкич, пандус боюнча көтөрүлүүдө, ошондой эле начарлаган адамдардын кыймылдап жүрүүсүндө жана эс алуусунда ыңгайлуулукту түзүү үчүн түзүлүш. Сантүйүн: Милдеттүү түрдө унитаз, кол жуучу кран, ванна же душ менен жабдылган санитардык-гигиеналык жай. Кошумча алеттер жана жабдуулар болушу мүмкүн. Техникалык жер төлө: Инженердик тутумдардын кубур түтүктөрүн жайгаштыруу үчүн биринчи же жерпай кабаттарынын жана кыртыштын үстүңкү бетинин ортосундагы жабылган жерлердин ортосундагы мейкиндик. Трибуна:көрүүчүлөр үчүн орундардын катарлары көтөрүлгөн курулма. Ажааткана: жабык кабиналарда милдеттүү түрдө унитаздар (эркектер ажаатканасында – писсуарлар) жана кол жуугуч менен жабдылган санитардык-гигиеналык жай. Дене-тарбия-спорт залдары: көрүүчүлөр үчүн орундары жок машыгууларды, дене-тарбия-спорт сабактарын өткөрүү үчүн, ошондой эле көрүүчүлөр үчүн орундары бар мелдешетр үчүн 150 м² ашык аянты бар жайлар. Тепкич жүрүшүнүн кеңдиги: тепкичтин тосмолорунун, дубал менен тепкичтин тосмосунун ортосундагы аралык. Эскертүү – Эгерде тепкичтин тосмосу тепкичтин чегинен чыкса, анда эсептөөнү тепкичтин четинен баштоо керек. Мансарддык кабат (мансарда):фасады толук же жарым-жартылай жантайган, сынык же ийри сызыктуу чатырдын үстүңкү беттинен (беттеринен) түзүлгөн, чатыр мейкиндигиндеги кабат, мында чатыр менен фасаддын тегиздиктеринин кесилишүү сызыгы монсарддык кабаттын полунун деңгээлинен 1,5 м ашпагын бийиктикте болууга тийиш. Жер үстүндөгү (жердеги) кабат: Жайлардын полунун белгиси жердин мерчемделген белгисинен төмөн эмес жайгашкан кабат. Эскертүү– Жердин өзгөрүлмө мерчемделүүчүбелгилериндеги кабат жер үстүндө болуп, жайлардын жалпы аянтынын 60% көбү жердин мерчемделген деңгээлинен төмөн эмес жайгашкан учурда же зарыл болгон ченемдер боюнча кабаттан эвакуациялык чыгуулар жердин белгисине түздөн түз горизонталдуу чыгууга ээ болгон шарттаэсептелет. Жер төлө кабаты: Жайлардын полунун белгиси жердин пландалган белгисинен жайдын бийиктигинин жарымынан көпкө төмөн болгон имараттын жер алдындагы кабаты. Жер алдындагы кабаттар: Жердин мерчемделген белгисинен жайдын бүтүндөй бийиктигине төмөн жайгашкан жайлары бар кабаттар. Техникалык кабат:Инженердик жабдууларды жана коммуникация төшөлмөлөрүн жайгаштыруу үчүн кабат. Бийиктиги 1,8 м кем болгон коммуникация төшөлмөлөрү үчүн мейкиндик кабат болуп эсептелбейт. Жерпайлык кабат: Дубалдын сырт жагынан жердин пландалган белгисинен жайдын бийиктигинин жарымынан көп бийиктикке төмөн болгон полдун белгиси бар кабат (жайлар).
Б тиркемеси (маалымдама)
Коомдук арналыштагы имараттардын жана курулмалардын жана жайлардын негизги функциялык-типологиялык топторунун тизмеси
Б тиркемесинин уландысы
Б тиркемесинин уландысы
В тиркемеси (милдеттүү түрдө)
Коомдук имараттын жалпы, пайдалуу жана эсептик аянттарын, курулуштук көлөмүн, курулуш аянтын жана кабаттарынын санын эсептөөнүн эрежелери Имараттын жалпы аянты бардык (техникалык, мансарддык, жерпайлык жана жертөлөлүк) кабаттардын аянттарынын суммасы катары аныкталат. Имараттын жалпы аянтына төмөнкүлөрдүн аянттары киргизилет: антресолдордун; көрүү ж.б. залдардын галереяларынын жана балкондорунун; далистердин; сырткы айнектелген лоджиялардын жана галереялардын, ошондой эле башка имаратка өткөөлдөрдүн. Кайсы жайлардын болбосун (алардын ичинде техникалык) аянттары алардын үстүндөгү тегиздиктин бийиктигине көз карандысыз жалпы аянтка киргизилет. Көп жарыктуу жайлардын аянтын ошондой эле, туурасы 1,5 м чоң болгон тепкич жүрүштөрүнүн ортосундагы мейкиндикти жана 36 м ашкан жабуулардагы тешиктерди, ошондой эле лифтик ж.б. шахталарды бир гана кабаттын чектеринде имараттын жалпы аянтына киргизүү керек. Андан тышкары, имараттын жалпы аянтына ачык жылытылбаган мерчемдеги элементтеринин аянты (эксплуатациялануучу жабуунун, ачык сырткы галереялардын, ачык лоджиялардын, сырткы тамбурлардын ж.б. аянттарын камтуу менен) киргизилет, алардын аянттары имараттын жалпы аянтына өзүнчө сап болуп кошулуп жазылат. Жертөлө кабаттарындагы курулуш конструкцияларынын ичинде толтурулган мейкиндик жалпы аянтка киргизилбейт. Кабаттын аянтын сырткы дубалдардын ички тегиздиктеринин (таза жасалга менен) чектеринде полдун деңгээлинде өлчөө керек. Сырткы дубал жантайыңкы болгон учурда кабаттын аянты полдун деңгээлинде өлчөнөт. Мансарддык кабаттын аянты Г.5 эске алуу менен сырткы дубалдардын жана чатырдын көңдөйү менен чектеш мансарданын дубалдарынын ички тегиздиктеринин чектеринде өлчөнөт. Имараттын пайдалуу аянты, тепкичбөлүктөрүнөн, лифт шахталарынан, ички ачык тепкичтерден жана пандустардан, шахталардан жана инженердик коммуникациялар үчүн жайлардан (мейкиндиктерден) тышкары, анда жайгашкан бардык жайлардын, ошондой эле балкондордун жана залдардагы антресолдордун, фойелердин ж.б. аянттарынын суммасы катары аныкталат. Имараттын эсептик аянты ага кирген жайлардын аянттарынын суммасы катары аныкталат, төмөнкүлөрдөн тышкары: коридорлордон, тамбурлардан, өткөөлдөрдөн, тепкич бөлүктөрдөн, ички ачык тепкичтерден жана пандустардан; лифт шахталарынан; инженердик жабдууларды жана инженердик тарамдарды жайгаштырууга арналган жайлардан жана мейкиндиктерден. Эсептик аянтка 1,5 м төмөнкү жантайма тегиздиктин алдындагы мейкиндик киргизилбейт. Имараттын жалпы пайдалуу аянтына төмөнкүлөр киргизилбейт: түбөлүк тоңуп турган кыртыштын үстүндөгү имаратты желдетүү үчүн жертөлө аянттары; чатырлар; 1,8 м кем эмес өлчөмдө полдон тартып чыгып туруучу конструкциялардын куралуучу жана көмөкчү түбүнө чейин бийиктиктеги техникалык жертөлөлөр, ошондой эле сырткы балкондор, портиктер, крыльцолор, сырткы ачык тепкичтер жана пандустар, ошондой эле жертөлө кабаттарындагы толтурулган курулуш конструкцияларынын ортосундагы мейкиндиктер. Имараттардын жайларынын аянттары полдун деңгээлинде дубалдардын айрым беттеринин жана тосмолордун ортосунда өлчөнгөн алардын өлчөмдөрү боюнча аныкталат. Мансарддык кабат жайынын аянты жантаюусу 300 болгондо – 1,5 м чейин, 450 болгондо – 1,1 м, 600 жана андан жогору болгондо – 0,5 м чейин болгондо шыптын (дубалдын) бийиктигинин чектериндеги тилкеде 0,7 төмөндөөчү коэффициент менен эске алынат. Имараттын курулуштук көлөмү 0,00 белгисинен жогору (жер үстүндөгү бөлүгү) жана бул белгиден төмөн (жер астындагы бөлүгү) курулуш көлөмүнүн суммасы катары аныкталат. Имараттын жер үстүндөгү жана жер астындагы бөлүктөрүнүн курулуштук көлөмү, тосмо конструкцияларды, жарык берүүчү чырактарды, куполдорду ж.б. кошкондо, имараттын ар бир бөлүктөрүнүн таза полунун белгисинен баштап, чыгып туруучу архитектуралык деталдарды жана конструкциялык элементтерди, жертөлөлүк каналдарды, портиктерди, террассаларды, балкондорду, таянычтардагы (тазалыгында) имараттардын алдындагы өткөөлдөрдүн жана мейкиндиктердин көлөмүн, ошондой эле түбөлүк тоңуп турган кыртыштын үстүндөгү имараттардын алдындагы желдетилүүчү жертөлөлөрдү жана жертөлөлүк каналдарды эсепке албастан, сырткы дубалдардын сырткы тегиздиктеринин чектеринде аныкталат. Курулуш имаратынын аянты чыгып туруучу бөлүктөрүн (кире бериш аянттары, тепкичтер, далистер, терассалар, приямкалар, жертөлөгө кирүүлөр) камтуу менен, жерпайы боюнча имараттын айландыра сырткы курчоосу боюнча горизонталдуу кесилиш аянты катары аныкталат. Түркүктөрдө жайгашкан имараттын алдындагы өткөөлдөр, ошондой эле 4,5 м бийиктикте дубалдын бетинен консолдук чыгып турган имараттын консолдук чыгып турган бөлүктөрү курулуштун аянтына киргизилет. 4,5 м ашыкча чыгып турган аймактын үстүндөгү дубалдын чегинен консолдук чыгып туруучу имараттын бөлүгүнүн проекциясы курулуштун аянтына киргизилбейт. Курулуштун аянтына ошондой эле, имараттын сөлөкөт (абрис) проекциясынан чыккан жер астындагы бөлүгү киргизилет. Кабаттардын саны.Кабаттардын санын аныктоодо бардык жер үстүндөгү, анын ичинде техникалык, мансарддык кабаттар, эгерде анын чатырынан жогору жагы жердин орточо пландоо белгисинен 2 м кем эмес жогору болсо, ошондой эле жерпайлык кабат эске алынат. Э с к е р т ү ү – үйдүн төбөсүндөгү айрым техникалык үстүнө куруулар (тепкичбөлүгүнөн чатырга чыгуулар: чатырга чыгуучу лифттердин машиналык жайлары; желдеткич камералары ж.б.) кабаттардын эсепптик санына киргизилбейт. Имараттын астындагы жертөлөнүн бийиктигине көз карандысыз, ошондой эле кабаттар аралык мейкиндик жана 1,8 м кем болгон бийиктиктеги техникалык чатыр жер үстүндөгү кабаттарга киргизилбейт. Кабаттардын санын аныктоодо, жер алдындагы, жертөлөлүк, жерпайлык, жер үстүндөгү, техникалык, мансарддык жана башкаларды кошкондо, бардык кабаттар эске алынат.Имараттын ар кандай бөлүктөрүндө кабаттардын саны ар кандай болгондо, ошондой эле имарат жантайыңкы жерде жайгашкан учурда, жантайманын эсебинен кабаттардын саны өскөндө, аны имараттын ар бир бөлүгү үчүн өзүнчө аныкташат. Имарат жантайыңкы жерде жайгашканда, кабаттын таандыктыгын Б тиркемеси боюнча аныктоо мүмкүн болбогон учурда, кабаттулугун аныктоочу кабаттын ар бир мерчемделгенкамдыгы үчүн өзүнчө кабыл алуу керек. Бул үчүн берилген кабаттын же жайдын мерчемдөө схемасын бийиктик белгисине карата жайдын сырткы дубалынын абалын жана жайдын табигый жарыктануу параметрлерин эске алуу керек. Имараттардын кабаттарынын санын аныктоодо, конструкциялык же башка техникалык эсептер үчүн кабаттар тиешелүү ченемдик документтер менен белгиленүүчү ушул эсептердин өзгөчөлүктөрүнө жараша эске алынат. Лифттердин санын эсептөөдө жогорку кабаттын үстүндө жайгашкан техникалык чатыр эске алынбайт. Имараттын орто бөлүгүндө жайгашкан техникалык кабат лифттердеги көтөрүлүү бийиктигинде гана эске алынат. Дүкөндүн соода аянты (дүкөн-кампадан тышкары) соода залдарынын, тапшырыктарды кабыл алуу жана берүү жайларынын, кафетерий залынын аянттарынын, сатып алуучуларга кошумча кызмат көрсөтүүлөр үчүн аянттардын суммасы катары аныкталат.
Г тиркемеси (сунушталган)
Ишмердүүлүк процесси боюнча жертөлө жана жерпай кабаттарында жайгаштырууга жол берилген коомдук имараттар жайларынын тизмеси. Жер алдындагы кабаттар: суу жылытуучу түзүлүштөр; суу түтүгүнүн жана каналдаштыруунун соргучтары; желдеткич камералар жана абаны конденциялоо; башкаруу түйүндөрү жана имараттардын инженердик жана техникалык жабдууларын орнотуу жана башкаруу үчүн башка жайлар; лифттердин машина бөлүмдөрү, өрт өчүрүү тутумунун жабдуулары үчүн жайлар. Автоунаа токтотуу жайлары. Биринчи жер астындагы же жертөлөлүк кабат. Бардык имараттар үчүн. Жер алдындагы кабаттарда жайгаштырууга жол берилген бардык жайлар. Биринчи кабат аркылуу далистен сыртка чыгуу орнотулган чоң далис; кийим чечүүчү жай, ажааткана, кол жуучу жай, чайынмалар (душевой); чылым чегүү үчүн жайлар; кийим чечүүчү жайлар, күн ваннасын кабыл алуучу жайлар (солярийлер) жана дарылоо бөлмөлөрү. Тейлөөчү персоналдын, машыктыруучунун, нускоочунун бөлмөлөрү, эс алуучу, тамактануучу жайлар ж.б. 300 гө чейинки орундуу көрүү залдары, конференц-залдары, салтанаттуу чогулуш өтүүчү залдар, дарс аудиториялары. Китеп сакталуучу жайлар; архивдер; медициналык архивдер ж.б. Кампалар жана кампалык жайлар (А жана Б категорияларындагы жеңил тутануучу жана күйүүчү суюктуктарды сактоо үчүн жайлардан жана Ф1.1 объектилериндеги В4 жана Д категориясындагы жайлардан тышкары); күйүүчү материалдарды сактоого байланышпаган устаканалар; кир жуучу жайлар, кийим үтүктөө жана тазалоо бөлмөлөрү, ич кийим үчүн жайлар; кийим-кечек жана бут кийим кургатуучу жайлар; компрессордук жайлар. Жүк түшүрүүлөр, жүк жүктөөлөр, таңгагын ачуучу жайлар; ар кандай мекемелер, уюмдар үчүн экспедиция; жүк сактоо, түшүрүү жана сорттоо жайлары, бардык түрлөрүн сактоочу жайлар жана кампалар. Макулатура чогултуу жана таңгактоо үчүн жайлар. Техникалык жана инженердик жайлар (жылуулук пункттары, сордургучтар жайы, анын ичинде өрткө каршы суу түтүктөрүнүн, компрессордук, желдетүүчү камералар, дистилляциялоочу жайлар, имараттарды эксплуатациялоо боюнча устаканалар, сервердик жайлар). Имараттардын типтери боюнча кошумча. Мектепке чейинки уюмдардын имараттарында: жашылчалардын чыгданы, бак инвентарынын чыгданы, буфетик жайлар. Билим берүү уюмдарынын имараттарында:атайын предметтерди окутуу үчүн атайын жабдуулары бар лабораториялар жана аудиториялар; эмгек жана коопсуздук техникаларынын кабинеттери; санитардык жана өрткө каршы ченемдер тарабынан тыюу салынбаган устаканалар. Дарылоо уюмдарында: а) персоналдардын жайлары(персоналдын иштөөсү үчүн, чыкма бригадалар үчүн жайлар), каттоочу жай, кезметчи медперсоналдын посту; б) көмөкчү кызматтардын секциялык жайлары, термостат турган жай, чөйрөнү даярдоо бөлмөсү, борбордук ич кийим жайлары, жумушчу жугушсуздандыруу эритмелерин даярдоо бөлмөсү, борбордук стерилдөө, жугушсуздандыруу бөлүмдөрүнүн жуучу жайлары, анын ичинде пациенттер үчүн жайлар, өлүктү сактоо жана кийиндирүү секциялык жайлары, аза күтүү залы, медициналык калдыктарды иштетүүчү секциялык жайлар, санитардык өткөрүүчү жайлар, санитардык бөлмөлөр, бейтаптардын буюмдарын сактоочу секциялык жайлар, жабдууларды оңдоочу секциялык жайлар, дарыканалар; в) нур терапиясы менен дарылоо жайлары, нур жана радионуклиддик дарт аныктоо (рентгендик, магниттик-резонанстык) жайлары, аларда башкаруу бөлмөлөрү жана алар менен бирдиктүү функциялык процесстерди түзүүчү башка жайлар, радионуклиддик камсыздоо блоктору; г) калыбына келтирип дарылоо жайлары жана кабинеттер (ДДТ залдары, дарылоо бассейндери, суу менен дарылоочу жайлар, укалоо кабинеттери). Азык-түлүк товарлары дүкөндүн жана азык-түлүк эмес дүкөн жайлары (өрткө каршы коргоо тутумунун курулуш ченемдеринин талаптарын эске алуу менен жайгаштыруу керек болгон жеңил тутануучу материалдарды, күйүүчү суюктуктарды сатуучу дүкөндөрдөн жана бөлүмдөрдөн тышкары); айнек идиштерди кабыл алуучу жайлар. Тамактануу ишканаларынын жана тамак-аш блокторунун жайлары (өз алдынча жана башка уюмдардын), мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринен тышкары. Тиричиликтик тейлөө ишканаларынын келүүчүлөрү үчүн салондор (чач тарач, косметикалык кабинеттер ж.б. тышкары). Тиричиликтик тейлөөнүн комплекстүү кабыл алуу пункттары, демонстрация залдары, тартып алуулар үчүн залдар, лабораториялары бар фотоателье залдары; киреге (прокат) берүү пункттарынын жайлары; үй-бүлө салтанаттарынын залдары; санитардык-эпидемиологиялык жана өрткө каршы ченемдер менен жайгаштырууга уруксат берилген устаканалар. Радиотүйүндөр; кино-фотолабораториялар; телевидениенин туюк тутумдары үчүн жайлар ж.б. Спорттук-демонстрациялык жана спорттук-оюн-зоок залдары; муз менен капталаган спорт залдары; ок атуу үчүн тирлер; спорт залдар, машыгуу жана дене тарбия-ден соолукту чыңдоо сабактары үчүн жайлар (көрүүчүлөр үчүн трибунасы жок); лыжаларды сактоо үчүн жайлар; бильярддык жайлар; стол үстүндө тенис ойноо үчүн бөлмөлөр, кегли оюну ойноло турган жайлар. 300гө чейинки сандагы бир жолу келүүчүлөр үчүн көргөзмө залдары; чоңдордун кружоктук сабактары үчүн жайлар, фойелер. Ар бир бөлүнгөн жайда 100дөн ашпаган бир жолу келүүчүлөр үчүн репетиция залдары; стол үстүндөгү оюндар үчүн жайлар, интернет-залдар, видеокафелер; 50 жупка чейин бийлөөчүлөр дискотекалары. (Мында дубалдарды жана шыптарды НГ группасындагы материалдардан жасоону караштыруу керек). Сахнанын, эстраданын жана аренанын трюмдары, оркестр чуңкуру, оркестранттардын бөлмөсү. Жерпайлык кабат. Жертөлөлөрдө жайгаштырууга жол берилген бардык жайлар. Мектепке чейинки жана медициналык мекемелердин администрациялык, кеңселик жана кызматтык-тиричиликжайлары. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бассейндери жана дарылоочу жайлары; суу- жана баткак менен дарылоочу жайлар; аларды табигый жарыктандырууну камсыздоодо ДДТ (дарылоо дене-тарбиясы) жайлары; суу менен дарылоочу жайларда радондуу жана күкүрттүү водороддуу сууларды даярдоо үчүн лабораториялар. Жалпы билим берүүчү мекемелердин түштөнүү залдары жана кийим чечип илүүчү жайлары. Өткөрүү бюролору, сурап алуу жайлары, каттоо жайлары, темир жол жана авиабилеттерди жана башкаларды сатуу боюнча кассалар, транспорт агенттиктери. Операция жана касса залдары, ошондой эле банк мекемелеринин касса түйүндөрү, валюта алмаштыруу пункттары, банкоматтар. Бейтаптарды чыгаруу жайлары; борбордук кир жайлары. Көчүрмөлөө-көбөйтүү кызматтарынын жайлары. Каттоо залдары. Тамактануу объектилеринин өндүрүштүк жайлары (анын ичинде стационарлардын тамак-аш блоктору), функционалдуу өрт коркунучунун Ф1.3 классындагы имараттардан тышкары. Спорт бассейндери. Кургак ысык мончолор. Жыгач устаканасы. Эскертүүлөр 1 Полу тротурадын мерчемделген белгисинен же үйдү тегерете куюлган асфальттан (отмостка) 0,5 м көп төмөн жайгашкан жерпайлык кабатта, мектепке чейинки мекемелерде балдар келүүчү жайлардан, жалпы билим берүү мекемелеринин жана баштапкы кесиптик билим берүү мекемелеринин теориялык сабактар үчүн окуу жайларынан, төлөнмө бөлүмдөрдөн, электр жарыгы менен дарылоо кабинеттеринен, төрөт, операциялык, дарылоо жана врачтардын кабинеттеринен, турак жайлардан башка бардык жайларды жайгаштырууга жол берилет. 2 Турак жайлардын жерпайлык жана жертөлөлүк кабаттарында жайгаштырууга уруксат берилген коомдук жайлардын тизмесин Көп батирлүү турак имараттар КР КЧ 31-09-2018 Бир батирлүү турак имараттары долбоорлоо боюнча курулуш ченемдери” боюнча кабыл алуу керек. 3 Белгилүү бир мекемелердин, мисалы, жалпы юрисдикциядагы соттордун имараттарында, соттолуучулар үчүн камералардын, банктык мекемелердин кампалык баалуулуктарынын түрлөрү үчүн мүнөздүү адистештирилген жайлардын жертөлөлүк кабаттарына жайгаштыруу мүмкүндүгү тиешелүү ченемдик документтер менен белгиленет.
Д тиркемеси (сунушталган)
Көрүү залдарынын параметрлерине карата талаптар Салттуу кино көрсөтүүдө көрүү залынын параметрлери
Салттуу кино көрсөтүүдө көрүү залдарындагы көрүүчүлөр үчүн орундарды Е.1 сүрөтүндө көрсөтүлгөн зонанын чектеринде караштыруу сунушталат, мында: Д –көрүү залынын анын огу боюнча экрандан тартып акыркы катардын жөлөнгүчүнө чейинки узундугу; Г –көрүү залынын огу боюнча киноэкрандан тартып биринчи катардын жөлөнгүчүнө чейинки аралык; Г=0,36 Д Киноэкрандын өлчөмдөрү Е.1 сүрөтүндө көрсөтүлгөн, мында: Ш – киноэкрандын жумушчу тилкесинин туурасы (хорда боюнча ийри сызыктуу); Экрандын жумушчу аянтынын бийиктиги. Катыштары төмөнкүдөй кабыл алынат: Шф=1: 2,2 Шш = 1:2,35; Шк= 1:1,66; Шо= 1:1,66;
Параметрлердеги индекстер, жана экрандарды билдиришет: Шф - кеңформаттуу, Шф-кең, Шк- кашетирленген, Шо - кадимки.
Экрандын кеңдигин көрүү залынын узундугуна жараша кабыл алуу сунушталат: Шф = 0,6 Д (0,54 Д); Шш = 0,43Д (0,39); Шк = 0,39Д (0,3); Шо = 0,25Д (0,22); Кашаадагы дайындар–мезгилдүү иштөөчү кинотеатрлар, клубдар жана театрлар үчүн. Экрандан биринчи катардын жөлөнгүчүнө чейинки аралыкты экрандын кеңдигине жараша кабыл алуу сунушталат: Гф ≥ 0,6 Шф; Гш ≥ 0,84 Шш; Го ≥1,44 Шо;
Киноэкрандын ийилүү радиусу аз эмес кабыл алынат. Кинопроекциялык жабдууларды орнотууда көрүү залынын параметрлери Е.1 сүрөтүндө көрсөтүлгөн, мында: П –проекциялык аралык– 0,85 кем эмес; Ата мекендик кинопроекциялык жабдууларды пайдаланууда - 34,5 м көп эмес ⱷ –кинопроектордун оптикалык огунун киноэкрандын борборундагы ченемден четтөө бурчу: - 7°көп эмес;
Клубдарда жана театрларда 9 ашык эмес кабыл алууга жол берилет.
ⱷг- 8°көп эмес; ⱷн- 3°көп эмес;
К –жогорку проекциялык нурдан шыптын эң жакын тегиздигине чейинки аралык - 0,6 мкем эмес; Л –төмөнкү проекциялык нурдан көрүүчүлөр орундары зонасындагы полго чейинки аралык - 1,9 м; Т –экрандын артындагы мейкиндиктин тереңдиги: Үндү бир каналдык кайра угузууда же үн күчөткүчтүн экрандын тараптары боюнча жайгаштырылышында 0,1-0,3 м жол берилет. кең экранда– 0,9 м; кең форматтуу экранда – 1,5 м; Р –экрандын четинен дубалга чейинки аралык: тегиз экранда–0,985 м кем эмес; ийилген экранда - 0,1 кем эмес. Көрүнүштү байкоонун эсептик чекитине коюуда ушул чекитке багытталган көрүү нурун алдыда отурган көрүүчүнүн көзүнүн деңгээлинин үстүнөн ашырууну 0,14 м өлчөмүндө кабыл алуу сунушталат (реконструкцияда 0,12 м болушу мүмкүн). Кинотеатрларда – киноэкрандын төмөнкү жээги. Полдун деңгээлинин үстүндө отурган көрүүчүнүн көздөрүнүн деңгээлинин бийиктиги 1,2 м өлчөмүндө кабыл алынат.
1-сүрөт–Кинотеатрлардын залдарында жана универсалдуу залдарда кино көрсөтүүдө көрүү залынын жана киноэкрандын параметрлери
Көп функциялуу спорттук-оюн-зоок залдарынын параметрлерине карата талаптар
Д.1-таблица
Е тиркемеси (сунушталган)
Көрүүчүлөрдү көрүү залдарынан эвакуациялоонун маршруттары Көрүүчүлөрдү катарлардагы орундарынан кыймылдын багыты боюнча залдан чыгууга бөлүштүрүүнү Е.1 (а, б) сүрөтүндө келтирилген схемаларга ылайык кабыл алуу керек. Адамдарды залдан чыккандан кийин кеңдиги “чектелбеген” тилкелерге (чоң далистер, фойелер ж.б.) бөлүштүрүүнү Е.2 сүрөтүндө келтирилген схемаларга ылайык аныктоо керек.
Е.1-сүрөт–Көрүү залдарынан эвакуациялоодо адам агымдарынын кыймылын багытташтыруу
а –каптал (узата кеткен) өткөөлдөрү менен; б – туурасынан кеткен өткөөлдөрү менен
Е.2-сүрөт–Люктардын жайгашуусунда спорттук-оюн-зоок жана универсалдуу залдарынын трибуналарындагы блокторго орундарды бөлүштүрүүнүн схемалары
а –аренанын деңгээлинде жалпы горизонталдуу өткөөлгө эвакуациялоодо; б –эшиктик тешик аркылуу жогору көздөй же горизонталдуутилкеге эвакуациялоодо Е.2 Көрүүчүлөр эвакуациялануу мүмкүндүгүнө ээ болгон катарлардын саны, алардын жалпы санында (Е.2, а сүрөтү) төмөн (m1=0,6m) же жогору (m2=0,4m). Е.3 Эвакуация эки деңгээлдерде жайгашкан люктар аркылуу жүрүшү мүмкүн болгон трибуналардагы көрүүчүлөрдүн орундарынын катарларын көрүүгө тоскоол болбогон 0,7 м кем эмес бийиктиктеги тосмолору менен эки өз алдынча бөлүктөргө бөлүү керек. Ар бир бөлүктүн катарларынан адамдарды эвакуоциялоо өз өзүнчө жүргүзүлөт: жогорку деңгээлдин катарлары (полдун деңгээлинен трибуналардын акыркы катарына чейин) - төмөнкү деңгээлдеги трибуналардын катарларынан жогорку люктарга; -жалпы өткөөлдүн каршысында жайгашкан блоктун орундарынан төмөнкү люктарга же чыгууларга. Е.4 Трибуналардын ярустарынын катарларын алардагы орундардын саны менен максатка ылайык бөлүштүрүлгөн блоктордун саны жана эвакуациянын жол берилген убактысы төмөнкү формула боюнча аныкталат: блоктун жалпы өткөөлү боюнча тепкич менен төмөн карай кыймыл учурунда:
M = 0,01NK / t кошумча; (Е.1)
блоктун жалпы өткөөлү боюнча тепкич менен жогору карай кыймыл учурунда:
M = 0,07NK /tкошумча. (Е.2)
Е.5 Трибуналардын болжолдуу узундугунда катарлардын санын (же) төмөнкү формула боюнча эсептөө керек:
m = 0,45NK/L.(Е.3)
Е.6 Алдын ала сактоочу эвакуация учурунда көрүүчүлөр орундарынын блогунан адамдардын кыймылынын эсептик убакыты төмөнкүдөй катышты канааттандырууга тийиш:
t р. бл ≥ t кошумча - 0,04(l + 5), (Е.4) мында –кыйла алыс турган катардан чыгуудан тартып залдан чыгууга чейинки жалпы өткөөлдүн узундугу. Партердеги же трибунадагы орундардын блогундагы жалпы өткөөлдүн (катарларга туурасынан) кеңдиги алардын санында төмөндөгүдөн кем эмес болууга тийиш:
b бл = N / qt р. бл,(Е.5) мындамаанинибарабар (тең) кабылалуукерек: 80 –эгерде өткөөл тепкич менен төмөн, горизонталдуу алып барса же пандус боюнча кетсе; 50 –эгерде өткөөл тепкич менен жогору алып барса. И.8 Залдан чыккан адамдардын андан аркы кыймылынын багытын тандоо И.3 сүрөтүндө келтирилген дайындарга ылайык аныкталат. Е.3-сүрөт–Көрүүчүлөрдүн санын чыгуулар ортосунда бөлүштүрүү
а –агымды бөлүштүрүү схемасы сан менен, адам; б –чыгууларга чейинки аралыктардын ортосундагы катыштын төмөнкүлөргө багытталган жалпы адамдардын санына бөлүштүрүлүшүнө таасири: 1 –эки бирдей чыгуулардын жакыныраагына: сыртка, тепкичбөлүгүнө, ачык тепкичке карай; 2 - ачык тепкичке же тепкич бөлүгүнө Е.9 Чектелбеген кеңдиктеги тилке (чоң далис, фойе, кулуарлар ж.б) мененчыгууга карай кыймылда адамдар агымынын схемасы Е.3 сүрөттө келтирилди. Чектелбеген кеңдиктеги тилкелер менен кыймыл учурунда агымдын кеңдиги адамдардын санына жана тилкенин узундугуна жараша болот: 100 адам болгондо 4 м. жана 6м.; калган учурларда 6 м. Е.10 Автоматтык контролдоо-өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү 1200 адам/саатты түзөт. Металл табуучулардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн белгилүү бир буюмга паспорттук дайындар боюнча кабыл алуу керек. Эскалатордун оптималдуу жеткирүү жөндөмдүүлүгүн эскалатор полотносунун кыймылынын ылдамдыгына жараша аныктоо керек: 0,6-0,8 м/с ылдамдыгында жеткирүү жөндөмдүүлүгү 7750-7840 адам/саатты түзөт.
Ж тиркемеси (сунушталган)
Маданий оюн-зоок мекемелеринин, китепканалардын, архивдердин жана спорт курулмаларынын имараттарынын ички өрткө каршы суу түтүктөрүнө карата талаптар Ж.1 Маданий оюн-зоок мекемелеринин имараттарында төмөнкүлөрдү караштыруу керек: эстрадасы бар кинотеатрларда жана клубдарда көрүү залынын сыйдыргычтыгы 700гө чейин орундуу болгондо: - өрт крандары; колосниктери болгондо 700 дөн ашуун орун; - өрт крандары жана дренчердик орнотмолор ушул тиркеменин Л.9 ылайык; клубдарда көрүү залынын сыйдыргычтыгы 700гө чейин орундуу болгондо: сахналардын өлчөмү 12,5x7,5 м; 15x7,5 м; 18x9 м жана 21x12 м; - өрт крандары жана дренчердик орнотмолор; клубдарда сахналардын өлчөмү көрүү залынын сыйдыргычтыгы 700гө чейин орундуу болгондо 18х9 и 21х12 м сахнасы менен 18х12 жана 21x15 м сыйдыргычтыгына көз карандысыз, ошондой эле театрларда: - өрт крандары, дренчердик жана спринклердик орнотмолор; сыйдыргычтыгы 600 жана андан көп орундуу панорамалык, үч тараптуу жана борбордук типтеги сахналары бар театрлардын демонстрациялык комплекстеринде - өрт өчүрүү орнотмолору. Ж.2 Театрдын имаратынын тилкесинде өзүнчө корпуста жайгаштырылган өндүрүштүк жайларда жана резервдик кампаларда, же театрдын имаратында көмөкчү-өндүрүштүк жайлар жайгаштырылган учурда ички өрт крандарын жана спринклердик орнотмолорду караштыруу керек. Ж.3 Ички өрт өчүрүүдөөрт крандарынан сууну чыгымдоону имараттарда төмөнкүдөй кабыл алуу керек: көрүү залынын сыйдыргычтыгы 300гө чейинки орундуу болгон эстрадасы бар кинотеатрларда жана клубдарда - 2,5 л/скем эмес чыгымдоо менен эки агым, 300дөн ашуун орун; - ар бири 5 л/скем эмес чыгым менен эки агым; сахнасы бар клубдарда жана театрларда сыйдыргычтыгына көз карандысыз - 2,5 л/скем эмес чыгымдоо менен эки агым жана ар бири 5 л/скем эмес чыгым менен эки агым. Ж.4 Өрт крандарын көрүү залынын кире беришине жана сахнага же эстрадага, тепкичтик аянттын кире беришине орнотушат. 18x12, 21x12, 21x15 м өлчөмдөгү сахнасы бар клубдардын имараттарында, ошондой эле театрлардын имараттарында кошумча түрдө сахнанын планшетинде 19 мм чачыратмасы бар жана түтүгү 10 м узундуктагы диаметри 65 мм өрт крандарын орнотушат. Чачыратмасы 16 мм, түтүгүнүн узундугу 10 м., диаметри 50 мм болгон өрт крандарын колосниктрде жана жумушчу галереяларда орнотушат; ошол эле учурда театрдын бардык башка жайларында ошондой эле, бирок түтүгүнүн узундугу 20 м. Ж.5 Сахнанын планшетинде анын аянты 500 м2 чейин болгондо 3, ал эми аянты чоң болгондо – төрт өрт кранын орнотушат. Ар бир жумушчу галереяда жана колосниктерде оң жагына бирден жана сол жагынан бирден экиден кем эмес өрт крандарын жайгаштырышат. Крандарды шкафтарсыз ачык орнотууга жол берилет. Ж.6 Өрт крандарын жайлардын кайсы болбосун ар бир чекити эки агым менен чачырагандай кылып жайгаштыруу керек. Ж.7 Өрт крандарынын ички тарамы шакек сымал болууга жана төмөнкү эки киргизүүгө туташтырылууга тийиш: тышкы тарамга жана спринклердик жана дренчердик тутумдардын бөлүштүргүч тарагына. Тарамдагы бөлүштүргүч тээктерди экиден көп эмес тарамдары бар тилкелерди өчүрүү эсебинен орнотушат. Экиден көп өрт крандары бар түркүктөрдүн негизине чүмөктөрдү(вентиль) же тээктерди (задвижки) орнотушат. Ж.8 Өрт крандарынын эркин кысуусун эсептик жайдын кыйла жогорку бөлүгүнө суунун агымы жеткендей кылып караштыруу керек. Сахнанын планшетинде өрт кранынын кысуусу планшеттен колосниктик төшөмгө чейинки аралык 2 м ашкан бийиктиктеги компакттык агымды алууну камсыз кылууга тийиш. Ж.9 Дренчердик орнотмолорду сахнанын колосниктеринин жана арьерсценанын алдында, жумушчу галереяларды жана аларды төмөнкү өтмө көпүрөчөлөр менен бириктирүүчү төмөнкү ярустун астында, оролгон декорациялардын сейфинде жана порталдын тешиктерин, чөнтөктөрдү жана арьерсценаларды кошкондо, сахнанын бардык тешиктеринде, ошондой эле сахнанын ичине курулуучу жабдуулар конструкциялары жана көтөргүч-түшүргүч түзүлүштөр ээлеген трюмдун бөлүктөрүндө жайгаштырышат. Өрткө каршы көшөгөгө суу чачууну сахна тараптан караштыруу керек. Ж.10 Спринклердик орнотмолор менен төмөнкүлөр жабдылат: сахнанын жана арьерсценанын жабуулары, бардык жумушчу галереялар жана өтмө көпүрөлөр, төмөнкүлөрдөн башкасы, трюмдар (сахнанын ичине куруулуучу жабдуулардан башкасы), сахнанын чөнтөгү, арьерсцена, ошондой эле склад жайлары, кампалар, устаканалар, станоктук жана көлөмдүү декорациялар жайлары, чаң сордуруу камералары. Ж.11 Дренчердик жана спринклердик чачыратмаларды жайгаштырууну төмөнкү шарттардан келип чыгуу менен жүргүзүшөт: Бир чачыратма (ороситель) менен корголуучу полдун аянты, полдун 1 м2 аянтына 0,1 л/скем эмес чачыратуунун орточо интенсивдүүлүгүндө 9 м2 көп эмес кабыл алынат; сахнанын тешиктерине чачыратууда сууну чыгымдоо 1 м тешикке 0,5 л/с кабыл алынат, сахнанын порталына чачыратууга – анын бийиктиги 7,5 мчейин болгондо порталдын 1 м кеңдигине 0,5 л/с кем эмес жана 7,5 мкөп бийиктикте 1 м0,7 л/с кабыл алынат. Кыйла алыс жана бийик жайгашкан суу чачыратууларда суунун эркин кысылуусу 500 ГПа (5 м суу.ст.) кем эмес болууга тийиш. Бир имаратта бардык чачыраткычтардын чыгуу тешиктеринин диаметри бирдей болууга тийиш. Ж.12 Дренчердик орнотмолорду башкарууну төмөнкүдөй караштыруу керек: сахнанын планшетинде эки жерден жана сахнаны, арьерсценаны жана сахналык тешиктерди коргоо секциялары үчүн өрт постунун жайынан аралыктык электрдик же гидравликалык; жогоруда аталган жерлерден аралыктык электрдик же гидравликалык жана сахналык порталдын дренчердик көшөгөсү үчүн сахнаны спринклердик орнотмолор менен башкаруу түйүнүндөгү билдиргичтерден автоматтык башкаруу; бөлүштүргүч тарактар орнотулган жайдан аралыктык башкаруу – оролгон декорациялардын сейфин коргоо секциясы үчүн. Ж.13 Сахнанын жана арьерсценанын, жумушчу галереялардын төмөнкү ярусунун жана аларды бириктирүүчү өтмө көпүрөлөрдүн колосниктеринин дренчердик орнотмолорун бир же бир нече секцияларга бириктиришет. Сахнанын эшик тешиктеринин жана арьерсценанын тешигинин үстүндө дренчердик орнотмолорду бир секцияга бириктиришет, ал эми сахнанын порталынын оролгон декорациялар сейфинин дренчердик орнотмолорун эки башка секцияга бөлүшөт. Ж.14 Сахнада, арьерсценада, каптал чөнтөктөрдө, сахнанын трюмунда орнотулган спринклердик орнотмолорду өзүнчө башкаруусу менен бир секцияга бириктирүү керек. Сахналык жумушчу галереяларындагы өрт крандарын сахнанын спринклердик тутумунун тирөөчтөрүнө кошууга жол берилет. Ж.15 Суунун суммардык эсептик чыгымдоосу ички өрт өчүрүү каражаттарынын иштөөсүнүн эки учурунан көп кабыл алынат: жалпы чыгымдоосу 10 л/с кем эмес сахнанын планшетиндеги эки өрт крандарынын жана жалпы чыгымдоосу 5 л/сжогорку жумушчу галереяларында эки крандын, ошондой эле сахнанын порталынын дренчердик орнотмолорунун секциясы бир учурда иштеген сахнанын спринклердик орнотмолорун (сахнанын жабуулары, бардык жумушчу галереялар жана өтмө көпүрөлөр); жалпы чыгымдоосу 10 л/скем эмес сахнанын планшетинде эки өрт краны жана чыгымдоосу 5 л/с болгон жогорку жумушчу галереяларында эки кран, ошондой эле ошондой сахнанын порталынын дренчердик орнотмолорунун секциясы бир учурда иштеген сахнанын жана арьерсценанын колосниктеринин, жумушчу галереялардын төмөнкү ярустарынын жана аларды туташтыруучу жумушчу көпүрөлөрдүн алдындагы бардык дренчердик орнотмолорун. Ж.16 Сырткы тарамдын кысымы өрткө каршы түзүлүштөрдүн эсептик ишин камсыз кылуу үчүн жетишсиз болгон учурларда, сордургучтарды орнотууну караштыруу керек, аларды төмөнкүдөй ишке киргизүүнү долбоорлоо керек: түзүлүштөрдүн спринклердик жана дренчердик орнотмолору жок учурда, өрт крандарынын баскычтарынан (кнопкаларынан) аралыктан башкаргандай кылып; автоматтык түрдө–өрт постунан жана сордургучтук жайдан аралыктан кайталоосу менен (жүргүзүү жана орнотуу үчүн) спринклердик жана дренчердик орнотмолору бар болгон учурда. Ж.17 Өрттүк сордургучтук агрегаттар 100% резервге ээ болууга жана түздөн түз сыртка же тепкичбөлүгүнө чыгуусу бар өзүнчө жылытылуучу жайларда орнотулууга тийиш. Өрт крандары менен гана жабдылган кинотеатрлардын жана клубдардын имараттарында сордургучтарды казан (жылуулук генератору) турган жайда орнотууга жол берилет. Ж.18 Көчмө өрт сордургучтарынын түтүгүн кошуу үчүн кысуу сызыгынан сордургучтардын жана спринклердик жана дренчердик бөлүштүргүч тарактардын ортосунда карама-каршы клапандары жана стандарттуу бириктирме өрт бөрктөрү (башы) бар диаметри 80 мм болгон эки түтүк алынып чыгууга тийиш. Ж.19 Чарбалык-ичилүүчү суу менен камсыз кылуу сордургучтарын дирилдөөнү обочолонтуучу негиздерде орнотуу жана ийкемдүү киргизиле турган жерлеринен жана ички тарамдан арасына койгуч менен бөлүү керек. Ж.20 Эгерде сырткы суу түтүк тарамдарынын кубаттуулугу өрт өчүрүүдө же киргизмелерди туюк тарамдарга кошууда суунун эсептик чыгымын берүү үчүн жетишсиз болсо, жер алдындагы резервуарлардын түзүлүшүн караштыруу зарыл, алардын сыйымдуулугу төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 3 саат ичиндеги эсептик чыгымы менен ички өрт крандарынын эсептик санынын ишин; суунун 1 саат ичиндеги эсептик чыгымы менен спринклердик жана дренчердик орнотмолордун ишин; сырткы өрт өчүрүүгө 3 саат ичиндегисуунун чыгымдалышын. Ж.21 Китепканалардын жана архивдердин имараттарында өрткө каршы суу менен камсыз кылууну имараттын көлөмү 7500 м3 жана андан көп болгондо караштыруу керек. Ички өрт өчүрүүгө суунун эсебинин ченемдерин жана агымдардын санын КЭ 30.13330 боюнча кабыл алуу керек. Ж.22 Спорт арналышындагы имараттарда спринклердик орнотмолорду пайдаланууда чачыратуунун интенсивдүүлүгүн тутумдун 30 минуталык узактыкта иштөөсү менен 120 м2 чейинки аянтка бир учурда чачуунун эсебинен келип чыгуу менен 0,08 л/с өлчөмүндө кабыл алуу керек.
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
И тиркемеси
(милдеттүү түрдө)
Өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолорунун жана автоматтык өрт ишараттоосунун коргоосуна алынуучу имараттардын тизмеси.
Коргоо объектиси | Администрациялык башкаруу персоналы АБП | Өрт ишараттоосун автоматтык башкаруу (ӨИАБ) |
Ченемдик көрсөткүч | ||
1 5,5 м жана андан жогору бийиктиктеги стеллаждарда сактоосу бар өрт коркунучу боюнча В категориясындагы кампалардын имараттары | Аянтынан жана кабаттуулугунан көз карандысыз |
|
2 Эки жана андан көп кабат бийиктиктеги өрт коркунучу боюнча В категориясындагы кампалардын имараттары (1-пунктта көрсөтүлгөндөрдөн тышкары) | Аянтынанкөз карандысыз |
|
3 Сейрек учуроочу басылмалардын, отчеттордун, кол жазмалардын жана башка өзгөчө баалуулуктагы документтердин архивдеринин имараттары | Аянтынанкөз карандысыз |
|
4 Автомобилдер үчүн имараттар жана курулмалар: |
|
|
4.1 Сактоо үчүн | “Автоунаа туруу жайлары. Өрт коопсуздугунун талаптары” МАСТ Р боюнча | |
4.2 Техникалык тейлөө жана оңдоо үчүн | [20] боюнча | |
5. 30 м жогору бийиктиктеги имараттар (өрт коркунучу боюнча Г жана Д категорияларындагы турак имараттардан жана өндүрүштүк имараттардан тышкары)1) | Аянтынанкөз карандысыз |
|
6 Турак имараттар: |
|
|
6.1 Кары-картаңдар жана майыптар үчүн жатаканалар, адистештирилген турак үйлөр2) |
| Аянтынанкөз карандысыз |
6.2 28 м жогору бийиктиктеги турак имараттар2) |
| Аянтынанкөз карандысыз |
7 Полимердик күйүүчү жылуулоолору менен жеңил металл конструкциялардан салынган бир кабаттуу имараттар: |
|
|
7.1 Коомдук арналыштагы | 800 м2жана жогору3) | 800 м2 аз |
7.2 Администрациялык-тиричилик арналышындагы | 1200 м2жана жогору | 1200 м2 аз |
8 Эгинди кайра иштетүү жана сактоо боюнча имараттар жана курулмалар |
| Аянтынан жана кабаттуулугунан көз карандысыз |
9 Коомдук жана администрациялык арналыштагы имараттар (11, 13-пункттарында көрсөтүлгөндөрдөн тышкары) |
| Аянтынан жана кабаттуулугунан көз карандысыз |
И тиркемесинин уландысы
Коргоо объектиси | Администрациялык башкаруу персоналы АБП | Өрт ишараттоосун автоматтык башкаруу (ӨИАБ)
| |
Ченемдик көрсөткүч | |||
10 Соода ишканаларынын имараттары (ушул ченемдердин 4-пунктунда көрсөтүлгөн жайлардан жана эт, балык, жемиштерди жана жашылчаларды (күйбөгөн таңгакта), металл идиштерди, күйбөгөн курулуш материалдарынсактоо жана сатууга даярдоо жайларынан тышкары): |
|
| |
10.1 Бир кабаттуу имараттар (13-пункттан тышкары): |
|
| |
10.1.1 Жерпайлык же жертөлөлүк кабаттарда соода залын жана көмөкчү жайларды жайгаштырууда | 200 м2жана жогору | 200 м2 аз | |
10.1.2 Имараттын жер үстүндөгү бөлүгүндө соода залын жана көмөкчү жайларды жайгаштырууда | Имараттын аянты 3500 м2жана жогору болгондо | Имараттын аянты 3500 м2 аз болгондо | |
10.2 Эки кабаттуу имараттар: |
|
| |
10.2.1 Жалпы соода аянты менен | 3500 м2жана жогору | 3500 м2 аз эмес | |
10.2.2 Жерпайлык же жертөлөлүк кабаттарда соода залын жайгаштырууда | Соода аянтынын чоңдугунан көз карандысыз |
| |
10.3 Үч жана андан көп кабаттуу | Соода аянтынын чоңдугунан көз карандысыз |
| |
10.4 Жеңил тутануучу жана күйүүчү суюкуктарды (сыйымдуулугу 20 л ашпаган идиште оролгон товардан тышкары) сатуу боюнча адистештирилген соода ишканаларынын имараттары | Аянтынанкөз карандысыз |
| |
11 Автоунааларга отун/май куюучу станциялар (анын ичинде контейнер тибиндеги), ошондой эле аларга тиешелүү чатырлар, дүкөндөр жана күркөлөр |
«Автоунааларга отун/май куюучу станциялар. Өрт коопсуздугунун талаптары” МАСТ Р боюнча | ||
12 Ибадат имараттары жана комплекстер (комплекстердин өндүрүштүк, кампалык жана турак имараттары ушул курулуш ченемдерине ылайык талаптар боюнча жабдылат) |
| Аянтынан жана кабаттуулугунан көз карандысыз | |
13 Көргөзмө павильондорунун имараттары: |
|
| |
| |||
|
|
|
|
И тиркемесинин аягы
Коргоо объектиси | Администрациялык башкаруу персоналы АБП | Өрт ишараттоосун автоматтык башкаруу (ӨИАБ) |
| |
Ченемдик көрсөткүч |
| |||
13.1 Бир кабаттуу имараттар (12-пункттан тышкары) | 1000 м2жана көп | 1000 м2 дан аз | ||
13.2 Эки жана андан көп кабаттуу | Аянтынанкөз карандысыз |
| ||
1)–ӨИАБ менен катар батирлер жана жатаканалар жайларын автономдуу оптикалык-электрондук түтүндүк өрт кабарлагычтар менен жабдуу керек. 2)–ӨИАБдын жылуулук өрт кабарлагычтары батирлердин кире беришинде орнотулат жана клапандарды ачуу жана абанын таканчыгынын жана түтүндү жоюу орнотмолорунун желдеткичтерин кошуу үчүн пайдаланылат. 3)–мында жана андан ары А.1 таблицасында жайлардын жалпы аянттары көрсөтүлгөн. | ||||
|
|
|
|
|