Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛ ЧАРБА,
ТАМАК-АШ ӨНӨР ЖАЙЫ ЖАНА
МЕЛИОРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2019-жылдын 25 февралы № 3-дп
Топуракты изилдөөнүн материалдарын корректировкалоо жөнүндө методикасын бекитүү тууралуу
Мурда аткарылган топурак изилдөө материалдарын корректировкалоо, мазмунун толуктоо, картадагы контурлардын чектерин тактоо же картографиялык тиркемелерди кайрадан түзүү, ошону менен өткөн жылдардагы ири масштабдуу изилдөөлөрдүн материалдарын учурдагы абалды баалоонун талаптарына шайкештөө; топурактардын сапаттык мүнөздөмөсү менен топурактардын күрдүүлүгүнө байланыштуу маалыматтарды (бонитет баллдарын), алардын экономикалык баасы жана кыртыштык катмардын абалына терс таасирин тийгизген процесстердин келип чыгуусун анализдөө аркылуу аймактардын экологиялык абалы менен системалаштыруу; терс таасирлүү процесстердин алдын алуу жана алардын натыйжаларын жоюу, айыл чарба жерлерин натыйжалуу пайдалануу багытында сунуштарды иштеп чыгуу; мамлекеттик жерди эсепке алуу жана бардык даражадагы мамлекеттик органдарды, физикалык жана юридикалык жактарды айылдык аймактын, райондордун, облустардын жана жалпы республиканын айыл чарба жерлеринин сапаты тууралуу маалымат менен камсыздоо максатында, “Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 4-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги,
БУЙРУК КЫЛАТ:
1. Топуракты изилдөө материалдарын корректировкалоо жөнүндө методикасы тиркемеге ылайык бекитилсин;
2. “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институту мамлекеттик ишканасы:
1) Жогоруда көрсөтүлгөн Топуракты изилдөө материалдарын корректировкалоо жөнүндө методикасын жетектөөгө жана аткарууга алсын;
2) Методикага ылайык, жерди сапаттуу эсепке алууну ишке ашырсын жана конкреттүү жер участоктору боюнча айыл аймагына, районго (шаарга) карата жер ресурстарынын сапаттык абалы жөнүндө маалыматтар банкын түзсүн;
3) Жергиликтүү мамлекеттик администрацияда тиешелүү административдик-аймактык бирдиктердин аймактарында жайгашкан жер участоктору боюнча жүргүзүлгөн жер кыртышын корректировкалоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктарын бекитсин;
4) Жыл сайын бир жолу, 1-декабрга чейин, жер кыртышын изилдөө материалдарын корректировкалоо боюнча аткарылган иштердин бекитилген жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин расмий сайтына жайгаштыруу үчүн жөнөтсүн.
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча чараларды көрсүн жана Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борбордук банкынын ченемдик укуктук актыларынын реестринде киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиевге жүктөлсүн.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып, он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтүлсүн.
Министр | Н. Мурашев |