Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
Курулуштагы ченемдик документтер тутуму
БИР БАТИРЛҮҮ ТУРАК ҮЙЛӨР
ОДНОКВАРТИРНЫЕ ЖИЛЫЕ ДОМА
Single apartment house
| |
|
Киргизүү датасы 2018-ж. 27-декабры
(Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 121-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
1 Колдонуу чөйрөсү
Ушул курулуш ченемдер жаӊы курулуп жаткан жана кабаттардын саны үчтөн көп эмес, бир үй-бүлөгө ылайыкталган (жеке турак курулуш объекттери), реконструкцияланып жаткан өзүнчө турган турак үйлөргө (мындан ары- үйлөр) тиешелүү.
Ушул курулуш ченемдер ошондой эле жаӊы курулуп жаткан жана реконструкцияланып жаткан кабаттардын саны үчтөн көп эмес, ондон ашпаган жана ар бири бир гана үй-бүлөгө ылайыкталып, коӊшу блоктор менен (блок менен)тешиктери жок жалпы дубалга ээ (жалпы дубалдарга ээ) бир нече блоктордон турган, өзүнчө жер тилкесинде жайгашкан жана жалпы колдонгон аймакка чыгышы бар (блоктолгон курулуштагы турак үйлөр) жана эгерде алар:
башка турак блоктордун бөлмөлөрүнүн үстүндө жайгашкан бөлмөлөргө ээ болбосо; жалпы чыгыштарга, көмөкчү бөлмөлөргө, чатырлардын алдыларына ээ болбосо;
өз алдынча желдетүүчү тутум бар болсо;өз алдынча жылытуучу тутумга ээ жана тышкы жылытуучу тармактарга жеке туташтыруулары жана кийрип алуулары бар болсо, аларга да тиешелүү болот.
Ушул талаптарга жооп бербеген блоктолгон үйлөр МАКЧ 3.02-04 талаптарына ылайык долбоорлонуп, курулат. Үйлөрдү ушул курулуш ченемдерине ылайык долбоорлоп, курган учурда, ошондой эле ушул ченемдердин талаптарына каршы келбеген башка бир батирлүү турак үйлөргө тиешелүү жалпы жоболорду жана ченемдерди колдонуу керек.
2 Ченемдик шилтемелер
Ушул курулуш ченемдеринде төмөндөгү документтерге ченемдик шилтемелер пайдаланылды:
МАКЧ 2.04-03-2005 Чуулдоодон сактоо;
МАКЧ 2.04-05-95 Табигый жана жасалма жарыктандыруу;
МАКЧ 3.02-03-2002 Мекемелер жана уюмдар үчүн имараттар жана бөлмөлөр;
МАКЧ 3.02-04-2004 Көп батирлүү турак имараттар;
МАКЧ 4.02-03-2004 Жабдыктарды жана трубопроводдорду жылуулап обочолонтуу;
МАКЧ 4.03-01-2003 Газ бөлүштүрүүчү тутумдар;
КЧжЭ 2.01.07-85* Жүктөмдөр жана таасирлер;
КЧжЭ 2.02.01-83* Имараттардын жана курулмалардын түптөрү;
КЧжЭ 2.02.04-88 Түбөлүк тоӊ грунттардагы түптөр жана пайдубалдар;
КЧжЭси 2.03.11-85 Курулуштук конструкцияларды коррозиядан сактоо;
КР КЧжЭси 23-01:2013 Имараттарды жылуулук менен сактоо;
КР КЧжЭ 23-02-00 Курулуш климатологиясы;
КР КЧ 35-01:2018 Жашоо-турмуш чөйрөсүн долбоорлоо керектөөлөрүн эсепке алуу менен мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү;
КР КЭ 20-02-2018 Сейсмотуруштуу курулуш. Долбоорлоо нормалары
ГОСТ 27751-88 Курулуш конструкцияларынын ишенимдүүлүгү жана негиздери.
Э с к е р т ү ү - Ушул курулуш ченемдерин колдонууда шилтеме жасалган ченемдик документтердин Кыргыз Республикасынын аймагында иштешин үстүбүздөгү жылда жарык көргөн Стандартташтыруу боюнча улуттук органдын жана Мамкурулуштун тийиштүү маалыматтык указаттелдери боюнча текшерүү максатка ылайык келет. Эгерде шилтеме жасалган документ алмаштырылса (өзгөртүлсө), анда ушул курулуш ченемдерин колдонууда алмаштырылган (өзгөртүлгөн) документтерди жетекчиликке алуу абзел. Эгерде шилтеме жасалган документ алмаштырылбай эле алынып ташталса, анда ага шилтеме берилген тиркеменин ушул шилтемеге тиешеси жок бөлүктөрү гана колдонулат.
3 Терминдер жана аныктамалар
Ушул курулуш ченемдеринде төмөндөгү терминдер тиешелүү аныктамалары менен берилген:
3.1 автотоктотмо: Сөзсүз көз салуукерекболбогон, транспорт каражатын коюуга мүмкүн болгон жабыкже ачык аянтча;
3.2 автономдуу турак блок: Өз алдынча инженердик тутумдарга ээ жанатышкы тармактарга жеке туташтыруулары бар, коӊшу турак блоктор менен жалпы чатырлардын алдыларына, жер төлөлөргө, коммуникация шахталарына, көмөкчүбөлмөлөргө, тыштан кирүүлөгө, ошондой эле башка турак блоктордун үстүндөгү же алдындагы бөлмөлөрүнө ээ болбогон турак блок;
3.3 веранда: Үйгө кошулуп салынган, үстү жабылган, жылытылбаган, терезеленген жай; аз кабаттуу үйлөрдө көп колдонулат, бирок түштүк райондордо көп батирлүү курулуштарда батирдин курамынын бөлүгү болуп эсептелет; адатта жылытылбайт, терезенин ачыла турган капкактары аркылуу желдетилет, кээде күн нүрүнан коргоочу түзүлүштөр менен жабдылат. Верандалар балдар мекемелеринде, санаторийлерде жана ооруканаларда кеӊири колдонулат;
3.4 блоктолгон турак үй: Аз кабаттуу турак курулуштун тиби, мында бир катарда жайгашкан бир типтүү турак үйлөр каптал дубалдары менен бири бири менен блоктолушат. Ушундай үйлөрдүн ар биринде өзүнчө кирүүчү эшиги, үйдүн алдындагы чакан багы, кээде, гаражы бар;
3.5 бир батирлүү турак үй: Бир үй-бүлө жана алар менен туугандык байланышта болгон же башка байланыштагы жакын адамдар менен ар дайым чогуу жашаш үчүн арналган үй;
3.6 коомдук милдеттеги жайлар/бөлмөлөр: Турак үйгө жанаша же кошуп курулган, үйдө жашаган адамдардын коомдук ишмердүүлүгүнө же башка жеке ишкердүүлүккө арналганжайлар/бөлмөлөр;
3.7 жер төлө: Инженердик тутумдардын трубопроводдорун жайгаштырууга арналган биринчи же цоколь кабаттын перекрытиеси менен топурактын үстүнө чейинки аралык;
3.8 желдетилүүчү жер төлө: Имараттын алдындагы жер үстүндөгү биринчи кабаттын перекрытиеси менен грунттун үстүнө чейинки ачык аралык;
3.9 кабат: Имараттын жердин деӊгээлинин үстүндөгү (алдындагы) деӊгээли; имараттын бөлмөлөрү жайгашкан эки горизонталдуу перекрытиесинин ортосундагы мейкиндиктин бөлүгү (пол менен шыптынортосу);
3.10 жер үстүндөгү кабат: Бөлмөлөрдүн полун белгилөөдө жердин мерчемделген белгисинен төмөн болбогон кабат;
3.11мансарда кабаты (мансарда): Чатыр алдында жайгашкан кабат, анын фасады толугу менен же жарым-жартылай чатырдын эӊкейиш бетинен (беттеринен) турат, мында чатырдын бетинин фасад менен кесилиш сызыгы мансарда кабатынын полунун деӊгэлинен 1,5м бийиктиктен жогору эмес болууга тийиш;
3.12 цоколь кабаты: Бөлмөлөрдүн полун белгилөөдө мерчемделген жер белгисинен бөлмөнүн бийиктигинин жарымынан көп эмес төмөн болгон кабат.
4 Жалпы жоболор
4.1 Үйгө кошо, кошо-жанаша курулган жалпы колдонуучу жайларда ар кандай милдеттеги мекемелердин жайгашуусуна уруксат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.04.2016-ж. №201 объектерге санитардык-эпидемиологиялык талаптар токтомуна ылайык берилет.
4.2 Үйдүн бөлмөлөрүнүн курамы, саны жана функционалдык өз ара байланышы, ошондой эле инженердик жабдыктардын курамы курдуруучу тарабынан аныкталат. Үйдө эс алууга, уктоого, гигеналык процедураларга, тамакты жасоого жана тамактанууга жана башка, адатта үйдө жасалуучу иштерге, шарттар түзүлүшү керек.
Мамлекеттик жана муниципалдык турак фондуна караштуу үйлөрдө, алардын ичинде социалдык милдеттеги турак фондуна караштууларында, батирлердин минималдуу аянтын жана алардагы бөлмөлөрдүн санын 3.02-04 ЭАКЧга ылайык кабыл алуу сунушталат.
4.3 Үйдө аз дегенде төмөндөгү курамдагы бөлмөлөр болууга тийиш: турак бөлмө(лөр), ашкана (ашкана-ниша) же ашкана-тамактануучу бөлмө, ванна же душ бөлмөсү, даараткана, кампа, же кошо курулган шкафтар; борборлоштурулган жылытуу тутуму жок болгон учурда – от жагуучу бөлмө.
Кошумча бөлмөлөр жана шарттар ушул курулуш ченемдеринин талаптарына каршы келбеген шайкештиктерди эске алып, долбоорлоо тапшырмасына ылайык каралат.
Үйдө жылытуу, желдетүү, суу менен камсыздоо, канализация, электр менен камсыздоо каралууга тийиш.
Мамлекеттик жана муниципалдык турак фондуна караштуу үйлөрдө, алардын ичинде социалдык милдеттеги турак фондуна караштууларында бөлмөлөрдүн курамын, аянттарын жана жабдылышын МАКЧ 3.02-04 ылайык аныктоо сунушталат.
Үйдүн бөлмөлөрүнүн аянттары керектүү эмеректердин жана жабдыктардын жыйындысын жайгаштырууну эске алып, төмөндөгүлөрдөн кем эмес аныкталат: жалпы турак бөлмөнүн аянты – 12 м2; уктоо бөлмөсүнүн – 8 м2(мансардада жайгашса – 7 м2); ашкананын аянты – 6 м2. Бөлмөлөрдүн туурасы төмөндөгүлөрдөн кем эмес болушу керек: ашкана-тамактануучу бөлмөнүн тамак жасоочу жана ашкана зонасы –1,7 м; оозгу үйдүкү –1,4 м, батирдин ичиндеги коридорлордуку –0,85 м; ваннаныкы – 1,5 м;даараткананыкы – 0,8 м. Даараткананын узундугу, эшик сыртка ачылганда –1,2 м кем эмес, жана эшик ичине ачылганда – 1,5 мкем эмес болууга тийиш.
4.4 Ф1.3 функционалдык өрт кооптуулугунун классчасындагы имараттарда кошулуп курулган автомобиль токтотуу жайларды 1-типтен төмөн эмес өрткө каршы тосмолор менен бөлүү жана инженердик-техникалык иш-чаралардын комплексин, анын ичинде өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолорун, түтүнгө каршы коргоо системаларын, ызы-чууну жана термелүүнү изоляциялоо боюнча иш-чараларды, ошондой эле кошулуп курулган автомобиль токтотуу жайлардын жана имараттын турак жай бөлүгүнүн өзүнчө желдетүү системаларын аткаруу шартында жайгаштырууга жол берилет.
(Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 121-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
4.5 Мамлекеттик жана муниципалдык турак фондуна караштуу үйлөрдө, алардын ичинде социалдык милдеттеги турак фондуна караштууларында калктын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жашоо үчүн, балдар коляскалары бар адамдарга, майыптарга жана улгайып калган адамдарга КР КЧ 35-01 жана КР КЭ 31-01 ылайык тилкенин, үйдүн жана анын бөлмөлөрүнүн жеткиликтүүлүгү камсыздалышы керек.
Ушул максатта тилкедеги жолдордун жана пандустардын тийиштүү габариттери, ошондой эле эшиктердин, тамбурлардын, коридорлордун жана ашканалардын, дааратканалардын жана ванна бөлмөлөрүнүн тийиштүү өлчөмдөрү алдын ала каралууга тийиш.
4.6 Үйдүн долбоорлоо документтерине үйдү эксплуатациялоо боюнча нускаманы да киргизүүгө болот.
Үйдү эксплуатациялоо боюнча нускамада үйдүн ээси аны иштетүүдө коопсуздукту камсыздоо үчүн керектүү маалыматтарды камтууга тийиш, алардын ичинде негизги конструкциялар жана инженердик тутумдар жөнүндө маалыматтар, каркастын көмүскө (көрүнбөгөн) элементтеринин, көмүскө өткөргүчтөрдүн жана инженердик тармактардын жайгашуу схемасы, ошондой эле үйдүн конструкцияларынын элементтерине жана анын электр тармагына жүктөмдүн жеткен чеги жөнүндө маалыматтар болушу керек.
Бул маалыматтар аткаруу документтеринин көчүрмөсү түрүндө берилиши мүмкүн.
4.7 Үйдүн бөлмөлөрүнүн аянттарын эсептөө, көлөмдөрүн жана кабаттарын аныктоо эрежелери МАКЧ 3.02-04 боюнча кабыл алынат.
4.8 Мамлекеттик жана муниципалдык турак фондуна караштуу үйлөрдү, алардын ичинде социалдык милдеттеги турак фондуна караштууларын кайра мерчемдөө жана кайра түзүү Кыргыз Республикасынын Турак кодексине ылайык ишке ашырылышы керек.
5 Конструкциялардын көтөрүүчү жөндөмдүүлүгү жана деформацияланышы
5.1 Үйдүн конструкциялары жана түптөрү ченемдик жүктөрдү жана таасирлерди кабыл алууга ылайык эсептелиниши керек.
Жүктөрдүн жагымсыз айкалышуусун же аларга дал келген аракеттерди, ийилүүнүн жеткен чегин жана конструкциялардын жылышуусун, ошондой эле жүк боюнча бекемдүүлүк коэфициентинин маанисин эске алган жүктөрдүн ченемдик маанилери КЧжЭ 2.01.07нин талаптарына ылайык кабыл алынууга тийиш.
Ошондой эле долбоорлоо тапшырмасында көрсөтүлгөн тапшырык берүүчүнүн кошумча талаптары (мисалы, мештердин, каминдердин, асма жабдыктардын оор элементтеринин жүгү ж.б.) эске алынышы керек.
5.2 Конструкцияларды долбоорлоодо пайдаланылган алардын көтөрүү жөндөмдүүлүгүн жана жол берилген деформацияланышын эсептөө методдору иштеп жаткан тийиштүү материалдардан жасалган конструкцияларга ченемдик документтердин талаптарына жооп берүүгө тийиш.
Иштеп аягына жеткирилүүчү аймакта, отуруп калган грунттарда, сейсмикалык райондордо, ошондой эле башка татаал геологиялык шарттарда үйдү жайгаштырууда, курулуш ченемдерине ылайык келген кошумча талаптарды эске алуу абзел.
5.3 Үйдүн фундаменти КЧжЭ 2.02.01де (түбөлүк тоӊуп туруучу грунттар үчүн КЧжЭ 2.02.04) каралган грунттардын физикалык-механикалык мүнөздөлүшүн, курулуш жүрүп жаткан аянттын гидрогеологиялык режиминин мүнөздөлүшүн, ошондой эле грунттардын жана грунт сууларынын пайдубалдарга жана жер алдындагы инженердик тармактарга карата агрессивдүүлүк деӊгээлин эске алып долбоорлонушу керек. Пайдубалдар үйдүн элементтеринин алдындагы негиздердин зарыл болгон текши отурушун камсыз кылуусу керек.
6 Өрт коопсуздугу
6.1 Үйлөр функционалдык өрт коопсуздугунун Ф1.4 классына киришет.
Үйлөрдү долбоорлоодо жана курууда ушул курулуш ченемдери менен аныкталган өрттүн пайда болушун алдын алуу боюнча, адамдарды үйгө жанаша жайгашкан аймакка өз убагында эвакуациялоону камсыздоо боюнча, өрттүн коӊшу курулуштарга жана турак блокторго таралуусун болтурбоо боюнча чаралар, ошондой эле өрт өчүрүүчү түзүмдүк бөлүмдөрдүн өздүк курамынын өрт өчүрүү жана адамдарды куткаруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн үйгө жетүүсүн камсыздоо боюнча чаралар каралууга тийиш. Мында өрттүн кайсы жайдын ичинде болбосунчыгышы жана өрттүн үйдүн үстүнө таралышы эске алынат.
6.2 Үйлөрдүн, ошондой эле башка курулмалардын ортосундагы өрткө каршы аралыктар өрткө каршы коопсуздук талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
Чектеш турак блокторду өрткө каршы отко чыдамдуулук чеги RЕI 45тен кем эмес жана К1ден төмөн эмес класстагы туюк дубалдар менен бөлүү керек. Өрт коопсуздугунун конструкциялык С2 жана СЗ классындагы блоктолгон үйлөрдө өрткө каршы коопсуздуктун талаптарына ылайык, кошумчаланып,кабаттын аянты 600 м 2көп эмес бир же бир нече турак блокторду кошкон өрт отсектеринде 1-типтеги, отко чыдамдуулук чеги RЕI 150дөн кем эмес жана К0дөн төмөн эмес класстагы өрткө каршы туюк дубалдар болушу керек.
6.3 Бир жана эки кабаттуу үйлөргө отко чыдамдуулук даражасы жана конструкциялык өрт коопсуздугу классы боюнча талаптар коюлбайт.
6.4 Үч кабаттуу үйлөрдө негизги конструкциялар отко чыдамдуулуктун III даражасындагы имараттардын коснтрукцияларына коюлган талаптарга ылайык келиши керек: көтөрүп туруучу элементтердин отко чыдамдуулугунун чеги R 45тен кем эмес болууга тийиш, жабуулардыкы - RЕI 45тен кем эмес, көтөрбөгөн тышкы дубалдардыкы - Е 15тен кем эмес, чатыры жок жабуулардын төшөлмөлөрүнүкү - R 15тен кем эмес. Үйдүн конструкциялык өрт коопсуздугунун классы С2ден төмөн болбошу керек.
Эгерде кабаттын аянты 150 м2 ашпаса, үч кабаттуу үйлөрдүн конструкциясын отко чыдамдуулуктун IVдаражасында кылып тургузууга жол берилет. Мында көтөрүп туруучу элементтердин отко чыдамдуулугунун чегин R 30дан кем эмес, жабуулардыкын - RЕI 30 кем эмес кабыл алуу абзел.
6.5 Ар бир үйдө (турак блокто) эч болбогондо түздөн-түз тышка, ошондой эле 3-типтеги тепкичке чыгуучу эвакуациялык чыгуу болушу керек.
6.6 Эгерде үч кабаттуу үйлөрдө ачык ички тепкичтерден тышка чыгуу үчүн бир кабаттан көп эмес деӊгээлге (кабатка) көтөлүрүп же түшүш керек болсо, андай ачык тепкичтерди эвакуациялык тепкич катары кароого жол берилет.
Эгерде үч кабаттуу үйлөрдө чыгуу үчүн жогорку кабаттан эки деӊгээлге (кабатка) төмөн түшүү керек болсо, анда төмөндө көрсөтүлгөн шарттар бир убакытта аткарылса, ачык ички тепкичтерди эвакуациялык катары кароого жол берилет:
а) ар бир уктоого пайдаланыла турганбөлмөдө бир терезеден кем эмес терезе бар болуп, полдун деӊгээлинен 1м жогору эмес жайгашуусу керек;
б) аталган бөлмөлөр тике коридорго же балконго чыгышы бар холлго чыгышы керек;
в) аталган терезелердин жана балкондун жерден бийиктиги 7м жогору болбошу керек.
Үч кабаттуу үйлөрдө тепкич торун орнотууда анын көлөмүндө кириш вестибюлду жана кабат сайын холлдорду жайгаштырууга жол берилет. Мындай тепкич торлордун, анын ичинде вестибюлдардын жана холлдордун дубал конструкцияларынын жана перекрытиелеринин отко чыдамдуулугунун чеги RЕI 45ден кем эмес, конструкциялык өрт коопсуздугунун классы К1ден кем эмес болууга тийиш.
Тепкич торлордун дубалдарында жарык тешиктери жок болуп, жогорудан түшкөн жарык менен жарыктандырылса болот. Тепкичтер жыгачтан жасалса болот.
6.7 Блоктолгон үйлөрдү долбоорлоодо жана курууда өрттүн коӊшу турак блокторго таралышын алдын алуучу чаралар жана өрткө каршы тосмолорду айланып өткөн өрткө каршы отсектер каралышы керек. Бул үчүн өрткө каршы дубалдар үйдүн, күйүүчү материалдардан жасалган бардык конструкцияларын кесип өтүшү керек. Мында, үйдү өрткө каршы отсектерге бөлгөн өрткө каршы 1-типтеги дубалдар тунукенин үстүнө чыгып, дубалдардын тышкы беттөөлөрүнөн 15сантиметрден кем эмес чыгып турушу керек, ал эми жабууда, тунукеден тышкары, ГЗ жана Г4 күйүү тобундагы материалдарды колдонгон учурда – тунукеден 60 сантиметрден кем эмес жогору чыгып, дубалдын тышкы бетинен 30 сантиметрден кем эмес чыгып турушу керек.
Эгерде өрткө каршы дубал менен тунукенин ортосундагы, ошондой эле өрткө каршы дубал менен дубалдын тышкы беттөөсүнүн ортосундагы жылчыктар күйбөс материалдар менен өрткө каршы дубалдын бардык калыӊдыгы боюнча тыгыз толтурулуп чыкса, үйдүн турак блокторун бөлүп туруучу өрткө каршы дубалдар тунукени жана дубалдын тышкы беттөөсүн кесип өтпөй койсо болот.
Коӊшу отсектерде жайгашкан кайсы тешик болбосун, алардын ортосундагы түз горизонталдуу аралык 3метрден кем эмес болушу керек, ал эми коӊшу турак блоктордо – 1,2 метрден кем эмес.
Чектеш турак блоктордун же өрт отсектеринин тышкы дубалдары 135 ° жана андан кем бурчта ыкташкан учурда, ушул бурчту түзгөн чектеш турак блоктор үчүн жалпы узундугу 1,2 метрден кем эмес жана чектеш өрткө каршы отсектер үчүн 3 метрден кем эмес тышкы дубалдын тилкеси тиешелүү өрткө каршы дубалга коюлган талаптарга жооп бергендей болуп жасалышы керек.
6.8 Эки же андан көп машиналарга кошо курулган автотоктотмо үйдүн (блоктун) башка жайларынан отко чыдамдуулук чеги RЕI 45тен кем эмес тосмолор жана жабуулар менен бөлүнүп турушу керек.
Автотоктотмо менен үйдүн турак жайларынын ортосундагы эшик жабылуусунда тыгыздоочулар, өзү жабылуучу түзүлүш менен жабдылууга тийиш жана уктоо үчүн бөлмөгө чыкпашы керек.
6.9 Үйдүн курулуш конструкциялары оттун билинбей тарашына жол бербеши керек. Г3 жана Г4 күйүү тобундагы материалдар менен чектелген жана минималдуу өлчөмү 25 мм көп болгон дубалдардагы, тосмолордогу, жабуулардагы жана төшөлмөлөрдөгү боштуктарды, ошондой эле чатырлардын жана мансардалардын чөнтөктөрүн туюк диафрагмалар менен тилкелерге бөлүш керек. Алардын өлчөмү тосулуп жаткан бөлмөнүн контуру менен чектелиши керек.
Туюк диафрагмалар термопластикалык көбүкпласттардан жасалбашы керек.
6.10 Үч кабаттуу үйлөр автономдуу оптика-электрондук түтүндүү өрткө каршы кабарлагычтар менен же башка ушундай мүнөздөлүштөгү кабарлагычтарменен жабдылууга тийиш. Үйдүн ар бир кабатында, өрттүн чыккандыгы туурасында өз убагында билдирүүнү эске алып, жок дегенде бир өрткө каршы кабарлагыч орнотулушу керек.
Түтүндүү өрткө каршы кабарлагычтарды ашканага, душтарга, ванналарга, дааратканаларга ж.б.у.с. бөлмөлөргө орнотпош керек. Кошо курулган автотоктотмолорду жана коомдук пайдалануудагы жайларды аталган кабарлагычтар менен, андан тышкары, баштапкы өрт өчүрүүчү каражаттарменен жабдыш керек.
6.11 Газ жана суюк отун менен иштеген жылуулук энергиясынын булагы катары каралган борборлоштурулган жылуулук менен камсыздоо жок болгон учурда, заводдон толук даярдалып келген автоматташтырылган жылуулук генераторлору пайдаланышы керек. Аталган жылуулук генераторлордун үйдүн желдетилип туруучу биринчи же цоколь кабатында, жер төлөсүндө же чатырда орнотулушу абзел. 35 кВтко чейинки кубаттуулуктагы жылуулук генераторлорду ашканага орнотууга жол берилет.
Газ жана суюк отун менен иштеген жылуулук генераторлору жайгаштырылган бөлмө ЭАКЧ 4.02-03 жана ЭАКЧ 4.03-01 баяндалган коопсуздук талаптарына ылайык болууга тийиш.
Газ өткөргүчтү ашкананын тике өзүнө же жылуулук генераторлорунун бөлмөсүнө киргизүү абзел. Үйдөгү ички газ өткөргүч ЭАКЧ 4.03-01 төмөн басымдагы газ өткөргүчтөргө коюлган талаптарга жооп бериши керек.
Борборлоштурулган газ менен камсыздоо жок болгон учурда, ашканадагы плиткаларды газ менен камсыздоо үчүн үйдүн сыртына орнотулган газ баллондорун колдонууга уруксат берилет. Үйдүн ичинде сыйымдуулугу 50л. көп эмес баллондорду коюуга уруксат берилет.
6.12 Жылуулук генераторлору, алардын ичинде катуу отун менен жагылган мештер, каминдер, тамак бышырган плиталар жана морлор үйдүн өрт коопсуздугун касыздаган конструкциялык иш-чаралар жүргүзүлүп аткарылышы керек. Заводдо даярдалган жылуулук генераторлору жанатамак бышырган плиталар өндүрүүчү ишканалардын нускамасындагы коопсуздук талаптарын эске алып, орнотулушу керек.
Катуу отунду жыюучу кампаны үйдүн биринчи же цоколь кабатында, жер төлөсүндө жайгаштырууга жол берилет.
6.13 Газ каминдери заводдо даярдалышы керек. Күйүүдөн чыккан түтүн морго чыгышы керек. Каминдерди жана алардын автоматикалык газ күйдүрүүчү орнотмолорун жайгаштырууда өндүрүүчү-ишкананын нускамаларындагыталаптар сакталышы керек.
6.14 Электр орнотмолор «(ЭОЖЭ) Электр орнотмолорду жайгаштыруу эрежелеринин» талаптарына жана ушул пункттун жоболорун эске алып, имараттардын электр орнтмолоруна мамлекеттик стандарттарга жооп бериши керек жана коргоочу өчүрмө орнотмолор (КӨО) менен жабдылууга тийиш.
Курулуш конструкцияларынын өзүнүн бетинде же алардын ичинде көмүскө монтаждалганэлектр өткөргүч кабелде же күйүүнү таратпоочу обочолоо менен обочолонгон сымдарда болушу керек.Мындай сымды же кабелди үйдүн конструкцияларынын өзү аркылуу алып өтүүгө жол берилет (втулка жана түтүктөдү пайдаланбай).
Буулуу сауна үчүн колдонулган электр мештери 8 саат тынымысыз иштегенден кийин автоматтуу түрдө өзү өчүп кала турган түзүлүшкө жана автоматтык коргомого ээ болушу керек.
6.15 Үйлөрдү долбоорлоодо жана курууда тышкы өрттү өчүрүү үчүн суу менен камсыз кылуу боюнча талаптар эске алынышы керек.
7 Колдонуудагы коопсуздук
7.1 Үйдү тургундар үйдүн ичинде жана анын жанында жүргөндө, андан чыкканда, ага киргенде, ошондой эле анын кыймылдаган элементтери менен жана инженердик жабдыктары менен пайдаланган учурда жаракат алып калуу тобокелдигин алдын алгыдай кылып долбоорлоо, тургузуу жана жабдуу керек.
7.2 Тепкич марштарынын жана пандустардын жантайышы жана кеӊдиги, тепкичтердин бийиктиги, кадам коючу жерлердин кеӊдиги, тепкич аянтчаларынын кеӊдиги, тепкич, жер төлө, эксплуатацияланган чатыр боюнча өткөөлдөрдүн бийиктиги, полдун деӊгээлинин айырмалары, ошондой эле эшик тешиктеринин өлчөмү адамдар жүргөндө жана үйдүн бөлмөлөрүн жабдуучу буюмдарды жылдырууда коопсуздукту жана ыӊгайлуулукту камсыздап турушу керек. Зарыл болгон учурларда туткалар каралышы керек. Ар түрдүү бийиктикеги тепкичтерди колдонууга жол берилбейт.
7.3 Тепкичтердин, балкондордун, лоджиялардын, террасалардын, тунукенин ж.б. бийиктигинин айырмасы кооптуу болгон жерлерде тосмолордун бийиктиги кулап түшүүнү адын алууга жетиштүү болуп, 0,9 м кем эмес болууга тийиш.
Тосмолор тутамдаш болуп, туткалар менен жабдылып, 0,3 кН/м кем эмес жүктү кабыл алууга ылайыкталышы керек.
7.4 Үйдө жана үйдүн тилкесинде күтүлбөгөн кирип келүүлөрдөн коргогон керектүү иш-чаралар каралышы керек.
7.5 Үйдүн элементтеринин конструкциялык чечимдеринде (алардын ичинде боштуктардын жайгашуусу, конструкциялар аркылуу өткөн трубопроводдордун ордун герметизациялоо ыкмасы, желдетүүчү тешиктерди орнотуу жана жылуулук обочолонтууну жайгаштыруу) кемирүүчүлөрдүн жана курт-кумурскалардын кирип кетүүсүнө каршы коргоо каралышы керек.
7.6 Үйдүн инженердик тутуму тиешелүү ченемдик документтерде камтылган талаптарды жана жабдыктарды өндүргөн заводдордун нускамаларындагы көрсөтмөлөрдү эске алып долбоорлонушу жана монтаждалышы керек. Мында: эгерде адамдар кармабай тургандай чаралар каралбаса, жылытуучу куралдардын жеткиликтүү бөлүктөрүнүн бетинин жана жылуулукту алып келген трубопроводдордун температурасы 70°С жогору болбошу керек, башка учурларда 90°С жогору болбошу керек; башка трубопроводдордун жана морлордун бетинин температурасы 40°С жогору болбошу керек; аба менен жылытуучу куралдардын жылуулукту чыгаруучу тешиктеринен 10 см. аралыктагы ысык абанын температурасы 70°С жогору болбошу керек, суу менен камсыздоочу тутумдагы ысык суунун температурасы 60°С жогору болбошу керек.
7.7 Сейсмикалык райондо тургузулган үйдүн жылдырган учурда өрткө же жарылууга алып келе турган агрегаттары жана куралдары ишенимдүү бекитилиши керек.
8 Санитардык-эпидемиологиялык талаптарды камсыздоо
8.1 Үйлөрдү долбоорлоодо жана курууда ушул курулуш ченемдери менен аныкталган адамдардын ден соолугун жана курчап турган чөйрөнү сактоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарууну камсыздаган чаралар каралышы керек.
8.2 Үйдүн жылытуу тутуму жана тосмо конструкциялары от жагылуучу мезгил ичинде үйдүн бөлмөлөрүндө курулуштун тиешелүү райондорундагы тышкы абанын эсептик параметрлеринде, ГОСТ 30494 аныктаган ички абанын температурасынын жол берилген чектеринде камсыздоого эсептелиши керек, бирок адамдар жүргөн бардык бөлмөлөр үчүн 20°С төмөн эмес, ал эми ашканаларда жана дааратканаларда – 18°С, ванна жана душтарда – 24°С, ванна даараткана менен чогуу болгон бөлмөлөрдө – 22°С болуш керек.
Үйдө жылдын муздак мезгилдеринде абаны мажбурлап берүү жолу менен аба менен жылытуучу тутумду орнотууда бул тутум үйдүн бөлмөлөрүндө ГОСТ 30494 боюнча микроклиматтын параметрлеринин оптималдуу маанисин (температура, салыштырмалуу нымдуулук, абанын кыймылынын ылдамдыгы, бөлмөнүн жыйынтыктоочу температурасы жана анын жериндеги ассиметриясы) камсыздоого ылайыкталып эсептелиши керек. Абаны кондициондоштуруу тутумун орнотууда оптималдуу параметрлер жылдын жылуу мезгилдеринде деле камсыздалып турушу керек.
8.3 Желдетүү тутуму санитардык талаптарга ылайык бөлмөлөрдөгү абанын тазалыгын (сапатын) жана анын бир калыпта келүүсүн жана таралышынсактап турушу керек. Желдетүү төмөндөгүдөй болушу мүмкүн:
желдетүү каналдары аркылуу абанын өзүнөн өзү чыгып кетүүсү;
абаны механикалык жол менен киргизип-чыгарып туруу, алардын ичинде аба менен жылытуу менен айкалышкан; айкалыштырылган жарым-жартылай механикалык жана табигый ыкманы колдонуп, желдетүү каналдары аркылуу абанын киргизип-чыгарып туруу.
Абаны чыгарууну ашканадан, дааратканадан, ваннадан жана зарыл болгон учурда үйдүн башка бөлмөлөрүнөн караштырыш керек.
Зыяндуу заттар же жагымсыз жыттар болушу мүмкүн болгон бөлмөлөрдөгү аба тике сыртка чыга турган болуп, башка бөлмөлөргө кирбеши керек, желдетүүчү каналдар аркылуу да башка бөлмөлөргө тарабоого тийиш.
Табигый желдетүүнү камсыздоо үчүн үйдүн бөлмөлөрүнүн терезелеринин форточкалары, фрамугалары ж.б. аркылуу желдетүү мүмкүнчүлүгү каралышы керек.
8.4 Үйдүн тейлөө режиминдеги желдетүүчү тутумунун минималдуу өндүрүмдүүлүгү адамдар ар дайым келип турган бөлмөдө бир саат бою абанын көлөмү бир жолкудан кем эмес алмашылышынын эсебинен аныкталышы керек.
Тейлөө режиминдеги ашкандан бир саатта 60 м3 абадан кем эмес көлөмдөгү аба, ванна, дааратканадан бир саатта 25 м3 аба чыгып турушу керек. Башка бөлмөлөрдөгү, ошондой эле башка желдетилип туруучу жайларда жумушчу эмес режимде абанын алмашып турушу бир саатта бөлмөнүн 0,2 көлөмүнөн кем эмес болушу керек.
8.5 Инженердик экологиялык изилдөөлөрдүн маалыматы боюнча кыртыш газдары (радон, метан, торин) бөлүнүп чыгуучу тилкелерде үйлөрдү курууда, кыртыш газдарынын грунттан үйгө кирип кетпеши үчүн, жер төлөлөрдүн дубалдарынын жана полдун грунт менен чектешүүсүн обочолонтуу боюнча чаралар кабыл алынышы керек жана башка, санитардык ченемдердин талаптарына ылайык газдын концентрациясынын төмөндөшүнө өбөлгө түзүүчү чаралар көрүлүүгө тийиш.
8.6 Турак жайлардын, аба өткөргүчтөдүн жана трубопроводдордун ички жана тышкы тосмо конструкцияларынын дабыштан обочолонтулушу тышкы чуулдоонун булактарынан дабыш басымынын төмөндөшүн, ошондой эле инженердик тутумдардын чуулдоосу МАКЧ 2.04-03 боюнча уруксат берилгенден ашпаган деӊгээлде болушун камсыз кылууга тийиш.
Блоктолгон үйлөрдүн турак блокторун бөлүп туруучу дубалдарынын аба чуулдоосун обочолонтууиндекси 52 дБ төмөн эмес болушу керек.
8.7 Табигый жарыктандыруу турак жайларда жана ашканада камсыздалышы керек.
Табигый жарыктандыруунун деӊгээли МАКЧ 2.04-05 талаптарына жооп бериши керек. Жарыктандыруу тешиктеринин аянтынын турак жайдын жана ашкананын полунун аянтына карата катышы 1:8 кем эмес болушу керек. Мансарда кабаттары үчүн бул катышты 1:10 кем эмес кабыл алууга жол берилет.
Жалпы пайдалануучу кошулуп курулган жайлар үчүн табигый жарыктын зарылдыгы МАКЧ 3.02-03 боюнча аныкталат. Ушул жайлардын табигый жарыктандыруусунун деӊгээли талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
8.8 Үйдүн тосмо конструкциялары тышкы муздак абанын кирип кетүүсүнөн жана ички бөлмөлөрдөгү суу буусунун диффузиясынан сактаган жылуулукту, абаны жана бууну обочолонткон:
ички конструкциялардын бетинде зарыл болгон температураны камсыздаган жана бөлмөлөрдүн ичинде нымдуулуктун конденсацияланышын жок кылган;
конструкцияларда нымдуулуктун чогулушун болтурбаган обочолонуу менен камсыздалышы керек.
Тышкы дубалдардын конструкцияларынын бетинин ички жана тышкы температураларынын айырмасы ички абанын эсеп температурасында 4°Сдан жогору болбошу керек, ал эми биринчи кабаттын полунун конструкциялары үчүн – 2°Сдан жогору болбошу керек. Терезелердин конструкциялык элементтеринин ички беттериндеги температура тышкы абанын эсеп температурасында 3°Сдан төмөн болбошу керек.
Үйдүн бөлмөлөрү жаан, эриген, грунт сууларынан жана тиричилик суунун агып калышынан корголушу керек.
8.9 Үйдү иче турган суу менен камсыздоо калктуу пункту КЧжЭ 2.04.02 талаптарына ылайык суу менен камсыздоочу борборлоштурулган тармактан каралышы керек.
8.10 Агынды сууларды кетирүү үчүн борборлоштурунган, жериндеги же жеке, анын ичинде чыгарып тазалоочу, сиӊдирип алуучу же жеке санитардык био иштетүүчү канализация тутуму каралышы керек.
Катуу тиричилик калдыктарын жана жалпы пайдалануучу милдеттеги жайларды эксплуатациялоодон чыккан таштандыларды чогултуу жана жок кылуу жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары кабыл алган турак фондду эксплуатациялоо эрежелерине ылайык уюштурулушу керек.
Агынды суулар жана катуу калдыктар аймактарды жана суу алып жүрүүчү горизонтторду кирдетпей жок кылынышы керек.
9 Энергияны сактоо
9.1 Үй, анын бөлмөлөрүнүн микроклиматына ж.б. жашоо шарттарына карата коюлган талаптарды аткарууда кайра жаӊыртылбаган энергетикалык ресурстарды эксплуатациялоодо натыйжалуу жана экономдуу сарптоо камсыздалгыдай кылып долбоорлонуп, тургузулушу керек.
9.2 Энергияны сактоо боюнча талаптарды тутуу же үйдүн негизги элементтеринин – курулуш конструкцияларынын жана инженердик тутумдарынын мүнөздөлүшү боюнча, же үйдү жылытууга энергиянын салыштырма чыгымынын комплекстүү көрсөткүчү боюнча бааланат.
9.3 Үйдүн энергиялык натыйжалуулугун курулуш конструкцияларынын жана инженердик тутумдарынын мүнөздөлүшү боюнча баалоодо, эгерде төмөндөгү шарттар сакталган болсо, ушул курулуш ченемдердин талаптары аткарылды деп эсептелет:
тосмо конструкциялардын жылуулукту чыгарууга келтирилген каршылыгы жана абаны өткөргүчтүгү КР КЧжЭ 23-01 боюнча талап кылынгандардан төмөн болбосо;
жылытуу, желдетүү, абаны жана ысык суу менен камсыздоону кондициондоштуруу тутумдары автоматтык түрдө же кол менен жөнгө салынса;
үйдүн инженердик тутумдары борборлоштурулган камсыздоодо жылуулук энергиясын, муздак, ысык сууну, электр энергиясын жана газды эмесптөөчү куралдар менен жабдылган болсо.
9.4 Эгерде q салыштырмалуу сарпталган энергиянын эсеп мааниси үйдөгү микроклиматтынжана аба тазалыгынын ченемдештирилген параметрлерин сактоо үчүн КР КЧжЭ 23-01 көрсөтүлгөн qreqh максималдуу жол берилген ченемдештирилген маанисинен ашпаса, анда үйдү жылытууга салыштырмалуу сарпталган энергиянын комплекстүү көрсөткүчү боюнча үйдүн энергиялык натыйжалуулугун баалоодо ушул курулуш ченемдеринин талаптары аткарылды деп эсептелинет. Мында инженердик тутумдар автоматтуу түрдө жана кол менен жөнгө салынуучу куралдар менен жана борборлоштурулган камсыздоо болгон учурда жылуулукту, муздак, ысык сууну, электр энергиясын жана газды сарптоону эсептөөчү куралдар мененжабдылууга тийиш.
9.5 Долбоорлонгон үйдүн q салыштырмалуу сарпталган жылуулук энергиясынын эсептик маанисин от жагылуучу мезгил ичинде тосмо конструкциялары жана желдетүү тутуму аркылуу чыгып жаткан аба менен жылуулукту жоготуунун суммасынын жылытылып жаткан бөлмөлөрдүн 1 м2 аянтына жана от жагылуучу мезгилдин суткасындагы градуска карата катышы катары аныкталат.
9.6 Үйдүн техникалык-экономикалык мүнөздөлүшүнүн оптималдуулугуна жетишүү жана жылытууга энергиянын салыштырмалуу сарпталышын мындан ары да кыскартуу максатында, төмөндөгүлөр каралат:
үйдүн тыгыздык көрсөткүчтөрүн жакшыртууну камсыздаган үйдүн көлөмдүү-мерчемдүү чечимдери;
күн радиациясынын агымын жана суук шамалдын үстөмдүү болгон багытын эске алып, жердин тараптарына карата үйдүн жана анын бөлмөлөрүнүн эӊ рационалдуу жайгашуусу;
жогорулатылган ПАК номенклатуралык катарга ылайык келген натыйжалуу инженердик жабдыктарды колдонуу;
жасалма жарыктандыруунун энергияны сактоочу булактарын колдонуу;
чыгып жаткан абанын, агынды суулардын жылуулугун жок кылуу, күн, шамал ж.б. энергиясынын кайта жаӊыртылуучу булактарын колдонуу.
Эгерде аталган иш-чараларды жүргүзүүнүн натыйжасында шарттарды сактоо тосмо конструкциялардын жылуулукту чыгарууга каршылыгынын мааниси КР КЧжЭ 23-01 талап кылынгандардан аз мааниде камсыздалса, анда КР КЧжЭ 23-01 талап кылынгандарга салыштырмалуу дубалдардын жылуулукту чыгарууга каршылыгынын көрсөткүчүн төмөндөтүүгө уруксат берилет.
9.7 Ушул бөлүмдүн ченемдери салттуу түрдө өз күчтөрү менен, устундардан салынып жаткан, жылытылуучу бөлмөлөрдүн аянты 60 м 2 ашпаган үйлөргө тиешеси жок.
9.8 Турак үйдүн инженердик камсыздалышын иштеп чыгууда энергиянын кайра жаӊыртылуучу табигый булактарын (күн, шамал ж.б.) колдонууга уруксат берилет.
10 Узак мөөнөттүүлүгү жана ремонтко жарактуулугу
10.1 Эксплуатацияланып жаткан үй аныкталган эрежелерди сактаган учурда ушул курулуш ченемдеринин талаптарына ылайык, долбоорлоо тапшырмасында аныкталышы мүмкүн болгон, кызмат кылуунун сунушталган мөөнөтүнө чейин өз сапаттарын сакташы керек.
10.2 Үйдүн бекемдиги, туруктуулугу жана жалпысынан кызмат кылуу мөөнөтү аныктала турган үйдүн негизги ремонттолбогон элементтери ГОСТ 27751 жана тиешелүү материалдардан жасалган курулуш конструкцияларга курулуш ченемдердин талаптарын эске алып, өздөрүнүн сапаттарын уруксат берилген чекке чейин сакташы керек.
10.3 Үйдүн сунушталган кызмат кылуу мөөнөтүнө салыштырмалуу кызмат мөөнөтү аз болгон элементтер, деталдар, жабдыктар долбоорлоо тапшырмасындагы талаптарды эске алып, долбоордо аныкталган ремоттордун аралыгындагы мөөнөттөргө ылайык алмаштырылма болууга тийиш. Көп же аз кызмат кылуучу элементтерди, материалдарды жана жабдыктарды колдонууга жараша ремонттор аралыгынын мөөнөтүнүн узарышы же кыскарышы туурасындагы чечимдер техникалык-экономикалык эсептөөлөр менен аныкталат.
10.4 Конструкциялар жана деталдар КЧжЭ 2.03.11 ылайык нымдын, төмөн температуралардын, агрессиялуу чөйрөнүн, биологиялык ж.б. жагымсыз факторлордун таасирине чыдамдуу материалдардан жасалышы керек.
Зарыл болгон учурларда жаан, эриген, грунт суулардын үйдүн тосмо жана көтөрүп туруучу конструкцияларынын катмрына киришине каршы, ошондой эле тышкы тосмо конструкцияларында, аларды жетиштүү герметикалоо жолу менен же жабык мейкиндерди жана аба катмарларын желдетүүчү түзүлүштөрдү орнотуу аркылуу кондицияланган нымдуулуктун жол берилбеген өлчөмүнүн чогулушуна каршы тиешелүү чаралар көрүлүшү керек.
Иштеп жаткан ченемдик документтердин талаптарын ылайык зарыл болгон коргоочу курамдар жана жабуулар пайдаланышы керек.
10.5 Чогултулуучу элементтердин кошулуучу туташтырмалары жана катмарланган конструкциялар негиз тегиз эмес отуруп калганда жана башка эксплуатациялык таасирлердин натыйжасында пайда болгон температуралык-нымдуулук деформацияларды жана аракеттерди кабыл алууга ылайыкталып эсептелиши керек.
Кошулуучу жерлерде пайдаланылган тыгыздоочу жана герметикалоочу материалдар терс температуралар менен суунун таасирлери жана ультра кызыл көк нурлар тийген учурда серпилгичтик жана адгезиондук сапатттарды сактап калууга тийиш.
Герметикалоочу материалдар конструкциялардын коргоочу жана коргоочу-декоративдик жабуучу материалдары менен байланышкан жеринде бирге кошула ала турган болушу керек.
10.6 Үйдүн жабдыктары, арматуралары жана инженердик тутумунун куралдары, алардын туташтырмалары техникалык тейлөө, ремонт жана алмаштыруу үчүн жеткиликтүү болушун камсыдоо керек.
Төмөн температуралар иштешине терс таасирин тийгизген жабдыктар жана трубопроводдор алардын таасиринен корголушу керек.
10.7 Сейсмикалык таасирлерге, отуруп калууларга жана иштеп чыгууларга ж.б. грунттун жылышып кетүүсүнө, анын ичинде аяздан көөп кетүүгө дуушар болгон татаал геологиялык шарттарда үйлөрдү курууда инженердик коммуникацияларды киргизүү негиздин жылып кетүү мүмкүндүгүн компенсациялоону эске алып жүргүзүлүшү керек.
Үйдүн курулуш конструкцияларына жабдыктар жана трубопроводдор, конструкциялар жылып кетиши мүмкүн болгон учурда алардын ишке жөндөмдүүлүгү булузбагандай болуп бекитилиши керек.