Редакцияот 31.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ

 

Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму

 

АДМИНИСТРАТИВДИК ЖАНА ТУРМУШ-ТИРИЧИЛИК ИМАРАТТАР

 

АДМИНИСТРАТИВНЫЕ И БЫТОВЫЕ ЗДАНИЯ

 

Аdministrative and domestic buildings

 

Киргизүү датасы

1 Колдонуу чөйрөсү

 

1.1 Ушул курулуш ченемдери бийиктиги 50м чейин болгон административдик жана турмуш-тиричилик имараттарды (мындан ары- имараттар) долбоорлоого жайылтылат. Ушул ченемдик документтеги ченемдер жаңы, кеңейтилип, реконструкцияланып жаткан жана техникалык жактан кайра жабдылып жаткан менчиктин ар кандай түрүндөгү өнөр жайдын өндүрүш ишканаларына тиешелүү.

1.2 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын эмгегин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн караштырып жаткан ишканаларда, административдик жана турмуш-тиричилик милдеттеги имараттарда жана жайларда КР КЧ 35-01 талаптарын тутуу керек.

1.3 Ушул курулуш ченемдери коомдук имараттарды жана курулмаларды долбоорлоого жайылтылбайт.

 

2 Ченемдик шилтемелер

 

Ушул курулуш ченемдеринде төмөндөгү документтерге ченемдик шилтемелер пайдаланылды:

ЭАКЧ 2.04-05-95 Табигый жана жасалма жарыктандыруу;

КЧжЭ 2.04.01-85* Имараттардын ички суу түтүктөрү жана канализациясы;

КЧжЭ 2.04.05-91* Жылытуу, желдетүү жана кондициондоштуруу;

КР КЧ 21-01:2018 Имараттардын жана курулмалардын өрт коопсуздугу;

КР КЧ 31-04:2018 Коомдук имараттар жана курулмалар;

КР КЧ 31-05:2018 Өндүрүштүк имараттар;

КР КЧ 31-09:2018 Бир батирлүү турак үйлөр;

КР 35-01:2018 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын муктаждыктарын эске алуу менен жашоо-турмушунун чөйрөсүн долбоорлоо.

КР КЭ 35-101:2018 Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга имараттардын мерчемдик чечимдерин кабыл алууда жашоо-турмуш чөйрөсүн камсыздоо;

 

 

3 Жалпы жоболор

 

3.1 Имараттар жана курулмалар турган циклинин бардык этаптарында коопсуздук талаптарына жооп бериши керек.

Ушул ченемдердеги жана эрежелердеги өрт коопсуздугу боюнча талаптар жоболорго жана классификацияларга негизделген.

Ушул ченемдердеги терминдер жана аныктамалар КЧ КР 31-05 жана КР КЧ 31-04 келтирилгендерге ылайык келет.

3.2 Ушул ченемдерде жайлардын аныкталган аянттарынын чоңдуктарынан четке чыгууларга жол берилет: ченемдештирилген аянты 12 м2 жана андан чоң жайларга–10 % чейин; ченемдештирилген аянты 12 м2 аз жайларга –15 % чейин.

3.3 Жалпы, пайдалуу жана эсептик аянтты, курулуш көлөмүн, курулуштун аянтын, имараттын бийиктигин жана кабаттуулугун КР КЧ 31-04 ылайык аныктоо керек.

3.4 Имараттарда инженердик жабдыктардын төмөндөгү түрлөрүнө бөлмөлөр жана орнотмолор каралууга тийиш:

а) КЧжЭ 2.04.05 ылайык долбоорлонгон жылытууга, вентиляцияга жана кондициондоштурууга;

б) КЧжЭ 2.04.01, ушул курулуш ченемдерге жана КР КЧ 21-01 ылайык ички суу түтүктөрү жана канализацияга;

в) электр жабдуу орнотмолорго, электр жарык берүүгө, автоматтык өрт ишараттоого (сигнализация) жана өрт жөнүндө билдирүүчү тутумга, телефондун, радионун ж.б. байланыш түрлөрүнүн тогу аз тармагына, ошондой эле саатташтырууга ж.б. Имарттардын электр жабдуусун, күч жабдыктарын жана электр жарыктандыруусун ЭАКЧ 2.04-05 жана КР КЧ 21-01 талаптарына ылайык долбоорлоо керек;

г) жүргүнчүлөр үчүн электр лифти КР КЧ 21-01 талаптарына ылайык каралат;

д) таштандыларды топтоочу камералары бар тик (вертикалдуу) таштанды ташуучу ушул ченемдердин жана КР 31-04 КЧ талаптарына ылайык каралат.

3.5 Автоматтык өрт өчүрүүчү жана өрт ишараттоочу орнотмолорду, ошондой эле өрт учурунда өрт жөнүндө билдирүүчү жана элдерди эвакуациялоону башкаруучу тутумдарды КР КЧ 21-01 талаптарына ылайык караштыруу керек.

 

4 Көлөмдүү-мерчемдүү жана конструкциялык чечимдер

 

4.1 Архитектуралык чечимдерди курулуш жүрүп жаткан райондун шаар куруу, климаттык жана сейсмикалык шарттарын жана айланасындагы курулуштардын мүнөзүн эске алып кабыл алуу керек.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана пенсионерлердин эмгегин пайдалануу мүмкүн болгон ишканаларда (цехтерде жана тилкелерде) санитардык-тиричилик жана атайын бөлмөлөргө, эмгек жана эс алуу режимдерине, медициналык тейлөөгө жана КЧ КР 35-01 айтылган талаптар сакталышы керек.

4.2 Курулуш-монтаждоо уюмдарынын курулуш аянттарындагы административдик жана турмуш-тиричилик бөлмөлөрүн, мобилдүү имараттарда (бүктөлмө конструкциялар, блок – контейнерлер) жайгаштыруу керек. Мындай максатта курулуп жаткан объекттердин имараттарын жана алардын ичинде бузула турган турак жайларды да пайдаланууга жол берилет.

4.3 Бөлмөлөрдүн полдон шыпка чейинки бийиктиги 2,5м кем эмес болууга тийиш, IA, IГ климаттык райончолордо - 2,7 м кем эмес. Жыйындар залынын, ашкананын жана сыйымдуулугу 75 адамдан кем эмес административдик бөлмөлөрдүн бийиктиги 3м кем эмес болууга тийиш.

Э с к е р т ү ү:

1 Мобилдүү имараттардын (блок – контейнерлер) бийиктигин 2,4м кабыл алууга жол берилет.

2 Бийиктиги 2,4; 2,5 жана 2,7 м болгон, жумушчулар дайым жүргөн бөлмөлөрдүн аянтын 7%га көбөйтүүгө жол берилет.

4.4 Полдон перекрытиелердин, жабдыктардын жана коммуникациялардын чыгып турган конструкцияларынын төмөн жагына чейинки бийиктикти, ошондой эле коридордогу полдон шыпка чейинки бийиктикти 2,2 м кем эмес кабыл алуу керек.

Техникалык кабаттардын бийиктигин жайгаштырылган жабдыктарды, инженердик тармактарды жана аларды эксплуатациялоо шарттарын эске алып кабыл алуу зарыл; мында тейлөөчү персонал өткөн жерлерде таза бийиктик 1,8м кем эмес болууга тийиш.

4.5 Имараттын далисинин (вестибюлунун) аянтын 0,2 м2, 18 м2 кем эмес эсеп менен кабыл алуу керек.

4.6 Далистин (вестибюлдун) полу менен жогорку кабаттын ортосундагы айырма 12м жана андан көп болгон көп кабаттуу административдик жана турмуш-тиричилик имараттарда, ошондой эле экинчи кабатта жана андан жогорку кабаттарда кресло-коляска колдонгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын үчүн бөлмөлөр болгон учурда, лифттерди же тикесинен турган транспорттоо каражаттарын орнотуу керек.

Лифттердин санын эсеп менен менен кабыл алуу керек, бирок экиден кем эмес болууга тийиш; мында лифттердин бири жүк ташуучу болушуна жол берилет. Лифттердин биринин кабинасынын кеңдиги 2,1м кем эмес болуп, туурасы – 1,1м кем эмес, ал эми эшик тешиги – 0,9м кем эмес болушу керек.

Кресло-коляска колдонгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын пайдалана турган бөлмөлөр каралбаса жана полдун белгиси 14м көп болбогон мансарда кабаты курулган имараттарда лифттерди караштырбай коюуга болот.

4.7 Лифттер бир катар жайгашкан учурда лифт холлунун туурасы лифттин кабинасынын эң аз кеңдигинин 1,3 бөлүгүнөн кем эмес болууга тийиш, эки катар жайгашкан учурда – каршы катардагы лифттердин биринин кабинасынын эң аз кеңдигинин эки эсе көбөйтүлгөнүнө барабар болушу керек. Кабинасынын кеңдиги 2,1м жана андан көп болгон лифттердин алдындагы холлдун туурасы 2,5м кем эмес болууга тийиш.

Жер төлө жана цоколь кабаттарындагы лифт шахталарынын чыгыштары өрт учурунда аба тирөөчү бар тамбур-шлюздар аркылуу каралышы керек. Эки лифти бар имараттарда аларды тепкич бөлүктө жайгаштырууга жол берилет.

4.8 Имараттарда ысык жана муздак суу тутуму менен камсыздалган жыйнап-тазалоочу инвентарды коюуга, кургатууга жана тазалоого арналган, адатта, даараткана менен чектеш болгон бөлмө каралышы керек. Мындай бөлмөлөрдүн аянтын кабаттын ар бир 100 м2 не 0,8 м, бирок 4 м2 кем эмес эсеп менен кабыл алуу керек. Кабаттын аянты 400 м2 аз болгон учурда эки чектеш кабатта бир бөлмө каралууга тийиш.

4.9 Жылытылуучу өндүрүш имараттар менен өзүнчө жайгашкан тиричилик имараттарынын ортосундагы байланышты жылытылуучу өткөөлдөр аркылуу караштыруу керек. IV климаттык райондо жайгашкан (IV Г райончондон тышкары) имараттарда, ошондой эле кайсы климаттык районго карабасын – бир сменада 30дан көп эмес адам иштеген жылытылуучу өндүрүш имараттардан жылытылуучу өткөөлдөрдү караштырбай койсо болот. Мында өндүрүш имараттарында жылуу сырткы кийимдерди сактоого кийим илгичтер менен жабдылган бөлмө болууга тийиш.

 4.10 Административдик жана турмуш-тиричилик бөлмөлөрдү КР КЧ 31-05 ылайык, КР КЧ 21-01 талаптарына жооп берген кошо курулган, улай курулган жана арасына курулган курулмаларда жайгаштырууга болот.

4.11 Өндүрүш имараттардын кошо курулган бөлмөлөрүндө дааратканалар, эс алуу, жылынуу же салкындоо үчүн, аялдардын өздүк гигиенасы үчүн жайлар, кол жуугучтар, ичүүчү суу менен камсыздоочу түзүлүштөр, жуунучу бөлмөлөр, жарым душтар, өндүрүштүн шарттары боюнча жумушчу орундардын жанында жайгашуучу жана КР КЧ 21-01 талаптарына жооп берген мастер ж.б. персонал үчүн бөлмөлөр каралышы мүмкүн.

Кошо курулган бөлмөлөрдүн (полдон шыпка чейин) бийиктиги 2,4 м кем эмес болууга тийиш.

4.12 Жумушчулардын саны 300 жана андан ашкан көп кабаттуу административдик жана турмуш-тиричилик имараттарында, ошондой эле жалпы аянты 3000 м2 жана андан көп болгон көп кабаттуу турмуш-тиричилик имараттарында КР КЧ 21-01 отко чыдамдуулук талаптарына жооп берген тосмо конструкциялуу таштандыларды топтоочу камералары бар тик (вертикалдуу) таштанды ташуучу каралышы керек.

4.13 Сантардык-тиричилик жана административдик бөлмөлөрдөн эвакуациялана тургандардын саны бир сменада иштегендердин санына ылайык болушу керек, ашканалардын, жыйын жана кеңешме залынан – 25 %га көбөйтүлгөн залдардагы орундарга ылайык болууга тийиш.

4.14 Эвакуация жолдордун өткөөлдөрүн, коридорлорун ж.б. горизонталдуу тилкелерин эвакуацияланып жаткандардын тыгыздыгы 1м2 ге 5 кишиден ашпагандай эсеп менен кабыл алуу зарыл, мында бөлмөдөгү өткөөлдүн туурасын 1м кем эмес кабыл алуу керек, коридорлордун же башка имаратка өткөөлдөрдүн туурасын 1,4 м кем эмес кабыл алып, ал эми жумушчулардын арасында кресло-коляска колдонгон ден соолугу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар болгон учурда 1,2 м жана 1,8 м кем эмес кабыл алынышы керек.

 Бөлмөлөрдөн жана коридорлордон тепкич бөлүктөрүнө чыгуучу эвакуациялык чыгыштардын туурасы чыгыштын (эшиктин) 1метрине ушул чыгыш аркылуу чыга тургандардын санына жараша эсеп менен КР КЧ 21-01 талаптарын эске алып, аныкталышы керек (бирок 0,8 м кем эмес болушу керек).

 4.15 Тепкич марштарынын туурасы эң көп тургундары бар кабаттын тепкич бөлүгүнө чыга турган чыгыштын туурасынан кем эмес болууга тийиш, бирок 1м кем эмес болушу керек, ал эми бир убакта 5 кишиге чейин болгон бөлмөлөргө алпарган тепкичтердин туурасы 0,9 м кем эмес болууга тийиш.

Ден соолугу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар иштеген учурда бөлмөлөрдөн чыккан эвакуациялык чыгыштын туурасы 0,9 м кем эмес болууга тийиш, тепкич марштарынын жана тепкич бөлүгүнө чыгуунун туурасы 1,2 м кем эмес болушу керек.

 4.16 Тепкич бөлүктөрдүн же тышка чыгуулардын ортосундагы эң алыс жайгашкан бөлмөнүн эшигинен коридор боюнча жакынкы тепкич бөлүгүнүн чыгышына же тышкы чыгышка чейинки аралык (дааратканалардан, жуунучу бөлмөлөрдөн, душтардан, тамеки чегүүчү жерлерден тышкары) КР КЧ 21-01 талаптарына жооп бериши керек.

4.17 Өндүрүш имараттарда антресолдордо жайгашкан кошо курулган бөлмөлөрдүн өндүрүш жайларга чыгыштары ачык тепкичтер аркылуу каралса болот.

Кошо курулган бөлмөлөрдүн чыгыштарынан тышка чейинки аралык КР КЧ 21-01 талаптарына ылайык кабыл алынышы керек.

4.18 Алардын үстүндөгү тепкич бөлүктөрүнүн ички дубалдарындагы айнектелген эшиктерди жана фрамугаларды отко чыдамдуулуктун бардык даражаларындагы имараттарда колдонууга жол берилет; мында бийиктиги 4 кабаттан жогору болгон имараттарда армирленген айнектерди коюу каралышы керек.

4.19 Эвакуация жолдорундагы полдорго, тосмолорго, дубалдарга, ошондой эле залдык жайларда аларын сыйымдуулугуна жараша беттелүүчү жана декоративдүү-жасалгалоочу материалдарды колдонуу КР КЧ 21-01 талаптарына ылайык кабыл алынышы керек.

4.20 Отко чыдамдуулук даражасын, өрт коопсуздугунун конструкциялык классын, имараттардын бийиктигин жана өрт отсегинин чегиндеги кабаттардын аянтын КР КЧ 21-01 талаптарына ылайык кабыл алуу керек.

 

5 Турмуш-тиричилик имараттар жана жайлар

 

5.1 Ишканалардын турмуш-тиричилик имараттары аларда жумушчуларды социалдык: санитардык-тиричилик, саламаттыкты сактоо, коомдук тамактануу, соода, тиричилик кызматы, маданият жактан тейлөө үчүн бөлмөлөрдү жайгаштырууга арналган.

Ушул ченемдерде каралбаган бөлмөлөрдү же социалдык багыттагы объекттерди ишкананын бекитилген социалдык-экономикалык өнүгүү мерчемине же ден соолугу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жумушчу орундардын квотасына ылайык кароого жол берилет. Аталган бөлмөлөрдүн же объекттердин долбоордук документтери долбоорлоо ченемдерине ылайык болууга тийиш.

5.2 Долбоордун технологиялык бөлүгүндө жумушчулардын саны тизме түрүндө аныкталышы керек: эң көп сандуу смендеги жана сменанын эң көп сандуу бөлүгүндө, тиричилик бөлмөлөрдү жана түзүлүштөрдү эсептөө үчүн кабыл алынган сменанын башындагы сан менен аягындагы сандын 1 сааттык айырмасы; мында жумушчулардын санына өндүрүш практикасына келген практиканттарды да кошуу керек.

Мобилдүү имараттар (блок – контейнерлер) үчүн тизме боюнча 70%га барабар болгон сменанын санын алса болот, алардын ичинде 30% аялдар түзөт.

5.3 Тиричилик бөлмөлөрүндөгү жабдыктардын катарынын ортосундагы аралыкты жана октордун ортосундагы минималдуу аралыктарды, геометриялык көрсөткүчтөрдү (параметрлерди) 1-таблица боюнча кабыл алуу керек.

 

1-таблица

 

 

Аталышы

 

 

Көрсөткүч, м

Мерчемдеги өлчөмдөр

 

Кабиналар:

 

 Жабык душтуку

1,8х0,9 (1,8х1,8)

ачык жана аралап өтүүчү өткөөлү бар душтардыкы, жарым душтуку

0,9х0,9 (1,2х0,9)

 

Аялдардын өздүк гигиенасы үчүн

1,8х1,2 (1,8х2,6)

Дааратканалардыкы

1,2х0,8 (1,8х1,65)

 Гардеробдордогу отургучтар

0,3х0,8 (0,6х0,8)

Ичүүчү суу менен камсыздоочу түзүлүш

0,5x0,7

Көчө жана үй кийими үчүн гардеробдордогу шкафтар климаттык райондорго жана атайын кийим жана бут кийимге жараша *:

 

IIБ, IIВ, IIГ, IIIБ, IIIВ, IV

0,25х0,5

IB, IД, IIА, IIIА

0,33х0,5

IA, IБ, IГ жана ден соолугу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн

0,4х0,5

Бийиктик боюнча өлчөмдөр

Бөлүп туруучу тосмолор:

 

Тосмонун жогору жагына чейин

1,8

Полдон тосмонун этегине чейин

0,2

Кийим сактоочу шкафтар

1,65

Санитардык куралдардын окторунун ортосундагы аралык

Жалгыз кол жуугучтар

0,65

Кол жана бут ванналары, писсуарлар

0,7

Катарлардын ортосундагы өткөөлдөрдүн туурасы

Жабык душ кабиналары, топтошуп жуунучу жуунгучтар

1,2 (1,8)

 

Ачык душ кабиналары жана дааратканалар, писсуарлар

1,5 (1,8)

Жалгыз кол жуугучтар

1,8

Кол жана бут ванналары, өздүк гигиена жана фотарийлер үчүн кабиналар

2

 

Катардагы бөлүмдөрдүн саны төмөндөгүдөй болгон учурда кийим үчүн гардеробдордогу шкафтар:

 

 18ге чейин

1,4/1** (2,4/1,8)

 18ден 36га чейин

2/1,4** (2,4/1,8)

* Атайын кийимдин кадимки курамы үчүн (халат, алжапкыч, жеңил комбинезон) 0,25х0,5 м мерчеминдеги шкафтар каралышы керек, кеңейтилген курам үчүн (кадимки плюс ич кийим, жеке коргонуучу каражаттар) - 0,33х0,5 м, көлөмдүү атайын кийимдер үчүн (кеңейтилген курам плюс чолок тон, кийиз өтүк, атайын комбинезон) -0,4х0,5 м.

** Бөлүүчүсүндө шкафтардын отургучтары жок катарларынын ортосундагы өткөөлдөрдүн туурасы

Э с к е р т ү ү:

1 Дубал менен жабдыктардын ортосундагы өткөөлдөрдүн туурасын 40%га азайтуу керек. Эгерде жабдыктардын бирдигинин саны катарда алтыдан көп болсо,анда 25% көбөйтүү керек.

2 Кийим шкафтарынын ортосундагы туюк өткөөлдөрдөгү бөлүмдөрдүн катарынын санын 35%га азайтуу керек.

3 Кашаанын ичинде ден соолугу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн көрсөткүчтөр келтирилген.

 

 

Санитардык-тиричилик жайлар

 

5.4 Санитардык-тиричилик жайлардын курамына гардероб, душ, жуунгуч, даараткана, тамеки чегүүчү жерлер, жарым душтарды жайгаштыруучу жерлер, ичүүчү суу менен камсыздоочу түзүзлүштөр, жылынууга же салкындоого арналган бөлмөлөр, атайын кийимди тазалоо, сактоо жана берүү үчүн, чачты кургатуу үчүн (фен менен кургатуучу) бөлмөлөр кирет. Долбоордун тапшырмасына ылайык аталгандарга кошумча катары башка санитардык-тиричилик жайлар жана жабдыктар каралышы мүмкүн.

5.5 Өндүрүштүн өзүндө иштеген жумушчулар үчүн санитардык-тиричилик жайлар өндүрүш процесстеринин топторун эске алып, 2 - таблицага ылайык долбоорлонушу керек.

 

2-таблица

 

Өндүрүш процесстеринин топтору

Өндүрүш процесстерине санитардык

мүнөздөмө

Адамдардын эсептик саны

 Гардеробдордун тиби, 1 адамга шкафтын бөлүмдөрүнүн саны

Атайын тиричилик жайлар жана түзүлүштөр

 

Бир душ торуна

 Бир кранга

1

2

3

4

5

6

1

3-4-кооптуулук классындагы булганууну пайда кылган процесстер :

 

 

 

 

1а

Колго гана

 

25

 

7

 

Жалпы бир бөлүм

-

 

1б

 

Дене жана атайын кийим

15

 

10

 

Жалпы эки бөлүм

-

 

1в

 

Атайын жуучу каражаттар менен кетирүүчү дене жана атайын кийим

5

 

20

 

Бир бөлүмдөн өз-өзүнчө

 

Атайын кийимди химиялык тазалоо же жуу

 

2

 

Ашыкча сезилген жылуулукта же жагымсыз метеорологиялык шарттарда жүргөн процесстер :

 

 

 

 

2а

 

Ашыкча сезилген конвенциялык жылуулукта

7

20

Жалпы эки бөлүм

Салкындоочу бөлмө

2б

 

Ашыкча сезилген нурлуу жылуулукта

3

 

20

 

Ошол эле

 

Ошол эле

 

2в

 

Атайын кийимдин нымдашып калуусуна алып келген таасирлерге байланыштуу

 

5

 

20

 

Бир бөлүмдөн өз-өзүнчө

 

Атайын кийимди кургатуу

 

2г

 

Абанын температурасы 10° С чейин, анын ичинде ачык абадагы иштер

 

5

 

20

 

Бир бөлүмдөн өз-өзүнчө

 

Атайын кийимди кургатуу

жана жылынуучу жай

3

 

1-2-кооптуулук классындагы булганууну пайда кылган процесстер жана туруктуу жыты бар заттар менен:

 

 

 

 

3а

 

Колго гана

 

7

 

10

 

Жалпы бир бөлүм

 

3б

 

Дене жана атайын кийим

3

 

10

 

Бир бөлүмдөн өз-өзүнчө

 

химиялык тазалоо,атайын кийимди сактаган жерди жасалма желдетүү; дезодорациялоо

4

 

Өнүмдү даярдоодо тазалыкты же стерилдүүлүктү сактоо боюнча өзгөчө шарттарды талап кылуучу процесстер

Ведомстволук ченемдик документтердин талаптарына ылайык

 

 

2г

 

Абанын температурасы 10° С чейин, анын ичинде ачык абадагы иштер

 

5

 

20

 

Бир бөлүмдөн өз-өзүнчө

 

Атайын кийимди кургатуу

жана жылынуучу жай

3

 

1-2-кооптуулук классындагы булганууну пайда кылган процесстер жана туруктуу жыты бар заттар менен:

 

 

 

 

3а

 

Колго гана

 

7

 

10

 

Жалпы бир бөлүм

 

3б

 

Дене жана атайын кийим

3

 

10

 

Бир бөлүмдөн өз-өзүнчө

 

химиялык тазалоо,атайын кийимди сактаган жерди жасалма желдетүү; дезодорациялоо

4

 

Өнүмдү даярдоодо тазалыкты же стерилдүүлүктү сактоо боюнча өзгөчө шарттарды талап кылуучу процесстер

Ведомстволук ченемдик документтердин талаптарына ылайык

 

 

Э с к е р т ү ү:

 1 өндүрүш процессинин ар кандай топторунун белгилери айкалышкан учурда гардеробдун тибин, душ торлорунун жана жуунгучтардын крандарынын санын талаптары эң көп болгон топ боюнча, ал эми атайын тиричилик бөлмөлөрүн жана түзүлүштөрүн – суммалык талаптар боюнча караштыруу керек.

 2 1а тобундагы процесстерде душ жана шкафтар каралат, 1б жана 3а тобундагы процесстерде шкафтарга отургучтар каралбайт.

 3 Чаң жана зыяндуу заттарды бөлүп чыгарган кандай гана процесс болбосун, гардеробдордо респиратордук (жумушчулардын тизмедеги саны боюнча), ошондой эле чаңдан тазалоочу жана атайын кийимди зыяндуу заттардан зыянсыздандыруучу бөлмөлөр жана түзүлүштөр (сменада иштеген жумушчулардын санына) каралууга тийиш.

 4 Мобилдүү имараттарда блок-контейнерлерден душ торлорунун эсептик санын 60% чейин азайтууга жол берилет.

5 Жугуучу жана радиоактивдүү материалдар менен, ошондой эле тери аркылуу кирип, адамга кооптуулукту жараткан заттар менен иштөөдө санитардык-тиричилик бөлмөлөрдү ведомстволук ченемдик документтердин талаптарын эске алып долбоорлоо керек.

 6 Ведомстволук ченемдик документтердин талаптарына ылайык кийимдерди ачык, ошондой эле кийим илгичтерде сактоого уруксат берилет.

 

5.6 Гардеробдогу шкафтардагы үй жана атайын кийимдер үчүн бөлүмдөрдүн же илмектердин санын жумушчулардын тизмедеги санына барабар кабыл алуу керек, көчөгө кийүүчү кийимдер үчүн – эки чектеш сменадагы санга жараша кабыл алуу керек.

5.7 Ишканада тизмеге ылайык жумушчулардын саны 50гө чейин болгон учурда, өндүрүш процессинин бардык топторуна жалпы гардероб каралышы керек.

5.8 1в, 2в, 2г жана 3б тобундагы өндүрүш процесстердин үй жана атайын кийимдер үчүн гардеробдор ушул топтродун ар бири үчүн өзүнчө болууга тийиш.

5.9 Жумушчулардын тизмедеги саны 150 адамдан ашпаган учурда, мобилдүү имараттардагы (блок – контейнерлер) гардеробдордо, эгерде шкафтардын саны жалпы шкафтардын санынын 25%нан ашпаса, 3-топтогу өндүрүш процесстеринин атайын кийимдери үчүн шкафтарды жайгаштырууга орун бөлүп берүүгө жол берилет.

5.10 Гардеробдордо атайын кийим үчүн кампалар, дааратканалар, жыйноочу инвентарлар үчүн, бут кийимди тазалоо үчүн, чачты алуу, кургатуу үчүн орун каралган кезметчи персонал үчүн бөлмөлөр (көчөгө кийүүчү кийимдерге өзүнчө гардеробдордон тышкары) каралууга тийиш.

 5.11 Бир сменада 20дан ашык эмес адам иштеген 1 жана 2а өндүрүш процесстеринин топтору үчүн атайын кийим үчүн кампаларды караштырбай коюуга жол берилет.

5.12 Ар бир сменадан кийин атайын кийимди зыянсыздандыруу же тазалоону талап кылган учурларда, гардеробдордун ордуна атайын кийимди таратуучу жайларды караштыруу керек.

5.13 2-таблицада каралган душ, жуунучу жайлардын жана атайын тиричилик түзүлүштөрдүн санын смеанада же ишти бир убакытта аяктаган ошол сменанын бир бөлүгүндө иштеген жумушчулардын саны боюнча кабыл алуу керек.

5.14 Душтар ачык душ кабиналары менен жабдылууга тийиш. Душ кабиналарынын 20%га чейин жабык болушун караштыруу керек.

Ден соолугу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жабык душтар каралышы керек.

1в, 3б өндүрүш процесстеринин топтору үчүн, ошондой эле ведомстволук ченемдик документтердин талаптарына ылайык аныкталган учурларда өтмө душ кабиналары каралышы керек.

 5.15 Көп кабаттуу, административдик жана өндүрүш имараттарында дааратканалар ар бир кабатта болууга тийиш.

Эки чектеш кабатта жумушчулардын саны 30 же андан аз болгон учурда, даараткананы жумушчулардын саны көбүрөөк кабатта жайгаштыруу керек.

Үч кабатта иштегендердин саны 10дон кем болсо, үч кабатка бир даараткана болушуна жол берилет.

Ден соолугу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар иштеген учурда, кабаттарда иштегендердин санына карабастан, дааратканаларды ар бир кабатта жайгаштыруу керек.

5.16 Санитардык жабдык төрттөн көп болгон дааратканаларда бир кабинаны жашы пенсионерлерге жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга караштыруу керек.

Иштегендердин арасында ден соолугу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар болгон учурда, даараткананын санитардык жабдыгынын санына карабастан, ден соолугу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн кабина каралышы керек.

5.17 Бир сменада иштеген жумушчулардын саны 15тен ашпаган учурда, эркектер менен аялдар үчүн бир даараткана каралышына жол берилет.

Азиздер иштеши мүмкүн болгон ишканаларда эркектер менен аялдар үчүн даартканалар өз-өзүнчө болууга тийиш.

5.18 Дааратканага кирүү кол жуучу жана өзү жабылуучу эшиги бар тамбур аркылуу болуш керек.

5.19 Өндүрүш имараттарындагы жумушчу орундардан дааратканаларга, тамеки чегүүчү жерлерге, жылынуучу же салкындоочу жайларга, душтарга, жарым душтарга, ичүүчү суу түзүлүшүнө чейинки аралык 75 м алыс эмес кабыл алынышы керек, жана ден соолугу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жана козунун көрүсүү бузулган үчүн – 60 м алыс эмес, ал эми ишкананын аймагындагы жумушчу орундарынан – 150 м алыс эмес болушу керек.

5.20 Өндүрүш ишканаларында же ишканалардын тобунда атайын кийимдерди жуу үчүн химиялык тазалоосу бар кир жуучу (прачечная) жайларды караштырууга жол берилет. Негизделген учурда, эгерде атайын кийимдерди жуу үчүн тиешелүү бөлүм (технологиялык линия) орноштурулса, мындай максаттарда шаардык кир жуучу (прачечная) жайларды караштырууга жол берилет.

Атайын кийимдерди жуу үчүн кир жуучу (прачечная), химиялык тазалоочу, сиңдирүүлөрдү калыбына келтирүүчү жана зыянсыздандыруучу жайлардын курамы жана аянты долбоордун технологиялык бөлүгүндө аны иштеп чыгуу боюнча санитардык талаптарды эске алуу менен аныкталууга тийиш.

5.21 Зыяндуу заттар сиңип калган атайын кийимдерди зыянсыздандыруу үчүн кир жуучу жайларда өзүнчө технологиялык линияны пайдаланууга жол берилет.

5.22 Атайын кийимдердин гардеробдорунун, душтардын, душка чейинки бөлмөнүн, жуунучу жайлардын, дааратканалардын, атайын кийимдерди кургатуучу, чаңсыздандыруучу жана зыянсыздандыруучу бөлмөлөрдүн дубалдарынын жана тосмолорунун бийиктиги 2м болуп, жуучу каражаттарды колдонуп, ысык суу менен жууса болгон материалдардан жасалышы керек.

 Аталган бөлмөлөрдүн 2м бийик болгон дубалдары жана тосмолору, ошондой эле шыптары суу сиңирбөөчү материалдар менен беттелиши керек.

5.23 Кир жуучу жайларда бир орунга 9м2 эсептеги атайын кийимдерди оңдоочу бөлмө каралышы керек. Жумушчу орундардын санын тизмедеги саны 1000 кишиге бут кийимди оңдоого бир жумушчу орун, эки жумушчу орун атайын кийимдерди оңдоого алынган эсеп менен кабыл алуу керек.

5.24 Өндүрүш ишканаларда атайын кийимдердин жана жеке коргонуучу каражаттардын борборлоштурулган кампасын караштыруусу керек.

5.25 Бир кишиге, жабдыктын бирдигине, санитардык-тиричилик бөлмөлөрдөгү жабдыктардын бирдиги менен тейленген жумушчулардын эсептик санына бөлмөнүн аянтынын ченемин 3-таблицага ылайык кабыл алуу керек.

 

3-таблица

 

Аталышы

 

Көрсөткүч

 

1 кишиге бөлмөнүн аянты, м

Көчөгө кийген кийим үчүн, атайын кийимдер үчүн таратуучу гардероб *, жылынуучу же салкындоочу жайлар

0,1

 

атайын кийимдер үчүн кампалар** төмөндөгүдөй болгон учурда:

атайын кийимдердин курамы кадимки болгон учурда

0,04

атайын кийимдердин курамы кеңейтилген

0,06

 атайын кийимдер көлөмдүү болгон учурда

0,08

Респиратордук

0,07

Атайын кийимдердин жана жеке коргонуучу каражаттардын борборлоштурулган кампасынын бөлмөлөрү:

Сактоо үчүн

0,06

Ченөө жана эптештирүү кабиналарын кошо санаганда, берүү

0,02

Жыйнап-тазалоочу инвентарь үчүн жери бар, дааратканаларда тамеки чеге турган жери бар, же эс алуу үчүн орун бар кезметчи персоналдын бөлмөсү.

0,02

 

Бут кийим тазалоочу, сакал алуучу, чач кургатуучу жерлер

0,01

 

Атайын кийимдерди кургатуучу, чаңсыздандыруучу жана зыянсыздандыруучу бөлмөлөр

0,15

 

Атайын кийимдерди, аладын ичинде каска жана бут кийимди тазалоочу бөлмөлөр

0,3

Жабдыктардын бирдигине бөлмөлөрдүн аянты, м

Кабиналардагы душка чейинки бөлмөлөр, ачык жана өтмө душтар

0,7

Кабиналары бар дааратканалардагы тамбурлар

0,4

 

Жабдыктардын бирдигине сменадагы тейлөөнүүчүлөрдүн саны, адам

Дааратканалардын полдогу чашкалары (унитаздары) жана писсуарлары:

Өндүрүш имараттарында

18/12

«административдик»

45/30

Өндүрүш процессинин топторуна карабастан, ичүүчү суу менен камсыздоо түзүлүштөрү

2а, 2б

100

1а , 1б, 1в, 2в , 2г, 3а, 3б, 4

200

Жарым душтар

15

* таза жана кир атайын кийим үчүн өз-өзүнчө бөлмөлөрдү караштыруу.

** 1в, 2в, 2г, 3б өндүрүш процессинин топтору үчүн.

Э с к е р т ү ү л ө р:

1 I климаттык райондо жана IIА жана IIIА райончолордо, ошондой эле өзүн-өзү тейлөөдө көчө кийимдери үчүн гардеробдун аянтын 25%га чоңойтуу керек.

 2 Атайын кийимди таратуучу, кургатуучу, чаңсыздандыруучу жана зыянсыздандыруучу жайларда аянты бир кишиге 0,1 м 2 болгон кийим которуучу кошумча орун караштыруу керек, ал эми көчө кийимдери үчүн гардеробдо жана атайын кийимди сактоочу кампаларда - атайын кийимди берип-алууга бир кишиге аянты 0,03 м 2 болгон орун караштыруу керек. 500дөн ашык кишиге респираторлор болгон учурда дем алуу органдарын сактоо үчүн жеке коргонуу каражаттарын текшерүү жана кайра заряддоого аянты бир кишиге 0,05 м 2 болгон кошумча өнөрканалар ( мастерскойлор) каралышы керек.

3 3-таблицада көрсөтүлгөн бөлмөлөрдүн аянттары 4 м 2 кем эмес болушу керек, душка чейинки бөлмөлөрдүн жана тамбурлардын аянты -2 м кем эмес болууга тийиш.

4 Алымындагы көрсөткүчтөр эркектер үчүн, бөлүүчүсүндөгү көрсөткүчтөр аялдар үчүн берилген.

5 Тейленүүчүлөр эсептик сандан аз болгон учурда жабдыктын бир бирдигин кабыл алуу керек.

6 Кресло-коляска колдонгон ден соолугу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар иштеген учурда жабдыктардын бирдигине бөлмөнүн аянтын төмөндөгүдөй караштыруу керек: душ кабиналардагы душка чейинки бөлмөлөр - 1 м, кабиналары бар дааратканаларда - 0,6 м.

 

Сааламаттыкты сактоо жайлары

 

5.26 Сааламаттыкты сактоо жайларына: медпункттар, фельдшердик жана врачтык саламаттыкты сактоочу пункттар, аялдардын өздүк гигиенасы үчүн бөлмөлөр, буулануучу (сауналар) бөлмөлөр, ал эми ведомстволук ченемдер боюнча - ингаляторийлер, фотарийлер үчүн, кол жана бут ванналары үчүн, ошондой эле жумуш учурунда эс алуу үчүн, психологиялык жүктөн арылуу үчүн бөлмөлөр, фитопункттар кирет.

Долбоорлоого өзүнчө тапшырма боюнча эмканалар (амбулаториялар), ооруканалар, санатория-профилакториялар, тез жана ыкчам жардам станциялары ж.б. медициналык-санитардык бөлүмдөрдүн кызматтары, ошондой эле спорттук-ден соолукту чыңдоочу имараттар жана курулмалар каралышы керек. Мында аларды ишканалардын тобу үчүн көп функционалдуу имарат катары колдонуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу керек, ал эми шаар курулушундагы же калктуу пункттарда жайгашкан ишканалар үчүн – калкты тейлөөнү уюштурууну эске алуусу керек.

5.27 Иштегендердин тизмедеги саны 50дөн 300гө чейин болгон учурда медициналык пункт каралышы керек.

Медициналык пункттун аянтын: иштегендердин тизмедеги саны 50дөн 150гө чейин болгондо - 12 м2, 151дөн 300гө чейин болгондо - 18 м2 өлчөмүндө кабыл алуу керек.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын эмгегин пайдалануу каралган ишканаларда медициналык пункттун аянтын 3 м2 көбөйтүү керек.

Медициналык пункт долбоордук тапшырмада аныкталган жабдыктарга ээ болушу керек.

5.28 Иштегендердин тизмедеги саны 300дөн ашык болгон ишканаларда фельдшердик саламаттыкты сактоо пункттары каралууга тийиш.

5.29 Бир фельдшердик саламаттыкты сактоо пунктту тейлегендердин саны төмөндөгүдөй кабыл алынат: жер алдындагы иштерде - 500дөн көп эмес; химиялык, тоо рудасын, көмүрдү жана мунай затты кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларында - 1200дөн көп эмес; эл чарбасынын башка тармактарында - 1700 көп эмес.

5.30 Фельдшердик саламаттыкты сактоо пункттун курамын жана аянтын 4-таблицага ылайык кабыл алуу керек.

 

4-таблица

 

 

Фельдшердик саламаттыкты сактоо пункттун бөлмөлөрү

 

Аянты, м2

 

Каттоо (регистратура) жана чечинүүчү жери бар далис (вестибюль)-күтүүчү зал

18

 

(10) *

 

Оорулуулардын убактылуу бөлмөсү

9

(9)

Эмдөөчү кабинеттер

24

(2 бөлмө)

(12)

Оорулууларды кабыл алуу үчүн кабинет

12

(10)

Физиотерапия кабинети

18

 

 Тиш доктурдун кабинети

12

 

 Гинекологдун кабинети

12

 

Даарылар жана медициналык жабдыктар үчүн кампа

6

(6)

Тамбурунда кол жуугучу бар даараткана

1 унитазга

 (1 унитазга)

 

5.31 Жергиликтүү саламаттыкты сактоо органдары менен макулдашылган учурда, ишканаларда фельдшердик пункттардын ордуна дарыгерлик саламаттыкты сактоо пункттарын караштыруу керек.

Дарыгерлик саламаттыкты сактоо пункттун категориясы иштегендердин тизме боюнча санына жараша болот: I – тейленүүчүлөрдүн саны 5.28 п. каралгандан эки эсе көп болгон учурда; II - тейленүүчүлөрдүн саны 5.27, 5.28пп. ылайык келгенде.

Дарыгерлик саламаттыкты сактоо пункттун курамын жана аянтын 5-таблицага ылайык кабыл алуу керек.

 

5-таблица

 

Дарыгерлик саламаттыкты сактоо пункттун бөлмөлөрү

 

Аянты, м2

 

 

саламаттыкты сактоо пункттун категориялары төмөндөгүдөй болгондо

саламаттыкты сактоо пунктун мобилдүү имараттарда (блок – контейнерлер) жайгаштырган учурда

 

 

I

 

II

 

Каттоо (регистратура) жана күтүүчү жери бар далис (вестибюль)

24

18

15

 

Таза жана ириңдүү таңуу-кайра таңуу кабинеттери

36

(2 бөлмө)

36

(2 бөлмө)

16

 

Оорулууларды кабыл алуу үчүн кабинет

48

(4 бөлмө)

24

(2 бөлмө)

12

 

 

Физиотерапия кабинети

24

18

12

 

 Тиш доктурдун кабинети

24

(2 бөлмө)

12

12

 

Эмдөөчү кабинет

18

12

-

 

Оорулуулардын убактылуу бөлмөсү

12

9

9

 

Дарыгерлик саламаттыкты сактоо пункттун башчысынын кабинети

9

9

-

 

Гинекологдун кабинети *

12

9

-

 

Күркөсү бар даарылар үчүн кампа

9

9

6

 

 Автоклав жана таңуучу материалдар үчүн бөлмө

9

9

6

 

Медициналык жабдыктар үчүн кампа

6

6

6

 

Тамбурунда кол жуугучу бар даараткана

Душ

 Унитазга

 

 

 1 душ торчосуна

 

Э с к е р т ү ү – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын эмгеги колдонулуучу ишканаларда жергиликтүү саламаттыкты сактоо органдары менен макулдашуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын түрүн, оорунун топторун, жумушчулардын эмгекке жарамдуулугунун даражасын эске алып, дарыгерлик саламаттыкты сактоо пункттун курамын кеңейтилет.

 

5.32 Фельдшердик же дарыгерлик саламаттыкты сактоо пункттарын биринчи кабатта жайгаштыруу керек. Күтүүчү жери бар далистин (вестибюль), таңуучу, оорулууларды кабыл алуу үчүн кабинеттердин жана оорулуулардын убактылуу бөлмөсүнүн эшиктеринин туурасы 1 м кем эмес болууга тийиш.

5.33 Максималдуу сменде иштеген аялдардын өздүк гигиенасы үчүн бөлмөлөрдү дааратканаларда (4-5-таблицада каралгандарга кошумчалап) бир орнотмого 75 киши эсебинде жайгаштыруу керек. Аталган бөлмөлөрдө чечинүүчү жана жуунучу жерлер каралууга тийиш.

5.34 Буулануучу бөлмөлөрүн (сауна) долбоордун тапшырмасынын негизинде жергиликтүү кесиптик биримдиктер менен макулдашууга ылайык караштырылыш керек.

Буулануучу бөлмө (сауна) отко чыдамдуулугу I жана II даражадагы цоколь же биринчи кабаттын тышкы дубалынын жанында, өзүнчө эвакуациялык чыгышы бар, башка бөлмөлөрдөн 1-өрткө каршы тосмо менен же өрткө каршы 3-типтеги перекрытиелер менен бөлүнгөн болушу керек.

 5.35 Буулануучу бөлмөдө (сауна) заводдо жасалган, мештердин ишин суткада 8 сааттан ашык иштөөгө жол бербеген, автоматтуу тутум менен жабдылган мештерди пайдалануу керек.

5.36 Ингаляторийлерди дүүлүктүрүчү таасир эткен газ жана чаңды бөлүп чыгарган өндүрүш процесстериндеги жергиликтүү саламаттыкты сактоо органдары менен макулдашуу боюнча долбоорлоо керек.

5.37 Дирилдөөнүн таасири колго өткөн өндүрүш процесстеринде кол ванналарын караштыруу керек.

5.38 Кол ванналарын колдонгон жумушчулардын саны 100 же андан көп болгон сменада кол ванналарын жуунучу же өзүнчө электр сүлгүлөр менен жабдылган бөлмөлөрдө жайгаштыруу керек; кол ванналарын колдонгондордун саны көрсөтүлгөндөн аз болгон учурда кол ванналарын өндүрүш жайларында жайгаштырылышы керек.

5.39 Кол ванналары үчүн бөлмөлөрдүн аянтын бир ваннага 1,5 м2 эсеп менен аныктоо керек, ванналардын саны – сменадагы үч кишиге бир ванна эсеби менен коюлат.

5.40 Бут ванналарын (бутту гидро укалоо орнотмолору) туруп иштеген же иш учурунда дирилдөө бутка өткөн өндүрүш процесстеринде караштыруу керек. Бут ванналарын жуунучу жерлерде же гардеробдордо 40 кишиге аянты 1,5 м2 болгон бир орнотмо эсеби менен жайгаштыруу керек.

5.41 Жумуш убактысындагы эс алуучу жерлер жана бөлмөлөр, ошондой эле психологиялык жүктөрдөн арылуу бөлмөлөрү, үй кийими үчүн гардеробдордо жана саламаттыкты сактоо пунктунда жайгаштырылышы керек.

Өндүрүш жайларындагы жумушчу зонадагы абанын уруксат берилген көрсөткүчтөрүндө жана 1-жана 2- кооптуулук классындагы заттар менен конттакт болбогон учурда цехтин өндүрүш максатында пайдаланылбаган аянттарында жайгашкан ачык жерлерде эс алуу жерлерин караштырууга жол берилет.

5.42 Эс алуучу жана психологиялык жүктөрдөн арылуу үчүн бөлмөлөрдө, негиздеме болгон учурда, атайын сергитүүчү суусундуктарды даярдап, таратууга түзүлүштөрдү жана физикалык машыгуулар үчүн жерлерди караштырууга болот.

5.43 Эс алуучу бөлмөлөрдө жана жерлерде, ошондой эле психологиялык жүктөрдөн арылуу үчүн бөлмөлөрдө үн басымынын деңгээли 65 дБ ашпоого тийиш.

5.44 Саламаттыкты сактоо бөлмөлөрүнүн аянтынын ченемдерин 6-таблицага ылайык кабыл алуу керек.

 

6 -таблица

 

Аталышы

 

Бир кишиге аянттын көлөмү, м

 

Буулануучу бөлмө(сауна)

0,7

Ингаляторий

1,8

Жумуш учурунда эс алуучу бөлмөлөр (жерлер): психологиялык жүктөрдөн арылуу үчүн, физикалык машыгуулар үчүн, фитопроцедуралар үчүн

 

0,9

 

 

Коомдук тамактануу ишканаларынын бөлмөлөрү

 

5.45 Коомдук тамактануу ишканаларынын бөлмөлөрүн калктуу пункттарда же шаардык курулуштарда калкты тейлөөнү уюштурууну эске алып жайгаштырылган ишканалардын тобуна жалпы объект катары пайдалануу мүмкүнчүлүгүн эске алып долбоорлоо керек.

5.46 Өндүрүш ишканаларын долбоорлоодо алардын курамында бардык жумушчуларды жалпы, диеталык, атайын тапшырмалар боюнча дарылоо-алдын алуучу тамактануу менен камсыздаган ашканалар алдын ала караштырылышы керек.

Бир сменада 200 жана андан ашык адам иштеген учурда, адатта, жарым фабрикаттар менен иштеген ашкананы караштыруу керек, 200гө чейин болгондо – таркатуучу-ашкана каралышы керек.

 5.47 Көчө кийимчен кардарларды тейлөөчү ашканаларда көчө кийими үчүн гардероб каралышы керек, андагы орундардын саны көчө кийимчен кардарлардын 120%на барабар болушу керек.

 5.48 Ашканадагы орундардын саны сменадагы же сменанын жумушчулар эң көп иштеген бөлүгүндөгү 4 кишиге бир орун эсеби менен кабыл алынышы керек.

5.49 Сменада жумушчулардын саны эң көп болгону 30га чейин болсо, тамактануу бөлмөсүн караштыруу керек.

5.50 Тамактануу бөлмөсүнүн аянты ар бир адамга 1 м2 эсеп менен, кресло-коляска колдонгон ден соолугу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга 1,65 м2 эсеп менен кабыл алынууга тийиш, бирок 12 м2 кем эмес болушу керек.

 Тамактануу бөлмөсү кол жуугуч, стационардуу суу кайнаткыч, электр плитасы, муздаткыч менен жабдылууга тийиш. Жумушчулардын саны сменада 10го чейин болсо, тамактануу бөлмөсүн гардеробдордо аянты 6 м болгон кошумча жерлерде, тамактануу үчүн столдорду коюп, караштыруу керек.

 

6 Административдик имараттар жана жайлар

 

6.1 Административдик имараттарда башкармалык, конструктордук бюро, инновациялык конференц-тутумдар, маалымат-технологиялык кызматтар, эмгекти коргоо жана окутуучу сабактар үчүн жайлар жайгаштырылышы мүмкүн.

 

Башкармалык жана конструктордук бюро жайлары

 

6.2 Башкаруу кызматынын жана конструктордук бюро бөлмөлөрүнүн аянттарын башкармалыктын бир жумушчусуна 4 м эсеби менен, конструктордук бюро бөлмөлөрүнүн бир жумушчусуна 6 м эсеби менен кабыл алуу керек, ден соолугу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жана кресло-коляска колдонгон ден соолугу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга – 5,65 жана 7,65 м2.

Жумушчу орундарды электр жабдыктары менен жабдууда жана жумушчу орундарда жамааттык колдонуудагы түзүлүштөрдү жайгаштырууда бөлмөлөрдүн аянтын эксплуатациялоонун техникалык талаптарына ылайык чоңойтууга жол берилет.

6.3 Жетекчилердин кабинеттеринин аянты жумушчу бөлмөлөрдүн жалпы аянтынын 15% түзүшү керек.

6.4 Ишкананын жетекчилеринин жана алардын орун басарларынын кабинеттеринде кабылдама жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзү үчүн бөлмөлөр каралууга тийиш. Эки кабинетке бир кабылдама болушуна жол берилет. Кабылдамалардын аянты 9 м2 кем эмес болууга тийиш.

6.5 Жалпы заводдун башкармалыгынын имаратында инженердик-техникалык жумушчулардын саны 300 же андан ашык болгон учурда, жумушчулардын 30%на ылайыкталган айкалышкан кеңешмелер залын, бир орунга 4,5 м2 эсептеги, ал жерде селектордук кеңешмелерди өткөрүүгө мүмкүн болгон сүйлөшүүлөрдү жүргүзү үчүн бөлмөлөр каралышы керек.

6.6 Башкармалыктын кеңешмелер залынын аянтын бир орунга 0,9 м2 эсеп менен кабыл алуу керек. Кеңешмелер залында залдагы бир орунга 0,3 м2 эсеп менен кулуарлар кабыл алынат. Кеңешмелер залындагы кулуарлардын аянтына кеңешме залына чектеш болгон коридорлор кириши керек.

Жумушчулардын арасында кресло-коляска колдонгон ден соолугу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар болгон учурда, кеңешмелер залында алар үчүн бир орунга 1,65 м2 эсеп менен орундар каралышы керек.

6.7 Кеңешмелер залынан жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзү үчүн бөлмөлөрдөн 30м аралыкта дааратканалар болууга тийиш.

6.8 Инженердик-техникалык жумушчулардын саны 300гө жакын болгон ишканаларда кеңешмелерди өткөрүү үчүн жетекчилердин кабинеттеринин аянтын бир орунга 0,8 м2 эсеп менен чоңойтууга жол берилет.

 Кабинеттин аянты долбоорлоого тапшырма менен аныкталышы керек.

 

Маалыматтык-техникалык бөлмөлөр

 

7-таблица

 

 

Бөлмө

 

Өлчөө бирдиги

 

Өлчөө бирдигине аянт , м2

Окуу залы

1 орун

2,7

Китептерди, аудио жана видео маалыматты сактоочу жай

1000 сактоо бирдиги

2,5

 

Кызматтык жай

1 жумушчу орун

4

Китептерди кабыл алуу жана берүү столу

Ошол эле

 

5

 Каталог жана жаңы китептердин көргөзмөсү үчүн орун

1000 сактоо бирдиги

0,6

Электрондук каталог

1 орун

2,7

 

6.9 Техникалык китепкананын курамы жана аянты 7-таблица боюнча кабыл алынышы керек.

6.10 Аянты 90 м көп болбогон техникалык китепканаларды бир жайда жайгаштыруу керек.

6.11 Архив бөлмөлөрүнүн курамы жана аянты 8-таблица боюнча кабыл алынышы керек.

 

8 -таблица

 

Бөлмө

Аянты, м, 1 орунга

Окуу залы

2,7

Жумушчу бөлмө

4

Э с к е р т ү ү - документтерди сактоочу жайлардын аянты долбоорлоого тапшырмада аныкталат.

 

6.12 Аянты 54 м2 көп болбогон архивдерди бир жайда жайгаштыруу керек.

6.13 Өндүрүш-диспетчер бюролорунун бөлмөлөрүнүн аянттарын бир жумушчу орунга 4,5 м2 эсеп менен кабыл алыш керек.

 6.14 Телеаппаратуралар үчүн, сервердик, телефон станция бөлмөлөрүнүн аянттары долбоорло тапшырмасы боюнча аныкталат.

 6.15 Байланыш (КРОСС, аппараттык), ишараттоочу (сигнализация) жана автоматтык түзүлүштөр пункттарынын бөлмөлөрү тапшырык берүүчүнүн техникалык тапшырмасы менен аныкталат.

6.16 Ири чен өлчөмдүү жабдыктар жайгашкан аппараттык бөлмөлөрдө эшиктердин туурасы 1400 мм кем эмес болууга тийиш.

 

Эмгекти коргоо кабинети

 

6.17 Эмгекти коргоо кабинетинин аянты ишканада иштеген адамдардын тизме боюнча санына жараша аныкталат, м2:

 1000  чейин 24

 1000 ашык 3000 чейин   48

 3000 ашык 5000 чейин   72

 5000 ашык 10000  чейин            100

 10000 ашык 20000           чейин 150

 20000 ашык                        20

 

Э с к е р т ү ү – мобилдүү имараттар (блок – контейнерлер) үчүн аянты 0,5 коэфициенти менен аныкталган эмгекти коргоо кабинеттерин караштыруулусу керек.

 

Коомдук уюмдардын бөлмөлөрү

 

6.18 Коомдук уюмдардын бөлмөлөрүнүн курамы жана аянты 9-таблица боюнча кабыл алынышы керек.

 

9-таблица

 

Бөлмө

Ишканада иштеген адамдардын тизме боюнча саны төмөндөгүдөй болгон учурдагы аянты , м2

 100дөн

 300 чейин

301 ашык

 500 чейин

501 ашык

 1000 чейин

1001 ашык

 1500 чейин

1501 ашык

Кесиптик биримдик уюму

12

18

36

54

60

Жаштар уюму

12

12

18

18

24

Элдик конртолдоо тобу

12

12

12

18

24

Методикалык кабинет

–

–

12

18

 

6.19 Иштеген адамдардын тизме боюнча саны 100гө чейин болгон ишканаларда бардык коомдук уюмдар үчүн аянты 12 м2 болгон бир бөлмө каралышы керек.

6.20 Мобилдүү имараттар (блок – контейнерлер) үчүн жалпы заводдук жана цехтик коомдук уюмдардын бөлмөлөрүнүн аянтын 0,5 коэффициенти менен кабыл алууга жол берилет.

6.21 Иштеген адамдардын тизме боюнча саны 1000 жана андан көп болгон ишканаларда аянты 24 м2 болгон спорт уюмдарын жетектөө боюнча методикалык кабинет караштырууга жол берилет.

 6.22 Ишканаларда аянты 100дөн 500ге м2 чейин болгон маалыматтык милдетти аткаруучу бөлмөлөр караштырылышы керек.

 

Окуу сабактары үчүн жайлар

 

6.23 Окуу сабактары үчүн жайлардын курамы жана аянты КР КЧ 31-04 талаптарын эске алып, долбоорлоого тапшырма менен аныкталат.

 

7 Жылытуу, вентиляциялоо, абаны кондициондоштуруу жана электр менен камсыздоо

 

7.1 Жылытуу, вентиляциялоо жана абаны кондициондоштурууну КЧжЭ 2.04.05 ылайык долбоорлоо керек. Жылытуу, вентиляциялоо, абаны кондициондоштуруу жана электр менен камсыздоо тутумдары КЧжЭ 2.04.05 жана КР КЧ 21-01 талаптарына жооп бериши керек.

7.2 Жылдын суук мезгилиндеги жайлардагы абанын эсептик температурасын жана бир жолку аба алмашуусун 10-таблицага ылайык кабыл алынат.

 

 

10-таблица

 

 

Бөлмөлөр

Жылдын суук мезгилиндеги температура, °С

1 саатта бир жолку аба алмашуу же анын көлөмү, м³/с

Келүү

Соруп чыгаруу

1

2

3

4

1 Далис (вестибюль)

16

2

-

2 Жылытылуучу өтмөлөр

 

Жылытылуучу өтмөлөр менен байланышкан бөлмөлөрдүн эсептик температурасынан 6°C төмөн эмес.

-

 

-

 

3 Көчө кийими үчүн гардеробдор

 

16

-

 

1

4 Кийимдин бардык түрлөрүн сактоо үчүн жана жумушчулардын толук эмес которунуусу үчүн гардеробдор

18

Душтан сордуруп чыгарууну компенсациялоо эсебинен

 (бирок 1 саатта бир жолку аба алмашуудан кем эмес)

 

5 Душтагы жана жумушчулардын толук эмес которунуусу үчүн гардеробдор (душка чейинки бөлмө)

 

 

 

а) атайын кийимдер үчүн гардеробдор

23

5

5

б) үй кийимдери үчүн гардеробдор (үй жана көчө кийимдери үчүн)

 

23

Душтан сордуруп чыгарууну компенсациялоо эсебинен

 (бирок 1 саатта бир жолку аба алмашуудан кем эмес)

 

6 Душ

25

 

-

 

Бир душ торчосуна 75 м³/с

7 Даараткана

16

 

-

Бир унитазга50 м /с жана 1 писсуарга 25 м/с

8 Дааратканадагы кол жуугучтар

16

 

-

 

1

 

9 Тамеки чегүүчү жерлер

16

-

10

10 Эс алуу, жылынуу же салкындоо бөлмөлөрү

 

22

2 (бирок 1 кишиге 30 м³/с кем эмес)

 

3

 

11 Өздүк гигиена үчүн бөлмөлөр

22

 

2 (бирок 1 кишиге 30 м³/с кем эмес)

3

12 Атайын кийимдерди ремонттоо үчүн бөлмөлөр

16

2

3

13 Бут кийимдерди ремонттоо үчүн бөлмөлөр

16

2

3

 

10-таблицанын аягы

 

 

Бөлмөлөр

Жылдын суук мезгилиндеги температура, °С

1 саатта бир жолку аба алмашуу же анын көлөмү, м³/с

Келүү

Соруп чыгаруу

1

2

3

4

14 Башкармалыктын, конструкторлук бюронун, коомдук уюмдардын бөлмөлөрү, аянттары, м:

а) 36 көп эмес

 

 

 

 

 

 

18

 

 

 

 

 

 

1,5

 

 

 

 

 

 

-

б) 36 көп

18

Эсеп боюнча

15 Атайын кийимдерди кургатуу үчүн бөлмө

Технологиялык талаптар боюнча 16-33 °С чегинде

Эсеп боюнча

 

16 Атайын кийимдерди чаңсызданыруу үчүн бөлмө

16

Эсеп боюнча

 

Э с к е р т ү ү – бөлмөлөрдөгү жылдын жылуу мезгилиндеги абанын эсептик температурасы жана абанын нымдуулугу 10-13, 14б позициясындагылардан тышкары ченемдештирилбейт, аларда абанын эсептик температурасын 2.04.05 КЧжЭнин көрсөтмөлөрүнө ылайык кабыл алып, аба алмашууну эсеп менен аныктоо керек.

 

7.3 Жылдын суук мезгилинде жылытылган келме абаны бөлмөлөрдүн жогорку зоналарына берилишин караштыруу керек, зарыл болгон учурларда, аба алмашуусу сордуруп чыгаруунун эсебинен болгон бөлмөлөрдөн чыккан абанын көлөмүн толуктоо үчүн коридорго да берүү керек.

 7.4 Душтардан чыккан абанын көлөмүн толуктоо үчүн абанын келүүсүн гардеробдорго караштыруу керек.

Душтарды, душка чейинки бөлмөлөрдү жана гардеробдорду бөлүп турган дубалдардын жана тосмолордун жогорку жагында жалюзи торлорун орноштурууну караштыруу керек.

7.5 Жалпы аянты 108 м2 көп эмес жана экиден ашык эмес даараткана жайгашкан имараттарда, жылдын суук мезгилинде терезелерден таза абанын табигый келүүсүн караштыруусу керек.

7.6 Жылдын жылуу мезгилинде бөлмөлөргө ачыла турган терезелерден таза абанын табигый келүүсү караштырылууга тийиш. Тышкы абаны механикалык жол менен берүүчү тутумду терезелери жок бөлмөлөргө, ошондой эле тышкы абаны тазалоо зарылчылыгы туулган учурда караштыруу керек.

7.7 Жылдын жылуу мезгилинде тышкы абанын эсептик температурасы 25 °С (А параметри) жогору болгон райондордо адамдар ар дайым болуучу бөлмөлөрдө абанын кыймылын секундасына 0,3-0,5 м тездетүү үчүн шыпка орнотуучу вентиляторду пайдаланууну караштыруу керек.

7.8 Абаны бөлмөдөн чыгаруу үчүн, адатта, табигый же механикалык жол менен чыгаруучу тутумду пайдаланууну караштыруу керек. Душ жана санитардык жабдыгы үч же андан көп болгон дааратканаларда табигый жол менен чыгаруучу тутумду пайдалануу сунушталбайт.

7.9 Абаны гардеробдордон душ аркылуу чыгарыш керек. Эгерде гардеробдун аба алмашуусу душтун аба алмашуусунан ашса, анда абаны душ үчүн аныкталган көлөмдө душ аркылуу, ал эми айырмасын - гардеробдун өзүнөн чыгаруу сунушталат.

7.10 Сордуруп чыгаруучу желдетүүнүн айрым тутумдарын фельдшердик жана дарыгердик, саламаттыкты сактоо пункттарынын бөлмөлөрү жана душ менен дааратканалар үчүн караштыруулусу керек. 10-таблицанын 4, 5а позициясындагы гардеробдордогу душ менен дааратканалар үчүн сордуруп чыгаруучу желдетүүнүн айкалышкан орнотмосун колдонуулуше керек.

7.11 10-таблицанын 4, 5а позициясындагы бир сменада 5 жана андан аз адам иштеген гардеробдордо суук мезгилдерде тышкы абанын терезелер аркылуу киришин караштырып, бир жолку аба алмаштырууну кабыл алса болот.

Гардеробдордо, негизделген учурда, жумуш убактысынан тышкары бир шкафтан саатына 10 м3 абаны табигый сордуруп чыгаруучу желдетүүсү бар атайын кийимди кургатуу үчүн шкафтарды пайдаланууну караштырууга жол берилет.

7.12 Кир жуучу, химиялык тазалоочу жайларда, ашканаларда (тамактануу комнаталарында – ашкананын ченемдери боюнча), саламаттыкты сактоо пункттарында, радио түйүндөрдө, телефон станцияларында, китепканаларда, архивдерде, киноаппараттыктарда, студияларда, соода жана тиричилик тейлөө пункттарында, жыйындар жана кеңешмелер залында, конференц-залдарда абанын эсептик температурасын тиешелүү имараттарды долбоорлоо боюнча ченемдерге ылайык кабыл алуу керек.