Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
Курулуштагы ченемдик документтер тутуму
ДАРЫЛОО МЕКЕМЕЛЕРИНЕ ПРОФИЛИ ӨЗГӨРТУЛГӨН (ЫЛАЙЫКТАШТЫРЫЛГАН) ИМАРАТТАР ЖАНА КУРУЛМАЛАР
ЗДАНИЯ И СООРУЖЕНИЯ, ПЕРЕПРОФИЛИРОВАННЫЕ (ПРИСПОСАБЛИВАЕМЫЕ) ПОД ЛЕЧЕБНЫЕ УЧРЕЖДЕНИЯ
Buildings and structures, disused (adjustable)
under the medical institution
Киргизүү датасы 2018-ж. 27-декабры
1Колдонуу чөйрөсү
Ушул курулуш ченемдер турган, жалпы аянты 2000 м2 кем эмес аянтка ээ, профили өзгөртүлгөн (ылайыкташтырылган) жана жаӊы курулуп жаткан жыл бою иштөөчү коомдук имараттарда, мектеп-интернаттарда, санаторийлерде, эс алуу үйлөрүндө жана пансионаттарда, турбазаларда жана кемпингдерде, мейманканаларда жана мотелдерде, администрациялык имараттарда жана клубдарда хирургиялык профилдеги 100 жана андан көп орундуу оорукананы жайгаштыруу (кеӊейтүү) үчүн долбоорду иштеп чыгууда аткарылышы керек.
2 Ченемдик шилтемелер
Ушул курулуш ченемдеринде төмөндөгү документтерге ченемдик шилтемелер пайдаланылды:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.04.2016-ж. №201 «Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтому;
КЧ КР 21-01.2018 «Имараттардын жана курулмалардын өрт коопсуздугу»;
КЧ КР 31-04:2018 «Коомдук имараттар жана курулмалар».
Э с к е р т ү ү - Ушул курулуш ченемдерин колдонууда шилтеме жасалган ченемдик документтердин Кыргыз Республикасынын аймагында иштешин үстүбүздөгү жылда жарык көргөн Стандартташтыруу боюнча улуттук органдын жана Мамкурулуштун тийиштүү маалыматтык указаттелдери боюнча текшерүү максатка ылайык келет. Эгерде шилтеме жасалган документ алмаштырылса (өзгөртүлсө), анда ушул курулуш ченемдерин колдонууда алмаштырылган (өзгөртүлгөн) документтерди жетекчиликке алуу абзел. Эгерде шилтеме жасалган документ алмаштырылбай эле алынып ташталса, анда ага шилтеме берилген тиркеменин ушул шилтемеге тиешеси жок бөлүктөрү гана колдонулат.
3 Терминдер жана аныктамалар
Ушул курулуш ченемдеринде төмөндөгү терминдер тиешелүү аныктамалары менен берилген:
3.1 дарыкана: Саламаттыкты сактоо тутумунун дары каражаттарын даярдаган, фасовкалаган, талдаган жана саткан өзгөчө адистештирилген уюму;
3.2 оорукана: Стационардык дарылоо, туруктуу байкоо, ошондой эле (жугуштуу ж.б. ооруларда) обочолонтуу үчүн мекеме;
3.3 боксторго бөлүнгөн жай: Тамбуру бар (бокско чейинки бөлмө) обочолонтулган жай;
3.4 виварий: Эксперименттерге пайдаланылган лабораториялык жаныбарлардын ар кандай түрлөрүн кармаган түзүмдүк бөлүм;
3.5 табигый жарыктандыруу: Асмандын же күндүн жайылган жарыгынан же багытынан пайда болгон жарыктын жайдын/бөлмөнүн тешиктери аркылуу кирген жарыгы;
3.6 инсоляция: Имараттардын, курулмалардын жана алардын ички бөлмөлөрүнүн күндүн жарыгы менен жарыктандырылышынын деӊгээли;
3.7 лаборатория: Атайын (химиялык, физикалык, техникалык, механикалык, физиологиялык, психологиялык ж.б.) тажрыйбалар жана изилдөөлөр үчүн ылайыкташтырылып жабдылган жай;
3.8 коомдук имараттар: Адамдардын убактылуу болуусуна жана ар кандай ишмердүүлүктү жүргүзүүсүнө арналган жарандык курулмалар: соода, коомдук тамактануу, спорттук, маданий-агартуу, транспорттук тейлөө ж.б.;
3.9 операцияларды жасоочу блоктор: Медициналык мекемелердеги бөлүм, анда стерилдүү шарттарда операциялар жүргүзүлөт;
3.10 кабыл алуу бөлүмү жана оорулууларды чыгаруу бөлмөсү: Оорукананын негизги дарылоо-диагностикалык бөлүмү болуп эсептелет. Дарылоо жана дартты аныктоо бөлүмдөрү бир корпуста жайгаштырылган мерчеминде борборлоштурулган тутуму бар заманбап ооруканаларда кабыл алуу бөлүмү да чогуу жайгашат;
3.11 палата бөлүмдөрү: Стационардын негизги функционалдуу элементи. Анда бир тектүү оорулуулардын дартын аныктоо, аларды дарылоо, байкоо жана кароо жүргүзүлөт;
3.12 рентген кабинети: Рентген менен дарт аныктоо жана рентген менен терапиялык процедураларды жүргүзүү үчүн бөлмөлөрдүн, аппараттардын жана көмөкчү жабдыктардын жыйындысы;
3.13 кызматтык жана тиричилик бөлмөлөр: Мекеменин администрациясынын жана көмөкчү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ошондой эле мекеменин персоналынын иштешине кадыресе ыӊгайлуу шартты түзүүгө арналган бөлмөлөр;
3.14 сынык-жаракат пункту: Жаракаттарда, сыныктарда, чыгарып алган ж.б. учурларда бейтапкананын ыкчам медициналык жардам көрсөтүүчү бөлүмү.
4 Көлөмдүү-мерчемдүү жана конструкциялык чечимдер
4.1 Кеӊейтилип жаткан ооруканалардын жайларын/бөлмөлөрүн, адатта, жер үстүндөгү кабаттарда жайгаштыруу абзел. Жер төлө, цоколь кабаттарындагы жана жер алдындагы өткөөлдөрдөгү бөлмөлөрдө операция кылуучу, таӊуу-кайра таӊуучу, реанимация палаталарын, кампаларды, техникалык бөлмөлөрдү, санитардык өткөрмөлөрдү, персоналдын гардеробдорун, ошондой эле радиацияга каршы калкаларды жайгаштырууга жол берилет.
4.2 Профили өзгөртүлгөн (ылайыкташтырылган) бийиктиги 6 жана андан көп метр болгон, лифти жок коомдук имараттарда ооруканаларды жайгаштырууга уруксат берилбейт.
4.3 Желдетүүчү жана муздатуучу камераларды машина бөлүмү менен, сордуруучу орнотмолорду бойлердик жайлар менен, ремонт кылуучу өнөрканаларды өлүктөрдү убактылуу сактоочу жайлар менен чектеш жайгаштырууга, ошондой аларды палаталардын, операция кылуучу бөлмөнүн жана дарыгерлердин кабинеттеринин үстүндө же алдында жайгаштырууга уруксат берилбейт.
4.4 Жайлардын бийиктиги полдон шыпка чейин 2,5м кем эмес болуш керек, жер төлөнүн бийиктигин 2,2м кем эмес кылууга жол берилет.
4.5 Жайлардын кеӊдиги метр менен алганда төмөндөгүлөрдөн кем болбошу керек:
коридор, операция кылуучу жана реанимация блоктору жана палата бөлүмдөрү үчүн – 1,6;
палаталар, врачтардын кабинеттери, кичи операция кылуучу бөлмөлөр, таӊуу-кайра таӊуучу бөлмөлөр, урологиялык креслосу бар эмдөө кабинеттери, урологиялык, ортопедиялык, эмкана, рентген кабинттери үчүн – 2,4;
операция кылуучу жана реанимация блоктору – 5.
4.6 Палаталардын, изоляторлордун, кабинеттердин, ванналардын, эмканалардын, таӊуу-кайра таӊуучу бөлмөлөрдүн, операция кылуучу бөлмөлөрдүн эшиктеринин туурасы 0,8м кем эмес болууга тийиш.
4.7 Эвакуациялоочу тепкич марштарынын жана аянтчаларынын торлору, адатта, төмөндөгүлөрдөн кем болбойт:
марштар үчүн – 1,15;
аянтчалар үчүн – 1,45.
Тепкич марштарынын жана аянтчаларынын туурасы 1,05м жана 1,115 м болгон имараттарды кайра профилдөөгө (ылайыкташтырууга) уруксат берилет.
4.8 Операция кылуучу, операцияга чейинки, стерилдөөчү, реанимация, жана таӊуу-кайра таӊуучу бөлмөлөрдүн дубалдарынын, тосмолорунун, шыптарынын жана полдорунун беттери жылмакай болуп, бөлмөлөрдү жууп, дезинфекциялоого ылайыктуу болушу керек.
4.9 Операция кылуучу бөлмөлөрдүн полдорунун үстү статикалык электрди чогултушун жокко чыгарыш керек.
4.10 Ал жерде оорукананы жайгаштыруу үчүн кайра профилдөөгө (ылайыкташтырууга) ылайыкталган имараттарды долбоорлоодо жана реконструкциялоодо жарык берүүчү нерселерди маскировкалоо боюнча иш-чаралар каралышы абзел.
Кабыл алуу бөлүмү жана оорулууларды чыгаруу бөлмөсү
4.11 Оорулууларды чыгаруучу бөлмө кабыл алуу бөлүмүнүн курамында болушу керек.
4.12 Кабыл алуу бөлүмүнүн аянтын 1-таблица боюнча кабыл алуу керек.
1- т а б л и ц а
| Керебеттердин саны төмөндөгүдөй болгондо, м2 менен алынган аянт | ||||||||
Жайлар/ бөлмөлөр | 100 | 100 ашык 200 чейин | 200 ашык 500 чейин | 500 ашык 800 чейин | 800 ашык 1100 чейин | 1100 ашык 1400 чейин | 1400 ашык 1700 чейин |
1700 ашык | |
1 | Вестибюль-күтүүчү жай | Кайра профилденген имараттын вестибюлунун аянты боюнча, бирок 24 м2 кем эмес | |||||||
2 | Вестибюлда-гы даарат-кана (1 унитаздуу, шлюздагы кол жуугучу менен) | 3 | 3 | 3 | 3 х 2 | 3 х 2 | 3 х 2 | 3 х 3 | 3 х 3 |
3 | Кароочу жай | 14 м2 кем эмес | |||||||
4 | Санитардык өткөрмө: | ||||||||
а) кийим чечүүчү жай | 6 | 6 | 8 | 8 | 10 | 10 | 12 | 12 | |
б) душ | 2,4 х 2 | 2,4 х 3 | 2,4 х 4 | 2,4 х 5 | 2,4 х 6 | 2,4 х 7 | 2,4 х 8 | 2,4 х 9 | |
в) кийинүүчү жай | 6 | 6 | 8 | 8 | 10 | 10 | 12 | 12 | |
5 | Шокко каршы палата | 13 | 13 | 13 | 13 | 13 х 2 | 13 х 2 | 13 х 3 | 13х 3 |
6 | Санитардык бөлмө | 4 | 4 | 4 | 4 | 4 | 4 | 4 | 4 |
7 | Бөлүмдүн жалпы дааратканасы | 3 | 3 | 3 | 3 х 2 | 3 х 2 | 3 х 2 | 3 х 3 | 3 х 3 |
8 | Оорулуулар-дын буюмдары үчүн кампа | Бир керебетке 0,2 м2 | |||||||
9 | Таза шейшеп, кийимдер үчүн кампа | 2 | 2 | 2 | 2 х 2 | 2 х 2 | 2 х 2 | 2 х 3 | 2 х 3 |
10 | Оорулуулар-ды чыгаруучу бөлмө | 10 | 10 | 10 | 10 | 10 | 10 | 10 | 10 |
11 | Кийим которуу үчүн кабина | 3 | 3 | 3х2 | 3 х 3 | 3 х 4 | 3 х 5 | 3 х 6 | 3 х 7 |
Э с к е р т ү ү - бир бөлмөдө төмөндөгүлөрдү чогуу жайгаштырууга жол берилет: а) 800 керебеттен ашык ооруканадагы кароочу жай (ушул таблицанын 3- п.); б) санитардык өткөрмө: (ушул таблицанын 4- «а», «б» жана «в» п.); в) 800 керебеттен ашык ооруканадагы шокко каршы палата (ушул таблицанын 5-п.); г) 500 керебеттен ашык ооруканадагы таза шейшеп, кийимдер үчүн кампа (ушул таблицанын 9-п.). | |||||||||
Палата бөлүмдөрү
4.13 Палата бөлүмдөрү башка бөлүмдөрдүн оорулуулары жана аларга келгендер өтө албагандай болушу керек.
4.14 Палата бөлүмдөрүнүн бөлмөлөрүнүн аянттары 2-таблица боюнча кабыл алынышы керек.
2 - т а б л и ц а
Бөлмөлөр | Аянты, м2 | ||
1 | 1 керебетке ылайыкталган күчөтүлгөн терапия палатасы | 15 | |
2 | Ортопедиялык- жаракат, нейрохирургиялык, радиологиялык, күйүк | 10 | |
200 керебетке ылайыкталган бөлүмдүн 2 жана андан көп керебетке ылайыкталган палата жана бөлмөлөрү |
1 керебетке 6 | ||
| апалары күнү-түнү чогуу жаткан 7 жашка чейинки балдар үчүн | 9,5 | |
| жандарында караган кишилери бар 7 жаштан улуу балдар жана чоӊдор үчүн | 14 | |
3 | Врачтын кабинети | 8 | |
4 | Даараткана | 3 х 6 | |
5 | Буфет | 10 | |
6 | Ашкана (бөлүмдөгү керебеттердин санынын 25% на) | 1орунга 1 | |
7 | Суднолорду жууп, стерилдөө үчүн, клеенкаларды жууп, кургатуу үчүн, кир шейшеп, кийимдерди бөлүштүрүү жана сактоо үчүн бөлмө | 15 | |
8 | Улуу медайымдын комнатасы | 6 | |
9 | Ванна | 8 | |
10 | Таӊуу-кайра таӊуучу | 18 | |
11 | Гипсти сактоочу жана даярдоочу бөлмө | 4 | |
12 | Кичи операция кылуучу бөлмө жана операцияга чейинки бөлмө | 18+6 | |
13 | Функционалдык дарт аныктоо кабинети | 18 | |
Э с к е р т ү ү л ө р 1 Ушул таблицанын 7-орунундагы жайларды бийиктиги 1,6 м болгон тосмолор менен бөлүп коюу абзел. 2 Ушул таблицанын 3 менен 8 жана 5 менен 6-орунунда көрсөтүлгөн бөлмөлөрдү бир жайда жайгаштырууга жол берилет. | |||
Операциялык блоктор
4.15 Операциялык блоктор жерден 2-кабаттан бийик жайгашпоого тийиш.
4.16 Операциялык блоктогу операциялык столдордун саны 100 керебетке 1 стол эсебинен алынат. Операциялык блокту 1 жана 2 столго долбоорлоо керек.
4.17 Операциядан кийинки жана реанимациялык палаталарда керебеттердин саны 2 керебетке 1 операциялык стол эсебинен алынат.
4.18 Операциялык блок, адатта, эки: септикалык жана асептикалык биринен бирине өтүүгө болбогон бөлүмдөн турат.
4.19 Операциялык блоктун бөлмөлөрүнүн аянтын 3-таблица боюнча кабыл алуу керек.
3 - т а б л и ц а
Бөлмөлөр | Аянт, м2 | |
1 | Жалпы профилдеги операциялык блок | 36 |
2 | Ортопедиялык- жаракат, нейрохирургиялык операциялык блок | 42 |
3 | Жасалма дем алдыруу аппаратын колдонуп жүрөккө операция жасоо блогу, рентген менен операциялоо блогу, |
48 |
4 | Операцияга чейинки палата | 12 |
5 | Стерилдөө бөлмөсү | 12 |
6 | Аспаптык-материалдык бөлмө | 1 операциялык блокко 4, бирок 10 дон кем эмес |
7 | Гипсти сактоо жана жасоо бөлмөсү (операциялык блоктун жанында жайгашат) | 6 |
8 | Операцииядан кийинки жана реанимациялык палаталар | 1 керебетке 5
|
9 | Канды классификациялоочу жана сактоочу бөлмө | 12 |
10 | Кир шейшеп, кийимдерди жана операция таштандыларын убактылуу сактоо үчүн бөлмө | 6 |
11 | Медайымдардын бөлмөсү | 10 |
12 | Улуу медайымдын бөлмөсү | 8 |
13 | Персонал үчүн санитардык өткөрмө | Душу менен – 8, Ваннасы менен – 12 |
14 | Операцияга чейинки бөлмөсү менен кичи операциялык блок | 24+8 |
15 | Жыйнап-тазалоо үчүн буюмдарды коюучу жер | Шкафтарда коюу каралат |
16 | Автоклавдык бөлмө | 14 |
Э с к е р т ү ү - Ушул таблицанын 10 менен 11-орунунда көрсөтүлгөн бөлмөлөрдү бир жайда жайгаштырууга жол берилет. | ||
Рентген менен дарт аныктоо кабинеттери
4.20 800 керебетке чейинки ооруканаларда бир рентгендик кабинет болушу керек; 800 керебетке кошумча ар бир 600 керебетке көбөйгөн сайын бир рентгендик кабинет каралат.
4.21 Рентген менен дарт аныктоо кабинеттеринин аянтын 4-таблица боюнча кабыл алуу керек.
4 – т а б л и ц а
Бөлмөлөр | Аянт, м2 | |
1 | Эмдөө бөлмөсү | Аянты конкреттүү жабдыкка жараша, бирок 34 кем эмес |
2 | Фотолаборатория | 10 |
3 | Чечинүүчү кабина (кушеткасы жок) | 3-4 |
4 | Чечинүүчү кабина (кушеткасы бар) | 2,5 |
5 | Генератор жайгашкан бөлмө | 8
|
6 | Дарыгердин/врачтын кабинети | 8-10
|
7 | Пульт турган жер | 10 |
Э с к е р т ү ү - Ушул таблицанын 3 менен 4-орунунда көрсөтүлгөн бөлмөлөрдү бир жайда жайгаштырууга жол берилет. | ||
Лабораториялар
4.22 Лаборатория бөлмөлөрүнүн аянтын 5-таблица боюнча кабыл алуу керек.
5 – т а б л и ц а
|
| Аянт, м2, керебеттердин саны төмөндөгүдөй болгон учурда |
| |||||||
Бөлмөлөр | 100 | 100 көп 200 чейин | 200 көп 500 чейин | 500 көп 800 чейин | 800 көп 1100 чейин | 1100 көп 1400 чейин | 1400 көп 1700 чейин | 1700 көп |
| |
1 | Препараттар бөлмөсү | 10 | 12 | 12 | 14 | 14 | 16 | 16 | 18 |
|
2 | Жууп-тазалоочу бөлмө | 8 | 10 | 10 | 12 | 12 | 14 | 14 | 16 |
|
3 | Бактериологиялык изилдөөлөр үчүн бокстору бар препараттар бөлмөсү | 23 | 23 | 23 | 23 х 2 | 23 х 2 | 23 х 2 | 23 х 2 | 23 х 3 |
|
4 | Автоклав жууп-тазалоочу бөлмөсү менен | 12
| 12 | 12 | 12 | 12 | 12 | 12 | 12 |
|
| Бокско чейинки бөлмөсү менен өзүнчө бокс | 12 | 12 | 12 | 12 | 12 | 12 | 12 | 12 |
|
5 | Карын суусун алуу үчүн жана дуоденалдык зонддоо үчүн кабинет | 8 | 8 | 8 | 8 | 8 | 8 х 2 | 8 х 2 | 8х2 | |
Э с к е р т ү ү - Ушул таблицанын 5-орунунда көрсөтүлгөн бөлмөлөрдү (1100 керебеттен ашкан ооруканаларда) бир жайда жайгаштырууга жол берилет. | ||||||||||
Дарыканалар
4.23 Дарыканалардын аянтын 6-таблица боюнча кабыл алуу керек.
6 – т а б л и ц а
|
| Аянт, м2, керебеттердин саны төмөндөгүдөй болгон учурда | |||||||
Бөлмөлөр | 100 | 100 көп 200 чейин | 200 көп 500 чейин | 500 көп 800 чейин | 800 көп 1100 чейин | 1100 көп 1400 чейин | 1400 көп 1700 чейин | 1700 көп | |
1 | Рецепттер жана ассистенттер бөлмөсү | 10 | 15 | 15 | 15 | 18 | 18 | 18 | 24 |
2 | Куб стерилдөөчү бөлмө | 8 | 10 | 10 | 12 | 12 | 18 | 18 | 20 |
3 | Асептикалык бөлмө | 8 | 8 | 8 | 10 | 10 | 12 | 12 | 14 |
4 | Жууп-тазалоочу бөлмө | 6 | 6 | 6 | 6 | 8 | 10 | 10 | 12 |
5 | Таӊуучу материалдарды жана дары каражаттарын сактоочу кампа | 8 | 10 | 10 | 14 | 14 | 16 | 16 | 20 |
6 | Дарыкананын башчысынын кабинети | 8 | 8 | 8 | 8 | 8 | 8 | 8 | 8 |
7 | Даараткана (1 унитаз,шлюз жуугучу менен) | 3 | 3 | 3 | 3 | 3 | 3 х 2 | 3 х 2 | 3 х 2 |
8 | Кычкылдарды жана дезинфекциялоочу каражаттарды сактоочу кампа | 5 | 5 | 5 | 8 | 8 | 10 | 10 | 12 |
9 | Жалбырт этип күйүп кетүүчү суюктуктарды сактоочу кампа | 5 | 5 | 5 | 8 | 8 | 10 | 10 | 12 |
Э с к е р т ү ү 1 Ушул таблицанын 8 менен 9-орунунда көрсөтүлгөн бөлмөлөрдү жер төлө кабаттарында жайгаштырууга жол берилет. 2 Ушул таблицанын 1 менен 6-орунунда жана 8 менен 9-орунунда көрсөтүлгөн бөлмөлөрдү бир жайда жайгаштырууга жол берилет. | |||||||||
Азык-түлүк блогу
4.24 Азык-түлүк блогун профили өзгөртүлгөн (ылайыкташтырылган) имараттарда жайгашкан ашканалардын өндүрүш, кампа жана тиричилик жайларында жайгаштыруу абзел.
Аталган жайларды реконструкциялоо жана кайра жабдуу талап кылынбайт.
4.25 Көчмө ашканасы болгон учурда же азык-түлүктү жеткирип туруу мүмкүнчүлүгү болгон учурда дарылоо мекемелери ашканасы жок имараттарга жайгаштырылса болот.
Кызмат жана тиричилик жайлары
4.26 Кеӊейтилип жаткан ооруканалардын кызмат жана тиричилик жайларынын аянтын 7-таблицага ылайык кабыл алуу абзел.
7 – т а б л и ц а
|
| Аянт, м2, керебеттердин саны төмөндөгүдөй болгон учурда | |||||||
Бөлмөлөр | 100 | 100 көп 200 чейин | 200 көп 500 чейин | 500 көп 800 чейин | 800 көп 1100 чейин | 1100 көп 1400 чейин | 1400 көп 1700 чейин | 1700 көп | |
1 | Башкы врачтын кабинети | 10 | 10 | 10 | 10 | 10 | 10 | 10 | 10 |
2 | Башкы врачтын кабылдамасы | 6 | 6 | 6 | 6 | 6 | 6 | 6 | 6 |
3 | Коомдук уюмдардын комнатасы | 8 | 8 | 8 | 8 | 8 | 8 | 8 | 8 |
4 | Канцелярия, бухгалтерия, касса | 8 | 10 | 10 | 10 | 12 | 12 | 12 | 14 |
5 | Медициналык комната (канцелярия) | 8 | 8 | 10 | 12 | 15 | 18 | 21 | 24 |
6 | Медициналык архив | 1 керебетке 0,3 100 келүүгө 4 , бирок 12 кем эмес | |||||||
7 | Борбордук шейшеп, кир жуучу жай | 8 | 8 | 10 | 12 | 14 | 16 | 18 | 20 |
8 | Оорулуулардын буюмдарын сактоочу кампа | 1 керебетке 0,2 | |||||||
9 | Персонал үчүн буфет | 8 | 8 | 10 | 12 | 14 | 16 | 18 | 20 |
10 | Персоналдын жумушчу жана үй кийими үчүн гардероб бөлмөсү | 1 жеке шкафка 0,5 | |||||||
11 | Инвентарды сактоо жана ремонттоо үчүн бөлмө | 8 | 10 | 10 | 12 | 12 | 14 | 14 | 16 |
Э с к е р т ү ү 1. Ушул таблицанын 7, 8, 9, 10 менен 11 -орунунда көрсөтүлгөн бөлмөлөрдү жер төлө кабаттарында жайгаштырууга жол берилет. 2. Ушул таблицанын 1, 2 жана 3-орунунда көрсөтүлгөн бөлмөлөрдү, 5 менен 6-орунунда көрсөтүлгөн бөлмөлөрдү, 7 менен 8- орунунда көрсөтүлгөн бөлмөлөрдү (шейшеп, кир жуучу жай, оорулуулардын буюмдарын сактоочу кампа жана үтүктөөчү бөлмө) жайгаштырууга жол берилбейт. | |||||||||
4.27 Оорукана мекемелеринин жайларынын 1-7- таблицаларда көрсөтүлгөн аянттары минималдуу болуп эсептелет. Көрсөтүлгөн аянттарды профили өзгөртүлгөн (ылайыкташтырылган) жайларга жараша жана имараттын (радиацияга каршы бекинүү аянтын эсепке албаганда) 1 керебет орунга туура келген жалпы аянты 20 м2 ашпаган учурда, чоӊойтууга жол берилет.
5 Инженердик жабдыктар
5.1 Муздак жана ысык суу операциялык блокторго, таӊуу-кайра таӊуу бөлмөлөрүнө, лабораторияларга, эмдөөчү бөлмөлөргө, идиштерди, судналарды жуучу бөлмөлөргө жана стерилдөө бөлмөсүнө тартылып келиши керек. Палаталарда, палаталардагы шлюздарда, дарыгерлердин кабинеттеринде, персоналдын кабинеттеринде жана бөлмөлөрүндө, сантүйүндөрүндө, эмдөөчү жана таӊуу-кайра таӊуу бөлмөлөрүндө ж.б. колду жууш керек болгон жайларда суу түтүктөрүн орнотуу каралат. Кол жуугучтарга ысык жана муздак сууну аралаштыруучу жабдык орнотулат. Авариялык учурларда ысык суу менен камсыздоочу булак катары электр суу ысыткычтарын пайдалануу абзел.
5.2 Өз алдынча агып келүүчү-сордуруп чыгаруучу желдетүү тутумунун операциялык блоктордо, ымыркайлар, эрте төрөлгөн жана жаракат алган балдар үчүн реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмдөрүндө, рентген жана магниттик-резонанстуу томография кабинеттеринде, радиологиялык жана лабораториялык бөлүмдөрдө, ылай, суу менен, күкүрт суутек, радон ванналары менен дарылануу бөлүмдөрүндө, радонду даярдоочу лабраторияларда; санитардык түйүндөрдө; муздаткыч камераларында, дарыканаларда болушу каралат.
5.3 Оорукана мекемелерине профили өзгөртүлгөн (ылайыкташтырылган) имараттардын электр энергиясын кабыл алгычтарынын электр энергиясы менен камсыздандыруусунун ишенимдүүлүгүн ушул имараттарды долбоорлоо боюнча КЧжЭлердин башчыларынын талаптарына ылайык кабыл алуу абзел.
5.4 Операциялык блоктордун бөлмөлөрүнүн, реанимация бөлүмдөрүнүн, операциядан кийинки палаталардын, коридорлордун, эвакуациялоо жолдорунун электр энергиясын кабыл алгычтары жана ушул жайларды авариялык жарыктандыруу бир же эки трансформатордук чордондун ар башка АВР түзүлүшү бар трансформаторлорунан эки линия боюнча электр тогу менен камсыздалынышы керек.
5.5 Физиотерапия жана рентген менен дарт аныктоо кабинеттерин электр энергиясы менен азыктандыруучу магистралдын кирүүсүндө нөлдүк сымды, адаттагыдай, жасалма жердетилиш менен кайрадан жердетиш керек.
5.6 Телефон жана радио байланышты шаардык же жергиликтүү тармактардан улап алуу каралат.
5.7 Радио байланыш дарыгерлердин жана медициналык айымдардын кабинеттеринде каралат.