Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЭРЕЖЕЛЕРИ
Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму
ДЕН СООЛУГУНУН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ ЧЕКТЕЛГЕН АДАМДАРГА ИМАРАТТАРДЫН МЕРЧЕМДИК ЧЕЧИМДЕРИН КАБЫЛ АЛУУДА ЖАШОО-ТУРМУШ ЧӨЙРӨСҮН КАМСЫЗДОО
ОБЕСПЕЧЕНИЕ СРЕДЫ ЖИЗНЕДЕЯТЕЛЬНОСТИ ПРИ ПЛАНИРОВОЧНЫХ РЕШЕНИЯХ ЗДАНИЙ ДЛЯ ЛИЦ
С ОГРАНИЧЕННЫМИ ВОЗМОЖНОСТЯМИ ЗДОРОВЬЯ
Ensuring the environment when making planning
solution of buildings for individuals
with disabilities
Киргизүү датасы 2018-жылдын 28-декабры
1 Колдонуу чөйрөсү
1.1 Ушул курулуш эрежелери Кыргыз Республикасынын шаар аймактарында жана башка калктуу жерлерде объекттерди (мындан ары – курулуш) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын керектөөлөрүн эске алып куруу, кеңейтүү, реконструкциялоо же техникалык кайра жабдуу үчүн долбоорлоо документтерин иштеп чыгуу, макулдашуу, бекитүү жана ишке ашырууга чыгыш-уруксат берүүчү документтерди даярдоодо курулуш тармагындагы инвестициялык процесстин катышуучуларынын өз ара аркеттешүүсүнүн шарттарын жана деңгээлдерин жөнгө салат.
1.2 Ушул курулуш эрежелери ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жеткиликтүүлүк шарттарын камсыдоо үчүн, ошондой эле алар аба, темир жол, автомобиль, суу транспорту, байланыш жана маалымат каражаттары менен тоскоолдуктарсыз пайдалануу үчүн шаар куруу ишмердүүлүгүнүн инвестициялык процессинин бардык катышуучуларынын милдеттерин, укуктарын жана маселелерин аныктайт.
2 Ченемдик шилтемелер
Ушул курулуш ченемдеринде төмөндөгү документтерге ченемдик шилтемелер пайдаланылды:
КР 2008-жылдын 3-апрелиндеги №38 “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укугу жана кепилдиги жөнүндө” мыйзамы;
КР Мамкурулушунун 2016-жылдын 27-майындагы №6-нпа буйругу менен бекитилген “Шаарларды жана шаар тибиндеги калк жашаган пункттарды курууну мерчемдөө боюнча эрежелердин жыйнагы”;
КР Мамкурулушунун 2016-жылдын 20-сентябрындагы №7-нпа буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасында калктуу айыл пункттарынын аймактарын мерчемдөө жана ал жерлерде куруу боюнча эрежелердин жыйнагы”;
КЧжЭ П-89-80 Өнөр жай ишканаларынын генералдык мерчемдери;
КР КЧ 35-01:2018 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын муктаждыктарын эске алуу менен жашоо-турмушунун чөйрөсүн долбоорлоо;
КР КЧ 31-04:2018 Коомдук имараттар жана курулмалар;
КР КЧ 31-05:2018 Өндүрүш имараттары.
3 Терминдер жана аныктамалар
Ушул курулуш эрежелеринде төмөндөгү терминдер тиешелүү аныктамалары менен берилген:
3.1 архитектуралык-мерчемдик шарттар: Аймактык шаар куруу жана архитектура органы берген, шарттарды жана талаптарды камтыган, алардын ичинде функционалдык милдети жана пайдаланууга уруксат берилген түрлөр боюнча, курулуш объектсинин негизги параметрлери жана анын жайгашуусу боюнча, ошондой эле милдеттүү болгон санитардык, өрткө каршы, экологиялык талаптар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, шаар куруу документтеринде жана калктуу пункттардын аймактарынын жерлерин пайдалануу жана ал жерлерде куруу эрежелеринде каралган объекттерди долбоорлоо боюнча чектөөлөрдү камтыган документ;
3.2 ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын катарына жаракат алуунун же кемтиктердин натыйжасында жашоо-тиричилигинин чектелишине алып келген, организмдин функцияларынын туруктуу бузулуу оорусу менен коштолгон, ден соолугунун начардыгы аларды социалдык жактан коргоо жана калыбына келтирүү зарылдыгын туудурган адамдар кирет;
3.3 майыптуулук: Адамдын коомдук турмушка, алардын ичинде мейкиндик-чөйрө тоскоолдуктардын айынан башкалар менен тең натыйжалуу жана толук катышуусуна тоскоолдук кылган организминин функцияларынын туруктуу бузулушуна дуушар болгон, таяныч-кыймылдаткыч аппараты жабыркаган, көрүүсү жана угуусу начар адам;
3.4 тосмо: Жөө жүргүнчүлөр үчүн өткөөлдөрдүн белгилеринин айырмасындагы, кооптуу жерлердин жана салаңдап турган нерселердин жанындагы тикесинен турган тосмо конструкция;
3.5 пандус: Марштан (кыймылдын багыты боюнча текши эңкейиште болгон бет) жана горизонталдуу аянтчалардан (эс алуу үчүн жана\же маневр кылуу үчүн) турган жолдун горизонталдуу бетинин бир деңгээлинен экинчи деңгээлине жүрүүгө арналган курулма;
3.6 өр: Кыймылдын эңкейиш жүрүшүнүн жакынкы горизонталдуу беттеринин ортосундагы деңгээлдин айырмасы (вертикалдуу өлчөм);
3.7 өткөөл: Жөө жүргүнчүлөр үчүн конструкциялык же функциялык элементтердин (жабдыктардын) ортосундагы мейкиндик;
3. 8 долбоорлоо документи: Архитектуралык- шаар куруучу, көлөмдүү-мерчемдөөчү, функциялык-технологиялык, конструкциялык, инженердик-техникалык ж.б. курулушту, реконструкциялоону, аймакты инженердик даярдоо жана аны жакшыртуу чечимдерин камтыган графикалык, текст түрүндөгү ж.б. документтер;
3.9 текстофон: Угуусу бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын телефон менен сүйлөшүүсүн текст режиминде кабыл алып-берип-жүргүзүү үчүн аппарат. Аппарат клавиатура жана текст маалыматын көрсөтүп туруучу дисплей менен жабдылат.
4 Жалпы жоболор
4.1 Объекттерди, айрым имараттарды жана курулмаларды, ошондой эле турак-жарандык жана өндүрүш милдетиндеги комплекстерди долбоорлоодо, курууда жана реконструкциялоодо, тапшырык берүүчүлөргө, инвесторлорго, илимий, долбоорлоо жана курулуш уюмдарга, алардын ведомстволук караштуулугуна жана менчик формасына карабастан, ошондой эле аймактык архитектура жана курулуш боюнча органдарга, калкты социалдык жактан коргоо органдарына, КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик эскпертиза органдарына (Мамкурулуш) ушул документте саналган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын керектөөлөрүн эске алып, толук жарамдуу тиричилик чөйрөсүн түзүүгө карата талаптарды аныктаган ченемдик шилтемелерди, ушул документти ченемдик укуктук акктарды жана ченемдик-техникалык документтерди жетекчиликке алуу керек.
4.2 Шаар курулуштарын жана башка калктуу жерлерди, имараттарды жана курулмаларды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жеткиликтүүлүктү эске алып долбоорлоодо, биринчи кезекте КР КЧ 35-01 “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын муктаждыктарын эске алуу менен жашоо турмушунун чөйрөсүн долбоорлоо” жетекчиликке алуу керек.
4.3 Курулушту реконструкциялоодо, имараттарды жана курулмаларды, ошондой эле тарыхый жана маданий эстеликтерди курууда иштеп жаткан ченемдик документтердин социалдык түзүм объекттеринин ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жеткиликтүүлүгү бөлүгүндөгү талаптары толук көлөмдө аткарылышы мүмкүн болбогон учурда, жергиликтүү калкты социалдык коргоо органы менен макулдашуу боюнча жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын комдук биримдигинин пикирин эске алып, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жашоо-тиричилигин камсыздаган тийиштүү учурга зарыл болгон чечимдер кабыл алынышы керек.
4.4 Адамдын турак-тиричилик милдеттеринин негизги бөлүгү турак жайда ишке ашат. Өз алдынча кыймылдай албаган ден соолугу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн батир жалгыз жашоо чөйрөсү болуп калат. Бирок бул жерде да кадыресе жашоо үчүн шарттар дайыма эле камсыздала бербейт (эшик босоголору, кууш эшиктер, кууш дааратканалар, туткалардын жоктугу ж.б).
Жалпысынан ден соолугу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жашаган батир (үй-бүлөсү менен же жалгыз жашаган) бардык бөлмөлөрдүн майда-чүйдөсүнө чейин ойлонуштурулуп уюштурлушун талап кылат.
4.5 Ушул эрежеде турган имараттардагы батирлерди кайра мерчемдөө варианттары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жана башка мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча мерчемдик чечимдердин ченемдеринин үлгүлөрү келтирилген.
5 Долбоорлоодо жана курууда жеткиликтүүлүк талаптарын ишке ашыруу тартиби
5.1 Социалдык инфратүзүм объктер үчүн баштапкы уруксат документердин жасалашы, ошону менен бирге Архитектура-мерчемдик шарттарды жана долбоор тапшырмасы Кыргыз Республикасынын № 252 30 май 2008 жылы бекитилген токтом “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобо” боюнча ишке ашат.
5.2 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын керектөөлөрүн эске алып майда чүйдөсүнө чейин мерчемдөө, курулуштун жана объекттерди курууга жана реконструкциялоого долбоорлорун иштеп чыгуу шаар куруу же архитектуралык-курулуш объекттерди долбоорлоого келишим түзүүгө тапшырык берүүчүгө (инвесторго, куруучуга) мүмкүндүк берген чыгыш-уруксат берүүчү документтердин негизинде ишке ашат.
Архитектура-мерчемдик шарттардын талабыны жооп бербеген мерчемдик жана долбоор документердин архитектура-курулуш тармагыдагы ишкердүлүүк боюнча саясаттын тарабынан каралууга алышпайт.
5.3 Объекттерди курууга долбоорлоонуучу документтердин бекитиле турган бөлүгүнүн негизги түрлөрүнүн жана баскычтарынын курамында долбоордун “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жашоо-тиричилик шарттарын камсыздоо боюнча негизги чечимдер” аталыштагы түшүндүрмө каты менен атайын бөлүгү аткарылат. Анда кабыл алынган чечимдердин негиздөөлөрү жана графикалык материалдар берилет.
5.4 Курулуш процесси, реконструкциялоо жана ишке киргизүү учурунда имараттардын жана курулмалардын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо талаптарын тутууну контролдоо Мамкурулуштун аймактык органдары тарабынан, аймактык калкты социалдык тейлөө органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен камсыздалат. Калкты социалдык тейлөө органдарынын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү кабыл алуу комиссиясынын курамына киргизилет.
5.5 Курулуш объектисинин мерчемделүүчү жана долбоорлоо документтеринин курамы жана мазмуну, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга имараттардын керектөөлөрүн эске алуу боюнча атайын иш-чаралар бөлүмү, КР КЧ 11-03 жооп берүүгө тийиш.
5.6 Өндүрүш арналышындагы имараттарды жана курулмаларды курууга долбоорлоо документтеринин атайын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жашоо-тиричилигин камсыздоо боюнча чечимдерди чагылдырган бөлүмү Генералдык мерчем, транспорт жана архитектуралык-курулуш чечимдер боюнча тийиштүү иш-чаралары менен материалдарды, ал эми түшүндүрмө кат – зарыл болгон негиздөөлөрдү камтууга тийиш.
5.7 Генералдык мерчем жана транспорт боюнча бардык материалдарга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын социалдык инфратүзүмдүн объекттерине, коомдук жана жүргүнчүлөр транспорт, байланыш жана маалымат каражаттарына жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча көрсөткүчтөрдү жана тийиштүү чечимдерди камтыган иш-чараларды киргизүү керек.
Генералдык мерчемдин схемасында же Генералдык мерчемдин өзүндө ден соолугу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүк камсыздалган объекттер, гараждар жана атайын унааларды парковкалоо үчүн жерлер, эс алуу, спорт аянтчалары, кичи архитектуралык формалар жана тышкы жакшыртуу элементтери ж.б. көрсөтүлүшү керек.
Долбоорлоо тапшырмасына ылайык жана калкты социалдык тейлөө органдарынын сунуштарын эске алып, долбоорлоо-сметалык документтерге курулушка кошумча турак жана коомдук имараттардын фасаддарынын түстүү чечимдери боюнча, жарнамаларды орнотуу жана башка көрүп маалымат алуу боюнча, аларды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды кабыл алуусун эске алып, сунуштар киргизлиши мүмкүн.
5.8 Архитектуралык-курулуш чечимдерде архитектуралык идеяны кыскача сүрөттөө жана негиздөө, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын имараттарга жана курулмаларга, рекреациялык зоналарга жана маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча принципиалдуу чечимдер камтылышы керек.
1 тиркемеси
(сунушталган)
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү жашоо-тиричилик чөйрөсүн калыптандыруу боюнча иш-чаралар
1. Жалпы жоболор
Аймактарды жакшыртуу иштерин, транспорт, коммуникация, жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдордун мерчемделген жана мерчемделген-алдын алуучу ремонттоо иштерин жүргүзүүдө, менчик формасына карабастан, коомдук арналыштагы имараттарды, курулмаларды кайра жабдууда өзгөчө көңүлдү (өзгөчө жакынкы 2-3аралыгында) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүк шарттарын жана коопсуздукту түзүүгө багытталган иш-чараларды айкалыштырууга буруу керек.
Ар бир калкты социалдык тейлөө мекемеси жана мамлекеттик шаардык жана райондук администрация иштөө үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын Мамкурулушу иштеп чыккан, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жеткиликтүү жашоо-тиричилик чөйрөсүн калыптандыруу боюнча күнүмдүк иштерди жүргүзүүдө керектөөгө жана пайдаланууга сунушталган жана жетекчиликке алууга милдеттүү болгон тийиштүү ченемдик документтердин жана методикалык материалдардын топтомуна ээ болушу керек.
Ар бир этаптын чыныгы мүмкүнчүлүгүн максималдуу пайдаланууну эске алып, бүткүл жашоо-тиричиликү чөйрөсүн этап менен кайра жабдуу принцибин тутуу керек.
Ишти рационалдуу уюштуруу үчүн, аткаруу мөөнөттөрү так жана алардын аткарылышына жооптуу болгон конкреттүү кызмат жактары көрсөтүлгөн иш-чаралар программасы калыптандырылышы керек.
Иш-чаралар төмөндөгү багыттар боюнча каралышы керек:
1 Шаар инфратүзүмүн реконструкциялоо жана өнүктүрүү шартында жаңы объекттерди куруу;
2 Реконструкциялык иш-чаралар. Жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдор;
3 Турак жай;
4 Коомдук арналыштагы имараттар жана курулмалар;
5 Бийлик жана башкаруу орган мекемелеринин имараттары;
6 Ден соолугу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн атайын адистештирилген мемкемелер;
7 Ден соолугу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн эмгек орундарын уюштуруу;
8 Иш-чаралардын аткарылышынын жүрүшүн координациялоо жана контролдоо.
Иш-чараларды аныктоону жана калыптандырууну, жаңы имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо, турган объекттерди реконструкциялоо же ремонттоо боюнча, көп бөлүгү ден соолугу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүк шарттарын камсыздоо боюнча иш-чаралар менен айкалышы мүмкүн болгон, унаа жүрүүчү көчөлөрдүн жана тротуарлардын бетин жаңылоо же ремонтоо, ошондой эле башка ремонттоо-калыбына келтирүү боюнча жакынкы арага мерчемделген иштерди эске алып жүргүзүү керек.
2 Турак үй имараты
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын турак жай көйгөйлөрүн чечүү максатында төмөндөгү принциптерге негизделген тийиштүү иш-чаралар караштырылышы керек:
- чыныгы шарттарга жараша, мүмкүн болсо, бардык жаңы көп батирлүү турак имараттардын курулушу ар бир батирдин, зарыл болгон учурда, кайсы категорияда болбосун ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын керектөөлөрүнө ылайыкташтырылууга мүмкүндүктү эске алган долбоорлоо документтерге жана архитектуралык-мерчемделүүчү чечимдерге негизделиши керек;
- турган муниципалдык турак фондду ремонттоодо же ал жерде реконструкция иштерин жүргүзүүдө батирлердин кийин ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын керектөөлөрүнө ылайыкташтыруу мүмкүндүктөрүнө ориентир алынышы керек;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын социалдык тейлөө жана калыбына келтирүү стационардык жана жарым стационардык мекемелеринин формаларын жана тарамдарын зарыл болгон өркүндөтүү жана кеңейтүү караштырылышы керек.
Бүгүнкү күндө курулуш чөйрөсүндө иштеп жаткан ченемдик документтерде кресло-коляскадагы ден соолугу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн батирлерди көп батирлүү кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатында жайгаштыруу мүмкүндүгү караштырылгандыгын эске алуу керек. Ошол эле учурда, ар бир өзүнчө алынган кырдаалда, батирлеринде кайсы кабатта болбосун, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жашоосуна ыңгайлуу шарттар караштырылган, массалык турак үйлөлдүн жаңы, мындан да өркүндөтүлгөн жана заманбап долбоорлорун иштеп чыгып, өздөштүрүүгө сунуштаса болот.
3 Коомдук арналыштагы имараттар жана курулмалар
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын керектөөлөрүнө ыңгайлаштырууга тийиштүү болгон коомдук имараттарга жана курулмаларга, биринчи кезекте, бейтапканалар, амбулаториялар, дарыканалар, дене тарбия-спорт имараттары жана курулмалары, маданият жана искусство мекемелери, соода жана коомдук тамактануу, тиричилик, коммуналдык жана жүргүнчүлөрдү тейлөө ишканалары, насыя берүү-каржылоо жана банк уюмдары жана мекемелери, турак-коммуналдык чарба мекемелери жана коомдук дааратканалар ж.б.у.с. кирет. Ар бир шаарда, райондо, поселокто ж.б калктуу жерлерде, айрым бир өзгөчө учурлардан тышкары, бардык коомдук арналыштагы объекттер ар бир адамга, алардын ичинде кайсы категориядагы болбосун ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга да жеткиликтүү болушу керек экендигин эстен чыгарбоо керек.
Туура жана рационалдуу уюштурган учурда, имараттардын жана курулмалардын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча иштер жана иш-чаралар өтө кыска мөөнөттүн ичинде жана минималдуу чыгымдар менен эле аткарылышы мүмкүн. Мындай учурларда аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдары турак эмес жайларды ижарага берүүгө же сатууга документтерди тариздөөдө, ижарага алуучуну же мүлктүн жаңы ээсин курулуш чөйрөсүндө иштеп жаткан ченемдик документтердин жеткиликтүүлктү камсыздоого тийиштүү талаптарын аткарууга милдеттендирген талаптарды койсо болот.
Мында жергиликтүү бийлик жана башкаруу органдарынын жооптуу өкүлдөрүнө жетекчиликке же калкты коомдук-тиричилик, соода жана маданий жаткан тейлөө ишканаларынын ээлерине ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар – башкалардай эле ишканага пайда алып келүүчү кардар экендигин түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү өз мойнуна алуу максатка ылайык болот.
Шаардын турукташып калган түзүмдөгү же жаңы салынып жаткан рйондорунда жаңы окуу имараттарын долбоорлоодо жана курууда, ошондой эле окуу мекемелеринин турган имараттарын реконструкциялоодо ачык типтеги окуу мекемелеринде (баштапкы, орто, орто техникалык, жогорку ж.б. окуу жайларда) башка балдар менен чогуу окууга жана баарлашууга (кресло-коляскадагы, начар көргөн же начар уккан ж.б.), баштапкы, жалпы, атайын билим алууга жөндөмдүү болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн мүмкүндүктөрдү караштыруу керек. Натыйжада, бардык билим берүү жана кесиптик билим берүү мекемелеринде ырааттуулук жана акырындык менен майптарды башка балдар менен катар окутуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө келүү керек.
Өзгөчө көңүлдү бардык медициналык мекемелерде (бейтапкана, дарыкана, оорукана, төрөт үйлөрү ж.б) аларда мерчемделген ремонттоо жана реконструкциялоо иштерин жүргүзүүгө жараша, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жеткиликтүүлүктү камыздоо боюнча иш-чараларды аткаруу маселелерине буруу керек.
4 Бийлик жана башкаруу органдарынын мекемелеринин имараттары
Биринчи кезектеги жана милдеттүү иш-чаралардын катарында бардык категориядагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга калкты социалдык тейлөө мекемелерине, ошондой эле, тигил же бул деңгээлде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын көйгөйлөрүн чечүүгө байланышкан мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге жеткиликтүүлүктү камсыздоо боюнча иш-чаралар турушу керек. Мындай иштер алардын татаалдыгына жана наркына карбастан, кыска мөөнттүн ичнде аткарылууга тийиш.
Мекемеде кандай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар болбосун кире ала тургандай жабдылган, бирден кем эмес кирүү болушу керек экендигин эске алуу керек.
Эгерде мекеменин бардык кабаттарындагы жана жайларындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жеткиликтүүлүктү камсыздоого чынында эле мүмкүнчүлүк жок болсо, анда ушул мекеменин ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар менен түз иштеген (көйгөлөрүн чечүү же баарлашуу) кызматтары же түзүмдөрү мекеменин ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жеткиликтүү зоналарында (биринчи кабаттын чегинде же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жеткиликтүү бөлүгүндө) жайгаштырылыш керек. Жагдайларга жараша вариант катары, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жеткиликтүү кирүүнүн жанында, же башка, аларга жеткиликтүү жайда коомдук кабылдаманы түзүү сунушталышы мүмкүн. Мындай учурларда мекеменин иши, коомдук кабылдамага зарыл болгон учурларда мекеменин башка кызматтарынын, түзүмдөрүнүн тийиштүү адистери керектүү кеп-кеңештерди берүү же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар менен башка иштерди жүргүзүү үчүн чакыртылышы мүмкүн болгондой уюштурулушу керек.
Мекеменин көп кабаттуу имаратында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын ар кайсы кабаттарда жайгашкан жайларга баруусу зарыл болгон учурда, жүргүнчүлөр үчүн лифттин эч болбосо бири ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жеткиликтүү болуш керек.
Мүмкүнчүлүктөргө жараша, ар бир мекемеде дүлөй абоненттер менен иштөө үчүн эч болбосо бир таксофон орнотуу боюнча, ошондой эле мекемелердин далистеринде таксафондордун тиби боюнча көрүүсү начар кардарлар пайдалануучу дабыш менен маалыматтоочу түзүлүштөрдү орнотуу боюнча иш-чараларды караштыруу керек. Мындан тышкары, көрүүсү начар кардарлар үчүн ориентир алуу шарттарын жакшыртуу максатында, ири жана ички мерчемделиши татаал имараттардын далистеринде негизги жайлардын милдети, кабинеттин номери көрсөтүлүп, рельефтүү жайгашуу схемасынын орнотулушун караштыруу керек.
5 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн атайын адистештирилген мекемелер
Атайын адистештирилген объекттерге шаарлардын жана калктуу жерлердин коомдук инфратүзүмдөрү менен колдоно албаган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын тобунун жашоосун, тейленүүсүн, дарылануусун, билим алуусун, жадагалса жумушка орношуусун да камсыздаган мекемелердин имараттары жана курулмалары кирет.
Мындай мекемелерди шаардын түзүмүндө жайгаштыруу принциби бир жагынан, пациенттердин зарыл болгон обочолонушун эске алуусу керек (мисалы, психикалык жактан өнөкөт ооругандарды ж.б.у.с.), экинчи жактан, ушул мекемелердин кызматкерлери жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга келүүчүлөр (туугандардын, тааныштардын, кайрымдуулук жасагандар ж.б.) үчүн ыңгайлуу болуш үчүн алардын турак массивдери менен ыңгайлуу байланышта болуусун эске алуу керек.
Стационардык социалдык тейлөө үй-интернаттардын, мекетеп-интернаттардын, балдар үйлөрүнүн, жана башка ушу сыяктуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын курагына, ден соолугунун абалына, социалдык абалына жараша профилденген мекемелердин тарамы менен камсыздалат.
Жарым стационардык социалдык тейлөө, адатта, калкты социалдык жактан коргоо жана социалдык тейлөө муниципалдык борборлорунун күндүзгү жана түнкү бөлүмдөрүндө уюштурулат. Ал өзүн кары-картаң адамдарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды социалдык-тиричилик, медициналык жана маданий жактан тейлөөнү камтыйт, алардын тамактануусун, эс алуусун , бош убактысын камсыздайт жана эмгек ишмердүүлүгүндө алына жараша катышуусун жана жигердүү жашоону колдоого көмөк көрсөтөт.
Мөөнөттүү социалдык тейлөө өзүнө төмөндөгү кызматтарды камтыйт: муктаж болгондорду бир жолку ысык тамак же азык-түлүк тизмеги менен камсыздоо; кийим, бут кийим, башка керектүү буюмдар менен камсыздоо; бир жолку медициналык жардам көрсөтүү, ошондой эле ыкчам медициналык-психологиялык жардам көрсөтүү; убактылуу турак үй таап берүүгө көмөктөшүү; юридикалык жардам көрсөтүү; ж.б. мөөнөттүү кызматтарды көрсөтүү.
Социалдык-консультациялык жардам ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын коомдо, үй-бүлөсүндө жана тиричиликте көнүшүүсүнө багытталып, калкты социалдык тейлөө муниципалдык борборлор менен камсыздалат.
6 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жумушчу орундарды уюштуруу
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын керектөөлөрүн жана жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алып, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын эмгегин пайдалануу үчүн атайын адистештирилген ишканалар, цехтер, тилкелер түзүлөт.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды ишке орноштуруунун дагы бир рационалдуу жолу – үйдө иштөөгө шарт түзүү. Аны уюштуруу үчүн үйгө сырьену, жарым фабрикатты, шаймандарды, тапшырмаларды ж.б.у.с. жеткирүү жана даяр продукттарды алып кетүү тутумун караштыруу керек, зарыл болгон учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар тийиштүү технологиялык жабдыктарды жеткирип берүүнү, жумушчу орунду рационалдуу уюштуруу үчүн методикалык жардамды көрсөтүүнүн жолдору караштырылууга тийиш.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын эмгегин ошондой эле көп суроо-талапка ээ болгон салттуу элдик кол өнөрчүлүктө көркөм жана тиричилик буюмдарын аз сериялуу ийкемдүү өндүрүштө колдонууга болот. Негизги максат эмгек рыногунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын катышуусу менен жасалган продукттардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу.
2 тиркемеси
(сунушталган)
Коляскалар үчүн негизги мерчемдөө параметрлери, имаратка кирүүнүн жабдыктар тобу, жеке көтөрмөлөр, лифтер 32-50- беттерде көрсөтүлгөн.
Үйлөрдүн подъезддерине кирүүлөрдө пандустарды, тийиштүү чен өлчөмдөгү лифттерди орнотуу, батирлердин кире беришин кеңейтүү, эшиктердин тешиктерин ыңгайлуу жасоо, балкон жана лоджияларды терең кылуу эсептелет.
Лифт же пандусту орнотуу мүмкүн эмес болгон учурларда бекем материалдардан жасалган, дөңгөлөктөрү үчүн багыттоочу арыкчалары бар алкак түрүндөгү кайра ачылма же алып таштала турган пандустарды колдонсо болот.
Бардык ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн, биринчи кезекте, таяныч-кыймылдагыч аппараты жабыркаган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга имараттын, кээде имараттан тышкары деле белгинин айырмасын кайра жасоо керек болгон учурда (мисалы, тепкич маршы бар болгондо лифт аянтчасына чейин) көтөрмө керек.
Эңкейиш (тепкич көтөрмөлөр) – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар коляскада же отургучта отурган абалда аянтчанын бир тарабынан экинчи тарабына платформада көтөрүүгө арналган түзүлүш.
Көтөрмөнүн багыттоочулары түз же ийри линияда пандустун, даражалардын, аянтчанын же крыльцонун үстүнөн өтөт. Максималдуу жүк көтөрүмдүүлүгү 300 кг, ал эми жылуу ылдамдыгы секундасына 0,15 м ашпоого тийиш.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын көтөрүп-түшүрүү үчүн ар кандай жеке көтөрмөлөр сунушталат. Тийиштүү өлчөмдөгү жеке көтөрмөлөрдү таштанды түтүктөрүнүн шахталарына орнотуу сунушталат. Себеби алар көп учурларда өз функцияларын аткарбайт. Биринчи кабаттагы таштанды кабыл алгычты көчөгө айдоочу велоколясканы сактоочу бокско өзгөртүп жасап койсо болот. Айрым батирлер үчүн тышкы жеке пандусту орнотуу мүмкүн.
Тепкичтердеги туткалар ыңгайлуу жана бекем болушу керек (карагыла КР КЧ 35-01 « Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын муктаждыктарын эске алуу менен жашоо-турмушунун чөйрөсүн долбоорлоо курулуш ченемдери.
Мындай туткалар начар көргөн адамдар үчүн, балдакчандарга, кыймыл координациясы бузулгандарга, кош бойлууларга, карыларга да ишенимдүү таяныч болот.
Азиз жана начар көргөндөргө тепкич марштарына, пандустарга ж.б. тоскоолдуктарга жакындаганда рельефтүү жана түс боюнча карама-каршы жабууну колдонуу керек.
3 тиркемеси
(сунушталган)
Батирлердин негизги мерчемдик параметри мерчемди кайра түзүүдөгү жана реконструкциялоодогу олчөмдөру 24-42 бетте.
Сунушталган үлгүлөр турак курулуштун айрым объекттерин модернизациялоодо же реконструкциялоо учурунда жөнөкөй жолдор менен көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө болорун көрсөттү. Бул үчүн максатка ылайык келген жана шаарда көп учураган батирлердин типтери тандалып алынган. (табл. карагыла)
Реконструкциянын арты менен негизсиз чыгымдар болушу мүмкүн болгон монолит имараттардагы батирлер үчүн (121-105-80c сериялар) бардык жабдыктарга жетүү ыңгайлуулугун жана кресло-колясканын 1800 жана 3600 бурулушу мүмкүн экендигин эске алып, санитардык-гигиеналык зонаны айкалыштырылган түйүнгө өзгөртүп коюуну сунуштаса болот.
Мында туткалардын тутумун караштыруу керек. Мындай туткалардын конструкциясы, адамдын майыптуулугунун жана физикалык мүмкүндүгүнүн мүнөзүнө жараша стационардуу, кайра ачылма же бурула турган болушу мүмкүн.
Көп учурларда дааратканаларда жана ванна бөлмөлөрүндө шыпка кадалган штангдар же трапециялар колдонулушу мүмкүн. Эгерде сантүйүндүн бөлмөсү кенен эле болсо, анда шыпка алдындагы жылып жүрүүчү илмеги менен штанга кадаса болот, бул ыкма ваннага бирөөнүн жардамысыз түшүүгө шарт түзөт.
Батирдеги жакшы ойлонуштурулган, ыңгайлуу сантүйүн үйдөгү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын гана эмес, бардык бүлөлөрдүн жашоосун жеңилдетери шексиз.
Ден соолугу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамын жашаган батирде ашкана жана тамак жечү жерди жабдуу көп көңүлдү талап кылат. Ашкандагы плитаны, идиш жуугучту, шкафтарды кресло-коляскадагы адамга пайдалануу оңой жана ыңгайлуу болушу керек. Мында көрүүсү бузулган адам жашаган ашканада асма шкафтарды жаракат албай тургандай кылып жайгаштыруу керек. Ашкандагы жабдыктар менен иштегенге ыңгайлуу мейкин түзүү үчүн асма шкафтардын тереңдигин 30см көп кылбаш керек.
Батир ичиндеги эки жакка жайылма эшиктерди эшик тешиктерин кеңейтип жеңил, дөңгөлөктүү кылып жасоо сунушталат.
Бир-эки бөлмөлүү батирлердеги антресолдорду жана кууш чыгдандарды кайра өзгөртүп жасоо сунушталат.
Үч бөлмөлүү батирлерде өзүнчө (кошумча) атайын жабдыктары бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн санитардык-гигиеналык зонаны орнотуу сунушталат.
Мерчемдеги номерлер боюнча тийиштүү нормалдардын фрагменттерин кароо керек.
Негизги мерчемделүүчү чечимдер жана алардын өлчөмдөрү:
- унитазды колдонуу боюнча ар кандай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын топтору үчүн .-40-б.;
- санитардык-техникалык жабдыктарды, санитардык түйүндү колдонуу боюнча – 41-б.;
- ванна бөлмөсүнүн чен өлчөмдөрү – 43-б.;
- санитардык-гигиеналык зоналардын чен өлчөмдөрү – 44-б.;
- ажааткананын жабдыгы жана негизи өлчөмөдөр -45-б.;
- санитардык түйүндү кайра жабдуу боюнча мерчемделүүчү сунуштар 47-49-б.;
- уктоочу зонанын варианттары жана жабдыктардын негизги чен өлчөмдөрү 50-52-б.;
- ашкананын жабдыктары жана негизги чен өлчөмдөрү – 53-б.;
- тамак ичүүчү жердин жабдыктары жана негизги чен өлчөмдөрү -54-б.;
- балкон жана лоджиянын чен өлчөмдөрү – 55-б.;
- чыгдандардын чен өлчөмдөрү – 56-б.;
- коомдук дааратканалардын негизги чен өлчөмдөрү жана жабдыктары -57-58-б.
4 тиркемеси
(сунушталган)
ЖЕКЕ КӨТӨРМӨ
1 - сүрөт Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын коляскасы үчүн платформалуу ийри линиялуу эңкейиш көтөрмө (тутка сыяктуу багыттоочтору менен тепкич лифти).
2 - сүрөт Монорельс менен жылуу. Тике жана эңкейме көтөрмөнүн ортосундагы чечилиште жасалган.
3 - сүрөт Эңкейиш көтөрмөнүн кабинасы ( эңкейиши 30°).
4 - сүрөт Аркан асмасы (же чынжыр) жана каршы салмагы бар платформа.
5 - сүрөт Тепкич көтөрмөдөгү минималдуу бийиктик: бийиктик боюнча баскычтын кырынын үстүндөгү тепкич конструкцияларынын ортосундагы минималдуу ачык жер – 200 см. Баскычтардын өлчөмдөрүнүн катышы: 18/27 см жана 17/29 см.
6 - сүрөт Коштоочусу бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар транспорттоо үчүн платформалуу көтөрмөдөгү тепкич бөлүгүнүн бийиктик боюнча минималдуу өлчөмү.
7 - сүрөт Ички жарым тегерек ийри сызыкта ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын коляскасынын оордук борборунун көчүүсү (жантайма көтөрмөнү колдонгон учурда).
8 - сүрөт Түз линиялуу тилкеси бар ар бири чейректен турган эки ийри сызыкта ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын коляскасынын платформасынын оордук борборунун көчүүсү.
9 - сүрөт Тышкы жарым тегерек ийри сызыкта ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын коляскасынын оордук борборунун көчүүсү.
10 - сүрөт Тышкы жарым тегерек ийри сызыкта ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын коляскасынын платформасынын оордук борборунун көчүүсү.
11 - сүрөт Сактоочу тосмосу бар платформа. Бир жагына ачылма эшик болгондо минималдуу өлчөм: 1 – лифт шахтасынын тосмосу; 2 – платформа; 3 – колясканын бурулушу; 4 – платформанын өтмө дубалы; конструкциянын варианттуу чоңдугу.
12-сүрөт Сактоочу тосмосу бар платформа. Эки жакка ачылма эшик болгондо минималдуу өлчөм.
13-сүрөт Тик (вертикалдуу) көтөрмө. Бурчта – бири бирин караган чыгуулар.
14 -сүрөт Лифтке кире бериштеги аянт. Бир жагына жылдырып ачылма эшик болгондо кирүү.
15 -сүрөт Лифтке кире бериштеги аянт. Айланма эшик болгондо кирүү.
16-сүрөт Лифтке кире бериштеги аянт. Ортосунан жылып эки жакка ачылма эшик болгондо лифтке арка жагы менен кирүү.
17-сүрөт Лифтке кире бериштеги аянт. Айланма эшик болгондо түз кирип кетүү.