Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
Курулуштагы ченемдик документтер тутуму
УЧУРДАГЫ ИМАРАТТАРДЫН ЖЕР ТИТИРӨӨГӨ ТУРУКТУУЛУГУН БААЛОО
ОЦЕНКА СЕЙСМОСТОЙКОСТИ ЗДАНИЙ СУЩЕСТВУЮЩЕЙ ЗАСТРОЙКИ
Seismic evaluation of existing buildings
Киргизүү датасы – 2019-03-01
1.1 Ушул курулуш ченемдерин учурдагы турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүүдө жана баалоодо аткаруу керек.
1.2 Ушул курулуш ченемдери төмөндөгү талаптарды камтыйт:
сейсмикалык таасирлерде жөндөмдүүлүгү жана техникалык абалы адамдардын коопсуздугуна жана мүлктүн сакталышына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон көтөргүч, өзүн көтөргүч жана көтөргүч эмес курулуш конструкцияларын текшерүүгө карата;
текшерүүнү өткөрүү ыкмаларына жана каражаттарына карата;
долбоордук-техникалык документтерди изилдөөгө карата;
текшерүүдө коопсуздук техникасына карата;
учурдагы имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун баалоого карата.
1.3 Ушул курулуш ченемдеринин негизги максаттары болуп саналат:
- учурдагы имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун баалоо;
- жер титирөөдөн улам болгон зыянды азайтуу;
- текшерүү жана имараттарды бекемдөө боюнча техникалык чечимдерди иштеп чыгуу процессин иретке келтирүү;
- сейсмикалык таасирлерде имараттардын сейсмикалык аярлуулук деңгээлин аныктоо.
1.4 Ушул курулуш ченемдери төмөндөгүлөр менен байланыштуу өзгөчөлүү маселелерди камтыбайт:
- имараттарды жана курулмаларды оңдоо боюнча пландуу иш-чаралар;
- “өз демилгелүү” реконструкциялардын кесепеттерин жоюу (терезе же эшик үчүн орунду уруп тешүү, терезе же эшик үчүн орунду чоңойтуу, дубалды же дубалдын участокторун демонтаждоо ж.б.).
1.5 Ушул курулуш ченемдери төмөндөгүлөрдүн жер титирөөгө туруктуулугун текшерүүгө жана баалоого жайылтылбайт:
- атайын гидротехникалык, темир жол жана автожол курулмалары;
- атайын байланыш жана электр менен камсыздоо курулмалары;
- атайын инженердик жабдуулар (газ, лифт жана башкалар).
1.6 1.5-пунктта көрсөтүлгөн курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүүнү жана баалоону адистештирилген уюмдардын ченемдик жана методикалык документтеринин талаптарына ылайык жүргүзүү керек.
1.7 Ушул курулуш ченемдерин өнүктүрүүдө түзүлгөн документтердин жоболору (курулуш эрежелеринин, нускамалардын, окуу куралдарынын, стандарттардын ж.б.) ушул ченемдердин милдеттүү талаптарына карама-каршы келбеши керек.
1.8 Текшерилген имараттардын жер титирөөгө туруктуулугунун деңгээлин алардын колдонуудагы ченемдердин конструктивдик жана эсептик талаптарына шайкештигине жараша баалоо керек.
1.9 Альтернатива катары имараттардын жер титирөөгө туруктуулугунун деңгээли натуралык объекттерди сыноолордун жыйынтыктары боюнча бааланышы да мүмкүн.
Ушул курулуш ченемдеринде төмөнкү нормативдик документтерге шилтемелер келтирилген:
- КР КЧ 20-02:2018 Сейсмикалык туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери;
- КЭ 63.13330.2012 «Бетон жана темир бетон конструкциялар»; Актуалдаштырылган версия;
- КЭ 82-101-98 Курулуш аралашмаларын даярдоо жана колдонуу;
- МАСТ 5781-82 Темир бетон конструкцияларын арматуралоо үчүн ысык жайма болот. Техникалык шарттар;
- МАСТ 8462-85 Дубал материалдары. Кысуу жана ийүү учурунда бышыктык чегин аныктоо ыкмалары;
- МАСТ 12004-81 Арматуралык болот. Чоюуга сыноо ыкмалары;
- МАСТ 17623-87 Бетондор. Орто тыгыздыктагы аныктоонун радиоизотоптуу ыкмалары;
- МАСТ 17624-2012 Бетондор. Бышыктыгын аныктоонун ультрадобуш ыкмасы;
- МАСТ 17625-83 Темир бетон конструкциялар жана буюмдар. Бетондун коргоочу катмарынын калыңдыгын, өлчөмдөрүн жана арматуранын жайгашуусун аныктоонун радиациялык ыкмасы;
- МАСТ 18105-2012 Бетондор. Бышыктыгын контролдоо жана баалоо эрежелери;
- МАСТ 22690-2015 Бетондор. Бузбай контролдоонун механикалык ыкмасы менен бышыктыгын аныктоо;
- МАСТ 22904-93 Темир бетон конструкциялары. Бетондун коргоочу катмарынын калыңдыгын жана арматуранын жайгашуусун аныктоонун магниттик ыкмасы;
- МАСТ 23858-79 (1995) Тийиштирип ширетилген бирикмелери жана тавр арматураларынын ширетилген бирикмелери. Сапатын контролдоонун ультрадобуш ыкмалары. Кабыл алуу эрежелери;
- МАСТ 23118-2012 Курулуш болот конструкциялары. Жалпы техникалык шарттары;
- МАСТ 24846-2012 Кыртыштар. Имараттарды жана курулмалардын түптөрүнүн деформацияланышын ченөө ыкмалары;
- МАСТ 24992-2014 Таш конструкциялары. Таш менен коюудагы бириккен жерлердин бышыктыгын аныктоо ыкмалары;
- МАСТ 28570-90 Бетондор. Конструкциялардан тандалып алынган боюнча бышыктыгын аныктоо ыкмалары; үлгүлөр
- МАСТ 30062-93 Темир бетон конструкциялары үчүн стержень арматурасы. Бышыктык сапаттарын контролдоонун уюлгуган токтуу ыкмасы;
- ВКЧ 48-86 Капиталдык оңдоону долбоорло үчүн турак имараттарын техникалык изилдөө жүргүзүү учурунда коопсуздук эрежелери.
Э с к е р т ү ү - Ушул курулуш ченемдерин колдонуу учурунда шилтемелердеги ченемдик документтердин Кыргыз Республикасынын аймагында иштешин, Архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгүнүн тармагында саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана Стандартташтыруу боюнча улуттук органдын ушул жылы жарыяланган тийиштүү маалыматтары боюнча текшерүү керек. Эгер шилтемедеги документ алмаштырылган (өзгөртүлгөн) болсо, анда ушул курулуш ченемдерин колдонуу учурунда, алмашылган (өзгөртүлгөн) ченемдик документти колдонуу керек. Эгер шилтемедеги документ алмаштырылбай алынып салынса, анда ага шилтеме келтирилген жобо, бул шилтемеге тийиштүү эмес бөлүгүндө колдонулат.
Ушул курулуш ченемдеринде А тиркемесиндеги терминдер жана аныктамалар колдонулган.
Ушул курулуш ченемдеринде Б тиркемесиндеги символдор, алардын кыскартуулары жана шарттуу белгилери колдонулган.
5.1 Ушул ченемдерди төмөндөгүлөрдүн жер титирөөгө туруктуулугун текшерүүдө жана баалоодо сактоо керек:
- турган имараттардын;
- курулушу аяктабаган имараттардын;
- реконструкциялоого, капиталдык оңдоого же бузууга белгиленген имараттардын;
- жер титирөөдө жана башка жаратылыш кырсыктарында бузулган имараттардын.
5.2 Учурдагы имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун баалоону төмөндөгү учурларда жүргүзүү керек:
- конструкцияларда жалпысынан имараттардын бышыктыгын, туруктуулугун жана эксплуатациялык бекемдигин төмөндөтүүчү кемтиктер жана бузулуулар болгондо;
- имараттарды кайра пландоонун, күчөтүүнүн, реконструкциялоонун, кайра профилдөөнүн же техникалык кайра жабдуунун жыйынтыгында конструкцияга эксплуатациялык жүктүн жана таасирлердин өсүшүндө;
- конструкциялардын көтөргүч жөндөмдүүлүгүнө жана эксплуатациялык сапатына таасирин тийгизүүчү долбоордон чегинүүлөрдү аныктоодо;
- долбоордук-техникалык жана аткаруу документтеринин жоктугунда;
- имараттарды жана курулмаларды үзгүлтүк болгон курууну бир жыл өткөндөн кийин кайра улантууда;
- сейсмикалык райондоштуруу карталарын түзөтүүдөн улам эсептик сейсмикалык жүктөрдүн өсүшүндө;
- өрттүн, табигый мүнөздөгү бөөдө кырсыктардын же техногендик катастрофалардын таасирине кабылган курулуш конструкцияларынын абалын баалоо зарылчылыгында;
- конструкцияларынын физикалык эскирүүсүн эске алуу менен андан ары пайдалануу үчүн турак жай, өндүрүштүк жана коомдук имараттардын жарактуулугун аныктоо зарылчылыгында.
5.3 Текшерүүдө алынган маалыматтар төмөндөгүлөр үчүн жеткиликтүү болуш керек:
- В тиркемесине ылайык, атайын классификатордун негизинде ирилештирилген көрсөткүчтөр боюнча учурдагы имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун экспресс-баалоо;
- колдонуудагы ченемдердин жоболорунун негизинде атайын талдоонун жыйынтыктары боюнча учурдагы имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун ар тараптуу баалоо;
- учурдагы имараттардын конструкцияларын калыбына келтирүү же бекемдөө боюнча долбоорлорду же сунуштарды иштеп чыгуу;
- имараттардын конструкцияларынын иш жүзүндөгү жана ченемдик көтөргүч жөндөмдүүлүгүнүн эсептик маанилеринин катышын мүнөздөөчү жер титирөөгө туруктуулуктун коэффициентин аныктоо.
5.4 Имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун баалоодо иштердин багытына, курамына жана көлөмүнө жараша алдын ала, локалдуу жана деталдуу текшерүү болуп бөлүнөт.
5.4.1 Алдын ала текшерүүнү учурдагы имараттардын бардык түрлөрү үчүн аткаруу керек. Алдын ала текшерүүнү төмөндөгүлөр үчүн жетиштүү маалыматтарды тактоо (долбоордук-техникалык документтер болгондо) же алуу (долбоордук-техникалык документтер жок болгондо) максатында өткөрүү керек:
- имараттын конструктивдик чечимдеринин (конструктивдик схемаларынын) түрүн аныктоо;
- негизги көлөмдүк пландаштыруучу чечимдерин аныктоо;
- конструкциялардын абалын болжолдуу баалоону аткаруу;
- имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун экспресс-баалоо.
Алдын ала текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча имараттын конструкцияларынын бекемдигин, туруктуулугун жана катуулугун төмөндөтүүчү кемтиктер жана бузулуулар аныкталганда деталдуу текшерүүнү өткөрүү жана бул үчүн талап кылынган каражаттарды дайындоо керек.
5.4.2 Локалдуу текшерүүнү көлөмдүк-пландоо жана конструктивдик чечимдери колдонуудагы жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча ченемдердин талаптарына ылайык келген имараттардын конструкцияларынын өзүнчө элементтеринин, түйүндөрүнүн жана участокторунун жасалуу сапатын тактоо жана/же абалын аныктоо максатында жүргүзүү керек.
Локалдуу текшерүү ушул ченемдердин 8.1 пунктунда берилген имараттардын жана курулмалардын конструкцияларын текшерүүдө өткөрүлөт.
Локалдуу текшерүүлөрдүн жыйынтыктары деталдуу текшерүүнүн зарылчылыгын жана бул үчүн талап кылынган каражаттарды аныктоодо аныктоочу чечим боло алат.
5.4.3 Деталдуу текшерүүнү имараттын жер титирөөгө туруктуулугун ар тараптуу баалоо үчүн керектүү маалыматтарды тактоо (долбоордук-техникалык документтер болгондо) же алуу (долбоордук-техникалык документтер жок болгондо) максатында өткөрүү керек.
Деталдуу текшерүү конструкциялардын эсептеринин толук комплексин аткаруу менен байланыштуу изилдөөлөрдө талап кылынат (имараттын толук эсеби, бекемдөө конструкцияларынын эсептери, жер титирөөгө туруктуулук коэффициентин аныктоо).
5.5 Татаал объекттерди текшерүүнү курулуштун жер титирөөгө туруктуулугу чөйрөсүндө адистешкен илимий-изилдөө уюмдарынын катышуусунда аткаруу керек. Татаал объекттерге төмөндөгүлөр кирет:
кыйроосу оор экологиялык, экономикалык жана социалдык кесепеттерге алып келе учурдагы имараттар жана курулмалар;
энергия жана суу менен камсыздоо системалары бар, анын ичинде өрт өчүрүү системалары жана КР КЧ 20-02 боюнча IV жоопкерчилик классындагы объекттер үчүн резервдик системалары бар имараттар жана курулмалар;
өкмөттүк байланыш системалары бар имараттар жана курулмалар;
театрлардын, кинотеатрлардын, концерттик залдардын, жабык стадиондордун имараттары жана жалпы сыйымдуулугу 3000 адамдан ашык ибадаттык, маданий-оюн зооктук жана көңүл ачуучу багыттагы башка имараттар;
музейлердин имараттары; улуттук жана маданий баалуулуктарды сактоочу жайлары бар имараттар; мамлекеттик архив имараттары;
олуттуу көркөм жана тарыхый баалуулукка ээ болгон эстеликтер.
5.6 Тарыхый эстелик катары эсепке алынган имараттарда жана курулмаларда конструкциялардын жана/же жасалгалоо катмарларынын жергиликтүү бузулуусу менен байланыштуу иштерди (зонддоо, ачуу) эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты болгондо жүргүзүүгө жол берилет.
6.1 Имаратты текшерүү долбоордук-техникалык документтерди талдоону камтышы керек.
Талдоо үчүн керектүү долбоордук-техникалык документтер Г тиркемесиндеги тизмеге ылайык болушу керек.
6.2 Долбоордук-техникалык документтердин тизмесинде долбоордук, курулуш-монтаждык жана эксплуатациялык стадияларга мүнөздүү документтер бөлүнгөн.
Долбоордук-техникалык документтер жок болгондо биринчи жакындатуу катары инвентаризациялык пландарды жана техникалык паспортторду пайдаланууга жол берилет.
6.3 Долбоордук-техникалык документтерди талдоону төмөндөгү максаттарда өткөрүү керек:
- алдын ала текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталган имараттардын конструктивдик схемаларын тактоо;
- долбоордук чечимдердин жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча колдонуудагы ченемдердин талаптарына шайкештигин аныктоо;
- долбоордогу жана имараттын жер титирөөгө туруктуулугун баалоо учурундагы иш жүзүндө кабыл алынган эсептик сейсмикалык жүктөрдү салыштыруу;
- инженердик изилдөө материалдары боюнча кыртыш шарттарын баалоо.
6.4 Долбоордук-техникалык документтерди талдоону ушул ченемдердин 6.4.1-6.4.6 пункттарында көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүү керек.
6.4.1 Изилденүүчү объект жөнүндө жалпы маалыматтар аныкталышы жана төмөндөгүлөрдү камтышы керек:
- долбоорлоо жана куруу жылы;
- объекттин же анын өзүнчө жайларынын баштапкы багытында өзгөрүүлөрдүн болушу же жоктугу;
- курулуш аянтчасынын инженердик-геологиялык шарттары, сейсмикалуулук, сейсмикалык касиеттери боюнча кыртыш шарттарынын түрлөрү ж.б. тууралуу маалыматтар;
- имараттын эсептик сейсмотуруктуулугу.
Документтерде жок болгон маалыматтарды текшерүү жүргүзүүнүн жүрүшүндө алуу керек.
6.4.2 Имараттын долбоорунда кабыл алынган көлөмдүк пландаштыруучу жана конструкциялоо чечимдерин колдонуудагы ченемдердин талаптарына шайкештигине карата талдоо керек.
6.4.3 Имаратты куруу же эксплуатациялоо процессинде жол берилген долбоордук көлөмдүк пландаштыруучу жана конструктивдик чечимдерден четтөөлөр аныкталып жана актылар, журналдар, протоколдор жана башка техникалык документтерде докумжазылыпенттерде жазылып белгилениши керек.
6.4.4 Текшерүүгө карата техникалык тапшырма менен текшерүү процессинде контролдук текшерүүгө (документтери болгондо) же аныктоого (документтер жарым-жартылай жок болгондо) жаткан конструкциялардын материалдарынын физикалык-механикалык мүнөздөмөлөрүнүн керектүү сыноолорунун сыноолорунун көлөмү аныкталат (геометриялык өлчөмдөрү, бекемдик мүнөздөмөлөрү, технологиялык жана башка жүктөрдүн чоңдуктары).
6.4.5 Текшерүүдө өзгөчө көңүл бурууну талап кылган конструкциялардын элементтери, участоктору жана түйүндөрү потенциалдуу сейсмикалык кооптуу участоктордун тизмесине киргизилиши керек.
6.4.6 Бузулууларды, долбоордон айырмачылыктарды жазып белгилөөнү жеңилдетүү үчүн текшерүүгө жана андан ары талдоого жаткан конструкциялардын схемаларын даярдоо керек.
6.5 Имараттарды түздөн-түз текшерүү процессинде документ түрүндө (же мындай документтер жок болгондо) белгиленбеген долбоордон чегинүүлөрдү аныктоо жана изилдөө керек.
6.6 Долбоордук-техникалык документтерди талдоону текшерүүдөн кийин дагы улантышат, бирок башка маалыматтарды алуу үчүн (планда жана имараттын бийиктиги боюнча массалардын жана катуулуктардын бөлүнүшүн аныктоо же тактоо, сейсмикалык таасирлерди эске алуу менен жүктөрдүн негизги жана өзгөчө айкалыштарына карата имараттардын баштапкы маалыматтарын жана эсептеринин жыйынтыктарын изилдөө, үзгүлтүксүздүк критерияларына шайкештигин аныктоо).
7.1 Алдын ала текшерүүнү визуалдык кароо, бузбай контролдоо ыкмаларын пайдалануу менен көтөргүч конструкциялардын техникалык абалын жана бекемдигин баалоо, зарыл болгондо, иш жүзүндө армирлөөнү, коргоочу катмарларды жана курулуш конструкцияларынын бекемдигин жарым-жартылай ачуу жана аныктоо аркылуу өткөрүү керек.
7.2 Алдын ала текшерүү процессинде тиешелүү иш тартибин сактоо керек:
а) имарат жөнүндө жетпеген жалпы маалыматты, аны куруу жылын аныктоо;
б) көтөргүч конструкциялардын конструктивдик схемаларын, жүктөмдү же эксплуатациялоо процессинде өзүнчө жайлардын функционалдык багытын өзгөртүү;
в) конструкциялардын анык иштөө шарттарын жана түйүндүк байланыштырууларды эске алуу менен имараттардын принципиалдуу конструктивдик чечимдерин тактоо;
Э с к е р т ү ү - Долбоордук-техникалык документтер жок болгондо жүргүзүү керек:
- ширетилип жана монолиттик тийиштирип биригүүлөрү менен ири панелдик имараттардын айырмасын аныктоо үчүн конструкцияларды ачуу;
- кыш көтөргүч дубалдары менен имараттардын кыш толтурулган каркастык конструкциялардан айырмаларын аныктоо үчүн конструкцияларды ачуу;
- көлөмдүк-пландаштыруучу жана конструктивдик чечимдерди тактоо үчүн керектүү техникалык чиймелерди иштеп чыгуу менен ченөө иштери.
г) бийиктиктердин иш жүзүндөгү айырмаларын аныктоону, пландагы имараттын конфигурациясын, жер титирөөгө каршы бириктирилген жерлердин жайгашуусун жана туурасын эске алуу менен имараттардын көлөмдүк-пландаштыруучу чечимдерди тактоо;
д) жооптуу конструкциялардын бетонунун бышыктыгын жана/же көтөргүч дубалдардын тургузуу эритмесинин бышыктыгын баалоо;
е) конструкциялардын техникалык абалын болжолдуу аныктоо;
ж) бузулуулардын болушу, физикалык эскирүүнү баалоо жана алардын имараттын жер титирөөгө туруктуулугуна таасирин болжолдуу аныктоо;
з) инженердик коммуникациялардын абалы;
и) зарыл болгон учурда, асма шыптын, беттөөнүн жана жасалгалоолорунун артында визуалдык контролдоодон жашырылган участокторду кароо үчүн конструкцияларды биринчи кезектеги ачуу.
7.3 Алдын ала текшерүүнү конструкциялардын жана алардын түйүндөрүнүн сапатын контролдоону бузбаган жөнөкөй приборлорду (дүрбү, узун фокустуу объектив, деңгээл, тиктартма, метр, балка, ийне, металл издегич) жана ченегичтерди пайдалануу менен имаратты визуалдык кароо аркылуу жүргүзүү керек.
7.4 Конструкциялардын параметрлерин аныктоо үчүн 10-бөлүмдө көрсөтүлгөн ыкмаларды жана каражаттарды пайдалануу сунушталат.
7.4.1 Дубалды тургузуу эритмесинин бышыктыгын 7.1 таблицада берилген маалыматтын жардамы менен болжолдуу аныктоого жол берилет.
7.4.2 Жооптуу конструкциялардын бетонунун бышыктыгын 7.2 таблицада берилген ыкмалардын жана маалыматтардын жардамы менен болжолдуу аныктоого жол берилет.
7.1 т а б л и ц а – Дубалды тургузуу эритмесинин бышыктыгын алдын ала
аныктоо
Эритменин кысууга бышыктыгы, кгс/см2 | Тургузуунун бириктирилген жерлеринде эритменин бузулуусунун мүнөздүү белгилери |
0-2 | Эритме бычак менен оңой бошотулат, күбүлөт, үйлөнөт |
4-10 | Эритме бычак менен оңой кесилет |
25 | Эритме оңой менен кесилбейт, майдаланат |
50 | Эритме майдаланат, бирок кесилбейт |
100 жана андан жогору | Эритменин бетинде бычактын мизин өткөрүүдө из калат |
7.2 т а б л и ц а – Бетондун бышыктыгын алдын ала аныктоо
Бетондун кысууга бышыктыгы, кгс/см2 | Бетондун бышыктыгын болжолдуу аныктоо ыкмасы | |
балканын кыры менен | кескич менен | |
70 төмөн | Бетонго ургандагы добуш күңүрт, терең из калат, чуңкурайган орундун четтери күбүлбөйт | Кескич бетонго 10-15 мм тереңдикке салыштырмалуу оңой урулат |
70– 100 | Бетонго ургандагы добуш күңүртүрөөк, бетон үбөлөнөт жана күбүлөт, чуңкур жерлер калат | Кескич бетонго болжол менен 5 мм тереңдикке кирет
|
100-200 | Бетондун бетинде байкаларлык из калат, анын айланасында жука лещадка жарылып бөлүнөт | Бетондун бетинен жука лещадка бөлүнөт |
200 жогору | Бетонго ургандагы добуш шаңкылдайт, бетондун бетинде көп байкалбаган из калат | Терең эмес из калат (штрихтер), лещадка бөлүнбөйт |
Э с к е р т ү ү – Сыноолордо кескичти конструкциялардын бетине перпендикулярдуу орнотуу керек. | ||
7.5 Конструкциялардын абалын баалоо үчүн кемтиктердин жана бузулуулардын болушун жана мүнөзүн аныктоо керек:
а) жаракаларды жана бетондун сыныгы же талкалануусу, арматуранын дөмпөйүп чыгып калуусу ж.б. сыяктуу визуалдуу байкалуучу башка бузулууларды;
б) визуалдык кароодо байкалган конструкциялардын элементтеринин өлчөмдөрүнүн, формасынын жана абалынын четтөөлөрү жана өзгөрүүлөрү;
в) конструкциялардын материалдарынын коррозиялык, биологиялык, өрт жана башка бузулуулары (бетондун же кыш коюунун күбүлүшү, эрүүсү, жемирилүүсү, катмарлашуусу, жыгачтын чириши ж.б.);
г) коргоочу каптамдарды жана гидроизоляциялык катмарларды (түздөн-түз жана\же кыйыр белгилери менен: айрылуу, көөп калуу, туздануу, дат тактары ж.б.).
7.6 Имараттын конструкцияларынын абалын 7.3 таблицада берилген маалыматтардын жардамы менен болжолдуу баалоого жол берилет.
7.7 Конструкцияларда андан ары чөгүү, жарака кетүү жана ийилүү өнүгүшү мүмкүн болгон деформацияларды, кемтиктерди жана бузулууларды аныктаганда маяктарды, реперлерди жана видеокамераларды орнотуу аркылуу системалуу байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо керек.
7.8 Имараттан авариялык же жараксыз абалда турган конструкцияларды аныктаганда, керектүү коопсуздук чараларын (мындай конструкцияларды демонтаждоо же убактылуу бекитүү, кооптуу участоктордун тосмолорун орнотуу ж.б.) көрүү максатында, ошондой эле текшерилген объектте ишти улантуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн бул тууралуу тапшырыкчыга билдирүү сунушталат.
7.3 т а б л и ц а – Конструкциялардын абалын баалоо
Абалынын жалпы мүнөздөмөлөрү (белгилери) | Баалоо | ||
Негизги конструкциялардын жана/же алардын элементтеринин | Изоляциялоочу катмарлардын абалы | Коргоочу каптамдар | |
Конструкциялардын бузулууларынын, кемтиктеринин жана деформациясынын көрүнгөн белгилери жок. Курама конструкциялардын элементтеринин ортосундагы бириктирилген жерлердеги, көтөргүч жана көтөргүч эмес конструкциялардын байланышкан орундарындагы кыл жраңкалары. Каптоонун, беттөөнүн, шыбактын, тыгындоонун, фактуралык катмарлардын майда жергиликтүү кемтиктери жана бузулуулары | Бузулуулар жок, көмөкчү элементтердин (мамычалар, кобулдар, плиткалар ж.б.) айрым майда кемтиктери
| Түстү бир аз өзгөртүү менен жалтыроо-ну жоготуу | Жакшы |
Конструкциянын жол берилгис деформацияларынын көрүнгөн белгилери жок. Материалдардын бышыктыгы долбоордук деңгээлден төмөн эмес. Темир бетон конструкцияларында узунунан кеткен окко карата нормалдуу кыл жаракалары; бетондун карбондошуу тереңдиги коргоочу катмардын калыңдыгынан чоң эмес. Кыш конструкцияларда айрым жаракалардын узундугу 16 см чейин. Узунунан кеткен жана туурасынан кеткен дубалдардын кошулган жерлеринде вертикалдуу жана жантайма жаракалардын пайда болуу белгилери жок. Курама конструкциялардын бириктирилген жерлеринен жана кошулган жерлеринен эритменин аз-маз боелушу. Тоңууга кабылган конструкциялардын кырларынын күбүлүшү. Материалдардын көрүнгөн коррозия белгилери жок | Агуулар жана алардын издери жок. Жергиликтүү көөп калуулар, катмарлашуу, чатырдын, полдун элементтери-нин бекитүүлөрү-нүн бошоп калуусу. Жогорку жабуу катмарларын-дагы жаракалар же тешиктер. | Туташтырма деталдар-дын коррозияга каршы коргоочу бузулган эмес. Коргоочу каптамдардын жергилик-түү бозомтугу. | Канааттандыраарлык |
Конструкциялардын байкаларлык (ченемдер менен жол берилгис) деформациялары. Материалдардын бышыктыгы долбоордуктан төмөн (20%га чейин). Темир бетон конструкцияларда бетондун өтмө жантайма жаракалары, чуңкурлары жана тешиктери коргоочу катмардын калыңдыгынын чегинде, бетонду тургузуунун кемтиктери; курама элементтердин таянуу аянтынын азайышы. Кыш конструкцияларда өтмө жаракалардын узундугу 30 см чейин. Туурасынан жана узунунан кеткен дубалдар байланышкан жерлердеги вертикалдуу жана/же жантайма жаракалар. Жыгач каптамдардын сезилээрлик солкулдагы. Беттөөнүн, шыбактын массалык катмарлашуусу, фактуралык катмардын 20%га чейинки аянтынын бузулуулары. Эшик, терезе оюктарынын бурчтарындагы жана түптөө деталдары туштагы жаракалар. Жыгач материалдардагы чирик издери жана конструкциядагы башка материалдардагы коррозия | Айрым орундардагы агуулар (жылчыктар), листтердин (плиткалардын) 10%га чейинки аянтта айрылуусу; жогорку катмардын бузулушу жана экинчи катмардын бузулушу | Башталган бузулуулар: беттин кир кармашы жана самын көбүктөнүүсү, айрым орундардагы тытыктар | Канааттандыраарлык эмес |
Конструкциялардын олуттуу деформациялары. Ийилүүчү элементтердин 1/50 аралыктан жогору ийилүүсү. Темир бетон конструкцияларда арматуранын жылаңачтануусу, кесилиштердин жылып кетиши, арматураны анкерлөө зонасындагы жаракалар; курама элементтердин таянуу аянтынын кыйла кичирейиши. Массалык өтмө жаракалар жана кыш коюудагы катмарлашуулар. Узунунан кеткен дубалдын туурасынан кеткен дубалдан ажыроосу. Жер титирөөгө каршы курлардын арматураларынын ажырашы. Жыгач конструкциялардагы чирик, мите козу карын, коңуз менен катуу бузулуулар. Башка конструкциялардагы материалдардын олуттуу коррозиясы
| Массалык агуулар, негизден катмарлануу, элементтердин бекиткичтеринин бузулушу, листтердин (плиткалардын) жоктугу | Шамалда-нуу жана жарылуу | Авариялык |
Айрым темир бетон жана/же кыш элементтеринин бузулушу (кулап калуу же сынуу); калгандары кыйроо чегинде турат. Жыгач конструкциялардын коңуз жана чирик менен массалык бузулушу; түйүндөрдүн бузулушу, кыйшаюулар. Коррозия менен өтмө бузулуулар | Урандылар, катмардын бөлүктөрүнүн жоктугу; сакталган деталдардын, элементтердин эскирген абалы | Көбүктө нүү, катмарлашуу, каптам алдындагы дат тактары | Жарак сыз |
8.1 Локалдуу текшерүүнү 9 баллдан ашпаган эсептик сейсмикалуулукка ээ болгон имараттардын конструкцияларынын айрым элементтеринин, түйүндөрүнүн жана участокторунун сапатын тактоо жана абалын аныктоо үчүн жүргүзүү керек:
а) дубал панелдери өз ара жана жабуу плиталары менен тийиштирип бириктирилген ири панелдүү имараттар (1-464 жана 105 сериялары);
б) дубал панелдери жана жабуу плиталары туташтырма деталдары аркылуу ширетип бириктирилген ири панелдүү имараттар (1-464-АС сериясы);
в) көтөргүч дубалдары монолиттик темир бетондон турган имараттар;
г) бекемдик ядролору монолиттик темир бетондон, каркасы монолиттик же курама темир бетондон турган имараттар;
д) каркасы монолиттик темир бетондон, дубал панелдери асма имараттар;
е) каркасы тилкелик элементтерден турган курама темир бетондон, узунунан кеткен арматурасы ванна ширетүүсү менен кошуп бириктирилген жана дубал панелдери асма имараттар (ИИС-04 сериясы);
ж) каркасы болоттон, дубал панелдери асма имараттар;
з) каркасы темир бетондон, дубал панелдери асма бир кабаттуу имараттар;
и) каркасы жыгачтан, дубалдары камыш же энергия үнөмдүү жылуулукту сактоочу материалдардан турган имараттар;
к) курама жыгач калкан имараттар;
л) жумуру жыгач имараттар.
8.2 Локалдуу текшерүүнү өткөрүүгө жол берилбейт:
- конструкциялары канааттандыраарлык эмес, авариялык же пайдалануу үчүн жараксыз абалда турган имараттарда;
- реконструкциялоодон кийин жүктү көбөйтүү пландалган имараттарда.
Локалдуу текшерүүнүн жоболорунун аракети жайылтылбаган имараттар үчүн деталдуу текшерүүнү аткаруу керек.
8.3 8.1 а)-з) пунктунда көрсөтүлгөн имараттарды локалдуу текшерүүдө долбоорго шайкештиги документтер менен тастыкталбаган конструкциялардын потенциалдуу сейсмикалык кооптуу элементтерин, участокторун жана түйүндөрүн тандалмалуу текшерүү керек. Локалдуу текшерүүдө 8.3.1-8.3.4 пункттарынын жоболорун эске алуу керек.
8.3.1 Ири панелдүү имараттарда текшерүүнү жүргүзүү керек:
- дубал панелдеринин жана жабуулардын абалы, анын ичинде “өз демилгелүү” реконструкциялоонун жыйынтыгында бузулган;
- дубал панелдеринин ортосундагы монолиттенген тийиштирип бириктирилген, монолиттөө бетонунун бышыктыгы жана тыгыздыгы, ошондой эле чыккан (туташтырма) арматуралардын ширетилип бириктирүүлөрү;
- бириктирүүчү жана туташтырма деталдарды ширетүүнү колдонуу менен аткарылган тийиштирип биригүүлөр;
- долбоорго шайкештиги документтер менен тастыкталбаган конструкциялардын потенциалдуу сейсмикалык элементтерин, участокторун жана түйүндөрүн;
- пайдалануунун жагымсыз шарттарында турган түйүндөрдү;
- суу менен камсыздоо жана сууну агызуу системаларынын бузуктугунан, тийиштирген жерлердин тоңуп калуусунан, имараттагы абанын жогорку нымдуулугунан улам нымдоого кабылган участоктор.
8.3.2 Тилкелик элементтерден турган курама темир бетон конструкциялары менен каркастык имараттарда текшерүүнү жүргүзүү керек:
- каркас элементтеринин түйүндүү биригүүлөрү;
- монолиттөө бетондорунун бышыктыгы жана тыгыздыгы;
- чыккан арматураларды жана туурасынан кеткен армирлөөнү ванна ширетүүсүнүн кемтиктеринин болушу.
8.3.3 Монолиттик темир бетон каркасы жана бекемдик ядролору менен имараттарда текшерүү жүргүзүү керек:
- бекемдиктин монолиттик темир бетон ядролорунун бышыктыгы жана тыгыздыгы;
- бетондоонун технологиялык бириктирилген жерлеринде кемтиктердин болушу;
- каркас элементтеринин түйүндүү жана түйүн алдындагы зоналарында морт бузулуулар боло турган конструкциялардын участоктору.
8.3.4 Монолиттик темир бетондон жасалган дубалдары менен имараттарда текшерүүнү аткаруу керек:
- тышкы жана ички дубалдардын монолиттик бетонунун бышыктыгы жана тыгыздыгы;
- бетондоонун технологиялык бириктирилген жерлерин аткаруунун сапаты жана абалы;
-туташтыргычтардын жана дубалдардын жалпы участокторун армирлөө;
8.4 Болот каркасы менен имараттарда текшерүүлөрдү аткаруу керек:
- буроолорду орнотуунун жана аларды буроо бириктирүүлөрүндө бурап бекитүүнүн тууралыгы;
- ширетип бириктирилген жерлердин туташтыгы жана жараканын жоктугу.
8.5 Ушул ченемдердин 8.1 пунктунда көрсөтүлгөн асма панелдери менен имараттарда асма панелдерди каркастын көтөргүч конструкциялары менен бириктирүү түйүндөрүн аткаруунун тууралыгын текшерүү керек.
8.6 Курама темир бетон конструкцияларынан турган имараттарды локалдуу текшерүүдө туташтырма жана бириктирүүчү элементтердин абалын аныктоо керек. Туташтырма жана бириктирүүчү элементтерди текшерүүдө 8.6.1-8.6.4 пункттарда каралган тартипти сактоо керек.
8.6.1 Имараттарда текшерүүлөр үчүн тандоо керек:
а) пайдалануунун жагымсыз шарттарында турган түйүндөр (мисалы, суу менен камсыздоо жана суу агызуу тармактарынын бузуктугунан, тоңуп калуудан, абанын жогорку нымдуулугунан улам нымдалышуу);
б) тышкы дубал панелдеринин өз ара жана ички туурасынан кеткен дубалдар менен, ошондой эле ички панелдердин өз ара ширетилип бириккен түйүндөрү;
в) карниз блокторун бекитүү түйүндөрү.
Ар бир түрдөгү текшерилген түйүндөрдүн саны 3төн кем болбошу керек.
8.6.2 Конструкцияларды ачууну андан ары тешиктердин ортосундагы оюкту бузуу менен ачылуучу участоктун периметри боюнча тешиктерди алдын ала көзөө аркылуу механизацияланган куралды колдонуу менен өткөрүү керек.
8.6.3 Туташтырма деталдарды эритменин калдыктарынан жана коррозия продукттарынан металл щетка же абразивдик материалдар менен тазалоо керек.
8.6.4 Болот элементтердин абалын текшерүүдө аныктоо керек:
- коррозиянын түрү – баштан аяк (деталдын бардык бетин дат баскан) же жергиликтүү (чоң жана майда тактар,);
- жергиликтүү коррозия менен бузулган беттин аянты;
- коррозияны тазалагандан кийин жука кесилиштеги деталдын калыңдыгы;
- ширетип бириктирилген жерлердин жана бириктирилген жердин металлын тазалагандан кийинки анын параметрлеринин (катеттер жана узундугу) кемтиктеринин болушу.
8.7 Жыгач көтөргүч конструкциялары менен имараттарды локалдуу текшерүүнү көтөргүч конструкциялардын абалын тактоо, эсептик горизонталдуу таасирлерде конструктивдик системалардын өзгөрбөстүгүн камсыздаган иш-чаралардын болушун текшерүү үчүн өткөрүү керек. Тандалма текшерүүгө жатат:
‒ жогорку жана төмөнкү бириктиргичтер, мамылардын жана каркастын таканчыктарынын аягы .
‒ имараттын горизонталдуу бекемдигин камсыздаган каптоочу рейкалар же такталар;
‒ имараттын төмөнкү бөлүгүндөгү бириктирүүчү кырдуу устундар, ошондой эле имараттын бурчтарындагы калкандардын ортосундагы тийиштирилген бириктирүүлөр.
Жумуру жыгачтан жасалган имараттарда төмөнкү коймо кайчы устундун, карниздеги жана терезе оюктарындагы кайчы устундун абалын текшерүү керек.
8.8 Жабуусу жыгач көтөргүч конструкциялардан турган имараттарда локалдуу текшерүү жүргүзүү керек:
а) начар желдеген жертөлөдө жана чердакта, имараттын тышкы дубалдарында, нымдуу жана алар менен чектеш жайларда, ошондой эле муздак тепкич торлору менен чектеш участоктордо жабуунун жыгач конструкцияларын;
б) чатыр материалынан турган жабуулар астындагы жана такталардын ортосундагы жогорку бөлүктөгү жыгач төшөмөлөрдү жана плиталарды;
в) учтары дубалга киргизилген орунда; каптал беттерде; жыгач устун бетондон же таштан турган имараттын бөлүктөрү менен тийишкен орундарда жабуунун жыгач карагай устунун.
9.1.1 Деталдуу текшерүүнү имараттын жер титирөөгө туруктуулугун ар тараптуу баалоо үчүн керектүү ишенимдүү маалыматты алуу максатында өткөрүү керек.
9.1.2 Долбоордук-техникалык документтерди талдоонун, алдын ала жана локалдуу текшерүүлөрдү аткаруунун жыйынтыгында алынган маалыматтын толуктугуна жана сапатына жараша деталдуу текшерүү иштеринин жалпы курамын 9.1.2.1-9.1.2.6 пункттарына ылайык аткаруу керек.
9.1.2.1 Имараттын жер титирөөгө туруктуулугун баалоо үчүн деталдуу текшерүүнүн ишенимдүү маалыматтары камтышы керек:
- конструкциялардын иш жүзүндөгү геометриялык өлчөмдөрү;
- негизги көтөргүч элементтердин, алардын бириктирүү жана жайгашуу түйүндөрүнүн конструктивдик чечими;
- конструктивдик элементтердеги арматуралардын жайгашуу схемалары жана диаметрлери;
- конструкциялардын материалдарынын иш жүзүндөгү бекемдик мүнөздөмөлөрү;
- статикалык жүктү түзгөн, имараттардын элементтеринин иш жүзүндөгү курамы жана көлөмдүк салмагы;
- имараттын бузулууларынын жана кемтиктеринин деңгээли жана себептери;
- элементтердин деформациялары (ийилүү, жантаюу, жылышуу, чөгүү ж.б.);
- конструкциялардын түйүндөрүнүн параметрлерин тактоо,
- инженердик коммуникациялардын абалы;
- “өз демилгелүү” реконструкциялр жана имаратты пайдалануунун жүрүшүндө жүргүзүлгөн башка долбоордук эмес өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат;
- конструкциялардын эскирүү пайызы.
9.1.2.2 Долбоордук-техникалык документтер жок болгондо эскиздерди же ченөө чиймелерин аткаруу керек:
а) натуралык өзгөртүүлөр аркылуу аныкталган, өлчөмдөрдү жана белгилерди түшүрүү менен имараттардын пландары жана кесиктери;
б) дубалдардын жабуулар менен тийиштирген бириктирүүлөр, чатыр устун конструкциялары менен байланыштар, колонналар менен байланыштар сыяктуу негизги конструктивдик түйүндөрү менен көтөргүч системалардын схемалары;
в) пайдубалдын, колонналардын, ригелдердин, дубалдардын, жабуу пилиталарынын, каптамдардын, байланыштардын конструкцияларынын кесилиштери.
9.1.2.3 Долбоордук-техникалык документтер болгондо иш жүзүндөгү жана долбоордук чечимдерди же конструкциялардын параметрлерин салыштыруу менен контролдук текшерүүнү жүргүзүү керек. Зарылчылыкка жараша иш жүзүндөгү ченөөлөрдүн жана конструкцияларды изилдөөнүн жыйынтыктары менен жаңы чиймелерди иштеп чыгуу керек.
9.1.2.4 Кандайдыр бир геометриялык, физикалык-механикалык жана башка параметрлерди ченөө аркылуу алынган маалымат статистикалык негизделиши керек.
9.1.2.5 Учурдагы жүктөрдү аныктоо үчүн ачуунун жыйынтыктары боюнча полдун жана чатырдын курамын аныктоо керек. Ачылган конструкциялардын курамынын жана өлчөмдөрүнүн долбоордо кабыл алынгандан байкаларлык айырмасы болгондо, түзгөн катмарлардын, анын ичинде нымдуулугун эске алуу менен жылуулагычтын көлөмдүк массасын аныктоо керек.
9.1.2.6 Деталдуу текшерүүдө армирлөө параметрлерин жана конструкциялардын материалдарынын бекемдик мүнөздөмөлөрүн аныктоо керек:
а) бетондун коргоочу катмарынын калыңдыгын өлчөө, арматуралардын жайгашуусун жана диаметрлерин аныктоо;
б) ар кандай ыкмаларды пайдалануу менен бетонду нейтралдаштыруунун бекемдигин жана тереңдигин аныктоо жана тактоо;
в) арматуранын классын жана бекемдик чегин аныктоо;
г) кыш коюуну сыноо.
9.1.3 Долбоордук-техникалык документтердин болуусунан көз карандысыз, деталдуу текшерүүдө текшерилүүчү имаратты фотосүрөткө тартуу жана болгон бузулууларды документ түрүндө белгилөө менен конструкциялардын абалын кеңири изилдөө керек.
9.1.3.1. Конструкциялардын иш жүзүндөгү абалын изилдөөдө жана тактоодо аткаруу керек:
- ийилген жерлерди, чөккөн жерлерди, вертикалдан четтөөлөрдү, таяныч аянтчаларынын ордунан жылышуусун ж.б. өлчөө;
- бетондун тыгыздыгын жана сапатын текшерүү;
- болот конструкциялардын жана арматуралардын ширетип кошулган жерлеринин сапатын жана абалын текшерүү;
- бетондун, арматуранын жана болот конструкциялардын коррозиялык эскирүү бузулууларын, ошондой эле жыгач конструкциялардын биологиялык бузулууларын аныктоо;
- 0,1 мм ашпаган тактык менен жаракалардын ачылуу кеңдигин өлчөө;
- жайгашкан ордун, багытын жана бузулган участоктордун өлчөмүн белгилөө менен бузулууларды эскизге түшүрүү жана/же фотосүрөткө тартуу (мисалы, жаракалар, бетондун чукулган жерлери, арматуранын жылаңачтануусу, коррозия белгилери ж.б.).
9.1.3.2. Конструкциялардын абалын изилдөө жана тактоо процессинде бир убакта аткаруу керек:
- болгон бузулуулардын, кемтиктердин жана деформациялардын себептерин аныктоо;
- конструкциялардын абалын баалоо.
9.1.4 Иш жүзүндөгү конструктивдик чечимдерди аныктоодо жана материалдардын физикалык-механикалык мүнөздөмөлөрүн аныктоодо “Текшерүү жүргүзүү ыкмалары жана каражаттары” 10-бөлүмүнүн жоболорун жетекчиликке алуу керек.
9.2.1 Конструкциянын бекемдик параметрлерин кадимки ыкмалар менен аныктоо мүмкүн болбогон учурда (мисалы, арматура менен ашыкча толтурууда долбоордук маалыматтардын жоктугунан улам) же конструкциянын көтөрүү жөндөмдүүлүгүнүн, ийкемсиздигинин жана жаракага туруктуулугунун төмөндөө белгилери болгондо, жүктөө менен конструкцияларды контролдук сыноолорду өткөрүү керек.
Мындай конструкцияларды сыноону колдонуудагы ченемдик документтердин талаптарына ылайык, ошондой эле төмөндөгү сунуштарды эске алуу менен жүргүзүү керек:
а) сыналуучу конструкцияда түздөн-түз кыпчып калуу же своддуулук эффекти пайда болбошу керек;
б) конструкциянын бышыктыгын, анын ичинде өзүнүн салмагын текшерүү боюнча толук контролдук жүктүн чоңдугу реконструкциялоодон кийинки анын өзгөрүүлөрүн эске алуу менен аныкталуучу эсептик жүктүн чоңдугуна барабар кабыл алынат;
в) сыноолордун жыйынтыктары боюнча конструкциялар эсептик жүктүн таасиринде пластикалык деформациялардын чегинде иштеп жатабы же жокпу аныкталат;
г) өзгөчө учурларда эгер бул башка конструкциялардын бузулуусуна алып келбесе, конструкцияны бузулганга чейин жүктөөгө жол берилет, мында толук контролдук бузуучу жүктүн чоңдугу колдонуудагы мамлекеттик стандарттар боюнча алынат.
9.2.2 Жер титирөөгө туруктуулукту ишенимдүү баалоо үчүн, деталдуу текшерүүнү өткөрүүдө имараттардын эркин термелүүлөрүнүн мезгилдерин инструменталдык ченөө жана анын термелүү энергиясынын тарашына карата жөндөмдүүлүгүн аныктоо керек.
9.2.3 Эгер имараттын жер титирөөгө туруктуулугун баалоо үчүн анын иш жүзүндөгү жер титирөөгө туруктуулугун максималдуу чагылдырган маалымат талап кылынса, анда текшерүүнүн курамына вибрациялык сыноолорду киргизүү керек.
9.2.4 Вибрациялык сыноолордун жыйынтыктарын бир типтүү долбоор боюнча же бир сериядагы конструкцияларда курулган имараттардын тобунун жер титирөөгө туруктуулугун күчөтүү, калыбына келтирүү же жогорулатуу ыкмалары боюнча стандарттуу сунуштарды иштеп чыгуу үчүн колдонуу керек.
10.1.1 Имараттарды техникалык текшерүүнүн бардык түрлөрүн заманбап приборлорду жана шаймандарды колдонуу менен жүргүзүү керек.
Компьютердик техниканын жардамы менен алынган маалыматты иштетүүнү шарттаган санариптик аппаратурага басым жасоо керек.
10.1.2 Текшерүүдө колдонулуучу ченөө, контролдоо жана сыноо каражаттары ченөөлөрдүн керектүү тактыгын жана ишенимдүүлүгүн камсыздашы керек, бул үчүн аларды белгиленген тартипте өз убагында текшерүүгө алуу керек.
10.1.3 Текшерүүдө материалдардын жана конструкциялардын курамын жана параметрлерин аныктоонун кыйратпоочу ыкмаларынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу керек.
Зарыл учурларда конструкцияларды ачууга же алардан үлгүлөрдү кесүүгө жол берилет. Мында ачуу жана үлгүлөрдү кесүү участокторун конструкциялардын бекемдигин, жаракага туруктуулугун жана ийкемсиздигин төмөндөтүү минималдуу болгондой дайындоо керек.
Конструкциялардын иштөө шарттарын бузуучу жана начарлатуучу үлгүлөрдү кесүүдө жана ачууда кесилген материалдарды андан ары тиешелүү алмаштыруу менен жүгүн азайтууну же бошотулган элементти убактылуу бекитүүнү кароо керек.
Конструкцияларды ачууну ургулабаган же азыраак ургулаган куралдарды колдонуу менен жүргүзүү сунушталат (мисалы, дисктүү араалардын жардамы менен же андан ары тешиктердин ортосундагы тосмону бузуу менен ачылуучу участоктун периметри боюнча тешиктерди алдын ала көзөө аркылуу).
10.1.4 Сүрөттөөчү маалыматты каттоо үчүн жазуучу түзүлүштөрдү, ал эми сүрөттү белгилөө үчүн – фотоаппараттарды же видеокамераларды пайдалануу сунушталат.
Фотосүрөттөрдү тартууларды жогорку чекиттерден аткарып жана азыраак көрүү бурчуна ээ болгон телеобъективдерди колдонуу менен мүмкүн болуучу азыраак перспективалуу кыскартуу менен жасоо сунушталат.
10.1.5 Имараттын негиздеринин деформацияларын ченөөнү МАСТ 24846 боюнча жүргүзүү керек.
Бийиктик белгилерин, ошондой эле чөгүүнү, ийилүүнү, кыйшыктарды ж.б. аныктоо үчүн нивелир, теодолит же прогибомер пайдалануу сунушталат.
Фотограмметрия ыкмаларын, башкача айтканда, натуралык фотосүрөт тартуулардын жардамы менен контактсыз техникалык ченөөлөрдү колдонууга жол берилет.
10.2.1 Пайдубалдарды текшерүүдө аныктоого же текшерүүгө жаткан негизги Параметрлер төмөндөгүлөр болуп саналат:
пайдубалды түптөө тереңдиги жана өлчөмдөрү;
материалдардын бышыктыгы жана тыгыздыгы;
темир бетон пайдубалды армирлөө.
10.2.2 Пайдубалдын таманынын жазылыгын, баскычтарынын өлчөмдөрүн жана түптөө тереңдигин шурфтарда натруалык ченөө менен аныктоо керек.
Тасма пайдубалдын өтө чөктүрүлгөн участоктордогу таманынын жазылыгын эки тараптуу шурфтарда аныктоо сунушталат, ал эми азыраак чөктүрүлгөн жерлерде – бир тараптуу шурфта аныкталган өлчөмдөр боюнча пайдубалдын симметриялык өнүгүүсүн колдонууга жол берилет.
Колонна алдында өзүнчө турган пайдубалдын өлчөмдөрүн колоннанын огуна карата пайдубалдын симметриялык өнүгүүсүн колдонуу менен, пайдубалдын бурчун ачкан шурфтагы ченөөлөр боюнча аныктоого жол берилет.
Пайдубалды түптөө белгиси нивелирлөө менен аныкталат.
10.2.3 Пайдубалдын материалдарын текшерүү бузбаган ыкмалар же лабораториялык сыноолор менен аткарылышы керек. Лабораториялык сыноолор үчүн пайдубалдын материалдарынын сынамдары кошумча жүктүн мүмкүнчүлүгүн аныктоодо алардын бышыктыгы чечүүчү болуп саналган учурда алынат.
10.3.1 . Конструкцияларда кысууга карата бетондун бекемдигин аныктоону серпилме секирүү, пластикалык деформация, уруу импульсу, ажыратуу, жаруу жана кырын жаруу менен ажыратуу боюнча бетондун бекемдигин аныктоонун тартибин белгиленген МАСТ 22690 боюнча жүргүзүү сунушталат.
10.3.2 . Зарыл болгондо МАСТ 28570 боюнча андан ары сыноо менен, араалоо же көзөө аркылуу конструкциялардан бетондун үлгүлөрүн алууга жол берилет.
10.3.3 . Бетондун карбондоштуруунун тереңдигин бетондун жаңы сыныгын 1% фенолфталеиндин спирт эритмеси менен нымдоонун жардамы аркылуу аныктоо керек. Толук карбондоштурулган участокто эритменин түсү өзгөрбөйт, ал эми фенолфталеиндин ачык-күрөң кызыл түстөгү орундарында бетон шакар касиеттерине ээ болот.
10.3.4 . Ар кандай түрлөрдөгү бетондун көлөмдүк салмагын МАСТ 17623 боюнча аныктоо керек.
Конструкцияларда бетондун бирдейлигине, көңдөй тешиктин болушуна текшерүүнү жана бекемдигин салыштырмалуу баалоону МАСТ 17624 боюнча ультра добуштук импульстук ыкма менен аткарышат.
10.3.5 . Бетондун коргоочу катмарынын калыңдыгын, арматуранын өлчөмүн жана жайгашуусун аныктоо үчүн контролдук ачуудан кийин түздөн-түз ченөө аркылуу алынган жыйынтыктарды тандалма текшерүү менен бузбоочу ыкмаларын пайдалануу сунушталат.
10.3.6 . Бузбоочу ыкмалар катары колдонулушу мүмкүн:
МАСТ 17625 ылайык иондоштуруучу нурлантуулар менен кароо ыкмасы.
МАСТ 22904 ылайык магниттик ыкма.
10.3.7 Темир-бетон конструкцияларды ачууну төмөндөгү сунуштарды эске алуу менен аткарышат:
а) ачуу орундарын конструкциялардын жооптуу участокторунда белгилешет:
колонналар үчүн – түйүн алдындагы зоналарда,
ригель үчүн – таянычтарда (жогору жана төмөн жакта) жана аралыкта (төмөндө),
плиталар үчүн – таяныч алдындагы зоналарда жана плитанын ортоңку бөлүгүндө.
Мында мүмкүн болушунча, жогорку чыңалуудагы кесилиштерден тартып армирлөөнү өзгөртүүнүн жакынкы ордуна чейин чегинүү керек;
б) тилке элементтерин (колонналарды, ригелдерди, коллона алдын) армирлөөнү элементтердин эки туташ кырларынын ар биринде эки өз ара перпендикулярдуу кобулду орнотуу менен аныкташат; мында туурасынан кеткен кобулду элементтин бүтүндөй туурасында, ал эми узунунан кеткенин – эки коңшу каамыттын ортосундагы аралыкка, бирок 600мм кем эмес аралыкта аткарышат;
в) плита сыяктуу элементтерди армирлөөнү жана калыңдыгын эки өз ара перпендикулярдуу тешиктерди орнотуу менен аныкташат.
10.3.8 . Арматуранын диаметрин бузбоочу ыкма менен же темир бетон элементти ачкандан кийин түз ченөө менен түздөн-түз конструкцияда аныкташат.
Арматуранын диаметрин ченөө үчүн 0,1 мм кем эмес тактыкты камсыздаган куралдарды колдонуу керек. Мында арматура стерженинин ар бир изилденүүчү участогунда үчтөн кем эмес ченөөнү жүргүзүү керек.
Ачылган арматураны ченөөнү аткаруу алдында аны жылмакай жалтырак болот бетти алганга чейин механикалык жол менен аны коррозия продукттарынан тазалашат.
Мезгилдүү профилдеги арматуранын диаметрин ченөөдө тышкы диаметри ченелет (МАСТ 5781 боюнча d1) жана МАСТ 5781-82 боюнча ага шайкеш келген стержендин номиналдуу диаметри аныкталат. d1 жана d орточо арифметикалык ченөөлөрүнө карата жакын катары (сортаменттен) тышкы диаметрди (d1) жана ички диаметрди (МАСТ 5781-82 боюнча d) ченөөгө, ал эми номиналдуу диаметрди алууга жол берилет.
10.3.9 . Арматуранын мүнөздөмөлөрүн МАСТ 5781 ылайык тышкы түрү боюнча визуалдуу аныкталуучу арматуранын классы боюнча колдонууга жол берилет.
Зарыл болгондо арматуранын мүнөздөмөлөрү МАСТ 12004 боюнча кесилген үлгүлөрдү механикалык сыноолор аркылуу, ошондой эле үлгүлөрдүн химиялык анализдеринин жыйынтыктары боюнча же МАСТ 30062 ылайык такташат.
10.3.10 Темир бетон конструкциялардын арматураларын ширетип бириктирүүнүн сапатын МАСТ 23858 боюнча ультра добуштук ыкмалардын жардамы менен контролдоо сунушталат.
10.4.1 . Дубал тургузууда эритменин кыш же таш менен нормалдуу илишүүсүнүн бекемдигин аныктоону (дубал тургузуунун ороп таңылбаган бириктирилген жерлери боюнча октук чоюлуусуна карата каршылыгы) МАСТ 24992 боюнча жүргүзүү керек.
10.4.2 . Кыштын жана кыш тургузуу эритмесинин бекемдигин кургак орундарда аныктоо керек. Кыштын деструкциясы болгон орундар сыноолор үчүн жарабайт.
10.4.2.1 Кыштын бекемдигин тургузулган дубалдан түздөн-түз алынган үлгүлөрдү сыноо аркылуу аныкташат. Нормалдуу илишүүнүн бекемдигин аныктоодо алынган бузулбаган кыштарды пайдаланууга жол берилет (эритме боюнча же контакт боюнча бузуу). Үлгүлөрдү сыноолорго даярдоо жана сыноолордун өзү МАСТ 8462 талаптарын эске алуу менен аткарылышы керек.
10.4.2.2 Дубал тургузуу эритмесинин бекемдигин СП 82-101 же МАСТ 24992 талаптарына ылайык тургузулган дубалдын горизонталдуу бириктирилген жерлеринен жана жабыштырылган гипс тесттеринен алынган эки эритмеден даярдалган кубдарды сыноо менен аныкташат. Эритменин маркасын статистикалык иштетүүнүн жыйынтыгын 0,8 коэффициентине (кышкы коюу үчүн 0,65) көбөйтүү менен аныкташат.
10.4.3 . Дубал тургузууда арматуралардын болушун жана санын контролдук ачуудан кийин түздөн-түз ченөөлөр аркылуу алынган жыйынтыктарды тандалма текшерүү менен 10.3.6 пунктта көрсөтүлгөн ыкмаларды жана приборлорду пайдалануу менен аныктоо керек.
10.5.1 . Металл конструкциялардын материалдарынын мүнөздөмөлөрүн химиялык анализдердин же үлгүлөрдү механикалык сыноолордун жыйынтыктары боюнча аныктоо же тактоо керек.
10.5.2 . Болот конструкциялардын ширетилген, буроолуу, бурамалуу же бөрктүү бириктирүүлөрүнүн сапатын МАСТ 23118 жоболоруна жана конкреттүү түрдгү металл конструкцияларына карата стандарттарга ылайык контролдоо керек.
10.6.1 . Конструкциялардын иш жүзүндөгү курамын (мисалы, тышкы дубалдын, полдун жана чатырдын) ачуунун же зонддоонун жыйынтыктары боюнча аныктоо сунушталат.
Тиешелүү жабдуулар болгондо керн көзөө аркылуу жакшы жыйынтыктарга жетүүгө болот.
10.6.2 . Материалдардын көлөмдүк салмагын (мисалы, үймө жылуулагычтын, бетон стяжканын, гидроизоляциялык катмарлардын ж.б.) көзөлгөн керндерди же кесилген бөлүктөрдү ченөөнүн жана таразалоонун жыйынтыктары боюнча аныктоо керек. Мында сынамдарды алгандан кийин таразалоо же үлгүлөрдүн табигый нымдуулукту сактоосу үчүн чараларды көрүү керек.
10.6.3 . Темир-бетон же таш конструкцияларда металл туташтырма деталдардын, байланыштардын жана арматура буюмдарынын жайгашуу орундарын долбоордук документтер боюнча аныктоо жана металл издегичтин жардамы менен тактоо сунушталат.
Бириктирүүлөрдү кароодо жана ачууда, металл элементтерди текшерүүдөн тышкары, бетондун, алардын айланасындагылардын абалын аныктоо керек (бириктирүүлөргө ыктаган участоктордо жаракалардын болушу, туташтырма деталдардын анкерлеринен бетондун катмарлашуусу ж.б.).
10.7.1 . Жаракалардын ачылуу кеңдигин жаракалар максималдуу ачылган орундарда жана чоюлган арматура деңгээлинде ченөө сунушталат.
Ченөөлөрдү МПБ-2 микроскобунун жана башка приборлордун жардамы менен 0,1 мм кем эмес тактык менен аткаруу керек. Шаблондорду же штангенциркулду пайдаланууга жол берилет.
10.7.2 . Темир-бетон конструкциялардын материалдарынын коррозиялык бузулууларын кароо аркылуу визуалдуу, ошондой эле конструкциялардын бетиндеги кыйыр белгилер боюнча аныкташат.
10.7.2.1 Бетондун коррозиясынын белгилери төмөндөгүлөр болуп саналат: эритменин жарылышы же күбүлүшү, анын ири толуктагыч менен байланышынын бузулушу, бетондун бетинде туздун, майлуу тактардын ж.б. пайда болушу.
Коррозиянын кирүү тереңдигин болжолдуу баалоо үчүн каалаган учтуу курал колдонулат; коррозиянын тереңдиги ачуунун жыйынтыктары боюнча так аныкталат.
10.7.2.2 Темир-бетон элементтердеги арматуранын башталган коррозиясы жөнүндө арматура стержендерин бойлой жайгашкан коргоочу катмардагы жаракалар жана\же бетондун бетиндеги даттын чыгышы күбөлөндүрүп турат.
Бузулууларды баалоо үчүн конструкцияларды ачуу, арматураны тазалоо жана коррозия продукттарын тазалагандан кийин сакталып калган диаметрлерди ченөө жүргүзүлөт.
10.7.2.3 Коррозия менен бузулган болот туташтырма жана бириктирүүчү элементтердин абалын текшерүүдө аныкталат:
а) коррозиянын түрү - баштан аяк (деталдын бардык бетин дат баскан) же жергиликтүү (тактар, чекиттер);
б) жергиликтүү коррозия менен бузулган беттин аянты;
в) коррозияны тазалагандан кийин жука кесилиштеги деталдын калыңдыгы;
г) ширетип бириктирилген жерлердин сапаты (бүтүндүк, жараканын жоктугу ж.б.) жана бириктирилген жердин металлын тазалагандан кийинки анын иш жүзүндөгү (калдык) өлчөмдөрү (бийиктик жана узундук).
10.7.3 . Кыш коюунун коррозиялык бузулуулары негизинен суунун таасири, эритүү жана шамалдатуу менен байланыштуу. Текшерүүдө коррозиянын түрүн жана коррозия менен бузулган беттин аянтын белгилөө керек.
Коррозиянын тереңдигин баалоо ыкмалары10.7.2 пунктта көрсөтүлгөндөргө окшош.
10.7.4 . Жыгач конструкциялардын коррозиялык жана биологиялык бузулуулары визуалдуу жана жыгачты контролдук кесүүнүн жыйынтыктары боюнча баалашат (өзгөчө көзөгүч коңуздар, личинкалар ж.б. бузган белгилер болгондо).
Жыгач көтөргүч конструкцияларды текшерүүдө төмөндөгүлөрдү эске алуу сунушталат:
а) жабуунун жыгач конструкциялары эксплуатациялоодо биологиялык чирүүгө кабылат: желдебеген же начар желдеген жертөлөдө же чатырда; имараттын тышкы дубалында, нымдуу жана алар менен чектеш жайларда; муздак тепкич торлору менен чектеш участоктордо;
б) рулон чатыр материалдары менен жабылган жыгач төшөмөлөр жана плиталар чатыр материалынан турган жабуу астында жана такталар ортосундагы жогорку бөлүктө биологиялык чирүүгө кабылат, эгер төмөн жагында бууну изоляциялоочу катмар бекитилсе, анда бүтүндөй катмарда бузулуу болушу мүмкүн;
в) жабуулардын жыгач устуну биологиялык чирүүгө жетет: тышкы дубалга киргизилген учтары; каптал беттери; ага төшөлгөн себинди менен чаптоосуз тепши өңдүү катмар менен жабылган бууну изоляциялагыч; бетондон же таштан жасалган имараттын бөлүктөрү менен тийишкен орундарда.
11.1 Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча “Имаратты техникалык текшерүүнүн материалдары” отчету түзүлөт, анда текшерүүдө алынган жана камералык иштетилген имараттын конструкциялары жана алардын абалы жөнүндө маалыматтар берилет.
Отчеттун материалдары текшерилген имараттын конструкцияларынын иш жүзүндөгү абалын эске алуу менен анын жер титирөөгө туруктуулугун баалоо үчүн негиз болуп саналат.
11.2 “Имаратты техникалык текшерүүнүн материалдары” отчету төмөндөгү маалыматтарды камтышы керек:
имаратты долбоорлоо жана куруу жылдары;
долбоорлоону жана курууну ишке ашырган уюмдун аталышы;
курулуш аянтчасынын сейсмикалык жана инженердик-геологиялык шарттарынын мүнөздөмөсү:
- аянтчанын жалпы мүнөздөмөсү – тегиз орун, жантайма, ойдуң, үймө топурак, кесилген жер;
- жер атындагы суулардын деңгээли, анын термелүүсү жөнүндө маалыматтар;
- негизди жакшыртуунун атайын ыкмаларын колдонуу;
- агын суулар менен каптоо мүмкүндүгү;
- изилдөө материалдары;
- кыртыштын чөгүү касиеттери;
- сейсмикалык касиеттери боюнча кыртыштын категориялары;
- аянттын сейсмикалуулугу;
долбоордук-техникалык документтердин болушу жана аларды талдоо;
жакын жайгашкан курулмалардын болушу;
жалпысынан имараттын же анын айрым жайларынын баштапкы функционалдык багытынын өзгөрүүлөрү жөнүндө маалыматтар:
- функционалдык багытынын өзгөрүүсү;
- көлөмдүк-пландаштыруучу жана конструктивдик чечимдеринин өзгөрүшү;
- конструкцияларды бекемдөөнү аткаруу;
- кызмат өтөө мөөнөтүндөгү жер титирөөлөрдүн интенсивдүүлүгү жана саны.
имараттын конструкциясын бекемдөө (калыбына келтирүү) боюнча мурда өткөрүлгөн иштер жөнүндө маалыматтар;
имараттын көлөмдүк-пландаштыруучу жана конструктивдик чечимдерин кеңири сүрөттөө (тиешелүү схемалар жана фотосүрөттөр менен коштолуучу):
- курулманын пландагы жалпы өлчөмдөрү жана формасы, бийиктиги;
- бөлүктөрдүн саны жана алардын өлчөмдөрү;
- жер титирөөгө каршы бириктирилген жерлердин болушу;
- жертөлөнүн болушу;
- кабаттын бийиктиги;
- бийиктик боюнча айырмалар;
- өзгөчөлүктөрү.
элементтердин долбоордук (болгондо) жана иш жүзүндөгү геометриялык өлчөмдөрү, аларды армирлөө мүнөздөмөлөрү жана материалдардын бышыктык көрсөткүчтөрү;
баштапкы абалына карата конструкциялардын бузулуулары, деформациялары жана жылышуулары жөнүндө маалыматтар (конструкциянын бузулууларын жана деформацияларын сүрөттөө тиешелүү схемалар жана фотосүрөттөр менен коштолушу керек), колдонуудагы ченемдерден четтөөлөр жана көтөргүч конструкциялардын физикалык эскирүү пайызы;
көтөргүч жана тосмо конструкциялардын, жабуулардын, чатырдын, тосмолордун, инженердик жабдуулардын конструктивдик чечими;
эсептик-аналитикалык талдоонун жыйынтыктары;
ушул ченемдердин В тиркемесинин маалыматтары боюнча жер титирөөгө туруктуулук деңгээли боюнча турган имаратты классификациялоо;
ушул ченемдердин Е тиркемесинин маалыматтары боюнча же башка колдонуудагы документтер боюнча бузулган конструкциялардын абалын баалоо.
12.1 Имаратты натуралык текшерүү процессинде, анын ичинде приборлор жана жабдуулар менен иштөөдө коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоо керек.
12.2 Иштеп жаткан ишканалар шарттарында текшерүүнү аткарууда текшерүүнү аткаруучу адистер бул объектте колдонулган коопсуздук техникасынын атайын эрежелери жөнүндө нускама алышы керек.
12.3 Көтөргүч конструкциясы авариялык абалда турган имараттарды жана курулмаларды текшерүү анда адамдардын жүрүү коркунучу жоюлгандан кийин гана жүргүзүлүшү керек.
12.4 Конструкцияларга жетүү үчүн оң тепкичтерди, шатыларды, секичелерди, жыгачтарды, жылдырма мунараларды, телескопиялык автомунараларды, өткөөлдүү крандарды, өткөөлдүү крандагы секичелерди ж.б. пайдалануу керек.
12.5 Бийиктикте иштөө үчүн жол берилген адамдар медициналык кароодон өтүшү керек.
12.6 Тоңголокто, коюу туманда жана Бофорт шкаласы боюнча 6 баллдан жогорку ылдамдыктагы шамалда имараттардын жана курулмалардын чатырларында иш жүргүзүүгө тыюу салынат.
12.7 Чатырда текшерүүдө жумушчу бардык учурларда аркан менен сактагыч кур менен жабдылышы керек, анын бир учун чатырдын бекем конструкциясына бекитүү керек.
Кур жана аркан 225 кгс статикалык жүгү менен 6 айда 1 жолудан кем эмес өткөрүлгөн сыноолордун мөөнөтү жөнүндө биркаларга ээ болушу керек.
Көрсөтүлгөн максаттарда капилет каражаттарды пайдаланууга тыюу салынат.
12.8 Тосуучу тосмосу жок тепкичти жана тепкич торлорунун аянтчаларын пайдаланууга, ошондой эле жабууларда тосулбаган эшик же терезе ордуна түздөн-түз жакын жерде иштөөгө жол берилбейт.
12.9 Табигый жарыкка ээ болбогон жайларды (жертөлө, чатыр асты ж.б.) текшерүү убактылуу, бирок бардык атайын коопсуздук чараларын сактоо менен аткарылган жетиштүү жасалма жарыктандырууда жүргүзүлүшү керек.
12.10 Жугуштуу оорулар болушу мүмкүн болгон текшерүүгө жаткан жайларда иш карантин аяктаганга чейин жүргүзүлбөйт.
12.11 Колдонуудагы механикалык, электр жана башка жабдуу орнотулган жайларда текшерүү жабдуу жүргүзүүсүндө турган ишкана камсыздай турган коопсуз эмгек шарттары болгондо гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
12.12 “Текшерүү жүргүзүүнүн ыкмалары жана каражаттары” бөлүмүндө саналган приборлор жана жабдуулар менен иштөөдө аларды пайдалануу боюнча нускамаларда көрсөтүлгөн коопсуздук техникасы боюнча атайын талаптарды аткаруу керек.
12.13 Текшерүүнү аткарган уюмдун администрациясы жумушчулардын жана инженердик-техникалык жумушчуларды атайын кийим, атайын бут кийим жана керектүү жеке коргонуу каражаттары менен камсыздашы керек.
Тиешелүү атайын кийими, атайын бут кийими жана башка керектүү жеке коргонуу каражаттары жок адамдардын ишке киришүүсүнө тыюу салынат.
12.14 Имараттарды текшерүү боюнча иштерди аткарууда, ушул бөлүмдүн жоболору менен катар ВКЧ 48 жоболорун жетекчиликке алуу керек.
13.1.1 . Имараттын жер титирөөгө туруктуулугун жер титирөөгө туруктуулуктун коэффициентинин сан түрүндөгү маанисинде баалоо керек.
13.1.2 . Учурдагы имараттын жер титирөөгө туруктуулугун баалоону долбоордук-техникалык документтерди талдоонун жыйынтыктары жана деталдуу текшерүүнүн материалдары боюнча алардын конструкцияларынын иш жүзүндөгү абалын эске алуу менен төмөндөгү тартипте аткаруу керек:
а) сапаттык баалоону жүргүзүү;
б) эсептик-аналитикалык баалоонун зарылчылыгын аныктоо;
в) эсептик-аналитикалык баалоону аткаруу (зарыл болгондо);
г) жер титирөөгө туруктуулук коэффициентин аныктоо.
13.2.1 Сапаттык баалоону учурдагы имараттын жер титирөөгө туруктуулугун баалоого жаткан имараттын бардык түрлөрү үчүн аткаруу керек.
Сапаттык баалоо имараттын төмөндөгүлөргө шайкештигин аныктоодо турат:
а) жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча имараттарды жана курулмаларды долбоорлоонун жана куруунун колдонуудагы ченемдеринин конструктивдик талаптарына;
б) курулуштагы башка ченемдерге.
13.2.2 Сапаттык баалоону имараттын, анын ичинде технологиялык жүктүн жана конструкциянын абалынын колдонуудагы ченемдер боюнча аткарылган долбоордук-техникалык документтерге шайкештигин аныктоо менен чектөөгө жол берилет.
Төмөндөгү шарттарга шайкеш келген шарттарда имаратты коопсуз эксплуатациялоого жол берилет:
- эгер имарат курулуштун колдонуудагы ченемдеринин бардык талаптарына шайкеш келген долбоордук-техникалык документтерге ылайык курулса;
- реконструкциялоодо жүктү көбөйтүү пландалбаса.
Жүктү көбөйтүү учурунда эсептик-аналитикалык баалоо талап кылынат.
13.2.3 Төмөндөгү жоболорду текшерүү менен 13.2.1 а) боюнча сапаттык баалоону жүргүзүү керек:
а) көлөмдүк-пландаштыруучу чечимдерге карата талаптарды аткаруу:
- жер титирөөгө каршы бириктирилген жерлердин жана алардын конструкцияларынын болушу;
- пландагы урчуктардын өлчөмү;
- имараттын бийиктигинин чектөөлөрү;
- тепкич торлорунун чыгарылышы;
- фонарлар чыгарылышы;
- жертөлө кабатынын жайгашуусу;
б) пайдубалга карата талаптарды аткаруу:
- конструктивдик чечим;
- ар кандай белгилерде пайдубалды түптөө учурундагы урчуктар;
- тасма пайдубалдын үзгүлтүксүздүгү жана байлоо;
- пайдубалды жана жертөлөнүн дубалдарын армирлөө;
- пайдубалдар ортосундагы байланыштар;
в) каркаска карата талаптарды аткаруу:
-вертикалдуу жана горизонталдуу элементтерди бириктирүүдөгү түйүндөр;
- колонналарда жана ригелдерде арматуранын жайгашуусу;
- чыңалуу алдындагы арматураны колдонуудагы чектөөлөр;
- колонналар боюнча байланыштарды коюу жана бекитүү;
г) калкаларга жана жабууларга карата талаптарды аткаруу:
- калканын же жабуунун курама дискинин горизонталдуу катуу диафрагмасын камсыздоо;
- көтөргүч конструкциялары менен калкалардын же жабуулардын байланышы;
- жабууларда жана фонарлар боюнча байланыштарды коюу жана бекитүү;
д) көтөргүч дубалдарга жана алар менен байланышкан элементтерге карата талаптарды аткаруу:
- сейсмикалык таасирлерге каршылык боюнча коюу категориясын аныктоо;
- дубалдардын өлчөмдөрү жана алардын ортосундагы аралык;
- дубалдын элементтеринин өлчөмдөрү;
- дубалды, темир-бетон туташтырууларды жана алардын кесилиштерин армирлөө;
- жер титирөөгө каршы курлардын болушу жана аларды армирлөө;
- калкаларды, жабууларды жана туташтыргычтарды жөлөө;
- тепкичтерди орнотуу;
- эшик жана терезе орундарын алкактоо;
- конструктивдик элементтерди, парапеттерди, калканычтарды армирлөө;
е) өзүн көтөргүч дубалдарга карата талаптарды аткаруу:
- дубал колонналарынын кадамы, дубалдын бийиктиги;
-сейсмикалык таасирлерге каршылык боюнча коюу категориясы;
- жер титирөөгө каршы курлардын болушу жана аларды армирлөө;
- узунунан кеткен жана чүркө төшөлгөн дубалдардын орундарында жер титирөөгө каршы бириктирилген жерлердин болушу;
ж) асма жана өзүн көтөргүч дубалдарга карата талаптарды аткаруу:
- каркас менен ийкемдүү байланыштарды камсыздоо;
- каркастын жана дубалдардын ортосунда көңдөйдүн болушу;
и) тосмолорго жана толтургучтарга карата талаптарды аткаруу:
-дубалдар, колонналар жана калкалар менен бириктирүү;
- каркастын ийкемсиздигине таасири.
13.2.4 . 13.2.1 б) пункту боюнча сапаттык баалоону төмөндөгү параметрлердин жол берилген өлчөмдөрү менен салыштыруу аркылуу жүргүзүү керек:
а) конструкциялардын мейкиндигинде геометриялык өлчөмдөрдүн жана абалдардын четтөөсү;
б) чөгүү, басырылуу жана кыйшаюу;
в) конструкциялардын жабууларынын ийилүүсү;
г) бетондун коргоочу катмарынын калыңдыгы;
д) жаракалардын ачылуу кеңдиги.
13.2.5 Көтөргүч конструкциялар 13.2.3 жана 13.2.4 пункттарынын жоболоруна шайкеш келбеген учурда аларды жоюу жана колдонуудагы ченемдердин талаптарына шайкеш келтирүү боюнча техникалык чечимдерди иштеп чыгуу керек.
13.2.6 Эсептик-аналитикалык баалоо процессинде аныкталуучу көтөргүч эмес конструкциялардын бышыктыгын жана туруктуулугун камсыздоо шарттарында төмөндөгүлөрдү четтетпөөгө жол берилет:
- жол берилгенден жогору болгон жана нормалдуу эксплуатациялоого тоскоолдук кылбаган мейкиндикте өлчөмдөрдүн, формалардын жана абалдардын четтөөлөрү;
- жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча колдонуудагы ченемдердин конструктивдик талаптарынан четтөөлөр.
13.2.7 Сапаттык баалоонун жыйынтыктарынын негизинде түзүү керек
а) колдонуудагы ченемдердин талаптарына шилтеме кылуу менен шайкеш эместиктердин тизмеси;
б) аларды жоюу боюнча сунуштар;
в) 2 жана 4-таблицаларды эске алуу менен конструкциялардын абалын акыркы баалоо;
г) эсептик-аналитикалык баалоону өткөрүү зарылчылыгы жөнүндө корутунду.
14.1.1 Ушул бөлүмдүн жоболорун колдонууга жол берилбейт:
имаратты реконструкциялоодо же кайра пландоодо алардын жер титирөөгө туруктуулугунун деңгээлин төмөндөтүүчү иш-чараларды жана долбоордук чечимдерди негиздөө үчүн;
КР КЧ 20-02 колдонууга киргизилгенден кийин долбоорлонгон жана курулган имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун (сейсмикалык коопсуздугун) баалоо үчүн;
турган имараттын функционалдык багытын өзгөртүүнү же имаратта кошумча кабаттарды тургузууну караган реконструкциялоо долбоорлорун иштеп чыгууда.
14.1.2 Көтөргүч конструкциялардын абалына жана текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча орнотулган имараттардагы конструктивдик өзгөртүүлөргө жараша, имараттын жер титирөөгө туруктуулугун эсептик-аналитикалык баалоо имараттын эсебинин жыйынтыктарына негизделиши мүмкүн.
14.1.3 Имараттын сейсмикалык таасирге карата эсебин аткаруу керек:
а) КР КЧ 20-02 жана ушул курулуш ченемдеринин талаптарына ылайык спектрдик ыкма боюнча;
б) жеңилдетилген тилкелик эмес статикалык ыкма – пушовер талдоосу боюнча Д тиркемесине ылайык жүргүзүлөт.
14.1.4 Имаратты эсептөөдө аныктоо керек:
- имараттын бөлүктөрүнүн максималдуу жылышуусу;
- кабаттардын горизонталдуу кыйшыктары;
- жер титирөөгө туруктуулуктун коэффициентинин мааниси rS.
Имараттын туташ бөлүктөрүнүн максималдуу жылышуусун жер титирөөгө каршы бириктирилген жерлердин талап кылынган өлчөмүн тактоо үчүн аныктоо керек.
Дубал толтургучтардын, тосмолордун жана башка көтөргүч эмес конструктивдик элементтердин бузулууларынын алдын алуу үчүн имараттын кабаттарынын горизонталдуу кыйшыгын аныктоо керек
Жер титирөөгө туруктуулук коэффициентин сейсмикалык таасирде конструкциянын иш жүзүндөгү эсептик көтөрүү жөндөмдүүлүгүн текшерүү үчүн аныктоо керек.
14.1.5 Эсептерди аткарууда эске алуу керек:
а) элементтерди бекитүүнүн анык өлчөмдөрү, формалары, абалдары жана шарттары;
б) реконструкциялоодон кийин мүмкүн болуучу жүктүн өзгөрүшү;
в) конструкциялардын материалдарынын иш жүзүндөгү параметрлери жана мүнөздөмөлөрү;
г) көтөргүч конструкциялардын кемтиктери жана бузулуулары.
14.1.6 Эсептөөлөрдү аткарууда элементтердин кесилиштерин, болгон кемтиктерди жана бузулууларды, ошондой эле текшерүүдө бекемдиги долбоордук мааниден 20% жана андан көп төмөн болгон бетондун зоналары аныкталган кесилиштерди текшерүү керек. Кемтиктерди жана бузулууларды эсепке алуу эсепке киргизилген арматуранын же бетондун кесилиш аянтын кичирейтүү аркылуу жүргүзүлөт. Ошондой эле узунунан кеткен күчтүн эксцентриситетине карата кемтиктердин жана бузулуулардын таасирин эске алуу керек.
14.1.7 Эсептик реакциялардын спектрлерин аныктоо үчүн имараттын жана курулманын термелүү мезгилинин маанисин Т эксперименталдык ченөө сунушталат.
14.2.1 Турган имараттын ушул ченемдердин эсептик талаптарына шайкештиги төмөндөгү формула боюнча аныкталуучу rs коэффициентинин жардамы менен аныкталат:
(14.4)
мында C – каралган конструктивдик системанын же анын элементтеринин иш жүзүндөгү эсептик көтөргүч жөндөмдүүлүгүн мүнөздөөчү көрсөткүч;
D – каралган конструктивдик системанын же анын элементтеринин колдонуудагы ченемдер боюнча талап кылынган эсептик көтөрүү жөндөмдүүлүгүн мүнөздөөчү көрсөткүч.
14.2.2 C жана D көрсөткүчтөрү катары кабыл алынышы мүмкүн:
- имаратка кабаттардын сейсмикалык жүгүнүн өлчөмү;
- имараттын негизинде же каралган кабаттын деңгээлинде туурасынан кеткен күчтүн өлчөмү;
- конструкциялардын кесилиштеринде сейсмикалык жүктөн күчтөн өлчөмү.
14.2.3 Учурдагы имаратты эгер алардын конструктивдик чечимдерди колдонуудагы ченемдердин милдеттүү конструктивдик талаптарына шайкеш келсе, ал эми rs коэффициенти 14.2-таблицасында көрсөтүлгөндөн жогору мааниге ээ болсо жер титирөөгө туруктуу деп эсептөө керек.
14.2-Т а б л и ц а – Имараттар жана курулмалар үчүн rs коэффициентинин маанилери
Имараттардын жана курулмалардын мүнөздөмөсү | rs коэффициентинин маанилери |
1. Бузулуусу экологиялык кесепеттерди пайда кылууга жөндөмдүү имараттар жана курулмалар; конструкциялардын калдык деформациясына жана локалдуу бузулууларына (чөгүү, жаракалар ж.б.) жол берилбей турган имараттар жана курулмалар | 1,0 |
2. Өзгөчө жооптуу имараттар жана курулмалар (административдик, коомдук жана өндүрүштүк) | |
3. Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда жана калкты коргоо үчүн иштөөсү зарыл болгон имараттар жана курулмалар (өрт өчүрүү системалары, байланыш курулмалары, улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарынын имараттары, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча уюмдардын имараттары жана курулмалары, травматология жана хирургия бөлүмдөрү менен оорукана имараттары ж.б.) | 0,8 |
4. Аларды эксплуатациялоо аларда көп адамдардын узак топтолуусу менен байланыштуу имараттар жана курулмалар (чоң жана орточо бекеттер, жабык стадиондор, концерттик залдар жана башка оюн-зоок курулмалары), музей имараттары; көркөм жана тарыхый баалуулукка ээ болгон эстеликтер | |
5. Мектепке чейинки мекемелердин, мектептердин, жогорку окуу жайларынын, ооруканалардын, карылар үйлөрүнүн имараттары ж.б. | |
6. 1-5 жана 7-позицияларда көрсөтүлбөгөн имараттар жана курулмалар (турак жай, административдик, коомдук, өндүрүштүк, айыл чарба ж.б.) | 0,5 |
7. Бузулуусу адамдардын коопсуздугу үчүн коркунуч жаратпаган, баалуу жабдууну бузуу менен коштолбогон, үзгүлтүксүз технологиялык процесстерди токтотууну же курчап турган чөйрөнү булгоону пайда кылбаган азыраак жооптуу имараттар жана курулмалар (айрым чакан бир кабаттуу айыл чарба жана кампа курулуштары, убактылуу бир кабаттуу курулмалар, жеңил ачык жайкы павильондор ж.б.) | сейсмикалык таасирлерин эсепке алуусуз (тапшырыкчы менен макулдашуу боюнча) |
14.2.4 Учурдагы имараттарды эгер алардын конструктивдик чечимдерди колдонуудагы ченемдердин милдеттүү конструктивдик талаптарына шайкеш келсе, ал эми rs коэффициенти 14.2-таблицасында көрсөтүлгөндөн төмөн мааниге ээ болсо жер титирөөгө туруктуу деп эсептөө керек.
14.2.5 Ушул ченемдердин 14.2.2 пунктунун талаптары жер титирөөдө адамдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн минималдуу зарыл болуп саналат. Тапшырыкчынын тапшырмасы боюнча эсептик сейсмикалык жүктүн жана конструктивдик иш-чаралардын деңгээли жогорулатылышы мүмкүн.
14.2.6 Имараттарды калыбына келтирүү же бекемдөө долбоорлорун иштеп чыгууда колдонуудагы ченемдердин милдеттүү конструктивдик талаптарынан четтөөлөрдү жоюу боюнча иш-чараларды кароо керек.
14.2.7 Эгер (14.2.7 пунктту сактоо шарттарында) rs коэффициенти 14.2-таблицада көрсөтүлгөндөн жогорку маанилерге ээ болсо, имараттарды калыбына келтирүү же бекемдөө боюнча иш-чаралар жетиштүү болот.
14.2.8 Учурдагы имараттын жер титирөөгө туруктуулугу камсыздалышы мүмкүн:
- имараттын функционалдык багытын өзгөртүү менен (жоопкерчилик деңгээлин төмөндөтүү);
- имараттын салмагын төмөндөтүү менен (мисалы, жогорку кабаттарды демонтаждоо же оор көтөргүч эмес элементтерди жеңилине алмаштыруу аркылуу);
- көтөргүч жана көтөргүч эмес элементтерди бекемдөө же калыбына келтирүү менен;
- конструктивдик жана көлөмдүк-пландаштыруучу чечимдерди өзгөртүү менен.
Имараттарды калыбына келтирүү же бекемдөө жөнүндө чечимдерди алардын физикалык жана моралдык эскирүүсүн, багытын жана социалдык-экономикалык максатка ылайыктуулугун эске алуу менен кабыл алуу керек.
14.3.1 Эсептөөлөрдү жүргүзүү үчүн материалдардын бекемдик жана деформациялык мүнөздөмөлөрүн тандоодо пайдалануу керек:
текшерүүнүн жыйынтыгында алынган иш жүзүндөгү маалыматтар;
имаратты тургузуу убагында колдонулган ченемдер;
жер титирөөгө туруктуулугун баалоо учурунда колдонулган ченемдер.
14.3.2 Бетондун бекемдик мүнөздөмөлөрү катары Е тиркемесинин маалыматтары боюнча колдонулган k1 коэффициентине көбөйтүлгөн иш жүзүндөгү орточо кубиктик бекемдикти кабыл алуу керек.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча аныкталган бетондун бекемдигин оор, майда бүртүктүү жана жеңил бетон үчүн 0,8 жана уячалуу бетон үчүн 0,7 коэффициентине көбөйтүүгө жол берилет.
14.3.3 Эгер бетондун бекемдигин аныктоодо вариация коэффициенти МАСТ 18105 боюнча аныкталган чектүү жол берилген маанилерден жогору болсо, анда бетондун бекемдигин ар бир конструкция үчүн элемент боюнча, иш жүзүндөгү маани боюнча кабыл алуу керек.
14.3.4 Арматуранын эсептик каршылыгын СП 63.13330 бетон жана темир-бетон конструкциялары боюнча ченемдердин талаптарына ылайык кабыл алуу керек.
(милдетүү)
Ушул курулуш ченемдеринде төмөндөгү терминдер тийиштүү аныктамалары менен колдонулду:
Э с к е р т ү ү ‒ Айрым төмөндө берилген терминдер жана аныктамалар ушул ченемдердин текстинде пайдаланылбайт, бирок имараттарды жана курулмаларды конструкциялоого жана эсептөөгө тиешелүү түшүнүктөрдүн биримдигин камсыздайт.
А.1 калыбына келтирүү: Жыйынтыгында конструкциялардын (имараттардын) көтөрүү жөндөмдүүлүгү бузулуулардын пайда болуусунан мурдагы деңгээлге чейин калыбына келтирген (бекемдеген) оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү.
А.2 капиталдык оңдоо: Имараттын (же имараттын бир бөлүгүнүн) эксплуатациялык ресурсун калыбына келтирүү максатында, ошондой эле анын эксплуатациялык сапаттарын жакшыртуу үчүн аткарылуучу иш-чараларды өткөрүү. Капиталдык оңдоодо жүргүзүлөт: эксплуатациялоо процессинде конструкцияларда пайда болуучу бузуктарды жана кемтиктерди жоюу; тышкы жана ички жасалгалоону, тосуучу конструкциялардын жылуулук-техникалык сапаттарын, чатырдын гидроизоляциялоочу касиеттерин калыбына келтирүү же жакшыртуу; инженердик жабдуунун бузуктарын жоюу же аны алмаштыруу ж.б.
А.3 көтөргүч конструкциялар: Туруктуу, убактылуу жана өзгөчө жүктү кабыл алуучу жана имараттардын жана курулмалардын бекемдигин, ийкемсиздигин жана туруктуулугун камсыздоочу курулуш конструкциялары.
А.4 имараттын бөлүгү: Жер титирөөгө каршы бириктирилген жерлер менен бөлүнгөн имараттын бөлүгү.
А.5 тең бекемдик принциби: Конструктивдик системалардын бардык көтөргүч элементтери аларда пайда болгон күчтөргө карата бекемдиктин бирдей запастарына ээ болушу керек болгон долбоорлоо принциби.
А.6 имаратты экуплуатациялоонун эсептик мөөнөтү: Имарат же анын бөлүгү талаптагыдай техникалык тейлөөдө, бирок капиталдык оңдоосуз, өзүнүн функционалдык багыты боюнча эксплуатациялоого жарактуу болгон убакыт.
Көпчүлүк өлкөлөрдүн азыркы ченемдеринде имаратты эксплуатациялоонун эсептик мөөнөтү, эгер алар убактылуу же монументалдык жана жогорку жоопкерчиликтеги атайын объекттерге кирбесе, 50 жылга барабар деп кабыл алынган.
А.7 реконструкциялоо: Имараттын негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн өзгөртүү (эксплуатациялануучу көлөмүн же аянтын, сыйымдуулугун, өткөрүү жөндөмдүүлүгүн чоңойтуу) же анын функционалдык багытын өзгөртүү максатында аткарылуучу иштерди өткөрүү. Имаратты реконструкциялоо, зарыл болгондо, конструкцияларды бекемдөө же калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар менен коштолот.
А.8 сейсмикалык коркунуч: Каралган аймакта сейсмикалык таасирлердин пайда болуу коркунучу. Сейсмикалык коркунуч мейкиндикте, убакытта (белгилүү убакыт аралыгындагы жыштык же мүмкүндүк) жана интенсивдүүлүгү боюнча (балл менен же кыртыштын кыймылынын кинематикалык параметрлери менен) аныкталат.
А.9 сейсмикалык тобокелчилик: Аймактын сейсмикалык коркунучуна жана имараттардын жана курулмалардын сейсмикалык аярлуулугуна ылайык мүмкүн болуучу жер титирөөлөрдүн социалдык-экономикалык зыянынын мүмкүндүгү.
А.10 имараттардын жана курулмалардын сейсмикалык коопсуздугу: Имараттардын жана курулмалардын адамдардын коопсуздугу үчүн түз коркунуч келтирген бузууларсыз жана кыйратууларсыз сейсмикалык таасирлерге чыдоо жөндөмдүүлүгү. Сейсмикалык коопсуз имараттарга оңдоого жарактуулук, андан ары эксплуатациялоо мүмкүнчүлүгү, жабдуунун сакталышын камсыздоо ж.б. боюнча талаптар коюлбайт.
А.11 жер титирөөгө туруктуулук: Имараттардын жана курулмалардын колдонуудагы ченемдердин жоболору менен каралган чектерде өзүнүн эксплуатациялык сапатын сактоо менен, сейсмикалык таасирлерди көтөрүү жөндөмдүүлүгү.
А.12 имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугу: Имараттардын жана курулмалардын колдонуудагы ченемдердин жоболору менен каралган чектерде өзүнүн эксплуатациялык сапатын сактоо менен, сейсмикалык таасирлерди көтөрүү жөндөмдүүлүгү.
А.13 эсептик реакциялардын спектри: Ординаталар маанилери ийкемдүү реакциялар спектринин ординаталарынын маанисине карата кичирейтилген реакциялар спектры. Ийкемдүү реакциялар спектрынын ординаталар маанилерин кичирейтүү бул маанилерди конструктивдик системасынын тилкелик эмес деформациялоо жаатындагы сейсмикалык таасирлерге каршы туруу конструктивдик системасынын жөндөмдүүлүгүн мүнөздөөчү жүрүм-турумдун коэффициентинин маанисине бөлүү аркылуу жетишилет.
А.14 адистештирилген уюмдар: Ишмердүүлүк чөйрөсү жер титирөөгө туруктуу курулуш, сейсмология жана микросеймикалык райондоштуруу жаатындагы илимий-изилдөө иштери болуп саналган, тиешелүү теориялык жана эксперименталдык иштерди өткөрүү үчүн керектүү жабдууларга жана адистерге ээ болгон уюм.
А.15 сейсмикалык коргоонун атайын системалары: Имаратка сейсмикалык жүктү төмөндөтүүнү шарттаган системалар (күйгүзүлүүчү жана өчүрүлүүчү байланыштар, термелүүнү динамикалык өчүргүчтөр, энергияны жуткучтар, сейсмикалык изоляциялоо системалары).
А 16 дубал: Башка элементтерди кармап турган жана планда узартылган узундуктун калыңдыкка карата туурасынан кеткен кесилиши lw/bw 4төн жогору болгон конструктивдик системанын элементи. Дубалдардын жалпактыгы вертикалдуу багытка ээ болот.
А.17 жеңилдетилген тилкелик эмес статикалык талдоо (pushover analys): Жеңилдетилген тилкелик эмес статикалык эсеп – бул туруктуу өздүк жүктөрдө жана монотондуу өсүүчү горизонталдуу жүктөрдө аткарылуучу эсеп.
А.18 бекемдөө (күчөтүү): Жыйынтыгында конструкциялардын баштапкы көтөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулай турган иш-чараларды өткөрүү.
А.19 имараттын кабаттуулугу: Имараттагы жер үстүндөгү кабаттардын саны. Сейсмикалык зоналарда куруу үчүн долбоорлонгон имараттардын кабаттуулугун аныктоодо, эгер конструктивдик-пландаштыруучу чечимдери төмөндө берилген аныктамаларга ылайык келсе, мансардыдк, жогорку техникалык, цоколдук жана жертөлө кабаттары эсепке алынбайт. Эгер жер титирөөгө каршы бириктирилген жерлер менен бөлүнбөгөн имараттын өзүнчө бөлүктөрү ар кандай сандагы жер астындагы кабаттарга ээ болсо, анда имараттын кабаттуулугу анын жогорку бөлүгүндөгү кабаттардын саны боюнча аныкталат.
(милдеттүү)
Ушул курулуш ченемдеринде төмөндөгү негизги символдор жана кыскартуулар колдонулду.
Э с к е р т ү ү ‒ Айрым символдордун аныктамалары ушул ченемдердин текстинде алар пайдаланылган жерде берилди.
Ac – бетон элементинин туурасынан кеткен кесилиш аянты;
ЕЕ – сейсмикалык таасир этүү таасири (күчөө, жылышуу жана башка);
ЕЕi – термелүүнүн i формасы боюнча сейсмикалык таасир этүү таасири;
Ed – таасир этүү таасирлеринин эсептик мааниси;
Fik – k чекитине жүктөлгөн анын өздүк термелүүлөрүнүн i формасы үчүн имаратка же курулмага карата горизонталдуу эсептик сейсмикалык жүк;
Маk – вертикалдуу огуна карата k кабатына жүктөлгөн айлануу учуру;
S(agR) – курулуш аянтчасынын кыртыш шарттарынын сейсмикалык таасир этүүнүн интенсивдүүлүгүнө таасирин мүнөздөөчү коэффициент;
Sd(T) – сейсмикалык таасир этүүнүн горизонталдуу компонентин мүнөздөөчү эсептик реакциялардын спектры;
ST – курулуш аянтчасында сейсмикалык тасир этүүнүн күч алуусунун топографиялык таасирдерин эске алуучу коэффициент;
Sa – көтөргүч эмес элементтерге карата эсептик сейсмикалык жүктөрдү аныктоодо эске алынуучу сейсмикалуулук коэффициенти;
TC – сейсмикалык таасир этүүнүн горизонталдуу компонентин мүнөздөөчү эсептик реакциялардын спектрынын графигинин туруктуу участогундагы мезгилдин максималдуу мааниси;
Ti – горизонталдуу багытта i формасы боюнча имараттын термелүү мезгили;
Wa – конструктивдик эмес элементтин салмагы;
fcd ‒ бетондун кысууга карата бекемдигинин эсептик мааниси;
q – имаратка же курулмага эсептик сейсмикалык жүктөрдү аныктоодо эске алынуучу жүрүм-турум (редукция) коэффициенти;
γτ – таш, армирленген таш, бетон, жыгач жана болот конструкциялардын иштөө шарттарынын коэффициенти;
γbτ – темир-бетон конструкциялардын иштөө шарттарынын коэффициенти;
γSτ – арматуранын иштөө шарттарынын коэффициенти;
(милдеттүү)
В.1. Учурдагы имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун экспресс-баалоону төмөндө берилген атайын классификатордун негизинде ирилештирилген көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүү керек.
В.1 т а б л и ц а с ы – Учурдагы имараттардын жер титирөөгө туруктуулук деңгээли боюнча классификациясы
Категориясы | Кыскача конструктивдик мүнөздөмө | Имараттардын мисалы |
1-категория | ||
1.1 | Дубалдын панелдеринин өз ара жана жабуу плиталары менен монолиттик тийиштирип биригүүлөрү менен ири панелдүү имараттар |
ТП-105… |
1.2 | Болот каркастуу жана асма дубал панелдери менен имараттар | Комплекттүү жеткирүү имараты, жеке долбоорлор |
1.3 | Көлөмдүк-ордун алмаштырма же ири калкандуу дубал калыбында тургузулган монолиттик темир-бетондон турган көтөргүч дубалдуу имараттар | Жеке долбоорлор |
1.4 | Ийкемсиздиктин монолиттик темир-бетон ядролору, монолиттик же курама темир-бетон каркасы менен имараттар |
- // - |
1.5 | Темир-бетон каркасы жана асма дубал панелдери менен бир кабаттуу имараттар | Типтүү конструкцияларды колдонуу менен жеке долбоорлор |
Жалпы баалоо: 1. 1-категориядагы имараттар азыркы ченемдердин негизги талаптарына жооп берет. Курулуш иштеринин канааттандыраарлык сапатында жана конструкциялардын канааттардыраарлык иш жүзүндөгү абалында бул категориядагы имараттар жер титирөөгө туруктуу имараттарга кирет. 2. Сейсмикалык касиеттери боюнча III категориядагы кыртыш менен түптөлгөн аянтчаларда жайгашкан жана 1982-жылга чейин долбоорлонгон, негизги тондун термелүү мезгили 0,75 с өлчөмүнөн ашкан имараттар үчүн жүктүн өзгөчө айкалыштарын жүктөөдө конструкциялардын бекемдигин текшерүүнү жүргүзүү керек. | ||
2-категория | ||
2.1. | Туташтырма деталдардын ширетүүсүндө дубалдын панелдеринин жана жабуу плиталарынын тийиштирип бириктирүүлөрү менен ири панелдүү имараттар |
ТП 1-464 |
2.2. | Тилкелик элементтерден турган курама темир-бетон каркасы жана ванна ширетүүсүндөгү узунунан кеткен арматуранын тийиштирип бириктирүүлөрү менен имараттар. Дубал тосмосу – асма дубал панелдери. |
ИИС-20; ИИС-04; 1-020.1-2С серияларындагы конструкциялар |
2.3. | Алмашылуучу дубал калыбында тургузулган монолиттик темир-бетондон турган көтөргүч дубалдуу имараттар | Жеке долбоорлор
|
Жалпы баалоо: 1. Имараттардын конструктивдик чечимдери азыркы ченемдердин талаптарына жооп берет. Иштерди аткаруунун канааттандыраарлык сапатында жана конструкциялардын канааттардыраарлык иш жүзүндөгү абалында жер титирөөгө туруктуу имараттарга кирет. Бул категориядагы имараттар үчүн тандалма же локалдуу текшерүү зарыл. 2. 2.1 категориясындагы имараттардын өзүнчө туташтырма деталдарын текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча бул элементтердин олуттуу коррозиясы аныкталган. Коррозиянын 30% өлчөмүндө туташтырма деталдарды бекемдөө керек. 3. 2.2 категориясындагы имараттарды тандалма текшерүүдө арматуранын стержендеринин ванна ширетүүсүнүн сапатын текшерүү керек. 4. 2.3 категориясындагы имараттардын дубалдарында иш жүргүзүүдө дубалдын бетондору жулунат, анын натыйжасында дубалдын бетонунун бүтүндүгү бузулат. Тандалма текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча бүтүндүктүн белгиленген бузулуулары менен дубалды бекемдөө боюнча иштердин көлөмү аныкталат. 5. Термелүү мезгили 0,75с көлөмүнөн ашкан жана сейсмикалык касиеттери боюнча III категориядагы кыртыш менен түптөлгөн аянттарда жайгашкан имараттар үчүн жүктүн өзгөчө айкалыштарын жүктөөдө конструкциялардын бекемдиги текшерүү керек. | ||
3-категория | ||
3.1 | 1957-жылдан кийин долбоорлонгон темир-бетон каркасы жана каркастын көңдөйүндө кыш коюлган дубал толтургучу бар бир, эки кабаттуу имараттар |
- // - |
3.2 | 1957-жылдан кийин долбоорлонгон каркастын көңдөйүндө кыш коюлган дубал тосмосу бар көп кабаттуу каркастуу темир-бетон имараттар |
Жеке долбоорлор |
3.3 | 1957-жылга чейин долбоорлонгон темир-бетон каркасы жана каркастын көңдөйүндө кыш коюлган дубал толтургучу бар бир, эки кабаттуу имараттар |
|
3.4 | 1957-жылдан кийин долбоорлонгон каркастын көңдөйүндө кыш коюлган дубал тосмосу бар көп кабаттуу каркастуу темир-бетон имараттар |
- // - |
Жалпы баалоо: 1. 3-категориядагы имараттардын темир-бетон каркасы колдонуудагы ченемдердин негизги талаптарына жооп берет жана курулуш иштеринин канааттандыраарлык сапатында жана конструкциялардын канааттандыраарлык иш жүзүндөгү абалында жер титирөөгө туруктуу катары каралышы мүмкүн. 2. 3.2 жана 3.4 категориясындагы имараттарда кыш коюлган дубал толтургучунда жер титирегенде толтургуч олуттуу бузулушу жана ал урап калышы мүмкүн. 3. Тандалма текшерүүдө конструкциялардын бекемдик параметрлери аныкталат жана имараттардын – 3-категориядагы өкүлдөрдү жер титирөөгө туруктуулугун эсептик-аналитикалык баалоо жүргүзүлөт. Зарыл болгондо конструкцияларды бекемдөө боюнча иш-чаралар иштелип чыгат. | ||
4-категория | ||
4.1. | Жыгач каркасы жана камыштан дубал толтургучу бар имараттар | Жеке долбоорлор |
4.2. | Курама жыгач калкан имараттар | - // - |
4.3. | Жумуру жыгач имараттар | - // - |
Жалпы баалоо: Негизги конструктивдик чечимдери ченемдердин талаптарына жооп берет. Конструкциялардын канааттандыраарлык абалында имараттар жер титирөөгө туруктуу болуп саналат. | ||
5-категория | ||
5.1. | 1957-жылдан кийин долбоорлонгон кыш коюлган өзүн көтөргүч дубалдары бар каркастуу темир-бетон имараттар | Жеке долбоорлор |
5.2. | 1957-жылга чейин долбоорлонгон өзүн көтөргүч дубалдары менен каркастык темир-бетон имараттар | - // - |
Жалпы баалоо: 1. Каркастын жалпы конструктивдик чечимдери азыркы ченемдердин талаптарына жооп берет. 2. 5-категориядагы имараттарды тандалма текшерүүдө каркастын жана өзүн көтөргүч дубалдын параметрлери аныкталат, конструкциялардын жер титирөөгө туруктуулугун эсептик-аналитикалык баалоо аткарылат. 3. Зарыл болгон учурда конструкцияны бекемдөө боюнча иш-чаралар иштелип чыгат. | ||
6-категория | ||
6.1 | Темир-бетон кошулмалары менен кыш коюлган көтөргүч дубалы (комплекстүү конструкциялар) жана монолиттик темир-бетон жабуулары менен имараттар |
Типтүү долбоорлор |
6.2 | Темир-бетон кошулмалары менен кыш коюлган көтөргүч дубалы (комплекстүү конструкциялар) жана курама темир-бетон жабуулары менен имараттар |
Типтүү долбоорлор |
6.3 | 1957-жылдан кийин долбоорлонгон кыш коюлган көтөргүч дубалы жана монолиттик темир-бетон жабуулары менен имараттар | 308-серия ТП-98 |
6.4 | 1957-жылдан кийин долбоорлонгон кыш коюлган көтөргүч дубалы жана темир-бетон жабуулары менен имараттар | 308-серия ТП-98 |
6.5 | 1957-жылга чейин долбоорлонгон кыш коюлган көтөргүч дубалы жана монолиттик темир-бетон жабуулары менен имараттар | 275-серия |
6.6 | 1957-жылга чейин долбоорлонгон кыш коюлган көтөргүч дубалы жана темир-бетон жабуулары менен имараттар | 275-серия |
6.7 | Сырткы кыш коюлган көтөргүч дубалы жана ички темир-бетон каркасы (толук эмес каркас) менен имараттар | Жеке долбоорлор |
6.8 | Биринчи ийкемдүү кабаты менен көп кабаттуу имараттар |
|
| ||
Жалпы баалоо: 1. Долбоор жана ченемдер талап кылган сейсмикалык таасир этүүлөргө каршылык боюнча коюу категориясын камсыздаганда, ченемдердин конструктивдик талаптарына ылайык, иштерди аткаруунун канааттандыраарлык сапатында жана конструкциянын канааттандыраарылк иш жүзүндөгү абалында 6.1 категориясындагы имараттар жер титирөөгө туруктуу болуп саналат. 2. 6.2 категориясындагы имараттар колдонуудагы ченемдердин негизги мүнөздөмөлөрүнө шайкеш келгенде жер титирөөгө туруктуу болуп саналат. Болбосо конструкциялардын жер титирөөгө туруктуулугун эсептик-аналитикалык баалоону аткаруу жана дубалды тургузууну бекемдөө боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу керек. 3. 6.3, 6.4, 6.5, 6.6 категориясындагы имараттар азыркы ченемдердин талаптарына жооп бербейт жана сейсмикалык кооптуу болуп саналат. Тандалма текшерүүдө бул имараттардын конструкцияларынын бекемдик параметрлери аныкталат, имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун эсептик-аналитикалык баалоо аткарылат жана дубалдарды бекемдөө боюнча иш-чаралар аныкталат. 4. 6.7 категориясындагы имараттардын конструктивдик системасы ченемдик талаптарына жооп бербейт жана сеймикалык кооптуу болуп саналат. Текшерүүдө конструкциялардын параметрлери аныкталат, имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун эсептик-аналитикалык баалоо жүргүзүлөт, конструкцияларды бекемдөө боюнча иш-чаралар иштелип чыгат. Конструкцияларды бекемдөөнүн максатка ылайыктуулугу бекемдөөгө жана жаңы имаратты тургузууга чыгымдардын техникалык-экономикалык талдоосунун жыйынтыктары менен аныкталат. 5. Колдонуудагы ченемдер 6.8 категориясындагы имараттарга жогорку талаптарды коет. Тандалма текшерүүдө конструкциялардын параметрлери аныкталат жана имараттын элементтеринин иш жүзүндөгү абалы бааланат. Имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун эсептик-аналитикалык баалоо өткөрүлөт. Зарыл болгон учурларда бекемдөө боюнча иш-чаралар иштелип чыгат. | ||
7-категория | ||
7.1. | Кыш коюлган көтөргүч дубалы жана жыгач устун жабуулары менен бир кабаттуу имараттар | Жеке долбоорлор |
7.2. | Кыш коюлган көтөргүч дубалы жана жыгач жабуулары менен эки жана андан ашык кабат бийиктиктеги имараттар |
|
Жалпы баалоо: 1. 7.1 категориясындагы имараттар ченемдер менен талап кылынган кыш коюунун бекемдигин камсыздоодо, конструктивдик чечимдер ченемдердин талаптарына ылайык келгенде жана конструкциялардын канааттандыраарлык иш жүзүндөгү абалында жер титирөөгө туруктуу катары каралышы мүмкүн. Чатыр астындагы жабуунун дискинин ийкемсиздигин жогорулатуу, ченемдер менен талап кылынган кошумча байланыштар жок болгон учурда аларды орнотуу сунушталат. 2. 7.2 категориясындагы имараттар жер титирөөгө туруктуу болуп саналат. Бул категориядагы имараттарды бекемдөө көп чыгымды талап кылат жана рационалдуу эмес болуп саналат. Артыкчылык: Тарыхый жана архитектуралык эстеликтер. | ||
8-категория | ||
8. | Самандан же чийки кыштан көтөргүч дубалы менен имараттар | Жеке долбоорлор |
Жалпы баалоо: 8-категориядагы имараттар сейсмикалык кооптуу болуп саналат жана биринчи кезекте бузууга жатат. | ||
(милдеттүү)
Г.1 Долбоордук документтер
Г.1.1. Инженердик-геологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары (объект тургузулган убакта болгон аянтчанын инженердик-геологиялык жана гидрогеологиялык шарттарынын өзгөрүүлөрү эске алуу менен).
Г.1.2. АЧ, КЖ, МК ж.б. негизги комплекттеринин жумушчу чиймелери боюнча жалпы маалыматтар.
Г.1.3. Архитектуралык чечимдердин (АЧ) чиймелери:
- пландар;
- кесиктер;
- полдун, жер титирөөгө каршы курлардын, дубалды армирлөөнүн ж.б. схемалары;
- негизги түйүндөр.
Г.1.4. Темир-бетон конструкциялардын (ТК) чиймелери:
- пайдубалдардын жайгашуу схемалары жана чиймелери;
- негизги түйүндөр;
- негизги конструкциялардын дубал калыптык жана арматуралык чиймелери.
Г.1.5. Металл конструкциялардын (КМК, МЖК) чиймелери.
Г.1.6. Жыгач конструкциялардын (КЖК) чиймелери.
Г.1.7. Конструкцияларды коррозияга каршы коргоо боюнча чечимдер (АЗ).
Г.1.8. Имараттардын жана конструкциялардын эсептери.
Г.2 Аткаруу документтери
Г.2.1. Объектти куруу мезгилиндеги документтер:
- автордук көзөмөл журналы;
- жашырылган иштерди күбөлөндүрүү актылары;
- өндүрүү заводдордон курама конструкцияларга карата паспорт;
- куралган конструкцияларды кабыл алуу актылары;
- бетондун жана/же кыш тургузуунун контролдук үлгүлөрүн сыноолор протоколдору;
- объектти эксплуатацияга берүү-кабыл алуу актылары.
Г.3 Эксплуатациялык документтер
Г.3.1. Объектти эксплуатациялоо мезгилиндеги документтер:
- эксплуатациялоо боюнча паспорт жана техникалык журнал;
- мурда өткөрүлгөн текшерүүлөр жөнүндө маалыматтар;
- мурда өткөрүлгөн оңдоолор, реконструкциялоо, бекемдөө жөнүндө маалыматтар жана аткарылган иштерге карата тиешелүү документтер;
- жүктү өзгөртүү менен байланыштуу өзгөртүүлөрдүн мүнөздөмөсү.
(сунуштама)
Д.1 Жалпы жоболор
Жеңилдетилген тилкелик эмес статикалык эсеп – бул туруктуу өздүк жүктө жана монотондуу өсүүчү горизонталдуу жүктө аткарылуучу эсеп (мындан ары пушовер талдоо). Ал төмөндөгү максаттарда кайрадан долбоорлонгон жана турган имараттардын конструктивдик системаларынын мүнөздөмөлөрүн текшерүү, жер титирөөгө туруктуулукту баалоо үчүн колдонулушу мүмкүн:
а) бекемдик резервинин коэффициентинин маанилерин αu/α1 текшерүү же кайра кароо үчүн (Д.2 кара.);
б) пластикалык деформациялоонун жана бузулууларды бөлүштүрүүнүн күтүлгөн механизмдерин аныктоо үчүн;
в) ушул ченемдердин В тиркемесиндеги классификаторго ылайык турган имараттардын конструктивдик системаларынын мүнөздөмөлөрүн баалоо үчүн;
г) q жүрүм-турум коэффициентин пайдаланган тилкелик ийкемдүү талдоого негизделген эсепке альтернатива катары. Бул учурда эсептөө үчүн негиз катары Д.1.15 ылайык кабыл алынган контролдук жылышуу колдонулушу керек;
д) ар кандай бекемдөө схемаларынын натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүн аныктоо;
е) имараттын конструктивдик системаларынын тилкелик эмес жүрүм-турумунун өзгөчөлүктөрүн аныктоо;
ж) опурталдуу участокторду жана көтөргүч конструкциялардын бузулууларынын мүнөзүн аныктоо;
з) турган имараттын жана бекемделген имараттын кыйроо механизмдерин изилдөө;
и) ийкемдүү иштин чегинен тышкары имараттын сейсмикалык жүрүм-турумун талдоо;
к) потенциалдуу морт элементтерге карата жүктөрдү жана ийкемдүү элементтердин деформациясын аныктоо.
Планда КР КЧ 20-02 боюнча үзгүлтүксүздүк критерийине жооп бербеген имараттардын эсеби мейкиндик моделин пайдалануу менен аткарылышы керек. Бир багытта гана жүктөлгөн горизонталдуу жүккө карата эки көз карандысыз эсеп аткарылышы мүмкүн.
Планда үзгүлтүксүз критерийине жооп берген имараттардын эсеби (КР КЧ 20-02 кара.) ар бир башкы горизонталдуу багыт үчүн бирден эки жалпак моделди пайдалануу менен аткарылышы мүмкүн.
Көтөргүч дубалдын жүрүм-туруму негизинен жылышуу менен аныктала турган аз кабаттуу таш имараттар үчүн ар бир кабат көз карандысыз талдоого алынышы мүмкүн.
Д.1.4 талаптары эгер имараттагы кабаттардын саны үч же андан аз болсо, ал эми көтөргүч дубалдардын тараптарынын орточо катышы (бийиктиктин туурасына карата) 1,0 аз болгондо аткарылды деп эсептелет.
Негизги тон боюнча 0,5 секундадан ашык өздүк термелүү мезгилине ээ болгон имараттардын эсебинде пушовер талдоону колдонууга жол берилбейт.
Чектүү бекемдиктин эсебин имараттын конструкциясынын болжолдуу деформациясын эске алуу менен бекемдиктин жана ийкемдүүлүктүн ортосундагы балансты текшерүүдө аткаруу керек.
Сейсмикалык таасир этүүдөгү ички күчтөрдү жана жылышууларды тилкелик эмес талдоонун негизинде алынганга барабар катары кабыл алуу керек.
Ийин күчүнүн жана жылышуунун максималдуу маанисин темир-бетон же болот конструкциялар боюнча колдонуудагы ченемдердин талаптарына ылайык кабыл алуу керек.
Пластикалык шарнирлердин касиеттерин ийин күчүнүн таасиринде пайда болуучу ок шарттарына жараша кабыл алуу керек.
Темир-бетон ригелдеринин жана колонналардын пластикалык шарнирлеринин узундугун 0,5h барабар деп кабыл алуу керек, мында h – ригелдин же колоннанын толук узундугу же бийиктиги.
Курулманын пластикалык деформациялоо механизмдери курулманын бийиктиги боюнча горизонталдуу жүктүн эки кабыл алынган бөлүштүрүүлөр үчүн аныкталышы керек.
Пластикалык деформациялоо механизмдери долбоорлоодо пайдаланылган жүрүм-турум коэффициенти q негизделе турган механизмдерге шайкеш келиши керек.
Имараттарды эсептөө үчүн курулманын бийиктиги боюнча горизонталдуу жүктү бөлүштүрүүнүн экиден кем эмес схемасын колдонуу керек:
– “тегиз” бөлүштүрүү схемасы, мында горизонталдуу күчтүн маанилери массага пропорционалдуу жана массанын жайгашуусунун бийиктигинен көз каранды болбойт (инерциялык күчтөрдү тегиз бөлүштүрүү);
– “модалдык” бөлүштүрүү схемасы, мында каралган багытта горизонталдуу күчтөрдү бөлүштүрүү тилкелик-ийкемдүү эсепке шайкеш келет (КР КЧ 20-02 талаптарына ылайык аткарылган).
Эсептик моделдеги горизонталдуу күчтөр масса жайгашкан орундарда жүктөлүшү керек. Кокустук эксцентриситетти КР КЧ 20-02 талаптарына ылайык эске алуу керек.
Курулманын негизиндеги туурасынан кеткен күчтүн жана контролдонуучу жылышуунун ортосундагы көз карандылык (“көтөрүү жөндөмдүүлүгүнүн кыйгач сызыгы”) имараттын конструкцияларын пушовер талдоо аркылуу аныкталышы керек. Контролдонуучу жылышуулардын диапазону контролдук жылышууга карата нөлдөн тартып 150%га чейинки маанилерге ээ болушу керек.
Контролдук жылышуу эркиндиктин бир деңгээли менен эквиваленттүү системанын жылышуусу түрүндө КР КЧ 20-02 ийкемдүү реакциялар спектрынан аныкталышы керек жана жер титирөөгө туруктуулукту камсыздоо боюнч талап катары карылышы керек.
Контролдонуучу жылышууну имараттардын жабуу деңгээлинде салмактар борборунда аныктоого жол берилет. Имараттын жабуусундагы курулмалардын жогорку деңгээлдерин жабуу катары кароого болбойт.
Д.2 Бекемдик резервинин коэффициенти
Д.2.1 Эгер бекемдик резервинин коэффициенти (αu/α1) горизонталдуу жүктүн бөлүнүүсүнүн эки вариантында конструкциялардын пушовер талдоосу аркылуу аныкталса, анда алынган маанилердин ичинен кичине коэффициенти пайдалануу керек.
Д.2.2 Имараттардын конструкцияларын пушовер талдоо үчүн α1 жана αu коэффициенттеринин маанилерин төмөндөгүдөй аныктоо керек:
α1 – бул конструктивдик системанын каалаган элементинде ийкемдүү каршылыкка жетүү үчүн горизонталдуу эсептик сейсмикалык таасирди көбөйтүү керек болгон коэффициент мааниси; бардык калган эсептик таасир этүүлөр өзгөрүүсүз калат;
αu – бул конструктивдик системанын жалпы өзгөргүчтүгүн түзүү үчүн туурасынан кеткен кесилиштердин жетиштүү санында ийкемдүү шарнирлерди түзүү үчүн, горизонталдуу эсептик сейсмикалык таасирге көбөйтүү керек болгон коэффициенттин мааниси, ошол эле убакта бардык башка эсептик таасир этүүлөр өзгөрүүсүз калат. αu коэффициентин жалпысынан курулманын конструкцияларын пушовер талдоодон алууга болот (конструктивдик системанын элементтеринин кыйроосунун ырааттуулугунун эсеби).
Д.2.3 Эгер бекемдик резервинин коэффициентин αu/α1 кеңири эсептөөдөн алууга мүмкүн болбосо, анда пландагы үзгүлтүксүз имараттар үчүн Д.1 таблицасынын маалыматтарына ылайык αu/α1 болжолдуу маанилерин пайдаланууга жол берилет.
Д.1 т а б л и ц а с ы – Бекемдик резервинин коэффициентинин жол берилген маанилери αu/α1
Конструктивдик чечимдер | αu/α1 |
Каркастуу имараттар |
|
- бир кабаттуу | 1,1 |
- көп кабаттуу бир пролеттуу | 1,2 |
- көп кабаттуу көп пролеттуу алкактык, алкактык-байланыштыруучу жана байланыштыруучу | 1,3 |
Дубалдуу имараттар |
|
- горизонталдуу багытта эки байланышпаган дубалы менен гана дубал системалары | 1,0 |
- башка байланышпаган дубал системалары | 1,2 |
- кош система, эквиаленттүү дубалдуу же байланыштуу дубал системалары | 1,3 |
Д.2.4 Планда үзгүлтүктүү имараттарды долбоорлоодо пушовер талдоо менен аныкталуучу αu/α1 максималдуу маанисин болот каркастан турган имараттар үчүн – 1,6га; башка конструктивдик чечимдер үчүн 1,5ке барабар катары кабыл алуу керек.
Д.3 Толгоо таасирин баалоо үчүн процедура
Д.3.1 Катуу/бекем тарапка жылышуунун термелүүлөрүнүн экинчи формасы менен курулмалардын конструкцияларын пушовер талдоо толгоого карата тең салмактанган ийкемсиздиктеги курулмага ылайык келген жылышууга салыштырмалуу көбөйтүлүшү керек.
Э с к е р т ү ү – Пландагы курулманын катуу/бекем тарабы – бул ага параллелдүү статикалык горизонталдуу жүктүн таасири астында карама-каршы тарапка караганда, азыраак горизонталдуу жылышуу өнүгө турган тарап. Толгоого карата азыраак ийкемсиздиктеги курулмалар үчүн катуу/бекем тарабына динамикалуу жылышуу негизинен толгонмо термелүүнүн таасири астында кыйла жогорулашы мүмкүн.
Д.3.2 Бул бөлүмчөнүн Д.3.1 көрсөтүлгөн талап эгер катуу/бекем дубалдын жылышуусуна карата колдонулган жогорулатуучу коэффициент мейкиндик моделинин ийкемдүү модалдык талдоосунун жыйынтыктарына негизделсе аткарылды деп эсептелет.
Д.3.3 Эгер курулмалардын пландагы үзгүлтүксүз эсеби үчүн эки жалпак модел пайдаланылса, анда толгоо таасирин КР КЧ 20-02 талаптарына ылайык эсептөөгө болот.
(милдеттүү)
Элемен-ттер | Кемтиктерди жана бузулууларды сүрөттөө жана\же эскиздери | Кубиктик бекемдик | Бузулуулардын мүмкүн болуучу себептери | Абалын баалоо |
Монолиттик тасма пайдубалдар (бетон блоктордон турган курама) | Учу жабылган өзүнчө майда жаракалар. (Блоктор ортосундагы бириктирилген жерлердеги өзүнчө түк жаракалары) |
| Бетондун чөгүшү. Олуттуу эмес тегиз эмес чөгүү | Жакшы |
0,3 мм чейин ачылган пайдубалдагы (блоктордогу) айрым жаракалар. (Блоктор ортосундагы бириктирилген жерлердеги айрым жаракалар). Жертөлөнүн дубалындагы туздар жана нымдуу тактар |
| Чакан тегиз эмес чөгүүлөр. Вертикалдуу гидроизоляциянын жана/же отмостканын бузулушу | Канааттандыраар-лык | |
Цоколдун тилкелеринин чыгуусу жана\же байкаларлык кыйшаюусу. Өтмө жаракалар, айрым жерлерде бетондун тешилүүсү жана арматуранын жылаңачтануусу; 100 мм чейинки тереңдикте бетондун (блоктор ортосундагы бириктирилген жерлердеги эритменин) шакардануусу |
| Олуттуу тегиз эмес чөгүүлөр. Кайра жүктөө болушу мүмкүн. Вертикалдуу гидроизоляциянын жана/же отмостканын бузулушу | Канааттандыраар-лык эмес | |
Пайдубалдын бардык бийиктигинде өрчүгөн өтмө жаракалар. Блоктордун массалык бузулуулары жана кыйроолору | Авариялык |
Е тиркемесинин уландысы
Элемен-ттер | Кемтиктерди жана бузулууларды сүрөттөө жана\же эскиздери | Кубиктик бекемдик | Бузулуулардын мүмкүн болуучу себептери | Абалын баалоо | |
Колонналар | Туурасы-нан кеткен арматура жайгаш-кан орундар-да өткөн курчаган түк жарака-лары |
| Конструкция-ларды даярдоодо бетондун чөгүшү. | Жакшы | |
Бардык кесилиш кесилиш-пеген же кесилиш-кен өтмө жаракалар; аcrc 0,3 мм чейин |
| Ийүүчү учурдун таасири. Жетишсиз узунунан кеткен армирлөө | Канааттандыраарлык | ||
Ошол эле, аcrc >0,3 мм. | Канааттан-дыраарлык эмес | ||||
| Бетондун коргоочу катмары-нын бузулушу жана арматура-нын жылаңач-тануусу |
| Ашыкча ийүүчү учурлардын таасири. Жетишсиз узунунан кеткен армирлөө. Бетондун жетишсиз бекемдиги же сапаты начар. | Канааттандыраарлык | |
Бетондун бузулушу, узунунан кеткен арматуранын жылаңачта-нуусу жана чыгуусу | Авариялык | ||||
Е тиркемесинин уландысы
Элемен-ттер | Кемтиктерди жана бузулууларды сүрөттөө жана\же эскиздери | Кубиктик бекемдик | Бузулуулардын мүмкүн болуучу себептери | Абалын баалоо | |
Колонналар | Колонунун сырткы четине чыкпаган (же чыккан) өтмө жантайма жаракалар аcrc£0,3 мм |
| Туурасынан кеткен учурдун таасири (ийүүчү учур менен бирге). Жетишсиз туурасынан кеткен армирлөө. Бетондун жетишсиз бекемдиги | Канааттандыраарлык | |
Ошол эле, аcrc>0,3 мм | Канааттан-дыраарлык эмес | ||||
Бардык кесилиштер кесилиш-кен өтмө жантайма жаракалар. Ошол эле, кесилиш-тердин өз ара жылышуу-су менен | Авариялык | ||||
Алдын ала чыңалтуусуз устундар же ригелдер (Ошол эле, алдын ала чыңалгандар) |
| Пролеттогу вертикал-дуу жаракалар аcrc£0,3 мм (аcrc£0,1 мм) |
| Ийүүчү учурдун таасири. | Канааттандыраарлык |
Ошол эле, 0,3<аcrc<1,0 мм (0,1<аcrc<0,3 мм). | Ашыкча ийүүчү учурдун таасири. Жетишсиз узунунан кеткен армирлөө. Арматуранын бетон менен начар илишүүсү | Канааттан-дыраарлык эмес | |||
Ошол эле, аcrc>1,0 мм (аcrc>0,3 мм). | Авариялык | ||||
Е тиркемесинин уландысы
Элемен-ттер | Кемтиктерди жана бузулууларды сүрөттөө жана\же эскиздери | Кубиктик бекемдик | Бузулуулардын мүмкүн болуучу себептери | Абалын баалоо | |
Алдын ала чыңалтуусуз устундар же ригелдер (Ошол эле, алдын ала чыңалгандар) | Таяныч кесилиш-тин жогорку бөлүгүн-дөгү вертикал-дуу жарака-лар,3 мм |
| Таяныч ийүүчү учурдун таасири. Кесүүчү устундарда таянычта кыпчып калуу болушу мүмкүн. Арматуранын бетон менен начар | Канааттандыраарлык | |
Ошол эле, 0,3<аcrc<1,0 | Канааттан-дыраарлык эмес | ||||
Ошол эле, аcrc>1,0 мм | Авари-ялык | ||||
Тартылган чектен чыкпаган жантайма жара-калар; аcrc<0,3 мм |
|
Туурасынан кеткен күчтүн таасири | Канааттандыраарлык | ||
| Чоюлган кыр-га чыккан жантайыңкы жаракалар; аcrc£0,3 мм (аcrc£0,1 мм) |
| Ийүүчү учур менен бирге туурасынан кеткен күчтүн таасири. Ашыкча жүк болушу мүмкүн. Жетишсиз туурасынан кеткер армирлөө (мисалы, вертикалдуу стержендердин чоң кадамы). Бетондун жетишсиз бекемдиги | Канааттандыраарлык | |
Ошол эле, 0,3<аcrc<0,5 мм (0,1<а<crc0,3 мм) | Канааттан-дыраарлык эмес | ||||
Ошол эле, түйүлгөн арматураны анкерлөө зонасында | Авария-лык | ||||
Е тиркемесинин уландысы
Элемен-ттер | Кемтиктерди жана бузулууларды сүрөттөө жана\же эскиздери | Кубиктик бекемдик | Бузулуулардын мүмкүн болуучу себептери | Абалын баалоо | |
Алдын ала чыңалтуусуз устундар же ригелдер (Ошол эле, алдын ала чыңалтылган) | Кесилиштер-дин өз ара жылышуусу менен коштолуучу жантайма жаракалар же аcrc>0,5 мм (аcrc>0,3 мм) |
| Жогору кара | Авариялык | |
Чатыр устундардын таяныч участокторун-дагы өтмө жантайма жана/же вертикалдуу жаракалар (ферма); аcrc£ 0,5 мм |
| Таянычтарда конструкциялар-дын жарым-жартылай кыпчып калуусу. Анкердик байланыштардын каршылыгынын натыйжасында реактивдүү учурлардын пайда болушу | Канааттандыраарлык эмес | ||
Ошол эле, чыңалган арматуранын анкерлөө зонасында же аcrc£ 0,5 мм же бетондун оюктары жана арматуранын ачылып калышы менен коштолгон | Авариялык | ||||
Фермалар | Өткөөл жантайыңкы жарака; аcrc£ 0,1 мм |
| Туурасынан кеткен күчтүн таасири (ийүүчү учур менен бирге) | Канааттан-дыраарлык | |
Ошол эле, 0,1<аcrc<0,3 мм | Канааттан-дыраарлык эмес | ||||
Ошол эле, аcrc>0,3 мм | Авариялык | ||||
Е тиркемесинин уландысы
Элемен-ттер | Кемтиктерди жана бузулууларды сүрөттөө жана\же эскиздери | Кубиктик бекемдик | Бузулуулардын мүмкүн болуучу себептери | Абалын баалоо | |
Фермалар | Горизонталдуу жарака; аcrc£ 0,1 мм |
| Чоюучу чоң күч-аракеттер жана/же жергиликтүү түйүндүк учурлар. Чоң ийилүү менен жалпы ашыкча жүктөмдө четки калка плитасы менен кысып калуу. Жетиштсиз армирлөө жана/же анкерлөө | Канааттан-дыраарлык | |
Ошол эле, 0,1<аcrc<0,3 мм | Канааттан-дыраарлык эмес | ||||
Ошол эле, аcrc>0,3 мм | Авариялык | ||||
Өткөөл вертикалдуу жаракалар; аcrc£ 0,1 мм |
| Чоюучу чоң күч-аракеттер жана/же жергиликтүү түйүндүк учурлар. Туурасынан арматуралар жетишсиз. Узунунан жаткан арматуралар жетиштүү чоюлган эмес | Канааттан-дыраарлык | ||
Ошол эле, 0,1<аcrc<0,8 мм. | Канааттан-дыраарлык эмес | ||||
Ошол эле, аcrc>0,8 мм | Авариялык | ||||
Е тиркемесинин уландысы
Элемен-ттер | Кемтиктерди жана бузулууларды сүрөттөө жана\же эскиздери | Кубиктик бекемдик | Бузулуулардын мүмкүн болуучу себептери | Абалын баалоо | |
Фермалар | Узунунан кеткен өткөөл жаракалар; аcrc£ 0,1 мм |
| Туурасынан салынган арматура жок же жетишсиз болгондо бетонду алдын ала чыңалган арматура менен кысуу. Туурасынан кеткен арматуранын дат басуу | Канааттан-дыраарлык | |
Ошол эле, 0,1<аcrc<0,3 мм | Канааттан-дыраарлык эмес | ||||
Ошол эле, аcrc>0,3 мм | Авариялык | ||||
Вертикалдуу кырлардагы бетондун жаракалары же оюктары жана/же кысылган курдун жогорку жана төмөнкү кырларындагы узунунан кеткен жаракалар |
| Ашыкча чоюучу күч-аракеттер. Бетон жетиштүү бекем эмес. Туурасынан кеткен арматуранын саны жетишсиз | Авариялык | ||
Е тиркемесинин уландысы
Элемен-ттер | Кемтиктерди жана бузулууларды сүрөттөө жана\же эскиздери | Кубиктик бекемдик | Бузулуулардын мүмкүн болуучу себептери | Абалын баалоо | |
Фермалар | Куру бар чоюлган раскостун түйүнүн-дөгү жаракалар; аcrc£0,1 мм |
| Ашыкча күч-аракет. Жетиштүү армирленген эмес жана/же анкерленген эмес | Канааттан-дыраарлык | |
Ошол эле, 0,1<аcrc<0,3 мм | Ашыкча күч-аракет. Жетиштүү армирленген эмес жана/же анкерленген эмес | Канааттан-дыраарлык эмес | |||
Ошол эле аcrc > 0,3 мм же курдагы жаракалар менен коштолот
| Авариялык | ||||
Алдын ала чыңалбаган калка плиталары (ошол эле, алдын ала чыңалган) | Узунунан кеткен кабырганын пролет бөлүгүн-дөгү өткөөл вертикал-дуу жаракалар
|
| Ийүү учурунун таасири | Канааттандыраарлык | |
Ошол эле, 0,3<аcrc<1,0 мм (0,1<аcrc<0,8 мм) | Ошол эле, туурасынан армирлөө жетиштүү эмес. (Арматураны чоюунун деңгээли жетишсиз) | Канааттан-дыраарлык эмес | |||
Ошол эле, аcrc>аcrc>1,0 мм (аcrc>0,8 мм) | Авариялык | ||||
Е тиркемесинин уландысы
Элемен-ттер | Кемтиктерди жана бузулууларды сүрөттөө жана\же эскиздери | Кубиктик бекемдик | Бузулуулардын мүмкүн болуучу себептери | Абалын баалоо | |
Алдын ала чыңалбаган калка плиталары (ошол эле, алдын ала чыңалган) | Өткөөл таянычтын жанындагы жантайган жаракалар, төмөнкү кырга чыкпайт; аcrc£0,3 (аcrc£0,1 мм) |
| Туурасынан кеткен күчтүн таасири. Туурасынан жетиштүү армирленген эмес. Бетон жетиштүү бекем эмес | Канааттандыраарлык | |
Ошол эле, аcrc>0,3 мм болгондо же аcrc£0,2 мм болгондо төмөнкү кырга чыккан | Канааттан-дыраарлык эмес | ||||
Ошол эле, аcrc>0,2 мм | Авариялык | ||||
Бетондун жаракалары, оюктары жана таяныч зонасындагы арматуранын ачылып калышы |
| Коюлган деталга ширетилбеген узунунан кеткен арматураны ыкшоо. Бетондун сапаты төмөн | Авариялык | ||
Е тиркемесинин уландысы
Элемен-ттер | Кемтиктерди жана бузулууларды сүрөттөө жана\же эскиздери | Кубиктик бекемдик | Бузулуулардын мүмкүн болуучу себептери | Абалын баалоо | |
Алдын ала чыңалбаган калка плиталары
|
| Жантайган жана вертикал-дуу жаракалар; аcrc£0,3 мм |
| Тегиздиктеги панелдин алдын ала каралбаган жүктөмү. депланациясы бар чыйратуу | Канааттандыраар-лык |
Ошол эле, 0,3<аcrc<1,0 мм | Канааттан-дыраарлык эмес | ||||
Ошол эле, аcrc>1,0 мм | Авариялык | ||||
Жантайган жана вертикалдуу жаракалар; аcrc£0,3 мм. |
| Тегиздиктеги панелдин алдын ала каралбаган жүктөмү. депланациясы бар чыйратуу | Канааттандыраарлык | ||
Ошол эле, 0,3<аcrc<1,0 мм | Канааттан-дыраарлык эмес | ||||
Ошол эле, аcrc>1,0 мм | Авариялык | ||||
Е тиркемесинин уландысы
Элемен-ттер | Кемтиктерди жана бузулууларды сүрөттөө жана\же эскиздери | Кубиктик бекемдик | Бузулуулардын мүмкүн болуучу себептери | Абалын баалоо | |
Асма дубал панелдери |
| Жантайган жана вертикал-дуу жаракалар; аcrc£0,3 мм |
| Тегиздиктеги панелдин алдын ала каралбаган жүктөмү. Депланациясы бар чыйратуу | Канааттан-дыраарлык |
Ошол эле, 0,3<аcrc<1,0 мм | Канааттан-дыраарлык эмес | ||||
Ошол эле, аcrc>1,0 мм | Авария-лык | ||||
Вертикалдуу жаракалар; аcrc£0,3 мм |
| Тегиздиктен бурган учурлардын таасири | Канааттан-дыраарлык | ||
Ошол эле, 0,3<аcrc<1,0 мм | Ошол эле, Армирлөө жана/же бетондун бекемдиги жетишсиз | Канааттан-дыраарлык эмес | |||
Ошол эле, аcrc>1,0 мм | Авария-лык | ||||
Е тиркемесинин уландысы
Элемен-ттер | Кемтиктерди жана бузулууларды сүрөттөө жана\же эскиздери | Кубиктик бекемдик | Бузулуулардын мүмкүн болуучу себептери | Абалын баалоо | |
Асма дубал панелдери |
| Коюлган деталдар-дын жанындагы жаракалар; аcrc£0,3 мм |
| Катуу түйүндүк бекитүүлөр. Бетондун бекемдиги аз же/жана начар тыгыздалган. Коюлган деталардын анкерлөөсү жетишсиз | Канааттан-дыраарлык |
Ошол эле, аcrc>0,3 мм жана/же коюлган деталдардын алдындагы раковиналар | Канааттан-дыраарлык эмес | ||||
Бетондун бузулуусу, анкерлөөнүн бузулуусу же коюлган деталдардын ажырап кетиши | Авариялык | ||||
Армирленбеген (армирленген) кыштан коюлган | Аралашманын тигиштерин кесип өтпөгөн айрым кыштардын жаракалары. 10%га чейинки аянтта 1 см чейинки тереңдикте коймонун тигиштеринин жергиликтүү түшүп калуулары
|
| Орду бир кылка эмес. Атмосферанын таасирлери. | Жакшы | |
10%га чейинки аянтта 1 см ашык эмес (же калыңдыгынын 2%ына чейин) тереңдикте коймонун ажырап жана түшүп кетиши. Коймонун 2ден көп эмес катарын кесип өткөн вертикалдуу жана жантайыңкы «күчтүк» жаракалар. Узунунан жана туурасынан кеткен дубалдардын ортосундагы вертикалдуу жана жантайыңкы жаракалардын пайда болуу белгилери жок. Жер титирөөгө каршы курларда туурасы 0,3 мм чейин ачылган жаракалар |
| Коймону мезгил-мезгили менен нымдап туруу. Кыштын суука туруктуулугу төмөн. Коймого начар бышырылган кышты колдонуу
| Канааттандыраарлык | ||
Е тиркемесинин уландысы
Элемен-ттер | Кемтиктерди жана бузулууларды сүрөттөө жана\же эскиздери | Кубиктик бекемдик | Бузулуулардын мүмкүн болуучу себептери | Абалын баалоо |
Армирленбеген (армирленген) кыштан коюлган | 2 см чейинки тереңдикте (же калыңдыгынын 5%ына чейин) 30% чейинки аянтта кыш коймонун эрип же жемирилип кетиши. Дубалдын, тирөөчтүн же простеноктун туурасынын 1 метринде 4төн ашык эмес жаракалар болгондо 4төн көп эмес катарды кесип өткөн вертикалдуу же жантайыңкы «күчтүк» жаракалар. Кабаттын чегинде конструкциялардын калыңдыгынын 1/5 же бийиктигинин 1/200 ашык эмес вертикалдан четтеп кетүүлөрү. Узунунан жана туурасынан кеткен дубалдардын ортосундагы вертикалдуу же жантайыңкы жаракалар. Жер титирөөгө каршы курларда туурасы 03, мм ашык ачылган жаракалар (арматура үзүлбөстөн). Айрым болоттон жасалган байламталардын же колонналарга жана калкаларга дубалдарды бекиткен анкерлердин үзүлүшү же чыгып кетиши. Фермалардын, устундардын, прогондордун жана туташтыргычтардын таянычтарынын алдындагы коймонун жарака жана лещадка түрүндөгү 2 см чейинки тереңдиктеги бузулуулары; коймонун экиден ашык эмес катарын кесип өткөн таянычтардын учтарындагы вертикалдуу жаракалар |
| Ошол эле, бирок көбүрөөк даражада. Долбоордук жүктөмдөрдөн ашып кетүү жана/же негиз текши эмес деформацияланган болушу мүмкүн
| Канааттандыраарлык эмес |
Ошол эле, бирок көбүрөөк даражада. |
| Ошол эле, бирок көбүрөөк даражада | Авари-ялык | |
Имараттардын ири панелдүү конструкциялары | Фасаддын жасалгасынын айрым чыгып турган элементтеринин 5%га чейинки аянттагы бузулуусу. Кынап бириктирилген бетондогу отургузулган жаракалар. Электр каналдарынын боюндагы дубалдардын жана калкалардын панелдериндеги аcrc£0,3 мм учурдагы жаракалар |
| Даярдоонун дефекттери. Атмосферанын таасирлери | Канааттандыраарлык |
Е тиркемесинин уландысы
Элемен-ттер | Кемтиктерди жана бузулууларды сүрөттөө жана\же эскиздери | Кубиктик бекемдик | Бузулуулардын мүмкүн болуучу себептери | Абалын баалоо |
Имараттардын ири панелдүү конструкциялары | Бириктирген жерлердин аралашмасындагы жаракалар жана/же тийиштирүүлөр аркылуу агып калуу менен коштолгон бириктирген жерлердин аралашмасынын түшүп калуулары. Болоттон жасалган коймо, бириктиргич деталдардын жана/же ширетилген бирикмелердин дат басып баштоосу. Дубалдардын же калкалардын панелдериндеги аcrc>0,3 мм учурундагы жаракалары |
| Ошол эле, бирок көбүрөөк даражада. Пайдалануу шарттарынын бузулушу. Ашыкча жүктөм болушу мүмкүн | Канааттандыраарлык эмес |
Дубалдардын же калкалардын панелдериндеги аcrc>0,8 мм учурундагы «Күчтүк» жаракалар. Панелдердин ортосундагы байланыштардын бузулуулары. Тегиздиктен панелдердинчыгып же жылышып кетүүлөрү. Болоттон жасалган коймо, бириктиргич деталдардын жана/же ширетилген бирикмелердин туташ дат басуусу |
|
Ошол эле, бирок көбүрөөк даражада | Авариялык | |
Жыгач конструкциялардын көтөрүүчү кысылган жана бүктөлмө (чоюлма) элементтери | Бириккен зонадан тышкары тереңдиги калыңдыгынын 1/4 ашык эмес жана жалпы узундугу элементтин узундугунун 1/3 (1/4) ашпаган жаракалар. Үстүңкү беттеги жана/же терең козу карын түстөрү (көгөргөн, тактар), жалпы аянты элементтин үстүңкү бетинин аянтынын 20% (10%) ашпаган көк дат |
| Жыгачтын кемтиктери. Пайдалануунун жылуулук-ным режимин айрым бузуулар | Канааттандыраарлык |
Туурасы 0,5 мм чейин тереңдиги калыңдыгынын 1/3 (1/4) ашпаган жана жалпы узундугу элементтердин узундугунун 1/2 (1/3) ашпаган жаракалар. Козу карын түстөрү, жалпы аянты элементтин үстүңкү бетинин аянтынын 20% (10%) ашпаган көк дат |
| Ошол эле, бирок көбүрөөк даражада. Даярдоонун дефекттери | Канааттандыраарлык эмес | |
Жарып бөлүнгөн тегиздиктер боюнча бириктирилген зоналардагы жаракалар. Терең жана/же узун кеткен отургузулган жаракалар. Коңуз бузган ички чирик (коңуз көзөгөн тешик). |
| Ошол эле, бирок көбүрөөк даражада. | Авариялык |
Э с к е р т ү ү л ө р
1. Бул таблица боюнча аткарылган конструкциялардын абалын баалоо агрессиялуу эмес чөйрөнүн шарттарында эксплуатацияланган элементтерге жайылтылат.
2. Конструкцияны (элементти) кайсы-бир абалга киргизүү үчүн бул абалды мүнөздөгөн бир белгинин бар болушу жетиштүү.
3. Элементтердин таблицасында көрсөтүлбөгөн элементтердин абалын баалоону түрү боюнча жакын элементтердин маалыматтарын пайдалануу менен жүргүзүү керек.