Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-ноябры № 414
2011-жылдын 30-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу арыздарды жана даттанууларды кароо боюнча Жумушчу топту түзүү жөнүндө
Шайлоо процессинин катышуучуларынан көп сандаган арыздар жана даттануулар түшүп жаткандыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 26-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу арыздарды жана даттанууларды кароо боюнча Жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
- Г.К.Джурабаева - Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары, Жумушчу топтун жетекчиси;
- Н.А.Ашимов - Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
- Р.Б.Бекбасаров - Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун мүчөсү;
- Ж.М.Абдыбекова - Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
- Б.С.Исаков - Шайлоо технологиялары жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
- Н.Н.Давкина - Шайлоочулардын тизмеси менен иштөө боюнча бөлүмдүн башчысы;
- А.К.Сабиров - Уюштуруу бөлүмүнүн эксперти;
- Н.М.Басимова - Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти;
- Б.Н.Дуйшембиева - Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти;
- М.Р.Нурмаматов- Окутуу Борборунун эксперти.
2. Жумушчу топ текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кароосуна маалыматты киргизсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов
|