Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
Курулуштагы ченемдик документтер тутуму
ДЕН СООЛУГУНУН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ ЧЕКТЕЛГЕН АДАМДАРДЫН МУКТАЖДЫКТАРЫН ЭСКЕ АЛУУ МЕНЕН ЖАШОО-ТУРМУШУНУН
ЧӨЙРӨСҮН ДОЛБООРЛОО
ПРОЕКТИРОВАНИЕ СРЕДЫ ЖИЗНЕДЕЯТЕЛЬНОСТИ С УЧЕТОМ ПОТРЕБНОСТЕЙ ЛИЦ С ОГРАНИЧЕННЫМИ ВОЗМОЖНОСТЯМИ ЗДОРОВЬЯ
The design of the living environment taking into account
the needs of persons with disabilities health
|
Киргизүү датасы 2018-жылдын 28-декабры
1 Жалпы жоболор
Ушул ченемдер ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын керектөөлөрүн эске алып, толук жарамдуу тиричилик чөйрөсүн түзүү максатында калк жашаган жерлерде долбоорлоого, мерчмедөөгө жана курууга, жаңы имараттарды курууга долбоорлорду иштеп чыгууга жана эксплуатацияланып жаткан имараттарды жана курулмаларды реконструкциялоого жайылтылат.
Кыргыз Республикасынын “Мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” мыйзамынын 43-44-беренелерине ылайык мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, юридикалык жактар менчик формасына карабастан, Мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга турак, коомдук, административдик жана өндүрүш имараттарга, курулмаларга жана жайларга, эс алуу жана башка маданий-оюн-зоок мекемелерине, ошондой эле коомдук транспорт жана транспорт байланыштары, байланышуу жана маалымат каражаттары менен тоскоолдуксуз пайдаланууга, эркин ориентация алуу жана жүрүүгө шарттарды камсыздоого милдеттүү. Ошондой эле калктуу пункттарды долбоорлоо жана куруу, турак райондорду калыптандыруу, долбоорлоо чечимдерди иштеп чыгуу, имараттарды, курулмаларды, алардын ичинде аэропортторду, темир жол вокзалдарын, комплексттерди жана коммуникацияларды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жактардын пайдалануусуна жеткиликтүү болуусун эске алып ыңгайлаштырып өндүрүү керек.
Турган имараттарды жана курулмаларды, ошондой эле тарыхый жана маданий эстеликтерди реконструкциялоодо ушул документте баяндалган талаптар (коопсуздук талаптарынан тышкары) толук көлөмдө аткарылышы мүмкүн болбой калган учурда, аймактык архитектура жана шаар куруу, мамлекеттик көзөмөл, калкты социалдык жактан коргоо (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын коомдук уюмдарын кошуп) органдары менен макулдашуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар менен кары-картаңдардын жашоо-тиричилигин, ошондой эле жүргүнчүлөрдүн балдар коляскалары менен жүрүүсүн эң жогорку деңгээлде камсыздоочу чечимдерди кабыл алуу керек.
Ушул документтин талаптары калктуу жерлердин курулушун долбоорлоо мерчемдерин иштеп чыккан жана ал жерлерде курууну, ошондой эле айрым имараттардын, курулмалардын жана алардын турак-жарандык жана өндүрүш милдетиндеги комплекстеринин долбоордук чечимдерин ишке ашырган, тиешелүү лицензиялары жана тастыктамалары бар бардык министрликтер, ведомстволор, ишканалар, мекемелер, уюмдар үчүн милдеттүү болуп эсептелет.
2 Ченемдик шилтемелер
Ушул курулуш ченемдеринде төмөндөгү документтерге ченемдик шилтемелер пайдаланылды:
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 3-апрелиндеги №38 “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укугу жана кепилдиги жөнүндө” мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-ж. 27-майындагы № 6-нпа буйругу менен бекитилген "Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу пукнтарды пландаштыруу жана куруу жөнүндө эрежелер топтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-ж. 20-сентябрындагы № 7-нпа буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасында айылдык калктуу конуштардын аймактарын пландаштыруу жана куруу боюнча эрежелер топтому;
КЧжЭ 2.04.01-85* Имараттардын ички суу түтүктөрү жана канализациясы;
КР КЧжЭ 23-02-00 Курулуш климатологиясы;
КР КЧ 21-01:2018 Имараттардын жана курулмалардын өрт коопсуздугу;
КР КЧ 31-04:2018 Коомдук имараттар жана курулмалар.
3 Терминдер жана аныктамалар
Ушул курулуш эрежелеринде төмөндөгү терминдер тийиштүү аныктамалары менен берилген:
3.1 адаптацияланган кирүү: Аз кыймылдуу кардарларга, алардын ичинде кресло-коляскада отурган адамдарга ылайыкталган кирүү эшиги;
3.2 архитектуралык-мерчемдик шарттар: Курулушобъектисинин негизги параметрлерине, жайгашуусуна, функциялык милдетине карата, ошондой эле шаар куруу документтерине ылайык объектти долбоорлоого архитектуралык шарттарды жана талаптарды, инженердик тарамдарга кошулууга техникалык шарттарды, санитардык, өрткө каршы, экологиялык шарттарды жана чектөөлөрдү камтыган аймактык архитектура жана шаар куруу органдары тарабынан берилген документ;
3.3. коопсуздук аймагы: Адамдар өрттүн кооптуу факторлорунун таасиринен корголгон же ал жерде өрттүн кооптуу факторлору жокко эсе же уруксат берилген чектен ашпаган зона.
3.4 бордюрпандусу (түшүү): Кармагычы жок кресло-коляска колдонгон адамдардын тоскоолдуксуз кыймылы үчүн эки ар кандай деңгээлдеги беттин ыкташуусу үчүн арналган жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдун эңкейиши.
3.5 маалыматтардын визуалдык каражаттары: Угуу органынын функциялары бузулган адамдардын кабыл алуу өзгөчөлүгүн эске алып, таануунун күчөтүлгөн мүнөздөлүшүнө ээ болгон көрүп айырмалоочу тексттер, белги, символ, жарык сигналдары түрүндөгү маалыматтарды алып жүрүүчүлөр.
3.6 шилөө:Канализацияга бириктирилбеген даараткананын же жуунду төгүүчү жердин жер алдындагы бөлүгү болгон кир-коктор чогулуучу жер.
3.7 тыш өлчөм (габарит): Архитектура чөйрөсүндөгү элементтердин(буюмдардын жана мейкиндердин), алардын чыгып турган бөлүктөрү боюнча ички (жарыктагы) жана тышкы (таза түрүндө) өлчөмдөрү.
3.8 даараткананын жеткиликтүү кабинасы:Коомдук (эркек жана аялдар) дааратканалардын блокторунда жайгашкан, жабдылуусу боюнча – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын бардык топтору үчүн, ал эми кресло-коляскада отурган адамдын габариттери боюнча жеткиликтүү бир гана унитазы бар жеке кабина.
3.9 ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдары үчүн жеткиликтүү имараттар жана курулмалар: Имараттардын жана курулмалардын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдары үчүн жеткиликтүүлүгүн жана кооптуулугун камсыздоо боюнча ченемдик талаптарга жооп берген архитектуралык-мерчемдөөчү, инженердик-техникалык, эргономикалык, конструкциялык жана уюштуруу иш-чаралардын комплекси ишке ашкан имарттар жана курулмалар.
3.10 кыймылдын жеткиликтүү маршруту: Маршруттун аяккы чекитине тоскоолдорсуз жетип, кызматты пайдаланууга мүмкүндүк берген тейлөө жайлары жана жерлери.
3.11 жетүүгө мүмкүн болгондук: Тейлөөчү жерлердин пайдалануучу объекти болгон буюмду колдонууга (ага жетүүгө) мүмкүндүк түзүүнү камсыздаган параметрлерге ээ болуу касиети.
3.12 кызмат көрсөтүү (тейлөө) зонасы:Жайда же тилкеде кызмат көрсөтүүчү жерлердин жыйындысы.
3.13 инвентардык пандус: Убактылуу же эпизоддук пайдаланууга арналган курулма, мисалы, чогултуп-ажыратылуучу, үстү ачылма, суурма, улама, тоголотмо ж.б.у.с.
3.14 майыптуулук: Социалдык-юридикалык статус, бул статусту ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мыйзам менен аныкталган тартипте, жактын физикалык, психикалык же акыл-эсинин туруктуу бузулууларын болжолдоп аныктайт. Бузулуулардын деңгээлине жараша майыптуулуктун I, II жана III топторун аныкташат. 18 жашка чейинки балдар “ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген бала” категориясына кирет
3.15 инфратүзүм: Кыргыз Республикасынын аймагындагы турак, административдик ж.б. имараттардын, курулмалардын, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуралардын, автомобиль жолдорунун, коомдук транспорттун, коммуникация каражаттарынын ж.б. техникалык каражаттардын жыйындысы;
3.16 чөнтөк:Жайдын же коммуникациялык жолдун чегине алардын чегинен тышкары ыкташкан боштук же мейкиндик.
3.17 тиркеш коэффициенти: Үстүнкү бетке болгон жүктөмгө горизонталдуу реакицянын катышы.
3.18 лифт холлу: Лифттин кире беришинде жайгашкан, адатта, эшиктер менен чектелген атайын жай.
3.19 ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын катарына жаракат алуунун же кемтиктердин натыйжасында жашоо-тиричилигинин чектелишине алып келген, организмдин функцияларынын туруктуу бузулуу оорусу менен коштолгон, ден соолугунун начардыгы аларды социалдык жактан коргоо жана калыбына келтирүү зарылдыгын туудурган адамдар кирет;
3.20 люфт-клозет:Үйдүн ичиндеги жылуу, жер алдында фекалдарды шилөөсү бар даараткана, ал жакка фекалийлер агын (фан) трубасы аркылуу, жайдын тышындагы шилөө люгунатүшөт. Салттуу чыгаруучу аңы бар дааратканалардан люфт-клозет жылытуучу жайда жайгашат, ошондуктан сөзсүз атайын желдетүүчүлюфт-каналжүргүзүлөт, люфт-канал жылытуучу түзүлүштөргө ыкталат, ал эми фекалдарды чыгаруучу люк сыртта жайгашат.
3.21 тейлөө жерлери:Имараттын, жайдын, курулманын, зонанын кардарга кызмат көрсөтүү үчүн уюштурулуп, жабдылган бөлүктөрү.
3.22 тосмо: Жөө жүргүнчүлөр үчүн жол беттеринин айырмасы болгон жерлердеги белгилерде, кооптуу жерлердин тегерегинде же салаңдап турган тоскоолдордо тикесинен орнотулган тосмо конструкция.
3.23 жашоо-тиричиликтин чектелиши – Адамдын өзүн-өзү тейлөөгө, өз алдынча жүрүүгө, ориентир алууга, баарлашууга, өзүнүн жүрүм-турумун контролдоого, окууга жана эмгектенүүгө толугу менен же жарым-жартылай жөндөмдүүлүгүн жоготуусу.
3.24 бир тараптуу кыймыл пандусу: Бир убакытта бир эле адамдын жүрүшүнө арналган, туткаларынын ортосундагы аралык 0,9-1,0 м болгон курулма.
3.25 пиктограмма: Ишмердүүлүктүн түрүн, кыймыл-аракетти же жайдын арналышын көрсөткөн символикалык сүрөт.
3.26 жекече тейлөө жайы: Мекеменин (ишкананын) персоналы аз кыймылда болгон кардарды тейлөөнү же өзүн-өзү тейлөөнү ишке ашыруу үчүн кабина же кабинет. Кабинанын (кабинеттин)чен өлчөмү (габариттери), эреже катары, коштоп жүрүүчү адамды да эске алып жасалууга тийиш.
3.27 туурасынан кеткен эңкейиш: Кыймылдын багытына перпендикулярдуу болгон үстүнкү беттин эңкейиши.
3.28 тутка: Тепкичтин же пандустун компоненти, ал кыймыл учурунда багыт берип, колдун деңгээлинде таянычты камсыздайт.
3.29 үйдүн жанындагы жер тилкеси: Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган тартипте чектери аныкталган, өзүнө үйгө чектеш аймакты, анын ичинде жашыл бактар, короо ичиндеги ирригациялык тарамдар(магистрал жана берүүчү каналдардан тышкары) жана тышкы жарык берүү тарамдары, чарба, балдар жана спорт аянтчалары, катуу тиричилик таштандыларын чогултуу үчүн аянтчалар, жана башка кирген тилке.
3.30 кыймыл жолу: Тилкеде жүрүү үчүн (жолчолор,тротуарлар, пандустар ж.б.), ошондой эле имараттардын жана курулмалардын ичинде (тике жана вертикалдуу коммуникациялар) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар, алардын ичинде кресло-колясканы колдонгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар пайдаланган жөө жүрүгүнчүлөр үчүн жол.
3.31 атайын адистештирилген уюм: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды ар дайым карап, тейлөө үчүн социалдык жана медициналык милдеттеги уюм, алардын ичинде: интернат-үй, хоспис, медайымдар кароочу үй, калыбына келтирүүчү борбор, кары-картаңдар үчүн турак үй, ошондой эле ар кандай деңгээлдеги жана багытта окутуу үчүн атайын билим берүүчү уюмдар жана башка.
3.32 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын транспорттук каражаттарын коюу үчүн атайын ылайыкташтырылган жай (парковка): Кресло-коляскачан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардынжеке транспорттук каражаттарын коюу үчүн атайын ылайыкташтырылган жайда (парковкада) машина-орун.
3.33 атайын адистештирилген стационардык мекемелер – Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын убактылуу жүрүшүнө жана аларга зарыл болгон жеке калыбына келтирүү программасына ылайык медициналык жардамды көрсөтүү үчүн мамалекеттик же жеке мекемелер (интернат-үйлөр);
3.34 атайын адистештирилген транспорт: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын колдонуусуна жеткиликтүү болгон атайын ыңгайлаштыруулары бар транспорт каражаттарынын каалагандай түрү;
3.35 атайын ылайыкташтырылган элемент: (Ченемделүүчү объект катары) адамдын ден соолугунун кемтигинин белгилүү түрүн же алардын тобун эске алган ылайыкташтыруу боюнча атайын талаптар коюлган элемент.
3.36 дүлөйлөр котормочусу: Оозеки кепти жаңсоо тилине жанатескерисинче которуу боюнча адис.
3.37 маалыматты дененин сезүүсү аркылуу берүүчү каражаттар:Тийгизүү аркылуу кабыл алган жана азиз ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды берилүүчү маалыматты алып жүрүүчү каражаттар.
3.38 даараткананын универсалдуу кабинасы: Кресло-коляска колдонгон же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга же коштоп жүрүүчүсү бар азиз адамдарга арналган, унитаз, кол жуугуч жана башка керектүү нерселер менен жабдылган автономдуу жайгашкан даараткана кабинасы.
3.39 тилке: Зарыл болгон учурларда объект менен байланышкан функциялык жактан байланышкан курулушту жүргүзүп жаткан жакка тиешелүү, курулуш, реконструкциялоо, капиталдык ремонттоо объектисинин жайгашкан жер тилкеси (аймагы).
3.40 хоспис: Акысыз медициналык-социалдык мекеме, ал жерде айкыпас дартка чалдыккандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө психологиялык, рухий, юридикалык жардам ооруп жаткан учурда жана оорулунун көзү өткөндөн кийин да көрсөтүлөт.
3.41 Брайль шрифти: Көзү такыр көрбөгөн (азиз) жана начар көргөндөр үчүн рельефтүү-чекиттүү атайын шрифт.
3.42 элемент: Имараттын, курулманын, жайдын же тилкенин архитектуралык, техникалык же механикалык компоненти.
4 Калктуу жерлерди мерчемдөө жана ал жерлерде куруу
4.1 Негизги жоболор
4.1.1 Долбоорлоодо Кыргыз Республикасында шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу пункттарды мерчемдөө жана ал жерлерде куруу боюнча эрежелер жыйнагынын жана Кыргыз Республикасында шаарларды жана айылдык калктуу пункттардын аймактарын мерчемдөө жана ал жерлерде куруу боюнча эрежелер жыйнагынын, алардын ичинде коомдук имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо боюнча ченемдердин жана башкаиштеп жаткан ченемдик документтердин талаптарын тутуу керек.
4.1.2 Калктуу жерлерди мерчемдөө жана ал жерлерде курууга долбоорлорду иштеп чыгууда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын толук жарамдуу жашоо-тиричилиги үчүн шарттарды түзүү зарылчылыгын эске алуу керек.
4.1.3 Калктуу жерлердин турак райондору жана алардын көчө-жол тарамы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жөө жүргүнчүлөр үчүн маршруттарды төшөөнү, коомдук транспортко түшүүчү аянтчаларга жана жерлерге жеткиликтүү жолдорду түзүүнү эске алып долбоорлонушу керек.
4.1.4 Жаңы курулуш жүрүп жаткан райондордо кресло-коляскачан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн батирлери бар турак имараттардын жайгашуурадиусу күнүмдүк керектелүүчү товарларды сатуучу жана турмуш-тиричилик жактан тейлөөчү ишканаларынын пункттары 300м алыс эмес болушункамсыздашы керек. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын кыймылы болуп турган жолдордогу пандустардын эңкейиши төмөндөгүлөрдөн көп болбошу керек:
- имараттын, курулманын ичинде …………………….……... 1:6;
- стационардык дарылоо мекемелеринин ичинде..……... 1:20;
- стационардык дарылоо мекемелеринин тышында…...…. 1:8;
-имараттын ичинде же тышында коляскачан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын кыймылы болуп турган жолдордо …1:12, КР 31-04.
4.1.5 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жана балдар үчүн атайын адистештирилген стационардык мекемелерин өрт деполорунан,алардын ичинде өнөр жай ишканаларынан, транспорт тынымсыз жүргөн көчөлөрдөн жана жолдордон жана темир жолдордон, ошондой эле ызы-чуусу жогору болгон, абанын жана жер кыртышынын булганышынын булагы болгон жерлерден 3000 м алыс эмес жайгаштыруу керек.
4.1.6 Угуусу жана көрүүсү бузулган балдар үчүн атайын адистештирилген мекемелерин радиостанциялардан, радиорелейлик орнотмолордон жана пульттардан 1500 м кем эмес аралыкта жайгаштыруу керек.
4.1.7 Генералдык мерчемде социалдык инфратүзүмдүн объекттери көрсөтүлөт. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын аталган объекттерге автоунаалары үчүн атайын парковка орундарга жана гараждаргажеткиликтүүлүк камсыздалышы керек.
4.1.8 Шаардын түзүмүндөгү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды медициналык жактан тейлөөчү жана калыбына келтирүүчү атайын адистештирилген мекемелердин жайгаштырылышын жана алардын сыйдыргычтыгын белгилүү шаарда, райондо, кичи райондо чыныгы жана болжолдуу керектөө боюнча аныктоо керек.
4.1.9 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн үй-интернаттарынын сыйдыргычтыгын шаардын же башка калктуу пункттун жана ага чектеш райондун 58 жаштан жогору (аялдар) жана 65 жаштан жогору (эркектер) тургундарынын пайызына жараша 1000 кишиге 2-9 орун эсеби боюнча аныкташ керек.
4.1.10 Шаар куруу документтеринин долбоорлорун иштеп чыгуунун бардык баскычтарында жана түрлөрүндө, курулуштун майда-чүйдөсүнө чейин мерчемделүүчү долбоорлордон (мерчемдөө документтеринен)тышкары, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардынжашоо-тиричилик шарттарын камсыздоо боюнча талаптар курулуш чөйрөсүнө тийиштүү ченемдик документтерде аныкталат.
4.1.11 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын керектөөлөрүн эске алган социалдык инфратүзүмдүн объкеттерин реконструкциялоо жана курууга курулуштун долбоорун, майда-чүйдөсүнө чейин мерчемделүүчү долбоорлорду жана долбоорлоо документтерин иштеп чыгуу уруксат берүүчү документтердин негизинде ишке ашырылат.
4.1.12 Курулуштун же курулуш объектисинин архитектуралык-мерчемделүүчү шарттарын жергиликтүү архитектура органдары долбоорлоого даярдоодо жана бекитүүдө негизги милдеттүү талаптар аныкталышы керек. Алардын архитектура жана шаар куруу каражаттары менен аткарылышы курулуп жаткан имараттардын жана курулмалардын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жеткиликтүүлүк шарттарын түзүүнү камсыздайт.
4.2 Аймактардын өлчөмдөрү
4.2.1 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн үй-интернаттардын, социалдык тейлөө борборлорунун жана атайын адистештирилген балдар мекемелеринин жер тилкелеринин эсептик аянтын 1-жана 2-таблицаларга ылайык кабыл алуу керек.
1-таблица
Имараттардын типтери | Орундардын сыйдыргычтыгы | 1 орунга жер тилкесинин аянты, м2, кем эмес |
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын үчүн үй-интернаттары |
до 50 |
200 |
51-100 | 175 | |
101-200 | 125 | |
201-300 | 100 | |
Аймактык социалдык тейлөө борборлору | до 50 | 150 |
51-75 | 125 | |
76-100 | 100 | |
Э с к е р т ү ү – шаар четинде, парктардын жана токой-парктардын, ошондой эле түзүлгөн курулуштун шарттарында жайгашкан үй-интернаттардынжер тилкесинин аянтын азайтууга жол берилет, бирок 20%дан көп эмес. | ||
2-таблица
Параллель класстардын саны | Балдар үчүн атайын мектеп-интернаттарда 1 тарбиялануучуга жер тилкесинин аянты, м2 , кем эмес | |||
Бузулуулары бар | Полиомиелиттин кесепттеринен жабыркаган жана шал ооруулуулар
| |||
угуу | көрүү | интеллекттин
| ||
1 | 200 | 205 | 225 | 180 |
2 | 160 | 160 | 180 | 140 |
4.2.2 Мектепке чейинки атайын адистештирилген мекеменин жер тилкелеринин эсептик аянтын 1 орунга 60 м2кем эмес кабыл алуу керек.
4.2.3 Акыл-ээси артта калган балдар үчүн үй-интернаттардын жер тилкелеринин эсептик аянтын 3-таблицага ылайык кабыл алуу керек.
3-таблица
1 тарбиялануучуга жер тилкесинин аянты, м2 , кем эмес | |||
Окутулуучу балдар үчүн | Окутулбаган балдар үчүн | ||
Өз алдынча жүрө алгандарга
| Өз алдынча жүрө албагандарга
| Өз алдынча жүрө алгандарга
| Өз алдынча жүрө албагандарга
|
100 | 120 | 80 | 50 |
Э с к е р т ү ү –акыл-ээси артта калган балдар үчүнүй-интернаттардын жер тилкесинин аянтын азайтууга жол берилет, бирок 15%дан көп эмес. | |||
4.2.4 Акыл-ээси артта калган балдар үчүн мектепке чейинки атайын адистештирилген мекеменин жана үй-интернаттардын аймагында, IА, IБ, IГ жана IIА климаттык райондордо жайгашкандардан тышкары, КЧжЭ 23-02 ылайык 1 тарбиялануучуга жер тилкесинин аянты0,6 м2кем эмесэсептик аянттагы окутуу-тажрыйба аянтчаларын караштыруу керек.
4.2.5 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн үй-интернаттар жана атайын адистештирилген балдар мекемелеринин жер тилкелери бийиктиги 1,6 м кем эмес тосмолуу болушу керек, ал эми психоневрологиялык интернаттардын жана акыл-ээси артта калган балдар үчүн – 2 м кем эмес коргон болушу керек.
5 Чөйрөнүн, имараттын жана курулмалардын негизги элементтери
5.1 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга зоналардын жана мейкиндердин параметрлери (көрсөткүчтөрү)
5.1.1 Кресло-колясканы коюу үчүн зонанын туурасы 0,9 м кем эмес, узундугу 1,5 м кем эмес болууга тийиш.
5.1.2 Имаратта кандай болсо, тилкеде да ошондой болгон таза турушундагы коммуникациялык өткөөлдүн кыймыл тилкесинин туурасы кресло-коляска бир багытта кетип бара жатканда 1,5 м кем болбошу керек, ал эми карама-каршы кыймылда - 1,8 м кем эмес болууга тийиш.
Галереялардын, лоджиялардын жана балкондордун туурасы (санаторийлерде, мейманканаларда ж.б.) жарыкта 1,5 м кем эмес болушу керек. Ушул ченемдин 5.6.3п. ылайык, дубалдагы эшик жана ачык тешиктердин туурасы таза турушунда 0,9 м кем эмес болушу керек.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар колдонгон ар кандай жабдыктарга жана эмеректерге кире бериштин туурасы 0,9 м кем эмес болушу керек.
5.1.3 Чыгып турган конструкциялардын төмөн жагына чейинки бийиктик 2,1м кем эмес болушу керек.
5.1.4 Кресло-коляскаларды 90°ка бурууда маневр кылуу үчүн мейкиндин өлчөмү 1,4х1,4 м кем эмес кабыл алынышы керек, ал эми артка 180°ка бурулганда - 1,4х1,5 м кем эмес болууга тийиш.
Бурулуу радиусу 0,75 м кем эмес болгон туюк коридорлордо кресло-коляскалардын толук бурулушуна мүмкүндүктү камсыз кылуу керек.
Эшиктин маңдайында турган кресло-коляскалардын маневри үчүн мейкиндин тереңдиги эшик “өзүнөн”(тышка) ачылган учурда 1,2 м кем эмес болууга тийиш, ал эми “өзүнө” (ичке) ачкан учурда - 1,5 м эмес болууга тийиш.
5.1.5 Имараттын конструкциялык элементтери жана кыймыл жолдорунун чен өлчөмдөрүндө (габариттеринде), дубалдарда ж.б. тик беттерде 0,7 метрден: имараттын ичинде –полдун деңгээлинен 2м; имараттан тышкары –жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдун деңгээлинен 2,1 м бийиктикте жайгашкан түзүлүштөр 0,1метрден көп чыкпашы керек. Түзүлүштөрдү, көрсөткүчтөрдү өзүнчө турган тирөөчтө жайгаштырууда, алар 0,3 метрден ашык чыкпашы керек.
Имараттын бийиктиги 1,9 м кем болгон ачык тепкичинин маршынын ж.б. чыгып турган элементтеринин алдына эскертүүчү бөгөттөрдү жана тосмолорду орнотуу зарыл.
5.2 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды тейлөөчү шаар ичиндеги транспорт-жүргүнчүлөр тутуму
Шаар ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды транспорттук тейлөөнү уюштуруу боюнча мүмкүн болгон варианттар сунушталат:
5.2.1 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды транспорттук тейлөө тутумун уюштуруу транспорт каражаттарын, мисалга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды ташууга атайын ыңгайлаштырылып жабдылган бекитилген ыраатамага ылайык белгилүү каттамдагы автобустарды же кичи автобустарды пайлануунун негизинде коомдук тейлөөгө окшош уюштуруу.Мындай каттамдар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын артыкчылыктуу кыймыл трассасынын негизинде түзүлүшү мүмкүн. Алар калкты социалдык коргоо органдарынын катышуусу менен жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын коомдук бирикмелеринин пикирин эске алып аныкталат;
5.2.2 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды ташууга ылайыкталган атайын (кайталанма) кыймыл каттамын же кадимки транспорттор менен бир катар (автобус, троллейбус ж.б.) кичи автобустардын каттамын уюштуруу;
5.2.3 Алдын ала тапшырык же чакыруу боюнча атайын жабдылган автобустарда же автоунааларда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды ташууну камсыздаган атайын транспорт кызматын түзүү;
5.2.4 Бардык физикалык же экономикалык жактан кадимки транспорт каражаттарын пайдаланууга мүмкүн болбогон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдары бар үй-бүлөлөрдү алар үчүн ыңгайлаштырылган жеке транспорт каражаттарыменен камсыздоо;
5.2.5 Көрсөтүлгөн варианттардын ичинен ар кандай айкалыштырылган тутумдар.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды шаар ичиндеги транспорт менен тейлөөнүн тигил же бул схемасын тандоо транспорт ишканаларынын менчик формасын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жайгашуу өзгөчөлүгүн жана алардын кыймыл каттамына артыкчылык берүүсүн эске алып, экономикалык максатка ылайыктуулугуна негизделиши керек.
5.3 Жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдор жана өткөөлдөр
5.3.1 Квартал ичиндеги өткөөлдөрдү (кичи райондордун, алардын ичинде туюкөткөөлдөрдү) туурасы 2 м кем эмес коштоочу тротуарларысыз долбоорлоого жол берилбейт.
Кресло-коляскаларды колдонгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарүчүн жөө жүргүнчүлөр жолдорунун жана тротуарларынын эңкейиши: узатасынан - 5%, туурасынан - 1% ашпоого тийиш.
Суу буруунун талаптары боюнча буга жол берилген учурларда, тротуардын (жөө жүргүнчүлөр жолдордун) туурасынан горизонталдуу профиль караштыруу сунушталат.
Рельефтин шарттарынан улам аталган чектерди камсыздоо мүмкүн болбогон учурларда, узатасынан кеткен эңкейишти 10%га чейин жолдун 12 метринен көп эмес, түшүүнү бойлото кыймыл тарапка 1,2 м созулган аралыктагы горизонталдуу аянттарды түзүп, көбөйтүү керек.
5.3.2 Жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдор көчөнүн автоунаа өткөн бөлүгү менен кесилишкен жерлеринде тротурадын борт таштарынын бийиктиги 2,5 см кем эмес болууга тийиш жана 4 см ашпаш керек (пандус менен). Өткөөлдөрдө үстүнкү кыры кесилген борт таштарын жана унаа өтүүчү бөлүктүн кеңдигин тарыткан түшүүлөрдү колдонууга жол берилбейт.
Ири жана татаал транспорт развязкаларындагы өткөөлдөрдү коргоочу тосмолор менен жабдуу керек.
Тынымсыз кыймыл болгон магистралдык көчөнүн, ылдам жана жүк ташуучу жолдордун унаа өтүүчү бөлүгүнө тротуралардын (жөө жүргүнчүлөр жолдорунун) түз ыкташуусуна жол берилбейт. Алардын ортосуна бөлүп-коргоочутуурасы 5 м кем эмес жашылдандыруучу тилкениорнотуу зарыл;
магистралдык көчөнүн унаа өтүүчү бөлүгүнөн жана аянттардан тротуарларды3 м кем эмес бөлүптуруучу тилке менен бөлүш керек;
жергиликтүү көчөлөрдүн тротуарларын көчөнүн унаа өтүүчү бөлүгүнөн 2 м кем эмес бөлүптуруучу тилке менен бөлүш керек.
5.3.3 3төн көп кыймыл тилкесинен турган көчөнүн унаа өтүүчү бөлүгүндөгү же шаар көчөсүндөгү жөө жүргүнчүлөр үчүн өткөөлдөрдү коопсуздук жерлери менен жасоо керек. Коопсуздук жерлери аркылуу жөө жүргүнчүлөр үчүн өткөөлдөрдүн кеңдиги 3 м кем эмес болуп, узундугу – 2 м кем эмес болууга тийиш.
5.3.4 Турак жана кичи райондордо ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын кыймылына арналган жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдорду жана тротуарларды бойлото 300метрден кем эмес аралыктарда кар жана жаан-чачындан коргоочу сереси бар эс алуу үчүн отургучтар каралышы керек.
Жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдордун ар бир 30 м сайынкресло-коляскачан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын эс алуусу үчүн аянтчаларды караштыруу керек. Жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылы багытында аянттын өлчөмү 1х1,7 м, ал эми анда кресло-коляска 180°ка бурула турган учурда -1,5х1,8 м болушу керек.
Эгерде тротуардагы кресло-колясканы айланып өтүүгө мүмкүн болсо, анда эс алуу үчүн аянтчаларды караштырбай койсо болот.
Узатасынан эңкейиши 6%га чейин болгон тротуарларда жана жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдордо ар бир 6 м сайын кыймыл тарапка 1,2 м созулган горизонталдуу эс алуу аянтчаларын жасоо керек.
5.3.5 Жөнгө салынган кыймылдагы магистралдык көчөлөрдүн жана жергиликтүү көчөлөрдүн (бөлүүчү тилке жок болгон учурда) унаалар жүргөн бөлүгүнө түз ыкташкан тротуарларды жана жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдорду, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн кооптуу тилкелерди жана мейкиндерди5 см кем эмес бийиктиктеги борт ташы менен тосуу керек. Таштын үстүнкү кыры горизонталдуу болушу керек.
5.3.6 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды эвакуациялоо жолдорун долбоорлоодо бул жолдор ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын кыймылына коопсуз болуусун, алардын жеткиликтүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздоо талаптарына ылайык келиши керек экендиги эске алынууга тийиш.
5.3.7 Жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр үчүн өткөөлдөрдөгү ошол көчөнүн каршы тараптарындагы тротуарларынын байланышуусун түзүүдө, өткөөлгө тротуарлардын ар бирининен карама–каршы түшүү орнотуу максатка ылайык келет. Чыгуулардын бири тепкич маршы түрүндө болушу керек, экинчиси – жөө жүргүнчүлөргө пандус түрүндө болуп, эңкейиш бурчу ушул ченемдердин 5.6.1. п. келтирилгендей болушу керек.
5.3.8 Жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр үчүн өткөөлдөрдөгү жарык берүү өткөөлгө ыкташкан тротуарлардыкынан же жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдордон түсү боюнча интенсивдүүрөөк болуп, айырмаланып турушу керек.
5.3.9 Көчөнүн унаа жүргөн бөлүгү менен жана жергиликтүү жолдор менен бир деңгээлдеги жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр үчүн өткөөлдөрдү жөө жүргүнчүлөр,ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарөздөрү транспорттун кыймылын жөнгө салган светофор менен жабдуу керек.
Жол чыракдын сигналдарын алмаштырып турууну жөнгө салган кол кнопкаларын жабуунун үстүнөн 105 см бийик эмес жайгаштыруу керек.
Жол чыракдын сигналдарын, көбүнчө төмөн жыштыктагы дабыш сигналдары менен кайталоо (коңгуроо ж.б. сыяктуу) сунушталат.
Өтүүгө уруксат берген сигналдардын иштөө убакыты жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылынын ылдамдыгына ылайык болушу керек:
- орточо жөө жүргүнчүнүн ылдамдыгы – 76-82 м/мин;
- 75 жаштагы жөө жүргүнчүнүн ылдамдыгы – 66 м/мин;
- кресло-коляскадагы жүргүнчүнүн ылдамдыгы – 46 м/мин.
5.3.10 Жөө жүргүнчүлөрдүн өткөөлдөрүндө тротуарды чыгарып коюу (өткөөлдүн аралыгын азайтуу) керек.
5.3.11 Кыймылы оор адамдарды, алардын ичинде кресло-коляскадагыларды машиналарга отургузуу ыңгайлуу болуш үчүн зарыл болгон машина токтотуучу жерге ыкташкан өткөөлдүн туурасын 120 см кылып жасаш керек.
5.3.12 Бөлүү тилкеси бар жолдордун кесилишинде кыймылдын багытын көрсөтүүчү так көрсөткүчтөр болушу керек.
5.3.13 Магистралдар аралык аймактын бардык узундугунда унаа өткөөлдөрдүн жергиликтүү өтмөлөрүн түзбөгөнгө аракет кылуу керек.
5.3.14 Тургундардын саны 3000ден ашуун болгон турак үйлөрдүн тобуна алпаруучу кичи райондордун ичиндеги унаа өткөөлдөр көп кабаттуу курулуштун зонасында туурасы 1,5 м тротураы бар, туурасы 5,5 м болгон эки тилкелүү кыймылда кабыл алынат.
5.4 Жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдордун жана полдордун жабуусу
5.4.1 Жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдордун, пандустардынден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар колдонгон имараттардагы жана курулмалардагы бөлмөлөрдүн полдорунун жабуусунун үстү катуу жана бекем болуп, кургак жана ным абалда сыйгаланбашы керек, ошондой эле сыйгаланууга каршы тилке менен жабылууга тийиш.
5.4.2 Жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдордун,пандустардын жана тротуарлардын жабуусу үчүн төгүлгөн, өтө кырдалган же структурланган материалдарды колдонууга жол берилбейт. Бетон плиталарынан жасалган жабуулар тегиз болуп, плиталардын ортосундагы тигиштердин калыңдыгы 1,5 см көп болбошу керек.
Төшөөнүн чети чектешкен газондун деңгээлинде болушу керек.
Жол жабууларынын үстүн карборунд - өлчөмү 4-5 мм көп эсмес болгон учтуу бурчтуу таш бөлүкчөлөрменен иштеп чыгуу сунушталат.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жолунда жолдордун төшөлүшүнүн чети тегиз эмес болушу ылайыксыз.
Төшөлүү жалтырак болбошу керек.
5.4.3 Сыйгаланбаган жабуулар катары тигиштери көп (майда глазурланбаган
керамикамозаикасы), беттери профилденген, буудай сымак же булалуу жабуулар, же тормоз сапаттары бар серпилмелүү – жасалма материалдардан “коопсуз полдор” колдонулса болот.
Полдордун жабуулары нымдап тазалоого боло турган болушу керек (полихлорвинил жана линолеумду колдонуу сунушталбайт).
Килем жабуулары, өзгөчө килемдердин четтери, тыгыз бекитилиши керек. Түктүү килем жабуунун калыңдыгы, түктүн бийиктиги эске алынганда 1,3 см көп болбошу керек.
5.4.4 Көрүүсү бузулганден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар байма-бай келип турган имараттарда ориентацияларын жакшыртуу үчүн ар кандай зонадагы полдорду ар кандай катуулукта кылуу керек.
Спорт залдарында оюн аянтчаларынын жана такыр көрбөгөн жана көрүүсү бузулган адамдар үчүн машыгуу зоналарынын полунун жабуулары тегиз жана жылмакай болушу керек.
Тепкич, лифт жана башка тоскоолдуктардын алдында полдун 0,6 -1,0 м узундугундагы жабуулар катуулук интенсивдүүлүгүн же рельефтин сүрөтүн өзгөртүп туруусу керек.
5.4.5 Сарыктыруучу тутумдун решёткалары жана башка решёткалар кыймылга тоскоолдук жаратышат, себеби аларга таяктар, балдактар, така жана атайын транспорт каражаттарынын дөңгөлөктөрү такалып калышы мүмкүн. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жолунда орноштурулган решёткалардын кабыргалары кыймылдын багытына перпендикулярдуу жайгашып, бири биринен 1,3 см көп эмес аралыкта болууга тийиш.
5.4.6 Көрүүсү бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга тоскоолдуктарга (тепкичтерге, жөө жүргүнчүлөрдүн өткөөлүнө, коопсуздук жери бүткөндүгү ж.б.) жакындагандыгы тууралуу эскертүүчү маалыматты берүү жолдордун жана тротуарлардын жабуусунун үстүнкү катмарынын фактуарсынын өзгөрүүсү менен, рельефтүү багытоочу тилкелер менен, же ачык карама-каршы түстөр менен (ачык кызгылт-сары же ачык сары түс менен) камсыздалат.
5.5 Автоунаа коюу жайлары жана аялдамалар
5.5.1 Турак райондордун аймагынын чегинде, ошондой эле калкты маданий-тиричилик жактан тейлөө мекемелеринин, соода жана эс алуу ишканаларынын, спорт имараттарынын жана курулмаларынынжанында, эмгекти колдонуу жерлериндежайгашкан ачык автоунаа коюу жайларындаден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жеке автоунаа каражаттары үчүн орун бөлүнүп берилиши керек жана атайын белги менен белгилениши керек.
Мындай орундардын минималдуу санын төмөндөгү эсеп менен кабыл алуу керек: унаа коюу жайда жалпы орундун саны 100гө чейин болсо, 4%, бирок бир орундан кем эмес; жалпы орундун саны 101-200гө чейин болсо, 3% ; жалпы орундун саны 201-1000 болсо, 2%; жалпы орундун саны1000ден ашуун болсо, ар бир 100 орунга 1%, плюс 20.
5.5.2Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарүчүн атайын адистештирилген имараттарга жана курулмаларга караштуу унаа коюу жайларында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын унаалары үчүн 10%дан кем эмес орун бөлүнүшү керек, ал эми кыр арка сөөгүн дарылоо жана таянгыч-кыймылдаткыч аппаратынын функциясын калыбына келтирүү мекемелеринин жанында 20%дан кем эмес орун берилиши керек.
5.5.3 Убактылуу унаа коюу жайлары (узак эмес токтотууда) имаратка кирүүгө жакын караштырылса болот. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардынавтоунаалары үчүн орундары бар автонуаа коюу жайлары коомдук имараттардан, курулмалардан, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдаржашаган турак үйлөрдөн, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардынэмгеги колдонулган ишканалардын кирүүлөрүнөн 50 м көп эмес аралыкта жайгашуусу керек.
5.5.4 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды ташыган атайын адистештирилген коомдук транспортту токтотуучу аянтчаларды коомдук имараттарга кирүүлөрдөн 100м көп эмес аралыкта жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жашаган турак үйлөрдөн 300м көп эмес аралыкта караштыруу керек.
5.5.5 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардынжеке автоунаа каражаттарын коюу үчүн жайлар белги менен бөлүнүп, атайын символ менен белгилениши керек. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жеке автоунаа каражаттарын коюу үчүн жайдын туурасы 3,5 м кем эмес болууга тийиш.
5.5.6 Автоунаа коюу жайларындагы машина катарларынын ортосундагы аралык, эки тараптуу кыймылда, 2.7 м кем эмес болууга тийиш.
5.5.7 Балдак же башка бирөөлөрдүн жардамы менен жүргөн адамдар үчүн автоунаа коюу жайларын жайгаштырууда машинаны маневрлөөгө, ошондой эле бирөөлөрдүн жардамы менен жүргөн адамдардын машинага ыңгайлуу отуруусу жана андан чыгуусу үчүн жеткиликтүү орун камсыздалышы керек. Автонуунаа коюулуучу орундун минималдуу туурасы 2,7 м, коңшу машиналардын ортосундагы аралык 1,1 м болуусу абзел.
5.5.8 Машиналардын ортосундагы өткөөлдөрдүн туурасын 1,52 м кылып, эки
катар машиналар үчүн бир өткөөл болсо болот. Борт ташындагы ажырым (кеңдиги 80 см кем эмес)тротуарга унаа коюу жайдан тоскоолдуксуз өтүүгө керек.
5.5.9 Ачык (убактылуу) унаа коюу жайды кресло-коляскалар үчүн коюу орундар бар экендигин билдирген атайын белги менен жабдыш керек; белги тротуардан жана жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдон күндүзү жана кечки жарык берүүдө жакшы көрүнүп турушу керек.
5.5.10 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдармассалык түрдө келген ишканадан жана мекемеден 300 м көп эмес аралыкта жайгашкан жеңил автоунааларды убактылуу сактоо (коюу) үчүн ачык унаа коюу жайдарда, вело- жана кресло-коляскаларды убактылуусактоо үчүн орундарды караштыруу керек.
5.5.11 Кресло-коляскаларды коюу орундарынын санын ошол автоунаа коюу жайынын сыйдыргычтыгынан 3%ды кабыл алуу керек. Бир кресло-колясканы коюу орундун өлчөмү 1,5х1,8 м болууга тийиш.
5.5.12 Ачыкунаа коюу жайдагы кресло-коляскалардын ордун жамгырдан коргоочу сере менен жабдуу керек.
5.5.13 Гаражга чейинки өткөөлдү жабык кылып же гаражды лифт менен түшүүгө боло турган жер төлөдө жайгаштыруу, же үйдүн жер төлөсүнө ыкташкан кылып жасоо керек.
Үйгө караштуу гараж жок болгон учурда, көчө кресло-коляскаларды коюу жерлерин жабык караштыруу керек.
5.5.14 Кресло-коляскаларды убактылуу же туруктуу коюу үчүн тышкы жайларга кирүүлөрдү узатасынан кеткен эңкейиши 6%дан көп болбогон пандус сыяктуу, тепкичтери жок жасоо керек. Кресло-коляскаларды сактоо үчүн бир-эки орундук жайларга кирүүнүн эшик тешиктеринин туурасын 95 см болгон учурда, пандус кирүүлөрүн 1,2 м кем эмес кабыл алуу керек. Пандус кирүүлөрүнүн узундугу 6 м көп болгон учурда, ортодо эс алуу үчүн аянтча (кресло-коляскаларды сактоочу жайга кирүү тарапта) жасоо керек. Анын узундугу 1,2 м кем эмес болууга тийиш. Пандус кирүүлөрүнүн узундугу 3 м көп болгон учурда, аны 80 см бийиктиктеги тоголок туткалар менен жабдуу керек.
5.5.15 Кресло-коляскаларды 180° буруш үчүн (тескери кыймыл үчүн) аянтчалартротуарды (жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдорду) бойлой, 1,5х1,8м өлчөмдөжасалууга тийиш. Кресло-коляскаларды буруу үчүн чектеш, кичи райондордогу өткөөлдү пайдаланууга мүмкүн болбогон учурларда, кресло-коляскаларды 90° бурууну жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдун туурасы 100 м кем эмес болгондо мүмкүн болот.
5.5.16 Жеңил автоунааларды туруктуу сактоо үчүн гараждарда вело- жана кресло-коляскаларды убактылуу сактоо үчүн1,5х1,8 м өлчөмдөгүорундарды караштыруу керек. Мында тышкы дубалдан же ички тосмодон кресло-коляскага чейин 15 см жетпей туруш керек жана жеңил автоунаа менен кресло-колясканын ортосундагы аралык – 30 см болууга тийиш.
5.6 Пандустар жана тепкичтер
5.6.1 Деңгээлдердин айырмасы 4 см ашкан жерлерде, жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдун же имараттагы жана курулмалардагы полдун горизонталдуу тилкелеринин ортосундапандустарды, тепкичтерди жана перилаларды орнотууну караштыруу керек. Пандустардын жана алардын тосмолорунун конструкцияларын отко чыдамдуулук чеги 2 сааттан кем эмес күйбөс материалдардан жасоо керек.
Өзгөчө учурларда, ички радиусунун чоңдугу 1- тиркемесине ылайык эсептелген винт пандустарды караштырууга жол берилет. Буралган (винт) пандусунун арадагы горизонталдуу аянтчаларынын узундугу анын ички радиусу боюнча 2 м кем эмес болууга тийиш.
Жөө жүргүнчүлөр үчүн буралган (винт) жолдорду жана аларга ыкташкан тротуарларды же жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдорду чектеш тротуарлар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдордон жарыгы боюнча айырмаланган жана интенсивдүүрөөк болгон көчө жарык берүүсү менен жабдыш керек.
Түз пандустарды да, бурама пандустарды да периалалар менен тосуу керек:
- 8%дан ашуун узатасынан кеткен эңкейиште – пандустун эки тарабынан тең;
- 5%кем эңкейиште–бир тараптан.
5.6.2 Пандустардын ар бир маршынын эңкейиши, анын узундугуна жараша тиркемеде көрсөтүлгөндөрдөн ашпоого тийиш.
Перрондорго алпарган темир жол бекеттеринин тоннелдеринде узатасынан кеткен 100%дан ашпаган эңкейиштеги пандустарды караштыруу максатка ылайык келет. Мындай пандустарды эки тарабынан тең 80 см бийиктиктеги туткалары бар перилалар менен жабдуу керек.
Эс алуу үчүн аянтчалары бар жөө жүргүнчүлөр үчүн пандустардын санын жана алардын жайгашуусун жер алдындагы жөө жүүргүнчүлөр үчүн өткөөлдүн (же жөө жүүргүнчүлөр үчүн көпүрөнүн үстүнкү түзүлүшүнүн полунун белгисинен) полунун жана тротурадын белгисинин айырмасынын чоңдугуна жараша кабыл алуу керек.
5.6.3 Пандустун максималдуу узундугу 9 м ашык кабыл алынбашы керек. (бирок бул узундук алсыз адамдар үчүчн өтө эле узун болот).
Эгерде пандустунузундугу 6 м ашыкболсо, 1,5 метрден арадагы тегиз эс алуу аянтчаларын жасоо керек.
Пандустун ар бир көтөрүлүшүнүн башында жана аягында пандустун туурасынан кем эмес, узундугу 1,5 м кем эмес аянтчаларды жасоо керек. Пандустун багыты өзгөрүлгөн учурда , горизонталдуу аянтчанын туурасы кресло-колясканын бурулушун камсыздай турган болушу керек.
Турак үйлөргө, тейлөө ишканаларына, мекемелерине, коомдук дааратканаларга ыкташкан тротуарларда тепкичтерди жасоого жол берилбейт. Эңкейиш бурчу 5%дан ашпаган жана туурасы 0,9 м кем эмес пандустарды караштыруу керек.
Кыска пандустарды (эки тепкичтин ордуна) жасоого жол берилбейт.
5.6.4 Тепкич маршынын жана тепкич бөлүгүнүн чегиндеги, ошондой эле тышкы тепкичтердеги бардык баскычтар бирдей геометрияга, проступтун туурасы жана бийиктиги боюнча бирдей өлчөмгө ээ болушу керек.
Марштын туурасынын кыры боюнча, пандусту бойлой жана горизонталдуу беттин бийиктигинин айырмасы 0,45 м көп болгондо, буттун, балдактын, таяктын же колясканын сыйгаланып кетишин болтурбоо үчүн бийиктиги 0,05 м кем эмес бортик караштырылууга тийиш.
5.6.5Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жолунда тепкичтердин баскычтары туюк, тегиз, урчуюп чыккан жерлери жок жана бөдүрлүү бетүү болушу керек. Баскычтын кыры радиусу5 см кем эмес жумуру болушу керек. Дубалга ыкташпаган тепкич марштарынын баскычтарынын четтеринде 2 см кем эмес бийиктиктеги бортиктер болушу керек.
Ички тепкичтердин проступтарынын туурасы 0,3 м кем эмес, ал эми баскычтын көтөрүлүш бийиктиги - 0,15 м көп болбошу керек. Тышкы ачык тепкичтер үчүн проступтардын туурасын 0,4 м кем эмес, баскычтын көтөрүлүш бийиктигин - 0,12 м көп эмес кабыл алуу сунушталат. Тепкичтин эсептик кеңдиги 2,5 м болгондо, кошумча бөлүп туруучу туткаларды караштыруу керек.
Подступеноксөзсүз тик (вертикалдуу) болуш керек. Подступеноксуз тепкичтерди, ошондой эле жарыш баскычтары менен тепкичтерди колдонууга уруксат берилбейт.
Тепкичтин жогорку баскычы жол жабуусуна түз ыкташпаш керек. Мындай баскычтын алдында, туурасы 60-90 см кем эмес, азиз өз таягы менен сезе турган (жабуудан катуураак) курулуш материалынан жасалган, эскертүүчү тилке орнотулушу керек.
Талап кылынган таягы менен сезүү жол жабуусуна туурасы 19-50 см болгон (материалдын бекемдигине жана жабыштыруу техникасына жараша) атайын тилкелерди (жол-курулуш материалдарынан) жабыштыруу аркылуу ишке ашат.Аталган тилкелерди жабыштыруунун ордуна жол жабууусунда 5,5 ммден 19 ммге чейин, тереңдиги 3,2 мм, ортосундагы аралыгы 19 ммден 50 ммге чейин болгон эскертүүчү кобулча тилкелерин орнотууга жол берилет.
Тепкич марштарынын биринчи жана акыркы баскычтары жабуу материалы жана түсү боюнча тепкичтин калган баскычтарынан карама-каршы болуп, марштын башталышы жана аягы туурасында маалымат берип турушу керек. Ушул максаттарда баскычтардын алдынан жарык берип турууну, туткалардын тийиштүү жерлеринин түсүн пайдаланууга болот, баскычтардын жана подступеноктордун боёгун карама-каршы кылып боёо сунушталат.
5.6.6 Тепкич маршына киргенде полдо, биринчи баскычтан 0,3 м аралыкта сүрүлбөгөн материалдан туурасы 0,4 м рельефтүү тилке орнотуу керек.
Ар бир кабатта туткада кабаттын ирети терең дөмпөк сандар менен жана Брайль шрифти менен жазылган пластина тагылыш керек. Пластинанын узундугун 8-10 см кылуу сунушталат.
Туткалар тегерек, диаметри 3 см кем эмес жана 5 см көп эмес же тик бурчтуу, калыңдыгы 4 см көп эмес болушу керек.
Тутканын чети чукул бүтүш керек, эң жакшысы кайрылган же туюк илмек менен бүткөн тутка.
Туткаларга тике эмес жарык берилиши керек.
Таткаларды тышкы таасирлерден бузулбаган материалдардан жасоого артыкчлык берилет.
Металлды пластик же винил менен каптоо керек.
Тутканы бойлото кеткен текстуралык айырмачылыктын белгилүү бир тутуму, тепкичтин башталган жана аяктаган жери жөнүндө маалымат бериши керек.
5.6.7 Экинчи жана андан жогору жактагы кабаттардан эвакуация жолу катары колдонулган пандус, имараттан жана курулмадан тышка чыккан чыгуу менен түз байланышта болушу керек.
5.6.8 Жөө жүргүнчүлөр үчүн пандустардын жол бетин эки тараптан бордюр таштары менен тосуу керек.
Бордюр таштарынын жол бетинин үстүнөн бийиктиги,перилалар болгон учурда, 5 см кем эмес болушу керек, ал эми перилалар жок болгондо - 7,5 см кем эмес. Эңкейиш 1:10болгон учурда, борт ташынын бийиктиги - 15 см.
5.6.9 Пандустун үстүнкү бети бодуракай болуш керек. Буга куйма асфальтка кварц кумун кошуу менен жетишүүгө болот. Сыйгалак, жылмаланган цемент-бетон жол жабууларын пайдаланууга жол берилбейт.
5.6.10 Жабуулардын үстү жалтырак болбошу керек.
5.6.11Лифти жок көп батирлүү турак үйлөрдө тепкичтер алардын үстүнөн кресло-коляскаларды жогору да, төмөн да алып өткүдөй кылып долбоорлонушу керек.
5.6.12 Тепкичтер болушунча кыска,бирок үч тепкичтен кем эмес долбоорлонушу керек. Жалгыз жана эки тепкичтүүлөргө жол берилбейт.
Ар бир марштагы баскычтардынсаны, проступтардын жана подступеноктордун өлчөмдөрү бирдей болушу керек.
5.6.13 Баскычтар, пандустар жана туткалар даана бөлүнүп жана аларга жарык берилиши керек, чырактар тепкичтин, пандустун , алардын эки капталдагы чегине, төмөн жагынан да, жогору жагынан да жарык берип туруш керек. Төмөн деңгээлде орнотулган баскычтардын вертикалдуу жана горизонталдуу элементтерине багытталган чырактар коопсуздукту жогорулатат.
5.7 Имараттарга жана жайларга кирүү
5.7.1Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдаргаылайыкталган имаратка жердин үстүнөн кирүү, ошондой эле ушул имарат менен бириктирилген жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон ар бир жер алдындагы же жер үстүндөгү өткөөлдөрдөн чыгуулар бирден кем эмес болушу керек.
Кирүүдө контроль болгон учурда, зарыл болгон санда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын ар кандай категорияларын өткөрүүгө ылайыкташтырылган контролдоочу түзүлүштөрдү караштыруу керек.
5.7.2 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга арналган имараттарга жана курулмаларга кирүүлөрдү жаан-чачындардан сактап, кирүүнүн алдында суу сарыктыргычы бар, мерчемде өлчөмү 1х2,5 м болгон, климаттык райондорго жараша жылытуусу менен аянтча караштыруу керек.
Имаратка кирүүдөгү сере же башка жабуу машинадан чыгууну жаап тургандай болуп караштырылышы керек.
Жабуу кирүү зонасына көлөкө кылбаш керек, ошондуктан аны айнектен кылуу абзел.
Имаратка алпараткан жолду бойлото туткаларды, же тикесинен турган тирөөчтөрдү (чырактардын жакшы көрүнгөн жана туруктуу түркүктөрү боло алат) орнотуу зарыл.
Кирүү зоналарында (жаркыроолорду жана басып бара жаткан жолдо терең көлөкөнү пайда кылбаган) чырактар каралышы керек.
Тирөөчтөр бодуракай эмес, аларды кармаганга ыңгайлуу болушу керек.
Кирүү зоналарында отургучтарга орундар караштырылышы керек.
Кирүүлөр так белгилениши керек.
5.7.3 Дубалдагы эшик жана ачык тешиктердин таза түрүндөгү туурасы 0,9 м кем эмес болушу керек. Ачык тешиктин нишасынын тереңдиги 1,0 м көп болгон учурда, анын туурасын коммуникациялык өткөөлдүн туурасы боюнча, бирок 1,2 м кем эмес кабыл алуу керек.
Эшик тешиктери, эреже катары, босогосуз жасалып, бийиктиктин айырмасы болбош керек. Босоголорду жасоо зарыл болгон учурларда, алардын бийиктиги же бийиктиктин айырмасы 0,025 м ашпоого тийиш.
5.7.4 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдаржүргөн жолдордо термелген илмектеги эшиктерди жана калиткаларды жана тегеренме эшиктерди колдонууга жол берилбейт. Эшиктин полотносу үчүн “ачык” жана “жабык” абалда кармап туруучу фиксаторлорду пайдалануу сунушталат. Автоматтык эшиктерди жана жабууда күчтү талап кылуучу эшиктерди жабууда 5 секунддан кем эмес кармалып туруучу кылып караштыруу керек.
Эвакуация жолдорунда автоматтык жана жарым автоматтык эшиктерди орнотууда, аларды эки жакка ачылма полотнолору бар тешиктер менен кайталоо керек.
5.7.5 Тунук тосмолор жана эшиктер соккуга бекем материалдардан жасалышы керек. Эшиктин төмөн жагын 0,3 м бийиктикте соккуга каршы тилке менен коргоо керек.
Тунук тосмолордун жана эшиктердин үстүнө карама-каршы маркировканы түшүрүү керек, анын төмөн жагы полдун бетинен 1,5 м деңгээлинде болушу керек.
5.8 Лифттер
5.8.1 Пандусту орнотууга мүмкүн болбогон деңгээлдердин айырмасы болгон жерлерде, лифттерди же кресло-коляска колдонгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарөздөрү пайдаланууга ылайыкташтырылган атайын көтөрүүчү түзүлүштөрдү орнотуу караштырылышы керек.
Эңкейиши 13%дан ашпаган, узатасынан кеткен, ошондой эле КР КЧ 31-04 4.10 жана 4.14 п. ылайык транспортерлорду колдонууга болот.
5.8.2 Кресло-коляска колдонгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар колдонуучу лифттин кабинасынын чен өлчөмдөрү (габариттери) таза турушунда төмөндөгүдөн кем эмес өлчөмдөргө ээ болушу керек, м: туурасы – 1,1; тереңдиги– 1,5; эшик тешигинин туурасы– 0,9.
Кресло-коляска колдонгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар колдонуучу автоматтык эшиги бар лифттин алдындагы мейкиндин тереңдиги 1,4 м кем эмес, туурасы – ар бир тарабынан лифттин эшигинин туурасынан 0,25 м кеңирээк болушу керек.
Лифттер кабинадан жана түз тышка чыгуусу бар 3-кабаттын деңгээлинен автономдуу башкарууга ээ болушу керек.
5.8.3 Экинчи жана андан жогорку кабаттарда кресло-коляска колдонгонден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын, же өз алдынча кыймылдай албаган кары-картаңдардын ар дайым болуусу каралган жайлар болгон учурда, эгердеден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардынэмгек ордун (туруктуу болгон жерлерин) биринчи кабатта уюштуруу, же 5.5 бөлүмдүн талаптары боюнча пандусту жасоо мүмкүн болбосо, имаратта жүргүнчүлөр үчүн лифт караштырылышы керек.
Лифттин кабинасы төмөндөгүдөн кем эмес өлчөмдөргө ээ болушу керек, м: туурасы – 1,1, тереңдиги– 2,2, эшик тешигинин туурасы– 0,85. Лифттин иштөө режими өрткө каршы бөлүмдөрдү ташуучу лифттердин режимине окшош.
Лифт шахтасынын жогорку зонасына тышкы абанын берилип турушу, аба тирөөсүн пайда кылыш үчүн жана өрт пайда болгон учурда шахта түтөбөс үчүн, өз алдынча канал аркылуу камсыздалышы керек.
Шахталардагы абанын ашыкча басымы 20 Па кем эмес болушу керек. Лифттер өрт учурунда иштөөдө алардын бардык тутумдары ишенимдүүлүктүн биринчи категориясы боюнча 2 сааттан кем эмес аралыкта электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздалышы керк.
5.8.4 Биринчи кабаттагы лифттен чыгууну башка бөлмөлөрдөн 1-типтеги өрткө каршы тосмолор менен жана жапкычтары бар эшиктер менен бөлүнгөн холлго же далиске караштыруу керек.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын келүүсүнө же жашоосуна эсептелген имараттарда лифт холлдорду жана аянтчаларды тепкичтердин ортосундагы аянтчалардын деңгээлдеринде жайгаштырууга жол берилбейт.
Лифт кабинасына кире бериште 150х180 см өлчөмүндөгү аянтчаны караштыруу керек.
Тепкич бөлүктөрүндө лифттин эки тарабынан тең кресло-коляскада манерв кылуу үчүн жеткиликтүү орун караштыруу керек.
Ар бир кабаттын лифтинин алдында полго туурасы 0,9 м болгон рельеф жабуусун орнотуу керек.
5.8.5 Лифттин кабинасынын полу менен лифт холлунун аянтчасынын полунун ортосундагы бийиктиктин айырмасы 0,025 м көп болбошу керек.
5.8.6 Лифт шахталары, эреже катары, жер төлө жана жерпай кабаттары менен байланышпашы керек. Лифттердин бирин жер төлө же жерпай кабаттарына чейин түшө турган кылып караштырууга жол берилет, анда лифттен чыга берген жерде тамбур-шлюз орнотулушу керек.
5.8.7Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардыташуучу лифттердин кабиналары диспетчердик пункту бар, ыкчам эки тараптуу авариялык телефон байланышы менен камсыздалууга тийиш. Лифтти чакыруу жана анын кыймылын башкаруу кнопкалары полдон 1,2 м көп эмес бийиктикте болушу керек. Лифттин кабинасында жайгашкан эки тараптуу байланыш аппараты дабышты чоңойтуучу түзүлүш менен жабдылышы керек, зарыл болгон учурларда – синхрондуу көрүп маалымат алуу түзүлүшү менен да жабдылууга тийиш.
5.8.8 Тик, эңкейип же тепкич маршын бойлой жылган платформа түрүндөгү көтөргүчтөрдү колдонгон учурларда, мындай платформанын туурасы 0,9 м кем эмес болуп, тереңдиги - 1,2 м кем эмес болушу керек.
5.9 Санитардык-гигиеналык жайлар
5.9.1 Ушул КЧнын 5.8.12п. көрсөтүлгөн мекемелерден тышкары, келүүчүлөр үчүн дааратканаларда, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарүчүн бирден кем эмес атайын даарат кабинетин караштыруу керек. Келүүчүлөр үчүн дааратканалар жок болгон учурда, келүүчүлөрдүн эсептик саны 50дөн көп же келүүчү имаратта бир сааттан ашык жүрө турган болсо, атайын даарат кабинетин караштыруу керек.
Келүүчүлөр үчүн дааратканалар жана кол жуучу жайлар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн ыңгайлуу жерлерде жайгаштырылышы керек.
Атайын даарат кабиналарынын өлчөмдөрү төмөндөгүлөрдөн кем эмес, м: туурасы – 1,65; тереңдиги– 1,8. Эшиктери тышка ачылышы керек.
5.9.2 Жүрүүдө балдак же башка нерселерди колдонгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн коомдук дааратканалардагы кадимки даарат кабиналарынын бирден кем эмесин капталдан туткалары менен жабдыш керек.
5.9.3 Дааратканалардагы писсуарлардын биринин бийиктигин полдон 0,4 м көп эмес бийиктикте орнотуп, эки тараптан тирөөч туткалар менен жабдуу керек.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгенкөрүүсү бузулганадамдардынэмгеги колдонулган ишканаларда аялдар жана эркектер үчүн дааратканалар өз өзүнчө болушу керек.
5.9.4 Коомдук дааратканалардагы кол жуучу раковиналардын бирден кем эмеси полдун деңгээлинен 0,8 м көп эмес бийиктикте орнотулуп, каптал жактагы дубалдан 0,2 м кем эмес аралыкта болууга тийиш. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардынколдонуусуна арналган күзгүнүн жана колду кургатуу үчүн электр алетинин төмөн жагын полдун деңгээлинен 0,8 м көп эмес бийиктикте жайгаштыруу керек.
5.9.5 Жалпы душ жайларында бирден кем эмес кабинаны кресло-коляскадагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарүчүн жабдыш керек.
Кабиналар : жабык душ кабиналарынын туурасы: (1,8х1,8); ачык жана өтмө душ кабиналарынын, жарым душтардын туурасы (1,2х0,9); аялдардын өздүк гигиенасы үчүн кабиналардын туурасы (1,8х2,6); дааратканалардын туурасы (1,8х1,65).
Гардеробдордогу отургучтар (0,6х0,8).
Катарлардын ортосундагы өткөөлдөрдүн туурасы:
Жабык душ кабиналары, топтошуп жуунучу жайлар (1,8)
Ачык душ кабиналары жана дааратканалар, писсуарлар (1,8)
Катарда бөлүмдөрдүн саны төмөндөгүгө чейин болгондо, кийим сактоо үчүн гардероб шкафтары: 18 чейин (2,4/1,8); 18ден36 чейин (2,4/1,8).
5.9.6 Душ кабиналарынын конструкциялары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдаргакресло-коляскадан душтун отургучуна которулууга тоскоолдук кылбашы керек жанадуш менен колдонууда кыйынчылыктарды туудурбашы керек. Мончолордогу (самынданган жерлерде) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарүчүн отургучтардын туурасын 0,5х1,8 өлчөмдө, самынданган жерлердеги орундардын жалпы санынан 3% эсебинен караштырылышы керек.
5.9.7 Санитардык-гигиеналык кабиналардын жанаден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарүчүн жайлардын эшиктери тышка ачылышы керек.
5.9.8 Батирлердеги дааратканалардын туурасы 1,2 м кем эмес болууга тийиш, ал эми анын тереңдиги - 1,6 м кем эмес болушу керек.
5.9.9 Үй-бүлөсүндө 4 адамдан көп адам жашаган батирлерде, үй-бүлөнүн дени сак мүчөлөрү үчүн даараткана караштырылышы керек.
5.9.10 Жуунучу (ванна) бөлмөсүнүн өлчөмдөрү, аны башка максаттарда да (кир жуу үчүн – кир жуучу машина жана кургаткыч, кир кийим үчүн шкаф ж.б) колдонууну эске алып, ушул мейкинге кошумча,кресло-коляскачан адамдын кыймылына керек болгон мейкин кабыл алынат.
5.9.11 Өзгөртүү жана жабдууну чечүү жана алмаштыруу мүмкүнчүлүктөрүн да эске алуу керек – ваннаны түп алды бардушка алмаштыруу ж.б.
5.9.12 Коомдук имараттарда чарба-ичүүчү, өрткө каршы жана ысык суу менен камсыздоо караштырылышы керек. Ошондой эле КЧжЭ 2.04.01 ылайык долбоорлонууга тийиштүү канализация жана суу агызгычтарын караштыруу зарыл.
Канализациясы жок райондордо төмөндөгү имараттарды жана курулмаларды люфт-клозеттер же казылма дааратканалар менен жабдууга жол берилет:
- сыйдыргычтыгы 50 орунга чейинки, агындыларды чыгаруу уюштурулган мектепке чейинки балдар мекемелери;
- мектептерге караштуу мектеп-интернаттар, мектептер. IV курулуш-климаттык райондордо, ошондой эле айыл жерлеринде өзүнчө турган казылма тибиндеги дааратканаларды пайдаланууга жол берилет;
- сыйдыргычтыгы 240 орунга чейин жайкы балдар лагерлери;
- I жана II курулуш-климаттык райондордо курулган, сыйдыргычтыгы 500 орунга чейин кинотеатрлар жана клубдар; III жана IV курулуш-климаттык райондордо өзүнчө турган казылма тибиндеги дааратканаларды пайдаланууга жол берилет;
- 25 жана андан аз орунга ылайыкталган коомдук тамактануу ишканалары;
- бута атышуучу жерлердин курамына кирген тирлердин атуу галереялары;
- өзүнчө турган ачык тирлер;
- ачык жалпак курулмалар, алардын ичинде көрүүчүлөр үчүн 300орундуулар;
- тоо лыжа трассаларынын старттары жана трамплиндердин старт аянтчалары.
5.10 Жабдыктар
5.10.1 Жөө жүргүнчүлөр жүргөн жолдордо, коомдук жерлерде, жолдордо, көчөлөрдө, аянттарда, өзгөчө кесилиштерде, парктарда, коомдук транспорттун станцияларында жана аялдамаларында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдаргакурулуш бөгөттөрү жөнүндө, керек болгон учурда коркунучтар туурасында да маалыматтык көрсөткүчтөрдү орнотуу зарыл.
5.10.2 Катасыз ориентир алуу үчүн көрүп кабыл алуучу маалымат карама-каршы фондо жана жакшы байкалган бийиктикте, белгилердин өлчөмдөрү карап көрүү аралыгына ылайык жайгаштырылыш керек.
Көрүп кабыл алуучу маалыматты пайдаланууну интерьердин өзгөчө чечилишин талап кылган жайларда, көркөм объекттердин экспозициялык залдарында (көркөм музейлер, көргөзмөлөр ж.б.) башка маалымат каражаттарын колдонуп, чектөөгө жол берилет.
5.10.3 Адамдар массалык түрдө болгон жана чогулган коомдук жерлерде көрүп кабыл алуучу жана угуп кабыл алуучу маалыматты кайталоону караштыруу керек.
Көрүүсү бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга коркунуч туудурган жерлерде, ошондой эле жөө жүргүнчүлөрдүн транспорт коммуникациясы аркылуу кыймылды жөнгө салуучу светофорлор жана түзүлүштөр дабыш белгилери менен кайталанышы керек.
5.10.4 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жеткиликтүү жерлерде жайгаштырылган бирден кем эмес таксофондорду, же таксофондордун ар бир катардагысынын бирин аянттын жабуусунун же полдун деңгээлинен 0,8 м бийик эмес бийиктикте орнотуу керек.
5.10.5 Кресло-коляскадагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү жерлерде почта жашигинин кабыл алуу тешигин жөө жүргүнчүлөр жолунун же полдун деңгээлинен 1,3 м көп эмес бийиктикте жайгаштыруу керек.
5.10.6 Күркөлөрдүн, дүкөндөгү соода жана калкты тейлөө текчелиринин, түркүктөрдүн же алардын гардеробдогу, буфеттеги, каттоолордогу, касса кабиналарынын терезелериндеги бөлүктөрүнүн ж.б. үстүнкү жумушчу бети жайдын полунун же жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдун деңгээлинен 0,8 м бийик эмес бийиктикте жайгаштырылышы керек.
5.10.7 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдаримараттын ичинде да, тышында да колдоно ала турган эшикти ачып-жабуучу алеттерди, горизонталдуу туткаларды, ошондой эле кармагычтарды, рычагдарды, крандарды, кнопкаларды ж.б. түзүлүштөрдү полдон 1,1 м көп эмес же 0,85 м кем эмес бийиктикте орнотуу керек.
Коридордун же жайдын бурчунда жайгашкан эшиктер үчүн эшиктин кармагычынан капталдагы дубалга чейинки аралык 0,6 м кем эмес болушу керек.
5.10.8 Кресло-коляскалардын, жардамчы каражаттардын жардамы менен жүргөн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдаргаарналган санитардык-гигиеналык жайларда туткалардын, штангалардын, асма трапециялардын ж.б. ыңгайлаштыруучу жабдыктардын болушун караштыруу керек, ал эми душ кабиналарында стационардуу жана кайра ачылма отургучтар болушу керек.
Коомдук даараткананын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдаргаарналган кабинасында кийим, балдак ж.б илгич караштырылышы керек.
5.10.9 Коомдук даараткананынден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга арналган кабинасында унитаздан же эшиктен колдонууга боло турган коңгуроо кнопкасын орнотуу каралышы керек. Электр коңгуроо же ишараттоочу кезмет бөлмөсүндө же туалетте болууга тийиш.
5.10.10 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга колдонуусуна арналган стационар жабдыктардын бардык элементтери бекем жана ишенимдүү бекитилиши керек. Жабдыктардын, жөнгө салмалардын жана электр өчүргүчтөрдүн (выключатель) ж.б. бекитүүчү деталдары дубалдын же бекитилүүчү элементтин бетинен чыгып турбашы керек.
5.10.11 Такыр көрбөгөн же начар көргөн адамдарга кооптуулукту жараткан жайларга кирүүчү эшиктердин туткаларынын, кулптоочу ж.б. аспаптардын беттери бирдей рельефтүү же фактурдуу таануу белгилерине ээ болушу керек.
5.10.12 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдаргажеткиликтүү болгон кирүү түйүндөрү, коммуникациялар, тейлөө жайлары жана зоналары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын унааларын коюу орундары аныкталган эл аралык үлгүдөгү белгилер менен жабдылышы керек. Мында көрсөтүлүүчү кызматтардын түрү, орду жана коркунуч жөнүндө көрүү, дабыш жанасезүү аркылуу маалымат алуу тутумун караштыруу керек.
Атайын көрсөтүүчү белгилер кресло-коляскадагыден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардынкыймылын оюн-зоок, чогулуш залдарынадагы атайын алар үчүн бөлүнгөн орундарга багытташы керек.
5.10.13 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын коомдук, өндүрүш жана атайын адистештирилген имараттарда жана курулмаларда болушуна арналган жайларды (суу менен байланышкан процесстерден тышкары) өрткө каршы автоматтык ишаратточу менен жабдуу керек.
5.10.14 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдаркелүүчү жайларда жана зоналарда адамдарга өрт тууралуу ишараттоочу тутумга туташтырылган кайталанган (көрүү жана дабыш) белгилерди караштыруу керек.
Жарык берип туруучу белги түрүндөгү жарык белгилери дабыш белгилери менен кошо бир убакытта берилиши керек. Жарык берип туруучу белгилердин жылтылдоосунун жыштыгы 5Гц төмөн болушу керек.
Жарыкжана дабыш аркылуу маалымат берүүчү белгилер ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарүчүн арналган ар бир лифттин эшигинин жанында каралууга тийиш.
5.10.15 Көрүүсү бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн арналганатайын адистештирилген имараттардын жана курулмалардын коридорлорунун дубалдарында полдун деңгээлинен 100 см бийиктикте жакынкы эвакуациялык чыгууга кыймылды багытоочу рельефтүү көрсөткүчтөр орнотулушу керек.
5.10.16 Жарыкберүүчү аппаратуралардын мачталарынын, серелердин түркүктөрүн, гүл салгычтарды, өсүмдүктөрдүн тосмолорун ж.б. жөө жүргүнчүлөрдүн жолунда эмес, андан тышкары – 30 см кем эмес чегинип орнотуу керек.
Тейлөө ишканаларынын жана мекемелердин көргөзмө витриналарын же башка жабдыктарын көрүүсү бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга таягы менен сезе тургандай цоколь менен жасалгалоо керек.
5.10.17 Жердин үстүнө чыгып турган төмөн гүл салгычтарды жана башка элементтерди кирүү зонасынын районуна жайгаштырууга жол берилбейт. Тирөөч дубалдардын жана гүл салгычтардын бийиктиги 75 см кем эмес болушу керек. Аларды 80-120 см бийиктикте (алар колго таяныч катары кызмат кыла алышат) жасоого артыкчылык берилет жана кресло-коляскадагы адамдарга (алардын көзүнүн деңгээли полдун деңгээлинен 107-128 см) өсүмдүктөргө көз салууга мүмкүндүк түзөт.
5.10.18 Балдакчан жана кресло-коляскадагы адамдарга бийик эмес, төмөн жайгашкан чырактар артыкчылыктуу (узун көлөкө болбойт).
Шар түрүндөгү жарык берүүчү арматура шооланы кайта кайтаргыч, жарыкты жогору же капталга эмес, негизинен төмөн жакка багыттаган түзүлүштөргө ээ болушу керек.
5.10.19 Көрүүсү бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга көп келүүчү мекемелерде жолдордун тутуму жана жайлардын милдети чекиттүү шрифт менен жазылган имараттын “рельефтүү” (бетине басуу аркылуу сүрөт түшүрүлгөн) мерчемин (кабат боюнча) коюп коюу керек.
Имараттын ичинде чыгуу жана кирүү эшиктериндеги табличкалар жана лифттердин кнопка панелдери чекиттү шрифт менен жазылган көрсөтмөлөр менен толукталат.
Бардык сезилүүчү белгилер жана жазуулар бирдей бийиктикте жана эшиктерден бирдей аралыкта жайгаштырылышы керек.
5.10.20 Белгилер даана болуп, сүрөт жалпы мүнөзгө ээ бүтүн тутум катары кабыл алынып, иерархия сакталууга тийиш.
Дөмпөк тамгалуу белгилер колдонулса болот. Алар 1,5 м бийиктикте жайгашып, чырактар менен жабдылууга тийиш.
Дөмпөк тамгалар басып киргизилип жасалгандардан артыкчылыктуу, майда дөмпөк тамгалар, чоңдоруна караганда жеңилирээк окулат. Тамгалар жазылышы боюнча жөнөкөй келип, татаалдаштыруучу элементтерсиз болууга тийиш. Тамгалардын жайгашуусу жакын болушу керек.
5.10.21 Ишараттоочу жана белги берүүчү ориентирлерде ак жана кара түстөрдүн айкалышуусу колдонулат. Кара же кочкул көк фондогу ак тамгалар же белгилер эң жакшы окулат. Эгерде түс колдонулса, анда жылуу тондорго артыкчылык берилет жана көк жана жашыл түстөрдүн айкалышуусун колдонуудан оолак болуш керек.
5.10.22 Окшош жана кайталанма элементтери бар (лифт холлдору, бирдей эшиктер текши жайгашкан коридорлор) симметриялык мерчемдеги имараттарда ориентацияны түстүү коддор менен жакшыртуу керек. Көрсөткүч белгилерди караштыруу жана кыймылдын маанилүү багыттары жөнүндө маалыматтын тактыгын күчөтүүкерек. Шарттуу белгилердин тутуму жөнөкөй жана түшүнүктүү болушу керек.
5.10.23 Коридордун же жайдын бурчундагы эшиктер үчүн эшиктин туткасынан капталдагы дубалга чейинки аралык 0,6 м кем эмес болушу керек.
5.10.24 Тепкчитердин туткаларында кабат, тепкич маршынын бүткөндүгү же ортодогу аянтча жөнүндөмаалымат берүүчү кнопка орноштурулат.
5.10.25 Кирүү бөлүгүнүн деталдашуусу мейкинди персондоштурууга көмөк болушу керек. Бул үчүн жолдун бетине төшөө, тосуу, жашылдандыруу чечимин башкалардан өзгөчөлөнтүппайдалануу керек.
Кирүүдө баштыкты же пакетти коё турган орун болушу керек. Кирүү
эшигине жана ачкыч тешигине жетиштүү жарык тийип турушу камсыздандырылышы керек.
5.10.26 Үйдүн, батирдин номери жазылган пластинка кирүү эшигинин оң тарабында, полдун, аянтчанын деңгээлинен 1,6-1,7 м бийиктикте орнотулушу керек. Мында номер белгилери дөмпөк, бийиктиги 10-12 см болгон араб сандары менен жазылышы керек.
5.10.27 Начар көргөн жана кары-картаңдар үчүн батирлерде терезенин үстүндө калканч (күн нурунун жаркыроосун азайтуучу) же атайын айнектинболушу ылайыктуу.
(Бир бөлмөлүү батирлерде) чыгып турган конструкциялык элементтер, асма жабдыктар, антресолдор жокко чыгарылышы керек.
5.10.28 Балкон тосмолорун жана терезе текчелеринин чечимдери менен отурган абалда көрүүгө шарт түзүү керек.
Балкондордо жана лоджияларда жарык берүү ылайыктуу. Жарыкты өчүргүчтөр эшиктин жанында жайдын ичинде орноштурулушу керек.
5.10.29 Начар көргөндөр үчүн интерьердин түстүү чечимдерин тандоодо, өзгөчө ашкана-тамактануучу жерлерде, үй иштерин жасоочу жерлерде, түзсүз фондо кызыл жана сары түстүү объекттер, көк жана сары фондотүзсүз объкеттердин эң жакшы таанылгандыгын жетекчиликке алуу керек.
Имараттын ар кандай элементтери, эмеректер, жабдыктар (өчүргөчтөр (выключатель ж.б.) карама-каршы түскө ээ болушу керек, себеби ар бир нерсенин үстүнкү бети, эмеректин нерсеси же интерьердин деталы жалпы фондо оңой айырмалана турган болушу керек.
5.10.30 Ашкана жабдыктары бир катар же бурчта жайгаштырылышы керек. Ашкана жабдыктарын полдун деңгээлинен 1,6 м көп эмес жайгаштыруу керек.
Жалаң электроплиталар гана пайдаланылышы керек.
Плитаны жайгаштырууда эки тараптан тең жумушчу бош орунду караштыруу керек.
5.10.31 Үй жасалгасынын жана жабдыктарынын айрым нерселеринин ортосундагы аралык кресло-колясканы 360° бурууга мүмкүндүк бериши керек. Үй жасалгасынын жана жабдыктарынын бардык нерселерин кресло-коляскадагы адам жете турган чекте жайгаштыруу керек, өзгөчө вертикал боюнча (полдун үстүнөн 40-140 см).
Жумушчу столдун бийиктиги 77,9 - 84 см болушу керек.
Бардык шкафтардын төмөн жагында бийиктиги 2.2 см болгон буттун таманы үчүн нишалар болушу керек.
Жуунгучтун тереңдиги 15 см көп эмес болушу керек. Жуунгучтун түбү жылуулукту обочолонтуучу материалды колдонуу менен жасалууга тийиш (күйүүдөн коргоо үчүн). Раковинанын туурасы 60 см кем эмес жана 80 см көп эмес болушу керек.
5.10.32 Ар кандай кармагыч тутумдарын колдонуу керек, мисалы, буруучу-, керип-айлантуучу же рычаг кармагычы. Мында ысык же муздак сууну чыгаруу жана аны жөнгө салуу бир кармагычтын жана бир колдун жардамы аркылуу ишке ашат (белгилүү шарттарда чыканак менен, протез менен же баш менен).
5.10.33 Крандын бийиктигин жана жете турган зонаны келиштирүүгө мүмкүн болгон дубал арматурасын колдонуу зарыл.
Ашкана, идиш жуучу раковиналарды ж.б. жумушчу беттердин жайгаштырылыш бийиктигин тандоо жеке керектөөлөргө жараша болот.
5.10.34 Идиш жуучу бет тийиштүү жумушчу беттен төмөн эмес болууга тийиш.
Кресло-коляскада отуруп иштегенде идиш жуучу беттин деңгээлинин сунушталган бийиктиги 800-850 мм, ал эми бийик отургучта отуруп же туруп иштеген учурда 850-1050 мм болушу керек.
Негизги жумушчу зонанын чегинде дубалдын бети жылмакай жана жылтырабаган, оңой жуула турган болушу керек.
Раковинанын жогорку четинин оптималдуу бийиктиги азиздер жана начар көргөндөр үчүн – 90 см.
5.10.35 Клавиштүү өчүргүчтөрдү (выключатель) колдонуу керек.
Плиталарды, духовкаларды ж.б. жандыруу үчүн (азиздер үчүн акустикалык белги) контролдук лампаны караштыруу ылайык келет.
5.10.36 Ванна бөлмөсүндөгү узундугу 0,5 м болгон металл кармагыч ваннанын бортунан 0,15 м бийиктикте, дубалдан 0,05 м аралыкта бекитилет.
Душ түп алдынын дубалдары ага тутканы бекитүүгө мүмкүн болгондой болуп жасалыш керек.
Кол душту тик түркүктө полдун деңгээлинен 700-900 мм бийиктикте жайгаштыруу керек.
Жуунучу раковиналар 700-900 мм бийиктикте жайгаштырылат (түтүктөрдү тартып келүүдө ушул бийиктикти кийин өзгөртүү керек болуп калышы мүмкүн болушун эске алыш керек).
Ысык суунун температурасын термостаттын жардамы менен 40°С чейин чектөө керек.
Ысык жана муздак суунун белгилери даана жана оңой сыйпалап табыла турган болушу керек (азиздер үчүн өзгөчө маркировка).
Сууну автоматтык жөнгө салуусу бар кнопкалуу арматура аны колдун сырт жагы менен, же чыканак, же чеке менен башкарууга мүмкүндүк берет.
Башты же кирди тоскоолдуксуз жууганга бийик бурама кранды орнотуу керек.Ал шланг душу менен жана кранды жана душту которуу үчүн рычаг менен толукталышы мүмкүн.
5.10.37 Душ орнотмосунун түп алды болбошу керек. Унитаз отургучунун, ваннанын жана кайра ачма отургучтун үстүнүн бийиктиги которулуп отуруу үчүн 50 см болушу керек (колясканын отургучунун деңгээли).
Ваннанын баш жагында бортторунун деңгээлинде 40-50 см болгонкоторулуучу аянтча орнотулат.
5.10.38 Тартылып келүүчү өтмө түтүктөр жана сифондор, аларды кресло-коляска менен бузуп албаш үчүн, дубалга бекем жармаштырылышы же басылышы керек.
Сактоочу орнотмо катары уруп түшүрмө түтүк колдонулушу мүмкүн.
5.10.39 Сантүйүн дубалга асма жана полдун үстүндөгү түткалар менен жабдылууга тийиш, ошондой эле кресло-коляскадан унитазга, ваннага же душтун отургучуна которулуп отуруш үчүнметалл таман (рельс) менен же туткаларды, трапецияларды, шакекчелерди, жип шатыларды илип коюш үчүн дубалдардын ортосундагы штангалар менен жабдылууга тийиш.
Санитардык-техникалык аспаптардын жана бардык башка түзүлүштөрдүн бекитилишин 120 кг барабар динамикалык жүктөмгө ылайыктоо сунушталат.
Уктоочу бөлмөдө кресло-коляскадан керебетке которулуш үчүн шыпка туткаларды, трапецияларды, шакекчелердиилип коюш үчүн металл тамандарды орнотууну караштыруу керек.
5.10.40 Ичине курулган шкафтарды эшиги ачылганда жарык автоматтык түрдө жандырылган (включатель) ички чырактар менен жабдылууга тийиш.
Шкафтардын эки жакка ачылма эшиктери ачык абалда өткөөлдүн кеңдигин азайтпашы керек.
Ичине курулган шкафтардын түзүлүшү кире бериштин минималдуу жол берилген кеңдигин кыскартпашы керек.
5.10.41Кире бериште, аянты төмөндө көрсөтүлгөндөй, кийим үчүн желдетилип туруучу шкафты караштыруу максатка ылайык келет:
Бир-эки бөлмөлүү батирлер үчүн - 0,5 м2;
Үч-төрт бөлмөлүү батирлер үчүн - 0,75 м2.
Кладоваялардын жана шкафтардын туруктуу бекитилген текчелерине караганда, суурма решеткалуу себеттер артыкчылыктуу.
5.10.42 Жумушчу беттин үстүнө жалпы жана жеринде жасалма жарык берүү караштырылат. Жалпы жарык берүүнүн булагы катары чыңалуу лампа чырактарын колдонуу керек, ошондой эле шыптагы люминисцент чырактарды колдонууга жол берилет.
Көрүүсү бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга дубалдардын, полдун, шыптын, жумушчу беттердин үстүн жылтырабаган боёк менен ж.б. жабдыктарды ачык тондогу боёктор менен сырдоо сунушталат. Боёктордун шооланы кайта кайтаргычтык коэфициенти төмөндөгүдөй болушу керек: шыптыкы - 80%, дубалдардыкы - 50-60%, полдуку - 25-30%.
6 Имараттар жана курулмалар
6.1 Жалпы талаптар
6.1.1 Турак, коомдук, өндүрүш жана транспорт имараттарын жана курулмаларын долбоорлоодо алар менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды, алардын ичинде кресло-коляскалар менен ж.б. каржаттардын жана куралдардын жардамы аркылуу кыймылдашкандар, пайдаланарын эске алуу керек.
6.1.2 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардынжашоосуна эсептелген көп батирлүү (батирдин саны экиден көп болгон) жана атайын адистештирилген турак имараттар, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарүчүн атайын адистештирилген мекемелердинжана ишканалардын имараттарын отко чыдамдуулуктун экинчи даражасынан төмөн эмес кылып долбоорлоо керек. Мында атайын адистештирилгентурак имараттардын кабаттуулугу үч кабатан жогору болбошу керек, атайын адистештирилген балдармекемелериники – эки кабаттуу болушу керек.
6.1.3 Ар кандай арналыштагы коомдук имараттарды жана курулмаларды, алардын ичинде окуу-көмөкчү мекемелерди, ошондой эле жатаканаларды долбоорлодо, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жерлерди имараттын жалпы сыйдыргычтыгынын 2%нан кем эмес эсепте, санатория, эс алуу жанатуризм мекемелеринде - 3%дан кем эмес караштыруу керек.
6.1.4 Спорт жана оюн-зоок имараттарында жана курулмаларындаден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн залдагы орундардын саны ар бир 300 орунга 1 орун эсеби менен, бирок жалпы сыйдыргычтыгы 1000 адамга чейинки орунга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн 4 орундан кем эмес, андан көп болгон учурда – 20 орун плюс, 1 миңден ашуун ар бир 100 орунга 1%дан аныкталышы керек.
6.1.5 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын келүүсүнө жана болушуна арналган имараттардагы туюк коридорго чыгуучу бөлмөлөрдүн жалпы сыйдыргычтыгы 30 адмдан ашпоого тийиш.
Атайын адистештирилген мектепке чейинки балдар мекемелеринин жана көрүүсү начарден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарүчүн имараттардын турак блокторундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар туруктуу болуучу бөлмөлөрдөн жалпы туюк коридорго чыгууларды орнотууга жол берилбейт.
6.1.6 Турак имараттардын ичине же аларга ичине кошуп курулган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды маданий-тиричилик жана медициналык жактан тейлөө жайларын экинчи кабаттан жогору эмес жайгаштыруу керек.
6.1.7Калкты медициналык жактан тейлөөчү мекемелерде, ошондой эле спорт милдетиндеги имараттарда жана курулмаларда аянты 16 м2 кем эмес болгон врачтын кабинетин жана ар бир укалоочу столго 16 м2 кем эмес болгон укалоочу жайды, жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар которуна турган, аянты 16 м2 кем эмес бөлмө каралышы керек.
6.1.8Коомдук имараттардын жана курулмалардын далисин жана гардеробдорун долбоорлоодо ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды коштоп жүрүүчү адамдар үчүн ар бир ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамга 0,5 м2 кем эмес эсептеги орундарды караштыруу керек.
6.1.9 Атайын адистештирилген турак имараттардын жана аймактык социалдык тейлөө борборлорунун турак жайларын тереңдиги 1,4 м кем эмес балкондору (лоджиялары) менен долбоорлоо керек.
6.1.10 Көрүүчүлөр үчүн залдарда угуусу жана көрүүсү начар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген угуусу начар жана көрүүсү начар адамдар үчүн жабдылган үчтөн кем эмес орун каралышы керек. Кресло-коляскачан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга үчүн орундарды бир катарда үчтөн көп топтоштуруп жасоого болбойт.
6.1.11 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн имарат ичиндеги жолдор: тыш өлчөмдөрү, эңкейиштери, чыгып турган жерлер, тешиктер авария кырдаалдагы эсептик шарттарды эске алып, адамдарды эвакуациялоо жолдоруна карата ченемдик документтердин талаптарына ылайык долбоорлонушу керек.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн эвакуация жолдорунун эсебинде 3-типтеги тепкичтерди колдонууга жол берилбейт.
Экинчи же андан жогору кабаттардан эвакуация жолу катарында кызмат кылган пандус имараттан түз тышка чыгуу менен тике байланышта болушу керек.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды ачык тышкы металл тепкичтери аркылуу эвакуациялоого жол берилбейт.
6.1.12Адамдар массалык түрдө жүргөн имаратарда лифттерге, пандустарга же транспортерлорго алпарган жолдордо мейкиндин минималдуу кеңдиги 140 см (алардын ичинде коридорлордун) кем эмес болууга тийиш.
Жалпы колдонгон коридордун максималдуу узундугу – 20 м болушу керек.
Коридордун узундугу мындан көп болгон учурларда, аларды мерчемде ийри сызыктуу линиялуу (тепкичтүү) кылышат жана аларды жасалгалоодо ар кандай материалдарды колдонушат.
6.2 Турак имараттары
6.2.1 Батирлердин жалпы санынын ичинен 3-5% - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн, 15-20% - карыган адамдар үчүн, 50% - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген бүлөлүү үй-бүлөлөр үчүн долбоорлонуп, курулушу керек.
Ар бир турак үйдө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрүчектелген адамдарга батилер каралууга тийиш, бирок андай батирлердин саны 15%дан ашпашы керек. Мындай батирлерди биринчи кабаттарда жана мүмкүн болсо, көп кабаттуу үйлөрдүн ар бир подъездинде жайгаштыруу керек.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды топтоштурбаш үчүн, бир имаратта ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн батирлердин саны жетиден көп эмес болуп, алардын ичинен үчтөн көп эмеси бир тепкич аянтына чыга турган болушу керек.
6.2.2 Азиздер жашаган батирлердеги терезелерди Түштүккө (түш.(Ю)жана (түш.-чыг. (Ю-В) Түштүк-Чыгышка багыттап салуу керек (I, II, III климаттык райондордо), IV климаттык райондо Түндүк-Батыш(түн.- бат.(С-З) жана Түштүк-Батыштан (түш.-бат (Ю-З) тышкары, горизонттун бардык тарабына каратып салса болот.
Азиздер жашаган батирлерде табигый жарык берүүнүн аянтын жогорулатуу үчүн терезе тешиктеринин болушунча чоң болуусу каралышы керек. Бөлмөнүн эң алыс жайгашкан зонасы үчүн табигый жарык берүүнүн коэффициентин (ТЖК) 2,5%дан кем эмес кабыл алуу керек. Каршы турган имараттар терезелерди тоспошу керек.
Бийик тал-дарактарды терезелери бар дубалдардан 10 метрден жакын эмес аралыкта отургузууга уруксат берилет.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам отуруп, сыртты кароого мүмкүндүк алыш үчүн, айнек текченин бийиктиги 106 сантиметрден бийик болбошу керек.
Терзелер оңой жана күчтү талап кылбай ачылышы керек.
6.2.3 Эшиктер жеңил келип, оңой ачылууга тийиш. Эшиктин кеңдиги 80 сантиметрден кем эмес, ал эми тышкы эшиктин кеңдиги 90 сантиметрден кем эмес болууга тийиш.
Кресло-коляскада отурган адам эшиктин туткасын кармай алышы үчүн, эшик ачыла турган жакта 400мм кем эмес кеңдиктеги мейкин болууга тийиш.
6.2.4 Кыймылы чектелген адамдар үчүн салынган турак жайлар кенен, ийкемдүү мерчемделген болушу керек. Интерьерде көтөрүп туруучу дубалдар жана конструкциялар мүмкүн болшунча аз болууга тийиш. Мерчеминде төрт чарчы болгон бөлмөлөргө артыкчылык берилет.
Өткөөл бөлмөлөр, сантүйүндөр, ашканалар, тамак ичүүчү бөлмөлөр, ошондой эле уктоочу бөлмөлөрдүн бири кыймылы чектелген адамдарга ылайыктап өзгөрткөнгө оңой болушу керек.
Даараткананын аянты да чоңойтууга ылайыкталышы керек.
Бардык бөлмөлөрдүн эшиктери болууга тийиш.
Коридорлордо, далисте, лифттин жанында, таштанды төгүүчү жерде, батирге кире бериште кресло-калясканы бурууга орун каралышы керек.
Коляска бурулуштун чегинен тышка ашып кетпеш үчүн, асма эшиктин (навесная дверь) жанында орун каралышы керек.
6.2.5 Көрүүсү начар адамдар үчүн батирлердин сунушталган аянты 4-таблицада келтирилген.
4-таблица
Батирдин тиби
| Батирдин жалпы аянтынын жогорку чектери, м2 | Азиз тургундардын саны (А) көзү көргөн адамдардын саны (КК), киши. |
Эскертүүлөр |
1-бөлмөлүү | 36-40 | 1а, 1а + 1кк, 2а | жалгыз, балдары жок үй-бүлө |
Эки бөлмөлүү | 53-56 | 1а + 1кк, 1а + 2кк, 2а + 1кк
| балдары жок үй-бүлө, бир балалуу үй-бүлө, ар кайсы курактагы, ар кандай тууганчылыкта болгон үй-бүлө |
Үч бөлмөлүү | 65-67 | 1а + 3кк, 2а + 1кк |
|
Төрт бөлмөлүү | 77-78 | 1а + 3кк, 2а + 2кк, 1а + 3кк, 2а + 2кк, 1а + 4кк |
|
Э с к е р т ү ү л ө р: 1 Батирлердин жалпы аянттарынын жогорку чектери балкондордун, лоджиялардын жана верандалардын аянттарын эске албай берилди. 2 Көрүүсү начар адамдар үчүн батирлерди экинчи кабатта жайгаштыруу ылайыксыз. | |||
6.2.6 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын керебеттеринин жанындагы аянт кресло-коляска 180° (360° ырас болор эле) бурула тургандай кенен болуш керек, б.а. керебеттин жанында кресло-колясканын кыймылы үчүн 150х150 см каралышы керек.
Оор абалдагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн керебетке эки тараптан тең бош орун калтырылыш керек.
Уктоочу бөлмөдөн сантүйүнгө тике кире турган эшик каралышы керек. Бир нече уктоочу бөлмө болгон учурда, алардын эч болбосо бирөөсүнүн көлөмү кыймылы чектелген адамдын пайдаланышына ылайыкталган болушу керек. Мындай уктоочу бөлмөдө сантүйүнгө кире турган жана балконго чыга турган тике эшик каралышы керек.
6.2.7 Ашкана турак (тамак ичүүчү) зонасы менен бириктилиши керек.
Ашкана менен тамак ичүүчү бөлмөсүнүн ортосунда эшик коюлбайт, же эки жакка жыйылма эшик болууга тийиш.
Ашканадан тамак ичүүчү бөлмөсүнө, же турак бөлмөгө тамак-аш берүүчү терезе каралышы керек.
Кыймылы чектелген адамдар үчүн ашкананы тамак ичүүчү бөлмөсү менен бир бөлмөдө жайгаштырып куруу сунушталат, мында тамактануучу стол менен плитканын ортосундагы аралык, ошондой эле стол менен жумушчу мейкиндиктин ортосундагы аралык болушунча аз болушу керек.
6.2.8 Кире бериштин көлөмү кресло-колясканын 360° бурулушуна мүмкүн болгондой көлөмдө болушу керек.
Көрүүсү бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга үчүн батирлердеги оозгу үйдүн көлөмүн 1,6 м кем эмес долбоорлоо керек.
Турак жана ачык бөлмөлөрдүн полдорунун ортосундагы, ошондой эле босоголордун, балкон эшиктеринин бийиктигинин айырмасы минималдуу болушу керек.
Балкондордун решеткалуу же текши экран тосмолору болушунча катуу болууга тийиш. Тосмонун жогору жагы кол менен кармоого ыңгайлуу болуш керек. Текши экран тосмолорду пайдаланган учурда алардын бийиктиги 60см болуп, полдун деңгээлинен 105 см бийиктиктеги ачык туткалуу болушу керек.
7 Спорт милдетиндеги имараттар жана курулмалар
7.1 Жалпы талаптар
7.1.1 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардындене тарбиялык-ден соолукту чыңдоо үчүн машыгууларына арналган залдарды жана бөлмөлөрдү башка милдеттеги имараттардын корпустарына улай курулган спорт корпустарынын курамында долбоорлоо керек, же аларга кошо курулган, ошондой эле өзүнчө турган имараттарда долбоорлоо керек.
7.1.2 Көрүүсү бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга машыгуусу үчүн акустикалык обочолонууну камсыздабаган көп секциялуу, тосмолор менен бөлүнгөн залдардагы өзүнчө турган аянттарды жана зоналарды пайдаланууга жол берилбейт. Адамдардын ушул катергориясына арналган спорт залдарында добушту сиңирип алуучу акустикалык шыптарды пайдаланууну караштыруу керек, ал эми залдардын дубалдарын жумшак жана серпилгич материалдар менен каптап, дубалдарда полдон 2 метр бийиктикте горизонталдуу туткалар орнотулушу керек.
7.1.3 Көрүүчүлөр отурган тараптан жарыш жолун бойлото коопсуздук тилке каралышы керек. Анын кеңдиги 1м кем эмес болушу зарыл, ал эми анын чегинен ары – кресло-коляскадагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн 3м кем эмес бош жер каралышы керек.
7.1.4 Кресло-коляскалардын жардамы менен жүргөн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын машыгуулары үчүн зоналардын жана аянттардын айланасында коопсуздук тилкелерин караштыруу керек. Алардын кеңдиги 2м кем эмес болууга тийиш. Ойноо аянттарынын торец (кыска) тарптарында – 3м кем эмес болушу керек. Теннис кортторунда коопсуздук зонасы: аянтты бойлото 4м чейин, торец тараптарында – 6м чейин кеңейтилиши керек.
7.1.5 Эгерде жарыш жолу көрүүчүлөр отурган жерден тосмо менен бөлүнүп турса, ал жерде соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарбири биринен 100м кем эмес аралыкта болуучу өткөөлдөр каралышы керек.
7.1.6 Көрүүсү бузулган спортсмендерге ориентирди жана коопсуздукту камсыздоо үчүн төмөндөгүлөр каралышы керек:
- кыймыл ориентири катары дабыш маяктарын пайдалануу;
- ойноо аянттарынын периметри боюнча ориентир тилкелерин орнотуу. Алардын кеңдиги 1,5м кем эмес болушу керек. Ага чектеш кеңдиги 2,5м кем эмес
коопсуздук тилкеси да болууга тийиш;
- жарыш жолдорун бойлото же секирүүнүн алдында жүгүрүү үчүн кеңдиги 2 м кем эмес болгон ориентир тилкелери орнотулушу керек;
- жарыш жолунда кыймыл багытында 5 м кем эмес узундуктагы старт зонасын жана 25м кем эмес узундуктагы финиш зонасын караштыруу керек;
- бассейндердин ванналарынын периметри боюнча 1,2м кем эмес кеңдиктеги ориентир тилкесин орнотуу керек.
Ориентир тилкелери, ошондой эле жарыш жолдорунун бурулуштары, старт жана финиш зоналары, секирүүдө түрткү зоналарынын бети бөтөнчөлөнгөн ачык контрасттуу түстөр менен боёлуп бөлүнүп турушу керек.
7.1.7 Көрүүсү бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын машыгуусуна арналган ачык, жалпак курулмаларды чуулдоодон коргоо үчүн жашыл бактар отургузулган зоналар жана аянттар каралышы керек. Алардын жайкы мезгилде дабыштан коргоо деңгээлинин суммардык эсеби 3 дБ төмөн эмес болууга тийиш.
7.1.8 Кургак ысытуучу (сауна) мончону долбоорлоодо анын бөлмөсүн отко чыдамдуулуктун экинчи даражасынан төмөн эмес, КР КЧ 21-01 өрткө каршы талаптарын сактап, өзүнчө турган имаратта же имараттын биринчи кабатында жайгаштыруу керек.
7.2 Сүзүү бассейндери
7.2.1 Бассейндердин ванналарынын периметри боюнча кеңдиги метр менен алганда төмөндө көрсөтүлгөндөрдөн кем эмес болгон айланма жолдор каралышы керек: ачык бассейндер үчүн – 2,5; залдагы бассейндер үчүн – 2. Старт тумбалары тарабындагы жана чечинүүчү бөлмөлөрдөн чыгуучу жактардагы жолдун кеңдиги 3,5м кем эмес болууга тийиш.
7.2.2 Бассейн залынын дубалдарын бойлото жана чечинүүчү бөлмөлөрдөн жана душтардан залга кирүүдө горизонталдуу туткаларды орнотуу каралышы керек. Алардын бийиктиги полдун деңгээлинен 0,9дан 1,2м чейин бийиктикте, ал эми балдарга арналган бассейндерде – полдун деңгээлинен 0,5м бийиктикте болушу керек.
7.2.3 Ачык бассейндердин айланма жолдорунун тышкы периметри боюнча бийиктиги 1 м кем эмес туткалуу тосмолор каралышы керек.
7.2.4. Бассейндин ваннасынын тайыз жагында сууга түшүү үчүн кеңдиги 0,9м кем эмес болгон тепкич орнотулушу керек, анын тепкичтеринин горизонталдуу узундугунун (проступь) кеңдиги 0,3м кем эмес болууга тийиш, ал эми тепкичтин вертикалдуу бөлүгүнүн бийиктиги 0,14 м чоң болбошу керек. Тепкичтин туруктуу туткаралы болушу керек.
7.2.5 Бассейндин ваннасынын өлчөмү балдар үчүн: мектепке чейинки мекемелерде жана үй-интернаттарында - 3х7, мектеп-интернаттарында - 6х12,5 болушу керек.
Суунун деңгээли боюнча бассейндин ваннасынын тереңдиги метр менен алганда, төмөндөгү өзгөрүлмө боюнча кабыл алынышы керек:
мектепке чейинки курактагы балдар үчүн - 0,6-0,8;
мектеп курагындагы балдар үчүн - 0,8-1,05;
үй- интернаттарындагы балдар үчүн - 0,25-0,5.
7.2.6.Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген таяныч-кыймылдаткыч аппараты жабыркаган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды сууга түшүрүү жана чыгаруу үчүн коблучаларды же атайын көтөргүч жабдууларды колдонуу керек.
7.3 Көмөкчү жайлар
7.3.1 Машыгуучу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн чечинүүчү бөлмөлөрдө төмөндөгүлөр каралышы керек:
кресло-коляскаларды коюучу жерлер;
кресло-коляскаларды колдонгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамүчүнбир убакытта машыгууга эсептелген, аянты 4 м2 кем эмес чечинүүчү жеке кабиналар;
таяктарды жана протездерди сактоо үчүн бийиктиги 1,7 м бийик эмес, экиден кем эмес жеке шкафтар;
чечинүүчү бөлмөлөрдө узундугу 3м кем эмес, кеңдиги 0,7м кем эмес жана бийиктиги 0,5 м бийик эмес орундуктарга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын келүүсү үчүн орундуктардын айланасында кресло-коляскаларды коюу үчүн бош жер камсыздалышы керек. Аталган орундукту орнотуу мүмкүн болбой калган учурда, дубалдардын бирин бойлото кеңдиги 0,6 м кем эмес орундукту орнотуу зарыл.
7.3.2 Кресло-коляскаларды колдонгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн чечинүүчү бөлмөлөрдү долбоорлоодо аянты 14 м2кем эмес болгон, экиден кем эмес коштоочу блоктон турган, кийим үчүн эки ярустуу шкаф менен жана жеке жуунучу кабиналары жана дааратканалары менен жабдылган бөлмөлөрдү караштыруу керек.
Кресло-коляскадагы 35 ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан ашык эсептик өткөрүүчү жөндөмдүүлүгү бар спорт имаратында же курулмада мындай блоктордун саны төрттөн кем эмес болууга тийиш.
7.3.3 Кресло-коляскадагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын кийимдерин сактоочу жеке шкафтарды төмөндөгү яруска жайгаштыруу керек. Эгерде үй кийимдерин илүүчү жер ачык болсо, илмектер полдон 1,3м бийик эмес бийиктикте орнотулушу керек.
7.3.4 Чечинүүчү бөлмөлөрдөн бассейнге бара жаткандагы бутту чайкоо үчүн ванналарды долбоорлоодо ал жерди кресло-коляскадагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын өтүүсүнө ылайыктуу кылып долбоорлоо керек.
7.3.5 Чечинүүчү бөлмөлөрдө эс алуу үчүн бөлмөлөр каралышы керек. Алардын эсептик аянты бир убакытта машыккан ар бир кресло-коляскадагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам машыгуучуга 0,4 м2кем эмес болууга тийиш, ал эми сауналарда 20 м2кем эмес болушу керек.
8 Атайын адистештирилген имараттар жана курулмалар
8.1 Атайын адистештирилген турак имараттар
8.1.1 Атайын адистештирилгентурак имараттардагы турак жайлар өткөөлсүз жана 25 кишиден ашпаган сыйымдуулуктагы турак топторго бириккен турак ячейлердин курамындадолбоорлонушу керек.
8.1.2 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга арналган атайын адистештирилген турак имараттарда маданий-тиричилик жана медициналык тейлөө бөлмөлөрү каралууга тийиш.
Атайын адистештирилген медициналык, социалдык жана кесиптик калыбына келтирүүчү, ошондой эле окуу-өндүрүш милдетиндеги мекемелер менен бир комплексте болгон атайын адистештирилген турак имараттарды долбоорлоодо аталган мекемелерге арналган жайларды турак имараттардын курамына киргизүү керек же аларды улай же кошуп курулган, же турак имаратка жабык, зарыл болгон учурда жылытылуучу өтмөгү бар өзүнчө турган блокто жайгаштыруу зарыл.
8.1.3 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгенадамдар үчүн үй-интернаттарда ар бир турак топту тейлөө үчүн, м2менен алганда, төмөндөгү аянттагы бөлмөлөр каралышы керек:
ванна бөлмөсүн – 12;
даараткананы – 4,5;
душбөлмөсүн – 3 , чечинүүчү жер менен;
санитардык бөлмөнү – 16;
тиричилик керектөөлөр үчүн бөлмөнү – 12; таза жана кир шейшептер үчүн кампалар. Мындан тышкары, турак ячейдин курамында өзүн-өзү тейлей алчу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жана карылар үчүн баарлашуу үчүн бөлмө каралыш керек. Анын эсептик аянты ар бир жашоочуга 1,2 м2кем эмес болуп, ашкана-буфет болушу керек (ар бир жашоочуга 0,6 м2кем эмес).
8.1.4 Карылар үчүн үй-интернаттардаден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн медициналык арабаларды жана кресло-коляскаларды сактоого 4 м2кем эмес аянттагы бөлмө каралышы керек.
8.1.5 Психоневрологиялык интернаттарды долбоорлоодо төмөндөгү бөлүмдөркаралышы керек: оорулууларды бош кармоо үчүн калыбына келтирүүчү профилдеги бөлүм; оорулууларды байкап кароого, ар дайым кароого муктаж болгон оорулууларга, төшөктө жаткан оорулууларга дарылоо-калыбына келтирүүчү профилдеги бөлүм.
8.1.6 Психоневрологиялык интернаттардагы ашкананы өзүнчө турган имаратта жайгаштырууда гардеробу бар далисти караштыруу керек. Анын эсептик аянты тамактануучу залдагы ар бир орундукка 0,25 м2кем эмес кабыл алынышы керек.
8.1.7 Турак жайлардын тобун блокторго кеткен бөлмөлөрдөн, коридорлордон жана өткөөлдөрдөн, ошондой эле күйүүчү материалдарды сактаган жана кайра иштеткен кампа жана өнөрканаларды бөлүп турган өрткө каршы тосмолорго жана дубалдарга өрткө каршы 2-типтеги эшиктерди коюу каралышы керек.
8.2 Аймактык социалдык тейлөө борборлору
8.2.1 Аймактык социалдык тейлөө борборлорун негизги эки типте – үйдө тейлөөчү жана күндүзгү типте долбоорлоо керек. Аларды бир имараттын ичинде бирдиктүү борбордун бөлүмдөрү катары бириктирүүгө жол берилет, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн үй-интернаттардын курамына киргизсе да болот.
Аймактык борборду атайын адистештирилген медициналык, социалдык жана кесиптик калыбына келтирүүчү мекеме менен же анын бөлүмдөрү менен бириктиргенде, ушундай эле бөлмөлөрдү жана кызматтарды айкалыштыруу керек.
8.2.2 Аймактык социалдык тейлөө борборлорун же анын бөлүмдөрүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жашаганга ылайыкталган турак имараттын курамына киргизген учурда, аймактык борбордун бөлмөлөрү ушул имаратта жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын 30%дан кем эмес санын кошумча тейлөөнү эсепке алып долбоорлонушу керек.
8.2.3 Социалдык тейлөөнүн аймактык борборлорунда каттоо-маалымат берүүчү жана жалпы медициналык дарылоо иш-чаралары үчүн чарчы метр менен алганда төмөндөгү аянтардан кем эмес болгон бөлмөлөр каралууга тийиш:
Эки эмдөөчү бөлмө, ар бири – 12;
Таңуу, кайра таңуучу – 22;
Үч кабинет, ар бири – 18;
Лабораториялык бөлмөлөр – 14 (жалпы аянты);
Протездерди ченөөгө, эбине келтирүү үчүн эки бөлмө, ар бири – 12; ошондой эле таза жана кир шейшептер үчүн эки бөлөк кампа.
8.2.4 Окутуу-өндүрүш класстары жана өнөрканалар улай курулган, улай-кошо курулган же өзүнчө турган блоктордо, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды эвакуациялоо жана класстар менен өнөрканалардын профилине жараша өрткө каршы талаптарды тутуп жайгаштырылышы керек.
8.2.5 Күндүзгү бөлүмдүн курамына төмөндөгү м2кем эмес аянттагы бөлмөлөрдү кошуу керек:
Кийим сактоочу – 15;
ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жана карылар үчүн бөлмөлөр, ар бири – 36;
күндүзгү эс алуу үчүн бөлмөлөр,ар бири – 16;
ашкана-буфет – 9;
душ, которунуучу бөлмөсү менен.
8.2.6 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн бөлмөлөр сыйыдыргычтыгы 25 адамдан ашпаган топторго бириктирилиши керек жана, адатта, имараттын биринчи кабатында болушу зарыл. Күндүзгү бөлмөлөрдү экинчи кабаттан жогору жайгаштырууда лифт каралышы керек.
8.2.7 Үйдө тейлөөчү борбордун же бөлүмдүн курамында диспетчердик пункт жана азык-түлүктөрдү сактоочу кампасы бар персонал үчүн бөлмө, ошондой эле таза жана кир шейшептер үчүн өзүнчө капмалар каралууга тийиш.
9 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды калыбына келтирүүчү атайын адистештирилген мекемелер
9.1 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды калыбына келтирүүчү атайын адистештирилген мекемелер ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын туруктуу жашаган жерлеринде жана таяныч-кыймылдаткыч аппараты жабыркаган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн санатордук-курорттук мекемелерде медициналык, социалдык жана кесиптик калыбына келтирүүчү борборлор катары долбоорлонушу керек.
9.2 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды калыбына келтирүүчү атайын адистештирилген мекемелердин курамына протездерди, кресло-коляскаларды оңдоого, кресло-коляскаларды сактоого, ошондой эле кесиптик калыбына келтирүү үчүн бөлмөлөрдү киргизүүнү караштыруу керек.
Турак жайларды окутуу-өндүрүш милдетиндеги бөлмөлөрдөн 3-типтеги өрткө каршы тосмолор менен бөлүү зарыл.
9.3 Медициналык, социалдык жана кесиптик калыбына келтирүүчү атайын адистештирилген борборлорду долбоорлоодо негизги бөлмөлөрдүн тобун караштыруу керек:
ден соолукту жакшыртуучу иш-чаралар жана дарылоо машыгуулары үчүн бөлмөлөр;
медициналык милдеттеги;
кызматтык-тиричилик милдеттеги.
9.4 Ден соолукту жакшыртуучу иш-чаралар жана дарылоо машыгуулары үчүн бөлмөлөрдүн тобунда төмөндөгүлөр каралышы керек:
жалпы физикалык даярдык жана оюндар үчүн универсалдуу спорт зал, машыгуучу зал жана суу алдындагы душ-укалоочу, укалоочу жана мануалдык терапия үчүн көмөкчү бөлмөсү бар сүзүү бассейни, ошондой эле мончо-сауна.
9.5 Медициналык милдеттеги бөлмөлөрдүн курамында – электр жана жарык менен дарылоо кабинети; жылуулук менен даарылоо кабинеттери; рефлекс терапия врачтын кабинети менен кошо; топ менен психотерапия өткөрүү кабинети каралышы керек.
Электр жана жарык менен дарылоо кабинетинде полдун жабуусу электрди обочолонтуучу материалдардан болушу керек. Кабинеттин дубалдарын карапа тактайчалары менен беттөөгө уруксат берилбейт.
9.6 Таяныч-кыймылдаткыч аппараты жабыркаган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн атайын адистештирилген санатордук мекемелерде бардык профилдеги санаторийлердеги жалпы бөлмөлөрдөн тышкары кошумча төмөндөгү бөлмөлөр кошулушу керек:
дуоденалдык зонддоо кабинети жана дарт аныктоо бөлүмүнүн курамында карын согун алуу үчүн кабинет; булчуңдарды электр стимулдаштыруу үчүн жана аш-казан-ичеги-карын профилиндеги эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн физио-терапия бөлүмүнүн курамындагы кабинеттер; бактериологиялык бөлүм, ылай менен дарылоо бөлүмү, ошондой эле проктолог жана уролог врачтардын кабинеттери.
9.7 Турак жай тобунун курамында дарылоочу машыгуулар үчүн, басууга үйрөтүү, укалоочу кабинеттер каралышы керек.
9.8 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн санатордук мекемелердеги бөлмөлөрдүн аянты, чарчы метр менен алганда, төмөндөгүлөрдөн кем эмес болууга тийиш:
бир орундуу – 11;
эки орундуу– 16. Турак бөлмөлөрдө кире бериш жана санитардык түйүндөр каралышы керек. Алардын аянты 4,5 м2кем эмес болуш керек.
10 Балдар үчүн атайын адистештирилген мекемелер
10.1 Жалпы талаптар
10.1.1 Угуусу, көрүүсү, таяныч-кыймылдаткыч аппараты, интеллекти жана сүйлөөсү жабыркаган балдар үчүн атайын адистештирилген мекемелерди долбоорлоодо төмөндөгү бөлмөлөрдүн тобун караштыруу керек: балдар жашай турган бөлмөлөр; дене тарбия, музыка жана атайын сабактар үчүн бөлмөлөр; медициналык тейлөө үчүн; тамак-аш блогу; кызматтык-тиричилик-чарбалык милдеттеги бөлмөлөр.
10.1.2 Окууга жөндөмдүү балдар үчүн үй-интенаттарда жана мектеп-интернаттарда окуу жана окутуу-өндүрүш бөлмөлөрү каралууга тийиш.
10.1.3 Балдар үчүн атайын адистештирилген мекемелерде коммуналдык кир жуучу жайларда кир жууганга шарт жок болгон учурда, кир жуучу бөлмө каралышы керек. Кир жуучу жай бир күндө басып жүргөн тарбиялануучунун 1кг кем эмес көлөмдөгү кирин, ал эми төшөктө жаткан тарбиялануучунун2 кг кем эмес кирин жууганга эсептелген, эки сменада иштей тургандай долбоорлонушу керек.
10.2 Балдар жашоочу бөлмөлөр
10.2.1 Балдар жашоочу бөлмөлөрдүн тобун төмөндөгү курамда долбоорлоо керек:
ячейлүү топ – мектепке чейинки балдар үчүн;
окуу-турак ячейлер – кичине мектеп курагындагы балдар үчүн;
турак ячейлер – меткеп-интернаттарда жана үй-интернаттардагы орто жана жогорку курактагы балдар үчүн.
10.2.2 Турак жана окуу-турак ячейлердин курамына бир тургунга эсептик аянты чарчы метр менен алганда төмөндөгүлөрдөн кем болбогон бөлмөлөр киргизилиши керек:
Уктоочу бөлмөлөр – 4;
үй-интернаттарда төшөктө жаткан балдарга – 6;
күндүзгү бөлмөлөр – 3;
окуу-турак ячейлердин класстары – 2,5;
кийим сактоочу бөлмө– 1;
окубаган, акылы кем балдар үчүн буфет – 0,5;
санитардык-гигиеналыкбөлмөлөр – 1;
кийимди кургатуучу бөлмө – 0,35;
кампалар – 0,5, ошондой эле балдардын жеке буюмдары үчүн кампасы баркүзөттөгү тарбиячынын бөлмөсү.
Мектепке чейинки мекемелердеги ячейлүү топтордун курамын жана көлөмүн КР КЧ 31-04 5-, 6-жана 7-бөлүмдөрүнүн талаптарына ылайык кабыл алуу керек.
10.2.3 Меткеп-интернаттардагы орто жана жогорку курактагы балдар үчүнтурак ячейлердин курамына кошумча жеке машыгуулар үчүн бир тарбиялануучуга 1,5 м2 кем эмес аянттагы, ал эми полиомиелит менен церебралдык шал оорусуна чалдыккан балдар үчүн 1,8 м2 кем эмес аянттагы бөлмөлөр каралууга тийиш.
10.3 Окуу жана окутуу-өндүрүш бөлмөлөрү
10.3.1 Меткеп-интернаттарда төмөндөгүлөр каралууга тийиш:
- угуусу начар жана интеллекти толук эмес бир окуучуга 2,5м2кем эмес; көрүүсү начар жана полиомиелит менен церебралдык шал оорусуна чалдыккан балдар үчүн - 3 м2 кем эмес аянттагы окуу кабинеттери;
- угуусу жана өнүгүүсү бузулган бир окуучуга 3 м2кем эмес; көрүүсү бузулган жана полиомиелит менен церебралдык шал оорусуна чалдыккан балдар үчүн – 3,5 м2 кем эмес аянттагы лабораториялык кабинеттери;
- көрүүсү начарбалдар үчүн бир окуучуга – 4 м2 кем эмес эсептик аянттагы жабыштырып жасоо жана рельефтүү сүрөт тартуу үчүн окуу кабинети.
10.3.2 Ар бир окуу кабинетке жана лабораторияга караштуу аянты 18 м2 кем эмес лаборанттык бөлмөлөр каралышы керек.
10.3.3 Орто жана жогорку курактагы балдар үчүнрекреациялык бөлмөлөрдүн өлчөмдөрү бир балага 1,2 м2кем эмес эсепте дайындалышы керек. Кичине мектеп курагындагы балдар үчүнокуу-турак ячейлерде рекреациялык бөлмөлөр катары күндүзгү бөлмөлөрдү пайдаланса болот.
10.3.4 Мектеп-интернатка же үй-интернатка караштуу өзүнчө блокто жайгашкан, окуу жана турак жайлар менен ыңгайлуу байланышка камсыз болгон, ошондой эле тилкеге чыгуусу бар окутуу-өндүрүш өнөрканалардын (өнөркананын) курамында төмөндөгүлөр каралышы керек:
- кичине мектеп курагындагы көрүүсү начар жана полиомиелит менен церебралдык шал оорусуна чалдыккан балдар үчүн чарчы метр менен алганда, эсептик аянты бир орунга м2алганда угуусу жана өнүгүүсүбузулган балдар үчүн - 2,5 кем эмес болгон; көрүүсү бузулган балдар үчүн - 2 кем эмес болгон өнөрканалар;
- орто жана жогорку курактагы көрүүсү начар жана полиомиелит менен церебралдык шал оорусуна чалдыккан балдар үчүн чарчы метр менен алганда, эсептик аянты бир орунга м2алганда угуусу жана өнүгүүсү бузулган балдар үчүн - 5кем эмес болгон; көрүүсү бузулган балдар үчүн - 5 ,5 кем эмес болгон өнөрканалар;
- өндүрүлгөн иштерге карата технологиялык талаптарга ылайык долбоорлонгон кампалары жана иш уюштуруучунун кабинети бар өндүрүш эмгек үчүн өнөрканалар.
10.3.5 Мектепке чейинки мекемелерде балдарды предметтик-практикалык окутуу үчүн аянты 24 м2 кем эмес бөлмө жана ар бир 4-турак топко же окуу-турак ячейге аянты 12 м2 кем эмес бир логопед кабинети каралышы керек.
10.4 Дене тарбия , музыка жана атайын сабактар үчүн жайлар
10.4.1 Мектеп-интернаттарда дене тарбия, музыка жана ритмикалык сабактар үчүн жайлар, бассейн долбоорлонушу керек.
10.4.2 Мектеп-интернаттарда жана үй-интернаттарда китепкана, ийримдер үчүн бөлмөлөр, эстрадасы жана кинопроектору бар жыйындар залы каралышы керек. Жыйындар залынын өлчөмү бардык тарбиялануучулардын 75%дан кем эмеси бата турган жана ар бир балага 0,8 м2кем эмес аянт бөлүнүп бериле турган эсеп менен аныкталышы керек.
10.5 Медициналык тейлөө бөлмөлөрү
10.5.1 Мектепке чейинки мекемелерде балдарды медициналык тейлөө үчүн врачтардын кабинеттери болуш керек, физиотерапиялык, укалоочу, эмдөөчү жана обочолонтуучу бөлмөлөр каралууга тийиш.
10.5.2 Мектеп-интернаттарда жана үй-интернаттарда медициналык тейлөө бөлмөлөрүнүн курамына кабыл алуу-карантин, обочолонтуучу бөлүмдөр, врачтардын жана консультант врачтардын кабинеттери, улуу медициналык айымдын кабинети, физиотерапиялык кабинет, жалпы клиникалык лаборатория жана дарыкана кириш керек.
10.5.3 Карантинбөлүмүн мекемедеги ар бир 30 балага 1 орун эсеби менен долбоорлоо керек.
Карантин бөлүмүнүн бөлмөлөрү жана обочолонтуучу бөлүм биринчи кабатта жайгашып, өзүнчө кирүүсү бар болушу керек жана санитардык өткөрмөнүн тиби боюнча долбоорлонуга тийиш.
10.5.4 Мектепке чейинки мекемелерде обочолонтуучу бөлмөнүн сыйдыргычтыгы ар бир 50 балага 1 орун эсеби менен, ал эми мектеп-интернаттарда ар бир 20 балага 1 орун эсеби менен кабыл алынышы керек.
Обочолонтуучу бөлүмдүн палаталары бир же эки орунга долбоорлонуп, ар биринин эсептик аянты бир орунга 6 м2кем эмес болууга тийиш.
Мектепке чейинки мекемелерде обочолонтуучу бөлүмдүн медициналык бөлмөсүндө коридордон өзүнчө кируусу болушу керек жана обочолонтуучу бөлмөнүн палатасынын бирине чектеш бөлмөдө жайгашууга тийиш.
10.6 Тамак-аш блогу
10.6.1 Мектеп- жана үй- интернаттарда тамак-аш блогунун курамындагыперсонал жана балдар үчүн тамактануучу залдар, өндүрүш, административдик-тиричилик жана кампа бөлмөлөрү өз-өзүнчө бөлүнүп турушун караштыруу керек.
10.6.2 Мектеп- интернаттардагы тамактануучу залдарды тамактанууну окуучулардын жалпы санынын 70%ынан кем эмес сандагы окуучуларды эки кириш менен тамактандырууну эске алып аныктоо керек. Эсептик аянт 1 орунга чарчы метр менен алганда, төмөндөгүдөн кем эмес болууга тийиш:
1,6 – көрүүсү бузулган жана полиомиелит менен церебралдык шал оорусуна чалдыккан балдар үчүн;
1,3 – угуусу жана өнүгүүсү бузулганбалдарүчүн.
Полиомиелит менен церебралдык шал оорусуна чалдыккан балдар үчүнмектеп- интернаттарда, ошондой эле үй-интернаттарда тамактануучу залдарды өз алдынча баса алган балдар үчүн гана тамактандырууну бир сменалуу кылып уюштурууну караштыруу керек.
11 Ландшафттык-рекреациялык аймак
11.1 Бульварларды магистралдык көчөлөрдө эмес, эл жашаган көчөлөрдө жайгаштыруу керек.
Ачык коомдук мейкиндерди чечүүдө элементтерге жана деталдарга, чоң маани берүү керек.
11.2 Көрүп кабыл алууга гана эмес, кармап көрүүгө да мүмкүн болгон, ошондой эле абанын таасиринен дабыш чыгаруучу бак скульптураларын караштыруу ылайыктуу.
Адамдар массалык түрдө эс алуучу жерлерде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга ыңгайлуу эмеректерди – отуруп ойноочу оюндар үчүн стол жана отургучтарды караштыруу керек.
11.3 Суу орнотмолоруна - бассейндерге, оргутмаларга, ичүүчү булактарга жакын баруу үчүныңгайлуулукту камсыздоо керек.
Эс алуучу жерлер көлөкөлөнүшү керек- перголдор, чатырлар ж.б. орнотулууга тийиш.
Таш төшөлгөн жерлер тайгалак эмес болуп, жалтырабаш керек.
Газон бордюр ташы менен жээктелбеши керек.
1- тиркемеси
(милдеттүү)
1-График. Пандус маршынын узундугунун анын эңкейишине жараша болуусу
2-График. Бурамалуу пандустун ички радиусунун анын эңкейишине жараша болуусу
Метр менен алганда бурамалуу пандустун минималдуу ички радиусу
2- тиркемеси
(милдеттүү)
Имараттарды жана курулмаларды курууда эске алынуучу талаптар
кресло-колясканы буруш үчүн зарыл болгон зоналардын өлчөмү, сантиметр менен алганда | Түз өткөөлдүн кеңдиги, см | Коридордун кеңдиги, см | Эшик тешигинин жарыктагы кеңдиги, см
| Сантүйүндүн өлчөмү, см | Лифткабинасынын өлчөмү, см | Пандустун эңкейиши, см | Электр өчүрүүчү кнопкалардын бийиктиги (полдон жогору карай), см | ||
90° | 180° | 360° | |||||||
130х130 | 130х160 | 160х160 | 90 | 1804) 2009) | 85 | 150х220 180х190 208х190 | 100х120 140х140 | 1:20 | – |
180х190 | 180х190 | 180х180 200х2002) 170х1705) 210х2106) | 105 | 1503) 2004) | 755) 836) 86
| 225х2258) 220х260 | 110х2007) 170х150 | 1:77) | 91-137 120-150 100-140 |
1) Дөңгөлөктөр каршы тарапка айланган учурда;
2) Бир гана дөңгөлөк жүргөн учурда;
3) Кресло-коляска жана адам жүргөн учурда;
4) Эки кресло-колясканын жанаша жүрүшү үчүн;
5) Кол менен жүргүзүүчү кресло-коляска үчүн;
6) Электр кыймылдаткычы бар кресло-коляска үчүн;
7) Пандустун узундугу чоң эмес: 4-5 мболуп, кресло-коляска коштоп жүрүүчү кишиси мененжүргөн учурда;
8) Жалпы пайдаланган даараткана;
9) Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн атайын үйлөрдө.