КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-октябры № 411
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичтин өкүлүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевден Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн документтерди карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичтин өкүлү болуп 1973-жылы туулган, Кыргыз юридикалык академиясынын конституциялык жана муниципалдык укуктар кафедрасынын доценти Султанова Мукадам Эгемкуловна катталсын.
2. Султанова Мукадам Эгемкуловнага Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевдин өкүлүнүн күбөлүгү берилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Абдраимов |