Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму
МЕЧИТТЕР
МЕЧЕТИ
Mosques
Киргизүү датасы 2018-жылдын 28-декабры
1 Колдонуу тармагы
Бул курулуш ченемдери жаңы курулуучу жана реконструкциялануучу мечиттердин имараттарын, курулмаларын, ошондой эле башка багыттагы имараттарга кошулуп курулган сыйынуучу жайларды долбоорлоого жана курууга жайылтылат. Медреселерди, комплекстерди, миссияларды жана диний борборлорду долбоорлоо ушул курулуш ченемдердин талаптарын эске алуу менен долбоорлоого бекитилген тапшырмаларга ылайык жүргүзүлөт.
Ченемдер убактылуу жайгаштырылган чогултулуучу жана ажыратылуучу мечиттерди жана ушуга окшош имараттарды долбоорлоого жайылтылбайт.
2 Ченемдик шилтемелер
Бул курулуш ченемдеринде төмөнкү ченемдик документтерге шилтемелер колдонулду:
ЭАКЧ 2.04-03-2005 Чуудан коргоо;
ЭАКЧ 2.04-05-95 Табигый жана жасалма жарык берүү;
КЧжЭ 2.01.07-85* Жүктөмдөр жана таасирлер;
КЧжЭ2.04.01-85* Имараттын ички суу түтүгү жана канализациясы;
КЧжЭ 2.04.02-84* Суу менен жабдуу. Курулманын тышкы тармактары;
КЧжЭ 2.04.05-91* Жылытуу, вентиляция жана кондиционер менен жабдуу;
КЧжЭ 3.05.06-85 Электротехникалык түзүлүштөр;
КЧжЭ КР 23-01:2009 Курулуш жылуулук техникасы;
КР КЧ 21-01:2018 Имараттын жана курулманын өрт коопсуздугу;
КР КЧ 11-03:2018 Кыргыз Республикасында имараттардын, курулмалардын жана комплекстердин долбоордук документтеринин курамы, иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби;
КР КЧ 31-04:2018 Коомдук имараттар жана курулмалар;
КР КЧ 31-05:2018 Өндүрүштүк имараттар;
ЭЖ 31-110-2003 Турак жана коомдук имараттарды долбоорлоо жана электр түзүлүштөрүн монтаждоо;
КР Мамлекеттик курулуштун 2016-жылдын 27-майындагы №6-уча буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасында шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу пункттарды пландоо жана куруу боюнча эрежелердин жыйындысы.
КР Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан 2016-жылдын 20-сентябрындагы № 7 б. бекитилген Кыргыз Республикасында айылдык калктуу конуштардын аймактарын пландаштыруу жана куруу боюнча эрежелер топтомун бекитүү жөнүндө;
Э с к е р т ү ү – Бул курулуш ченемдерин колдонууда шилтемедеги ченемдик документтин Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуусун Стандартташтыруу боюнча Улуттук органдын жана Мамлекеттик курулуштун ушул жылы жарыяланган тиешелүү маалыматтык көрсөткүчү боюнча текшерүү максатка ылайык. Эгерде шилтемедеги документ алмаштырылган (өзгөргөн) болсо, анда ушул курулуш ченемдерин колдонууда алмаштырылган (өзгөргөн) ченемдик документти жетекчиликке алуу керек. Эгерде шилтемедеги документ алмаштырылбастан жокко чыгарылган болсо, ага шилтеме берилген жобо ал шилтемеге тиешелүү эмес бөлүгүндө колдонулат.
3 Терминдер жана аныктамалар
Бул курулуш ченемдеринде тиешелүү аныктамалары менен төмөнкү терминдер колдонулат:
3.1айван: Бул терең оюк же алдыңкы дубалдары жок зал түрүндөгү чатырлуу жай;
3.2 аназа: Мечитке кире беришке жакын жайгашкан оймолуу мрамор такта же жыгач оюк, короодогу өзүнчө михраб;
3.3 гипостиль: Кенен чатырлуу жай, анын төбөсү жыш коюлган көптөгөн колонналарга тирелет;
3.4 даараткана: Санитардык-гигиеналык бөлмөлөр;
3.5 дарскана: Аудитория, медреседеги окуу жайы;
3.6 дикка: Атайын платформалар, анда азанчылар туруп имамдын кыймылдарын кайталайт жана динге ишенүүчүлөрдүн кыймылын багыттайт;
3.7 имам (араб. - башчы): Исламда мечитти башкарган дин адамы, ал хутба жасайт. Имам – “үлгү болуучу адам” маанисин да түшүндүрөт. 8 жашка толгон бардык эле мусулман намаздын имамы боло алат;
3.8 кааба (араб.): Тыюу салынган мечиттеги (Мекке) куб түрүндө курулма мусулман ыйыктыкбелгиси. Кааба кара таштан турат. Ажылык учурунда каабанын тегерегинде зыяратчылар таваф (кара ташка табынуу) жөрөлгөсүн жасашат. Кааба бүткүл дүйнө мусулмандары намаз учурунда жүзүн буруучу кыбыла – багыт болуп саналат;
3.9 капитель: Колоннанын, мамынын же пилястранын биригүүчү баш жагы;
3.10 кыбыла: Кааба тарап. Мусулмандардын диний практикасында динге ишенген адамдын жүзү ошол тарапка багытталышы керек. Мечиттерде кыбыланы белгилөө үчүн өзгөчө белги – михраб (дубалдагы табынуучу оюк) жасалат;
3.11 консоль: имараттын (карниздин, болкондун) чыгып турган кырын кармап туруучу элемент;
3.12 контрфорс: Көпчүлүк учурда көтөрүүчү конструкцияга түз бурчу менен курулган туурасынан кеткен дубал;
3.13 конха: Жарым цилиндрдик бөлүктөрдү, мисалы оюктарды тосуу үчүн жасалган жарым купол. Аталган учурда михрабдын жогорку бөлүгү;
3.14 куран: Мусулмандардын негизги ыйык китеби, Мухамеддин “пайгамбардык жаңылыктар” түрүндө Мекке жана Мединада 610-632-ж.ж. аралыгында айткан жана исламды дин катары изилдөөнү баштаган үгүт, жөрөлгө жана юридикалык далилдердин, дубалардын жана намаздын, насыят берүүчү баяндамалардын жана тамсилдердин жыйындысы.
3.15 курси: Куранды окуп жатканда койгон такта.
3.16 максура: Бул негизги мейкиндиктен оймолуу жыгач же металл менен тосулган михраб жана минбарга жакын жайгашкан төрт бурчтуу жай;
3.17 мечит: Мусулмандардын табынуучу жайы мечит деп аталат (араб. масджид- жерде сыйынуу жайы);
3.18 медресе: Мусулмандар окуу жайы, ал орто мектептин жана мусулман диний семинариясынын ролун аткарат;
3.19 мекке:1,4 млн калкы бар Кызыл деңизден 100 км жакын Батыш Сауд Арабиясындагы шаар. Мусулмандар үчүн зыярат борбору болуп саналат ( кара- ажылык сапар). Мусулман эместерге Меккеге кирүүгө тыюу салынган.
3.20 минарет (мунара): Ислам архитектурасында мунара (тегерек, төрт бурчтуу же көп кырдуу кесилиштүү) мында азанчы мусулмандарды намазга чакырат. Мунара мечитке жакын курулат же анын композициясына киргизилет. Алгачкы мунараларда көбүнчө буралма тепкичтер же тышында пандус ( спираль түрүндөгү минареттер) болгон, кийинкилерде – мунаранын ичинде жайгашкан.
3.21 минбар: Мечиттеги имам насыят айтуучу трибуна же кафедра. Ал михрабдын оң тарабында жайгашкан. Тепкич түрүндө болот.
3.22 муэдзин:Исламда мунарадан мусулмандарды намазга чакыруучу мечит кызматчысы;
3.23 михраб:Көбүнчө колона жана арка менен кооздолгон кыбыланы, башкача айтканда, Меккедеги Кааба жайгашкан тарапты көрсөткөн мечиттин дубалындагы оюк. Мусулмандар ага намаз учурунда жүзүн бурушат, дубалдын ортосунда жайгашат;
3.24 парус: Куполдук конструкциянын элементи, ал төрт бурчтуу куполдун алдындагы мейкиндиктен куполдун айланасына же анын барабанына өтүүнү камсыз кылат. Сфера сымал үч бурчтук түрүндө болуп, анын чокусу төмөн каратылат. Бул византия архитектурасынын жергиликтүү конструкцияларынын бири;
3.25 пиштак: Айван түрүндөгү чоң портал (башкы кире бериш), анда мечитке, медресеге же мавзолейге кирүү жайгашкан.
3.26 тимпан: Архитектурада–үч бурчтуу же фронтондун жарым тегеректүү талаасы (капталдарында чатырдын жантаймасы менен чектелген) же кире бериштин же терезенин аркасынын үстүндөгү дубалдын бети;
3.27 тромп: Конустун жарымы, тегерек куполдун жарымы же чейреги түрүндөгү бириктирме конструкция;
3.28 хауз: Мечиттин короосундагы көлмө, бассейн же фонтан, ал мечитке кирүүдөн мурун даарат алууга арналган;
3.29 хутба: Мусулман сыйынуусу, ошондой эле жума күнү түшкү намаз убагында, майрам күндөрү же өзгөчө учурларда (жеңишти белгилөөнү, ачкачылыктан, кургакчылыктан, түшүмсүздүктөн, эпидемиядан кутулууда) мечитте имама тарабынан айтылуучу сөз, же насыят;
3.30 сегиз саны: Исламда дүйнөнү башкарган такты араб алфавитиндеги тамгалардын сегиз багытына жана сегиз тобуна ылайык келген сегиз периште кармап турат.
Ушуга байланыштуу, чыгыш оюуларында сегиз мүчөлүү жылдызга жол берилет.
4 Жалпы жоболор
4.1 Мечит комплекстери иш-милдеттеринин багытына карата негизги башкы мечит, шаардык мечит, айылдык мечит, жолоочулар мечити, имараттардагы жана курулмалардагы табынуучу жайлар болуп бөлүнөт. Алардын жайгашуусу, болжолдуу курамы, имараттын, курулманын жана жайлардын, кудайга сыйынуу жана жардамчы багыттагы жайлардын негизги жана кошумча жыйындысы 1-таблицада берилди.
1-таблица
№ п.п. | Комплекстин түрү | Орундаштыруу аймагына сунушталган жайгаштыруу | Имараттар, курулмалар жана жайлар | |||
|
|
| диний багыттагы | жардамчы багыттагы | ||
|
|
| Негизги (сыйымдуулугу) | Кошумча | Негизги | Кошумча |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
1 | Негизги башкы мечит | Жалпы шаардык борбор | Мечит (5-15 миң адам.) | Мунара (2ден 6 даанага чейин) Даараткана Медресе
| Диний башкаруу
Чарба кызматтары, анын ичинде гараж | Мусулман мектеби Басма редакциясы Администрациялык жайлар Мусулман дүкөнү
|
1-таблицанын аягы
2 | Шаардык мечит | Шаар аймагынын борбордук бөлүгүнүн чегинде, райондун мерчемдөө борбору | (1-5 миң адамга) мечит) | Мунара (1ден 4 даанага чейин) Даараткана |
Чарба кызматтары, анын ичинде гараж | Мусулман мектеби, мейманкана, Администрациялык жайлар Мусулман дүкөнү | |
3 | Кварталдык мечит
| Мерчемдөө районунун чегинде, турак квартал | (100-500 адам.) мечит | Мунара (1даанадан көп эмес.) мунарасы жок да болот Даараткана | Администрациялык жай
|
| |
4 | Айылдык мечит | Айылдык калктуу конуштун борбору | (100-300 адам.) мечит | Мунара (1 даанадан көп эмес) Даараткана | Администрациялык жай | Чарба кызматтары | |
5 | Сыйынуу жайлары | Имараттарда жана курулмаларда | Сыйынуу бөлмөсү(20-50 адам.) | Даараткана |
|
| |
|
|
|
|
|
|
| |
Э с к е р т ү ү -Мунара жана анын саны долбоорлоо тапшырмасында белгиленет. | |||||||
4.2 Мечиттердин сыйымдуулугу тейленүүчү калктын санына жана демографиялык курамын эсепке алууга карата аныкталат. Шаардык мечиттердин эсептик сыйымдуулугу 2-таблицада берилди.
2-таблица
Калктын эсептелген саны (миң киши) | Мечиттин сыйымдуулугу (киши) |
60 | 450 |
120 | 900 |
200 | 1500 |
Э с к е р т ү ү Сыйымдуулуктун көрсөткүчү мечитке майрам күндөрү келүүлөргө ылайык болот (мусулман калкы басымдуу аймактар үчүн). | |
4.3 Мусулмандардын ибадат кылуучу имараттарынын кеңири белгилүүсү шаардык мечит болуп саналат. Шаардык мечиттердин имараттарында кыскартылуусу же толукталуусу мүмкүн болгон имараттардын, курулмалардын жана жайлардын долбоорлоо үчүн болжолдуу тизмеги 3-таблицада берилди.
Таблица 3
Имараттардын, курулмалардын жана жайлардын арналышы | Имараттардын, курулмалардын жана жайлардын тизмеги | Өлчөө бирдиги | Саны |
1 | 2 | 3 | 4 |
Сыйынуу | Мечит, кышкы жана жайкы жайлар жана курулмалар | киши | 1000-5000 |
| Мунара | даана | 1-4 |
| Даараткана | м | 120-600 |
|
|
|
|
Кызматтык-тиричилик | Имамдын бөлмөсү Мутавали бөлмөсү Касса, бухгалтер | м 2. м м2
| 20 чейин 15 10 |
| Турак бөлмөлөр | киши | 20-30 |
| Даараткана | м2 | 10-15 |
Агартуучулук | Аудиториялар -дарсхана | киши | 100-250 |
|
|
|
|
| Китепкана | м2 | 20-100 |
Кайрымдуулук |
|
|
|
| Медициналык пункт | келүү/ күнүнө | 10-30 |
|
|
|
|
| Ашкана, тамак даярдалуучу бөлмө | Туруктуу орундар | 20-40 |
Чарбалык | Мусулман дүкөнү (күркө, дүкөн) | м | 5-50 |
| Гараж | унаа | 1-2 |
| Кампалар | м2 | 50гө чейин |
4.4 Мечит комплекстеринин имараттарын жана курулмаларын долбоорлоодо ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын ыңгайлуу жеткиликтүү түзүлүштөрдү жана иш-чараларды жана КР КЧ 35-01 боюнча каралышы керек.
4.5 Тарыхый жана маданий эстелик болуп эсептелген, курулуш ченемдеринде көрсөтүлгөн талаптардан тышкары, мусулман дининдеги имараттарды, курулмаларды реконструкциялоодо, реставрациялоодо жана капиталдык оңдоодо тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо жана пайдалануу тууралуу мыйзамдардын талаптарын эске алуу керек.
Тарыхый жана маданий эстеликтердин аймагында жаңы курулуш жүргүзүү учурунда долбоорлоону Тарыхый жана маданий эстеликтерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган тарабынан берилген план-тапшырманын негизинде жүргүзүү керек
4.6 Мечиттерди жана медреселерди өрттөн коргоону долбоорлоону өрттөн коргоо ченемдери боюнча КР КЧ 21-01 талаптарына жана колдонуудагы башка ченемдерге жана эрежелерге ылайык ишке ашыруу керек.
4.7 Кыргыз Республикасында мечит комплекстердин долбоордук документтеринин курамы, иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби КР КЧ 11-03 ылайык келүүгө тийиш.
4.8 Мусулман имараттарынын жана курулмаларынын жалпы, пайдалуу жана ченемделген аянтын, курулуш көлөмүн, курулуш аянтын жана кабатын эсептөө үчүн КР КЧ 31-04 жана ушул курулуш ченемдериндеги В тиркемесин жетекчиликке алуу керек.
5 Жайгаштырууга жана аймакка талаптар
5.1 Орундаштыруу (селитебдик) аймагында мусулман имараттарын жана курулмаларын куруу үчүн аймак башкы мерчемге, ДППга ылайык, ал эми алар жок учурда курулуш долбоору боюнча бөлүнөт.
Шаардык жана айылдык турактардын чегинен тышкары жайгашкан мечит комплекстерин куруу үчүн аймак долбоордун жана райондук схеманын негизинде бөлүнөт.
5.2 Орундаштыруу аймагында имараттарды, мечит комплекстерин шаар куруу тапшырмасынын негизинде, колдонуудагы инженердик коммуникацияларга жана жолдорго жакын, шаардык жүргүнчү транспорту менен камсыздоо шартында жайгаштыруу керек.
Мечитке жакын жолдор бир деңгээлде магистралдык көчөнүн автомобиль өткөн бөлүгүн кесип өтпөөсү керек.
5.3 Мечиттерди куруу үчүн тилкелер мектепке чейинки жана билим берүү мекемелеринен, ооруканалардан 200 м кем эмес аралыкта болушу зарыл.
Оорукана мекемелеринде 25-50 кишилик намазканаларды уюштурууга болот.
5.4 Орундаштыруу аймагында тилкени тандоо айланадагы курулуштарды түзүүдө мечиттин негизги ролун камсыз кылууну эске алуу менен жүргүзүү зарыл: магистралдык жолдордун огу боюнча шартталган рельефи жогору тилкелер, алардын конфигурациясын эске алып, жанаша жайгашкан тилкелердин курулуштарын ж.б. шаар куруу шарттарына байланыштуу.
5.5 Мечит үчүн тилке милдеттүү түрдө парковка орду менен каралышы керек, анда 20-25 адамга 1 машина орунду эсептөө керек.
Курулуштар жыш жайгашкан райондордо курулуш үчүн аянттын жол берилген жер тилкеси 60-70 пайыз болушу керек.
5.6 Шаар мечиттеринин жер тилкелеринин көлөмү негизги имараттарды, сыйынуу курулмаларын жана кошумча багыттагы жайларды кошкондо салыштырма көрсөткүчкө ылайык мечиттин сыйымдуулук бирдигине 7м тилке аянты каралышы сунушталат.
Курулуштар жыш жайгашкан райондордо мечит куруу үчүн жер тилкесинин салыштырма көрсөткүчүн (сыйымдуулук бирдигине м) 20-25% көп эмес азайтууга жол берилет.
5.7 Мечиттин имаратын, медресе жана башка курулмаларды камтыган диний башкаруу комплексинин аймагын мерчемдөөнү долбоорлоо тапшырмасына жана шаар куруу корутундусуна ылайык ишке ашыруу керек.
5.8 Мусулман имараттарынын жана курулмаларынын тилкесине алар менен функциялык боюнча байланышы жок имараттарды жана курулмаларды жайгаштыруу сунушталбайт. Мечиттин жер тилкесинин жанына мейман үйлөрү, өнөркана жана чарба кызматтарын жайгаштыруу үчүн тилкелерди кароого жол берилет. Тилкелердин көлөмү жана жанаша тилкеде жайгашкан имараттардын жана курулмалардын номенклатурасы долбоорлоо тапшырмасы менен белгиленет.
5.9 Мечиттин аймагын төмөнкүдөй иш аймактарына бөлүүгө болот:
- кирүү;
- сыйынуу;
- жардамчы багыттагы;
- чарбалык.
Шаардык мечит комплексинин башкы планынын типтүү схемасы А тиркемесинде берилген.
5.10 Кирүү бөлүгүндө автомобиль кирме жана зыяратчылар үчүн кирүү каралышы керек. Бул бөлүгүндө даараткана, диний буюмдарды сатуу үчүн мусулман дүкөнү, зыяратчылар үчүн эс алуу жайлары – бастырма, айвандар каралат. Кирүү аймагы мечиттин аймагынын алдында жайгашуусу керек.
5.11 Мечиттин диний ырым-жырымдарды өткөрүүгө арналган аймагы кирүү бөлүгү жана кошумча аймак менен түздөн-түз байланышуусу керек. Мечиттин аймагында мечиттин имараты, мунара, жайкы бастырма –айвандар, бассейндер, диний иш-чараларды өткөрүү жана зыяратчылар эс алуу үчүн аянт каралышы керек.
Мечиттин чыгыш тараптагы башкы кирүү бөлүгүнүн алдында мечиттеги бир орунга 0,2 м2 эсептөө менен аянт каралышы керек.
Мечиттин жайгашуусу мусулман талаптары боюнча михрабга кыбыла тарапка туураланып, батышка багытталат, тилкени жайгаштыруунун шаар куруу өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу түштүккө 30° ордун которуу менен аныкталат.
5.12 Окуу, кайрымдуулук жана башка иштерди уюштурууга арналган жардамчы аймакты мечиттин кирүү жана мечит аймагына байланыштыруу керек.
5.13 Шаар куруу кырдаалдарына ылайык жардамчы багыттагы имараттар жана курулмалар аймакты функциялык бөлүштүрүүгө ылайык мечиттин тилкесинде, ошондой эле мечиттин стилобаттык (жер төлө кабатында) бөлүгүндө же ага кошулуп курулган курулуштарда жайгашуусу мүмкүн.
5.14 Шаардык мечиттин чарба курулмаларын, анын ичинде, кампаларды, өнөрканаларды, автомобиль үчүн гаражды, таштанды жыйноочу аянтты жайгаштырууга арналган чарбалык аймагы транспорттук магистраль тараптан транспорт кирүүгө (анын ичинде өрт өчүрүү унаасы үчүн) ыңгайлуу болушу жана мечитке таандык жүк ташуучу жана жеңил автомобиль үчүн авто токтотуучу жайы менен жабдылган болушу керек. Чарба бөлүгүнүн аянты долбоорлоо тапшырмасы менен аныкталган чарба багытындагы имараттардын жана курулмалардын көлөмү, автотранспорт каражаттарынын саны менен аныкталат, болжолдуу түрдө аянттын участогунун 15% түзөт. Жүк ташуучу транспорт каражаттарынын кирүүсү мечит комплексинин чарба аймагы тарабынан каралышы керек.
5.15 Мечиттин жер тилкесине мечиттин башкы кирүү бөлүгүнө, ошондой эле мечит комплексине кирген бардык имараттардын жана курулмалардын негизги эвакуациялык чыгуусуна транспорт кирүү жолдору каралышы керек.
5.16 Шаардык мечиттин тилкеси бардык тарабынан тосулат. Тосмону бийиктиги 1,5 – 2,0 м кооздолгон металл тордон жасоо сунушталат. Башкы кирүү коомдук транспорттун аярламасы тараптан мечитке кирүүгө багытталып жайгаштырылышы керек. Мечиттин сыйымдуулугу 300 кишиден ашык болгон учурда чарба бөлүгү тараптан аймакка экинчи транспорт кирүү каралышы керек. Майыптардын жана ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын муктаждыктарын эске алуу менен кирме жолдор, тротуарлар, тепкичтер, пандустар жана көрктөндүрүүнүн башка элементтери да каралышы керек. Мемориалдык комплекстерде жайгашкан мечиттин жер участокторун тосууга жол берилбейт.
5.17 Шаардык мечит комплексинин тосмосунун сыртында мечиттин сыйымдуулугунун ар бир 50 орунуна 2 автомобиль орун эсебинде автомобиль токтотуучу жайы каралышы керек. Жеңил автомобиль жана автобустардын автомобиль токтотуучу жайлары, ошондой эле коомдук транспорттун аярламасын мечит имаратынан 50 м алыс эмес аралыкта жайгаштыруу керек.
5.18 Шаардык мечит комплекс аймагынын участогунун аянты 15% жашылдандырылган болушу керек.
5.19 Жолдор, аянттар жана мечиттин айланасы катуу кыртыштуу жана жаан сууларынын агып кетишин камсыз кылуучу туурасынан пландоо менен болушу керек.
6 Мечиттин сыйынуучу имараттары жана курулмалары.
Көлөмдүк-мерчемдөө шарттары. Б тиркемеси.
6.1 Мечиттин имараты диндегилердин сыйынуу жыйынына арналган жана негизги үч бөлүктөн турат: сыйынуучу жай (ханака), кирүү бөлүгү (бут кийим үчүн далис), михраб (кыбылага багытталган арка же бириктирме оюк). Мунара архитектуралык чечимге ылайык мечиттин имаратына кошулуп курулган же өзүнчө турушу да мүмкүн. Мунаранын зарыл болгон саны долбоорлоо тапшырмасы менен аныкталат.
6.2 Мечиттин салттуу жана башкы бөлүгү болуп асман башталышын болуп саналат.
Мечиттин түрүнө жараша сыйынуучу жайда – ханакада бир же бир нече купол болушу мүмкүн. Сыйынуучу жайда аялдар үчүн бөлүнгөн орун түрүндө балкон-галерея орнотулушу мүмкүн. Балкон-галереяга кирүү негизги сыйынуучу жайдан бөлүнгөн өзүнчө кирүүсү менен тепкичтер аркылуу болот
6.3 Мечитке кирүү бөлүгү намаз убагында бут кийимдерди чечүү жана сактоого ыңгайлаштырылган чоң далистен (вестибюль) турат. Чоң далистин көлөмү мечиттин түрүнө жараша, б.а. сыйынуучу жайда бир орунга 0,15 м2 эсеби менен аныкталат.
6.4 Сыйынуучу жай – ханакада милдеттүү бөлүгү болуп михраб эсептелет, ал арка менен тосулган, анча чоң эмес бириктирме шып же конхасы менен тегерете алкак менен жээктелген Каабага багытталган оюк (жалпак, шарттуу же чуңкурдуу). Ал сыйынуучуларга намазды кыбылага багыттоо керектигин көрсөтүп турушу керек. Михраб каллиграфиялык жазуулар же оюлар менен кооздолот. Михраб башкы кирүүнүн каршы тарабындагы дубалда б.а. батыш тарапта жайгашкан
6.5 Михрабдын оң тарабында имам жума намазда хутба айтуусу үчүн кафедра жайгаштырылат. Минбардын түзүлүшү, көлөмү мечиттин макамына жараша түрдүү болушу мүмкүн.
Өзүнчө турган мечиттин көлөмдүк-пландоо чечимдеринин негизги варианттары 4-таблицада берилди.
4-таблица
Көлөмдүк-мерчемдөө чечимдеринин объектилери |
Чечимдердин негизги варианттары |
1 | 2 |
Сыйынуучу жай-ханака Залдын түрү | Төрт бурчтуу Түз сызыктуу Көп кырдуу Балкону менен Балконсуз |
Куполдордун саны | Бир куполдуу Көп куполдуу |
Мерчемдин түзүлүшү | Көп колонналуу, гипостилдүү Көп колонналуу куполдуу Колоннасыз Үч бөлүктүү: кирүү бөлүгү – сыйынуу жайы-ханака- михраб Айваны менен (ачык галереялар) кирүү бөлүгүн тегерете үч тараптан же болбойт |
Мунаранын жайгашуусу | Өзүнчө турган Кошулуп курулган Үстүнө курулган |
Михрабдын жайгашуусу | Батыш дубалына кошулуп курулган |
Галерея-балкондун жайгашуусу | Чыгыш тарапта П-түрүндө түндүк, чыгыш жана түштүк тараптарда |
Чатыр каптамынын формасы | Куполдук Көп куполдуу Чатырча -куполдук |
|
|
Кабаттардын саны (ярус) | Бир кабат Жер төлө кабаты менен бир кабат (стилобаты менен) |
Э с к е р т ү ү- Мунарасы жок мечиттерди курууга болот | |
6.6 Кварталдык мечиттердин имаратын долбоорлоо тапшырмасына ылайык–бир кабаттуу, бир мунарасы менен же мунарасыз долбоорлоо керек.
Коомдук комплекстерде сыйынуучу жайлар биринчи же жер төлө кабатта жайгашуусу керек.
6.7 Мечиттин ортоңку бөлүгүнүн бийиктиги (барабансыз жана куполсуз) 4 м кем эмес болушу керек (кварталдык мечит - маала). Негизги жумалык мечиттердин ортоңку бөлүгүнүн бийиктиги жалпы көлөмдүк-мейкиндиктик чечимдерге ылайык кабыл алынат, бирок 5 м кем эмес болушу керек. Балкондун, галереянын бийиктиги 3 м кем эмес түзүшү керек. Жардамчы жайлардын бийиктиги жер тамандан шыпка чейин аз дегенде 3м болушу керек.
Шаардык жана кварталдык мечиттерде, ошондой эле айылдык чоң мечиттерде имамдын михрабга өтүүсүнө ыңгайлуу болсун үчүн негизги сыйынуучу жайга капталдан кирүү каралышы керек. Капталдагы кирүү михрабдын оң тарабынан (түштүк) каралганы туура болот. Бул кирүүнү эвакуациялык кирүү менен айкалыштырууга жол берилет.
6.8 Куполдун таризи, анын көрүнүшү жана көлөмү, ошондой эле куполдун барабандары жалпы көлөмдүк - мейкиндиктик жана композициялык чечимдерди, ошондой эле анын символикалык маанисин эске алып кабыл алынат.
6.9 Мечиттин имаратынын көлөмүн долбоорлоодо сыйымдуулуктун бир орунуна мкем эмес кабыл алуу керек.
Кварталдык (маала) мечиттер 3-5
Негизги жумалык шаардык мечиттер 6-8
Э с к е р т ү ү: Көлөмдүк-мейкиндиктик чечимдерге байланыштуу көрсөтүлгөн көлөмдөрдү 20% чейин чоңойтууга же азайтууга болот.
6.10 III климаттык райондо жана IIIг климаттык кичи райондо башкы кирүүнүн алдына тамбур каралуусу керек. Кошумча кирүүлөрдө эвакуациялык кызматтагы тамбурлар каралбашына жол берилет.
Тамбурлардын кеңдиги 1,2 м кем эмес.
Эшиктин жабылуу тешиктерине 2см бийик босоголорду орнотууга жол берилбейт.
Мечиттин негизги кирүүсүнөн сырткы эшиктердин кеңдиги 1,2 м кем эмес, ал эми ички эшиктердин эркин өтмөгү 1 м кем эмес кабыл алуу сунушталат.
Тышкы тепкичтердин кеңдиги кеминде 2,2 м, ал эми мечиттин кире беришинде жайгашкан аянттын жер деңгээлинен бийиктиги 0,45 м ашык жана бийиктиги 0,9 м тосмосу болушу керек.
Мечитке жана шаардык, негизги мечиттердин жардамчы имараттарына кирүүсүн, пандустарды, тепкичтерди, кошумча каражаттар жана куралдарды (туткалар, кармагычтар) КР КЧ 31-04 талаптарына ылайык долбоорлоо керек.
6.11 Сыйынуучулар жайгашкан ханака жайынын аянтын бир кишиге 0,72мкем эмес эсеп менен кабыл алуу сунушталат.
Мечиттин жалпы аянтын бут кийим чечүү үчүн чоң далисти жана мунараны эсепке албастан мечиттин сыйымдуулук бирдигине 1ден 1.2 мчейинки эсептөө менен кабыл алуу сунушталат.
6.12 Мечиттин функциялык-мерчмедөөчү схемалары диний мааниге, ошондой эле намазга байланыштуу анын элементтеринин символикалык мааниси Б тиркемесиндеги схемалык моделде берилди. Мечиттин негизги элементтеринин тариздери, алардын функциялык жана кооздук элементтери, анын ичинде:
- мечиттин куполунун жарым ай менен төбөсүндө орнотулушу;
- мечиттин жер таманынын жер деңгээлинен көтөрүңкү болушу;
- таш мечиттерде бириктирмелердин, аркалардын, куполдордун, терезе жана эшик орундарынын учтуу таризи;
- мечиттин ортоңку бөлүгүнүн жогору жакта куполдун барабандарынан жана дубалдын жогору бөлүгүндөгү оюктардан жарыктандырууну уюштуруу.
6.13 Мечиттин чоң далиси (кварталдык-маала мечиттен башка) кирүү тамбурунун кызматын аткарышы же бут кийим чечүү жана сактоо жайларын кошуу менен өнүктүрүлүшү мүмкүн.
Чоң далистер сырт кийим үчүн гардеробду, мүлк-шайман жана чыгдан жайларын (долбоорлоо тапшырмасы менен аныкталат) жайгаштыруу үчүн өнүктүрүлүшү мүмкүн. Сырт кийим үчүн гардероб бар болгондо илмектердин саны долбоорлоо тапшырмасы менен аныкталат, бирок мечиттин сыйымдуулугунан 10% кем эмес болушу керек.
6.14 Сыйынуучуларды жайгаштыруу үчүн, жайдын ортоңку бөлүгүнүн – ханаканын 95% аянты пайдаланылат. Аянттын калган 5% минбар жана колонналарды тегерете жайгаштырылган куранды коюучу такта ээлейт.
Шаардык негизги мечиттерде купол аянтынын тепкичтеринде көтөрүлгөн түрдө кирүү аркасы жана зал тарапка караган тепкич тосмолору (перила) менен минбар орнотулат.
6.15 Ханаканын ортоңку бөлүгүнүн түндүк тарабында минбарга жакын максура – бийликтин жогорку өкүлдөрү үчүн жай орнотулушу мүмкүн. Максура өлкөнүн башкы мечиттеринде гана орнотулат.
6.14 Куполдун тышкы таризи ислам архитектурасы үчүн мүнөздүү учтуу контур менен болушу керек (Б тиркемеси). Купол “кубба” же жарым ай түрүндө аякташы керек.
6.15 Мечиттин курулуш жана жасалгалоо материалдарынын гигиеналык тастыктамасы болушу керек. Мусулман салтына ылайык табигый материалдарга артыкчылык берүү керек, анын ичинде, таш жана жыгач, ошондой эле алардын узакка чейин сакталышын, акустикалык маңызын жана кийин жазуу түшүрүүгө жарактуулугун да эске алуу зарыл.
6.16 Ханака жайынын ички жасалгасынын башкы элементи болуп михраб эсептелет, ал композициялык, иш - милдеттик жана сакралдык жайдын борбору.
6.17 Куран жазууларынын тексттерин долбоорлоо тапшырмасына ылайык диний башкаруу боюнча жоопкерчиликтүү орган менен макулдашуу зарыл. Михрабдын архитектурасы башкача ички жасалганын жалпы көркөмдүк чечимдерине ылайык, заманбап, салттуу элементтерсиз болушу мүмкүн.
6.18 Куполдун тышкы таризи ислам архитектурасы үчүн мүнөздүү учтуу контур менен болушу керек (Б тиркемеси). Купол “кубба” же жарым ай түрүндө аякташы керек.
6.19 Мечиттин курулуш жана жасалгалоо материалдарынын гигиеналык тастыктамасы болушу керек. Мусулман салтына ылайык табигый материалдарга артыкчылык берүү керек, анын ичинде, таш жана жыгач, ошондой эле алардын узакка чейин сакталышын, акустикалык маңызын жана кийин жазуу түшүрүүгө жарактуулугун да эске алуу зарыл.
6.20 Мечиттердин жоопкерчилик деңгээли боюнча КЧжЭ 2.01.07 ылайык ишенимдүүлүк коэффициенти менен багыты боюнча 1,0 барабар 1-класста болушу керек.
6.21 Тосмо плиталарына, тепкичтерге жана топурактагы жер таманга бирдей бөлүштүрүлгөн убактылуу жүктөрдүн ченемдик маанилери 400 кгс/ м барабар КЧжЭ 2.01.07 4 пунктуна 3-таблицага ылайык кабыл алуу керек.
6.22 Арка, бириктирме жана купол сыяктуу диний архитектурага таандык элементтер кыштан же бетондон жасалышы мүмкүн. Айтым учурларда бириктирме каптамы металл каркас боюнча торкретбетондоону пайдалануу менен жасалышы мүмкүн. Чатыр каптамдарын орнотуу үчүн кыш, жыгач же металл конструкцияларын колдонууга болот.
6.23 Чоң негизги мечиттердин куполун каптоо үчүн жез тактасы же дат баспаган болот тактасы пайдаланылат.
6.24 Чарчы же көп бурчтуу негизден куполдун барабанына өтүү парустун жардамы менен түзүлөт, негиз катары Кыргызстандын жана Орто Азиянын архитектуралык салттарын алууга болот. Парустар кыштан, бетондон же торкрет бетондоо жолу менен жасалышы мүмкүн.
6.25 Мечиттин сыйынуу жайынын жер таманын долбоорлоо тапшырмасына ылайык жыгачтан же жылытуусу менен башка материалдан жасоо сунушталат.
6.26 Дубалдар кийин сүрөт тартуу үчүн акиташ – кум же цемент шыбак менен, ошондой эле табигый таш, мозаика же жыгач менен жасалгаланышы мүмкүн. Долбоорлоо тапшырмасына ылайык аткаруу сунушталат.
Мунара
6.27 Мунара мечиттин ажырагыс бөлүгү болуп саналат, анын милдети суткасына 5 жолу мусулмандарды намазга чакыруу.
Азыркы мунаралардын курулушунда алар исламдын символу катары айрыкча шаар куруу маанисине ээ болот.
6.28 Мечит композициясындагы мунаралар өзүнчө турушу, кошулуп курулушу жана жергиликтүү архитектуралык-курулуш салттарына байланыштуу уланып курулушу да мүмкүн. Мечиттердеги мунаралардын саны мечиттин макамына жараша бирден төрткө чейин өзгөрөт. Кварталдык мечиттер мунарасыз долбоорлонот. Өзүнчө турган жана кошулуп курулган мунаралар бир же эки мунаралуу болсо, мечиттин алдыңкы тарабында (чыгыш тарабынан) ал эми төрт мунаралуу болсо бурчтарда жайгашат. Кошулуп курулган мунаралар мунаранын кандайдыр бөлүгүнүн чатырынын алдында жайгаштырылат.
6.29 Мунаралар бир нече же бир балкон-чырагы менен аяктаган бийик мунара курулмасы түрүндө орнотулат. Мунаралардын бийиктиги мечит комплексинин көлөмдүк-мейкиндик композициясына байланыштуу болот.
6.30 Мунараларга чыгуу кеңдиги 0,8 м кем эмес кармагычтуу ички оролмо тепкич аркылуу жүргүзүлөт.
6.31 Мунарада чырак үчүн оюктун көлөмү анын архитектуралык таризи менен аныкталат. Азыркы учурда мунаранын терезесинен муэдзин тарабынан азан айтуу эскирди жана биринчи кабаттагы тиешелүү жайдан пульт менен башкаруучу аудиосистема колдонулат. Азанды берүү үнүнүн бийиктиги жакынкы аймакка минималдуу таасир берүүсүн эске алуу менен жөнгө салынуучу болушу керек.
6.32 Мунаралардын символикалык мааниси абдан жогору. Исламдын символу болуу менен мунаралар жер башталышын асман биригүүсү менен байланыштырат.Шаарларды курууда мунаралардын шаар куруучулук негизи исламдын ордун жана символун аныктап, көрүп кабыл алуунун башкы чекити катары түшүнүлөт. Ошондой эле азыркы ислам архитектурасы орто кылымдагыдан айырмалангандай, мунаралар да милдетин өзгөртөпстөн жаңы үн, жаңы тариз алууда.
7 Жардамчы багыттагы имараттар жана курулмалар
7.1 3-таблицада көрсөтүлгөн администрациялык, чарбалык жана жардамчы багыттагы имараттар жана курулмалар, алардын курамы, аянты мечиттин түрүнө, анын сыйымдуулугуна байланыштуу, долбоорлоо тапшырмасына ылайык долбоорлонот, ал мечиттин түрүнө жана анын сыйымдуулугуна байланыштуу болот. Долбоорлоо тапшырмасында мечит үчүн зарыл болгон жардамчы имараттар жана курулмалар көрсөтүлүшү жана негизделген болушу керек.
7.2 Жардамчы жайлардын ичинде даараткана мечиттин бардык түрү үчүн милдеттүү болуп саналат.
7.3 Даараткана мечитке кире бериштин алдындагы аймакта жайгаштырылат. Айрым учурларда даараткана мечит комплексине кириши мүмкүн, анда ханака жайына кирүү алдында жайгаштыруу шартында болот. Даараткананы мерчемдөө жуунуу адатын аткарууга ыңгайлуу болушу керек.
Отуруу жана бут жуу орундары сыйымдуулугу 1000 орундан ашык чоң мечиттер үчүн бир орун ханака жайында 25 орун эсебине ылайык келиши керек. 1000 орунга чейинки мечиттерде дааратканадагы бир орун ханака жайында 20 орун эсебине ылайык келтирилиши керек.
7.4 Даараткананын аянты бир орунга 1.2 м2эсеби менен мерчемделет. Бул аянтка коомдук имараттар үчүн санитардык ченемдер боюнча ажаткана кабиналары жана жууну жайлары кошумча киргизилет. Күлтүк (унитаз) жана генуя аягынын (чаша генуя) багыты кыбылага карата капталда болушу керек.
7.5 Медресенин имараттары жана жайлары мечиттин түрүнө жана анын сыйымдуулугуна жараша долбоорлоо тапшырмасы боюнча долбоорлонот. Тапшырмада окуучулардын контингентине ылайык жайлардын курамы аныкталат. Окуучулар келип кетүүчү, алардын сабактары үчүн аудитория – дарскана жетиштүү, жана жыл бою созулуучу жатак мектеп түрүндө да болушу мүмкүн. Алар үчүн дарскана, жатакана, ашкана, санитардык түйүндөр, китепкана ж.б. жайлардын кадыресе иштеши үчүн зарыл жайлар долбоорлонот.
Медресени долбоорлоодо билим берүү мекемелерин долбоорлоо үчүн ченемдер колдонулат.
7.6 Медресенин имараты мечит комплексинин курамында А тиркемесине (башкы план) ылайык өзүнчө орунду ээлейт. Медресенин имараты мечиттин аймагынан башка аймакта өзүнчө жайгашуусу мүмкүн. Медресенин жайларынын аянттарынын ченеми жана башка талаптар ушул ченемдерине ылайык кабыл алынат.
8 Табигый жана жасалма жарыктандыруу, чуудан сактоо, үндөн коргоо жана жайлардын акустикасы
8.1 Диний комплекстердин имараттарын жана курулмаларын табигый жана жасалма жарыктандыруу ЭАКЧ 2.04-05 ылайык, ал эми мечит имараттарын ушул бөлүмдүн талаптарын эске алып долбоорлоо керек. Мечитти жарыктаныруу тутуму табигый жана жасалма жарыктандырууну камтыйт.
8.2 Мечиттин ар бир түзүмдүк бөлүгүнүн жарыктандыруу деңгээлине, багытталуусуна жана жарык берүү булагынын ордуна ал бөлүктөрдүн символикасы жана иш багыттары менен шартталган атайын талаптар коюлат.
8.3 Аялдар үчүн балконду табигый жарыктандыруу чектелген болушу керек.
8.4 Мечиттин ортоңку бөлүгүн табигый жарыктандыруу жогорку аймактан дубалдагы терезелер жана куполдун жарыктык барабандары аркылуу ишке ашырылат, алардын көлөмдөрү фасаддын архитектуралык чечими менен аныкталат. Жарыктык оюктардын аянты жер тамандын аянтынын 10% чегинде каралышы сунушталат.
8.5 Мечиттин имаратынын жана башка жайларынын терезелерине эреже катары панджара торлор орнотулат, алардын бөлүгү өрт коопсуздугу максатында жайдын сыртына ачылат.
8.6 Мечиттин жер төлө кабатында жайгашкан жардамчы жайлары: адамдар үзгүлтүксүз жүргөн жайлардан башка жайларды, коридорлорду, текче бөлмөлөрдү, инженердик-техникалык жайларды табигый жарыктандыруусуз долбоорлоого жол берилет. Табигый жарыктандыруусуз долбоорлоого жол берилген жайларда экинчи жарыктан жарыктандыруу каралса болот.
8.7 Жасалма жарык берүү чырактары төмөнкүдөй жайгаштырылат: мечиттин ортоңку бөлүгүндө 12 чырактан ашык асмашамдар, дубалдарда 1-3 чырактан турган дубал бралары орнотулат.
8.8 Мечитин негизги бөлүгүнүн жасалма жарык берүүсүнүн ченемдик көрсөткүчүн ЭАКЧ 2.04-05-95 жана 5-таблица боюнча кабыл алуу керек.
5-таблица
№ п.п. | Аталышы | Ысып кетүүчү чырактарда лк жарыктандыруу деңгээли |
1 | Балкон | 20 |
2 | Ортоңку бөлүк | 50 |
3 | михраб | 200 |
8.9 Мечиттеги акустикалык жайлуулук акустика, тышкы жана ички чуудан коргоо боюнча иш-чаралар комплекси менен камсыздалат.
Чуудан коргоочу иш-чараларды долбоорлоодо ЭАКЧ2.04-03 ылайык жол берилген чуунун үн басымынын спектрдик деңгээли ПС-35 ийри сызык боюнча кабыл алынышы керек жана ушул бөлүмдө көрсөтүлгөн чуудан коргоочу ыкмаларды жана каражаттарды колдонуу керек.
8.10 Мечиттерди куруу үчүн тилке тандоодо жердин чуу картасына талдоо жүргүзүү зарыл. Мечит имаратын жана анын комплекстерин чуусу жогору режимде иштеген объектилерге ( аэропорттор ж.б.) жакын куруу сунушталбайт.
8.11 Вентиляциялык камералар, соргуч, жылуулук пункттары жана чуу, дирилдөө (вибрация) булагы болгон инжкенердик жабдуулары менен башка жайлар мечит жайлары инженердик камсыздоо боюнча колдонуудагы ченемдерге ылайык жайгаштыруу керек.
8.12 Мечит жайларында ички каптамдардын (жасалгалоонун көлөмдөрү, түрлөрү) ылайыктуу параметрлерин тандоо акустикалык жайлуулукка жетүү үчүн эсептөөгө ылайык жүргүзүлүшү керек.
Мечит жайларынын акустикасын долбоорлоодо көрүү залдарын акустикалык долбоорлоодо колдонулган ыкмаларды жана каражаттарды мусулман мечиттеринин көлөмдүк-мерчемдөө чечимдеринин жана функциялык колдонуу өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен пайдалануу керек. Реверберация (үн чыккан булакты өчүргөндөн кийин үндүн акырындык менен өчүү процесси) убактысынын жыштык мүнөздөмөсүн эсептөөдө мечиттерде берилген акустикалык белгилердин (үгүт, хутбалар, намаз) өзгөчөлүгүн, ошондой эле келгендердин санына жана жайгашуу ордуна байланыштуу акустикалык шарттардын салмактуу ажыратылышын эске алуу керек. Реверберациянын көлөмдүк оптимуму мечитти толтуруунун түрдүү деңгээлинде мүмкүн болгон реверберациянын мезгилдик орточо маанисинен жол берилген четтөөлөрдүн диапазонун көрсөтүшү керек.
8.13 Ички көлөмү борбордук, арткы жана капталдагы балкондор, үн талаасы болуп бөлүнгөн мечиттерди долбоорлоодо мечиттин өзүнчө бөлүктөрүнүн үн талааларынын өз ара акустикалык таасирин жана диффузиялык эмес мүнөзүн эске алуу менен эсептөө керек. Мындай учурда мечиттин ар бир бөлүгүнүн кийинки жаңыруу (реверберация) өтмө процесси төмөнкү факторлордун бирдиктүүлүгүн эске алуу менен ажыратып эсептөө керек:
- функциялык багыты, ар бир көлөмдүн толтурулуш деңгээли;
- мечиттин ар бир бөлүгүнүн аба көлөмүнүн, алардын ортосундагы оюктардын аянты жана сыйынуучуларды жайгаштыруу аянтынын байланышы;
- өзүнчө көлөмдөрдө үн тартуунун жалпы фондунун ортосундагы акустикалык байланыш.
8.14 Мечиттерде үн күчөтүүчү түзүлүштөрдү колдонууда аларды тандоону жана жайгаштырууну акустикалык эсептөөгө ылайык ишке ашыруу керек.
8.15 Негизги электр тармактарынан алыс жайгашкан жолоочулар үчүн мечиттерди жасалма жарыктандыруусуз долбоорлоо же жарыктандыруу үчүн өзүнчө энергия булагын колдонууга жол берилет.
9 Инженердик жабдуулары
Жылытуунун жана вентиляциянын
9.1 Мечит комплекстеринин имараттарында жана курулмаларында жылытуу жана вентиляция каралууга болот, алар КЧжЭ 2.04.05 жана ушул бөлүмдүн талаптарына ылайык аткарылышы керек.
Мечит комплекстеринде кышкы жана жайкы залдары болсо, жайкы залда жылытуу тутуму каралбашына жол берилет.
9.2 Коомдук имараттар үчүн кабыл алынган энергияны үнөмдөө боюнча талаптар мечиттерди долбоорлоодо анын диний пайдалануу өзгөчөлүгүнө жана конструкциялык чечимине байланыштуу эске албоого жол берилет.
Мечиттин тосмо конструкцияларынын жылуулук берүүгө каршылык көрсөтүүсү (оюктарды толтуруудан тышкары) , КЧжЭ 23-01 аныкталган санитардык-гигиеналык жана ыңгайлуу шарттардан улам төмөн болбошу керек. Мында ченемделген температуралык туруксуздук 0,8() барабар кабыл алынат, бирок, 4 °С жогору эмес.
Тышкы тосмо конструкцияларынын жылуулук берүүгө каршылык көрсөтүүсүндө жылуулук жана вентиляция тутуму мечиттин ички дубалдарында жана чатырында конденсаттын пайда болушун жоюуну камсыздоосу керек.
9.3 Мечиттин жылытуу тутуму (суу менен, аба, электр менен, меш аркылуу) долбоорлоо тапшырмасына ылайык анын иш-милдеттик багытына жана диний режимге, сыйымдуулугуна, көлөмдүк-мерчемдөө жана конструкциялык чечимдерге, курулуш ордуна карата тандалат.
Мечит комплекстеринин имараттарын жана курулмаларын жылуулук менен жабдуу тышкы тармактардан жана жеке өз алдынча жылуулук булагынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
9.4 Жылытуу тутуму мечиттин бардык бөлүктөрү үчүн каралат. Жылытуу тутумунун өзүнчө бутагы мечит (сыйынуу жайы), медресе, чарба бөлүгү жана комплекстин курамына кирген башка имараттар үчүн каралышы керек.
Тышкы тармактардан жылуулук менен жабдууда жергиликтүү шартка байланыштуу диний комплекстин жардамчы имараттарынын биринде атайын бөлүнгөн жайда жеке жылуулук пункту (ЖЖП) түзүлөт.
Коомдук багыттагы мекеменин имаратына сыйынуу жайын жайгаштырууда сыйынуу жайы жана ал кошулуп курулган имарат менен бирге мечитке жылуулук энергиясын жана сууну эсептегичти өзүнчө орнотуу менен ЖЖП жана ТБну (түзүлүш башкарууну) орнотууга болот.
Түрдүү багыттагы имараттарга кошулуп курулган сыйынуу жайларынын жылытуу жана вентиляция тутуму долбоорлоо тапшырмасына ылайык бул имараттардын тутумдарынан өзүнчө долбоорлонушу керек.
9.5 Мечиттин суу менен жылытуу тутумунун түтүктөрүн чыгарылма плиталары менен көмүскө каналдарда орнотуу керек. Суу менен жылытуу тутумунун жылытуу приборлорун тышкы дубалдарга жана жарык үчүн оюктардын астына орнотуу сунушталат.
9.6 Сыйымдуулугу 300 кишиге чейинки реконструкцияланып жаткан мечиттерде, тышкы абанын температурасы эң суук жума эсебинде ички абанын температурасы кызматтан тышкары мезгилде 8°С төмөн түшпөсө (Б параметрлери), жалпы жылытуу тутумун караштырбоого жол берилет. Мындай учурда сыйынуу башталганга чейин абаны электр менен жылытуу аркылуу ишке ашырылат.
Жергиликтүү жылуулук булагын, анын ичинде май менен электр радиаторун орнотуу менен жайлуу микроклимат аймагын түзүүгө жол берилет.
9.7 Жылытууну жана мечиттин негизги жайларында аба алмашуунун эселигин долбоорлоодо абанын эсептелген температурасын 6-таблица боюнча кабыл алуу керек.
6-таблица
Жайлар | Абанын эсептелген температурасы,°С | 1 сааттагы аба алмашуунун эселиги
| Кошумча көрсөтмөлөр |
| |||
|
| Кирүү | Соруу |
|
| ||
|
Чоң далис (вестибюль) | 14 |
| Жылдын суук мезгилинде: жылытууну долбоорлоо үчүн 14 °С; |
| |||
|
|
|
| Б параметрлери боюнча тышкы абанын эсептелген температурасында салыштырма нымдуулук - 40-55%. Жылдын жылуу мезгилинде: 28 °С жогору эмес, Б параметрлери боюнча тышкы абанын эсептелген температурасында салыштырма нымдуулук - 50-55%; Муздак суунун рециркуляциясы | |||
Мечиттин ортоңку бөлүгү | 20 | Эсептөө боюнча,бирок 1 кишиге 30 м/чтышкы аба
|
| ||||
Михраб бөлүгү | 20 | Ошондой эле | Үзгүлтүксүз иштеген жылытуунун кошумча булактарын колдонууга болот. | ||||
|
|
|
| ||||
9.8 Жылытуучу жер тамандар (пол) мечиттин ортоңку бөлүгүндө жер тамандын үстүнүн орточо температурасы 23 °С жогору эмес каралышы мүмкүн.
9.9 Аба аркылуу жылытууну долбоорлоодо кирген абанын температурасы тейлөө аймагында 40 °С ашпоосу керек.
Мечиттер үчүн вентиляция менен бириктирилген аба аркылуу жылытууну долбоорлоодо тутумду автоматтык башкаруу, анын ичинде, сыйынуу мезгилинде жайларда 16 °С эсептелген температураны жана 40-55% салыштырма нымдуулукту кармап туруучу, ошондой эле кызмат эмес күндөрү абанын температурасын 8 °С камсыз кылууну кароо керек.
Мечит жайларын аба менен жылытуу тутумунда абанын кайра айланышы (рециркуляция) кызмат эмес мезгилде гана жол берилет.
9.10 Сыйымдуулугу 300 кишиге чейинки мечиттерде борбордук жылуулук булагы жок болгондо өрткө каршы талаптарды сактоо менен жеке жылытуу булагы жол берилет.
9.11 Мечиттин борбордук бөлүктөрүндө төмөнкү аймакта абанын кыймылдуулугу 0,3 м/с жогору болбошу керек. Вентиляциянын механикалык тутумунда аба таратуучулар аба таратуу жана акустика шарты менен эсептелет.
9.12 Мечит жайларында аба алмашууну эсептөөдө адамдардан жана күйгөн шамдардан, чырактардан бөлүнүп чыккан ашыкча жылуулукту тартууну эске алуу керек.
9.13 600 кишиликжана андан көп сыйымдуулуктагы мечиттер үчүн суу жылытуучу калориферди орнотууга болот, ал мечиттин ичиндеги температуралык-нымдуулук параметрлердин бир аз өзгөрүүсүн автоматтык түрдө камсыз кылып турат (5 °С аз жана1 саатта 5% салыштырма нымдуулук).
9.14 Сыйымдуулугу 600 кишиге чейинки мечиттерде механикалык кирүү уюштурулбаган табигый вентиляция түзүлүшүн орнотууга жол берилет, мында 8-таблицада көрсөтүлгөн аба алмашуунун эселигин камсыз кылган шартта.
9.15 Кызмат учурунда иштеген механикалык кирүүчү вентиляцияны долбоорлоодо мечит жайларында 1 адамга 20м3 /с эсеби менен табигый вентиляция каралышы керек.
9.16 Мечит жайларынан абаны чыгаруу дубалдарга коюлган мечиттин жогорку аймагына жайгаштырылган терезе оюктары жана тосмолору аркылуу, кол менен же автоматтык түрдө ачылуучу соргуч каналдар аркылуу каралышы керек; жарык барабанында орнотулган жана аба алмашуунун талап кылынган эселигин, мечитке атмосфералык нымдуулукту жана кыш мезгилинде муздак абанын кирүүсүн жоюуну камсыз кылуучу желдетүүчү түзүлүш аркылуу каралышы керек.
9.17 III климаттык райондо куруу үчүн долбоорлонгон мечит имараттарында терезе тешиктери аркылуу өтмө же бурчтук желдетүү каралышы керек.
9.18 Аба соргуч вентиляциянын өзүнчө тутуму төмөнкү жайлар (жайлардын тобу) медресе, чарбалык, даараткана үчүн каралышы керек. Аларды долбоорлоо КЧжЭ 2.04.05 талаптарына ылайык жүргүзүү керек.
Суу менен жабдуу жана канализация
9.19 Мечит комплекстеринин имараттарында жана курулмаларында ысык суу менен жабдуу, чарбалык – ичүүчү, тышкы өрткө каршы суу менен жабдуу, суу менен жабдуунун тышкы тармактары жана тышкы өрт өчүрүү, канализация жана агынды суу каралышы керек, аларды КЧжЭ2.04.01, КЧжЭ 2.04.02 жана ушул бөлүмгө ылайык долбоорлоо зарыл.
9.20 Суу менен жабдуу жана канализация тармагы менен камсыз болбогон тилкеде жайгашкан сыйымдуулугу 100 кишиге чейинки мечиттерде жергиликтүү тутумдарды, анын ичинде, кол жуугуч жана хауздун (жасалма көлмө)борбордук суу берүүсүз каралышына жол берилет.
9.21 Мечит комплекстеринин имараттары үчүн тышкы өрт өчүрүүгө сууну сарптоону аныктоодо КЧжЭ 2.04.02. 6-таблицадагы жетекчиликке алуу керек.
9.22 Муздак жана ысык суунун түтүктөрүн киргизүү ордунда суу өлчөгүч түйүндү жайгаштыруу үчүн жай каралышы керек.
Муздак жана ысык сууну тартып келүү: даараткананын кранына, жуунуучу жайга, мечиттин техникалык персоналынын бөлмөсүндө жана жайды тазалоочу жардамчы жайларда орнотулган суу алуучу кранга, жуунгучтарга жана жуучу жайларга, даараткана жуунгучтарына, ашкана жабдууларына каралышы керек. Муздак сууну тартып келүү даараткана күлтүктөрүнө (унитаз) да каралышы керек.
Муздак жана ысык сууну чарбалык-ичүү зарылдыктарына сарптоонун эсептелиши КЧжЭ 2.04.02 3-тиркеменин көрсөтмөлөрүнө ылайык администрациялык багыттагы имараттарга окшош жүргүзүү керек.
9.23 Купелдин аралаштыргыч түзүлүшүнө келген ысык суунун температурасы 60 °С жогору болбоого тийиш.
9.24 Мечиттин аймагында жаан тоскуч тармактар бар болсо, мечитте жер таманды жуугандан кийинки сууну кетирүүчү трап каралышы керек. Ал жок болгондо кир суулар атайын бөлүнгөн орунга төгүлөт.
9.25 Курулуш жүрүп жаткан аймакта суу түтүгү жана канализация тармагы жок болгон учурда I жана II климаттык райондоөзүнчө бөлүнгөн люфт-клозет (жылытылган даараткана) каралууга, ал эми III климаттык райондо–тышкы стационардык ажааткана же жылытуу, аба соргуч жана жасалма жарыктандыруу менен жабдылган казма ажаткана каралышына жол берилет.
Айылдык өзүнчө мечиттерде же жолоочулар үчүн мечиттерде жылытуу тутумунун каралбашына жол берилет.
Электротехникалык жана күчсүз токтуу түзүлүштөр
9.26 Мечит комплекстеринин имараттарында жана курулмаларында электр жабдуулары, анын ичинде, электрди күчөтүүчү, электр жарыктандыруу, телефон тармагы тутуму жана автоматтык өрт ишараттоосу каралышы керек. Мечит имараттары жана мечит комплексине кирген башка жайлар долбоорлоо тапшырмасына ылайык кондиционер түзүлүштөрү, теле берүү тутуму, үндү күчөтүүчү түзүлүштөр, күзөт ишараттоосу жана өрт тууралуу билдирүү тутуму менен кошумча жабдылышы мүмкүн.
9.27 Имараттарды электр менен камсыз кылуу, электр жабдуулары, электр жарыктандыруу, күчсүз токтуу түзүлүштөрү, имараттарды жана аймакты жарыктандыруу ЭАКЧ 2.04-05, КЧжЭ 3.05.06 талаптарына ылайык каралышы керек.
9.28 Мечит комплекстерине кирген имараттарды электр менен жабдуунун ишенимдүүлүк категориясы, алуу булагы, кирүү жана бөлүштүрүү щиттеринин түрлөрү долбоорлоо тапшырмасы менен аныкталат.
9.29 Мечит комплекстеринин имараттарынын бардык жайларында көмүскө электр өткөрүү каралышы керек. Кошумча жайларда ачык электр өткөрүүгө жол берилет.
9.30 Электр кабыл алуунун алуу жана бөлүштүрүү тармагын, өрткө каршы түзүлүштөрдү жана имараттын күзөт ишараттоосун башка электр тармактары менен жалпы кутуда, түтүктө жана каналда орнотууга жол берилбейт.
9.31 Мечитке жалпы жарык берүү чыңалуу чырактары менен аткарылат, люминесценттик чырак сунушталбайт.
9.32 Асмашамдарды, дубал браларын, залдын, балкондун жана михрабдын үстүнөн жалпы жана жергиликтүү жарык берүүнү иштетүү өзүнчө каралышы зарыл. Өчүргүчтөр жер тамандан 1,5-1,8 м бийиктикте орнотулушу керек.
9.33 Майрамдык жарыктандыруу үчүн жалпы жарыктандыруу тутумунда кошумча чырактар каралышы керек.
9.34 Мечит жайларын жыйноо үчүн чаң соргучту жана башка техникалык каражаттарды кошуу үчүн жерге киргизилген жана жайдын периметри боюнча 10м сейрек эмес коргоочу капкактары менен штепселдик розетка каралышы керек.
9.35 Электрщиттери, эреже катары, мечит персоналдары үзгүлтүксүз болуучу биринчи кабаттарда жайгашуусу керек. Электрщиттеринин жайын топурак суулары төмөн болгон жана гидроизоляция орнотулган шартта жер төлө кабатта жайгаштырууга жол берилет.
9.36 100 кишиден ашык сыйымдуулуктагы мечиттерде авариялык жарыктандыруу каралышы керек.
Мечиттен адамдарды эвакуациялоо үчүн авариялык жарыктандыруу мечиттин борбордук бөлүгүндө, балконунда, тепкич аянтында, мунарада каралышы керек. Авариялык жарыктандыруу электр щиттеринин жайларында, вентиляциялык камераларда, жылуулук түйүндөрүндө, соргуч жайында каралышы керек, мында жарыктандыруу ченеми 2 лк камсыз болушу керек.
9.37 Мечит комплекстеринин жер участокторун тышкы жарыктандыруу ЭАКЧ 2.04-05 сунуштарына ылайык долбоорлонушу керек. Мечиттин тышкы жарык берүү түзүлүшүнүн зарылдыгы долбоорлоо тапшырмасы менен аныкталат.
9.38 Үндү күчөтүүчү түзүлүш сыйымдуулугу 1000 кишиден ашык мечиттерде каралышы зарыл, анда микрофондор имамдын бөлмөсүндө, ал эми үндүн булагы акустикалык эсептөөгө ылайык мунараларда жайгаштырылат.
9.39 Телефондорду орнотуу администрациялык жана күзөт жайларында каралышы керек.
9.40 Тарыхый-маданий, көркөм жана материалдык баалуу болуп эсептелген жана мамлекеттик эсептөөдө катталган терезе тосмолорунан башка диний предметтер жана курандар жергиликтүү коргоо органдары менен макулдашуу менен кошумча тапшырма боюнча күзөт тутуму менен жабдылуусу керек.
Күзөт ишараттоо каражаты менен ханака-залдары жабдылууга тийиш. Башка учурларда балкон гана.
Күзөт ишараттоосунун билдиргичи (датчик) катары: эшиктерди, терезелерди, форточкаларды ачууну бөгөттөө үчүн ишараттоолорун; айнекти талкалоону, кирүүнү, кирүү жана терезеге жакындоону билдиргичтерди колдонуу сунушталат.
Ишараттоо тармактары жер таманды даярдоодо, дубал кобулдарында жашыруун өткөргүчтүн каналында жашыруун жана алмаштыруучу болуп каралат. Долбоордук чечимдер күзөт тутумунун ишараттоосунун кабелдеринин жана түзүлүштөрүнүн жана телекөрмө контролдоонун чоочун жактарга жеткиликсиз болушун камсыз кылуусу керек.
Күзөт тутуму автоматтык өрт ишараттоо тутуму менен бириктирилген болушу мүмкүн.
Алыскы айылдык мечиттерде электр кубаты үчүн энергиянын өзүнчө булагын колдонууга жол берилет, ал эми жолоочулар үчүн мечиттерде электр энергиясын караштырбай коюуга жол берилет.
А тиркемеси
(сунушталган)
1000 орундук шаардык мечиттин Башкы мерчеминин болжолдуу схемасы
Башкы пландын экспликациясы
| |
1. Кирүү аймагы 1.1. Транспорт кирүү жана кирүү дарбазалары 1.2. Гүл аянты 1.3. Авто коюу жайы 1.4. Мечит дүкөнчөсү 1.5. Бастырма, эс алуу орундуктары 1.6. Гүл аянты 1.7. Фонтан 2. Мечит аймагы 2.1. Мечит 2.2. Кирүү алдындагы аянтча
|
3. Жардамчы аймак 3.1. Медресе 3.2. Жашылдандырылган аймак 3.3. Келгендер үчүн ажаткана 3.4. Даараткана 3.5. Администрациялык жай 4. Чарба аймагы 4.1. Гараж менен чарба блогу 4.2. Чарбалык кирүү 4.3. Таштанды чогултуучу жай 4.4. Автоунаа коюу жайы 4.5. Аялдар кирүүсү
|